Latin

Кабуснаме - 09

Total number of words is 3839
Total number of unique words is 1960
24.8 of words are in the 2000 most common words
34.1 of words are in the 5000 most common words
39.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
кабарлаба, ал эми кубанычтуу кабарды угузганды колдон чыгарба. Шериги жок жолго
чыкпа, жолго чыкканда өзүңө ишенимдүү шерик изде. Кербен өрүүгө токтогондо элдүү
жерден орун алып, товарларынды да элдүү жерге кой. Каруу жаракчандардын жанына
жолобо, алар менен отурба, анткени каракчылар оболу куралчандарга кол салышат.
Эгер жөө болсоң, аттууга шерик болбо. Бейтааныш кишилерден жолду сураба, сурачу
болсон такыба адамдарга кайрыл, анткени натуура жолду көрсөтчү жана артыңдан
барып, товарыңды тартып алчу караниет адамдар көп кездешет.
Жолдо жолуктурган адамыңа илгиртпей салам айт жана апкаарып кеткениңди же
чарчап турганыңды билдирбе. Салык чогултчу мөөсүлдөрдү алдабастан сылык-сыпаа
жана жылуу сөздөр менен көңүлдөрүн ал. Азыксыз жолго чыкпа, жол элдүү жайлар
аркылуу өткөн учурда деле жайкысын кыш кийими жок жол жүрбө. Төөкөч-аткечтин
көңүлүн алганга тырыш. Чоочун жерге келгенде адамдар менен ылгабай
таанышкандан этият бол, алып-сатардын ишенимдүүсүн танда.
Сага үч кыл адамдар менен мамиле түзүү зарурат: кенпейил жана амалкөй, бай
жана айкөл, ошондой эле бөтөн бирөөнүн укугун урматтаган. Суукка да, ысыкка да,
ачкачылыкка да, суу ичпей таңдай катып жүргөнгө да үйрөн. Жокчулукка кабылсаң,
аны жеңил көтөрүү үчүн эс алып жүргөндө ысырапкорчулкка жол бербе. Бардык ишти
колдон келсе өзүң жасагын жана эч кимге жүгүндү артпа, анткени бул дүйнө алдамчы
келет. Соодада эпчил да, чынчыл да, адилеттүү да бол. Көп сатып алып, тез сат.
Мүмкүнчүлүгүн барда карызга сатпа, а эгер карызга сатууга туура келсе, таанымал
адамдарга карызга сатуудан этият бол. Жарды-жакырлар, жакында байыгандар,
илимпоздор, алиддер, балдар, казынын жанжөкөрлөрү, шаар муфтийлери жана ордо
кызматчылары-булардын баары менен чогуу иштешем дебегин; алар менен иш күткөн
адамдын өкүнүчтөн жана өкүттөн башы чыкпайт. Тажрыйбасыз адамдарга эч бир иште
таянба, адамдарды сынап билмейинче ишенбе, а сыналган адамды кайра-кайра
сынаба, ишенимдүү адам табылат деген таризде сыналган адамды сыналбаган адамга
алмаштырба. Анткени "Сыноодон өткөн дөө сынала элек эркектен жакшы" Деген лакап
бар.
Адамдарды башка бирөөлөр аркылуу сынап көрүп, анан өзүң сына; сага жакпаган
адам башка бирөөгө да жакпай калышы ьктымал. Сынаймын деген адамыңды сөз
менен эмес иш менен сына: карызга алган тоостон накталай акчага алган карга артык. Жер кезип жүрүп, он динардан жарым динар пайда тапчу болсоң, он динардан
бир динар пайда табат элем деп деңизге чыкчу болбо; деңиз кезип соода кылганда
киреше кызыл ашыктан болсо да, чыгашасы кекиртектен болгондуктан, жалчыбаган
ныпа үчүн акчаны желге сапыргандын кереги жок. Эгерде кургакта кокустук болсо,
байлыктан айрыласың, бирок жаның соо калышы этимал. А деңизде кокустукка
кабылчу болсоң, байлыктан да өмүрүңдөн да айрыласың. Байлыкты топтосо болот, а
өмүр кайрылбайт. Эл ичинде деңизди падыша бийлигине да салыштырышат: мал-мүлк
бир келип, бир кетет. Дүйнөнүн кереметтерине суктангың келсе, бир жолу деңиз
аркылуу жүрсөң болот, себеби пайгамбар алейсалам "Деңизге саякатка чыгып,
теңдешсиз Алланын кудуретине суктан" деген. Соода-сатыкта бир аз илең-салаң болуу
мүмкүн, бирок товарыңа жараша кардарын күт.
Иштериңди толук бойдон бөтөн бирөөгө тапшырба, анткени "Бирөөнүн колу менен
жылан жакшы кармалат" деп айтылган. Киреше-чыгашаңды үзбөй жазып жүр.
Каалаган учурда баш тартып кетүү мүмкүндүгүң болуш үчүн милдеттенмелерди эч
качан өз колуң менен жазба. Катачылыкка жана бейсарамжалдыкка кириптер болбоо
үчүн эсеп-кысапты так жүргүз. Кирешең менен чыгашаңды билип туруу үчүн кулдардан
жана үй ичиндегилерден дайыма тапшырган ишиңдин эсебин талап кыл.
