Latin

Кабуснаме - 08

Total number of words is 4000
Total number of unique words is 2077
26.1 of words are in the 2000 most common words
37.3 of words are in the 5000 most common words
43.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
адамды ошо замат алсыз деп эсептебе, анын алдында мактанба жана башкаларды да
ага тукурба. Эгер ал чоң жаңылыштык кетирсе да кечирип койгун.
Өзүңдөн төмөндөрдү тегин жерден жемелеп-жектебе. Тескерисинче, аларды
өзүңдөн алыстатпай пайдасын көр. Алардын гүлдөп-өсүүсүнө жардам берсең сенин да
ишиң оңолот, анткени, даражасы төмөндөр сенин коругуң; коругуңду сарамжалдуу
кармабасаң азык түлүксүз каласың, а эгер иреттүү тутсаң колун узарып, ток жашайсың.
Малайдын тыкан жана моюн сунбаганынан көрө ката кетирип, тил укканын карма.
Эгер кайсы бир ишти бүткөрүүнү кааласаң, эки адамга тапшырма бербе, анткени "Эки
киши бышырган казандын тамагы даамдуу болбойт" деген лакап бар.
Бир ишти эки адамга тапшырба, себеби кайсы бир акын айткандай "эки адамдын
үйү шыпырылбай калат".
Көзүндө эмес көзөлдүгү жакшынын,
Көкүрөгү сокурлардан качкынын.
Кимдир бирөөнүн тапшырмасын аткарганда, бул иштен зыян тартып калбас үчүн
жана өкүмдар алдында уят болуп жүрбөс үчүн жардамчы издебе. Бирок, досуңа жана
душманыңа айкөл бол, адамдардын кемчиликтерине кыжырданба, ар кандай жаман
сөздү эсиңде сактанганга тырышпа, жалчыбаган калп же чындык үчүн адамдарды
жазалаганга умтулба жана дайыма мактоого татыктуу болуу үчүн кеңпейил болгун.
ЖАЗАЛООНУН ЖАНА КЕЧИРИМДҮҮ БОЛУУНУН ЖОЛУ ЖӨНҮНДӨ
Уулум, ар бир жаңылыштык үчүн жазалоо жарабайт. Муну билгин жана эсиңде тут.
Эгер кимдир бирөө жаңылыш иш жасачу болсо, өз жүрөгүңдөн анын күнөөсүн
кечирүүнү өтүн, себеби ал адам, а биринчи күнөөнү Адам ата жасаган. Бул жөнүндө
мен мындай дээр элем:
Жандар болот, жаза басып эсирген,
Жандар болот жалган күнөө кетирген.
Улуулугун, - башты кесчү жаза эмес,
Улуулугун ушуларды кечирген.
Жазыксыз адам жазаланып калбас үчүн эч кимди тегин жерден жазалаба. Ар
кандай майда-барат нерсе үчүн каарданба жана каарың келип турса да ачууңду тыя
билгенге үйрөн. Эгерде адамдар жасаган күнөөсү үчүн сенден кечирим сурашса, кечир;
оор күнөө болсо да, аны кечирүү милдет, себеби пенде күнөө жасабаса, кечирмек жок,
а эгер сен күнөө үчүн жазалай турган болсоң, анда сенин мээрмандыгың кайда? Эгер
сен күнөөнү кечирүүнү өзүңө зарурат кылып алсаң абийириңди жана улуулугуңду
жоготпойсуң.
Кимдир бирөөнүн күнөөсүн кечирген соң, аны жемелебе жана жаңылыштыгын эске
салба, антпесең күнөөсүн кечирбеген сыяктуу болосуң.
Өзүң кечирим сурабоо үчүн күнөө иш жасаба, а эгер жаңылышып калсаң, чырдан качуу
үчүн кечирим сурагандан айбыкпа.
Эгер кимдир бирөө жазага татыктуу жаңылыш иш кылса, адегенде кетирген
жаңылыштыгынын баасын аныктап алгын дагы андан соң ылайыктуу жазасын бер.
Адилетчил адамдар айтышкан: "Жаза өкүмү күнөөгө жараша." А мен айтам: Кимдир
бирөө жазага татыктуу бейчеки иш жасаган болсо, башкаруунун жана байистүүлүк
менен мээримдүүлүктүн каада-салттары унутулбас үчүн, ал адамды ошол кылган
ишине жараша жазала. Бир дархемдик күнөө үчүн жарым дархемдик жазага тартсаң,
сен жароокер да кен пейил да адам бойдон каласың, анткени кең пейил адамдар таш
боор болушпайт.
Икая
Менин угушума караганда, Муавийя* доорунда кимдир бирөөлөр күнөөлүү иш
жасап, аларды жазалаш керек болот. Муавийя айыпкерлердин башын алып салууну
буйруйт. Ошентип, алардын башын алып жатканда кезеги келген бирөөнү жетелеп
келишсе, ал: "0, момундардын өкүмдары, сен бизди эмне кылба, биз ага татыктуубуз.
Мен өз күнөөмдү мойнума алам. Бирок, жараткан үчүн эки сөзүмдү угуп, ага жооп
бер!" дептир. Муавийя "Айт" дегенде тиги адам: "Сенин момундугуң жана айкөлдүгүң
бүткүл ааламга маалым. Эгер биз күнөө ишти момундугу жана айкөлдүгү сага тең
келбеген падышага каршы жасачу болсок, ал падыша бизди эмне кылмак?" дейт.
