Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15

Süzlärneñ gomumi sanı 4146
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1914
30.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
43.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
бузулбагандыгынын, маданиятынын жана ички сулуулугунун кабыкчасынын
алдында кадимки Лиззи Конолли жана дүйнөдөгү бардык Лиззи
Коноллилердики сыяктуу эле демейдегидей аялдык табыйгаты жашырынып
жаткан болучу. Алардын бардыгынын табыйгаты эмнени кааласа, Руфь дагы эле
ошону каалай турган болучу. Руфь дагы сүйө, кыскана жана жек көрө билүүчү:
калыбы, ал бир топ туталанууну башынан өткөрсө керек; акыры ал кысканмак,
айтмакчы жана ал анын порттордогу ойнош аялдары жөнүндө ойлонуп,
кысканбадыбы.
— Экинчиден мен сизден улуумун, — деди Руфь күтүлбөгөн жерден Мартинди
көздөй тигиле карап, — мен сизден төрт жаш улуумун.
— Ошондой болсо да, сиз али балапансыз. Ал эми мен турмуш
тажрыйбаларым жагынан сизден жыйырма төрт жаш улуумун, — деди Мартин
жооп кайтарып.
Чындыгында ал экөө тең сүйүү жагына келгенде али жаш бала сыяктуу
болушчу: Руфь өзүнүн окумуштуулук наамына жана университеттик дипломуна,
Мартин турмуштун каардуу тажрыйбаларына жана философиялык билгендерине
карабастан, ал экөө тең — өздөрүнүн сүйүү сезимдерин бирине-бири кадимки
жаш балача баш аламан жана ишенчээктик менен түшүндүрүштү.
Алар батып бара жаткан күндүн күкүрт нуруна чөмүлүшүп, кадимки ашык
жарлардын сөзүнөн башташып аңгеме куруп олтурушту; алар сүйүүнүн
укмуштуудай таң каларлык таасирине жана өздөрүн кезиктирген тагдырларына
чексиз берилишип, бири-бирин дүйнөдө эч ким мындай сүйбөй тургандай чексиз
терең сүйүшөрүнө бекем ишеништи.
Батыштагы үзүктөй кара булут батып бара жаткан күндү өзүнүн далдасына
жашырды. Асман азыр кызгылт түскө айланып, айланадагынын бардыгы ушул
кызгылт түскө бөлөнүп жана Руфь: «Кош бол, бактылуу күн» деп обонун бийик
созду. Ал башын Мартиндин ийнине жөлөп, уккулуктуу обонго салып ырын
уланта берди. Анын колдорун Мартин кармап олтурду, бул мүнөттө алар биринин
жүрөгү экинчисинин алаканында тургандай сезишти.
XXII ГЛАВА
Кала берсе, эгерде миссис Морз энелик сергектик сезимине жөндөмдүү
болбогон учурда да, ал Руфка бир көз жүгүртүү менен ал кандай өзгөрүүлөргө
дуушар болгондугу жөнүндө оп-оңой эле сезип коймок. Руфтун кызара түшкөн
жүздөрү, жеңиштин салтанаты жана чексиз кубаныч жанып турган көздөрү анын
башынан өткөргөн окуялары жөнүндө миссис Морзго бардык чечен сөздөргө
караганда даанарак баяндап турган эле.
— Эмне болуп кетти? — деп сурады миссис Морз, Руфь өз керебетине келип
жаткандан кийин.
— Сен бир нерсени сездиңби? — деп сурады өз кезегинде Руфь, титиреген үн
менен.
Жооп кайтаруунун ордуна апасы мойнунан кучактап, чачынан сылап койду.
— Ал мага эч нерсе, айткан жок! — деп Руфь кыйкырып жиберди. — Мен
мындай окуя болушун эч качан күткөн эмесмин, жана мен ага эч качан ооз ачууга
руксат бербейт элем, — бирок ал эч нерсе айткан жок.
— Бирок ал эч нерсе айтпаса, анда эч кандай окуя да болбос эле го деймин.
— Бирок, кантсе да болор иш болду.
— Айланып кетейин кудай, менин каралдым, эмне деп тантырап жатасың! —
деди миссис Морз. — Эмне болду! Эмне болуп кетти?
Руфь апасына айран-таң кала карады.
— Мен сени эчак эле туюнган экен деп ойлогом, — деди Руфь. — Биз Мартин
экөөбүз колукту-күйөөбүз.
Миссис Морз кекээрдүү каткырып жиберди, анын үнүнөн ишенбегендик жана
өкүнүч сезилип турган эле.
— Бирок, ал мага эч нерсени айткан жок, — деди сөзүн улантып Руфь. — Ал
мени жөн эле сүйөт, анын эмнеси бар экен. Бул сен үчүн кандай күтүлбөгөн окуя
болсо мен үчүн дагы дал ошондой эле күтүлбөгөн окуя болду. Бирок ал ооз ачып
сөз да айткан жок. Ал мени жөн гана кучактап алды, мен... мен болсом эмне
экендигимди сезбей кеттим. Ал мени, мен аны өптүм... Мен өзүмдү башкача
кармай алганым жок. Мен аны өбүүгө тийиш болчумун. Мына ошондо гана мен
аны сүйгөндүгүмдү түшүндүм. Руфь апасы келип, эркелетип өбөт ко дегендей
унчукпай күтүп турду, бирок миссис Морз заардуу жек көрүүсүн сыртка чыгара
албай ичине араң кармап турду.
