Latin

Мезгил Сабактары - 06

Süzlärneñ gomumi sanı 3908
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2175
25.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
36.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
43.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
дастандарыбызда жеке кыргыздар гана эмес, башка тууган элдердин өмүрү сүрөттөлүшү,
не биздин элдик сонун музыканын ыргагы коңшулаш элдерге сүйкүмдүү болушу
бекеринен эместир? Ошол эле Бабурдун комузду сагынып, комуз күүсүң уккусу келгени
анчейин зеригүүдөн болбосо керек? Албетте, ал зеригүү эмес! Байыркы элдин эзелки
күүлөрү эл-журттун эчен акылман-шердин тагдырларын, кубанычын, кайгысын, өмүрүн
чечен, чебер ыргактарга салып саймедреткенин ким уккусу келбейт? Кимдин сагынгысы
келбейт?
Эл-журт өмүрүн саймедрете баяндаган үч кыл комуздун касиети — ал тек өзүнчө
жарала калбайт да. Аны узак өмүр жашаган, оор, кыйын кыстоо менен чоң окуяларды
баштан өткөргөн сергек эл жараткан. Ошентип ал маданият жетилди, уланды. Себеби, аны
улаган кыргыз эли да кылымдарды кезген чоң, оор, татаал окуялардын күбөсү болду.
III кылымдын биринчи жарымында Орто-Азиядан Чинге (Кытайга) саякат кылган
Абудалиф чыгармасында кыргыздар жөнүндө маалымат берип келип мындайча жазганы
бар: «Алардын өзүнчө туткан жолдору, ой-пикирлери, жазуулары жана ибадатканалары
(табынуучу) жайлары бар. Алар чырактарын өзү өчмөйүнчө өчүрүшпөйт. Алардын купуя
(ичтен айтылчу ыйык) сөздөрү бар. Алдыларына жыпар жыттуу нерсе коюп намаз окушат
(табынышат). Алардын бир жыл ичинде бир нече майрамдары бар. Жышааналары Көк...
Алардын бардыгы баш ийген бир падышасы бар. Анын алдына кырк жаштан өткөн
кишиден тышкары бир да киши олтурбайт». (Мажамулбулдан, 5 том, 411-бет).
Мына ушул кыска, так маалыматтар мындан көп кылым мур-да эле биздин элдин нак
өзүнө таандык маданияты, жакшы салты, элдик ыйык этикасы бар экенин, ал тургай
жазуусу бар экенин так баяндайт. Ал эми Моглян-Каган, Күл-Тегиндин табыт-тарындагы
ташка чегилген чакан дастандардын, Көгмен, Алтай тоолорунун аралыгынан тартып
Таласка чейинки таштар бетине тамгаланган саптарды, куплеттерди талдасак бул
жазуулардын көбү байыркы кыргызга таандык маданият экени, ал тургай алар бүгүнкү
адабий сөздөр менен көп жактан үндөшүп, бип-бирдей өзөктөш айкалыш келгени
байкалат. Алар сап-сабы, сөз-сөзү менен азыркы эпостук чыгармаларыбызда сакталып
келген.
«Аз эли көп болду. Эрендери эр жетти. Колдору түмөндөдү О, менин түрк элим!
Бектерим, чөкпөгүлө, муңканбагыла! Зоболоңор артсын, мен силердин каныңармын!
Менин жыйган казнам силер үчүн. Силер өз каныңардан, өз журтуңардан айрыл-багыла!
Түбөлүк ошол ынтымак болсо, бактыңар башта болот, дөөлөтүңөр төгүлбөйт, очогуңар
бузулбайт!» (Моглян-Каганга коюлган эстеликтен, 735-жылдар).
Эстеликтин ушул чакан сөздөрү «Манас» эпосунун саптарында толугу менен маанисин
бузбай ырдалганы жалганбы?
«Аз эли көп болду. Эрендери эр жетти. Колдору түмөндөдү» деген эстелик сабы менен:
Кулаалы салып куш кылдым.
Курама жыйып журт кылдым...—
деген Манас кебинин айырмасы канча!
Не «Түбөлүк ошол ынтымак болсо, бактыңар башта болот, дөөлөтүңөр төгүлбөйт,
очогуңар бузулбайт!» деген эстелик сөзү менен:
Бөлүнсөң бөрү жеп кетет.
Бөлүнүп калды кыргыз деп
Бөлөк элге кеп кетет...—
деген акылман Бакайдын осуятында айырма барбы?
Не «Үстүдө ачык Көк, астыда боору күрөң Жер бизди ыйыктасын» деген жазуу менен
«Манастагы»:
Төбөсү ачык Көк урсун! Төшү түктүү Жер урсуй!—
деген анттын айырмасы барбы?
Арийне, турмушта окшоштук көп. Бир элдин үрп-адаты, салты, лакап-макалына чейин
үндөшуп окшошуп калган учурлар боло берет. Балким, тигил окшоштуктарда ошондой
болбос бекен деп, биз, бизге тили тектеш элдердин колдо бар мурастарын карап көрдүк.
Андай окшоштук мындай турсун, бизге тектеш элдерде — «Манас» сыяктуу байыркы
өмүрдү кең-кесири баяндаган залкар эпостору жокко эсе көрүндү... Жокту жок дегенибизге достордун эч кимиси капа болбос. Казак, өзбек жана башка элдердин билги
адамдары маектеше келгенде — эртегини, тарыхты, адабий мурастарды тактоодо силерде
чоң мүмкүнчүлүк бар. «Манастай» улуу дастан ага өзөк болор эле...» дешип бизге жылуу
жумшак жеме эскертишет.
