Latin

Кабуснаме - 02

Total number of words is 3960
Total number of unique words is 1923
25.5 of words are in the 2000 most common words
37.4 of words are in the 5000 most common words
43.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
зарыл каражаты бар болсо, Алланын үйүнө барып, зыярат кылсын деп буйруган, ал
эми кимде керектүү каражаты жок болсо, муну буйруган эмес. Бу дүйнөдө падышанын
сарайына кирүүгө дүнүйөлүүлөрдүн гана мүмкүндүгү бар экенин сен эмне көргөн
жоксуңбу?
Ажыга баруунун шарты боюнча, бу парзды аткаруучуда сапарга чыкканга жетерлик
каражаты болуш керек, жардылар үчүн сапарга аттануу акылсыздык болот, анткени
каражаты жок туруп, сапарга чыгуу кооптуу.
Эгер сенде каражатың болуп туруп, бирок сапарга барбасаң, байлыгыңдан толук
ырахат жана канаат албайсың. Бу дүйнөдө байлыктан толук ырахат жана канаат алуу,
көрбөгөндү көрүп, жебегенди жеш, табылбаганды табуу мунун баары саякатта гана
мүмкүн. Саякатка чыгып, дүйнө көргөн адамдар тажрыйбалуу, жолдуу жана акылман
болушат, себеби алар көрбөгөндү көрүшүп, укпаганды угушту. Миң уккандан бир
көргөн артык дешет эмеспи. Айтылган го:
Карылыгың урмат-сыйга татыктуу,
А чынында «көптү көргөн көсөм» дейт.
Ошон үчүн жараткан мал-мүлктүү адамдардын байлыкты баалай билүүсү, анын
пайдасын көрүүсү, теңдешсиз улуу Кудайдын буйругун аткаруусу жана Анын үйүнө
зиярат кылуусу үчүн пенделерине сапарга чыгууну буйруган. Кемтиги бүтөлбөгөн жана
жолго каражаты артпаган жардыга андай буйрук берген эмес. Бул жөнүндө мен
мындай дейм:
Досторуң кел дебесе, кеңешпесе
Кеибе, жакырлыгың жараткандан,
Кечирип кой алардын пенделигин,
Ажылыкка карыптарды чакырбаган.
Арийне, жакыр адам ажыга барса, ал өмүрүн тобокелге салат, анткени байлар
аткарчу ишти жасаган жакыр дени соо адам жасачу ишти аткарган кеселге окшош. Ал
жөнүндөгү икая бир бай менен бир кембагалдын ажыга барганы тууралуу икаяга
окшош.
Икая
Бухаранын өкүмдары Кудайдын үйүнө барып, зиярат кылмак болот. Ал өтө бай
адам болгон жана ал баштаган кербенде андан бай эч ким жок экен. Анын жүктөрү
жүздөн ашык төөгө артылат. Анын өзүн кулдар замбилге отургузуп көтөрүп жүрүшөт.
Ал узак жолго үйдөгүдөй камылга менен чыккандыктан, эрме чөлдө да эч кандай
жабыр көрбөйт, уйкусу бузулбайт, жаны жыргалдан чыкпайт. Аны менен чогуу
бараткан топ элдин ичинде байлары да жардылары да болот. Ал Арафат тоосуна жете
бергенде жылаң аяк, бутун көнөктөп сары суу баскан, өзөгү сууга зар, курсагы тамакка
зар дербишке кез келет. Ал эч кыйынчылыкты билбей, ырахатка баткан Бухаранын
өкүмдарын көрүп, ага кайрылды: "Сен ушундай байлык үстүндө, мен кыйынчылык
үстүндө жүрсөм да, акырет күнү мага да сага да бир эле сыйлык болот".
Бухаранын өкүмдөрү дербишке жооп берди: "Менин сыйлыгым сенин сыйлыгыңа
тең болгон күндөн Кудай куткарсын! Эгер жараткан мени жана сени теңеп коерун
билсем, мен эч качан чөл кезип, жолго чыкмак эмесмин". Дербиш сурайт: "Эмне үчүн?"
Тиги жооп берди: "Мен теңдешсиз Кудайдын буйругун аткарып жатам, а сен аны бузуп
* мустапа тандалган, ылганып алынган.
жатасың. Мени чакырышты, мен конокмун, а сен жатып ичерсиң. Жатып ичер
чакырылган конокко тең келе алабы? Тендеши жок Кудай байларды чакырды, ал эми
жардыларга айтты: "Өзүңөрдү өз колуңар менен коркунучка түртпөгүлө". Сен
Кудайдын буйругусуз эле жокчулук менен ачкачылыкта чөлгө келдиң, өзүңдү
коркунучка айдап, кудайдын буйругун аткарган жоксуң. Эмнеге сен өзүңдү буйрукту
уккандарга теңегиң келет?"
Мал-мүлктүү ар бир адам барчылыктан улам сөзсүз ажыга барсын. Ал ошентип
байлыктын баркын билет жана баарынан улук Кудайдын буйругун аткарат.
Ошентип, уулум, эгер сенде ажыга барууга каражатың болсо, кудайга кызмат
кылууда калпыстыкка жол бербегин.
