Latin

Кабуснаме - 12

Total number of words is 3960
Total number of unique words is 2036
28.3 of words are in the 2000 most common words
38.1 of words are in the 5000 most common words
43.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Адам бардык ишке эле жөндөмдүү боло бербейт. Ошон үчүн "уйду касапчы сойсун"
дегендей, "ар бир кызматта аны билген адам отурсун" деп айтылган. Болбосо сен
жөнүндө жаман сөздөр айтылып, ишине зыяны тийет. Асыресе малайга ал билбеген
ишти тапшырсаң, ал өз пайдасын ойлоп, бул иш колумдан келбейт деп айтпайт жана
ишти эптеп бүткөрүп, өтөсүнө чыкпайт. Анүчүн ишти анын көзүн билген адамга
тапшырсаң, кулагын тынч болот.
Намазга жыгылган сайын Алладан сурайм,
Тугралбек Рукнадцин Абуталиб (993-1063) селжуктар мамлекетин негиздөөчү.1038-жылы Хорасандын бир бөлүгүн басып алат жана Нишапурда султан жарыяланат.
Уулум ишти жөндөмдуү адамга тапшырса деп.
Ошон үчүн кимдир бирөөгө ыкласың түшүп, сыйлагың келсе, ага кызмат бербестен
жана ылайыксыз ишти тапшырбастан эле түрдүү жакшылыктарды жасап, мал-мүлк
берсең болот. Ошондо өзүң да иш билбеген жаман атты болбойсуң.
Падыша болуп турганыңда сен чыгарган парманды кимдир бирөөнүн аткарбай
койуусуна жол бербе, болбосо ал сени тоготпой калат. Албетте, падышалык бийликтин
ырахаты-башкаруу, андай болбогондо падышанын букарадан айрымасы болбой
калбайбы; падыша менен букаранын айрымасы: падыша буйруйт, букара аткарат.
Икая
Уулум, сенин таятан Султан Махмуддун заманында анын Абулфатх Бусти 80 деген
амили болгон экен. Ага Ниса дубаны башкарууга берилет. Ал нисалык бир кишини
зынданга салдырат да бар мал-мүлкүн жана короо жайын тоорукка деп тартып алат.
Бул киши бир амал таап, зындандан качып чыгат дагы Газна шаарына жетип, эптеп
султанга жолугат да адилеттүү сотту талап кылат. Султан арызгердин сөзүн эшиткенден
кийин ага дивандан парман жаздырып берет. Береги киши Нисага келип, парманды
амилге көрсөтөт. Амил: "Бул адам экинчи жолу Газнага барбайт жана султанды
көрбөйт",деп, султандын парманыны көзгө илбейт, тартып алынган жерди кайтарып
дагы бербейт. Жанагы киши экинчи ирет Газнага барат да күн сайын сарайдын
жанында султанды акмалап жүрөт. Бир күнү бакзардан келаткан султан Махмудду
көрүп, чыркырап эле Нисанын амилинин үстүнөн даттанып кирет. Султан анын арызын
угуп, кайрадан парман жазып берүүнү буйрут. Арызгер анда: "Мен өткөндө берилген
парманды алып барсам, амил аны көзүнө илген жок" дейт. Көңүлү башка нерсеге
алакасып, ой басып турган султан: "Менин ишимпарман чыгаруу. Ал эгер баш ийбесе
эмне кылайын? Бар, башыңа күл сээп алып жөнө",дейт. Берги киши айрантаң калып:
"0, падышах, амил сенин буйругуңду аткарбаса, мен эмнеге башыма күл сээп алышым
керек?" деп сурайт. Анда султан: "Жок, кожо, мен өзүм башыма күл сээп алуум
керек",дейт дагы аксарайда кызмат кылган эки гулямды Нисага чаап жетип, дубандын
шаар башчысын тартипке салып келүүнү буйруйт. Гулямдар Абулфатхты чоң
кыштактын ортосуна дарга астырып, мойнуна султандын парманын илдирип коюшат.
Ал эми жарчы: "Ким өкүмдардин буйругун аткарбаса, мына ушундай жазага тартылат"
деп элге жар салат. Ушул окуядан кийин эч ким өкүмдардын жарлыгын аткарбай
койгонго даабай, эл тынч жашап калат.
Икая
Уулум, бул окуяны билип ал. Масуд 81 падыша тактыга конгондо башкаруучулук
тажрыйбасы жок болгондуктан, өлкөнү башкаруунун ордуна чорулар менен көңүл
ачып, сайран курганга баш оту менен берилет. Анын мындай кылыгын көргөн аскерлер
менен амалдарлар ага баш ийишпейт. Өлкө чакчелекей түшүп, аскерлер жана
букаралар уят-сыйды жоготот. Бул абал Фараве рабатында жашаган бир катын ошол
вилаеттин акимине арызданып келгенге чейин созулат. Султан Махмуд жанагы аялга
парман жазып берип, артка жөнөтөт. Амил султандын буйругун аткарып тим
болбостон: "Бул кемпир экинчи жолу Газна тарапка баспасын" деп буйруйт. Кемпир
экинчи жолу да Газнага аттанып чыгып, арыз-дооматтарды кабыл алчу кеңсеге барып,
Абдулфатх Бусти амил. 1011-жылы өлген белгилүү акын Абулфатх Дустинин адашы.
