Latin

Кабуснаме - 13

Total number of words is 3365
Total number of unique words is 1726
29.5 of words are in the 2000 most common words
39.4 of words are in the 5000 most common words
45.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
багыт эмес, бөлөк ишеним. Өзү билбеген китептерди жана илимдерди чанбайт, ага
белгисиз нерсени туура эмес деп да айтпайт. Адепсиз ишке даабайт жана жараткандын
жакшылыгынан үмүт үзбөйт.
Бу айтылган касиеттерге ээ ар бир фатвачы жана момунадам да, жавонмарди да.
Суфийяердин касиеттери
Суфийлердин шарты, эрежеси жана асылзаттыгы жөнүндө алардын кашкөй
устаттары, өзгөчө, устат имам Абулкасым Абдалкарим Кушайри 84 «Суфизмдин
эрежелери жөнүндө кайрылуу» деген китебинде, шейх Абулхасан ал-Мукаддаси
«Пакизалик жөнүндө эмгекте», Абумансур ад-Димишки «Улуулук» деген китебинде,
Али Вахди «Барды далилдөө жөнүндөгү эмгекте» кеңири жазышкан. Эреже башка
шейхтердин китебинде жазылгангандыктан, мен бул китепте тарикаттын эрежесин
толук жазбаймын. Анткени бул китепти жазуудагы менин максатым: сага кеңеш берүү
жана сен үчүн ийгиликке жетүү. Лекин, тарикатты жазган адамдарга кокус кездешип
калсаң, сен аларга жана алар сага жат-чоочун болбосун деп, мен алардын ысымдарын
атап кеттим.
Мен сага бул адамдардын асылзаттыгынын өзгөчөлүгү жөнүндө кеңири жазам,
анткени башына түшкөн кайгыны алар таза жана такыба кабыл алганга умтулушат, бир
да адам анча кайгымуңга дуушар болбойт. Алар өздөрүн элдин эң мыктылары деп
эсептешет. Угушумча, бул жолду биринчи болуп Узейр пайгамбар ачкан экен, жаткан
жери жайлуу болсун; ал өз заманында ушунчалык аруу, пакиза жашап өткөн экен
деңиз, жөөттөр аны кудайдын баласы деп аташыптыр, ооздоруна топурак!
Менин угушумча, пайгамбардын доорунда киркесин берген он эки «суффе адамы»
болуптур. Пайгамбар аларды өтө сыйлап, тез-тез купуя сырлашып турчу экен. Ошон
Абулкасым Абдалкарим ибн Хавазин ал-Кушайри (986-1074) белгилүү
суфий шейхи.
үчүн бул адамдарга асылзат болуу башкаларга салыштырганда татаал болгон. Алардын
асылзаттыгы
эки
түргө
бөлүнөт:
бири
бакыр
сопуларга
таандык,
экинчиси-сүйүшкөндөргө. Мен бул экөөнө тең токтолоюн. Эгер билсең, нукура
дервиштик-бул бар дүнүйөдөн кол жубуу, анткени, мүлктөн баш тартуу жана Алланын
бирлиги жөнүндөгү окуу суфизмдин түпкү маңызы.
Икая
Мен укканга караганда, бир курдай эки сопу жолдо баратыптыр. Бирөөсүнүн
жанында сокур тыйыны жок экен, экинчисинде беш динары болот. Жакыр сопу кайда
барбасын тайманбайт, өзүн коопсуз сезет, коркунучтуу жайларда камырабай уктайт,
көңүлү каалагандай шатма-шат жүрөт. Беш динары бар сопу түнкүсүн коркуп уктабайт,
бирок шеригин таштабайт. Алар кыдырып жүрүп, өтө коркунучтуу тогуз жолдун
тоомундагы кудукка келишет. Акчасыз сопу тамак жегенден кийин ширин уйкуга кирет,
акчалуу сопунун уктаганга жүрөгү даабайт да, өзүнчө:"Эмне кылсам? Беш алтын
динарым бар, бул жер коркунучтуу жай болсо. Сен уктап калдың, а менде уйку жок.
Уктай да албаймын, кетип да кала албайм,"деп күбүрөнөт. Муну эшиткен пулсуз сопу:
"Беш динарыңды мага бер," десе, шериги динарды берет. Ал динарды кудукка
ыргытып жиберет да:"Эми сен кутулдуң! Тынч укта же отур, жардынын сепили жез
деген," дептир.
