Latin

Мезгил Сабактары - 14

Süzlärneñ gomumi sanı 3766
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2212
23.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
35.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
42.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Эненин кеңешин балдары да текке кетирбеди. Эр жеткен Алымкул азыр колхоздо иштейт.
Ал үйлөнгөн. Өзүнчө үйлүү-жайлуу болуп бөлүнгөн. Ал азыр түтүнгө ээ. Балага ата.
Айтор, Зууракандын балдары ар бири өзүнө буюрган энчисин — таалайын табышты.
Оор жылдарда өздөрүн асырап чоңойткон алп-эненин эмгегин балдары акташты. Баса, өз
болсун, бөтөн болсун ата менен эне баланы ушул үчүн сүйөт да!
Бала сүйгөн Зууракан азыр да куру кол эмес. Азыр анын колунда бир уулу, бир кызы
бар. Экөө тең өзү асырап чоңойткон балдарынын балдары.
Жакында биз алп эненин үйүндө болдук.
— Сараңыз катташабы, эже? — деп сурап калдым.
— Ой, кагылайын! — деди Зууракан мага. — Дале болсо, ата-эне түтпөйт экен. Ошол
кызымды жылыга көрбөсөм көңүлүм түтпөйт. Өткөн жылы өзүм барып келдим. Экөө тең
иштешет. Күйөөсү колхоздо уста. Шифр менен чатырлап, жакшынакай үй салып алышты.
Үч баласы бар. Деле, оңбогурлар акарчакар болушуп өз ара ынтымактуу! Быйыл Сараке
өзү төркүлөп келди. Ал да атасы экөөбүздү көрбөсө сагынып калат. Башкалардан да ошол
кызымдын көңүлү калбаса экен дейм. Адеп күйөөгө кеткенинде атасы экөөбүз
кадимкидей бөксөрдүк. Өгөй болсо да өздөй эле. «Кызым кыялына жараша» дегендей.
Сараке кыялжоругу менен өз ичимден чыккан баладан артык болуп кеткен. «Шагы сынып
калбасын? Ушуга себимди аябайын», деп жууркан-төшөнчү, кийим-кечеси мындай
турсун, ундан өйдө жеткизип турдум.
Баятан үн катпай тим олтурган Иманаалы бир гана айтты:
— Бечара, Сара адамдын ойдогусун билген эстүү балам эле. Ал күйөөгө кеткенде
үйүмдүн бир капшыты көчкөндөй болгон. Ырысы бар экен. Ал да таалайын тапты.
...Эмгекте алп, балага жүрөгү мээримдүү Зууракан жаш кезинде өзү да башынан
кайгылуу күндөрдү өткөрдү. Санатка кошулбас тагдыры тайкы, эртеңкисине үмүтсүз
карып болучу. Эгерде Совет өкмөтү болбосо, Зууракан байбиченин тепкисинде күлала
бойдон көз ачпай өтмөк. Совет бийлигинин тушунда Зууракан сыяктуулар жарык таалай,
өчпөс бакыт табышты. Алардын бири Зууракан туура жыйырма жыл СССР Жогорку
Советинин депутаты болуп келди. Эки ирет Социалисттик Эмтектин Баатыры деген бийик
даражалуу наамга жетишти. Социалисттик талаанын устаты катарында өз өмүрүндө көп
жолу көпчүлүк алдында баяндама менен чыгып, тажрыйбасын элге жайылтты. Бир нече
жолу тынчтыкты жактоочулардын жалпы союздук конференциясына делегат болуп
барды. Партиялык съезддерге делегат болуп, пленумдарга катышып келди.
Кыргыз элинин сүйгөн кызы — Зууракан Кайназарова азыр — «Жашыңда тарткын
мээнетти, карыганда көргүн дөөлөттү» дегендей жыргал турмушунда тынч дем алууда!
Бирок, эмгекти сүйгөн Зууракан эже пенсияга чыккан соң тынч жатпады. Ал дагы бир
жыл иштеди. Дагы бир жолу кызылчадан жогорку түшүмдү берди.
...Элди, жерди, баланы сүйгөн алп аял мээримдүү эне — Зууракан Кайназарова эмгек
менен коштошкусу келбейт. Райондук кеңешмелерге, колхозчулардын жалпы
чогулуштарында сиңдилерине бай тажрыйбасын сүйлөп жүрөт дале!
1960-ж.
КӨРКӨМ ӨНӨР ЧЕБЕРЛЕРИ
Жаз ортосу. Жылдагы салты боюнча кыргыз искусствосунун ишмерлери эл ичине
чыгышты.
Күнгө жекшемби. Жети-Өгүздүн Көк-жайыгы сүрөтчү тарта алгыс көркөмдүктө
чалкалай тартып, кыркырларда, беттерде карагайлар менсинет. Эчен уруу көк кыраң
шибери көлдөй толкуган колоттор, беттер чалкалайт. Өзөндө көбүктөгөн тоо суусун
бойлой жол жатат. Аттуусу атчан, жөөсү жөө — тектир, түзөңүнө эл чогулууда.
Көйкөлгөн шиберлүү түзөңгө токтой калган грузовой машинадан колхозчулар түшө
баштады. Көпчүлүгү боз балдар, келиндер, кыздар. Республиканын эл ырчысы Алымкул
Үсөнбаев машинадан түшкөндөрдү утурлап ырдап чыкты. Анын мингени жалкуйругу
төгүлгөн тору кашка ат, кийгени суусар тебетей, кара баркыт кемзел, курчанганы кемер.
