Latin

Дүрбөлөң Заман - 08

Süzlärneñ gomumi sanı 3835
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1985
30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
47.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Эл-журт капилет кабардан сескенип, үрпүйүшүп аңырайып калды.
Узак кесесин төңкөрө салып:
— Каап, каап,— деди да. —Ушу жыйындан кутулууга чамаң келгениң кутулуп кет
эми. Эмне отурасың, тур! — деп Жамакеге айкырып жиберди. Ошол кезде айыл
айланасында мылтык тарс-турс атылып калды. Эл камданып ордунан турганча он
чакты солдат кылыч, бешатарларын жылаңачтап алып, үйгө кирип келди.
Айыл айланасында дагы да жыйырмадай солдат турган эле.
Үй ичиндеги бардык элди тышка алып чыгып, жармаңкеге карай унаа-пунаага
мингизип алып жөнөдү. Айылдан бир кишини четке чыгарбады. Бул топтон эч бир жан
качып кутула алган жок. Албандын бардык баш көтөргөн, каршылык ойлогон башчысын
бир гана жерден чогултуп жыйнап алып, боодой тизип, жармаңкеге апкелип камап
таштады.
Кечеги күнү Асыда болгон окуя бүгүн эртең менен жармаңке башындагы улуктарга
да маалым болгон эле. Бул кабарды Алма-Атадан чыгып, кечээ түштө Асыны басып
өткөн соодагер жүргүнчүлөр апкелген. Алар эмне окуя болгонун бирин-серин кишиден
угуп алып, бул жерге токтолбостон илгерилеп жүрүп кеткен. Булар ичинде Эшик,
Тургендин жармаңкеге карай келе жаткан эки-үч казак-орусу бар эле. Ошолор Асыдан
чыгып, белес ашып алган соң, өзгө соодагерлерден бөлүнүп алып, токтобостон чапкан.
Ич ара казактын ачуусунан чочулап коркуу да бар эле.
Булар эртең менен эрте келип, уйкуда жаткан тааныш урядникти ойготуп алып,
кечээ болгон окуяны билдирищкен. Ошондон кийин жарым сааттын ичинде жармаңке
башындагылар: улугунан баштап, солдаттарына чейин болгон окуядан кабарланышкан.
Толук кабарланышып, шашылыш түрдө аскер кеңешин уюштуруп, үрпүйүп камданып,
дайындалып алышкан.
Акжелке бул убакытка чейин камсыз да эмес эле. Ал алгачкы жыйында элге
башчылык кылган кишилердин сөзү менен бардык иштеп жүргөн иштерин Каракол
аркылуу Алма-Атага билдирген. Жардык күткөн. Анын үстүнө Караколдогу өзүнөн чоң
улуктардан кыргыз ичинде, өзгө казактар арасында эмне болуп жатканы тууралуу,
жармаңке башында эмне иштөө керектиги жөнүндө да кеңеш берип, буйрук иштерин
сураган эле. Ошол алгачкы байланыштан бери карай Каракол, Каркыранын арасында
эки жактын кабарчысы кезек-кезек да тыным албай жүрүп турду.
Кийинки күндөрдө Каракол: «Кыргыз көтөрүлүшү өөрчүдү. Нагыз чоң эрөөлгө
айланды. Бузуктар, кан ичерлер каптап кетти. Калың эл бузукучулукка кирип дит койду.
Эми казак-орустун майда калаалары камсыз отурууга болбойт. Казак ортосунда окчун
отурган калааларга коркунуч чоң. Тезинен ошолордун жигиттерин жыйып
куралдандыруу керек. Казав колуна курал түшүрбөс жагын эскергиле. Курал түгүл
темир шаймандан да эчтеке казакка берилбей турган болсун. Казактын атын да
такалабасын. Жармаңке башына жүз-жүз элүүдөн аскер чыгарып, ошону такай
таратпай сактагыла. Солдаттар казак-орус калааларынан алынсын. Кабарды үзбөгүлө.
Эрөөл башчылары эмне кылып жатат. Эл ичинен кабар бере турган ишенимдүү
кишилердин санын көбөйткүлө. Тыным таптырбай кабарчы жиберип кабар билип
тургула. Элди бүлдүрүп жүргөн кишилер жакында толук кармалып жазасын тартат.
Ошолордун тизмесин тизе бергиле. Алма-Атадан жардык күтүп турабыз. Ал кабар
жакында келет деген сыяктуу далай-далай жардык үстү-үстүнө келип жаткан.
Бул ушундан бир жума мурун келген кабарчылардын айтканы эле.
Ушу айткандардын бардыгын Акжелке ойдогудай кылып аткарып турган.
Тегеректеги Жылаңач, Нарынкол, Сары-Жаз сыяктуу майда калаалардын жигит аттуусу
чубап келип, ыктыярдуу аскердин тобун түзгөн. Көбүнө мылтык, курал жетпей,
алынбай. калганы да бар эле. Азыр жармаңкенин жүздөй куралдуу солдаты бар.
