Latin

Кабуснаме - 06

Total number of words is 4082
Total number of unique words is 2008
26.4 of words are in the 2000 most common words
37.4 of words are in the 5000 most common words
43.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Уулум, эгер сага кимдир бирөө буюмун сактап бер деп сурачу болсо, колуңдан
келсе-алба, а эгер алсаң бекем сакта. Бирөөнүн буюмун сактаганга алуу өзүңө мээнет
алганга тең, анткени, ал акыр аягында үч нерсенин бирин алып келет: сага ишенип,
сактоого берилген мүлктү бүтүн кайтарып берсең, теңдешсиз улук Алланын "Сага
ишенип берилген затты анын эгесине кайтарышың лаазим" (Куран, IV, 61) деген сөзүн
аткарасың.
Кеңпейилдүүлүктүн жана эржүрөктүүлүктүн жолу эч нерсени сактоого албоо, а эгер
алчу болсоң, аны эгесине бүтүн кайтарып берүү.
Икая
Бир киши үрүл-баралда мончого барганы үйдөн чыгат. Жолдо досун кезиктирип:
"Мени менен мончого жүр", деп чакырат. Досу: "Сени мончонун эшигине чейин узатып
барайын, бирок, жуунганы кирбеймин. Убактым жок", -дейт. Ошентип, ал досу менен
ээрчишип мончого жөнөйт жана төрт көчөгө жеткенде ага айтпастан туруп, башка
жолго түшүп кетет. Бу тушта биринчи адамдын артынан аярлай басып, ууру бараткан
данг салмактын бирдиги. Түрдүү мезгилде түрдүү жайларда салмагы жана баасы ар
башкача болгон; дирхемдин 1/6ине барабар.
болот. Ал кокустан эле артына бурулуп, караңгыда ууруну тааныбай досум экен деп
ойлойт да жеңинен чарчыга оролгон 100 динарды ууруга сунуп: "Эй, тууган. Мен
мончодон чыкканча бул акчаны кармай турчу. Анан бересиң", - дейт дагы мончого
кирип кетет. Ууру акчаны алат да кетпей күтүп турат. Береги адам жарык кирип
калганда мончодон чыгат да түз эле үйүн көздөй жөнөйт. Ууру артынан жете келип:
"Оо, кең пейил адам. Адегенде өзүңдүн алтыныңды алгын да анан үйүңө бар. Мен сен
ишенип берген алтынды сактаймын деп, өз жумушумдан калдым" дейт. Тиги киши
түшүнбөй: "Сага эмнени ишенип бердим? Сен кимсиң?" деп сурайт. "Мен уурумун. Сен
алтыныңды мончодон чыкканча мага сактаганы бергенсиң" дейт ууру. Тиги киши:
"Эгер ууру болсоң эмнеге менин алтынымды алган бойдон кетип калган жоксуң?" деп
сурайт. Ошондо ууру: "Эгер мен өз мээнетим менен тапсам, миң динар болсо да сен
жөнүндө ойломок эмесмин. Сага бир динар да бермек эмесмин. Бирок, сен мага
сактап бер деп ишенип бергениңди уурдап алып, пастык кылбайм. Пейли кең адамдар
андай кыянаттыкка барышпайт," деп жооп берген экен.
Ошон үчүн сактоого алган затың сенин катышууң жок бүлүнсө, анын ордуна башка
бир нерсени сатып бергениң оңдуу. Эгер бирөөнүн аманат буюмуна көзүң түшүп,
билбейм деп жашырып алсаң-бул чоң күнөө. Непада сактоодогу буюмду эгесине
кайтарып бергенче, анын айынан көп түйшүк тартсаң да сенин кыйналганыңа карабай,
буюмдун эгеси сага эч ыраазы болбойт: тарткан азабың өзүң менен калат. Ал: "Бул
менин буюмум эле, тиги жайга койгонмун. Эми сага калтырбаймын да кайтарып
алдым" дейт. Чынын айтам, сага акыр аягында ырахматы жок көп түйшүк калат жана
алган алкышың-кийимиңде калган изи болот.
Кокус, сактоого алган затың жоголсо, сага эч ким ишенбейт, эч негизсиз жерден
туруп, эл алдында ысмың булганат, теңтуштарың арасында абийириң кетет жана
болочокто сага эч ким ишенбей калат. Эгер береги зат сенде калса, ага ээ чыга
албайсың жана мойнуңа чоң күнөө түшөт, бу дүйнө бактылуу болбойсуң, а тиги
дүйнөдө теңдешсиз жараткандын каары тийет.
