Latin

Дүрбөлөң Заман - 06

Süzlärneñ gomumi sanı 3860
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2050
29.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
41.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
48.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
башын көтөрткөндөй болду. Эл ортосунда эртели-кеч сүйлөнүп жаткан узун кулак
кабардын баарын түгөл угуп, толук жыйып баарына тең элебей ишене бергич Өтө:
— Атаң гөрү, кыргыз бир баштаса, токтобойт. Албан-Бугу тизе кошо турган кезиң
жетти, алар эрте баштан камданып жатат деген. Алардын ат, айгырын кармап, жигит
аттууларынын топтолуп атка мингенине, найза-мылтык жыйганына көп болду деген.
— Ат минип, найза, союл кармоо менен оңдоло турган болсо, ушу Албан да тегиз
ушуга киришиптир го... Каркыра айланасындагы элдин тынч отурганы жок дешет.
Баарында тең бирден күлүк тапталып жатса керек. Узак баатыр Түнкатардын
жылкысындагы не бир учкаяк аттарды дамелүү жигиттерге карматып мингизип жатат
дейт,— деди баятадан унчукпай отурган кара чал Калдыбай.
— Э, өзүбүз ошону иштебей отурбайбызбы? Ушу Тегерек-Саздагы айылдарды азыр
кечке маал аралап чыкчы. Күндүз-түнү желе менен катар мамылардан эч кимдин аты
кетпейт. Баары тең алда нече таң ашып, ичин тартып чабууга жарап калыптыр. Не бир
семиз багландардын эти казан-казан болуп куурулуп, капка салынып жатат. Жигит
аттуунун дайын эмеси жок,— деп Баймагамбет ордунан обдулуп койду.
— Эгин-тегинге саламын деген жалгыз кула кашканы мен да байлап отурамын.
Анын эмнеси бар экен! Ушу жолдон калган жан — жан, мал — мал, энесин... улукту
жармаңкеден чыгарып алып Жаркентке чейин бир дыркыратса болоор эле. Албан
баласынын жалгыз арманы ошол... мен эмнеге карап калайын... керек десе, Жансейит
да таптаган эки атынын бирин Кунапияга бериптир. Ошондон кедей болуп
калмакмынбы? Бул кесепет кезден аяй турган, аяна турган эчтекем жок... — деп
Өтөбай да бир көтөрүлүп алды.
Баймагамбет Жансейиттин аты аталганда күлүп жиберди.
— Ал ит өзү менен өзү болбой, бүгүн мынабу Көк-Дөбөдө жүзгө жуук жигит
жыйналды эле, өзүмдүкүн берип болдум, эми Албан жигиттеринин бири жөө болбосун,
ат керек дегендер өзүмө келсин. Айла кетсе Осмон тилмечтин жылкысынан алсам да,
ушунда жылкысы бардын баарынан ишенимдүү күлүктү таап беремин деп жар чакырып
жүрөт,— деп отурган элдин баарын күлдүрдү.
Серикбай Осмонду айтканда калың элдин ичиндеги чириген жумуртканы,
ишенимсиз жалгыз бузукуну эске алгандай болуп:
— Осмон тууганы эмеспи. Ал бир укса Жансейиттин сөзүн угат. Антпесе улукка
артын такап жем издеген кузгун сыяктанып элди жакалап пайда издеп жүргөн Осмон эч
кимге колунан ат бербес. Берсе ал Осмон болбос эле.
— Ал го жармаңке башынан чыкпайт. Албандын баары кырылган күндө, жалгыз
башын ала качып кайра барып күн көрөм деп жүрөт ал?.. Орустун тескери жазуусун
билдим деп, эл тилегинен, ата-баба жолунан безип кеткениби? Мунун эмне билгени
бар?.. — деп Жакшылык Серикбайга карады. Серикбай:
— Эмне билгени бар дейсиң, жармаңкеден чыксам, бирөө жамандап коёт, элге
кошулуп кетти деп улук жаман көрөт деп коңулга тыгылып отурат. Ага элдин кереги жок.
Адбан болбосо, башканы барып да саай алат. Тигил Жебирбайдын баласы Албанды
саап, ушу жайдын өзүндө короолуу кой жыйып алып отурбайбы? Башы бүтүн элди
а3гырып, бөксө баштуу кылбасын дегиле...
— Баса, жеген жемин элден оолак алпарып жесе экен, Төрө деп, билет экен деп,
аңкоо элдин ошондон акыл сурап жүргөнү да бар көрүнөт,— деди Баймагамбет.
— Эл болгондо кайсы эл дейсиң, өзүнүн туугансымагы Да барып жүргөн. Кечээ
ошонун айылы Караколдо баланча жүз солдат бар, баланча замбирек бар, жармаңкеге
баландай солдат алдырды Акжелке, мында азыр пулемёт да бар. Казак каршылык
кылса кырылат. Акжелке бир ооз кабар берсе Жаркенттен баландай аскер каптап
келгени олтурат. Эртең эле элдин жели чыгып, басылат. Ошондо башчы болгон
кишилер жазасын тартат деп айтышат дейт, ошонун айылынын бир карыясы,— деди
Өтө.