Жалганчылардан этият бол жана өзүн дагы адамдарды алдаба, себеби адамдарга калп
айтып, алдадым дегендер жаңылышат: андайлар өздөрүн алдашат.
Икая
Бир кишинин эсепсиз көп коюн баккан такыба жана ыймандуу койчусу болот. Ал
күн сайын киреше-чыгашасына карабастан саалган сүттүн баарын ээсине алып келип
турчу. Мал ээси сүткө суу кошуп койчуга берип: "Бар, сатып кел" деп буйруйт. Койчу
дайыма ээсине кайрылып: "Оо, кожо, мусулмандарды алдаба. Адамдарды алдагандын
аягы жамандык менен бүтөт" деп өтүнчү экен. Ал койчунун сөзүнө этибар бербейт
жана сүткө сууну кошконун токтотпойт. Койчу жаздын бир күнү койлорду суунун боюна
өргүтүп, өзү дөңгө чыгып, уктап калат. Күтүүсүздөн нөшөрлөгөн жамгыр төгүп, тоодон
сел жүрөт да дарыянын капшытында бир да кой калтырбай алып кетет.
Бир алдайсың, эки алдайсың, акыры,
Так ошонуң жутат сенин башыңы.
Койчу шаардагы ээсине куру кол келсе, ал "Эмнеге сүт алып келген жоксуң?" деп
сурайт. Анда койчу: "0, кожо, мен сага: "Сүткө суу кошпо. Бул алдамчылык болот" деп
айтканымда, менин сөзүмдү уккан эмессиң. Сен элге сүт деп саткан суу чогулуп келип,
кечээ күнү койлоруңду сыйпап кетти,"деп жооп бериптир.
Мүмкүнчүлүгүң барда калп айтпа, себеби бир ирет калп айткан адамга эч ким
ишенбей калат. Түз сүйлөп үйрөн, себеби түз сүйлөгөн жакшы адат. Шерттешкенде
жана соодада алдабай чынчыл бол. Эч кимге убада бербе, а эгер убада берчү болсоң,
убадаңды бузбай аткар. Соодада жалган сүйлөбө. Чындыкты сүйлөсөң жасаган
ишиңди Алла өзү алкайт. Шерттешип шартнаме алганда же бергенде кылдат болгун.
Тил катты кайтарып берээрде аласаңды алмайынча тилкатты колдон чыгарба.
Мурда боло элек шаарга саякаттап барчу болсоң, кайсы бир таанымал адамга кат
ала баргын жана шаарга жетериң замат ага жолук. Балким анын пайдасы тиер,
пайдасы тийбеген учурда зыяны да болбойт. Аерде ишин кандай жүрүп кетерин алдын
ала билип болбойт да. Адамдар менен мамиле түзө бил: шалаакы, наама, наадан,
жалкоо, бейнамаз адамдар менен саякатка чыкпа. Айтылган эмеспи: "Жолго
чыккандан мурда шерик танда" деп.
Сага ишенген адамдын ишенимин акта. Көрбөй туруп эч нерсе сатып алба. Сага
ишенген адамга сен да ишен. Эгер бир нерсе сатууну кааласаң, оболу баасын бил, ал
эми ар кандай сөздөн алыс болуу үчүн шерттешип эч нерсе сатпа. Чарбачыл бол,
анткени сооданын зору-жеке чарба жана аны ирээттүү күтүү зарурат иш.
Үй тиричилигине зарыл заттарды жылына бир жолу жана өз мезгилинде сатып ал.
Такоор үчүн жылдык керектөөңдөн эки эсе көп сатып ал да базардагы бааны байкап
тур. Баа көтөрүлгөндө корго деп ашыкча алган заттарыңдын жарымын сатып жиберсең
жыл бою бекер жашайсың. Мунун айыбы да уяты да жок жана эч ким сени сараң деп
күнөөлөбөйт. Эгерде чарбаңда чыгашаны байкасаң, зыян чоңоюп отуруп сени
бүлүнтпөс үчүн, кирешеңди көбөйткөндүн аракетин жаса. Кирешени көбөйткөндүн
жолун билбесең, чыгашаңды кыскарт, анткени чыгашаны азайтуу-кирешени
көбйткөнгө барабар иш.
Эгер сага соодагерлик жакпай калып, белгилүү илимпоз болууну каалачу болсоң,
анда уламалыктан кийинки абдан пайдалуу жана ардактуу эсептелген дарыгерлик
илиминен өткөн илим жок. Илимдин эки түрү бар: бири-диндер тууралуу илим,
экинчиси-денени үйрөнүү илими" деп айткан пайгамбар алей салам.
ДАРЫЛОО ИЛИМИНИН ТАРТИБИ
Уулум, билгин, кокус дарыгер болсоң, дарылоонун негиздерин теориялык жана
практикалык жактан жакшылап үйрөн, тулку бойдо анын табиятына таандык жана
табиятына жат эмнелер болорун бил. Денеде табигый үч нерсе бар: Анын биринчиси
тулку бойду туруктуу жана бекем кылат, экинчиси тулку бойдун туруктуулугунан жана
бекемдигинен келип чыгат жана үчүнчүсү-денени бир абалдан экинчи абалга өтүүгө
мажбурлайт. Эмне денеге табияттынан жат болсо, денеге өз аракети менен же түздөн
түз же кыйыр таасир этет, өзү да дене үчүн зыяндуу болот.
