Latin

Мезгил Сабактары - 20

Süzlärneñ gomumi sanı 3935
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2383
26.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
39.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
45.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
угун бойлой ар күнүнө алтымыш миңден ашуун адам иштегенде, жер казуу жумушунун
оордугу, татаалдыгы сезилген эмес. Жашыл түздөрдү, саздактарды басып, дөбөчөлөрдү
кертип, тереңтерең коолорду толтуруп, кыштактарды жээктей өстөн угу созула берген.
Кызылтазыл кийинишкен аял-эркектер алыска-алыска жыбырап, өстөн үстү кызгалдактай
жайнап туруучу. Бирде келин обон созсо, ага жигит кошулуп — эмгек ыры уланып,
адамдар көңүлдүү, иш кызуу — майрамдардагыдай жумуш үстү шаңдуу... Күн өткөн
сайын кызыл туулу бригадалар көбөйүп, күн өткөн сайын өстөн боюна жаңы-жаңы туулар
көтөрүлүүдө. «Улуу курулуш тездик менен бүтсө, суу бурулса, талаачөлгө суу жетсе, жер
бети көгөрсө, жашарса деген тилек куруучуларды шаштыргандай. Кечинде шаардан
артисттер келишип, концерт беришип, көчмөн театр ачык талааны сахна кылып, спектакль
коюп кетишкенден кийин да өз-өз участогуна чыгып иштеп жүргөн адамдарды көп
жолуктурабыз!
Эч-эчтекеден кабары жок, кызуу эмгекте кургак жерлерге суу чыгарышып, мекенди
гүлдөтүшкөн башканы ойлошпой таң-азандан канал боюнча чыгышкан аял-эркектер
кызуу иштеп жатышкан кезде:
— Согуш! Гитлер биздин чекке түн каракчысындай капыстан кол салды! — деген кабар
жетти.
Алп күч менен тынч эмгекте жүргөн кишилер суук кабарды ачуу өкүнүчтө тиштенип,
чымырканып туруп угушту.
Октябрь таңы менен келген достук туусу астында улуу ынтымакта жашап келишкен
советтик кишилер бир үй-бүлөдөй сүрдүү турушту.
— Чакырыкка даярбыз!—дешти жигиттер.— Тынч эмгекте канал куруп жаткан элек.
Кыянатчылык кылды жоо. Биз ага каршы куралды да бекем кармайбыз!
Далайды баамдап каныккан карыялардын каштары түктүйүп, кабактары каткат болуп,
күтүлбөгөн жерден душман алып келаткан оор кайгыны эми көз алдыга элестеткендей
ойчул, камкор. Эмгек үстүндө таанышкан далай жаштардын шаңдуу чыккан күлкүлөрү
токтоду. Жигит менен кыз өкүнүп коштошту...
...Канал үстү томсоро калды.
Бирок иш биротоло токтолбоду. Эмгекчил кишилердин алп күрөшү шамал айдаган
өрттөй алоолонгон согуш отун да өчүрдү. Зор эмгекти да уланта беришти.
Азыр кишилер өкүнүч менен айтып калышат:
— Эгер согуш болбосо, биздин өлкө эмдигиче мындан да өзгөрүп, өнүгүп кетер эле.
Элдин турмушу азыркыдан да жеткилең болор эле. Аттигиниң, ушул согуш деген сөз
таптакыр унутулса, биз тынч эмгектенсек, эмгектенсек. Согуш отун тутандыруучуларга
каргыш! Жоголсун, согуш!
Ушул сөздү айткан кишилер азыр Чоң Чүй каналын мисалга келтиришет. Зор
курулуштар жөнүндө кеп салышат.
Жалпы элдик мааниси бар эчен зор курулуштар кыска мөөнөттө аяктоодо. Анын
ийгилигин — үзүрүн эл көрүүдө.
Боп-боз тоолор кылымдар бою ээн, коркунучтуу, татаал жаткан. Терең капчыгайларды
жарып аккан тоо суулары чамынып, долуланып кулак жарган. Ал, адамга тизгиндетмек
тургай атты, төөнү, адамды агызган. Өйүз-бүйүз көчүп-конушкан кыргыздар, сууну:
«Тилсиз жоо!» — деп аташкан. Ушул — «Тилсиз жоо» көп убакыттар капчыгайды как
жарып пайдасыз ага берген, ага берген...
Социалисттик Кыргызстанда суу сактагычтарды, каналдарды куруу артыкча согуштан
кийинки жылдары кызуулады. Согуштан мурда болбогон зор экскаваторлор, алп
бульдозерлор, өзү төгүүчү күчтүү машиналар азыр бизде көбөйүп кетти.
Башка миңдеген адамдардын кол күчтөрун талап кылган иштерди эми машина кыска
мөөнөттө бүткөрүп коет.
Маселен, ошондой курулуштун бири биздин республикада — Орто-Токой суу
сактагычы бул кезде негизинен курулуш ишин аяктап, Чүй талааларына суу бере баштаган
кез! Азыр көкмөлдүр тартып көл толкуган жай мындан кырк жылдар мурда эпээн жаткан
капчыгай болучу. Бир бекеттен экинчи бекетке карай жол тарткан жалгыз-жарым
жолоочулар азыркы көл буулган кысыктан эрте жарыкта өтүп кетүүгө ашыкчу. «Кайсы
жылгадан, же кайсы таштын түбүнөн каракчы чыга калар экен», деп элеңдеп, коркупэнтеңдеп жүрүп олтуруучу. Ал кезде, «адамдын душманы адам» өңдөнүчү.
