Latin

Кабуснаме - 03

Total number of words is 3952
Total number of unique words is 1942
26.0 of words are in the 2000 most common words
36.4 of words are in the 5000 most common words
42.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
болуш керек, анткени куниктик сулууга жарашпайт жана буудайдан арпа, арпадан
буудай өспөйт. Бул мааниде менин төрт сап ырым бар:
Тартуу кылып жамандыктын белегин,
Жакшылыкты элден алгыңн, келеби?
Тарт атыңды, табиятың башка экен,
Таруу сепкен талаа буудай береби?
Күзгүгө карап, жүзүң куник экенин көрсөң да баары бир жакшы иштерди жасашын
керек, анткени, сен жамандык жасачу болсоң, жамандык жамандыкка уланат, а эки
жамандын бир болгону ашкан жамандык жана акмакчылык.
Дили таза, кеңеш уккан жана сыналган досторуңдун кеңештерин өзүң да тыңдап ук
жана масилээтчилериң менен жүзмө жүз кеңеш, анткени сен алардын пайдасын дал
бетме бет кездешүүдөн аласын жана мен айткан бул сөздөрдү окуп, билгениңден
кийин өзүндүн билимдүүлүгүң менен сыймыктанасың. Бирок, өз билимдүүлүгүңө жана
асыл сапарттарыңа ашыкча ишенбе, мактанып да кетпе. Качан баарын үйрөнүп
билгениңден кийин, өзүңдү наадан катарына кош, анткени өзүңдүн наамалыгыңдын
аңдап-түшүнгөндөн кийин акылман болосун. Дагы мындай деп айтышат.
Икая
Угушумча, Хосровдун заманында Бузуржмихр 11 уазир кезинде Румдан"* элчи
келет. Киср элчини тактыда отуруп кабыл алат. Перс падышаларынын салтына жараша
элчиге ишеним парманын Бузуржмихр тапшырып, Киср уазирин элчиге ырасмий түрдө
тааныштырыш керек эле. Ал элчинин көз алдында Бузуржмихрге: "О, баланча, сен
дүйнөдө эмне болсо, анын баарын билесиң..." деп, анын "Ооба" деп жооп беришин
каалайт. Бирок, Бузуржмихр: "Жок, өкүмдарим", деп жооп берет. Мындай жоопту
күтпөгөн Хосров көңүлү чөгүп, румдукж 12 элчиден уялат.
Анткен менен суроону улантат: "Ким баарын билет?" Бузуржмихр жооп берет:
"Баарын бардык адамдар бириксе билет, бирок, биримдик али энеден туула элек."
Андыктан, уулум, өзүңдү өтө акылманмын дебегин, себеби, качан өзүңдүн наама
экениңди түшүнгөнүңдө акылман болосуң, анткени ким өзүнүн наамалыгын билсе - ал
өтө акылман.
Сократ өзүнүн улуулугуна карабай мындай деген: "Эгер менден кийинки улуу
инсандар жана даанышмандар Сократ өзүн дүйнөнүн эң акылманы болууну көксөдү
деп айтканынан коркпосом, мен өзүмдүн эч нерсе билбегенимди жана күчсүз
экенимди мойнума алмакмын, бирок, бул мен тараптан улуулукка умтулуу
болгондуктан, антип айтуум мүмкүн эмес."
Абушүкүр Балхи 13 бир бейтте өзүн даанышмандыгы үчүн мактайт. Ал бейтте
мындай дейт:
БузуржмихрБузургмихрдин арабча формасы. Уламыштардагы падышалардын
идеалдуу кеңешчилеринин сапаттары менен сыпатталган атактуу уазир Сасанид
Ануширван.
Рум Византия
Балхи Абушүкүр Балхи (915-ж. туулган, өлгөн жылы белгисиз). Перс-тажик акыны.
Мутакариб өлчөмүндө жазылган "Офаринаме" поэмасы менен таанылган. Андан
Менин билимим өзумдүн наамалыгымды түшүнгөнгө жарады.
Ошон үчүн, менин уулум, билимдүүмүн деп, көппө жана өз жөндөмүн менен чече
алган ишке кез келсең да, башкаларга өз билгениңди бербей тырышпагын. Кимде ким
өзүнүкүн туура деп көшөрө берсе, дайыма анысына өкүнөт. Кенешкенди уят көрбө,
акылман карылар жана ак дил досторуң менен кенешип тур. Алланын сүйгөнү
Мухаммед, анын окутуучусу жана иштеринин колдоочусу теңдешсиз Кудайдын өзү
болгонуна, ошондой эле акылмандыгына жана пайгамбарлык касиетине карабай,
[Кудай] өз макулдугун бербеген жана мындай деген: "Иштериңде аны менен кеңеш"
жана "О, Мухаммед, мына бул шайлангандар жана өз досторуң менен кеңеш, анткени,
ой-максат силерден, ал эми жүзөгө ашыруу менден, [сенин] эгеңден".
Билип ал, эки адамдын пикири-бир адамдын пикири эмес, анткени бир көз менен
эки көз көргөндү көрүп болбойт. Непада дарыгер ооруп калып, оорусу өтүшүп кеткен
жана оор болсо, өзүн өзү дарылабаганын сен эмне көрбөдүңбү?
