Latin

Мезгил Сабактары - 18

Süzlärneñ gomumi sanı 3826
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2298
24.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
36.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
43.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
кадырдаган калыс ырчы болом десең, балам, эл аралап көп жүр. Чоң комузчуларды,
кыякчыларды көр. Чоң ырчылар менен ырдаш. Жаакташып, жамандашып айтышпай, анын
айткан сөзүнүн салмагын байка. Адамдын ички касиетин көзү көрүп турган даанышман
ырчы болсо, андан жакшылап үлгү алып кал».
Окуучуларына ушул акылды берген Током өзү да элдик бай мурастарыбыздан таалим
алганы байкалат. Биз зор акындын ырларын окуганыбызда, күүлөрүн укканыбызда
элибиздин ошол кездеги башынан өткөргөн турмушу, иши, эмгеги, маданияты, күрөшү
көз алдыбызга тартылат.
Ошентип, элдик бай поэзиядан, элдик сонун күүлөрдөн азыктанып өз шыгын өстүрүп,
чеберчилигин арттырган Токтогул поэтикалык, музыкалык чыгармаларында, артисттик
аткаруу өнөрдөрүндө жеке керт башынын «сыймыгын» жеке «төл» чыгармаларын
даңктабайт. Ал, өзүнө чейинки элдик бай маданиятты улантуучу даанышман зор талант!
Баа жеткис ушул касиеттери бар Токтогул — улуу адам!
ТҮБӨЛҮК ЭЛ МЕНЕН
Артыкча жаш кездерде кулак уккан күчтүү сөз, көз көргөн таасирдүү окуя өмүр бою
адамдын эсинде калат. Ал жаман нерсе болсо, адамды дайым чочутат, жийиркентет,
жалтак, коркок кылып коет. Ал жакшы нерсе болсо, адамды чыйралтат, кызыктырат,
адамга өзүнүн ошол жакшы таасирин тийгизип, адамды жакшы жакка баштайт. Айтор,
жаш кезде кыз-уландар жакшы менен жаманды ылгай билишсе, алар өмүрлөрүн текке
өткөрүшпөй, максаттарын ишке ашырат. Тилектерине жетет. Бул айдан айгине талашсыз
нерсе! Өз учурунда таамай айтылган бир сөздүн таасири адамды чоң тилек, жарык
максатка үндөөрүн биз өз башыбыздан өткөрдүк.
1920-жылдын күзүндө Жаңы өкмөт жиберген эки кызыл мугалим биздин айылга
келишти. Мектеп ачылып, жаңыча окуй баштадык. «Жаңыча» деген сөздүн чоң мааниси
бар. «Жаңы өкмөттүн жиберген кызыл мугалимдери балдарыбызды эми жаңыча окутат
экен!» деген даңаза бизди көп нерселерге кызыктырды. Жаңы деген нерсе, адамды
кызыктырып, чоң, жарык максатка чакырып турарын мен ошол бала кезимде сездим.
Айткандай эле, жаңы окуу бизди тез ойготту. Башта жыл бою молдодон дарс алып, тек
түшүнүксүз сөздөрдү жаттап, бирок өз атын кагаз бетине жаза албаган балдар, жаңы
окууну окуй баштаганда эле кат жазууну үйрөнүштү. Китеп окууга кызыгышты. Ошентип
жалпыбыз илимге талпынган кезде мугалим бизге «Зарыгам» деген ырды жаттатты. Аны
башкалар да ырдашты, мен да ырдадым. Баарыбыз ырдадык. Кызыл мугалимдердин
жетекчилиги менен мектеп балдары оюн коюшту. Ошондой оюн-зоок кечесинде эң алды
ушул «Зарыгам» деген ыр ырдалчу. Аны укканда кишилер ырдаган баланы алкашчу:
— О, үнүңдөн айланайын. Зарыккан тилегиңе жет, садага!
Бирок, ал ырдын автору ким экенин элеттик кишилер анча иликтебейт. Эгерде,
билгендери болушса: «Адам ушул «Зарыгам» деген ырды чыгарган бул эле өзүбүздүн
Чоң-Таштык боор Элебай дегендин баласы экен. Ата-энесинен томолой жетим калып,
жаш бөбөктөрүн жетелеп ушул ырын ырдап жүрүп, өзү тилегине жетиптир. Өзү ичкерки
калаага чоң окууга кетиптир. Силер деле ошол агаңарчылап тилегиңерге жеткиле!» —
дешет.
Айтор жаш акын Мукайдын «Зарыгамы» жарык максаттуу жалпы жаштарды ошентип
илимге чакырды. Мен ал кезде көркөм сөздүн ал таасирлүү күчүн акыл менен так, таасын
баамдай албадым. Тек, аны сездим. Кызыктым. «Ушул Мукайча ыр жазар бекем, ошол
Мукай барган ичкерки чоң калаага барып, андагы чоң окуудан окуур бекем» деген тилек
мени да тынчыткан жок.
Акыры мен да тилегиме жеттим. Фрунзеде окудум. Ыр жаздым. Мукай менен
тааныштым! Бул 1929-жылдын күзү болучу. Мен анда он жетидеги кезегим. Мукай
жыйырма төрттө экен. Бирок, ал менин көзүмө абдан эле токтолуп калган өз жашынан көп
улуу кишидей болуп көрүндү. Ал мени менен сүйлөшкөндө эң эле токтоо тартып,
алданемнелерди ойлонгонсуп күңгүрөнүп коюп олтурду. Мен андан сүрдөдүм. Бирок, өзү
менен бирге окуган шакирттер жаныбызга келишсе, Мукай аларга кандайдыр бир купуя
нерсени күңгүрөгөнсүйт. Бетиреңи өзгөрүлөт, акылдуу көздөрү ойноктойт, күлүңдөйт.