Экинчи тарапта республиканын атактуу ырчысы Осмонкул Бөлөбалаев. Анын мингени
акбоз ат. Кийгени күрөң баркыт кемзел, курчанганы кемер, көк сүлөсүн тебетей. Эки
акындын тең кийгендери галош, маасы. Алар, байыртан сакталып келаткан ырчылык
тартиби менен атчан ырдашты. Көпчүлүктүн назары төкмө ырчыларда.
Алымкул Үсөнбаев көбүнчө жаштарга кайрылып, бир түрмөк ырды баштады.
Осмонкул Бөлөбалаев кайрылган топто, көбүнчө, аксакалдуу карылар бар. Алымкул
ырдаган алымсабак ырдын экинчи куплетин Осмонкул улады. Ушул алым сабак менен
ырчылар ырдын эки же төрт куплетин аткарышкан соң, экөө көпчүлүк алдында катар
турушуп, ырдын аяккы куплеттерин үн алыша ырдашты.
Ырчылар ырдаган ыр — Кыргызстандын маданиятынын көркөм өнөрүнүн өнүккөнүнө
арналган, көлөм жагынан сегиз куплеттен ашпайт.
Ырчылардын толкундуу, жанырыктуу бийик обондору «өнүккөн көркөм өнөрдүн
мыкты өкүлдөрүн көргүлө» деп элди кызыктырып чакырган сыяктуу. Зор ынтаа менен
ырды угушкан калайыктын көз алдында панорама ачылды. Тереңдеги Көкжайыктын кең
төрү декорацияны алмаштырды.
«Айчүрөк» операсынын 5көшөгөсүнөн: Семетей — артист Жапар Садыков, Айчүрөк —
Мустаева. Дирижер — Молдобасанов. Семетей менен Айчүрөктүн дуэтинен кийин
Чынкожо, Толтой колун Семетей сүргүндөй баштады.
Ленин ордендүү мамлекеттик операбалет театрынын тарыхында эң биринчи жаралган
«Айчүрөк» операсы эл дилинде бийик баада кабыл алынды. Анын азыркы биздин көз
алдыбызда аткарылган сценасында көпчүлүк толкун менен ынта коюп көрүштү.
Көрүүчүлөрдүн кубанычына чек жок: илгери умтулган кары аял Семетей менен
көрүшүүгө ашыгат. Ал кол созду. Нак ошол учурда комуз чертилди.
Кыргыз ССРинин эл артисти, комузчу Карамолдо Орозов «Терме камбарканын»
чертти. Байыртан келаткан сонун күү, азыркы Семетей жеңишин куттуктап, өткөндү баян
эткендей. Так безенип, көңүлдү толкутат. Жаңы пейзаж — Түргөн өзөнүн бийик
шаркыратма алмашып, комуз күүсү алыстады. Миң түрдөнүп, эчен уруу гүлдөр кулпурган
жер соорусу. Малчылар арасында Советтер Союзунун эл артисти Абдылас Малдыбаев
Токтогулдун «Өмүрүн» ырдады. Эл аны зор алкыш менен кубатташты.
Малдыбаевди Асек Жумабаев алмашты. Ал Мусанын сонун обонун жаңыртканда асман
чатырады.
Анан үч комузчу — Тыныбеков, Козубекова жана Асановдор «Маш ботойду»
чертишти.
Алардан кийин республиканын эмгек сиңирген артисткасы Мыскал Өмүрканова
көрүндү. Айлана тыптынч. Жалгыз гана Мыскалдын ыргаккан коңур обону жаңырык
чыгарат. Ал Токтогулдун «Алымканын» жана бир элдик ыр аткарды.
Көркөм өнөр элге таандык. Анын алдыңкы өкүлдөрү эл арасынан келишкен.
Ошондуктан комузчуларды, ырчы обончуларды эл чексиз сүйүшөт. Эл өнөрүн улаган
жана аны өнүктүргөн ушулар. Мына, республиканын эмгек сиңирген артискасы Мыскал
Өмүрканованы малчы келиндер алмашты. Өз ынтаалары менен алдыга өткөн үч келин
темир комуз кагышты. Алардын күүсү эмгекке байланышкан — сыбызгыткан ышкырык
короо күзөткөн сактыкты элестетет. Келиндердин темир комузу биз менен коштошкондой
толкун ыргагып, күү алыстай берди.
Колхоздун гүлдөгөн талаасы: мына жемиш бактары, мына туман гүл ачкан плантация.
Күн кечке тартты. Өнүккөн колхоз кыштагы, кең клубуна эл толгон. Мында да көркөм
өнөрдүн ишмерлери келишкен.
Элдик күүнүн негизинде Темиров тараптан иштелген «Беш ыргай» хорун коллектив
аткарат. Дирижер Дөөлөсов башкарган коллектив хорду улантат. Октябрь
революциясынан мурда көпчүлүктүн катышуусу менен аткарылган ыр, хор, бий кыргызда
болгон эмес. Бар болгону комузчу жеке күү чертишчү. Бирин-серин кыякчылар кыяк
тартышып, келиндер темир комуз кагышчу. Жеке ырдагандар болушчу, элден чыгышкан
эчен сонун таланттар, канаттарын кең сермеп элге таанылыштын ордуна, көп учурда бай,
манап тарабынан кордолучу.
