LatinHärber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Дүрбөлөң Заман - 03
Süzlärneñ gomumi sanı 3955
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2090
28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
көп иштеп маш болгон карт бөрү эле.
Бир нерсеге оп-оңой көнгүсү келбей, кыйшактаган убакытта казак ушундай артына
жалтактап, «ким билет», «журт эмне дейт» дегенди айткыч болот. Ал белгилүү, бирок
өзгө жерде, көп болуш жыйналган арада көпчүлүк жанагыдай кабатырланган менен,
арасынан Ракымбай сыяктуулар суурулуп чыгып, «жакшы болот», «аткарабыз,
иштейбиз» дегенди айтып салчу эле.
Бүгүн аны эч ким айтпады.
Ракымбайда да аны айтчу түр жок. Алдында отургандардын артына из
жашыргандай, улуктун көзүнө көзүм түшпөсүн дегендей, басаңдап кичирейип кетиптир.
Мындан да өзү күткөн көсөмдүк чыга турган эмес.
Ракымбай сыяктуу жагымпоз, жорго болуштун дагы бир экөөнө көзү түштү эле,
алардын да алга чыгып бирдеме дей турган түрү жок.
Сырткы түрү: «Алдаяр таксыр» — дегендей болсо да, ар кимдин ичинде сүйлөтпөй,
думуктуруп басып турган күдүк бар сыяктуу. Улуктан башка да коркутуп, тумчуктуруп
кысып турган бир салмак бар. Ошондуктан суурулуп чыгып, Абакирден бөлөк сөз
сүйлөй турган киши көрүнбөдү.
Бир гана Акжелке эмес, улуктун бардыгы тең ушуну толук сезди.
Мурун алдына оңой түшүп, каалаган жакка оңой беттей турган казак бүгүн бир
кыңырлык белгисин бетине чыгарып, кебелбес мыкты дубалды тургузуп келе
жаткандай болду. Бирок мындай жардык күнүгө жарыялана бербейт. Андайды Акжелке
кырдан, казак ичинен да дайым таппайт. Бул калаада жүргөндө эл ортосуна
жарыяланган буйрук-жардык болсо адайдын жемишин, түшүмүн алалбай калчу да
убакыт болот. Мынабу көңүлдөгү көксөп жүргөн тилекти колго берчү жардыктын бири.
Ошондуктан артынан сая түшүп, жабышып казакты багындыруу керек да, ошондон ары
уюлгуп шашкалактап, ыктоо издеген элди ач бөрүдөй тооруш керек.
Мына бул кебете-кешпирди көрсөтүп отурган адамдар жибин бошотсо, ар нерсени
ойлошу да мүмкүн. Буларды 0шол бети менен чалкытып, калкытып өз эркинче
жибербес үчүн, кайрып көп сүйлөшпөө керек. Абакир сыяктуу болуштарды да
сүйлөтпөө керек. Улук ушуну эсептеди да, эл оозунан Абакирдин сөзүнөн бөлөк сөз
чыкпай турганын көргөн соң аңгемени тез бүтүрүп, артын кайырмак болуп:
— Силер элге жарыялайлык деген сөз айттыңар. Ошондой болсун. Жарыялап
бүтөрүңөр менен тезинен тизме түзүүгө киришүүңөр керек. Бул убакытка чейин
казактын эли да, болуштар силер да, падышага, падыша өкмөтүнө маңдайыңар тердеп
кызмат кылган жоксуңар. Силерден башка элдер алда качантан бери кырылып жүдөпкакап жатат...— деп, ар сөзүн алкынып, урушкандай болуп, сүйлөп келип: — Эми
силерге да согуш ишинде болбосоңор да, согушуп жүргөн аскерге кол кабыш кылып,
жардамыңарды тийгизе турган убакыт келди. Эми ар бир казак, ар бир эси дурус
болуш, старчын, бий, элүү башы ушуну жакшылап түшүнүү керек да, элге да аныктап
түшүндүрүп тез тизме түзүү жумушуна киришүү керек.
Элге жарыялап болуп, мага кайта келип, тизме түзүүгө дайынбыз деген сөздү
айтышыңар керек. Мен ушуга үч күн мөөнөт беремин, ошол үч күндүн ичинде бардык
алдын ала иштей турган жумуштарды бүтүрүп келгиле. Сөз ошол, азыр баргыла!.. —
деп зилденген суук көрүнүшүн жылытпастан туруп, болуштарды таратты. Өзгөлөр
«тара» деген буйрук менен тапыр-тупур турушуп, салбыраган, түйүлгөн кабак менен
кетип жатканда, Ракымбай менен дагы бир-эки ушу сыяктуу болуштар Акжелкеге
жакындап жанашып келди. Булардын жүзүндө «мага бирдеме деп ырайым кылар
бекен» дегендей жалтактап куйругун булаңдаткан итче жагынган кебете-кейип бар.
Улукка тондун ички боосундай, мен өзүңдүкүмүн дегендей кейиптери бар эле. Бирок
үлүрөйүп турган улук азыр жылуу жүз көрсөткөн жок.
Эки-үчөөнүн ичинен Ракымбайга оңурайып карады да:
— Байка! Жакшы болуш болсоң, эми өзүңдү көрсөтөсүң, антпесең... билип кой! —
деп айланып басып кетти.
