Latin

Кабуснаме - 05

Total number of words is 3996
Total number of unique words is 2142
26.8 of words are in the 2000 most common words
38.0 of words are in the 5000 most common words
43.7 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
махабат ырахатына мас болуу бир күн көрүшпөй калып, санаага батып кыйналганга
арзыбайт эмеспи, анткени махабат таттуу кыйналуу болгону менен баштан-аяк азап да,
жүрөк түйшүгү да, балакет да. Ошон үчүн сүйүүгө азгырылып, эсиңди жоготкондон
сактан, дегеним себеби акыл-эстүү адамдар сүйүүгө азгырылбайт. Кимдир бирөөнү
бир көргөндөн эле сүйүп калуу акылба сыйбаган иш эмеспи. Адегенде көз көрөт, анан
жүрөк жактырат, жүрөк каалагандан кийин гана табиятың сулууну энсей баштайт жана
жолугууну күсөйт. Эгер сен бар ышкыңды жүрөгүңө баш ийдирчү же жүрөгүңдү
ышкыга багындырчу болсоң, ошондо сүйгөнүңдү экинчи ирет көрүүнүн амалын издей
баштайсың. Экинчи жолу жолуккандан кийин ага деген ышкы-сүйүү эки эсе артат жана
жүрөктүн күсөөсү чегин билбей, сен үчүнчү жолку жолугуунун айласын ойлоп,
түйшүккө батасың. Үчүнчү жолу көргөндөн кийин сулууга тил бүтүп сүйлөйт, айткан
сөзүнө жооп кайрыйт, ошондо... "эшек качты, чылбырын ала качты, жип жоголду!"
Ушундан кийин карманам десең да жүрөгүң алеп-желеп болуп, сага баш ийбей
калат. Күн өткөн сайын жүрөгүңдүн кыйналганы токтобой күчөйт да сүйүүгө аргасыз
багынасың. Эгер сен жаныңа тынчтык бербеген биринчи эле жолугушууда акылыңды
жоготпой, жүрөктү ойноктотпой башкара алсаң, сүйгөнүңдүн ысмын унута баштайсың
да башка ишке алаксып, ышкынды суутасың жана аны менен кайра жолугууну
көксөбөй каласың. Шондо бир жума бою азапка түшүп, сүйгөнүң экинчи эсиңе келбей,
аны тез эле унутасың.
Бирок бул ар бир эле адамдын эрки жетчү иш эмес, муну акылы тунук гана адам
жасай алат. Мен азыр айткандай кыраакы жана акыл эстүү адам башын жоготуп,
сүйүүгө азгырылбайт; непада андай адам махабатка кабылса, акыл-эсин таразалап,
андан коргоно алат, анткени сүйүү-илдет.
Мухаммад-и-Закария "Оорулардын аныктамасы" деген эмгегинде сүйүүнүн
дартына токтолуп, анын дабасы: үзбөй орозо кармоо, оор жүк көтөрүү, алыс жолду
басуу, тынбай иштөө жана көңүл ачуу экенин жазат.
Эгер сен кимдир бирөөнү сүйүп калсаң, алдыда болчу жолугушууну ойлоп, жүрөгүң
толкуйт. Аны мен ар бир адам менен боло турган кубулуш деп эсептейм.
Абусаид-и-Бу-л Хайр адамга төрт нерсе зарурат экенин айткан: 1. Бир сындырым
нан; 2. Жупуну кийим; 3. Эски там; 4. Сүйгөн дос. Бул нерселер ар бир адамга ченине
жана даражасына ылайык азбы-көппү керек. Бирок, бир мажнун "достук башка, сүйүү
башка» деп ырдаганы менен, сүйүшкөн адамдын эч кимисинде бактылуу мүнөтү
болбойт.
Эй, сулуу жүрөгүмө бүлүк салган оттой сүйүүң мен үчүн бал,
Жалбырттаган жалындын жанга ырахат бергенин көрдүң беле?
Билгин, достук ар качан адамды бактылуу кылат, ал эми сүйүүдөн ар качан
бактысыз болушат. Эгер сен жаш кезиңде сүйүү менен ырахаттанууну кааласаң, аның
кечиримдүү дечи. Анткени кимдир бирөө сенин сүйүүгө элеп-желеп болуп жүргөнүңдү
байкаса, "жаш да" деп койот. Карыганда сүйүп калбаганга аракет кыл, себеби кары
адамга эч кандай кечирим болбойт. Эгер сен кайрылышары жок бир карып болсоң,
сага жеңил болмок; а эгер сен падыша же улгайган абышка болсоң, сүйүү жөнүндө
ойлобо жана жүрөгүңөн эч кимге орун бербе, себеби падышага сүйүү оюнун ойноо-өтө
оор жүк болот.