Кейпинде жылдыздуу куудулдук пайда болот. Өзү тек томсоргонсуп борбоет... А тигил
шакирттери кызык күлкүлүү сырды купуя сезишкендей күлүшөт.
...Мукайдын иреңинен, кебете-кешпиринен, кыймылынан чоң шык — шык болгондо да
адамды жымыйткан, кубанткан, адамды өзүнө тарткан жылуу куудулдуктун, ага эришаркак келген асыл, терең ойдун шыгы аны эргитип тургансыйт. Эгерде Мукай, ошол жаш
кезинен сахнанын адамы болсо, андан чебер артист, чоң режиссер чыгышы шексиз
болучу. Бирок, ал куудулдукту, чоң артисттик шыкты өзүндө сактап, негизги шыгы —
акындыкты, жазуучулукту өнүктүрдү. Жыл өткөн сайын баягы күчтүү куудулдук андан
алыстап, анын ордун күңгүрөнткөн ойчулдук, өтө токтоолук биротоло ээлеп алгандай
болду. Айтор, жазуучудагы бул өзгөрүү 1934-жылы, ал өзүнүн «Узак жолун» жаза
баштаган кезден байкалды. Кейпи, өз башынан өткөргөн оор, катаал күндөр жазуучунун
көз алдына кайрадан тартылган кезде, ал аны өзгөртүп, ойчул кылып жиберди белем.
Жазуучу ошол «Узак жолун» жазып жаткан жылдары менин көзүмө ал жекө эле жазуучу
катарында эмес, адабиятты изилдеген, аны талдаган мугалим сыяктанып көрүнчү. Себеби,
иш арада биз адабият жөнүндө көп кеп салышчубуз. Мен өз оюмду аз айтып, көбүрөөк
Мукайдын оюн угууга кызыкчумун. Мукайдын талдоолору чынында эле мага кымбат
болучу. Эгерде, айрым акындар «башкадан үйрөнүп акын ыр жазбайт. Ырды акындын
тубаса кесиети — таланты жаздырат. Ал жазгысы келбесе да талант аны тынчытпайт»
дешсе, Мукай аны дагы кеңейтип: «шыкты өнүктүрүп, шыкты тарбиялабаса, акын
билимсиз калат. Шыкты тарбия өөрчүтөт» деген пикирди айтычу. Анан ал көп-көп
мисалдарды келтирип, өзүнүн баамында биздин акын-жазуучулардын жеке эле өмүржашы тажрийба өнүктүрүү жагынан жаштык кылышпастан, алардын али жазуучулук
кесипке үстүртөн жеңил карашканын, чеберчиликти өздөштүрүүнү аз үйрөнгөндөрүн
айтып өкүнүп, күңгүрөнүп калчу. «Жаңы ыкманы кээ бирөөлөр экилентип жүрүшөт.
Ыкманы мазмуундан бөлүп издештин кереги жок. Адабият күндө бир моданы тандаган
экилүү келинчек эмес!»— деген пикирлерин укканымда чынын айтсам, Мукай менин
көзүмө жаңылыкты танып жаткан кишидей болуп көрүнчү. Анын кай бир пикирлери мага
жакпагансыйт. Ал өзүнөн мыкты акынды көрө албай жаткансып сезилчү. «Адабиятты
айрым кишилердин пайдасына эмес, коомдун, элдик маданияттын пайдасына айландырып
кароо бизде качан болот! Жеңилдин асты, оордун үстү менен кана калкылдап, эптеп
бирдемени будалай салган, адабиятты керт башынын керегине айландырган, мансапка
кызыккан бир өзүмчүлдүк качан калат! Бетме-бет олтуруп кем-кетиктерди бетке
айтышып, бири бирибизге чыныгы жазуучуларча көмөктөшүү, кемчиликти көзгө айткан
адамдын сары изине чөп салып, кызаңдап, ага кекенбей, аны чын досунча угуу бизде
качан болор экен?» деген пикирлерди Мукай өкүнүп айтычу.
Ал жаңыдан өнүгө баштаган биздин жаш адабиятыбыздын жакшы өнүгүп кетишине
бөгөт өңдөнгөн айрым кемчиликке чыдабай кетичү:
— Мен жалчылык, жокчулук, кыскасын айтканда, турмуштун не бир кыйынчылыгын
көп кечирдим. Ошонун баарынан адам болгон кезимдеги акмактар жоругу жаныма катуу
батты... Мукактап, эжелеп, сөздү бирден санап, жаңылып окуган кишилер сөздүн
касиетин, даамын кантип билет болду экен? Бизде ошондой сөз даамын сезбес
кошоматчылар адабиятты баалайт. Ошого жан күйөт.
Ушул пикирлердин Мукай күңкүлдөп ичинен кобурабастан тайманбай бетке айтычу.
Акын-жазуучуларды чоң чеберчиликти өздөштүрүүгө чакырчу. Сынды көтөрө албаган
айрым адамдар гана аны сүйбөй калбаса, чоң жазуучунун ал чынчылдыгын көпчүлүк
сүйүшчү, аны жакташчу, аны жактырышчу!