Адамдын тулку боюн кармаган элементтер материалдык же формалдуу болот.
Материалдык элементтердин саны төртөө жана обочо турат: аба, от, жер, суу.
Темпарамент сыяктуу денеге жакын элементтердин саны тогуз: бирөөсү тең салмактуу
жана сегизи тең салмаксыз, алардын төртөө жөнөкөй жана төртөө татаал; же
темпараменттен да денеге жакындардын саны төртөө: флегма [өт,меланхолия жана
кан], же дененин бөлүктөрүнөн да жакыныраагын илимпоздордун бир жааты төртөө
десе, экинчи жааты экөө деп айтышат.
Айткан сөзүмдүн мааниси мында: тулку бой өзүнчө бөлүктөрдөн турат, ал эми ар
бир бөлүк темпараменттен, темпарамент болсо элементтерден турат. Элементтер
денеден эн алыстагы материя.
Формалдуу элементтер үчөө: энергия, аракет жана жан. Энергия жандын
энергиясы, жашоо энерегиясы жана табияттын энергиясы болуп үч түргө бөлүнөт.
Жандын энергиясы кубат жана сезим. Бул экөөнүн беш түрү бар: көрүү, даамды
ажыратуу, угуу, жыт билүү жана сезүү. Жөндөм дененин кыймылга жарамдуу
бөлүгүнүн санына жараша болот. Денеге багыт берчү күчтүн үч түрү бар: элестетүү,
акыл эс жана эс тутум. Жашоо энергиясы активдүү жана пассивдүү болуп эки түргө
бөлүнөт. Табиягый энергия өндүрүүчү, уюштуруучу жана окшоштуруп алуучу үч түрдөн
турат. Аракетти адамдын жаныныкы, айбанаттыкы, табияттыкы деп кубаты боюнча
үчкө бөлөбүз, себеби жан энергиянын кызматчысы, андай болгондон кийин аракеттин
саны энергиянын санына барабар болот.
Ал эми тулку бойду туруктуу кармаган факторлордун натыйжасына келсек
семиздик муздак темпераменттин туундусу болсо, арык чырайлуулук-ысык
темпараменттин, беттин кызылы-кандын, кумсарыңкылык-өттүн таасири болсо, кан
тамырынын кыймылы-жашоо кудуретинин активдүү күчүнүн таасирине кирет,
ачуулануу-жашоо кудуретинин пассивдүү күчүнүн натыйжасы, эр жүрөктүүлүк-жашоо
кудуретинин теңсалмактуулугунун натыйжасы болсо, адептүүлүк-сезимталдыктын
кубатынын теңсалмактуулугунун натыйжасы, акылмандык-сүйлөп жаткан адамдын
салабаттуулугунун натыйжасы жана акциденция менен сапат материяга же формага
ылайык болот.
Денени бир абалдан экинчи абалга өтүүгө мажбурлоо-зарыл себептер деп аталып,
алты түргө бөлүнөт: биринчиси-аба, экинчиси-тамак-аш, үчүнчүсү-кыймыл жана
тынчтык, төртүнчүсү-уйку жана эс алуу, бешинчиси-канааттануу жана чүнчүү абалы,
алтынчысы-жандын кайгысы, ачуулануу, коркуу жана ушу сыяктуулар. Адамдар бу
айтылгандардын бири жок жашай албагандыктан жана алардын ар бири адамдын
денесине толук түрдө таасир эткендиктен алар дене үчүн зарурат деп эсептелет.
Алардын кайсы бири тең-салмактуу абалда турган чакта калгандары да туура жана бир
калыпта иштейт. Бирок, бирөөсү эле бир калыптуулук абалынан чыкса же адамдар
алардын кайсы бирини натуура пайдаланса, дененин иштөө ыргагы бузулуп, ооруу
пайда болот. Дене үчүн табияттан тыш нерселер булар: же окшош ооруулардын
себеби, же окшош эмес ооруулардын себеби, же өз ара байланыштын кыйроосу.
Окшош органдардын ооруусунун себеби мындай: же ооруу ысык болуп, беш түргө
бөлүнөт; же ооруу суук болуп, сегиз түргө бөлүнөт; ооруу нымдуу же кургак да болушу
мүмкүн жана алардын ар бири төрт түргө бөлүнөт. Окшош эмес органдардын илдети
тышкы формасына же санына, же ордуна, же эсебине байланыштуу болсо, тышкы
ооруулар же тышкы формадагы ооруулардын себеби ооруунун денеге тереңдеп
киргенине же ичкери жактагы чоңдугуна байланышат. Ал үч түргө бөлүнүп, анын
экөөсү жаранын катуу болуусунун себебине жараша эки түрдүү болот жана
жумшактыгы боюнча да эки түрдүү болот. Саналуучу илдеттин себеби үч түргө бөлүнсө,
ооруу орду боюнча жана эсеби боюнча эки түрдүү болуп, акыркы экөө дагы эки түрдүү
болот. Жүүн-муундардын өз ара байланышын жоготуусу төрт түргө бөлүнөт. Окшош
органдардын, окшош эмес органдардын жана муундардын ажыроосун жалпы
ооруулар деп аташат.
