Latin

Мезгил Сабактары - 10

Süzlärneñ gomumi sanı 3881
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2101
24.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
34.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
40.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
ала берүү деген сөз эмес, мүнөздүү иштерди көрүү. Мүнөздүү иштерден мүнөздүү окуяны
жаратуу. Эмгектеги жөнөкөй кишилерден жөнөкөй каармандын татаал дүнүйөсүн ачуу.
Бирок, чыгармадагы каармандар кейипкерлүүлүгү жагынан белгилүү, ачык болсун.
Эгерде, романда бригадирдин же устанын элеси берилсе, алар өзүнүн кейип-кешпири
жагынан бардык бригадирлерди же бардык усталарды элестете алса, мүнөздүү чечилгени
го. Демек, каарман жаратуу—адамдын бай жана татаал дүнүйөсүн ачуу, жөнөкөй жана
сырдуу, кызыктуу кебетесин сүрөттөө.
ЧОҢ АДАБИЯТТЫН ЖАШ ӨНҮМДӨРҮ
Авторлорду тизмелөө, алардын чыгармаларын саноо менен палан жазуучу түлөндөй
китеп жазды. Ал эмдигиче сын көзүнөн өтө элек деген өңдүү алда кимдерди купуя
жемелөө, алда кимдерге купуя доомат артып, курулай эсеп түзүү биздин максат эмес.
Артыкча, жаш авторлорго купуя доо коюп, үмүттүү жаштын жылдызын түшүрө сынга
алып, курулай жемелөө анчалык баамчылдыкты, калыстыкты, билгичтикти талап кылбас
опуртмалуу иш экенин тажрийбадан кездештирип келатабыз. Биздин максат ошенткен
«сынчылар» менен акыйлашып айтышуу да эмес, анткенден биздин жаш адабиятыбызга
зыяндуу салакадан башка пайда жок экенин эске ала, тек бүгүнкү адабиятыбыздын жакшы
өнүгө баштаган жаш өнүмдөрүнөн бир аз сөз козгоп, андагы бизди үмүткөр кылган жаңы
сапаттарды, жаңы касиеттерди аздыр-көптүр ушул чакан макалада белгилей кеткибиз
келди.
Мында, арысы дүнүйөлүк окурмандардын далайына таанылган биздин Чыңгыз
Айтматов жөнүндө, туңгуч повесттери, аңгемелери орус тилинде жарык көрүп жалпы
союздук окурмандарга тааныла баштаган Төлөгөн Касымбеков, Шабданбай Абдыраманов,
Камбараалы Бобуловдор жөнүндө аздыркөптүр пикир айтууну биз көңүлүбүздө
калтырабыз. Арийне, бул жазуучулар жөнүндө кубанып айтар ийгиликтер аз эмес,
каламдаштык катарында берер кеңештер да, каалоолор да бар. Булардын ар бири өз
тажирийбасы, өз байкоолоруна жараша чеберчилигин өнүктүрүп, кабыргалары катып,
бышыгып, жетилип калган (жетилип калбаса да жетилип келаткан) чоң адабиятка, чоң
салымдарын кошобуз деп бизди үмүткөр кылган бул жөндөмдүү жазуучуларыбыз —
биздин баамыбызда, карыялар менен кийинки жаштардын ортосундагы көпүрө сыяктуу
өздөрүнө таандык мезгил жүгүн дыкан көтөрүшкөн белдүү жазуучулар.
Өскөн Даникеев, Мидин Алиев, Аман Саспаевдер адабият ишин биротоло кесип кылып
ала элек: бири — инженер, бири — врач, бири — жумушчу жаштарыбыз да окуучуларга
тартуу кылышкан туңгуч повесттери, аңгемелери менен эле өздөрүнүн
жөндөмдүүлүктөрүң байкатышты. Булар турмуштун чордонунда бышыгып, адабиятка ат
салышты. Албетте, көркөм адабият — ал адамдын өмүрүн, ишин баяндаган, ички
дүнүйөсүн, мүнөзүн, кыялжоругун ачкан, кебетекешпирин элестеткен, айтор бардык
жагынан адамдын адамдык касиеттерин эң кылдат, чебер, эң таасын, элестүү сүрөттөө
менен кайра адамдын өзүнө тарбия таалим берүүчү, адамдын өзүн эмгекке шыктандырып,
алдыңкы жарык өмүрдө күрдөлдүү, туура жашап өтүүгө кызыктырып, ыплас, терс, жаман
иштерден сактантып, жакшы, асыл иштерге шыктандырып, ага шексиз жетүүгө чоң
үмүткөр кылып, ошону менен адамдын ой-сезимин ойготуп, аны мемиретип, жыргатып,
анын көңүлүн көтөрүп, ага акыл, ой кошуп, дайым жакшылыкка баштап жүрүүчү
кеменгердиктин милдетин аткарган асыл курал! Ошондуктан, биз чыгарманы анын
темасына, анын мазмундуулугуна, элдик ширелүү бай тил менен көркөм, чебер
сүрөттөлүшүнө, маани туудурган ойду эргиткен кеменгерлигине, көркөмдүүлүгүнө карай
баалайбыз. Албетте, мында бирден бир улуу милдеттерди (миссияны) алып жүргөн
чыгармачылык каармандар адамдын өмүрүн баяндап, элесин ачат. Ушундан улам, кээки
жаш талапкерлер адабият майданында алгачкы ийгиликтерге жетише башташкан
кездеринде эле «Эми сонун кесип таптым» дегендей болушуп, өздөрүнүн адистерин
биротоло таштай салышат.
