Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06

Süzlärneñ gomumi sanı 4204
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1914
30.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
50.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
— Менин ага-энем өлүп калышкан. Менин бир эжем, бир карындашым бар:
бирөө күйөөгө чыккан, экинчиси күйөөгө калыбы, жакында чыгыш керек. Эркектен бир топ барбыз, мен эң кичүүсүмүн, бирок алар эч кимге, эч качан жардам
беришкен эмес. Ар кимиси өзүнчө бакыт издеп төгөрөктүн төрт бурчуна
кыдырып кетишкен. Эң улуу агам Индиядан өлгөн. Экөө азыр Түштүк Африкада
— бирөө кит улоочу кемеде, ал эми экинчиси болсо көчмө цирк менен кыдырып
элге оюн көрсөтүп жүрөт. Ал трапецияда акробат болуп иштейт. Мына мен дагы
ошолордоймун. Апам өлгөндөн бери он бир жашымдан тартып өзүмдү-өзүм жан
сактатып келе жатамын. Мына ушинтип, бардык нерсеге мен өз күчүм менен гана
жетишим керек. Бир гана эмнеден башташ керек экендигин билгим келет.
— Сиз биринчиден тилди үйрөнүшүңүз керек. Сиз кээ бир учурларда оюңузду
(ал «өтө орой» деп айткысы келди эле, бирок карманып калды) анчалык туура
эмес баяндайсыз.
Мартиндин чеке тери чыга түштү.
— Ооба, кээде мен сизге түшүнүксүз сөздөрдөн да айтып жиберип жатам.
Бирок мен ушул сөздөрдүн кандай айтылышын билемин. Эсимде китептен
үйрөнгөн кээ бир сөздөр бар, бирок мен алардын кандайча айтылышын
билбеймин, ошондуктан аларды пайдалангым келбейт.
— Кеп бул жерде жалаң гана сөздө эмес, жалпы сүйлөм тизмегинде. Сизге
ачык эле айтайынбы? Сиз мага таарынбайсызбы?
— Жок, жок! — деди таң кала түшүп, ичинен кең пейилдигине рахмат
айткандай. — Аябаңыз! Мындай сынды башкалардан уккандан көрө, сизден
укканым жакшыраак!
— Эми угуп туруңуз. Эмне керек болсо сиз анын бардыгын грамматикадан
табасыз. Мен сиздин сүйлөгөн сөздөрүңүздөн бир далайын белгилеп койдум,
аларды экинчи жолу кайталабаска аракет кылуу керек. Мен сизге азыр
грамматиканы алып келип берем.
Руфь ордунан туруп өйдө болгондо, Мартиндин оюна китептен жаттаган
этикет жөнүндө бир эреже эсине түшө калып, ал да эпсиз козголуп, ордунан кошо
тура калды жана ошол замат Руфь кокус кеткени жатабы деп ойлобосун деп
чочуй да түштү.
Руфь грамматиканы алып келип, өзүнүн стулун Мартинге жакын жылдырып
койду, бирок Мартин ушул жерден да өзүнүн этиятсыздыкты кетиргендигине
өкүнүп, кап стулду жылдырып кичи пейилдик көрсөтсөм болмок экен деп калды.
Руфь китепти ачын экөөнүн башы жакындаша түштү. Бул жакындашуу Мартинди
ушунчалык толкундатып жибергендиктен, Руфтун түшүндүрүп жаткандарынын
артынан ой жүгүртүп отуруу өтө кыйын болду. Бирок Руфь жактоонун сырын
түшүндүрө баштаганда, Мартин дүйнөдөгүнүн бардыгын унутуп жибергенсиди.
Ал эч качан жактоо жөнүндө уккан эмес жана сөздүн сырдуу закону менен бул
биринчи жолку таанышкандагы аны аябай таң калтырды. Ал китепти көздөй
эңкейгенде Руфтун чачтары күтүлбөгөн жерден анын бетине тийип кеткендей
болду.
Мартин өмүрүндө эс-учун бир жолу гана жоготкон болучу, азыр болсо ал дагы
экинчи жолу кайталанат го деген ойго кетти. Анын деми кыстыгып, жүрөгү
кабынан чыгып кетчүдөй болуп катуу сого баштады. Эч качан ага Руфь
азыркыдай, кадимки өз колунда тургандагыдай сезилген эмес. Алардын ортосун
бөлүп турган асман менен жердей аралыкты көз ирмемге бириктире салган
кандайдыр бир көпүрө пайда боло түшкөнсүдү. Бирок Мартиндин толкунданган
сезими мындан басаңдаган жок. Руфь бул тепкич менен Мартинди көздөй ылдый
түшүп келбеди. Мартин булуттан бийик көтөрүлүп, Руфка өзү жакын барды.
Анын сүйүүсү мурункудай эле диний урматтоолорго жык толгон болучу. Ага
качанкы бир чиркөөнүн ыйык олуя-бүбүсүнө кирип баргандай жана кокус бир
жериңе тийип кетсе, кадимки электр зарядындай таасир этишинен сактануу үчүн
башын акырын бир аз артка алыстатты. Бирок, Руфь эч нерсени байкаган жок.