Икая
Чоң атамдын доорунда Шамсалмаалиге Бухарада бир соодагердин гулямын 2 миң
динарга сатып алса болот деген кабар келет. Бул кабарды Ахмад Саади эмирге
угузганда, ал гулямды сатып келүүнү буйруйт. Ахмад Саади Бухарага барып, кул саткан
соодагерди таап, гулямга 1200 динар төлөп, аны Гурганга алып келет. Эмир гулямды
көрөр менен жактырып, кол аарчуучу чачык бергич кылып дайындайт. Ошентип, эмир
колун жууганда, гулям чачыкты берип турчу болот. Арадан анча убакыт өтөт. Бир күнү
эмир колун жуугандан кийин жанагы гулям ага чачыкты сунат. Эмир колунун суусун
кургата аарчып бүтсө да, чачыкты колунан чыгарбай гулямды суктана тигилип карап
турат. Гулямга эмирдин көзү түшүп калган экен, ал бир нече күн өткөндөн кийин
уазири Абу-л Аббас Ганыга: "Мен жанагы гулямга эркиндик бердим жана баланча
кыштакты тартуу кылдым. Парман жаз жана гулям үй-бүлөлүү болуусу үчүн кайсы бир
шаардык адамдын кызына үйлөнтүп кой. Гулям бетине сакал бүткөндө тез мага
келсин," деп айтыптыр. Абу-л Аббас Ганым эмирге кайрылып: "Жаангредин эрки. Эгер
жаангер туура тапса, малайына бул айткан сөзүнүн маанисин түшүндүрүп берсин", -деп
өтүнөт. Ошондо эмир: "Бүгүн жашы жетимиштен ашкан падыша сүйүүгө азгырылып,
куник окуя болду. Мен 70 жашты аттагандан кийин теңдешсиз улук Алланын кулдарын
сактап, аскерлердин жана өлкө букараларынын камын көрүшүм керек. Эгер мен сүйүп
калсам, не кудурети күчтүү Алладан, не элден кечирим болбойт", деген экен.
Ырас, жаш жигит эмне жасабасын, баары кечиримдүү. Бирок, сүйүүгө тез
азгырылбаш керек. Канчалык жаш болбогун, мамлекетке зыян тийгизбеш үчүн
акыл-эстүү, салабаттуу саясатчы болгонго аракет кыл.
Икая
Газна шаарында Султан Масуддун он гулямы болуп, ону тең султандын
покчочулары экен. Алардын ичинен Нуштегин аттуу гулямды Султан аябай жакшы
көрөт. Султан белек берсе, эч бир гулямды бөлбөй, баарына бирдей белек
жасагандыктан, султандын сүйгөнү ким экенин эч ким билбейт. Ортодон дагы беш жыл
өтөт. Лекин, бир да кул, бир да малай Султан кимди жакшы көргөнүнө көздөрү
жетпейт. Бир күнү Султан: "Атам Аязга берген икта менен маянага Нуштегин үчүн
парман бергиле", дейт. Ошондо гана сарайдагылар Султандын он гулямдын ичинен
Нуштегинге ымаласы ысык экенин билишет.
Эми уулум, сага мунун баарын айтканымдан кийин, кокус бирөөгө ашык болуп
калсаң, менин бул айткан кенешимди унутуп койоруңду билем. Ошон үчүн сага кары
адамдарча ыр окуп берейин:
Болгуң келсе борумунан алып мээр,
Болуш керек Азра менен Вамиктей.
Ким алардай болалбаса арамза,
Ким алардай сүйөлбаса маңыз жел.
Мен минтип айтканым менен бул төрт сап ырды туура таппа. Сүйбөгөнгө аракеттен,
непада сүйчү болсоң, сүйүүгө тактыктуу бирөөнү тап. Мажнунга Птолемей жана
Платондой даанышман болуунун кереги жок, бирок бир аз да болсо акыл-эстүү болгон
адеп. Ал сүйгөнүң Жусуптун уулу Жакыптай сулуу болбой турганын мен билем,
ошентсе да анда бирөөлөрдүн оозун жапканга жана сени актаганга жарагандай
сүлкүлдөгөн келбети болуш лаазим. Себеби адамдар бир биринин кемчилигин чукуп,
ушактаганын эч качан токтотушпайт.
Бир адамдан: "Сенде кемчилигиң барбы?" деп сурашса, ал "Жок" деп жооп берет.
Анда: "Сенин кемчилигиңди таап билчүлөр барбы?" дешсе, "Андайлар толтура"
дептир. Ошондо ага: "Демек, сенин артыңан башка адамдарга караганда көп жаман
кеп айтышат экен", деп айтышкан экен.
Бирок, конокко барганда, сүйгөнүңдү өзүң менен кошо ала барба, а эгер өзүң
менен кошо ала барчу болсоң, бөтөн адамдардын алдында аны менен көп алектенбе
жана үйрүлүп түшүп көңүл бурба. Аны эч ким жеп койбойт. Элдин баары эле аны сага
көрүнгөндөй сулуу дешет деп ойлобо. Бир акын айткан:
Бүт баарына сулуумун деп турусуң,
Баарына эмес, мага гана сулуусуң.
Сүйгөнүң сага адамзатта жок сулуу болуп көрүнгөнү менен башкалар үчүн желмогуз
кейпинде көрүнүшү этимал. Үлпөттө отурганда сүйгөнүңө мөмө жемиштерди жегин
деп тынбай бере бербе, "маанайың кандай" деп сураба, саат сайын пайда-зыянсыз
сөздөрдү кулагына шыбырап сүйлөбө. Адамдар ага эмне айтканыңды баамдап
билишет.
