Latin

Кабуснаме - 07

Total number of words is 4011
Total number of unique words is 2031
27.8 of words are in the 2000 most common words
38.9 of words are in the 5000 most common words
45.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
таарынбайт. Кокус кандайдыр бир себеп менен келбей калсаң же черүүгө кетчү болсоң
чыдайт. Эгерде ар түнү аны менен чогуу уктачу болсоң, сен жокто ышкысы козголуп,
жалгыз болгонго чыдабайт. Аялдарды каары жана өңү серт болсо да ачык жана
ээн-эркин кармаба. Эркектен кызганбаш үчүн аялдар тарапка кемпай болсо да бир
дагы жаш малайды киргизбе, аялды ынды кара, картаң, кебете-кепшири суук, кубаттан
тайган гана малайларга ишенсе болот.
Чыныгы кызгануунун шартын сакта, ар--намысын жоготкон эркекти эркек деп
санаба, намысы жокто ыйман болбойт, абийирсизди эркек деп билбе.
Аялыңды мен айткандай кармап, жараткан өзү сага уул берсе, аны тарбиялаганды
ойлон. Жакын уруулашың - сенин тууганың, ошон үчүн алысты өзүңө тууган кылуу үчүн,
аялды башка уруудан ал. Мен айткандай жаса. Чындык Алланын колунда.
БАЛА ТАРБИЯЛОО ЖАНА АНЫН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ
Менин боорум, билгин, Кудай сага уул берсе, баарынан мурда уулуна жакшы ысым
бер, бул атанын бир парзы. Андан соң перзентиңди эмизчү акылдуу жана мээримдүү
аялдарды тап; жашы жеткенде сүннөткө отургуз жана чамаңа ылайык той бер.
Ошондон кийин уулуң Куранды жатка билген хафиз болсун үчүн Куранды окуганды
үйрөт. Чоңойгондо каруу жарак кармаганга, аттуу жүргөнгө, түрдүү куралдар менен
кантип согушканды үйрөнсүн. Аскер өнөрүн өздөштүрүп бүткөндөн кийин уулуң сууда
сүзгөндү үйрөнсүн.
Икая
Он жашар кезимде аттуу аскер өнөрүн мыкты билген Ба-Манзар-хажиб деген
хажибим болуп, анын Рейхан деген аббисиниялык кулу бар эле. Ал да атчан
жоокердин өнөрүн мыкты билчү.
Ыраматылык атам, Алла ага мээримдүү болсун, мени ат мингенди, найза сайып,
найза ыргытканды, кылычташканды, чавган ойногонду, табтаб 35 урганды, аркан
ыргытканды, дегеле эр жигиттин аскерий өнөрүнүн баарын үйрөнсүн деп, ушул экөөнө
тапшырды. Алар бир канча мезгил өткөндөн кийин атама барышып: "Мырзанын уулу
биз билгендин баарын үйрөндү. Мырза уруксат берсе, ал эртең саят учурунда эмне
өнөрдү үйрөнгөнүн көрсөтсө," деп кайрылышты. Эмир "макул" деп, эртеси күнү атама
эмне үйрөнгөнүмдүн баарын көрсөттүм. Эмир ыраазылыгын билдирип, ага чепкенин
берүүнү буйруду да: "Силер үйрөткөндүн баарын уулум жакшы билет экен, бирок
өнөрдүн мыктысын али үйрөнбөптүр" деди. Тиги экөө жарыша сурашты: "Эмне болгон
өнөр?" Эмир айтты: "Ал билген өнөрдү зарыл болгондо анын чамасы жок болсо,
башкалар жасай алышат. Силер аны башка түшсө башка эч ким жасап бербес
бере
алгыс өнөргө үйрөтпөпсүңөр." Алар кайра сурашты: "Ал эмне өнөр?" Эмир жооп берди:
"Сууга сүзүү. Ал үчүн эч ким сууга сүзө албайт". Атам ошондон кийин Абисигундан 36
дасыккан суучуларды алдырып, алар эркиме койбой мага сууга сүзгөндү үйрөтүштү.