VIII ГЛАВА
Арадан көп жумалар өтүп, Мартин Иден грамматиканы окуп, сылык сүйлөө
боюнча көрсөтмөлөргө көз жүгүртүп жана аны өзүнө тартып кызыктырган ар бир
китепке берилгендик менен көңүл буруп чыкты. Ал өзүнүн мурдагы чөйрөсүнөн
тап-такыр алыстап кетти. Мына ошондуктан «Лотостогу» жашоочу кыздар
Мартинге эмне болгонун билишпей, Джимди чарчатып. андан ал жөнүндө
кайта-кайта сурай беришти, ал эми кээ бир балдар болсо, Мартиндин Райлиге
мелдешке келбей калгандыгына жакшы болду дешип өтө кубанышты. Ал
китепкананын казынасынан дагы бир кымбат баалуу табылганы ачты.
Грамматика ага тилдин негизин ачып бергендей, бул жаңы китеп дагы ага
поэзиянын негизги эрежелерин түшүндүрдү. Ал метрди, форманы жана ырдын
түзүлүш закондорун окуп, өзүн ушунчалык толкундаткан сулуулук кантип
түзүлгөндүгүн туюнду. Китептеги эң жаңы бир көз караш, поэзияны сүрөт тартуу
өнөрү менен катар салыштырып, андагы теориялары адабияттык эң мыкты
үлгүлөргө таянуу менен бекемделип көрсөтүлгөн. Мартин бир дагы романды
мынчалык кызыгып окуп чыккан эмес. Илимди каалоо менен азгырылган анын.
жаш жана толук акылы, бардыгын катардагы студенттерге караганда зор
активдүүлүк жана тездик менен өздөштүрө баштады.
Мартин өзүнө ачык белгилүү дүйнөгө — алыскы өлкөлөр, деңиздер, кемелер,
суучулдар жана эркектерге окшогон аялдар дүйнөсүнө көз жибергенде, — бул
дүйнө ага өтө тар болуп көрүндү; ал эми кандайдыр бир таасир менен Мартин
өзүнүн бет алдынан жаңыдан ачылган кең дүйнө менен кездешкендей боло
түштү. Анын ой-санаа менен акылы ар качан бирдиктүүлүккө жана ынтымакты
көздөй умтулуучу; бирок алды менен бул эки дүйнөнүн ортосундагы
байланышты жакындаштырып келгенде, эмнегедир таң кала түштү. Ал китептен
үйрөнгөн өзүнүн жогорку сезимдери жана ойлорунун таасири менен эски
дүйнөнү бийиктиктен карай баштады. Ал азыр Руфь, анын ата-энеси жана бир
туугандары, жогорку чөйрөгө таандык болгон бардык башка аялдар жана бардык
эркектер бул жогорулаган ойлордун образын өз ара бөлүшөрүнө жана алардын
өздөрү да бул образ менен бирге жашай тургандыктарына терең ишенди. Бул
убакка чейин ал кандайдыр бир баткак сазда жашап келген жана азыр андан
тазаланып, жогорку чөйрөгө көтөрүлгүсү келди. Алда качан анын жаш чагында
эле аны кандайдыр бир бүдөмүк сезимдер бирде капалантып, бирде кубантып
жиберүүчү, бирок, ал Руфка жолукканга чейин бул сезим эмне деген сезим
экендигин такыр билген эмес. Азыр болсо анын кайгысы андан да ашынып жана
жанды кейитип турду. Эми ал мунун себеби — терең акылдуулукту, сулуулукту
жана сүйүүнү эңсегендигинде экендигине ачык түшүндү.
Өткөн жумалардын ичинде ал Руфь менен алты жолу жолугушту жана бул ар
бир жолугушуу анын көңүлүн бийик көтөрбөй койгон жок. Руфь Мартиндин
тилин жана сөздөрдү туура эмес айтышын оңдоп, ага арифметиканы да үйрөтө
баштады. Бирок алардын аңгемелери бир гана окуу китептери менен чектелип
калган жок. Мартин турмуштан көптү көргөндүктөн, анын акылы өтө такшалып
калган эле, ошондуктан бөлчөктөрдү бөлүү чарчы тамырларды чыгаруу,
сүйлөмдөрдү баш мүчөлөргө ажыратуу жана этиштин жакталыштарын гана
билүү аны канааттандыра албады. Кээде алардын аңгемелери тап-такыр башка
темага да келип такала турган, — алар Мартиндин азыр эле окуп чыккан ырлары
жөнүндө жана Руфь өзү окуп, үйрөнүп жаткан акыны жөнүндө аңгемелешишти.