— Албетте, бул өтө кайгылуу иш, мен муну билемин, — деди Руфь үнү өчө
түшүп, — билбейм, сен мени бул үчүн кечиресиңби же жокпу. Бирок мен башкача
мамиле кыла алган жокмун. Мен бул минутага чейин, аны сүйө тургандыгыма
шек санаган эмесмин. Бирок бул жөнүндө атама өзүңүз айтыңыз.
— Мүмкүн атаңа эч нерсе деп айтуунун да кереги жоктур? Мен Мартин Иден
менен өзүм сүйлөшүп, ага бардыгын түшүндүрөмүн. Ал түшүнөт. да, экинчи сенин
башыңды айландырбайт.
— Жок, жок! — деп Руфь, туталануу менен кыйкырып жиберди. — Мен анын
менден баш тартышын каалабаймын. Мен аны сүйөмүн, ал эми сүйүү кандай
жакшы. Мен ага күйөөгө чыгамын, албетте, — эгерде сиз руксат берсеңиз.
— Бирок, Руфь кагылайын, атаң экөөбүздүн оюбуз башкачараак... жок, жок,
жок бирөөнү сага мажбурлап таңат деп сен ойлобогун. Бирок жөн гана биз сенин
биздин чөйрөнүн жаш жигитине, бардык адамдарга кадыр-баркы бар, өзүң сүйүп
жактырган чыныгы мырзага турмушка чыгышыңды гана каалайбыз.
— Бирок мен Мартинди эчактан бери сүйөмүн да, — деди даттангандай Руфь.
— Биз сенин каалооңо албетте каршылыгыбыз жок, бирок, сен биздин
кызыбызсың, ошондуктан биз сенин
ушундай адамга күйөөгө чыгышыңа тымпыйып унчукпай коё албайбыз. Сенин
бардык назиктик менен сылыктыгыңа ал оройлук жана тарбиясыздыктан башка
эч нерсе менен жооп бере албайт. Ал сага кайсы жагынан алсаң да тең эмес.
Башкасын койгун, ал сени бага да албайт. Биз байлыктын артынан куубайбыз,
бирок жашоо үчүн ыңгайлуу шартты жана белгилүү жыргалчылыкты күйөөсү
аялына камсыз кылып берүүгө милдеттүү, мына ошондуктан биздин кызыбыз
митаам селсаякка, суучулга, койчуманга, баш кесерге, кудай өзү билсин дагы
кимге күйөөгө чыкпастан, келечеги кең, жакшы адамга чыгууга тийиш. Анын
үстүнө ал бир жеткен ала-көөдөк, кайдыгер окшойт.
Руфь энесинин туура айтып жатканын түшүнүп, унчукпай калды.
— Ал бирдемени жазымыш болуп убактысынын көбүн ошого жоготот окшойт,
дагы кала берсе, жогорку билимдүү жана бөтөнчө талантуу адамдар дагы чан- да
ээ болуучу нерсеге жетүүнү каалайт экен. Үйлөнө турган адамдын үйлөнүүгө
даярдыгы болуш керек да. Ал эми анын болсо, бул жөнүндө оюнда да жок. Мен
эми эле айттым го, бул адам өзүнүн жеткен кайдигерлигинен күнү өтпөй жүрөт,
сен буга ишенип, макул болуп койгун. Айтмакчы, жакшы мүнөздү ага байлап
коюптурбу? Бардык суучулдар ушундай. Ал эч качан тыкан жана токтоо болууга
аракеттенген эмес. Колунда болсо ары-бери түгөтүп, жок кылууга аябай көнүккөн
жана бул айын сөөгүнө сиңип, канына тарап кеткен. Албетте, бул жерде жалаң
гана ал күнөөлүү эмес, бирок бул да аны актай албайт. Сен анын мурдагы өткөн
чар жайыт, бузулган турмушу жөнүндө ойлонуп көрдүңбү, анын турмушу
башкача болууга мүмкүн эмес эле. А, садагаң болоюн кызым, сен турмушка чыгуу
деген эмне экендигин билесиңби?
Руфь селт этип кетип, энесинин көкүрөгүнө жабыша түштү.
— Мен ойлодум эле...— Руфь терең ойлуу, көпкө чейин унчукпай калды. — Бул
албетте, өтө коркунучтуу. Бул жөнүндө ойлоо мага өтө оор. Мен эми түшүндүм. —
Менин сүйүүм бакыт эмес эле, чоң бактысыздык экен, бирок азыр менин өзүмө
өзүмдүн күчүм жетпей калды. Сен атамды сүйбөй коё алат белен? Билсең, мен да
ошондой. Бири-бирибизди эрксизден жакындаштырып, сүндүрүп турган биздин
ортобузда кандайдыр бир нерсе бар сыяктанат — мен муну ушул күнгө чейин
билген эмесмин. Мен аны сүйүп каламын деп, эч ойлогон эмесмин, ал азыр
болсочу — сүйүп калдым, чек- сиз сүйүп калдым, — деди ал сөзүнүн акырында,
үнүн салтанаттуу чыгарып.
Бул пайдасыз сүйлөшүү, дагы көпкө чейин созулду жана акырында алар эч
кандай чара колдонбостон туруп, дагы бир аз убакытка күтүп турууну чечти.