Араларында душманга өчөшүп, каршы жутунушкан старосталар, коңшу элдер менен
жер талашып жүргөн жоон байлар да бар эле. Бардык аскерге ушулардын камдаган
уусу бар. Ошондуктан жармаңкедеги Акжелке аскери ашыгып иш бүтүрүп, казак
айылдарына ойрон салып, чаап кыйратчу кезин майрам күнүндөй күтүшкөн эле.
Жармаңкени колуна кармаган күчтүн ээси, куралы ушу болсо, мындан башка астыртан
жүрүп, жайлоо-жайлоодо ичкелеп, жансыз кабар жеткизип жаткан кабарчылары да бар.
Бул экинчи түрдүү курал болгон.
Бирок ушу кийинкинин саны көп эмес, кабары да анык, толук далилдүү эмес.
Бардык милдетти аткарып жүргөн бир гана Ракымбай. Эмне кабар келсе, ошол аркылуу
келет. Ар жерге киши жибертип, элдин эмне айтып, эмне иштеп жүргөнүн астыртан
тыңшатып, анан ошонун баарын Ракымбай өзү тыянактап, билгизбей жылып келип
Акжелкеге айтып кетип турган.
Ушу абал менен күн өткөн сайын окуянын өсүшүн, өөрчүшүн тилеп, Узак,
Жамакелерди кармап камай турган саатын азыркы өмүрүнүн максатындай көрүп,
дүрдүгүп жүргөн улуктарга кечээ кечинде Караколдон келген кабарчы көңүлдөгүдөй
жакшы буйрук апкелген эле.
Бул улуктар башында көп убакытка чейин казактын козголушунан, көтөрүлүшүнөн
чочуп коркуп шашкалактап келсе да, аягында төрт-беш күндөн бери тегерегине жыйып
алган аскерлери жүзгө жеткен соң, көкүрөктөрү көтөрүлүп, курсактары кампайып,
чердейе баштаган. Алгачкы корккон күндөрүн эске албоого тырышып, ошондогу
коркутуп ныгырган эл башчыларын эми аяшпай турган ата жоосу кылып алган эле.
Али да коркуу, ичтиртен сестенип чочулоо жок эмес, бирок ошентсе да жогорудан
келген буйрукка таянып, колдо даяр турган куралдуу аскерге таянып, бир аз иш кылып
көрүүгө болот эле.
Ошол абалдын үстүнө кечээ кечинде келген буйрукта: «Кыргыз бүлгүнчүлүгү ашыпташып кетти. Бул дарт өзгөлөргө да жайылып кетиши кыйын эмес, жигит бербеймин
деп отурган казак да буга кошулуусу мүмкүн. Ошол ишти жасатпай, окуянын алдын
алуу үчүн эми тезинен Албан уруусунун башчыларын түрмөгө салуу керек. Мурунку
өзүңөр көрсөткөн тизме боюнча, ошол күнкү жыйынга башчылык кылган он жети киши
толук кармалсын»,— деген.
Кабар кечинде келсе да, түнү бою ким-кимди, кандай, кай кезде кармоо тууралуу
кеңештер болуп, тун ортосунда чечим чыгарылган эле. Ушул абалдын үстүнө эртең
менен Асы окуясынын каңшаары жетти. Ал чочутуп коркутуп келди. Мурун жүрөктөрү
түшүп, кайтадан көкүрөктөрү көтөрүлүп манчыркай баштаган улуктар уйкусунан
ойгонгон жерде мынабу шумдукту укканда дагы да бир аз убакытка чейин ылдыйлап,
эси чыгып калган болчу.
Ушул абалдын үстүнө таң азандан Ракымбай жетип келди. Ал КамандууКарагайдагы бир ниеттеш жакын айлына конуп чыгып, эртең менен жармаңкеге келе
жатып, Тамгалуу-Ташта отурган айылдын айланасында аркандалуу жүргөн көп атты
жана мамыда байлануу турган бир нече токулуу аттарды көргөн эле. Булардын
баарынын тең үстү чыланган терге бөлөнгөн. Тер кадимкидей катып калган экен. Түнү
бою жолдо кыйналып келген түрлөрү бар. Арасында жалы төгүлүп, бүгүлүп турган
айгырлар да бар. Эн тамгасы кызыл бөрктүкү болчу.
Мамыдагы аттардын ичинен Серикбайдын кызыл жоргосун да тааныган. Ошол
бойдон айылды жакалап акырын өтүп бара жатып жанындагы жалгыз жолдош жигитин
жиберип, дөң башындагы бир чалдан айылдагы кишилердин ким экенин астыртан
сураткан. Аңкоо чал Ракымбайдын да, анын жигитинин да ниетинен кабары жок
чалалык маңыроолугу менен угуп-билген аңгемесинин баарын айтып берген.
Жолдошу чалдын кебине токтолуп калган соң, Ракымбайдын өзү да чалдын жанына
салам берип келип, болгон аңгемени баштан аяк кайта-кайта сурап, билип алган эле.
Ошол бойдон түз келип Акжелкеге:
— Албандын бардык башчысы Тамгалуу-Ташта жыйылып жатат,— деп угупбилгенин баяндаган.