Руфь ага өзүнүн сүйгөн ырларынын саптарынан Мартинге окуп бергенде, ал
чексиз жыргалданууну сезгендей болду. Ал эч качан мындай назик үндү уккан
эмес. Руфтун сөзүнүн ар бир тамгасынан анын жаш сүйүүсүнүн гүлү ачылгандай
ар бир сөзү анын делебесин козгоп жибергендей болду; Бул үндө токтоолук да
жана музыкалуулук да, — маданияттын улуу, бай жемиш жана көңүлдүн эң
жогорку жыргалдануусу да бар эле. Руфтун үнүн тыңшап олтуруп, эрксизден ал
жапайы тукумдан чыккан орой, порттордогу бузулган аялдарды жана
фабрикадагы жумушчу аялдардын кыйкырып, уятсыз шалпыган сөздөрүн эсине
түшүрдү. Мына ушул замат анын көз алдынан бул аялдардын зор тизмеги чубап
өтүп жана алар менен салыштырганда сулуулук менен тазалыкка чексиз
бөлүнгөн. Руфтун айланасы дагы ого бетер көздүн курчун алгандай кооздук
менен жана баштагансыды. Ал жалаң гана Руфтун үнүн угууга гана куштар болуп
тим болбостон, Руфтун өзү окуп жаткандарын жакшы билгендигине жана ойдун
поэзиялык мазмунуна жандуу мамиле кыла тургандыгына өтө чексиз кубана
турган. Руфь ага «Хан кызынан» бир канча жолу окуп берип, өзү дагы көз жашын
кармай албай ыйлап жиберүчү. Бул анын сулуулукту ушунчалык назик кабыл
алган кыз экендигин айкындап турду. Бул минутада Мартин өзүн дүйнөнүн эн
бийик чокусуна чыгып, бүткүл дүйнө анын алаканында тургандай сезди жана
Руфтун жүзүнө көз жиберип, назик үнүн угуп тургандыктан, анын бардык
жашырын сырларын толук туюнгансыды. Мартин бул зор бийиктикке жетип
жана мунун сүйүү экендигин тү- шүнө баштады, ал эми сүйүү болсо дүйнөдөгү эн
улуу сезим болучу. Мына азыр анын көз алдынан качандыр бир кезде сезген
бардык кубанычтары чубап өткөнсүдү: — мас болуу, аялдардын эркелеткендери,
оюн-тамашалар, күчтүүлүктүн кайраты, — бирок, мына ушунун бардыгы тең,
азыр ал сезип турган сезимдер менен салыштырганда арсыз, чексиз одоно жана
олокосуз боло түштү. Руфь бул окуяларга эч көңүл бурган жок. Анын сүйүү
жагынан тажрыйбасы али жок болучу. Билген- деринин көпчүлүгү көбүнчө
күндөлүк турмушту кооздоп, ашындырып көрсөткөн анын окуган китебинен
алынган жана ал жөнөкөй суучул жаш жүрөгүн чексиз бийлеп, делебесин козгоп,
бүткүл кыялын өзүнө багындырып алат деп эч качан ойлогон да эмес эле. Ал
чындыгында сүйүү жалыны кандай экендигин да билген эмес. Анын бардык
элестөөлөрү баштан аяк теориялык негизде түзүлгөн «сүйүү» деген сөз ага асман
жылдызынын кыска убакытка нурданышын, деңиздин тынч бетиндеги майда
толкундарды жана жайдын жум- шак таңындагы шүүдүрүмдөрдү баяндап тура
турган. Сүйүү ага эми адамдардын ортосундагы эң назик байланыш, сүйгөн
адамына чексиз кызмат кылуу, жыт аңкыган гүл бакчада сүйгөнү менен ээн
олтуруп чын жүрөктөн сыр чечишүү болуп сезилди. Ал сүйүүнүн вулкан сыяктуу
күчүн да жана кээде анын жүрөктү өрттөп, ысык жалынга матырган азаптуу
жактарын да сезип турду. Ал жалаң дүйнөдөгү эмес — өзүнүн жаш денесинде
катылып жаткан зор күч жөнүндө да эч нерсе биле элек; ал эми турмуштун ички
сырлары анын таттуу кыялдарынын күңүрт көлөкөсүнүн аркасында жоголуп
жаткансыды. Ал үчүн өз атасы менен энесинин никелик жакындыгы — сүйүшкөн
адамдардын кошулуусунун идеялык болучу жана ал эч кандай камырабастык
менен келечектин кайсы бир күнү бул сыяктуу никелүү жакындык — сүйгөн
адамы менен анын турмушуна да эч кандай толкундануусуз жана коркунучсуз эле
боло тургандыгын күттү.
Мына ушинтип, ал Мартин Иденди — кандайдыр бир таң каларлык
жаңылыкка, өзгөчө укмуштуу жандыкка карагансып тиктеп турду да, анан
эртеден берки делебесин козгоп жаткан күчтүү сезимдер ушунун эле таасири деп
жоруп койду. Бул табийгый нерсе эле. Мындай сезимди ал айбанканадан жапайы
айбандарды көрүп жаткан кезде да жана бороон болуп, чагылгандын жарк
эткенин көргөндө да сезген. Бул болсо, албетте, ааламдагы кубулуштардын эле
бири, ал эми ушундай эле ааламдык нерсе Мартинден да сезилип турат. Ал ага
деңиздин салкын абасын, жер шарынын көз жеткис зор мейкиндиктерин тартуу
кылгандай болду. Анын жүздөрүндө тропикалык ысык күндүн нурунун белгиси,
ал эми чоюндай бек булчуңдарында болсо, адепки коомдогу адамдардын күчү
элестеп турду. Анын тулку-боюнда Руфь өмүрүндө укпаган чоочун өлкөнүн таш
боор жана аябаган ээн баш адамдары менен мушташа кетүүдөн пайда болгон
тырыктары даана көрүнүп турат. Бул жигит Руфь үчүн али үйрөтүлө элек көк
торпок сыяктуу болуп көрүндү жана ушул жигит өзүн чексиз сүйүп калгандыгын
өтө жактырды. Ал бул тентек жигитти тарбияга көндүргүсү келди. Руфь
мыктылыктын үлгүсүн көрсөткөн адам деп эсептеген, дал өзүнүн атасындай
кылып бул баланы тарбиялоону өтө каалагандыгы көңүлүнө эрксизден уюй
түштү. Ал өзүнүн түшүнбөстүгүнөн, жүрөгүндөгү Мартин козгогон ааламды
кыдырткан сезимдердин чыныгы сүйүү экендигин түшүнгөн да жок, бул жеңүүгө
мүмкүн болбогон сезим болсо, эркек менен аялды нечен тоскоолдуктар аркылуу,
бири-бирин көздөй умтулдурат, бугуларды жүгүргөн кезинде бири-бирин жара
сүздүрөт жана бардык жандуу нерселерге кошулууну эңсетет эмеспи.