Атаганат жазуучу өзүнүн жазуучулук кесибинен тышкары кеминде дагы эки-үч
адистикти өздөштүрүп алган болсо, ал баарыдан мурда ошол жазуусунда тигил же бул
кесиптеги каармандардын элесин кыйналбай таасын сүрөттөөр эле. Айталык, Өскөн өзү
инженер болбой, биздин кээки башка жаш авторлорубуздай гуманитарлык бир илимге
ээлик болуп, диплом алары менен эле өндүрүшкө бурулбай бир билгени жазуу, бир
көргөнү басмакана менен редакциялар болсо, сөзсүз ал «Кыздын сыры» повестиндеги тоо
кенчилеринин, артыкча, жаш инженер Азимдин элесин жаш Өскөн азыркыдай кыйналбай
сүрөттөй алабы? Биз, «кыйналбай» дегенди атайы айтабыз. Себеби, жазуучу ар кыл
кесиптеги кейипкерлердин элесин туура берүүгө милдеттүү. Ошондо өзүнө жакшы
тааныш турмушту ал эркин сүрөттөсө, чоочун турмушка келгенде «турмушуна таш
тийгендей» делдее түшөт. Аны өздөштүрүү, аны жакындан таанып билиш үчүн көп күчтү
жумшап, көп убакытты өткөрүп жиберет. Ошондо да башка кишиге өлчөнүп бычылган
чапанды кийсең, анын бир жеңи шөлпүйө түшкөндөй, өзүң анча тааныш эмес турмушту
баяндап жатып, аргасыздан жалганды «бурк» эткизип коеруң шексиз. Ошентип, ар бир
жаман «оору» адамга тез жуккандай эле көнүгө-көнүгө көп-көп жолу «бурк» эттирмейге
бышыгып алган соң, ал жазуучу өзү адамдарды жалган таанып, турмушту жалган
сүрөттөп жатканын мойнуна албай... «Өз көзү менен көргөнүнө» өзү кайткыс болуп
ишенип алат да„ жазуучулук көрөгөчтүгүн мокотуп, баамчылыгын жоет. Албетте, бул
жазуучу үчүн чоң өкүнүч, ачуу кайгы. Себеби, ал ошондон кийин «өз көзү» менен
турмушту кыңыр көргөнүн мойнуна албай өзүнүн ара төрөлгөн жансыз халтурасын
«тартуу» кыла берип башкаларды жадатат. Өз деңгээлине жараша жакшы өнүгүп келаткан
чоң адабиятыбыздын өсүүсүнө арзыбас «салым» кошуу менен аяк тосуп жолтоо кылат,
зыяндуу салакасын тийгизет.
Биз жогоруда келтирген мисалдарыбыздан улам, деле эч кесиби жок адам жакшы
жазуучу боло албайт деп айтуудан алыспыз. Антишке биздин эч акыбыз жок. Себеби, эч
кесип албай туруп эле, ал тургай үч-беш класстык билими бар болуп туруп эле улуу
жазуучу, улуу кеменгер, ойчул болгон зор ысымдар азбы? Кеп жеке дипломдон бекен?
Жок! Кеп — ар бир таланттын жеке касиетинде, талыкпай эмгектенишинде, ал ошол алп
эмгеги менен баштапкы чала сабаттуулугун жоюп, билимин, тажирийбасын, көрөгөчтүгүн
арттырууда. Талантын тарбиялап өстүрүү жолунда, өз билимин арттыруу менен шыктуу
адам көп тармактуу билимдүү болуп алаарын биз башкадан мурда Алексей Максимович
Горькийди атасак жетишер. Ошентип, өмүр бою көптү тааныган сайын азды билемин
деген басмырттуулук менен жетилүүгө, дасыгууга дайым өзүбүздү милдеттендирүүгө
тийишбиз. Биз жогоруда ар кыл кесиптеги адамдардын катарларынан жөндөмдүү жаш
жазуучулар чыга баштаганын тек бул келечеги кең чоң адабиятыбыздын өсүшүнө дээрлик
ат салышчу жаш талаптардын сапаттуу тартып, коюуланып келатканын мисал ретинде
келтирдик.
Бул эң жакшы жөрөлгө! Эмесе, жакшы жөрөлгө зор ийгилик менен тартымдуу
уланышка тийиш. Жыл өткөн сайын Өскөндөрдүн, Мидиндердин, Амандардын катарлары
артууларына ишенүү менен биз аларга, аздыр-көптүр тажирийбабыздан улам — Силер, өз
адистигиңерди арттырып, турмуштун кайнаган жеринде эмгектенип жүрүп, анан жазуу
чеберчилигин өздөштүргүлө деген кеңешти беребиз.
Экинчи кесипти кошо ала жүрүүдөн эч убакта чочубагыла, аржакта чоң «дүрмөт»
болсо, ал силерди дайым тынчытпайт.