Эми ошол коркунучтуу кысык буулду. Ал жерге көккашка суулуу жаңы көл жаралды.
Жаңы үйлүү, клубдуу, мектептүү, бакдарактуу жумушчу шаарчасы орношту.
Курулуш мезгилинде далай адистер — шоферлор, слесарлар, механиктер, бетонщиктер,
көпүрө куруучулар, техниктер даярдалды. Алардын көпчүлүгү тоо арасынан келишкен
жергиликтүү колхозчулар.
ОртоТокой көлү суу бере баштады. Кең, терең каналдар бутактап, улам суу жеткен
сайын мейкиндер, түздөр, адырлар кургакчылык коркунучун унутуп баратат. Бакдарактуу
кыштактар калдайып, бирине бири уланып жашылданган жаңы Чүй жашарып баратат.
Башта Чүй жери билбеген кендир, кенаф, италиялык — конопля, казанликрозасы сыяктуу
толгон жаңы өсүмдүктөр Чүйдөн мекен табышты. Азыр Чүйдүн кенафындай берекелүү
өсүмдүк чанда болор. Ал кенже токойдон бетер калдайып-түнөрүп калың чыккан
мезгилинде, аны атчан адам араласа, түнт токойго кирип кеткендей сезет. Четтен караган
киши атчандын кайда житип кеткенин таппай калат. Ал эми Чүйдүн жүгөрүсү өсүмү
бийик, түшүмү берекелүү. Отуз сантиметрден ашкан берекелүү сотодо тиштей
тизилишкен бадрайган ири дандар эриксизден кызыктыра каратат.
— Бахх! Жүгөрү чыкса, ушундай чыкпайбы, чиркин! — дейсиң.
Күнгө күйүп жатчу чөлталаа азыр суу келгенден бери ушундай бай түшүм бере
баштады. Илимий иштерин уланткан тажрыйба талааларында, Кыргыз Академиясынын
алдындагы ботаника багында ондогон плантацияларда, совхоздордун, колхоздордун
талааларында ондогон, жүздөгөн гектар жерлери жемиш бактары, жүзүм талаалары,
бакчачылык ээлөөдө. Рас, азыр биздин жерлер толук өздөштүрлө элек. Панфилов,
Калинин райондорундагы бир катар кайрактарга азыр суу жете злек. Бирок мүмкүн болгон
жерлерге көлчөлөр токтотуп, колхоздордун өздөрүндө суу сактагычтарын куруу иштери
көп колхоздордо жүрүп жатат. Маселен, батыш райондордогу колхоздордун өздөрүндөгү
суу сактагычтар толук пайдаланылган кезде, 25 миң гектар жер сугарылат. Балык өстүрүү,
сүзүүчү
куштарын асыроо, бир катар колхоздордо турбиналарды кыймылга келтирүү өз
суулары менен камсыз кылынат.
Алгачкы кездерде Чоң Чүй каналын биз картадан көрсөк,. Чүй өзөнүнүн азыркы
пейзажы алда канча өзгөргөн. Чыгыш„ Түндүк каналдарынын уңгусу жүз-жүз элүү
километрдеп созулуп, колхоз-совхоз талааларына бөлүнгөн өстөндөр өмүр берүүчү кан
тамырлары сыяктуу тарамтарам.
Бири эбак пайдаланууга берилген — мелт-калт суу агууда. Бири жаңы аяктап, андан
суу келатат. Айтор, замандар бок күр топурактуу, бирок суудан какшып, чөл жаткан
талаалар өмүрдү эми баштагандай — жаш кырчындай көгөрүп жайноодо. Көркүн, түрүн
өзгөртүүдө. Байлыгын ачууда.
Азыр Чоң Чүйдөн келген суу талааларга жетип, эгинге, кызылчага, бакча талааларына,
кенаф, кендир, күрүч талааларына, жемиш бактарына, жүзүм талааларына суу бергиче өз
жолунда алты ГЭСтин турбинасын айландырып өтөт. Бул эчтеке эмес. Чоң Чүйдүн
боюнда бир нече жаңы ГЭСтер курулуп жатат. Кайдадыр алыска, алыска адымдаган
жогорку вольттуу линиялар пайда болууда. Заводдорго, жумушчулар шаарчаларына,
колхоз кыштагына ток тараткан зымдар узарууда, көбөйүүдө. Бул кезде Чүй боорундагы
колхоз кыштактарында Ильич шамы жанбаган кыштактар жок катары.
Социалисттик Кыргызстандын борбору Фрунзе—жаш шаар. Октябрь революциясына
чейин анда уезддик бийликтер турганы менен эски Пишпек чаң баскан кыштактан өйдө
өсө алган эмес. Жыйырманчы жылдан баштап, Фрунзе шаар түрүнө өтө баштады. Баягы
камыш менен жабылган жалкы үйлөрдүн ордун көп кабаттуу таш үйлөр ээлешти.
Парктар, аянттар курулду. Ондогон өндүрүш жайлары, комбинаттар, заводдор,
фабрикалар орношту. Жогорку окуу жайлары, театрлар, китепканалар иштей баштады.