Ал эми ажыга баруу үчүн беш жагдайдын болушу шарт: бийлик, байлык, бош
убакыт, урмат-сый, коопсуздук жана бейпилдик. Эгер сен мунун баарына ээ болсоң,
Кудайга кызмат кылганга аракет кыл.
Билгин, ажыга баруу да Кудайга кызмат кылуу. Эгерде сенде жетерлик каражатың
болуп туруп, ажыга барууну кийинки жылга калтырсаң, сен күнөө жасабайсың, зекет
берүү да Кудайга кызмат кылуу, бирок, мүмкүнчүлүгүң бар туруп, зекет бербей койсоң
буга кечирим жок. Теңдешсиз Кудай зекет төлөөчүлөрдү дайыма өзүнүн жакындары
деп атайт.
Зекет төлөөчү адам, башка адамдардын арасында букаралары арасындагы
падышага окшош болот. Ал керек нанды берет, а башкалар аны жөн гана алышат.
Теңдешсиз Кудай бирөөлөр жарды болсун, башкалар бай болсун деп, аныктап
койгон. Ал, албетте, бардык адамдарды бай кылып жарата алмак, бирок да ал өз
пенделеринин даражасы жана кадыр-баркы өзгөчөлөнүп турсун, жогоркулар
төмөнкүлөрдөн бөлүнүп турсун үчүн адамдарды эки түрдүү кылып жаратты.
Ошентип, падыша да кызматкерин кайсы бир элдин багарманы кылып дайындайт,
эгер ал өз жанын багып, букараларга кам көрбөсө, падышанын каарынан кутулбайт.
Зекет жылына бир жолу берилет жана бул сөзсүз аткарылчу милдет. Кайыр-садага
берүү милдет эмес, лекин, ал айкөлдүккө жана адамгерчиликке жараша берилип
турат. Мүмкүнчүлүгүн болсо, үзбөй берип тур, асыресе, садага берген адамды ар убак
Кудай сактайт, ал эми Кудайдын коргоосун улуу бакыт деп билүү керек.
Уулум, этият бол, ажыга баруу жана зекет боюнча жүрөгүңдө эч кандай күмөнсүнүү
болбосун, тегин нерсени ойлобо, дейди сөздөн кач: Эмнеге жөн жерден жүгүрөм,
эмнеге чечинүү керек, эмнеге тырмагымды жана чачымды албайм? Мен эмнеге
жыйырма динардан жарым динар зекет берем жана бул эмне болгон зекет? Койлор
менен төөлөрдөн эмнеге зекет төлөнөт? Мен эмне үчүн койлорду курмандыкка
чалам? Мунун баарында жүрөгүң таза болсун. Мен билбегендин баары жакшы деп
ойлобогун. Теңдешсиз Кудайдын буйругандарын аткаруу менен алек бол, а кантип,
эмне үчүн деп сураба, ал сенин ишиң эмес. Качан бул буйрукту аткарганыңдан кийин,
билип алгын, атаңды сыйлоо - теңдешсиз Кудайдын эрки.
АТА-ЭНЕНИ СЫЙЛОО ЖӨНҮНДӨ
Уулум, билгин, биздин жаратуучубуз, Ал дагы даңкталсын, дүйнө ирээттүү болуусун
каалап, бардык заттарды тукум улап тургандай кылды жана анын себепчиси кылып
айбанаттык ышкыны жаратты. Демек, уул акылга таянып, өз өмүрүнүн себепкерин
сыйлап-урматташы лаазим, ал ошондой эле өз уруусун сыйлап-урматташы абзел, анын
уруусу-бул атасы менен энеси. Байка, эч качан: атам менен энемдин мага кандай
укуктары бар, алар мени эмес эле өз ышкыларын кандырууну ойлошкон, деп айтпа.
Арийне, алардын максаты ышкыларын кандыруу болсо да, ышкы алардын назиктиги
менен акталат жана алар сен үчүн өлүмгө барууга даяр.
Ата менен энени сыйлоонун эң арзыбаган себеби катары алардын сени менен
сенин жаратуучуңдун ортосунда арачы болушканын айтса болот. Сен өз жаратуучуңду
сыйлагандан кийин, ага жараша арачыларды да урматтооң керек.
Дайыма акыл менен иш кылган уул, эч качан атасын жана энесин урматтабай жана
сүйбөй койбойт. Биздин Эгебиз, урмат-даңкы дагы артсын, өзүнүн теңдешсиз сөзүндө
айтат: "Аллага баш ийгиле жана элчиге, силердин баштоочуңарга баш ийгиле" (Куран,
IV, 62). Бул аяттын маанисин түрдүүчө түшүндүрүп жүрүшөт. Уламыштан окуганыма
караганда, баштоочу-бул ата менен эне, асыресе, амр сөзү арабча иш же буйрук деген
эки мааниге ээ; кимде буйрук жана бийлик болсо, ал башкаруучу болот. Ата менен
энеге бийлик балдарын багуу үчүн, буйрук аларды жакшылыкка үйрөтүү үчүн
берилген.
Байка, уулум, ата-энеңдин жүрөгүн азапка салба, алардын жаны кыйналганы үчүн
жек көрбөгүн, анткени жаратуучу аларды өз жандарыны кыйнаганы үчүн катуу
жазалайт жана улуу Куранда айтат: "Аларга тү деп айтпа жана аларды жектеп
четтетпестен, аларга сый-урматуу сөздөрдү айт".