Мартиндин тез өсүшү аны аябай таң калтырып жана көңүлүн бурду. Ал
башынан эле болжоп жүргөн Мартиндин ички сапаттарынын мыкты жактарын
азыр ачык- айкын көргөндөй болду жана ал сапаттар күндөн-күнгө ыңгайлуу
шартта өскөн гүл сыңары көркүн ача баштады. Руфь ага үнүн чыгарып,
Броунингди окуп берип жана түшүнүксүз жерлери учурай калганда, анын
билгендик менен талкуулагандыгына кээде таң кала түшүп жатты. Ал,
Мартиндин турмушту жана адамдарды жакшы билгендикке негизделген
талкуулары көпчүлүк учурларда аныкынан бир кыйла туурараак болуп
жаткандыгын түшүнгөн жок. Кээде аны Мартиндин жылдыздан ары учкан
кыялынын эргиши кызыктырганы менен, кээде анын талкуулоолору ага аңкоо
сыяктуу көрүнүп, жакпай да жатты. Андан кийин Руфь ага музыка ойноп берди,
музыканын назик үндөрү Мартиндин бүткүл ички дүйнөсүн аралап өткөнсүдү,
Руфь муну баалай да албады. Мартин музыканын үнүн уккан сайын кадимки
гүлдөр күндүн нуруна ачыла баштаган сыяктуу көңүлү жашарып, жаш кыялы
эргигендей болду, мурдагы майда ритмдерди жана джаздар музыкасынын
кулакты тундурган жагымсыз үндөрүн тез эле унутуп, Руфтун сүйгөн
классикалык репертуарын баалай баштады. Ал Вагнерге карата кандайдыр бир
жакшы сезимде болду жана «Тангейзерге» увертюра, айрыкча Руфь ал жөнүндө
айтып түшүндүргөндөн кийин ага ого бетер күчтүү жакты. Бул увертюра ага өзү
жөнүндө жазылгандай сезилип кетти. Анын өткөн күндөрү ага Венериндин үңкүр
жөнүндөгү темасында айкын-ачык берилген эле, а Руфту болсо ал ажылардын
хору менен байланыштырды; мына ушинтип вагнердик обондор анын кыялын
жакшылык менен жамандык түбөлүк күрөш жүргүзүп жаткан ай-ааламдын
асманына көтөрүп кеткенсиди.
Мартин ага татаал суроолорду жаадыргандыктан, кээде ал музыканы туура
эмес түшүнөт окшойм дегендей да ойлорго келе калып жатты. Бирок ал ырдаган
кезде, Мартин ага эч нерсе деп суроо берген жок. Мартин андан кулагын албай,
телмире тиктеп угуп олтурду жана кайрадан анын көз алдына фабрикалык
кыздардын чыйылдаган ачуу үндөрү, порттордогу аракканаларда ажаандуу мас
аялдардын үндөрү чыкпаса да чуулдашкандары элестей түшүп жатты. Руфь ага
роялда ойноп жана ырдап бергенди жакшы көрдү. Ал биринчи жолу ушундай
тыкан, ийкемдүү адам менен мамиле кылгандыгына кубанып жана бул адамды
тарбия жолуна салууну колуна алгандыгына өтө сүйүндү. Ал бул ишти колуна өзү
алынгандыгына дагы ыраазы болуп, аны аткарууга бөтөнчө дилгирдик менен
кирише баштады. Баарынан да ал Мартиндин жанында тургандыгына ажары
аябай ачылып турду. Мартинден ал чочулабады. Алды менен ал чындыгында эле
анын тынчы жок жүрөгүнө саал коркунуч туудурган болучу, ал эми азыр болсо, ал
коркунуч тарап кеткенсиди. Ал эмнегедир эрксизден өзүн ага жакын сезе
баштады. Башка жагынан да Мартин Руфка жандуу таасир көрсөтпөй койгон жок.
Руфь университетте сабакты көп окучу, ошондуктан ага кээде китептин чаңын
жутуудан эс алып, Мартиндин өзү менен кошо ала келген деңизинин салкын
абасынан дем алып туруу да ага пайдалуу болду. Күч! Ооба, ага күч керек болчу
жана Мартин өзүнүн күчүнөн ага бөлүштүрүүнү аяган жок. Жок, ал эч качан аямак
эмес. Мартин менен бир бөлмөдө бирге олтуруу, аны эшиктин алдынан тосуп
алуу, мына ушунун баары көп нерсени түшүндүрүп турган. Мартин кетери менен
Руфь сабагын даярдоого эки эселенген күч менен кирише баштады.
Руфь Броунингди өтө жакшы биле турган, ошондой болсо да, адамдын ички
сыры менен ойноо өтө коркунучтуу экендигин ал эч качан ойлогон эмес. Ал
Мартинге канчалык кызыккан сайын, ошончолук ал анын турмушун өзгөртүүнү
каалады.