Окшош органдардын илдети сегиз түрлүү болот. Анын жөнөкөй төртөөсү: ысык,
суук, суулуу жана кургак болсо, катаал төртөөсү: ысык жана суук, ысык жана кургак,
муздак жана суулуу, муздак жана кургак болуп бөлүнөт.
Окшош эмес органдардын илдети тышкы формасы, саны, орду жана эсеби боюнча
төрт түрдүү. Ооруулар тышкы формасы жагынан да төрт түрдүү болот: же тийиштүү
формада болот, же тереңде катып пайда болот, же дене жумшарып пайда болот. Саны
боюнча ооруу чоңоюп жана дене бузулгандан пайда болот. Илдет орду боюнча эки
себептен же орган ордунан жылып кетип, же башка органдар менен байланышын үзүп
пайда болот. Ооруу эсеби боюнча да эки себептен же чоңоюп, же кичирейип пайда
болот.
Муундардын ажырашы да окшош жана окшош эмес органдарга таандык же экөө
аралаш болот.
Оору тышкы белгиси боюнча тулку бойдун кыймыл-аракетине байланыштуу же
дененин абалына же жарылуудан келип чыккан илдет болуп, үч түргө бөлүнөт.
Кыймыл-аракет менен байланыштуу илдет үч түргө, дененин абалы менен
байланыштуу илдет төрт түргө, дененин кайсы бир жери жарылганда пайда болгон
илдет-үч түргө бөлүнөт.
Уулум, дарылоо илими теориялык жана практикалык бөлүктөн турганын билүүң
абзел. Теориялык бөлүгүн мен айтып бердим. Эми бул теорияны, жакшыбы же
жаманбы, сенин билгениңе жана таап окуганыңа жеңил болсун үчүн кайдан издөөнү
айтып берейин.
Мен жогоруда айткандарды Гален өзүнүн комментарияларында жана
эмгектеринде, негизинен «Он алты» деп аталган эмгегинде жазган. Андан башка
элементтер тууралуу дарыгерге керектүү илимди ошол эле «Он алты» трактатынын
«Истиксат» деген китебинен изде. Темперамент жөнүндөгү илимди да «Он алтынын»
«Мизаж» китебинен кара. Дененин түзүлүшү жөнүндө «Он алты» трактатынын
«Кува-т-табиа» китебинин экинчи бөлүмүнөн, окшош органдар тууралуу илимди «Он
алты» трактатына кирген «Кичи анатомиядан» изде. Окшош эмес органдар тууралуу
«Чоң анатомиядан» оку. Бул китеп «Он алты» эмгегинен бөлөк экенин эсиңе салам.
Табияттын күчү жөнүндөгү илимди «Он алты» трактатынын «Кува-т-табиа» китебинен,
с)°
жашоонүн күчү жөнүндө «ан-Набд» китебинен окугун. Ички дүйнөнүн же жандын
кубаты жөнүндө Гален жазган «Гиппократ менен Платондун көзкараштары» деген
китептен оку. «Он алты» трактатын терең окуп үйрөнүүнү жана билимиңди дагы
арттырууну кааласаң, элементтер жана темпераменттер тууралуу «ал-Кун ва-л-фасад»
жана «ас-Сама ва-л-олам» китептеринен таап окугун. Адамдын ички органдары
жөнүндө «ал-Айванат» китебинен, ооруунун түрлөрүн «Он алты» эмгегинин «алИлал
ва-л-Амрад» китебинен изде. Ооруунун сырткы белгилери жөнүндө ушул эле китептин
үчүнчү бөлүмүнөн, ооруунун себептерин жанагы эле мен атаган китептин төртүнчү,
бешинчи жана алтынчы бөлүмдөрүнөн окуп ал.
Мен дарылоонун теориялык бөлүгүн айткандан кийин, жазуум узарып кеткенине
карабай, дарылоонун практикалык бөлүгүнөн да айрым нерселерге токтолуп кетүүгө
тийишмин. Себеби, теория менен практика, дене жана жан сыяктуу бир бүтүн; дене
жансыз жана жан денесиз жашабайт.
Уулум, дарылап жатканыңда карылардын жеген тамак-ашы жана айыгып бараткан
жаштар тууралуу ойлон, анткени эки ооруунун эки түрүнү дарыламакчысың; дарыгер
кесел адамдын күч-кубатын, ооруусунун түрүнү, темпераментини, жаш курагыны,
кесибини, мүнөзүнү, табиятыны, жашаган жерини жана денесинин ахывалыны
билмейин дарылоону баштабайт.