II
Кечеги күнкү болуштар айтып келген кабар эл ичин уйгу-туйгу кылды. Бүгүн июлдун
сегизи. Жармаңке аймагы кечеги күнү кечинде эле жанагы жат жардыкты толук угуп
болгон. Ошондон кийин түнү бою бүгүнкү күндүн түш мезгилине чейин жаманчылык
кабары Албан уруусунун бардык жайлоолорун толук камтып, куюндай кутуруп тарап
кетти.
Карыялар кабагын чытып, жандары түйшөлүп, айласы кетип күрсүнүштү. Катынбала улардай чуулдады. Жигиттер ошол күнү эле «барбасмын» ниетти ойлоп, АлаТоонун зоока-ташына, кара үңкүрдөй калың өскөн карагайына карады. Бардык эл:
эңкейген карыдан эмгектеген балага чейин, эртели-кеч ушул жайды гана сүйлөдү. Эл
жаманчылык апаатты сезди.
Эр-азаматтын башына келген кара түн ушу күн деп билди. Келечек оокат, күндөлүк
кам, аш, дүнүйө, мал-мүлк дегендин баары эскерүүсүз, элөөсүз калды. Жайлоодогу
бардык жандын оозунда эмне кылуу керек? Эмне деш керек? Болуштар эмне дээр
экен? Аксакал, башчы чоң кишилер эмне дешет? Кандай жооп беришер экен? Эразаматын кыйып окко байлап, улуктун колуна салып береби, беремин дей алабы? Же
болбосо артына карап алаңдайбы? Улук эмне дээр экен? Эмне кылар экен деген
сыяктуу чечилбеген түйүндүн, каргыштай кыйын табышмактын алдында кабагы катып,
демин ичине жыйып, саат сайын жаңылык күттү.
Бүгүн түш ченде жармаңке жайыгынын үстүнөн куюндап, долуланып түрмөктөлүп
бир кара булут өттү. Тоо башынан айлана-тегеректи көздөп жүргөн, бою сергек эр
бүлөнүн бардыгы тең Албан жайлоосунун ар бир кырк-коктусунан бул алааматты
көргөн эле.
Ошол күнү кечке жуук бардык жайлоолорго бир жаңылык тарады.
Куюндап, түрмөктөлүп келген кара булут жармаңке үстүндө бир азга буйдалып,
андан ары төмөн карай Кегенди басып, Тузга барганда жоголуп кетти. Минтип сыр
көрсөтүп келген «ата-баба арбагы» экен. Падыша улугуна келип: «Казакты капалантпа,
солдат алба, бул элге тие албайсың»,— деп кетиптир. Ушу кабар жарк эткен
чагылгандай артынан тарсылдап чыккан күркүрөгөн добушу менен Албан ичин басып
кеткен сыяктанды. Ушул учкул кабар менен элдин өпкөсү көөп кеткендей болду.
Сүйүнчү сурашкан, «бошоно турган болдук», «барбай турган болдук»,
«бербейбиз!»... деген кабарлар жомоктогу сыяктуу кара булуттан эпкин кубат алып,
тыным алгандай калың эл кайта жаны тынч алгандай болду.
Кечеги кабар угулган соң жармаңке аймагы каңгырап ээн калгандай болгон эле.
Бүгүн күнү бою бир казак бир ширеңке алган жок. Соода жым-жырт токтоду да, базар
башка чапкандай тымтырс жабылды.
Наабайчылардын оттору жагылган жок. Мантунун буусу чыкпайт. Мейманы жок
ашкана жутагандай каңгырап турат. Катарланып жасалгаланып көздүн жоосун алган
кызыл-тазыл соода дүкөнү, каңылтыр-калайы жылтыраган идиш-аяк дүкөнү, кең
майдандай мал базары, майда-чуйда сатылчу дүкөндөр, кычыраган кара-кызыл
булгаарылар көмкөрүлгөн чоюн казан, жез чөөгүндөр, салпылдаган ээр токум
жасалгалары — баары тең бүтүндөй Албандын керек-жарагы үчүн жасалса да, бир гана
күндүн ичинде керексиз дүнүйө болуп жайнап калды.
Өлгөн эрдин артында жыл маалына чейин илип коё турган каралуу кийим, каралуу
аспап сыяктуу, дүкөндөрдүн дүнүйөсү жетим-жесир калды. Ушакчы тамак-соо
соодагерлердин дүнүйөсү өтпөй айласы кетип, бири-бирин кыдырып, баштарын
чайкашты. Азоосунуп, жат мүнөз көрсөтүп турган суз жаткан жайлоолорго карап
ачууланып наалат айтышты.
Каардуу урядник, дүкөнчү, соодагерлердин ортосуна келип, сыр бербей кыңырайып
жаткан казакка карап, көнүмүш болуп калган адети менен богооз сөздөрүн айтты. Эч
биринин да эми болгон жок.
Байыртадан чыдап келген териси калың алп, эми мурунку момундук, жоомарт
берешендигинен бир гана күндө бычак кескендей тыйылды. Башкадан мурун эң улуу
жоосу, миң кырсыктын ана башы — жармаңке деп билди.
Айланадагы көп жайлоодон мал айдатып, пул алуучуну жетектеп келе турган
жолдордун баары тигинтип аңгырап жатат. Демейде кара курттай кайнап ары-бери
агылып жатчу жүргүнчүнүн эч бир белгиси да жок. Тымтырс. Түрү суук табышмактай.
