Latin

Мезгил Сабактары - 22

Süzlärneñ gomumi sanı 3905
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2360
25.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
37.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
43.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Улуулардын бул демилгеси окуган балдарга чоң милдет таккандай болуп көрүнчү. Биз
окуп, көптү билип, элге илим-билим алып келүүгө ашыгаар элек. Ошондуктан ал
жылдары балдар жеке эле айыл-кыштактын мектебинде окуй бербестен шаардан окууга
кызыгышты. Жыл өткөн сайын шаардан окугандар да көбөйдү. Күнү бүгүнкүдөй эсте,
айылдан келишкен кедей-кембагалдын балдары ач, жыртык калышып кыйналышса да,
жадырап эч кабагым-кашым дешпей кубанып окуп жүрүшчү. Анан каникул кезинде
айлына баргандары баарыдан мурда, кыргыз тилинде чыккан, казак, татар тилдеринде
чыккан китеп, журналдарды көтөрүнө барышып, ата-энелерине, айылдаштарына аларды
окуп берүүнү милдет катары көрүшчү. Себеби, ата-энелери, айылдаштары шаардан келген
окуучулардан адегенде эле, «шаарда эмне кызыктар бар? Кыргыз тилинде китеп
чыктыбы? Кезитте эмнелерди айтып жатат?» дешип сурай беришчү.
-жылдын майы келди. Мен ал кезде Караколдо (Пржевальск) А. П. Чехов
атындагы биринчи баскыч орус мектебинде окуп жүргөн кезим. Орус тилин начар
билгендиктен сабакты өздөштүрүү канчалык кыйын болсо да (албетте, эң башкы милдет
— жакшы убакты сабакка бөлүү) шаардык китепканага келип, «Эркин-оо» кезитин окууга
аябай дилгир элем. Баарыдан мурда, мага жатык тилде жазылган кабарлар бөтөнчө
жагычу. Артыкча, ошондой кабарлар, ырлар басылган нускаларын жыртпай катып коюп,
жазгы каникулда айылга ала келгеним эсимде.
Мен келгендин эртесинде айылдаштар, улуу-кичүү биздикине келишти. Биз учурашып,
кадресе кишидей айылдаштар менден кеп сурашты. Анан Соодонбак деген агабыз мага
карап, көздөрүн кыбыңдатып күлүп:
— Шаардан эмне базарлык алып келдиң, Төкөшүм? — деди.
— Окуган китептеримди... анан кезит алып келдим? — дедим мен.
Үйдөгүлөр күлүштү. Сокем тилин жалмаңдатып кубаттап койду:
— Эмне күлөсүңөр? Кезит, китептен кымбат базарлык барбы, бул кезде! Алып келген
китеп-кезиттериңди окуп бер, бул элге, Төкөштай. Көзүбүз ачылсын!
Жаадырап, кызыккан кишилерге мен кезит окуп бердим. «Көчмөн айылдар,
отурукташкыла, жаңы маданиятка умтулгула, кыздарды калыңга сатпагыла, катын-кыздар
окуп, көзүн ачсын, теңдигин алсын: бай-манаптардын эзүүсүнөн биротоло кутулгула,
жалчылар, байда жалданбай өз өргөңдү тик, өз теңдигиңди ал» деген кабарлар окулду.
Кишилер шыпшыныша кеп бузбай тыптынч олтуруп угушту да анан мага адаттагыдай
бата беришти:
— Жетим элең, жетил, кагылайын!
— Адам бол, ак тилегиңе жет!
— Сенин бизге кезит, китептен кабар айтышың суусап турган кезде суусун бергендей
болду. Ошент, адам бол. Колуңан келишинче эл үчүн кызмат кыл, садага! Ушинтип өз эне
тилибизге кезит чыккандан бери акты-караны тез таанычу болдук. Үйдө олтуруп ааламдан
кабар алабыз! Атаа, байыртан ушундай кеситибиз болгондо эмне?! Эчен асыл
акылмандардын алтын кеби айтылды. Учурунда элди ойлонтту, бирок, басмабыздын
жоктугунан бизге жетпей калды...
— Ийгиликтин кечи жок, деген. Ага өкүнүш болбойт, журт. Али да кеч эмес. Кеңеш
Өкмөтүнүн аркасында бөксөбүз толот. Андан көрө чоң-кичинең жапырт билимге ашык!
Билимдүүнүн тамыры миң. Ал өмүрү куурабайт!
Ушуну айткан улуулар өз-өз ара бакылдаша өткөн-кеткенден, байыркы ата-бабалардын
эл четин жоодон коргогондугу эрдик жомокторунан, нускоолуу улуу сөздөрдөн кеп
салышып узакка маектешти. Элибиздин өмүрүн, тарыхын, асыл салттарын, жакшы
иштерин таасын баамдап карыялар божурап сүйлөп олтурушту.
Ушул өзүнөн өзү уланып, өзүнөн өзү кызып айтылган элдик баяндын акырында
кишилер каалоолорун айтышты:
— Атаа, ушул өз кезитибиздин бетине эми «Манастын» сөздөрү басылса экен?
Байыркы ата-бабаларыбыздан келаткан улуу сөздөр, кымбат баяндар, уламыштар,
журтубуздун өмүртарыхы басылса экен?
