Latin

Дүрбөлөң Заман - 11

Süzlärneñ gomumi sanı 3956
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2039
31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
50.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
армандарын айтып отуруп, ботодой боздошту.
***
Каракол кыргынынын кабары Каркырага жеткенде калың элдин кан жыйынынын
ортосуна замбирек огу түшкөндөй таасир этти. Жат кабар жайлоо-жайлоонун
бардыгына кечке жакын бир мезгилде тийген эле. Эл ары-бери чапкылашып, кечки
жайытта жүргөн жылкыдан дароо топтоп, ат, айгырлар кармалып, токулуп жатты. Эми
кырылуу, кыруу, колго түшкөн улукту колмо-кол мууздоо, канды кан менен жууп ошону
менен бирге бул жерди турактабай, талак кылып, бардык өткөн дооронго, өмүргө
илгертен берки баёо жай тиричиликке кош айтышып жайылып көчүү, тез кек алып, кези
келгенди өрттөп салып жөнөй берүү — эмки калган кунарсыз күндүн, куурап калган
күндүн бардык камы да, тилеги, максаты да ушуга гана арналды.
Ошондуктан эркек аттуулар ат кармап минип, найза учтап, мылтык октоп, айбалта,
чокмор сыяктуу куралдарын шайлап, дайындап жатканда, аялдар үй ичинин жүгүн
жеңилдетип, ашыгын азайтып, өтө керек болгон аспаптарын гана теңдеп бууп-түйүп,
өзгө буюм аттууларын кайда таштаарын, кимге тапшырып кетерин билбесе да эми
керексиз, талак болгон дүнүйөдөй көрө баштады.
Үйдөгү жолго бөгөөт боло турган буюм-тайымдардан башка сырттагы тирүү казына
— төрт түлүк малдын өзүнүн да канчасы буюрары, канчасы колунда калары белгисиз.
Анткени үрккөн элдин жагдайы муну көрсөтүп олтурат. Айрым көчтөр артынан кууган
аскерден каймыгып, ашыга кача турган болгон соң короолуу кой, бадалуу уй, далайын
ар жерге чачып, ээсиз таштап кетти. Жашы улуу карыя, улгайган эркектер болсун курал
кармаган боз улан, катын-калач, бала-чака болсун — баарынын оозунда кайта-кайта
айтылчу бир гана сөз:
— Дүнүйө-мүлктүн баары тең жан садагасы. Мал да, жер да аманчылык-тынчтыкта,
эр азаматтын эсенчилигинде жакшы чыгар. Алардын башына күн түшкөн соң
дүнүйөнүн, казынанын, мал-мүлктүн эмне кереги бар деше турган.
Бул ниеттин жолунда баласы солдаттыкка илине турганы да, илинбей турганы да —
баары тең ушул ниеттин жолун көздөшүүдө. Ушул убакытта Түнкатар, Дөөлөтбактай
бирин-серин малын кыйбаган, токтугун, тынчтыгын кыйбаган байлар болбосо, же
Осмон сыяктуу улукка жагынган тилмечтер болбосо, башкалардын ынтымак-бирдиги
бар эле.
Белгисиз чоң кыйын сапар алдыбызда деп бир атанын баласындай, бир үй-бүлөдөй
буунуп-түйүнүп жолго дайындалган эл. Бири билбегенди бири билди. Улуулар билгенди
бала билди, бирөөнүн сүйлөгөнүн журттун баары тең сүйлөдү. Ушундай баш-аягы
бирдей абалдын үстүндө туташып чырмалышкан элдин ортосунда жок дегенде бирөө
болсо да, эртең бет алды көчүп кеткенде бара турган жердин жай-мааниси кандай, көп
элди бөлөк эл батыра ала турган пейил болор бекен? Кеңдик кандай? Андайдын эч
бирин да билбей кабарсыз жагдайда эле. Муну көпчүлүгү да билбейт. Көп ичинде керек
десе жалгыз-жарым, жеке адам да билбейт. Адегенде мындай суроолордун кысмагына
кала турган болсо, же көчөбүз деген сөз сүйлөнгөн кезде; «калмакка барат экенбиз, аны
менен Узак жакшы экен. Үч жылга кең-кесири батырып сактап чыгам деп айтат»,— экен
деген сөздөр чыккан. Ушу күнгө чейин элдин кары-жашынын карманып, малданып
жүргөнү ушул гана сөз. Муну сынай турган, өрөскөөлдөй турган, күдүккө айланта турган
киши жок. Антип айтчулар табылса, элдин бириккен тилегин бузуучу, көпчүлүктү
иритүүчү эсебинде таанылат.
Булардан башка элде көпчүлүктүн бел байлаган ишине, көптүн ыкластанган
ниетине сын да, акарат да жок. Таш түйүн болуп нык байланган, чегеленген. Өл деген
жерде өлүшү, отко түш деген жерде ойлонбостон, айланбастан отуна да түшүүгө калың
топ чыны менен дайын сыяктуу.