Ал өтө акылман дарыгер болсо да, башка дарыгерди чакырып, дартын сурап
билген соң өзүн дарылайт.
Сенин жакыныңдын бүткөрө турган жумушу болуп, ал сенин душманың жана
баарын сенден кызганган адам болсо да, тирүү кезиңде анын ишин бүткөрүү үчүн
жаныңды аябай эмгектен жана акчаңды аяба. Ага жардамчылар жетиштүү болсо да,
сенин көмөктөшкөнү келгениң, анын сага болгон сүйүүсүн арттырат жана ал душман
болсо, балким доско айланат.
Сага салам айтып келген сөзмөр жана сөзгө чебер адамдарды сыйла, алар сага
салам айтканга куштар болуусу үчүн мээрман бол. Эң бечара деп, ал өтө билимдүү
болсо да, ага эч ким салам айтып барбаган адамды бил. Эгерде аалым адам көп сөздүү
болсо, анын аалымдыгы илимдүүлүккө окшобойт жана сөзүндө маңызы болбойт.
Ошентип, сөздү сүйлөөнүн шартын жана анын жайын билгин. Сени Алла өзү колдосун.
ЧЕЧЕНДИКТИ ӨРКҮНДӨТҮҮГӨ УМТУЛУУ ЖӨНҮНДӨ
О, уулум, адамдар чебер сөздүү жана кооз сүйлөй билүүсү, тажаал адамдардан
сөздү коргоосу зарурарт. Бирок, сен уулум, чындыкты сүйлө, калпычы болбогун жана
чынчылдыгын менен тааныл, непада адамдарга сенден жалган сөздү угууга туура
келсе, аны угуп ишенгендей болушсун. Эмне жөнүндө сүйлөсөң да чын сүйлөгүн,
калпка окшош чындыкты сүйлөбө, асыресе, чындыкка окшош калп, калпка окшош
чындыктан жакшы, анткени андай калпка ишенишет да, а чындыкка ишенишпейт.
Ошондуктан, менин эмир Бу-с-Сувар Газу Шапур ибн Фазл 14, Алла өзү алкасын, менен
болгон окуямды кайталабас үчүн, уккулуксуз чындыкты сүйлөгөндөн этият бол.
Икая
Уулум, билгин, эмир Бу-с-Сувардын доорунда, мен ажыга барып келген жылы,
Гянжга казатка аттандым. Мен Индияга казатка көп барганымдан улам Румга каршы
казатты да жүзөгө ашырууну кааладым. Эмир Бу-с-Сувар кайбар, акылман, сөзгө уста,
башка да хасаж жана хафиф өлчөмүндө үч поэма жазган. Турумуш жана сүйүү, тагдыр,
илим жана таалим-тарбия жөнүндө ырларды жазган. Көптөгөн бейттери арабчага
которулган.
14 Бу-с-Сувар (же Абу-л-Асовар) Шавур (же Шапур) ибн ФазлАрранды жана Арменияны
951-1199-жж. башкарган шедадиддер династиясынан чыккан 8-чи уазир.
илимпоз, кыраакы жана ыймандуу падышалар сыяктуу динге жан дили менен
берилген улуу падыша эле. Ал тамашалашпай, дайыма оор басырык жүрчү.
Эмир алгач мени көргөндө өтө урматтап мамиле кылды, узак маектешип, түрдүү
кепти козгоду, мен анын сөзүн угуп, суроолоруна жооп бердим. Менин сөздөрүм анын
купулуна толуп, ал мени аябай сыйлаган соң кетүүгө уруксат берди. Ал мага өтө
мээрман мамиле жасагандыктан, жүрөгүм жибип, Гянжда бир нече жыл туруп калдым.
Эмир дасторкон жана шарап үстүндө уюштурган жоролорго үзбөй катышып турдум, ал
мага ар кандай суроолорду салып, байыркы дүйнөнүн падышалары жөнүндө айтып
берүүнү сурачу. Бир ирет маегибиз биздин дубанга арналып, түрдүү өлкөлөрдүн
жапайы көрүнүштөрү жөнүндө узак кеп кылдык. Мен ошондо мына бул сыйкырдуу
кубулуш жөнүндө айтып бердим: "Гургандын куймасындагы тоонун этегинде бир
кыштактын чет жакасында булак бар. Ошол кыштактын аялдары ошол булактан суу
алганга демейде чогулуп алып барышат. Ар бир аял кумурачан барат жана булактан
суу алгандан кийин, кумураларын төбөсүнө коюп алышып, үйлөрүнө кайтышат.
Кумурасы жок бир аял алардын алдына түшүп алып, жолду кылдат карап жүрөт,
анткени ал жерлерде жашыл курт болот. Аял кокус жанагы куртту көрсө, шериктери
аны тепсеп албас үчүн жолдон алыс ыргытат. Эгер кимдир бирөө куртту басып алса,
ошол замат бардык кумуралардагы суу сасып калат дагы алар сууларын төгүп салышат.
Кайра булакка барып, кумураларын жууп, жаңыдан суу алышат".