Масуд султан МахмудГазневинин уулу, 1030-1041-жылдары башкарган.
султан менен жолуктурууну жана адилеттүүлүктү талап кылат. Султан Махмуд
кайрадан парман жазып бергиле дегенде, кемпир: "Сенин мурдакы берген парманың
аткарылбагандан улам сага келбедимби" дейт. Султан: "Эмне кылайын?" деп алкан
жаят. Кемпир ошондо: "Вилаятте өз буйругуңду кыңк этпей аткарт же андан баш тарт.
Ал аймакты өкүмү күчтүү башка бирөө башкарсын, а сен шапар тээп жүрө бер. Ошондо
кудайдын пенделери сенин амилдериңдин зомбулугунан азап тартышпайт," деп
кеңеш берет.
Масуд бул сөзгө аябай уялат да кемпирдин укугун калыбына келтирүүнү жана
амилди шаардын дарбазасына асууну буйруйт. Ошондон кийин султандын
буйруктарын аткарбай койгонго эч ким даабай калган экен.
Ошентип буйругу аткарылбаган падышаны падыша эмес деп бил. Падышанын
карапайым элден айырмасы болгондой эле падыша менен башка амалдарлардын
буйругу ортосунда дагы айырмасы бар. Анткени өлкөдөгү тартип-буйруктардын
аткарылышына жараша болот, ал эми буйруктарды аткаруу падышанын катаалдыгына
багыңкы. Ошон үчүн буйруктарыңдын так аткарылышы жана ишиңе зыяны тийбес үчүн
межирөө болбо, темирдей катуу бол. Аскерлерди бекем карма, аларга букараларды
башкартып-тескетпе; аскерлердин кызыкчылыгын кандай коргосоң, букаралардын
кызыкчылыгын андан кем эмес корго. Анткени, падыша күн сыяктуу эч кимди
кемсинтпей, баарына тегиз нур чачат. Букараларды сот адилеттүүлүгү менен баш
ийдирип туруу мүмкүн. Алар сот адилеттүүлүгүнөн гүлдөп-өсүшөт, казынага киреше
букаралардан түшөт. Өлкөдө адилетсиздикке жол бербе, анткени, падыша сарайы
адилеттүүлүккө таянсаузак жашайт, адилетсиздик өкүм сүрсөтез кулайт. Себеби
адилеттүүлүк бул бак-дөөлөт жашоо, адилетсиздик бул талоонго кабылуу. Бакдөөлөт
турмуш өлкөнү дагы узак жылдар гүлдөтүп, абаддаштырууга шарт түзөт, ал эми
жокчулукка башы малынган коом тез кыйроого учурайт. Акылмандар айткандай:
жашоодогу кубанычтын ачкычы адилеттүү падыша, а кайгынын булагы-адилетсиз
падыша.
Кудайдын пенделерин муңдатып-зарлатпа. Коомдон бөлүнүп калба, эгер сага эл
жана аскерлерге жакын болуу жакпаса, өзүң да аскерлерге жек көрүндү болосуң.
Аскерлерге жана букараларга жакшылык жасоодо жаңылба, жаңылыштыгың
душманың үчүн табылгыс олжо болот.
Кошуунуң жалан бир уруунун жигиттеринен болбосун. Кошууну бир уруудан
куралган падыша дайыма алардын туткунунда болот, аскерлердин алдында кубатсыз
болот. Асыресе уруулаштар "бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарганда," аларды
жазалатуу мүмкүн болбой калат. Кошуун ар түркүн уруулардан куралса, бир уруу
экинчисинен коркуп, экинчиси биринчисинен коркуп, сага баш ийбейбегенге даабайт,
аскерлер буйругуңду кыңк дебей аткарышат. Сенин таятаң султан Махмудда төрт миң
түрк гулямы жана төрт миң индус гулямы болгон; ал индустарды түрктөрдүн күчү
менен ийге салып, түрктөрдү индустардын күчү менен жазалап, эки урууну тең өзүнө
баш ийдрип турган.
Аскерлерди дайыма тамак-ашка жана шарапка чакырып, сыйлап тургун;
чепкен-чапан, белек, убада берип, көңүлдөрүн ал. Кимдир бирөөгө белек бергиң
келип, бирок ал кичине болсо, эл көзүнчө белегим кичине болуп калды деп айтпа;
белек ээси сени сарандык кылды деп баалабасы үчүн жашыруун ортомчу салып, белек
кичине болуп калганын айттыр. Себеби, биринчиден, белегиң падышага татыктуу эмес
болду; экинчиден, жалпы журтка сараң адам катары маалым болосуң.