— Мына мистер Бэтлерди алып көрүңүз, — деди бир күнү Руфь грамматика,
арифметика жана поэзия жөнүндөгү аңгемени аяктап жатып, — эң алды менен
бул адам да далай тоскоолдуктарга учураган. Анын атасы казынанын кассири
болуп иштеп, бир нече жыл бою ооруп, акырында кургак учуктан Аризондо каза
тапкан, мына ошентип, мистер Бэтлер, — анын аты Чарльз Бэтлер — тап-такыр
жалгыз калган. Анын атасынын чыккан теги австриялык, бирок анын
Калифорнияда жакын туугандары жок эле. Басмаканага кирип иштеп, — бул
жөнүндө ал мага өзү бир нече жолу айтып берген, — алгачкы учурларда
жумасына үч доллардан иштеп тапкан. Ал эми азыр болсо, ал жылына отуз миңге
чейин иштеп табат. Ал кантип буга жетишти? Ал — ак ниет- түү, күжүрмөн,
жыйнак-тернектүү бүйрө жигит боло турган. Жаштар аябай кызыга турган
оюн-шоок, тамаша сайрандоолордон ал баш тартып койгон. Ал өзүнө өзү катуу
шерт кылып, эреже катарында жума сайын жок дегенде азыраактан болсо дагы,
акчасынан чогултуп жүрүүнү чечкен. Албетте, көп узабай эле ал үч доллардан
ашык иштеп таба баштады жана кирешеси көбөйгөн сайын анын жыйган акчасы
да көбөйө берди. Ал күндүз иштеп, жумуштан кийин кечки мектепке барып
жүрдү. Келечек жөнүндө абдан көп ойлоно турган. Андан кийин ал кечки курска
да катыша баштады. Он жети жашында тамга терүүчү болуп иштеп, жакшы эле
иштеп таба турган болду, бирок ал атак-даңкты өтө сүйө турган. Өз келечегин
түбөлүк жалан гана нан менен эмес, мансап менен да камсыз кылууну эңсеп, ал
бул үчүн кандай гана кыйынчылыктар болбосун каршы барууга да даяр эле. Ал
адвокат болууну каалап, ойлоп көрүңүзчү, жумасына төрт доллар акыга макул
болуп, менин атамдын мекемесине кагаз ташыгыч болуп кирди.
Бүйрөлүккө абдан машыккандай үйрөнүп, төрт долларынан да арттырып,
жыйып жүргөн акчасынын үстүнө кошуп коюп жүрдү.
Руфь бир аз эс алгандай токтоло түшүп, өзүнүн аңгемесин Мартин кандай
кабыл алып жаткандыгын байкады. Анын жүзү мистер Бэтлердин тагдырына
кызыккандай нурданганы менен кабагы саал жыйрылгансып көрүндү.
— Чын эле, оор болуптур ага, — деди ал, — жумасына төрт доллар деген эмне!
Курсагына да жеткен эместир. Мына мен жатаканам менен тамагым үчүн
жумасына беш доллардан төлөп турамын, ошондо да турмуш абалым жакшы
эмес. Ал байкуштун көргөн күнү түшүнүктүү. Ичкен тамагы балким, иттикинен да
жаман болгон чыгаар...
— Ал керосинкада өзүнө өзү тамак даярдап ишчү, — деп Руфь анын сөзүн
бөлүп кетти.
— Менимче, ал балык улоочу кемедеги суучулдардан да жаман тамактанса
керек, эгерде ошондой болсо, иши таза бүткөн экен шордуунун...
— Бирок ойлоп көрүңүзчү, ал азыр кандай турмушка жетишти дейсиз! — деп
Руфь толкунданганынан кыйкырып жиберди. — Ал азыр жаш кездериндеги
көргөн бардык азаптарын эки эселеп жандыра алат!
Мартин Руфту көздөй сурдангандай карады.
— Сиз, мен сизге эмне деп айткым келип тургандыгын билесизби, — деди
Мартин каршы болуп, — кантип эле сиздин мистер Бэтлериңиз азыр сонун
турмушта жашап жаткандыр дейсиз. Ал өткөн бардык мурдагы жылдарда жакшы
тамак ичпей, өтө начар тамактанып келген болсо, демек анын ашказаны азыр эч
нерсеге жарабай, бузулуп калгандыр деп ойлоого да болот.
Руфь Мартиндин көз карашына тигилип карай албай, көздөрүн башка жакка
буруп кетти.
— Мелдешип коёюн, эгерде анын катар оорусу жок болсо...
— Бар, — деди Руфь сөзүн тез бөлүп, — бирок...
— А мүмкүн, — деди Мартин сөзүн улантып, — ал азыр картаң үкүдөй
көңүлсүз жана ачуулудур, ага бул отуз миңден эч кандай кубаныч жоктур.
Мүмкүн айланасындагылардын көңүл ачып, оюн-шоок кургандыгын ал
жактырбас. Ушундайбы же мындай эмеспи?
Руфь ошондой дегендей башын ийкеп жана мындай деп түшүндүргүсү келди:
— Бирок ага оюн-шооктун кереги жок. Анын башы- нан бери эле мүнөзү
ошондой түнт жана туюк. Ал ар дайым ушундай болуп жүрөт.