Жарманкенин жаман кабарынан кийинки, үч-төрт күндүн ичиндеги, жарманкенин
башына элдин калың тобунун барып келгенден берки көпчүлүктүн ал-жайы ушуңдай
эле. Бул күндөрдө мурунтан бери атына, кадыр-баркына, же айткан-дегенине, не
беделине калың эл болуп баш ийип берчү башчы жок. Андайлардын бардыгы тең
туткунда, жазада. Бирок, андайлар жок болгон сайын элдин калың тобу уруу-уруу,
болуш-болуш, жайлоо-жайлоо болуп түгөлү менен бирине бири боор тартып, бир жолу
аралашып, чыны менен канат жазып туташып кеткен сыяктуу. Эмки бирдик, ынтымак,
туташтык башчылар аркылуу гана туулган ынтымак эмес. Нагыз калың, көпчүлүктүн
өзүнүкү. Эркек, ургаачы, кары, жашын түгөлү менен бир жерге ийрип, жыйган. Бир гана
ураан, бир гана кара өзөктү как жарган намыс тилиндей тилек бар.
Ошондуктан эл арасындагы катнаш мурункудан да күчтүү. Кызуу эпкин менен
ээлигип, дайындалуу, күтүүнү да мурункудан алда канча тартиптүү, кандай иши болсо
да чапчаң жүргүзүлүүдө. Козголуш, кыймылдын бардыгы тең урчуктай үйрүлүп, болуп
көрбөгөн тездик менен өрлөп турган сыяктуу. Аяк-башы кең, баёо, кеңирсиген кең
жайлоо бул күндөрдө боюн жасаган кыз баладай. Мурун эч убакта көрсөтпөгөн көркүн
көрсөтүп, эпкиндеген жалыны менен учкундап, жайкалып турган сыяктуу эле бул жолу.
Ошол жагдайдын үстүнө Караколдун шумдук кабары жетиши менен эл ыйлап-сыктап,
чочуп-үркүп бошоңдоонун ордуна бир заматтын ичинде таштай катып, ачуу менен, кек
менен кайрат жыйнап, чыйралып алды.
Ошол түнү эле жүз-жүздөгөн куралдуу, шаймандуу эр жигиттер шайланган
сайкүлүктөрдү минип жарманкенин айланасындагы майда кыштактардын бардыгына
жакалай чабуул жасап чыкты. Бул чабуулдар бүткүл жайлоонун күчүн бириктирип тизе
кошуп алып иштеген иши эмес. Ар аймактын элинин өз-өз бети менен мына бу угулган
шумдук кабарга берген алгачкы жообу эле. Мунун баары алдыда боло турган чоң
кыймылдын башы, ошого алдын-ала жасалган жарыш сыяктуу иштерди иштеп, эрте
баштан дайындалып алуу керек. Бирин-серин болсо да, курал-жарактарды колго
түшүрүп алууга болот. Жана жарманкени чочутуу керек. Алдын ала үшүн алып, үркүтө
берүү зарыл.
Мына ушундай далай себептер жыйылып келип, бүгүнкү күндү кызыл-кыргын
чабышка айландырган. Бирок али да бардык Албан уруусу бир жерге жыйылып, бир
жерге күчүн топтобогондуктан, ар жайлоонун эли өз-өз тушундагы майда кыштактарга
карай беттешкен. Таң атканга чейин Шырганакты элинин тобу өзүнө жакын жердеги
кыштактардын бир-эки зайымкесин чаап, өрттөп, мал-мүлкүн түгөл айдап алып, андан
аркы жердеги Жылаңач калаасына да чабуул жасады. Бирок бул мурунтан
отурукташкан көп казак-орустун чоң калаасы эле. Элдин чабуулун күткөндөй, камдуу,
сак экен. Алдыңкы зайымкелердей кишисиз, каруу-жараксыз болуп кездешкен жок.
Шайланган жигиттердин чабуулун уюмдашкан көп мылтык менен каршы алып,
калаасына жуутпады. Бул убакытта таң да атып калган эле. Жалгыз иштелген иш —
таң алдында калаадан чыккан жүргүнчүлөрдөн беш-алты кишини өлтүрүп, бир-эки
короого тоо жагынан жашырынып келген эки-үч жигит өрт койду.
Иштеген иштери ушуну менен бүтүп, күн чыгууга жакын Жансейит баштаган көп
жигит түн бою жасаган чабуулуна ыраазы болуп эми: «Жарманке! Жарманке!» —
дешип ашыгып чапкылап, ошондой карай беттеди. Ушундай ишти Акбейит, ЖелКаркыра, Тамгалуу-Таш али да топ-топ жигиттерди аттандырып ар жерде ар башка топ
куруп, желпинип алган. Бул түнкү чабуулда казак топторунан кишиден чыгым чыккан
жок. Бир гана жери — беш-алты жигиттин алдындагы аттарына ок тийди.
Жер-суу менен коштошо турган күн да такап келди. Эми бүгүнбү, эртеңби кетишет.