Бир саат өткөндөн кийин, өзүнүн артык баш куулугу күтүлбөгөн жерден
кандай окуяга дуушар кылгандыгын аялы мойнуна алган соң, Руфь менен
энесинин чечимине мистер Морз да макул болду.
— Башкача болууга да мүмкүн эмес эле, — деди мистер Морз, — себеби ал, бул
орой суучулдан башка эч бир эркек менен жакындашкан эмес. Эртеби, кечпи
акыры кызың аял болмок жана ал аял болду, бирок таң каларлык нерсе бул —
Руфтун жүрөгүн бийлеген жигит Мартин болуп олтургандыгында... Руфь аны
көрөрү менен эле сүйүп калса керек, же Мартинди эңсеп, ойлонуп, башы аябай
айланып калса керек.
Миссис Морз күйөөсүнө, Руфтун каалоосуна тикеден-тике каршы чыкпастан,
билиндирбей кайыр жол менен таасир этүүгө аракеттенерин билдирди. Убакыт
болсо, бул үчүн жетишээрлик, анткени — Мартиндин азыр үйлөнө коёюн деген
оюнда да жок эле.
— Мейли, Мартин менен канча жолукса Руфь өзү билсин, — деп чечти мистер
Морз. — Ал канчалык Мартинди жакын билген сайын, ошончолук шексиз көңүлү
кала баштайт. Мартинди мырзалардын бирөө менен салыштырып, көрүүгө ага
мүмкүндүк берүү керек. Демек үйгө жаштарды көбүрөөк чакырып, кыздарды,
биздин чөйрөнүн таалимдүү, маданияттуу жана чыныгы мырза жигиттерин
келтирип туруу керек. Мына ошондо Руфтун көзүнө аларга салыштырганда
Мартин тап-такыр башкача көрүнөт. Ошондо кызың Мартиндин ким экендигин
түшүнөт жана чындыгында эле, ал али мурдун тарта албаган жаш бала. Эмне,
жыйырма бир гана жашка араң чыгыптыр. Руфь болсо, андан бетер жаш бала.
Экөөнүкү жөн эле баланын сүйүүсү, бара- бара өзүнөн өзү жоюлуп кетет.
Алар мына ушинтип чечишти. Үй-бүлөнүн чөйрөсүндө алар Мартин менен
Руфтун турмуш курууга убадалары бүткөн деп эсептешип, бирок бул жөнүндө
ичтерине сактап унчугушпады. Себеби алар муну баяндоонун зарылдыгы жок деп
эсептешти. Кала берсе бул жөнүндө көпкө чейин ооз ачышпай турган болду.
Мартинге жүрүшүңдү, турмушуңду оңдоп, өзгөртүшүң зарыл жана
жазуучулугуңду таштап, мындай бир пайдалуу иш иштегин деп эч ким кеңеш
бербеди. Мартиндин турмуштук ийгиликтерге жетишине таасир этүү жагы
үй-бүлөнүн планына киргизилбеди. Мартин өзүнүн ниети арам душмандарынын
гана чырагына май тамызып, ал эми өзүнүн болсо, мындай жазуусун таштап,
акысы көбүрөөк жумушту кылгысы келген жок.
— Сиз менин адабиятка кызыккандыгымды жактырасызбы же жокпу,
билбейм, — деди Мартин бир нече күндөн кийин Руфка. — Мен эжемдикинде
тура ала турган эмесмин, акча жагым жетишпейт, бир жерге орношуп, өз алдымча
тургум келет. Түндүк Оклендден бир үй таптым, тынч, өтө жакшы үй экен, тамак
даярдап ичиш үчүн бир керосинка сатып алып койдум.
Руфь сүйүнө түштү. Айрыкча ага керосинка бөтөнчө жаккандай болду.
— Мына, мистер Бэтлер да ушундан баштаган. — деди Руфь.
Мартин бул кадырлуу мырзанын ысмын укканда саал кабагын чытый түшүп,
мындай деди:
— Кол жазмаларымдын бардыгына марка жабыштырып туруп, дагы
редакцияларга жиберип жибердим. Бүгүн башка үйгө көчүп келип, эртеңден
баштап, ишке киришемин.
— Эмне, кызматка орноштуңузбу? — деди Руфь бул кубанычтуу кабардан
токтоно албай, кыйкырып жиберип жана ага жакындай түшүп, жылмая анын
колунан бекем кысып. — Эмне үчүн мага эч нерсе айткан жоксуз! Кандай кызмат
экен?
Бирок Мартин башын тескери чайкап койду.
— Мен эртеңден баштап, кайрадан жазамын деп айткым келип жатат.