Көңүлдөнбөсөм да сүзгөндү жакшылап үйрөндүм. Ошол жылы күтүүсүздөн ажыга
аттанып калдык жана Мосулга жете бергенде бизге каракчылар кол салышты. Араб
каракчылар бизден анча көп болушкандыктан, алардан коргонууга күчүбүз жетпей
тонолуп калдык. Кыскасы, мен Мосулда ач-жылаңач калдым. Эмне кылаарымды
билбей кайыкка отуруп, Тигр дарыясы менен Багдадга жөнөдүм. Багдадда ишим
жакшы жүрүшүп кетти жана Алланын амири менен ажыга сапар алдым. Мунун айтып
жаткан себебим: Тигр дарыясы Абкарыга жакындап калганда коркунучтуу ийрим
жерлер бар жана кайыкбашы тажрыйбалуу суучу болуп, суунун ийримин жакшы
билбесе, кайык кыйроого учураары талашасыз. Мен түшкөн кайыкта жыйырма бештей
киши бар элек. Кайыкбашы өз ишин жакшы билбегендиктен, суунун
иримине жеткенде, кандай жүргөндү билбей дарыянын дал ортосуна салып
айдаганда кайык чөгүп кетти. Кайыктагы ошол топ адамдан мен, басралык абышка,
Кавы деген менин гулямым сүзүп чыктык, а калгандар чөгүп өлүштү. Мен тирүү
калганыма тобо деп, атамдын арбагына арнаган садага пулду көбөйттүм жана Алла ага
мээримин көрсөтүүсүн тилеп, дуба окудум. Атам менин башыма түшчү бул күндү көрө
билип, сүзгөндү үйрөткөнүнө мен өз учурунда маани бербегенимди байкаган эмес
экенмин. Уулум, сен ошондуктан аталык милдетиңди аткаруу үчүн аталык мээримиңди
көрсөтүп, уулуңа да ага пайдалуу бар өнөрдүн баарын үйрөт. Анткени тагдырдын
капылет сыноолорунан коопсузмун деп болбойт, адамды эмне күтүп жатканы
белгисиз. Ар кандай өнөрдүн жана билимдин бир күн пайдасы тиет. Ошон үчүн өнөргө
үйрөнүп жатканда жана билим алууда оозду ачып, убакытты текке кетирбеш керек.
Окуу учурунда балаңды мугалимдер уруп-сабап койсо, аяба жана кийлигишпе;
анткени бала илимди, адабиятты жана көркөм өнөрдү өз ыктыяры менен эмес,
ур-токмоктун астында окуп үйрөнөт. Эгерде бала орой сүйлөп, тилиңди укпаса, ал сени
жек көрүп калбасы жана дайыма сенден коркуп жүрбөсү үчүн аны өз колуң менен
урба, мугалимдер менен коркут жана аларга жазала деп буйру.
Бала акчага мураскер болом деп, сенин өлүмүңдү тилеп, ысымын булгап албасы
үчүн балаңдан колунда болгон акчаңды жана алтыныңды мүмкүн болушунча аяба. Сен
билгин, баланын укугу: билим жана таалим-тарбия алуу. Уулуң жаман болсо да ага
* табтаб же табтаба тенис ойночу ракеткага окшош нерсе.
Абиснгун Гурген дарыясы Каспийге куйган жердеги Журджана гаваны. Азыркы
Гүмүштепе кыштагына чектеш жайгашкан болушу ыктымал.
көңүл бурбай аталык парзыңды аткара бер; уулуңда кыпындай акыл эси болбосо да,
аны окутуп-тарбиялаганды токтотуп, жаңылыштык кетирбе. Эгер сен уулуңду
тарбиялабасаң, анда аны мезгил өзү тарбиялайт. Айтылат эмеспи: Ата-энеден тарбия
көрбөгөн баланы күн менен түн тарбиялайт.
Аталык милдетиңди бек сакта: уулуң ага буйругундай жашасын. Адамдар жоктон
пайда болгондо алар менен кошо табияты жана мүнөзү жаралат; алар
жумшактыгынан, алсыздыгынан жана кубаты жетпегенден улам табият берген мүнөзүн
көрсөтпөйт. Адам өскөн сайын денеси жана руху кубат алат, жасаган ишинин жакшы
жана жаман жактары ачык көрүнө баштайт. Балдар бойго жеткенден кийин бардык
мыкты сапаттары жана зыяндуу кемчиликтери гүлдөй ачылат. А сен балага
таалим-тарбия, билим берип, окутуп-үйрөткөндөрүңдү өзүңдүн ага калтырган мурасың
деп бил жана балаңдын укугун аткаруу үчүн ага калтыр, бектердин балдары үчүн
таалим-тарбиядан мыкты мурас жок. Карапайым элдин балдары үчүн кол
өнөрчүлүктөн артык кесип жок; кол өнөрчүлүк бектердин балдары үчүн кесип эмес.
Көркөм өнөр - кол өнөрчүлүк эмес, андан башка иш. Бирок, ачыгын айтсам, кол
өнөрчүлүк, менимче, өнөрдүн улуусу жана жакшылардын балдары кол өнөрчүлүк
менен жан багышпаса, башка жүздөгөн өнөрдү үйрөнүшсүн. Бул кемчилик эмес, бул
сыймык. Анын качандыр бир кезде пайдасы тиет.
Икая
Уулум, билгин, Гуштасп тактыдан айрылгандан кийин(бул узак ангеменин
мазмуну анын кантип Румга барганы жөнүндө) Константияга жөнөйт, а жанында эч
кандай байлыгы болбойт. Кайыр сураган ага уят көрүнөт. Кайсы бир жерден өзүнүн
бала чагында хан сарайда кылыч, канжар, үзөңгү жана жүгөн жасаган усталарды
жолуктуруп калат. Жылдыздар анын пешенесине усталык өнөрдү жазган экен, Гуштасп
усталардын жанынан айланчыктап чыкпайт жана алардын кандай иштегенин көрүп
жүрүп эле усталыкты үйрөнүп алат. Ал Румга жетип, бир күн башына мүшкүл түшкөндө
усталарга кайрылат: "Мен силердин өнөрүңөрдү билем". Усталар аны шакирт кылып
алышат. Ошентип, Гуштасп Румдан мекенине кайтканча эч кимге жалдырабай усталык
менен курсагын тойгузуп, жанын багат. Ал өз эл жерине кайтып келгенден кийин
аскерлерге эч бир бек өз баласын кол өнөрчүлүккө үйрөткөндөн уялбасын, себеби
көпчүлүк учурда күч жана эр жүрөктүк пайдасыз болуп калат, ошондо кандайдыр бир
кесиби болсо же иш билсе, анын үзүрүн көрөт деп буйруган экен. Билимиң эле болсо,
бир күнү аны пайдаланасың. Ошондон тартып ирандык бектердин арасында балдарын
зарылдык болбосо да кесипке үйрөтүү салтка айланат. Ошон үчүн мүмкүнчүлүгүң
жеткен кесипти үйрөн, андан пайда гана табасың.