— Ошондо жаза тартчу ким болот экен? — деп Жакшылык Өтөгө карады.
— Кимди аяйт дейсиң, эч кимди ылгабайт.
— Мына, ушундай сөздү быкшытат алар, мунусу элдин жүрөгү чайылып, сестенсиң
дегени го. Жазалаганда Узак сыяктууну, биз сыяктууну жазалайт го.
— Осмон айтты деп жазганган киши болсо, бара берсин. Ушу сөздү кечээ
Абакирдин айлындагы бир жыйында да бир эмес, эки эмес, жанагы карыя кайта-кайта
айта берген экен. Жансейит менен Абакир: «Осмонуң менен
кошуп акылыңды... Эми үнүңдү чыгарба?!» — деп чочутуп жибериптир,— деди Өтө.
Серикбай:
— Жансейит андан жазгана турган эмес. Бүгүн Осмондун жылкысынан ат алып
берсин дегенди ошондон кийин атайы айтып жүргөн көрүнөт.
— Баса.
— Баса, антпесе болбойт. Жалгыз улук эмес, кытыгысына тийсе, эл да улуктан кем
тийбей турганын сездирүү керек.
— Билбеймин, анткен менен ошол Осмонуңдун айылы элдин жыйыны болсун,
тилек-батасы, курал-шайман жыйып камдануу жагынан болсун — баарынан тең боюн
ала качып, четирээк турган көрүнөт,— деди Жакшылык.
Бул кабарды да Өтө уккан эле.
— Аның ырас. Ушу аймакта тиричиликти унутпаган жалгыз айыл ошолор. Кечээ
эгин-тегинине киши чыгарып, уй көтөртүптүр дейт. Осмон: «курулай жээликкендерин
койсун. Эгин-тегинин жыйноого киришсин» — деп жармаңке башынан катын-баласын
жибериптир да, энеси менен агайын-туугандарына жанагыдай деп тапшырып
жибериптир.
— «Кара эчкиге жан кайгы, касапчыга мал кайгы». Өрттөнүп жаткан элдин кейпи бу,
али да мал-мүлккө көзү тойбой, ойдон-кырдан шыпырып-сыйрып жаткан Осмондун
кейпи тигил. Антпесе, беш жылда элдин алдына чыккан бай болобу? Антпесе, Осмон
тилмеч болобу? — деп Серикбай күрсүнүп койду.
— Тиричилик демекчи, ушу айылдын эгини бышып, күбүлүүгө айланыптыр деген
кабар келип жатат. Чөп болсо, ал да чабылбай жатат. Бул кандай күн болот?.. Эгиндин
чыгышы мыкты эле. Кайран казына чачылып калганыбы, чиркин! Бирдеме кылып
жарым-жартысын болсо да жыйдырып албадык,— деп Серикбайдын айылынын
тиричилигин башкарып жүргөн агайыны Карачал убайым тартты.
Серикбай мунун кийинки күндөрдөгү ушу сыяктуу санаркоолорун көп угуп
кажыгандай түрү бар эле. Ошондуктан 'кабагын чытып:
— Кой эми наалыбай, кой дегеним качан? Ушу элди ойноп жүрөт дейсиңби өзүң?
Талаадагы эгин түгүл колдогу короолуу кой, үйүрлүү жылкыдан да безээрсиң, шашпай
тура тур.
— Безип кеткенибизче бирдеме керек эмеспи? Түштүк өмүрүң болсо, күндүк мал
жый деген... — дей берди эле:
— Күндүк малың бар болсун! Ушу колуңдагыга ээ болуп турсаң да болот. Ушу да
жетет. Мага байлык керек эмес. Мен Осмон эмесмин. Дүнүйөкор кылгың келет го, мен
эгин жыямын десем, эртең ушу элдин баары эгини менен чөбүнө кетет. Жана өзүң эмне
уктуң, кулагыңдан агып кеттиби? Элдин бардык жигити ат минип, курал асынып күтүнүп
жатат дегенди уккан жоксуңбу? Ошонун ичинде бирөө байлыгына, колунда бардыгына
ишенип казынасын үйүп коюп отурат. Эр башына күн тууган деген ушул. Бул күндө
баштын амандыгынан, элдин намысынан башканы тилейин деп отурган киши жок.
Аттан, камдан, тиричиликти ташта, колдо барыңды ортого сал. Эртең ураан
чакырылган күнү аталган жерге түгөл жыйыл. Чарбага, дүнүйөгө алаңдаба. Ушул
өткөөлдөн өтпөй туруп тынчтык жок, мал, дүнүйө арам. Тобуңду жазба, чачыраба,
күндүз-түнү дайын тур. Бир эркекти четке кетирбе! Бүгүн болбосо, эртең башталат деп,
атайы ушул элге ушундай акыл берип отурган жокпузбу? Ошону айтып отуруп, мен
тиричиликти ойлоп тыкандык кылсам, эл кантмек? Кимди кармайсың, андан кийин?
Чакырганда ким даяр, болот? Буудайымды терип жүрдүм эле дейинби? Эмнени
айтамын? Эмнени айтамын, Албан баласына.