Ошондон кийин улуктар тезинен кеңешип:
— Эми күтүүгө болбойт. Иш бүтүрүү үчүн эң оңтойлуу саат ушул. Тамгалуу-Ташта
башчыларынан башка жай адам жок. Ушуларды тезинен барып колго түшүрүп алса,
калган эл быт-чыт болот.
— Эми күтүп болдук. Асыдагы кабарды уккан соң, эл дагы дүүлүгөт.
— Баса, эми окуянын алдын алуу керек. Эң оңтойлуу шарттын баары ушул саатта
өзү чырмалышып келип турат. Азыр аскер жиберип, тигилерди түрмөгө салуу керек,—
деп Акжелкенин сөздөрүн тергөөчү коштогон. Урядник, пристав да пикирине кошулган.
Бул кеңеш узакка созулган жок. Ошону менен аз гана күймөлгөн соң, урядник
жанына отуз солдатты ээрчитип алып, Тамгалуу-Ташка келип, жогоруда айтылган ишти
иштеген.
«Албандын бардык башчысын Тамгалуу-Ташта кармап алып, жарманкеге апкелип
камаптыр» — деген кабар түш ченде жармаңке айланасындагы жайлоо-жайлоонун
баарына жетти. Бирди ыйлатып, бирди кайгы менен күрсүндүрүп, бүтүндөй элди
кабагын түшүрүп үркүткөндөй болуп, бул кабар тез жайылып кетти. Башчыларынан бир
заматтын ичинде айрылып калган уруу-уруунун бардыгы тең көзгө камчы тийгендей
эзеңгиреп, жашып калды. Эмне кыларды билбей камалып, дүрдүгүп шашкан кур
карбалас. Курулай кайта-кайта айта берген убайымчылык. Улуу-кичүү түгөлү менен
жалгыз гана каргышка сүйөнүп:
— Тилегиң катсын, көзүң ачылбасын!
— Оо кырылып кал, өрттөнүп өл, атың өчсүн!.. — деп бардык эл тегиз күңгүрөнүп,
наалат айтууда эле.
Бирок бул эң алгачкы сааттар болучу. Аздан соң элдин акылы ордуна келип, бир
жагынан Асынын көтөрүлүшүн угуп, кайтадан бириндеп кайрат жыйып, демигип тилин
чыгарып, ары-бери козголуп дүүлүгө баштады. Бул күнү боюна кайрат жыйган элдин
бардыгы: «Өткөндөгүдөй каптап жармаңкеге барабыз. Кишибизди сурайбыз, алар
жазыктуу эмес, калың эл жазыктуу. Кыла турган болсоң, ушу элдин баарына кыл
дейбиз...» — дешип кайта алоолонду. Жайлоо-жайлоонун ашыгышта тапкан акылы
ушул болду. Ошондуктан топ-топ болуп, туш-туштан жармаңке башына карай дагы да
тебетейчен Албан агыла баштады. Бирок бүгүнкү жыйын өткөндөгү жыйын эмес. Канча
айткан менен эл андай көбөйө албады. Бирин-серин жайлоодо:
— Жооп алып туруп бошотор. Элден мурун байкайлык... кантээр экен?
— Өздөрүнөн да кабар келбес бекен? — дешкен чабал кептер да болду. Жана
жармаңке тегерегине келген элдер алдын ала бири менен бири сүйлөшүп, баш
ийкешип аттанган эмес. Ошондуктан ар жайлоонун кишилери ар бөлөк топ болуп, ар
убакта келип өзгөлөр менен баштары курала да албады.
Топ-жыйындуу жер Тегерек-Саз эле. Мындан Каркырага карай чыккан үч жүздөй
киши болучу. Башчысы: Абакир, Баймагамбет, Жансейит эле. Узактын айлында болгон
кишилерден жалгыз аман чыккан Баймагамбет эле. Аны таң заардан турган соң
Серикбай Акбейитке бир жумушка жумшап жиберген. Ошону менен солдаттар келгенде
айылда болбой аман калган.
Узактын айлына келип жат кабарды ыйлап-сыктаган катын-калачтан угаары менен
ал куюндатып чапкылап отуруп кабарды Тегерек-Сазга жеткизип, андан Абакирге
баштатып, эки жүздөй киши болуп, жармаңкени беттеген. Булар желип-жортуп
Каркырага карай жөнөгөндө тегеректе ар жерде чачырап жүргөн бир нече бөлөк-бөлөк
топтор кошулган. Ошону менен жыйыны үч жүзгө жакын калың топ болуп, жармаңкеге
жакындап калган эле.
Алдыларынан чапкылап отуз-кырктай куралдуу солдат чыкты. Булар эл кишилерин
жармаңкеге апкелгенден бери карай тегеректеги жайлоодон келе жаткан кишилердин
бардыгын жарманке башына жибербей кийин кайтарып:
— Ал кишилерден жооп гана алынат. Бүгүн соода жок. Жармаңке башында силер
кыла турган иш жок. Кайткыла, тарагыла,— деп кайтарып жаткан. Түштөн бери
жайыктын ар жеринде дүрдүккөн топтун көпчүлүгүн ушундай деп таратып да
жибергендери болгон. Абакирлерге да ошону келип айтты, тарагыла деди.