Өз тушунда адабиятты ошондой жогору баалап, чамасына жараша аны изилдеп, чоң
чеберлерден таалим алып, жаштарга өз тажирийбасын бөлүшүп, таалимин берген чоң
акын, чыныгы жазуучу — Мукай Элебаевдин каламынан чыккан мейли поэтикалык,
мейли прозалык чыгармалары болсун аларда ар кыл темалар кеңири камтылган.
Көркөмдүк деңгээли жеткилең. Турмуштук окуялар жандуу, чебер, элестүү сүрөттөлгөн
Мукайдын ырлары, аңгеме-повесттери адабиятыбызга жаңылык кийирди. Өзүнчө үнү,
өзүнчө касиети, көркөмдүк баалулугу, тарыхый чындыгы менен Мукайдын чыгармалары
биздин улуттук маданиятка чоң салым, кымбат мурас болуп кошулганын бул кезде
турмуш өзү айкындады!
Өзүнүн кыска өмүрүндө чыныгы жазуучудай талыбай кызмат өтөп, кандуу майданда
жоокерлерче курман болгон чоң жазуучубуздун картайбас сүйүктүү элеси, анын өлбөс
чыгармалары аркалуу түбөлүк эл менен!
1965-ж.
СЫЙЛЫКТЫН БИРИНЧИ ЭЭЛЕРИ
Адабият жана көркөм өнөр боюнча 1967-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу
атындагы республикалык сыйлыктардын туңгуч лауреаттарын биз басма жүзүндө
куттуктоо менен бирге адабият жана искусстводогу ийгиликтерди дагы бир жолу
белгилейбиз.
Сыйлоого арзый турган бир катар чыгармалар комиссияга түшкөн. Бирок бериле турган
сыйлыктар өлчөлүү болду. Ал эми комсомол атындагы сыйлыктардын тунгуч лауреаттары
Улуу Октябрь революциясынын элүү жылдыгына карт келишинебиз айрыкча
кубанычтуубуз.
Элибиз сүйгөн жана жалпы союздук адабий окуучуларга белгилүү таланттуу акын
Алыкул Осмоновдун чыгармаларынын эки томдугу сыйлыкка ыйгарылды. Комсомол
катарынан өсүп чыккан Алыкул Осмонов жалындуу ырларында, поэмаларында ал
көбүнчө жаштарга кайрылып, жаштардын өмүр-тиричилигин, иштерин, демилге
тилектерин ырдаган. Эмгекти сүйүү, ага шыктануу, илимге кызыгуу, ага берилүү, кесипти
бийик баалоо жана аны сүйүү жөнүндө Алыкулдун ырлары айрыкча милдетти аткарат.
«Моляр», «Дубалчы», «Жумушчунун мүнөзү», «Плотник», «Карабек» сыяктуу эчен сонун
ырлары жана поэмалары көркөмдүгү менен карыжашка бирдей жетет. Жүрөктү толкутуп,
чоң ойлорду туудурат, моокту кандырат, адамдын асыл сезимин ойготот. Кеменгер
жолдош сыңары адамды ойлонтуп, эргитип аны жакшылыкка карай чакырат. Айрыкча
жаштарды жакшы жолго карай үндөп, аларга жарык идеалдарды, асыл максаттарды
таанытууда акын жаштардын айныбас тарбиячысы, таалимчиси.
Алыкул он жети жашында ыр жазды. Биринчи эле төрт сабак ырын акын «Биздин жер»
деп атады. Кыргыз жергесиндеги жүрөк толкутаарлык жаңылыктарды, кубанычтарды,
бакытты ырдап келечекке карай умтулган асыл максаттарын, жарык тилегин акын ошол
куплеттен эле байкатты. Ошондон баштап эле элди, жерди сүйүү, Мекенди даңазалоо
жана аны ак дилден сүйүү, адамдын асыл сапаттарын ырдоо, элдердин ортосундагы бекем
достукту ыйык деп санап, аны элестүү ырдоо акындын эң башкы милдеттеринен болду. Өз
элинин эртегисин изилдеп аны үйрөнүү, аларды талдап баалоодо акын өзүнүн кыска
өмүрүндө бир кыйла иштерди өтөп кетти.
«Жолборс терисин кийген шерден» тартып «Евгений Онегинге» чейин «Хосров
Ширин», «Лайли Мажнундан» тартып «Отелло» менен «Он экинчи түнгө» чейин
дүйнөлүк классиктердин укмуштуу асыл мурастарын Осмонов кыргыз тилине которду.
Акындын котормолору так, жатык, көркөм, жеткилең. Айталык «Жолборс терисин кийген
шери» кыргыз окуучулары башка тилде которулган чыгарма катарында эмес, өз эне
тилинде жазылган чыгарма катарында кабыл алышты. Ошентип, өз ишине чыныгы
акындык күчү менен жооптуу караган Алыкул котормо экинчи тилде көркөм жаралган
чыгарма болорун айкын далилдеди. Бул ийгилик бир тууган элдерди ата-мурастарын
кыргыз элине таанытуудагы сиңирген зор жеңиши. Октябрдын туусу астында жаңы
дүйнөнү жаратып жатышкан көп улуттуу совет элдеринин достук биримдигин
чыңдоодогу өтөгөн акындык жана граждандык милдети.
Алыкул Осмоновдун дүйнөдөн өткөнүнө бирер мезгил болсо да зор акындын сонун
чыгармаларынын толук басылышы — эки томдугу жаштыктын сыйлыгын алды!