Айтылганга караганда, Алланын кулагы сүйүнсүн, ыймандуулардын баштоочусу
Алиден сурашат: "Ата менен эненин уулунун үстүнөн болгон укугу кандай жана канча?"
Ал ошондо: "Жараткан анын эреже-жобосун пайгамбардын ата-энеси өлгөндө
көрсөттү. Ата-энеси эгер ал пайгамбар болгон кезге чейин жашаган болушса,
пайгамбардын аларды сөзсүз баарынан жогору деп эсептеши {алардын алдында баш
ийип жана кемсинип, өзүн уул катары алып жүрүшу} шарт эле. Анда анын: "Мен
Адамдын балдарынын мырзасымын жана мында текеберчилик жок", деп айткан сөзү
кудуретсиз болмок, Алла өзү аны жана анын уруусун алкасын," - деп жооп берди.
Демек, сен ата-эненин укуктарын диний көз караштан карабай тур'ган болсоң, анда
акыл эс жана адамгерчилик жагынан кара. Сенин атаң жана энең - жакшылыктын
себепкери жана сенин өсүп-чоңойууңдун негизи. Эгер сен аларга калпыс мамиле
кылсаң, бул сени эч кандай жакшылыкка татыктуу эместей көрсөтөт. Анткени ким
негизги жакшылыкты баалай албаса, ал андан жаралган нарк-насилди жана
жакшылыкты да баалай албайт. Жакшылыкка жамандык кылуу - караңгылык. Сен
болсо караңгылыкты издебе жана өз балдарыңдан кандай мамиле күтсөң, атаң менен
энеңе ошондой мамиле жаса. Асыресе, сенден ким төрөлсө, ал сенден сени туугандар
тилеген нерсени каалайт.
Адам-мөмө, ал эми ата менен эне дарак сыяктуу. Сен дарак үчүн канчалык кам
көрсөң, атаң менен энеңди ошончолук жакшынакай, кереметтүү кылып
сыйлап-урматтайсың жана жакшы көрөсүң, ошондо алардын намазы жана сага берген
дубасы жеткиликтүү болот дагы сен Кудайдын алкоосуна жана атаң менен энеңдин ак
батасына жакын болосуң.
Абайла, мураскер болом деп атаң менен энеңдин өлүмүн тилебе, алардын
өлүмүсүз деле сага буйруганы тийет. Асыресе, энчи элдин баарыга бөлүнгөн жана ар
кимге бешенесиге жазганы тийет. Сен энчи үчүн көп чебелектеп кыйналба,
анткениңден үлүшүң көбөйбөйт. Айтылган го: күчкө салып эмес, умтулуп жаша.
Эгерде энчи үчүн кудайга ыраазы болгуң келсе, жагдайы жакшыларга көзүңдү
артпа, дайыма жаратканга ыраазы болуу үчүн-жагдайы өзүңдөн начарларга көз салып
көр.
А эгер мал-дүйнөң кемисе, акыл менен байыганга аракет кыл, анткени
мүлк-дөөлөттүү болгончо, акылга бай болгон жакшы. Асыресе, акыл менен байлыкка
жетсе болот, ал эми байлык менен акыл жыйнай албайсың. Кемпай тез кур аяк калат,
ал эми акылды не ууру көтөрүп кетпейт, не суу, не от жок кыла албайт.
Демек, эгер сенде акылың болсо, бир нерсени окуп үйрөн, анткени акылдуу
өнөрсүз болсо, жылаңач дене сыңары же бети жок адам кейпи болот. Ошон үчүн:
билимакылдын жүзү деп айтылган.
КАНААТ КЫЛУУ ЖАНА ИЛИМИҢДИ АРТЫРУУ ЖӨНҮНДӨ
Уулум, муну билип, кабардар болгун! Өнөрү жок адамдар шагы бар, бирок
көлөкөсү жок мугелон 5 сыяктуу дайыма ныпасыз калышат. Ал өзүнө да, башкаларга да
пайда кылбайт. Эгер айкөл жана атактуу адамдар өнөрлүү болушпаса да, алар теги
жана жаатына жараша башкалардын алдында сый-урматтуу болушат. Не тексиз, не
өнөрсүз адамдарга кыйын. Сен тектүү жана асылзаада болсоң дагы өзүң да
атак-даңкка жетүүгө умтул, анткени өзүң жеткен атак-даңк мурастап алган
атак-даңктан артык; урмат-сый тек-жаатың үчүн эмес, акылың жана билимиң үчүн
көрсөтүлөт деп бекерден айтылбаган. Акыл жана билимдин улуулугу тек-жаатка
карабайт. Ата-энең берген атак-даңкка манчыркап калба, ал тышкы гана белги, сенин
өз жөндөмүң менен жеткен сый-урматың, ошондой эле "Зейд" же "Жафар", же "таяке”
же "байке" деп аталгандын ордуна "устат", же "адабиятчы", же данышман деген лакап
атка конгонуң сен үчүн ырыс дөөлөт болот.