Биз, достордун ушул орундуу «жемесин» терикпей кабыл алууга милдеттүүбүз!
Байыркы эстеликтердин баштапкы булагына өзөктөш болорун даана таанытып турган
элдик чыгармалар бизде жеке эле эпостор менен чектелеби? О, жок! Мурас-тарга үндөш,
өзөктөш касиеттерди элдик чыгармалардан өтө көп табабыз. Айталык: ушул кездерге
чейин дүнүйөдөн көзү өт-көн адамын жоктоп кошок айтуу, анын тирүү кезиндеги ишин,
жакшы сапаттарын, ойлогон максаттарын кошок аркалуу даңазалап арткыларга калтыруу
— тээтигил байыркы тамгалар менен таш бетинде чегилген байыркы кошоктор, байыркы
баяндар бардык жагынан өзөктөш, үндөш, тектештиги кокусунан болбос!
Биз жогоруда Борбор Азияда байыркы түрк урууларынын эски эстеликтеринен чарпып
алып бүгүнкү күнгө кылым басып жеткен чыгармаларыбыз менен аны өзөктөштүгүн
айттык. Ал эстеликтерди окуганыбызда биз жеке эле адабий мурастарыбыздын өзөктөшүн
көрбөстөн — төлөс, аз, меркит, кыпчак сыяк-туу азыркы кыргыз урууларынын ошол кезде
эле ошол байыркы уруулардан болуп огуз, татар, уйгур, чигил, найман кыргыздагы
уруулар болуп кай кездерде бир союз түзүп, бир ынтымак куруп бардыгы табгачтардан
(кытайдан) өз-өз кыйырын сакташкан тууган уруулар экени билинет.
Ал эми XI кылымдын эстелиги Махмуд Кашгаринин деванында кыргыздар бир нече
орунда сөзгө алынып, алар, кээде ягмалар менен коңшулаш көрсөтүлсө (I том 3-бет), кээде
татарлардын жанында көрсөтүлөт (I том 28-бет). Кыргыздар түрк элдеринин бир уруусу (I
том 280-бет). Алардын тили жалаң түркчө эле (I том 30-бет).
«Башка тарыхый чыгармаларда кыргыздар жөнүндө өтө көп маалымат берилет. Аларды
эң байыркы жана эң таасирдүү, барктуу калк катарында таанытат» (I том 497-бет.
Кыргызга берилген түшүнүктөн).
Махмут Кашгарий эмгегинин баш сөзүндө айдан ачык мындай дейт: «Мен түрктөр,
түркмөндөр, огуздар, чигилдер, ягмалар, кыргыздардын шаарларын, кыштак жана
жайлоолорун көп жылдар кезип чыктым, лугаттарын (сөздөрүн) топтодум. Ар кыл сөз
маанилерин үйрөнүп аныктап чыктым. Мен бул иштерди тил билбегендигим үчүн эмес,
балким бул тилдердеги ар бир кичинекей өзгөчөлүктөрдү да аныкташ үчүн иштедим...
Аларга ошончо көңүл бурдум дейсиң түрк, түркмөн, огуз, чигил, ягма жана кыргыз
калктарынын тилдери бүтүндөй дилиме жат болду. Аларды ар жагынан жыйнактап
негизги бир тартипке салдым. Бул чыгарма адабий эстелик болсун деп, кудайга сыйынып
бул китепти түздүм. Китеп — «Девону лугатит түрк».
Мындан туура тогуз кылым мурда М. Кашгарий өз мойнуна алган ыйык милдетти —
адабий эстелик болсун! — деп, кудайга сыйынып жазуу менен ал эстелик кайсы элдердин
эстелиги экенин ачык-айкын атаган элдердин бири кыргыз болуп олтурат.
Ал эми сөздүктүн тексттерин изилдеп көрсөк: андагы сөздөр, ыр, макал-лакаптардын
дээрлик көпчүлүгү кыргыздарга таандык экени талашсыз. Ошол кезде кыргыздын тилинде
сүйлөнүп, сөз казнасына кирип, бирок кийинки кылымдарда «чоочун» тартып азыркы
кыргыздарга анча түшүнүксүз болуп кет-кен сөздөрдү, ыр саптарын, лакап-макалдарды
мындай коюп, дал ушул кездеги кыргыз тилинде өңү өчпөй көп колдонулган сөздөрдү
сөздүктүн бети сайын окуйбуз.
Аппак, кызыл өң, кызыл жүз, өң, раң, өрт, арка-моюн, ант, эм, өш, ич, эт, ыш, ирик,
кысырак, чобур, чекир, өч-кек, ычкыр, угут, от жана башка ушулар сыяктуу нукура
кыргыз сөздөрүнүн тизмеси чексиз. Баарыдан кубанычтуусу тигил сөздөр ошол кездеги
жандуу сөз катарында алынып, сөздүктө алардын ар бирине түшүнүктөр берилген.
Ошондой сөз тизмелери сөздүк-түн аныктамасы.