Азыр элдин күүсүн жаңырткан «Беш ыргайды» колхозчулар зор кубаныч менен угууда.
Тигине, бир карыя хор бүтө электе алакан чапты. Тигине, экинчи катарда олтурган чоң эне
толкундап кубандыбы, же өткөндөгү жупуну турмушун эсине түшүрүп өкүндүбү,
жоолугунун учу менен көз жашын сүртүндү...
«Беш ыргайдан» кийин жаш композитор Мукаш Абдраевдин «Каракөз» деген ыры
аткарылды. Аны да эл жылуу кабыл алышты. Эне тилинде ырдалган хор кандай
түшүнүктүү, кандай жакын болсо, кыргыз эмгекчилери классикалык чыгармаларды да
азыр ошондой түшүнөт, анын өкүлдөрүн чексиз сүйүшөт.
Мына, орустун улуу композитору Чайковскийдин сонун музыкасы угулду. —
«Ночевала тучка золотая» — Жумакматовдун башкаруусу астында аны коллектив
аткарды.
Элдик аспаптардын бири кыл кыяк. Анын өзгөчөлүгү уккулуктуу кайрып, обонду так
келтирди. Кыл кыяк биздин ата бабаларыбыз тарткан байыркы аспап.
Мына кыякчы Бекмуратов «Перизатты» тартты.
Элдик бай обондорду иштеп пайдалануу менен классикалык опералардан биринчи
иретте орус элинин ишмерлеринен таалим алып, кыргыз көркөм өнөрүнүн жаш
өнөрпостору чеберчиликти өздөштүрүүдө. Мамлекеттик опера жана балет театрынын
сахнасында азыр кыргыз элинин улуттук опералары дайым көрсөтүлөт.
Мына, артист Кыдырбек Чодронов. Ал, «Көл боюнда» операсынан Жапардын ариясын
ырдады.
Мына жаш артистка — Бекмуратова симфониялык оркестрдин узатуусу менен үнүн
дирилдетти. Аны көпчүлүк жылуу кабыл алды.
Сахнада Кыргыз ССРинин эл артисти — Ыбрай Туманов. Ал элдик күүлөрдү сонун
аткарат. Өзү да эчен сонун күүлөрдүн автору. Азыр Ыбрай атактуу «Паравозун» чертти.
Такбезенген «Паравоз» күүсү, биздин көз алдыбызга станциядан жөнөй берген поезд
составын элестетти. Күү эпкиндеген сайын локомотив жүрүшүн тездетти. Ана, станция
элестейт, улам акырындап, улам жайлап станцияга токтой калган паравоз көз алдыда.
Күү толкуткан «Паравоз» биздин республиканын борбору — Фрунзеге алып келди.
Фрунзе бактуу шаар. Көчөлөрдү бойлой менменсинген эчен кырка эмилдер, теректер,
каражыгачтар, акчечектер, кайыңдар жана башка көрк кошкон жыгачтар эки, үч катар
үйлөрдү көрсөтпөйт. Күн чак түш. Дзержин проспектиси көлөкөлүү, көркөм, салкын.
Мына, Панфилов атындагы парк. Мына, жазгы театр.
Залда бош орун жок — эл жык толгон. Көшөгө ачылды. Дирижер Миронович.
«Чолпон» балети. Музыка сыбызгыды. Кечээки колхозчунун кызы Чолпон Жаманова
бүгүн балерина. Балет өнөрүнүн татаал чеберчилигин өздөштүргөн Чолпон көрүүчүлөрдү
өзүнө тартты. Көпчүлүк ага урмат менен алакан чабышты.
Мына, республиканын эл артискасы Сайра Кийизбаева. — Ленин ордендүү опера жана
балет театрынын мактанчыгы Сайра, дүнүйөгө таанылган «Чио-Чио-Сан» операсынын III
актысынан Чио-Сандын өлөр алдындагы ариясын өтө чеберчилик менен аткарды. Оркестр
дирижер Жумакматовдун жетекчилиги менен жүрдү.
...Ысык-Көл жээги. КойСары. Жээктеги жаш тал, жаш теректердин жалбырактары
желге дирилдегенсийт. Дем алуу үчүн келишкен жумушчулар, кызматчылар, колхозчулар,
окумуштуулар, студенттер жана башка кесиптеги кишилер чогулган.
Панорама.
Көл бети көгүлтүр тартып, кээ жери нурга чагылышып, жылтыраса, кээ жеринде
чыбырчыктап тармалданган майда толкун. Аянтта Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген
артисткасы Бүбүсайра Бейшеналиева «Красный мак» балетинен бий аткарат. Анын чебер
кыймылы көрүүчүлөрдү суктандырды.
Улуу партиябыздын жетекчилиги астында Социалисттик Кыргыз Республикасынын
маданияты, көркөм өнөрү өнүгүүдө, өсүүдө. Опера жана балет театрынын сахнасында
жакында «Жаш жүрөктөр» операсын койду.
Мына, республиканын эл артисткасы Мариям Махмутова жаңы операдан колхоз
председателинин ариясын аткарды. Мариямды көпчүлүк жаштардын бийи алмашты.