Бүгүнкү көрүнүш менен дал кечеги күндү гана салыштырсак да канчалык жер менен
көктөй, бакыт менен шордун арасындай, айтып бүтүргүс айырмасы бар эле. Кечээ
дүкөндөрдүн алды элүүдөн, жүздөн катар-катар ширештирип байлаган ээр токумчан ат
боло турган. Дүкөндүн ичин ийин тирешкен, муздай согулушкан алуучулар. Жалгыз
эркек эмес, кеп такыялуу байбиче, ак жоолукчан келин, үкүлүү кундуз тебетей кийген
толукшуп бойго жеткен кыз — бир эмес алда нече. Баарынын тең жанында көптөгөн
нөкөрлөрү бар. Өзгө казактардай сары эсеп, кытмыр соодагерлер эмес. Нагыз жумшак
кемирчектей эле.
Азыр алар мындай турсун, керек десе кулундуу бээ минип, баласын ээрчиткен
кедей кемпир да жок. Өгүз минип, беш-он кадак буюмун теңдеген кедей чал да жок.
Жалгыз ширеңке, жалгыз кесе болсо да дүкөндөн алып, колуна кармап бара жаткан
жайлоонун бир жаны жок.
Күлкүчү, аңкоо, узун бойлуу, тору жүздүү Албан бүт бойдон суук көз менен карап, эң
алгачкы ирет жармаңкени мазактап, «кет» «жогол» дегендей жийиркене тиктегенсийт.
«Арбак келди», «улукка кара булут түйүлдү» деп көңүл жубатса да, жарыяланган
жардыктын чындыгында күмөн жок. Кара таштай мисирейип, бир ордунан козголоор
эмес. Сүйүнчүлөө, түлөө берүү, дүрдүгүүлөрдүн бардыгы тең ошол зил кара ташты
оодарамын, кулатамын деп дубалаган сыяктуу эле. Бирок учуктап түкүрүнгөнгө кетпей
турган, айыкпай турган дарт сыяктуу болду.
Аны билген эл эми: «Баланча эмне дейт, түкүнчө эмнени ойлоду экен?» — деген
суроолорго такалган эле.
Бул кезде ар жайлоо өзүнүн ишенген кожосуна көз салып, ошонун оозунан чыккан
илебин тыңшап калган абалга жеткен. Өз ичибизден акыл чыгаар бекен деп
дымактанышкан эле.
Ошол сыңары Тегерек-Саз эли Серикбай, Абакирдин оозуна карап, Каркыра,
Лабасы, Сыртты жайлаган элдер Жамакедей карыя, Узактай баатырынын оозуна
карап, ошолордон жооп күткөн. Эртели-кеч ушуларга кары-жашы, болуш-бийи,
саламчы-элчисинин аягы үзүлбөй чубуруп келип жатты. Күндүз бир нече айылдарда
«түлөөгө союлган» малдын эттери желинди.
Азыр да, күн батар алдында Узак, Жамаке аз гана киши менен Тегерек-Саздын
тушундагы Узактын айлынын жанындагы көк жотонун башында кеңеш куруп жатышкан
эле.
Тууралжын келген буурул сакалдуу Узак кажыбас кайраттуу эр жүрөк баатыр
болучу. Мунун көп замандан берки үзөңгү жолдошу Жамаке. Бул жетимиштен ашкан
карыя текөөрү катуу кыраанга окшоп, алгыр, чечен эле. Бирок кыябын таппай
сүйлөбөгөн, көбүнесе унчукпай, өз ишине үңүлгөн сыяктуу ойдо отурган, курулай сөздөн
оолак, жагымдуу, жыйнактуу мүнөзү бар. Узак суурулуп көп сүйлөбөйт, сүйлөсө
биротоло кесип байлап, бир сүйлөйт.
Ошондуктан азыркы чечилбей турган түйүн сыяктуу зор ургалдуу ишке келгенде да
күндүзгү санаачыл, убайымчыл чалдар сыяктанбай, жанында отурган бирин-серин
кайгычыл ажылар сыяктанбай, Узак өз ишине киришкендей болуп, мойнун ичине катып,
бир кыңыр ой менен тымтырс унчукпай отурду.
Кечетен бери анчейин бышыксынып, чеченсинип жүрчү Албан ичинин улуу-кичүү,
жакшы-жамандарынын баарынын тең сөздөрүн угуп чыкты. Бир да биринин сөзүндө
данек жок. Иштей турган иштин дайыны жок.
Кур гана Албандын өткөн күнү балан эле, бүгүн мындай апаат келди. Оор күн тууду,
акыр заман болду дегенден башка, кур бекер ыйлап зарлагандан башка эчтекени
айтпады. Мындайлар аягында баатырды тажатып жиберишти. Ошондуктан күндүз
заарланып какшай берген чалга ачууланып:
Ой, коёсуңарбы эми, эри өлгөн катынча шолоктой бербей. Андай айткыч болсоң
тигил улукка барып айт. Мен сени кармап отурамбы? Же болбосо мынабу акыл
табалбай камалган элге иштей турган ишти айт. Жардык чыгарган менчилеп какшай
бересиңби? — деп зекип, сүйлөтпөй таштаган.