Жогоруда биз атаган сөздөрдүн түшүнүгү сөздүктө алардын мааниси бир нече сөз же
сөздөрдүн тизмеги менен туюндурулат. Маселен,— өш, өш — өгүзни сугариштэ колдоно
турган сөз. Ыш — түтүн иси. Ирик — дөрт яшка кадам койгон кой. Алп — баатыр,
кахарман. Уч — бирер нерсенин бүтиши. Чо« бур — арзымаган мал. Ич эт — йгерге
ябышыб тура дурган назик эт. Улар — какликнинг эркеги (туура эмес берилген). Эртеэрта, танг, сахар вакти. Абышка — кары чал. Осурган — усиручи, усирик. Шар-шар —
каттык ямгир егиш добуши. Карс-карс кол уриш, чапак чалишдан чиккан овоз. Кездик —
кичкине бичакча. Кысырак — эсирген байтал,..
Ал эми угуму, айтылышы ыргагы өзгөрүп «чоочун» тартканы менен өзөгү биздин тилге
айкаш келип өзүнүн байыркы тегин таанытып турган кыргыз! сөзү сөздүктө сансыз десек
жаңылышпайбыз. Маселен: ува-ооба, арра-заара, ич сөз-сыр, ички сыр, ок йлан — ок
жылан, үгит-насият — үгүт-насият, билги — билерман, акылман...
Бул жерде эске сала турган эң маанилүү жагдай бар. Ал — ошол байыркы түрк
сөздөрүн араб не эски уйгур тамгалары менен жазган кезде сөздүн айтылыш-ыргагы
жазууда «чаты-шып» өзгөрүлүп калышы да ыктымал. Бул жөнүндө, кечээ эле XIX
кылымдын экинчи жартысында академик Бартольд «Ма-насты» кыргыз тилинде, орус
тамгасында жазган кезде ө, ү, ң тыбыштары жетишпегендиктен «Манастын» көп сөздөрү
бурмаланып калган...
Ушул жагдайларды ар дайым эске тутууга биз милдеттүүбүз!
Сөздүктөгү ыр саптарын да иликтеп көрөлү:
Алгил өгут менден, огул ирдам тила,
Бой да улук билги болуб, билгиң ула.
Ушул эки сап азыркы кыргыз тилинде мындайча окулат:
Алгын үгүт менден, уул, жардам тиле,
Турпатыңча улуу билимдүү болуп, билимиңди ула.
Ал эми азыркы өзбек тилинде бул эки сап мындайча окулат:
Угил менден үгит ал, фасилат тиле,
Эл-юрт арасында улуг олим бол, илимиңини таркат.
Түп нускага ушул эки тилдеги көчүрмөнүн кайсынысы жакын турганын окуучу өзү
деле талдасын. Не бул куплетти салыштырып көрөлү:
Алп эр Тоңа өлдиму
Эсиз ажун калдиму.
Эзелки өчин алдиму
Эмди йрөк ийртилур.
Азыркы кыргыз тилинде:
Алп эр Тунга өлдүбү
Эсиз дүнүйө калдыбы.
Эзелки өчүн алдыбы
Эми жүрөк жарылар.
Азыркы өзбек тилинде:
Алп эл Тунга улдими
Ярамас дуне калдиму,
Дүйнө ундан өчини алдими.
Энди юраклар унинг үчүн яраланмакта.
Не:
Ит чекири ат тиер, Ат чекири итке тигмес
деген сөздүктөгү макал менен дал ушул кезге дейре элибизде айтылып келаткан: «Ит
чекири ат кабат, ат чекири ит теппейт» деген макалдын ажырымы кайсы?
Айтор, биз байыркы мурастардан чочулап ага «жат» көз менен карабастан, аны
билгилик менен баамдап, билгилик менен калыс карасак ал мурастардан биз
бабаларыбыздын үнүн угар элек: — «Эй, укум-тукум! Бизден силерге асыл белек калган.
Аны мезгил даты саргайткандыр. Таасын баамдасаңар, аны тааныйсыңар!» — дейт алар
бизге.
Ошондой асыл мурастын бири «Кутадгу биликтен» бирди-жарым куплетти оозанып,
андан алыстай бериш бери караганда илимдин милдети эмес... Азыркы жандуу сөздөрдүн
маанисин так баамдап ошол байыркы «Кутадгу биликтин» тилине салыштырсак, анын
теги бир экени айгине байкалат. Маселен, кыргызда — «Кут түштү» деген кеп бар. Кут —
бакыт, мээрим, жыргал. Кут — куттуу болсун, кут жаасын деген ишеним бар. «Көптү
билген билик» деген макал бар. «Көптү билген билимдүү» деген макал. Ошентип, кут
түшүү — эң чоң бакыт, билик — билим. Ушундан кийин мен «Кутадгу биликти» —
азыркы тилибизде — «Бакыт-мээрим, жыргал берүүчү билим» деймин!
Эмесе, бакыт-мээрим, жыргал берүүчү китепке биз бакты-сыздык менен карабайлык!
Анын байыркы саптарындагы акылмандуулук менен айтылган бабаларыбыздын акылмурас сөздөрүнө үлүштөш бололу. Ата-бабасынын энчисин танган бала береке таппайт!
Дагы бир мисал келтирели:
Улик күндө көркит оларун йузин
Элик туткажу күлгүл элгү сөзин
Сени эрдүгүң тег өгүмөз өзүм —
Сени сенмат өггил кесилди сөзүм.