Кеткенде кектүү жүрөк, томсоргон жүз, түйүлгөн кабак менен кетмек. Артта калып
бараткаң зордук, зомбулук, ызалык, кыянат доорону менен ошонун баарын туугузган
жат мүнөздүү, жоо ниеттүү улукка айыкпай араздык, арылбай турган наалат, каргыш
айтып кетмекчи. Ошол ызалыктын каршылыгы калың элдин кан жүрөгүндө түбөлүккө
сактамак да, өздөрү менен бирге ала кетмекчи. Бүгүнкү түндүн иштери — ошол наалат
айткан жүрөктүн эң алгачкы ирет чечилгени, бетин ачканы.
Иштин башы түндө башталган бойдон желеси үзүлбөстөн келерки күндүн таңына
аралашты. Эми топ жарманкенин үстүн карай ооду. Түнкү чабуулда болгон жигиттер
жайлоо-жайлоолоруна кайтып, алдындагы аттарын ооштуруп, чала-була тамактанып
тыным алган соң, бардыгына кең «Жарманкени карай каптасын, тайлуудан таяк калбай
ошонун айланасына жыйылсын. Бардык аспап-курал колдо болсун. Бүгүн бар кайратты
сала турган күн. Бүгүн кетенчиктеп, бой алакчылап келбей кала турган киши болсо, ал
элдин тилегинен, ынтымагынан тышкары калган, четке чыккан, көпчүлүккө бөтөн киши
болгону. Келчүлөр тез камданып бөгөлбөй келсин. Дамелүү жигит, ишенимдүү курал,
күлүк ат — бүгүнкү күн үчүн кызмат кылсын. Бүгүндөн калган жан — жан эмес, мал —
мал эмес» — деген буйрук кабар туш-туштан бардыгына эпкиндей чапкан
сайкүлүктөрдүн тизгин учу менен бирге учуп, шашылып тарап жатты.
Буйрук кандай тартиптүү, шашылыш, күчтүү болсо, ошону менен бирге камданган
элдин жыйыны, чабуулу да ошончолук эпкиндүү эле.
Мезгил чаңкай түшкө жакындаган убакытта жарманкенин күн батыш жагындагы көк
жайык кара тебетей Албан элинин таандай кайнаган калың тобуна ширешип, лык
толгондой болду. Узун көк белдин Шырганактыга караган жагы ичкелеп аккан мөлтүр
булак, аттар болсо ошол жерден бир аз суутулуп, ээр-токумдары кайра токулуп,
басмайылдары кайра тартылып, алдыда боло турган чабуулга даярданып жатты.
Калың колдун ар жерге топтолуп жыйылган атчандардын ортосунда узун найзага
байланган кызыл ала туулар да көрүнөт. Ар жердеги топтун арасында биринен бирине
карай мезгил-мезгил чапкылап чыккан кабарчылар көрүнөт.
Соңку бир аз убакыттан бери гана келүүчүлөр саамыктай баштады. Мына эми
жыйылар күч жыйылып болуп калган сыяктуу. Мынабу этекте жалпайып, кичирейип
бүрүшүп турган жарманкеге ушу колдун өзү да каптай чапса, тамтыгын калтырбай
турган сыяктуу.
Бүгүнкү жыйындардын ортосунда көпкө нуска берип, айкырып-кыйкырып башчылык
кылып жүргөн киши аз эмес, көп. Бирок ошол көбүнүн ар кайсысынын айланасында аз
болсо, бир нече жүздөн аскери бар. Кол-колдун бардыгында жогору көтөрүлүп
шукшурулган тик сайылган чокмор, союл, шылк этме, найза, жаркылдаган айбалта, эл
колу түгөлү менен тик качырып сайышка түшчү кол сыяктуу. Мол денелүү калың элдин
ачуу менен үрпүйгөн жүнү, сузданып тикирейген кайраттуу төбө чачы сыяктуу.
Мисирейген, тик сайылган ачуу, кайрат белгиси бар.
Жалгыз гана жарманкенин күчү канчалык, кандай түрдө экени белгисиз. Ошол
белгисиздин ичинде эң алды менен үн чыгара турган мылтык болуу керек. Ага жооп
бере турган жалаңдаган сүрдүү курал казак колунда канча камданганы менен аз гана
болуп чыкты. Бешатар аттуудан жокко эсе, азыноолак барданке гана бар. Андан башка
көпчүлүктүн ишенгени аркар, тоо теке ата турган жалгыз ок. Андан калганы бытыралуу
мылтык, бирин-серин кош ооз. Айтор, мылтык добушун көбөйтүү үчүн кээ бирөөлөрүнүн
койнуна тыгып алган жаман чолок алты атарлар да бар. Курал дегени ушу. Бирок
бардык элдин жүзүндө сан куралдан өйдө турарлык чоң ишеним белгиси, ири кайрат
ажары бар.
Бирөөгө бирөөнүн сырт кейпи, жалындуу жүзү, эпкиндүү чапчаң козголуштары ушу
жайды сездирүү менен бирге баятадан бери жыйылып жаткан топтун арасында
сүйлөнгөн сөздөн да ошол билинди. Бүгүнкү топторду кыркалекей кыдырып жүрүп
сүйлөгөн жигиттер да болгон. Алар: Көкбай, Баймагамбет, Жансейиттер эле. Бир бөлөк
топторго Картбай да айкырып, элирип туруп көп-көп ишенимдүү күчтүү сөздөр айткан.
