Latin

Кабуснаме - 10

Total number of words is 3902
Total number of unique words is 2099
23.9 of words are in the 2000 most common words
34.8 of words are in the 5000 most common words
41.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Эсиңде болсун, ырды катаал, жасалма метрикалардын негизинде түзбө, анткени
татаал жана оор саптарды мүнөзү оор, ширин жана курч сөзгө чоркок адамдар жазат.
Эгер ыр жазып бер деген өтүнүч болсо, баш тартпа, лекин акындар ортосунда мелдеш
өткөрүлчү болсо, жеңилбөө үчүн жана сынакта чабал чыкпас үчүн оболу ырдын
өлчөмдөрү жөнүндөгү илимди жана поэзиянын теориясын, эпитеттерди, ырды
сындоонун жолун окуп үйрөн.
Перстердин ыр метрикасынын мына бул он жети өлчөмүн үйрөн. Алардын
аталыштары мындай:
хазаж
ражаз
рамал
хазаж и макфуф
хазаж-и ахраб ражаз-и матви
рамал-и махбун
мунсарех
хафиф
музарех
музареъ-и ахраб
муктазаб
мужтасс
муткариб
кариб-и ахраб
мунсарех-и кабир
сареъ
Ошондой эле арабдардын басит, мадид, камил, вафир, тавил ж. у. с. өлчөмдөрү
бар. Булар он сегиз метрден жаралуучу элүү үч өлчөмдөн жана сексен эки түрдөн
турат. Мунун баарын жакшылап билип ал. Ыр, ода, газал, сатира, элегия, аскетикалык
ырларды жазганда көркөмдүк жактан сөзгө мыкты чебер экениңди көрсөт жана эч
качан жетилбеген саптарды жазба. Ырларда прозада колдонулуучу сөздөрдү
пайдаланбагын: проза букара болсо, ыр-падыша. Анткени, раиятка ылайыктуу нерсе
падышага жарашпайт. Казалдарды жана ырларды мазмундуу жаз, даңктоо ырларын
айбаттуу жана салтанаттуу жаз. Ойлоруңду сыпаа билдирип, ар кимге өзүнө татыктуу
сөз тап. Даңктоо ырын жазганда аны макталчу адамдын сыпатына ылайыктап жаз.
Белиндеги куруна дегеле бычак кыстарбаган адам жөнүндө: сенин найзаң
арстанды өлтүрөт, ачуулансаң айбатың Бисутун тоосун тешет, жебе тартсаң бир талды
кесет деп айтпагын. Дегеле эшек минип көрбөгөн адамдын минген атын
Дулдул 55Бурок 56, Рахш 57, Шабдиз 58 сындуу экен деп айтпа. Кимге эмне айтканды бил.
Акын өзү даңктап ырдачу адамдын мүнөзүн, ага эмне жага турганын билиши керек.
Ошондо ал данктачу адамын ага жаккандай кылып мактай алат. Анын каалаганын
айтмайынча, ал сага жаккан нерсени бербейт. Көшөкөрлөнбө жана касыда жазганда
даңктоочу адамдын кызматкери болбосоң, өзүңдү анын кызматкери деп айтпагын.
Сатира жазганды адат кылып алба, анткени сууга кеткен кумура дайыма эле бүтүн
келбейт. Сенде тарки дүйнөнү жана парбардигердин жалгыздыгын жазууга жөндөмүң
болсо, аны жазам деп жаңылыштык кетирбегениң эки дүйнө үчүн да жакшы. Жалган
гипербола ырдын артыкчылыгы эсептелгени менен ырларыңда калпка ашыкча жол
бербе.
Кадыр-барктуу адамдарга жана досторуңа арнап элегия жазуу зарурат, бирок казал
жана элегияны бир стилде, ал эми сатира менен даңктоону башка стилде жаз. Сатира
жазууну каалап, бирок кандай стилде жазганды билбесең, даңктоо ырында кимдир
бирөөнү мактагандагыга карама каршы сөздөрдү пайдалан. Себеби, даңктоого карама
каршынын баары сатира болот. Казал жана элегия да ушундай. Эмне гана жазба,
бирөөнүн сөзүн кайталабастан өз сөзүңдү пайдалан, болбосо сенин мүнөздөмөң
кеңейбейт, чабытың жайык болбойт жана өзүң алгач жаза баштаган деңгээлде кала
бересиң.
Ырларың кубаттуу боло баштаганда сенин табиятың да кеңейет, чеберчилигиң
артат; кандайдыр бир сейрек сөз айкашын эшитсең, кулагың сүйүнөт жана аны илип
алып, башка бир жерде пайлангың келет. Бирок, бу сапты өзгөртпөстөн мелдеште
колдонбо. Эч ким бу сөз айкашы кайдан экенин билбеси үчүн мактоодо колдонулган
кайырманы сатирада пайдалан, а сатирада колдонулганды одада пайдалан.
Эгерде өзүңө колдоочуү-пир издесең же базарда иштесең, кабагыңды түйбөгүн,
эски кийимчен жүрбө жана нааразы жүзүңдү эч кимге көрсөтпө; дайыма күлүп
жайдары жүр; түрдүү аңгеме, аския, күлкүлүү окуяларды, макал-лакаптарды жаттап
алып, базарда жана колдоочуңа айтып жүр, ансыз акындын жашоосу жүрбөйт.