Шаардын калкы алда нече ирет көбөйдү. Асфальттанган түз, кең көчөлөрдө ар түрдүү
машиналар, чоң-чоң автобустар менен бирге тынбай троллейбустар жүрүп турат. Азыр
троллейбустун линиясы негизги чоң көчөлөрдүн бардыгында дээрлик өтөт. Эт комбинаты
менен Чыгыш аралыгында жүргөн троллейбустун линиясы шаардын үч районун аралап,
он километрден ашык жолду басат. Ленин проспектиси, Белинский көчөсү аркалуу
Шампан заводунун үстү менен шаардын түндүгүнөн айлана курулуп жаткан жаңы линия
университетти, жумушчулар көп турган четки райондорду шаардын борбору менен
байланыштырат.
...Баягыда эмгекчил адам эшигинин алдындагы этектей тилкени сугаралбай жарым
кулак сууга зар болсо, бир уруу эл суу үчүн жоолашып, суу үчүн адам каны төгүлгөн
жерлер, Совет бийлигинин тушунда ушинтип таанылгыс өзгөрдү.
Советтик кишилер курган кең каналдар менен мелт-калт аккан суу, азыр жеке
дыйканды, жеке багбанды кубантып, жеке кыштактарды, колхоз
талааларын
көгөртпөстөн, суудан алынган кубат ондогон өндүрүш жайларын, шаарларды жаркыратып
электр тогу менен камсыз кылды. Шаардагы бардык кыймылды тейледи.
Ар жыл жаңырган сайын Чүй боюнун өмүр жазы көрктөнүп, кулпура түшөт. Жашарып,
кубаттанып баратат. Бул кырк жылдык өмүр — өткөн күндөрдүн миң жылдарына барабар.
Миң жылдардын мөмөсүн биздин жерлерге кырк жылдын ийгилиги берди.
Атаганат, душман кол салбай, биз өз жыргалыбыз үчүн, тынчтыкта эмгектенсек,
жеңиштерибизге ченем болор беле!
— Биз — советтик кишилер тынч эмгекте жыргал кура берели! Өмүр жазыбыз дагы
көгөрсүн, гүлдөсүн!
1957-ж.
УУЛУ АЙТТЫ
Белинский көчөсүн бойлоп темир жолду көздөй баскан адам эриксизден кобурайт:
— Жакында гана ушул чөйрөдө камыш жабылган эски үйлөр көрүнүчү... Бул эки-үч
кабат үйлөр качан курула калды, ыя? Бале!
Кубангандан адамдын жүрөгү толкуйт.
Жүк тарткан машиналар из суутушпайт.
Көтөрүлө баштаган жаңы этаждар куду кызыл жар сыяктанып улам бийиктөөдө.
Бул соңку кездеги башталган курулуштар. Ал эми наркы көп терезелүү эки кабат узун
үйдүн жасалгасы, сырткы шыбагы, архитектуралык кооздоосу али бүтпөгөн. Ошентсе да
көркөм фасады көңүлдү бөлөт. Ал үй авада калкып тургансып, көргөндү кызыктырат.
«Бул кайсы үй болуп кетти. Мында кимдер турар экен?» дейсиң. Ал, балдар бакчасы үчүн
курулган үй экенин билгениңде кубанчың артат.
Дагы бир аз жүргөн соң эгиз төрөлгөнсүп жанаша турган жаңы үйлөр көрүнөт. Бир
түстө таза акталган дубалдары күзгү түшкөн жаш кардай көздү уялтып, кең жана узун
балкондору бийик түрүлүп, тереңден көрүнгөн терезелери көк жылтыр муздай, кээси
күнгө чагылышат.
«Жакшы турмуш — көңүлдүү жашоо!»
Нак ушул үйлөрдө заводдо иштеген кишилер турушат. Слесарь Айдаке да ушул
үйлөрдүн биринен квартира алган. Ал адеп заводго келгенде жөнөкөй кочегар болучу.
Арадан эки жыл өтпөй механикалык цехинде бригадир-слесарь болуп иштөөгө жетишти.
1946-жылдан тартып Айдакенин бригадасы өндүрүш планын салт катарында ашыра
орундатып келди.
Ал өз кесибин сүйдү.
Жай күнүндө терең тамыр ала баштаган жаш өнүм сыяктуу завод төрүндө Айдаке
адистикке үйрөндү.
«Кыргыз жеринде завод-фабрикалардын кернейлери көрүнө
баштады. Кыргыз балдарынан адис жумушчулар чыгышат» деген сөз Айдакенин көнүлүн
толкутуп, ал өзү да чеберчиликке ашыгат.
Кез-кез келип турган сексен жаштагы колхозчу атасы кийинки келгенинде уулунан
таңкалып сурады:
— Э, балам, адашып араң таптым. Силер башка үйгө көчкөнсүңөрбү?
— Жок, баштагы эле ордубуздабыз, ата.
— Ким билет, балам. Айланаңар көзүмө башкача көрүнүп калыптыр...
— Биз, жаңы заманда жашап турабыз, ата,— деди Айдаке атасына.— Биздин учурда
айлык иштер күнүнө бүткөрүлөт. Сиз, мандайдагы чоң үйдү көрүп адаштыңыз. Мурунку
келгениңизде ал жер ээн болучу.
Ата күлгөн болуп актана сүйлөдү:
— Көчөңөр окшойт... Маңдайга карасам эле терезелери жалтырап заңгыраган чоочун
үй турат! Чочуган боюмча «акетай!» деп айтып жиберип, тигил жаңы үйгө аңкыйып карап
калдым окшойт. Ал аңгыча болбой жанымдан жаш келин өтө берди. Андан силердикин
сурадым...