Бирок, өзүң кимдир бирөөгө мал-мүлкүңдү сактаганга берчү болсоң, жашыруун
бербе, анткени сенин мүлкүңдү андан эч ким тартып албайт. Эки ишенимдүү күбө жок
өз дүйнөңдү эч кимге аманатка бербе жана кийин чатакташпоо үчүн берген заттарың
үчүн андан тил кат алгын. А эгер иш чатакка айланса, талаш учурунда уят-сыйды унутуп,
абийириңди жоготпо, абийирсиздик-зөөкүрлүктүн белгиси. Мүмкүн болсо, чындап
касам иччү мезгил келгенде, адамдар сенин сөзүңө ишенүүсү үчүн чындап да, калп да
касам ичпе жана жеңил-желпи эле касам ичип, элге таанылба. Канчалык бай жана
атак-даңктуу болгонуң менен чынчыл болбосоң, өзүңдү жарды деп эсепте; себеби,
уятсыз менен калпычы акыр аягында томаякка айланат. Сага болгон ишеничти акта,
анткени ишеним-философиянын алтын ташы деп бекерге айтылбаган; ар убак чынчыл
жана калыс жүрсөң, бай болосуң, себеби бардык байлык адилеттүү жана чынчыл
адамдарга таандык. Бирөөнү алдабаганга аракет кыл, бирок, өзүң да кулдарды сатып
алып жатканда алдангандан өзгөчө этият бол. Сени Алла өзү колдойт.
КУЛ САТЫП АЛУУНУН ЭРЕЖЕСИ ЖӨНҮНДӨ 29
Уулум, эгер кул сатып алууну кааласаң, кылдат бол, анткени адамдарды сатып алуу
татаал илим. Кеп жакшы кулдар бар, бирок аларга илимий көз менен карасаң, баары
Кай-Кавус түрдүү элдердин кулдарына мүнөздүү кемчиликтерди өтө орой
сүрөттөгөндүктөн, Е.Э. Бертельс андай жерлерди орусчага которбой түшүрүп койгонун
окурманга өзү эскертет.
тескери чыгат. Көпчүлүк адамдар кул сатып алууну соода иши деп билишкени менен,
бул философияга таандык илим. Арийне, ким болсо да сатып алып жаткан товарыңды
билбесе, ал алданып калат, ал эми адамды аңдап билүү-баарынан кыйын иш. Адамда
кемчилиги да, жакшы касиеттери да көп. Анткен менен, анын бир кемчилиги жүз миң
жакшы сапатын жууп кетет жана бир жакшы сапаты жүз миң кемчилигин басып кетет.
Адамды жүзүнөн окуп 30 жана тажрыйба аркылуу аңдап билсе болот, а көрөгөчтүк
илими-окуялык илимине тааныдык нерсе жана бул илимдин түбүнө адамдын
жакшы-жаман жактарын ажырата билген пайгамбарлардан башка эч ким жетпейт.
Канткенде да мен сага маалым болушу үчүн кулдарды сатып алуунун шарты,
кулдардын кемчилик-артыкчылыктары жөнүндө билишимче айтып берейин.
Билгин жана эсиңе түйүп ал: кулдарды сатып алуунун үч шарты бар. Биринчиси,
алардын көзгө көрүнөө жана көзгө көрүнбөгөн жакшы сапаттарын көрөгөчтүк менен
ажырата билүү. Экинчиси, сырткы белгилерине карай жашыруун жана көрүнөө
дарт-илдеттерин ажырата билүү. Үчүнчүсү, ар бир кулдун тегин, кемчиликтерин жана
артыкчылыктарын көрө билүү.
Көрөгөчтүктүн биринчи шарты мындай. Кулду сатып алып жатканда баарын
жакшылап ойлон, анткени кардарлар ар түрдүү болушат. Айрымдары кулдун жүзүнө
маани берип, дене түзүлүшүнө жана башка жактарына көңүл бурушпайт. Экинчи
бирөөлөр кулдун жүзүнө карабастан денесине, арык-семизине, мүчө түзүлүшүнө,
чырайына көңүл бурат. Бирок, сенин кулуңду көргөн ар бир адам эң алды анын
жүзүнө, андан соң дене түзүлүшүнө көңүл бурат, анткени кулдун жүзүн ар качан көрсө
болот, а денени акырындап барып көрөсүң. Андыктан, чырайлуу кулду тандаш керек,
себеби сен да анын жүзүн ар дайым көрүп жүрөсүң. Ошон үчүн, адегенде көзүнө жана
кашына кара, андан кийин мурдун, ээриндерин жана тиштерин карап көр, андан соң
чачына көңүл бур, себеби улуу жана даңазалуу эгем сулуулукту бардык адамдардын
көздөрүнө жана каштарына берген; сулуулук-мурунга, таттуулук-ээриндер менен
тишке, тунуктук-жүзгө, чач-мунун баарын кооздоп турсун деп сулуулук үчүн жараткан.
Денени ушинтип кароо керек. Эгер кулдун эки көзү жана каштары жакшынакай, мурду
сулуу, ээриндери менен тиштери ширин, териси тунук болсо, башкасын эч ойлобой
сатып ал. Эгер кулда мунун баары болбосо, ал келбеттүү болсун. Менин түшүнүгүмдө,
өңсүз сулуудан көрө көрксүз келбет турпат жакшы. "Кул кайсы бир иш үчүн" деп
бекеринен айтылбаган.
Ошон үчүн кулдун сырткы белгилерине карай анын табиятын үйрөнүп, сатып
алганды билүүгө тийишсиң. Кулду өзүң эс алчу жайда эрмек кылуу жана баарлашуу
үчүн сатып алчу болсоң, анын бою өзүңө ылайыктуу, денеси назик, териси жука,
мүчөлөрү келишкен, сары тору же ынды кара, узун каштуу, кара көз, кырдач мурун,
ичке бел, май көчүк, ай жүздүү, эриндери кызыл, тиштери ак жана күрүчтөй тегиз
болуп, бардык мүчөлөрү мен азыр айткандай болушу лаазим. Мындай кул сулуу жана
сүйлөшкөнгө ымаласы ысык, адептүү, сырга ишенимдүү, курч сөздүү жана акылдуу
болот.