— Басылат! Эми баягыдай кумда житкен издей болуп бир бороондон кийин дайынсыз
калуу эми болбойт. Эркин Республика курдук. Өз тизгинин өз колуна алган элбиз. Өз
басмабыз бар эми! Эми оюң да тереңдейт, боюң да узарат. Жергең жаңырып, аны каптай
сансыз жарчыдай болуп китеп-кезиттериң да көбөйүп келе берет, келе берет. Андан көрө,
жаңы маданияттан олчойто энчиңди алып калууга эртелеп ашык, журтум!
Мен, дайым тестиер чагымды эстесем, ошол кездеги кишилердин ушул кеп-сөздөрү
күнү бүгүнкүдөй кулагыма угулат. Баса, ал жылдарда, өзүнүн өмүртарыхында, эң
күрдөөлдүү, эң маанилүү мезгилди башынан өткөрө баштаган кезин эстесем — кыргыз
эли кандайдыр бир себептер менен кылым бою камырабай уктап калып, жаңыдан кайра
ойгонуп, мезгилдин даты баскан чопкутсоотун кагыпсилкип, уйкудан эзилген муунжүүнүн кыймылга келтирип, сергектенип, кайрадан күч жыйып, шерденип, кайрадан
тулпарына минип, эркин өр таянып бараткан алптын элесин берет. Баса, ал дал ошондой
баарыга суктана карап, бардык жаңы, асыл нерселерге кызыгып, аны тез танып, тез билип,
тез өздөштүрүп, бардык жакшы башталыштарды сергектик менен кабыл алып жаткан кези
— байыркы өмүрү бар, узак татаал жол баскан, күрөштө бышыккан, каарман журттун
сергек эстүү, жөндөмдүү асыл касиеттерин байкатты. Ошентти, биздин азган-тозгон
элибиз өз теңдиги, эркиндиги, чоң өмүрү, жаңы маданияты үчүн жапырт күрөштү.
...Бүгүн биздин элибиз каруу-күчкө толгон жаш баатырдай. Ал баягы албуут тулпарын
көкүлдөн сылап: «Миң жылдар арыш создуң эле, жаныбар! Эми Улуу Тоо өрүшүндө
кенен оттогун!» деп жайытка кое берип, азыр ал тулпар ордуна трактор минип, чым
аңтарып баратат! Ойтоого илимдин асыл үрөнүн чачып, лайнерде учуп, ал аалам кыдырат!
Анын эртеси баскан жолу асыл тарыхын, кечээки ыйык күрөшүн, бүгүнкү сонун
иштерин таасын баяндаган китептери, кезиттери, журналдары улам байып, улам эр
жетүүдө! Рас, алардын аксакалы «Советтик Кыргызстан», мына, кырктын кырында. Орто
жашы элүү болгон адам баласы кырк жашында али акылэс, күчкубат жагынан толуп
кетпейт. Ал эми өз өмүрү миң жылдап саналчу «Советтик Кыргызстан» бар болгону кырк
жаштын өмүрүндө учурдун таккан милдеттерин өз алдыңа жараша жооптуулук менен бир
кыйла так, дурус аткардың. Бирок, улам жыл өткөн сайын дасыгып, жетилип, кеменгер
тартып кыйла татаал маселелерди калыстык менен талдап туура баяндап, эчен албан асыл
милдеттерди айныбас күрдөөлдүк, эң терең акылмандуулук менен аткара беришиңе
алдыңкы өмүрүң күн сайын алдыңа тартат.
Элибиздин асыл күзгүсү, «Советтик Кыргызстан», сен ошол элдик ыйык милдетиңди
аткара бер, жетиле бер!
1964-ж.
ДОСТУКТУН ӨРӨӨНҮ
Кеңири жайкалган Ысык-Көл өрөөнү табийгый жаратылышы жагынан кыргыздардын
эң көркөм жергесинен. Түндүгүн Күңгөй Ала-Тоосу, түштүгүн Тескей Ала-Тоосу курчап
турган мелмилдеген Ысык-Көл— кыргыз деңизи деп аталат. Анын эң терең жери 702
метр, баш аягы 177 километр, аянты 6332 чарчы километр келген эң тунук суусу жайыкышы мелүүн тартып, эч тоңбой көгүш асман түстөнүп мелмилдейт. Ошого жараша
өргөндүн жери асыл, абасы таза. Жайы ысып кетпей, кышы суук болбой аны байыртан
жердеп келаткан кыргыздар, өз жеринин асылдыгы, байлыгы, касиети жөнүндө замандар
бою сүрөттөп, мактап эчен албан ырларды, жомокторду, уламыштарды чыгарышты.
Дүйнөлүк улуу дастандарынын катарынан орун алган кыргыздын улуу эпосу «Манастын»
башкы каармандары Манас, Бакай, Чубак, Сыргак, Алмамбет, Семетей, Күлчоролордун
кыйырга келген Кытай баскынчыларына каршы болгон кай бир жортуулдары дал ушул
көзөл Ысык-Көл өрөөнү аркылуу өткөнү сүрөттөлөт. Ошол замандагы кыргыздын
тиричилиги, жер-суусунун байлыгы эң элестүү баяндалат.
«Эр-Табылды» деген дагы бир баатырдык эпосубуздун башкы каарманы Табылды
баатырдын жунгарлар менен болгон күрөшү жөнүндө эң кызык маалумат Ысык-Көлдүн
түштүк жээгиндеги Тамга өзөнүндөгү Тамга-Ташка байланыштуу. Кыргыз жергесин
басып алууга жутунуп чабуул коюп турган чет душмандын жолун бөлөп, кол баштаган
кыргыздын баатыры Эр-Табылды өзөндөгү чоң ташка айбалта согуп, тамга басып...
