Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23

Süzlärneñ gomumi sanı 3967
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1878
30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
48.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
болгон мистер Уайт менен тааныштырды,
— А бул болсо, мистер Эндс. Миетер Эндс бизде иштерди башкарат. Мартин
өңү жашыраак көрүнгөн кашка баш, шайыр киши менен кол алышты. Анын
жүзүнө сулуулукту киргизип турган узун ак сакалын аялы жекшемби сайын
тегиздеп берип тургандыгы көрүнүп турат. Анын аялы желкесин дагы кырып
берсе керек.
Алардын үчөө тең Мартинди тегеректешип, аны көздөй мактоо сөздөрүн
жаадырышып жиберди. Кала берсе акырында бул мактоодон Мартин жадап
кеткендей да болду.
— Биз сиздин эч качан келбегендигиңизге аябай таң калган элек! — деди
толкундана түшүп, мистер Уайт. .
— Булуңдан өтүп келүүгө менин акчам болгон жок, — деп жооп берди Мартин,
ушуну менен ал өзүнүн акчага өтө муктаж экендигин түшүндүрүп.
«Менин «майрамдык» костюмум, — деп ойлоду ал ошол эле учурда,
жетишерлик кемчил экендигимди баяндап турат».
Мындан аркы бардык сөздөрүндө ал өзүнүн муктаждыгы жана келген
максаты жөнүндө белги берип сүйлөөгө аракеттенди. Бирок, анын талантын
кадырлашкан бул адамдар арыз муңуна кулак да салып коюш- кан жок. Кайра
алар анын аңгемесин өздөрү, бир туугандары жана аялдары кандайча
толкундануу менен окугандыктарын кайталаншп жатышты. Бирок алардын
бирөө дагы өздөрүнүн толкундануусу жөнүндө мазмундуу кылып түшүндүрө
алган жок.
— Сиз билесизби, мен биринчи жолу сиздин аңгемеңизди кандай шартта
окугандыгымды? Мен Нью-Йорктон келе жаткан болучумун, поезд Огденге келип
токтогондо вагондун ичине газет саткыч кирип келди. Анын колунда
«Трансконтиненталдык ай сайын чыгуучу» журналдын эң акыркы саны бар экен.
— Ой тобо, жараткан де, — деп ойлоду Мартин, — бул митаам болсо,
пульмановдук вагондорго түшүп саякат кылып жүрсө, мен тишимдин кирин
соруп, мындан өзүмдүн таман акы, маңдай терим менен иштеп тапкан беш
долларымды ала албай жүрөмүн! «Ал аяңдана түштү. «Трансконтиненталдык ай
сайып чыгуучу» журналдын бул иштеген чыккынчылыгы ага эң укмуштуудай
көрүндү; ал өзүнүн ачка арык калган айларын жана азыр болсо чөнтөгүндө бир
тыйын акчасы жок экендигин, кечеки күндөн бери наар сыза электигин эсине
түшүрдү. Анын каары кайнай түштү. Булар чындыгында каракчылар да эмес,
жөнөкөй гана майда жуликтер! Алар анын аңгемесин алдамчылык жана жалган
ишендирүү менен алдап алышты. Мейли, эч нерсе эмес! Бирок ал акыры аларга
көрсөтөт!
Мартин ичинен өзүнө өзү тиешелүү акчасын толук алмайынча редакциядан
чыккан тургандыгына ант берди. Кала берсе, Оклендге кайтып келүүгө анын
акчасы да жок. Ал өзүн кармап турганы менен анын жүздөрүндөгү өзгөрүүлөр
аңгемелешип олтургандарды ыңгайсыздандырып, ал турмак чочутуп да
жиберди.
Алар ого бетер аны жерге-сууга тийгизбей, мактай башташты. Мистер Форд
дагы биринчи жолу «Коңгуроонун үнү» деген анын аңгемесин өзүнүн кантип
окугандыгын, а мистер Эндс болсо, өзүнүн карындашы бул аңгемени окуп алып,
кандайча эс-учунан танып кала жаздагандыгын жана анын карындашы жөнөкөй
эле бирөө эмес, Аламедде мектеп мугалими экендигин баяндады.
— Мен сизден акча алганы келдим, — деди, аңгыча болбой Мартин, — сиз
мага, бу баарыңыздарга ушунчалык жаккан аңгемем басылып чыгары менен беш
доллар төлөөгө тийиш болчусуз.
Мистер Форддун жүзүнөн төлөөгө анын ушунчалык дилгир экендигин
баяндаган белги жана түшүп чөнтөктөрүнө колун салып караштырып көрүп,
мистер Эндске бурулду да, ага акчасын үйгө унутуп таштап келгендигин
түшүндүрдү. Мистер Эндс ага өкүнүчтүү көз жиберип жана анысын байкатпаска
аракет кылып чөнтөк жагын колу менен баса калгандыгын байкап, Мартин анын
сөзсүз акчасы бар экендигин түшүндү.
— Мен эмне кыларымды билбеймин, — деди мистер Эндс. — Мен жаңы эле
жанымдагы болгон акчамдын бардыгын басмакана менен эсептешип
койбодумбу. Албетте, жаныма акчанын бардыгын салып келбегендигим
ойлонулбагандык, бирок... Сиз туура түшүнсөңүз басмаканачы келип
жалынып-жалбарып жатып, болгон акчанын бардыгын авансага сурап алып
кетти.