Балеттеги жаштар бийи бирде көзгө илешпеген закым сыяктуу көрүүчүлөрдү өзүнө
тартса, бирде алардын кыймыл айкалышы, күчтүү темпи көңүлдү толкутту.
Жазгы театрдын сахнасы. Опера жана балет театры менен мамлекеттик
филормониянын солисттери биригип катышкан чоң коллектив «Партия жөнүндө сөз»
деген хорду аткарышты. Музыкасы Абдылас Малдыбаевдики, дирижер Жумакматов.
Хор элдик гимн катарында зор да, кайраттуу да, терең да, салтанаттуу да. Аны зал
толгон көрүүчүлөр толкун менен кабыл алышты.
Жай көшөгө.
УЛУУ АДАМ
Өткөн замандарда кыргыз элинен чыгышкан акындар, комузчулар, кыякчылар,
чеберуздар, даанышман чечендер, жомокчулар, манасчылар көп болушкан. Жыл, ай, күн
эсебин тактап, аба ырайынан, жылдыздардан, жанжаныбарлардын тиричилигинен,
мүнөздөрүнөн белги тутуп, эсеп жүргүзүп кыштын жумшак болорун, жай, жаздын
жаанчыл не кургак болорун, күндүн бүркөк, бороондуу не ачык тынч болорун алдын ала
эсептеп билишкен санатчылар ( күлүк таптаган саяпкерлер, кыраан таптаган
мүлүшкерлер, коомдук турмушту, калайыктын тиричилигин, адамдардын жаман-жакшы
касиеттерин терең баамдап сындан өткөргөн көрөгөч сынчылар... айтор бардык элдердей
эле байыртан бери элибиздин калың катмарынан ар кыл чоң өнөргө шыктуу, кеменгер
адамдары ар заманда болуп келген.
Бирок, чоң өкүнүчтүү жагдайы көчмөн турмушта жашаган элибиздин өз эне тилинде
басма сөздөрү өнүкпөй ооздон оозго айтылган албан көркөм ырлар, жомоктор, баяндар аз
сакталды. Колдон колго чертилген сонун күүлөр, сүйлөнгөн эчен албан уламыш кепсөздөр сыяктуу акылдын асыл табылгалары жат сакталып, бирок сур кылымдардын
канатынын күүлөрүндө кошо серпиле бизге жеткени жетти. Жетпегендери тээ келберсип
кербез уктаган Улуу Тоо койнунда салаадан чубурган мончоктой чачылып, кылымдын
калың шиберине житип таптырбай калды. Ошентти. Өткөндөгү эчен зор таланаттардын,
акылман көсөмдөрдүн асыл иштеринин көбү бизге жетпей алардын эң мыктылары тээ көз
учунда өчүп таамп араң бүлбүлдөгөн жылдыздардай жылтылдап: «Токтогулдай ырчы бол,
Толубайдай сынчы бол!» — деген лакап түрүндө элибизге тарап, алардын иштери
легендага айланып, эл оозунда айтылып калды. Уламышка караганда мындан беш жүзбү,
алты жүз жылбы мурда элибизде Токтогул деген зор ырчы манасчы болуптур. Ал
ырдаганда булбул үнү кубулжуп, ал «Манас» айтканда угуучуларды бирде жыргатып
кубантып, бирде ыйлатчу экен. Үнүнүн бийиктигинен, обонунун ыргактуу эпкининен,
сөзүнүн көркөм күчүнөн боз үйдүн үзүк туурдуктары делпилдеп, уук-керегелери кычырап
кетүүчү эле дешет. Ошол байыркы Токтогул «Манас» жомогунан бир эле Манастын ак
ордосун сүрөттөгөн кезде анын уук-керегеси кандай токойдон өсүп, аны кандай
жыгаччылар кантип жасаганын жарым күн сүрөтөөчү эле дешет. Арийне, мында
апыртылган болсо да, зор таланттын улуу күчү макталганы айгине. А тигил Толубай
сынчынын даанышман сынчылыгын Алыкул Осмонов өзүнүн «Толубай» деген
поэмасында эң сонун баяндайт.
Ошолордой лакапка, легендага айланган эчен таланттардын акылы жараткан эчен албан
сонун жомоктор, баяндар, күүлөр жат сакталгандары элдик мурас болуп бизге жетти. Дал
ошол элдик мурастардан таалим алышып элибиздин улам бир шыктуу таланттуу балдары
тарбияланды. Алардын бири өткөн кылымдын экинчи жарымынан биздин кылымдын
отузунчу жылдарына чейин жашап өткөн кыргыз элинин улуу демократ акыны Токтогул
Сатылган уулу.
Токтогул бала кезинен эле шыктуу, курч сөздүү, мукам кубулжуткан сонун акын, колун
ойнотуп эчен албан салттуу, шайыр күүлөрдү безеленткен чоң комузчу катарында
калайыкка таанылат, калың букарага жагат. Кембагалдардын таламын жактап, алардын
муңун, зарын бөлүшкөн тайманбс жарчысы боло баштайт. Байыртан келаткан акындык
салтта Токтогул көп жыйылган жыйындарда ат үстүндө элди, жерди, эрдикти даңктап
эчен салт ырларын, насаат ырларын, бир айылдын адамдары чогулган дөбөлөрдө, боз
үйлөрдө комузда колун ойното «Алымкан» сыяктуу арзуу лирикаларын, адамдардын
кыял-жоруктарын, кулк-мүнөздөрүн таамай элестеткен эң шайыр, эң күлкүлүү ырларды,
элдик уламыш-жомокторду, эл ичинде болгон кызык окуяларды комузга кошуп ырдап,
нечен, курч «мурчтуу» кеп-сөздөрдү чубурта куудулдук кыймылдарын кошо маштай
олтургандардын кумарын жазган. Күлбөстү күлдүргөн Током, ошентип, кайгылуунун
көңүлүн ачкан.