Бул сөзгө Абакир:
— Биз элдин жиберген элчисибиз, кишилерибиздин жайын сурайбыз. Эл атынан
арыз айтабыз. Жибер бизди! — дегенде, солдат ичинде турган казакчага жүйрүк казакорус:
— Арызды мындай көп киши айтпайт. Баарың бирдей барбайсың. Элдин баары
кайтып жатат. Кайткыла! — деп дагы айтты.
— Биз кишибизди көрүп, улукка сүйлөшүп кайтабыз. Ал кишилерде жазык жок.
Мынабу эл жазыктуу, ошону айтабыз. Бизди коё бергиле, коё бергиле!
— Жибергиле!
— Арыз айтабыз... жибергиле бизди жармаңкеге,— деп Абакирдин сөзүн коштоп көп
добуштар дабырап коё берди. Эл болбой солдаттан өтүп, акырын жылып жөнөй
баштады. Ошол кезде солдаттардын башчысы айкырып:
— Кайткыла кийин биз силерди жибербейбиз... улуктар жиберүүгө буйрук берген
жок,— деди. Абакир элдин алдына теминип чыгып, ачуулуу добуш менен:
— Эмнеге буйрук берген жок? Эл арызын укпай турган кайдан чыккан улук?! —
дегенде башчы орус Абакирге карап бир эсеп ойлогондой болуп туруп:
— Андай болсо, барың барбайсың, эки кишини башчы кылып чыгаргыла. Ошолор
сүйлөшүп кайтат. Ошого мына, сен жүргүн,— деп Абакирге нускады.
— Барамын, мен эле барамын... — деп Абакир атын теминип илгери чыкты.
Жанына Картпайды эл кошту.
Ошентип экөөнү ээрчитип солдаттын башчысы кетип калды.
Калгандарга: «Кайткыла, кийин чегингиле. Кишиңер келет, бошотулат» — деп
алдап-соолап туруп солдаттар аларды кийин жылдырып, жармаңкеден ары карай
узатып алып кетип бара жатты.
Абакир келгенде Акжелке менен тергөөчү түшкү тамактарын ичип алып, кызара
отуруп кеңешип жаткан эле, Жармаңкеге киргенде Абакир көчөдө Осмонду көрдү. Ага
жакын барып улукка айта турган сөзүбүздү жеткиз демекчи эле, бирок тилмеч
солдаттар апкеле жаткан Абакирди көрүп тескери айланып, карабай кетти. Далысын
салып, качкалактап бараткан Осмонго Абакир кыйкырып:
— Качып баратасың го! Жарайт эмесе, бар, бар... Сен сыяктуу чириген жумуртка
кайда калбаган! — деди. Осмон укпаган киши болуп башын ийнине катып, көзүн жерден
албастан бурулуп кетти.
Улуктар Абакирдин сөзүн тыңдаган жок. Арызын какмалап айткызбаймын десе да,
Абакир күймөлбөстөн жарыша сүйлөп айтып жатты. Бирок улук муну таңазар алган жок,
кулагын салып тыңшап уккусу да келбеди. Абакирге каршы жер сабап, зиркилдеп
ачууланып, тактайды жара тээп, заар чачып:
— Сен болушсуң, падышаны, улукту унуттуң. Өзүңө тапшырылган милдетти,
кызматты таштадың. Сенден бузуку киши жок! — деди.
Абакир шашкан жок.
— Бузукулук сенден өтүп мага келе элек. Жеп коём дейт чыгарсың. Кудай — ак да.
Жазыгым болсо бузуку болормун. Жазыксыз кишиге эчтеке кыла албайсың,— деп
демейдеги кыйкырып сүйлөгөн добушуна салып, көзү канталап кетти. Бирок кийинки
жообунан соң улук сөздү токтотту да, жанында турган солдаттарга:
— Муну да апарып камагыла! — деди. Ошондон кийин Абакирдин ана-мынасына
карабастан, тыңдабастан, өзгөлөрдү камаган үйгө апарып жаап таштады.

VIII
Бүгүнкү күн ушундай чоң иштерди бүтүрүп таштап, көптөн бери ашыгып даярданган
аракетине мыктылап киришсе да, жармаңке улугунда «эл кантер экен» деп жалактаган
күдүктөнүү бар эле. Күнү бою жармаңкеге жайлоо-жайлоодон үздүксүз чубай берген эл
ошол күдүктөнүүнү күчөтүп, сестендиргендей болду. Ошондуктан улуктардын кеңеши
бүгүн түндө бир нече кишини Караколго жиберүүгө чечим кылышты.
Түн кирди. Түрмөдөгүлөргө урядник келип:
— Силерди түрмөгө салдырган Караколдон келген буйрук. Ошондо бир далайыңдан
жооп алат. Ошого Жамаке, Узак, Абакир,— деп санап, он чакты кишинин атын атады
да,— ушулар азыр Караколго жөнөйсүңөр. Ошондо барып жооп бересиңер,— деди да
аталган тизме боюнча топ кишини алып чыкты. Булар тышка чыкканда Караколго алып
бара турган айдоочу солдаттары менен ат араба дайын турган экен. Отургузуп алып
түнүчүндө Караколго алып жүрүп кетишти.