Ал экөө мистер Уайтты көздөй карап калышты, ал болсо каткырып күлүп
ийип куушуруп койду. Ал өзү өтө уяттуу адам боло турган. Ал бул
«Трансконтиненталдык ай сайын чыгуучу» журналга алардын ишин үйрөнүү
үчүн келген эле, бирок ага айрыкча финансылык саясатты көбүрөөк үйрөнүүгө
туура келди. «Айына чыгуучу» журнал ага төрт айдан бери айлык акысын
төлөгөн эмес, ошондуктан ал редактордун орунбасары менен эсептешүү бул бир
кыямат экендигин түшүнүп, аны менен эсептешкенден көрө эртерээк
басмакананын ишин токтотуп коюу жакшыраак экендигин түшүнгөн.
— Чындыгында акмактык болуп калды, — деди мистер Форд ыгы жок
ачык-айрымдык менен, — мистер Иден, сиз бизди өтө ыңгайсыз абалга калтырып
койдуңуз. Бирок, биз билесизби, мындай кылабыз. Биз сизге чекти эртең эртең
менен жиберебиз. Мистер Эндс сиз мистер Идендин адресин жазып алдыңызбы?
— О, албетте, мистер Идендин адреси менде жазылуу жана чек эртең эртең
менен сөзсүз жөнөтүлөт.
Мартин финансылык жана казыналык иштер жөнүндө анчалык жакшы билбесе
дагы, эгерде алар чекти эртең жиберише ала турган болсо, анда алар бүгүн
жиберише албайбы деп ойлоду.
— Демек, чечилди, сизге мистер Иден, чек эртең жиберилмек болду.
— Акча мага эртең эмес, бүгүн керек, — деди Мартин чечкиндүү.
— Шарттын ыңгайсыз болуп турганын карабайсызбы? Эгерде сиз бизге
башка бир күнү келген болсоңуз...— деп, мистер Форд баштады эле, бирок сөздү
Эндс күтүлбөгөн жерден бөлүп кетти:
— Мнстер Форд сизге иштин абалын түшүндүрбөдүбү эми, — деп кага
сүйлөдү ал, — жана мен дагы түшүндүрдүм. Чек сизге эртең жиберилет.
Уктуңузбу?
— Мен дагы сизге түшүндүрүп жатамын, — деди Мартин дагы тилин
тартпастан, — акча мага эртең эмес, бүгүн, азыр керек. Түшүндүңүзбү?
Иш башкаруучунун бул сыяктуу кастарын тиккендигинен Мартиндин кан
тамырлары көбө түштү: экинчиден тигинин кээ бир кыймылдары боюнча
Мартин «Айына чыгуучу» журналдын кассасы азыр анын сөзсүз чөнтөгүндө
тургандыгын түшүндү.
— Мен эмне кыларымды билбеймин...— деп баштады дагы мистер Форд.
Ушул учурда мистер Эндс чыдамсыздык менен комнатадан шарт бурулуп,
эшикти көздөм атып чыгайын деди эле, Мартин ошол замат атырылып барып
кекиртектен алганда мистер Эндстин кардай аппак сакалы шыпты көздөй кырк
беш градуска сербейди. Мистер Форд менен мистер Уайт корккондуктарынан
селдейишип, өздөрүнүн иш башкаруучусун Мартиндин персия килеминдей
силкип жатканын карап турушту.
— Ай, жаш таланттардын кадырман эзүүчүсү, — деп кыйкырды Мартин, —
сыйыңыз менен тиешелүү акчамды колго салыңыз, болбосо бар го, тим элечи
чөнтөгүңдүн түбүн азыр эле көңтөрүп саламын!
Андан кийин ал, корккондуктарынан үрөйлөрү учуп карап тургандарга
бурулуп мындай деп кошумчалады:
— А силер болсо, киришебиз деп ойлоп да койбогула... Антпесеңер
тумшугуңарды кандаймын.
Мистер Эндс тумчугуп кала жаздады. Мартин мына ошондуктан ага жанагы
сунушка макулдугун берүүгө мүмкүнчүлүк берип, карыштыра кармаган колун
жакасынан коё берди. Иш башкаруучу бир нече жолу өз чөнтөгүнө саякат
жасагандан кийин, акырында чөнтөгүнөн төрт доллар он беш центти сууруп
чыгууга аргасыз болду.
— Чөнтөгүңүздүн түбүн бери оодарыңыз! — деп буйрук берди Мартин.
Чөнтөгүнөн дагы он цент чыкты. Мартин тактык үчүн, өзүнүн табылгасын эки
жолу эсептеп чыкты.
— Азыр кезек сиздерге келди! — деди ал мистер Фордго, — Силер мага дагы
жетимиш беш цент берүүгө тийишсиздер!
Мистер Форд эч нерседей албастан, чөнтөгүнө колун салды эле, бар болгону
алтымыш гана цент акча чыкты.
— Дагы жакшылап караңыз, — деди Мартин үстөмдүк кылгандай, — ички
бешмантыңыздын чөнтөгү эмнеге томпоёт? Бир нерсе бар окшойт?