— Эмне деп сурадыңыз? — деди күлүмсүрөп Айдаке.— Кыргыз келин бекен?
— Жок, оруска окшоду... Товариш пастой дедим. Келин күлүмсүрөп токтой калды.
Биздики бала Айдаке кипит билесиң? — дедим.
Айдаке күлүп сурады:
— И, анан, билем дедиби?
— Ал орусчалап сүйлөдү. А мен ага: «Айдаке андай зоотто иштейт. Андай слесар»
дедим. «А, слесарь» деп келин мени чулдурумдан бирдемени түшүнгөнсүдү да, күлүп
ушул силердин үйдү көрсөттү. Дарбазадан кирип келсем: өзүмө тааныш короо. Тооба! —
деди кебинин акырында өз авалына эриксизден күлгөн болуп ата.— Чоң эле киши да
ушунча жаңылат экен, э?
— Жаңылганыңыз ушул да, ата.
— Октон күлүк заманды көз көрдү, балам. Башта санааң жетпеген иштер, азыр бат эле
кол менен бүткөрүлөт. Бул замандын эмне сыры бар, акылым жетпейт!
— Адилдик, тынч эмгек!
Алда эминени эсине түшүргөнсүп Айдаке тынымга токтоло калды да, сөзүн шашпай
улады. Ата баласынын айткандарын эми унчукпай олтуруп чын дит менен укту.
— Аз жыл мурда. ушул жерлер ээн болучу, ата. Жумушчу кол азыр завод курду.—
Артыкча ушул сөз атанын көңүлүн бөлүп, эски Чүйдүн учу-кыйрына көз жетпеген сар
талаасы карыянын көз алдында элестейт." Чаңы бураган жалгыз аяк жолдордо биринсерин жолоочу жүрүчү. Андасанда жупуну кыштактар туруучу... Атчан жолоочу ара
конучу. Атсыздар маңдайдан терин шыпырып, таманын жоорутучу. Төбөдөн аптап
кактап, мунарык закымдап береги Пишкекке жетиш бечараларга кыяматтык жол болучу.
...Адилдик келди. Тынч эмгек башталды! Кумсарып чөлгө айланып бараткан сары өзөн
Чүй советтик доордо кайра жаңырды. Азыр аягы Кайыңды, Панфиловдон баштап,
Кеминдин капчыгайына чейин чолоо жер жок: жаңы Чүй атакты. Бакдарагы дүпүйгөн
узун кыштактардын далайы колхоз шаарчасына айланууда. Токмок менен Пишпектин
ортосундагы бир кездеги ээн талаага азыр калдайып Кант шаары конду. Зыңгырап завод
трубасы созулду. Күзгүдөй жалтыраган асфальт, даңгыраган кең шосселер менен күнүтүнү машинелер тынбай каттайт, татаал капчыгайды как жарып, узун составдуу поезддер
агып өтөт. Азыр Чүй жазыгында күн менен түн бирдей болуп баратат. Күн батар менен
Ильич жарыгы жылдыздардай жымыңдашып нур жайнатат.
— Пай, пай— деп таң калган ата угуза кобурады.— Баса, азыркы сонундарды биздей
эле карапайым кишилер бүтүрүп жатышат. Мурункулар эмине кылып жүрүшкөн теги?
Алда эминени эсине түшүргөнсүп ата аксакалын талдап сылагылап тереңге карайт.
Өткөндөгү жупуну турмуш, жүдөө «кесип» көз алдында. Сыңар бутту сунуп таштап,
далыны бүкүрөйтүп, чот керкини «топтоп» эттирип жыгач чаап, кечке иштеп тапканы
сыңар тамчыдай жук калтырчу эмес.
Азыр катуу өкүнгөн ата далайды көргөн күрөктөй алаканы менен өз санын өзү «топ»
эткизип бир салды:
— Көз ачырбай күлгүн өмүр текке өткөн экен да? Эй, аттиң дүнүйө ай?!
Атанын өкүнүчүн Айдаке айттырбай түшүндү. Ал, өкүнгөн атанын көңүлүн жооткоп
тымызын сурады:
— Илгери, жыгачтан кашык чаап, чөйчөк оючу элем дейсиз. Күнүнө канчадан норма
аткарычу элеңиз?
Ата колун силкип кейип сүйлөдү.
— Кайдагы нормону сурайсың, балам. Ал кезде азыркыдай технике бар бекен. Ишенген
куралым керки менен гана чүйлүнүн тумшугундай ийди темир. Теректин уюлунан эптеп
чаап бир чөйчөктү сомдосоң ошону ийдилейм менен олтуруп кечти киргизүүчүсүң.
Биздики бир шордуу кесип болучу...
Атанын айтканынан улам кыргыз эмгекчилеринин өткөндөгү турмушу аянычтуу
элестеди. «Ашыгыш керек бизге,— деди Айдаке ичинен.— Атам үчүн да иштешим
керек».
Уйкудан чочуп ойгонгон кишиче ата уулуна селт карады:
— Балам, өзүңдө эмне жаңылык бар? «Өнүмдүн сапатын эң жакшыга» берип турган
бригадада иштейм деп катка жазып каласың. Аныңдын жөнү кандай? Уулум слесарь
десем жанакы көчөдөн жолуккан жаш келин туптуура үйүңдү көрсөттү. Слесарлык да
белгилүү кызмат го деп ичимден кубанып олтурам. Теги жөн-жайыңды атаңа туюндуруп
койчу, балам.