Арийне, адамда мурастап алган насил-наркынан башка эч кандай дөөлөтү жок
болсо, коомдо анын сөзү эч кимге өтпөйт. Эгер сен кимдир бирөөдө ушундай асыл
сапаттарды байкасаң, аны жеңден ал жана колуңдан чыгарба, себеби ал элдин
баарына керек.
Дагы билип ал, бардык өнөрдүн алды-кызыл тил. Биздин жаратуучубуз, Ал дагы
даңкталсын, өзү жараткан бардык заттардын эң мыктысы кылып адамды жараткан
жана адам бардык башка жандыктардан дененин беш ички жана беш сырткы сезими
менен өзгөчөлөнүп турат. Беш жашыруун дегеним булар: ой жүгүртүү, эске тутуу,
элестетүү, ажырата билүү жана тил, а беш көрүнөө болсо: уга билүү, көрүү, жыт билүү,
даам билүү жана сезүү. Бул сезимдер жаныбарларда болсо да алар адамда бар
сезимдерге окшош эмес. Мына ушул себептүү адам башка жаныбарлардын падышасы
жана башкаруучусу.
Мына, сен муну билгениңден кийин, тилди мыктылап жана чеберлеп үйрөн, ар качан
кооз сүйлөгөндү өзүңө адат кылып ал: тилиң дайыма сен эмне кааласаң, ошону
сүйлөгөндөй болсун жана бул сага кадыресе адат болсун. Айтышат го: кимдин тили
ширин болсо, ага жакшылык каалоочулар көп болот.
Бирок, канчалык чечен болсоң да сөздү орду менен сүйлөгөнгө тырыш, анткени
орунсуз сөздү канчалык чеберлеп айтпа, баары бир орой угулат. Керексиз сөздөрдөн
кач, себеби маанисиз сөздүн зыяндан башка пайдасы жок. Калпы оркоюп турган жана
жосунсуз сөздү айткандан көрө айтпай койгон он, анткени акылмандар сөздү шарап
менен салыштырышат: шарапты ченин билбей ичсе баш оору, чендеп ичсе - баш
оорууга даары.
Эгер сенден сурашпаса, сүйлөбө. Атайын сурамайын - эч кимге кеңеш айтпа жана
дегеле сөз укпаган адамдарды ишендиргенге аракет кылба, андайлар аңга өзү

мугелон тикенектүү жалбыраксыз өсүмдүк.
жыгылат. Бөтөн адамдардын көзүнчө эч кимге кеңеш айтпа, анткени "Бирөөнүн
жанында айтылган кеңеш-жемеге тете" деген кеп бар.
Кокус кимдир бирөө жол менен баспаса, аны жолго салам деп кыйналба, баары
бир жолго сала албайсың. Себеби дарак ийрейип өссө жана шактары ийри болсо, аны
тамырынан аралап жана жонуп гана түздөө мүмкүн.
Жакшы сөзгө жоомарт болгонуңдай эле, мүмкүнчүлүгүң болуп турса, белек-бечек
бергенге да март бол: адамдар сөзгө караганда пулга тез алданат. Шектүү жерлерге
кадам таштаба, кара ниеттен жана досун кара санатай ишке түрткөн адамдан кач.
Калпыс ишке барба жана кайда жүрбө, ал жайдан сени издеп табышса, абийириң таза
болсун.
Акчаңды кайра алыш үчүн койгон жайыңдан изде. Башкалар сенин кайгыңа күлбөс
үчүн, өзүң да башка бирөөлөрдүн кайгысына күлбө. Өзүң адилеттүү болсоң, башкалар
да сага адилеттүү болушат. Башкалар жөнүндө жакшы сүйлөсөң, өзүң жөнүндө жаман
сөз укпайсың. Какыр жерге эч нерсе экпе, баары бир өспөйт жана эмгегиң талаага
кетет, б. а. пас адамдарга жакшылык кылуу-какырга эгин эккенге барабар. Лекин, ким
жакшылыкка татыктуу болсо, андан жакшылыгыңды аяба жана дайыма жакшылыкка
үйрөт, анткени пайгамбар, жаткан жери жайлуу болсун, айткан: ким жакшылыкка
үйрөтсө, ал жакшылыкты өзү жасаган болот. Жакшы иштерди жаса жана жакшы
иштерди жасаганга буйру, себеби бул тууганчылыгы үзүлбөс эки бир туугандай.
Жакшы иш жасаганың үчүн өкүнбө, анткени жакшылык жана жамандык үчүн акыны
башка жайга жөнөбөй жатып, бул дүйнөдө эле аласың. Качандыр кимдир бирөөгө
жакшылык кылмак болсоң, эсиңде болсун, ага жакшылык кылып жатып, өзүң да ал
сыяктуу эле лаззат аласың. Качан кимдир бирөөгө жамандык кылсаң, анын башына
канчалык мүшкүл түшсө, ошончолук эле жаныңа жабыр түшөт, жүрөгүң ооруйт жана
бирөөгө жасаган жамандыгың өз башыңа тиет. Мына ошентип, чынында эле, бирөөгө
кылган жамандыгың сезимиңди кыйнабай койбойт; эгер өзүң ырахат албасаң, эч кимге
жакшылыгың тийбейт, андыктан, жакшылыгың жана жамандыгың үчүн акыны тиги
дүйнөгө кеткенден мурда ушул дүйнөдө аласың. Менин бул сөзүмдү эч ким тана
албайт, анткени кимде ким өмүрүндө жок дегенде бир ирет бирөөгө жамандык же
жакшылык кылган болсо, ал жакшылап ойлонсо, менин бул айтканым туура экенин
көрөт жана аны туура деп мойнуна алат. Ошентип, мүмкүнчүлүгүң барда, ким
жакшылык кылууну сураса, ага жок дебе, себеби, жакшылык убагы келгенде түшүм
берет.