Айта берсе сөз көп, бирок ушуну менен сөздү бас кылайын. Алла өзү колдосун
МУЗЫКАНТТАРДЫН САЛТЫ ЖӨНҮНДӨ
Уулум, билип ал, эгер музыкант болсоң, шайдоот жана элпек бол. Мүмкүнчүлүгүңө
карай кийимиңди дайыма таза карма, атыр жана жыттуу майлардан себинип жүр,
ширин сөздүү бол. Музыка ойноочу Аксарайга киргенде жүзүң жайдары болсун,
кабагыңды чытпа.
Дулдул уламышта Мухаммеддин күйөө баласы, имам Алинин аты.
Бурак легенда боюнча Мухаммед пайгамбар түнкү асманга учканда же мираж
жасаганда минген ат.
* Рахш Фирдосинин «Шахнаме» дастанындагы Рустам баатырдын согуштук аты
.* Рахш Фирдосинин «Шахнаме» дастанындагы Рустам баатырдын согуштук аты
Жалаң жай ыргактагы кайрыктарды ойнобо, бирок жалаң тез ыргактагы
кайрыктарды да аткарба: дайыма бир түрдүү кайрык-күүлөрдү аткарган жарабайт.
Адамдардын мүнөзү ар кыл болот жана музыка эшиткени түркүн мүнөздөгү адамдар
чогулат. Ошон үчүн музыка чеберлери музыканы аткаруунун эреже жоболорун
жаратышкан.
Адегенде падышаларды кабыл алганда аткарылчу хусравани кайрыгын ойно.
Андан соң ыр менен коштолуп, жай аткарылчу рах кайруусу ойнолот. Рах карылардын
жана салабаттуу адамдардын табитине ылайык келет, анткени алар үчүн жаратылган.
Кийинчерээк элдин баары эле карылык курагына жетпесин жана салабаттуу
болушпасын аңдашып, жаштарга да арнап музыка жараталы деп чечишти. Анан жеңил
өлчөмдөгү ырларды таап, аларды жеңил кайрыктарга ылайыкташып, аны хафиф деп
аташты. Ар бир жыйында карылар жана жаштар уккандай ыр-күүлөр болсун үчүн жай
ойнолгон рахтан кийин кайрыгы ылдам хафиф аткарылат. Ошондой эле балдар, аялдар
жана шайкелен эркектер да өздөрүнө ылайыктуу музыка угуш керек эле. Ан үчүн
тарона 59 ырын ырдоо салты пайда болгон. Таронадан өткөн жагымдуу жана ыллазат
берген өлчөм жок. Ошондуктан, ар убак бир кайрыкты ойноп, бир эле ырды созолонто
бербегин. Анткени, мен айткандай ар курактагы адамдар үчүн өз музыкасы болуш
керек.
Жыйында угармандын жүзү кызыл тарта тымылжып, каны толкуп турса, көбүн эсе
экинчи кылда ойно; эгер угармандын өңү кумсарып, бетине заары чыгып турса,
жогорку кылда ойно; эгерде угармандын жүзү бозоруп, арык жана меланхолияга
жакын болсо, көбүнчө үчүнчү кылда ойно; ак жүздүү, семиз жана даярдыксыз угарман
үчүн көбүн эсе баскада 60 ойно. Анткени бул кылдар адамдардын төрт темпераментине
ылайыкталып жасалган жана румдук(византиялык) акылмандар менен музыканын
теоретиктери бул өнөрдү төрт темпераментке негиздеп жаратышкан. Ырас, мен азыр
айткандардын баары музыканттардын эрежелерине жана салтына кирбесе да, сени
билип алсын деп айтуудамын.
Анан да музыкалык жүгүңдү жеңилдетүү үчүн эл алдында тынбай аския айтып,
тамашалаганга аракет кыл. Эгерде ыр да жазчу музыкант болсоң, поэзияны сүйүп
калба жана дайыма эле өзүңдүн ырларыңды ырдаба. Балким сага өзүңдүн ырларың
жагар, бирок башкаларга жакпашы этимал. Асыресе акындар өз ырларынын
аткаруучусу эмес, акындардын жанындагы аткаруучу сыяктуу болот эмеспи.
Сен ырдап жана музыка ойноп жатканда эки киши нард ойночу болсо, музыканы
токтотуп, аларга нардды же чатырашты кантип ойноо жөнүндө кенеш айтпа.
Анткени, сени кумар ойнун ойноо үчүн эмес, музыка ойноп берүүгө чакырышкан.
Обондуу ырларды жаттоодо табитти бекем сакта: өлчөмү жок казал менен таронаны
аткарганда ыры менен музыкасы бири бирине куюлушуп турсун. Эгер кимдир бирөөгө
ашык болуп калсаң, тынбай эле күңгүрөнүп өзүңчө ырдай бербе; бул сага жакканы
менен башка бирөөгө жакпашы мүмкүн. Дайыма мазмуну ар кыл ырларды аткар. Ыр
менен казалдарды көп жаттап ал. Мисалы, ажырашуу, жолугушуу, колдобостон сын
айтуу, жектөө, баш тартуу, ынабоо, макул болуу, ишеним, таш боордук,
сыпайгерчилик, белек-таберик, ырахаттануу жана арыз-муң жөнүндө. Түрдүү маанайга
жана жыл мезгилине: жазга, күзгө, кышка жана жайга арналган ырларды үйрөнүп ал.