Ошентип, бардык шейхтердин аныктоосу боюнча суфизм үч нерседен турат:
мал-мүлкү жоктук, өзүнү кудайга тапшыруу жана бекем ишеним. Эгер сен баарына бир
көз менен карасаң, жамандыктан алыс болосуң бардык иштерде сага тоскоолдук болбойт, себеби сен тарикаттын маңызына жеткенсиң. Ошондуктан, дервиш ар
дайым кудайга моюн сунуп, ойлоруну бир тууганы жана өзүдөн башка эч бир агай
инилерине ачпоого тийиш. Бир тууганынын кызганычы дайыма эмне үчүн менин бир
тууганым менден жакшы эмес деген суроого багытталып, өзүн сүйүү жөнүндөгү ой
анын башында болбош керек. Анын жеке максаты да болбоого тийиш, жеке
кызыкчылыгыны четке коюп, бардык нерсеге көңүл кош жана барына канаат деп
кароосу лаазим; эч нерсеге экиленип карабоого тийиш, өз көз карашынан, бүтүмүнөн
жана күмөнсүнүүлөрүнөн баш тартышы шарт. Бүтүм чыгарбоо бул барды тастыктоо
эмеспи. Ага эч ким каршы болбойт, анткени чындыктын маңызы эки анжылыкты тануу,
а чынчылдыктын маңызыкарама-каршылыкты тануу.
Уулум, билгин, эгер кимдир бирөө сууга чын дилинен аяк таштаса, суу анын таманы
астында катуулайт. Бул нерсе акылга сыйбаса дагы ага ынанса болот. Сен нукура
чынчылдыкты белген соң, аны танба жана ага ишенбе, себеби чынчылдык не акыл
менен, не күч менен жүрөгүңө салчу кубулуш эмес. Чынчылдык денеңе теңдешсиз
жана даңктуу кудайдын табериги катары гана орнотулат.
Дервиш дүйнөгө чын дилинен карайт, анда коркуу адаты болбойт, анын ички жана
тышкы дүйнөсү окшош. Дервиштин жүрөгү жалгыздык жөнүндө ойлонуудан бош
болбойт, бирок ойдун жалынында алоолоп кетпес үчүн шашпай ойлонгонду оң
көрөт. Анткени, тарикаттын жолдоочулары ой жүгүртүүнү от деп таанышты, суу ал үчүн
сооротуучу катары нерсе. Ушундан улам алар той-тамашага жана ыр-бийге көңүл
жубантуунун каражаты катары мамиле жасашат. Эгер дербиш ырдабаса жана китепти
обонго салып окубаса, ал дайыма ойдун отунда алоолоп күйөт. Ким жалгыздык
жөнүндө ойлобосо, ага музыка менен ырды укканга болбойт, анткени ого бетер
маанайы чөгөт.
Шейх Ахи Зангани 85 өмүрүнүн акырында музыкага тыйуу салып, мындай дептир:
"Музыка суу, суу от бар жерге керек, сууну сууга куйгандан суу ылайланып, түбүндө
кумташы көбөйөт. Элүү адамдын бирөөнун колунда оту бар болсо, бир адам үчүн кырк
тогуз адамды көөлөп-ыштагандын кереги жок. Береги бирөөдөн чыдамкайлыкты,
калган кырк тогуз адамдан чынчылдыкты талап кылуу мүмкүн."
Эгерде дербиштин жан дүйнөсү руханий тарбия көрбөсө, жок дегенде тышкы
форма аны толуктап туруусу үчүн сырткы тарбиясы болушу зарыл. Ошентип, ички
көрөңгөсү болбосо, тышкы форма ага көрк берип турсун.
Дербиш такыба, сөзгө уста, бирөөгө жамандыгы жок, кемчиликти жаап жашырган,
момун, кийим-кечеси таза болуп, анда саякаттоо жана конуп-түнөө үчүн дербишке
зарыл асаба, кесе, кумура, жайнамаз, желпигич, тарак, ийне-жип, тырмак алчу маки
сыяктуу бумдары түгөл болууга тийиш. Ал кийим-кечесин тигүүгө жана жууганга
муктаж болбой, тескерисинче, агай-индерине бул эки кызматты көрсөтүүсү абзел.
Дербиш жер кезгенди жакшы көрүш керек, бирок сапарда жалгыз жүрбөөсү шарт.
Ал сыйынтканага жалгыз кирбөөгө тийиш, анткени жалгыздыкта күнөө иштер
жасалат; а сыйынтканага киргенде эч кимди максатына (жан жаркынына) жеткирбөөгө
тырышпас керек, башкача айтканда, жыргалга батышына жолтоо болбош керек.