Мистер Форд корккондой эки чөнтөгүнүн тең түбүн аңтарды. Анын
чөнтөгүнөн төрт бурчтуу болгон катуу кагаз жерге тоголонуп түштү. Мистер
Форд аны лып ала коюп, кайра чөнтөгүнө сала коёюн деди эле, бирок Мартин
кыйкырып жиберди:
— А эмне? Салдын белетиби? Берчи бер жакка. Анын баасы он цент турат.
Демек, азыр белеттин баасын кошуп эсептегенде, менин төрт доллар токсон беш
центим бар. Кана, эми дагы беш цент жетишпейт!
Ал мистер Уайтты карады эле, ал назик мырза көзирмемдиң ичинде
чөнтөгүнөн никел тыйынды сууруп чыкты.
Рахмат сиздерге, — деди Мартин, тегерегиндегилердин бардыгына бурулуп,
— кошуңуздар, саламат болуңуздар!
— Талоончу! — деди артынан кыркырап мистер Эндс.
— Каракчы! — деди эшикти тарс жаап, сыртка чыгып бара жатып Мартин.
Мартин өзүнүн бул жеңишине чексиз ыракаттанып жана «Пери менен акак»
деген чыгармасы үчүн он беш доллар төлөөгө тийиш болгон «Шершенди» эсине
түшүрүп, ошол замат бул аласасын дагы жогоркудай эле тезинен өндүрүп алууну
чечти. Бирок «Шершень» журналынын редакциясында сакалдарын тап-таза
кылып кырдырышкан, орто жашка барыша элек, чыныгы каракчылар
олтурушкан эле. Булар көздөрүнө көрүнгөндүн бардыгын жана кала берсе,
өздөрүн өздөрү дагы карактоого көнүп калышкан, анык каракчылардын өздөрү
эле. Мартин отургучтардын кээ бирин сындырып, талкалап жиберди, бирок
акырында редактор (студенттик жылдарында чуркоо жана секирүү боюнча байге
алып жүргөн) кулактандырууларды жыйноо боюнча агенттин иш
башкаруучусунун жана эшик аганын жардамы менен Мартинди буйдамга
келтирбей туруп, сыртка түртүп чыгарып, ал эмес тепкичтен тезирээк түшүшүнө
да жардам берди.
— Келип туруңуз, мистер Иден, биз сиздин келишиңизге ар качан
кубанычтуубуз! — деп алар анын артынан какшыктуу кыйкырып калышты.
Мартин жыгылган жеринен тура калып, мурутунан жылмайып койду.
— Тьфу, — деди ал күңк этип, — бирок азаматсыңар, — балдар! Асты
«транс-континенталдык сиркелердей эмес экенсиңер!
Буга жооп кайтарылып, каткырган күлкүнүн дабышы угулду.
— Сизге айтууга тийишмин, мистер Иден, — деди «Шершендин» редактору,
акындын сөзү менен айтканда, сиз өзүңүз үчүн бекем тура ала турган жигит
экенсиз. Сиз мындай эрдикке кайдан үйрөндүңүз эле?
— Сиз кармашууга машыккан жерден үйрөнгөм, — деп, жооп берди Мартин, —
көзү-башың көк-ала болуп калып жүрбөсүн!
— Сиздин дагы көк шилиңиз тартып турбасын, — деп сыпайы кекирейип
койду редактор. — Ай дос, ушунун урматы үчүн көтөрүп койсок кантет? Албетте,
жарылган баш, канаган чеке үчүн эмес биздин тааныштыгыбыздын урматы үчүн.
— Мен жеңилдим, демек макул болууга тийишмин, — деп жооп берди Мартин.
Талоончулар жана таланган адам бардыгы тең чогулушуп, бир бөтөлкөнү
ичип жиберишти да, достук иретинде жеңиш күчтүү тарап жактыкы болду деп
эсептешип, демек мына ошондуктан, «Пери жана акак» үчүн чегерилген он беш
доллар акылуу түрдө «Шершеньге» тиешелүү болуп калды.
XXXIV ГЛАВА
Артур эшиктин алдында калып, Руфь тепкич аркылуу Мария Сильванын
үйүнө чуркап кирип кетти. Ал ички бөлмөгө жакындай бергенде кулагына
жазгыч машинканын тырсылдаган үнү угула баштады. Мартин бул учурда
кандайдыр бир кол жазманын эң акыркы барагын басып жаткан эле. Руфь атайы
Мартиндин Ыраазылыктын Күнүнө арналган тамака келер-келбесин билүү үчүн
келген, бирок Мартин аны ооз ачырбай:
— Сизге окуп берейин, сынап көрөсүзбү? — деди ал толкундана түшүп,
машинкадан басылган баракты сууруп чыгып. Бул менин акыркы аңгемем. Бул
аңгемем да башка аңгемелериме аябай окшош. Кала берсе, кээде өзүм чочуп да
кетем. Кыскасын айтканда мен бул аңгемемдин эң күчтүү чыккандыгына
ишенем. Өзүңүз деле баа берсеңиз. Бул гавайлык аңгеме. Мен муну «Вики- Вики»
деп атадым.
Мартиндин колдору таштай муздап турса дагы, чыгармачылык
жалындануудан жүзү нурдана түштү, ал эми Руфь болсо, нурданмак түгүл анын
муздак кепесинен калтырап үшүп кетти.