Мен сегиз жыл Газна шаарында султан Мавдудду 82 надымы болуп турдум. Ошол
кезде анын үч нерсени жасаганын такыр көрбөдүм: биринчиси, 200 динардан арзан
белек жөнүндө эч качан эл алдында жараяна кылып айтчу эмес, андай белекти арачы
аркылуу берип жиберчү; экинчиси, эч качан тишин көрсөтүп күлчү эмес; үчүнчүсү,
ачууланганда эч кимди тилдеп урушпачу. Рум падышасы да ушул сапатты бекем
кармаганын, аларда перс жана араб падышаларында жок каадасалтары бар экенин
эшиткем. Кокус Рум падышасы кимдир бирөөнү колу менен урса, ал кишинин көзү
өткөнчө, эч ким ага кол тийгизе албайт. "Аны падыша өз колу менен урду. Эми аны
уруу үчүн жанагыдай падыша болуш керек," деп айтышчу экен румдуктар.
Эми жоомарттык жөнүндөгү биздин маекти улантайын. Мен сага кара күчкө
жоомарт бол дебейм; өз табиятыңды өзүң тыя албасаң, мен айткандай, эл алдында
эмне ойлогонуңду билдирбе. Эгер сен март болбосоң, эл сени жек көрө баштайт. Алар
сага ошол замат кастык жасай алышпаганы менен, сага душман чыкса, өз жанын сен
үчүн курмандыкка чалбайт жана сенин касташың менен достошот.
Падышалык бийликке мас болбогонго аракет кыл жана алты сезимден жаңылба,
аларды бекем тут: катаалдык, адилеттүүлүк, жоомарттык, эстен чыгарбоо,
чыдамкайлык жана чынчылдык. Падыша бул алты касиеттин бирөөсүнөн эле ажыраса,
ал бийликке мас болууга жакындап калган болот; бийликке мас болгон ар бир падыша
тактыдан ажыраганда башы жарылат.
Падыша тактыда отурганда дүйнө падышаларынын иштеринен кабардар болгун. Ар
бир падышанын кантип дем алганы сага дайын болуп турсун.
Икая
Ыраматылык эмир, менин атам, Алла ага мээримдүү болсун жана сенин өмүрүңдү
узак кылсын, айткан эле: Фахруддавла бир тууганы Азудаддавладан качкандан кийин
эч жерден баш паанек таппайт да чоң атам Кабус падышанын ордосуна келип, жан
соога сурайт. Чоң атам анын башына кепил өтүп, Аксарайда калтырат, ага мээримин
төгүп, чоң той өткөрүп, таежемди берет. Чоң энем Фахруддавланын тай эжеси болгон,
ал эми атам жана Фахруддавла болсо Хасан Фирузандын кыздарынын балдары эле.
Андан көп өтпөй Азудаддавла Шамсалмаалиге чабарман менен кат жөнөтөт. Катта
оболу жаратканды даңктагандан кийин: "Азудаддавла көптөн көп саламын жиберип,
сага айтат: Бир тууганым эмир Али силерге барды. Биздин өз ара достугубуз жана
туугандыгыбыз сага белгилүү. Экөөбүздүн уруубуз бир,ал эми бул бир тууганым мага
душман болду, ошон үчүн аны мага кайра жөнөтүүн зарыл. Мен анын акысына
өлкөмдүн сен каалаган аймагын тартуу кылам, биздин өз ара достугубуз дагы
бекемделет. Эгер сен антип шерменде болом десең, аны мага жөнөтпөстөн уу берип,
тындым кыл. Ошондо менин да тилегим аткарылат, өзүң да шерменде болбойсуң
жана өзүн каалаган аймакты аласын". Катты окуган эмир Шамсалмаали: "О, жараткан!
Ушундай сый-урматтуу адамды мындай сөз айтууга эмне мажбурлады? Мен акыретке
чейин кусуру тийчү ишти жасай албайм",дейт. Чабарман: "0, бек, андай сөзүңдү кой.
Эмир Али үчүн Азудаддавланы, б. а. Фахруддавланы кемсинтпе. Анткени, биздин
падыша сени киндиктеш бир тууганыдан жакшы көрөт,деп, чарк айланып
жалбарат.Падыша мага бул катты берип, сага жиберген күнү мени менен маектешип
жатып: Шамсалмаалини мен кандай сүйөрүмдү кудай билет. Кайсы бир ишемби күнү,
баланча айдан бир нече күн өткөндөн кийин, Шамсалмаали мончого барып, ортонку
Мавдуд Шахабаддавла (1041-48) газневиддер династиясынап чыккан
10-султан. Масуддун уулу, Махмуддун небереси.
бөлмөдө буту тайып кетип, жыгылып калганын укканымда "Кырк жети жашты эми
аттаса да ушунчалык дарманы кетип, карып калдыбы" деп абдан кейигем" деди»,
-дейт чабарман.