Болпоюп момун олтурган атага Айдаке бийик сый менен карады. «Башынан окуп
билим алган адам болсо, балким зор эмгек сиңирген кесиптин ээси болот беле», деди ал
ичинен атасын. Ар немени балача сүйлөп олтурган жоош кебетеси: «Биздики бир шордуу
кесип болучу, балам» деп жанагы айтканын далилдеп турду.
Заводдун төрүндө адис инженерлерден таалим алып кесибин өнүктүргөн Айдаке азыр
алдыңкы кишилердин катарында. Ал, заводдук партия комитетине мүчө. Аз жылдын
ичинде татаал кесипти өздөштүрүп, өндүрүштө ийгиликтерге жетишти. Ошентсе да, азыр
ата менен болгон аңгеме аны көпкө ойлонтту. «Эки эсе иштешим керек. Атам үчүн да
иштешим керек».
Ал кебин жайбаракат улады:
— Адам белгилүү кызматтан таанылбайт, эмгек менен таанылат, ата. Ага мисалды
алыстан издебей Зуураканды гана алыңыз. Ал башта ким эле? Казанаяктын чөйрөсүнөн
чыгалбаган
от
башындагы
кызматчы
аял
болучу.
Ал
колхозго
өттү.
Коллективдештирилген эмгек Зуураканды шыктандырды. Башта кыргыз жери тааныбаган
кызылча сыяктуу өсүмдүктүн сырын Зууракандар тез табышты. Ак ниеттик менен эмгекте
үлгү көрсөтүштү. Керт башынын эмес, Зууракандар республиканын даңкын чыгарышты.
Мейли шахталарда, мейли заводдордо, фабрикаларда, мейли пахта талааларында болсун
жөнөкөй кишилер мерчимдүү иштерди аткарууда. Анын өнүмүн көтөрүү, сапатын
арттыруу менен жарык заманды курууда. Жакында журналдан окудум: анда бир
жумушчунун 1975-жылдын эсебинде иштегендиги тууралу сонун кабар жазылган. Ойлоп
көрүңүзчү, ата, беш да эмес, он да, он беш да эмес, ал жумушчу туура жыйырма беш
жылдын ичинде иштей турган нормону аткарган! Чынымды айтайын мен ага таң калдым.
Эмне үчүн мен андай болалбаймын деп атаандаша түштүм... Мен, 1926-жылы
төрөлүпмүн. Быйыл туура жыйырма беш жашка толом. О, эгерде быйыл мен да жыйырма
беш жылдык эмгекти алдан иштеп койгон болсом социалисттик Кыргызстандын гүлдөшү
үчүн чыныгы уулуңдай кызмат кылган болор элем.
Ата чочуган кишидей уулуна карады:
— Балам, нени айтасың? Сен, өзүмдүн эле чын уулумсуң.
— Ооба, ата. Мен республиканын да чын уулу болгум келет.
Уулунун сөзүнө тез макул болгон ата:
— Бол, балам, бол! Тилегениңе жет! — деп башын ийкеди.
1951-ж.
ЖАҢЫ ШААР ЧЕТИНДЕ
Көп болсо мындан жыйырма жыл мурда дал ушул биздин кечө какыраган кара таш
болучу. Омполдун шамалы ойногондо бул жерден таруудай таштар зуулдап, топурактозоң куюндап, кулак, мурунду ширеп көз ачырчу эмес. Алай-дүлөй түшкөндөй жер да
чаң, асман да чаң — карыш жер көрүнбөй чак түштө түн түшчү... Адамдын этек, жеңи
жулунчудай кагынып-чамынып, учкан кумташ кулак, мурунду чертип, электр тогу
тийгендей тызылдатчу. Сопсоо көзүң ачышып, бат эле кызыл көз чалдын кейпин кие
калчусуң.
Жумадан-жумага ойноп турган эрке бороон жолоочуну жолго чыгарбай, тээ жалгыз
көчөнүн боюнда жайдак базардын четиндеги бозочулардын жер үйүнө жай таппаган
адамдарды камап салчу.
— Сыртка чыкпагыла! Кокус бороон учуруп кетет. Бозо жылытсак кантет?
Тумшугун жакасына катып, үңкүйүп олтурган жолоочу үй ээсинин көңүлүн кыйбай
күңк этет:
— Э, жылыттырыңыз. Жарыктык, Балыкчынын бороонунда бозо ичиштен башка бизде
иш калган жокко?!
Дал ушул жолоочу айткандай бороонду күндөрдө биздин Балыкчыда адамдын аргасы
түгөнүүчү. Не көңүл жооткоп, убакыт өткөзөр маданий жайыбыз жок, не баш саябалар
беш түп талыбыз жок — какыраган кара таш тамандан өтүчү. Эрмегибиз андасанда бир
келген пароходду тосуу, жолоочуларды узатыш. Андан калган убактыны жанакы
бозочулардыкында өткөрчүбүз. Ошентип, жай айланган жыгач арабанын дөңгөлөгүндөй
урунуп-беринип өмүрүбүз өтө берүүчү.
Кеп салган карыя өзү айткандарына өзү таңдана жакасын кармап койду:
— Ой, балбай! Таттуу уктап, кызык түш көргөн кишидей жүрөм, эми ушул какыраган
кара ташка калдайган жаңы шаар конот деп жети атам да болжогон эмес, өзүм да ойлогон
эмесмин. Заман жарашса, турмуш бат эле өзгөрөт белем! Колтуктап тору кашкага
мингизип мен узаткан он-он беш жыл өмүрүм ат чаап кеткен баладай кызыктуу өттү.