Икая
Укканыма караганда, Мутаваккилда жүзү чырайлуу, жолдуу, бардык илимдерди
жана көркөм өнөрдү окуп үйрөнгөн Фатх деген кулу болот. Мутаваккил аны уул кылып
алат жана өз уулдарынан да жогору баалайт. Фатх сууга сүзгөндү үйрөнгүсү келет.
Кемечилерди чакыртып келип, алар Фатхты Нил дарыясында сүзгөнгө үйрөтө
башташат. Фатх али бойго жете элек жаш бала болгондуктан, сүзгөндү жакшы
үйрөнбөйт, бирок жаш балдардын адатынча мен сүзгөндү үйрөнүп алдым деп, өзүнчө
курсант болуп жүрөт.
Ал бир ирет мугалимиден жашырынып Тигр дарыясына барат да, суунун катуу
аккан жерине боюн таштайт. Суу Фатхты чимирилтип кирет. Ал суу менен алпурушуп
жеңе албаганын түшүнгөндөн кийин, аргасыздан агым менен кошо элдин көзүнөн
далдаа жакка агып кетет. Суу аны анча жерге чейин алып барат. Ал Тигрдин
Мутаваккил аббасиддердин 10-чу халифи, 847861жылдары өкүм жүргүзгөн.
жээгиндеги чуңкурлар бар жерге жеткенде чабак уруп жатып, бир чуңкурга чыгат дагы
анын ичинде отуруп өзүнчө: "Кудай бир нерсени каалагандай...бирок, мен бул кан
ичкич суудан аман чыктым", дейт. Ошентип ал чуңкурда жети күн отуруп калат.
Биринчи эле күнү Фатх сууга секирген бойдон чөгүп кеткенин Мутаваккилге
билдиришкенде, ал тактысын калтырып, жайдак жерге отурат да кемечилерди
чакырып: "Кимде ким Фатхты өлүү же тирүү таап келсе, мен ага миң динар 7 берем,"
дейт. Ал ошондой эле Фатхты кандай абалда табышса, ошондой абалында алып
келишмейинче, тамак ичпейм деп касам да ичет. Кемечилер Тигр дарыясына
барышып, анын булуң-бурчун калтырбай тинтип издешет. Жетинчи күнү алардын
бирөөсү кокусунан чуңкурда отурган Фатхка туш келип: "Ушу жерде жылбай отур, мен
азыр сал алып келейин," дейт сүйүнүп.
Ал түз эле Мутаваккилге келип: "О, ыймандуулардын өкүмдари, Фатхты сага тирүү
алып келсем, мага эмне бересиң?" деп сурайт. Тиги: "Беш миң динар берем," дегенде,
кемечи:"Мен Фатхты тирүү таптым," деп кабарлайт. Кемечилер сал менен барып,
Фатхты алып келишет. Мутаваккил кемечиге ошол замат убада кылган акчасын
берүүнү, ал эми уазирине болсо: "Менин казыма барып, анда бар акчанын жарымын
жардыларга бер," деп буйруйт. Андан соң: "Тамак алып келгиле, ал жети күндөн бери
өзөөрөп калды го", деп кыйкырганда, Фатх: "0, ыймандуулардын башчысы, мен
токмун," деди. Мутаваккил: "Сен эмне, Тигрдин суусу менен курсак тойгуздуңбу?" деп
сурайт. Фатх жооп берди: "Жок, мен жети күн ачка болбодум. Ар күнү суу менен
жыйырма нан салынган табак агып өтүп жатты. Мен эптеп алардын эки-үчөөсүн
кармап алып, ошол нан менен тамактанып жаттым. Ар бир нандын бетинде
"Мухаммад ибн ал-Хусайн ал-Аскаф" деген жазуу болду".
Мутаваккил шаарда Тигр дарыясына нан ыргыткан адам жөнүндө жар салдырат
жана ал адам ыймандуулардын башчысына коркпой келип, сыйлык алуусун айттырат.
Жарчылар бу кабарды жарыя кылышты. Эртеси күнү бир киши келип: "Бул
адам-мен болом", деди. Мутаваккил сурады: "Эмне далилиң бар?" Ал жооп берди:
"Далилим-бул: ар бир нанда менин ысымым-Мухаммад ибн ал-Хусайн ал-Аскаф деп
жазылган болчу". Мутаваккил айтты: "Далилиң туура. Бирок, айтчы, канча убакыттан
бери нанды Тигрге таштап жаттың?" Мухаммад ибн ал-Хусайн: "Бир жылдан бери"
деди. Мутаваккил сурады: "Муну менен кандай максатты көздөдүң?" Тигил киши:
"Мен мобундай макал эшиткенмин: "Жакшылык жасап, сууга таштап тур, сааты
келгенде түшүмүн берет. Менин колумда башка дөөлөтүм жок эле. Анүчүн колумдан
келгенин жасадым жана өзүмө: "Бул кандайдыр бир түшүм берет", деп айттым" деди.