Шыктын төрөлүшү асыл нерселердей көп учурда күтүүсүздөн келет. Катардагы
жөнөкөй жүргөн кишилерде гүлүн ачпай, тумшук чекпей келаткан шык табы келсе, акыры
мезгилин таап өзүн таанытаары анык. Эмесе, жаш автордун өзүнө байкала элек
түпкүрдөгү чоң демилге акыры аны тынчытпас. Себеби, «Мен аңгеме жазамын» деп өзүнө
өзү убада берип жазбастан, турмуштан баамдаган окуя дегдетип, «Жаз, жаз. Ушул
окуяларды жаз» деп тынчытпай койгондо колго калем алуу менен каармандардын жандуу
элестерин ачып, мүнөздөрүн даана көрүү жазуучулук өбөлгө. Эмесе, турмуштун
чордонунда болуу, кишилердин өмүрүн, ишин, мүнөздөрүн туура жана кенен билүү
жаштын, карынын бирдей милдети экенин моюнга алууга тийишпиз.
...Айтор, соңку эки-үч жыл аралыгындагы чакан повесттерин, татынакай аңгемелерин
окуучуларга сунуш этүү менен бизди чоң үмүткөр кылып турган жаш прозачылардын бир
куру — Кубатбек Жусубалиев, Кеңеш Жусупов, Сейит Жетимишев, Мурза Гапаровдордун
кимиси болбосун тек бир болгон окуяны жалган көз менен кыңыр көрүп, аны кургак,
супсак баяндоону аябай жек көрүшкөнүн билдиришет. Өздөрү адабият майданына эми
гана ат салыша баштаган жаш талапкерлерден экендигине карабастан булардын ар бири өз
эби менен өз үнүн чыгарууга жандилин коюшкан. Ал тургай эмитеден эле биз — «Бул
Кубатбектин үнү», «бул Сейиттин», «бул Мурзанын үнү» деп айтуубузга алардын ар
биринин өз-өзүнө таандык болуп тааныла баштаган почерктери, ыктамалары, ар биринин
өзүнчө айткан тилдери бизге толук мүмкүнчүлүк берет.
Баса, кыргыз прозасында «Күн өз портретин тартып бүтө элек» повестиндеги ыкма,
окуянын өнүгүшү, анын берилиши, анын чечилиши; сүйлөм түзүлүшү, диолог түзүлүшү;
тили, каармандардын мүнөзү, айтор, бул повестке таандык почерк ушуга дейре кимибизде
бар эле? Балким, кээкилер бул пикирге макул болушкусу келбесе, бизге ачык далил
көрсөтүшсүнчү. Биздин байкообузда ал жок. Ал үндү биздин келечектүү чоң адабиятка
жаш жазуучу Кубатбек Жусубалиев кошту. Ал тургай дагы бир шыктуу жаш — Кеңеш
Жусупов Кубатбекке үндөшө чыкты. Албетте, биз бул жерде эки жашты бирин бири
кайталашып, бирин бири туурашып жатат дебейбиз. Бул экөө коңур үндүү. Эки жаш ырчы
уккулуктуу коңур үндөрү менен жаңы сабакты безеленте ырдашкандай — бизде экөө,
(буларга маалмаал Мурзанын да үнү кошула кетет. Балким, буларга үн кошчу жаштар
дагы катарга турушар). Ошентип, үн кошушкан жаштар өздөрүнүн үнү, өздөрүнүн каркү,
түспөлдөрү менен катарыбызга кошула баштаганы чоң бел, чоң кубаныч! Бул жаштар,
жеке эле өз почерктерин тааныта чыгышпастан, булар өздөрүнө да, жаштары улуу,
тажрыйбалары көбүрөөк биздерге да жаңы жүк артышып, жаңы таламдар, доолорду
тагышып, — «Силер эскирип баратасыңарды» угуза айтышпаса да, өздөрүнүн эптүү, эстүү
мамилелеринде купуя доолор коюшкандары да сезилет.
Кантели. Сезилсин. Сезилмек тургай күрдөлдүү жаштар бизге аны сездиришке да
милдеттүү экендерин билишсин. Эмине? Күлүктөн күлүк чыкласа, күлүктүн күчү
байкалчу беле? Не жеке аңыра чапкан «күлүктүн» күлүктүгү кайсы? Өркөнү өсчү чоң
адабияттын бирине бири жакшы жактан атаандашар таланттуу, курч шыктуу, ойчул
кеменгер, баамчылкөрөгөч жашкары жазуучулары болууга тийиш!
О, алар көп болушсун! Бирок, бирине бири бут тосуп кыянатчылык кылбастан, бирин
бири көрө албай кекчилдик менен жамандашып арызданышып жүрүшпөстөн, бирине бири
ак пейилдүүлүк көрсөтүшсүн. Элге таандык чоң адабиятты тунук, көркөм, мазмунду
өнүктүрүш үчүн бирине бири аркатирек, көмөктөш, кеңештеш, пейилдеш болушсун!
Эмесе, карылардын жаштардан күткөн тилектери да, жаштардын карылардан күткөн
көмөктөрү да дал ушул ак пейилдүүлүктүн кешигинен насиптеш болууга тийиш. Андай
болсо, азыркы күрдөөлдүү жаштардын бизге деген купуя «доосун» биз сезе туруп, өз
ордубузду тааный, салмагыбызды өлчөй, мүчүлүшүбүздү эске ала туруп, эртеңки күнү биз
менен бой тирешчү жаштарга, өздөрү ара жолдо күчтөн тайып калбасы үчүн, аларга, биз
бүгүн аздыр-көптүр айтаар кеңешибиз да бар.