— Э, башкалар тиричилигин ойлобой отурабы? Тигине, жибериптир го Осмон
кишилерин!
— Осмон Албандын баласы бекен? Ал арам шыйрак. Ал. элден чыккан жат болуп
кеткен. Ал Албандын арбагынан садага кетсин.
— Бир Осмондон башка тиричиликти ойлогон тирүү жан жок. Элдин баарынын тең
эгин-тегини бышып турат. Бирок эч ким кыбыр эткен жок,— деди Баймагамбет.
Серикбай чал ачуулуу эле, анткени үйдөгү катын-калач да бүгүн Осмондун сөзүн
угуп, бирдеме деп күбүрөп отурушкан.
— Мага Осмон кылган ишти үлгү кылба, сен. Осмон дүнүйө-мүлктүн кулу болсо,
такыр кедей Жансейит эмне кылып отурат? Жалгыз атын эл керегине жарайт деген'
жигитке мингизип отурат. Ошону ойло. Тигил Узак, тигил Жамаке эмне кылып отурат?
Осмон сыяктуу эле мансап күтүп, улук боло турган Абакир эмне кылып отурат? Баары
тең чарбасын суудай чачып, артыгын ортого салып жатышат. Сен үй десең, эртең керек
кылса, ушу колумдагы аз жылкымдын бардыгын тең мен да ушу Тегерек-Саздын керекжарагына, үлүшүнө беремин. Билдиңби? — деди.
Бул мезгилде төмөнкү жармаңке жактан чыгып, Серикбайдын айылын беттеп келе
жаткан эки атчан дөң башында аңгемелешип отурган Серикбайларга карай бурулган
эле.
Аттарын кара тер баскан жүргүнчүлөр буларга карай беттегенде эпкиндеп келе
жатты. Бул кезде күн батып, күүгүм кирип калган. Айыл-айылдын дүрдүккөнү басаңдап,
ар жерде кемегеде лапылдап жанган оттор гана көзгө айкындалып турган. Айылдын көп
чуусунун ичинен кийинки убакытта үздүксүз үргөн иттердин үнү гана басаңдагандай,
биресе күчүктүн үргөнү борсулдап, артынан чоң дөбөттөр, безилдеген ачуулуу
канчыктардын үнү жабыла чыгып, айыл-айылдын бардыгын азан-казан кылгандай
болгон.
Күн караңгылаган сайын иттер тобу милдетине туталана киришкендей. Өткөнкеткендин бардыгына ызылдап үрүп, алыста көрүнгөн караан-сараан болсо, алдынан
чыгып жол тороп, айылга келгенди айылга апкелип, өтүп бара жатканды өзү кууп
жибергендей канжыгага асылып арсылдап узатып салып, айылдын эсендик, тынчтыгын
өз моюндарына толук көтөрүп алгандай боло турган.
Эки аттуу Серикбайдын айылына жакындап келгенде алдынан тобу менен камап
чыккан көп ит азыр булар дөбөнүн башына келгенге чейин уу-чуу этип, өзгө дабышты
угузбай аймакты азан-казан кылды.
Атчандардын карааны, кебетелери оңойчулук менен таанылган жок караңгылыктан.
Дөбөнүн этегине келгенде гана айыл жакка караган күмүш үзөңгүлөрү жарк-журк этип,
эки аттын ээр-токуму бир-бирине шыңгыр-шыңгыр угулду. Бирөө жарашыктуу кийимчен,
күмүш ээр-токумдуу узун бойлуу, экинчиси жанындагы аткошчусуна окшойт.
Бул Узак, Жамакеден Тегерек-Сазга кабар алып келе жаткан кабарчы Көкбай
болучу. Жармаңке башында калың Албан жыйылып, Акжелкеге жооп бергенден бери
карай эки жумадай убакыт өттү. Ошондон бери жайлоожайлоонун ар кайсынысында эразамат түгөл камданып, ат-шайманын дайындап, жеке-жеке даярдануудан башка, элэлдин арасындагы катыш-кабарды да ирээттеп алган эле.
Күн сайын жармаңке башындагы улук иштеп жаткан кам-даярдык болсо, же болбосо
четтен — Каракол, Жаркент жагынан угулган жаңылык болсо, баарын тең элдин ирдүү
адамдары өз тегерегине жарыялоодон башка, тегеректеги Албан урууларынын
бардыгына тең кабарчылардан жиберип, маалымдап отурушту. Ошондуктан эртели-кеч
жаңылык кабарлар үзүлбөй, биринин артынан бири чыгып, каршы-терши кыдырып
турган.
Албан уруусунун ичи түгөлү менен ушундай ирээттелип алгандан бери карай Узак,
Жамаке, Турдукожо, Серикбайлардын айылдары күндө келген жаңылыктарды тарата
турган штаб эсебинде болгон. Жалгыз муну менен тынбай, ар бир угулган кабарга
карай он-чакты ирдүү кишилердин кеңеши болуп, өзгөлөргө аны иштетүү, муну иштетүү
керек деген чечимдерин да жиберип турушкан.