Дервиш адегенде сол бутун чечип, кийингенде оң бутун биринчи кийүүгө тийиш.
Белине кур курчанып алып, алдыга чыкпаш керек. Жайнамазын каерге салса, ошол
жерге отурушу лаазим, а отургандан кийин уруксат алып туруп, эки ракат намаз окуйт.
Сыйынтканага киргенде жана чыкканда салам айтабы же коштошобу, -маанилүү эмес.
Бирок, эртең менен амандашканды унутпоого тийиш.
Дербиш жакшы адамдар менен жүрүп, тыйуу салынган иштерден этият болсун.
Эгер көзү ачылып жан жаркынына жетишпесе, агайиндер сыйлап, жакшы көрүүсү үчүн
жан жаркындын сөздөрүн жаттап алса, ханакада дагы көп болууга мүмкүндүк алат. Эч
кимге таңуулап мамиле курбасын, улууларды урматтасын, анткени улууларды
урматтоо-зарурат милдет, сүйлөшүү зарурат эмес. Эмне гана жасабасын, жамааттын
макулдугу жана буйругу менен жасасын. Эгер жамаат аны жемелесе, күнөөсүз болгон
учурда да, каршы сүйлөбөсүн, кечирим сурасын жана жазалансын.
Өзү жок жерден сынга кабылбас үчүн адамдарга ашыкча сын такпасын. Көп
убактысын жайнамаз үстүндө намаз окуганга арнап, базарга ашыкча барбасын.
Зарылдыгы жок туруп кайсы бир ишти жасагысы келсе же өзүнчө бир иш бүткөрүүнү
кааласа, жамааттын уруксаты менен гана жасасын. Чепкен кийсе же чечип койгусу
келсе, жамааттан же жамаат аксакалынан уруксат сурасын. Жайнамазда бутун
кайчылаштырып же бир нерсеге жөлөнүп отурбасын. Адамдардан жашынып алып,
хыркасын тытпасын, адамдардан жашынып бир бадам да жебесин, себеби бул пастык
саналат.
Буюмдарды тышкы белгиси боюнча атабасын жана жамаат кандай айтса, ошондой
атасын. Жамаат ичинде көп сүйлөбөсүн. Башкалар хыркасын 86 кийсе, ал кийсин, чечсе
ал да чечсин. Колунан келсе, эч кимдин хыркасын барча-барча кылып кеспесин жана
тамак-ашты жыйнабасын. Анткени бул эки иштин ар ким эле аткара албагандай өз
шарты бар. Шарты келип турса, дайыма колун жуусун, бутун бөтөн бирөөнүн

Ахи Фаррух Зангани белгилүү шейх, хронологиялык жактан жакындыгы болбосо да,
бул ысымды улуу Азербайжан акыны Низами менен байланыштырып жүрүшөт.
хырка, хирка сопулар кийчү таманга чейин жеткен узун көйнөк.
жайнамазына же хыркасына койбосун. Жамаат ичинде шашып баспасын, тияк-биякка
өтө бербесин, бирөөнүн ордуна отурбасын жана тарынчаак болбосун.
Суу ичкенде, хыркасын жыртканда же башын ачканда, ордунан турбасын, эч ким
менен сүйлөшпөсүн, керексиз бийге түшпөсүн. Денесиндеги кийими жыртылса, ошол
замат чечип, аксакалдын алдына койсун. Эгерде дервиш аны жемелечү же мактачу
болсо, анын сөзүнө ыраазылыгын айтып, бир нерсе сунуш кылсын. Дервиш ага хырка
берсе, тийиштүү сөздү айтып, өөп туруп, кайтарып берсин. Эгер дервиш үчүн кайсы бир
ишти бүткөрсө, айталы, кийим тигип берсе же киринтчү болсо, алкышын укпай
бербесин. Өзү дервишке осол иш жасап койсо, анысын тезирээк түзөтүп, чыгымын
кайтарсын. Дервиш ага жакшылык кылса, тез алкышын айтып, тийиштүү сыйын
көрсөтсүн. Өзү үчүн, мүмкүнчүлүгү болуп турса, өзгөчө дервиштерден эч нерсе талап
кылбасын. Исфахандыктар өздөрү талап кылганы менен, башкаларга тиешелүү сый
көрсөтпөйт; хорасандыктар талап да кылбайт, сый да көрсөтпөйт; табарыстандыктар да
ошондой, Парс эли талап да кылат, берчүсүн да берет. Угушумча, суфизм обол Парста
пайда болгон.