Арийне, ар бирибиздин өз почеркибиз, өз үнүбүз болгону жакшы. О, ал ошондой
болууга да тийиш. Бирок, өз үнүбүздү табабыз деп эле биз өзүбүздөкү жакшы касиеттерди
байкабай көз жастымда калтырып коюшка эч акыбыз жок. Биз бул жерден Севан көлүнөн
алып келинген форель балыгы Ысык-Көл суусун тигил өз суусунан да жайлуу сезип, тез
көбөйүп, ал тургай бир нече мартаба салмагын арттырып жибергени эмнеликтен болду?
Ихтиологдордун айтуусуна караганда биздин Ысык-Көл суусунун минералдык даамтатымы, андагы балыктар жемденчү тоют байлыгы сыяктуу форель балыгына өтө
пайдалуу касиеттүү заттар быякта көп экен да. Ошондуктан севандык форель балыктары
эч кандай эле жер үшөбөстөн Ысык-Көлдө сонун өсүп кетти. Биз ушундай эле
мисалдарды Алтайдан, не Украинадан келтирилген дан үрөндөрүнүн биздин жерде сонун
өнүгүп жаткан сортторунан келтирсек болот.
Ошентип, биздин материалдык байлыктарыбыздын эриш-аркактык менен тез жана
сапаттуу өнүккөнүндөй эле биздин көркөм өнөрүбүз, адабиятыбыз да бир тууган элдердин
улуу мурасчыларынан, бүгүнкү чеберлеринен үлгү алуу менен өзүбүздүн улуттук
касиеттерибизди эриш-аркак кылып тездикте өнүктүрүп жатканыбыз закондуу иш! Бул
сонун өнүгүштөр байыртан элдердин ортосунда боло келген, мындан ары да боло бермек.
Башка элдин маданиятын туура таанып, туура баалаган адам, өз элинин да маданиятын
туура таанып, туура баалап аны өнүктүрүшкө алынча салымын. кошмок.
Эмесе, артыкда тигил жаңылык издөөгө өтө кызыгышкан жаш жолдоштордон менин
бир байкаганым: алар, өздөрү китептерди ичип-жеп окушуп, ошонун натыйжасында китеп
таасирине кээде аша берилип кеткендери «Биз эми көптү билебиз го» деген өңдүү
жайбаракаттык барбы? Ал тургай өзүбүздүн адабиятка ««үстүртөн» кароо, аны теңсинбөө
барбы? Айтор, неси болсо да бул жаштарга ушул баштан эскертерибиз: Балапан жаңыдан
тумшук чеккенде бул жарык ааламды мен эле көрүп жатамын дегенсип өтө эле безелене
чыйпылдаганы бар... Анан, ал ак күбүн түшүрүп, темир канатын саят. Кооз жүндөрүн
жетилтип, канат күүлөп эргип уча баштайт. Анан, ал ошондон кийин гана баягыдай катуу
чыйпылдабай... сак, салмактуу, байкагыч тартат. Ошентип, ар бир канаттуу өзү уя басып,
өзү жем таап жансактаган чөйрөсүндө эргип өмүрүн өткөрөт.
Эмесе, Мурзанын аңгемелерин окуганыбызда, биз андагы кичинекей окуядан ачылган
чоң дүнүйөнү, адамдардын ички мүнөздөрүн көргөнүбүздө ал, кандайдыр тээ алыс
жактагы эпкинди эске салбастан (албетте, бул жакшы жагынан байкалат) өзүбүздүн
мурастардын да, бүгүнкү адабиятыбыздын илеби да дээрлик өлчөмдө автордун эсинде
экендиги сезилип турса, ал дагы жаңы күч кошор беле? Же тигил Кеңеш Жусуповдун
повестин окуганыбызда андагы жарык сүйүү күчтүү мүнөздүн жаралышы нукра
турмуштан алынган кезде да андан кандайдыр бир окулган чыгарманын, каргөн
картинанын илеби байкалбай, турмуштук баян, тоо арасындагы өмүр сүргөн кишилер
өздөрүнө таандык мүнөздөрүн толук кандуулук менен ачып таанытса, окуянын
жүрүшүндө кандайдыр бир «жасалмалуулук» байкалбай, ошол эле көтөрүңкү чиелениши
менен бардык кыйыгы эп келише түшүп — кыргыз кишилеринин мүнөзү талашсыз
таанылып турса, мындан жаш жазуучу дагы чоң жеңишке жетер беле? Ал эми Кубатбек өз
повестинде согуштун каарын өз баамында баяндады. Бул жакшы. Каармандардын
мүнөздөрү да өзүнчө чечилди. Айтор, бул чакан повестти окугандан кийин окуучу, сөзсүз,
адамга кара кайгы алып келген адилетсиз кандуу согушка каргышын айтып, аны жек
көрөт, аны каалабайт, ага каршы болот. Мунун баары эң жакшы. Жазуучунун максаты, ою
таасын ишке ашкан. Ошентсе да окуяны чечүүдө, мүнөздөрдү ачууда өтө сараңдык
жагына чирене тээп... узун бойдун салмагын салып жатып албастан кез-кез өзүнөн өзү
суранган турмуштук элестерди эптей, кынаптай кетсе, атаганат чоң чебер сүрөтчүнүн кыл
калеми боекту ордун таап, түсүн таап боегондой сүрөт дагы даана ачыла түшөр беле?
Ал эми Сейит Жетимишев же Аман Саспаевдер бул жагынан өздөрүнчө, башкача.