Жармаңкенин түрмөсүнө апкелип тобу менен камагандан бери карай Узактар
улуктун да, солдаттын да кебетелерин абдан байкап, баамдагандай болушкан. Булар
мурунку ат алып, акча алып, жемсөөсүн толтургандан кийин жоошуп, жорголоп кете
турган адетинен айрылган. Андагысын унуткан сыяктуу. Алда кандай ниет менен
сурданып түксүйгөндөй түрлөрү бар.
Ошол кебетелерин көрүп Жамаке:
— Мынабу капырлардын сүрү бузулган экен. Мен бошонуудан күдөр үздүм. Эркек
токту курмандык дешчү эле. Бизди эмне кылса ошо кылсын, тек эл аман болсун,—
деди.
Жанындагы жолдошторунун баары тең бул сөздү укканда унчугушпады. Баарынын
тең ичинде чоң күдүк уялап .калгандай. Сырт менен катнаштары болгон жок. Өз ара да
сүйлөштүрбөй, көп солдат камап, аңдып багып турду. Ошондо арадагы бир ыңгайлуу
учурда Узак, Жамаке, Серикбай болуп сүйлөшө калып:
— Эми эмнеси болсо да, эл жубунан жазбай, жигинен айрылбай, көшөрүшүп көрсүн.
Сыртка сөз чыгарууга жылчык табылса, ошол саламыбызды айталык,— деп сөз
байлашкан.
Бул чечим түрмөдөгүлөрдүн ала-буласыз бир ниет менен, зор ачуу менен нык
сүйлөшкөн бүтүмү эле. Ошентип, кечти күтүп жатышты. Үстүлөрүнө Абакир келгенде
булар томсоруп гана каршы алышты. Бошоңдоп, мүсүркөшкөн жок. Жалгыз гана
Картбай Абакирди түрмөгө чейин узатып келип, Абакирди камап келе жаткан
солдаттардын ийнинен түрмөнүн ичинде отурган Турдукожонун башын көрөр замат,
Турдукожо:
— Элге салам айт. Берекесинен, ынтымагынан айрылбасын, сестенбесин,— деп
гана айтып калган. Андан аркы сөзүн угузбай солдаттар Картбайды кууп жиберген.
Ушул абал менен түн болгонго чейин отурганда түрмөдөгүлөр өздөрүнө улуктун
эмне кыларын билалбай, томого туюк жагдайда келген эле. Каш карайганда урядник
келип Караколго барасыңар деп он чакты кишини алып чыкканда, булар артында калып
бара жаткандарга кайта-кайта: «Кош... кош... кудай аман-эсен көрүшүүгө жазсын. Арбак
колдосун...» — деген сөздөрдү гана айтышып, чыгып кетишти. Түрмөнүн ичи кайтадан
жым-жырт болуп, ээндеп, жетимсиреп түнөрүп калды.
Картбай түрмөгө түшпөй аман калган соң бул күнү жармаңке башынан кетпөөгө
бекинип Самуратка келип, ошонун үйүнөн түрмөдөгүлөр тууралуу кенен-кесири кабар
алып отурган эле.
Акырында түндө Узактарды жөнөткөнү жаткан экен, деген кабарды угушу менен
атына мине салып, Тегерек-Сайга карай чапты. Мунун эмки ниети түн бою колго тийген
жигиттери менен Каракол жолуна жетип, тоо ичинде айдалган кишилерин согушуп
ажыратып алып калмак эле. Ушу чечимди айдалгандарга угуза албады. Бирок Самурат
экөө болуп сүйлөшкөндө ашыгышта тапкан айла ушу гана болду.
Жазалууларды Караколго жеткизе турган айдоочу Каркыра жайыгынын жым-жырт
түнүн жара тилип, шалдыраган араба, шатыраган курал менен добуш салып жөнөй
беришти. Эки-экиден чегилген семиз аттар капилет буйруктун кысмагы менен токтоосуз
желип-жортуп, кээде чаап, ашыгыш илгерилеп келет. Каркыранын Караколго карай
беттеген жагы көпкө чейин созулган көк шибердүү жазык болот. Жыйырма-отуз
чакырымдай жер жүргөн соң гана Ала-Тоонун кыргызга караган жагына барып илинет.
Такыр жолдо ашыгып чапкан көп аттын дүбүртү менен бирге темир курал-жарак да
шатыр-шутур этет. Айдоочу тыным албай, чырм этпей жөнөп келет.
Ушундан озомун деген чапчаңдык менен Каркырадан чыгып, жолдогу Көк-Дөбө элин
кабарландырып, Тегерек-Сазды кыдыра чапкылап, жигит аттууну дүркүрөтүп Картбай
да чапкан эле. Бирок мурун түн баласында аттарын аркандан чыгарбаган боз улан, эразамат алда неден камсыз, дайынсыз калыптыр. Жармаңкеден түн менен келген
шашылыш буйрук, чукул кабар көпчүлүктү кенебей камсыз жаткан жеринен тапты.