Дервиш жаш кезинде эмгекти кенч деп санап, карыганда жайбаракат турмушка
өтүш керек. Көпчүлүктү күттүрбөө үчүн тамак маалында дасторкондон узакта жүрбөш
керек; колун тамакка биринчи сунбашы керек, үлүшүн биринчи жеп бүтпөстөн эл
менен чогуу жегени жөндүү. Ырыскысына тийгенден көптү каалабашы жана уруксаты
жок эч кимге өз үлүшүн бербеши керек. Ооруп калып, тамак жей албаса, дасторкон
салынганга чейин кечирим суроосу лаазим жана тамак үстүндө сүйлөбөөгө тийиш. Эгер
орозо тутуп жатканда алдына тамак коюлса, орозо экенин айтпастан, тамакты жеп,
орозосун бузса болот. Дааратты эби менен алып, жайманазды тепсебөөгө тийиш. Ар
кандай жөрөлгө болсо эле даарат ала берген жарабайт.
Суфийлердин асылзаттыгынын шарты ушу мен айткандай. Сүйүшкөндөрдүн
шартыалар суфийлер сүкүт салып, зикир чалып, ак урганда айткан сөздөрүн танбайт,
мазмунуну түшүндүрүп берүүнү сурайт. Сопулардын кемчилигин аларга ашык болгон
жан изгилик катары эсептеши, мисалы, ишенбөөчүлүгүн алардын ишеними деп
билүүсү шарт. Алардын сырын эч кимге айтпоого тийиш, а жасаган жакшы иштерин
колдоп, татыксыз иштерин оңдогонго тырышуу керек.
Сопуларга баратканда таза кийинип, аларга изат көрсөтүп отуруусу, бактысына туш
келип калса, хырканы сыйлап кийүүсү, жерге таштабай башына жазданып жатуусу
жана балит ишке пайдаланбоосу керек. Сопулар хыркасын чечсе, ал да хыркасын
чечсин. Алар ага берилген хырканы тамашалап чечишсе, аны убада сөзгө же күл
азыкка «сатып» алып, чекесин тийгизип өпкөндөн кийин, ээсине кайтарып берет. Эгер
хырка чырчатак учурунда жерге түшсө, чатакка аралашпасын жана пирдин эркине
койсун. Сопулар талашыптартышып жатканда алардын үстүнө кирбесин, а кокус кирип
калса, четке отуруп, чырга аралашпасын. Алар өз чатагын өздөрү басышсын.
Суфийлердин арасында: «Намаз убактысы келди» же «Тургула, намаз окуйлу» деп
айткандай Кудайдын өкүлү жок; эч ким аларды Кудайга табын деп мажбурлабайт,
себеби алар буга муктаж эмес жана эч ким аларга мындай буйрук бере албайт.
Сен сопулардын арасында көп күлбө, кабагынды да салба, андай адамды «туфлей»
деп аташат. Эгер ширин даамдык тапсан, аз экенине карабай, сопуларга бергин жана
куру кол келе албаганынды айтып, даамдыктын аз экени үчүн кечирим сурагын. Таттуу
жеген суфийлерге көбүрөөк жарашат:
Ажайып ай чырайлуу сулуулугуң,
Суктанткан кары-жашты ажарың ай!
Эриниң-эриниңдин шириндиги,
Сопулардын жакшы көргөн Халвасындай.
Сен ушундай адам болсоң, суфийлердин досунун бардык милдеттерин аткарасың.
Бул суфийлердин досторунун айкөлдүгүнүн жана чынчылдыгынын эрежеси.
Адамгерчиликтин фигурасынан өз энчисине тулку дене, өмүр жана сезим, башкача
айтканда, асылзаттык, чынчылдык жана акылмандык тийген адамдар алар
пайгамбарлар.
Бир адамда береги үч касиет тең болсо, ал, албетте пайгамбар же даанышман
коргоочу, себеби анда физикалык да, руханий да сапаты бар. Физикалык
сапат-чынчылдык жана билим, рухайий сапат-акылмандык. Сага акылмандыктын
билимден жогору коюлуусу жана акылманды билимдүүдөн жогору бааланышы
түшүнүксүз болсо, түшүндүрүп берейин. Себеби, билим(маарифат) деген перс тилинде
аңдап-билүүнү түшүндүрөт, а аңдап билүү деген сенин билген нерсеңди терең
түшүнгөнүңдү билдирет. Акылмандык (дониш) персче-билим (илм) деген, демек сен
таанышты жана бейтаанышты, анын жакшы жана жаман сапаттарын билүү үчүн сага
тааныш жана жат жактары боюнча ажыратып каласың. Билимиңдин толук экени беш
нерсеге: «Эмне? Кандай? Канча? Эмне үчүн?» башкача айтканда «Сен эмнесиң? Сен
кимсиң? Эмне үчүн сенсиң? Сен канчөөсүн?» деген суроолорго байланыштуу.