Муавийя жооп берет: "Мен берген жазаны ал да бермек". Анда тиги адам айтат: "Эгер
ошол ырайымсыз зулумдан айырмаң болбосо, анда сенин момундугуңдан жана
айкөлдүгүңдөн бизге эмне пайда?" Ошондо Муавийя: "Эгер сен бул сөздөрдү биринчи
болуп айтсаң, мен эч кимдин башын алдырмак эмесмин. Мен эми калганыңардын
күнөөңөрдү кечирейин",деп айтыптыр.
Ошон үчүн, кылмышкер сенден ырайым кылууну өтүнсө, "макул" де жана
кечирилбей турган кылмыш болбосун эсиңе түйүп ал.
Эгер муктаж адам сага кайрылып, анын өтүнүчү сенин ыйманыңа зыян келтирбесе
жана андан сенин күнүмдүк тиричилигиң аксап калбаса, тиги кишинин жүрөгүнө лаззат
берүү үчүн суранычын аткар, анын сен жөнүндөгү жакшы пикирин алдаба. Асыресе, ал
киши сен жөнүндө жакшы пикирде болбосо, сенден эч нерсе сурамак эмес; муктаж
кезинде ал сенин туткунуң, ошон үчүн: Муктаж болуу туткун болуу" деген кеп бекер
айтылбаган. Туткундарга мээрман болуу милдет, себеби туткунду өлтүрүү айып жана
күнөөгө тете. Ан үчүн бул иште жаңылыштык кетирип, эки дүйнө ыраспа болбо.
Эгерде кимдир бирөөгө ишиң түшчү болсо, ага кайрылгандан мурда ал жоомарт
адамбы же сараңбы, анысын астейдил байкап көр. Жоомарт адам болсо, оңтойун таап
кайрыл; ал кайсы бир ишке кыжаалат болуп турганда жана ачка кезинде эч нерсе
сураба. Суранычыңды айтканы барган учурда жакшы сөздөрдү сүйлөп отур, бардык
жакшы каада салтты аткар, андан соң өтүнүчүңдү кыска айт. Сөздөрүң сылык-сыпаа
болсун,
Муавийя омейяддар династиясынан чыккан биринчи халиф, 661-680®ж. башкарган.
анткени сыпаалык- экинчи көмөкчүң экенин жадыңдан чыгарба. Зарыл нерсеңди ыгы
менен сурасаң, эч качан тилек кылганыңды албай кетпейсиң. Бул тууралуу менин
ырым бар:
Сүйүү ышкысы так кетирип айланы,
Сүйгөнүңө жеткиң келсе Айдагы.
Көңүлүңдү көлдөй толкут, ачып сал,
Кор оокатты, унут, айла, пайданы.
Кимге гана ишиң түшпөсүн, өзүңдү анын алдында кул жана малай сыңары карма, а
эгер тилегениңе жетчү болсоң, жүргөн жериңдин баарында аны алкап жүр, себеби
Алла таала айткан: "Шүгүр десеңер, мал дөөлөтүңөрдү көбөйтөм"(Куран,УП, 141). Алла
таала "шүгүр" дегендерди сүйөт, ал эми биринчи жакшылык үчүн ыраазылык айтуу-бул
экинчи тилегениң аткарылат деп үмүт этүү. Ал эгер сенин тилегиңди аткарбаса, анда өз
бактыңдан көр, а тиги адамды күнөөлөбө, себеби ал сенин күнөөлөгөнүңдөн коркпойт,
корко турган болсо сенин суранычыңды аткармак.
Ал эгер нарксыз жана сараң адам болсо, соо кезинде андан эч нерсе сураба, мас
экенинде сура, анткени наркысыз жана сараң адамдар эртеси марттыгына өкүнүшкөнү
менен-мас кезинде мартыраак болушат. Эгерде наркысыз адамга ишиң түшчү болсо,
сен аянычтуу бечара экениңди бил, анткени мындай деп айтылган: "Адамдардын үч
түрү аеого муктаж: акылы жокко баш ийген акылдуу, алсызга башкарткан күчтүү жана
наркысыздын жардамына муктаж берешен.
Баш сөздө баян этилген жана бул айткан сөзүмдөн бил: сага ар бир иш тууралуу
кудуретим жетишинче айтып бердим. Эми сени окуп билип алсын, керегине жараар
деп, кесиптер жөнүндө да кеп кылып бермекчимин. Анткени, башыма өлүм келгенде
сен жөнүндө санааркабай бу дүйнөдөн кете берүү үчүн, өзүм билген илимди баштан
аяк сага үйрөтүп жана түшүндүрүп кетсем деймин. Албетте, билим маселесинде атчан
эмес пиядамын, а бирок бир нерсени билсем, ал жөнүндөгү менин сөздөрүмдү сен
азыр мен бир кезде атамды уккан сыяктуу эле угасың. Ошон үчүн мен сени күнөөлөй
албайм жана мени күнөөлөбөсүн үчүн өз баамды өзүмө берейин.