Азуддавладан аттанар алдында мыктылап кенеш алып чыккан чабармандын
максаты Шамсалмаалинин иштери жөнүндө өкүмдар канчалык мыкты кабардар
экенин ага аңдатуу эле. Шамсалмаали да ордодогу иштерден жакшы кабардар экенин
чабарманга айтат дейт: "Өкүмдардын өмүрү узун болсун, биз анын берегидей
сыпайчылыгына аябай ыраазыбыз. Бирок, мына бул иш үчүн мен абдан өкүнгөнүмдү
айта бар: ал сени мага жөнөткөндө, баланча айдын шейшемби күнү түндө ордонун
балаңдай бөлмөсүндө шарап ичип, андан соң Ануштегин деген хажибменен
жандарына эч кимди киргизбей камалып жаткан. Түн ортосунда ал бөлмөдөн чыгып,
аялдар уктачу үйдүн чатырына чыгып, Хайзуран Аваде деген аялдын үжүрөсүнө кирип
кетип, экөө жалгыз болушту. Чатырдан түшүп жатканда шатыдан буту тайып, кулап
кетти. Ошондо өзүмчө: «Бул адам кырк эки жашта болсо да акыл эси эмне жайында
эмеспи? Чатырдан түшө албай калганча шарап ичеби? Түн ортосунда эмнеге төшөк
алмаштырат? Бардык балээ ушундан башталат!"деп ойлодум деген экен. Мунун
сыңарындай, сенде дүйнөнүн падышалары тууралуу маалыматка катар өз өлкөң, анын
аскер кошуундары жана букараларынын абалы жөнүндө да кенен маалыматың
болсун.
Икая
Муну да бнлип, эсиңе тутуп ал: Таякең Мавдуд ибн Масуддун заманында бир ирет
мен Газнага бардым. Таякең мени абдан сыйлап, изаттачу эле. Ал мени узак мезгил
сынап, жакшылап билгенден кийин өзүнүн надымы кылып дайындады. Жеке
надымдын кызматы: үлпөттөргө жана маектерге дайыма катышып туруу. Мен ошон
үчүн тамак жегенде жана шарап ичкенде башка надымдардын бар же жок экенине
карабай сөзсүз болушум зарыл эле.
Таякең бир жолу таң эртелеп шарапты тойо ичип, мас абалында аскерлерге сый
тамак берди. Адамдар келип, ийилип таазим кылышкан бойдон кайра кетип жатышты.
Ушул тушта таякеңдин увазариулуу кожо Абдураззак ибн Хасан алМайманди кирди. Ал
да султандын кабыл алуусуна киргенге уруксат алды. Бир нече убакыт өткөндөн кийин
ордонун хажиби келип, Али ибн Раби деген кызматчыга катты берди эле, ал катты
султанга узатты. Султан катты окуп болуп, уазирге кайрылды да: "Бул чагымчыга сабак
болсун үчүн ага жүз палак урулсун. Эмки жолу эмне болгонун кенен жазып жүрсүн. Бул
катта Газнанын он миң үйүндө кумар ойногондор кармалды деп жазылыптыр. А мен
кумарпоздук кимдин үйүндө жана кайсы мааледе болгонун билбейм. Эмне ойлосоң да
болот,"деп айтат. Уазир болсо: "Өкүмдардын өмүрү узун болсун. Ал сизге жеңил
болсун деп, кыска жазды. Эгерде баарын толук жазчу болсо, бир эки күндө окуп бүтпөс
китеп болмок. Балким, мырза мээримдүүлүк кылып, аны кечирип койот. Мен ага эмки
жолу баарын толук жаз деп айтайын",дейт. Анда султан: "Бул ирет кечирдим. Бирок,
келерки жолу кожо кандай айтса, ошондой жазсын" деди.
Анүчүн аскерий кошуундун жана букаралардын абалынан жакшы кабардар бол
жана өз өлкөң, айрыкча, уазириң жөнүндө маалыматың жакшы болсун, ал бир ууртам
суу ичсе да билип тургун. Анткени, өзүңдүн үйүңдү ага тапшыргансың; эгер уазирге
кылдат көңүл бурбасаң, аны кой , өз үйүңө да эмне болуп жатканына этибар бербей
каласың. Коңшу өлкөлөрдүн падышалары сага татыктуу болуп, алар менен достук
мамиле күтсөң, жарым дос абалында болбо, жоолашсоң ачык жоолош. Эгер ачыктан
ачык касташчу болсоң, өз туугандарың менен тымызын касташпа. Себеби, мындай
икая эшиткенмин. Искендер Зулкайнар жоо менен салгылашууга баратканда ага: "0,
падыша, бул киши сенин душманын. Ал камырабаган адам. Түндө капылет кол
салалы," дешет. Анда Искендер: "Жеңишти уурдап алган падыша эмес" деп жооп
берген экен. Падышалык кылып жүргөндө улуу иштерди жасаганга үйрөн. Себеби
падыша элдин баарынан чоң болгондуктан, сөздөрү да башкалардын сөзүнөн улуу
болсун. Каргыш урган ит жана Фараон өзүнө кудайдай сыйынууну буйруп, Алланын
каргышына калган. Алла: Мен силердин улуу эгеңермин деген. Акыреттин күнүнө
чейин Курандын бул сүрөөсүн окушат жана анын ысмын бул улуу сөзү үчүн сыйлашат.
Ошон үчүн мен айткандай бол, анткени түйшүгү жок падыша даңкка жетпейт.
Өзүндүн кол тамганды сыйла жана ар кандай майда барат кагаздарга кол койо бербе;
эгер теңдешсиз белек жасачу болсоң же чоң бир чоң дубанды тартуу кылсаң же чоң
маареке-той берсең гана жарлыкка кол тамганды кой. Кол койгондон кийин
жарлыгыңды өтө негиздүү бир себепсиз бузба. Сөзүнүн өтөсүнө чыкпоо ким үчүн болсо
да уят, ал эми падыша үчүн татыксыз иш.