Мен бул окуяны айтып бергенден кийин эмир Абу-с-Сувар кабагын салып, башын
чайкады, бир нече күн мага мурдагыдай жакшы мамиле жасабай калды. Анын себебин
мага Пирузан айтты: "Эмир сен тууралуу даттанып, баланча өзү калыбет эле адам, мага
эмне жаш балдарга айтчу сөздөрдү айтты; ал эмне үчүн мендей адамга калп сүйлөйт?"
Ошол замат Гянжиден Гурганга чабарман жөнөттүм дагы жанагы кыштак өз
ордунда турат, ырас эле кыштактын чет жагында мен айткандай курт бар экенин
кадий, раис, хатиб жана башка ишенимдүү адамдар, уламалар менен Гургандын
бектери тастыктаган күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн алып келүүнү буйрудум. Баарын
бүткөрүп, төрт айдан кийин сөзүмдү ырастаган тастыктаманы эмир Бу-с-Сувардын
алдына койдум. Ал тастыктаманы алып окуду да күлүп айтты: "Сендей адам, өзгөчө,
менин алдымда калп сүйлөбөсүн мен өзүм да билем. Бирок, сенин сөзүңө адамдар
ишенүүсү үчүн төрт ай коротуп, далил жана эки жүз ишенимдүү адамдын
тастыктамасын чогултууну талап кылган чындыкты айтып эмне зарыл?"
Билгин, сөз төрт түрдүү болот: билип кереги жок жана бирок айтпачу; билгенге
зарыл жана айтылчу; айтылчу, бирок билип кереги жок жана билгенге зарыл, лекин
айтылбачу.
Ыйманга зыян алып келчү сөздөрдү айтуунун да билүүнүн да зарылы жок.
Теңдешсиз улуу Кудайдын китебинде, пайгамбар алей салам жөнүндөгү кабарларда,
аалымдардын жана уламалардын китептеринде бар сөздөрдү айтып, бирок билбесе
болот. Анткени, бул сөздөрдү талкуулоо-тууроо, алардагы карама каршылыктарды
жана татаалдыктарды тийиштүү деңгээлде терең билбөө-ачылыштын бир түрү сыяктуу
болуп калат. Андыктан, кимдир бирөө сөздөрдү терең түшүндүрүүгө жүрөгү менен
берилсе, теңдешсиз Кудай алдында жооп берет.
Билүүгө жана сүйлөөгө зарыл сөздөр-диндин жана дүйнөнүн жыргалчылыгына
байланыштуу жана эки дүйнө үчүн пайдалуу болот. Ал сөздөрдү айтуудан жана угуудан
сүйлөп жаткан адамга да, угуучуга да пайда.
Билип, бирок айтпачу сөз-бул сага кайсы бир бектин же досуңдун кемчилигин
билген сыяктуу болот; сен ой жүгүртүү аркылуу же күнүмдүк тириликке салыштырып
байкасаң, сага анын кемчилиги шариятка ылайыксыздай көрүнөт. Андай сөздү айтчу
болсоң, же береги бектин каарына каласың, же досуңа зыяны тиет, же томаяктар
козголоң чыгарып, сага коркунуч жаралат. Анүчүн мындай сөздөрдү билип, бирок
айтпашың керек.
Бирок, бул мен айткан төрт түрдүү сөздүн мыктысын билүү да, айтуу да керек. Бул
төрт түрдүү сөздүн ар биринин эки жагы бар: бири адеми, бири серт. Эл алдында
сүйлөнчү сөздөрдү мүмкүн болушунча жакшылап айт, уккулуктуу болсун жана адамдар
өздөрүнүн ар-намысын түшүнүшсүн, анткени улуу жана акылман адамдарды сөзүнөн
билет, асыресе, адамдар сөзүнүн далдасына бекинет. Ыймандуулардын баштоочусу
Али (Алланын кулагы сүйүнсүн) айткандай: "Эркек анын тилинин астында жашынып
жатат". Кээ бир сөздөрдү укканда дилиң жаңыланат, ошол эле сөздөрдү дилиң
булгангандай кылып, кыраатын өзгөртүп айтуу мүмкүн.
ИКАЯ
Менин угушумча, Харун-ар Рашид түш көрөт, түшүндө оозундагы бардык тиши
күбүлүп калат. Эртеси ал түш жоругучту чакыртып: "Бул түштүн мааниси эмне?" деп
сурайт. Түш жоругуч: "Ыймандуулардын адыйынын өмүрү узарсын! Бардык
туугандарың сенден мурда өлөт, ошентип эч кимиң калбайт" дейт. Харун ар-Рашид
айтат: "Бул түш жоругучка жүз палак ургула. Ал эмнеге мындай ачуу сөздү бетиме түз
айтты? Эгерде менин бардык туугандарым менден мурда өлсө, анда мен киммин?" Ал
башка түш жоругучту чакыртып алып, баягы көргөн түшүн айтып берди. Түш жоругуч
айтты: "Ыймандуулардын адыйы көргөн түш ыймандуулардын адыйы өз
туугандарынан узагыраак жашайт дегенди билдирет". Харун ар-Рашид айтты:
"Акылдын айтканы бир". Бул түш жоруу мурунку түш жоруудан айырмаланбады, бирок
ал айтылышы боюнча мурдакыдан алда канча айырмаланып турат. Ал экинчи түш
жоругучту жүз динар менен сыйлады.