— Антип жүрбөгөндө, кантип жүрмөк эле! — деди Мартин, — алганы
жумасына үч-төрт доллар болсо! Анан калса ал, акчасынан эптеп-септеп
арттырып, чогултуп, да жүрөт экен. Күндүз иштеп, кечкисин окуса, окуу менен
иштен башка, эч бир көңүл ачуу дегенди билбесе, кандай деген оокат, турмуш
аныкы! Эх-э! Ал бул отуз миңге өтө кеч жеткен экен.
Мартиндин өтө ийкемдүү элестетүүсү ушул замат бүйрө жана камкор
жигиттин бүткүл өмүрүн ийне-жибине чейин жана акырында жылдык кирешеси
аны отуз миңге алып келген турмуштун ичке жана тар жолун көз алдына
айкын-ачык сүрөттөп турду. Чарльз Бэтлердин бардык ою жана аракети
Мартинге телескоп аркылуу карап тургандай даана көрүндү.
— Сиз билесизби, — деди ал, — менин мистер Бэтлерге боорум ачып турат. Ал
башта жаш болуп, билбестик менен өз өмүрүн өзү кыйыптыр, мына эми, отуз
миңге жеткени менен, бакытка жетти бекен? Азыр ал бул отуз миңге, мурда бала
кезинде он центке сатып ала турган нерсесин да сатып ала албастыр, — айталык,
кандайдыр бир набат, момпосуйду же жаңгакты же болбосо театрдын билетин!
Бул сыяктуу талкуулоо Руфту, албетте таң калтыр- бай койгон жок. Бул Руфь
үчүн жалаң гана тап-такыр жаңы нерсе, — анын көз караштарына туура келбеген
гана нерсе болбостон, ал ушунун өзүнөн дүйнөгө карата болгон өз көз карашын
түп-тамырынан бери өзгөртүүнү талап кыла турган коркунучтуу чындыктын
бүдөмүк учкундарын сезип да турду. Эгерде ал азыр жыйырма төрттө болбой он
төрттө болгон болсо, анда
мүмкүн Мартиндин таасиринен өзүнүн көз карашын өзгөртмөк. Бирок ал азыр
жыйырма төрттө, ага дагы кошумча ал эски көз карашчыл, ал эми, анын алган
тарбиясы болсо, анын өсүп чоңойгон чөйрөсүнүн турмушу менен жаны бир.
(Чындыгында кээде, Мартиндин таң каларлык ой жүгүртүүлөрү сүйлөшүп
жаткан учурларда Руфту ыңгайсыздандырып да жибере турган, бирок Руфь муну
анын жеке мүнөзүнө жана тагдырына таандык деп түшүнүп жана аны тезирээк
унутууга аракет кыла турган. Ошентип Руфь аны менен ичинен макул болгону
менен, сыртынан анын сүйлөп жаткандагы сөздөрүнүн ишендирүү күчүнө,
көздөрүнүн нурданышына жана жүздөрүнүн олуттуулугуна магниттей тартылып
турду. Анын үстүнө Руфь, бул өзүнүн чөйрөсүнөн тыш жактан келген адам кээде
ушунчалык терең жана барып турган акыл-эстүү ойду айта алат деп тап-такыр
ойлогон да эмес эле. Руфь өз акыл-эсинин азыркы чегин — жеткен чек деп
эсептеген; бирок кыска ойлуу адам гана башкаларды чолок ойлойт деп эсептөөгө
жөндөмдүү эмеспи. Мына ушинтип, Руфь өзүнүн акыл-эсин, дүйнөгө көз карашын
эң терең көз караш деп саноочу жана Мартин экөөнүн ортосундагы идеялык
пикир узатышпоолор — дал ушундан келип чыкты деп түшүнүп, Мартиндин
дүйнөгө көз карашын, мамилесин дал өзүнүкүндөй кылууга, анын сезимин дал
өзүнүкүндөй деңгээлге жеткирүүгө кумардануу менен ашыкты.
— Мен али өзүмдүн аңгемемди аягына чейин айтып бүтүрө элекмин, — деди
Руфь. — Ал атамдын айтуусуна караганда, чанда кишилердин иштегениндей зор
шыктануу жана умтулуу менен иштеген адам. Мистер Бэтлер ар дайым эмгекке
чоң жөндөмдүүлүгү менен айырмалануучу. Ал кызматка эч качан кечикчү да эмес
жана ал турсун ишке дайым эртерээк да келе турган. Ошондой болсо да, ал куулук
кылып убактысын үнөмдөй билүүгө көнүккөн. Бош мезгилин дайыма окууга
жумшачу. Ал бухгалтерлик менен машинкада басканды үйрөнүп, стенография
боюнча сабак алып жүрдү жана ага төлөө үчүн тажрыйба жактан муктаж соттун
бир репортёруна жалданып иштеп, түнкүсүн кагаздарын үн чыгарып окуп
берүүгө чейин макул болгон. Ал тез эле кат ташуучудан контордо иштөөгө өтүп,
өз алдынча эч ким менен алмаштырылгыс кызматчы болуп чыга келди. Атам аны
толук жактырып, анын зор келе- чектүү адам экендигине чоң баа берген. Ал
менин атамдын кеңеши боюнча юридикалык мектепке кирип, аны жакшы
бүтүрүп чыгып, адвокат деген кесипке ээ болуп, атамдын мекемесине кайра
келип анын кенже шериги болуп иштеп калды. Ал өтө көрүнүктүү адам боло
турган. Бир нече жолу Кошмо Штаттардын сенатындагы алар сунуш кылган
орундардан да баш тарткан, эгер антпеген болсо, эмгиче ал азыр жогорку соттун
мүчөсү да болуп калмак. Мындай турмуш биздин бардыгыбызды шыктандырууга
тийиш. Мунун өзү эрктүү жана чыдамдуу адам турмуштагы бардык сонун
нерселерге жетиши мүмкүн экендигин ашыкча далилдеп олтурат!