Руфь ичинен жактырбай турса дагы, сыртынан сыр бербей Мартиндин
аңгемесин терең көңүл коюп уга баштады. Мартин окуп бүтүп, Руфтан мындай
деп сурады:
— Ачыгыңызды эле айтыңыз, аңгеме сизге жагабы же жакпайбы?
— Билбеймин, — деди ал, — сиздин оюңузча бул аңгемени бир жер чыгарат
деп ойлойсузбу?
Жок, ойлобойм, — деп мойнуна алды ал, басууга журналдардын колунан келе
албайт. Бирок бул таза чындык.
— Сиз эмне үчүн кабыл албаган нерселер жөнүндө ушунчалык өчөшкөндүк
менен жазасыз? — деди, кесе сүйлөп Руфь. — Сиз жан сакташ үчүн керектүү акча
үчүн гана жазат эмессизби?
— Албетте, туура деңизчи. Бирок менин каармандарым менден күчтүүлүк
кылып жатат. Ал менден аңгеме башкача эмес, дал ушундай жазылсын дейт.
— Бирок эмне үчүн сиздин Вики-Викиңиз ушунчалык орой мүнөздүү?
Мүмкүн, бул аңгемени четке кагып жатышкандыр.
— Себеби чыныгы Вики-Вики дал ушундай гана сүйлөөгө тийиш.
— Бул жакшы адат эмес.
— Бирок, мында турмуш бар! — деди толкундана түшүп Мартин. — Бул
болгон иш. Бул чындык. Мен турмушту ал кандай болсо, дал ошондой кылып
көрсөтүүнү каалаймын.
Руфь буга эч нерсе деп жооп кайтарган жок жана бир секундага ыңгайсыз
тынчсыздануу өкүм сүрө түштү. Мартин Руфту ашкере сүйгөндүктөн түшүнө
албаса, ал эми Руфь аны, өзүнүн тар чөйрөсүнүн купулуна толбогондуктан
түшүнө бербеди.
— Сиз билесизби, мен «Трансконтиненталдык ай сайын чыгуучу» журналдан
акча алдым, — деди Мартин сөздүн багытын башка теманы көздөй бурууга
аракеттенип жана редакциянын үч кызматкерин кантип төпөштөгөнүн эсине
түшүрүп, эрксизден каткырып күлүп жиберди.
— Эң сонун! Демек, сиз келет турбайсызбы? — деп Руфь кубанычтуу
кыйкырып жиберди. — Мен дал ушуну билгени келдим эле.
— Келет? — Ал айран-таң кала түшүп, кайталап сурады. — Кайда?
— Тамака, биздикине. Айтмакчы, сиз акча аларыңыз менен костюм сатып
аламын дебедиңиз беле?
— Мен ал жөнүндө тап-такыр унутуп коюптурмун, — деди уялгандай Мартин.
— Бирок сиз билесизби... Бүгүн эртең менен полицейский келип, чөпкө кирди деп,
Мариянын эки уй, бир торпогун айдап кетти. Ал байкуштун штрафка төлөөр
акчасы болсочу. Ошондуктан ага костюмдук акчамды кармата бердим... Ошентип,
өзүмдүн «Коңгуроонун үнү» үчүн алган бардык акчаларым Мариянын уйларын
бошотуп алууга кетти.
— Демек, сиз келе албайсызбы?
Мартин өзүнүн жупуну кийимдерине көз жүгүртүп чыкты.
— Бара албайм.
Руфтун көгүлтүр көздөрүнө жаш толо түшүп, Мартинди жекире бир жолу
карап алды да, унчукпай калды.
— Эч нерсе эмес, келерки жылы биз экөөбүз Ыраазылыктын Күнүн
Дельмониконукунда же Лондондо, же Парижде, же болбосо сиз каерде
кааласаңыз дал ошол жерден майрамдап өткөрөбүз. Ишенип коюңуз буга.
— Мен жакында эле бир газетадан, — деп жооп кайтарды Руфь, — почтолук
ведомстводо жаңы бош орундар ачылыптыр деп окудум. Анын үстүнө сиз ал
жерде биринчи болуп кезекке жазылып койбодуңуз беле?
Мартин ал жерден чакыруу кагаз келгендигин, ага өзү барбай койгондугун
мойнуна алууга мажбур болду.
— Мен өзүмө-өзүм ушунчалык ишенемин, — деди ал актангандай, — бир
жылдан кийин мен ар кандай почточуга караганда он эсе ашык иштеп табамын.
Көрүп туруңуз.
— Эх! — Руфь мындан башка эч нерсе дей алган жок. Ал ордунан туруп, кол
кабын кийүүгө аракеттенди. — Мен кетейин эми, Мартин. Артур мени күтүп
калды.
Мартин аны бекем кучактап туруп, оозунан өөп жиберди, бирок Руфь анын
бул эркелетүүсүнө анчалык деле ыраазы болгон жок. Анын денеси мурдагыдай
калтырап-титиреп, моюнуна шак асылып, эриндерине чап жабыша калган жок.