Кеселдин сийдиги, тамырынын согуусу, тышкы белгилери, жакшы жана жаман
белгилери, денесиндеги кызамык жана темгилдер жөнүндө. Дарыгер ички органдарга
таасир этүүчү оорууларды, ооруу козголгон учурда байкалчу кризистин
жышаандарыны билиши керек; ысыктоонун түрлөрүн аныктап, материяга
байланышкан илдеттерге каршы кандай чара колдонууну билүүсү зарыл; дарыгер
дарыны жактоочулардын илими жана дарылоонун заң-мыйзамдары боюнча дары
жасаганды жакшы билиши лаазим. Ошондой эле бул айтылгандын баары жөнүндөгү
маалыматты керек учурунда кайдан тапканды да билүүгө милдеттүү.
Гигиена жөнүндө «Он алты» трактатынын «Тадбир-с-сихха» Деген китебинен,
кеселди дарылоо жана дарылоонун мыйзамдары жөнүндө «Он алтыдан», жакшы жана
жаман белгилер туурлуу«Мукадаммат-алмарифа» китебинен, Гиппократтын
эмгектеринен жана «ан-Набд» китебинин чоңунан, ушул эле китептин кичинесинен
тамырдын согуусу жөнүндө, сийдик жөнүндө илимди-«Он алтынын» «ал-Бухран»
китебинин биринчи
бөлүгүнөн жана Галендин китебинен издөө керек. Дененин ичиндеги ооруулар
жөнүндө «Он алтынын» «ас Акмах» китебинен, кризис жөнүндө илимди ошол эле «Он
алтынын» «ал-Бухран» китебинен, ал эми ысыкчан тууралуу илимди «Он алтынын»
«ал-Хамият» китебинен, адамды чыдатпаган оорууларды «Ма ашшаир» китебинен
жана Галендин трактаттарынан, а ички органдардын ооруусу жөнүндө илимди «Хилат
ал-бар» китебинен жана Галендин дарыларды жасоо боюнча эмгегинен издөө керек.
Дарыгер көп эксперимент жасоого тийиш, бирок белгилүү жана атактуу адамдарга
эксперимент жасабасын. Бейтапканаларда иштеп жүрүп, сейрек ооруулар ал үчүн
кыйынчылык туудурбасы жана органдардын өзгөрүүсү көз жаздымында калбоосу
үчүн, китептен окугандарыны көзү менен көрүүсү үчүн, оорууну дарылоодо күчсүз
болбоо үчүн оорукчандарды көп көрүп, көп дарыласын. Оорууну дарылоодо чынчыл
жана тайманбас болуу үчүн Гиппократтын «Осуяттарын» окуусу зарыл. Дайыма пакиза
жүрүп, кийимин да таза кармасын, атыр себинип жүрсүн. Оорукчанга келгенде дайыма
сылык, жайдары, тамашакөй болсун, анын көңүлүн көтөрсүн, себеби дарыгер
оорукчанга дем берип, табигый жылуулуктун күчүнү көбөйтөт.
Сен уктап жатат деп ойлогон оорукчандын атынан айтсаң сага жооп берип, бирок
көзүн ачканы менен сени тааныбай, кайра эс учун жоготсо, бул жаман жышаан.
Ошондой эле оорукчан эсин жоготуп коюп, бирок колу тынбай ар нерсени кармалап,
өзүн мыжып, жаткан жайын чача берсе, бул да жаман жышаан. Эс учу жок жаткан
кеселдин тынбай кыйкырып, колдорун кармалап, манжаларын улам кыса бергени да
жаман белги. Эгер оорукчандын көзүнүн агы мурдагыдан кеңейип, кареги мурдакыдан
да карарып турса жана тилин оозунда тындырбай айлантып, оор дем алып жатса, бул
да жаман жышаан. Оорукчан кызганычтан же катуу өкүнүчтөн ооруп калып, дем ала
албай кыйналса, жаман белгини билдирет. Кесел дембе-дем кусуп, кусундунун өңү
кызыл, сары, кара жана ак болуп, кусканын токтотпогону коркунучтуу жышаан.
Кеселдин өңү качып, жөтөлө берсе, чүпүрөккө какырыгын алып кургат да, андан кийин
чүпүрөктүү жуу, ошондо чүпүрөктө какырыктын изи калчу болсо, бул жаман белги. Бул
оорукчандарда айтылган белгилери жоголмоюнча, же дарылоо пайда бермейинче,
алардын бирине да эч кандай даары бербе.
Уулум, ошон үчүн, оорукчанга келип, айтылган белгилерди таппасаң, анын айыгып
кетерине толук ишен.
Андан соң кеселдин тамырын сыйпалап көргүн. Эгер тамыр согуп, бармагыңдын
астында көтөрүлүп турса, каны ашыкча экен деп түшүн. Тамыр бармактын астында
билинер билинбес жана тез кагып турса, оңолуп кетээри бышык. Кан тамыр
бармагыңдын астында жай, билинер билинбес, араң жана сейрек кагып жатса,
меланхолия үстөмдүк кылып жаткан экен; бармагыңдын астындагы тамыр анда-чанда
катуу жана күчтүү согуп турса, суу артык болот. Тамырдын сокконунун өзгөргөнүнө
карай кеселдин абалы кайда баратканы жөнүндө бүтүм жаса. Тамырдын кагуусун
(пульсту) аныктап алгандан кийин ийдишке кара.