Уулуң чоңоюп жатканда ага кылдат көз сал. Эгер уулуң адептүүлүккө жана
чарбачылыкка шыктуу чыгып, өзүнчө чарба куруп, үй-бүлө күтөрүнө жана дөөлөт
арттырарына көзүн жетсе, аталык парзыңды аткаруу үчүн уулуңду үйлөнткөндүн
жайын ойлон. Бирок, колуңдан келсе, уулуңду үйлөнткөндө же кыз бергенде тууганың
менен кудалашпа. Келинди бөтөн элден изде. Тууганың мененби же жат менен
кудалашасыңбы, анын айрымасы жок, анткени эт жана кан баары бир сеники. Башка

Гуштасп иран элдериндеги мифтик баатырлардын бири. Фирдосинин «Шахнаме»
дастанында Лухрапстын уулу. Бул ангеме «Шахнамеде» кеңири сүрөттөлгөн Гуштасп
падышанын жаш кезинде Византияга баруусу жөнүндөгү уламышка тыкыс
байланышкан.
уруудан келин алсаң, өз урууңа катар бөтөн уруу да сага тууган болуп жакындашат,
карууң эки эсеге узарат жана эки жактан жардам келет.
Уулунда чарбачылыкка жана жакшы жүрүм-турумга шыгы жок экенин байкасаң,
жакшы үй-бүлөнүн жана мусулман адамдын кызын алып берип, кызды жамандыкка
кириптер кылба, себеби ата-энеси жана кыздары бир бирине жүк болот. Андай уул
чоңойгондо ага өзү каалагандай жашаганга мүмкүндүк бер. Анткени, сенин көзүң
өткөндөн кийин баари бир анын насилинде жазгандай болот.
Кыстарма
Кыздуу болсоң, аны мээрман жана камкор адамдарга бактыр, ал эми эс тарткандан
кийин тарбиячысы аны намазга, орозо тутканга жана шарияттын аткарууга парз бардык
шарт-жоболоруна үйрөтсүн, бирок кат жазганды үйрөттүрбө. Кызың бойго жеткенде
аны эртерээк күйөөгө бергенге аракет кыл, анткени күйөөсүз кызды үйдө кармаган
жакшы эмес: кыздын орду күйөөдө жана мазарда. Кызың сенин үйүңдө экенинде аны
эркелетип, жакшы мамиле жаса, себеби, кыз бала ата энесинин туткуну. Эгер уул
балада атасы болбосо, ал канчалык кыйналбасын, өзүнө жумуш таап, жанын бага алат,
а кыз өз жанын өзү багып кеткенге кудуретсиз болот. Ошон үчүн, бар дүнүйөңдү эң
алды кызыңа жумшап, ал үчүн кам көр жана кимдир бирөөгө өткөрүп берип, анын
түйшүгүнөн кутул. Кызың биринчи жолу күйөөгө чыгып жатса, күйөөсүнө дилинен
берилүүсү үчүн мурда үйлөнө элек күйөөнү изде жана күйөө бала да кызыңа жакшы
мамиле жасап, экөө ынтымакта жашасын.
Икая
Менин угушум боюнча, Шахрбану 38 деген кичинекей перс кызды арабдар туткунга
алып, Умар алейсаламга көрсөтүшкөн экен. Кызды базарга сатканы алып барышканда,
ыймандуулардын адыйы Али (Алланын кулагы сүйүнсүн) келип, пайгамбар
алейсаламдын "Падышалардын урпактары сатылбасын" деген буйругун жарыя кылат.
Бу кабардан кийин Шахрбануну базардан алып кетип, күйөөгө берүү үчүн Салман
Фарисинин 39 үйүнө жиберишет. Шахрбануга күйөөгө бериле турганы тууралуу
айтышканда, ал: "Болочок жарымды көрмөйүнчө күйөөгө чыкпаймын", - дейт. Андай
болсо, күйөөнү өзү тандап алсын дешип, аны бийик жайга отургузуп коюп, алдынан
таанымал арабдар менен йемендерди казкатар тизип өткөзүшөт. А Салман кызга ар
бир эркектин урук тегин, колундагы ишин мүнөздөп айтып турушат. Кызга эч ким
жакпайт жана Умар көрүнгөндө гана: "Бу ким?" деп сурайт. Салман: "Умар", - дейт.