Ушу сөздөрүнөн да, андан соң кечетен берки түйүлгөн кабак, сурданган жүз, жылтжылт эткен кичинекей суук көздөрүнөн да баатырдын бирдемени бүтүрө албай
кыйналып жатканы көрүнүп турган. Тентек баатырынын сырын билген Жамаке карыя
эчтеме айтып тажатпай, мунун оюн эркине коюп, өрүшүнө жиберип, өзү айтканын тосуп,
алдыртан багып отурган сыяктуу. Ал да көп сүйлөгөн жок.
Бирок, азыркы мезгилде эл ичи камалгандай түр көрсөтүп, Узак менен Жамакенин
оозунан чыккан сөзүн сабырсыздык менен күтүп олтурган. Бир далайдан бери эмне
дээрди билбей ийиндери шалдайып үндөшө албай, бет-бетинен тунжурап отурган соң,
аягында Жамаке мойнун сыртка карай буруп алып:
— Мурдатан бери Албан баласы карын чачы алынбагандай болуп, балээ кырсыкка
чалынбай түйшүксүз келген эле. Жетимиш бешке келгенче малы-башы кырсыкка
учураганын көргөн жок элем. Бул тоо арасындагы элдин уйкусу катуу эле. Тоонун
кийигиндей кең жайылган тиричилиги бар эле. Албандын токсонго, жүзгө келген чалы
болсо да бул элдин кыш күнүндө жутаганын, жаз күнүндө илдетке учураганын билбеген,
Мал менен башынын амандыгы ырас кеп эле. Ээ...э...э... ал бир өткөн доорон экен. Көп
душмандын кастыгы менен душмандыгы айыкпаса да, көп жабыр келтирсе да, ошону
да элебей келе жаткан эл бар эле. Эми мына бүгүнкү күнү мындай кер заманга
кездештик. Калың апаат селге дуушарландык. Эми сени менен менин заманымда
Албан баласы бул балээге кез болду, баатыр!.. Өткөөлдө төөнүн чоңу таяк жейт...
Айтсаң да, айтпасаң да туюкка келип камалдың. Колуңдан тартып чыгара турган кайрат
жок. Улук бизди кор кылды. Бирок башты алакчылай турган күн эмес. Бир биздин
амандыгыбыз кимге калканч болот? Камалган элге биз сүйлөбөсөк ким сүйлөйт? Эми
ойдогуңду айт, баатыр!.. — деп токтогондо, Узак эки көзүндө чакмак оту
жалтылдагандай болуп буулуккан ачуу менен:
Эл аман эле, жайлоосу жарактуу эле, карын чачы алынбаган эле дейсиң. Казактын
бутуна жем түшүп, дене-боюна ок тийгени бүгүн бекен? Мойнуңа зоолу салынганы
эбактан бери эмес беле? Бүгүн мүңкүрөтүп, бир жолу чөктүргөнү темир колу кулакка
келип жабышып олтурат. Илгери корккондо эмнеден коркуп, сыйынганда эмнеден сакта
деп сыйынчу элең? Көптөн бери тооруп келип, эми түгүң менен кошо жалмаганы
отурганы ушу. Бул бүгүн эмес, көптөн бери жылып келген балээ. Эми жетер жерибизге
жеттик... Айтканыңдай азоо болсоң, эми туяк серпер чагыңа келдиң. Абийириң ачылып,
мол дөөлөтүң аңтарыла турган күн мына эми тууду... Эл болор болсоң, эми биригишип,
ынтымакташып көр... Чыдаймын деп ынтымакташкын... Мен айтсам, ошону айтам. Жок,
андай эмес боло турган болсо, ана улугуң, бар да дегенине көнүп бер! — деди.
Бул кеңеште Тегерек-Саз жайлоосунан келген Серикбай да бар болучу. Анын да
кечээтен берки эл сүйлөгөн сөзгө кулагын салып, өз ичинде тыянак чыгарып келгендеги
бүтүмү ушундай сыяктуу эле. Узактын сөзү өз оюн бекиткендей болуп, бул тилеген
өрүшкө карай беттегенине Серикбай ыраазы болду.
Көнөмүн, моюн сунамын десе, акылдашуунун эмне кереги бар? Элдин сиздерге
сөзүн бергендеги издегени да калың элге көрсөтө турган бир жол тапсын дегени
эмеспи. Эки карыя, экөөңдүн сөзүң тең калың көпчүлүктүн тилегине, ыңгайына төп
келген сөз болду. Эр-азамат биздин оозубуздан «бербеймин» деген сөз чыкса экен деп
гана тилейт. Болду! Ал сөздү айттык... Бирок кандайча бербейбиз? Эмне айла таап жан
багабыз, сүйөнөөрлүк, сүйкөнөөрлүк ким бар? Буга эмне айтасыңар?.. — деди
Серикбай.
Узак өзүн коштогон сөзгө шерденгендей болду. Түпкүлүгүндө Серикбайды эрдиги,
кишилиги бар деп мурун да ичинен жаратчу эле. Ошондуктан жашынын кичүүлүгүнө
карабай, жолдош сыяктуу көрүп ар бир жайдан акылдашып коюп жүрчү. Азыр да
Серикбай баатырдын айтканын угуп, акылын макул көргөн соң Узак мунун сөзүнө
ыраазы болуп, мурункудан бетер чечилип сүйлөөгө бет бурду.