"...сөздүн арт жагын жана бет жагын абайлоо керек; эмне гана айтпа, чечен жана
сөздүн маанисин билүү үчүн сөзүңдү өтө кынаптап айт. Эгерде айтып жаткан сөзүңдү
өзүң түшүнбөсөң, сен тотукуш сыяктуу болосуң: ал сүйлөгөнү менен, айтып жаткан
сөзүн түшүнбөйт. Чечен жана сөздү баалай билген адам эмне айтса да анын акылман
адамдардан экени ошол замат айкын билинип турат. Эгер андай болбосо, аны адам
эмес, мал деп бил.
Сөздү баалай бил, анткени ал көктөн түштү. Айтчу жерде ар бир билген сөзүңдү
аяба, акылмандыкты күчкө салбаш үчүн орду жок сөздү айтпа. Эмне гана айтпа, жалаң
чындыкты айт, маанисиз сүйлөгөндөн сактан. Бардык дооматта далилди кичүү,
дооматты чоң деп баала. Билбеген илимиң менен мактанба жана аны менен жан
багам деп ойлобо, анткени, алешем илимиң жана минбардан туруп, көздөгөн
максатыңа жетпейсиң; өзүң билген илимде ийгиликке жетесиң; билбеген ишинде эч
нерсеге жете албайсың.
ИКАЯ
Угушума караганда, Хосровдун доорунда Бузуржмихрге бир аял келип, эмненидир
сурайт. Башка бир ишке кыжаалат болуп жаткан Бузуржмихр: "О, аял, сен сураган
нерсени мен билбеймин" деди. Аял таң кала: "Сен эгер муну билбесең, анда эмнеге
биздин өкүмдардын жакшылыктарын пайдаланып жүрөсүң?" деди. Бузуржмихр
болсо: "Падыша мага бир нерсе берсе да билгеним үчүн берет, а билбегеним үчүн эч
нерсе бербейт. Эгер мага ишенбесең, жүр, падышага барып, өзүнөн сурайлычы: мен
билбеген нерсе үчүн ал мага бир нерсе береби же жокпу," деп жооп берди.
Бирок, сен ар бир иштин ченин бил жана аша кеткендикти зыян деп эсепте. Ар
кандай иште анын ортосун кармай бил, анткени шариаттын эгеси айткан: "Ар бир
иштин жакшысы - анын ортоңкусу".
Сөздө жана жумуш бүткөргөндө шашпастай жайбаракат бол. Сени алаңгазарлык
жана шашмалык үчүн урушкандан көрө шашпады деп урушса, мен кубанар элем.
Жамандык менен жакшылыкта сага тиешеси жок сырды билгенге кызыкпа,
сырыңды өзүңдөн башка эч кимге айтпа. Сөздүн ич капталы жакшы болсо, анын сырт
капталы серт экен деп шектенишет, себеби жамандыкта адамдар көбүн эсе бири
биринен шек санашат. Ар бир иште сөздү, камылганы жана жагдайды каражат менен
өлчө; эмнени айтпа, сенин сөзүн чын экенин тастыктап тургандай кылып айт.
Ширин сөздүү адамдардын арасында ишенимдүү адам деп саналсаң да, жабыр
тарткың келбесе, эч бир ишке күбө болбо. Эгер күбө болуп калсаң, көрсөтмө берип
жатканда кылдат бол: кимдир бирөөгө тартпа.
Айтылган ар бир сөздү тыңда, бирок, аны аткарганга шашпа. Эмне сүйлөсөң да
таразалап сүйлөгүн жана айткан сөзүңө өкүнбөс үчүн сүйлөгөндөн мурда эмне
айтарыңды жакшылап ойлонгун, анткени кыраакылык ишмердүүлүктүн экинчи бети.
Сенин алдыңда атак даңктын дарбазасы жабылбас үчүн, сөздүн пайдалуу жагын
качырбас үчүн жакшы сөздү, сага пайдалуубу же жокпу, зерикпестен ук. Сөзүң суук
болбосун, анткени суук сөз уу өсүп чыкчу данга окшош болот. Акылман болсоң да,
насыл нарктын дарбазасы сага ачылсын үчүн өзүңдү түркөй деп сана. Эч кандай сөздү
бузба жана токтотпо, сага адегенде сөздүн кемчилиги менен артыкчылыгы дайын
болсун. Сенин сөзүңдү далил жана негиз үчүн талап кылгандан башка учурда
акылмандыктын чегинен чыкпоо жана угармандарды зериктирбөө үчүн бектер менен
бектердей, букара эл менен букарадай сүйлөш. Кайсы бир жерде сөзүңдү далилдеп
берүүңдү талап кылышса, алардын арасынан аман соо кутулуу үчүн, алар каалагандай
сүйлө.