Шахрбану: "Чоң киши экен го, бирок кары экен", - дейт. Алиге жеткенде да сурайт:
"Ким бул?" Салман жооп берет: "Алла сүйүнсүн, Али". Шахрбану айтат: "Коросон адам
экен. Бирок, эртең о дүйнөгө барганда айжамал Фатиманын 40 көзүн карай албай
калам. Уят, ага күйөөгө чыкпайм", дейт. Алдынан Хасан ибн Али өткөндө, Шахрбану
анын ким экенин сурап билип: "Ал мага ылайыктуу экен го, бирок аялы көп экен.
Каалабайм", дейт. Хусейн ибн Алини көргөндө, Алла ага сүйүнсүн, анын жөн жайын
сурап билет да: "Ал мага татыктуу экен, ал менин күйөөм болууга тийиш. Мага кызга
үйлөнө элек эркек керек. Мен да күйөөгө чыга элекмин, ал да үйлөнө элек", - дейт.
Бирок, сен күйөө баланын сулуусун танда жана кызыңды өңү серт адамга бербе,
анткени кызбала өңү куник эркекке байланбайт да өзүң жана күйөө балаң элге
Шахрбануараптар 637-ж. Иранды басып алганда өлтүрүлгөн акыркы Сасанид
Иездигердин кызы.
Салман Фарисимифтик каарман.
ФатимаМухаммед пайгамбардык кызы, Алинин зайыбы
шылдың болосуңар. Күйөө бала сымбаттуу, ыймандуу, чынчыл жана чарбачыл болгону
зарурат. Сенин кызыңды багуу үчүн күйөө балаң акчаны кайдан жана кантип тапканын
билүүң шарт. Күйөө балаң байлыгы жана теги боюнча сенден төмөн болуп, сен аны
менен эмес, ал сени менен сыймыктансын жана кызың тынч жашасын. Мен бир аз
гана сөзүмдү айттым, андан көптү талап кылба. Күйөө балаң сыпайгерчилигин
жоготпос үчүн кызыңды ортого салып соодалашпа жана ал адамгерчилик жакшы
сапаттарын көрсөтсүн. Колуңда барын жумшап, кызыңды күйөө баланын
жоопкерчилигине өткөрүп бер жана өзүңдү бир чоң мүшкүлдөн куткар, досторуңа да
ушундай кеңеш бер. Алла баарынан жакшы кабардар.
ДОС ТАНДОО ЖАНА АНЫН КААДАСЫ ЖӨНҮНДӨ
Уулум, билгин, адамдар бу жашоодо досу жок жашай алышпайт; адамга досу жок
болгондон көрө агасыз же инисиз болгон жакшы. Акылмандан сурашат: "Дос жакшыбы
же бир тууганбы?" Ал айтыптыр: "Бир тууганың сага дос да болгону жакшы".
Жалгыз калган жашоо менен кош айтыш,
Ага-инидең, жанын берген дос артык.
Ошон үчүн досторуң жөнүндө кам көрсөң, аларга таберикти үзбөй жасап, кең пейил
болгонго аракет кыл; анткени ким достору жөнүндө кам көрбөсө, достору да ал
жөнүндө кам көрүшпөйт жана ал дайыма досу жок болот жана досторума колумду
бербейм дейт. Адамдын досу көп болсо, кемчиликтери жаап-жашырылып, мыкты
жактары айтылып жүрөт эмеспи.
Бирок, жаңы достуу болгонуңда, эски досуңа артыңды салба. Жаңы дос изде,
дайыма досторуң көп болуусу үчүн эски досторуңду өзүңдөн алыстатпа. Айтат эмеспи:
жакшы дос-түгөнгүс кенч. Ошон үчүн сага дос катары мамиле жасаган жана сени менен
достошкон адамдар үчүн кам көр, аларга жакшылык кылып, ынтымактуу бол, сенин
айкөлдүгүңдү көрүшүп, сага чын дилинен дос болуулары үчүн алардын
жакшылык-жамандыктарында чогуу бол.
Искендерден сурашат: "Сен ушундай кыска мөөнөттө санагы жок падышалыктарды
кандай касиетиң менен жеңдиң?" Ал айтат: "Мен душманымды жароокерлик менен
жеңдим, а досторумду болсо алар жөнүндө кам көрүп өзүмө тарттым".
Досторуңдун достору жөнүндө да кам көр, алар сенин да досуңа айлансын. Сенин
душманыңды сүйгөн достон корк, анткени бир күнү сенин душманыңа болгон достугу
сага болгон достугунан күчтүү болуп кетиши мүмкүн:
Дос дос эмес душманыңа дос болгон,
Кол үз андан, ал бир өлүк жок болгон.
Анткени, ал сенин душманың үчүң сага зыян келтиргенден тайбайт. Сенин досуң
менен касташкан достон да сактан жана эч кандай эбеп-себепсиз туруп эле сениң
артыңдан даттанган достон да этияттан, аны менен достукту токтот.
