Latin

Дүрбөлөң Заман - 12

Süzlärneñ gomumi sanı 3301
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1760
32.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
52.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
сөздөрүн угуп, жымжырт бо;луп турат. Сыртын салган бул топтун арасында ишенимден
айрылган добуштарын ар түркүн күдүгү угулат. Бирок буларга да азыр майдандан кетип
калууга болбойт. Кетүү үчүн көрүнөө чыгуу керек. Мындай чыгып көзгө көрүнчү болсо
жанагы шумдуктуу курал дагы да сүйлөп кетиши мүмкүн. Анын колу кай жерге болсо да
жетет. Кызыл-кыргынга салышы мүмкүн. Ошондон жазгангандыктан согушту токтотуу
тууралуу эчтеке айткан жок. Бирок эптеп түнгө илинсе, жылып жөнөмөкчү сыяктуу.
Араларында бөтөн киши болбой, өз ара сүйлөшкөндө белдүүлөрү:
— Өзгө казак өз билгенин өзү бүтүрсүн, бул жердеги Алжан тобу, эсиң барда элиңди
тап,— дешсе, дагы бирлери мындай деп коштойт.
— Баса, дабырабай, чуулдабай тароо керек. Баары бир көчөт экенбиз. Муну жеңген
менен бардык улукту жеңе алмаксыңбы? Ушуну менен согуш бүтүп, тынчтык орнойбу?
Жеңип алган күнүңдө да, өлтүрө турганың бир жүз, эки жүз солдат болор. Ошону менен
жоонум тукуму куруп кетет дейсиңби?
— Анын өзү да оңойчулук менен өлө койсо десең?
— Ырас да, өлө коёбу? Балким, өз таалайыңды жуушатып салар? Аны бир
кудайдын өзү билсин,— дешип, ушу топтун ичиндеги Алжандын бардыгына уруу жиги
аркылуу иритки салып, алардын эң бош талуу жерин кажай берүүгө айланды.
Алжан Албандын ичиндеги саны көп уруунун бири болсо да эскиден бири: «Албан
эмес, тууганы начар» — деген бир жалаа сөз айтыла турган. Ошол чын болсо керек.
Ушу аңгемеге карап, Албан аттуулар ары көптүгүнө, ары күчтүүлүгүнө сүйөнүп,
Алжанды ар качан кемсинтип, корсунтуп, четке кагып жүрө турган. Көп Алжан кедей да,
төмөн да боло турган. Ар болуштун ичине бөлүнүп, чачырап кирген Алжан андан бетер
өздөрүн төмөн санады.
Ошондуктан, бүгүнкүдөй көпчүлүктүн жонуна салмак түшүп, калың кайратман көп
менен катарлашып туруп көрсөтүү керек болгон убакта көптүн катарында бир
кыйындыкка чыдашууга келгенде, булар ар качан ушундайча жалтактап, сыйгаланып
кете бергич туруктуу эмес боло турган. Бирок ошондой мүнөзүнөн улам: «Жоону
көпчүлүк качырат, жакшы аты Баракка калат» — дегендей, жакшы иштин атагы
Алжанга калабы, Албандын өзгөсүнөн артылбайт. Ошолорго тиет. Биздин кара сорпо,
кызыл май боло турган эмне жөнүбүз бар деп доо айтыша турган. Чынында Алжандын
алигиндей мүнөзүнүн чоң себеби ушул эле. Бирок ошол адет жай убакытта болсо да,
Алжан баласынын дайыма колдоно турган мүнөзү болуп кеткен. Бүгүн да ошонусуна
бой урууга айланып турду.
Бул кезде жарманке менен эл тобунун атышы алгачкы кызуу кезиндей болбой, эки
жак тең бирин-бири алдыртан байкашып, аңдышып атыша турган болгон эле. Эки жак
тең алгачкыдай бет алды үркүтүп от чыгарганды коюп, эмки аткан огун өлүмгө арнап
ата турган болду.
Көкбай далдаада токтолуп турган топко келип буга эми иштей турган иштин ирээтин
айтып жүргөндө, Алжан тобу да көп менен бирге баягы капыстан мылтыктын атын укту.
Пулемёт дейби, пулемёт дейби ошондой бир мылтык болот дешет го, ошол болсо
керек,— дешип жатты.
— Бул замбиректин атасы болсо керек. Бирок огу көп, коркунучу зор капыр болсо
керек,— деп баягы сары ат минген неме Алжан тобуна келип, уккан жайын маалымдап
жатты.
— Капыр экенин өзүбүз да көрдүк. Анын эмнесин айтасың. Ким жакшы деп турат?