Бирок, сен мени эшитесиңби же жокпу, ага карабай, ар бир кесип жөнүндө бир
нече сөз айтайын. Табиятым сөзгө сараң болсо дагы сараңдык кылбас үчүн бул
сөздөрдү айтып жатам. Алла таала өзү баарынан жакшы кабардар.
ШАРИЯТ ЖАНА МЫЙЗАМ ТААНУ ЖӨНҮНДӨ
Уулум билгин жана эсиңде тут: мен сөз башында өнөр жөнүндө да кеп кылабыз
дегенмин, а мен-өнөр дегенде күркө жана өнөркана кармаганды эле эмес, адам күнүгө
алпурушуп, убакытысын арнаган ар кандай иштерди түшүнөм. Иштин үзүрүн көрүү
үчүн аны жакшы билүү зарыл. Адам кол учу менен бүткөрчү, ирети жок бир да жумуш
жана кесип жок экенине менин көзүм эми жетти; бардык жумуштун ыраатын билиш
керек, а жумуш көп жана анын ар бирин чечмелеп айтып берүү мүмкүн да эмес.
Себеби китеп өтө көлөмдүү болуп, өз нугунан чыгат жана максатына жетпей калат.
Өнөрдүн баары: же кайсы бир ишке байланыштуу илим, же илимге байланыштуу
иш, же акыл ой жүгүртүүгө байланыштуу иш болуп, үч түргө бөлүнөт.
Кайсы бир өнөргө байланыштуу илимдер булар: медицина, астрология,
математика, жер өлчөмөй, поэзия жана башкалар; илимге байланыштуу өнөрлөр:
музыка, жылкыларды эмдеп-дарылоо, курулушчулук, усталык ж.б.у.с.
Булардын ар биринин ырааты бар жана сен алардын ыраат-тартибин билбесең,
уста болсоң да туткун кейпиндесиң.
Бул өнөрлөр сага белгилүү болгондуктан баарын чечмелеп айткандын зарылдыгы
жок. Ошондуктан мүмкүн болушунча ар биринин ыраат-тартибин көрсөтүп берейин,
анткени кокус кез келсе же тагдыр буйруп, муктаж болсоң, ар бир кесиптин сырын
өздөштүрөсүң жана анын зарылдыгы болбогон күндө да элге өнөрлүү адам деп
тааныласың; ал эми бектерге өнөр илимин билүү милдет.
Уулум, сен билгин, сага эч бир илим руханий илимдей пайда бербейт. Бирок сен
дүниявий илимден ныпа табууну кааласаң, ага кошо дагы бир илимди үйрөнүүң зарыл.
Мисалы, шариат илимин алалы: аалым адам же казылык, же мөөсүлдүк (мурас
бөлүштүрүүчү), же мударистик, же мугалимдик кылбаса, ал Дүниявий пайдадан сыртта
калат. Астрологияны алсак, астролог: календарь, гороскоп түзүп, чындап же тамаша
ирети палачып, төлгө салбаса, жашоосуна киреше таппайт. Дарыгерлик
илиминде дарыгер айла-амал колдонбосо, калппы-чынбы же зарылбы-зарыл эмеспи
дары жазып үйрөнбөсө, тиричилиги каалагандай жүрбөйт.
Ошон үчүн илимдин мыктысы-ыйман илими, анткени анын негизи: Алланын
жалгыздыгын таануу; ал эми туундусу шариат болот, аны колдону жашоого ныпа. Ан
үчүн уулум, мүмкүнчүлүгүң болсо, адегенде диндин негизин үйрөн, андан кийин гана
шариатты өздөштүр; себеби, анын түп негизин билбеген-түшүнбөй кайталаганга
барабар.
Өнөрдүн ичинен, мен айткандай, дин таанууну тандап алсаң, сен этият, сабырдуу,
илимди аздектеп сүйгөн, дүниявий түйшүктөрдөн алыс, чыдамкай, ызакор эмес, кеч
жатып эрте турган, жазууга дилгир, топуктуу, жумуштан качпаган, сөздү көп жаттап
кынаптаган, таржымалдарды изилдеп окуп, кубулуштарды үйрөнүп, илимпоздорго
дос, сыпаа, илимге сук, тартынбас жана устатыңа ыраазы болушуң абзел.
Китептериң жана дептерлериң, калемиң жана калем кабың, сыя челегиң, калем
учтоочу макиң жана башка керектүү заттарың дайыма жаныңда болсун жана мындан
башка эч нерсе дилиңди алаксытпаш керек. Уккан нерсеңдин баарын эсиңде тутуп,
кайталап жүрүшүң шарт. Аз сүйлөп, узакты көрө бил. Сөздөрдү кайталоо менен
чектелбе. Эгер уламалыкты окуган адам дегеле бар болсо, ал бателе өз доорунун
бирден бир адамына айланат.
Эгерде илимпоз муфтий болсоң-такыба, жоопко тез, жатбилги бол, көп оку жана
намаз окуп, орозо тутканда, диний ибадаттарды аткарганда чээнден чыкпа, эки жүздүү
болбо. Денеңди жана кийимиңди таза карма. Дайыма жообуң даяр болсун жана бир
маселени жакшылап үйрөнгөнчө фатва чыгарба. Бирөөнү тууроо менен чектелбе жана
кимдир бирөөгө окшош болом дебе. Өз пикириңди баалай бил. Бирин экин тафсир 44
жана шилтеме сөз менен чектелбе; ишенимдүү гана адамдардын жазгандарына
ылайык бүтүм чыгар. Ар кандай эле китепке жана жазмасы бар дептерге ишене бербе.