Сөзгө ашыкча чебер болсоң да, сөз ортосунда жаза тайып албас үчүн,
чеберчилигиңди мүмкүн болушунча азыраак көрсөт. Көптү билип, аз сүйлөгөнгө үйрөн
жана аз билип, көп сүйлөгөнгө көнбө, анткени оозго бекем болуу коопсуз болуу, көп
сөздүүлүк-акылы жоктук деп айтылган эмеспи. Эл көп сөздүү адамды акылдуу болсо
да акылсыз деп санайт, а акылсыз адам үн чыгарбаса да, аны акылдуу болгондуктан
сүйлөбөй жатат деп эсептешет. Сен өтө пакиза жана ыймандуу болсоң да, өзүңдү
мактаба, анткени сенин өзүңдү өзүң жактап сүйлөгөнүңдү эч ким укпайт, анүчүн өзүңдү
өзүң эмес, сени башка адамдар мактагандай бол. Көптү билсең да сөзүң сага зыян
келтирип, зангандык береги алиддин 15 кейпин кийбөө үчүн керектүү сөздү гана сүйлө.
ИКАЯ
Менин угушумча, Сахибдин заманында Занганда имам Шафийдин сахабаларынан
болгон урматтуу карыя болуптур, Алла ага ырайым кылсын. Ал муфтий, диниятчы жана
Зангандын закат чогултуучусу экен. Бир муфтий жана динаятчы бозулан алид да болот.
Ал Зангандын раисинин уулу экен. Бул экөө дайыма минбардан бири биринин
абийирин ачып, сындап жүрүшөт.
Алид бозулан бир ирет минбардан береги чалды кайридин деп шылдыңдайт. Бул
окуя тууралуу шейхке кабарлашат. Шейх да минбарда туруп жанагы бозулан алидди
арам сийдик деп маскаралайт. Алид бу сөздү угуп, аябай капа болот жана Рей шаарына
алид Алиге табынган шиит.
барып, Сахибге жанагы чалдын үстүнөн даттанат: "Сенин заманыңда пайгамбардын
урпагын кимдир бирөөнүн арам сийдик деп атаганы жарабайт", - дейт ыйлап.
Сахиб карыяга каары келет жана аны Рейге алдырып келгенге чабарманды
чаптырып, өзү муфтийлер жана сейиддер менен чогуу арызды карай башташат.
Карыяны алып келишкенде, Сахиб ага кайрылат: "Шейх, сен шафийдин имамдарынын
бирисин, Алла ага мээрим кылсын, өзүң илимдүү адамсың, жашаарыңды жашап, азыр
эми бир бутуң көрдө турат. Сенин пайгамбардын урпагын арам сийдик дегениң
жарайбы? Эми айткан сөзүңдү далилдеп бер. Антпейт экенсиң, мен сени шариаттын
канонуна ылайык катуу жазалайм. Бул адамдарга үлгү болсун, эч ким мындай таалим
тарбиясыздыкка экинчи барбасын".
Карыя айтты: "Менин сөзүмдүн тууралыгы ушул алиддин өзү, ага каршы анын
өзүнөн артык күбөнүн кереги жок. Менин сөзүм боюнча, ал ак никеден туулган жана
таза, а анын сөзү боюнча-арамсийдик". Сахиб сурады: "Кантип далилдейсиң?" Карыя
жооп берди: "Анын атасы менен апасына никени мен кыйганымды бүтүн Занган эли
билет. Ал минбардан туруп, мени капыр деп мазактады. Эгер ал бул сөзүн ишенип
айткан болсо, кайрыдин кыйган нике жараксыз, андай болгондо, ал өз сөзү менен
арамсийдик экенин ырастайт. Эгер бу сөздү ишенбей айткан болсо, ал-калпычы жана
жазаланыш керек". Андан соң карыя: "Эмне болгондо да ал же калпычы же
арамсийдик. Пайгамбардын урпагы калпычы болушу мүмкүн эмес. Эми аны кандай
кааласаңар ошондой атагыла!" - деп кошумчалады.
Алид аябай уялып, эмне жооп айтаарын биле албады. Ал бул сөзүн ойлонбой
айткандыктан өз башына балээ болду.
Ошон үчүн, уулум, чечен бол, бирок тантык болбо, асыресе, тантыктык-ошол эле
кемакылдык. Ким менен сүйлөшпө, ал сенин сөзүңдүн кардарыбы же жокпу,
байкагын. Эгер ал сенин сөзүңдү жан дили менен сатып алып жатканын байкасаң,
сөзүңдү сат, а жок, - сөзүңдү токтот да, ал сенин кардарыңа айлануусу үчүн анын
кулк-мүнөзүнө ылайыктуу сөздөрдү сүйлө.
Бирок, көпчүлүккө адамгерчиликтүү мамиле кыл, анткени эл-башка, адам-башка.
Ким кайдыгерликтин уйкусунан ойгонсо, ал эл менен мен айткандай жашайт.
Мүмкүндүгүң бар кезде уккандан тажаба, анткени адамдардын сөзгө
жөндөмдүүлүгү сөздү угуудан жакшырат. Мунун далили буки, наристени апасынан
ажыратып, кемерде эне сүтү менен бакса жана тарбияласа, бирок ал не апасы, не
бакма энеси аны менен сүйлөшпөсө, аны эч ким эркелетпесе жана ал эч кимдин сөзүн
укпаса, анда ал дудук болуп чоңойот. А келгенде сөздү. угуп үйрөнөт, тили чыгат.