Муну биз орусчасынан эмес, тигил түп нускадан которгонубузда да бул куплет азыркы
кыргыз тилинде сабы сап, сүйлөмү сүйлөм бойдон өз-өз, ордунда ыргагын, ыр түзүлүш
касиетин бузбай сактайт:
Улуу күндө көргөз алардын жүзүн Элдин туткасы кылгын жакшы сөзүн Сени
болгонундай мактай албайм Сен өзүн мактал кесилди сөзүм...
Эгерде бул куплетти түп нускадан карабай тек орусчадан которгондо сөз тизмеги, күү,
ыргак, ыр айкалышы мынчалык төп келбейт.
Кеп кайсы тексттен которулганда эмес, кемтик — тогуз кылым мурдакы айтылган
сөздү дал бүгүнкү кулак менен угуп туюнушту самоодо...
Жел жортуп, жыл чубуруп замандар озгон сайын эл тили өзгөрбөй бир калыпта тура
берген болсо, анда биз ата мурас-тарын бүгүнкү тилибизге жөндөштүрбөстөн туюнат элек.
Айла канча, турмуштун кыймылдаткыч мийзамы экчеп-чайкап, бардыгын өзгөртүп,
жаңыртып өз эрежесинин ыгына салат тура...
Ошондуктан тарыхый мурастарды да ошол өз мезгилинин көзү менен көрүп, ошол
кездин кулагы менен угушту чыныгы илимий эреже бизден талап кылат. «Илим ийне
менен кудук казгандай» деген макал ошол бабалардан бери келатпайбы?..
Баласагундук Юсуп да, М. Кашгарий да, алардан көп кийинки Бабур да, анын бабасы
аксак Темир көрөгөн да... кыргыз эмес-тир. Алардын бири кыпчак, бири чигил, бир уйгур,
бири барас же дагы бир башка түрк уруусу болсун. Мейли алар жазган чыгармалар, алар
айткан сөздөр ошол уруулардын биринин диалектисин көбүрөөк сактап, бириникин
азыраак сакта-сын. Башка эле шаарларда ал мурастар жарык көрсүн. Ошондо эле алардын
бизге эч тийиши болбой калабы? Айтор алар канчалык «чоочун» болбосун биз алардан
бөлөк-бөтөн эмеспиз. — Кандаш, тектешпиз. Аралаш жашаган тиричилиги бир, ойпикири бир, тили, дили жакын тууган элдерденбиз.
Бул эстеликтер кайсы тилде жазылса да, анда ага биздин бабалар да чоң үлүшүн
кошкону эч талашсыз. Эмесе, кеп — иштин тышкы көрүнүшүндө, тышкы белгилеринде
гана эмес. Кеп иштин ички мазмунунда, өзөгүндө. Аны таасын баамдап, мурастарды
изилдөөдө анын өмүрүнө, турпат-турушуна илимий зергерлик жүргүзгөндө гана
кылымдардын катмарынан күүгүмдөнгөн жүзүн ачып, бабалар күлүп-жайнап тааныла
калар.
«Бабалар» дегенимде, мен, тигил мурастарды нукура кыргыздыкы — биздики дегенди
айтпаймын. Азыр бизге күңүрт көрүнгөн «талаш» маселелердин даана, так көрүнүп, аны
жарат-кан элдердин асыл элеси так тааныларын айтамын!
Кылымдар сапарында биздин бабалар эчен урууларды, элдерди өзүнө үйүр кылды.
Аларга өздөрү да үйүр болду. Ошентип алар мүнөз, жорук түспелдери менен окшошту,
биригишти. Эмине? Не мындай аралашуу эзелтен элдер арасында бол-бой келатабы?
Эмесе, мындан IX—XI кылымдар мурда эле бир тилде сүйлөгөн кыргыз, кыпчак, огуз,
тухси, ягма, чигил, йграк, ярук сыяктуу тектеш эл-журт мурасташ болбой калабы?
Уясын таппаган чыбыйдай тек аргасыз безеленүүдөн алыс болуу үчүн, бизге эң алгач өз
тегибизди жакшылап таанып алуу парыз! Албетте, туркалогия илимин жолго коюу, араб,
фарсы адабиятын билүү, алардын тилин билүү окумуштууга ыйык милдет. Бирок өз тегин
чала тааныш, өз тилин начар билиш, өз мурасын тааныбай аны жериш деле окумуштуу
тургай ар бир эле адамга уят иш! Негедир ушул кезге дейре элибиз-дин эртеги өмүрүн
үйрөнүп, анын мурасын баалоодо өтө эле сак, өтө эле тымпыгый, өтө эле текеберлүү
болуп «эскиге» бышкыра кароо, кээде, бизде чегинен ашат...
— Ит атасын тааныбайт! — деп ошол бабалар айткан макалды эске албасак... кары
тарых алдында уяттуу болобуз. Эмесе, замандар бою мурасташ өткөн бабалардын
«ыркын» бузууга акысызбыз. «Жекечил» болуш азыр бизге жарашпайт. Мурас канчалык
баалуу, өлбөс, сонун болсо, ал ошого жараша бардык элге жагымдуу, сүйкүмдүү, бардык
элге таандык болот. Биздин кай бир мурастар «көчмөндүк кылып» не казакта, не өзбекте,
не дагы бир элде жүрсө, аны кызганыч жарабайт. Андай көрүнүш бизди
сыймыктандырууга тийиш!