Сен кайсы ырды кандай мезгилде аткаруу керек экенин билишиң шарт. Сен өз
Тарона-элдик музыкадагы ыр жана күү.
Баска- музыкалык аспап.
өнөрүңдүн дасыккан чебери болсоң да дайыма угуучулардын маанайын байкап тургун.
Эл арасында музыкалык өнөрдү колдонуунун жөнүн билген мыктылар жана акылман
карылар болот. Алардын алдында жакшы ыр-күүлөрдү жана көбүнчө карылык менен
жашоонун баргерчилигин жектеген ырларды аткар.
Эгер угуучулар жаштар жана балдар болсо, көбүнчө жеңил музыка ойноп, аялдар
же шарап жана шарап ичкендер жөнүндө жазылган ырларды аткар. Аскерлерге жана
дүйнө кезип, башын тобокелге салган адамдарга согушту алып баруу, кан төгүү сыяктуу
кызыктуу окуяларды издеп, даңктуу болууга арналган маверннахрлыктардын
дубейгтерин ырда. Арыз-муңдуу болбо жана жалаң хусревани кайрыктарын ойной
бербе.
Музыканын эрежеси бузулат деп айтпагын; адегенде раст ыргагында кайсы бир
күүнү ойноп, андан кийин эреже боюнча бардык башка күүлөрдү: ирок, ушшок,
зерафканда, бусалик, сипахан, наво, бастаны аткарсаң, музыканын бардык эрежесин
сактайсың, андан кийин таронага өтөсүң.
Асыресе, сен музыканын эрежелерин аткарып бүткөнчө, адамдар мас болуп
калышат жана тарап кетишет. Ошон үчүн ар бир адамдын кандай күүнү уккусу
келгенин жана кандай күүнү сүйгөнүн байкагын. Шарап куюлган чөйчөктүн кезеги
жеткен адамга ал каалаган күүнү аткарсаң, ал да сенин каалаганыңды берет.
Музыкадагы эң чоң өнөр бул угармандардын табитине жагуу.
Үлпөтчүлүктө чөйчөккө шашпа жана шараптын куйкумун талап кылба. Шарапты
күмүш алганча аз ич, колуңа күмүш тийгенден соң шарап ичип ырахаттан.
Ырдап жатканда мас адам менен ал угууну каалаган ыр үчүн талашып-тартышпа.
Алар каалаган ырды аткарууга мүмкүнчүлүгүн жетпеген учурда алар эмне деп айтса да,
ал үчүн тынчын кетпесин.
Адамдар мас болуп, өзүң да шарап ичип алгандан кийин, кесиптеш
жоро-жолдошторуң менен мелдешпе, себеби андай мелдештен бир да күмүш
албайсың. Байка, опсолоң музыкант сыягы болбо; анткени сенин опсолоң
жүрүм-турумуңдун кесепетинен музыкага төлөнчү акы азаят, бети-башың жарылып,
аспаптарың сынат жана үйгө кийимин тытылып кетесиң. Демейде, шайырлар мастарга
күндүкчү болушат, ал эми көөлдөк күндүкчүгө акы төлөнбөй турганы сага маалым.
Тойдо кимдир бирөө сени мактачу болсо, башкалар да сени мактоосу үчүн биринчи
мактаган адамдын алдында өзүңдү сыпаа карма. Адегенде, соо кезде акча бербестен
макташат, ал эми мас болушкандан кийин мактоо да, акча да жаайт. Эгер мастар кайсы
бир күүгө же кайрыкка мастардын адатын кылып, жабышып алчу болсо, өз максатыңа
жетмейинче ошол кайрыкты аарыдым-чарчадым дебестен кайра-кайра ойной бер.
Анткени музыканттар үчүн эң чоң сыпайгерчилик-чыдамкайлык жана жаштарга жакшы
мамиле жасоо. Эгер чыдамсыз болсоң адамдардын үмүтүн актабайсың.
Дагы айтылган: музыкант сокур, дүлөй, дудук болуш керек Же б. а. ага тиешеси жок
сөзгө кулак салбашы, карабай турган жакка назар бурбашы, кайда гана барбасын
башка жайда көргөнүн жана укканын айтпашы абзел. Мындай шайыр дайыма
той-тамашага чакырылат. Алла баарын көрүп билүүчү.
ПАДЫШАГА КЫЗМАТ КЫЛУУ ЖӨНҮНДӨ
Уулум, билгин, эгер сен падышанын жан-жөкөрлөр тобуна кошулуп, ага кызматка
алынсаң жана падыша сени өзүнө жакындатчу болсо, ага көөп көзүң бүтүп калбасын,
ал күндөн кач. Падышага кызмат кылгандан качпа, себеби падышага жакындыктын
алыстоосу болот, ал эми падышага кызмат кылуу ага жакындатат. Падыша сенин
башыңа кепилдик берген күнү андан өзгөчө сактан. Непада анын эсебинен семирип
кетсең, сени ал өзү эле мууздап койот.