Ал эми беш камандардын жалаасына калып, «Айланган тоонун бүркүтү ак жерден
торго чалынганын» көз алдыга тарта «Айдоодогу» ырларын, саясы лирикаларын, Атаконушуна, кыргыз элине, энесине, өмүрлүк жарына, баласына арнаган ырларын мукам
үнгө салып комуз күүсүнө кошо безеленткен кезде аны угуучулар жеке ырчынын өз
башындагы кайгылуу окуяны гана сезбестен эки жактап эзилген кыргыз кембагалдарынын
көргөн күндөрүн, тарткан азаптарын — оор тагдырларын көз алдыларына келтирет. Байманаптардын, ак эшендердин, падышалык чиновниктердин кара букараларды алдап,
аларды аёосуз эзгендерин таамай мүнөздөп, жалтанбай алардын айыптарын беттерине
басып, алдамчы, эзгич жоруктарын таамай мүнөздөп ырдаган акындын курч сөздүү, бийик
көркөм ырларынын таасири кедей-кембагалдардын таптык сезимин ойготту. Эзүүчүлөргө
каршы калың букараны тайманбас таптык күрөшкө чакырды. Жеке саясий лирикаларында
эмес, «Кедей хан» поэмасында, не санат насыят ырларында, Эшмамбет сыяктуу замандаш
акын-ырчылар менен беттешкендеги алымсабак айтыштарында, сүргүндө жолдо
бараткандагы, не жер-сууну сүрөттөп элге-жерге кайрылып ырдаган ырларында, не
жашчылыкка арнаган арзуу ырларында болсун, айтор улуу акындын булбул, тили
берметтей чубурткан көркөм чыгармаларынын идеялык мааниси таптык жикти ажырата
так баяндоодо. Акындын көп чыгармалары тек көркөмдүк касиети менен окуучунун
сезимин чымыратып койбостон, аны толкутуп, аны терең ойго салып, ага өз доорунан
туура маалымат берип, анын билимин арттырып, ага акыл кошот. Ошентип, улуу акындын
ырларын тек «эрмек» үчүн окуп коё албайсын. Анча-мынча сезими бар окурман акындын
чыгармаларын окуй баштаганда эле, өзүнөн өзү аны талдап, ар бир ырдын жаралган
себебин изилдеп, анын терең маанисин даана түшүнүп, аны үйрөнүп, билип алууга
тырышат.
Себеби, улуу акындын көзгө көрүнбөс бул зор касиети жеке эле анын акындык
талантынын курчтугунан не анын акылынын тунуктугунан эмес (албетте, жарык таланты,
тунук акылы Токомо сыйкырдуу канат берди). Ошентсе да ошол акыл, талантты туура
асырап, таза сактап улам тереңдетип, улам таптап курчутуп турган акындагы асыл
сапаттары — дилин, тилегин, үмүтүн, чоң максаттуу асыл иштерин жалпы элдик жарык
мүдөөлөргө айкалыштыра билгени. Бул, кат тааныбаса да акылга дыйкан кеменгер
адамдын колунан келер улуу адамдык касиет!
Замандар бою ички жана тышкы душмандары менен күрөш жүргүзүп, өз
эркиндиктеңдигин талашып, бирде каруулу тартып, бирде алдырып жүдөп, кайышып
келаткан күрөшчүл, түйшүкчүл эли менен кошо Токтоогул тагдырлаш болду. Өз элинин
байыртан сакталып келаткан элдик бай мурастарын үйрөнүп, андан таалим алып, аны
улантуу менен өз чеберчилигин арттырып, калың калайыктын мүдөөсүнө чыгуу — өзү
ошол эмгекчил элдин арасынан чыккан Токтогулдай акылман зор адамдын колунан келет.
Кай бир жеке өз кызыгын көздөп бийликке сыйынып, кара-өзгөйлөргө шыйпаңдап, элден
ажыраган көшөкөр ырчылардын сазайын колуна берүү менен Токтогул өзү эл талабын
жактап, эзүүчүлөрдү айыптап, эмгекчил букараларды даңктап, майышпас тиректи өзү
дайым элден алып турду.
Ошон үчүн Улуу акындын сонун чыгармалары элдик асыл мурасы катарында
бааланып, панардай жанган заманда акындын жарык жылдызын түбөлүк өчпөс кылып
кыргыз асманына учурду!
Сөз нурун чачыратып жана бер, асманымда, элимдин жарык Жылдызы!
1965-ж.
АСЫЛ МУРАСТЫ УЛАНТКАН ЗАЛКАР МАНАСЧЫ
«Манастын» кыскартылган вариантын редакциялап жүргөн кезибиз. Манасчылар,
адабиятчылар, окумуштуулар менен дайым жолугушуу, пикир алмашуу болот.