Акындын жаз күнүндөй жарык максаттуу ыр-поэмалары дайым жаш. Дайым акылман,
ал өмүрлүү.
Лауреаттардын тизмесинде жаш скульптор Тургунбай Садыков бар. Көркөм өнөрдүн
маанилүү тармагы скульптуралык чыгармалар бизде соңку жылдарда бир кыйла өнүгүп
калды. Ал эми скульптор Тургунбай Садыковдун жеңиши алардын ичинде өзүнчө
айырмаланып турат. Таланттуу скульптордун ушул ийгиликке жеткенге чейинки өмүр
жолу өзүнчө кызык. Анын жаштарга үлгү болорлук сонун жагдайлары бар. Жаш
Тургунбай өз шыгына, кесибине ылайык илим алуу үчүн Фрунзеге келген кезинде ага
ылайык окуу жайы болбоду. Ал бирин-эки скульпторлордон өзүнчө үйрөндү. Ошол кезде
Тургунбайды Гапар Айтиев да өз тарбиясына алды. Тургунбайдын чоң шыгын байкаган
Айтиев ага өз өнөрканасынан жай берип, аны өзү менен бирге иштетип жүрдү. Дал ошол
кездерде Тургунбай бир катар скульптурасын иштеди. Анын «Эне» деген скульптурасы
жалпы союздук көргөзмөгө коюшка арзыды. Ошентип Москвада өткөн кезектеги жалпы
союздук көргөзмөгө коюлган «Эне» көрүүчүлөр тараптан жакшы кабыл алынды.
Айрыкча, ал, заманыбыздын зор скульптору Сергей Тимофеевич Коненковго жагып
калды. Токсонго таяп калган кары скульптор ансыз да өз иштери көптүгүнө карабастан
биздин Тургунбайды өзү чакырып алып, аны өз тарбиясына алды, ага таалимин берди.
Ошентип улуу таланттан таалим алган биздин Тургунбай аз жылдын аралыгында
таланттуу жаралган бир катар скульптуралык иштерин берди. Алардын ичинен:
«Дирижер», «Элечек оронгон аял», «Жылкычы» деген скульптуралары комсомолдук
сыйлыкка арзыды.
Жаш режиссер коюучу, сценарист Төлөмүш Океев, сценарист Кадыркул Өмүркулов,
башкы оператор Кадыржан Кыдыралиевдер да «Биздин балалыктын асманы»—
(«Бакайдын жайыты») деген фильмди түзүшкөндүгү үчүн сыйланышты.
Мейли скульптор Садыковдун «Дирижеру», «Элечек оронгон аялы», «Жылкычысын»
көргүлө. Мейли Океев, Өмүркулов, Кыдыралиев түзгөн «Биздин балалыктын асманын»
көргүлө. Бул иштерди ушул ийгиликке жеткирген жагдайлар — чыгармалардын жеке эле
көркөм чечилишинде эмес, мында турмуш чындыгын көркөмдүк деңгээлге жеткире
берүүдө. Скульптураларда болсун, картинанын каармандарында болсун андагы
образдуулуктар — тирүү адамдардын мүнөздөрү, ички дүнүйөлөрү, ой-тилектери,
эмгектеги талыбас күрөштөрү адамдык чоң жана жарык касиеттери менен айкалыш келет.
Турмуш чындыгынын көркөм чагылыштары чыгармачылык боектордун чебер
кистилеринен жаралып, адамдардын жекече мүнөздөрүн айкын ачып турат. Көркөм
образдардын чечилиши бир жагынан турмуштагыдай жөнөкөй, кадимкидей жандуу
өңдөнүп турса, экинчиден оңой-олтоң байкалбас көркөм өнөрлүк бийик касиеттерден
куру эмес.
Кыргыз адамдарынын кыял-жоруктарын, мүнөздөрүн, ички дүйнөлөрүн авторлор даана
көрүшөт. Алардагы типтүүлүктү апыртпайт жана кемитпейт. Кишилердин оймаксаттары,
иштери, тилектери, эмгекте болучу бири бирине көрсөткөн чоң өлөк-жөлөктүк, адамдык
бекем достук каармандардын мүнөздөрүнөн даана сезилет.
Жаш авторлордун бул ийгиликтери жаңы менен жакшыны көрүүдө абдан изденгич
экендиктерине күбө.
Арийне, Ленин Комсомолунун атындагы республикалык сыйлыктарды алган биздин
лауреаттарыбыз али өздөрүнүн жаш экендиктерин, алардын элге берер иштери эми
мындан ары иштелерин эстерине бекем тутушка ар бири милдеттүү. Сыйлык алгандары
үчүн алар көбө түшүүгө акылары жок! Кайра өздөрүнүн эл алдында жооптуу экендерин
сезишип, жаңы ынта, жаңы изденүү, демилге менен өз шыктарын улам өстүрүпөнүктүрүүлөрүнө ишенебиз.
Сыйлыгыңар кут болсун, жаш достор!
Ар бириңерге узун өмүр, чыгармачылык сонун ийгиликтер каалайбыз.
1967-ж.