«Кыргызстан маданияты» газетасынын бетине пикир алышууга чакырган «Кутадгу
билик» — «Бакыт-мээрим берүүчү билими», «Девону лугатит түрк» — «Түрк сөздөрүнүн
жыйнагы» ж. б. мурастарга кыргыз журту да үлүштөш! Биз ушул мурастарды үйрөнөлү,
баалайлы, сактайлы! Улуу «Манас» баштаган сонун мурастарыбыз темир сандыктарда
катыла бербестен, алар тез эле дүнүйөгө таанылса экен. Бардык улуу-кичүү элдердин
тилинде өмүр сүрсө экен!
1967-ж.
ЖАЛБЫРАК ЖАНА ТАМЫРЛАР ЖӨНҮНДӨ
Мен ар дайым тоо аралаганымда элимдин байыркысы, бүгүнкү өмүрү, келечеги көз
алдымда элестейт. Ушул Улуу Тоо да эл өмүрүнө күбө сыяктанат:
Баатырдын жоого сайдырганы, жоону сайганы да, кыз-жигиттин муң-зары, арзышканы,
ынак өмүр өткөрүшкөнү да, калайык жыйын куруп акылман саймедиреп сүйлөгөнү,
малчынын жаанда шөмтүрөп мал четинде жүргөнү, зергердин алтын иштеп, күмүш
чайыганы, кенчинин көмүр казып, кен эриткени, дыйкандын жер тилип, үрөн сепкени да,
уздун саймасы, токуучунун өрмөгү, чебердин сонун иштери — койчу, элдин бүт
тиричилиги, мүнөзү, бүт касиети дал ушул Улуу Тоодо окулат.
Ар бир эле илимий китепти туюнган туюнуп, баалочу баалаган сыяктуу ушул Улуу Тоо
«китептерин да» окуган окуйт, баалочу баалайт.
Ана, чебер жаралган «пирамидалар», асман мелжиген «мунаралар», сонун эстеликтер
тирүүдөй көз алдыга тартылат! Анын бардыгын жаратылыш өзү жараткан, ошентсе да
канчандыр бир кылымдардын тереңинде адамдын сыйкырдуу колунан жаралган сыяктуу
алар бизди суктандырат, таң калтырат. Биз жаратылыштагы көзөлдүктү көргөн сайын
көргүбүз келет. Бирок, тек сырткы көзөлдүгүнө кызыгып, ички сырын тааныбай калабыз.
Мен мындан Улуу Тоону башка жер-суудан бөтөнчө сыр-дуу, касиеттүү дебеймин.
Биздин укмуштуу планетабыздын ар бир булуң-бурчу, ар бир мейкини, тоосу, суусу
өзүнчө касиеттүү, көзөл. Ошондой эле элдердин дүнүйөсү ошо өздөрү өмүр өткөрүп
келаткан жер-суусуна, чөйрөсүнө мүнөздүү.
Ушундан улам тек ырчынын обонун угуп, анын тоолук, не чөлдүк экенин таанышкан
бабалар. Атчандын атка жүрүшүнө карап анын тоолук, не далалык экенин айтышкан.
Адамдын мүнөзүнө, кыймылына, адатына карай анын кандай жерде өмүр өткөргөнүн
айтышкан бабалар. Ал тургай адамдын жүрөк согушун, ден соолугун баамдап, анын
кандай жерде чоңойгонун айткан табыптар. Биз; бул жерде улуу Абу Али Ибн-Синдин
айткандарын эске алсак жетишер.
Улуу Тоо, Ала-Тоо обочодон караган көзгө жапайы, жылаңач, коркунучтуу, көңүлсүз
болуп көрүнөт. Бирок, сен аны билиш үчүн тоо койнуна өз кишидей киргин. Аны
жакшылап аралап көргүн. Обочодон бопбоз болуп көрүнгөн бул тоолор сага ак пейлин
ачкан айкөл кишидей болуп, өз койнун ачып, өзүндөгү эчен сонун адам таң каларлык
көрүнүштөрүн алдына тартуулайт. Сен ошондо тоо койнунун көзөлдүгүнө аябай
таңданасың. Аны чын дилиңде жакшы көрүп баалайсың.
Кыргыздар дал ушул өз тоолоруна окшош. Сыртынан карасаң, алар — жөнөкөй,
жупуну, жайбаракат басат. Бирок сен, алар менен жакындап тааныш, кишилердин ойпикирин бил, ички дүнүйөсүнө кир.
Анда алар сага кичи-пейилдүүлүгүн, сыр билгилигин, айкөлдүгүн таанытат. Тигил
тоонун көзөлдүгүн тааныгандай эле сен, ошол тоонун эзелки журтунун ак пейилин
тааныйсың, аны жакшы көрөсүң. Анткени бул эл көп кылымдар бою тоолук болуп
келишти. Тоодо эмгектеништи, тоодон ырыс-кешик татышты. Ырдаган ыры, обону асказоолордун жаңырыгын көтөрдү. Тоонун укмуштай таза, салкын жели кишилердин дилине
өттү, пейлин таза сактады. Эзелтен кишилердин жандилине айкашып, жедеп канына,
сөөгүнө сиңип калган элдик асыл салт, элдик адеп-аклак калыптанды. Таланттуу жаш
скульптор Тургунбай Садыков, тек олтурган карыянын олтуруш кебетесинен
монументтикти байкаган себеби да ошондон. Скульптор карыянын сырткы кебетесинен
байкаган сапат анын ички дүнүйөсүнө үндөш. Мына, алар маек куруп жай олтурушат.