Билгин, дүйнөдө кемчиликсиз адам болбойт, бирок сен кеңпейил бол, себеби
кеңпейилдүүлүк кемчиликке орун калтырбайт. Колунан жакшылык келбеген достон
кол үз, анткени андай достон үйүңө кут конбойт. Чөйчөк досторду дос деп эсептебе,
анткени алар сенин эмес, чөйчөгүңдүн достору. Боорукер жана таш боор досторду
ажырата бил жана достукту үзбөө үчүн боорукер достор менен чын дилден, ал эми таш
боор достор менен сөз жүзүндө достош, себеби боорукер доско дайыма эле ишиң
түшө бербейт, а таш боор достун кызматы кээде тиет. Арийне, таш боор менен мамиле
күткөнүң сени жакшы досторуңдун алдында оңтойсуз абалга калтырат, бирок жакшы
досторуң таш боор досторуңдун алдында сенин кадырыңды көтөрөт. Сен өзүң эки
тараптын тең достугунан кол үзбөө үчүн жакшы жолдон чыкпа.
Акылсыз менен достошпо, анткени акылсыз дос достугуңдан пайдаланып, акылдуу
душманың жасабаган жамандыкты кылат.
Жакшы жана ыймандуу адамдар менен достош. Жакшы жана ыймандуу адамдар
менен достошсоң, элге ошол досторуң сыяктуу мыкты сапаттарың менен даңкталып,
белгилүү болосуң.
Мына бу дубейтте айтылгандай, кандай болгондо да жаман менен отургандан көрө
жалгыз отурганың жакшы:
Жүрөк кургур, канча жолу алдандың,
Сага ишенип, мен да канча сандалдым.
Доор өзгөрсө кошо өзгөрүп жоголду,
Дос болгондор бар кезинде мал, жандын.
Жаман сөзгө калбаш үчүн досторуңдун жана бөтөн адамдардын сага болгон укугун
бузба. Анткени, айтылган го: Досторунун укугун жана жакшы ишти баалабаган адамдар
жаман сөзгө арзыйт.
Уулум, билгин, адамдын достукка жарап-жарабасын эки нерседен байкаса болот.
Биринчиси, досу жокчулукка кабылганда жана башына мүшкүл иш түшкөндө
мал-мүлкүн аябай, ага мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берип, өмүрү жалгыз калтырбайт. Досунун көзү өткөндө анын балдарын жана тууган-уруктарын чакырып, аларга
сый-урмат көрсөтөт, мазарга барган сайынмүрзөдө досунун денесинин сырты жатса
да-аны эскерип дуба кылат.
Икая
Айтылганга караганда, Сократ өлүм жазасына тартылсын деген буйрук болот.
Ошондо Сократтан "бутпараз бол" деп талап кылышканда, ал "Алла мени жараткандан
башка эч кимге моюн сундурба" деген экен. Аны дарга асканы алып жөнөшкөндө
окуучуларынын кээ бирлери ошол кездеги салтка ылайык устазын коштоп ыйлап
жүрүшөт. Анча убакыт өткөндөн кийин сурашат дейт: "О, даанышман, сен эми өлүмгө
даяр болдуң. Бу сени кайсы жерге көмөлү?" Сократ жылмайып туруп айтыптыр:
"Эгерде эле мени тапчу болсоңор каалаган жериңерге көмө бергиле". Башкача
айтканда, "ал мен эмес, менин денемдин кабы болот" деген экен.
Уулум, адамдар менен достош, бирок досторум көп деп, алардан үмүт кылба.
Өзүңдү жалгыз таянар досум деп бил, артыңды эмес, болгонуңду ойлон жана
досторуңа ишенип бейгам болбо. Миң досуң болсо дагы алардын бири да сага
өзүңдөй жакын болбойт. Досту барчылыкта жана жокчулукта сынап көр. Барчылыкта
алтын жана урмат-сый менен, жокчулукта берген жардамы менен сына. Сенин
душманың менен касташпаган досуңду таанышым деп ата, анткени ал досуң эмес,
таанышың гана. Досторуң кандайдыр бир себеп менен сага нааразы болуп жүрүшкөн
учурда, сен аларга алар сага ыраазы болуп жүргөндөгүдөй эле мамиле жаса.
Жыйынтыктап айтканда, сени урматтап сыйлаган адамды досум деп билгин.
Досуңа досум деп эч нерсени үйрөтпө, анткени качандыр бир убакта досуң
душманыңа айланса, сага чоң зыян алып келет жана өкүнгөнүңдөн эч кандай пайда
болбойт. Эгер жарды болсоң, досуңдун байлыгынан үмүт этпе, себеби кембагалды эч
ким, өзгөчө, байлар сүйбөйт. Досту өзүңдүн деңгээлиңе карап танда, өзүң бай болуп,
досуң да бай болсо мейли. Достукта адамдарга ашыкча көп таянба, болбосо өз
жөндөмүңө көп ишенбей каласың. Эгер досуң жөнсүз жерден эле сага артын салып
кетчү болсо, аны өзүңө тартам деп аракеттенбе, ал сага арзыбайт. Ач
көз достон кач, анткени ал сени менен чын дилинен эмес, суктугунан улам дос болгон;
кызганчаак адамдар менен да эч качан достошпо, анткени кызгаанчактар дос болгонго
татыктуу эмес, себеби алардын жүрөгүнөн кызгаанчактык эч качан кетпейт жана
кызгаанчак адам дайыма күйпөлөктөп, башка бирөөлөрдү каралай берет.