Ал сени канчалык баалабасын, бейгам болбо, өз ордуңду бил, падышанын эркине
ылайыктап сүйлө, аны менен талашпагын. Макалда айтылган: Ким падыша менен
өжөрлөнө талашса, өмүрү кыска болот, анткени шибегеге муштум урган наадандык
эмеспи. Өз өкүмдарын менен коштошууң жаман аяктабас үчүн ага жакшы иштерди
гана кеңеш кыл, а эгер жаман иштерге үйрөтсөң, аның өз башыңа кайтат.
Икая
Фазлун-и-Мамлон Гянжинин падышасы болуп турган кезде анын дайламалык бир
кеңешчиси болуптур. Өлкөдөгү бектердин бири кылмыш жасап койсо, Фазлун андай
адамдын колун токтоосуз кишендетип, зынданга салдырчу экен. Дайламалык кенешчи
падышага: "Азат адамдарды таарынтпа, эгер таарынтчу болсоң башын алдыр" деп
масилээт берет. Кеңешчинин бул сөзү боюнча бир нече бек өмүрүнөн ажырайт.
Бир күнү дайламалык кеңешчи өзү да жаза тайып, жаңылыштык кетирет. Падыша
анын колу-бутуна золу салдырып, дарга асууну буйруйт. Дайламалык ортого арачы
салып, "Баланча дүнүйө берейин, мени өлтүрбө" деп айттырат. Ошондо
Фазлун-и-Мамлон: "Сен мага азат адамдарды таарынтпа, эгер таарынтчу болсоң өлтүр
деп үйрөткөнсүн," деп жооп бериптир. Ошентип, дайламалык кеңешчи падышаны
жамандыкка үйрөткөнү үчүн өз өмүрүн сактай албай калган.
Сени жаман адам мактагандан көрө жакшы адамдын жектегени мени көбүрөөк
сүйүндүрмөк. Билип жүр, бардык каалоонун аягы - чыгаша менен бүтөт. Ошон үчүн
мүлк-дөөлөтүңө чиренбе. Падышага кызмат кылып жүрүп, эң алды урмат-сыйга умтул;
анткени дөөлөт кадыр-барктын артынан ээрчийт. Асыресе падышага кызмат кылуунун
сыймыгы байлыктан жогору турат. Эгер падышага кызмат кылып жүрүп,
байып-семирсең дагы тынч-аман жашоо үчүн жарды көрүнгөнгө аракет кылгын. Сен
эмне кой арык кезинде өлүмдөн коопсуз экенин жана аны сойгонго эч ким шашпай
турганын көргөн жоксуңбу? Кой семирсе, аны кимдин да болсо сойгусу келет.
Акча үчүн өз өкүмдарыңды сатпа, анткени падышага кызмат кылып алган акчаң гүл
сыяктуу жакшынакай дагы, кооз дагы, татынакай дагы, кымбат дагы, бирок өмүрү
кыска болот.
Падышага кызмат кылуудан көргөн пайдаңды жашыруу кыйын жана падышага
кызмат кылып же жумушун бүткөрүп жүрүп чогулткан ар бир дирхемиң жолдогу
чаңдан тез колдон учат.
Бирок, падыша кызматында жүрүп жеткен сый-урматың байлыктын эң мыктысы,
анын арты менен мал-дүйнө чогулат. Ошон үчүн киреше табам деп, бар жыйган
дөөлөтүңдү колуңдан чыгарба. Колуңда акча барда эч качан кирешеден үмүт үзбөсөң
болот, акчадан куру жалак калгандан кийин кирешеге жетпейсиң.
Ким акчаны өз өмүрүнөн кымбат бааласа, ал тез эле урмат-сыйдан кол жууп,
бечарага айланат, а кадыр-барк үстүндө дүнүйө-корчулукка азгырылуу адам үчүн өлүм;
эгерде байлыкты чени менен жыйнап, анын айрым бир бөлүгүн башка адамдарга ооз
жаптыга берчү болсо, аброюн сакташы мүмкүн.
Качандыр бир мезгилде султанга кызмат өтөп жүрүп, бийик даражага жетсең да өз
өкүмдарыңды сатпагын. Эгер чыккынчылык кылсаң, өз башыңа жамандык тилеген
Фазлун-и-Мамлон Азербайжанды башкаруучулардын бири, кайсы династиядан экени женүнде маалымат жокко эсе.
болосуң. Анткени, шах кичине адамды чоңойтуп, бирок ал өз колдоочусуна
чыккынчылык кылса, бул теңдешсиз жараткандын аны мансаптан куру калтырчу
белгиси болот. Анткени, береги адам башына мүшкүл түшмөйүнчө, ал өз өкүмдары
жасаган жакшылык үчүн жакшылык кылбайт.
Икая
Фазлундун уулу хажиб Абу-с-Сувар Абулсюрду Берда шаарына серкер кылып
жөнөткөндө, Абулюср: "Берданын табияты өтө катаал, өзгөчө жайкысын. Ошон үчүн
кыш түшкөнчө бар-баймын," деп айткан экен. Ушундан улам ортодо түрдүү сөздөр
жүрөт. Ошондо эмир Фазлун: "Бул неме эмне үчүн мындай пикирде жүрөт? Демейде
ичер суусу түгөнмөйүнчө эч ким өлбөйт да" дейт. Абулсюр: "Ырас, эмирдин сөзү туура.