Падышалык өнөрдүн шарты ушундай. Ал улуу өнөр болсо да мен китептин
ыраатына жараша ал жөнүндө айтып бердим жана жаздым. Сен кокус дыйканчылык
менен алп урушчу болсоң же башка ишке бел байлап киришсең: дайыма тартип болсун
жана ишиң ийгиликтүү жүрүүсү үчүн ал иштин жобосун бекем сакта. Алла өзү колдойт.
ДЫЙКАНЧЫЛЫКТЫН КААДА-САЛТЫ ЖАНА СЕН БИЛГЕН БАШКА
ИШТЕР ЖӨНҮНДӨ
Уулум, билип ал, эгерде дыйкан болсоң, дыйканчылыкка маанилүү убакытты
жакшы бил. Эмне эгүүнү ойлосоң, аны эгүүчү мезгилди өткөрүп жибербе. Мөөнөтүнөн
бир күн кеч сепкенден көрө он күн эрте сепкен жакшы. Буурусун-сокоң жана
өгүздөрүңцү даяр карма. Өгүздөрдүн мыктыларын сатып ал жана чөптү мол берип бак.
Кокус өгүз окустап, иш токтоп калбас үчүн жана эгин эгүүчү маалды өткөрүп жибербөө
үчүн дайыма үйрөтүлгөн жуп өгүздү багууда кармагын.
Жер айдап, дан эгүүчү мезгил келгенде жерди чарчап-чаалыкпай кайра-кайра
оодарып айда жана келерки жылдын айдоосуна быйыл камылга көр. Өзүн өзү баккан
жерге эгин айдасаң, андай жер сени да багат. Өзүн өзү бага албаган жер, сени да
тоюнтпайт. Дайыма чарбаңдын камын көрсөң, дыйканчылыктан киреше табасың.
Базарда отурган кол-өнөрчү болсоң, кардарың көп болуусу үчүн, кандай буюм
жасаба аны тез жана кылдат бүткөр. Жумушту өз коңшуларыңа караганда мыкты
жасап, аз ныпага канаат кыл. Бир жолу жүздөн он пайда тапканча, эки жолу жүздөн
беш пайда көр. Кардарларды бааны чоң айтып жана айтканыңдан түшпөй коркутпасаң,
өнөрүң сени багат жана кардарың көп болот. Бир нерсени сатуу үчүн кардарга
айланайын, досум, агай-иним деп кайрыл, жараткан кудайды да оозуңдан түшүрбө,
жароокер бол; анткени кардарга жароокер жана сылык болсоң, ал сенден бир нерсе
сатып албастан кетпейт, кабагын чытып, орой жана түнт болсоң эч нерсе сата
албайсың.
Кардарга мен айткандай астейдил мамиле жасачу болсоң, сенин кардарларың көп
болот жана башка кол-өнөрчүлөр аргасыздан сага суктанышат, сен эң атактуу жана
таанымал кол-өнөрчү болосуң.
Дайыма сатып жаткан нерсең жөнүндө чын сүйлө. Сараңдыктан сактан, бирок
пайдаңды унутпа. Сенден мартабасы төмөн жана жарды адамдарга тартуу кыл,
өзүңдөн өйдөлөргө сылык-
сыпаа бол. Бирөөлөрдүн кемчилигин пайдаланба, аялдар жана балдар менен соода
кылганда ашыкча пайда издебе. Чет элдикке жабышпа, уялчаак кардар менен узак
соодалашпа. Абройлуу адамдарга жакшы мамиле кыл. Падыша менен чынчыл бол
жана ага кызмат өтөгөнгө умтулба. Аскерлер менен мамиле күтпө. Суфийлер менен
өзүң да пакиза суфий бол. Таразаң жана анын таштары туура болсун. Үй-бүлөң
алдында куйтуланба, алар үчүн кирешени өзүнчө бөлбө. Шериктериңди алдаба,
жасаган буюмуң билерман үчүн болобу, же тажрыйбасыз адам үчүн болобу, баркы
болбосун, экөөнө тең ак көңүлдөн жана бирдей жаса.
Мүмкүнчүлүң болсо, карызга бер. Жалган убада бербе, дайыма айткан убадаңда
бекем тур. Пайыз алгандан кач жана шерттешип соода кылганда ашыкча катаал болбо.
Эгерде томаякка же сабатсыз наамага карыз берсең жана алардын каражаты жок
экенин билсең, борчун кайра-кайра сурап, мазасын алба. Жолдуу болгуң келсе жана
жараткан сенин тапканыңды алкасын десең, жүрөгүң таза болсун.
Өзүн мындай кармаган ар бир колөнөрчү айкөлдүн айкөлү болот. Кайсы ширкеттин
кол-өнөрчүсү болбосун, алардын ишинде жавонмардиликке 83 жол бар.
Кол-өнөрчүлүктүн зарурат шарты жөнүндө мурда айтылгандыктан, китептин акыркы
бапында, Алла колдосо, ар кандай ширкеттин жавонмардиси тууралуу колумдан
келишинче кеп салып берейин.