Мен бала кезимден ушинтип маек куруп сабырдуу олтурган кишилерди көп көрдүм.
Булардын дал ушул олтуруштарында көзгө илешпес чебердик, кылдаттык, сезгичтик бар.
Ар бири урмат-сыйга ээ. «Аяк ичер улууга аяк ичер кичүү ийкем ызат кылат. Маекти угуп
олтургандардын эч бири сөздү бузбайт. Кепсөз орундуу айтылууда. Акылдуу айтылган
кеп-сөздү ар бири көңүлгө түйөт, өзүнө үлгү кылат. «Акма кулактан кеп агып калат, куйма
кулак куюп алат» деген макал бар. Орундуу айтылган акылдуу сөз баалуу. Орунсуз
айтылган акылсыз, орой сөз бааланбайт. Акылсыз сүйлөгөндү «сен оройсуң» деп шагын
сындыруу болбойт, тек — «Сен сөздү майдалаба!» — деп, ага сөз билген адам аста
эскерткени жетиштүү.
Бирин көзгө ашыра мактоо жок, бирин басып кемсинтүү жок. Адамдардагы ошол
карама каршы эки сапатты тек адамдык бийик сапат менен сездирүү бар. Баарыдан сонуну
— ушул адамдар мейли күн бою олтурушсун, күн бою эчен албан сөздөрдү айтышсын,
бирок алардын ашкан орою да жарты ооз уят сөз айтышка акысыз.
Кокус орой бири олдоксон сүйлөп койсо, аны көпчүлүк жактырбайт. Улуулардын бири:
— Токтот! «Ириген ооздон чириген кеп чыгат?!» — деп койсо болду, тигил орой
жаагын жап басып уялып калычу.
Курдаштар чогулуп өз ара азел-тамаша айтышкан кездерде да, алар тигил улуулардай
адептүүлүк сакташчу. Оройлук болучу эмес, уят кеп-сөз айтылчу эмес. Кокус уят сөздүн
ыңгайы келе калса, анда аны кишилер каймана айтып туюндурат. «Жылуу сөз айтсаң,
жылан ийинден чыгат!» деген макал бар.
Эзелтен келаткан элдик жакшы адепаклак ушундай!
Сөз маанисин туюна баштаган кезимден ушул элдик адепте тарбиялангамын. Окуп
билим алып, мектептен тарбияланган кезимде бала чагымдан сөөгүмө сиңген ошол элдик
тарбия, менин окуудан алган тарбияма жат болгон жок. Мен кабыл алган элдик
маданияттын жугуму менин илимден алган маданиятыма кошумча болду: кош булактын
тунук суусун шимиргендей ракат сездим. Ичимдик ичпегеним, чылым чекпегеним, улууну
урматтап, кичүүнү какпаганым, токтоолугум, сылыктыгым (эгерде алар менде бар болсо)
анын баары баарыдан мурда мага ошол элдик асыл адеп жаштайыман таасир эткенден
болду.
Ушул улгайып калган кезимде да, мен кимдир бирөөнүн оройлугуна атаандашып өзүм
осол айтып алсам, баарыдан мурда ошол элдик адептүүлүк эсиме түшө калат. Ошол замат
уялып кетемин. Кетирген оройлугум үчүн өзүмдү өзүм жемелеймин. Экинчи уят болбоско
бекинип өзүмө өзүм убада беремин.
Кемтикти ачык айтуу — жамандыктын тамырына балта чабат! Кемтикти жашыруу—
жаман жараны ырбатат?!
Тээ байыртан келаткан тубаса элдик асыл маданияттын өзөгү болгон адептүүлүк,
сылыктык «эскирип кетти» деген көз караштын салакасы бизде адамдар менен болгон
мамиледе зыян тийгизип жатканын мен азыр жашырып-жаба албаймын.
Рас, жаңы коомду жаратуу «чыгымсыз» болбойт. Жаңылык үчүн болгон улуу
күрөштөрдө эски дүнүйөнүн чиригин уратууда кээде анын жакшысына, пайдалуусуна доо
кетери ыктымал. Жана аны өз кезинде тез баамдаш кыйын. Биз аны өз башыбыздан
өткөргөн күрөштөрдө сездик. Айрыкча коомдук формациялардын бардык баскычын
басып өтпөстөн туруп эле, жарым көчмөндүктөн — түз эле социализмге эргип өткөн
кыргыз журту өзүнө социализм берген асыл, жарык, түбөлүктүү энчилерди баалап, ага
сыймыктанып
кубануу менен бирге өзүндөгү кай бир жакшы сапаттары өзүнөн тез
«алыстап» баратканын сезип жан ачынат.
Эмесе, биз, жаңы дүнүйөнүн сонун имаратын куруп жаткан кезибизде аны ого бетер
көркүнө чыгарар элдик маданияттын бардык жакшы көчөттөрүн «унут» калтырбайлы.
«...Кыргызстанда адам мамилелеринин маданиятынын практикалык сабагын алуу туура
келди. Мындай сабакты эч кандай басма сөз куралы алмаштыра албасына бекем көзүм
жетти, ошондой болсо да, Кыргызстан калтырган таасирдин эң күчтүүсү жөнүндө — анын
элинин меймандостугу жөнүндө айтпай кетүү мүмкүн эмес» деп жазат өзүнүн «Листья и
их корни» — «Жалбырак жана анын тамырлары» деген жол очеркинде Кыргызстанды
кыдырып чыккан «Советская Культура» газитинин атайын кабарчысы Юрий Бычков.