Ушу да бир кудай аманаты сөздү айта бере турган киши экен өзү,— деп, сыртынан
күңкүлдөп сынап тургандар да болду.
Көкбайга Жансейит келип кошулган эле. Ал азыр күлкүчү, баягысынан бетер
тамашакөй болуп алыптыр. Көптөн бери жоготкон көңүл жайын, маанайын кайта тапкан
сыяктуу. Маңдайы чып-чып тердеп, анда-санда бетинин терин алаканы менен
шыпырып таштап:
— Бүгүн мен кырамын. Кызыл Ыбырайдын эмне кылып жатканын көрдүңбү?
Пулемёттун өзүн да какалтып койду. Тун болсун. Мынабу жарманкени бүгүн күл
кылабыз. Жарманкенин кара сорпосун ууртабай көчпөймүн, кетпеймин,— деп жүрүп,
кырк-элүүдөй жигитти тандап алып: — «Жарманкеге келаткан куралдуу солдат,
жүргүнчү улук болсо, туткун кылабыз»,— деп калың топтон жырылып кеткени жаткан
эле.
Дал ошол кезде элдин артындагы жотодон калың жылкыны тапыратып куюлтуп кууп
келе жаткан он-он беш киши көрүндү.
Журт тегиз чуу этип:
— Мынабу жылкы айкелаткай солдатко.
— Баса, бул ушу жарманкеден чыккандар го, апкеле жатканы эл жылкысы го.
— Шырганакты элин чаап кайтып келетат,— деп Алжан тобу чоочун киши сыяктуу
курулай кеңешке айланып бара жатканда, дөңгө жакын турган жүздөй киши Көкбай,
Жансейит баштап, жылкы айдагандарга карай чу койду.
Дагы да жер дүңгүрөп чаң каптап кетти. Көп аттын дүбүртү жин ойногондой дабыш
чыгарды. Жылкы айдагандар алдыларынан кокус чыккан кооптуу көрө салып, эси чыгып
үркүп жөнөштү. Жылкы аттуунун бардыгы алдындагы куугундун жолу менен этекке
карай дүрүлдөп уюлгуп желип чаап жөнөгөндө солдат аттуулар түштүктөгү ойго жакын
кыйшая чаап жарманкеге качып кирмек болду. Эл тобу да ошондой көздөй уюлгуп
жөнөдү. Булар качкан жоону жарманкеге киргизбей бетин буруп алып кетмекчи эле.
Эки жагы тең бири качып, бири кууганды гана ойлоду. Мылтыкты бирин серини
болбосо, эч ким да аткан жок. Аз убакыттын ичинде бирине-бири кыялап чапкан топ
өпкө туштарына келип кошулуп калды. Калың түтүндөй бурк-бурк чыккан чаң гана
көрүндү. Жарманке бул жагдайды көрүп, өз кишилерин таанып жардам бермекчи
болгон эле. Ошондуктан аз гана убакыт баягы пулемёт кайра тытырады. Бир аздан
кийин ал дагы токтоду. Анткени эл тобу тигилердин арасына кирип, эки жак айкашып
калган.
Жарманке пулемёттон башка аттуу аскер чыгарууну ойлогон эле. Ага жар боюнда
жаткан Ыбырай, Баймагамбеттер туташ ок атып, от чачып, аскерди тыгылып турган
жеринен сыртка чыгарбады. Эмнеси болсо да эл тобу менен жанагы аз гана солдат
аралашып кете турган болду. Калың топко бүгүнкү бардык согуш ичиндеги эң
кубанычтуу, оңтойлуу, көңүлгө кубанычтуу, көтөрүңкү маанайдагы мезгили ушу чак
болду. Чаң ичине аралашып сансыз калың топтун арасына келип такалган солдаттар
мылтыкты колдоно албай коюн-колтук аралашкан соң кылычтарын жылаңачтап алып,
ошону менен кайрат кылмак болушкан эле.
Казактын найза, союл, ай балта гана кармаган жигиттерине бул жагдай
көңүлдөгүдөй ыңтайлуу болду. Көптөн бери өз ара сүйлөшкөндө эл жигиттери: «Аттиң,
мылтыксыз гана келип кармаша турган күн болсо»,— деше турган. Мына ошол
оңтойлуу мезгил жаңы келгенин көргөн соң, бардык жигит жигерленип, кайратына келип
өз жоосуна эпкинденип келип киришти.
Айтканындай алгачкы кезде солдаттын кылычы бир казактын башына тийген жок.