Заманыбыздын улуу манасчысы Саякбай Карала уулу менен биздин байланыш артыкча
күчтүү. Себеби, «Манас», «Семетей», «Сейтек» аталган улуу баян Саякбайдан толугу
менен жазылган. Көркөмдүк касиеттери, маанисинин тереңдиги жагынан да Саякбайдын
варцанты башкалардан салмактуу. Дал ошол эмгеги үчүн биз зор манасчыны сыйлайбыз,
барктайбыз. Ага жараша Сакемдин ачыкайрым сөзмөрлүгү, тамашакөйлүгү, өтө
жөнөкөйлүгү бизди өзүнө «курбу» кылып койгондой... Айтор, Сакем келгенде биз
жадырап-жайнап жаныбызга зор адамдын келгенине бир жагы сыймыктана түшөбүз.
Бирок улуу манасчынын жөнөкөйлүгү, салмак менен айтылган алп сөздөрүнүн
жандуулугу, элестүүлүгү, сыйкырдуу күчү, жумшак күлкүсү бизди ошол замат өзүнө
тартат. Биз улуу сөздөрдүн кенчине батып жыргап калабыз. Көңүлдү ачып кубантып,
күлдүрүп, ойлонтуп коюучу баалуу сөздөрүн улам уккубуз келип Сакеме тийишип, ал
кишини кепке чакырабыз.
Саал мурчуя калган Сакең калкандай сулуу мурутун бир-эки жанып алгыча күймөлөт,
анан кумдай чубурган асыл сөз түрмөгүн салмак менен лап-лап таштай берет. «Манасты»
коюп Сакең бир болгон аңгемеден кеп салсын. Тек көз алдыңа сени чымыраткан,
жаныңды жыргаткан элес келет, кооз сүрөт тартылат.
Биз бир келгенинде дал ошондой сөзүн уккубуз келип Сакеме тийиштик:
— «Манасыңызды» баштан аяк окуп жатабыз, Саке. Кээде унутуп кетет көрүнөсүз. Бир
айтканыңзыды эки айтып коймой жайыңыз бар экен. Ал эмнеңиз?
Саякбай ошол замат чалкалай калды. «Э, акмактарым» деп угуза айтпаган менен
чарасында кайнаган кичинекей көздөрү алыска серпиле, саал өкүнө, кыжырлана кескин
айтты:
— Э, кагылайындар, «а» деген тамганы тааныбайм. Кол кой десе, сүйрөлтүп чокмордун
сүрөтүн тартып коюп эптеп «канарар» алып жүргөн курган баш. Бабаңардын жомогу
чытырман токой экен, кээде адаштырса, адаштырып салгандыр. Анын эмнесине тыңсын
асыңар?! Академик, жазуучу, окумуштууңар бир үйүр болуп олон беш жылдан бери силер
чуулдап жүрөсүңөр. Кагаздын бетине түшүп, темир сандыктарда катылган мурасты
эмдигиче элге берип койдуңарбы?!
Биз жапырт күлгөн болдук. Бирок бул айласыз, аргасыз күлкү?! Баса, айтса-айтпаса
төгүнбү? Тээ отузунчу жылдын башында эле ушул Саякбай Карала уулунан, Сагымбай
Орозбак уулунан «Манас» жомогу жазыла баштабады беле. Ошондон бери улуу кичүүсү
болуп ондогон жомокчулардан бардыгы бир миллион ыр сап көлөмүндө ондон ашык
вариант жазылып алынса да, кайра элге жетпей тек кол жазма түрүндө фондунун темир
шкафтарында катылып турганы да чын. «Манастан», айрыкча «Семетейден» кээ бир келки
жомоктору өзүнчө китепче болуп басыла койгону болбосо, улуу баянга күчү даап, аны
редакциялап, тактап толугу менен басмадан чыгарууга эч ким дитинбеди. Ушул азыр да
(тигил курама төрт томдукту эске албаганда) элибиздин ушул улуу баяны нукура
табийгый касиеттери менен мүмкүн болушунча толук түрдө, мүмкүн болушунча өзүнө
таандык сүрөттөр менен кооздолуп, шарттуу түшүнүктөр берилип академиялык
басылышы эмдигиче ишке аша элек. Дал ошол нукура тексттен улуу баян эмдигиче орус
тилине жеткилеңдүү которулган жок. Айтор, бул өкүнүчтүү иш. Неси болсо да элибиздин
бир нече кылымдык өмүрүн, тиричилигин, жер-суусун терең баяндаган ушул улуу
мурасыбыз негизинен толук жазылып алынганынын өзү кол жазма түрүндө болсо да
сакталып турганы көңүлгө төтөп... Себеби, «Манас» ошол катылып жаткан калыбында
жоголуп калгыдай, не ар кимдин энчисине таандык болуп кеткидей чамалуу нерсе эмес.
Биз «Манасты» атаганда элибизди тааныйбыз. Элибиздин эртегисин ойлоп көз алдыга
келтирсек «Манасты» эстеп, ушул «Манас» аркылуу өткөн өмүрдү көрөбүз. Ордолуу
журт, аймактуу калк атанып бир кездерде өзүнчө мамлекетке ээ болуп турган кыргыздар
кээки ички бийликтин ириткенинен бел алдырбай, сырткы жоонун кандуу чабуулунан
тайманбай айкаштарда бирде алып, бирде алдырды. Замандар бою калайыкты катуу
коогага салган кыргыздардын, бүлүнүүнүн кесепети түптүү журтту бөксөртү, аздырды,
тентиретти. Ага коомдук өсүштөгү тарыхый шарттар айкашты — жер титирөөдөн улам
урап түшкөн зоодой жоокер журттун ордосу да урап, чачырап бөксөрдү, басынды...