Албандын калың ортосунда улукка тирек болуп, элге кастык кыламын десе,
жардамы тие турган жери жармаңке болгондуктан элдин көзү Каркыра жайыгына
көбүрөөк кадалгандай болуп, анын эмне иштеп, эмне ойлоп жатканын эл билүүгө,
угууга тийиш. Акжелке али бардык жардамчы улуктары менен ошондо отурушат.
Тегеректеги он чакты солдатты жыйып, казак-орус калааларынан аз-аздап астыртадан
жигиттерден жыйып алып куралдандырып жаткандары да бар эле.
Ошондуктан Узак, Жамаке ушу жармаңкеге кулактарын көбүрөөк түрүп, анын ар бир
козголушун аңдыгандай, тешиле карап, байкап, багып отурган. Бирок жармаңке башына
барбайт. Андагы казактан калган тилмеч, окугандар болсо, бир ооз кабар алып
бербейт. Эл козголушунан боюн оолак алып качышат. Ошондо да жармаңкенин ниетин
билбей коюуга мүмкүн эмес. Каракол, Жаркент, Алма-Ата жагынан чыккан жаңылык
болсо да ошондо келет.
Ушунун баарын эсептеп келип, аксакалдар кеңеши Жаркентке башынан өздөрү
тилектеш болуп, ичтиртен кабар алып бере турган бирин-серин кишини издештирген.
Ал киши да оңой эле табылган болчу. Ал — жармаңке башында туруучу өзбек
соодагери Султанмурат деген эптүү, эстүү адам эле. Казак, кыргыздын падышага
багытталган нааразылыгын ичинен бу да кубаттаган. Ошондуктан жармаңке башына
туш-туштан келип жаткан жүргүнчүлөрдүн бардыгы менен аңгемелешип, керектүү
кабарды мезгили менен толук алып, Узак, Жамакелерге такай жеткизип турган. Кийинки
кезде жармаңке башындагы бирин-серин солдаттан аңгемечил, оозу бош
тааныштардан таап алып, Акжелке жасап жаткан аракеттерден да аны-муну угуп
турган. Мунун жыйган кабарын эл кишилери ар түрдүү амал менен ала турган болгон.
Жалпы элдин жармаңке башына баруусу азайган соң, эми дайыма Султанмуратка келе
бере турган бирди-жарым киши болсо, анын баскан-турган жүрүшү алакандай
жармаңкеде алактап турган улуктардын көзүнө түшүп калышы оңой нерсе эле. Ушуну
ойлоп Узак, Серикбай акылдашып туруп, Султанмураттан астыртан кабар алуу үчүн ар
уруудан он-чакты киши чыгарган. Ар күнү булардын ар кайсысы келип кетет. Кээде
экиден, үчтөн келет.
Кээ кезде, асыресе, кийинки убакыттарда алгачкы он киши бир-бир кирип чыккан
соң дагы тыңыраак адамдарын жибере турган болгон. Булар беш-алтыдан да келет.
Кээде шектенбегендей болсун деп, өгүз мингизип, жалгыз-жарым кедей-кембагалды да
жиберет. Келгендердин баары айтылган тартип боюнча соода кыла келет. Ар күнү
дүкөндөн ар түркүн майда-чүйдө буюм алат. Бирок бир кадак самын, же бир кесим чыт
гана ала турган болсо да, шашпай кыдырып, соодалашып жүрө турган казак адетинин
ушу кездерде пайдасы тийген. Алуучусу жок болуп каңгырап турган дүкөнчүлөргө
аңгеме да керек. Ошондон улам дүкөндөрдү кыдырып жүрүп, Султанмуратка арналып
жиберген кабарчы шек алдырбай келип шек алдырбай кайра кетет.
Бүгүн ошол адет менен жармеңке башына түштө жиберилген киши Үч-Күңгөй
тоосунун боорундагы жайлоолорго чоң кабар алып келиптир. Ошону угаары менен
Узак, Серикбайга ушу Көкбайды чаптырган. Аттан түшүп саламдашып, Серикбайдын
жанына келип отурган соң Көкбай катуу жүрүп келип тердеп, думугуп кеткендиктен чоң
кара тебетейин колуна алып, дароо сөзгө киришти.
— Бүгүн Султанмураттан кабар келди. Караколдон кабарчы келиптир. Бул жардык
казак, кыргыз, уйгурдун бардыгын тең түгөл көтөргөн көрүнөт. Лепси, Талды-Коргондон
бери карай казак көтөрүлүптүр. Жер оодарылабыз, көнбөйбүз, бербейбиз деп
тегерегиндеги калааларга чабуул жасап, курал жыйнап, каршылашууга камданып жатат
дейт. Аскер чыгып, согушуп калгандар да болсо керек. Андан бери Пишпек, Алма-Ата,
Каракол айланасындагы элдер да көтөрүлүүгө баш койду. Кыргыздар казак-орус
калааларына тегиз чабуул баштаптыр. Жызакта чоң каршылык болуп, калаанын үстү
түгөл кыргын майдан дейт, уйгур менен кыргыз казактан озгон көрүнөт. Булар чапкан
калаалар жетим-жесир болуп, өрттөлгөнү өрттөлүп, кырылганы кырылып, Пишпекке,
Караколго, Токмокко чубап жатат дейт. Улуктун үрөйү учуптур. Кыргыз Пишпектен
Караколго мылтык, жарак-жабдык алып келаткан солдаттын кербенин талап алыптыр.