Ошолордун баарынын айта турган сөзүн Көкбай аныктап, ачып, түшүнүктүү кылып
сүйлөгөн.
Ал эми Шырганакты эли эми чабуулга чыгабыз деп атка тегиз минишип, Көкбелдин
бетин карай козголо бергенде таскактатып чаап келип:
— Оо, жигиттер, баарыбызды ата-бабанын арбагы колдоп, жолубуз оңтойлуу
болсун. Бул тилекти тилебеген жан жок. Жаш-кары, жакшы-жаман түгөлү менен
ушундай ак тилектин үстүндө алдыбызга ор казса да чыдадык, эми келип бардык эр
азаматты кыргынга салам дейт. Анын айдоосуна барып кырылганча, ушу тууган
жерибизде, калың элибиздин алдында ушу элдин намысы, элдиги үчүн кырылалык.
Бирибиз калганча көжөрүшүп, чыдап көрөлүк. «Кырк жыл кыргын болсо да ажалдуу
өлөт» — деген. Өлсөк ушул ниет үчүн өлүмгө баралык. Эркек токту курмандык, биз
өлсөк эртең дагы бир уул туулат. Түпкүлүгүндө элдин туусу жыгылбасын. Алышпасак
атар таң, чыгар күн жок. Эми чыдаар да, токтоор да жайыбыз калган жок. Өлсөк мынабу
өлгөндөрдөн артык эмеспиз. Ушундай жолдо мурун казак баласы иш кылып да, өлүп да
көргөн эмес. Алган бетибизден жалгасын,— деп келип айкырып-кыйкырып, аржагы
үйсүн, Албан бабаларын, бержагы Райымбек, Шоруктун арбагы колдосун — оң
сапарыңды бер, жар боло көр, ээ, арбак! Ээ, теңири! деп кыйкырыкты салып жиберди.
Көкдөбөнү каптап турган калың кол бир ооздон:
— Ээ, арбак, арбак! — деп, чуулдаган бойдон белден аша бере жарманкени карай
бет алды. Шамалдуу күнкү талаанын өртүндөй узун кырканы кара таандай каптап алып,
уюлгуп, чалкып лап койду.
Ташыган күчтөй жаланган кара чаар топ дүркүрөгөн селдей акты. Тоо башын
асманга чапчып буркураган калың чаң басты. Этекке карай тоо теги аңтарылгандай
болуп, жер күңгүрөнүп, дүнүйө чууга толду. Жер силкинип тоо ойрон болуп, аскалардын
чокусунан орчук-орчук таш кулаганда угула турган күтүр-күтүр, шатыр-шатыр, үндөр
чыкты. Жаркылдап чагылган түшүп, күңгүрөнүп асман жарылгандай айбаты суук
каңшаар сезилди, угулду. Узак убакытка созулуп, бир калыптуу угулуп, баскан жерин
калтыратып дирилдетип турду. Ооздугу менен алышып, жер сүзгөн жараган күлүктөр
тизесин кемиргендей болуп элирип, каршы уруп келе жаткан эле.
Ышкырган желектүү, өңкөй найзалуу, чуусу сүрдүү калың тон этекке түгөл келип
куюлган кезде алдыдан баятан бери үндөбөй, унчукпай жым-жырт болуп турган
жарманкенин үнү чыкты. Үзүлбөстөн тарсылдап көп мылтык сүйлөп жиберди. Атылган
жалгыз мылтык эмес, пулемёт да киришкен экен. Ысык күндө ажал огу ызылдап издөө
салып чыкты. Каалгып турган асманды зуу-зуу тилип жиндей ойноп өтүп жатты.
Алдыңкы топтун эң алдыңкы катарында тизе кошуп жай жылжып келаткан кол шамал
кыйшайткан өрттөй болуп жапырыла чалкый жөнөлдү. Кыйшая берди. Катардан
жыйырма-отуз ат булак-булак чыккан чаңдын астында жулмаланып, кулап-кулап түштү.
Үстүндөгү ээлери ат-маты менен жыгылып, серең-серең этип, учуп-учуп түшүп жатты.
Жарманке таң эртеден бери тездик менен нык дайындалган эле. Эң оболу
дайындык кечээ кечтен, Каракол кабары келгенден бери башталган. Түн бою
жарманкеден четте жүргөн куралдуу аскердин бардыгын тыным албай кабарландырып
бир жерге, Каркыранын түзүнө жыйып чыккан. Таңга жакын жүздөн ашкан куралдуу
аскер дайын болуп, эми келерки күндүн кабарын ток пейил болуп күтүп отурганда,
айлана-тегеректеги бардык калаа-кыштактардан агылып-төгүлгөн казак-орустар келе
баштаган.
Акжелке менен аскер командири аларга жеткидей кылып мылтык таап берди.