«Таарынып кетти ээ, чиркин, — деп ойлоду Мартин, Руфту узатып кайра
өзүнүн бөлмөсүнө келгенде. — Бирок эмне үчүн? Албетте, полицейскийдин дал
бүгүнкү күнү өчөшкөндөй келип Мариянын уйларын айдап кеткени өтө
өкүнүчтүү дечи, бирок бул кокусунан болду. Мында эч кимде күнөө жок. «Мындай
учурда саал башкача мамиле кылууга да мүмкүн эле, бул жөнүндө Мартиндин
башына да келип койгон жок. «Албетте, бир гана, — деп чечти акырында, — мен
анын алдында почтодогу орундан баш тартканым үчүн жана «Вики-Викимдин»
ага жакпай калгандыгы үчүн бир аз күнөөлүүмүн».
Күтүлбөгөн жерден сырттан адамдын дабышы чыккандай болду. Мартин
эшикти көздөн бурулуп, үнгө кирип келе жаткан почточуну көрдү. Адаттагыдай
толкундануу менен Мартин почточунун колунан бир кучак, узун жана чоң-чоң
конверттерди кабыл алды. Алардын арасында бир кичинекей конверт бар эле.
Анын ичинде «Ныо-Йорктук баяндоочунун» кагазы бар болучу. Мартин
конвертти бир аз ачпай токтоп турду. Кантип эле, бул аңгемесин кабыл
алгандыгы жөнүндөгү билдирүү болсун. Ал акыркы мезгилдин ичинде, бул
сыяктуу журналга өзүнүн бир дагы аңгемесин, бир дагы очеркин жөнөткөн эмес
эле. «Мүмкүн, — деп ал ушул ойду ойлонуп, таштай ката түштү, — алар мага
макала жазууну заказ беришкени жаткандыр? «Бирок Мартин ошол замат өзүнүн
бул адепсиз, иш жүзүнө ашпай турган үмүтүн четке какты.
Конверттин ичинде ушул катты жазып олтурган редактордун атына келген
«тоголок арыз» алгандыгы жөнүндө жазылган өзүнчө бир кичинекей кыскача кат
бар экен. Редактор Мартинди жамандап жазган бир «тоголок арыздын»
келгендигин баяндаптыр. «Тоголок арызды» редактор ушул конверттин ичине
кошо салып жибериптир жана ал «Мартин сиз эч кандай тынчсызданбай эле
коюңуз, себеби биз «тоголок арыздарга» эч качан маани бербейбиз» деп
жазыптыр.
Мартин «тоголок арызды» ачып окуй баштады. Бул кат биринчиден басма
тамгасы менен колдон жазылган экен. Экинчиден ыгы жок ушактап: «Мартин
Иден деген таптакыр жазуучу эмес, ал бир гана башкалардын бир кездеги чыккан
аңгемелерин жана ырларын уурдап алып, машинкага басып өз атынан жибере
берүүчү бир адабияттык ууру гана болуп саналат» — деп жазыптыр. Конвертте
«Сан-Леандро» деген штамп бар экен. Мартин бул каттын ээсин тез эле биле
койду. Бул каттын ар бир сабынан Хиггинботамдын эле грамматикасы, баягы эле
Хиггинботамдын сөзү жана ошол эле Хиггинботамдын ойлору дапдаана көрүнүп
турат. Мартин бул каттын Хиггинботамдын жакын сөөк-тамырынын бирөөнүн
одоно колдорунан иштелип чыккандыгын эң сонун түшүндү.
— Бирок ал, эмне үчүн жазды муну? — деп, сурады ал өзүнөн өзү.
Ал, акмак Бернард Хиггинботамга эмне кылды? Бул чындыгында ушунчалык
акылсыздык жана ушунчалык акмакчылык. Муну эч кандай жол менен актоого
мүмкүн эмес. Бир жуманын ичинде ага чыгыш штаттардын ар түрдүү
журналдарынан ушундай эле онго жакын каттар келди. Мартинге
редакторлордун мүнөздөрү абдан жакты. Алардын көпчүлүгү Мартинди
билишпесе дагы ага өздөрүнүн терең боору ачыгандыктарын билдиришкен.
Калыбы алар ар кандай ушактарга келишпестик менен мамиле кылыша турган
адамдардан болсо керек. Хиггинботамдын ушунчалык көрө албастык менен
кылган жүзү каралык аракеттери иш жүзүнө ашпай калды. Тескерисинче, бул
Мартин үчүн кайра пайдалуу болду, анткени редакторлор Мартиндин атына көп
көңүл бура башташты. Булардын кээ бирлери анын аңгемелерин окуп, баягы
«тоголок арыздагы» Мартин Иден жазган аңгеме экен дешип ойлошот. Ким
билсин, мүмкүн бул анын чыгармаларынын тагдырына оң таасирин тийгизер!
Ушул эле мезгилдин ичинде Мартиндин турмушунда аны Мария Сильванын
көз алдында кадырын бир кыйла төмөн түшүргөн бир окуя болуп өттү. Бир күнү
ал үтүктү ордунан жылдыра албай ашканада сыздаткан катуу оорудан көз жашы
көл болуп шолоктоп олтурган Марияны көрдү. Мартин ага сасык тумоо тийип
калгандыгын . сезип, ошол замат ага Бриссенден алып келген бөтөлкөлөрдүн
биринин түбүндө калган арактан жутуп, төшөккө жылуу жатып алуусун суранды.