Эч ким ажал жетпей өлбөйт жана адамга ажалы жакындамайын, ал Бердага жайкысын
барбайт" деп жооп берет.
Досторуң менен душмандарыңа кайдыгер мамиле жасаба, сенин пайда-зыяның
досуңа жана душманыңа тең болсун. Бакубаттуулуктун жакшы жагы: доско да
душманга да жакшылык менен жамандыкты жасай алганыңда. Элге кадыр-барктуу
инсан мөмөсүз дарак сыяктуу болбош керек; эч кимге не пайдасы, не зыяны тийбеген
дөөлөттүү бай жүз миң динары бар жөөт сыяктуу болот. Адамдарга пайдасы да, зыяны
да тийбеген адамдан өткөн кемпай болбойт. Ошон үчүн сенин пайдаң жана ырыскың
адамдарга пейилиңдин тардыгын көрсөтүүдө эмес, өз каалагандарыңды турмушка
ашыруу мүмкүнчүлүгүндө. Бийлик үстүндө кубаттуу болуп жүрүп карыган мансаптуу
адамга кызматка жалданба, карыя дагы көп жашаса да адамдар аны жаш жигитке
караганда өлүмгө жакын деп эсептешет. Анын үстүнө карылыкта ишенимдүү өмүр
сүрчү карылар аз болот. Эгер падыша кызматында туруктуу болууну кааласаң,
Аббас 62өз уулу Абдаллахка айткан бу адамдай бол: "Уулум, сен билип алгын. Бул
киши-Умар-и-Хаттаб 63 , ага Алла ыраазы болсун, сени өзүнө кызматка алды жана
бардык адамдардын ичинен сага зор ишеним көрсөттү. Эми сенин душмандарың сени
багындырып албасы үчүн жана коопсуз болуу үчүн беш сапатты сакта. Биринчиси, ал
сенден эч качан жалган сөз укпасын. Экинчиси, анын алдында эч кимди жамандап,
ушак айтпа. Үчүнчүсү, аны эч качан алдаба. Төртүнчүсү, анын буйруктарын бузбай так
аткар. Бешинчиси, анын сырын эч кимге ачпа. Ошондо сен адамдардан сактанасың
жана бул беш сапат менен көздөгөн максатына жетесиң."
Сага мээримдүүлүк жасаган адамга дайыма ак кызмат кыл. Эгер жаңылыштык
кетирсең, муну атайын жасаганыңды билдирбе; сенин ага каршы иш жасабаганыңды
ал билүүсү үчүн натуура иш жасаганыңды билбегендей түр көрсөтүп жүрө бер, ал эми
кызмат үстүндө кетирген жаңылыштыгыңды тарбиясыздыктан жана баш ийбегенден
эмес, билбегенден улам жасады деп түшүнсүн. Анткени, сенин билбегениңди күнөө
деп санашпайт, ал эми тарбиясы жоктук менен баш ийбөөчүлүк күнөө саналат.
Эч ким буйрубаса да тынбай кызмат кыл. Кимдир бирөө жасап койом деген ишти
да өзүң бүткөргөнгө аракеттен. Падыша сени качан көрбөсүн, сенин кызмат кылып
жатканыңды байкагандай болсун. Ар дайым ордодо бол; падыша кимди чакырам
дегенде да дайыма сени көрсүн, анткени кол астындагыларды сыноо-падышанын
күнүмдүк милдети. Эгерде ал сени бир жолу чакырып, эки жолу же он жолу чакырып,

АббасМухаммед пайгамбардын таякеси.
УмариХаттабэкинчи халиф. 634-644-жылдары башкарган.

сенин ар убак кызматка даяр жана анын кол алдында турганыңды көрсө, ал чоң
иштерде да сага таянат. Бул тууралуу Камар Гургани мындай деген:
Кайран башты канжыгага байладык,
Казынанын казанында кайнадык.
Өзүңдөн кичүүнүн түйшүгүн өзүңө алмайынча, улуу болуп, тынч отура албайсың.
Сен индигонун 64 жалбырагы чиримейин, ал индигого айланбасын көрбөдүңбү!? Алла
Таала, даражасы дагы өссүн, бүт дүйнөнү падышага кызмат этүүгө муктаж кылып
жараткан.
Падышанын алдында кимдир бирөөгө болгон кызганычыңды байкатпа, анткени
кокустан падышага кызганган адамың жөнүндө кеп салчу болсоң, чындыкты айтып
жатсаң дагы ал сенин сөзүңө этибар бербейт.
Дайыма падышанын каардануусунан корк жана эки нерсени жаман көрбө:
биринчиси падышанын ачууланганын; экинчиси акылмандардын кеңешин. Бул эки
нерсени кимде ким жаман көрсө, аргасыздан ал өзү жек көрүндү болот.
Бу айткандарым падышанын жанжөкөрлөрүнүн арасында жүрүүнүн эрежеси. А
кокус даражаң көтөрүлүп, падышанын надимдеринин 65 катарына кошулчу болсоң,
анда падыша надимдеринин эрежеси менен жакшы тааныш болгун. Ал эми кызмат
өтөөнүн шарты азыр айтылгандай эле. Сени Алла өзү колдосун.