Өзүм да анын кандай узаганын байкабапмын. Байкашка чолом да тийбеди. Адегенде
береги исполком турган үйгө кирпич коюштук. Андан кийин он жылдык мектептин
имаратына кол кабыш кылдык. Соңку жолу эт комбинатынын пайдубалын көтөрүштүк. О,
ал биздин шаардын күзөтчүсүндөй деле зыңгырап тескейден көрүнөт! Ага менин да терим
тамды деп кубанып калам. Максатсыз адамдын өмүрү да анча кызык болбос. Адам бир
максатты көздөй жүрсө, кайгынын айлын аралабай, ар дайым кубанычта: жанагы ат чаап
келаткан баладай сөрөөгө ашыга зор үмүт, ак тилекте, өзү катышкан ийгиликке кубанып
жыргап, өмүрүм текке кетпей чоң курулушка салым коштум дейсиң. Көтөрүлүп каласың.
Баса, кубанбай көрчү? Биздин көчөнү — Фрунзе көчөсү дейт. Жанакы мен кол кабыш
кылышкан имараттардын бир тобу дал ушул көчөнүн боюнда. Жээним шофер. Менчик
«Победасы» бар. Кезкез энтиктирип эшиктин алдына токтой калат. «Оп балее, жээним.
Учурунда келдиң. Шаарды кыдыртып кой» дейм. Жанына олтурам. «Победасы» чүчкүрүп
алып асфальтка чыгат. Күүшаа түшкөн автобустарды жандай салып, «Волгаларга» куйрук
улаш сур «Победа» зымырайт. Көңүлүң көтөрүлүп, тим эле ырдагың келет. Айтор ага да
чолооң жок. Кең көчөнүн эки жак бетиндеги жээктей тизилген жаңы үйлөр көздүн жоосун
алып, өз шаарыңдын ай санап жаңырганына, өскөнүнө кубанасың. Атаа, кубанбай турган
иш бекен! «Өш-өштөп» өгүз, төөгө жүгүн жүктөп зарыгып көчүп жүрчү кыргыздарың
минтип өз шаарын курууда. Сырты аппак, ичи жарык жаңы үйгө киргендери коңшуларын
чакырышат. Туз даам буюрган силердей сый коноктор да биздин үйлөрдү куттуктап
кетишет.
Кеп салган сөзмөр кары үй ээсине карай сакалын экчеп койду:
— Бекен, шампаныңды «буп» эттир. Үйүңдү куттуктап коелу! Анан Айжаның кайда?
Чакыр аккордион тартып койсун, садага.
...Ошентип, биз наркы өткөн жекшемби күнү узун көчөнүн четки үйүндө шофер
Бекендин жаңы үйүн куттукташтык! Асыл сөздөр сүйлөндү. Коңур үндөр созулуп, сүйкүм
ырлар ырдалды. Бирок анын баары тогуз жашар Айжандын толкута, безенте, ыргактыра
аккордиондо тарткан сонун күүлөрүнө жеткен жок!
Жаңы үйүң кут болсун, Бекен! Беш балаңа өмүр берсин. Алар илимдин, кесиптин ээси
болуп өсүшсүн!
1960-ж.
ЭЛ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ
Жолдон жолуккан жаш адам менен курбудай сырдаша кеттим. Ал жаш — кенже
уулума курдаш. Кенже уулум Ленинградда студент. Ал эбак каникулга келмек. Келбеди.
Биринчи курсту бүтүргөндөн кийин эле ал абдан романтик болуп кетти. Мезгилинде
романтик болуп коюш да сонун нерсе дечи. Ар бир жемиш өз мезгилинде шилеге канат.
Ошентип башта үйдөн чыкпаган уул эми үйгө келүүгө ашыкпай — жер-суу көрөбүз,
өлкөбүздүн аймагын тааныйбыз» дешип досу экөө тиги эле Ригадан баштап Одессага
дейре жөө кыдырып кетишти.
— Мейли, романтиктер ошентип өлкөсүн таанышсын! — дедим мен.
— Разак көтөрүп жөө жүрөбүз дешкен тура. Кырсыкка учурашпаса экен,— деп
энесинин чыйпыйы чыкты. Чынын айтсам өзүм да ичимден санаа чектим. Сыр бербедим.
— Ал жак да өз жери уулуңдун! Жүрө берсин!
Мына бүгүн элет жакка келатабыз. Асфальт мелтиреп машине зымыроодо.
Имерилиштен өтө бергенибизде рюкзакчан улан жол жээгинде калды. Биз жүрүштү
акырындатып атайы токтодук. Деле кой. Башты жогору көтөрүп тигил чарчаганын
сездирбейт. Чыйрак басат. Жакын келгенинде ага таанышымдай жылмая карадым:
— Таанышалык, азамат. Биз менен жүр. Машинеде орун бар.
Ал бизге балалык сүйкүм менен карады. Жазыксыз акпейил дүнүйөсү анын ууртунан
төгүлдү.
— Рахмат... жөө эле... Байбичем жалбарып жиберди:
— Романтик акмагыма окшогон бирөө тура бу да. Жол өр, өзөн ээн. Чарчайсың.
Машинеге олтуруп ал!