ЖАҢЫ ИЙГИЛИКТЕР
Кыргызстан Ленин комсомолу атындагы сыйлыктын быйылкы лауреаттары бардыгы
жаштар. Бул биз үчүн эки эсе кубанычтуу. Себеби, шыктуу (таланттуу) жаш
талапкерлерибиздин чыгармачылык эмгектериндеги серпилиштери, эргип өнүгүү менен
алардын ууз шыктарынын айкын таанылышы, жетилиши жалпы эле улуттук
маданиятыбыздын өркөндөп өсүшүнө чоң өбөлгө! Сыйлыктарды ыйгаруу боюнча иш
жүргүзгөн комиссияны кубандырган жакшы жагдай — айрыкча быйылкы сыйлыкка
көрсөтүлгөн кандидаттарыбыз, адабият менен көркөм өнөрдүн бардык түрлөрүндө,
тармактарында ат салышкан шыктуу жаштардан болушту.
Ага кошумча, алардын ар бирин талдаган кезде биринен бирин бөлүп кароого да
болбоду. «Күлүктөн күлүк чыкса, төрт аягы тыбырайт» деп элибиз айткандай,
акындарыбыздан сүрөтчүбүздү, режиссерубуздан бийчилерибизди бөлө албадык. Ар бири
өз ордунда бекем, өз шыгында өнүмдүү, жеткилең. Айтор, биринен бири кем калбас үчүн
«атаандашып» өз ара социалисттик жарышка чыгышкан сыяктуу. Шыктуу жана өнүмдүү
акындарыбыздан
шыктуу жана
өнүмдүү
сүрөтчүлөрүбүздөн,
бийчилерибиз,
режиссерлорубуз калышпас үчүн аябай ат салышканы бул жолу бизге айкын байкалды.
Бул эң жакшы жөрөлгө. Адабият жана көркөм өнөр ишмерлери ортосундагы эң сонун
чыгармачылык жарыш!
Чыгармачылыкты өзүнө кесип эткен шыктуу адамдар, өз ишин, жөндөмдүүлүгүн,
өзүнүн билимин, адамгерчилигин жана эмгектеги кажыбастыгын баарыдан мурда,
ушинтип иши менен көрсөтүүгө тийиш. .
Биздин баамыбызда шык эң сейрек колго конучу ыйык куш сыяктуу адамдагы асыл
сапат. Сапат жана касиет десек да болот. Бирок ушул асыл сапатты баалап күтүп, сүйүп
«кызганып» ыйык асырабаса, ал өнүкпөйт. Адамдагы шыкты өнүктүрбөй, аны соолтуп,
өңүн өчүрүп коюучу башкы кыянат — менменсинүү.
Айрыкча жаш талапкерлер да ушул менменсинүүдөн сак, андан оолак болгондо гана ал
өз алдындагы милдеттин жооптуулугун сезет. Ал эми адабият менен көркөм өнөргө өз
салымын кошууга аздыр көптүр үмүттөнгөн жаштын алдыңкы иши асыл жана баалуу.
Сыйлык — ал мейли чоң, мейли чакан өлчөмдө болсун. Эл тарабынан, коомчулук
тарабынан ошол сыйланган кишинин өзү үчүн эмес, ал анын иши үчүн берилген белек.
Демек, сыйланган адам, ошол сыйланган кезинен тартып, «мен сыйлыктын лауреатымын»
деп жотону көтөрбөстөн — «мен өз ишим менен ушул сыйлыкка чын арзыдымбы? Эгерде
чын арзысам, ушул бүгүнкү деңгээлимден эртең бөксө түшүп калбас үчүн эмнелерди
иштешим керек» деп өзүнүн эртеңки иши үчүн кам көрүшү милдет!
Ошентип чыгармачылыкта ат салышкан адамдын бүгүнкү ийгилиги, аны тек мактоого,
тек сыйга батырбастан, эртеңки эмгегин эсине салат. Бүгүнкүдөн эртең жигердүү
иштешке милдеттендирет.
Дарак жемиштүү болгон сайын ийилчээк дешет элибиз. Чыгармачылыкта иштеген адам
канчалык зор ийгиликтерге жетишкен сайын ал дал ошол жемиштүү дарак сыяктуу
көтөрүмдүү, чыдамдуу, басмырт, түйшүкчүл болмоюн күчсүз. Жалакайлык эмгекке
өбөлгө болбойт.
Чыгармачылык ийгиликтерин жогору баалап, жаңы лауреаттарыбызды куттуктоо
менен биз аларга агалык кеңешибизди да ыйгардык.
Лауреаттарыбыз: кинорежиссеру Болот Шамшиев, сүрөтчү Белек Жумабаев, татынакай
жаш бийчибиз Айсулуу Токомбаева, акындарыбыз Жолдошбай Абдыкалыков, Турар
Кожомбердиевдерге берилген бул сыйлыктар, баарыдан мурда, лауреттарыбыздын
эртеңки чоң чыгармачылык ийгиликтерине өбөлгө болор дейбиз.
Кыргызстан
Ленин
комсомолу атындагы
сыйлыктын
быйылкы
энчиси
лауреаттарыбызга Владимир Ильич Лениндин туулган күнүндө берилди. Ар бирибиз өмүр
бою Ленинче иштөөгө милдеттүүбүз!
Лауреаттарыбыздын бул милдеттери жалпы эле улуттук маданиятыбыздын жеңиши!
1970-ж.
ЭЛ ӨМҮРҮ
Кашкар багытында, Текестин тоолорунда өчпөстүн отун жагып, өлбөстүн күнүн көрүп,
тербип жүргөн кыргыздарга алыскы жаңырыктай кабар жетти:
— Көл тынчыптыр. Жаңы өкмөт болуптур дейт! Ал эзилген элди канатынын астында
калкалап, жетим-жесирлерге көз салат экен! Өнүп-өскөн жерге кайталы?