Сейит да, Аман да ушул кездеги колхоз, совхоздо эмгектенген адамдардын тиричилигин,
кулк-мүнөздөрүн бир топ туура баамдашат. Так, таамай көрүшөт. Буларда кайдандыр
башка жактан көрүнбөй таасирин тийгизген нерсе анча байкалбайт. Сейит өзүнүн «Ички
кайрыгында», артыкча, Аман өзүнүн «тууганында» кыргыз кишилериндеги жакшы
сапаттарды да, андагы эскиден илээшкен жаман нерселерди да так, кыргыздардын көзүнө
көргөзө, кулагына куя бир сөз менен айтканда анча-мынча акыл-эси бар кишилердин
намысына тийгизе, сөөгүнө жеткизе элестүү сүрөттөшкөн. Бул талашсыз жаш
жазуучулардын чоң ийгиликтери. Мындай өзүнчө чоң чеберчилик да, баамчылдык да,
көрөгөчтүк да бар. Бирок ушул чеберчилик, ушундай таамай көрөгөчтүккө дагы канат
бүтүп, дагы жандана түшүп — эргүүлөр пайда болсо, балклм, бул жаштарыбыздын
ийгиликтери дагы бир баскыч жогорулай түшөр беле?
Албетте, жогорулай түшмөк. Бирок, биз жаш авторлорго ал жөнүндө чоң доомат
койбойбуз. Себеби, алар азыр жаңыдан тамырлап өнүгө баштаган кездери. Эмесе, ар бир
жаш тал ийилчээк болгондой эле, биздин кээки жаш жазуучуларыбыз болор-болбос
нерседен көңүл кайтты болушуп жан сыздатып, кейип, убактылуу болсо да басынып,
чүнчүп калуулары ыктымал. Адам түйшүккө, машакаткл, кыйынчылыктарга чыдап
койгондой эле, ал кээ бирде жашык болуп майышып калар... Кээки шыктуу адамдардын
зор жүрөктөрү өтө ничке кылкомуздун аткарган муңдуу күүсүнчө сыздап, жашып кетмейи
бар. Теги неси болсо да, кара мүртөз, кара өзгөйлөрдөн ак пейил, ак, ниет таланттардын
кээде запкы тартып, убактылуу болсо да кыйынчылыкка кабыла калганын биз турмушта
байкап жүрөбүз.
Айтор, биз жаштарды тек бапестеп эркелетүүдөн алыс туруп, айтарыбыз: биз —
улуулар, артыкча «камчысы кайраттуу» айрым сынчыларыбыз, тигил же бул жаштын
айрым чыгармаларына сын айтууда, ал жаштын тигил же бул аңгемесин окуурубузда
кабакты чытый алдын ала ызырынбастан, пейилди кен сала олтуруп ак ниеттик менен
чыгарманын ийгилигин жана мүчүлүшүн тең салмактай баамдасак. Ошол эле авторго
койгон таламды баарыдан мурда өзүбүзгө коюп, автор баяндап жаткан турмушту өзүбүз
таасын таанып, көрүп биле олтуруп, анан, ак сөз баштап, туура ой-пикир айтышсак,
атаганат, биздин күрдөөлдүү өсүп жаткан жаш өнүмдөргө кандай жардам кылган болор
элек,!
Ал эми ызырына калып, камчыны толгой көтөрүп, тигил же бул авторду жон
талаштыра «чып» берип калыш бул, баарыдан мурда жазуучу, акын, сынчы эмес эле күчүн
күндө күүлөп, бозобайга барт кекирген карылуунун иши. Дал ушундай карылуулар
арабызда бар. Алар ошентип жаш-карыбызга камчы да чабышат. Баарыдан өкүнүчтүүсү
— ошондойлордун «камчысыны» биздин басмадан орун алат. Тек, алып кана койбостон
айрым адамдардын моокумдарын кандырат. Алар тараптан ошондой пайдасыз зыяндуу
добушту жактап, мактап, аны курулай сүрөмөлөп калмайлар болот. Албетте, кыңыр иш
акыры түзөлөт да. Андан кийин бир тобу (саал уяттуулары) кызарышып калмайы да бар.
Бирок, аны менен биз адабиятыбызга аздыр-көптүр пайда келтирүүнүн ордуна салака
тийгизип алабыз. Кабыргасы каткандар аны тоотпогон менен көп учурда, мындай
жоруктар жаштарды капа кылат, жаштарды кейитет, жолдон мүдүрүлтүп жаштарга
зыянын тийгизет.
Ошентсе да, нукура шык, нукура талант басынбайт. Ал барган сайын эргип, барган
сайын жалкындап, канат күүлөй же тиле берет. Биздин баамыбызда, тигил өнүмүн жакшы
баштап терең тамырлап өнүгө баштаган биздин жаш өнүмдөргө анча уяңдык, анча
жалтактык, коркоктук, анча майышчааклык байкалбайт. Тескерисинче, алар, чү деген
жерден жетилген, бышыккан, каруулуу — жакшы сапаттарын байкатып коюшту.
Эмесе, азыркы биздин жаш жана күрдөөлдүү жакшы өнүмдөрүбүз жетилип, биздин
эртеңки чоң адабиятыбызга ар бири колунан келген салымын кошоруна ишенүү менен
көмөктөшбуз, тилектешбиз!
Өркөндөпөсүп жетиле бергиле, ак үмүттүү шыктуу жаш достор!
1965-ж.