Топ ичинде алдыңкы катарда келген Көкбай, Жансейиттер колдорундагы чокмор, союл
менен кылыч кармаган солдаттарды маңдай талаштыра койгулап, бойлоруна
даарытпай, алыстап уруш салып киришти. Алдыңкы катарда келген булар бет
алдындагы жоолорун бир-бир салып учуруп түшүргөндө өзгө солдаттар коюн-колтук
аралашмак болуп жакындай умтулган эле. Мындайлардан эл жигиттери жалтайлап,
качкалактап согуш салды. Анткени көпчүлүк качып жүрсө да арты менен да урушат
эмеспи. Кууп келе жаткан жоосун аттын жалына кыйшайып жантая берип тизеден да,
томуктан да, билектен да уруп кетет.
Алдыңкы уюлгуп качкан жигиттердин артынан түшүп кууган солдатты, артынан түрө
кууган жигиттер да кыябына келтирип ура турган болду. Билек күчү мыкты болгону
менен солдат аттуунун бардыгы тең башына тарсылдап тийген союлга чыдабай кетти.
Анткени, тизеге, талуу денеге канчалык сокку тийип жатса да, жыгылып калбаган
солдат, дал башына келип чала чарпып тийген союл болсо тумактай учат. Биротоло
өлүп калгандай болуп, төбөсүнөн оңкобаш атып барып жыгылат. Ушул кагылышта
эрөөлчүлөрдүн колунан төрт-беш жигит жаралуу болуп, он беш чамалуу солдаттын он
эки, он үчү колго түшүп, туткун болду. Көп ичинен жарманкеге качып барып кирген экөө
эле болучу. Анын бири урядник болуп чыкты. Туткун болгондордун куралын жигиттер
бөлүшүп алды. Урядник улуктар тапшырган иш менен барып, жакын жердеги
жайлоолорго аянбай колду салган эле.
Бир жерде отурган он чакты айылдын бардык жылкысын жыйдырып ийритип коюп,
ичине ээн-эркин аралашып, ылгый жарактуу ат, айгыр, туу бээлерден гана тизип отуруп
жүздөн ашык жылкы тандап алып, келе жатканы ошол болучу. Өзүнүн астындагысы
ошол барган айлындагы белгилүү күлүк экен. Бул бардык Албанга аты чыккан,
жарманке башында да байгени далай жеңген Матай дегендин кула жээрде аты эле.
Урядник барары менен жылкыдан ошону таанып өзү карматып минип алыптыр. Кула
жээрде бул күндөрдө нечен жолу таң ашып табында жүргөн, ээси кез-кез минсе да,
бүгүнкү согушка минип барууга кыйбай, окко учуп кетээр деп айлында калтырган эле.
Ошол кула жээрде урядникти калың элдин жабыла'' кууган куугунунан аман алып
чыкты. Урядник оболу этекке түшүп, жазыкка карай качып ойноктоп өр талашып барып,
андан жарманкеге карай бет бурганда, артында мылтыксыз кууп келаткан топтон кула
жээрде алдыга шуу этип озуп чыгып кетти. Ошону менен урядник аман кетти. Бирок ал
кеткени менен колго түшкөн олжо эл тобуна мол сыяктуу көрүнүп, жоого каршы кайрат
жыйып желпинип калган эле. Ошонун кызуусу менен дөң астындагы кол жарманкеге
карай дагы бир каптап чаап көрдү.
Ошентсе да таң эртең менентен берки согуштун бардыгынан элге ушу чабуул катуу
залал келтирди. Бул жолу пулемёт да жүздөн ашкан мылтыкка түгөл тытырлап берген
эле. Эл бет багып, кашкайып барууга чыдай албай аз убакытка дагы кайта артка
серпилди. Ошону менен кайтадан дөбөнүн далдаасына жыйылганда аркы бетте элүүалтымыш жигиттин жуушап калганын көрүштү. Алардын арасында Көкбай да калган
эле.
Ушундан кийин бардык элдин мизи кайтып, басаңдап, жашып калды. «Алгызбайт,
болбойт, бошко кыргын табабыз» — деп коркунучка баткан журттун добушу көп жерден
угулуп, күчөнүп чыгууга айланды. Жакынынан, туушкандан айрылгандардын бир
боорум деп ыйлаган жашыктыгы, боштугу да көрүндү. Эми эл кайта каптап согушууга
жарабай тургандыгына нык көрсөттү. Баятадан берки согушка аралашпай кетенчиктеп
турган Алжан тобу күндүн батышын ашыгып күткөндөй болуп кызарып уясына кирип
бара жаткан күндү тез жоголсо экен деп, ичтиртен кубангандай болушту. Жалгыз тилеги
караңгылык сыяктуу эле.