— Руфтун өңү бузула түштү, ал эми Мартин болсо сөзүн шашкалактап
улантып: — Мени туура түшүнүңүз. Эми мен пайдасыз куру кыялдарга
берилбеймин. Мен ишмердүүлүк менен, өзүмдү катуу кармап, туруктуу
иштеймин. Бул болсо, кайра сүзүүгө жөнөгөндөн көрө пайдалуураак жана мен
катардагы окленддик кызматчыга караганда, көбүүрөөк иштеп табарыма
ишенемин. Иштебеген акыркы айлардын ичинде, мен абдан көп ойлондум. Өткөн
айларда мен кадимки чобур атча иштебей жүрдүм, эч нерсе жазган да жокмун,
жазсам дагы редакцияларга жибергеним жок. Мен өзүмдүн бардык убактымды
сизге жана ар түрдүү нерселер жөнүндө ой жүгүртүүгө жумшадым. Чынын
айтканда анда-санда журналдардан окуп жүрдүм, бирок бул менин ой
жүгүртүүлөрүмө жатат. Мен өзүм дүйнө жана андагы өзүмдүн ордум жөнүндө,
келечекте сизге тар- туу кыла турган мансапка, байлыкка жетүүгө менин
кудуретим барбы, мына ушул жөнүндө ойлондум. Андан башка мен, Спенсердин
«Стилдик философиясын» окуп чыктым жана ал китептен тике менин өзүмө, —
тагыраак айтканда менин жазгандарыма жана дагы журналдарда ай сайын
басылып чыгып жаткан адабиятка тиешелүү болгон көп кызыктуу нерселерди
учураттым. Ой жүгүртүүнүн, окуунун жана сизге чексиз берилүүнүн, — мына
ушулардын бардыгынын эң акырында, мен адабий кесипчи болууну чечтим. Эң
алгач мен улуу чыгармалар жөнүндө ойлонбостон, күндөлүк талапка ылайык
келүүчү: фельетон, мыскыл-тамаша, ырлар, — койчу, деги эле талап кылынган ар
кандай сандырак нерселер жөнүндө болсо деле шакылдатып жаза беремин.
Айтмакчы, жекшембилик тиркемени камсыз кылуу иретинде газет үчүн
макалаларды, күлкүлүү чыгармаларды жазышкан кээ бир адабияттык
кабарчылар бар эмеспи. Мен дал ошолорго жаккандай кылып жазып, мына
ушинтип, көп акча табамын, ишенип коюңуз. Алар айына кеминде төрт жүз,
болбосо беш жүз доллардан айдатышат экен азаматтар. Мен албетте, аларга
теңелгим келбейт, бирок жок дегенде, оокатка жетерлик акча табамын жана
экинчиден пайдалуу жагы — өзүмдүн жазуу жана окуум үчүн убакыт да болот, —
мындай мүмкүнчүлүктү чындыгында, башка эч кандай кызмат түзбөйт.
Акырындык менен анан мен өзүмдүн күчүмдү чыныгы чыгармаларды жазууга
сынап жана чыныгы ишти аткаруу үчүн окуп даярдана баштаймын. Ишенсеңиз,
мен өзүмдүн ушунчалык тез алга жылып кеткендигиме өзүм таң каламын.
Албетте, биринчи жолу Жаза баштаган кезимде мен ар түрдүү окуяларды жөн эле
баяндап жаза берүүчүмүн, бирок бул жазгандарымда эч кандай ой жок болучу.
Менин ал гана эмес, ой жүгүртүүм үчүн сөздөрүм да жок эле. Ал эми, менин
башымдан өткөргөндөрүм менин кез алдыма бардык маанисинен ажыраган
көрүнүштөрдүн катар тизмегиндей болуп көрүндү. Ал эми мен сөз байлыгымды
көбөйтүп, окуй баштаган кезимде, бул көрүнүштөрдүн мурда мага сезилбеген бир
топ жерлерин азыр көрө баштадым. Мына ушул кезден баштап гана мен чыныгы
чыгармаларды жаза баштадым; мен «Укмуштуу окуялар». «Кубаныч», «Казан»,
«Турмуштун шарабы», «Көңүлдүү көчө». «Сүйүү жөнүндө сонета» жана «Деңиз
ырларын» жаздым. А1ен мындан ары да дал ушундай, кала берсе, мындан да
сонун өтө көп чыгармаларды жазамын, бирок мен буларды бош убактарда гана
жазамын. Мындан ары мең, куру кыялга чөкпөймүн. Эң алды акча табыш үчүн
гана иштеп, андан кийин улуу чыгармаларды жазамын. Кечээ кечинде мен сизге
өзүмдүн айткандарымдын чындыгын атайын далилдеш үчүн жума сайын
чыгуучу күлкүлүү журналдар үчүн беш-алты майда тамсилдерди жаздым, жатар
астында башыма бир мыскыл тамаша ырлардан жазып көрүү жөнүндө ой келип,
бир сааттын ичинде төрт тамсил жаздым. Ар бирине бирден доллар бериши
мүмкүн. Жатып-туруп иш арасында төрт долларды — шак таба коюу — калыбы
жаман иш болбосо, керек. Албетте, бул иш өзүнөн-өзү, эч кандай мааниге ээ
болбойт. Мындайча айтканда жадатма, бир беткей, бирок мекеме ишин
жүргүзүүдөн жана айына алтымыш доллар үчүн эсеп жетпеген сандарды кошуп
алуудан көңүлдүүрөөк. Экинчиден бул иш адабият жагына да байланыштуу жана
менин чыныгы чыгармаларды түзүшүмө мүмкүндүк берет.
— Бирок чыныгы чыгармаларды жана улуу чыгармаларды жазуудан эмне
пайда? — деп сурап калды Руфь. — Сиз аны баары бир сата албайсыз да?
— Кантип эле...— деди ал.
Руфь анын сөзүн бөлүп кетти:
— Сиз жанагы эсептеп өткөн, ушул убакка чейин жазган чыгармаларыңыз
өзүңүзгө абдан жаккандыгына карабастан, бир сабын дагы сата албаптырсыз
эмне. Биз сиздин эч ким, эч качан сатып албаган чыгармаларыңызга турмуш кура
албайбыз.