Эгерде идиштеги сийдик жалтырап күңүрт тартып турса, кесел кайгыдан ооруган
болот; сийдик жаркырап тунук болсо, оору кысылып жашагандан, нымдуулуктан жана
булганч абадан болот. Сийдик суудай тунук болсо, ал жаңыга жагымсыз нерседен
ооруп калган. Эгер сийдик апельсиндин өңүндөй сарыток болуп, ичинде кандайдыр
бир майда заттар жүрсө, ооруга ашказандын бузулганы себеп болгон. Ал майдай
болуп, түбүндө жол-жол болуп көрүнсө, бул оорукчандын ичер суу бүткөнү калганы.
Сийдик шафрандын өңүндөй сары кочкул тартып турса, ал ысытма болуп, кан өт менен
жакындашып калганын күбөлөйт. Эгер сийдиктин үстү саргайып, асты карарып турса,
бул сары флегмада 51 болот; аны дарылаба. Сийдиктин үстү карайып турса да кеселди
дарылабагын. Эгер идиштин түбүндө саргарып же жашыл тартып турса, кесел жакын
арада сакаят. Оорукчан жөөлүп, анын сийдигинин өңү кызыл жана карамтыл болсо,
бул кара флегма кан менен аралашып, дарт оорукчандын башына урган болот.
Мындай кеселден этияттан. Эгер сийдик кара болуп, анын үстүнө кан куйгандай болуп
көрүнсө, кеселге барба, ал эми сийдиги кара болуп, ага кесек же кан кошулгандай
көрүнүп турса, андай кесел менен кош айтыш.
Эгерде сийдик саргайып, күндөй нурланып турса, же саргылт кызылтым болсо,
илдетти кандан деп билгин жана кан чыгарсаң, оорукчан ылдам эле айыгып кетет.
Сийдик саргайып, ичинде кызыл жиптер жүрсө, оорукчанды кудайга тапшыр. Эгер
сийдик саргайып, ичинде ак жиптер жүрсө, оору узакка
создугат. Сийдик жашыл болсо, дарт көк боордо. Эгер сийдиктин өңү тунук жашыл
болуп, ичинде сиркенин курттары жүрсө, кеселдин ичи көөп, геморройу 52 бар жана
узактан бери алы жок.
Сен тамырдын согуусун тыңшаганда жана сийдикти караганда, алардан ооруунун
түрүн изде. Себеби, ооруунун түрү көп.
Эгерде мүнөздөп тамактануу жетишет деп тапсаң, дары менен майларды
пайдаланба; эгерде түрдүү аралашма, компресс жана майлар жетиштүү болсо, пилюла
(таблетка) жана декоктаны 53 колдонбо. Даары-дармекти ашыкча көп колдонгондон
этият бол. Кусуп, дем алгандан кийин оорукчандын абалы жакшырып калса, кустурчу
дары-дармекти ашыкча бербе. Кокус кеселдин ахывалы начарлап кетсе, аны өзгөчө
дарылоого өт жана тынч жаткызуу менен чектелип калба. Эч качан оорукчанды
ахыбалын айтып коркутпа, оорукчандын камын көргөндөн да ушул жагына өзгөчө
көңүл бур жана абалың начарлады деп айтпагын. Ашкор оорукчанга мүнөздөп тамак
жегенди буйруба, ал баары бир аны аткарбайт. Ошон үчүн ал жеген тамактын зыянын
жогот.
Дарыгер үчүн эң жакшысы: дары-дармектердин жана оорулардын түрлөрүн билүү.
Бул жөнүндө биз өтө көп сөз кылдык, себеби мен дарылоо илимин аябай сүйөм. Бул
өтө пайдалуу илим. Ошон үчүн мен да башка адамдар сыяктуу эле жаныма жагымдуу
нерсе жөнүндө көп сүйлөймүн.
Сен бул илимге баш байлабай калсаң, жылдыздар жөнүндөгү илим да өтө
кадыр-барктуу. Ошон үчүн жылдыздар тууралуу илимди окуганга умтулгун, анткени
бул кубаттуу жана улуу илим-пайгамбарлардын эң даңктуусу болгон пайгамбардын
керемети, жайы жанната болсун. Бул илимге азыркы заманда шарият боюнча тыйуу
салынганы менен, анын пайгамбарга таандык болгону талашсыз.
ЖЫЛДЫЗДАР ЖАНА ГЕОМЕТРИЯ ЖӨНҮНДӨГҮ ИЛИМ
Уулум, билгин жана кабарың болсун, эгерде жылдыз санамай болуп калсаң, анда
математикалык илимдердин үстүнөн көп эмгектенгенге үйрөн. Анткени илимий алдын
флегма денеде суук суюктуктун ашып кеткени.
геморрой көтөн чучуктун ичине жара чыгып, канап оорушу
декокта даары чөптөрдүн кайнатмасы.