Жакшылыктан кабар күткөн кишилер туулуп өскөн жерин самап бештен ондон
куралышып; кайра тартышты. Далайын ак шишик алган. Далайы ырп этерге алы жок —
оорулуу. «Оо кагылайын Сары өзөн Чүй, касиеттүү Ысык-Көл, көрөр бекем?» дегендей
болсо, илкий басат. Азоо, азоо айгырларды кулактап токтотчу эчен-эчен эр азаматтар
колго таяк кармап, бутка чарык тартынып, сабылып саргарып, журт самсып келатышат.
— Туулган жерге жетсем? Ала-Тоо, Сары өзөндүн суусунан кана жутуп көз жумсам,
арманым болбос, теңири? — дешет кишилер.
Арыганынан басалбай калган карылар, оорусунан турбай калган шордуулар үзүлүүчү
учуктай үлдүрөп араң айтышат:
— Өзүңөр талаада калбагыла. Илкисеңер да эптеп туулган жерге жеткиле...
Ыраазымын.
Жакындары аны тирүүлөй калтыргысы келбейт. Тыңыраактар тигил үлдүрөп өлүп
бараткан адамды жөлөп-таяп, көтөрмөлөп алып жүрсөк дешет. Бирин-экин унаасы барлар,
тыңыраак бүлөөсү барлар көз жуумп кеткиче оорулуусун калтырбайт. Каралашаары жок
— жетим-жесирлер илкип, самсып улам арттап кала беришет. Ач бел, куу жон алдыда.
Тоонун бөрүлөрү мындай турсун талаада өлүк жеп, жапайы болуп кеткен иттер жалгызжарым кишилерди жеп коюшат.
Самсыгандар — падышачыл бийликтин эзүүсүнө каршы өз эркиндигин талашкан
кыргыз эмгекчилери болучу. Миң тогуз жүз он алтынчы жылкы козголоңдон кийин
айыпсыз элдин башына чоң коркунуч түштү. Ал козголоң чыгарган айылдарды өрттөп,
адамдарын тыйпыл кырыш үчүн генерал губернатордун буйругу менен атайы жазалоо
отряддары чыгышты. Аларга жергиликтүү кулактар жардамдаш болду. Кыргын башталды.
Туулуп өскөн жерлерин калтырышып, эл кыргындан качты.
Беделди ашпай төө калды, Бейбечара жөө калды.
Жайдак турмушта эптеп күн көрүп турган кедей-кембагалдар ошентип ашууларда
кыргын тыбышты. Кашкардын катуу багытында, Текестин аяздуу тоолорунда кайран эл
азды, тозду. Ичээрге тамагы жок, киерге кийми, минерге аты жок бечаралар суукта тоңду.
Далай, далай үйлөрдүн оту жагылбай, түндүгү тартылбай, баш көтөргөн адамы жок —
караң калды.
Мал базарга бышырып, Шыйрак сатты кайран эл. Арзан шыйрак мында деп Ырдап
сатты кайран эл. Актай чийди кызылга Чырмап сатты кайран эл.
Ооба, өлүп бараткан кезде, жан багуу парыз беле! Бир пуджарым пуд улпакка эркек
балдарын берген ата-энелер болду. Ушинтти. Чет жерде кайран эл эки жылдай азыптозду.
— КудаЙ журтка боору ооруса керек? Ак падыша кулаптыр деп. Журтка ыңкылап
болуптур! Ата Мекенге кайталык! —.деген айың менен Мекенге биздин үй-бүлө да
келаткан. Мең алтыга жаңы толгон кезим. Жанагы калкак таштын түбүндө жатып калган
адамды эстейм. «Адам ушинтип өлөт тура» дейм. Дарман кетип басалбай калганымда,
энем көздүн карегиндей сактап келаткан тулуптун түбүндөгү талкандан жалатат, көк
чалаптан жуткурат. Мең кадимкидей чендее түшөм. Алда эмнеден коркконсуп элеңдей,
эрбелеңдеп келатсаң — буту-колуң сынчудай илмеңдеп, өзүң көлөкө дейсиң.
Ким билет? Канча жол басылды. Канча күн, канча түн жүрдүк? Айтор, көлгө жакын
калсак керек. Самсыгандардан эки түтүн калдык. Чоңдор — төртөө. Балдар да —
төртөөбүз. Бардык тасмиябыз аксак байталга жүктөлгөн. Таяк таянган энем аны жетелеп
алган. Карагайлуу, арчалуу өзөндү өрдөй тастайган жонго жакын калдык. Энем ошол
жонго карай-карай:
— О, кагылайын туулган жеер! — дейт.
Кубат бүткөндөй чоңдор жонго карай ашыга басышат. Туу жонго чыгып келдик.
Илкий, илкий кабыргасы каржайган байтал мойну үзүлчүдөй болуп оттоп калды.
Чылбырды бош таштап коюп, энем үнсүз-сөзсүз мелтиреп турат. Беркилер да энемдин
катарында алды жактан көздөрүн алышпайт.
— Ооо, туулган жер, касиетиңден айланайын, Ысык-Көл! Сени чын көрдүкпү, кудай?
Зор, зор араанын тиштериндей, арсайган ак чокулуу тоолордун курчоосунда көкжашыл мейкиндерди, өркөчтөнгөн адырларды, түздөрдү көрктөй учу-кыйырына көз
жетпеген Ысык-Көл опсуз зор күзгүдөй жалтырайт.