НАДИМ БОЛУУНУН КААДАСЫ ЖӨНҮНДӨ
Уулум, билип ал, эгер падыша сага надим наамын ыйгарып калса, бирок сенде
надимге керектүү сапаттарын жок болсо, наамдан баш тарт. Анткени падышанын
надими болуп кызмат кылган адамда тийиштүү сапаттары болушу керек; ал
падышанын той-тамашасына шаң жана маанай берип турбаган учурда да анын көркүн
бузбаш керек. Биринчиден, анын бардык беш сезими ордунда болууга тийиш.
Экинчиден, анын сырткы кебетеси адамдарды иренжитпөө керек жана аны көргөндө
падышанын да көңүлү чөкпөгөндөй болсун. Үчүнчүдөн, эгер падыша уктап дем алчу
жайда өкүмдарга бир нерсе окуп берүү же жазып берүү зарыл учурда катчысы ордунда
болбой калып, сени падышага кат окуп бер же кат жазып бер деп сурап калышса, уят
болбос үчүн арабча же персче жаза билүүң лаазым. Төртүнчүдөн, надим акын
болбогону менен ырлардын жакшы-жаманын ажырата билиши шарт жана ал үчүн
поэзия чытырман токой болбош керек; ал көптөгөн араб жана перс ырларын жатка
билүүсү зарурат жана төрөсүнө кандайдыр бир эки сап ыр зарыл болсо, ошол замат
акынды чакыртпаш үчүн ал өзү ырды жаза койсун же кимдир бирөөнүн тийиштүү сөзүн
кармалбай таап бергендей болсун.
Медицина жана астрология жөнүндө кеп болсо же кимдир бирөөнү дарылоо керек
болуп калса, ошол замат дарыгерди же жылдыз санамайды издетпөө үчүн надимдин
медицина жана астрологиядан кабардар болгону жөндүү. Сен маектешүүнүн каадасын
сактоо үчүн билгениңди сүйлөп отур. Ошондо падышанын сага болгон ишеними артат
жана ал сенин кызматыңды пайдаланганга ынтызар болот.
Надим музыкага да жакын болуп, айрым ыр-күүлөрдү аткара билсин. Ал ошондо
падыша достору менен сүйлөшүп, ал жерде музыкант же шайырдын турганы
ылайыксыз болсо, сен падышаны өзүң билген ыр-күүлөр менен алаксытып, көңүлүн
алсаң, ал сага ого бетер жакшы ымалада болот.
индиго өсүмдүк.
надим падышалар менен эмирлердин маектеши, жоросу, үлпөттөшү.
Чебер аңгемечи да бол: күлкүлүү окуялар, таамай айтылган жооптор жана таң
каларлык окуялар тууралуу көптөгөн икаяларды жатка бил. Анткени керемет
аңгемелерди айта билбеген надим-чыныгы надим эмес. Сен нард менен чатырашты да
ойной бил, бирок кууп ойногон кумарпоз болбо. Эгер сен табиятыңдан оюнчу болсоң,
надимдикке жарабайсың. Бул айтылгандардан тышкары Куранды жатка билип,
анча-мынча тафсир дагы билүүң шарт; фикхтен да кээ бир нерселерди жадыңда тутуп,
пайгамбар алейсалам жөнүндөгү хадистерди, аз да болсо шарияттан билүүң зарыл
жана падыша өткөрүп жаткан маектешүүдө кандайдыр бир суроо туулса, казы жана
фикхти чакыртпоо үчүн-жогоруда айтылган иштерден бейкабар болбогун. Надим
падышалардын өмүр баяндарын көп окуп, оболу өткөн шаалардын сапаттары жөнүндө
кеп сала билүүсү, анысы менен өкүмдардын дилине таасир этүүсү, андан жараткандын
пенделери пайда жана ылаззат алуусу да абзел.
Сен барктуу сөзгө жана азил-тамашага дайыма даяр жүрүп, ал сапаттарды сааты
келгенде колдоно билишиң керек; олуттуу учурда тамаша сөз айтпа, ал эми
үлпөтчүлүктө маанилүү сөздөдү сүйлөбө. Билген илимиңди туура пайдалана албасаң,
аны билгениң билбегенге тете.
Ушул айткандарымдан тышкары сен айкөл жана тайманбас болууң шарт, анткени
падыша ар качан эле оюн-тамаша куруп жүрө бербейт. Эр жүрөктүүлүгүңдү көрсөтчү
учурда тайманба жана бир, атүгүл эки шер менен салгылашкандай кубаттуу болушуң
абзел.
Кокус падышага каршы анын эс-алчу жайында же үлпөт үстүндө кутум башталып,
кара сантайлык болсо, бирок андай күндөн кудай сактасын, сен баатырдыктын жана
адамгерчиликтин салтын аткарып, өкүмдарды калкалап кал. Эгер курман болсоң, анын
жакшылыктарын кайтарсың жана бу дүйнөдө атак-даңкың калат, падыша сенин
бала-чакаңды багууга милдеткер болот. Эгер аман калсаң, жүзүң жарык болот жана
өмүрүңдүн аягына чейин ичер сууң камсыз болот.