ала айта билүүлөр тууралуу илим өтө кенен, аны жаңылбай толук камтуу мүмкүн эмес
жана асыресе эч ким ката кетирбегендей так боло албайт. Лекин, кандай болгондо
дагы календарь түзгөндүн пайдасы мурдатан болчу нерсени айта билген сыяктуу
жылдыздардын үйрөнүүнүн жемиши алдын ала айта билүү. Ошон үчүн алдын ала айта
билүүнү пайдаланбай жашоо мүмкүн болбогондуктан, анын негизин жакшылап
үйрөнүп, тажрыйбалуу гороскоп түзүүчү бол. Себеби, планеталардын календары туура
түзүлүп, гороскоп да туура болсо, айта билүүнүн негизи да туура болот. Болжолдуу
гороскопко таянбай, гороскоптун негиздүү түзүлгөнүн гана пайдалан. Адегенде эсептеп
чыгып, анан аны жакшылап текшергин; эсебиңди кайра текшергениңде алгач
чыгарганың тастыкталчу болсо, сенин ага таянып берген маалыматың да туура чыгып
аткарылат.
Ар бир төлгө 54 үчүн жадыбалды түзбө жана жылдыздардын ордун, гороскопту,
гороскоптун үйүн, айды, айдын зодиак белгисин, жылдыздардын мүнөздөмөлөрүн,
алардын ар бир белгиде канча мезгил жана кандай болорун аныктамайынча,
жадыбалдыда жашырылган купуя сырды ачпа.
Ошондой эле муктаждык үйүнүн эгесин, андан ай жана жылдыздар кантип
алыстаарын, белгилерге дал келчү гороскоптун градусунун үстүндө жүрчү айды жана
жылдыздарды, жылдыздардын кыймылынын градусунун үстүндө үстөмдүк кылчу
жылдыздардын үйүн, кыймылга келчү жана кыймылсыз жылдыздарды же градусу
жана кыймылы жүрүп отуруп, караңгылап кетчү кыймылсыз жылдыздарды, алар
келтирчү зыяндын градусун жана жалындоочу градусун, жалындын көтөрүлүп
басылуусун аныктап болгондон кийин гана төлгө жадыбалдысына
Жашырылган купуя сырды ач. Муну унутпай эсиңе бекем тут.
Качан он эки белгинин үлүшүн, градустарын, үч бурчтуктардын башкаруучуларын,
чек арасын, формасын, көтөрүлүүнү жана батууну, жамандыктын үйү, кубаныч,
кокустук так төбөдө жана надирде экенин билгениңден кийин Ай менен
жылдыздардын абалына; мисалы, бак таалай жана бактысыздыкка, жакшылык жана
жамандыкка, умтулуу, жакындоо, бөлүнүү, жарыктын алыстоосу, жакындоодон
алыстоо, ээндикте кыймылдоо, тааныбагандан жылуу, жакындоо жана түртүшүү,
жарыкты берүү, маанини берүү, күчтү берүү, табигый касиеттерди берүү, мунасанын
бузулуусу, каршы чыгуу, сыйлоо, урматтап даңктоо, орнотуу, бириккенге жана алдыда
болчуга, материалдык телону гороскоп менен тактоого, таберикке, кыскартуу жана
жашоону улантууга, ошондой эле планетанын беш түрүнүн кыймылына карагын. Сенин
төлгөң туура түшүүсү үчүн баарын билгенден кийин гана айтчу болгун. Төлгөнү
ишенимдүү эсептердин негизинде жасагын, түзгөн календарың белгилери таанымал
астрономиялык жадыбалдар боюнча өтө кылдат жана көп жолу текшерилген болсун
жана аларды текшерүүнүн жолун ойлонгун.
Ошондо да жаңылып калбас үчүн ката кетирүүдөн жана байкабастыктан сактан.
Качан баарына ишенгениңден кийин: менин айтканымдай болот деп сүйлөсөң болот.
Эгерде сен буга ишенбесең, төлгөң туура чыкпайт. Сага жашыруун сырлар жөнүндө
суроо беришсе, эмне десең да болот, анткени сенин төлгөң негизинен туура чыгат.
Эми туулган күндүн гороскобуна токтолсом, менин өз устатымдан угушумча,
адамдардын чыныгы туулган күнү наристе энесинен бөлүнүп, жарык дүйнөгө келген
күн эмес. Негизги гороскоп: бойдо бүтүү же эрендиктин жатынга кирип, түнөк тапкан
төлгө бул жерде алдын ала айта билүү маанисинде колдонулду (котормочу).
күн. Дал ушул күн гороскоптун негизи болот. Жамандык менен жакшылык ошол күнгө
багыңкы. Наристе энеден бөлүнгөн сааттын гороскобу-улуу өткөөл деп аталат, ал эми
жылдан жылга өтүү-орто өткөөл, айдан айга өтүү-кичи өткөөл деп аталат. Инсандын
тагдыры анын жатын гороскобунда жазылганынын пайгамбардын(аны жана анын
урук-тукумдарын Алла алкасын жана тынчтык берсин) бул сөзү да далилдейт: "Ким
эненин курсагында бактылуу болсо, ал бактылуу; ким эненин курсагында күнөөкөр
болсо, ал күнөөкөр." Дүйнөнүн эгеси бул сөздөрдү эмне себептен айтканын мен сага
жогоруда айткан жүйөдөн улам айткан эдем, бирок сага төрөлүүнүн гороскобу
жөнүндө айтууга туура келбейт, анткени бул кесип сен сыяктуулар үчүн жаралган эмес.