Акылдуу жана жолдуу кулдун белгилери булар: ал сымбаттуу, коюу чачтуу, орто
эткер, денеси ак жуумал кызгылт, алаканы жайык, салааларынын ортолору ачык, жазы
маңдай, көздөрү кара сур, жүзү жайдары жана күлкүгө тез болсун. Мындай кул түрдүү

бул жерде адамдын жүзүндөгү мүнөздүү белгилер аркылуу анын мүнөзүн жана эмне
ойлоп жатканын билүүчү физиогогномика илими жөнүндө айтылууда (котормочу).
илимге жана чарбачылыкка зарыл эсеп-кысапчылыкка, ошондой эле казына иштерине
үйрөткөнгө жарайт, ага кандай гана ишти болбосун ишенип тапшырса болот.
Музыкага шыктуу кул назик денелүү келип, сыртынан арык чырай көрүнөт;
манжалары узун, бирок өтө арык же семиз болбошу керек. Бети эттүү кулдан сактан, ал
эч нерсени үйрөнбөйт.
Кулдун алаканы кебездей жумшак, манжаларынын ортосу ачык, жүзү нурлуу,
териси жука, ал эми чачы өтө узун же кыска
эмес, өңү өтө кызыл же ынды кара эмес, көздөрү кара сур, таманы тегиз болсун.
Мындай кул ар кандай чебердикти талап кылган ишти, айрыкча, музыканы тез
үйрөнөт.
Аскер өнөрүнө шыктуу кулдун чачтары кайраттуу, өзү турпаттуу, чымыр денелүү,
булчуңдуу жана колунун манжалары күчтүү, сөөк-саактуу, териси калың, кан
тамырлары терсин тээп чыккан, тарамыштуу, алаканы калактай чоң, кең көкүрөк, кең
даалы, жоон моюн болот. Анын ичи салаңдап, көчүгү тартылып, басканда булчуң
эттери ойноп туруш керек. Башы таз, көздөрү кара, өңү серт болгону жакшы. Мындай
кул-тайманбас жана жеңилбес аскер болот.
Гаремди ишенимдүү күзөтчү кулдун мүнөздөмөсү мындай: ынды кара, өңү серт,
териси темгилдүү, арык чырай, чачы ичке жана суюк, буттары ичке, ээрди калың,
мурду жалпак, манжалары кыска, бүкүр чалыш жана ичке моюн болуш керек. Мындай
кул гаремди күзөткөнгө жарайт. Бирок, анын териси ак же кызгылт болбосун. Чачы
маңдайына түшкөн, өзгөчө, көздөрү тунарып оргоштогон сарала кулдардан этият бол.
Андайлар аялдарды жакшы көрүшөт жана эркектер менен аялдар ортосунда арачылык
кылганга шыктуу болушат.
Иттерди жана аттарды караганга шыктуу уятсыз кулдун белгиси: каштары жоон,
көзү тоскок, көккөз, көзүнүн агы кызыл темгилдүү, ээриндери жана тиштери узун, оозу
чоң болуш керек. Мындай кул уятсыз, зөөкүр чалыш жана орой болот, ачуусу тез
келип, чырлашып-чатакташканды сүйөт.
Фарраш 31 жана ашпозчу болгонго жарачу кулдун жүзү жана денеси таза, тегерек
бет, колу-буттары ичке, көздөрү кара сур жана жашыл тартып, бою узун, чачы сары
кочкул жана түз болуп, аз сүйлөшү шарт.
Анан да ар бир кулдун түпкү тегин, уруусун, кемчилигин жана мыкты сапаттарын
жакшылап териштирип алган маанилүү. Аларды санап берсем: индустардын
кемчилиги көп сүйлөгөндүктөн үйдөгү чоруларды тажатып бүтүшөт. Индус уруулары
башка элдерден айырмаланып, эч ким менен аргындашып кетпейт.
Адам атанын заманынан бери бир да индус кол өнөрчү башка бир индус кол
өнөрчү менен камыр-жумур болуп кетпеген. Ошон үчүн соодагер кызын соодагердин
уулуна күйөөгө берип, уулун да соодагердин кызына үйлөнтөт; касапчы-касапчы
менен, дыйкан - дыйкан менен, аскер адамы - аскер адамы менен, брахман-брахман
менен кудалашат.
Андыктан индустарда ар бир даражанын жана ар бир уруунун өзүнө таандык
каада-салты бар. Анын баарын сүрөттөп отурбайын, анткенде китептин ирээти да
өзгөрүп калат. Бирок, индустардын мыктылары мээримдүү, зирек, чынчыл, тайманбас,
чарбачыл болушат жана булардан брахмандар менен илимпоздор чыгат.
Нубиялыктар жана аббисиниялыктарда башка элдерге караганда кемчилиги аз
болот. Деген менен, аббисиндер нубийлерден мыктыраак саналат, анткени
фарраш сөзмө сөз маанисинде "килем салгыч", кызматчы.