Ушул күндө бардык кыргыз мылтыкчан, куралчан дейт.
Сөз тыңшоочулардын Серикбайдан башка бардыгы Көкбайдын аңгемеси
башталгандан эле сурөмөлөп:
— Мына, мына, бали, бали, ээ!..
— Баракелде... баракелде... — деп ийигендей мекиренип, өбөктөп тыңшап отурган
Өтө: — Айттым эле го, кыргыз ишти баштаптыр деп! «Атаң гөрү», бир баштаса алар
токтобойт.
— Кыргыз эмес, уйгурлар да ошол жолго түшүптүр де?!
— Эл болсон. уд!ундай бол... ой тилегиңди берсин,— деди Баймагамбет.
— Бул чын кабарбы өзү? Кабарды апкелген ким экен? — деп Көкбайга карады
Серикбай.
— Чын чыгаар... Анык болсо керек... — деп Өтө сөзгө аралашты.
— Чындыгы ушул, кыргыздын ирдүү кишилери Албандын карыяларына ушунун
баарын жеткиз деп атайын кабар жибериптир,— деди Көкбай.
— Башчысы ким? — деди.
— Башчысы Баатыркан, Кыдыр, Сооданбек. Азырынча кабарчылар ошолордун
атын айтат. Ишке киришкен карапайым эл. Бир кыргыздын баласы моюн буруп калган
жок. Баары тең ат үстүндө, жоо-жаракка түгөл кол коюшуптур. Жанагы кабарды бир
гана Каркыра эмес Алма-Атага, Пишпекке, мынабу Асыга да жибериптир, кошулуп,
камданып атка минишсин. Мурдагы айткан саламдары чын болсо, Узак, Жамаке,
Серикбайлар эми тегеректеги калааларды эске алышсын. Куралданышсын.
Жармаңкени кыйратсын деп айтыптыр дейт Улукту куусун дешиптир.
— Баракелде, сөзүнө! Ой, тилегиңди берсин.
— Эркек мына ушулар экен го. Эми токтоло турган эмне калды? — деп
Баймагамбет сабыры кетип сурданып, биресе жүгүнүп, биресе ыргалып, малдаш
токунуп отуруп тыбырчылагандай болду.
Али да салмак менен сабырдуу сүйлөп, Көкбайдын кебете-кешпирине ойлоно карап
отурган Серикбай:
— Эми карыяларың эмне дейт?
— Карыялар «эми бул кабарды улук да укту. Улук мында отурбас, кетээр, бирок
кетээринде бирин-серинди болсо да кармап кетпей тынч кетпес, эң оболу эл кишилери
сактык кылышсын. Жигиттерине тегиз кабар берсин. Оболу айланадагы майда
калааларды эске алабызбы, кандай кылабыз? Серикбай, Турдукожо, Абакир мында
келсин. Кенешип алалык. Дагы бирер күн мынабу кабар аныкпы, учкайбы, дарегин
толук билелик дешет.
Серикбай:
Курулай үйдө жатып дарегин күткөнчө, эми ошол кыргыздын ичине киши жиберүү
керек го. Сөз байлашуу керек го,— деди.
— Аныңыз ырас. Ал жерде да баарыбыз ошону айтыштык. Ошону менен отуруп
жана мени менен бирге Сооданбектер менен оозмо-ооз сүйлөшүп кайтуу үчүн үч киши
аттанды. Канат жаялык, биригелик, тизе кошуп, ишти бир баштайлык деп, Асыга да
киши жиберилди. Туш-тушка кетип жатышат,— деп Көкбай сөзүн бөлдү.
— Андай болсо, жарайт эми, Баймагамбет, сен ат камда. Биз Көкбай менен айыл
жакка барып тамак ичелик. Өтө, сен азыр Абакир, Турдукожого, ушу тегеректеги айылайылдын бардык белгилүү кишилерине кабар кылгыла. Тургула эми. Кудай буюрса
бирдеме болоор. Арбак жар болуп, оң сапарын берсин,— деди.
— Айтканың келсин, кулунум. Кудай жолуңду берсин.
— Оо, оң сапар бере гөр. Райымбек атанын арбагы жар боло гөр,— деп эки чал
кемшеңдеп көздөрүнө жаш алды. Кийинки кезде чарбачыл болуп жүрчү Карачал да
мурдагы убайымдарын унутуп, элге кошулуп көтөрүлүп кызып алгандай эле.
Эки жигит Серикбайдын сөзүнөн кийин орундарынан ылдам туруп, кетүүгө
камынган. Көкбай Өтөгө карап:
— Турдукожо, Абакирди да, Секең менен бирге карыялар чакырткан, алар да ошол
жакка аттанышсын.
— Секең кетсе Абакир мында керек болуп жүрбөсүн, бирөө калганы туура го? — деп
Баймагамбет отургандарга карады.