«Элимдин тамгасы. Мындан, душман, өтпөйсүң!» — деп, жоону токтоткону ушул
кездерде эл оозунда айтылат. «Тамга» деген атак да ушундан калган дешет. Бул кезде
ошол өзөндүн оозуна «Тамга» санаториясы жайгашкан.
Ошентип, көп кылымдар бою бабаларыбыз жердеген сонун өрөөн бизге түпкү атабабаларыбыздын кандары төгүлүп, эмгектен терлери таамп калган мурас жерибизди
кийинки муундары, кийинки тукумдары да чет жоодон сактап келди.
«Жазы жылуу кышы салкын, ойтоосуна токой өнгөн, малга жайыттуу өзөнжайлоолору
кеңири, эгин айдоого түздөрү кеңири — жер соорусу касиеттүү Ысык-Көл кыргыздын Ата
Конушу. Кылыч кайрап келген жоону жолотпогула касиеттүү жерибизге. Кулач жайып
боордошкон элге конуш беришкиле. Достошуп келген эл, журтум, сага аркатирек болот.
Өзөн — суу менен көгөрөт. Эл — эл менен өсүп-өнөт!»
Акылман бабаларыбыздын даанышмандык менен ушул айткандары биздин заманда иш
жүзүндө айгине болду. Соңгу бир кылымдын ичинде кыргыздар орус, татар, өзбек, казак,
тажик, украиндыктар менен жергелеш, конушташ болушту. Ырас, Улуу Октябрь
революциясына дейре журт бийлеген төбөлдөр, падышанын чиновниктери, соодагерсүткорлор ар бири өз-өз жеке кызыкчылыктарын көздөшүп, аз улутту кордоо, кемсинтүү
менен эл арасына от жагуу, эмгекчи элдерди эзүү саясатын жүргүзүп келишти.
1917-жылдан баштап Улуу Октябрдын туусу астында жашаган элдерибиз өз ара
достукту бекемдетти. Биздин жерибизде бардык улут, кыргыздар айткандай «бир жеңден
кол, бир жакадан баш чыгарышып» бир үй-бүлөдөй бекем ынтымакта!
Ырыстъш алдын ынтымак түзөрүн соңку кырк-элүү жылдын аралыгында биздин
республикабыздагы жашаган көп улуттун достугу айгиңеледи. Артыкча, ушул Ысык-Көл
өрөөнүн жердеген элдердин өзөз ара мамиле-катнаштары, көчөмө-көчө коңшулаш бирге
короо жай курушуп, ага-инилердей ынтымакта бирге эмгектенишип, бирге окушуп, бирге
той-тамаша курушуп, айтор, башка түшкөн кайгы-жыргалдарын бирге бөлүшкөн көп
улуттуу Ысык-Көлдүктөрдүн ынтымагы дайым адамды кубандырарлык таасир калтырат.
Башта мал өстүрүү, эгин айдоону, кол өнөрчүлүктү, мергенчиликти кесип кылган
кыргыздар орус, татар, украиндык, өзбек, уйгур, дунган сыяктуу элдер менен жергелеш
болгондон тартып жарым көчмөндүктөн тез аранын ичинде жапырт отурукташты. Чоңкичине дебей илимге, өнөргө берилди, көп кесиптүү кишилерибиз көбөйдү. Азыр
техниктерден тартып жогорку адистиктеги инженерлер, кенже илимий кызматкерлерден
тартып илимдин докторлору, академиктер, куруучу прорабдардан тартып архитекторлор,
айтор, көп сандаган механизаторлордон тартып «Ил18» сыяктуу зор лайнерлерди алып
жүргөн учкучтар, көп сандаган мугалимдер, врачтардан тартып жалпы Союзга, кала
берсе дүнүйөгө тааныла баштаган жазуучулар, сүрөтчүлөр, композиторлор... айтор,
жыйырманчы кылымдын таламына жооп берерлик деңгелде чарбанын, илимдин бардык
тармактарында иштеп кетүүгө кудуреттери
жетишкен ар кыл
адистикте татаал
кесиптердин ээлери азыр кыргыз жаштарынан өнүтүүдө. Дал ушундай маданиятка
берилүү, илимге кызыгуу, биздин байкашыбызча, кыргыз, орус, украиндык, өзбек,
уйгур сыяктуу көп улуттар коңшу олтурушкан кыштактарда, жумушчулар посёлокторунда
жашаган
көп
улуттуу
элдердин адамдары — жаш-карысы илимге кызыгуусун
арттырышканы,
улуттук маданиятты тез көтөрүшкөнү байкалат. «Күлүккө күлүк
атаандашат» деп кыргыздар айткандай, көп улут ынтымакта катар жашоо менен ар жакшы
мүнөздөрүн көрсөтүү менен биринен бири калышпоого өз ара социалисттик жарышка
чыгышкан сыяктуу эмгекте, окууда, дем алуу учурунда бирге көңүл ачышкан оюн-зоок
кечелерде, өз ара тиричилик катнаштарында тажрыйба алмашуу, жакшы жагынан
«намыс» талашуусу күчтүү болорун биз турмуштан байкап келатабыз.