пайгамбарыбыз алейсалам аббисиндер жөнүндө көп жакшы сөздөрдү айтып кеткен.
Бул ар бир уруусунун кемчилик-артыкчылыктары жөнүндө илим бар.
Эми үчүнчү шарт-бул кулдардын ачык жана жашыруун дарт-илдеттерин сырткы
белгилерине карап билүү жөнүндө. Кулду сатып алып жатканда өтө кылдат бол жана
бир көргөндө эле сатып алганга макулдук бербе. Себеби, адеп көргөндө түрү серт неме
да кемтиксиз көрүнөт жана өңдүү-түстүү кул кепшийип көрүнүшү мүмкүн. Анын үстүнө
адамдын жүзү дайыма эле өзүнүн табигый касиетин сактай албайт: кээде сулуу
көрүнсө, кээде серт көрүнөт. Кулду сатып алгандан мурда анын денесинин ар бир
бөлүгүн кунт коюп карап чык, эч нерсени жаздым калтырба. Көзгө байкалбаган,
дененин сыртына чыга элек жана бир нече күндөн кийин пайда болчу оорулар көп
кездешет. Алардын да өз белгилери болот.
Эгер бети бир аз саргылт тартып, ээриндери кумсарып, көздөрүнүн нуру качып
турса, бул геморройдун белгиси. Көзүнүн тегереги дайыма шишип турса, бул сары суу
оорусунун белгиси. Көзү кызарып, мандайындагы тамырлары көөп турса, бул
талманын (эпилепсия) белгиси. Кирпиктери жай кыймылдап, ээрди тез-тез тартылган
меланхолия оорусу. Мурдунун сөөгү иирейип, тегиз болбосо, бул денеде оорудан
пайда болгон тешик фистула бар экенин жана мурду көп канаганын билгизет. Чачы
ашыкча кара, кайраттуу жана коюу болуп, айрым бөлүгү өтө эле кара болсо, мындай
чач боелгон болот.
Дененин демейде белги урулбачу ар кайсы жеринде так же атайын басылган
белгини байкасаң, анын астында песи жок екен, кылдат текшерип көр. Ээриндери
бозоруп, көздөрү сары тартып турса, бул сарыктын белгиси.
Кулду сатып алып жатканда жаткызып алып, эки капталын сыйпалап, эч жери
оорубайбы жана шишиги жокпу, анысың жакшылап текшер. Эгер капталы ооруса же
шишиги болсо, анын боору же көк боорунда илдети бар экенин билдирет. Көзгө
көрүнбөгөн жашыруун дартты карап жатканда, ооздун жана мурундун жыты барбы,
дененин тешиктери жокпу, кулагы кыңырбы, тили кекеч эмеспи, түз басабы, тиштери
бекемби ушунун баарын алданбай текшерип чык. Мунун баарын аныктап болгондон
кийин кулдун ээсинин ким экенин даректеп бил. Кул сенин үйүңдө чынчыл болушун
кааласаң, аны чынчыл адамдан сатып ал.
Персче сүйлөбөгөн кулду тапсан, персче сүйлөгөн кулду сатып алба. Анткени, чет
өлкөлүк кулду өзүң каалагандай тарбиялап аласың, ал эми персче билген кул
тарбияланбайт.
Кул базарда жүрүп делебең козголуп кетсе, сага ал деп сунуш кылынып жаткан
кулдарга караба. Себеби, жүрөгүң азгырылып турганда өңү серт кул да сымбаттуу
көрүнөт. Ошондуктан, адегенде делебеңди кандыр, андан соң соодалаш. Мурдакы
турган жеринде эрке болгон кулду сатып алба, анткени сен дагы эркелетип жүрбөсөң,
ал же качып кетет, же башка жакка сатып жиберүүңдү каалайт, же сени өлгүдөй жек
көрөт. Эгер аны эркелете баштасаң, ал сага ыраазы болбойт, себеби мурдакы жеринде
эркелеп көнүп калган.
Мурдакы эгелеринен зобун-зордукту көп көргөн кулду сатып алып, ага бир аз
жакшы мамиле жасачу болсоң эле сага ыраазы болуп, сени сүйүп калат.
Кулдарга татыбаган болсо да маал-маал белек жасап тур, аларды эч качан акчага
муктаж абалга жеткирбе, болбосо аргасыздан акча издөөгө баш байлашат.
Кулдун кымбатын сатып ал, себеби буюмдун сапаты баасына жараша болот
эмеспи. Көп кожоюн алмаштырган кулга жакын жолобо, күйөөдө көп болгон аял
сыяктуу эле кожоюну көп болгон кулдан жакшылык күтпө. Буюм алсаң, көбөйчүсүнү
гана сатып ал.
Кул чындап эле сенден кеткиси келсе, аны көп ойлонбой сатып жибер.
Аял-ажырашууну, кул сатылууну кааласа, а сен башыңа түйшүк үйүүнү каалабасаң,
алардын тилегин аткар. Эгер кул ачыктан ачык жалкоолонуп, жумушту атайылап жаман
кылса, аны тартипке чакырам дебе, ал арамзалыгын таштап, ийкемдүү болбойт.