Мутаваккил айтты: "Сен эмне уксаң ошону жасаган экенсиң, эми жасаган ишиңдин
түшүмүн ал". Мутаваккил ага Багдадда беш кыштакты энчилеп берди. Ал байып,
кадыр-барктуу адам болуп калды. Анын урпактары али да Багдадда жашашат...
Теңдешсиз эгем менин кудайдын үйүн барып көрүшүмө ыклас кылган экен, мен
ал-Каим би-Амри-Лллахи 8 заманында ажыга бардым. Ошондо Мухаммад ибн
ал-Хусайндын балдарын кездештирдим жана бул икаяни Багдаддын аксакалдарынан
жана чалдарынан уктум.
Уулум, мүмкүндүгүң барда, тыным албай жакшы иштерди жаса. Адамдарга өзүңдү
нарктуу инсан катары көрсөт жана ошо калыбыңдан жазбай жүр. Буудайды көрсөтүп,
динар алтын акча, 2,4 грамм алтын. VII-к. тартып чегериле баштаган.
ал-Каим би-Амри Ллахи аббасиддердин 26-халифи, 833-842-жылдарда башкарган
бирок арпа саткан соодагерге окшобой, дилиң каалабаган нерсени сүйлөбө. Бардык
иште адилет бол, ким адилеттүү болсо, ага соттун кереги жок.
Эгер башыңа кайгы же кубаныч түшсө, ал жөнүндө сенин кайгы-кубанычыңды
бөлүшчү адамга айт. Адамдарга кайгы-кубанычыңдын белгисин билгизбе жана ар бир
жакшы же жаман нерсеге балдарга окшоп ошол замат сүйүнбө жана кайгырба.
Колуң жетпегенге жетем деп, кызмат абалыңды алмаштырба, анткени, улуу
инсандар не чындык үчүн, не калп үчүн турган ордунан жылышпайт.
Аягы кайгы менен бүтчү кубанычты-кубаныч деп эсептебе, аягы кубаныч менен
бүтчү кайгыны-кайгы деп санаба. Үмүтсүз жагдайда үмүтүңдөн түңүлбө, билгин,
үмүтсүздүк-үмүт менен, ал эми үмүт-үмүтсүздүк менен байланышкан.
Билгин, дүйнөдөгү бардык иштин тагдыры-келүү жана жок болуу. Көзүң тирүүсүндө
чындыкты танба, эгер кимдир бирөө сени менен талашып-тартыша баштаса, талашты
унчукпай токтот. Билгин, акмактарга жооп- унчукпай койуу.
Эч кимдин эмгегин тегин жерден жокко чыгарба, ар кимдин, өзгөчө өз
туугандарыңдын укугун тааны. Аларга колуңдан келишинче жакшылык кыл жана өз
урууңдун аксакалдарын сыйла. Анткени, пайгамбар, Алла аны алкасын жана алик
алсын, айткан: "Өз урууңдун аксакалы - өз коомунун олуясы болот". Бирок,
кемчиликтерин жакшы жактарындай эле көрө билүү үчүн аларга өтө эле жагынба.
Бөтөн бирөөдөн өмүрүңө коркунуч бар экенин сезсең, тезинен өзүңдү коркунучтун
денгээлине ылайык коопсуз кылганга аракеттен. Эгер кимдир бирөө карасанатайлык
кылганы жатканын туйсаң, камырабастык кылуу сууда уу бар экенинен шектенип
туруп, сууну ичкен сыяктуу эле акылы кемдик болот. Өз дөөлөтүңө манчыркаба жана
талантсыз бол. Жок, андай эмес болсо, бир нерсеге үйрөн. Кийин шерменде болбоо
үчүн үйрөнгөндөн жана жакшы кепти уккандан уялбагын.
Жакшыны жана жаманды, адамдардын кемчилигин жана мыкты жактарын
кылдаттап байкагын, алар пайданы жана кирешени кайдан алышат, ныпасы жана
чыгашасы эмне экенин аныкта да, андан соң өз пайдаңды изде. Адамдарды кандай
нерселер чыгашага жакын кылаарын иликтеп билгин да, андан алыс бол жана адамды
пайдага жакындаткан ишке жакын бол. Денеңди илимпоздукка жана жакшы
касиеттерди үйрөнгөнгө көндүр. Билбегениңди-үйрөн, буга эки нерсе аркылуу:
билгениңди пайдаланып же билбегениңди үйрөнүп жетсең болот.
Сократ айткан: билимден өткөн кенч жок, акмак адамдан жаман душман жок,
билимден улуу урмат жок, уяттан мыкты шөөкүлө жок. Уулум, ошон үчүн,
акылмандуулукка үйрөнгөнгө умтул.