— Эгер андай болсо, эмесе бардыгы сатып ала турган ырларымдын эсебинен
турмуш курабыз, — деп Мартин чечкиндүү кайталап, Руфту белден алды; Бирок
Руфь бул жолу эркелетүүнү сүйбөй турган эле.
Угуп турсаңыз да болот, — деди Мартин жагат ко дегендей үмүттүү, — бул
искусство эмес, бирок доллар: Үйдө мен жок элем, Келгенде менин таанышым Ал
кирген чырак сурайм деп, Үйдө мен жок элем, Анан менин таанышым Мага болду
эң капа. Келдим азыр үйгө мен, Бирок менин таанышым Кетип калган ал жана.
Ырдын көңүлдүү жана шаңдуу ритми, акырындык менен үмүтү үзүлгөндүктүн
белгиси тарай баштаган анын жүздөрүнүн көрүнүшүнө айкалышкан жок. Руфь
жылмайган жок. Тескерисинче ал Мартинге нааразы болгондой сүрдүү карады.
— Мүмкүн бул үчүн берсе, бир доллар берер, — деди Руфь, бирок бул доллар
кайырчыга берген садагадан көп эмес. Сиз эмне үчүн түшүнбөйсүз Мартин, бул
сиз үчүн өзүңүздү басындыргандык. Мен, менин сүйгөн жана кадырлаган адамым
тантырап уйкаш ырларды түзүүнүн ордуна олуттуу жана татыктуу иштин
артынан түшүшүн каалар элем.
— Сиз анын мистер Бэтлерге окшош болушун каалар белеңиз? — деп сурады
Мартин.
— Билемин, — деди Руфь. — Мистер Бэтлер сизге жакпайт.
— Мистер Бэтлер абдан сонун адам, — деди ал. — Анын ашказанынын
бузуктугу эле болбосо, башкасынын бардыгы жакшы. Мен дагы түшүнөм, мекеме
иштери менен алп урушуу менен машинка басуудан кантип эле ыр жазуу жаман
болсун? Ал да, бул да максатка жетүүнүн каражаты. Сиз мени китептерди
кайрадан тешилип окуп, акыр аягында кандайдыр бир адвокат же болбосо, бир
коммерсант болсо дейсизби? Мен алды менен газетке майда макала жазуудан
баштап, акырында чоң жазуучу болуп чыккым келет.
— Бирок, бир айырмачылык, сезилгенсийт, — деди Руфь такып.
— Кандай?
— Кала берсе, сиз өзүңүз жарактуу деп эсептеген чыгармаңызды өткөрө албай
олтургандыгыңызда болуп жатат. Сиз аракет кылып, бир нече жолу жиберсеңиз
дагы редакторлор сиздин бир дагы аңгемеңизди сатып албаптыр.
— Мага убакыт гана бериңизчи, жаным? — деди Мартин жалынычтуу. — Бул
иштин башталышы гана болуп саналат. Мага бир-эки жыл убакыт бериңизчи.
Мен бул эки жылдын ичинде, сөзсүз ийгиликке ээ боломун жана менин бардык
чыгармаларым биринин арты- нан бири чыга баштайт. Мен өз күчүмө сыйынып
айтып жатам. Мен өзүмө ишенем жана эмнеге жөндөмдүү экендигимди билемин.
Мен адабият эмне экендигин жакшы билемин жана болбогон бир жазуучу
сөрөйлөр журналдар менен газеталардын беттерин кандай тантырак чыгармалар
менен булгап жаткандыктарын да жакшы билемин. Мен эки жылдан кийин
ийгиликтер менен даңкты көздөй кенен жол менен кадам шилтей баштаймын.
Мен эч качан кызмат жагынан ийгиликке жетише албаймын. Себеби мен аны
каалабаймын. Бул сыяктуу иш мага кандайдыр бир көңүлсүз, майда, маанисиз
нерсе катары сезилет. Экинчиден менин бул ишке жөндөмүм жок. Мен жөнөкөй
мекеме кызматчысынан жогору өсө албаймын, ал эми ушул иштеп тапкан
жарыбаган маяна менен жашоого болобу? Мен сиз үчүн дүйнөдөгү болгон эң
сонун нерселерге жетким келет жана кандай гана болбосун жетемин. Сөзсүз
жетемин? Атактуу жазуучу ар кандай мистер Бэтлер сыяктуу бечарага караганда
он эсе көп иштеп табат. Билесизби, эгерде жазуучунун жазган китебин эл талап
кете турган болсо, анда жазуучу үчүн кеминде элүү же болбосо, жүз миң доллар
даяр турат деп эсептеп коюңуз. Бирок кээде, бул суммадан азыраак болуп
калышы мүмкүн, эч нерсе эмес.
Руфь үн катпады. Ал өтө капалана түштү жана бул капалануусун жашырууга
аракет кылбады.
— Эмне, жаманбы? — деп сурады Мартин.
— Менин оюм тап-такыр башкача болучу. Мен мурда да жана азыр да, сиз үчүн
пайдалуу нерсе бул — машинканы басканды билет экенсиз, эми стенографияга
үйрөнүп менин атакемдин мекемесине кирип иштесеңиз жакшы болор эле деп
ойлоймун. Сиздин жөндөмдүүлүгүңүз бар экендигине толук ишенемин, эгерде
кирип иштесеңиз сизден келечекте жакшы сот кызматкери чыгарына эч кандай
шек кылбаймын.