Ал кыйылып макул болду. Өргө карай зымырап машине төшөлүп алган кезде уланга
моюн бурдум:
— Кеп сал, дос!
Кылая баштаган сейрек саргылт муруту жылтырап ал жылмайып күңк этти:
— Да, таак... жер көрүп эле жүрөмүн...
— Аа, жакшы экен. Фрунзеликсиң го?
— Жоок. Алыстан. Воронежден!
— Менин акмагымдын өзү тура!—деп байбичем кубанып кетти.
Сөзгө сараң улан тыякбыякка алдыртан көз чаптырат. Өзөн-өзөнгө, жашыл тарткан
коктуларга, алп-дөөлөрдөй суналган жон-кырларга, анда бүкүрөйгөн, дүмүрөйгөн,
соройгон аска таштарга көңүл бургандай. Ал кеп-сөзгө кызыкпагандай. Байбичем бир-эки
суроо берди эле улан ага күңк-маңк этип тим болду.
«Аа дос! — дедим ичимен,— көп нерселерди угуп-билгиң келип туратко. Тек баягы
жаштыктын уяңдыгы, менсинисүү тарткынчыктатып жатат да. Анык романтик болсоң,
тилиң чечиле баштаар...»—деген оюмдун аягына чыккыча болбой улан мага молоң этип
карады.
— Айтыңызчы, кыргыздар Тянь-Шанды байыртадан жердешеби?
Уландын бул суроосуна мен чукулунан жооп айткым келбеди. Тек «Байыртан» деп
мыңк этип койгонум жооп болбос. Кыска баян эл жөнүндө эмнени айталат. Бир элди
жакшылап тааныш үчүн анын өмүртарыхын кеңири окуп билүү, бүгүнкү өмүрүн көрүү да
анча жетишпес. Арийне жетишпейт. Угуп-көрүп бирге жүрүп да бир элдин ички
дүнүйөсүн экинчи бир элдин кишилери элдеги өзгөчөлүктөрдү, касиеттерди тааныш
кыйын. О улан. Көптөн сыйлашып жүргөн курбуңду өзүмдү билгендей жакшы билемин
дээрсиң, сен... Ошондо да күндөрдүн биринде сага ошол сен жакшы билген курбуңдун
ушуга чейин сен байкабаган сапаты көрүнөт. Ооба, ошентет. Ал жакшы сапат болсо, сен
кубанасың. Кемтик болсо, өкүнөсүң. Көрчү, бир адамды жакшы тааныш үчүн кыйла
кылдат баамчылдык талап кылынса, бир элдин өмүрүн, анын маданиятын,
өзгөчөлүктөрүн, мүнөзүн, тиричилигин — андагы жакшы-жаман касиеттерди биле коюш
кыйын. Башкалар не дээрин билбеймин, жаш дос. Менин баамымда ар башка элдер эмес,
бир элдин өзүндө да жашап турган жерине, чөйрөсүнө карай калыптанган өзгөчөлүк
касиеттер болуп калат. Ага азыр биз аралап келаткан Улуу Тоо койнун мекендеген
кыргыздар деле мисал болсунчу.
...Кыргыздар Орто-Азияны жердеген элдердин эң байыркыларынан. Биздин доордун
(эранын) үчүнчү кылымында эле улус куруп — тарыхта белгилүү болгон элибиз
мезгилдин деңгелинде өнөрүн, билимин, маданиятын, айрыкча жоокердик салтын
өнүктүргөн. Туш тараптан тынымсыз кол салып турушкан чет душмандарга каршы көп
сандуу атчан кошуундарын аткарып, кылымдар бою өз журтунун кыйырын сактап келген.
Кары тарых эскирткен, барактары жабылган сайын ошол каарман элибиздин кыйыры
кычырады. Кырк жылдар, сексен жылдар бою ушул Улуу Тоодон тартып тээ Эне-Сай,
Миң-Суу, Кызыл-Жар мейкиндери, Саян, Алтың Тоо, Каңгай, Орхон аралыгы туяктардан
сапырылган чаңдан тумандады... О, жаш, дос! Мен айтайын. Бирок сенде убакыт аз...
Улуу салгылаштар, тынымсыз кан төгүүлөр жерди онтотот, элди бөксөртөт, түгөтөт тура.
Өз кезинде селдей каптап турган жаангер — күчтүү уруулардын кийин күчтөн тайыганын,
алтургай өзүн жоготуп салганын тарых баяндайт. Кылымдан кылымдарга созулган кандуу
салгылаштар акыры кыргыздарды да алдан тайытты. Сур замандардын каары менен
элимди маңдайдан сылабады. Аны дайым экчеп-калчап чоң күрөштөрдө чоң сындан
өткөрүп турду. Өзүнүн жоокердик-каармандык үлгүсүн бүткүл көчмөн калктарга таасир
эткен кыргыздар бир кездери кырк капкалуу, таш сепилдүү шаарлардын босогосун
кычыратышты. Бир кездерде өз кыйырын жоого бастырды. Найза бою кар жаткан кышта,
байчечекей жайнаган жазда кан төгүлгөн айкаштарда кыргыз кошууну тозду. Журту
бөксөрдү... Ошентсе да ата конушун сактады. Улуттук сыймыгы — улуу дастандарды,
сонун күүлөрдү жаратты. Элдин асыл дүнүйөсүнүн ажарын ачкан көркөм өнөрүн аска
бетинде, жибек бетинде калтырды. Келечекте акылман төрөлчү уул-кыздар эненин
курсагында — жанчар учунда жан беришти. Аны ошол улуу мурастар бизге сактап
жеткизди...