ЖАВОНМАРДИЛИКТИН САЛТЫ ЖАНА ЖӨРӨЛӨЛӨРҮ ЖӨНҮНДӨ
Уулум, сен эгер жавонмарди сыяктуу жүрөм десең, адегенде жавонмарди деген
эмне экенин жана анын кандайча пайда болгонун билип алгын.
Билсең, адамга мүнөздүү үч касиет бар. Менде бул үч касиет жок деген бир да
адамды таппайсың. Теңирим бул үч касиетти саналуу гана адамга бергени менен
акылман, акылсыз жана акылдуу үчөө тең бул касиеттер бизде бар дешип, ал үчүн
Алла таалага алкыш айтышат. Үч касиетке ээ адамдарга Алла таала өз ыкласын бөлүп,
өзгөчөлөп койгон. Ал касиеттердин биринчиси акыл эс, экинчиси-чынчылдык, үчүнчүсү
адамгерчилик.
Сен жавонмардиликтин маани-мазмунуна көңүл бурчу болсоң, акыл эстүү, чынчыл
жана адамгерчиликтүү болууга умтулган ар бир адамдын ниети аруу экенин унутпа.
Себеби бул үч сапаттын бири да жок бир да жан болбойт. Бирок өлүмсөктүк, наамалык
жана туруксуздук көпчүлүк адамдардын баалуу үч сапатка жетүүсүнө кедерги болот.
Жараткан адамдарды ар кандай бөлүктөрдөн бир бүтүн кылып жаратты. Аны
макрокосмос дейсиңби же микрокосмос дейсиңби, баары бир. Анткени, адамдын
денесинде табияттагы энергиянын, ааламдын, жылдыздардын, материянын,
элементтердин, форманын, жандын жана акыл эстин бөлүктөрү бар. Мунун баары өз
ара байланышпаган, деңгээли боюнча айырмаланган өзүнчө дүйнө. Адам мына ушул
түрдүү дүйнөдөн куралган бир бүтүн.
Жараткан мунун баарын бири бирине бириктирип, байланыштырып койду. Сен
өзүң көрүп тургандай, бул кең дүйнөдөгү асман мейкиндиги, жылдыздар жана табигый
күчтөр мазмуну боюнча ар башка болгону менен өз ара байланышып туру. Мисалы, от
жана суу бардык сапаттары боюнча бири бирине карама каршы, жер менен аба да
83 жавонмарди сөзмө сөз мааниси «асылзаттык, рыцарлык» дегенди түшүндүрөт.
Терминдин араб тилиндеги эквивалентифуттува. Өз укугун жакшыртуу үчүн феодалдык
бийликке каршы кЦфашкөн кол өнөрчүлөрдүн жашыруун коомунун мүчөлөрү
өзүлөрүн жав»1Ьй^дилер деп аташкан. Бул коом кандайдыр бир деңгээлде диний
мүнөИрэ дв аэ болгон жаиа суфизмдин айырым агымдары менен байланышып турган
ошондой. Ал эми жер суу менен отко арачы болуп, аларды байланыштырды. Жер
кургак зат катары от менен, муздак зат ирети суу менен байланышат. Суу муздак зат
катары жер менен байланышса, жумшактыгы жагынан аба менен, аба жумшактыгы
боюнча суу менен, жылуулугу боюнча от менен, ал эми от субстанциясы боюнча эфир
менен, эфир жалындап күйгөнү жагынан жылдыздардын жана ааламдын падышасы
Күн менен, Күн субстанциясы боюнча материя менен байланышат жана материя ага
таасир этип да турат, себеби, Күн бешинчи элементтин субстанциясы. Материя эң
жогорку эманациясы боюнча адамдын жаны менен, а жан өзү акыл-эс менен
байланышта. Ошентип, пассивдүү кубулуштар материя жана потенция аркылуу
активдүү кубулуштар менен байланышты. Эгер пассивдүү кубулуштар активдүү
кубулуштардан ортодо пайда болгон катнаш аркылуу материя жана потенция алып
турушпаса, кыйроого учурайт. Ошондой эле активдүү күчтөр ортодогу байланыш
аркылуу асман мейкиндигинен, асман мейкиндиги материядан, материя жандан, жан
акыл эстен материя жана потенция алат, болбосо кыйрап калат. Андан аркысын буга
окшоштуруп ой калчап түшүн.
Адамдын денесинде караңгыдан жана оордуктан чогулган нерсенин баары
табигый күчтөрдөн жыйналды. Тулку келбети, бети, жаны, күч-кубаты, кыймылы асман
мейкиндигинен чогулду. Дененин беш сезими: угуу, көрүү, жыт билүү, даам билүү,
сезүүсү материядан чогулду, ал эми руханий сезимдери: эс тутуму, чечим чыгаруу,
ойлонуу, элестетүү жана сүйлөө жөндөмү жаныдаң топтолду. Кишинин денесиндеги эң
улуу касиет: адамгерчилик, акылмандык, өсүп-жетилүү жана ийгилик денедеги
жогорку акыл эстин эманациясынан жаралды. Бул касиеттин негизи акыл эс.