Бул эң туура! Кабарчы кылдат байкоосунда биздин элдин мүнөзүнө, салтына,
маданиятына тийиштүү эң баалуу жана керектүү нерселерди туура белгилеген.
Адамдарыбыздын адептүүлүгүн, ак пейилдигин, шыктуулугун кылдат көргөн. Элдик
маданияттын жакшы үлгүлөрүн жоготпой сактап, аны өнүктүрүп, аны бааласак —
советтик чоң маадниятка ал салым болуп кошуларын айткан.
Чынында иш ошондой болууга тийиш!
Улуу Октябрь туусу астында бир үй-бүлөнүн ынтымагын чыңап, жаңы дүнүйө жаратып
жаткан көп улуттуу совет элдери тек бир беткей чакырылган «ураан сөздөргө»
канагаттанбайт. Бирин бири ашыра мактап, бирине бири «сыйына» берүүнү четке кагат.
— Бардык жактан элдердин тең укуктуулугу ыйык сакталат. Ар бир элдин үрпадатындагы, салтындагы, мүнөзүндөгү жакшы сапаттар бардыгыбызга тең орток.
Ошондой эле ар бир элдин үрп-адат, салтындагы, мүнөзүндөгү терс сапаттар
бардыгыбызга жат. Кеменгер адам өзүнө өзү сынчылык кылып, өзүндөгү кемчиликтерди
жойгондой эле — биз, совет элдеринин ар бири, өзүнө өзү сынчы болууга тийиш. —Жаш
адам мактанууга тез берилгендей жана кийин андан өзү уят болгондой эле, артык баш
мактана берүү элдин салмагын түшүрөт. Көп-аздыгына карабастан анын жаштыгын
таанытат. Сабырдуулук, калыстык, кеменгердик адамдардагы чоң маданияттуулуктун эң
бийик, жарык чокулары.
Дал ошол бийик чокулар ар бир элдин элдик маданиятында эзелтен урагыс аска болуп
келген. Бардык элдердеги ушул жакшы сапаттарды биз канчалык ыйык сактасак —
формосу улуттук, мазмуну социалисттик болгон биздин чоң маданиятыбыздын чынары
көркөм, көзөл, бийик болуп көктөй бермек.
Жаңы маданияттын ушул сонун чынарларынын арасында тикендүү, зыяндуу отоолор
өсүүгө тийиш эмес! Бирок, ага жетишүү азыр бардык жактан күн тартибинде болсо экен.
Бизде, маданият, маданияттуулук дегенди өтө эле бир беткей түшүнүп, аны өтө
үстүртөн баалочу адамдар көп. Маселен, эч татымсыз сыланкороздонууну, татымсыз
боенуп-жасанынуу, ыргыштап-ойкуштап экиленип жүрүүнү жогорку маданият дечүлөр аз
эмес. Не өзүнүн ички дүнүйөсүнүн тардыгын сезбей тек «дипломдуулугуна»
сыймыктануу, не өзү шаардык болгону үчүн эле кыштакта, элетте турчуларды өзүнөн кем,
өзүнөн—«маданиятсыз» деп эсептешчүлөр бар. Арийне, кыштак менен шаардыктардын
арасында ажырым жок эмес. Бирок, ал ажырымды түз эле маданиятсыздыкка такаш
болбойт. Маданияттуулуктун эң жакшы сапаттарынан болгон кичи пейилдүүлүк,
боорукердик, меймандостук, адептүүлүк шаардыктардан мурда дал ошол элеттиктерде
күчтүү. Муну биз намыстанбай эле моюнга , алалык. Мен эң алыскы айылдарга
барганымда унчугуп сөгүнгөн, уят кеп айткан, эл алдында оройлонгон адамды көрбөймүн.
Тилекке каршы сылыктык жактан шаардыктар элеттиктерден кем түшкөнү байкалат...
Ана, жаңы имарат курулууда. Жаңы тизилген дубал боорунда: — «Коммунисттик
эмгектин бригадасы!» деген чоң жазуу да бар. Катарда мектеп. Баштапкы класстын
окуучулары ойноп жүрүшөт. Тротуарларда адамдар агылууда. Ал эми ушулардын
бардыгын көзгө илбестин тигил жердеги кай бир жумушчулар баарыга угуза бакылдашат.
Оозго албас уят сөздөрдү айтып шалпышат. Кай бир аялдар шалпылдаганда эң уяттуу
эркектин оозунан кеби түшөт. Алар ичүүнү, шалпып сөгүнүүнү өздөрүнчө
маданияттуулук дешкендей. Уят сөздү үч катардап айтуу алар үчүн үч маал тамактанган
сыяктуу?!
Өткөн жылы майда, жазуучулардын IV съездине делегат болуп Москвага бардым. Бош
сааттарды бекер кетирбес үчүн, тынбай кыдырып, борборубуздун соңку жаңылыктарын
көрүп жүрөмүн. Заңгыраган жаңы, жаңы аянттар, түз, кең, таза проспекттер, жаңы метро
станциялары, кең аянттар, маданий жайлар. Деги борборубуздун өсүшүнө —
жаңырышына адам кубангандай, адам таң калгандай!