— Ээ, жаш дос! — деп мен ушул ойдогуну чолуп айтып романтик уланга элимди
таанытып келатканымда чукул бурулуштан машине «ыжж» этип, биз силкине түштүк.
Жанатан эки жагы кууш тарткан боз чамбыл чаптар чалкак тартып эми алды жак чалкая,
кеңейе берди. Ачык күндө жаркыраган жаш калаанын көп катар үйлөрү көрүндү.
Улан жаадырап таң калып айтты:
— Көрүңүзчу, ушундай тоонун арасында шаар бар экен?
— Кыйырды кычыратчу чет душман эми биз жакка баспай калган. Бизге Октябрь
революциясы азаттык берип, Социалисттик Республика болгонубузга мына кырк жыл!
Ооба, жаш дос. Адамдын өмүрүндө кырк жыл көп жаш. Республиканын өмүрү үчүн кырк
жыл — тек анын балалык курагы. Себеби мамлекеттин өмүрү көпкөп муундардын өмүрү
менен саналат! Ошентсе да көрүп койчу. Биздин Республика балалык курагында эле
кылымдарды талап кылар жолдорду басып койду. Элибиз жалпы сабаттуу. Илимдин,
техниканын ээси болдук. Жаңы маданияттын чоң ашуусуна көтөрүлдүк. Арийне, бул улуу
Союз түзгөн көп улуттуу совет элдеринин достук деми, анын биздин элге тийгизген
аркатиреги! Ошентсе да тээ байыртадан күрөш жолдорунда каксыга, башынан далайды
өткөргөн чыдамкай, түйшүкчүл, оорбасырык болуп кеменгердикте такшалган элимдин
эмгек кордугу, жаңыга тез бет бурган сергектиги, баамчылдыгы да тез аранын ичинде өз
республикасын ушунча көтөрүп алышка себепкер болду.
— Айтыңызчы,— деди улан жанагы менин кебимди улап,— кимге болбосун элди
тааныш абдан кыйын экен. Асыл иш экен! Мен канчалык билүүгө кызыксам да Орто Азия
жерин башкача элестетчүмүн. Кыргыздарды талаа калкы деген сөздөрдү укчумун. Андай
эмес экен...
— Албетте, андай эмес! Кыргызстан — Улуу Тоо өлкөсү. Кыргыздар — тоолуктар.
Бирок, тоолуктар десе эле эч убакта тоону көрбөгөндөр бизди ушул кезге чейин көчмөн
журт деп болжолдошкондору бар. Мындан 120—130 жылдар мурда европалыктардын
далайы биздин тоолорду таптакыр жапайы дешип болжошкон. «Тоолордо кандайдыр бир
жапайы «таш кишилер» жашайт имиш. Жанар тоо от бүркүп жер силкинип турат миш»
деген болжолдор айтылган. Ошол кезде эле иштин чындыгы башкача болучу: көлдүн
түбүндө, жердин катмарында калган байыркы шаарлар болгон... Байыркы кенчилердин
издерин улап биздин бабалар карапайым жол менен болсо да өз тоосундагы кендерди
алып, күндөлүк тиричилигине пайдаланып келишкен. Тигине, тоотоонун капталы сызган
нуктарды байкаңызчы. Алар бир заманда курулган өстөндөр. Бабаларыбыз ошол өстөндөр
менен суу чыгарып апай беттерден өнүм алышкан.
Арийне, азыркы кезде биз камтыган эмгек эбегейсиз. Тигил тоо этектеген
мейкиндиктерди азыр эгиндиктер, ак алтын, тамеки, дары-дармек өсүмдүктөрү, кызылча
аянттары саймалайт. Жемиш бактары, жүзүмдүк, бакчачылык, айтор аптаптуу ысыкта
өнүүчү, коңур салкын жерлерде бышуучу жер жемиши бул кезде элибиздин
ырысшыбагасы болуп калды! Ал эми тоо койнуна алынып жаткан кендерибизчи! Азыркы
ачылып жаткан шахтылардын далайына ошол байыркы кенчилердин издери баштап
барды. Азыр биз ушул байыркы жерибиздин асыл байлыктарын абдан тездик менен
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Мезгил Сабактары - 21
  • Büleklär
  • Мезгил Сабактары - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3925
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2168
    28.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3835
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1945
    25.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3888
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2004
    26.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2109
    26.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3841
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2050
    24.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3908
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2175
    25.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3879
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2261
    24.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3889
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2322
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3878
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2190
    26.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3881
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2101
    24.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    34.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3844
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2201
    23.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3898
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2270
    27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3957
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2233
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3766
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2212
    23.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3906
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2254
    27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 4040
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2326
    26.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 3980
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2278
    27.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2298
    24.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4011
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2430
    25.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3935
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2383
    26.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 3922
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2456
    24.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3905
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2360
    25.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3793
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2219
    25.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 3857
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2269
    24.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 3863
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2183
    23.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 3856
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2325
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 3866
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2429
    25.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 3971
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2417
    23.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2300
    24.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 3926
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2169
    25.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 3936
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2141
    26.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 3916
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2096
    25.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Süzlärneñ gomumi sanı 3934
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2181
    26.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Süzlärneñ gomumi sanı 2486
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1435
    29.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.