Демек, дене жаны болгону үчүн жашайт, а өмүр үчүн жан тирүү болуш керек жана
жан акыл эс барында жашайт. Эгерде кимдин денеси кыймылдаса, ал денеде сөзсүз
жашоо бар болуш керек; ким сүйлөсө, сөзсүз анын жаны бар болуш керек; а жан бар
жерде сөзсүз акыл эс да бар. Бул бардык адамдарга тийиштүү касиет, бирок дене жана
жандын ортосунда илдет пайда болгондо, тең салмактуулук байланышы бошоңдойт,
жандан денеге кубат, башкача айтканда, жанды кыймылдатчу кубат келбейт. Кимдир
бирөөнүн өмүрү менен жанынын ортосундагы байланышка форма оордук кылса, анын
жанынан өмүрүнө кубат, башкача айтканда, беш сезим келбейт. Кимдин жаны менен
акыл эсинин арасына караңгылыктын жана түшүнбөстүктүн көшөгөсү тартылса, анын
жаны акыл эсине ой жүгүртүүнү, чечим кабыл алууну, адамгерчиликти жана
чынчылдыкты жибербей калат.
Демек, дене акыл эссиз жана адамгерчиликсиз болбойт, бирок эманация руханий
байууну токтотуп салат. Умтулуу болсо да мазмуун болбойт. Ошондуктан дүйнөдө
адамгерчиликке умтулбаган эч ким жок. Бирок, сен уулум, башкаларга окшош
болбогонго тырыш, мазмуну жок доомат кылба, баш-аягы мазмуундуу адам болуу үчүн
жана жогорку эманацияны үйрөнүп түшүнүү үчүн ички дүйнөңдү ачык карма.
Уулум, билип ал, даанышмандар адамгерчиликтен жана акыл эстен сөз жүзүндө
фигураны жасашты. Бул фигурада денеси, жаны, сезими жана адамгерчилик сыяктуу
руханий сапаты пайда болду. Алар: бул фигуранын денеси-жавонмарди,
жашоосу-чынчылдык, жаштыгы-акылмандык, руханий маңызы-касиети, деп айтышты.
Үлүшүнө дене тийген топко айярлар, аскерлер, базар адамдары кирип, аларды
жавонмард деп аташты. Энчилерине дене жана жан тийген топ тышкы илимдин ээлери
менен жарды суфийлер. Аларды элде аңдап түшүнгөндөр жана моюн сунгандар деп
аташты. Үлүшүнө дене, жан жана сезим тийген топто акылмандар, пайгамбарлар,
олуялар бар. Аларды эл ичинде жеткен даанышмандар деп эсептешет.
Периштерлердин энчисине дене, жан жана касиет тийген, ал эми адамдардын ичинен
бул касиет пайгамбарларга тийген.
Ошентип, (чыныгы байланышты билчү болсок) пешенсине жавонмарди болуу
ырыскысы жазылган адамдар өкүлдөр тобу менен байланышкан. Жавонмардинин
негизи үч нерседен турат: биринчиси-эмне сүйлөгөн болсоң, ошону жаса, экинчиси
чындыкка каршы иш кылба, үчүнчүсү сабырдуу (чыдамкай) бол, деп айтылат. Анткени,
жавонмардиге тийиштүү бардык касиеттер ушул үч сапатка негизделген.
Уулум, бул сага кыйын болсо, сен аны билүүң үчүн бул үч касиетти береги топторго
бөлөм дагы ар биринин маани-мазмунун жана чен өлчөмүн аныктап берем.
Кыстарма
Билгин, изги айяр бир нече асыл сапаты бар айяр: ал тайманбас жана эр жүрөк,
акылман, ак дил, ар бир иште сабырдуу болуп, айткан убадасын бекем кармайт, эч
кимге жамандык кылбайт, досторунун пайдасы үчүн өзү чыгым тартканга даяр,
туткундарды кемсинтип-кордобойт, жардыларга жардамын аябайт, кара
мүртөздөрдүн жаман ишти жасашына жол бербейт, чындыкты сүйлөйт, чын кепти угат,
ар бир адамды татыктуу баалайт, нан жеген жеринде жаман ишке барбайт,
жакшылыкка жамандык менен жооп бербейт, жакшы сөздөрдү сүйлөйт, жаман иштин
жакшы жагын көрө билет. Эгер кунт коюп байкасаң, мына бу икаяда айтылгандай,
мунун баары мен айткан үч нерсеге барып такалат.