Бирок, Мария кашайып, таптаза макул болбой койду. Ал өлсөм дагы калган
кирлерди бүгүн кечке чейин үтүктөп бүтүп, ээсине тапшыруум керек, болбосо
кызыл чиедей болгон алты балам эртең нансыз калат, — деп, ыйлап болбой
койду.
Ал таң калуу менен (ал муну өмүрүнүн акырына чейин оозунан түшүрбөй
айтып жүрдү) Мартин үтүктү анын колунан жулуп алып, үтүк баскыч узун
тактайдын үстүнө батистен тигилген ак чермейди ыргытып жиберип үтүктөй
баштаганын карап турду. Бул болсо айылдагы жеткен сылаңкороз Кэт Флэнегэн
деген аялдын чермейи болучу. Мисс Флэнегэн чермейим кечке чейин сөзсүз
үтүктөлүп даяр болсун деп талап кылган эле. Элдин баары бул аялдын темир уста
Джон Коллинг менен көңүлү жакын экендигин эң жакшы билише турган.
Мариянын бирөөлөрдөн укканына караганда ал экөө эртең Алтын Дарбаза
атындагы бакка жөнөшмөк. Мария чермейди Мартинден бекерге эле
талашыптыр. Мартин мажбурлап отуруп Марияны стулга олтургузуп койду.
Мария катуу чочуганынан көздөрү чанагынан чыга түшүп, Мартиндин каардануу
менен үтүктү баса баштагандыгын байкап турду. Он минуттан кийин Мартин
Марияга үтүктөлгөн чермейди көрсөттү. Чермейдин сонун үтүктөлгөнүн айтпа
эми, мындай кылып Мария жүз жылда да өзү үтүктөй алмак эмес. Бул жөнүндө
Мария өзү да эриксизден мойнуна алды.
— Эгерде үтүк ысыгыраак болгондо мындан да тез үтүктөйт элем, — деди
Мартин.
Бирок Мариянын пикири боюнча үтүк чегине чейин эле аябай жакшы ысыган.
— Сиз кирге сууну туура эмес себелейт турбайсызбы, — деди Мартин дагы
анын үстүнө — бери алып келиңизчи, мен сизге кандай кылуу керек экендигин
көрсөтүп коёюн. Эгерде сиз тез-тез үтүктөй турган болсоңуз, анда нымдалган
кирди үтүк менен бир калыпта басышыңыз керек.
Мартин жер төлөдөн бир ящик алып келип, ага капкак жасап, үстүнө балдар
жыйып койгон темир-тезектерден көп кылып жыйды. Кирлерге суу себилип
ящиктин ичине салынды да, үстүнөн жанагы оор темирлер менен бекем
бастырылып коюлду. Муну иштөө таптакыр кыйын эмес эле.
— Мына, эми карап туруңуз! — деди Мартин үнүн бийик чыгарып, чоктой
кызарган үтүктү бир колуна кармап, бел курчоосуна чейин жылаңачтанып.
Кийин Мария элдин баарына, Мартин ага бир гана үтүктөгөндү эмес, жүндөн
жасалган кийимдерди кантип жууш керек экендигин да үйрөтүп койгондугун
айтып жүрдү.
— Ал айтат: «Мария, сеники акыл жетпейт, мен сени жакшы үйрөтөт» жана ал
үйрөттү мага. Он мүнөт. Ал биздикинде машине жасады. Бочке эки таяк жана
дөңгөлөк күпчөгү. Көрдү!
Бул өнөргө Мартин «Кайнар Булак» кир жуугучканасында жүргөндө Джодон
үйрөнгөн. Эски дөңгөлөктүн таякка бекитилип жасалган күпчөгү, бишкектин
кызматын аткаруучу. Мунун бир жагына ашкана үйдүн төбөсүндөгү устун
жыгачка бекитилген чыгырык жыгач аркылуу өткөзүлгөн жип байланып жана
бул жип бишкекти жалгыз кол менен кыймылга келтирүүгө мүмкүндүк берип
жана бул жасалганын жардамы менен күү челекке салынган жүндөн жасалган
буюмдардын кири эң сонун болуп кетип, тазалануучу. Мария ал гана эмес, жипти
тартып туруу үчүн бир баланы жумшап, Мартин Идендин бул көрсөткөн амалына
айран-таң кала кароочу.