Сен эмнесиң? деген суроого: Мен баланча-түкүнчөнү, анын эмне же ким экенин
билем деп жооп бересиң. Бул билим жаныбарларда да бар, анткени алар жечү
тамагын, балдарын адам сыяктуу эле таанып билишет. Бирок, адамга акылмандык
кошулгандыктан, ал эмне, кантип, кандайча, эмне үчүн деген
суроолорго да жооп бере алат. Мисалы, жаныбарлардын жайытына өрт коюп жиберсе,
алардын башы отко тиймейинче, ал жерден кетпейт, себеби алар оттун кандай
болорун билишпегендиктен, анын эмне экенин туйбайт. Адам болсо оттун эмне жана
кандай экенин байкайт. Бул акылмандыктын билимден жогору турганынын далили.
Мен ошон үчүн ким жеткен даанышман болсо, ал пайгамбар экенин, биз
жаныбарлардан канчалык жогору турсак, пайгамбарлар бизден ошончолук жогору
экенин айтканмын. Жаныбарлар зат же кубулуш жөнүндө эмне деген гана билимге ээ
болсо, адам андан башка дагы канча жана кандай деген суроолорду билет, жөндөмү
адамдан да өнүккөн пайгамбарлар кантип, канча жана эмне үчүн деген суроолорго
дагы терең жооп берет. Жаныбар оттун денени күйгүзөөрүн гана билсе, адам от
кандай күйгүзгөнүн, а пайгамбар эмне, кандай жана эмне үчүн күйгүзгөнүн, эмне
себептен ал ысыкты бөлөрүн да билет.
Эң акылгөй адам теңдешсиз айкөл болот. Ченемсиз айкөлдүк анын билиминин
тереңдигинен; пайгамбарлар гана чечнемсиз билимдүү болушат. Пайгамбарлардын
руху чексиз, анткени адамдарда пайгамбардан артык касиет жок. Демек,
адамгерчиликтин фигурасынан тулку денеге да, жанга да, сезимге да, касиетке да
пайгамбарлар гана ээ боло алышат. Ырас эле кимде адамгерчиликтин бардык
сапаттары бар болсо, аны аруу, таза деп гана сүрөттөө мүмкүн жана андан өйдөдөгү
теңдешсиз жараткан гана ага окшош болот. Андай таза адам сүйлөшүү, сөз жана
тажрыйба аркылуу аңдап-түшүнөт жана билет. Ким мындай тазалыкка ээ болсо, ал өзү
менен өзү, баарын өзүнөн алып, өзү аркылуу өткөрүп жашайт. Анын суусу таптаза,
максаты жеке өз кызыкчылыгы менен изденүүсүн көздөбөйт, коркууну билбейт, өзүнө
өзү жубанып сыймактануудан жана ички карама каршылыктан алыс. Анын реалдуу
дүйнөсү, бытиеси өлүм менен бүтпөйт, өлүмү акырет дүйнө аркылуу түбөлүктүү жана
реалдуу дүйнөдө өмүр сүрөт. Тазалыгы жагынан чексиз таза болот. Ал өзүн өзүнөн тыш
дүйнөдөн (туруп) көрөт, өзүнөн тыштагы өзүн өзү жок көрбөйт. Ал мазмуунду
маанисинен ажыратып карайт. Ошон үчүн бул адамдардын даражасы улуу болсо жана
урмат-сыйдан ажырап калса, мунусу да жөндүү.
Эй, уулум, ошентип, кандай гана болбо, дүйнөнүн сүймөнчүгү болуу үчүн алдыда
болууга жана асылзаттыкка жетүүгө аракеттен. Кайсы гана даражада болбо,
асылзаттыктын жолуна түшүүнү кааласаң, этияттыкты унтупа жана дайыма үч нерсени
жабык карма: көзүңдү, колуңду жана тилиңди көрүүгө кажети жок, жасоого кереги жок
жана сүйлөөгө зарылдыгы жок нерседен. Душманың жана досуң үчүн үч нерсени ачык
карма: үйүңдүн эшигин, дасторкондун бурчун жана капчыгыңдын оозун.