— Албан баласы бул жерде отуруп дегенин иштей албайт. Эми айтор, амандык жок.
Алды-артыңды өрт алды, эн оболу канатын жайып, эркектик жөнүн көрсөтөмүн деген
өзгө казак болсо, ошону менен биргелешип ат салышуу керек. Анан этек-жеңди жыйып
алганча падышанын укуругуна илинбей турган болуп каршылаша туруп, абдан
дайындалып алган соң такыр кожоңдой берчү болсо, жер которуу керек.
Жамаке, Серикбай болсун, «бербеймин» жагында жүргөн башкалар болсун, кечетен
бери баарынын тең оозуна кирген сөз ушул эле... Бирок улук демиктирип турат, жооп
күтүп отурат. Буга азыр буйтатып жооп берүү керекпи, жок, үзүл-кесил кылып так-кесер
жооп айткан дуруспу? Эмки ойго келген түйүн ушул эле.
Муну Жамаке чечмек болду.
— Сөз буга такала турган болсо, жооп сурап, үч күндө тыянактуу сөзүңдү айт,
тизмеңди бер деп отурган улук бар. Буга эмне деш керек? — деп, бир аз унчукпай
отурду да, аягында; — Кадалган жеринен кан албай тыйылбай турган дарт го.
Калчашамын, арбашамын деп создуктурууга болбос, элди мертинтип аларбыз.
Бербейбизге бекинсек, буга ошол бербейминди ачык айтуу керек да, элге камдан деп
жар салуу керек,— деди.
Кеңеште башынан унчукпай отурган буурул чал Жоломан бар эле. Акыркы сөз
мунун да күткөн кезеги сыяктанды.
— Бали, туура айтат. Созгон менен жооп бербей тура аласыңбы, элди уйгу-туйгу
кылбай, болуш-болуштун баарына бир ооз болгула да, элдин сөзү ушул деп,
«бербейбиз» деген бир гана сөздү айткыла деш керек. Антпесе, кайпалактап улукка
жагынып, жакшы атты киши боломун деп, элди туюкка камай турган ала ооздор жок
эмес, табылат. Бир жерге сөз байланса, көпчүлүктүн ыгынан чыккан тентекти, арам
ойлууну көрүп аларбыз!.. Сөз ушу,— деди.
Болуштарды айтканда Узак элдин ыркын буза турган арам шыйрак кесепеттүү
жоону эске алгандай болуп, кайтадан сурданып:
— Эң алды менен ошол буйталаңдап кишисинип жүргөн улуксунган немелерге ээ
болуу керек. Бутуңду кыя (бассаң тарамышыңды кыркамын, деп ошолорду ооздуктоо
керек. Иринди сөз чыгарбасын, элди сандалтып, чаң жуткурбасын. Эртеңки күнү көптүн
айта турган сөзүн калыбынан бузбай, бурмалабай улукка түз жеткизсин. Күн жааганда
койнуңда, күн ачыкта мойнуңда боло турган эрке талтаңдын кереги жок. Казакка улук
дары эмес. Көпчүлүктүн айта турган сөзүн ошолорго сүйлөтүү керек!.. — деди.
Бул жыйындагы чоң кишилердин баарынын тең көңүлүндөгү күдүгү болуштарда
болучу. Алгачкы сөз макулдашылган соң эмки милдет ошолорду ооздуктоо экени
бардыгына тең маалым жумуш, кезектеги маселе сыяктуу боло турган. Мунун бүтүмүн
да Узак айтып берди. Бирок болушка эл каш-кабагын таанытып, байкатып, тобосун
дайыма эске түшүргөндөй сестенте турган бир нерсе иштеп жиберүү керек. Улук
алдына барганда кайпактабас үчүн, калың топтун бүтүмүн анык көрсөтүп, ыркты бузган
кишиге көптүн сели кандай каптай турганын ачык сездирүү керек. Жамаке ушуну
ойлоду да:
— Болуштун бардыгы ыркты буза бербес. Бирок баары бирдей элдин камын
ойлойт, улукка сатпайт деп айтууга болбойт. Эртең мен ак боз бээ союп, бир коом элди
жыйганы отурамын. Албан болуштарынын баары тең ошондо келер. Мындан мындай
тантырабай, аякты нык бас деген сөздү коом алдында айтарбыз да, бир жолу
чегелербиз. Ошондон кийин да ишти бүлдүрө турган болсо, андай митайымдын малы
менен башын элдин колу билсин. Албандын ак падыша менен катар турган нагыз жоосу
ошол дээрбиз,— деди. Кеңеш сөздү толук макулдады.
Тажрыйбасыз бала бул ишти кур гана ачуу менен чечпей маселе калың элдин толук
көтөрүлгөн кыңырлык, каршылык жөнү менен чечилди. Билбегенин туюк бойдон
калтырды да балта менен чапкандай жасап, чоң нааразылык туташкан кур
каршылыктан башканы айткан жок. Бирок кандай айтылса да, бул бүтүм ташкындап,
буулугуп турган көпчүлүктүн бир бетке карай аңтарыла турган чын ниетин билдирди.