Кандай гана жагдайда болбо, бир да саатты акылмандуулукту үйрөнбөй коротпо;
акылмандуулукту нонок да үйрөнсө болот. Эгер билимсизге жүрөгүңдүн көзү менен
карасаң жана ага акыл-эстин карегин бурсаң, ошондо анын сага жакпаган жактарын
жасабай койсоң болорун билесиң. Искендер 9 айткандай, мен пайданы өз досторумдан
эле эмес, атүгүл душмандарымдан да көрөм. Эгерде мен кандайдыр бир жаман иш
кылган болсом, досторум мага жакшылык кылабыз деп, аны менден жаап-жашырганга
аракет кылышат, ал эми душманым-мага кас болгондуктан, аны мен уккандай кылып
айтышат. Ошондо, мен жаман ишимди ондоп-түзөйм, демек, пайданы мен досумдан
эмес, душманымдан көрөм. Сен да мындай акылмандыкты даанышмандардан эле
эмес, бейнаамдан да үйрөн.

* ИскендерАлександр Македонский
Бардык адамдар: улуу болобу, кичүү болобу, сөзсүз изгиликти жана билимди
үйрөнүшү керек, анткени өзүң курдуулардан билимиңди өркүндөтүп же сыпаалык
менен жогору болууң мүмкүн. Качан өзүң теңдүүлөрдө жок асылзаттыкты өзүңдөн
көрсөң, ошондо өзүңдү башкалардан өйдөмүн деп эсептейсиң, эл да сени
курдаштарынан насил-наркы жогору деп билишет.
Акылдуу инсан эл аны билими жана насил-наркы жагынан өзү курдуулардан жогору
деп баалай баштаганын көрсө, ал дагы да билимдүү жана нарк-насилдүү болууга
умтулат.
Демек, адамдар сени мындай урматташса, көп өтпөй башкалардан да жогору
болоруң анык. Демек, илимиңди өркүндөтүү - бул өзүң теңдүүлөрдөн бийик болуунун
жолун издөө. Ал эми илимиңди жана нарк-насилиңди өнүктүргөндөн баш тартуу - бул
жеткен абалыңа канааттануунун белгиси.
Жакшы сапаттарга үйрөнүү жана денеңди жалкоолугу үчүн жазалоо-абдан
пайдалуу, анткени жалкоолук-дененин чирүүсү деп айтылган. Эгер денең сага баш
ийбесе, байка, жамандыкка кириптер болуп жүрбө, себеби денең жалкоолуктан жана
жыргап жашаганды сүйгөндөн улам сага баш ийбей жатат.
Асыресе, кыймыл-аракет биздин тулку-боюбуз үчүн табигый абал эмес, дене ар бир
кыймылды өз каалоосу боюнча эмес, буйрукка жараша жасайт, анүчүн өзүң
кааламайын жана буйрумайын сенин денең кандайдыр бир кыймылды жасайын
дебейт. Ошон үчүн дененди мажбурлап өзүңө баш ийдир жана атайылап өз
каалаганыңды жасаганга көндүр. Арийне, ким өз денесин башкара албаса, ал башка
бирөөлөрдүн денесин да өзүнө баш ийдире албайт. Сен качан өз денеңди
багындырсаң, насилнарктарды үйрөнүү аркылуу эки дүйнөнүн жакшылыгын тап.
Анткенй, эки дүйнөнүн жакшылыгы нарк-насилде, ал эми ар кандай жакшылыктын
негизи илим менен билимдүүлүктө, өзгөчө, дилиңди башкара билүүдө жана топук
кылуу менен ыймаНдуулукта, чынчылдыкта, Кудайга муюгандыкта, тазалыкта,
чыдамкайлыкта жана уялчаактыкта.
Хадисте уялчаактык жөнүндө "уялчаактык ыйманга багыңкы" деп айтылса да,
уялчаактык көбүн эсе адамдарга зыян алып келет. Уялчаактыктан улам өз иштериңде
жаңылыштык кетирбөө үчүн жана өз ишканаларыңа зыян алып келбөө үчүн ашыкча
уялчаак болбо. Көздөгөн максатыңа жетүү үчүн көп учурда уят-сыйды унутууга туура
келет. Сабырсыздыктан, урушчаактыктан жана калп сүйлөгөндөн уял, а түз айткандан
жана туура жасаган ишиңден уялбагын, анткени көптөгөн адамдар уялчаактыктын
айынан өз максаттарына жетпей калышкан.
Уялчаактык ыймандын жемиши болгондой эле, жакырлыкуялчаактыктын жемиши
болгондуктан, уялчаактык качан керек жана уятсыздык качан керек экенин, ошондой
эле жакшылыкка кантип жетүүнү билүүң зарыл, анткени айтылган эмеспи: уялчаактык
бак-дөөлөттүн өбөлгөчүсү болсо уялчаактык-жамандыктын өбөлгөчүсү.
Нааманы адам деп санаба, жакшылыкты билбеген акылманды даанышман дебе,
билимсиз астейдилди аскет деп эсептебе, наамалар менен, айрыкча, өзүн даанышман
деп санаган жана наамалыгына канаат кылгандар менен алака кылба. Акылэстүүлөр
менен гана катташ, анткени жакшылар менен катташуудан адамдар жакшы даңкка
жетет. Сен эмне көрбөдүңбү, май кунжуттан сыгып алынса да кунжут майын фиалка же
роза менен аралаштырсаң, майды роза же фиалка менен аралыштыргандан, же ал
асылзат менен аралашкандан эле кунжут майынын өз аты калып, роза майы же фиалка
майы деп аташпайт.