КЕҢЕШМЕДЕН КИЙИНҢИ ОЙ
Биринчи жамгыр жаап өткөндөн кийин ой, тоо, жээкөрөөндөр тазарып көк жыттанып,
байчечекейлер жыбырап, аба аңкып, адамга, жан-жаныбарларга жылуулук жыргал
мээримин алып келгендей. Турмушта дайым күрөштөр менен кошо уланган ар бир асыл
милдеттер, баалуу иштер, келечектүү жаңы башталыштар жарык үмүт, талыбас күч менен
ар бир кесипте ак пейил эмгектенген улуу-кичүүлөрдү бирдей демилгелеп, бирдей
шыктандырып коеру айгине. Эмесе, биздин жаш жеткинчектер ар кими багыт алып,
өздөштүргөн кесибинин чегинен алыс чыкпай «Өз ишимди билемге» салып, жаштайынан
жекечиликке берилсе, ал өмүр бою өз тар дүнүйөсүндө эзилип, басынып... анан, ал
улгайганында карт жорудай уңкуюп бечара болуп калары да ыктымал. Өз кесибин чебер,
таасын өздөштүрүп, үзүрдүү иштөө менен дайым билимин арттырып, адистигин күчөтүп
рухий дүнүйөсүн байытып жүргөн адам коомдук, элдик иштерге көмөктөшүп бараандуу
тартары да айгине.
Бул айтылгандар жалпы жашка таандык. Баса, мыкты чабан болуш үчүн, өзүнө
берилген бир короо коюнун артында жүрө берүү менен ал мыкты болбос. Ал, баарыдан
мурда жаман багылышы койлорго кандай зыян экенин же дарттын келишин мал
доктурунан кем эмес билсин. Жылдын кайсы маалында кандай жайытка жайса, же кандай
тоюттандырса, же кайсы мезгилде сугарып, жуушатса койлорго пайдалуу экенин
зоотехниктердей эле баамдасын. Айтор, деле төрт түлүк малды жакшы асыроо колунан
келсин. Анан ал китепти, музыканы жалпы эле көркөм өнөрдү, жалпы эле өзү жашаган
дүйнөдө кандай маанилүү, сонун иштер болуп жатканы менен толук кабардар болсо гана
ал мыкты чабан, маданияттуу адам!
Андай болсо, адабиятка ат салышкан жаштар ар бири өз алдында турган залкар
милдеттерди таасын баамдаш үчүн — «Мен прозаикмин», «Мен акынмын», «Мен
драматургмун», дешип, өз кесип-дүйнөсүн тарытып жиберишпестен адабиятыбыздын
бардык жанрларын бирдей баалап, бирдей изилдеп, бирдей сүйүп, бирдей билишке
милдеттүү. Маселен, прозада окуянын жүрүшү драмалык болбосо, диалогуңда драманын
тилиндеги курчтук болбосо, ал иленди тартып келегей калат. Анын турмуштук элести
ыргактуу, көтөрүңкү, жандуу камтып сүрөттөөсүндө поэзиянын илеби ага жумшак мээрим
берип турбаса, проза канатсыз, жансыз болот. Ошондой эле, поэзияда, проза өзүнө
камтыган акындык кеменгердиктин илебин бөлүшпөй, тек, «мен акын боломун» деген
эргүү менен курулай жылтылдап; курулай эпкиндеп күндү көздөй жалгыз учкан
көпөлөкчө көк-асманга төнүп эргий берсе, ал баарыдан мурда бат эле эстен чыгып,
байкоодон ажырап, ошол көккө житкен боюнча жоголот. Ал эми драма болсо, прозадагы
мазмундуу окуялардан да күчтүү, татаал, жарык элестерден да, поэзиянын асыл, учкул
поэтикалык жалмнынан да өз жибек куржунунун эки көзүнө керегинче теңдеп алып, анан,
чуудасы сыйкырдуу сеңселген драмалык боз буурасын «буркулдатып» сахнадагы эки
сааттык сапарында чоң дүнүйөнү көрүүчүлөрдүн көз алдына элестетет. Тек узун монолог,
эки кишинин тепилдеген бакылдашы, не чуркап кирип, чуркап чыккан дардаңпоз
кыймылы, алардын уят аралаш орой кеп-сөздөрүн шалпый берүү менен драматург
драманын татаал, зор асыл милдетин аткарбайт. Тескерисинче, ал ыплас дүнүйөнү чоркок
баяндаганын биз кээде өз сахналарыбыздан да көрүп калабыз...
Проза, поэзия, драма — деп түрлөргө бөлүүдө, биз булардын чегин чектеп, биринен
экинчисин ажырым кароодон алыспыз. Антишке эч акыбыз да жок, алыбыз да келбейт.
Адабият түрлөрүн бөлүп-жарып карасак, биз андан өзүбүзгө эч сыймык утпайбыз.
Тескерисинче, бул маселеде өзүбүздүн бөксөлүгүбүздү, тайкылыгыбызды,
дүмбүлдүгүбүздү гана сездирип тим калабыз. А биздин чоң адабиятыбыздын негизги
өзөгү — проза, поэзия, драматургия — тамырлаш, танапташ өскөн чынарлардай биринин
касиетин экинчиси бөлүшүп, каруулаш, кандаш өнүгө берет.