Республикабыздын бардык райондоруна мүнөздүү достуктун ушул ыйык салты көзөл
Ысык-Көл өрөөнүндөгү элдерде да күчтүү. Өз ара достук мамиледе аркатирек болушуп,
көп улут бир чоң үй-бүлөдөй ынтымакта жашоо, бирге эмгектенип турмуш-шарттарын
оңдоп, орустан кыргыз таалим алуу же кандайдыр бир жакшы жөрөлгөнү баштоодо
биринен бири артта калышпоо, тең жарыша иштешүү сыяктуу жакшы башталыштар
салтка айланууда. Маселен, отузунчу жылдарда Көл өрөөнүнүн кыргыздары орус
дыйкандарынан айыл чарбасына келген жаңы техникаларды өздөштүрүүнү, башкарууну
үйрөнүшкөн, орустардай эле эркек балдары менен бирге кыз балдарын жапырт окууга
жибере башташкан. Башта кыргыздар кесип кылып көрбөгөн багбанчылыкты, аары
асыроону, үй канаттууларын өстүрүүнү өздөштүрө башташкан.
Мындан жыйырма-отуз жыл мурда орустар же дунгандар жашаган кыштактардан
кыргыздар турган кыштактар жупунулугу, бакдарагынын аздыгы менен айырмаланса,
азыр көп кыштактарда ал байкалмак турсун (окутуучусунан шакирти озгон сыңары)
кыргыз кыштактары жаңырып, жашарып, алыстан эле көздүн жоосун алып үйлөрү
жаркырап, көчөлөрү кайкалап, бак-дарагы жашылданып мөмө төгүүдө. Айылдык
интеллигенттер мындай турсун механизаторлордун, чабандардын, жөнөкөй эле
колхозчулардын үйлөрүндө радио сүйлөп, телевизордун экраны иштеп, текчелерде ар кыл
китептер тизилип, дубалдарда картиналар илинип — ар бир үйдө маданияттын бардык
гүлү кеңири чайтып ача баштады.
...Жакында төрт жүз километрден ашык жол басып, биз жазуучулардын бир тобу ушул
кооз көл өрөөнүн айланып чыктык.
«Орто Азиянын Крымы!» деп аталган көзөл Ысык-Көлдүн артыкчылык касиети
бөтөнчө белгиленди.
Рас, ондогон километрге созулган алтын пляждуу жээктерге жалпы союздук мааниси
бар дем алуу үйлөрүн, санаторияларды, пансионаттарды, пионер лагерлерин, туристтер
базаларын курууда азыр Кыргызстандын өкмөтү тарабынан мамлекеттик чоң маанилүү
иштер жүргүзүлүп жаткан кез.
Арийне, жакын арадагы жылдарда ушул Улуу Тоо кучагында көйкөлгөн кыргыз деңизи
жеке эле анын кооз өрөөндөрүн жердегендер, жеке эле Кыргызстандын кишилери үчүн
эмес, Орто Азия менен Сибирдин, кала берсе жалпы Союздун улуу шаарларындагы
эмгектенген жумушчу-кызматчылардын дем алуу жайы болуп калат.
Ошентет, асыл Ысык-Көлүм!
Бир кездери:
«Эл — эл менен өсүп өнөт!» дешип бабаларыбыздын айткандары биздин тушка дал
келди! Өркөндөп өсө бер, достукту сүйгөн, элим. Гүлдөтө бер, достук өрөөнүн!
1964-ж.
КӨП ЖЫЛДЫК ДАРАК
Илларион Павлович Курилов, алтымышка таяп калган буурул баш адам мени менен,
менин үй-бүлөм менен калдастап жайдары учурашып көрпө тумагын кежигесине карай
шилеп, бууланган чекесин сүртүндү. Сагынган бир туугандарын зарыгып көргөн кишидей
толкундайт. Кеп табалбай мукактанып, көзүнө жашы келе түштү. Кучагын жая берип,
мени сыгасыга кучактады. Зоңкоюп жигит болуп калган уулдарымды бирден беттеринен
өптү. Анан, сыңар тизелеп олтура калды да кармай келген боз мецогунун оозун чечти:
— Кудай салбасын, карындашымдын алма, жаңгагы батпайт! Албайм дегениме болбой
көтөрттү... Балдарым, алгыла!
Көк кабыгынан жаңы ажыраган жаш жаңгактарды ал кочууштады. «Жетет. Өзүң жолго
алып кет, үйүңө алып кет» дегенибизди кулагына илген жок, жаңгак дарагын мактай
берди:
— Силерге да жетет, бизге да жетет! Теги айтпагыла. Карындашым турган короодо үч
түп жаңгак бар экен. Ар биринин жоондугу асый өгүздүн белиндей. Ар биринин түбүнө
чоң короо кой баткыдай. Жемишин батыра албай жатышат. Кудай билет? Алардын
тигилсенине жүз жылдай болсо керек? Ай, теги ошого жакын. Эң эле жоон, обужок бай.
Мен Караколго жаңгак бышат деп эч ойлогон эмесмин...
Акылдуу курч көздөрүн жалжылдата Илларион мага күлө карады:
— Пржевальскийди баягыдай эле Каракол дей берем. Көнүп калгам да. Өзүң билесиң,
Төкөш. Менин туулган жерден кеткеним качан. Туура отуз жыл дегенде экөөбүз
көрүшкөн элек...