Мылтыгы жокко кылыч, найза беришти. Булардан башка жарманкенин башындагы
кызмат ээси улук атангандар да камданып, тегиз куралданып алды.
Азыр казактын саны көп болсо, мунун топтолуп түйүлгөн түсү суук, кайраттуу күчү
көп. Ошондуктан эми коркуу, жазгануу дегенди эч кимиси ойлобогондой түргө келген
эле. Жарманкеде согуштун, атыштын адисин көбүрөөк билген аскер адамдары азыркы
куралданып дайын турган күчтөрүнө ишенсе да, жаман айтпай жакшы жок деп иштин эң
начар болуп бузулган кезинде иштей турган камды да дайындаган.
Бул жагынан иштелген нерсе: эң оболу жарманкенин айланасына базар башындагы
араба, трашманке аталуунун бардыгын жыйып алып келип, айландыра тиркештирип
.тизип, бирине бирин байланыштырып койгон. Таң атардан баштап жарманке
башындагы көп элдин иштеген иштери ушу болчу. Бул жумушка солдат, дыйкандарды
салуудан башка да, базар башынан кетпей жаткан өзбек, татар соодагерлерин, уйгур,
кашкарлыктын жүргүнчүлөрүн, ашпозчу мээнеткечтерин — бардыгын тең апкелип
чеккен.
Ошону менен азыркы убакта жарманке айланасы жакалай тизилген, бирине-бири
мыктап тиркелген арабалар менен тосулган. Улуктун кеңселерине жакындаган
жерлерде арабалардын эки катардан тизилип турганы да бар. Жарманке буунуптүйүнүп казак чапкынчыларына ушундай бөгөт жасап алган эле. Мунун үстүнө эгер эл
колу буга да карабай коюн-колтук алышып ишке кирип ала турган болсо, колдоруна
түшүп, кармалып калбас үчүн, бардык жарманке башындагы адамдарга тегиз салт
аттар дайындалган, алар түгөлү менен токулуу турган. Жарманкенин ортосундагы чоң
короолордо тизилип күтүп турду. Шайтан сайып ошондой күн боло калса деп Акжелке,
урядник, командири менен акылдашып, кийинки күндөрдө тегерек четте өз бетинче
жүргөн жалгыз-жарым казактардан алда нече аттарды жыктырып алган.
Анын үстүнө бүгүн эртең менен он беш-жыйырмадай солдатты урядникке
баштатып, кез келген айылдын жылкысын алып, кез келген элдин короолуу коюн топтоп
айдап келүүгө буюрган. Койду камоого түшкөнү турган жарманкеге жаратмак. Казактын
өзү издеп тапкан душмандыгын өз эсебине өткөрүп, чыгымын тарттыруу керек,
Жылкыны малынан айрылган, дүнүйөсү өрттөлгөн чарба ээлерине үлөштүрүп бөлүп
бермек. Ошону менен алардын көңүлүн жубатмак. Биротоло өз артынан ээрчитмек.
Андан бери да азыркы жүргөндөрүнө ат берип, чабуулга каршы согушка чыгармак
болгон.
Ушундай чоң коомчулук менен иштей турган башкы камдардан башка, Акжелке улуу
шашкеден бери Көкжотонун аркы бетине жыйылып жаткан казак тууралуу да кыскакыска кабар алып турган эле. Андагы топ кеңейип этек алып ээндеп келе жатат,
дегенди уккан соң, Акжелке менен командир соңку күндөрдө ичтерине катып жашырып
жүргөн бир сырын дагы да сыртка чыгарып, Көкжотого жакындатып койгон. Мунун өзү
мурунку күнү Караколдон алдырган пулемёт болучу.
Мындай курал болгон жерде казак тобун касап кылып кырып салууга да болот. Өзү
куралсыз, өзүндө согуштук эч бир адис-айласы жок койчо топураган калың казак
пулемёттун оозуна карай бир жошулуп барып берсе мурун эч татып көрбөгөн
шыбагасын алат. Ушуну ойлогондо жарманке улуктары ичтеринен тегиз ыраазы болуп
жымыйыша турган. Казактын алдында аурулуу капкан, узатасынан казылган түпсүз ор
дайын турду. Таң эртеңден бери ар бир арабанын түбүндө ажал огу аңдып, шыкаалап
карап, «кандуу башың бери тарт» деп отурат. Баарынан да ишенимдүү, баарынан да
артык кайрат берип, көп огу бар пулемёт кезелип турду.
Жотодон чапкан элдин тобуна элден мурун каршылык отун чачкан ушу пулемёт эле.
Мунун башында Акжелке менен командир өздөрү келип байкоо жүргүзүп карап турган.
Алгачкы тытырлап чыккан тунгуч октор менен бирге чаңга капталып топурап кулап
жаткан атчандарды көргөндө Акжелкенин кыбаасы кангандай болуп:
— Ата бер, урдура бер. Мизи кайтты. Жалтайлады. Үстөмөндөтүп шыпыр, кыр, жой!
— деп мөрөйү ашкандай бой түзөп бара жатты.