Кызылы качкан сумсайган беттерин жаш жууп, энем ыйлап турат:
— Туулган жер,— кагылайын Ысык-Көл, кудайым сени чын көрсөттүбү? Же...
Кең өзөндөр, түздөр мелтиреп бош. Сейрек кыштактар, тээ алыста, көз учунда
калаанын дүмпүйгөнү болбосо, элсиз калган жер-суу ээн, жапайы. Бирок, алда эмнедей
кулпуруп көзгө жылуу көрүнгөн туулган жер бизди кучак жайып күткөндөй.
...Миң тогуз жүз он сегизинчи жылдын июнь айында туулган жерге ушинтип
кайтканбыз. Бизден мурун келгендер өлбөстүн күнүн көрүшүп, өчпөстүн отун жагышып
эптеп жансактап турушкан экен. Аларга биз кошулдук. Кара кендирден алачык сербейтип
баш калкаладык. Жан багуу кыйын болду. Ичээрге жок. «Күл жара жеп, ышкындын
башын жарма кайнатып ичип эптеп күзгү баарга жетсек, аман калар беле?» деген тилек
менен эл тыталап оокат кылууда. Далайы шаарга тентип, далайы кулактарга жалданды.
Ошол жылы ноябрь айында, биз эки үй-бүлөө биригишип, бир оокаттуу адамга
жалданып кеттик...
***
...Быйыл август айында Кең-Суу тоосуна чыктым. Баягыда энем олтурган жондо
болдум. Ошо бийиктен туруп ой, тоого, менменсинген Ысык-Көлгө, мейкин түздөргө
карап көзүм тойду. Бирине бири уланган жашыл кыштактар, дүмпүйгөн туташ бакдарактар. Алардын көбү жаңы үйлүү, көп имараттуу, кең көчөлүү, бакдарактуу. Алар
алыстан дүпүйүп, жалтырап шаардай көрүнөт. Кең жолдор, жогорку кубаттуу электр тогу
өткөн зым карагайлары шаар менен кыштакты арчындап алган. Көл жээгине орношкон
курорттор, жол боюна түшкөн МТСтар, өзөндөрдү ээлеген совхоз фермалары чачырап,
дүпүйөт. Башта какшыган коолордун далайында көлчөлөр жалтырайт. Кырк-элүү гектар
жерлерге туташ айдалган эгиндер саргая баштаган. Дары-дармек өсүмдүгү айдалган
аянттар көгүш тартып далайы гүлдүү. Айтор, талаа, түз көп көчөттүү саймадай көз
тайгылтат.
Жүрөк толкуду, көңүлүм өстү! Элимдин өткөндөгү өмүрү көз алдыма тартылды. Көз
жаш менен өмүрүн өткөзгөн энемди эскердим. Эмгек менен көгөргөн элимди сүйдүм.
Элдерге өмүр берген Октябрь туусу бизге да эркиндик алып келбесе, күздүн күнкү
куурайдын чогундай биздин элдин өмүрү өчүп кетер беле? Анткен жок? Улуу Ленин
баштаган Октябрь революциясынан кийин улуттук эркиндигин алган кыргыз эли жаңы
өмүрүн баштады. Айыл-айылда мектеп ачылды. Кедей-кембагалдардын балдары жапа
тырмак окууга тартылды. Сегиз-тогуз жаштагы балдар менен бирге биринчи сынында кер
мурутчан жигиттер катар олтурушту. Эң алыскы айылдарга кызыл үйлөр ачылды. Кыргыз
тилинде чыккан газеталар, журналдар, китептер келе баштады...
Ошентти! Адис багбан асырап өндүргөн жемиш багы сыңары ушул кырк жыл ичинде,
окуу илим менен биздин эл тез көгөрүүдө. Өзүнүн улуттук маданиятын өстүрүүдө. Башта
кыргызда «уйчу», «жылкычы», «койчу» деген сыяктуу кесиптер аталучу. Элибиз көчмөн
турмушта жайдак өттү. Буурусундап жер чийдирди, калпак менен үрөн септи. Маңгелдеп
орок орушту, чийнелеп чөп ташышты... Айтор, эптеп бир миңгичке жеткени не төбөсү
көккө тийгендей болуп тоодо, кырда эркеги атынан түшпөдү. Үй оокатына күлала зайыбы
таң күнү ыпчадан чыкпады...
Ошенткен кыргыздардын азыркы уул-кыздары мугалим, врач, инженер, жазуучу,
артист, илимдердин доктору! Бири чабад, бири — кызылчачы, шахтер, пахтачы, геолог,
слесарь. Айтор, азыр кесип ээлеринин санатынан жаңыласың. Кең мейкин жашыл төрдүн
аңкыган көп гүлүндөй ар түрдүү кесиптердин чебери болушкан биздин жаштарды
көргөндө чын сыймыктанасың! Жүрөк толкуйт. Чын кубанасың!
Түшкө кирбес нерсени азыр биздин кишилер өздөрү башкарыл жүрүшөт. Кыялды
эргитип, башта акыл менен баамдай албас өнөрдү азыр биздин жөнөкөй колхозчулар
башкарат. Маселен, элдин тиричилигине тыгыз байланыштуу дыйканчылыкты алалы.