МОНЧОГО БАРУУНУН ТАРТИБИ
Уулум, мончого тамакка тоюп алып барган зыян экенин билип алгын. Ар күнү
мончого баргандын пайдасынан да зыяны чоң, себеби кан тамырларың менен
муундарын үлбүрөп, бошошот жана табиятың мончого көнүп калган соң бир күн
калтырсаң эле өзүңдү оорудай сезип, денең кургап, чор баскандай сезилет. Андыктан
мончого ар эки күндө бир барган жөндүү. Кышкысын жана жайкысын мончого
барганда адегенде бир саам дализде отуруп, денеңе тыныгуу бер. Андан соң ысыктын
демин сезүү үчүн ортоңку бөлмөгө өт. Ошондон кийин ысык бөлмөгө кирип, бир саам
отуруп ысыктын табында денеңди ырахат алдыр. Оттун деми денеңди жибитип, сөөгүң
ысыгандан кийин жалгыз адамдык бөлмөгө өтүп, башыңды жуугун. Мончодо көпкө
отуруп алба жана ысык же муздак сууну ашыкча көп куюнба, баары чени менен
болсун. Эгер мончо ээн болсо, бул зор бакыт деп бил, анткени даанышмандар ээн
мончону эң зор ийгилик дешет.
Мончодон чыккандан мурда башыңды жакшылап кургатып ал, себеби акыл--эстүү
жана абройлуу адамдардын көчөгө башы суу бойдон чыкканы жарашпайт. Мончодон
чачыңды кургатпай чыккан бойдон сыйлуу адамдар менен жолукканы барба,
барсаң-каадада жок жорук болот.
Мен мончонун пайда-зыяны жөнүндө айтып бүттүм. Бирок, мончодо суу жана
фука 22 ичкенден этият бол, бул ден соолукка абдан зыян жана денеде сары сууну
пайда кылат. Эгер үлпөлчүлүктөн кийин ичкиликке чактырып кыйналсаң, мастыгың
козголбош үчүн жана зыяны аз болуш үчүн суу ичсең болот. Алла баарынан жакшы
кабардар.
УЙКУ ЖАНА ЭС АЛУУНУН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ
Э, уулум, румдук даанышмандардын мына бул салтын билип ал. Алар мончонун
кийинип-чечинчү бөлмөсүндө бир аз чырым этип алмайынча, көчөгө чыгышкан эмес.
Бир да башка элде мындай салты жок.
Даанышмандар уйкуну ымыркай өлүм деп атап коюшат, себеби уктап жаткан
адам-өлгөн адам сыяктуу; уйкудагы адам да өлгөн адам сынары бул дүйнөдөн
бейкабар болот.
Бири-дили жок өлүк болсо, экинчиси-жаны жок өлүк. Көп уктаган айтканга
татыбаган жосун. Узак уйку денени ыңгыратып, алсыратат жана табиятыңды козголтот,
нурдуу жүзүң бозоруп өңү качат.
Башка түшсө адамдын жүзүн даңгел өзгөртчү беш нерсе бар: күтүүсүз кубаныч,
капылет жоготуу, ачуу, уйку, масчылык. Ал эми алтынчысы-карылык. Картайган
адамдын жүзү өзгөргөнү менен анын табияты бөлөк.
Бирок, уйкудагы адам не тирүү, не өлүү деп саналбайт. Көзү өткөн адамды
тескебегендей эле, уйкудагы адамга жаман сөз айтпайт. Мен айтканмын:
Урмат-сыйды, ырахатты көп көрдүк,
Убакытты унуттурду көпкөндүк.
Өзүбүздү өзүбүз жеп, өмүрдүн
Канча жылын уйку менен өткөрдүк.
Узак уктаган канчалык зыяндуу болсо, уктабай жүрө берген ошондой эле зыяндуу.
Киши эгер 72 саат, башкача айтканда, үч күн атайылып уктабаса же аны татуу уйкудан
катуу жулкулдатып ойготсо, ал өлүп калышы мүмкүн.
Ар нерсенин өз чени бар. Даанышмандар айтышкан: 24 сааттын үчтөн экисинде
ойгоо жүрүп, үчтөн биринде укта. 8 саат жаратканга кызмат өтөп, чарбаңды жүргүзүүң
абзел; 8 саатты үлпөтчүлүк жана оюн-тамаша менен өткөр; калган 8 саатта 16 саат
кыйналган денең эс алуусу үчүн дем алышың керек.
Акылы жоктор 24 сааттын жарымын укташат да жарымын ойго жүрүшөт; жалкоо
адамдар күндүн үчтөн экисинде укташып, үчтөн биринде өз тирилиги менен алек;
акылмандар күндүн үчтөн биринде уктап, үчтөн экисинде ойгоо болот.
Ошентип, мен айткандай, ар сегиз саатты бөлөкчө өткөр. Эсиңде болсун, кудуреттүү
эгем түндү өз пенделери уктоосу үчүн жараткан жана "биз түндү көшөгө кылып
жараттык" деп айткан. Бул чындыкты да биле жүр: тирүүнүн баарында денеси жана
жаны бар. Дене-бул идиш, а жан-анын ичиндеги заты.
Жандын үч касиети бар: жашоо, жеңил-желпилик жана кыймыл; дененин да үч
касиети бар: өлүм, тынчтык жана салмагы (оордук).
Дене менен жан бирге болгондо, жан өз касиеттери менен денени коргойт жана
кээде кыймылга келтирет. Дене (бул жандын өзгөчөлүгү) өз касиети менен жанды
кыймылдатпайт жана бейгам иштерге түртөт.