Мындай немени саалгытпай сатып кутул, уйкудагы адамды бир кыйкырып ойготсо
болот, а жалкоону не сурнай тартып, не добулбас кагып, ойготуу мүмкүн эмес.
Сага кереги жок малайды кызыкпай айда, анткени чакан үй-бүлөң дагы сен үчүн
байлык. Кызматчыларыңа алар сени жээрип качпагандай жакшы мамиле кыл; эки
жалкоодон бир мээнеткеч артык. Үйүндөгү кулдардын ар бирине ага-инидей,
чоруларга эже-карындаштай мамиле кылууга жол берсең, чоң балакетке кабыласың.
Кулдар жана эркин кызматчылар алдан тайып, баш ийбей койбоосу үчүн аларга
күч-кубатына жараша иш жүктө. Мээрмандын мээрманы болууну кааласаң өзүң
адилеттүү бол. Кул өз эгесин агам, эжем, энем жана атам деп санасын. Көптөгөн
соодагердин колунан өткөн кулду сатып алба, кул соодагер үчүн такачы-устаны
талашкан эшектей күрөшүүсү керек. Болуп-болбос иш үчүн сенден кетүүнү каалаган
жана сатыкка түшкөндөн коркпогон кулдан жакшылык күтпө, андайды түйшөлбөй
алмаштыр. Эгерде кулду менин сөзүмдөн чыкпай издесең, дилинде эмне кааласаң,
ошого жетесиң.
ТУРАК ЖАЙ ЖАНАЖЕР САТЫП АЛУУ ЖӨНҮНДӨ
Уулум, муну билип, эсиңе бекем түй: жер жана турак-жай же башка бир нерсе
сатып алгың келсе же сатууну кааласаң, мыйзам чегинен чыкпа. Сатып алчуңду коом
дымып турган кезде ал, сатчу нерсеңдин баарын талап күч кезде сат. Пайда көрүүнүн
амалын изде жана андан уялба. "Бир нерсе сатып алам десең, анын ээсин
кашып-сыла" деп тегин айтылбаган. Соодалашуудан качпа, анткени соодалашуу жана
бааны төмөндөтүп бер деп суроо-соодадагы жарым ийгилик.
Бир нерсе сатып алып жатканда киреше-чыгашаңды чамалап иш кыл. Жакырланып
калууну каалабасаң жок кирешенин эсебинен эч нерсе сатып алба. Бар дүнүйөңө зыян
келтирбейин десең, чыгашага кириптер кылчу кирешеге кызыкпа. Өзүңө ток болуп,
жакыр жашоону каалабасаң, бирөөнүн байлыгына кызганба жана сугуңду артпа, ар
кандай иште сабырдуу бол: сабырдуулук ошол эле акыл эстүүлүк. Эч бир иште өз
пайдаңа көңүл кош мамиле кылба: бейкамдык ошол эле акылы кемдик. Кокус жасап
жаткан ишиң чиелешип, туңгуйукка кептелсе, сабыр кыл дагы анын башы ачылганча
демейдеги ишиңди уланта бер. Шашкандан бир да иш изине түшпөйт. Эгерде үй сатып
алууну кааласаң, болочок коңшуларың ишенимдүү адамдар болсун; үйдү шаардын
четинен жана чептин түбүнөн сатып алба. Арзанына кызыгып, эски үйгө азгырылба.
Адегенде коңшусун байка. Арабдар айткан эмеспи: Оболу коңшу, анан үй.
Бузуржмихр даанышман төрт улуу балээ бар деп айткан: Биринчиси жаман коңшу;
Экинчиси бараандуу үй-бүлө; Үчүнчүсү батымы жок аял; Төртүнчүсү жокчулук.
Үйдү эч качан алиддерге(шииттерге), аалым-илимпоздорго жана амалдарларга
(кызмат адамдарына) коңшу жайдан сатып алба. Үйдү бай адам жашаган көчөдөн да
албаганга аракеттен жана мурда айтканымдай коңшуң адамгерчиликтүү инсан болсун.
Үй сатып алгандан кийин коңшуңдун укугун сыйла жана сакта: коңшунун укугу
баарынан улук.
Өз көчөңдүн жана маалеңдин эли менен ынтымактуу жаша; кесел адамдардын
үйүнө барып, ал-ахывалын суран тур жана көңүл айтчу адамга жадыңдан чыгарбай
көңүл айт; сөөк чыгарганда мазарга кошо бар. Коңшуңа колдон келген иште
жардамыңды аяба, кубанычын тең бөлүш; өз көчөңдө сыйлуу болуу үчүн
коңшу-колоңдорго мүмкүндүгүңө жараша азык-түлүктөн жана кийим-кечеден жардам
берип тур.
Өз көчөңдүн жана маалеңдин балдарын көргөндө кучактап чекесинен сүй. Ал эми
кары-картаңдарга илбериңки салам айтып, сый-урмат менен мамиле кыл. Өз
көчөңдөгү мечитте жума намаз өткөр, а рамазан айында мечитке шам жана билик
жөнөткөндү унутпа. Адамдарга кандай мамиле кылсаң, алар да сага ошондой мамиле
жасашат.
Уулум, билип ал, адамдар жакшылык менен жамандыкка өз жасаган иштерине
жараша арзыйт. Андыктан, жаман ишке баспа, жаман сөз айтпа: ким татыксыз иш
жасаса, анын кусурун тартат.