— Туура, чындыгында эле ал көрүнүктүү адам экен, — деп чын жүрөгүнөн
Мартин макул болду.
Ошондой болсо да, бул аңгемеде Мартиндин сулуулук жана турмуш жөнүндөгү
түшүнүгүнө кошпогон көп жерлери болуп кеткенсиди. Ал мистер Бэтлер эмненин
айынан башынан мындай бардык азап-тозокторду өткөрүп жүргөнүн толук
түшүнө албады. Эгерде ал булардын бардыгын кызды сүйгөндүктөн, ага чексиз
берилгендиктен же болбосо, кооздукка суктангандыктан жасаган болсо, анда
Мартинге түшүнүктүү болот эле. Эгерде сүйүүгө берилген жаш жигит болсо,
жылына отуз миң үчүн жанын кыйбастан, куштарланган кызын бир сүйүп, анан
өлсө арманы жок болбойт беле? Мартин мистер Бэтлердин мансабынан
өкүнүчтүү бир нерсени сезгендей, ага толкуган да, суктанган да жок. Отуз миң
доллар бул албетте жаман эмес дечи, бирок анын аш казанынын бузулуп жана
турмушка болгон кубанычын жоготуп койгондон кийин анын ага эмне кереги
бар?
Мартин бул өз оюнун көпчүлүгүн Руфка баяндап жана ошонун өзү менен
Руфтун, аны кайра тарбиялоо керек деген пикирин ого бетер курчутту. Руфь
болсо, өзүнүн чөйрөсүнө таандык бардык адамдардай эле, өздөрүнүн гана расасы,
дини жана саясий көз караштары жакшы жана туура, ал эми дүйнөнүн бардык
булуң-бурчунда жашап жаткан калган башка адамзат боло турган болсо, бизден
кем жана төмөн турат дегендей сандырак ой жүргүзө турган. Бул болсо, байыркы
замандагы еврей сыяктуу өзүн аял кылып жаратпагандыгы
үчүн кудайга рахмат айткан жана азыр миссионерлерди бүткүл дүйнөгө жиберип,
өз кудайына болгон ишенимин башкаларга таратууга аракеттенген чолок
ойлуулуктун өзү болучу. Ушул чолок ой, Руфту дагы эле, бул турмуштун
тап-такыр башка шартында өскөн адамдарды кандай гана болбосун колго алып,
аны дал өз чөйрөсүндөгү адамдардай кылып, кайрадан тарбиялоону катуу
саматтырып жана эңсеттирип жатты.
IX ГЛАВА
Руфту аябай сагынып калган Мартин Иден сүзүүдөн кайтары менен
Калифорнияны көздөй шашып жөнөдү. Ал мындан сегиз ай мурун бардык акчасы
зарп болгондон кийин, Соломондордун аралдарынын бир жерине көмүлгөн
казынаны издөөгө жолго чыккан кемеге жалданып жөнөп кеткен. Көп аракеттер
жумшаган менен, натыйжасыз болуп чыккандан кийин, акырында бул казынаны
издөө токтотулган. Экспедиция суучулдар менен Австралияда эсеп-кысабын
бүтүргөндөн кийин, Мартин тез эле Сан-Франциского жөнөөчү кемеге дагы
жалданып түшкөн. Бул сегиз айдын ичинде ал кургактыкта көпкө чейин
кармалууга жеткидей көп акча гана иштеп таппастан, ал өзүнүн ишин улантууга
да убакыт табууга үлгүрө алды.
Мартиндин зээндүүлүгү менен табийгатынан аракетчилдиги жана Руфту
берилип сүйгөндүгү, анын алга жылып өсүшүнө түрткү берип жүрдү.
Грамматиканы үйрөнүүнү алдына максат кылып улам кайталап окуу менен,
акырында аны кадимкидей толук өздөштүрүп алды. Ал азыр суучулдардын
сүйлөгөн сөздөрүндөгү каталыктарды сезип жана кыялында алардын одоно жана
туура эмес сүйлөгөн сөздөрүн түзөткөндөй болду. Кала берсе ал өзүнүн угуу
сезиминин да өөрчүп бара жатканын жана ошондой эле грамматикалык
кандайдыр бир жаңы сезгичтиктин пайда боло баштагандыгын өтө кубануу
менен туюнду. Сөздөрдүн ар кандай туура эмес айтылышы же сүйлөнүшү ага өтө
жагымсыз, жат сезиле баштады, бирок ошондой болсо да, өзүнүн көнүмүш адаты
таасирин тийгизип, кээде оозунан ката, туура эмес сөздөр чыгып кеткендигин өзү
да таамай байкап калуучу. Албетте мындай кемчиликтерден таптакыр кол үзүү
үчүн көп-көп убакыттар талап кылынары шексиз.