Ошентип, сенде ушул мен айткандардын баары болбогондо да көбү болсо,
падышанын надими болгонго татыктуусун. Эгерде надимдык бул нан жеп, шарап ичүү,
тамашалашуу деп ойлосоң, анда мунуң надимдык эмес пастык болот. Надимдык сага
жамандык алып келбес үчүн адегенде жакшылап ойлон.
Өз өкүмдарыңдын жанында жүргөнүңдө акылыңды жоготпо жана падышанын
кызматчыларына көз артпа. Эгер падышанын үлпөт-башы сага шарап сунса, анын
жүзүнө тигилбей ылдый карап тургун. Шарап ичип бүткөндөн кийин чөйчөктү кайтарып
бер жана өкүмдар сен жөнүндө эч нерсе ойлобоосу үчүн үлпөтбашыга карабагын.
Жамындыкка кабылбас үчүн өзүңдү этият алып жүр.
ИКАЯ
Угушумча, Абдумалик казы Гаффарини Мамун 66 өзүнүн надими кылып дайындайт.
Абдумалик шарапка жакын болгондуктан казылыктан четтетилип, бул кызматка
коюлат. Бир ирет үлпөтчүлүк үстүндө гулям Абдумалик казыга шарап узатат. Ал
чөйчөктү алып, гулямга карап көзүн кысат да бир көзүн бир аз жумуп турат. Мамун
муну байкап калат. Абдумалик да анын көзүн ымдаган белгисини Мамун баамдап
калганын туюп, көзүн ошол жумган боюнча отура берет. Бир саамдан кийин Мамун
атайылап Абдумалик казыдан: "Эй, казы. Көзүңө эмне болду?" деп сурайт. "Эмне
болгонун билбейм. Азыр эле жабылып калды" деп жооп берет Абдумалик.
Мамун-Абасиидер династиясындагы 7-халиф, ХарунарРашиддин уулу.
813-833-жылдары башкарган.
Мамундун жүрөгүндөгү шектенүүсү биротоло кетүүсү үчүн казы ошондон тарта
өмүрүнүн аягына чейин жолдо болобу, үйүндө болобу, эл ичиндеби, тойдобу, аштабы
же жалгызбы, айтор көзүн толук ачпай жүрөт.
Надым ушундай жөндөмдүү болуш керек.
КАТЧЫНЫН ЭРЕЖЕСИ ЖАНА КАТЧЫЛЫК ЖӨНҮНДӨ
Уулум, билгин, эгер сен дабир 67 же катчы болсон, сөзгө уста жана сулуу жаза
билүүң зарыл. Бирок сулуу жазганыңдан пайдаланып, кыска жазганга шык койбо. Узун
жазгандан калемиң такшалат. Ал тууралуу мындай бир икая да бар: Менин угушумча,
Сахиб Ысмайыл ибн Аббад ишемби күнү диванда 68 бир нерсе жазып жаткан болот. Ал
жазмакерлерге кайырылып: "Ар ишемби сайын кол жазмамдан кемчилик табам.
Себеби мен жума күнү диванга келбегем, эч нерсе да жазган эмесмин. Ушундан улам
текке кеткен бир күн мага зыян кылаарын байкадым" деген экен.
Ошондуктан тамгаларды дайыма даана, тегиз жана кынаптап жазып көнүк. Катта
терең маанилүү көп сөздөр айтылгандыктан өтө узун сүйлөмдөрдү колдонбо. Мына
бул жарым ырда айтылган го:
Кыйын сөздөр улуулукка катылган,
Кылам дебе падышаны акылман.
Өз катыңды метафоралар, уламыштар, Курандын аяттары, пайгамбар
алейсаламдын накыл сөздөрү менен көркөмдөп жаз. Эгер кат перс тилинде жазылса,
жалпы элге түшүнүктүү перс сөздөрүн пайдалан. Катта көпчүлүккө түшүнүксүз сөздөрдү
колдонбо да сүйлөбө. Араб ариптерин кантип кооздоп жазуунун эрежеси сага
белгилүү. Араб жазуусунда уйкаштык (рифма) өзгөчө өнөр, анын мукамдыгын жана
кулакка угумдуулугун айтпа. Перс жазуусунда уйкаштыкты колдонбо, осол угулат. Эмне
жөнүндө сүйлөбө, оюңду шаңдуу, кооз, ширин жана кыска айт. Жазмакер кат жазуунун
сырын билген жана табышмактуу сөздөрдү бачым түшүнгөн тапкыч болушу абзел.
Икая
Мындай бир сөз укканмын. Сенин чоң атан Султан Махмуд, Алла ага мээримин
төксүн, Багдад халифине: "Сен мага Мавераннахрды тартуу кылып, ал мага таандык
экенин элге шарданалоо үчүн жарлык чыгарып бергин. Антпечү болсоң, чөлкөмдү
кылыч менен багынтам же букараларды өз амириң жана жарлыгың менен мага баш
ийдирип бер," деп кат жазат. Анда халиф: "Бардык ислам өлкөлөрүндө
мавераннахрлыктардан өткөн момун жана жоош эл жок. Ошон үчүн сенин талабыңды
аткаргандан кудай өзү куткарсын. Эгерде менин уруксатым жок кол салчу болсоң, сага
каршы бүт ааламды көтөрөм," деп жооп берет.