Ошентсе да башынан жоокер өсүп калган түптүү журттун тукуму биротоло жоголуп
кетпеди. Кээкилер аныктагандай алар жапайы да болгон жок. Ошол чачылган, бөксөргөн
кезинде анын байыртан салт болуп келаткан жоокердиги эми көркөм сөз баянына
алмашты. Албетте, ошентти! Себеби, ар бир эле эл өз башынан өткөргөн тарихий зор
окуяларды көркөм баяндаган, аны ошол учурдун чебер белгилери менен тамгаланган
мурасты, эстеликтерди жаратат. Биздин баамыбызда «Манас» жомогу да элибиздин дал
ошондой кырдаалда турган кезинде өзүнүн баштапкы башатын ачкан болуу керек.
Чынында да ал дал ошондой. Буга, биз күмөн койбойбуз. Ал тургай, «Манас» өз
доорундагы элдик маданияттын жалкысы эмес. Баатырдык күрөштөрдү көркөм баяндаган
ушул залкар жомокту ого бетер шаңдантып, аны күүлөп, аны коштогон ошол баатырдык
мезгилди күүгө келтирген алп обондорду, залкар күүлөрдү баатырдык сонун музыканы
жараткан. Ал музыка өз тушунда сурнай, жезнай, комуз, кыяк, чоор, сыбызгы сыяктуу
элдик күү асбаптары аркылуу аткарылып, элибиздин баатырдык жомокторуна шаң
кошкону айгине! Ал гана эмес, колунан көөрү төгүлгөн чеберлер тарабынан жыгачка,
ташка тамга калтырганы; баатырдык асбаптарда, кийимдерде сайма көчөт, оюу сызуу
болгону; алтын, күмүш, колодон жасалган буюмдарга баатырдык белгилер, түрлөр
чөгөрүлгөнү, не элибиздин байыркы жазуусу менен жазылып калган баяндар, адамдардын
өмүр тиричиликтеринин белгилери болгонун биз ушул улуу баяныбыздын кенен
мазмунунан айгине сезебиз. Айтор, жеке эле журттун башынан өткөн зор окуяларды, нет
душмандан кыйырды коргогон кол башчылардын баатырдык салгылаштарын,
жортуулдарын; жеке эле журттун тиричилигин, комдук түзүлүшүн, уруулардын талаш
тартыштарын; жеке эле адамдардын бир бирине болгон катнаштарын, аруулар менен
баатырлардын арзууларын, алардын ашыктык жалындарын, абышка кемпирлердин
акылдуу кеңешин, күлкүлүү окуяларды; жеке эле алптардын залкар кешпирлерин, атын,
тонун, кыял-жоругун; жеке эле жер-суунун элестүү сүрөтүн, койчу, эчен албан баалуу
нерселерди бизге жеткирбестен, ошентип, элибиздин байыркы обонун, күүсүн,
музыкасын, байыркы бийин, сүрөтүн — байыркы маданиятын эч айныбас, эч оңбос, эч
бузулбас элдик мурас — элдин көркөм тили менен улуу баян түрүндө бизге жеткирди!
Эмесе, бабаларыбыздын жомогу «Манас» улуу манасчы Саякбай баамдагандай
чытырман токой экендиги да рас! Болгондо да бизге дал таанылбай күңүрт калган
кылымдарды жортуулдап өткөн жоокер элибиздин татаал өмүрүн, анын байыркы
маданиятын кеңири баяндаган маданият токою!
Элибиздин калың катмарынан чыккан укмуштуу зор таланттар, улуу жомокчулар бул
асыл мурасты кылымдан кылымга калтырып, ооздон оозго өткөрүп, өнүктүрүп, кооздоп
келишти. Атаганат, биздин ушул сонун мурасыбыз эч болбоду дегенде Дыйканбайдын,
Акылбектин, Чойкенин, Тыныбектин, Сагынбайлардын айтууларында толук кагаз бетине
түшүрүлгөн болсо не? Биз анда азыркыдан да көтөрүңкү сыймык менен сөз чеберлерин
сонун өстүргөн көркөм сез токоюн аралай бирине бирин салыштыра, бирине бирин
толуктата, азыркыдан артык кызыгып, суктанып, мактанып, сыймыктанып, бизге асыл
мурасты сактап берген ошол улуу бабаларыбыздын ысымдарын азыркыдан да ыйык
баалайт элек! Арийне, бай токойдун ар бир чынары өзүнчө бай, өзүнчө көрктүү, өзүнчө
баалуу, өзүнчө асыл болорун ким билбейт.
Ошентсе да биз ага азыр анча өкүнбөйбүз Бизге дейре көздөрү өтүп кеткен Дыйканбай,
Акылбек, Чойке, Сагынбай, Тыныбек сыяктуу жарык таланттардан таалим алган
заманыбыздын эң зор таланттуу манасчысы Саякбай Карала уулунун айтуусу боюнча
«Манас», «Семетей», «Сейтек» толук жазылып алынган. Азыр колдогу улуу мурасыбыз —
кээки адамдар үстүрт болжогондой али ар кайсы үзүндүлөрдөн, курамалардан
жыйнакталган, алда кимдер тарабынан дагы далай иштетилүүнү талап кылычу «чийки»
материалдар эмес, бардык жагынан жеткилең, эң жогорку көркөмдүктөгү сонун баян.