фука арпа же күрүчтөн жасалган шербет.
Мүмкүн болушунча күндүз уктабаганга тырыш, эгер эркиң жетпесе күндүз бир аз
убакыт укта, анткени күндү түнгө айлантуу эстүүлүк эмес. Бектерде жана бай
адамдарда жайкысын чак түштө эс алмай адаттары бар, алар ошондо да балким
укташат, балким жок.
Жалпылап айтканда, сен өмүрүңдүн көбүн ойгоо жүрүп, аз уктаганга үйрөн, ансыз
деле сааты келгенде узак уктаганга мажбурсуң.
Бирок, күндүз же түнкүсүн уктагың келсе, жалгыз жатпа, жаныңа ылазат берген
кимдир бирөө менен чогуу укта. Себеби, уйкудагы адам менен жансыз жасат
ортосунда дээрлик эч кандай айырма жок. Ал экөө тең тышкы дүйнөдө эмне болуп
жатканын билишпейт, айырмасы эле: бири-жандуу, экинчиси жансыз. Уйкудагы бул
экөөнүн дагы бир айырмасына токтолсом, жасат зарурат зарылчылыктан улам
жатканга мажбур болсо, тирүү адам эмне үчүн жалгыз укташ керек? Мына ушун үчүн
бу дүйнөдөгү өмүрлүк түгөйүң жаныңа ылазат-кубаныч берген жан болсун, а тиги
дүйнөдө буйруганы. Ушул талап орундалганда гана тирүүлөр менен өлүүлөрдүн уйкусу
ортосунда айырма болот.
Күн чыкканча жараткандын буйругун жазбай аткаруу үчүн үрүл-баралда уйкудан
турганды өзүңө адат кылып ал. Күндүн нуру Жер бетин чайып баратканда турган
адамга шыбага жок, ал анткени намаз окуучу убакытты өткөрүп жиберет да күнөөсү
мойнуна жүктөлөт. Ошондуктан таң агаргандан эрте туруп, оболу Алланын буйругун
аткаргын дагы андан кийин өз тирилигиң менен алпуруш. Эгерде таң эртең бүткөрөр
жумушуң болбой, аңчылыкка же сейилге барууну кааласаң, намаздан соң аңчылык
кыл жана көңүлүң куштар болгон ишти ырахаттана жасай бер. Жараткан жар болсун.
АҢ УУЛООНУН ЭРЕЖЕСИ ЖӨНҮНДӨ
Оо, уулум, жаш кезде ат минип алып, аңга чыккан, чавган ойногон сырдана
бектердин эрмеги экенин билип ал. Бирок, ар бир иштин тийиштүү тартиби, ага
жараша эрежеси жана чен-өлчөмү болот. Күн сайын эле аң уулаган жарабайт. Бир
жумадагы жети күндүн эки күнүн ан уулаганга арна, үч күндү шарап ичип, көңүл
ачканга жана эки күндү чарбалык иштерге бөлүп кой.
Атка мингенде бою жапысын тандаба, себеби көрөсөн адам болсо да пастек ат
мингенде жапыс бойлуу бечара көрүнөт; пакене бойлуу адам заңкайган аттын үстүндө
зоңкойуп алп көрүнөт.
Сапарга чыкканда бир мүнөз жоргону мин, ат жоош болсо, киши этияттыкты унутат.
Шаарда жана топ ичинде жүргөндө өзүнө көңүл бурганды унутпас үчүн чабагаан атка
эмес, күлүк атка мин. Ат үстүндө жаман чабандес көрүнбөө үчүн дайыма түз отур.
Аң уулоого чыкканда атыңды жөнү жок чапкылай бербе, атка ээ-жаа бербей
чапкылай берген гулямдар менен боз балдардын жосуну. Атыңды жапайы
айбандардын артынан чапкылап демиктирбе, себеби жырткыч айбанаттарга аңчылык
кылуу пайдасыз иш жана өмүрүңө коркунучтан башка эч нерсе алып келбейт. Биздин
уруудан жырткыч жаныбарларга аңчылык кылып жүрүп эки улуу падыша курман
болгон: бири-атамдын чоң атасы Вушмагир ибн Заир, экинчиси-таякемдин уулу эмир
Шараф-ал-Маали. Ошон үчүн жандыктарды өзүңдөн жаш курактагыларга айдактатып,
өзүң улуу падышанын алдында гана айдактаганга чык. Бул атак-даңкка жетүүң жана
өзүңдү падышага көрсөтүүң үчүн керек.
Аңчылык өмүргө кооптуу болбоосу жана олжо пайдалуу болуусу үчүн куш,
ылаачын, карчыга, барс жана ит менен аңчылык кыл.
Жырткыч айбандардын эти азыкка, териси тонго жарабайт. Куш менен ууга чыкканда
Хорасандын падышалары кушту колдон чыгарбайт, Ирактын салты боюнча падышалар
кушту өз колу менен салышат. Сен падыша болбосоң, каалагандай аң уула; эгер
падыша болуп калсаң, кушту өз колуң менен салганың ылайык болот. Бирок, бир кушту
эки жолу салба, бул падышага татыктуу салт эмес. Кушту бир ирет койо берип, ал олжо
алабы же жокпу, байкап тур да, андан кийин экинчи кушту сал, ал эми биринчисин
кушчу таап келсин. Анткени, падышанын аңга чыккандагы максаты тамак табуу эмес,
көңүл ачуу. Пааша эгер тайган иттер менен ууга чыкса, иттерди өзү ээрчитпеши шарт.