Бирок ошону менен бирге Мариянын көңүлү мурдагыдай болбой Мартин
иренжий түштү. Анын мурдагы кир жуугуч экендигин билгенден кийин, Мария
аны теңине да алып койгон жок. Анын мурдагы кадыр-баркы, атак-даңкы
кадимди шамал айдаган түтүн сыяктуу тарап кеткендей болду. Анын китептери,
көңүлү жакын адамдары, ичкиликтен бошогон бөтөлкөлөрү кыскасы — бардыгы
Мариянын көз алдында өзүнүн бардык маанисин, баасын жоготту. Акырында бул
сыяктуу Иден Мариянын өзү сыяктуу эле эң жөнөкөй жумушчу жана ал экөө тең
бир тапка — жумушчу табына тиешелүү болуп чыгышты. Мына ошондуктан, ал
ага жакыныраак, сырдаш көрүнүп, бирок андан күткөн зор үмүтү таш капкандай
болду. Өзүнүн бир туугандарынан Мартин алыстагандан алыстап кетти. Мистер
Хиггинботам асылып, аракети иш жүзүнө ашпай калгандан кийин Мартиндин
жолуна эми келечектеги күйөө баласы — Герман Шмидт бөгөт болду. Бул учурда
Мартиндин кээ бир ырлары менен аңгемелери журналга чыгып, турмуш абалы
саал өйдөлөгөнсүп калган эле. Ал карыздарынан толук кутулуп жана өзүнө бир
костюм, бир велосипед сатып алды. Мартин велосипедин ары айландырып, бери
айландырып карап чыгып, анын кээ бир тетиктерин байкады. Ал бул тетиктерди
оңдотуу үчүн, велосипедин жакынсып келечектеги өзүнүн сөөк тамыры —
Герман Шмидттин устаканасына берип жиберди.
Ошол эле күнү кечинде, Мартин жиберген велосипедин таң калуу жана
канааттануу менен кайра алды. Калыбы Шмидт дагы ага карата достук
мамилесин көрсөтүп, анын велосипедин кезексиз оңдоп, аны адаттан тышкары
үйүнө да жеткирип берген окшойт. Бирок ал велосипедди айландырып көрүп,
Мартин анын эч кандай тетиктери оңдолбогондугун сезди. Ал ошол замат
устаканага телефон чалып, Герман Шмидттин «аны менен эч кандай байланыш
жасагысы келбегендигин» билди.
— Мырза Герман фон Шмидт, — деди Мартин токтоо гана үн менен, — мен
мүмкүн сиздин устаканаңызга эне сүтүңүздү оозуңузга саал татытып коюш үчүн
барып калармын.
— Эгерде, сиз менин устаканама келе турган болсоңуз, — деп, жооп
кайтарылгандай болду, — анда мен полицияны чакырамын! Мен сизге
көрсөтөмүн! Экинчиден сиз мени менен жаңжал баштаймын деп ойлобой эле
коюңуз, ал колуңуздан келе албайт. Сиз жеткен жалкоосуз, мен болсом иштеп
эмгектенип жүрөм. Эгер мен сиздин карындашыңызга үйлөнгөн болсом, бул
демек сиз менин мурдумду кандай бере аласыз дегендикке жатпайт. Эмне үчүн
сиздин бир жерге иштегиңиз келбейт, арам тамак ичкениңизди качан коёр
экенсиз? Кана, жооп бериңизчи?
Мартин кадимки, чыныгы философ сыяктуу жек көрүүсүн ичине сактап, жооп
бербестен бир жолу ышкырып, телефондун туткасын илип койду. Бул окуя ага
алды менен күлкүнү келтиргендей сезилип, бирок бара-бара ага жалгыздык
сезими оор кайгыны тартуу кылгансый түштү.
Эч ким аны түшүнгөн да, Бриссенденден башка эч ким аны адам деп эсептеген
да жок. Бирок Бриссенден да жер жуткандай жоголуп кетти.
Мартин колдоруна сатып алган нерселерин көтөрүп, жашылча магазининен
чыкканда, иңир кирейин деп калган эле. Трамвай көчөнүн бурчуна келип токтоп,
анын ичинен Мартинге тааныш бирөө сыртка секирип түшкөндөй болду.
Кубанычтан Мартиндин жүрөгү катуу согуп кетти. Бул болсо, Бриссендендин так
өзү болучу. Мартин электрдин жарыгынан анын пальтосунун чөнтөгүнүн
томпоюп тургандыгын байкады. Анын бир чөнтөгүндө китеп, экинчисинде
бөтөлкө салынган эле.

XXXV ГЛАВА
Вриссенден өзүнүн көпкө чейин эмне үчүн жоголуп кеткендиги жөнүндө
Мартинге эч кандай түшүнүк берген жок. Мартин дагы андан ал жөнүндө
сурабады. Стакандан чыккан буунун арасынан ал өзүнүн сүйүктүү досунун
арыктаган ак куба жүздөрүнө өтө кызыгуу менен көз жиберүүгө аракеттенди.
— Мен дагы эки колумду куушуруп бекер жүргөнүм жок, — деди Бриссенден,
Мартин ага өзүнүн акыркы иштеген иштери жөнүндө түшүндүргөндөн кийин.
Ал чөнтөгүнөн алып берген кол жазманы окуп алып, тан калгандай суроолуу
көз карашын Бриссенденди көздөй жиберди.
— Ооба, дал ошондой, — деди Бриссенден жылмая түшүп, — темасы жакшы
тема, туурабы? «Туруксуз»... Мындан сонун болууга мүмкүн эмес, туурабы? Ал эми
бул болсо, билесизби, сиздики, — «адам дүйнөдөгү жеткен өзгөрүлчөөк жана
туруксуз, жылуулуктун таасиринен төрөлүп, жандуу материяга айланып жана
термо-электрдин бөлүгүндөгү өзүнүн орду үчүн күрөшкөн нерсе», — деп дал сиз
айтпадыңыз беле. Мына, сиздин ушул сөздөрүңүз менин мээме орноду да калды.