XXIII ГЛАВА
Мартин өзүнүн жазуучулук талантына Руфтун терең маани бербегендиги
анын Руфка карата болгон сүйүү жалынын өчүрө алган жок. Мартин өзүнүн «дем
алыш» күндөрү өзү жөнүндө көп ойлонуп, өзүнүн сезимдерин терең талдап
чыкты. Сулуулук ал үчүн даңк-атактан жогору тургандыгына анын көзү жетти
жана Руфка жетиш үчүн гана ага атак керектей сезилди. Ал жалаң Руфь үчүн гана
атакка ушунчалык умтулган эле. Ал эл көзүнө көрүнүүнү жана сүйгөн кызы
сыймыктануу менен аны өзүнүн сүйүүсүнө татыктуу деп эсептешин самады.
Ал сулуулукту ушунчалык сүйгөндүктөн ага кызмат кылуу ал үчүн чексиз
жыргалданууну туудургандай сезилди. Бирок ал, Руфту андан жакшыраак
көрүүчү. Сүйүү ага дүйнөдөгүнүн бардыгынан кымбат көрүндү жана аны олоксуз
суучулдан тез эле сүрөтчүгө жана ойчулга айландырып жиберген, анын
жүрөгүндөгү улуу бурулушту жараткан бул — Руфь эмеспи? Сүйүү ал үчүн
искусство менен илимден жогору тургандыгында таң каларлык эч нерсе жок.
Мартин азыр өзүн ой жүгүртүү жагынан Руфтан да ашып, анын атасынан жана
бир туугандарынан күчтүүлүк кыла тургандыгын сезе баштады. Руфь өзүнүн
алган университеттик бардык билимине карабастан, кооз искусствонун
даанышманы деген наамына карабастан, Мартиндин бир жылдын ичинде дүйнө,
искусство жана турмуш жөнүндө өз алдынча окуп үйрөнүп, билгениндей билүү
жөнүндө кыялдана да албады.
Бирок бул анын Руфка карата болгон сүйүүсүнө жана Руфтун ага карата
болгон сүйүүсүнө эч кандай жолтоолукту түзгөн жок. Сүйүү артыкча сонун жана
артыкча асыл сезим болучу, мына ошондуктан Мартин бул сезимди кагып-силкүү
менен шылдыңдагысы келбеди. Айтмакчы, сүйүүнүн — Руфтун искусствого,
француз революциясына карата көз карашы же болбосо, жалпы элдик добуш
берүү менен кандай байланышы бар? Мунун бардыгы акыл-эске тиешелүү
нерселер, ал эми сүйүү болсо, эс-акылдан күчтүү. Мартин сүйүүнү кемсинте
албады, себеби ал аны ар качан жогору баалоочу. Ал үчүн сүйүү көз жеткис бийик
аскалардын чокуларында, эс-акылдын өрөөнүнүн бийик асманында
жашагандай сыяктанды. Сүйүү жашоонун мазмуну, өмүрдүн эң жогорку чекити
болучу жана ал ар кимдин бактысына туура келе берүүчү да нерсе эмес. Ал
өзүүнүн сүйгөн философдорунун окууларынан сүйүүнүн биологиялык мааниси
жөнүндө да окуган, бирок ал өзү үчүн алардын негизги көрсөткөн эрежелерин
өөрчүттүү менен, ал сүйүүдө гана адамдын организми өзүнүн мазмуунун
аныктайт, ошондуктан сүйүү калетсиз — өмүрдүн жогорку, эң жогорку жыргалы
катары кабыл алынууга тийиш. Сүйгөн адам Мартинге жыргал үчүн төрөлгөн
кандайдыр бир башкача жандай сезилүүчү жана жер жүзүндөгү бардык —
жыргал, байлык, билим, ийгилик ал үчүн эч кандай мааниге ээ болбогон, кала
берсе, өмүрдүн өзү да маанисин жоготкондой сезилген, себеби — ал «бир сүйсө
да, анан өлсө, арманы жок болучу», мына ушундай сүйүүгө туруктуу, антка бек
жигиттин элеси ага эң кымбат болуп көрүндү.
Бул сыяктуу ойлор Мартиндин башына мурда да келген, бирок ал бул
ойлордун көпчүлүгүн азыр гана жеткире талдап олтурат. Ал көңүлүн бир гана
Руфка жолугуу мезгилинде гана алаксытууга мажбур болбосо, башка бардык
убакыттарын чебердик менен пайдаланып, өтө кайраттуулук менен чымырканып
иштеди. Жакындан бери турган Мария Сильва деген португалиялык аялдын
үйүнө айына эки жарым доллардан төлөмөк болду. Бул бейжайыраак келген
португалиялык жесир аялдын көп баласы боло турган, ал ушул балдарын ач
кылбас үчүн жан аябай эмгектене турган. Анан өзүнүн кайгысын жеңилдетүү
үчүн коңшусундагы жеркепеден кычкыл вино сатып келип ичүүчү. Алды менен
Мартин бул аялды өтө жек көрдү. Айрыкча анын тилинин заардуулугу бөтөнчө
аны капа кылгандай болду. Бирок бара-бара ал бул жесир аялдын жан сактоо
үчүн жүргүзгөн оор күрөштөгү өтө туруктуулугуна аябай таң калды. Бул аял
жашаган үйдүн төрт кичинекей бөлмөсү болучу, мына ошонун бирин Мартин
ээлеп турду. Экинчи бөлмө конок үйү үчүн белгиленген, үйдүн таманына
төшөлгөн чаар-ала таар үйгө кооздуктун түрүн берип тургансыйт, бирок...