Мен мурда эскерткендей, ар жолу болочок жөнүндө айтканында кимдир бирөө
сага суроо берсе, адегенде учурдун гороскобуна жана анын эгесине карагын, андан
кийин айга жана айдын зодиак белгисине, анын эгесине, ай кошулчу жылдызга, ай
бөлүнгөн жылдызга жана гороскопто тапкан же баш жактагы жылдызга кара. Эгер баш
жакта бирден көп жылдыз болсо, ал жылдыз боюнча ким үстөмдүк кылат жана ким
бактылуу экенин таап айткын.
Мен алдын ала көрө билүүнүн эрежеси жөнүндө бир аз айтып бердим. Сен эгер
жерөлчөгүч жана өлчөгүч болсоң, эсептен мыкты бол, бир саат убактыңды эсептерди
кайталабай өткөрбөгүн. Анткени, математика илими өтө катаал илим. Жер
өлчөгөнүңдө адегенде бурчтарды тактап алгын, каптал жактары тең эмес фигураларды
жек көрбө жана муну өлчөп берем, а калганын көз менен болжоп койом деп айтпа,
себеби өлчөп келгенде айрымасы чоң чыгышы ыктымал. Бурчтарды туура орнотконго
аракет кылгын, аткенткени менин устазым: эсиңде тут, жердин аянтын эсептегенде
бурчка өтө так бол деп айткан. Себеби, көп жактуу фигураларда бул сыяктуу жаага
окшош бурчу болот:
...же мындай:
Ошондой эле учу жалпактай учтуу бурчтар көп кездешет жана андай учурда
айрыма чоң чыгат. Өлчөө кыйын болгон фигураны көзүң менен чамалап эсептебе,
жарымын үч бурчтуктарга же квадраттарга бөлүп алып өлчө, анткени минтип
бөлүнбөгөн фигура болбойт. Андан соң ар биринин аянтын өз алдыңча эсептеп чыгып,
кийин аларды кошкун дагы жалпы аянтын тапкын. Мен өлчөөнүн бул ыкмасына
кеңири токтолсом, сөз узарып, китептин ирээти бузулат. Бул айтканымды айтпай
калтыруу мүмкүн эмес эле. Жылдыздар жөнүндө сөз кылгандан улам сени ар кайсы
илимден кабардар болсун деп, жерөлчөгүчтүк иштин өзгөчөлүктөрүнө токтоло кеттим.
ПОЭЗИЯНЫН ЭРЕЖЕСИ ЖӨНҮНДӨ
Уулум, сен эгер акын болсоң, сөздөрүң татаал, бирок түшүнүктүү болгонго умтулгун,
түшүнүксүз сөздөрдөн жана өзүң билбеген нерселер жөнүндө сөз кылгандан кач.
Башкалар билбеген жана түшүндүрүүнү талап кылган сөздөрдү колдонбо. Анткени
ырлар жеке өзүң үчүн эмес, башка адамдар үчүн жаратылат. Бир өлчөм жана рифма
менен чектелбе, ырларды көркөмдөбөй жана ирээтсиз түзбө, анткени түз айтылган ыр
уккулуксуз болот. Ыр уккулуктуу болуусу үчүн анын ыргагында жана күүсүндө
көркөмдүк, чеберчилик, курч жана таамай айтылган ой болушу керек. Акындардын
салты боюнча ырдын мына мобундай ыкмалары болушу зарурат:
мужанис
муташабих
муздаваж
музаджаъ
мувассаль
мутабик
мустаъар
мувазана
мулавван
мукаттаъ
мутазъад
мукаррар
музмар
мустави
мухаллаъ
мушакилъ
мураддаф
мусалсал
мувашшах
мустахил
зу кафиатайн ражаз маклуб жана ушул сыяктуу.
Сөздөрүң шаңдуу болуп, узакка сакталсын десең, метафораны, айрыкча, сыпайы
метафораларды көп пайдалан. Мактоо ырларда метафораны колдон. Эгерде казал
жана ыр жазсаң, тилиң жөнөкөй, сөздөрүң кооз, рифмаларың жеңил болсун; угумсуз
жана каадада жок сөздөр менен ойнобо; жакшыларга жана карапайым адамдарга
жагуу үчүн мажнун сыяктуу жүрөктүн кылын черткен кооз сөздөрдү, жагымдуу
образдарды пайдалан.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кабуснаме - 10
  • Parts
  • Кабуснаме - 01
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2009
    22.9 of words are in the 2000 most common words
    32.6 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 02
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 1923
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 03
    Total number of words is 3952
    Total number of unique words is 1942
    26.0 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 04
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2074
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 05
    Total number of words is 3996
    Total number of unique words is 2142
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    43.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 06
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2008
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 07
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2031
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2077
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 09
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1960
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 10
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2099
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    34.8 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 11
    Total number of words is 3997
    Total number of unique words is 2026
    26.0 of words are in the 2000 most common words
    38.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 12
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2036
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    38.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 13
    Total number of words is 3365
    Total number of unique words is 1726
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    39.4 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.