Тартипке, ирээттүүлүккө салынып көрбөгөн жайлоолор бүгүн түнү эч бир
жаманаттылык күтпөй, шалаакыланып калган экен. Ошондо да айыл баш сайын экиүчтөн ат дабылып, дайын атка дайын жигиттер минип калган эле.
Жайлоо колу жүз чамалуу киши болуп, камданып жыйылып алып, башчысы
Баймагамбет Жансейит, Картбай болуп Караколдун жолун кесип туюктап алабыз деп
арбактап сүйлөп, Шырганактыны бөктөрлөп, түштүк менен күнчыгыштын борборуна
жакын ат коюп чаап жөнөгөн кезде жайдын кыска таңы кылаңдап, сызылып атып келе
жаткан убакыт болуп калган эле.
Бүгүнкү ниеттин жолунда атын да, куралын да, жанын да курман кылгандай эпкини
бар жүз жигит иргелип, жалындап чыкканы менен, булар ойлогон максат ишке ашпай
турган болду. Кечигип калышты. Айдоочулар жай жүрө турган чыгаар деп болжошту
эле, андай болбоду.
Токтобостон чапкылап отуруп, күйүккөнүн жолго таштап, эч нерсеге алаңдабай,
токтолбой, Ала-Тоонун бөктөрүндөгү кара жолго алдыңкы Баймагамбет, Жансейит
баштаган топ келип туурасынан чыкканда, булардын саны алтымыш, жетимиштей эле.
Өзгөлөрү бөлөк-бөлөк топ болуп, арттарында үзүлүп-созулуп келе жаткан. Жолго
жеткен соң алдыңкы топ аз гана тыным алып тер басып, каржалып калган аттарын
аркы-терки бастырып, артын күтүп жүргөндө, Караколдон түн катып келе жаткан үч
арабачан уйгур кезикти.
Арабакечтердин айткан кабары боюнча Тегерек-Саз жигиттеринин бул жүрүшү
курулай арам тер экенин билишти. Азыр күн улуу шашкеге жакындап калды. Уйгурларга
түн ортосунда тоо ичинде жолуккан жүргүнчүлөр бул кезде Караколго жетпесе да
жакындап калган кез болуптур.
«Каап» деген жалындуу арманга туш келген калың топтун оозунан түркүн-түркүн кеп
чыкты. Жигиттер эми кайда барарын, эмне кыларын билалбай үйүгүшүп, сандалып
кала берди.
— Эми эч болбосо жармаңке башында калганына арачы бололук. Ошолордон тилкат алалык,— деп Баймагамбет айтты.
— Камсыздык, кенебестик түбүбүзгө жетти го... кетти го эзил кайран эрлер!
— Эми кимди башчы кыласыңар? Ким тутка болот? — дегендей өкүнүч менен
кошулган чоң күдүктөнүү белгиси да билинди. Акыры Жансейит, Баймагамбет
көпчүлүктү:
— Эми жашыбайлы. Абдырабайлы. Тобубузду жазбайлы. Башка салганды
көрөрбүз. Жигит аттуулар мындан ары күн-түн дебей дайындыкта болсун. Кабар
күтөлүк. Жармаңкенин улугун кысалы. Эч болбосо, мынабу башчылардан жаманатты
кабар келе турган болсо, ана-мынаны коюп, ушу жармаңксни басып алалы. Эч болбосо,
калганын арачалап калалы. Курал алалы,— деген сөздөрдү айтты. Ушу сөз чечим
сыяктуу көрүнүп бүгүнкү жолсуз жүргөн көпчүлүккө убактысынча болсо да жубатуу боло
турган сыяктанды.
Ошентип, топ кайтадан Тегерек-Сазга кайтты.
Бул кезде, дал улуу шашке маалында жазалууларды алып качкан айдоочу
Караколго кирген эле.
Жарташтуу калың тоонун койнуна салынган кичинекей калаа кийинки күндөрдө буга
чейин көрбөгөн өзгөчө жагдайларды башынан өткөрүп турган. Бул калаа саатына чейин
кекчил, мыкты, эч кыргыздын ачуусунун астында такай сескенип, чочулап жаткан. Өз
ичинде өз күчүнө ишене албаган кооп күдүктөн башка буга айланадагы дыйкан, казакорустун майда кыштактарынан жетим-жесир болуп, качып келе жаткан катын-калач,
бала-чака, кары-картаңдын үркүндүсү да чоң кабатырлануунун белгисин көрсөткөндөй
болгон. Келгендердин бардыгынын кыштактары ойрон болгон, малдары таланган,
эгиндери өрттөлгөн. Чабылган майда кыштактардын көпчүлүгүндө коркурап аккан адам
каны. Жакынынын, жан ачырынын канын көргөн да бар. Баштарына жесирлик,
жетимдик келип, жөлөгүнөн, эркегинен айрылган. Эмне кылса да далай жылдан бери
унчукпай жым болуп катып, нес болуп турган ак карлуу Ала-Тоо, мемиреген аска-таш
соңку күндөрдө чат-чаты, коюн-колтугу, жылга-жыбытынан ачуулуу кектин отун
чачкандай болуп турат. Далай жылкы падышалык улуктун арамга булганган саясаты
көптөн берки сактап келе жаткан уусу менен тоо койнун тоздуруп, канжарга түртүп
туйлатып алып, эми ошол кесиринин залдарын коңшу отурган эмгекчи элдердин
арасына араздык оту сыяктуу кылып чыгарып салды.