Пулемёт менен катар арабалардын арасында тизилип отурган солдаттар да
тынымсыз атууга киришкен эле. Эң алдыңкы катарда чаап келе жаткан колунун ичинде
Баймагамбет, Жансейит, Көкбайлар да келе жаткан. Кай кезде келгени белгисиз, мурун
Асы тарапта иштеген эрдиги угулганы болбосо, өзү көп жыйынга көрүнбөй жүргөн
Ыбырай да азыр ушу топко келип кошулуп, алдыңкы катарга туруп калган экен.
Жарманкеден тытырлап атылган ок булардын катарындагы бир нече адамды учурупучуруп жиберген кезде баарынын алдындагы аттары мөңкүп-кайкып, үркүп алып жөнөп
кетти. Мурун согуш, атыш көрбөгөндүк кылып, капталдап, кыйшая жөнөшүптүр.
Ошол алгачкы жыгылган топтун артына ала Көкбай да ат-маты менен томолонуп
түштү. Астындагы ат оңкосунан барып жыгылганда, бул өзүнө да ок тийген чыгар деп
ойлоп, ыйманын айта баштаган эле. Бирок ат жыгылып калып, өзү башынан ашып
түшкөндө эч жери оорубаган экен. Амандыгын билип, дароо атып туруп, чаң ичинде
мылтыгын жарманке жакка кезеп, арабалардан окчунураак калып ошоякты карап чаап
келаткан бир атчан казак-орусту көздөп туруп басып калганда тигил атынын аржагына
учуп барып түштү.
Көкбай ошол кезде байкады. Казак колу нөшөрлөй жаап, тынымсыз от бүркүп турган
пулемётко бет багып кашкайып чыдап тура албай төмөн карай жөнөлгөн экен. Бул али
толук басылбаса да, суюлуп калган чаңдын ичинде жөө калыптыр. Жалгыз да калган
чыгармын деп жан жагына алаңдай берди эле, оң жагында бир жардын коңулуна
жабышып жарманкеге карай бурк-бурк деп ок жиберип жаткан бир нече кишинин тобун
көрдү. Алардын арасынан:
— Бери кел. Кач бери, ок тиет! Эңкейип жүгүр! — деген катуу кыйкырыкты укту.
Ошондо гана билди. Бул Ыбырайлар экен. Жанында он чакты мылтык менен жаткан
жолдоштору бар. Баятадан бери үзбөй ок чыгарып атып жатышкан экен. Көкбай
эмгектеп жүгүрүп булардын жанына келе бере мылтыгын октоп алып шыкаалап жата
калды. Дал ушул кезде пулемёттун добушу жайлап барып басылган эле.
Баятан бери пулемёттун кай жерде экенин аныктап билгени болжоп отурган
Ыбырай өзгө жолдошторуна жалпы жарманке коомуна карай аткыза берип, өзү ошол
пулемёттун огу чыгып турган жерди таап алып, ылгый дал ошол тушту кароолго байлап
атып отурган. Жанагы пулемёттун токтолушу мунун акыркы огунун түтүнү басыларбасылбас болгон кез менен дал келди. Чынында пулемётту атып отурган солдаттын
маңдайына ок тийип, чалкасынан учуп түшкөн эле. Пулемёт бир жери сынгандай болуп,
бытыр-бытыр этип барып какалып туруп калды.
Ыбырай мындай иш болор деп ойлогон жок эле. Башында бул өз жанында Асы
тараптан кошо ээрчип келген бир топ мылтыкчан жолдошу менен келип аралашып,
алдыңкы катарга чыгып чаап келе жатканда аты окко учуп жыгылган Көкбайды көрдү.
Андан соң дал ошол убакытта Көкбай менен бирге окко учкан да бир нече жигитти
көрдү. Баарынын тең жыгылышы жаман көрүнгөнү менен ок төмөндөп учуп турду.
Аттарына гана тийген сыяктуу. Ошону байкай салышы менен жарманкенин четинде
окко учкандарды басып калганы чапканы турган аттуу аскердин тобун көрүп өз
жолдошторунун баарына:
— Аттан түшүп атыш,— деп буйрук кылып, эң алды менен өзү түшө калып жанында
келаткан жигиттердин көбүнө: — Тик жыгылгандарды жыйнап алып кет; — деп
кыйкырып, айкырып жарлык тараткан.
Ошол сөз айтылганда курулай дыргаяктап эси чыгып келаткан жигиттердин көбүнө
эс киргендей болду. Мунун кыйкырыгын катарында келаткан Баймагамбет да уккан эле.
Ал ошол жерде аттан кулаган жигиттерге карай жыйырма чакты киши менен кайта
беттеп келип октон аман калган жолдошторун атка мингиздирип алышып өр талаша
чапты. Булар да ушу жакка карай бет бурган калың топтун алдынан чаап, ошол жакка
жакын жердеги бир дөбөнүн ыктоосуна келип илингендей болду. Башка калың кол да
ошол дөбөнүн этегин пааналап жүткүнүп барып токтоп туруп калды.