Башта эң дыкан, эң камбыл, бүйрө адам мыктаса жарым теше арпа, буудай айдачу. Бирок,
аны асыроо ага кымбатка туруучу. Жаан-чачынсыз каат жылдарда дыйкандар .уй
тилиндей тилкелерине суу жеткире алчу эмес. Суу үчүн болгон күрөш өмүр үчүн болгон
күрөшкө барабар салгылаштарда адам өлүчү. Алдуу, күчтүүлөр бечаралардын жолун
тороп, суу бермек тургай анын өзүн кордоп, ызалап, жазалап салычу. Азыр биздин
колхоздорубуз, совхоздорубуз суудан кемибейт.' Суу чыкпаган сардалар, кайрак чөлдөр
далай бар. Бирок, алардын көбүнө өстөндөр арчындап азыр суу берүүдө. Тоо арасы
туюкталып, Орто-Токой көлү жаралды! Түштүктө, түндүктө далай какшыган коолор,
ойдуңдар бөгөлүп, анда көлчөлөр пайда болууда. Башта томсоргон талаа түзгө кыштактар
орношууда. Эл өркөндөп, жер жаңырууда!
...Ушул айда жазуучулардын бир тобу Ысык-Көл менен Фрунзе аймагын кыдырдык.
Адабият окурмандары менен кездештик. Чынын айтыш керек. Аз мурда эл арасына
чыкканыбызда кээде өкүнүп да калчубуз. Айрым учурда эмгек албай калган колхозчулар
жупуну жүрүшчү. Бир катар колхоздордо курулуш иштери начар болучу. Айтор ушул
өңдүү иштер өкүнтүп коючу. Согуштун залдары да... Тынччылык болсо, алдыңкы жылдар
элге береке алып келет дечүсүң. Чыны муну дагы алдараактан күткөм. Бул жолу кайсы
колхозго келсек да, ал— миллионер! Ал тургай Ысык-Көлдөгү Покровка районунун эң
жарды деген колхоздорунун бир жылдык кирешеси — эки миллионго таяп калган. Орто
колхоздорунун кирешеси — төртбеш миллиондойт! Тигил Куйбышев атындагы колхоздун
кырманы таптакыр жаңы. Ал механизацияланган. Анда аз гана киши иштейт. Бирок, анын
суткада тазалап чыгарган кызылы—тоо!
. Эң артта деген колхоздордо да колхозчулар эмгек акыны алуу үчүн анча ашыгышпайт.
Эл ток пейил, эл көңүлдүү, жайдары. Ар бир үйдө береке!
Кыштакты жаңыртуу, улам жаңы курулуш куруу деген бардык жерде кызуу.
Мектептер, кең жана жарык клубдар, мончо, балдар бакчалары, уй сарайлары, кампалар,
гараждар курулууда. Шифир же тунуке менен жабылган татынакай турак үйдүн
катарында керегеси көтөрүлүп же чатыры коюла баштаган курулуш ар бир кыштакта.
Баягы эрксиз заманда адамды адам кордоп койчу, жылкычыдан кор ким бар эле. Эми
колхоз кыштагын араласаң, жарык жаңы үй көрүнөт.
— Тигил кимдики?
— Ал — койчунун үйү! — деген жооп угасың.
Ошентип, азыр адам эмгеги, иши, кесиби менен бааланат. Окуп билим алуу, тең укукта
эмгектенип, ишинен береке таап, үзүр көрүү — советтик кишилерде салтанат! Биздин
коомчулуктун кайсы чөйрөсүндө болбосун, адамдар тең укукта. «Жогорку», «төмөнкү»,
«ак», «кара» бизде, кан жагынан, улуттук ажырымы менен айрылбайт. Биздин жерде
жашаган бардык улут бир үй-бүлөнүн адамдарындай тең укукта, бузулгус достук бекем
чыңалган. Он-он беш улуттан баш кошкон колхоздор биздин республикада көп. Мына
талаа жумуштарында, не кечинде клуб алдында жыйналган шайыр жаштар. Кыргыз жигит
орус кызы менен бийлейт. Балкар келиндер өзбек кызы менен азелдешип, татар баласы
гармон тартып, жаштардын тамашасына канып, карылар четте маектешет. Айтор, клуб
ичине ильич шамы нур берип, радиодон созолонгон обон кулак курчун кандырып, жаш
карынын жарпын жазат!
Баса, колхоз кыштактары, жумушчу шаарчалары ушинтип шаңданып өркөндөгөн
сайын алардың шаардан айырмасы кайсы. Эң четки, эң алыскы бир азыраак эл жашаган
пункттарга чейин адам өзүн четте калгандай сезүү жок. Кар чулгаган бир чокуда лагерин
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Мезгил Сабактары - 19
  • Büleklär
  • Мезгил Сабактары - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3925
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2168
    28.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3835
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1945
    25.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3888
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2004
    26.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2109
    26.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3841
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2050
    24.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3908
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2175
    25.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3879
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2261
    24.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3889
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2322
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3878
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2190
    26.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3881
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2101
    24.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    34.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3844
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2201
    23.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3898
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2270
    27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3957
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2233
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3766
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2212
    23.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3906
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2254
    27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 4040
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2326
    26.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 3980
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2278
    27.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2298
    24.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4011
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2430
    25.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3935
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2383
    26.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 3922
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2456
    24.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3905
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2360
    25.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3793
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2219
    25.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 3857
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2269
    24.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 3863
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2183
    23.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 3856
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2325
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 3866
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2429
    25.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 3971
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2417
    23.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2300
    24.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 3926
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2169
    25.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 3936
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2141
    26.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 3916
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2096
    25.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Süzlärneñ gomumi sanı 3934
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2181
    26.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Süzlärneñ gomumi sanı 2486
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1435
    29.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.