Белгисиз бирөөлөрдүн оозунан риваят 45 жана хадис эшитсең, аларга маани берип,
көңүл бурбагын; ишенимдүү гана адамдардын оозунан уккан риваят менен хадиске
таян. Жалгыз адам айтып келген риваяттарга да ишенбе, лекин алар укканга татыктуу
* тафсир Куранды түшүндүрүү, комментариялоо.
** риваят шарият жобосунан мисал.
болсо, унутпай көңүлүңдө тут. Бирок оозмо ооз айтылган риваяттарды уккандан качпа.
Риваяттарды изилдеп үйрөн, бирок өз ойуңду айтканда калыстыктан тайба.
Талаштуу талкууга катышчу болсоң, каршылашыңдын пикири менен эсептеш. Эгер
атаандашыңдан күчтүү экениңдин сезип, анын сөзү ишенимсиз болорун билсең, ага
сабал берип тур. Же болбосо талашты уланта бербей бир мисал менен гана чектел.
Жалгыз далилге таянып, каршы пикирди калпка чыгарба жана четке какпа. Акыркы
сөзүн башта айткан сөзүңө каршы келбес үчүн биринчи айткан сөзүңдү эсинде бекем
тут. Эгер талкуу факихтер 46 менен өтчү болсо, өз оюңду далилдөөдө эн оболу
салт-адатты бетке карма жана окшоштукту жана мүмкүндүктү салыштырганда
салт-адатка артыкчылык бер. Усулилер 47 менен өтчү талкууда сөзсүз болчу жана сөзсүз
болбочу жана этимал нерселерди бириктирип кароо жаңылыштык болбойт. Түпкү
ойду так аныктаганга жана кынаптап кооз сүйлөгөнгө аракет кыл. Сөзүңдү үзүпүзүп
сүйлөбө, созбогун, маанисиз сөздөн кач.
Уулум, адабиятчы болууну кааласаң, хафиз бол, көп нерсени жатка бил. Минбарга
чыккан соң тез отур жана атаандашың чабал экенин билгенден башка учурда талашка
түшпө. Минбарда көңүлүн каалаганын ыраста. А эгер суроолор берилчү болсо,
коркпогун, кооз сүйлө жана сенин маегине чогулгандардын баарын мал деп эсепте.
Кандай кааласаң ошондой сүйлө, бирок сөзүңдөн чатышпа, кийиминди жана
денеңди таза карма, ал эми муриддердин*** үндүү чогоолдорун чогуу ээрчите жүр.
Алар маек маалында сенин ар бир таамай айткан сөзүндү кыйкыра коштоп, чогулган
элди куткуп, кызытып турушсун. Жамаат ыйлай баштаганда, сен да маалмаал ыйлып
койгун, а кокус сөзүңдөн адашсаң, шашып калбай дуба оку жана мактоо сөзгө өт.
Минбарда түнтүйбө жана мисирейип турба, антчү болсоң жамаат да сага окшоп,
үн-сөзсүз мисирейип отурат. Ошондон улам айтылган да: Салмактуу басса из да
салмактуу болот. Сөзүң жандуу болсун, кызуу сүйлөп жатып, илең-салаң сөзгө өтүп
кетпе. Угармандарды кылдат байкап тур, эгер угармандар мемиреп
мурид "аксакалга"(пирге, шейхке, муршидге) өз ыктыяры менен баш ийип, анын
гана буйруктарын аткарууга милдеттенген адам. Сопулардын ырасташынча, мурид
шейхтин алдында "жасатты жууган адамдын колундагы жасат сыяктуу болот."
мамырлыкты каалашса, сен да алардын тынчтыгын бузбай сүйлө; эгерде алар риваят
уккулары келсе, андан кепти улант. Сен угурмандарын маанайын туйуп, алар сенин
сөзүңдөн чыкпай калган соң эч нерседен коркпо; таттуу сөзгө салып, мыкты товар
ирети аларга каалаган сөзүңдү сат, анткени сөзүңдүн баасына ынашкандан кийин
айтканыңдын баарын макул табышат. Бирок, угармандар сага баа беришкенден кийин
сак болгун, асыресе жеңиш үстүндө душман пайда болот. Анткени жамаатты
ишендирдим деп турганыңда күтпөгөн суроолор берилет. Ийгиликке жетпечү жериңде
көпкө кармалба. Минбарда турганыңда сага берилген ар бир суроого билгениңче жооп
бер, а билбегениң болсоң "дуба окугула" деп айтылган де. Маек учурунда айтылган
сөздөрүңдү кийин кайталабас үчүн жадыңыда сактап кал. Дайыма сылык бол,
шаарларда узак токтобо, себеби диниятчы менен төлгөчүнү аягы багат. Ийгилик
үстүндө сылык-сыпаа бол, диниятчылардын намысын колдо. Намаз окуу жана орозо
тутуу сыяктуу шарият парыздарын эл менен чогуу болгондо жана өзүңчө жүргөндө
тыкан жана өз ыктыярың менен аткар. Сөзүң далилдүү болсун. Караламан эл көзүндө
кадыр-барктуу болууң зарурат, ан үчүн алардын аягы үзүлбөгөн базарга барба.