Мындан беш жыл мурдакы келип кеткенин айтып жатканын баамдадым да мен да ага
кеп айттырбай шаштырдым:
— Ой, Арибан! Арибан десем таарынба. Мен да көнүп калгам да. Жаңгагыңды коюп,
жакын олтурчу, бай болгур? Сагынычты жазалы... Экөөбүз бирибизге бирибиз утурлай
дардайып тура калып дагы бир жолу кучакташып алдык. Башта жакын жүрүшпөсө да
балдарым Илларион Павловичтин ким экенин жакшы билишет. Себеби, мен аларга дайым
балалык чагымды кеп салганда «Арибандын» аты аталбай калчу эмес. Арибан дегениме,
артыкча, кичинекей кызым кытылдап күлчү.
— Илларион эле дечи, папа.
— Эй, кызым, көнүп калгам да,— дечүмүн мен. —Атаң сендей кезинде ал Арибан экөө
суукта тонгон, ысыкка бирге кактанган. Ал да жетим, мен да жетим. Ырас, ал ата-энеден
ажыраган томолой жетим. Мен энелүү элем. Анын башынан өткөндөрү өзүнчө оор, өзүнчө
ачуу. Менин башымдан өткөндөр да өзүнчө оор, ачуу... Айтор, оор жылдарда экөөбүз тең
оокаттуу адамда малай болдук. Мен андан алты жаштай кичүү болгондуктан жеңил
жумуш иштейм: бала көтөрөм, самоор коем, мал сугарам. Ал Ыйман экөө карагай
таарышат, отун жарышат, короо тазалашат, дагы толуп жаткан түйшүк моюндарында.
Ырас, биздин хозяин — Василий Прокопьевич өзү интеллигент адам болгондуктан
кулактардай кара-мүртөс эмес, боорукер, акпейил адам. Бизди дайым эле жумушка чеге
бербейт. Мектепке жиберет. «Окугула, адам болгула», дейт. Жумушка бышыктырып,
бизге акыл-кеңешин берет. Ал тургай: «Иштегениң мен үчүн, акмагым. Үйрөнгөнүң өзүң
үчүн! — деп кыргызча макал айтып карс-карс күлөт. — Окусан билимдүү болосуңар.
Иштеп, ал иштин көзүн тапсаңар — өнөрлүү болосуңар. Анын баары өзүңөр үчүн, жаман
балдар...»
Василий Прокопьевичтин «жаман балдар» дегени бизге камкор атанын кебиндей
угулчу. Биз ага терикпестен, аны акыл катары кабыл алчубуз. Эр жеткен сайын Илларион
дыйканчылыктын бардык тармагында бышыкты — эгин айдаганды, мал өстүргөндү,
балчелек асыраганды, бак-дарак өндүргөндү, жыгаччылык кылып үй курганды билди,
эмгектен талыкпас бүйрө адам болду. Ал тургай көзгө атар мерген, көңүл сергитер ырчы,
бийчи, жомокчу — биздин айылдын шайыр азаматы болуп жүргөн кезинде армияга кетти.
Андан кийин Ата Мекендик согушка катышты. Андан жарадар болуп Орол жактагы бир
госпиталда эмденди. Ошол жактан үйлөндү. Ошол жакка туруп калды. Азыр ал заводдо
иштейт — литейщик: — Карыган кезимде туугандарыма учурашканы келип калдым,—
деп азыр ал биздин үйдө жаадырап кубанып олтурат. Баарыдан таң каларлык иш: отуз
жылдай оролдук болуп кеткенине карабастан кыргызча таптак сүйлөп бизди таң калтырат.
Мен чыным менен Иллариондон сурадым:
— Армияда кызмат кылган кээ бир уландар өз тилин келегей сүйлөп келишет. Отуз
жыл четте жүрүп биздин тилди кантип унуткан жоксуң?
Илларион жактырбаган кишиче колун сыртка карай силкти:
— Өз тилин да киши унутабы, Төкөш. Өңкөй сибирдиктердин ортосунда олтуруп алып
заңкылдап кыргызча казал айтам. Жалгыз жүргөнүмдө өзүм менен өзүм сүйлөшөм. Өзүмө
өзүм суроо коюп, өзүмө өзүм жооп берем. Койчу айланайын. Дээри жок неме эле өз тилин
унутпаса, элин, жерин эстеген киши жүз жылда да өз тилин кантип унутсун. Ырас, кээде
татарчалап кетчү элем. Эми силерди көргөндө...
Илларион мындан аркы кебин маселдетип, макалдатып кап-кайдакы эстен чыккан эски
кептен баштады. Балалык чактагы башыбыздан өткөргөнүбүздү эскерип, күнү бүгүнкүдөй
көз алдыга элестете сүйлөдү. Мен унуткан окуяларды, эчен кызыктарды Илларион эске
салды. Кумга житкен мончоктой дайынсыз кеткен балалык чак жылт-жулт этип көз
алдыма элестеп чымырап олтурам. Көз жашы кылгыра түшкөн Илларион сыр билгизбей
баж-баж сүйлөдү:
— Василий Прокопьевичтин өз башы алтын эмес беле. Бизге өз баласындай кам
көрүчү. Бирок зайбы чатак, зайбынан да арбактай болгон энеси мастен эле да. Канча
иштесек да жаныбызды сеп алдырбай урушуп турчу... А биз — сен, мен, Ыйман болуп
өгүз арабалар менен чөп ташыганыбызда арабаларга чөптү заңкыйта басып коюп, кой дээр
кожо жок — ээн талаада үчөөбүз ойда оюнга канчу элек да. Алышып-күрөшүп, калмакча
алышып, кон тебиш салып, тоңкочук атып... анан чарчаганыбызда үймөк чөптүн түбүңө
олтуруп алып үчөөбүз тилек тилечү элек: «Мен чоң улук болсом, бардык байлардын,
көпөштөрдүн мал-дүнүйөсүн жардыларга таратып берер элем» дечү Ыйма. «Мен чоң-улук
болсом, Жер жүзүндөкү эмгекчилерди баш Коштуруп, капиталисттерди кыйратар элем»
дечүмүн мен. «Мен улук болсом, Каракол менен Кең-Суунун ортосуна, андан ары
кытайдын чегине, бул жагы Пишпекке чейин чоң жол салдырып, эки жээгине жемиштүү
дарак тиктирер элем», дечүсүң сен.