Дагы бир далил: ким энеден дүлөй төрөлсө, ал дудук болот. Сен дудуктардын
кулагы дүлөй экенин байкабадыңбы? Ан үчүн сөздү, айрыкча, падышалардын жана
акылмандардын накыл сөздөрүн тыңша, эсиңе тут жана кабыл ал. Айтат эмеспи:
акылмандар менен падышалардын кеп-кеңештерин угуу акыл эстин көзүн өткүр кылат,
анткени сурма менен тутия 16 көздүн акыл эси үчүн акылмандык. Ошон үчүн мен
айткандын баарын жүрөгүңдүн кулагы менен уккун жана ишен.
Баса, перс падышаларынын падышасы Нушинраван Адилетчил айтып кеткен
акактай сөздөрдүн бир нечеси эсиме түштү. Аларды сени окусун, билсин, эсине тутсун
жана жашоосунда колдонсун деп бул китепке кыстара кеттим. Нушинраван
падышанын сөздөрүнө жана кеңештерине ылайык жашоо биз үчүн зарурат, анткени
биз ошол падышанын тегиненбиз.
тутия көз оорууганда колдонулчу дары.
Билгин, оболку халифтер жөнүндөгү маалыматтардан халиф Мамун 17, Алла ага
ырайым кылсын, Нушинравандын күмбөзүнө барганын окуганмын. Ал Нушинравандын
дахмасы 18 турган жайдагы чириген тактыдан анын сөөгүнүн күлгө айланган
калдыктарын тапкан.
Дахманын дубалында пехлеви тилинде бир нече сөз алтын менен жазылган экен.
Мамун котормочуларды чакырууну буйруйт. Алар жазууларды окуп, арабчага
которушат жана сөздүн арабча котормосу арабдар арасында белгилүү болот. Анда
адегенде айтылыптыр: "Мен тирүү кезимде, Кудайдын бардык пенделери менин
адилеттүүлүгүмдүн жакшылыгын көрүштү, менин жароокерлигимдин пайдасын
көрбөй эч ким мага келген жок. Эми дарманым тайган мезгилде, бул сөздөрдү кимдир
бирөө качандыр бир кезде мага таат кылганы келип, бул сөздөрдү окуп билет. Ошондо
ал менин ырыскымдан тең бөлүшөт жана бул сөздөр ал адамдын жасаган эмгегине
сыйлык болот деп дубалга жазгандан башка айла таппадым".
Бул сөздөрдү Нушинраван Адилетчил жазып калтырган экен, Алла өзү колдосун.

Мамун аббасиддер династиясындагы 7-халиф (813-833-жылдары башкарган). Харун
ар-Рашиддин уулу.
дахма зороастрийлердин салты боюнча көмүүгө жана өрттөөгө мүмкүн болбогон
жасаттар коюлчу атайын имарат. Айры куйруктар дахмада ачык жаткан жасатты жеп,
сөөк гана калган. Кээде мүрзө, мавзолей же сагана маанисинде да колдонулат.
НУРВИНШАХ АДИЛЕТЧИЛДИН КЕҢЕШ-КЕПТЕРИН ЭСКЕРТҮҮ
Ал адегенде айтты: "Күн жана түн келип-кетип жатканда, жазмыштын өзгөрүп
турганына таң калба".
Жана айтты: "Адамдар эмне үчүн бир ирет жаңылганына кайра-кайра өкүнүшөт".
Жана айтты: "Падыша менен тааныш неме эмне үчүн тынч уктайт?"
Жана айтты: "Эмне үчүн жашоосу эркине ылайык болбой калган адам өзүн тирүү
деп эсептейт?"
Жана айтты: "Айыбың жок туруп сен жөнүндө жаман айткан адамды анын сөзүн
жеткирген адамдан тезирээк кечир."
Жана айтты: "Өзүнө жөнөтүлгөн көңүл айтууларды угуп жаткан адам сөздү
пайдасыз уккан адамдай зерикпейт."
Жана айтты: "Чоң чыгымга кириптер болгон адамга караганда көзүн окустатып
алганды зор зыян тартты деп бил".
Жана айтты: "Кекиртегинин кулу болгон адамдан көрө бир колдон экинчи колго
сатылып жүргөн кулду эркинирээк деп бил."
Жана айтты: "Адам канчалык билимдүү болгону менен кудай ага акыл бербесе,
анын билиминин пайдасынан зыяны чоң".
Жана айтты: "Кимди мезгил окутпаса, аны окутам деп убара болбогула. Андай
аракетиң пайда бербейт".
Жана айтты: "Нааданды наадандыктан сактагандан көрө анын өзүнөн сактанган
жеңил".
Жана айтты: "Эгер адамдар сен жөнүндө жакшы сөз айтышың кааласаң, өзүң
башкалар жөнүндө жакшы сүйлө".
Жана айтты: "Адамдарга деген эмгегиң пайдасыз жоголбосу үчүн, адамдардын сага
деген эмгектери пайдасыз жоголбосун".
Жана айтты: "Досторум аз болбосун десең, кастык кылба".
Жана айтты: "Ашыкча кайгыргың келбесе, дүнүйөң тар болбосун".
Жана айтты: "Таарынычтан качам десең, баспаган нерсени күчтөп бастырам деп
мажбурлаба".
Жана айтты: "Жеңил жашоону кааласаң, өзүңдү иштегенге үйрөт".
Жана айтты: "Сени акылсыз деп айтпасын десең, табылбас нерсени издебе".