Ал грамматиканы үйрөнүп салып, эми сөздүккө киришти жана өзүнүн сөз
байлыгына ал күнүнө жыйырмадан сөз кошуп турууну алдына максат кылып
койду. Бул болсо, чындыгында жеңил иш эмес эле, ал вахтада же рулдук
дөңгөлөкчөдө туруп, үйрөнгөн сөздөрүн кайталап, ар бир сөздү даана, так кылып
айтууга өтө тырышып жатты. Ал Руфтун бардык айткан кеп-кеңеш,
акыл-насааттарын эсине түшүрүп жана тез эле аранын ичинде өзүнүн кемедеги
офицерлерден жана тобокелчил адамдардын бардыгынан — финансылап
жүрүшкөн каютадагы жентельмендерден англисче тазараак жана туурараак
сүйлөй баштагандыгына өзү дагы таң калып кетти.
Норвегиялык балык көздүү капитандын жыйган китептеринин арасынан
кокусунан Шекспирдин чыгармаларынын толук жыйнагы табылып калды, ал
калыбы, анын барактарын ачып окубаса да керек. Мартин бул китептердин
ээсинин кир кийимдерин жууп берүүгө макул болуп жатып, араң дегенде кымбат
баалуу бул китептерди пайдаланып турууга руксат алды. Трагедиянын кээ бир
жерлери ага ушунчалык күчтүү жаккандыктан эч бир кыйналуусуз эле аларды
эсине тутуп алып жатты жана бир топко чейин, бүт дүйнө ага елизаветиндик
театрдын образындай жана формасындай элестеп, ал эми анын ойлору болсо,
өзүнөн-өзү кадимки ак ырларга айланып кетип жатты. Бул болсо анын угуу
сезими үчүн пайдасы бар такшалуу болуп калды жана анын тилине эскирген
жана чанда колдонулуучу көп сөз айкалыштарын киргизгени менен аны англис
тилинин асылдыгын таасын баалоого үйрөттү.
Мартин бул сегиз ай убакытты жакшы эле көңүлдүү өткөрдү. Ал туура
ойлоого жана сүйлөөгө үйрөнүп, өзүн-өзү дагы мыктап биле баштады.
Биринчиден ал өзүнүн нааданчылык жактарын салкын кандуулук менен
түшүнүп, экинчиден өзүндө улуу күч жатканын сезип да турду. Ал өзү менен
жолдошторунун ортосунда зор айырмачылык бар экендигин сезди, бирок бул
азыркы эле эмес, келечекте көбүрөөк болушу мүмкүн болгон айырмачылык
экендигин ал толук түшүнө албады. Ал иштегенди анын жолдоштору деле иштей
алышат, бирок анын жүрөгүндө кандайдыр бир күч, сен көбүрөөк нерсеге
жөндөмдүүсүн дегенсип турган эле. Мартин дүйнөнүн кооздугуна өтө таң калуучу
жана ал, Руфь дагы өзү менен бирге бул кооздукка суктанса, берилсе деп самоочу.
Ал Руфка Тынч океандын зордугун баяндап, жазып көрсөткүсү келди. Бул ой
анын чыгармачылык эргүүсүн катуу козгоп, ал дүйнөнүн кооздугун жалгыз Руфь
үчүн гана эмес, бүткүл адамзат үчүн да баяндап бергиси келди. Бул укмуштуудай
жалындануунун соңунан улуу идея пайда боло түштү: ал жазат; бүт дүйнө жүзү
көзү менен көрүп, кулагы менен угуп, кастарлаган адамдардын бири болот. Ал
бардыгын: Шекспир сыяктуу поэзияны да, кара сөздү да, очерктерди жана
пьесаны да жазат. Бул чыныгы мансап, экинчиден мунун өзү — Руфтун жүрөгүн
багындыруунун накта илээси эмеспи. Ал эми жазуучулар болсо — дүйнөнүн зор
алптарынын өзү да, аларга мистер Бэтлер сыяктуу жылына отуз миң алган жана
кааласа, жогорку соттун мүчөсү боло ала турган кемпайлар жетмекке кайда?
Бул идея анын бүткүл аң-сезимин чексиз бийлеп алды жана анын
Сан-Франциского кайра келүүчү сая- каты ага тим эле кадимки түш сыяктуу
болуп көрүндү. Ал өз күчүн сезгендиктен жана бардыгы колунан келе ала
тургандыгын туюнгандыктан мас боло түшкөнсүдү. Кайнаган турмуштан
обочолонуп Улуу океанда сүзүп жүрүүсү ага зор пайда болду. Бул жерден ал
адамдар, турмуш жөнүндө туура жана так ой жүгүртүп, алар жөнүндө эң таамай,
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
  • Büleklär
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 4096
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1923
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4116
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2032
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4219
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1994
    32.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4242
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2001
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 4170
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1818
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 4204
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1914
    30.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4159
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1830
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4140
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1839
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 4066
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1839
    30.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 4088
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1855
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 4142
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1934
    32.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 4198
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1946
    29.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 4163
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1875
    32.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 4152
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1798
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 4146
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1914
    30.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 4051
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1883
    28.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 4192
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1869
    33.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 4075
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1922
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4017
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1845
    29.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3984
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1903
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 4005
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1807
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1890
    31.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3967
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1878
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 4002
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1933
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 3959
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1945
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 4024
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1889
    32.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 4161
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1991
    31.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 4151
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1865
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 4089
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1790
    31.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 4200
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1787
    32.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 4188
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1938
    32.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 2695
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1131
    36.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    56.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.