Ак пейли менен карс-карс күлдү да Илларион мага карады:
— Ошол тилектерибизди унуткан жоксуң го, Төкөш? Ооба, сен аны кайдан унутасың.
Сенин тилегиң ишке ашпадыбы! Мастен сени «Букашка» дечү малай бала элең. Эми чоң
иш иштедиң, бийик даражалуу болдуң. Ал кезде эски Пишкек чаң баскан камыш үйлүү
кыштакка окшогон эле калаа болчу. Ал кезде Пишкек менен Караколдун арасы ат, арабага
сегиз күндүк жол адамды сабылтып, саргайтчу... Эмкисин айтпай эле коеюнчу. Сонун,
сонун. Так эле сенин тилек тилеп ойлогонуңдай оюң ордунан чыгыптыр, айланайын,
боорум! Даңгыраган чоң жол, жээгиндеги бирине бири улашкан жаңы кыштактар. Ал
турган шаарлар орношуптур. Жаш дарактар жаш кулундун жалындай жээк куруп, өзөн
өзөндун бойлору саймаланып турат. А кыргызымдын өскөнүчү! Тим эле өз көзүмө өзүм
ишенбейм. Көргөндөрүмө таңдана берем, таңдана берем...
Көзүнө жаш келе түшкөн Илларион ыргып тура калып мени мойнумдан кучактады.
Мен да балалык чакта түйшүктөш, тилектеш өскөн Илларионумду сыга кучактадым. Уулкызым экөөбүзгө бирдей таңдаңа калышып, кайра күлүп жатышты.
— Ай абышкалар, абышкалар. Куду жаш балдар...
— Ай, балдарым, угуп алгыла! — деди Илларион аларга.— Силер, эки институт
бүтүрсөңөр да бизге окшогон карыялардын кебине кулак коё жүрсөңөр береке табасыңар.
Орус менен кыргыздын эмгекчилери өрүштөш болгонуна жүз жыл толсо, силердин атаңар
— мынабу Төкөш экөөбүздүн бир тууган болгонубузга мына быйыл туура кырк жетинчи
жыл. — Ойноктогон акылдуу көздөрүн күлүңдөтө Илларион мага тигиле карады. — Ал
кезде монтойгон тоголок бала эле. Эми ак баш толук чал болупсуң! Жок, чачынын агы
болбосо, чал деле эмес. Ушул бактысы менен атаңар картайышка акысы жок. Эмитен
картайса, жазыла элек романдарды ким жазат. Кыргыз жазуучуларынын бергенинен бере
элеги көп. Биз ошол Ичке-Сууда зайымкада турганыбызда ошол өрөөндөгү кыргыздар
биздин хозяинге үйүр эмес беле? Мен ошолор менен сүйлөшүп жүрүп кыргыз тилин
билип алгам. Сексенге, жүзгө чыккан карылар менен сүйлөшчүмүн. Алар эчен
кызыктарды айтышчу. «Адеп орус келгенде арык аты кайышып, арабасы майышып,
өздөрү жөө-жалаңдап арып келген» дешчү. Алар тигил Ак-Суунун чатына, Түпкө,
Караколдун жээгине там салып, дарак өндүрүп, бат эле чарбак куруп жиберишти. Аны
көргөн кыргыздар: «орус өнөрлүү журт болот экен», дешип таңданышты. Орус соко алып
келди. Эзелки дыңдарды буздуруп, эгин эгишти. Кызыл буудай, ак арпаны жер көтөрө
албай калчу болду. Көл бетине кеме жүргүздү. Жол боюна зым-карагай орнотту. Ичкерки
Петербоордоку чиренген төрөлөр менен ак баш ооз зымтилипон аркылуу
жанындагысындай кабар алып турду. «Ал эле эмес, орустун өнөрү асманга карагай
учуруп, суу астына кеме жүргүзөт экен? Ээ жасаган эгем! Эки эл өрүштөш конушса,
алардын ырыскешиги энчилеш болучу. Оңкогой мурун, чуңкул көз орусумдун ал
өнөрүнөн сурасак беришер бекен?» дешип күпүйгөн берекелүү адамдар кеп салышчу.