Ошондуктан Узак айылына жыйылып, аксакалдардын бүтүмүн күтүп отурган эл бул
сөздү укканга чыны менен падышанын укуругунан биротоло кутулуп кеткендей болуп
дабырлашып, кубанышып, беймаал убакытта бата кылышып, бербей турган болдук деп
аттарына минди. Ушул чечим ошол түнү эле калың элдин ичин жаңы эпкин менен дагы
да кыдырып жел менен кошо тарап, чачырап жөнөдү.
Келерки күнү Албандын атка минүүгө жарактуу дамелүү жигитинин бардыгы Жамаке
айткан боз аймакка толук жыйылды. Мында Акжелкенин кеңсесинде болгон согуш,
бийлер толугу менен чөйрөсүндө кадыры бар акылчы карыядан бул жыйында Узак,
Жамаке, Серикбай бар. Баягы бир чечимдин үстүндө аласыз көңүл менен толук бир
сөзгө келген жагдай бар.
Жамакенин айылы Акбейиттин зор аймагынын боюндагы калың айылдардын
ортосунда эле. Жыйылган журттун аттары айылдын тегерегин кара темгил кылып,
жармаңкедегидей өңдөнтүп басып кетти. Каршы беттеги Чабастын карагайлуу беттери
менен атчан казактардын көптүгүн салыштыргандай эле. Өзөндүн күн батыш
жагындагы жылаңач кызгылт жотонун өзөнгө караган беттери токулуу ат, топ-топ болуп
чогулган кишилерге толуп кетти.
Кемегелерден булактаган түтүн. Тердеп-тепчиген күтүүчүлөр, кызарып, ар жерде
союлуп жаткан чоң-кичинелүү малдар. Аңтарылып, лакылдап, үздүксүз куюлуп,
буралып жаткан чоң кара сабалар казак жыйынынын көнүмүштүү шарты сыяктуу
ичилип, кызытып, дүүлүктүрүп, желдентип жатты.
Бул чоң жыйын Жамакенин алты канат үйүнүн сыртында, көк шибердин үстүндө
эле. Балдар соккон таш короодой, жети канат үйдүн ордундай чоң аянтта тизелешип
отурган эл жакшылары. Чоң кеңеш, буга элдин баарын дабырлатпас үчүн көзгө калың
топторду үй-үйгө киргизип кымыз берип, чай берип, тоюндуруп жаткан. Кепти чоң
кишилер кесип-бычсын. Бүтүмдү ошолор чыгарсын. Көп кара тополоң сөз аягын жерге
тийгизбейт дешип, кеңешке жыйылгандар бала-чака, жаштардан бул топту атайы бөлүп
чыгарган.
Бирок башында ошондой дешкени менен чоң кишилер сөзгө кирише баштаганда,
айлананын баарынан чокчогой тебетейлүү албандын жаш-карысы топ-топ болуп
агылып келип жатты.
Жыйындын ортосунда тармал тебетейлерин көздөрүнө баса кийип, унчукпай
томсоруп, жанындагы болуштарга түйүлө карап коюп, Узак, Жамаке отурат. Буларды
көзүнө көзү түшкөн жакшы кийимдүү, суусар тебетейчен, жылтыр жүздүү чытыраган
болуштар күнөөсүн мойнуна алган кылмыштуудай жазганчаак, жалтаң сыяктуу.
Жыйылгандан кийин да эл көпкө чейин унчукпады. Сөздүн бүтүмү кечээ айтылган.
Узак, Жамаке бүгүн мынабу жыйындан ошонун жорбун угушмак. Уюлгуган топтун бул
арада көчүн баштап кепке жол ачуунун милдетин Серикбай алды да:
— Эй, Албандын баласы, эмнеге жыйналдың? Башыңа күн түшкөн соң жыйылдың.
Узундуу күнү бир ооз сөз айтпай отурасыңарбы эми?! Кечээ мынабу карыялардын
айткан сөзүн уктуңар. Эртең жооп бере турган күнүңөр улукка. Кеңешели, бирдеме
дейли... Сүйлөгүлө,— деди.
— Ооба, дурус айтат... сүйлө, сүйлөгүлө... эл оозуңарга карап отурат... — деп көп
добуштар ар жерден чуу-чуу этти. Топтун ар жери күбүр-күбүр болуп козголуп,
какырынып-түкүрүнүп жатты. Ушу добуштардын аяк ченинде шыңга бойлуу, жар
кабактуу Турдукожо добушун бийик чыгарып:
— Ырас, сүйлөө керек. Мынабу кадырлуу үйдүн аштамагына жыйылып, оозунда эми
бар Жамаке карыядай, тигил Узактай баатырдын акылына коңшу болуп, коно келип
отурабыз. Кечеги заман кетсе да, Албан баласы, шүгүрчүлүк, башчысыз эмес, нускаган
кебиңерден тетири басабыз деп отурган эл жок. Оболу карыя сүйлөсүн.