Икая
Кухистанда айярлардын бир тобу чогулуп, сүйлөшүп отурган экен. Сырттан кирген
адам салам айтып: "Мен Мерванын айярлары жиберген чабарманмын. Алар сиздерге
саламын жолдоду. Кухистандагы баланча-түкүнчө деген айярларга айтып баргын
дешти. Бизде сурообуз бар. Эгер ал суроого туура жооп берип, ага биз канааттансак,
биз силерди өзүбүздөн улуу деп тааныйбыз. А натуура жооп берсеңер, биз силерден
улуубуз", деди. Мервалык айярлар: "Суроону айт" дешти. "Айткылачы, асылзат жана
наркысыз деген эмне, асылзат менен наркысыздын айрымасы эмне? Эгер жолдо
олтурган айярдын жанынан кимдир бирөө өтүп, андан көп узабай аны өлтүрөм деген
кылыччан башка бирөө өтүп баратып, айярдан бул жолдон бирөө өттүбү деп сураса,
айяр кандай жооп бериш керек? Эгер көрдүм деп айтса, чагым болот, а көрбөдүм десе,
калп болот. Антип да минтип да айтуу айярга жарашпайт," деди чабарман. Суроону
уккан Кухистандын айярлары бири бирин тиктеп, мелтиреп отуруп калышты. Шондо
алардын ичинен Фазил Хамадани деген адам туруп: "Мен жооп берем," деди эле,
айярлар:"Айт!" дешти жабыла. "Асылзаттыктын негизи: эмне айтсаң, ошону жасоо.
Асылзаттык менен наркысыздыктын айырымасы, сенин сабырдуулугуңда. Ал эми
айярдын жообу мындай. Ал отурган жайынан бир кадам жылып туруп: мен бул жерде
отургандан бери эч ким өткөн жок десе, чындыкты айткан болот."
Сен уулум, бул сөздөрдү билип алсаң, асылзаттык эмне экени сага айкын болот.
Аскер адамдарынын өзгөчөлугү
Биз жогоруда айярлардын асылзаттыгы жөнүндө кеп кылдык. Аскерлер да сөзсүз
түрдө өздөрүн айяр сыяктуу эле, атүгүл андан мыкты көрсөтүшү керек. Себеби, аскерий
наам-бул айярлыктан да бийик даража. Ошон үчүн, аскерий адам дагы жоомарт,
меймандос, март, асылзат, кийими таза жана жакшы каруу жарактуу болушу лаазим.
Бирок, аялдарга жакындык, өзүн өзү сүйүү, кызмат кылууга даяр туруу жана чогоолдук
аскер адамы үчүн жакшы сапат болсо, айяр үчүн кемчилик. Базар адамдарынын
асылзаттыгынын өз шарттары бар. Ал жөнүндө кол өнөрчүлөр жөнүндөгү бапта кеп
кылганбыз.
Уламалардын өзгөчөлугү
Адамгерчиликтин келбетинен (фигурасынан) денеге жана өмүргө татыган адамдар,
биз мурда айткандай, алар диний илимдин ээлери менен жарды суфийлер. Алардын
асылзат касиети деп билими жана топуктугу айтылат. Бул адамдар ашыкча асылзат
болушат, анткени асылзаттык фигуранын тулку, а чынчылдык жашоосу, аларда жашоо,
башкача айтканда, чындык бар. Андыктан бул адамдарга дайыма сылык мамиле жаса,
себеби асылзат уламалар диний таанып-билүүнүн ээлери. Бул касиетке ээ адамдар
топуктуу сүйлөшүп, өздөрүн ийги тутушат. Ошондой эле алардын жүрүм-туруму да
ийги. Динге алар жан дили менен берилип, эки жүздүүлүктөн алыс болушат; эч качан
эч кимге ачууланышпайт, жашоодо да куйтулук кылып, эч кимдин сырын ачышпайт;
жубайлар ажыраша турганын ант берип тастыктамайынча фатва чыгарышпайт жана
фатва менен адамдарды омуроого алышпайт; эгер кимдир бирөө кандайдыр бир
жаңылыштык кетирсе, аны түзөтүүнүн жолун билишет жана бакырлык кылбай эле
жаңылыш ишти кантип түзөткөндү үйрөтүшөт. Өз ишенимин жашоонун орозгерлери
үчүн сатпайт, риясат (аскет, бакыр) жашоосун элге шардана кылбайт, атакдаңктуу
болушса да күнөөлүүгө күнөөсүнү айтып эл алдында басынтышпайт.
Эгер кимдир бирөөгө кеңеш берчү болсо да элден купуя беришет, анткени эл
алдында кеңеш айтуу-бул кемсинтип-басынтууга тете. Алар эч качан кимдир бирөөнүн
канын төккөнгө даап барышпайт жана кимдир бирөө өлүмгө татыктуу экенин билген
учурда да аны өлтүрүүгө уруксат да беришпейт. Анткени өлгөн адам кайра тирилбейт.
Алар башка багыттагы адамды каапыр деп айтуусу шарт эмес, себеби каапыр-бөлөк
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кабуснаме - 13
  • Parts
  • Кабуснаме - 01
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2009
    22.9 of words are in the 2000 most common words
    32.6 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 02
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 1923
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 03
    Total number of words is 3952
    Total number of unique words is 1942
    26.0 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 04
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2074
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 05
    Total number of words is 3996
    Total number of unique words is 2142
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    43.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 06
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2008
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 07
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2031
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2077
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 09
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1960
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 10
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2099
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    34.8 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 11
    Total number of words is 3997
    Total number of unique words is 2026
    26.0 of words are in the 2000 most common words
    38.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 12
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2036
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    38.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 13
    Total number of words is 3365
    Total number of unique words is 1726
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    39.4 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.