Мал асырап, кенен жерде жайдак өскөн кишилердин момундугун айтпачы. Адамдан
арам саноо жок — ак пейил, ак көңүл, бейпил болушчу. Көргөнүн көргөндөй, укканын
уккандай уламыштап, саймедиретип маселдете чечен сүйлөшүп, лакап, макал, жорго сөз,
көркөм сөз менен эченалбан жортуулду жомоктошуп олтурушчу. Кыргызымдын ошол ак
пейлин түшүнгөн орустар да алардан кем калышпай туугансып, аларга акыл-кеңештерин
кошушчу. Биздин хозяинге ашына бир атставной генерал бар болчу. Жаңылбасам —
Корольков болсо керек эле? Айтор, ошол киши мен көргөндө аябай агарып карып калган
кези. Эки сөзүнүн бири кыргыздарга жан тартуу: «Биз бул элдин жерин жердеп, суусун
суулап калдык. Бул элдин алдында карысыбыз чоң: учитилдер балдарын окутуш керек.
Зээндүү эл. Балдары окушса, булардан да адистер, ишмерлер чыгышат. Жакшылыкка —
жакшылык» деп ал кишинин башка орустарга айтып олтурганын укчумун.
Ошол Корольковго окшогон кең пейил адамдар кыргыздарга катуу жан тартышты.
Өздөрүнө тааныш кадырман кишилерди чакырып мындай дечү: «Элиңе айт: суу-суунун
боюна үч жүз түтүндөн кыштак курушсун. Ар түтүн соко алып, жер айдасын. Бак-дарак
өндүрүп чарбак курсун. Көчмөн турмушта тоодо жүрө беришсе, келечекте жайдак
калышат. Кыштак куруп отурукташкан эл түптүү болот. Маданияты тез көтөрүлөт.
Элиңе ушуну туюндур, жакшылар!»
Дал ошондой кеңештерден улам бири-серин болсо да айрым уруулар жер кестирип
алышып — «кересиян» — крестьянин болушту. Бирин-серин болсо да мектептер ачылып,
анда кыргыздын балдары окуй баштады. Албетте, бул тээ мөнгүдөн сызылган булактай
жаңы башталыш болчу. Артыкча Улуу Октябрь таңы аткандан кийин ал булак күркүрөгөн
өзөнгө, чоң агымга айланды. Башта байлардын, кулактардын, көпөстөрдүн кол алдында
эзилген кембагалдар совет доорунда саясий укугун алды. Чачыранды айылдар жалпы
отурукташты. Чоң-кичине жалпысы окууга, өнөргө жамырады. Ошентти! Элдердин
достугунан көктөгөн асыл дарак — Улуу Октябрдын туусу астында, эмгекчил элдердин
асыл эмгектеринен кубат алып көктөп,
мөмөлөп, улам жыл өткөн сайын жаңы бутак сайып, бүр ачып улам байьга, улам асман
тиреп бараткан достук дарагы — дал жаңгак жыгачындай зор, саябалуу, дал жаңгак
жыгачындай жемиштүү!
Жаш баладай кубанган Илларион додолонгон жаңгактарды балдарды көздөй шиледи:
— Ал, балдарым, батыратып чагып жибергилечи, кагылайындар. Айтпа, айтпа! Бул
жаңгактай мөмөлүү жемиш жыгачын көргөн эмесмин. Тим эле бай түшүмү мешокмешокко батпай шагырайт! Олда айланайын кыргызымдын жер-суусу ай! Менин
балалыгым, күлгүн чагым калган жерим. Жетим кезимде мени бооруна жылыткан атамдай
асыл, энемдей ысык жерим жаңырып, жашарып кетиптир! Өркөнү өскөн элим сонун
турмуш куруп жатышыптыр! Оролдук жолдошторум — бирге иштешкен жумушчуларга
эл-жеримди кандай мактаар экем. Бат, бат кат жазып турсаң, боорум Төкөш!
1963-ж.
БУЗУЛА ЭЛЕК ДЫҢДАР ДА БАР
Бүгүнкү күндүн талабын кеңири аткаруу менен эртеңкиге кымбат баалуу белек болуп
калгыдай адабияттын жашыл токоюн өндүрүү биздин милдет. Токойдун бак-дарагы
канчалык көп түрдүү болсо да, ошончолук көрөм, баалуу!
Эмесе, биз камтыган темалар да, ошондой көп түрдүү бай, баалуу болгон кезде биздин
адабият тез көгөрүп, тез өнүгөрү талашсыз. Ушул кезге дейре кыргыз адабиятында
элибиздин өткөндөгү турмушун кеңири сүрөттөп, таасын элестеткен салмактуу китептер
жокко эсе. Тарыхый тема — бизде али бузула элек дың.
Элибиздин кечээкисин да, бүгүнкүсүн да, эртеңкисин да элестүү баяндаган жакшы
китептер — көп улуттуу совет адабиятынын көркөм, жашыл токоюн көрктөсүн, байыта
берсин!
1959-ж.
ӨНҮКСҮН, ӨССҮН СОВЕТТИК илим
«Уулдуу болсом, уулум өмүрлүү болсо. Анын минерге бир жакшы аты, колунда бир
чабар кайраттуу камчысы, тартынбай айтарга беш-он сөзү болсо, атаганат, дүнүйөдө
арманым болот беле? Ошондой уул жаттан кегиңди кайтарып, тар жол, тайгак кечүүдө
жөлөп-таяп чылбырдан алып, жолуңду ачып турбас беле!» — деп ата таалайды жеке
уулдун кайратынан күтчү күндөр али эсибизден чыга элек. Ою тайкы, тилеги жарды
болушуна ата айыптуу эмес, анда кишилердин баамы да ошол болучу. Кеч күздүн коңур
түнүндө тааныш эмес жолдо сапар чеккен жалгыз-жарым жолоочудай башы маң кишилер
алда эмнеден сактангандай, чочугандай элтең карашты.