Мына ошондон кийин, мен бул тынчтык бербеген ойдон кутулуу үчүн бир чоң
поэма жазууга аргасыз болдум? Кана, сиз бул жөнүндө эмне дейсиз? Чын
пикириңизди айтыңызчы?
Мартин кол жазманы окуй баштап, алды менен кызара түшүп, андан кийин
күчтүү толкундануудан кубара түштү. Бул болсо жеткен көркөм чыгарма болучу.
Чыгармада мазмунга караганда форма үстөмдүк кылып, ой менен сөз тизмеги куп
келишип, мына ошондуктан кубанган Мартиндин көздөрүнөн жаш чыгып, жүрөгү
катуу согуп кетти. Бул болсо алты жүз, жети жүз куплетке жеткен, учур үчүн
абдан таң каларлык өтө укмуш- туу жана коркунучтуу да поэма боло турган. Кала
берсе, бул сыяктуу поэма дүйнөдө жок жана болууга да мүмкүн эмес эле. Бирок
ошондой болсо да, бул поэма жаралып, ак кагазда жазылып, жашап жатат. Бул
поэмада адамдын, анын бардык кыялдары, кайраттуу умтулуулары жана анын
ааламдын чексиз мейкиндиктерин жеңип чыгып, күндүн айланасына жетүүгө
жасаган аракеттери жөнүндө баяндалган. Бул болсо, күңү бүтөөргө аз калган,
жүрөгү эң акыркы жолу күчсүз сого баштаган өлүмдүн кишисинин акылдан
адашкан сайран куруусу болучу. Поэманын салтанаттуу чыккан ритминен
планеталардын дүңгүрөшү, учуп келе жаткан жылдыздардын бири-бирине
урунуп тарсылдаган үндөрү, жалын түстүү булуттардын жарыгы менен
нурданган күңүрт мейкиндиктин арасындагы жылдыз жааттарынын
салгылашууларынын дабыштары угулуп, ал эми бардык ушул көрүнүштөрдүн
арасынан кыйраган бул каардуу жаратылыштан коркуп, жалынычтуу өксүп
даттанган адамдын аянычтуу үнү угулгансып турган эле.
— Мындай укмуш поэма эч качан жазылган эмес, — деди Мартин
булдуруктап, эс учун жыйнагандан кийин. — Эн укмуш! Эң укмуш!
Айран-тан, калам! Мен башымды ийемин! Мына ушул улуу жана чексиз
суроолор эми менин башымдан эч качан кетпейт. Эми бул кол жетпеген нерсеге
жетүү үчүн умтулган адамдын жалынычтуу үнү менин кулагымдан эч качан
кетпейт! Ишениңиз, тим эле, жолборстордун күрүлдөшү менен пилдердин
айкырышынын арасындагы чиркейлердин үнүндөй болуп, ызылдап турат. Бул
ызылдоодон кандайдыр бир канааттанбаган каалоонун бел- гиси угулуп
тургансыйт. Мен мүмкүн, келжиреп жаткандырмын, бирок бул чыгарма мени
чексиз өзүнө тартып алды... Сизби... Мен эмне деп айтарымды билбеймин, сиз чын
эле акылман адам экенсиз. Бирок, сиз муну кантип жаздыңыз? Кантип жаза
алдыңыз?
Мартин өзүнүн бул ашкере мактоосун төмөндөгү сөздү айтуу үчүн гана саал
токтоло калды.
— Мен эми эч качан жазбаймын. Эч качан. Мен көрсө, актай баракты курулай
булгоочу байкуш окшойм. Сиз мага чыныгы чеберлик эмне экендигин
көрсөттүңүз. Жок, сиз акылмандан да артыксыз! Бул баш айлана турган чындык.
Бул көңүлдүн түпкүрүндө сакталуучу чындыктын мазмууну. Сиз жеткен
божомолчусуз, сиз муну түшүнөсүзбү?! Кала берсе, илим дагы сизди четке кага
албайт. Бул космостун темиринен сомдолуп жана сулуулук менен улуулуктун
сурнайынын кубаттуу ыргагынан куюлган чындык. Башка мен эч нерсе дей
албаймын! Мен багындым, баш ийдим! Жок, мен ошондой болсо да бир нерсе
айткым келет: сиз мага бул поэманы бир жерге чыгарууга руксат этпейсизби?
Бриссенден каткырып күлдү.
— Бүткүл христиандык дүйнөдөн ушул сыяктуу нерсени басып чыгара турган
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
  • Büleklär
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 4096
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1923
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4116
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2032
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4219
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1994
    32.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4242
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2001
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 4170
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1818
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 4204
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1914
    30.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4159
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1830
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4140
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1839
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 4066
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1839
    30.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 4088
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1855
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 4142
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1934
    32.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 4198
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1946
    29.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 4163
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1875
    32.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 4152
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1798
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 4146
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1914
    30.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 4051
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1883
    28.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 4192
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1869
    33.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 4075
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1922
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4017
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1845
    29.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3984
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1903
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 4005
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1807
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1890
    31.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3967
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1878
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 4002
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1933
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 3959
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1945
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 4024
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1889
    32.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 4161
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1991
    31.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 4151
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1865
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 4089
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1790
    31.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 4200
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1787
    32.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 4188
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1938
    32.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 2695
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1131
    36.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    56.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.