Адамдарда өзгөрүү чоң. Аларда сылыктык, элпектик, адамгерчилик байкалат. Сага үлгү
болорлук жакшы жактар көп. Бирок ошол көп жакшы жагдайларга көлөкө түшүргөн
кемкетиктер да бар.
Мына жекшемби күнү бактуу аллеяга сейилге чыккан адамдар скамейкаларда
олтурушат. Алар — карыялар, энелер, балдар. Ана, төрт-беш жашар татынакай кыз бала
туйтуңдап мүнөз көрсөттү, тентектенди. Кыздын антип туйтуңдашы өзүнө жарашыктуу.
Мага ал эң жылдыздуу болуп көрүндү.
Ал аңгычакты наркы скамейкада олтурган салабаттуу, жакшы кийинген аял кызды
жемеледи:
— Эмине сага, Светлана! Кыштактын кызы эмессиң?! Сен москвичсиң!
Кыз дагы туйтуң этти. Эне жемесин күчөттү:
— Кыштак кызындай жапайыланбай шүк олтур?! Салабаттуу эненин татынакай
Светланага айткандары мени катуу өкүнттү. Ушул наристеге Светланага кыштактын кыз,
дары энесинин кебинен кийин кандай туюлду экен? Балким, жазыксыз балалык сезим —
кыштактын кыздарын кандайдцр бир жапайы айбанга окшоштуруп калды го?
О, бул салабаттуу эне тарабынан жиберилген не деген осолдук, маданиятсыздык?!
Биздин улуу Мекенибиздин эң алыскы булуң бурчун аралап көрөлүчү. Борбордук эне
кичинекей Светлананы чочуткандай «жапайылык» калдыбы? О, жок! Кыштактар мындай
турсун, биздин өлкөдө адам жашап турган элдүү пункттарга чейин жаңы маданияттын
жарыгы чачыроодо. Бул кезде мейли аралда, мейли Улуу Тоо бийигинде жүргөн эмгекчи
кишилер дүнүйөдөгү бардык жаңылыктарды угуп, окуп, көрүп билип турушат: китеп,
кезит, радио, телевидение жетпеген булуң-бурч калбады. Ал тургай дал ошол четте
жашаган кишилер элдик маданияттын жакшы үлгүлөрүн танбайт, кайра аны бүгүнкү
жаңы маданияттын жаңы өнүмдөрү менен сонун айкаштырат. Ошондуктан, дал ошол
элеттик кишилерден кичи пейилдикти, сезгичтикти, сылыктыкты, күйөрмөндүктү биз
көбүрөөк көрөбүз. Дал ошол жөнөкөй кишилердин арасында бир бирине болгон ишеним,
берилүү бекем, күчтүү. Жолдоштук, достук байланыштар бекем, күчтүү. Дал ушул
карапайым кишилер арасында бирине бири менсинүү, бирин бири жогортон кароо жок.
Ушул сонун сапаттар — эң жогорку маданияттуулук!
Мен бир жолу эң алыскы өзөндөн карагай башыны жолуктурдум. Ал орто бойлуу,
кызыл жүздүү жаш жигит экен. Мен аны кыргыз деген элем. Бирок анын кандайдыр көзгө
илешпес сылыктыгы, сөз менен айталгыс элпектигинен улам сарт калмакко деп шекший
түштүм. Сарт калмак — эң аз эл. Бар болгону жети жүз түтүндөй. Турмушу, тиричилиги,
сырткы көрүнүштөрү кыргыздан айрып алгыс. Бирок ошондой болуп туруп эле ушул аз
элдин өзүнө таандык жакшы сапаттарынын бири — алардын кичи пейилдүүлүгү, өтө
жөндөмдүүлүгү. Сылыктык тек сырткы мамиледе турганалардын сөөгүнө сиңип, каны
менен бирге бүткөн сыяктуу. Ошондуктан сарт калмак кишисинин кыймылында дал ошол
сылыктык эң жумшак сезилет. — «Атаа, ушунун сылыктыгы менде да болсо» дейсиң.
Сырт кейпи кыргыздан айрып алгыс болгон сарт калмак жигит өзүндөгү жакшы сапаты
аркалуу ал мага жазбай таанылганы үчүн мен аны ичимден өтө сыйлап калдым. Жана аны
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Мезгил Сабактары - 07
  • Büleklär
  • Мезгил Сабактары - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3925
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2168
    28.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3835
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1945
    25.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3888
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2004
    26.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2109
    26.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3841
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2050
    24.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3908
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2175
    25.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3879
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2261
    24.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3889
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2322
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3878
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2190
    26.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3881
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2101
    24.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    34.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3844
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2201
    23.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3898
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2270
    27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3957
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2233
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3766
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2212
    23.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3906
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2254
    27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 4040
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2326
    26.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 3980
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2278
    27.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2298
    24.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4011
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2430
    25.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3935
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2383
    26.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 3922
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2456
    24.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3905
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2360
    25.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3793
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2219
    25.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 3857
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2269
    24.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 3863
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2183
    23.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 3856
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2325
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 3866
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2429
    25.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 3971
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2417
    23.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2300
    24.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 3926
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2169
    25.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 3936
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2141
    26.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 3916
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2096
    25.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Süzlärneñ gomumi sanı 3934
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2181
    26.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Süzlärneñ gomumi sanı 2486
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1435
    29.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.