тамдын боорундагы илинип турган каза тапкан жаш баланын сүрөтү көңүлгө
кайгылуу өкүнүчтү туудургандай болот. Конок үйү жалаң гана коноктор үчүн
белгиленип, анан терезе жапкычы дайыма сыртынан бекилип туруучу жана бул
үйгө көрүүгө берилген орой буйрук, бөтөнчө салтанаттуу гана учурларда бериле
турган. Аял ашканасына тамак даярдап, бала-чакасын ошол жерде
тамактандырып, кирин жууп, кийимдерин үтүктөп, жекшемби күндөрүнөн башка
бардык күндөрүн жанын жанга уруп, каржалганча иштөөчү. Ал акы алып дайыма
коңшуларынын кирин жууп берүүчү, бул анын кирешесинин негизги булагы боло
турган. Анын жаткан бөлмөсү кадимки Мартин ээлеген бөлмөдөй эле тар, анда
өзү, жети баласы менен жашоочу. Мартин бул тар үйгө алар кантип батышарына
түшүнө албай кетти, ал кечкисин үйдүн жука дубалынан португалдык аялдын
балдарынын кадимки канаттуулардын базарлары сыяктуу кыйкырып-бакырып,
чуулдашкандарын угуп туруучу. Мариянын экинчи кирешеси — анын эки ую бар
эле, ал бул уйларын эки маал: эртең менен жана кечкисин саай турган. Уйларын
кээде көк чөпкө жайып, кээде жайбастан, жолдун жээктерине өскөн чөптөрдөн
уурдап жулуп келип алдыларына салып коёт. Анын самтыраган эки баласы уй
кайтарышат, башкача сөз менен айтканда, алар уйларды полицейскийдин көзүнө
чалдырбас үчүн жакшылап бакмалап туруучу.
Мартин өзүнүн тар бөлмөсүндө уктап, окуп, жазып, ой жүгүртүп жана
чарбалык иштерин жүргүздү. Секи- чени көздөй чыккан жалгыз айнектин
жанында жазуу столун, китеп текчесин жана жазгыч машинканы коюучу столун
алмаштыруучу ашкана столу коюлган эле. Тиги арткы дубалга такай коюлган
керебет бөлмөнүн үчтөн эки бөлүгүн ээлеп турат. Столдун катарында чалдыбары
чыккан ич кийим салуучу шкаф турат, анын фонерлеринин кабырылып
кеткендигинен аны жасап саткан киши сатып алуучуга ыңгайлуу болушун
ойлобостон, эптеп көбүрөөк пулга өткөрүү жагын ойлосо керек. Ич кийим салгыч
бир бурчта, ашканасы бир бурчта турган бул үйдө дагы бир үстүнө самын,
керосинка коюлган жыгач үкөк турат, ичинде болсо табак-аяк, идиштер, ашкана
буюмдары сакталуучу; тамдын боорунда тамак-аш үчүн секиче орнотулуп
коюлган жана жерде болсо ичинде суусу бар чака турат, бөлмөнүн ичинде
водопровод жок болуучу, мына ошондуктан Мартин суу үчүн ашканага келе
турган. Керебетинин үстүнө Мартин велосипедин илип койду. Ал алгач
велосипедди үйгө киргизбей эле, төмөн жакка астына коюп жүрүүчү. Бирок
балдар ойноп, шинасын бузуп таштаптыр мына ошондон кийин ал велосипедин
үйгө алып келип тамдын төбөсүнө илип коюучу болду.
Кичинекей кийим салгыч шкафынын ичинде кийимдер жана столдун үстүнө
батпаган китептер жатат. Окуу менен бирге Мартин майда макалаларды да жаза
баштады, жана бул сыяктуу макалалар ушунчалык көп болгондуктан, ал
комнатанын бир бурчунан экинчи бурчуна чейин узун ичке жипти кере тартып,
жазылган тетраддарын кадимки кургатылган кийимдерге окшотуп илип койду.
Мына ушул себептен бөлмөнүн ичинен эркин кыймылдоого бир кыйла кыйын
боло түштү. Ал эшикти жабыш үчүн эң алды шкафтын эшигин жаба турган,
тескерисинче эгерде шкафты ача турган болсо эшикти жаба турган. Кыскасы
комнатанын ичинде көчүк бурууга орун жок — тар. Ал эшиктен керебетке
жеткенче ийрилип-буйрулуп, бир топ кыймылдарды жасап барып араң жетүүчү,
караңгыда болсо бир нерсеге чалынбай коючу эмес. Эшик менен шкафтын
жанынан эптеп-септеп өтүп, Мартин ашканадагы үкөккө дагы урунуп албас үчүн,
оң жакка чукул бурулуп, андан кийин керебетти саал жылдырып, солго бурулууга
аракеттенди, антпегенде тарс этип келип столго бир тиймек. Ал бул аракетти
жасап бүтүп, эми бир жээги керебет, экинчи жээги стол болгон арыкчага кирүүгө
мүмкүн эле. Бирок эгерде жалгыз үстөл өз ордунда, столдун жанында турган
учурда бул канал менен өтүү мүмкүн болбой калуучу. Пайдаланбаган учурда ал
дайыма керебеттин үстүндө тура турган, бирок Мартин көпчүлүк учурларда
тамагын олтуруп алып жасап жана бышыруучу, ошондуктан суу кайнап же эт
куурулганча китептин эки-үч бетин окуп да жиберүүчү. Ашкана үчүн белгиленген
бурч ушунчалык тар болгондуктан Мартин ордунан турбастан туруп эле,
керектүү нерселерин алып ала турган. Туруп бир нерсе иштөө Мартинге өтө
кыйын болучу, себеби — туруп алып иштегенде ал өзүнүн далысы менен электр
жарыгын тосуп кала турган.