Кыргыз айылын дыйкан казак-орус чапса, булардын калаасын өрттөп, эр-азаматын
тирүү жанын кыргыз кескилеп кыйнап, качырып турат. Арада араздык сыры ачылды.
Каракол айланасы кан сасыгандай адамдын өлүгүнө толуп кетти. Күн өткөн сайын
бүлүнчүлүктүн аймагы кеңип жайыты жалындап келет. Жаратылышы жеринен суук,
улуу аскадан жер силкингендей күрсүлдөп таш кулап, дүйнөнү башына көчүрүп дүң
салып жатты.
Ушул абалдын үстүндө жаткан Караколго эртели-кеч калканч издеп качып-бозуп
келип жаткан мужуктардын арабалары менен катар, эртели-кеч жанындагы кыргыз,
казактан колго түшкөн «айыптуулар да» араба-араба болуп келип, түрмө алдына
төгүлүп жатты.
Бирок кичине калаанын кичине түрмөсү акыр заман 'болгондо жер дүйнөнү бир
өзүнүн ичине сыйгыза турган таруунун кабыгындай болуп, күн-түнү топурлаган адам
булагын өз ичине батырып шимирип, сормо саздай соруп, үнүн чыгарбай жутуп турду.
Таң атса, түрмө ичи бошоп калат. Анын эсебине калаанын тегерегиндеги буйгаттуу чат,
ууру сайлар казак, кыргыз эрөөлчүлөрүнүн сөөгүнө толду. Карышкыр, суур,
кашкулактар, чаңкылдак сары, тазкара, алакарга, кузгундар сыяктуу жырткычтар асман
менен жердин арасын түгөл майрамдоодо. Нечен түрдүү үн салып, кубанычтуу
жырткычтар жыйыны каракөз, кызыл жүздөрдөн ырыскысын алып жеп жатты.
Кечеги болумсуз тынчтык, байкерчилик күнүндө ата-энеси үйрүлүп айланган алма
бет бала бүгүнкү күндө жыттанган сулп этке айланып жорулар тишинин арасында
жулунуп, сыдырылып ашалып жатты. Ошол шыбага кезегине келбегендер өз бети
менен чубуруп сейректеп, түгөнүп барат. Бир кезде тиричиликти тилеп дүкүлдөп соккон
жүрөк да өмүрлүк жашоосунан жаңылган. Үйүлүп каткан бир гана кара кан болуп, ал
дагы жыгылганын, жеңилгенин мойнуна алып турат.
Ушундай жагдайда айланасы адамдын кан-жинине толгон «касап» калаасына
жакындап келе жатканда, арабадагы жазалуулар ар бир сай, жылганын жанынан
өткөндө жеңдери менен мурундарын басып, бирине-бири эчтеме айтпаса да ичтей
чочулап сыйынып өтүп жатышты.
Келиши менен буларды да түрмөгө камады. Бирок, көп буйдалып жайландырган
жок. Белгисиздик абалында эки-үч сааттай убакыт өткөн соң, дал түш ченде түрмөгө
өкүмдарлар келип: Узак, Жамаке, Абакир үчөөңөр жооп бересиңер деп ээрчитип алып
жөнөштү. Буларды жоопко чакырган Караколго келген оёз дешти.
Кеңсеге үчөөнү үч солдат кынынан суурулган кылыч менен күзөтүп алып келгенде
чакыруучу жалгыз оёз эмес, жанындагы дагы бир чоң төрө бар экен, ал Алма-Атадан
келген аскер прокурору эле.
Оёз жазалуулардын жайын маалим этери менен, тергөөнү ошол прокурор баштады.
Жашыраак, семиз, зор сары улук даражага манчыркаган текебер, эсириңки неме
көрүнөт. Антсе да мурун ичтеринен «эмнеге болсо да чыдадык» деп бекинип алган,
андан бери жол боюнда көп нерселерди көрүп, угуп, түрмөдө да бирин-серин
кыргыздан өзгөлөрдүн көрүп жаткандарын аныктап билип алган күнөөкөрлөр эми
улуктун сырт кебетесинен сескене турган, жазгана турган абалдан өткөн сыяктуу эле.
Булар өздөрүн ошончолук төмөнсүп, жашыган, күнөөлүү киши сыяктуу көрсөткөн
жок. Келген жерде сыпайы, тарбиялуу коңур момун кебетеде турса да, бойлорун эркин
кармады. Улуктарга: «күнөөсүзмүн, заарыңдан корко албаймын» — дегендей
ишенимдүүлүк менен, чоң салмактуулук менен карашты.