факих шарият мыйзамдарын жана ислам динин мыкты билген адам.
усули динди бекем туткан мусулман уламаларынын тобу.
Дагы бир жолу эсиңе салам: Адепсиз жоро-жолдоштордон сактан жана минбардын
кадырын бийик тут. Текеберчиликтен, калптан, пара алгандан кач, адамдарга жасагыла
деп буйруган нерсеңди өзүң да жасагын, ошондо сага урмат-сый келет.
Уят болбоо үчүн илимди жакшылап үйрөн жана далилиң ишенимсиз болуп, калпың
ачылбас үчүн билгениңди ишенимдүү сөздөр менен көркөмдөп түшүндүр. Сөз
сүйлөгөндө жана насаат айтканда сөздөрүн коркунуч жана үмүт менен жуурулушсун:
элдин Алла тааланын мээримдүүлүгүнө болгон үмүтүнө балта чаппа, бирок кудайга
кызмат кылдырбай туруп, бейишке түз жөнөтпө. Сөзүң тайыз болуп, эл айткан
сөзүңдөн күмөн санап калбас үчүн өзүнө жакын жана жакшы билген нерселерди
сүйлө. Анткени негизсиз сүйлөп, аша чаап кетүү шермендечиликке алып барат.
Илимде чоң даражага жетип, муфтий наамын алчу болсоң, муфтий кызматын
алгандан кийин оор басырык, сабырдуу, айлакер, тапкыч, көрөгөч бол, адамдарды
ылгай бил; диний иштерде саясат-көй жана акылман болуп, түрдүү масхаптардын жана
диний топтордун үрп-адаттары, тутунган багыты, айлаамалынан кабардар болушуң
лаазим. Сот ишинин майда-чүйдө жактарын жакшылап өздөштүр: непада жапа тарткан кимдир бирөө даттанып келип, анын
күбөлөрү болбосо, шарияттан түркүн амалды колдонуп, анын укугун татыктуу коргоп
берүүң зарурат.
Икая .
Табарыстанда кази-алкузат Абулаббас Руйяни деген киши болот. Ал илимпоз,
такыба, кыраакы, даанышман инсан экен. Бир ирет сот жүрүп жатканда ага бир киши
келип, башка бирөөдөн 100 динар аласасын өндүрүп берүүнү өтүнөт. Казы
жоопкерден сураса, ал танат. Казы арызгерден "Сенин күбүлөрүң барбы?" десе, тиги
"Жок" дейт. Анда казы: "Жоопкердин касам ичүүсүн талап кылам" дептир. Доогер
ыйлап ийип: "0, казы, аны касам ичирбе. Ал коркпостон туруп, калп ант берет" деп
жалбарат. Казы айтат: "Мен шариятты буза албаймын: же сенин күбөлөрүң болуш
керек же мен жоопкерди ант бердиришим керек". Ошондо доогер казынын алдына
сойлоп жетип: "Мени куткара көр, менин күбөлүрүм жок. Ал касам ичсе, мен маскара
болуп, алданып калам," деп жалдырайт. Казы доогердин абалын көрүп, ал чындыкты
айтып жатканына көзү жетет да: "0, кожо, ага карызды кантип бергениңди айтып
берчи. Мен сенин кандай негизде карыз бергениңди билейин,"дейт. Доогер айтат: "Э,
казы, тиги киши баланча жыл мага дос болуп жүргөн. Ал алты айдай илгери
капыплеттен эле малай-чоруга ашык болуп калды. Чоруну 150 динарга сатып алайын
десе, акчасы такыр жок эле. Ал сүйгөнүн эстеп, күнү-түнү ыйлып, куса болуп жатты. Бир
жолу экөөбүз талаага сейилге чыгып, көпкө саңгип жүрдүк. Тыныгып алалы деп бир
саат чамалуу отурганда да ал чоруну эстеп, өксүп ыйлап жатты. Аны менен жыйырма
жыл дос болуп жүргөндөн кийин боорум ачып кетип, ага айттым: "0, баланча, чоруну
кулдуктан сатып алганга жетерлик алтын сенде да менде жок. Же сен бул иште
жардам берчү кимдир бирөөнү билесиңби? А менде узак жылдан бери топтогон 100
динарым бар. Ал акчаны сага берейин, а жетпегенин эптеп өзүң таап аларсың. Чоруну
сатып алып, бир ай кармагандан кийин сатып туруп, менин дилдемди кайтарып
бересиң." Тиги киши жата калып, касам ичип жиберди: "Бир айга Дагы жеткирбейм.
Баасына чыкпайбы же кымбат болобу, чоруну сатам да дилдеңди кайтарып берем".