Мүмкүнчүлүгүң барда көңүлүңө ылайыктуу чоң шаарларга жайлашып ал.
Жолоочунун көзү түшпөс үчүн жаңы сатып алчу үйүң башка үйлөрдөн бийик болсун,
бирок, терезеден коңшуларыңа кадала карай берип, оңтойсуз абалга койбо.
Жер сатып алганда, жериң коңшулуу жана булактуу болушу зарурат. Эмне сатып
алсаң да, аны түшүмдүү жылда сатып ал.
Сатып алганга баргер адамдын короо жайлуу жана бак-шактуу там жайын тапсаң,
ээси жалгыз жана мыйзамдуу болсун. Мураскер күмөндүү болсо, жолобо. Албетте,
коргондолгон бак дарактуу жай түбөлүктүү байлык болгондуктан, аны сатып алгандан
кийин абаддаштырып карма жана кароосуз калтырба. Үзбөй киреше берип туруусу
үчүн ар күнү алакандай жерди болсо да абаддап тур. Короо жайыңды жана тамарка
жериңди тындырбай иштет, анткени, жер кирешеси менен баалуу. Эгерде жердин
баасына кирешеси кошо эсептелбесе, чөл жерлердин баарын ата жайым деп бил.
Бирок, чөлдү өздөштүрмөйүнчө кыпындай да ныпа албайсың.
АТ ТАНДОО ЖАНА САТЫП АЛУУ ЖӨНҮНДӨ
Уулум, билгин, ат сатып алып жатканда алданып калбас үчүн өтө кылдат бол.
Анткени, ат менен адамдын көрөңгөсү бирдей: жакшы ат жана жакшы киши үчүн канча
акча бербегин, өзүн актайт. Жаман атты жана жаман адамды каалаганыңча жек көр.
Акылмандар "Дүйнө адам менен толук, адам мал менен толук" деп айтышат.
Жаныбарлардын эң мыктысы жылкы, аны кармоо чарба күтүү жана эрдик. Макал бар
эмеспи: Атыңды жана кийимиңди сактасаң, атың жана кийимиң сени сактайт.
Аттын жакшы же жаманын билүү адамды билгенден кыйын; адамды сөзүнөн
аңдаса болот, аттын тили анын сырткы көрүнүшү. Аттын сыпатын билүү үчүн адегенде
анын сырткы келбетине көз жүгүрт, мүнөз сыпатынан жаңылсаң да сырткы
белгилеринен жаңылбайсың. Демейде жакшы аттын турпаты келишимдүү болсо,
жаман атта турпат болбойт. Такачы усталардын айтышынча, жакшы аттын тиши ак
жана ичке, бирок тегиз кынашып, астыңкы ээрини үстүнкү ээрининен узунураак,
таноолору бийик жана кенен, маңдайы жазы, кулактары узун, эки кулагынын ортосу
томпогуроок жана кең, моюну кайкалап, түп жагында ичке, жалы жоон, соорусу кенен,
төшү жайык, ашыгы кенен, жүнү кыска, туягы кара жана узун, таманы тегерек, жону
бийик, ичи тартылган, буттары жерге бекем таянган, куйругу калың жана узун,
куйругунун кашы ичке, колтугу кара, көзү жана кирпиктери кара, көзү жана кирпиктери
басканда тынч, шыйбалгасы ийкемдүү, ийни кыска жана кырдач, жамбашы булчуңдуу
болушу зарыл. Чабандес темингенде ат анын кыймылын түшүнүп туруш керек. Мен
айткан сыпат ар бир аттка мүнөздүү. Бул мүнөздөмөгө толук жооп берген да бербеген
да аттар бар.
Аттын мыктысы: өңү сары кочкул жана курма түстүүсү. Андай ат ысыкты да, суукту
да жакшы көтөрөт. Боз ат алсыз келет, бирок, "калтасы" чурайы менен куйругунун
ортосунда, ал эми буттары, көкүрөгү, жалы кара болсо, жарайт. Алтындай сары атта
алмадай кара темгили жана жалы, куйругу, калтасы, көчүгү, чурайы, көзү, ээрини кара
болгону жакшы. Буурул ат да ушундай болсун. Аттын кара өңдүүсү чылк кара келип,
көзү кызыл болбош керек. Себеби көзү кызыл аттар негизинен азоо жана бузулган
болот. Боз аттын жакшысы сейрек кездешет, ал эми боз темгил аттын көздөрү,
жамбашы, калтасы жана куйругу ак болгону жаман.
Сээриси кара темгил тартып, буттары, куйругу, калтасы, көчүгү, чурайы, көздөрү,
ээрди кара ат да жарабайт. Тору ала аттарды эч ким мактаганын укпадым жана
алардын жакшысы чанда кездешет.
Аттын артыкчылыгы жана кемчилиги көп. Анын мыкты жактарына катар
кемчилигин да билгин, анткени кемчилиги ар түрдүү болот эмеспи. Алсак, кыялы
жаман, өңү серт болгон атта ээсине жакшылык алып келбөөчү белгилери, оңолгус
дарты да болушу мүмкүн. Алардын кээ бирлерине көз жумуп, экинчи бирөөлөрүн
көргөндө же байка да эле андай атка жолобо.