— Карыяга калган сөз сүйлөндү. Карыя айтаарын айтты,— деп сөздү Жамаке жиреп
кетти. Атактуу карыянын жүзүндө катмарланган бырыштардын арасында ызалуу ачуу
белгиси бар эле. Бирок сөзүн ачууга бийлетпей, акылга жеңдирип, өзгөлөрдү козгомок
болуп: — «Карган койдун жашы чоң, шишек койдун башы чоң» дегендей, мынабу
отурган жаштан чыккан башчың бар. Сөз кезеги буларга келди. «Бедери кеткен
торкодон, бек токуган без ийги» деген. Бизден бедер кеткен. «Калкайган кара
тебетейин тарп болгондо сен көрдүң, дөөлөтүңдөн мээнетим көп болгондо сен көрдүң»
деп, сыныбыздан кеткен кезибизде мындай сур заманга кездештик. Бул — элдигиңе
келген сын, Албандын баласы. Элден адал туулган уул болсо, белди бекем бууп
бекине турган чагына келди. Бизге калган сөз — аз гана сөз, ашарымды ашап,
жашарымды жашаган мен эмнемди аянам? Узак эмнесин аянат? Эркеги бар элмин деп
дөң башына чыгар болсоң, калган жашың аяйт экен, тайсалдайт экен дебе! Чал да
болсок катарыңдан калат экен дебе. Биз айтарыбызды айттык. Эгер бул сөз
заманыңарга жакпайт десеңер өзүңөр билгиле... Айтсын, мынабу эл тизгинин колуна
кармаган жаштардан чыккан жакшыларың,— деди. Ар жерден:
— Сөзүңө кулдук, садагаң кетейин... сакалыңдан айланайын!.. — деп чуулдаган
добуштар угулду. Бышактап ыйлаган бирин-серин көңүлү боштор да болду. Жамакенин
сөзү элдин буулугуп отурган боюн чымыратты.
Болуштар көптүн кабагын сезген сайын өзү «өн-өзү куушурулуп кысылгандай түр
көрсөттү. Акжелкенин алдында төмөндөнүп караган жалтак көз дагы да тебетей
астынан уурданып чекирейип, тегерегинен бир жол издегендей сүзүлүп, козголуп
отурушту.
Болуштар тобун дагы да Абакир жарды.
— Биз карыянын кечеги сөзүн да, бүгүнкү сөзүн да тыңдадык, укпаган, алкыш
айтпаган Албандын баласы жок. Артыңдагы элдин үмүтүн актасаң ушинтип актаарсың.
Сүйүндүрсөң ушундайча сүйүндүрөрсүң. Ыраазыбыз! Бул — бир сөз. Мындан кийинки
бир кеп — улуктун айтканына көнбөдүк. Бербейбиз дедик. Ошондо бул жериңди мекен
кылдырбайт экен. Ошондо бизге тигил калмак конуш береби? Койнун ачабы? Буга эмне
айтасыңар? «Бербейбизден» кийинки элдин камалып турган туюгу ушул болуп турат.
Буга карыя болсун, ушу отурган көпчүлүк эл болсун, эмне дешет, кана?! — деп ачуулуу
эрдин кымтылап, канталаган кызыл көзү менен айлананы карады.
— Оболу бир сөздөн бир сөзгө сыйгаланбайлык. «Бербейбизге» ушул жыйын сөзүн
аныктап токтоттубу?! Оболу ошону ачып алалы да. Ошого макул болобузбу? — деп
Серикбай көпчүлүккө карады.
— Ооба, ооба... ошондой... ошондой!.. — деп дуулдап-чуулдап дагы да коштоп
жөнөдү, эл.
— Ой, болуштар сүйлөсүн. Болуш аттуулар сүйлөсүн... — деген үндөр чыкты бир
аздан кийин.
— Ооба, эл аркы-терки айта берет эмеспи. Эртең улукка жооп бере тургандар —
болуштар. Мынабу карыялардын сөздөрүнөн кийин болуш аттуулар эмне айтар экен,
ошону угалык?! Жанагы көпчүлүктүн ниетин айткан карыянын ураанын ушу отурган
болуштар коштойбу, жокпу?!.. Эмнеге айтышпайт... эмнеге кысталып уюлгушат?! — деп
Турдукожо болуштарга кадалды.
Улуктун кечээги акыркы сөзү али күнгө эсинен кетпеген Ракымбай баятан бери
кайпалактап отурган. Өз тегерегине улук тарабынан бирдемени айтып коңурсутуп да
келген эле. Жанатан бери көпчүлүктөн жазганып, жарыялай албай отурса да, эми
улуктан бир ийменип, элден да жазгана кыябын табалбай:
— Болуштар улук айткан жардыкты силерге айтты. Эми силердин сөзүңөрдү улукка
айтат. Болуш деген эмне? Ал арадагы гана элчи. Болуш-молуш дебей, бул эл бүтүмүн
эмнеге айта бербейт. Болуп жаткан чоң согуштун кейпи тигил. Ак падышага караган
элде казак, кыргыздан башка башы аман, малы түгөл отурган эл жок, «эми силер аскер
бербесеңер да, көмөк бергиле, жардам бергиле» деп асылып отурган улугуң тигил.
Бербеген туура деп эл айтат. Анда болуш кантмек эле? Кайратың, амал-айлаң болсо
бир жөн... Эмнеге ишенерди ким билет?.. Бизге акыл айт дебей, саламыңды айт,
сөзүбүз ушу дегиле. Андан башка болуш-болуш дей бере турган эмне сөз бар?..
Ошондой эмеспи?! — деп болуштарга карады.
Бирин-серин болуштар: «ошондой... ошондой» дешип, жазганып күбүрлөшкөн
болду. Болуштун көпчүлүгү үндөбөй, төмөн карашты. Жамаке менен Узакка тигилип
жалтакташты.