Итти падышанын көз алдында кулдар агытып, өзү аларды тек карап турганы оңдуу.
Олжо артынан ат менен кууба жана барс менен аңчылык кылганда, аны эч качан
артыңа мингизип алба, себеби, падышага барсты карап жүрүү жарашпайт, анын үстүнө
падышага жана ажолорго барсты учкаштырып алуу акылсыздык болот. Аң уулоонун
мен сага айтайын деген эрежелери ушундай.
ЧАВГАН ОЙНОО ЖӨНҮНДӨ 23
Уулум, кулагыңа түйүп ал, чавган ойногондон сенин кыбаң канса, дайыма артынан
түшүп ойнобо, анткени көп адамдар баш оту менен чавганга берилип кетип, балекетке
кабылышкан.
Икая
Укканыма караганда, Амр-и-Лейстин бир көзү кыңыр экен. Ал Хорасандын эмири
кезинде атайын жасалган майданга топ ойногону барат. Эмирди Азхари-и -Хар деген
амир лашкер утурлап келип, атынын чылбырын колдон алат да: "Сага топту урууга
жана чавган ойноого уруксат бербеймин" дейт. Амр-иЛейс: "Эмне үчүн сиз топту
урсаңыз болот да чавган ойноп жаткан менин топту чапканыма уруксат бербейсиз?"
деп сурайт. Азхар жооп берет: "Себеби, биздин эки көзүбүз бар. Кокус топ көзүбүзгө
тийсе, жайнаган дүйнөнү көргөнгө бир гана көзүбүз калат. А сенин бир эле көзүң бар,
кокустан топ ошол жалгыз көзүңө тийсе, Хорасандын эмири болбой каласың". Анда
Амр-иЛейс айткан экен: "Эшек мээ болсоң да, чындыкты айттың. Мени ынандырдың,
эми тирүү кезимде топту урбаймын".
Эгерде сен жылына эки жолу чавган ойноп, кыбаңды кандырам десең, ага уруксат
берем. Бирок, майданда оюнчу-чабендестер аз болсун, ошондо кырсык кем болот.
Майданда сегиз гана чабандес болгону ылайыктуу. Сен майдандын бир четинде тур,
башка бирөө экинчи четинде турсун да, калган алты оюнчу майдандын ортосунан топ
чапсын. Топ сага учуп келсе, аны тосо ургун дагы андан кийин гана атыңды теминип
топтун жанына бар. Бирок, бир жериңди кокустатып албас үчүн мөөрөй алам деп
башы-көзүңө карабай талашка кирбе. Бектер чавганды мына ушинтип ойношот.
Калганы Алланын эркинде.
СОГУШ ӨНӨРҮ ЖӨНҮНДӨ
Оо, уулум, айкаш жүрүп жатканда шашпай козголуп, өлүмсүктөнбө; жоо сени
талкалап, жеңишин тойлогонго жеткирбей аны таш-талкан кылып, жеңишиңди
майрамдаганга үлгүрүшүң шарт. Уруштун ортосунда энөөлүк кылба, тескерисинче,
жаныңды карч уруп аянба. Анткени бешенесине өлүм жазган адам эч айла менен
үйүндө тынч уктай албайт. Табаристандыктардын тилинде менин айтканым бар:
Болсо дагы душмандары Арыстан,
Шер жигиттер коркпой туруп алышкан.
Үйдө уктаган өлум менен барабар,
Ашкан күч жок кайрат менен намыстан.
Чавган ат оюн. Атчандар эки топко бөлүнүп, колундагы жыгач калак менен жыгач
топторду каршы тараптын дарбазасына киргизет.
Ушул ырым жалпыга түшүнүктүү болуу үчүн персче да айтайын: Согушта бир кадам
алга жыла алсаң, эч артка чегинбе. Эгер душман курчап алса, урушту токтотпо, анткени
жоону чабышып жатып, багындырып алса болот. Алар сенин уруш майданындагы
каармандыгыңды көрүшсө, сенден коркушат. Жоо бетиндеги ажалдан апкаарыба,
жалтанбай согуш: коркпостун колундагы кыска канжар кылычтай узарат.
Уруш майданында коркконуңду билгизбе, анткени душман коркконуңду жана
шайың ооп турганыңды байкаар замат сенин миң жаның болсо дагы анын бирин да
куткарып, тирүү калбайсың. Ошондо эргежээлге чабыласың, ысымыңа жууса кетпес
көө сыйпалат.
Эр жигиттер арасында каарман жоокер катары таанылып, бирок даңкыңа татыксыз
ишке барсаң, ысмыңды жоготосуң жана теңтуштарыңа алдында ыраспа болосуң.
Атак-даңктан жана оокаттан кол жууганыңдан кийин досторуң сени менен эсептешпей
калышат. Мындай жашоодон өлгөн артык, шерменде жашоодон даңктуу өлүм жакшы.
Атак-даңкка бөлөнүп ал, жашынба,
Ансыз дагы бир өлүм тур башыңда!