Колуңдан келишинче жалган сүйлөбө, анткени наркысыздыктын негизи-жалган
сүйлөө. Эгер кимдир бирөө сенин асылзаттыгыңа ишенчү болсо, сен канчалык даңктуу
адам болбо сага эң кымбат адамды өлтүрүп кетсе, ал сенин эң өчөшкөн жооң болгон
учурда да, сага туткунга түшүп, өзүнүн алсыздыгын мойнуна алса, бардык адамдардын
ичинен жалгыз сага ишеним көрсөтсө, андан өзүң өлгөн күндө дагы коркпо, бирок
акыркы тамчы каның калганча, ал үчүн аракет кылсаң ошондо гана сен асылзат бойдон
каласың.
Анан дагы тирүү кезиңде өткөн иш үчүн кек кууба жана чыккынчылыкка барба,
анткени бул эки жосун асылзаттыктын эрежесине сыйбайт.
Уулум, билип алгын, бул жол абдан узун, мен эгер элдин ар бир катмарынын
асылзаттыгынын себебин кенен түшүндүрүп айтып берчү болсом, сөзүм көпкө созулуп
кетет. Кыскача айтсам, эмне айтсам, анын баары мына бул сөздөн башат алат:
айкөлдүктүн эң жеткен чеги-бул сенин өз мал-мүлкүңдү меники, бөтөндүкүн бөтөндүкү
деп, башка бирөөнүн дүйнөсүнө көз артпаганың болот. Эгерде сенде бир нерсең
болсо, андан башка бирөөлөргө үлүшүн беришиң абзел
башка адамдар жакшылык кылат деп үмүттөнбөөң зарыл. Өзүң койбогон нерсени
алба; адамдарга жакшылык кыла албасаң, аларды жамандыктан коргосоң, бул эң улуу
асылзаттык болот. Ким мен айткандай жашаса, азыркы дүйнө жана болочокку дүйнө
ага таандык болот.
Уулум, билгин, мен бул китепте бир канча жолу талап этпөө жөнүндө кеп кылдым.
Дагы кайталаймын: эгер сен пейлим тар болбойт десең, эч качан өкүмзар жана
кызганчаак болбогун, ошондо маанайың дайыма ачык, жүрөгүң шайыр болот. Ар
кандай кайгынын башаты кызгаанчактык, көк асмандын жакшы жана жаман амалдары
кызганчаактык аркылуу адамдарды жеңет.
Менин устатым айткан: адам кыраакы болуш керек, бирок асман мейкиндигинин
кудурети алдында башын төмөн салуусу жана оозун ачуусу абзел; бул асмандан ага
алсыздык берилсе,
аны мойнуна көтөрүү үчүн жана даамдуу тамак тийсе, оозуна
салуу үчүн керек. Улуу, теңдешсиз эгем айткандай: мен эмне берсем ал жана сыпаа
адамдардын бири бол. (Куран, VII, 141).
Асман мейкиндигинин кудурети мына ушул эки түрдө гана болот. Эгерде сен бул
жолду кармансаң, сенин денең эч качан кул болбойт.
Ач көздүккө жүрөгүңдөн орун бербе. Жамандыкка же жакшылыкка кабылба, шүгүр
де. Ар кандай даража-наамдагы адамдардын баары тең улуу жана теңдешсиз
теңирдин кулу экенин, алардын баары-Адам атанын балдары экенин, жайы жаннаты
болсун, бири экинчисинен кем эмес экенин эсиңде тут. Адам жүрөгүн ач көздүктөн
бошотуп, топуктуу жашоону эреже кылып алганда, ал бүтүн дүйнөгө муктаж болбой
калат.
Оо, уулум, ач көздүктү унутсаң, жашоо сага жеңил болот,
Барына каниет, шугур десең, жашаган жайың гул бакка
айланат.
Мына ушинтип, эч нерсеге муктаж болбогон адам-ал дүйнөдөгү эң кадырман жан;
ким адамдарга муктаж болуп, анысын жашырбаса жана алтын-күмүш үчүн өзүнө
окшош бирөөлөргө кызмат кылууга даяр болсо, ал жеткен бечара жана пас адам.