Жамаке адегендеги сөзүн жумшактап айтса да, кийинки сөз кытыгысына тийгендей
кыйнагандай болду. Жүзү кабарып кекене күлүп, Ракымбайга карап:
— Ээ! — деп алды да, анан. — Чобурдан чыккан жоргодой жол бузар тилиң бар
экен. Түпкү оюңду баамдабай отурган чыгармын. Сен болуштуктан түшсөң, Албан
бышык болушу жок талаада калат дейсиң го... — деп келе жатканда Узак бул сөздү
илип алып:
— Аксак кемпир сыяктуу сылтый баскан шумпайга окшоп алдасаң улукту
алдаарсың. Сен иштеш болгон улук менен биз да кездешип көргөнбүз. Бирок ушу
Албандын баласы эртең көгөндөлүп кете турган күн болсо, көз жашы сенин мойнуңда,
эки дүйнөдө кош колу жакаңда. Заман сеники, сөз сеники... бар, өзүң баштап, апарып,
тизмеңди тизип бер. Мынабу Ракымбайдын артынан чогууңар менен ээрчип жөнөгүлө.
Мындан ары сүйлөй турган эмне сөз калды?.. — деп унчукпай калды.
,
Жыйылган эл ачуулуу баатырдын сези баскандай бир азга жым-жырт болду да
артынан жамырагандай туш-туштан чуулдашып:
— Кетсин жыйындан Ракымбай, жоголсун... атаңды... энеңди... оболу сен журтуң
менен, үй-жайың менен өрттөлбөй туруп, Албандын бир кишиси да согушка барбайт.
Эр-азамат кете турган болсо, оболу ушуну мууздап кетет,— деп Акбейиттин талаасы
кыжынып өрттөй алоолоду.
Жыйынды башкарган сакалдуулар алоологон элди араң басып токтотту.
Кайта тынчтанып кеңеше баштаганда Ракымбай бөйпөктөп, Жамаке Узакка
жалтактап карап, мүсүркөп, тепселип, кичирейип калган экен. Эч бир дыбыш чыгара
албады.
Ошондон кийин эл бербеске, көнбөскө бел байлады. Азаматтарын бербөө жолунда,
мал-дүнүйөдөн, ата-конуштан безип кетүүгө чыдамак болду.
Акырында эртең улукка жооп берүү үчүн карыяларды, жашыраак башчыларын
жибермек болуп Серикбай, Турдукожо, Айтпай үчөөнү шайлашты. Эң аягында ак боз
бээ союп антташып, Жамаке Албандын Райымбек, Шорук сыяктуу кадырлуу улуу
арбактарынын баарын атап туруп, «оң сапар бере гөр» деп мойнуна курун салып туруп,
тилек кылып бир атанын баласындай бир ниетке таш түйүн болуп буулган элге ак
батасын берди. Калың жыйын күңгүрөнө коштоп: «О, кудай, о, Райымбек ата колдой
гөр» деп ак тилекке чын уюган кебетелери менен беттерин сыйпады.
Көтөрүлүштүн таш ирегеси орнотулуп, алгачкы бир шатысы, тепкичи ушундан
башталган эле.
III
Узак Акбейиттеги жыйындан кайтып Тамгалуу-Таштагы өз айлына жакындап
келгенде жанындагы көпчүлүк туш-тушка айыл-айылына бытырап тарап кетип, элдирселдир гана топ калган эле. Ушу аз кишинин ичинде өзүнүн бир тууган агасы Түнкатар
ажы келе жаткан.
Бул — бүгүнкү Албан ичиндеги чоң байдын бири. Бир жарым, эки миңге жакын
жылкысы бар. Улгайып, эл агасы болгон баласы бар. Жигиттердин, боз уландардын

You have read 1 text from Kırgız literature.
Çirattagı - Дүрбөлөң Заман - 04
- Büleklär
- Дүрбөлөң Заман - 01Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3656Unikal süzlärneñ gomumi sanı 206926.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.36.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.43.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Дүрбөлөң Заман - 02Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3848Unikal süzlärneñ gomumi sanı 207929.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Дүрбөлөң Заман - 03Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3955Unikal süzlärneñ gomumi sanı 209028.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Дүрбөлөң Заман - 04Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3889Unikal süzlärneñ gomumi sanı 212529.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.42.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Дүрбөлөң Заман - 05Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3872Unikal süzlärneñ gomumi sanı 204429.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.40.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.47.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Дүрбөлөң Заман - 06Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3860Unikal süzlärneñ gomumi sanı 205029.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.41.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.48.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Дүрбөлөң Заман - 07Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3991Unikal süzlärneñ gomumi sanı 200332.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.45.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.52.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Дүрбөлөң Заман - 08Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3835Unikal süzlärneñ gomumi sanı 198530.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.47.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Дүрбөлөң Заман - 09Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3904Unikal süzlärneñ gomumi sanı 204131.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Дүрбөлөң Заман - 10Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3901Unikal süzlärneñ gomumi sanı 201029.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.46.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Дүрбөлөң Заман - 11Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3956Unikal süzlärneñ gomumi sanı 203931.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.50.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Дүрбөлөң Заман - 12Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3301Unikal süzlärneñ gomumi sanı 176032.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.52.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.