Ар бир дарттын өз аталышы бар. Сенин билүүң үчүн мен аларды атай кетейин.
Аттын сокуру жолдон көп адашат, бээни көргөндө ээликкени менен кишенебейт. А'ша
болгон ат андан да жаман. Мындай дарты бар ат башка аттар коркпогон жерде коркуп,
тап берип качат да, сен билбеген сакатанчу жерде эч нерсени туйбай кете берет. Аттын
кулагы кыңыры башка аттын киши негенин укканда жооп бербейт жана дайыма
кулагын жапырып жүрөт. Сологой ат да жаман. Ал басканда көп жанылат.
Жетелегениңде сологой ат оболу оң бутун алга таштайт.
Амаш-мындай ат күндүз начар көрөт. Андай аттын көзү кара жана көгүш тартып,
дайыма ачык жүрөт, ирмелбейт. Бул илдет эки көздө тең болушу мүмкүн. Аттын көзү
шыкыр болсо, өксүк көрүнөт. Бирок, арабдар менен персдер кыныр көздү жакшы
белги катары эсептешет. Дулдулдун көзү шыкыр болгон деп укканмын.
Аржал аттын бир буту ак болот. Эгер алдыңкы жана арткы сол буту ак болсо, бул
жаман белги саналат. Аттын эки көзү көк болсо, эч нерсе эмес, лекин бир көзү, өзгөчө,
сол көзүнүн көк болгону жаман. Муграб, б. а. көзү ак ат кызгыл сары бурэ ат сыяктуу
эле жаман. Моюну түз аквад аттын кемчилиги-ылайды ылгабайт. Ахвар аттын арткы
буттары ичине илмейип, көп жыгылат. Андай атты перстер "комон пой"- жаа бут деп
аташат. Ээр токулчу орунда, далынын ортосунда, буттарында, көкүрөгүндө жана
колтугунун астында жүнү уйпаланып өссө, жаман белги саналат. Фаршун аттын
туягынын ич жагында жүнү үрпөйүп өсөт. Бул жаман белги. Ал эми туяктын сырт
жагындагы жүнгө маани бербе. Ашраф болгон аттын туяктары тартайып турат. Андай
атты ахнаф деп да атап коюшат. Аттын алдыңкы жана арткы буттары өтө эле узуну өргө
чыкканда жана ылдый түшкөндө кыйналат. Мындай атты афрак деп аташат.
Азаф атийри куйрук же кашаф болуп, көчүгү дайыма көрүнүп турат. Азаф аттай эле
ит куйрук ат да жаман. Авхаж ат арткы туягын алдыңкы туягынын изине койо албаганы
менен жаман. Буттары узун аттын тизесинде шишик болгон үчүн дайыма аксап басат.
Арун аттын алдыңкы буттарынын тизеси тез катып, жүрүшүн кыйындатат. Арткы
буттарынын тизесинде шишик болгондо афрак деп коюшат. Аттын моюну катуусу,
коркогу, көп кишинегени, көп осурганы, көп бышкырганы жана энегин көп коптурганы
да жаман.
Икая
Ахмади Фаригундун 32 жылкычысы Ноорузга жаңы жылдык белеги жок келип:
"Мырзанын өмүрү узун болсун! Мен жаңы жылдык белек алып келбегеним себеби
менде белектен артык сүйүнчүм бар", дептир. Ахмад Фаригун "Айт" десе, жылкычы:
"Кечээ миң жылкыңыз көзү боз кулун тууду", дейт. Ахмад жылкычыга жүз палак урууну
буйруп туруп: "Түнкүсүн көзү көрбөгөн миң кулун туулду деп мага сүйүнчүлөп
келдиңби?" деген экен.
Бул аңгемени угуп, аттардын ооруларын билгенден кийин, ар бир илдеттин
аталышын да эшитип ал: асар* 33, шилейкейи агуу, көкүрөгү кышылдоо, буттун шишиги,
туяктын жарылганы, тизеси катуу, жаранын тешиги, котур, пес, жирд*, туяк оорусу, туяк
шишиги, курсак шишиги, алы качып калтырак басуу, шишик, чурку, жоор, буту илмийип
арыктоо, кызыл өңгөчтүн илдети, дымыгуу, тиштээктик, самал-, суфтани*, аксак жана
бэрэ*.
Мен азыр санаган оорулардын ар бирин кеңири мүнөздөп жазчу болсом, өтө узун
болот. Мен ооруларды санап өттүм, бирок оорунун эң жаманы карылык. Башка дартка
чыдаса болот, ал эми карылыкка чыдоо мүмкүн эмес.
Бою эгиз жана чоң атты сатып ал; адам заңкайып, сөөлөттүү болсо да, кичинекей ат
үстүндө алсыз көрүнөт. Баса, аттын оң капталындагы кабыргалары сол капталындагы
кабыргаларынан көп болот. Күлүк ат кымбат турса да акчаңды аябастан сатып ала бер,
күлүктөн эч бир ат озуп өтпөйт.
Эмне гана сатып алба: малбы, үйбү, коргондуу жайбы, жерби же башкабы,
тирүүңдө аныңдан пайда көргөндөй бол; көзүн өткөндөн кийин жакындарың жана
мураскерлериң пайда көрүшсүн. Асыресе, сен да үйлөнүп, балачакалуу болосуң.