— Абакир мындагыны ирээттесин. Эми иштер илгерилөөгө баштанды го. Кабарды
да, иши да эми биринин үстүнө бири кошула берет чыгаар. Баарыбыз кетип калсак
мындагы эл карбаластап калар, бирин-серин башчы кишилер эл ортосунда кала
турсун,— деди Серикбай
Эч ким каршы сөз айткан жок. «Макул, макул, ошондой-ошондой» дешти. Ошол түнү
эле эл жатканча Көкбайдын кабары Шырганактын боорун жел менен кошо жортуп,
кыдыракей жар салып, тегеренип чыкты. Катын-балага чейин айт күнүндөй сергек,
маанайы жарык, нөшөрлүү добул алдындагы куюндаган шамалдын илеби менен
желпилдеген түндүктөй, жайлоо-жайлоонун баарындагы кары-жаш, эркек-ургаачы
дебей бой сергитип кайраттангандай болду.
Бул түндө таң атканча үздүксүз чабагандап, иттер үрүп, айыл-айылдын арасында
шатыратып чабышкан атчандар, тамашалуу шаттык аралашкан күлкү, дабыраган нечен
түрлүү добуштар эркек, ургаачынын созолонткон обондору, кызыктуу оюн-шоогу
жайлоо түнүн топураган той күнүнө оолаштырып жибергендей болду. Түндүгүн жаап,
отун өчүрүп жаткан айыл жокко эсе. Аймак-аймактын баарында жалпылдап жанган
оттор. Асылып жаткан казан-казан эт. Түн асманына ойноп учуп жаткан от учкундары —
баары тең казактын баласын колтугунан көтөрүп алып учуп, алда неге жүр-жүрлөп
тургандай болду.
Бул маанай бир чырганактын боору эмес, жыты Албандын бардык көк шиберлүү,
карагайлуу, суусу мол жайлоолоруна түгөл жайылган маанай болучу. Ушу түндө
жолдогу элдин нечен түркүн тил менен алда нече түргө түшүп уйкусуз түн өткөрүп
дабырттап, чуулдап, балача балдырлап бой жасап жаткан тиричилигин көрүп отуруп, I
таң атканда Серикбай, Турдукожолор Узак, Жамаке менен убадалашкан жерге
жетишкен эле.
Бийик тескейдеги көп ак үйлүү маңкайган айыл, короо толгон кой менен, жанындагы
кишенделүү, аркандалуу көптөгөн сулуу сайкүлүктөрү менен, өз-өзүнө ишенгендей
маанайда экен. Ыраазылык, токчулук кебетесин көрсөтүп, чердейип, көзүн жумуп
тынчтык алып каалгып тургандай. Мында да жаздын түнүн уйкусуз өткөргөн эл таң
аппак болуп атканда көз илиндирип алмак болуп, жаңы гана тынчтыкка бой бериптир.
Айылда кара койчудан башка туруп жүргөн сергек жан көрүнбөйт. Түнү бою тыным
албай жол жүрүп чарчаңкырап келген жүргүнчүлөр элди ойготпой, эл турганча биз аз
тыныгып алмак болуп, ортодогу чоң үйгө кирип жатып калышты.
Улуу шашке ченде Серикбай ойгонгондо башка элдин баары турган экен. Төр
айланасында Жамаке, Узак сыяктуу сакалдуулар отурат. Оболу ошолорду көрүп салам
берип, башын көтөрүп алды. Айланада тегерете отурган ылгый кара тебетейчен карыжаштын баары тең бакылдап демигип сүйлөшөт. Алдыларына кымыз да келип калган
экен.
Жанында отурган Турдукожо өзгөчө желденип омуроолоп, көөдөктөнүп:
— Тур, тур эмнеге жатабыз! Оболу сүйүнчүмдү бер,— деп келип Серикбайдын
башындагы топусун жулуп алды.
— Эй, эмне кеп эле?! Эмне айтайын дедиң эле? — Асыдагы кызыл тебетейлер
көтөрүлүптүр, кабарчы келип отурат. Тизме аламын деп келген улукту бардык солдаты
менен кырып-жоюп салышыптыр...
— Ыраспы? Чын айтабы?! — деп Жамакеге карады... бардык үй ичиндеги улуукичүүнүн жүзүндө толук ыраазылык менен жымыйган кубаныч бар.
Ырас айтат, Асынын кызыл бөркү сенден озду,— деп Жамаке кары жүзү катмаркатмар болуп жыйрылып, акырын күлдү да: — Алды-артын байкайлык деп жатып элдин
эң артында биз кала турган болдук. Улук эсин жыйганча камынтпастан, үстү-үстүнө
сокку берип жибере турган кез келди... Мынабу ашыңды ич, кеңешелик,— деди.

VI
Кечээ күнү Асыда мурун Ала-Тоо айдыңы көрбөгөн чоң окуянын болгону ырас
болучу. Бул жайлоонун калың эли Албандын чоң урууларынын бири Кызыл бөрк
болучу. Мындан башка этек-жеңин жулдуруп төргө качып чыккан жөө кишидей, тоо
этегинде жайлоо күзөтүнөн айрылып, казак-оруска берип тоо жакалап, карагай кесип,
Асыга келип жер жыттап отурган Алма-Ата уездинин Жанышы, Каңлысы, дагы башка
ар уруудан жыйналган кодура курама эл боло турган.