Биздин баамыбызда айрым жаш акындар,— «Поэзиям!»— деп, аша эргийт. Албетте,
эргүү, артыкча, акынга канат берет. Ошентсе да ал, өтө эле уясаак мекиянча «күрпүлдөп»
поэзияны жеке өз энчисине басып алууга акысы канча?.. Эгерде жаш акын, тигил
прозаиктин да, драматургдун да поэзия менен энчилеш экенин туура баамдаса, ал, алардан
«өз» поэзиясын закондуу бөлүшүүдөн кызганчактык кылбас эле. Теги неси болсо да,
кызгануу акыры береке таптырбайт. Башкадан мурда, жаш эне баласын аяп жаман көздөн
аша кызганып, аша тарый түшкөндө анын эмчегинен сүт чыкпай калганын эстей жүрсөк
ким-кимибизге зыян болбос. Адабиятыбыздагы айрым мүчүлүштөр, баарыдан мурда,
ушул тагдырыбыз күчөп, бир-бирибизге калганда өтө эле кызганчтык менен акыры
кыжырланышып кеткенибизде арымыбыз кыскарып, ички дүнүйөбүз түнөрүп тарый
түшүп сезим мокоп, анан көргөчтүк чукулдап, курган калам майышып... ошондон кийин
өзүбүз алсызданып өбөктөй калып жатабыз да?
Теги, калыс баамдашсак, муну танышпасбыз, талашпасбыз.
Жакында болуп өткөн кеңешменин өз ээси — жеке эле жаш прозачыларга таандык
кылбай жалпы эле жаш жеткинчектерге тийиштүү дейбиз.
Биз бул жерде, эмчегинен сүт тартылган энени эмес, деле башка бирөөнүн баласын
эмизе олтуруп балкылдатып эмчегин ийгизген бейпил, ак пейил эненин зор элесин дайым
көз алдыга келтире жүргүлө деп жаштарыбызга кеңеш айтабыз! Кылымдар бою ооз эки
баяндарга, жөө жомокторго, жорго сөздөргө, чечен сөздөргө каныга тарбияланган элибиз
сабатын ачып, жазма адабиятты окуй баштаганда алгачкы чыгышкан бирин-эки акынжазуучуларыбыз өздөрүнүн милдеттерин өз туш-тушуна, мүмкүнчүлүктөрүнө карай
шарттуу деңгээлде алынча жакшы аткарышты. Дасыга элек окуучулардын деңгээлинен
алар алда канча жогору турушту. Отузунчу, кыркынчы, ал тургай элүүнчү жылдардагы
адабият окурмандары көбүнчө биз эмне берсек, аны «Колго конгон шумкардай» ыйык
баалап кабыл алышчу. Көпчүлүк, окуучулар китепти баалап талдап, ага өзүнүн жеке оюн,
жеке сынын, пикирин айтып авторду ойлонтуп, аны шаштырып, жооптуулукту күчөтүүдө
ага демилге берүүдөн мурда, ал өзү тигил же бул адамдын басмага жарыялаган пикирин
ээрчий берүүчү.
Маселен, сынчы китепти сынап койсо, анда окурман ошол өзү окуган китепке айтылган
сынды өзү талдап, аны өзү калыс «баалаштын ордуна китеби макталган авторду —
«Азамат, сонун экен»— деш, китеби сыналган авторду — «Итиң, союлуптур»— деш ал
кездерде мүнөздүү болучу.
Азыр ага дообуз жок. Сүйгүнчүктүү баласы. тамтуң баскан кезинде ата-эне ага жетине
албай кубанып карагандай биз ал кезибизди азыр сүйгүнчүк менен эскерип жатабыз. Азыр
биз тамтуң басып жыгылуудан калганбыз. Биз азыр күчкө толуп эр жетип, бышыгып,
каныгып, турмуштун залкар жүгүн моюнга алууга кумарланган жетик жигиттик
курагындабыз.
Бизди ушул деңгээлге өстүргөн жеке эле өз шыгыбыз, демилгебиз, өз умтулушубуз,
аракетибиз эмес. Бизди ушундай деңгээлге чейин өстүрүүгө чоң демилгечилер — өкмөт
менен партиянын зор камкордугу, биздин көп миңдеген адабият окурмандарынын
деңгээлинин көтөрүлүшү болду. Азыр колуна тийген китепти «Ушул китеп экен» деп эле
окуй беришпестен аны ылгап, сындап, ага пикир кошчу окурмандар көбөйдү. Биз бала
кезде жоктуктан энебиз сүткө уптаган талканды бере берсе, кыңк этпей ага каниет
кылчубуз. Азыркы балдар, сүткө упталган талканга күлүп карашат. Алар конфет,
шоколад, балбоорсок, жемиштерди каалашат. Андай болсо тигил, маданий деңгээли
көтөрүлүп калган окурмандарыбыз биздин дайым эле — «Сүткө талкан уптап
беришибизге» алар канааттанбай: — «Биз өстүк. Силер да өскүлө. Биздин сезимди
козгоорлук, таламыбызды канааттандырарлык, татымыбызга жагарлык насип берүүгө
милдеттүүсүңөр!» деп жатышпайбы.
Эмесе, өздөрү ошол чөйрөдө болгон биздин жаш жазуучулар, кээки карыяларга
караганда окурмандын ошол таламдарын мурда байкашып, мурда кабыл алууда. Биздин
баамыбыз боюнча, жаш жеткинчектердин бул жакшы сапаттары — «Эскини тануу» эмес,
жаңыны тез өнүктүрүүгө жандилин коюшуп ага ашыгуу азыр биздин жаштарыбызга
мүнөздүү го. Албетте изденүү жакшы. Бирок, ал изденүүсүндө жаштарыбыз дайым
олжолуубу? Не кез-кез жазыптайып да калышабы?