Мен белимдеги курумду чечип, алтынды ага бердим. Алла күбө, жаныбызда
экөөбүздөн бөлөк эч ким жок болчу. Андан бери төрт ай өттү: ал не чоруну саткан жок,
не алтынымды кайтарып бербеди. Казы сурады:
"Алтынды берип жатканда сен кайсы жерде отурдуң?" Тиги: "Дарактын түбүндө,"деп
жооп берди. Казы ага айтты: "Сен дарактын түбүндө отурган болсоң, анда эмне үчүн
күбөм жок дедиң?" Андан соң казы жоопкерге: "Сен менин жанымда отура тур" деди
да доогерге мындай деп буйруду: "Коркпостон жанагы дарактын түбүнө баргын да аны
мен чакырып жатканымды айт. Адегенде эки ракат намаз окуп, бир нече жолу
пайгамбардын алкоосун сурагын дагы: "Казы келип күбө өтүп берсин деди" деп айт."
Жоопкер мыйыгынан күлөт. Муну байкаган казы ачуусу келсе да сыр алдырбайт.
Доогер айтат: "Эй, казы. Дарак менин айтканмыды угуп, бул келбейт го деп корком".
Анда
казы айтты: "Менин мөөрүмдү өзүң менен алып алгын да даракка айткын: "Бул
казынын мөөрү. Ал сени келип, казынын алдында кадыресе күбө өтсүн деп сурады
дегин".
Доогер мөөрдү алып кетет. Жоопкер казынын жанында калат. Казы өз иштери
менен алектенип, ага көңүл бурбайт. Бирок күтүүсүздөн эле сурап калат: "Баланча
жеттиби?" Тиги: "Казы, ал али жете элек" деп жооп берет. Казы болсо жумушун уланта
берет.
Доогер даракка жетип, мөөрдү көрсөтүп: "Сени казы чакырып жатат" деп айтат да,
эмне жооп болот деп бир канча убакыт күтөт. Эч жооп болбогондон кийин доогер
кайгырып казыга келет: "0, казы, мен даракка барып, мөөрүңдү көрсөтсөм да ал
келбей койду". Казы: "Жаңыласың, дарак келип, күбө өттү" дейт дагы жоопкерге: "Бул
адамдын алтынын кайтырып бер" деп буйруйт. Ал кыйкырат: "Мен буерде отурганда
эч кандай дарак келип, күбө өткөн жок". Казы айтат: "Дарак келип, күбөлүк сөзүн
айткан жок. Бирок, сен анын алтынын ошол дарактын астында албаган болсоң, мен:
"Баланча даракка жеттиби?" деп сураганда, сен эмне үчүн "Жок али" деп жооп бердиң.
Сен эгер алтынды ошол дарактын түбүндө албасаң, анын жетип жетпегенин кайдан
билдиң? Эгерде алтынды албаган болсоң, менден: "Кандай дарак? Мен эч кандай
даракты билбеймин. Мен андай дарактын түбүндө туруп, андан алтын алган эмесмин.
Ал кайда экенин билбейм" деп айтмаксың."
Мына ушинтип казы тиги адамдын алтын алганын мойнуна коюп, алтынды ээсине
кайтартыптыр.
Ошентип, өкүмдүн баары эле китепке таянып чыгарылбайт, өзүң да өкүмдү ойлоп
чыгарууң зарурат. Сен сот кеңешмесинде күлбөй, каадалуу ойлонуп, өзүңдү канчалык
сүрдүү алып отур-сан, абройуң ошончулук бийик болот. Өзүңдү каадалуу кармап, аз
сөздүү бол, бирок каралып жаткан иштерди уккандан жана өкүмдү окугандан качпа, эч
качан зерикпе жана чыдамкай бол. Татаал суроо кезиккенде өзүм билемдикке салбай
муфтийлер менен кеңеш. Ар дайым ойлоруң тунук, так болуусу үчүн тынбай оку,
маселдерди жана аларды чечмелеп түшүндүрүүнү үйрөнгөндү токтотпо. Мен
айткандай өткөн тажрыйбаны да пайдалан, анткени шарият боюнча казынын үнү
мыйзамга тең; ошон үчүн көптөгөн өкүмдөрдү шариатка ылайыктап чыгаруу кыйын
болгон учурда, казы жеңил өкүм чыгаргандын жолун табат. Ага жетүү үчүн казы
мужтахид 48 болуусу абзел.
Ошентип, казы токтоо, адилетчил, акылман, мужтахид болуш керек. Бирок айрым
учурларда өкүм чыгарып окубаганы да оң: биринчиден, курсагы ач кезде; экинчиден,

* мужтахид дин жана шарият боюнча мурда кабыл алынган чечимге окшобогон
бүтүм чыгарган улама.
таңдайы кургап, суусап жатканда; үчүнчүдөн, мончодон эми чыкканда; төртүнчүдөн,
кайгырып турганда; бешинчиден, турмуш түйшүгү алагды кылып жатканда.
Казы өкүм чыгарганы жатканда доогер-жоопкерлер түрдүү окуяларды, башынан
өткөндөрүн жана жөн жайын айтып, алагды кылганга жол бербөө үчүн анын шайдоот
жардамчылары болгону шарт. Казы тергөө жүргүзбөй өкүм чыгарыш керек, анткени
жасагандан "көрө жасабай койчу тергөө иштери көп. Казынын сөздү кыска сүйлөп,
далилдерге жана жоопкер-доогерди ант бердиргенге тез өткөнү жөндүү.