Бирок, бейчеки кан төкпө жана мусулмандын канын төккөнгө жол бербе;
селсаяктарды, ууру-кескилерди жана шарият уруксат бергендерди аяба, себеби
бейчеки төгүлгөн кан үчүн о дүйнө, бу дүйнө жамандык күтөт. Биринчиден, кыямат
күнүндө ал үчүн жооп бересиң, ал эми бу жашоодо ысмың булганат. Экинчиден,
кичүүлөр сенин жаныңда өздөрүн кооптуу сезишет жана малайларың сенден үмүт
үзүшөт. Үчүнчүдөн, адамдар сенден четтешет, жүрөгүндө жек көрүшөт жана бейчеки
төгүлгөн кан үчүн тиги дүйнөнүн каргышы урат.
Адам баласы жасаган жамандыктары үчүн бу дүйнөдө эле жазасын алат. Бул
жөнүндө мен китептен окуганмын жана турмуштан белгилүү. Колу канга малынган
киши бул тириликте бак-таалайлуу жашап өткөнү менен, каргыш анын балдарына тиет.
Ошон үчүн "Кудай" деп өзүңдү жана балдарыңды ая, бейкүнөө адамдардын канын
төкпө. Ал эми уруксаттуу, сооптуу кан төгүү зарыл болгон учурда сөлбүрөп турба,
антсең өзүң зыян тартып каласың.
Элдин сөзүнө караганда, таятам Шамсалмаали канкор адам болгон экен. Ал
каардуу адам болгондуктан эч кимди аябаптыр. Таятамдын катаалдыгынан заарканган
аскерлер Фалакалмаали таякеме 24 : "Эгерде сен бизге кошулбасаң, өлкөнү бөтөн
бирөөлөргө өткөрүп беребиз" дешип, аны таятама каршы кутумга барууга
мажбурлашат. Аскерлерге кошулбаса, падышалык уруунун колуңан чыгаарын аңдаган
таякем, бийликти сактап калууну көздөп, лашкерлер менен чогуу өз атасын туткунга
алат. Аскерлер таятамдын колу-бутун байлашып, замбилге отургузуп алып, ишенимдүү
адамдардын коштоосунда Жанашк сепилине жөнөтүшөт. Алардын арасында Абдулла
деген сарбан да болот. Шамсалмаали таятам жолдо баратканда төңкөрүштүн артында
кимдер турганын Абдулладан сурайт: "Ээ, Абдулла, кутум мен үчүн күтпөгөн зор окуя
болду. Мен ага каршы чара көргөнгө үлгүрбөдүм. Сен бул ишти эмне максат менен
кимдер уюштурганын билесиң. Алар кимдер?». Абдулла аскерлерди төңкөрүш
жасоого көндүргөн беш сипахсаларды атап: "Бул ишке мен өзүм да аралаштым.
Башкаларды да үгүттөп, кутумду ишке ашырдым. Ал үчүн мени айыптабай эсепсиз
адамдарды өлтүргөн өзүңдү күнөөлө", - дейт. Ошондо Шамсалмаали айтыптыр: "Сен
жаңыласың. Бул жамандык адам өлтүргөнүм үчүн менин башыма келди. Эсим болсо,

Фалак-ал-Маали Манучехр ибн Кабустун уулу.
сен айткан бешөөнү сага кошуп өлтүрсөм баары жакшы болмок. Өзүм да коопсуз
болмокмун".
Мен бул окуяны сени жасоого зарыл иштерди бүткөрбөй калтырбасын,
мойнундагы милдетине жоопкерчиликсиз мамиле кылбасын деп айтып бердим.
Кимдир бирөөн, кулдукка сатып алып, кийин аны жалтак кылып үйрөтүү - бул кан
төгүүгө тете иш. Сен өз кызыкчылыгың үчүн мусулман пендени бычымал же тукум
курут кылсаң, андан өткөн мыйзамсыздык болбойт.
Эгер сага бычылмал-евнух керек болсо, даяр бычымал изде; кимдир бирөөнү
бычтырып, күнөөнү өзүңө алба.
Согушта мен айткандай, өзүңдү аяба; денеңди ит-чөөгө жем кылмайынча өзүңдү
арстанга теңей албайсың. Билгин: адам бир туулуп, бир өлөт. Тирүүнүн үч гана түрү
бар: тилдүү тирүүлөр, тилдүү өлүүлөр жана тирүү жансыздар, башкача айтканда,
периштелер, адамдар, айбанаттар жана канаттуу куштар.
Пехлеви тилинде жазылган перстердин китебинен окуганмын. Заруштадан тирүү
жандын канча түрү бар деп сурашканда, ал айткан экен: "Тилдүү тирүүлөр, өлүп
бараткан тирүүлөр жана тирүү өлүп бараткандар". Ошентип, бардык тирүүлөр өлөт
жана эч ким пешенге жазгандан эрте өлбөйт: дилиңди берип согушуп, атак-даңк жана
дөөлөт тапканга аракет кыл.
Өлүм жана өлүү жөнүндө ыймандуулардын көсөмү Али ибн Аби-Талиб айткан:
"Мен туулган күнү өлгөнмүн." Бир сөздөн экинчи сөзгө өтсөм, дагы көп сүйлөп кетем,
анткени "көптү билген көп сүйлөйт" деп айтылган эмеспи.