Баамыбызда жаштарыбыздын олжолору, табылгалары менен жазыптайган
мүчүлүштөрү экөө тең тизгиндеш.
Маселен, отузунчу, кыркынчы жылдарда теманы ылгоо бизде кандай эле? Таамай
айтсак: ал кезде, биз адам аз келген токойду аралаган отунчу сыңары эч кыйналбай,
изденбей кулак угуп көз көргөндү камтый берүү Бизде мүнөздүү болучу. Артыкча
көркөмдүгү жагынан жетик, «кол тийгизүүнү» четтен талап кылбаган элдик сонун
мурастарды кымтый берүү адаттагы иштей анча эрекче көрүнбөй ошол кымбат
мурастарын бабаларыбыз жеке эле энчибизге берип койгонсуп, зыкымдык менен элдик
мурастардын көркөм, жетик эпизоддорунан үзүп-жулуп, белен окуяларын пайдаланып:
пьесалар, поэмалар, повесттер, жомоктор жазуу бизде кеңири орун алып келген. Бул өз
мезгилинде, белгилүү даражада орундуу көрүнгөн менен тажрыйбабыз артып, улам жетик
тарткан сайын элдик мурастарга көз артып кол салуу жаман адат экенин баамдай
баштадык. Арийне, кай бир учурда, кээ бир акын-жазуучу элдик мураска кайрылат. Аны
өз тегирменинен өткөзүп иштеп чыгат. Бирок, «Ынсапсызга кашык берсе, беш
ууртагандай» белен темага көз арта берүү жооптуулукту унуткан ынсапсыздын иши.
Азыркы окурмандар ошол жомок чалыш «чыгармаларды» кабыл алышпай, аны жерий
башташты.
Дал ушул көрүнүш жанагы жалпы эле деңгээлдин өсүшүнө күбө болгондуктан тигил
окурмандарга кошулуп, жаштарыбыз да, бул маселеде бизге доо коюшат: «Силер, белен
темаларга качырып, турмуштун татаал жагын көргөн эмессиңер. Кемтикти көрбөй, жалаң
турмуштун жарык жагын ырдай берип, окурманга дайым «балбоорсок» бересиңер. А
турмуш деген — турмуш! Анын ширини менен ачуусу, жарыгы менен көлөкөсү, жеңили
менен татаалы бар. Биз ошолорду ырдайбыз да чынчыл болобуз. Силерчилеп жомок
айтууну да коебуз!»— дешет.
Бах! Не деген күрөөлдүү жаштык курч демилге! Баса, муну кубаттабаса болбойт.
Жаштарыбыздын шыкты курчутчу татаал, оор милдеттерди моюнга алабыз дегендери да
закондуу, эң туура иш. Ошондуктан алардын ар бири баягы бизчилеп көп кыйналбай
белен темаларга кайрылбай, изденебиз, кыйналабыз, жаңыны табабыз дегендери да
арийне жакшы. Алар ошентишип изденишип да, ар кими алынча өз темаларын таап, ага өз
үндөрүн кошуп да жатышат. Муну кубаттабаска чарабыз да жок! Бирок, ушул теманы
тандоодо да, «жаңы ыкмаларды» өздөштүрүүдө да жаштар өздөрү күүлөнгөндөй иш
жүзүндө өздөрү күрдөөлдүү эмес. Ошол өздөрү айткан чоң турмуштун бардык ойчуңкурун калыс талдап, анын социалдык багытын туура, таасын ачып — жаш пилдей
салмактуу жүк көтөрүштүн ордуна айрым жаштарыбыз, көлөкө жакта көбүрөөк
салкындап кетмейлери бар. Ал аз келгенсип адамдардын өмүрүн баяндоодо, анын көп
кырдуу, көп сырдуу татаал жагдайларын кеңири ачып, кеңири сүрөттөп чоң өмүрдү
баяндаштан көрө, жаштардын көбүндө (балким, жаштыктанбы, а балким, курчтуктанбы)
айтор, тек сезимге тийүү, акылдан мурда ошол сезимди курчутуу, анан таңкы желдей
көлбүгөн ыргакка салып ошол чоң өмүрдөгү майда-чуйданы экиленткен лирикага төнүү
басым. Албетте, лирика асыл сезимди чымыраткан жумшак ыргак. Ошентсе да биринчи
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Мезгил Сабактары - 11
  • Büleklär
  • Мезгил Сабактары - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3925
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2168
    28.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3835
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1945
    25.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3888
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2004
    26.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2109
    26.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3841
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2050
    24.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3908
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2175
    25.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3879
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2261
    24.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3889
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2322
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3878
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2190
    26.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3881
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2101
    24.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    34.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3844
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2201
    23.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3898
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2270
    27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3957
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2233
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3766
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2212
    23.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3906
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2254
    27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 4040
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2326
    26.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 3980
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2278
    27.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2298
    24.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4011
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2430
    25.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3935
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2383
    26.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 3922
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2456
    24.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3905
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2360
    25.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3793
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2219
    25.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 3857
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2269
    24.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 3863
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2183
    23.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 3856
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2325
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 3866
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2429
    25.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 3971
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2417
    23.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2300
    24.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 3926
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2169
    25.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 3936
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2141
    26.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 3916
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2096
    25.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Süzlärneñ gomumi sanı 3934
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2181
    26.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Süzlärneñ gomumi sanı 2486
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1435
    29.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.