Казы ортодогу мүлк аябай чоң болуп, доолашкан тараптар ыймансыз экенин билсе,
колдон келген бардык каражаттарды жана изилдөөлөрдү колдонсун, ошондо
жаңылбайт, өз милдетине жоопкерчиликсиз мамиле кылбайт. Ар дайым казынын
жанында акпейил жана калыс адамдар болсун. Бүтүмүн эч качан өзгөртпөсүн жана өз
буйругун кебелбей так аткартсын. Өтө эле зарыл болбосо, тилкат менен чечимди эч
качан өз колу менен жазбасын. Өзү жазган катты баалай билсин жана мөөрдү өзү
айткан гана сөздүн этек жагына койсун. Казынын эң жакшы касиети: билими жана
такыбалыгы.
А эгер сен бул ишке баш байлабасаң жана казы болууга каражатың жетпесе,
ошондой эле аскер болбой калсаң, соода менен алектенип көргүн. Балким соодадан
киреше табарсың, анткени соодадан тапкан пайдага чек жок жана аны эч ким
жектебейт, Алла өзү колдойт.
СООДА-САТЫК ЖӨНҮНДӨ
Уулум, билгин жана эсиңде туткун, базарда соода кылганды жакшы өнөр деп
айтууга болбойт, бирок кылдат байкасаң кол өнөрчүлүк менен сооданын салты окшош
экенин көрөсүң. Акылмандар айткан: Сооданын негизи-наадандык, ал эми ага туунду
иштер-акыл эске таянат. Эгер наадандар болбосо, эр азаматтар өлмөк, б. а.
Кем-акылдар болбосо, дүйнө кыйрамак, деп да айтылган.
Кимдир бирөө ачкөздүктүн айынан Чыгыштан Батышка тоо жана деңиз аркылуу
кезип, каракчылардан жана селсаяктардан, адам жегич жырткычтандан жана кооптуу
жолдордон коркпостон өмүрүн, денесин жана мүлкүн тобокелге салып, Батыштын
элине Чыгыштын орозгерлерин жеткирет, ал эми Чыгыштын элине Батыштын
дүр-дүйнөсүн жеткирет жана дүйнөнүн гүлдөп-өсүүсүнө салым кошот; арийне, бул
адам-соодагер. Бирок, мындай коркунучтуу иштерди акыл эсинин көзү байлануу
адамдар жасашат.
Сооданын эки түрү бар жана экөө тең коркунучтуу: бири-бир орундан жылбай
соода кылуу, экинчиси-саякаттап жүрүп соода кылуу. Бир жайда отурукташкан
соодагер өтүмсүз товарды баасы көтөрүлгөндө сатылат деп дүңүнөн сатып алып,
соода-сатык кылат. Мунун мүлк үчүн коркунучу бар. Баасы өскөндө сатылат деп өтүмү
жок товарды сатып алуу үчүн тайманбас жана көрөгөч адам болуу керек.
Саякатчы-соодагер кандай болорун сөз башында айтып кеткем. Сооданын эки түрүндө
тең соодагер эр-жүрөк болуп, мал-мүлкүнү тобокелге салгандан тартынбоосу зарыл. Ал
тайманбастыкка катар сөзгө бекем жана чынчыл болуп, өз пайдасы үчүн башка
адамдарды зыянга отургузбаш керек. Өзүнөн даражасы төмөн адамдар менен бааны
бычып жатканда соодалашуусу зарурат, а эгер даражасы жогорулар менен шерттешип
иш кылам десе: адилеттүү, сөзгө бекем жана кеңпейил болсун. Алдамчылардан
сактансын, чыгашага кабылбоо үчүн сооданын сырын билбеген адамдарга, ошондой
эле жарды жана нааданга жолобосун; а эгер жакындашчу болсо, жакшы мамилеге
зыяны тийбес үчүн кирешеден үмүт үзсүн; себеби достук көп учурда жалчыбаган ныпа
же чыгаша үчүн бузулган. Кирешеси өсөт деп аманатка соода кылбасын, анткени көбүн
эсе мындай өнүмдүн натыйжасы чыгаша менен бүтөт, камырабастык чоң зыянга
кириптер кылат. Бул жөнүндө менин рубайим бар:
Билип жаса болбос менен болчуну,
Койду бузат кочкорлордун кортугу.
Оомат кетсе о дүйнө да оңобойт,
Ойлонбогон иштин орду толчубу.
Болочок пайданын эсебинен сайрандап, дөөлөтүң алып келчү киршени чыгымдап
койууң мүмкүн, дөөлөтүңцү жеп алуу жарабайт. Себеби соодагер үчүн дөөлөтсүз калуу
орду толгус жоготуу. Мыкты товар ратлиге 49 сатып алынып, дирхемге сатылганын, а
начар товар тескерисинче дирхемге келип, ратлиге кетерин билгин.
Данды кирешеге сатам деп мерчем кылба, себеби дан саткан адам ар дайым таш
боор жана кара мүртөз болот. Соодадагы эң чоң кара -бул калп айтуу. Анткени
соодаргердин не каапырга, не кардарга жалган айтканы жарабайт. Мен бу дубейтимде
айткам:
Таразанын ташын антип кармаба,
Азап-тозок, көз жаш жатат пайдада.