Лабиби 34 айткан: Эркек кишиге аял түгөй болот.
ҮЙЛӨНҮҮ ЖӨНҮНДӨ
Уулум, үйлөнгөндөн кийин аялыңа жакшы мамиле кылып, жакшы бак. Байлык
кымбат болсо дагы аял жана баладан кымбат эч нерсе жок. Эгерде аялың жароокер
жана балдарын тил алчаак болушса, мал-мүлкүңдү алардан эч аяба. Алардын жакшы
болуусу бул бир сап ырымда айткандай, сенин колуңдагы иш:
Уул-тарбиядан, аял-мамиледен...
Аял алганда акчага азгырылба жана сулуусун издебе, сүйгөнүнө сулуулугуна
кызыгып үйлөнөт. Аял пакиза, Кудайга ишенген, чарбачыл, күйөөсүн сүйүп-урматтаган,
уяттуу жана ыймандуу, тили кыска, колу туткак эмес жана камкор болушу керек.
Жакшы аял жашоонун куту деп айтылган эмеспи. Аялың сенин табитиң сүйгөндөй
мээримдүү жана сулуу болсо дагы, үйлөнөр замат анын тилине кирип, сөзүнөн чыкпай
калба. Искендерге: "Сен эмнеге Дарийдин ааламда жок сулуу кызына үйлөнүп
албайсың?" деп айтышканда, ал: "Биз бүтүн дүйнөнүн элин багынтып алгандан кийин
аялдарга уттурсак жакшы болбойт" деп жооп берген экен.

Ахмади Фаригун феругинид династиясынан чыккан эмир. Гузганан облусун
Шапуркан жана Фраьяб шаарлары (Балх жана Мерверруд арасында) менен кошо
башкарган.
асар, жирд, самал, суфтани, бэрэ - оорунун аталыштары.
Лабиби XIкылымда жашаган перстажик акыны. Туулган жана өлгөн жылдары
белгисиз. Аз сандагы ырлары гана сакталып калган. Лабиби жазган поэмаларынан да
бизге чейин айырым бейттери гана жетти.
Өзүңдөн бай кызга үйлөнбө. Сен үйлөнчү кыз сенден башка эч кимди сүйбөшү
керек жана бардык эркектер окшош деп ойлошу лаазым. Ошондо ал башка эркектер
жөнүндө ойлобойт. Тили узун аялдан кач, анткени аял ишенимсиз болсо, чарба
бүлүнөт деп айтышат эмеспи. Аялың сенин мүлкүңө ээ чыгып, аны пайдаланганга өз
алдынча уруксат берчү болбосун. Андай болсо, сен - аял, аялың - эркек болот. Аялды ак
ниет үй-бүлөдөн ал, болочок аялың кимдин кызы экенин бил; себеби аялды ээлик
кылуу үчүн эмес, үй-тиричилигин жүргүзүү үчүн алат. Ышкы кумарын канааттандыруу
үчүн базардан чору сатып алса да болот, анын эч кандай түйшүгү жана чыгымы
болбойт. Аял жаңы бойго жеткен, акылдуу жана ата-энесинин чарбасына көнүп
бышкан болушу керек. Эгерде мындай аялды тапсаң, токтоосуз жуучу сал жана
үйлөнгөнгө шаш.
Аялыңа кызганбаганга аракет кыл, кызганчу болсоң-үйлөнбө. Аялдарга
кызгануу-бул аларды мажбурлап бак-таалайсыз кылуу. Билгин, кызганчаак аялдардын
күйөөлөрүн өлтүрүп, татымсыз бирөөнү ээрчип кетишкен учурлары көп кездешет;
андайлар кызганыч жана ышкы алдында эч нерседен коркушпайт. Бирок, сен аялыңды
кызганбасаң жана ага жөнү жок опурулбасаң, аны Алла таала ырыскыңа буйруган
каражатка аздектеп кийинт. Ошондо аялың сени ата-энеси жана балдарынан артык
сүйөт, дүйнөдө сени андай сүйгөн адам болбойт. Эгер кызганчу болсоң, ал сага миң
душман тең келгис жоо болот. Бөтөн душмандан сактануу мүмкүн, өз аялындаң
сактануу мүмкүн эмес. Эгер кызга үйлөнсөң, маал-маал чогуу болуп, ар түндү аны
менен өткөрбө: ошондо ал бардык эркектер ушундай болот турбайбы деп, сага
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кабуснаме - 07
  • Parts
  • Кабуснаме - 01
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2009
    22.9 of words are in the 2000 most common words
    32.6 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 02
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 1923
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 03
    Total number of words is 3952
    Total number of unique words is 1942
    26.0 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 04
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2074
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 05
    Total number of words is 3996
    Total number of unique words is 2142
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    43.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 06
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2008
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 07
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2031
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2077
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 09
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1960
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 10
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2099
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    34.8 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 11
    Total number of words is 3997
    Total number of unique words is 2026
    26.0 of words are in the 2000 most common words
    38.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 12
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2036
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    38.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 13
    Total number of words is 3365
    Total number of unique words is 1726
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    39.4 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.