Тескерисинче, «Манас» бардык жактан жеткилең эң сонун элдик чыгарма! Рас турмушту
кеңири камтып, эң таасын, эң көркөм сүрөттөлгөн көп окуялуулугу, көлөмү жактан
эбегейсиз чоңдугунанбы? Бир окуяны улам кайталап эл ичинде көп айткан манасчы
тарабынан жазылган кезде, ал киши, баянга шартуу, закондуу кайталоолорду жиберүү
менен кээде ал өзү айткандай «Чытырман токойдо» жаздым кетирип, кээки эпизоддорду,
айрым сүрөттөөлөрдү кайталап койгону да бар. Эгерде, биз муну жазма адабияттын
жаралышына салыштырсак, тек ташкындаган таланынын күчүнөн улам ээлиге олтуруп,
«Буркан-шаркан түшкөн» зор жазуучу, көп татаал окуяларды сүрөттөөдө турмуштук
элестерди, адамдардын кыял-жоругун, алардын ички дүйнөсүн ачууда берилүү, кызыгуу,
толкундоо натыйжасында өзүнүн чыгармачылык бай түшүмүнө байкоосуздан өзү чөмүлө
түшкөн сыяктуу биздин алп манасчыбыз да, калкандай муруттарын жаный сала, бармак,
сөөмөйүн тегеректеп кайнаган өткүр көзүнө дүрбүчө кармай берип, тээ алыска — арттагы
күңүрт кылымдарга чабыттай, бабасы айкөл Манастын, акылман Бакайдын, алп Сыргак,
Чубак, Алмамбет, Семетейлердин кошунунда өзү бирге бараткандай албырып, алкынып,
күпүлдөп, жандили менен оргуштаган таланттын кызуусуна бериле алп сөздөрдү төккөндө
алтындын кумундай чубурган көркөм сөз чагылышына бирин-серин кумташ аралап
кетери да шарттуу иш. Тереңден кайнаган кайнар катуу атылган сыяктуу, чамынган
талант кээде ошентип ээ бербейт. Антпесе, алп акын асыл сөздөрдү сүрөттөп төгө да
албайт. Ыйынып-ычкынып, тирмийип, кекечтенген менен шыктын бактысы ачылбайт.
Эмесе, «Манастай» асыл мурасты баалуу касиеттери менен толук насиптей сактап
бизге өткөзгөн Саякбай Карала уулунун жеке эле улуу манасчыбыз эмес, оргуштаган
талантты асыроочу баамчыл, кеменгер зор акын! Ал жеке эле баатырдык баяндарды эмес,
өз өмүрүнөн, замандаштарынын өмүрүнөн, мүнүшкерлик турмуштан көркөм, элестүү
сүрөттөгөн бир катар баалуу чыгармалардын да автору.
Акындык зор таланты, актерлук күчтүү шыгы шаймашай келген биздин Саякбай өзү
айткандай билимге каныкпаса да, башынан көптү өткөрдү. Мурунку өткөн зор
манасчылардан үлгү алды. Не боз үйдө, не дөбөдө олтурган аз чөйрөдөн тартып чоң
театрдын сахналарында, миңдеген калк чогулган аянттарда күүлөнө күпүлдөтө, алптарча
айкыра «Тай торунун чапканын», «Каныкейдин жомогун», «Семетейдин балалык чагын»,
«Айчүрөктү» айтор улуу баяндын эчен сонун келкилерин, бөлүмдөрүн айтты. Саякбайдын
аткаруусунда «Манасты» анын сөзүнө түшүнгөн жеке эле кыргыздар, казактар, өзбектер,
татарлар тургай орустар, кытайлар, немецтер, француздар, арабдар, индустар, чехтер,
перстер, түрктөр... конференцияларда, эл аралык илимий форумдарга катышкан ар кыл
улуттардын окумуштуулары, дүйнөнүн жазуучулары, журналисттери, жалпы эле көп
элдин өкүлдөрү зор ынтаа коюшуп, түшүнгөндүк менен бийик баалап угушту. Ооба, биз
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Мезгил Сабактары - 15
  • Büleklär
  • Мезгил Сабактары - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3925
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2168
    28.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3835
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1945
    25.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3888
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2004
    26.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2109
    26.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3841
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2050
    24.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3908
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2175
    25.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3879
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2261
    24.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3889
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2322
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3878
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2190
    26.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3881
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2101
    24.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    34.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3844
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2201
    23.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3898
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2270
    27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3957
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2233
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3766
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2212
    23.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3906
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2254
    27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 4040
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2326
    26.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 3980
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2278
    27.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2298
    24.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4011
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2430
    25.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3935
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2383
    26.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 3922
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2456
    24.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3905
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2360
    25.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3793
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2219
    25.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 3857
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2269
    24.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 3863
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2183
    23.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 3856
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2325
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 3866
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2429
    25.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 3971
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2417
    23.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2300
    24.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 3926
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2169
    25.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 3936
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2141
    26.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 3916
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2096
    25.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Süzlärneñ gomumi sanı 3934
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2181
    26.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Süzlärneñ gomumi sanı 2486
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1435
    29.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.