Икая
Укканыма караганда, бир кур Шибли, Алла ага ырайымдуу болсун, эки ракат намаз
окуп, андан соң эс алуу үчүн мечитке барат. Дал ошол кезде мечитке келген талиптер
тамактанып жаткан болушат. Эки бала Шиблинин жанына отурат, Алла ага ырайымдуу
болсун. Алардын бири байдын, экинчиси бакырдын баласы болот. Байдын баласынын
баштыгында нан жана халва, кедейдин баласынын баштыгында наны бар экен.
Байдын баласы нан менен халва жеп жатканын көрүп, кембагалдын баласы андан
халва сурайт. Ошондо байдын баласы: "Эгер мен сага халва берсем, сен менин итим
болосуңбу?"деп сурайт. Бечара бала "Болом" дейт. Анда тиги: "Адегенде сен үргүн.
Халваны анан берем" дептир. Бактысыз үрөт да байдын уулунун халвасын алып жейт.
Бул жорук бир нече жолу кайталанат. Аларды көргөн шейх Шибли, Алла ага ырайым
кылсын, ыйлайт. Шейхтин муриддери: "0, шейх, сага эмне болду, эмне ыйлап
жатасың?"деп сурашса, шейх айтыптыр: "Карагылачы, ачкөздүк жана канааты жоктук
адамды эмне кылды. Эгер кедей бала өзүнүн нанына канаат кылып, байдын
баласынын халвасын каалабаса эмне болмок? Анда ал өзүнө окшогон неменин ити
болмок эмес!".
Демек, уулум, тарки дүнүйө дербиш же кечил болсоң дагы жашоодо улуу жана таза
болуу үчүн дайыма барына канаат кылып, тобо де.
Уулум, билгин, мен бул китептин кырк төрт бөлүмүндө сага өзүм билген бардык
илимдер тууралуу колумдан келишинче айтып бердим, түркүн нерселерге
байланыштуу сага акыл эстен башка да бир аз насаат -кеңеш айттым. Мен сага эч качан
өзүндү кыйнап акылдуу бол деп айтпайм, анткени күчкө салып акылдуу болгонго
үйрөнүү мүмкүн эмес.
Билгин, акылдын эки түрү бар: бири-табият берген акыл эс, экинчиси турмуштук
тажрыйбадан үйрөнүп алган акыл эс. Экинчисине үйрөнүү мүмкүн, бирок, табигат
берген акыл эс бул даңктуу жана баарынан улук жараткандын табериги, ага окуп жете
албайсың. Эгер сага даңктуу жана улуу жараткан табигый акыл берсе, бул -сен үчүн
улуу бакты, анда турмушту дагы үйрөнүп, акыл эсиңди байыт жана аны табигый
жөндөмүң менен айкаштырсаң, өз мезгилиңдин чилистени болосуң. Эгер табият акыл
эс бербесе, анда мен да, сен өзүң да, башка бирөө да эч нерсе кыла албайт. Анда
турмуштук тажрыйбадан үйрөнгөндү унутпа, колуңдан келишинче окуп үйрөн, ошондо
данышмандардын бири болбосоң да, жок дегенде кем акылдын бири болбойсуң. Эч
нерсеге жетпегенден көрө, бу айтылган экөөнүн бирине жеткениң артык. Айтылган
эмеспи: эгер атасы жок болсо, өгөй атадан өткөн эч ким жок.
Эми акылдуу болом десең, накыл сөздөрдү үйрөн, анткени, накыл сөздөрдүн
жардамы менен акылдуулукка үйрөнүү мүмкүн.
Даанышман Аристотелден: "Акылдын күчү эмнеде?" деп сурашканда, ал: "Бардык
адамдардын күчү тамактан, а акылдын күчүн акыл сөздөрдөн",деп жооп берген.
Ушинтип, уулум, эмне адатым болсо, анын баарын бир китепке бириктирдим жана
өзүм билген түрдүү илим, көркөм өнөр, түркүн өнөрчүлүк жөнүндө бул китептин кырк
төрт бапына жайгаштырдым. Уулум, билип ал, балалык күнүмдөн картайганга чейин
менде мындай бир адатым бар эле, өмүрүмдүн алтымыш үч жылын да ушундай
жолойдо жана ушул таризде өткөрдүм. Мен бул китепти төрт жүз жетимиш бешинчи
жылы жаза баштадым. Ушундан кийин да, кудай өмүр берсе, көзүм тирүүсүндө
ушундай калыпта өтөм жана өзүмө эмнени жакшы десем, аны
сен үчүн да жакшы деп билем. Эгер сен мындан жакшы каадасалттарды жана
касиеттерди тапсаң, өзүн туура көргөнүңдү тандап ал, эгер таппасаң, менин
кеңешимди жана насаат сөздөрүмдү жүрөгүңдүн кулагы менен аңдап түшүн жана
аларга баш ий. Эгер укпай койсоң жана кабыл албасаң, сени мажбурлай албайм,
кимди Кудай бактылуу жаратса, ал окуйт жана түшүнөт, себеби мунун баары эки
дүйнөдөгү бактылуулардын белгиси.