Элдин бети жалт бергенде жарманкеден чабуулга камданган солдаттар али да
камоодон чыгалбай турду. Анткени бардыгы он-он беш гана мылтык болсо да,
Ыбырайлар тобу башы көрүнгөн, карааны кылт эткен кишилерди тап жылдырбай боо
түшүрүп кулатып турду.
Арабанын артында жатып кезелген мылтык эч кимди кыйраталган жок. Эл бети
жалт берип кеткен соң алардын кароолдоруна илинбес болуп атуу өлчөмүнөн
кыйгачтап өтүп кетти. Жолдогу арабалар элдин караанын аныктап көрсөтпөй турган
болду. Алар буйрук алып, орундарынан козголуп, жаңы жерге орношконго эл колу
жанагы дөбөгө барып илинди.
Элдин дал соңку беттеген тушунда отуруп ок чыгарганы менен алар Ыбрайлар
тобунун же атын жыгып, же анда-санда бир кишисин кулатканы болбосо калың колдун
баарын бирдей жуушатып жибере албады. Анткени эл тобунун алдыңкы катары булар
жаткан жерден чакырымга жакын алыс жайланышкан эле. Шашкалактап кароолго
салынып атылбай жаткан мылтыктар мынчалык оолак жерден эчтекени кыйрата
албады.
Атыштын оолак жерден боло турганын Ыбырай эртеден бери эсептеп отурган.
Бирок жарманкенин маңдайындагы, асыресе. Көкжото жагындагы жер шартын: жар
болсун, дөбө болсун, бардыгын тең Ыбырай эртеден бери эсепке алгандай эскерип
отурган, ошондуктан, «ок чыгара турган жер Көкжото эмес. Ал жерден аткан мылтык эч
кимге тийбейт, анчейин бошко бытырайт. Эгер чын атышабыз десеңер мага ээрчиген
жигиттер Каркыра суусунун жээгиндеги жарга жетип токтогула. Атышты ошол жерден
салабыз. Андан кийин токтоо керек болсо жарды бойлоп кете беребиз» — деген.
Азыр да Ыбырай ошол айтканын кылып эки жактагы топтун эч кайсысына тийбеген
эң жайлуу орунду менчиктеп алып, ошого нык бекинип отурду. Андан соң жарманке
ичиндеги аскерди эч кайда жылдырбай турган, кыя бастырбай турган болду.
Көп колдун жарманкеге карай беттеген, дабылдатып каптаган чаңы Ыбырайдын
тобун өзгөнүн баарынан узатып, өзөн жээгиндеги жарга аман-эсен апкелип жеткизди.
Алгачкы пулемёттун окторунан аман өтүп кеткен соң, кийинки атылган октор ылгый
булардын башынан ашып түшүп арткы жактарга кадалып жатканда, булар келип
аттарынан түшүп орношуп калган. Ошону менен пулемёт добушу токтоп, жарманке
жаадырган октор сээлдеген кезде жанында жакын жаткан Көкбайга Ыбырай катуу
добуштап:
Булардын пулемёту токтоду. Башында отурган киши жыгылды белем, бирок азыр
кайта атылат. Капыр пулемётко каршы калың кол чабалбайт. Бекер кырылат го. Эми
тигил элге: «ошол ордуңан чыкпай отуруп ал»,— деш керек. Арт жагын байкап көрөлүк.
Биз ушул жерде жатып, жарманкеден эч кимди сыртка чыгарбайбыз. Эми элге бар да,
айт: «Тобу менен бой көрсөтпөсүн, эптеп, кабат-буйгат жерлер менен төмөн карай
жазылып, жарманкени курчоого тырышсын. Жана мылтыгы барларын иргеп чыгарып,
жөө мергендерин ошол беттеги такырга жаткызып, жарманкени аткылатсын. Ошону
менен кечке чейин камап атып көрөлүк. Эмнеси болсо да элди ушул келген жеринен
кайта кайтарбайлык. Кеч болуп, күүгүм кирген убакта чабуулду кайта баштайбыз. Ушу
дурус эмеспи?!— деди.
Көкбай:
— Дурус! Иш ушундай болсун. Окторуң кечке чейин жетеби?
— Жетет. Окту үнөмдөп, чактап чыгарабыз. Башы көрүнгөн кишини атпайбыз,
курулай бет алды талаага ок жибербейбиз. Ошентип атсак эле ок жетет. Кабатыр
болбогула.
— Байкушум, эркек деген силер экенсиңер го. Ыраазымын, баатыр, жолуң болсун.
— Жарайт, мактооңду артынан айтаарсың, бар эми,— деди.
Көкбай ушундан соң жардын жээгин бойлоп, бугуп жүгүрүп отуруп өз кишилерине
карай беттеп келатканда, ушул жардын ичине эл тобунан чыгып жөөлөп келип орношуп
алып мылтыктарын жарманкеге карай куруп жаткан жыйырма-отуз мергенди көрдү.
Көкбай жакындай бергенде булардын баарынын мылтыгынан берекелүү ынтымактуу
добуштар желесин үзбөстөн күрс-күрс этип, ажал отун чача баштады.