Тилмеч буларды билбеген өзбек экен. Казакча сөздү жакшы туюнуп, улуктун
суроолорун казакча түшүнүктүү кылып которду. Прокурор оболу өзгөлөрдөн жашы
жагынан, аксакалдуу көрүнүшү менен да өзгөчөрөөк сыяктанып турган Жамакеге
карады да, алды менен ошондон сурак ала баштады.
Төрө колуна кагаз, калем кармап отуруп, алды менен аты-жөнүн, жашын, болушун
сурады. Жамаке жолдон чарчап, кажып келген кары жүзүн адеттеги түксүйгөн суук
калыбынан жаздырбастан, кашын анда-санда кекенүү менен жыйрып туруп, алгачкы
суроолорго бир ооз сөз менен кыска жоопторун берди.
Жамакенин оюнда: улук жооп алганда эмне, албаганда эмне? — баары бир
үстүбүздөн келген жамандоолор жеткиликтүү болгон. Жоопко карап бул оңолбойт,
ошондуктан анчейин чиелештирбес үчүн гана жооп айткан болуу керек. Жооп чубалган
узун сөз эмес, айтор, бирдеме десе болор деп гана ойлогон. Өз жообун ушундай
бермекчи эле.
Ошол жайын аягына чейин ойлонуп чыкпастан улук:
— Элиңер жигит бербейбиз дегени ыраспы? — деп сурады.
— Дегени ырас.
— Ал сөздү элге ким үйрөттү, ошону айт, башчысы ким?
— Башчысы жок, калың элдин өзү айтты, мындай сөз үйрөтүлүп айтылат бекен?
Бардык Албан эли түгөл бербейбиз деди. Ошонун баарын бирдей ким окутуптур?
— Эмне үчүн бербейбиз дейт?
— Эл: улук бизге адилетсиздик кылды. Жерибизди, суубузду алып, өзүбүздү чөлгө
айдап, тоого кууп чыгып отурат. Чыгымын, алымын алып отуруп, эмне айтканынын
баарына көнүп иштеп отурсак да, бизди али күнгө өз элим, дос элим деп санабайт.
Душман деп билет. Бизге эки сөз айтса, ал жалган болуп жүрбөсүн деп да ойлобойт.
Мурда солдат албаймын деген, эми солдат алгысы келет. Жерди албаймын деген эле,
аны алып отурат. Нааразылыгыбызды айтсак, укпайт. Сөзүбүздү жеткиз деген
кишибизди айдайт. Түрмөгө салат. Жазалайт. Өзүбүздү иренжитсе, өзүбүздүн
арызыбызды укпаса, сүйлөтпөсө, ал улукту жакшы улук деп кайдан айтабыз? Анын
айтканын кандай иштейбиз? — деди.
— Жигитти биротоло бербейбиз дейби? Жок, же баландай шартыбызды аткарбасаң
бербейбиз дейби? Элдин ичинде улук мына мындай иш иштесе, көнөбүз дей турганы
барбы?
Бул Жамакенин күтпөгөн суроосу эле. Анын оюна ушу суроо менен катар тезинен
бир чечим келгендей болду. Эчтеме чыгарына ишенбесе да, болумсуз болсо да, бир
кичине үмүт элестегендей эле.
— Эл, берсек кара жумушка бербейбиз. Нагыз солдат кыла турган кызматына
алсын дейт. Муну башынан айтышкан.
— Кара жумушта болсо согушка кирбейт, аман калат, Андай болгондо солдаттыкты
эмнеге тиленет?
— Биз да солдат болуп жүргөн эл сыяктуу калкпыз. Биздин да эркегибиз — эркек,
ургаачы эмес. Ошондуктан башка элдер катарлуу тең орунда болобуз. Колубузга курал
берсин дейт. Прокурор кекетип суук жылмайып:
— Куралды кай жерде алгыңар келет? — деди.
— Куралды азыр эл ортосунда колубузга берсин. Биздин ата-энебиз, эл-журтубуз
мурун мындай шумдукту көргөн эмес. Ошондон кийин алардын көзү канып, бою
үйрөнгөнчө элибиздин ортосунда аскерликке үйрөтсүн. Эл жигиттеринин колунда курал
көрүп, өз баштарын сактай турган куралы бар экен деп көңүлүн ордуна келтирсин,
Ошондон кийин, аскер өнөрүн үйрөнгөн соң, улук жигиттерди алып керегине
жаратсын,— дейт.
Сен ошол элдин аксакалысың, эстүү адамысың, сен да ушуну айтасыңбы?
— Мен да ушуну айтамын.
— Бул натуура сөз. Эч кимден минтип аскер алынбайт. Сен элге мунун терс экенин
түшүндүрүүң керек. Ошону сен туюндура аласыңбы? Элдин айтканы аткарылбайт.
— Ал болбосо, эл да болбойт.
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Дүрбөлөң Заман - 09
  • Büleklär
  • Дүрбөлөң Заман - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3656
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2069
    26.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3848
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2079
    29.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3955
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2090
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3889
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2125
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3872
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2044
    29.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3860
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2050
    29.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3991
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2003
    32.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3835
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1985
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3904
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2041
    31.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3901
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2010
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3956
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2039
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3301
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1760
    32.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.