Жараткан, ал каситтүү жана улуу боло берсин, мага жана сага жароокер болсун
жана менин жакшы ыкласым сага таасир этсин, Мухаммед пайгамбар, анын үй-бүлөсү
жана анын тазалыгы үчүн Алла улуу ыкыбалын бөлсүн. Аллага, дүйнөнүн ээсине даңк.
МАЗМУНУ
Амирбек Азам уулу
Миң жыл нуру өчпөгөн осуят
Салим Аюбзод
Акылмандыктын кенчи
Кириш сөз
Экинчибап
Пайгамбарларды данктоо жана мактоо жөнүндө
Үчунчубап
Жакшылыктарды берүүчүгө алкыш айтуу жөнүндө
Төртунчу бап
Кызмат кылууну мүмкүнчүлүккө жараша жакшыртуунун жолу Бешинчи бап
Ата-энени сыйлоо жөнүндө
Алтынчы бап
Канаат кылуу жана илиминди арттыруу жөнүндө
Жетинчи бап
Чечендикти өркүндөтүүгө умтулуу жөнүндө
Сегизинчи бап
Нурвиншах адилетчилдин кеңеш-кептерин эскерүү
Тогузунчу бап
Карылыктын жана жаштыктын күн тартиби жөнүндө
Онунчу бап
Тамак ичүүнүн тартиби жана каадасы жөнүндө
Он биринчи бап
Шарап ичүүнүн тартиби жана ага ылайык жагдай жөнүндө
Он экинчи бап
Конок күтүү жана конокко баруунун жөн жайы жөнүндө
Он уч^нчубап
Азил-тамаша, нард жана чатыраш жөнүндө
Он төртунчу бап
Сүйүп мажнун болуу жана анын каада-салты жөнүндө .
Он алтынчы бап
Мончого баруунун тартиби
Он жетинчи бап
Уйку жана эс алуунун тартиби жөнүндө
Он сегизинчи бап
Аң уулоонун эрежеси жөнүндө
Он тогузунчу бап
Чавган ойноо жөнүндө
Жыйырманчы бап
Согуш өнөрү жөнүндө
Жыйырма биринчи бап
Байлык топтоо жөнүндө 7
Жыйырма экинчи бап
Аманатты сактоо жөнүндө
Жыйырма )4}нчубап
Кул сатып алуунун эрежеси жөнүндө
Жыйырма төртунчу бап
Турак-жай жана жер сатып алуу жөнүндө
Жыйырма бешинчи бап
Ат тандоо жана сатып алуу жөнүндө
Жыйырма алтынчы бап
Үйлөнүү жөнүндө
Жыйырма жетинчи бап
Бала тарбиялоо жана анын тартиби жөнүндө
Жыйырма сегизинчи бап
Дос тандоо жана анын каадасы жөнүндө
Жыйырма тогузунчу бап
Душмандан сактануу жөнүндө
Отузунчу бап
Жазалоонун жана кечиримдүү болуунун жолу жөнүндө
Отуз биринчи бап
Шарият жана мыйзам таануу жөнүндө
Отуз экинчи бап
Соода-сатык жөнүндө
Отуз }Ч)НЧ}> бап
Дарылоо илиминин тартиби
Отуз төртунчу бап
Жылдыздар жана геометрия жөнүндөгү илим
Отуз бешинчи бап
Поэзиянын эрежеси жөнүндө
Отуз алтынчы бап
Музыканттардын салты жөнүндө
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
  • Parts
  • Кабуснаме - 01
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2009
    22.9 of words are in the 2000 most common words
    32.6 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 02
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 1923
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 03
    Total number of words is 3952
    Total number of unique words is 1942
    26.0 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 04
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2074
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 05
    Total number of words is 3996
    Total number of unique words is 2142
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    43.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 06
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2008
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 07
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2031
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2077
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 09
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1960
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 10
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2099
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    34.8 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 11
    Total number of words is 3997
    Total number of unique words is 2026
    26.0 of words are in the 2000 most common words
    38.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 12
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2036
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    38.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 13
    Total number of words is 3365
    Total number of unique words is 1726
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    39.4 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.