Сөздү "Бу дүйнөдө атак-даңкка жана нанга кантип жетсе болот?" деген суроо
менен баштаган элек, ошол сөзгө кайрылалы. Атак-даңкка жана нанга жеткенден
кийин байлык топтоого, мал-мүлкүңдү көбөйткөнгө жана аны керегиңе ылайык
пайдаланганга аракет кыл.
БАЙЛЫК ТОПТОО ЖӨНҮНДӨ
Уулум, учуру келип турса, кайсы бир затты колдон чыгарбай сатып ал, бирок буюм
үчүн өмүрүңө коркунуч жаратпа жана өзүңө ылайыктуу болсун үчүн буюмдун эң
мыктысын сатып ал. Сатып алган буюмуңду сакта, тегин жерден колуңдан чыгарба,
анткени сатып алгандан сактаган кыйын. Акчаңды бир нерсеге жумшасаң, ордуну тез
толтурганга умтул. Бир нерсе алсаң ордуна эч нерсе бербейсиң, Карундун 25 кенчи
болсо да бир күнү түгөйт. Байлыкка жаныңды берип байланба жана түгөнгөндө
кайгырбас үчүн аны өтө маанилүү дебе. Муктаждыкта достордон сураганча, душманга
аз да болсо калтыруу керек, деп айтылган го.
Бирок, байлыкты колдон чыгарбай бекем кармоо зарурат, себеби азды сактабаган
көптү сактай албайт. Бирөөнүн мүлкүн сактаганча, өз мүлкүңдү сактаганды жакшы деп
бил. Жалкоолуктан уял, жалкоолук-муктаждыкка жылоолош болот. Мээнет кыл,
байлык жалкоолуктан эмес эмгек менен жаралат, эмгектен байлык топтолсо,
жалкоолуктан тозот. Даанышмандар айткан: гүлдөп-өсүү үчүн эмгектенгиле, бай болуу
үчүн азга канаат кылгыла, досторуңар көп болуусу үчүн топуктуу болгула. Мына ошон
үчүн эмгек жана аракет менен топтолгон дүнүйөдөн жалкоолуктун айынан кол жууп
койгон акылсыздык болот. Муктаж болуп турганыңда өкүнгөндөн не пайда. Өзүң
эмгектенгенден кийин үзүрүн да өзүң көргөнгө аракет кыл. Кымбат буюм болсо да,

Тооруттагы Корей, бай. Куранда Карун (ХХVIII,76; XXIX, 38; ХL, 25).
татыктуу адамдан аяба, кандай болгондо да эч ким эч нерсени өзү менен о дүйнөгө
ала кетпейт.
Жокчулукта мүңкүрөбөс үчүн чыгашаң кирешеңден ашпасын, жокчулук
кедейлердин эле үйүндө эмес ар бир үйдө болот, Мисалы, кирешең бир дирхем 26
болуп, чыгашаң бир дирхем жана бир хаббэ 27 болсо, эч качан жокчулуктан башың
чыкпайт. Үйдө жокчулук болбос үчүн дайыма бир дирхем кирешең болсо, чыгашаң бир
дирхемден бир хаббэ аз болсун.
Барына канаат кыл, себеби канааттануу ошол эле токчулукту билдирет. Бешенеңе
жазган ырыскың сөзсүз сага келет. Жакшы сөз жана адамдардын арачылыгы менен
бүтчү ар кандай иште акчаңды жөн жерден сарптаба, анткени колу жука адамдарда
таразасы болбойт. Жөнөкөй эл өз пайдасын ойлобостон эле бардык байларды жакшы
көрөт жана зыянынан коркпой туруп, кедейлерди жек көрөт. Жокчулук адамды жарга
такайт, байларды мактоого арзыткан сапаттары кедей үчүн шылдың.
Адамдын айкөлдүгү анын жоомартыгы менен аныкталат жана ар бир адамдын
баасын анын жоомарттыгынан бил. Ысырапчылыкка жол бербе, уятсыздык деп сана.
Теңдешсиз Кудай өз пенделери үчүн ылайыксыз деген нерселерди жасаган уят.
"Ысырап кылбагыла, ал ысырап кылуучуларды сүйбөйт" деп айтылган (Куран, V1, 142;
VII, 29).
Теңдешсиз жана даңазалуу жараткан сүйбөгөн нерсени сен да сүйбө. Ар кандай
жамандыктын себеби бар, жакырлыктын себебин ысырапкорчулук деп бил.
Ысырапкорчулук-байлыкты тозутуу гана эмес. Тамак жегенде, жүрүм-турумуңда,
сүйлөгөн сөзүңдө, ар бир бүткөргөн ишиңде ысырапкорчулукка жол бербе, анткени
ысырапчылык денени кордойт, жаныңды кыйнайт, акылыңды кемитет жана тирүүнү
өлтүрөт. Өмүр майлуу билик экенин өзүң байкабадыңбы!? Биликке майды ченебей
куйсаң, билик ошол замат өчөт. Биликти өчүргөн майды чени менен куйсаң ал өчпөйт,
тирилик уланат, береги ысырапкордук «өлүмдүн» себеби болду. Ошентип, бийлик май
менен эле жашабастан анын туура чени менен жашаганын аныктадык. Ченден
ашыкчанын баары ысырапкорлук болот, биликке ошол эле май өмүр берди жана
өлтүрдү. Мына ушул себептүү жараткан ысырапкорчулукту сүйбөйт, акылмандар да ар
кандай ысырапкерчиликти колдобойт, анткени ысырапкорчулуктун аягы зыян менен
бүтөт.