Жана айтты: "Алданууну каалабасаң, бүтпөгөн ишти бүттү деп айтпа".
Жана айтты: "Сенин сырыңды башкалар ачпасын десең, башкалардын сырын өзүң
ачпа".
Жана айтты: "Артыңдан бирөөлөр күлбөсүн десең, кол алдындагыларга мээрман
бол".
Жана айтты: "Узакка чейин өкүттө жүрбөс үчүн, жүрөгүң эмне каалаганын жасай
бербе".
Жана айтты: "Акылман болууну каласаң, жүзүңдү башка бирөөнүн күзгүсүнөн карап
көр".
Жана айтты: "Коркуп жүрүүдөн качсаң, жамандык жасаба".
Жана айтты: "Башкалар сени эмгегиңе жараша баалаганын кааласаң, өзүң да башка
адамдарды баалай бил".
Жана айтты: "Жүрөгүң сөзүңдү коштой жүрүүсүн кааласаң, айткан сөзүңдү аткара
бил".
Жана айтты: "Адамдар сени колдосун десең, акылдуу адамга сырыңды айтпа".
Жана айтты: "Элден сыйлуу болууну кааласаң, өзүң меймандос бол".
Жана айтты: "Адамдарды маскаралаганды баатырдык көргөн немени, сен эмнеге
адамзаттын душманы деп айтпайсың?"
Жана айтты: "Сенин досторуң менен касташкан адамды сен эмнеге досум
дейсиң?".
Жана айтты: "Талантсыз адамдар менен достошпо, таланты жок адамдар не дос, не
душман болгонго жарашпайт".
Жана айтты: "Өзүн илимдүү деген наадандан сактан".
Жана айтты: "Адилеттүү бийге (сотко) муктаж болгончо, өзүң адилеттүү бол".
Жана айтты: "Чындык ачуу болсо да угуш керек".
Жана айтты: "Душманың билбесин десең, сырыңды досуңа айтпа".
Жана айтты: "Майда нерсеге көңүл бурба жана чоң сүйлөбө".
Жана айтты: "Абийирин жоготкон адамды тирүү деп санаба".
Жана айтты: "Мээнет кылбай бай болууну кааласаң, азга канаат кыл (көптү талап
кылба)".
Жана айтты: "Чыгаша болуп саткандан көрө, пайдасы жок нерсени сатып алба».
Жана айтты: "Өзүңө тең адамдын жардамына зар болгончо өлгөн артык".
Жана айтты: "Кайыр сурап тойо жеген нандан көрө ачкадан өлгөн артык".
Жана айтты: "Кандайдыр бир бүтүм чыгаргың келгенде, ишенимсиз адамга таянба,
ишенимдүү адамды эсиңден чыгарба".
Жана айтты: "Өзүңдөн пас адамдын жардамына муктаж болуу-чоң балээге
кабылуу, бакадан башкалка сураганча, сууга чөгүп өлгөн жакшы".
Жана айтты: "Бул жашоого канаат кылган жоош-момун бузуку, текеберденип о
дүйнөгө жол издеген динзар адамдан жакшы".
Жана айтты: "Чоң кызматка жетип алып, мурдакы адатына салып, инсанга
жийиркене мамиле кылган адамдардан акылсыз эч ким жок».
Жана айтты: "Билбегениңди бербей көшөрүп, кийин калпычы болуп уятың
кеткенден жаман эмне бар?!".
Жана айтты: "Табылган буюмду табылбаган буюм катары берип алданган адамдан
артык бечара барбы".
Жана айтты: "Бирөө сага муктаж болуп турса, анын ишин бүткөрө алса да аны
жасабаган адамдан өткөн наадан болобу".
Жана айтты: "Эгерде адилеттүү болом десең, кол астыңдагылардын жакшы
жашоосу үчүн колдон келгениңдин баарын жасаганга тырышкын."
Жана айтты: "Эгер айкөл болууну кааласаң, ачкөздүктөн кач жана зыкымдыкка
жүрөгүңдөн орун бербе."
Жана айтты: "Карапайым адамдардын каргышына калбас үчүн алардын эмгегин
мактай бил."
Жана айтты: "Бардык элдин сүймөнчүгү болуп, эч кимге жек көрүндү болгуң
келбесе, башкалар каалагандай сүйлө."
Жана айтты: "Баарынан мыкты болуп, бардык элдин алкышына татыктуу болгуң
келсе, өзүңө каалабаган нерсени башкаларга каалаба."
Жана айтты: "Элдин мыктысы болгуң келсе, элден эч нерсеңди аянба."
Жана айтты: "Тилиң узун болсун десең, колуң кыска болсун."
Мунун баары Нушраван Адилеттүүнүн кеп-кеңеши. Уулум, бул насыят сөздөрдү жек
көрбөй оку. Анткени, бул сөздөрдөн акылмандын да, падышанын да ажайып касиети
сезилип турат жана бул кеп-кеңештер акылмандын да, падышанын да сөзү. Анын
маанисин жаш кезиңде түшүнүп, жаттап ал. Картайганда насыят сөздөргө кулак
салбайсың, себеби карыялар турмуштун жаштар билбеген сырын билишет. Алла өзү
туура жолго жетелейт.