Ал даамдуу жана арзан тамактардын көп түрлөрүн билүүчү, бирок ошенткени
менен анын кубаттуу ашказаны темирди да сиңирүүгө жарай турган. Анын
негизги оокаттанган тамактары мексикалык ык менен даярдалган буурчак
шорпо, картөшкө жана чоң-чоң күрөң буурчактардан жасалган ботко. Ал күнүнө
жок дегенде бир
жолу күрүч ботко жей тургам жана ал жасагандай күрүч боткону Америка боюнча
үй кызматындагы аялдардын эч кимиси жасай алчу эмес. Ал май жокто нанды
жаңысына караганда эки эсе арзан, кургатылган жемиш менен кошуп жеп алуучу.
Кээ күнү ал өзүнүн жей турган тамагын бир кесим гана эттүү сорпо менен
алмаштыруучу. Күнүнө эки жолу ал бал каймаксыз жана сүтсүз кофе гана ичүүчү,
ал эми кечинде болсо, ичкени жалаң чай боло турган, бирок мунун бардыгы
артисттик ык менен даярдалуучу
Ал эрксизден үнөмкор боло баштады. Анын ишсиз жүргөн күндөрү кир
жуугучканадан тапкан өзүнүн бардык акчасын соруп алгандай болду, ал эми ал
өзүнүн «нандык чыгармаларын» жооп кат бир нече жумадан кийин гана келе
тургандай алыс жактарга жиберген. Ал кээде гана эжесиникине же болбосо,
Руфка жолугуш үчүн сыртка чыкпаса, дайыма ушул кичинекей үйүнө камалып
алып иштөөчү. Ал үч кишинин жумушун жеке өзү аткарды. Ал мурдагыдай эле
күнүнө беш гана сааттан уктап жүрдү жана анын темирдей бекем саалматтыгы
гана ага күнүнө он тогуз сааттык оор жумушту аткарууга мүмкүндүк берди.
Мартин бир мүнөтүн дагы бошко кетирген жок. Ал кээ бир сөздөрдүн түшүнүгү
жана анын айтылыш эрежеси жазылган кичинекей баракчаны күзгүнүн бетине
жабыштырып, күзгүгө каранганда, сакал-мурутун алганда, ал дайыма бул
сөздөрдү кайталап туруучу. Мындай баракчалар керосинканын үстүндө да
илинип тура турган жана ал бул сөздөрдү тамак бышырып, же табак-аяк жууп
жатканда да жаттай берүүчү. Мындай баракчалар жатталган сайын улам-улам
жаңы баракчалар менен алмашылып турат. Китеп окуп жатканда кездешкен
түшүнүксүз сөздөрдү тез эле сөздүктөн издеп таап жана ошол эле кичинекей
баракчага көчүрүп жазып тамдын дубалына, же күзгүнүн бетине дагы
жабыштырып коёт. Сөз жазылган бул сыяктуу кичинекей баракчаларды ал
чөнтөгүнө салып алып, көчөдөн, же болбосо, дүкөндөн кезек күтүп турган
кезинде да кайталай берет.
Бул иште Мартин бир орунга турбай алга жыла берди. Ал ийгиликке ээ болгон
авторлордун чыгармаларын окуу менен бирге, алардын бардык стилдик
өзгөчөлүктөрүнө, баяндалыштарына, окуялардын көрсөтүлүштөрүнө мүнөздүү
белгилерине, салыштырууларына, эпиграммаларына, койчу бир сөз менен
айтканда бул авторлордун ийгиликке жетишкендиктерине эмне жардам, эмне
көмөк берген болсо, ошолордун бардыгына көңүл буруп, белгилеп, тактап чыкты.
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
  • Büleklär
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 4096
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1923
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4116
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2032
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4219
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1994
    32.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4242
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2001
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 4170
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1818
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 4204
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1914
    30.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4159
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1830
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4140
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1839
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 4066
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1839
    30.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 4088
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1855
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 4142
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1934
    32.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 4198
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1946
    29.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 4163
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1875
    32.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 4152
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1798
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 4146
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1914
    30.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 4051
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1883
    28.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 4192
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1869
    33.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 4075
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1922
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4017
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1845
    29.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3984
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1903
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 4005
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1807
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1890
    31.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3967
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1878
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 4002
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1933
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 3959
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1945
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 4024
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1889
    32.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 4161
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1991
    31.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 4151
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1865
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 4089
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1790
    31.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 4200
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1787
    32.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 4188
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1938
    32.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 2695
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1131
    36.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    56.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.