«Уул, кызым окушса, илимдин, кесиптин кишилери болушса, элге кызматын көрсөтсө»
деп анда чанда бир ата тиледи. Окуу, илим деген сөз кыргыз айлына те алыстагы жаңырык
сыяктуу угулчу. Тоолук кыргыздар алптын эскирген чепкениндей түлөп, жыртылып
жоголуп бараткан кайдадыр көз учунда -өчүп-тамган өлүмтүк оттой өмүрлөр арсар,
үмүтсүз болучу. Элибиз коргоосуз, турмушу жайдак эле.
Баса, ким билет? Эзүүдө, кысымда калган аз эл, балким, эмдигиче азып-тозуп өзүн
жоготот беле. Кантет. Асманды как жарган чагылган сыяктуу эркиндиктин улуу жарчысы
Ала-Тоонун үстүндө да канатын какты. Ал жарк этип жерге житпеди. Ал өнүккөн,
нурданган октябрь жарыгы талаа-түздөргө, аскалуу тоолорго бирдей тийди.
Албетте, буюккан түнкү жолоочу таңдын атканын, күндүн тийгенин көргөндө жарпы
жазылып темине бастырган сыңары элибиз алыскыны көрдү, дүнүйө жүзүн кеңири
таанып, кишилердин көздөрү ачылды.
Эркиндик менен окуу, илим бирге келди. Айылга мектеп орношту. Кызыл үй ачылды.
Он жашар өспүрүмдүн катарында кара мурут жигит олтурду. Уул да, кыз да мектеп
босогосун атташты. Ал тургай көкала сакал ата да карындашты эпсиз кармап кызыл үйдө
сабатсыздыгын жойду.
Ошентип, адам билимди талашты. Эл жаңырды. Кээде көз айнек тартынып, эми ата да
баса олтуруп, китеп же кезит окуй турган болду. Башта унчукпас эне азыр тамашалуу:
— Ой, бай болгур, чилистен болсоң да окууңду токтотчу. Тигил, пилиалдагы (филиал)
уулуңа кат жазып койчу!
Мейли, «пилиал» десе да азыр эне СССР Илимдер Академиясынын Кыргызстандагы
филиалын билет. Анда уулу иштегенине бир топ жыл болду. Анда ал илимий иш
жүргүзөт. Бирок, ал эмне иш, анын мааниси эмнеде? Аны эне даана түшүнбөсө да
божомолдойт. Айтор, неси болсо да азыр эне баштагыдай атанын ишине кийлигишпей
шүк олтурганын койгон. Азыр ата, эне акылдашат, тамашалашат, ал турган окуу, илим,
адабият, театр жөнүндө да кеп салышат. Эмгектин ийгилигин, үзүрүн көрүшөт.
Кыштактын өскөнүнө кубанышат. Азыр ата-эненин маңдайы жарык, тилеги кең: «уул,
кызым өмүрлүү, илимдүү болушса» дешет. Ата-эненин тилектери бекер эмес — агроном,
зоотехник, врач, инженер, геолог, механизатор, окумуштуу — айтор, ондогон жаңы
кесиптерге кыргыздын уул-кыздары бүгүн ээ!
Жазгы жамгырдан кийин төртөрдө көк кандай жабалактап өнсө, бүгүн кыргыз эли
ошондой өнүгүп, өсүүдө. Кыргыз жери кулпурууда, жаңырууда.
Мына, Фрунзе. Асфальттуу кең көчөдө троллейбус зымырап, «ЗИМ> андан зып өтө
чыкты. Парк. Аянт. Көп катарлуу үйлөр. Мына олжолу шаардын чок ортосунда, Совет
көчөсүнүн боюнда менсинип, салмактуу зыңгырап кыр-кыр колонналар бийик
карниздерди тирей фасады батышка караган көз тайгылткан зор курулуш Ленин ордендүү
Кыргызстан опера жана балет театрынын жаңы Үйү.
Бул көркөм курулуш быйыл жаңы бүтүүдө. Совет өкмөтү тарабынан кыргыз элине
берилген кымбат белек. Мына, акыркы люстра шыпка бекитилди. Мына, баркыт
капталган жумшак креслолор тизилди. Ушинтип, 1954-жылдын жыйырманчы декабрь
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Мезгил Сабактары - 23
  • Büleklär
  • Мезгил Сабактары - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3925
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2168
    28.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3835
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1945
    25.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3888
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2004
    26.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2109
    26.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3841
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2050
    24.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3908
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2175
    25.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3879
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2261
    24.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3889
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2322
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3878
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2190
    26.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3881
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2101
    24.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    34.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3844
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2201
    23.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3898
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2270
    27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3957
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2233
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3766
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2212
    23.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3906
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2254
    27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 4040
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2326
    26.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 3980
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2278
    27.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2298
    24.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4011
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2430
    25.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3935
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2383
    26.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 3922
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2456
    24.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3905
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2360
    25.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3793
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2219
    25.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 3857
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2269
    24.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 3863
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2183
    23.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 3856
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2325
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 3866
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2429
    25.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 3971
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2417
    23.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2300
    24.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 3926
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2169
    25.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 3936
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2141
    26.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 3916
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2096
    25.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Süzlärneñ gomumi sanı 3934
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2181
    26.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Süzlärneñ gomumi sanı 2486
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1435
    29.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.