КАРЫЛЫКТЫН ЖАНА ЖАШТЫКТЫН КҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ
Ээ уулум, сен жаш болсоң да, карыядай кексе бол! Мен сага бозуландай иш жасаба,
токтоо жигит бол жана бозоруп жылдызы өчкөн жаштарга кошулба деп айтуудамын.
Жаш жигиттин кабелтең жана шамдагай болгону жакшы. Аристотель даанышман
айткандай, жаштык акылсыздыктын кайсы бир түрү. Шайкелең жаштарга кошулба,
себеби шайдоот жүргөндөн жамандык болбойт, эси жоктук жамандыкка кириптер
кылат. Жаштыгыңдан болушунча пайдалан, картайганда андай мүмкүндүк болбойт.
Береги карыя айткан: Мен өзүмдү карыдай алып жүрсөм, сулуулар мени чанып
калышат. Эми карыгандан кийин мен аларды каалабайм.
О, Кудайым, жер тандабай кездимби,
Жете турган жер чегине жеттимби?
Кейиш менен таң атырып олтурам,
Кереги жок буюмундай эч кимдин.
Сен жаш болсоң да, кудурети теңдешсиз Кудайды эч качан эсиңден чыгарба жана
өзүңдү өлүмдөн алысмын деп эсептебе, анткени өлүм карылыкка да жаштыкка да көз
каранды эмес. Асжади 19 айткан:
Эгер өлүм макул болсо, башты ийип,
Карыялар кайып болуп кетишип,
Жайнап-күлүп жашай бермек жаш жигит.
Бил, ким төрөлсө, ал сөзсүз өлөт. Мен мына бул икаяни уккам.
Икая
Бир шаарда кийим тигүүчү болуптур. Анын үйү шаардын дарбазасына өтө жакын
турганы менен көрүстөнгө катарлаш болот. Ал түркүккө мык кагып, чопо кумура илет
да, шаардан көрүстөнгө жасат алып өтүлгөн сайын ага бирден таш салып койгонду адат
кылып алат. Ай сайын кумурадагы таштарды эсептеп, канча адам жайга коюлганын
тактагандан кийин, кумураны бошотуп, кайрадан таш салып, санагын уланта берет.
Мезгили жетип ал өзү да көз жумат. Бир күнү тигүүчүнүн өлгөнүнөн кабары жок бир
адам келет. Ал чебердин үйүнүн эшиги жабык турганын көрүп: "Бу кийим тиккич жок
экен, кайда кеткенин билбейсизби?" деп сурайт. Коңшусу: "Кийим тиккич да кумурага
түштү", деп жооп берет.
О уулум, бирок сен эстүү болгун жана жаштыкка мас болбо. Топук кылганыңда
жана эсиреп жүргөнүндө же кандай гана абалда болбогун, жанагы кийим тигүүчү
кейпи күнөөнүн жүгүн көтөрө албай кумурага капылет түшүп калбас үчүн теңдешсиз
улук Кудайдага тобо дегин, андан кечирим сураганды унутпа жана өлүмдөн корк.
Жалаң жаштар менен жүрбөстөн улуулар менен да баарлаш, өзүң теңдүүлөр жана
өзүңдөн улуулар менен маектешип, түрдүү жаштагы адамдардан жолдош күт. Жигит
бозулан кезинде татыксыз иш жасамак болсо, карыя адам ага жол бербейт, анткени
кексе карыялар жаштар билбегенди билишет.

Асжади Абуназар Абдулазиз ибн Мансур Мервези (туулган жылы белгисиз, 1041-ж.
өлгөн) перс-тажик акыны. Унсури жана Фаррухи сыяктуу бирөөлөрдү ашкере мактаган,
көркөмдүк сапаты мыкты касыддарды жазган. анын Султан Махмуддун Индияга
жасаган жортуулгун даңктаган «Сомнат» касыдасын туурап, кийинки кылымдарда
көптөгөн касыдалар жазылган.
Карыялар жаштыкка суктанышкандыктан жаштарда карыялардын сыртынан
мыскылдап-күлмөй кемчиликтери бар. Ушул себептүү жаштар текеберденип
карыларга сый-урмат көрсөтпөй коюшпасын, анткени карылар жаштыкка суктанышкан
сыяктуу эле учуру келгенде жаштар да сөзсүз карылыкка суктанышат.
Карыя өз каалаганына жетти жана карылыктын мөмөсүн татты, а жаш жигитке
кыйын: ал балким карыя курагына жетет, жетпеши да ыктымал. Жакшылап байкасаң,
эки курак тең бир бирине ыраазы экенин көрөсүң.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кабуснаме - 04
  • Parts
  • Кабуснаме - 01
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2009
    22.9 of words are in the 2000 most common words
    32.6 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 02
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 1923
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 03
    Total number of words is 3952
    Total number of unique words is 1942
    26.0 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 04
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2074
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 05
    Total number of words is 3996
    Total number of unique words is 2142
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    43.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 06
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2008
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 07
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2031
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2077
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 09
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1960
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 10
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2099
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    34.8 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 11
    Total number of words is 3997
    Total number of unique words is 2026
    26.0 of words are in the 2000 most common words
    38.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 12
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2036
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    38.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 13
    Total number of words is 3365
    Total number of unique words is 1726
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    39.4 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.