Кичине дөбөнүн далдаасына барып илинген соң, Картбай менен Баймагамбет
элдин баарына жанагы Ыбырай айткандай кеңешти айтып, көпчүлүктү ошол арага
бекитип коюп, жөө мергендерди баштап өздөрү жөөлөп жер боортоктоп отуруп, ыктоого
келип түшкөн экен. Азыркы Ыбырай тобунун окторуна жанашып, чылбыр созуп
чырылдап чыккан октор ошолордуку экен.
Көкбай буларга Ыбырай сөзүн кыска-кыска айтты да, илгери карай башка топко
жөнөдү.
Мунун алдында кичине жотонун жонунда да жарманкеге карай бет түзөп, катарынан
тизилип мылтыгын кезеп жаткан он-он беш жаш улан бар экен. Ыбырай колун кадимки
эски тартиптүү аскер сыяктуу, жарманкенин күн батышы менен түштүгүнө карай
созулуп, ар жерде ыктуулап мылтык тизип, тартип менен атыш баштаганы көрүндү.
Бирок эл калың, кара кайрат, кара күч мол болгон менен ушу жыйындын ичинде
элүү-алтымыш мергенден башка эч биринде мылтык жок. Ошондуктан алар жотонун
астында курулай топтолуп турушкан экен. Көкбай буларга келип ар жердеги топторго
кыскача жайды маалым этип болуп, эми каш карайганча ушу жерден тап жылбай туруу
керек экендигин айтты.
Жигиттер тобу доолашпай, ары-бери кетишпей кабыл алды. Көпчүлүктөн үн
чыкпайт. Дендароо болуп эсеңгиреп, сестенип калган сыяктуу. Пулемёт тажаалдай
коркунучтуу түрүн анык айкын көрсөткөндөй болуптур. Эл түрдүү каршылык жоочулукту
күтсө да мындай болот деп ойлобогон, эскербеген. Жүрөгү чайылып калгандай.
Топ-топтун ортосунда али күнгө:
— Жанагы атылган эмне деген нерсе? Замбирек дегени ушубу? Ай, ушу чыгар.
Капырда тыным деген болбойт экен го.
— Капырай, кенедей да басаңдап калбайт экен?
— Ошол тартылдактын баарына такай ок чыгарып турат көрүнөт.
— Кудай сактады. Кантип гана тегиз кырылып калбадык? Алиги замбиреги жок
дегени кайсы? Ал ит бүт куралын жыйып, куп гана шайланып отурган экен го өзү.
— Бизде болсо керек десе жаман бирдеңке да жок... алгызат дейсиңби?
— Ай, алдырар түрү жокко. Жүз болсо жүз, миң болсо миң — баарын бирдей
жуушатат да отурат мынабу замбиреги.
— Ой, замбирек эмес дейт, муну. Замбирек дегенди кайдан чыгардыңар?
— Баса, замбиректин огу бирөө эле болот. Түшкөн жерин ор кылып казып кетет
дегени кайда? Мына мунуң бир башка шумдук экен.
— Ой, замбирек болбосо бул иттин аты эмне экен? Билгендериң барбы? — деп
жанагы замбирек деп сүйлөгөн кара сакалдуу, бүтүк көздүү кызыл киши астындагы
сары атын үзөңгүсүнө тээп өйдө көтөрүлүп, моюнун созуп туруп журттан сурады.
— Атында эмнең бар, атын билгенде кантмек элең? 'Атын билбесең да тааныдың го
эмне экенин. Отуз-кырк кишиңди орок оргондой бир жолкусунда кыркып түшүрдү,— деп
көп ичинен бир добуш жооп берди.
Бул топ өзгөлөргө караганда тандалыңкырап өзүнчө бөлүнүп чыгып турган топ эле.
Булардан жакын турган топтордон бул убакта жөө мергендер тандалып өзүнчө
топтолуп жаткан.
Мына бул топ алардын ишине да күдүктөнүү менен карап турду. Эмне кылса да
эмки согушту керексиз деп таап, бети кайтып жалтайлап калган эле. Баш калкалаганды
макул табышкан сыяктуу. Өзгөлөрдүн баарына бул алалык али жайылган жок. Алар
мергендерин чыгарсын, пулемёттун токтогонун сөз кылсын, Ыбырайлардын эрдигине
ыраазы болуп, алкыш айтсын, айтор али да болсо ишенимдин, үмүттүн үстүндө. Жашоо
отун, кайрат-жигерин өчүрбөгөн сыяктуу.
Мынабу бошоңдоп калган топ алардын жанына карай барса үндөбөйт. Кур гана
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Дүрбөлөң Заман - 12
  • Büleklär
  • Дүрбөлөң Заман - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3656
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2069
    26.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3848
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2079
    29.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3955
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2090
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3889
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2125
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3872
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2044
    29.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3860
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2050
    29.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3991
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2003
    32.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3835
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1985
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3904
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2041
    31.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3901
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2010
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3956
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2039
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3301
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1760
    32.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.