Уулум, сен досту кантип тандоонун жолжобосун билип алганындан кийин эми
тириликте кездешчү жакшылыктар жана жамандыктар жөнүндө ук.
ДУШМАНДАН САКТАНУУ ЖӨНҮНДӨ
Уулум, өзүңө душман ашырбаганга аракеттен, а эгер душман пайда болсо, коркпо
жана кайгырба, анткени душманы жок адам өз душмандарынын кубанычына арзыйт.
Бирок, душманыңдын иштерине купуя жана ачыктан ачык этибар бербегениң
жарабайт, душманыңа тыным албай зыян келтирип тур. Ага каршы тынбай кутумчулук
жана айла амал жасап, өзүңдү эч качан андан коопсузмун деп ойлобо жана бейгам
жүрүп жамандыкка кириптер болбош үчүн душманыңдын кутумдарынан жакшылап
сактан. Душманын сага ачык жамандык кылмайынча, ага кастыгыңды көрсөтпө жана
кокус мүдүрсөң да, аны билгизбегенге аракеттен.
Сен майданда душманыңды аясаң,
Канжарыңды өзүңө өзүң урганың,
Эртең эле окулганы жаназаң,
Өзүңдү эч качан күчтүү душмандан коопсузмун деп эсептебе жана андан сактан,
анткени эки нерседен этият болуу шарт: бири - күчтүү душмандан, экинчиси-бөрүнүн
тонун кийген достон. Душманыңды көпөк деп ойлобо, күчсүз душман менен күчтүү
душмандай касташ жана алардын тигиниси мындай, баланчасы тигиндей деп өзүңдү
жоошутпа.
Икая
Хорасанда Мухаллаб деген айяр жашаганын, ал өтө абройлуу, кең пейил жана
атактуу адам экенин укканмын. Ал бир ирет маалени аралап баратып, коондун почогун
тепсеп алат да жыгылып калат. Кагынып тургандан кийин макисин алып чыгып,
почокту майдалап кесет. Муну көргөн адамдар: "О, кожо, ушундай кадыр-барктуу жана
акылдуу адамга коондун почогун бычактаган уят эмеспи?" дешет. Ошондо Мухаллаб
айтыптыр: "Мени коондун почогу жыгытса, аны урбаганда кимди урам? Ким мени
жыгытса, ал менин душманым эмеспи... Душман жек көрүндү болсо да, аны кымын
жан деп эсептебе. Кимде ким душманын наадан деп санаса, жакында өзү да нааданга
айланат".
Ошондуктан душманыңды сени өлтүргөндүн айла амалын жасаганга жеткирбей
жок кылганды ойлон. Бирок, жоолошуп жүргөн адамыңды жеңчү болсоң, аны эл
алдында кайра кайра кемсинтпе жана кемчиликтерин ашкере кылба. Себеби, алсыз
жана маанисиз душманды жеңгенден сага атак-даңк кошулбайт. Андайдан кудай
сактасын, лекин, ал сени качандыр бир кезде жеңип алса, алсыз жана бечара
бирөөдөн жеңилиптир деп, өлөр өлгөнчө уят жана шерменде болосуң.
Асыресе, падыша жеңишке жетсе, душманы татыксыз болсо да акындар падышаны
даңазалап ырдашканда жана жазмакейлер жеңишти даңктаган кабар жөнөтүшкөндө,
алар оболу душманды кубаттуу деп, анын санаксыз колу жер каптаган сарбаздар
менен ат ойноткон сыпайылардан куралганын сүрөттөшөт, душманды Сухрабка 42 жана
ажыдаарга теңешет да, андан кийин гана атак-даңктуу падышасын ого бетер
аяр табааган, кыраакы, куу адамдарды айтышкан. Алардан ыктыярдуу кошуундар
түзүлгөн.
Сухраб "Шахнаме" дастанындагы баатыр, Рустамдын уулу, атасы менен чабышта
өлөт. Уулу да атасы да бирин бири жөнүндө угушканы менен жүзүнөн тааныбайт.
даңазалоо жана анын аскерлеринин кубатын көрсөтүү үчүн: баланча өкүмдар ушундай
кубаттуу жоону тайманбастан өз лашкерлери менен жапырып кирип, артынан түшө
таш-талкан кылганын айтышат. Эгерде уруш майданынан жөнөтүлгөн кабарларда жана
даңазалоо ырларында жеңилген жоонун аскерлерин жана падышасын күчсүз жана
ариет-намысы жок деп айтылса, жеңген падыша үчүн ардак-даңк алып келбейт.
Кыстарма
Рей падышалыгын узак жылдар бою падыша тукумунан чыккан, акылман жана
ыймандуу Сайида 43 деген аял башкарды. Ал менин апамдын жакын тууганынын кызы
жана Фахраддавланын аялы эле. Фахраддавланын көзү өткөндө артында калган
Маждаддавла деген ымыркай уулу тактыга отургузулат, бирок апасы Сайида 31 жыл
удаа падышалык кылат. Маждаддавла эрезеге жеткенде атасын тартпаган экен,
таажысы болгону менен падышалык кылганга жөндөмү жок чыкты жана үйдө чору
аялдар менен отургандан башкага жарабагандыктан, апасы Рей, Исфахан жана
Кухистанды отуз жылдан узак мезгил бийлейт.