Асы — Ала-Тоонун кыр аркасынан оюп алган аштоодой, узун кең жашыл аймак.
Төшүн жогору берип, керилип суйкайып турган сулуунун оң ийнин жапкан калың кара
тармал чачтай болуп, Асынын оң жагын карагайлуу тоолор басат. Аймактын боюнда көк
жээк болуп аккан Асы суусуна айланадагы катмарлуу калың улуу бийик, кыртышкыртыш узун адырлардан салаа-салаа болуп тунук булак, мөлтүр көк суулар
шаркырайт.
Жардын күн чыгышы ийрилип бүткөн узун адырлар. Ошонун этегине чейин туташ
жайылган кең жашыл жайык, улуу колтук сыяктуу. Жайыктын бети кара курттай
кайнаган төрт түлүк мал. Ийин тирешкендей жылга-жылга болуп тарамдалып, бой
жасап жаткан казак дүнүйөсү — жайлоо малы канатын жазып, көк жайыкты каптай
басып, эреркеп доорон сүрөт. Көк-жашыл талаага төгүп койгон жасалгадай айлананы
жандандырып, жашартып тургандай. Демейде эле толук турган дүнүйөгө көрк
бергендей. Калың эл жайлата жайласа да аймак кызыгынан, жашыл төрүнөн,
жаштыгынан айрылган жок. Күтүрөгөн калың малдын ортосунда камыштуу айдың
көлдүн аралыгындагы каз, өрдөктүн жумурткаларындай болуп, бөлөк-бөлөк уя сыяктуу
ийрилип, тегеректелген сансыз көп аппак айылдар. Жайлоонун бүткүл тиричилиги көз
алдында, тай казанда кайнаган суудай болуп, каршы-терши козголушуп, жандуу
тиричилик күнү кайнайт.
Мезгил августтун башы болгондуктан, Асынын түнү салкындап, күзгү жааны көбөйө
баштаган эле. Бүгүн да түшкө чейин асманды сургулт туман басып келип, бир далай
убакыт жаан жааган. Азыр чаңкай түш болгондо калың булуттун бардыгы жыртылып
айрылып, туш-тушка жайылып көчүп кетип жаткан.
Жуулуп тазаргандай ачылып, көк мөлтүр болуп турган асмандан Асы аймагына
жайнаган жарык күндүн шооласы да түшкөн эле. Бирок дал ушул кез аштоодой Асы
жайлоосунун булут арасында тургандай, качанкы бир конушундай кылып көрсөтө
турган. Анткени, айланадагы катмарлуу, калың карагайлуу кара тоолордон ак сур туман
али кеткен жок. Ала-Тоонун башына чөгүп өткөн, түнөп өткөн кара кочкул коюу сур
булуттун төмөндөп учкан жартысы карагайга, жарташка жабышып, жайыла каптай
үйүлүп, үйрүлүп турат. Жалкоотай болуп акырын каалгыган ак туман Асы
айланасындагы тоолорго чубатылган селдедей оролуп, буралып жүрөт.
Бийик тоо менен дал кошулган жери коюуланып, кочкулданып кетет. Кыйналып,
өрттөнүп кошулгандай, карагайлуу бийик чокунун башы туман ичинде түркүн түстүү
сулуу, закымдуу кезине маашыркап, булуттуу кабагын чытыган сыяктанат. Оордук
менен, азап менен эмес, көңүлдүн жайлуу, ырахаттуу, тынчтыгы менен эреркеп
чытыган сыяктуу. Тумандуу асман кубантып калкыткандай. Закымдуу кыял булуттуу,
салмак менен кош-кошун айтып, жогору көтөрүлүп, тоонун башынан ашып барат.
Жайыктын үстүндө кең асманда кезек-кезек мамыктай болуп ак булуттар кыдырат.
Көк-жашыл талааларда, кичинекей дөңдөрдө айыл, мал үстүндө момундук белгисиндей
болуп ак булуттун жеңил, жайлуу көлөкөсү түтүндөй, буудай төңкөрүлүп, сызылып өтөт.
Бозомтук аба менен жаркыраган жарык оошот. Адам оюндагы өкүнүчтүү элес менен
күнчубактуу кызыктуу ырахат саатынын оолашканы сыяктуу, армандуу кечээги ысык
күндөр менен күдүктүү, күптүү бүгүнкүнүн оолашканы сыяктуу.
Кечээ Асыга Алма-Атадан чыккан көп аскер келген. Ичиндеги башчысы, уезд
жардамчысы Хлыновский бул Асыдагы Кызыл бөрктүн сыр бербегендей томого туюк
нааразылыгын сезгендей. Алдында болуш, тилмеч аркылуу угулуп жаткан жайсыз
кабар бар эле. Анын үстүнө Жаркентке караган Албан жармаңке башына жыйылып,
«бербейбиз» деген жоопту айтыптыр. Күңгөйдөгү кыргыз да алай-дүлөй болуп жатат.