Жакшылар менен катташканың үчүн жана алардын сага кылган жакшылыктары
үчүн алардан алкышыңды аяба жана алардын жакшылыктарын унутпа; ким сага
муктаж болуп кайрылса, аларды түртпө, анткени түртүүдөн сенин жаныңдын
кыйналганы көбөйүп, муктаждыгың өсөт. Адеп-ахлактуу жана адамгерчиликтүү
болууга аракеттен, мактоого арзыбаган адепсиздиктен айрыл жана ысырапчыл болбо,
себеби ысырапкорлуктун түшүмү-түйшүк, түйшүктүн түшүмү-жокчулук, а жокчулуктун
түшүмү-кор болуу. Сени акылдуу адамдар мактагандай болсун, байка, наамалардын
мактоосунан качкын, себеби кимди кара таман эл мактаса, аны менин угушумча, ак
сөөктөр жек көрүшөт.
Икая
Афлотун бир күнү өзү жашаган шаардын бектери менен отурган экен. Бир киши
келип, ага салам айтып, жанына отурат да көргөн билгендери жөнүндө сөз кыла
баштайт жана ар сөзүн ортосунда мындай деп кошуп турат: "Оо, данышман, мен бүгүн
баланчаны көрдүм, ал сен жөнүндө кеп салып, сени өзгөчө даңазалады жана мактады.
Афлотун өтө улуу акылман жана эч качан ага тең келчү адам болбойт. Мен сага анын
мактоо сөздөрүн айтып койгум келди".
Афлотун акылман бул сөздөрдү укканда башын ылдый салып, шолоктоп ыйлап
кирет жана катуу кайгыга түшөт. Тиги адам сурады: "0, акылман, мен сени жаман сөз
айтып таарынттымбы? Эмнеге кайгырып жатасың?" Афлотун акылман жооп берди:
"Сен мени таарынткан жоксуң. О, кожо, бирок нааданга менин жасаган иштерим
жагып, ал мактагандан артык жамандык болушу мүмкүнбү? Мен анын купулуна толуп,
жаны ырахат алгандай жана мени мактагандай кандай акмактык кылганымды
билбейм? Андай ишим үчүн өкүнмөкмүн. Мен али наама экениме кайгырып жатам,
анткени наадандардын мактоосуна татыган адамдар өздөрү да наадан болушат".
Ушундай маанидеги дагы бир икая эсимде калыптыр.
Икая
Угушумча, Мухаммад-и-Закария ар-Рази өз окуучулары менен кайдадыр бир жакка
бараткан болот. Жолдон аларга албарсты жолугат. Ал Мухаммад-и-Закариядан башка
эч кимге карабайт жана анын жүзүнө тигиле карап туруп каткырып күлүп жиберет.
Мухаммад ошол жерден артка бурулат да, үйүнө жетип, жапалак көкөмерен
кайнаттырып жейт. Окуучулары сурашат: "О, аким, сен эмнеге бул кайнатманы ушу
учурда жедиң?" Ал жооп берди: "Тиги бакшы күлгөн себептүү жедим. Ал эгер кара
жини менен болсо, ал менин эч нерсемди көрмөк эмес жана менин үстүмдөн күлмөк
эмес. Анткени "Ар бир чымчык кебетеси өзүнө окшош чымчык менен чогуу учат", деп
айтышат эмеспи" деп жооп берген экен ар-Рази.
Кесе сүйлөгөнгө жана жеңил чырлашканга үйрөнбө, момун жана токтоо бол. Бирок,
жушмак болсоң да, башкалардын сенин шириндигиңден жана жумшактыгыңдан
пайдаланышып, сени жутуп койгондой болбо; бирок да сага салам айтып, кол
бербегендей орой болбо. Элдин баары менен жакшы мамиледе бол, себеби
ырыс-ынтымак жашасаң досуңду да, душманыңды да өз максатыңа жетүүдө
пайдалансаң болот. Эч кимди жаман иштерге үйрөтпө, анткени жамандыкка
үйрөтүүнүн жамандык жасагандан айрымасы жок. Эгер сени айыпсыз жерден кимдир
бирөө таарынтса, аны таарынтканга аракет кылба, анткени жакшылыктын үйү адамгерчиликтин көчөсүндө жайгашат жана адамгерчиликтин негизи - таарынтпоодон
башталат деп айтылган.
Афлотун байыркы грек философу Платон.
Ошондой эле адамдарга жакшы мамиле кыл, себеби адамдар күзгүгө абай салып
өздөрүн көрүшү абзел; эгерде жүзү жайнап турса, жүрүм-туруму да жүзүндөй жайдары
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кабуснаме - 03
  • Parts
  • Кабуснаме - 01
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2009
    22.9 of words are in the 2000 most common words
    32.6 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 02
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 1923
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 03
    Total number of words is 3952
    Total number of unique words is 1942
    26.0 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 04
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2074
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 05
    Total number of words is 3996
    Total number of unique words is 2142
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    43.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 06
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2008
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 07
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2031
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2077
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 09
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1960
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 10
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2099
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    34.8 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 11
    Total number of words is 3997
    Total number of unique words is 2026
    26.0 of words are in the 2000 most common words
    38.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 12
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2036
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    38.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 13
    Total number of words is 3365
    Total number of unique words is 1726
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    39.4 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.