Айтайын дегеним, сенин таятаң Султан Махмуд ибн Сабуктегин бир сапар Сайидга
чабарман жөнөтүп, кабар айттырат: "Хутба киргизип, менин аты жөнүм чегилген теңге
чыгар жана салыкты мага төлө, эгер буга макул дебесең, Рейди басып алып,
кыйратам". Сайида чабармандан бул сөздү укканда, мындай деп жооп берет: "Султан
Махмудга айтып бар. Адашып, күйөөм тирүүсүндө Рейге кол салбасын деп, сенден
коркчумун. Бирок, анын көзү өтүп, милдети менин мойнума жүктөлгөндөн кийин
жүрөгүмдү андай ой тынчсыздантпай калган. Мен өзүмө айткам: Султан Махмуд
акылдуу падыша жана андай падыша мендей аялга кол салса, жаман атты болорун
билет. Эми сен мага кол салып келсең, кудай өзү күбө, мен качпастан сага каршы
согушам. Согуштун жыйынтыгында эки аскердин бири талкаланат. Эгер мен сени
талкаласам, буга чейин жүз падышаны жеңген Султан Махмудду талкаладым деп бүт
ааламга жар салдырам жана менин жеңишимди даңктаган жылнамелер жазылат,
ырлар ырдалат; эгерде сен мени жеңчү болсоң, эмне деп жазасың? Аялды жеңдим
деп айтасыңбы? Анда сенин жеңишиңди мактап жар салынбайт жана ыр ырдалбайт,
анткени аялды жеңген даңк алып келбейт. Болгону эле "султан Махмуд аялды
жеңиптир" деп айтышаар." Мына ушул сөз үчүн гана Сайида тирүү кезинде Султан
Махмуд Рейге кол салбаптыр жана паашылыктын тынчын алган эмес экен. Ошон үчүн
менин сөзүмдү угуп, душманыңды ашыкча кемсинтпе. Өзүңдү эч качан душмандан,
айрыкча, ички душмандан коопсузмун деп санаба. Ички душмандан өзгөчө корк,
себеби сырткы душман сенин иштериңди ички душмандай билбейт. Ички душман
сенден корксо да сага каршы жаман ойдон жүрөгү бошобойт жана сырткы душманың
билбеген иштериңден кабардар болуп турат.
Бир да душман менен чын дилиңден достошпо, дос болгондой гана түр көрсөт.
Балким, анткор достук чыныгы достукка алып барар, себеби касташуудан достук
жаралган учурлар болгон сынары достук кастыкка алмашат жана мындай достук менен
кастык аябай бекем болот.
Билгин, душман менен жакындашуу алсыздыктын белгиси. Душманга жасаган
жамандыгыңдан сага кыпындай да зыян тийбегендей болсун. Досторуң
душмандарыңдан эки эсе көп болгонго умтул. Досуң көп, душманың аз болсун, бирок
миң досуңа ишенип, бир да душман арттырба, анткени мин досуң сени дыкаттап
коргой албайт, алсыз душманың сага каршы өтө кылдаттык менен аракет кылат.
Саида Буид Фахраддавланын жесири(967-997).
Адамдардын сага ашкере текеберденүүсүнө жол бербе, анткени өз баасын билбеген
адамдар демейде көпшөк болушат.
Өзүңдөн күчтүү душман менен касташпа, ал эми алсыз душманга тынчтык бербе.
Эгер душман ырайым сураса, ал мурда сага элдешкис жоо болуп, ит көрбөгөн
кордукту көрсөтсө да, кечиргин жана аны чоң ийгилик деп бил; анткени не өлүү
душман, не качкан душман, не ырайым сураган душман - баары бир душман деп
аталат эмеспи. Эгерде душманың алсыз экенин көрсөң, ошол замат чабуулга өтпө [же:
шашпастан саалгып турба].
Эгерде душман сенин колуңдан өлсө, ага сүйүнгөнүң жөндүү, бирок өз ажалы
менен өлсө, ага кубанбагын. Душман колунан өлбөй турганыңды билсең-сүйүн.
Акылмандар: эгер душман > бир көз ирмем эрте өлсө, муну ийгилик деп эсепте
дешкени менен, бардык адам өлөөрүн билгенден кийин, бирөөнүн өлгөнүнө сүйүнүп
болбойт. Мен айтканмын:
Душманыңды күлгө айланткан абалга,
Сен эмнеге кубанасың мынчалык?
Маалы келсе сен да учасың ажалга,
Бирөөлөргө сынтакпагын ырсайып.
Биз баарыбыз сапар жолундагы пенде болгондон кийин бул жолго жасаган жакшы
иштерибизден башка эч нерсе ала албайбыз.
Икая
Искендер Зулкарнайн бүтүн дүйнөнү кезип бүтүп, ааламды өзүнө багындыргандан
кийин атын артка буруп, үйүн көздөй жөнөгөн экен. Дамганга жетип, жаны үзүлөт.