Бирок, жашооңду кыйын кылба, өз ырыскыңдын жолун бууба, тагдырыңа ыраазы
бол жана болчу иште бейчекиликке жол бербе. Ким өз ишин чала кылса, ашыкча пайда
көрбөйт жана каалаганына жетпейт. Бар байлыгыңды керегиңе жумша, байлык кымбат
болгону менен жашоо андан да кымбат. Жалпылап айтканда, тапканыңды пайдалуу
иштерге сарптаганга аракет кыл. Өз мүлкүңдү сараңдарга ишенип тапшыр,
кумарпоздор менен аракечтерге ишенбе. Сенин дүнүйөң ууру-кескиден коопсуз
болсун үчүн башкаларды ууру деп эсепте. Мүлк жыйноодо жаңылба, ким жасап жаткан
ишинде жаңылыштык кетирсе, киреше албайт, бакытка жана ойлогон максатына
жетпейт; жыргалчылык эмгекке, эмгек жыргалчылыкка алып барат, бүгүнкү жыргалың
эртең эмгекти талап кылат жана бүгүнкү эмгегиң эртеңки жыргалыңа жол ачат.

дирхем араптардын байыркы күмүш теңгеси, салмагы 2, 97 грамм. 695 – жылы
башка өлкөлөр менен соодалашуу үчүн чыгарылган.
хаббэ сөзмө сөз алганда данды билдирет, өтө аз салмакты өлчөөчү чен бирдиги.
Эмгектенип жана эмгектенбей тапкан кирешеңдин бир дирхеминин эки дангын 28
үйүңө жана үй-бүлөңө жумша. Сага өтө зарыл жана керек болсо да андан көп
сарптабагын. Ошентип, эки данганы ишке сарптасаң, дагы эки данганы мураскериң
жана алдан тайып карылык моюнга түшкөн кезде пайдалануу үчүн бекем катып кой
жана такыр эстебе. Калган эки данганы өзүңдүн жасалгаңа сарпта. Жасалгалардын акак
таш жана алтын зергер буюмдар, күмүш, коло, жез сыяктуу өлбөсүн жана жээлибесин
топто.
Мал-дүйнө ташып баратса, жерге жумша, анткени жерге сарптаганыңды жерден
аласың. Мүлкүң дайыма ордунда болот, кирешени, үзбөй алып турасың. Бул таза жана
мыйзамдуу киреше. Үйүңө түрдүү керекке жарачу эмеректерди жана
килем-төшөктөрдү сатып алган соң аларды сатпа жана "Эй, адам, азыр сатуум керек
болууда, башка жолу сатып алам", деп айтпа. Себеби, үй эмеректерин ар кандай
зарылдык үчүн кайра сатып алам деген тилек менен сата берсең, андай буюмду кайра
сатып ала албай калышың мүмкүн жана үйүң аңгырап ээн калат. Көп өтпөй өзүң да
жардынын жардысына айланасың.
Ушу айтканымдай учуру келип турса эле карыз ала бербе, өз мүлкүңдү да күрөөгө
койбо, тууйт деп процентке бербегин жана процентке да албагын.
Карыз алганды пастык, жеткен уятсыздык деп сана жана мүмкүнчүлүгүн барда өзүң
да эч кимге, айрыкча досторуңа, бир дирхем да карызга бербе; себеби аласаңды кайра
сурагандын таарынычы-карыз бербей койгондогу таарынчтан чоң болот. Ошон үчүн,
эгер карыз берчү болсоң, ал акчаны меники деп эсептебе жана бул акчаны досума
тартуу кылдым деп ойлоп кой; достугуңар бузулбас үчүн досуң борчун кайтарганча
сураба. Досту душман кылып алуу жеңил, ал эми душманды дос кылуу өтө татаал.
Досту душман кылуу баланын иши, душманды дос кылуу акылман, кыраакы
карылардын иши.
Бар дүнүйөңдөн татыктуу адамдарга энчи берип тур. Адамдын асылы болом десең
бөтөн бирөөнүн дүнүйөсүнө көз артпа. Калыстыгың менен элге таанылгың келсе, өз
мүлкүңдү өзүмдүкү деп бил, жаттыкын-жаттыкы де.
АМАНАТТЫ САКТОО ЖӨНҮНДӨ
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кабуснаме - 06
  • Parts
  • Кабуснаме - 01
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2009
    22.9 of words are in the 2000 most common words
    32.6 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 02
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 1923
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 03
    Total number of words is 3952
    Total number of unique words is 1942
    26.0 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 04
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2074
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 05
    Total number of words is 3996
    Total number of unique words is 2142
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    43.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 06
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2008
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 07
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2031
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2077
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 09
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1960
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 10
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2099
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    34.8 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 11
    Total number of words is 3997
    Total number of unique words is 2026
    26.0 of words are in the 2000 most common words
    38.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 12
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2036
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    38.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 13
    Total number of words is 3365
    Total number of unique words is 1726
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    39.4 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.