Соода дагы сүйүү өңдүү ак болот,
Соода кылсаң кардарды сүй, алдаба.
Акчасын албай туруп, эч нерсени колдон чыгарба. Соодада уялбагын, анткени
амалкөй куу адамдар: Уялчаактык шыбаганды кемитет деп айтышкан. Соода кылган
адам өз пайдасынан уялганды адат кылып албасын, бирок бейнысаптыкка да
үйрөнбөсүн, себеби "Сооданын негизи табылга жана нысап" деп коюшат соодагерлер.
Табылга-мүлкүңдү, нысап-уйкуңду коргойт эмеспи! Бул жөнүндө бир икая эшиткем.
Икая
Бир соодагер бир ирет алып-сатардын күркөсүнүн жанында миң динарга
соодалашып калат. Эки жак макулдашып бүткөнү калганда алтындын өгөндүсүн
талашып чырлаша кетишет. Алып сатар: "Менден сага бир алтын динар өтөлгө,"дейт.
Соодагер болсо "Бир динар жана өгөндү" дейт. Экөөнүн талашы багымдатта башталып,
бешимге чейин бүтпөйт. Соодагер өжөрлөнүп, аитканынан кайтпасын айтып,
улам-улам кыйкырат. Акыр аягында чыдамы кеткен алып сатар соодагерге бир
динарды жана өгөндүнү берип тынат. Соодагер динарды да өгөндүнү да алып кетет.
Муну көргөн элдин баары алып сатарды жемейлей баштайт. Алып сатардын колбаласы
соодагердин артынан кууп жетип, "Эй, кожо, ширең кана бербейсиңби?" дейт.
Соодагер ага бир динар менен алтындын өгөндүсүн берет. Колбала кайтып келгенде
алып сатар: "Эй, арам сийдик. Бул адам бир тасуж 50үчүн багымдаттан бешимге чейин
эмне гана кылбады, атүгүл бөтөн адамдардан уялган жок. Андай немеден сага бир
нерсе өнмөк беле" деди. Бала ээсине динарды көрсөттү. Таң калган алып сатар: "Я
Алла! Бул өңү куник жана али кичинекей балага көз арткан жарбайт го... Эмнеге
ушундай сараң адам мындай марттык кылды?" деп өзүнчө күбүрөнөт да соодагердин
артынан кууп жетип сурады: "0, шейх, сен мени таң калтырдың. Таң эртеден түш
оогончо жаныма тынчтык бербей кыйнадың. Тасуж алтын үчүн башканы кой чоочун

ратл салмак бирдиги, 144 дирхемге же 450 граммга барабар.
* тасуж дирхемдин 1/24 бөлүгү.
адамдардан уялбадың. Анан менден өндүргөнүңдүн баарын менин колбалама өнтөгө
берипсиң. Анда эмнеге мени кыйнадың? Мындай берешендигиң эмнеден?" Соодагер
ага: "0, кожо, менин жасаганыма таң калба. Мен соодагермин, соодада бир нерсени
сатып алганда жана сатканда же мүлккө ээ чыкканда, мени бир дирхемге алдачу
болушса, бул менин жарым жашоомду алдаганга барабар болот. Бирок, өзүм
жакшылык үстүндө кимдир бирөөгө осол мамиле жасасам, бул менин заадим таза
эмес экенин күбөлөгөнгө тете иш болот. Мен жарым өмүрүмдү алдаткым да, заади
арам болгум да келбейт" деп жооп берет.
Акчасы аз соодагер ширкетке киргенден этият болуш керек, а эгер жарналаш болуп
жүрүп, кокустукка кириптер болсо, өкүттө калбоо үчүн-кеңпейил, бай, абийрлүү адам
менен өнөктөш болгону оң. Жарнакчы өнөктөшүң сактаганга чыгымды көп талап
кылган, сынып калчу же өлүп калчу товарды акчага сатып албоосу керек. Акчаны
тобокелге салып иштетпеш керек; чыгаша ортодогу акчанын жарымынан ашпаган
учурда гана тобокелчиликке барса болот.
Эгер кимдир бирөө баланча жерге жеткирип бер деп кат берсе, адегенде окуп
көрүп, анан кийин жеткир. Себеби, мөөр басылган катта көп жамандык жазылат жана
аягы эмне менен бүтөөрүн билип болбойт. Муктаж адамдардын катын албай четке
какпа. Кайсы гана шаарга барбагын жалган маалымат таркатпа. Ал жерге келериң
замат кимдир бирөөнүн өлүмү жөнүндө
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кабуснаме - 09
  • Parts
  • Кабуснаме - 01
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 2009
    22.9 of words are in the 2000 most common words
    32.6 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 02
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 1923
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 03
    Total number of words is 3952
    Total number of unique words is 1942
    26.0 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 04
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2074
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 05
    Total number of words is 3996
    Total number of unique words is 2142
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    43.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 06
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2008
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    37.4 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 07
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2031
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2077
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 09
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1960
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 10
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2099
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    34.8 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 11
    Total number of words is 3997
    Total number of unique words is 2026
    26.0 of words are in the 2000 most common words
    38.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 12
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2036
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    38.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кабуснаме - 13
    Total number of words is 3365
    Total number of unique words is 1726
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    39.4 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.