Ала-Тоонун коюн-колтугунун, ой-кырлардын бардыгы ийин тирешкен карагайдай болуп,
биригип туташкан каршылык белгисин билдирип турган кез. Бир Асы гана эмес, АлмаАта, Пишпек, Жаркент, Каракол, Лепси, Талды-Коргон — бардыгы тең өрттөнгөнү
дайындалып күтүнүп турушат.
Алма-Ата улугу бул жайды жакшы билүүчү. Ошондуктан казак ортосуна көп чыгып,
катаалдык менен атагы жайылган Хлыновскийди атайы чыгарган. Жанында тогуз
солдаты бар, бир нече майда чиновниктеринен ондон аша киши эле. Бирок Асыга
атайылап келген жумушу — адамдардын тизмесин алуу. Элдин аябай аңдып, багып
отурган дарттуу маселеси. Туңгуюк жаранын үстүнө кирип, табыптын кандуу
макисиндей, элдин тынчын кетирип, туйлатып турган маселе.
Бул маанайды мурунтан күтсө да, кечээ Асыга келгенден бери улук биротоло
сезген, эл кабагы карыш жабылган, суук көз менен карайт. Улуктарга арналган үйдү да
болуштар араң дегенде апкелип тиккен. Союш, жасалга-жабдыктарды да араң берген.
Демейде кайпаңдап жүрүүчү болуш, кандидат, старчындардын да маанайы түшүп,
кур сүлдөрү жүргөн сыяктуу. Өздөрүнө арналып тапшырылган жумушту чама келгенче
башкага жүктөгүсү келет. Орусча билбеген бор кемик, жоон курсак болуш кайта-кайта
улукка келип:
— Таксыр, элдин жайын билбеймин. Жалгыз биздин колубуздан иш аткаруу кыйын
болуп турат. Ушул элдин Дөөлөтбак, Жылкыбай сыяктуу карыялары бар, ошолорду
жаныңызга чакырып алсаңыз кантет? — деп алда нече ирет айткан.
Улук башында болушту жер-жеберине жеткире зиркилдеп, урушуп, кууп чыкса да,
көзүн алайтып, жер тепкилеп чамынса да, кээ бир старчынды боз үйгө каматып, арес
кылып койсо да аягында болуш сөзүнө эрксиз көнгөн да:
— Ошолорду чакырып кел. Жаныбызда болсун,— деген. Бүгүн таң аткандан бери
Дөөлөтбак, Жылкыбай жанына ээрчите келген көп карыялары, жоон семиз байлары,
кызыл бөрктүн ирдүү кишилери менен улуктун жанында болушту.
Элдин кабагын астыртан сезип байкап алган улук өздөрүнүн калаадан чыккан тобун
азсынып, анын күчүнө анык ишене албай эртеден бери жаанга, ылайга карабай Асынын
тегерегине жыйып жаткан. Келгендердин ичинде көпчүлүгү санакчы, бир катары сот,
приставалардын жиберген стражниги, дагы башка ошолор сыяктуу ар түрдүү жумуш
менен жүргөн бирин-серин селсаяк кишилер болучу. Жыйында жыйырма чакты адам
болду. Казак жыйынында мурунку убакыт болсо чоң топ сыяктуу көрүнөөр эле.
Топтолуп келген беш солдат болсо да элди үрпүйтүп, чогуусу менен чочутуп-үркүтүүгө
жарай турган. Бүгүн жыйырмадай курал асынган адам айланасына келген соң,
ороңдогон улук кежектеп, кейректей басып, эл кишилерин чочутуп кагажытууга
киришти. Бирин-серин чабарман старчынды өз колу менен сабап жиберип болуш, бий
карыяларды боюн жаздырбай айкырып, ныгырып, бет каратпай жазгандырып турду.
«Түш ченде Сөгөтү болушунан жумушка алына турган ; жигиттердин тизмеси
тизилмек. Улук келип ныгырып, тизме алганы жатты. Элдин болуш, бийин, карыясын
жыйып алыптыр. Тизмени бергени жатат. Тилмеч тизмени улукка алпармак. Дөөлөтбак,
Жылкыбайлар унчукпай отурушат. Моюн сунуп калышыптыр. Улук чочутуп, атайы
жазгандырганынан заарданып турган көрүнөт» — деген кабарлар Асы аймагындагы
бардык элге жаандан кийинки күркүрөгөн күндүн добушундай болуп дароо тарады. Эл
дүр этип кабарлашып-камданып бир айылдан бир айылга аттуу-жөөлүү болуп чубуруп,
ар жерге калың-калың топтор жыйналып калды.
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Дүрбөлөң Заман - 07
  • Büleklär
  • Дүрбөлөң Заман - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3656
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2069
    26.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3848
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2079
    29.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3955
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2090
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3889
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2125
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3872
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2044
    29.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3860
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2050
    29.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3991
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2003
    32.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3835
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1985
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3904
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2041
    31.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3901
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2010
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3956
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2039
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3301
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1760
    32.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.