Керээз калтырат: мени табытка салганда, эки тешик жасагыла, ал тешиктерден эки
алаканым жайылып чыгып тургандай болсун. Табытты көтөрүп баратканда биз бүтүн
дүйнөнү багындырсак да о дүйнөгө КУРУ кол кетээрибизди көрүшсүн.
Захабна ва таракна багындырдык, калтырып кеттик, мындан өткөн көйгөй барбы!
Туттук, бирок кармай албадык. Апама айткыла, ал менин жанымды сүйүндүргүсү
келсе, жакын адамдары өлбөгөн кимдир бирөө же өзү өлбөчү адам менен чогуу
отуруп, мени жоктогон ыйын төксүн.
Кимдир бирөөнүн бутуна чалма салчу болсоң, шашпай карма, эгерде арканды
күчтөп тарта берчү болсоң, туруштук бербей үзүлүп кетет. Ан үчүн бардык иште, анын
ичинде достукта да кастыкта да аша чаап кетпегин, ар нерсенин өз ченеми болот; аша
кетпөө акылдуулуктун айрылгыс касиети. Сени көрө албаган адамдарга аларда кызганч
жаратчу буюмду көрсөтүп, ичин тырчытпа, себеби алар сага жамандык тилей
башташат.
Сага жамандык ойлогон адамга сен да жамандык ойло, бирок сенден артык болом
деген адам менен атаандашпа жана ага көңүл бурба, анткени ал баарынан артык
болом деп жүрүп күлү сапырылат: суу куйган кумура да бир күнү сынат эмеспи.
Наамалар менен митайымдарга сабырдуу бол, бирок "какайганга какайгын, төбөң
көккө жеткенче". Бирок, кандай иште болбосун өзүңдү сыпаа тут. Ачууң келгенде
сөзсүз ачуунду баса бил, досуң жана душманың менен үнүңдү көтөрбөй сылык сүйлөш,
анткени сылык сөз сыйкырга ээ. Бирөөгө эмне жакшы жана жаман сөз айтсаң, андан
ошону угасың; өзүн уккуң келбеген сөздү башка бирөөгө айтпа. Бирөөгө эл алдында
бетке айтчу сөзүңдү, ал жокто артынан айтпа; жөнсүз жерден адамдарды опузалаба;
бүтө элек ишиңди айтып мактанба жана "мындай кылып койом" дегенден көрө
"мындай кылып жасадым" деп үйрөн. Мен айткам:
Душман дебей, тууган дебей суу агат,
Ичет, жуунат, кубат алат, кубанат.
Кенен болгун, терең, болгун, таза бол,
Улуу сапар чыйыр жолдон куралат.
Уулум, иштин баасы сөздөн кымбат экенин унтупа. Сени менен курч сүйлөшкүсү
келген адам болсо да, сен андай курч сөзгө барба. Эч качан эки жүздүүлүк кылба жана
андай адамдардан кач. Оозунда оту бар ажыдаардан коркпо, чагымчыдан корк,
себеби чагымчы бир саатта бузганды бир жылда да ондой албайсың. Кулдар менен
эрегишпе, улуу жана атактуу болсоң дагы өзүңдөн пас адам менен кыжылдашпа.
Акылман адам айткан экен: Эсепсиз көп жамандыктан кутулуу үчүн он касиетке ээ
бол. Көралабагандар менен достошпо; сараңдар менен мамиле күтпө; акмак менен
талашпа; бети жок менен дос болбо; жалганчы менен алака кылба; ачуусу тез жана
чырга жакын адамдар менен шарап ичпе; аялдар менен убактыңды ашыкча көп
өткөрбө; өз улуулугуңду жана атак даңкыңды түшүрбөйм десең сырыңды эч кимге
ачпа; эгер кимдир бирөө сенин кайсы бир кемчилигиңди айтып жемелесе актанба, тез
макул болуп кутул. Качандыр кимдир бирөөнүн жаман жагын айтып жемелегенде,
оозуңду жаап турбоо үчүн эч кимди ашыра мактаба; качандыр кайсы бир адамды
мактоочу мезгил келгенде бозоруп турбас үчүн эч кимди ашыра жемелебе. Кимдир
бирөө сага муктаж болбой жатса, аны ачууланып жана доомат айтып коркутпа, себеби
сага муктаж болбогон адам сенин ачууңдан жана дооматыңдан коркпойт, аны
коркутуп опузалайм деп жатып, өзүн элге күлкү болосуң. Сенин жардамыңа муктаж
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кабуснаме - 08
  • Parts
  • Кабуснаме - 01
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2009
    22.9 of words are in the 2000 most common words
    32.6 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 02
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 1923
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 03
    Total number of words is 3952
    Total number of unique words is 1942
    26.0 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 04
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2074
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 05
    Total number of words is 3996
    Total number of unique words is 2142
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    43.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 06
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2008
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 07
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2031
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2077
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 09
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1960
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 10
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2099
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    34.8 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 11
    Total number of words is 3997
    Total number of unique words is 2026
    26.0 of words are in the 2000 most common words
    38.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 12
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2036
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    38.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 13
    Total number of words is 3365
    Total number of unique words is 1726
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    39.4 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.