Султан Махмуд бул сөздөрдү укканда кабагын түйүп, элчиге кайрылып айтыптыр:
"Халифке жеткир: Сен эмне деп жатасың? Мен эмне Абумуслимден 69 кичүү бекем?
Экөөбүздүн ортобузда мындай сөз жүгүргөндөн кийин күтө тур: мен миң пил менен
келем да сенин ордо шаарыңды пилдерге тепсетип, ташталкан кылам да күлүн
пилдерге жүктөп, Газнага жеткирип берем," деп айтат.
дабир мамлекеттик кызмат, катчы, жазмакер, дивандагы реадктор.
диван канцелярия, кеңсе, идара.
Абунаср (Бунаср) Ахмад ибн Абдиссамад Мишкан Махмуддун жана анын уулу
Масуддун канцелярия башчысы. Эпиостолярлык стилдин устаты, таанымал
каллиограф. 1039/40-жылдары өлгөн. Абунаср-и Мишканинин окуучусу жана
жардамчысы белгилүү тарыхчы Бейхаки өз устазы жөнүндө көп баалуу маалыматтарды
калтырган.
Ал ошентип эгезердей кубаттуу пилдери менен катуу опуза кылат. Элчи султандын
сөздөрүн жеткирүү үчүн жөнөп кетет да тез эле кайтып келет. Султан Махмуд
тактысына отуруп, хажибдери менен гулямдары анын жанында казкатар тизилет. Ал
эми ордонун дарбазасынын оозуна айбаттуу пилдерди жана лашкерлерди жыш
чогултулат. Ошондон кийин Багдад халифинин элчиси султандын кабыл алуусуна
чакырылат. Элчи кирип, Султандын алдына мансури 70 форматындагы оролуп, мөөр
басылган эки жүзгө жакын кагазды койот да: "Ыймандуулардын адыйы катты окудум,
сенин кубатыңды уктум деп айтты. Катыңа жооп мына бул катта", дейт.
Диванда каттарга жооптуу Бунасри Мишкан 71 кожо колун созуп, катты алып окуй
баштайт. Кат "Мээримдүү жана боорукер Алланын ысмы менен" деген сөздөр менен
башталып, андан аркы сапта "Сен эмне..." уланып, аягында "Аллага шүгүр жана
пайгамбарыбыз Мухаммедге жана анын уруусуна ыраазылык" деп бүтүп, башка эч
нерсе жазылбаптыр.
Султан Махмуд жана бардык кадыр-барктуу катчылар халифтин табышмактуу
сөздөрүнүн мааниси эмнени билдирет деп ойлонуп калышат. Курандын "Сен эмне"
деген сөз менен башталган аяттарын кара-кайра окуп талкуулашат, бирок султан
Махмудга айтылган жооптун жандырмагын табышпайт.
Акыр аягында кожо Абубакр Кухистани (ал жаш жана даражасы да төмөн
болгондуктан, отурбай надымдардын арасында турган) сөз алат: "О, бек. Халиф алиф,
лам, мимди жазбаптыр. Биздин бек пилдери менен коркутуп, баш калаанын күлүн
пилге жүктөп, Газнага жеткирем деп жазган эле. Халиф бекке жазган катында "Сен
эмне көрбөй турасыңбы, сенин эгең пили барларды эмне кылганын?" деген сап менен
башталган сүрөөнү колдонуптур"(Куран, СV, 1). Ал бектин пилдерине ушундай жооп
бериптир.
Угушумча, султан Махмуд өтө капаланып, узакка чейин өзүнө келалбай онтоп
ыйлайт. Ал өтө динзар адам болгондуктан, ыймандуулардын адыйынан кайра-кайра
кечирим сурайт жана бул кат жөнүндө көпкө чейин сөз кылып жүрөт. Ал эми Абубакрга
сербаа чепкен тартуулап, адымдардын арасында отурууну буйруйт жана даражасын
көтөрөт. Ошентип, Абубакр бир сөзү үчүн эки чоң даражага жетишет.
Икая
Саманиддер доорунда Нишапурда Буали Симжур 72 деген эмир жашаганын
укканым бар. Ал "Мен Хорасандын эмирине жана саркерине баш ийем " дечү экен да,
бирок эмирдин ордосуна кадам баспачу экен. Бул Саманиддер доорунун акыркы
жылдарында болгондуктан, бийликте Буалини ийге салгандай кубаты жок
болгондуктан, чара жоктон кутпа окутууга, халифтин аты жазылган монета чектирүүгө
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кабуснаме - 11
  • Parts
  • Кабуснаме - 01
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2009
    22.9 of words are in the 2000 most common words
    32.6 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 02
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 1923
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 03
    Total number of words is 3952
    Total number of unique words is 1942
    26.0 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 04
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2074
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 05
    Total number of words is 3996
    Total number of unique words is 2142
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    43.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 06
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2008
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 07
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2031
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2077
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 09
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1960
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 10
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2099
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    34.8 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 11
    Total number of words is 3997
    Total number of unique words is 2026
    26.0 of words are in the 2000 most common words
    38.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 12
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2036
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    38.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 13
    Total number of words is 3365
    Total number of unique words is 1726
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    39.4 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.