Бүгүнкү күндүн согушу ушуну менен бүттү. Каш карайган соң элдин бардыгы
жыйылып, акылдашууга келгенде күндүзгү калың колдун жартысынан артыгы кетип
калганы билинди. Калган журттун башчылары али да чыдашып, камап көрмөкчү болду
эле, ага:
— Эртең эрте келип, таңга маал дагы согушалык. Сөздү ошого байлашалык. Азыр
ат да, адам да кажып бүттү. Куу талаада эмнени такат кылабыз? Бекерге кырылабыз
го. Эртең дагы согушат экенбиз,— деп иритки салуучулар көбөйүп, сөз бир жерге
байланбай, калың топ караңгы түндү жамынып, жан-жакка жик-жиги менен ыдырап-
ыдырап кетип жатты. Ошону менен эл жатаар кезде жарманкенин айланасында казак
колунан эч ким калган жок, далай күнкү жалын, жигердүү эпкин пулемёттун эки үч ирет
ырымдаган. каршылыгынан жалтайлап, сестенип калды.
Жалгыз гана жарманке бул жайдан кабарсыз эле. Күнү бою эл жыйынын көрсөткөн
мүнөзү мындагы журтту катуу сестендирген. Ошондуктан жарманке ичинен чыгып, эл
тобуна каршы барып, чабуул жасоого жарай турган эч бир аскер, эч бир жан чыккан
эмес. Керек десе пулемётко да каршы чабуул жасап, толкундай күркүрөп булкунуп
чаңдатып жүргөн элден аскер да чочугандай болуп, аларды улук да, согушууга зордой
албаган.
Жарманке анын үстүнө күнү бою аткылашууга жараган элдин огун да көрдү.
Пулемёт сыяктуу жарактары жок болсо да элге мылтык саны көп сыяктуу. Ок шайманы
да, дары дармеги да бир талай атышып чыдашууга жарай тургандай көрүндү. Жар
боюнда кечке чейин жатып кадалып аткан мергендердин огунан жарманке ичиндеги
бир далай жан жаралуу болуп, каза тапты.
Мунун баарынын тушунда коркконго кош көрүнүп, өзүнүн күчү артык болуп турса да,
жоо тарабында бир белгисиз табышмактай санаган чочулоо да бар эле. Калың казак
жайлоонун ортосунда мына мындай карааны калың топтун ортосунда камоодо отурган
төрөлөргө азыркы өздөрүнүн абалы чоң кооптуу, күдүктүү көрүнгөн.
Ошону менен каш карайып, түн киришин жарманкеде ашыгып күткөн эле.
Жоолашкан эки жактын бүгүнкү согуштан алган таасирлери ушундайча болгон. Биринбири үркүтүп-коркутканы, ичтей жүдөтүп, сестендиргени болбосо, экөө тең жака
жыртып, кол батырып кыймыл кылган жок. Бирок анык жоо сыяктуу суук, жат көрүнүш,
айбат көрсөтүүгө эки жак тең жарады.
Аттарга тегиз ээр токулуп, улук аттуунун кеңселери таңылды. Катын-калачтары
түгөлү менен арабаларга отуруп орунтуктап алышты. Эл жатаар маалда бардык
жарманке Жаркентке карай кетчү кара жол менен чубап-убап жөнөй берди. Абактыдагы
Серикбай, Турдукожолорду ала кетишти.
Туткундардан башка казактардан бул обоз кире менен кеткен эки гана киши бар. Ал
— Осмон менен Жебирбаев. Эки тилмеч кечеги күнү жарманке башынан чыгып,
тергөөчү менен бирге Сары-Жаз калаасына барып бүгүн түштө, нагыз атыш башталган
кезде кайтып келген эле.
Сары-Жазда казынага ат алып жаткан өкмөт комиссиясынын бир адамын:
«эрөөлчүлөр өлтүрүп кетиптир» — деген кабар кечээ түштө жарманкеге келип, ошону
изилдөөгө тергөөчү бара турган болгон. Өзү барууга бекинген соң, ал адеп боюнча
Осмонду ээрчитип алып, артынан Акжелкенин кеңеши менен Жебирбаевди да алган
эле.
Булар кечээ кечке барып тергөөсүн жасап, таң ата кайра кайткан. Барган кишилерде
бул үчөөнөн башка дагы үч-төртөө бар эле. Бирок казак мынабу экөө гана болучу.
Кайтканда жолдогу бир бекеттин баарына бирдей ат-көлүк жетпей, өзгөлөрдүн баары
даяр атка минип эки тилмечти атайы тандагандай таштап кеткен.
Булар мине турган ат тигилер узап кетип калган соң гана тийген эле. Ошону менен
жарманкеге жакындап калганда элдин калың колу жасап жаткан чабуулду көрүп,
талаада чапкылап келаткан эки-үч казакка кездешип, болуп жаткан окуя тууралуу толук
маалымат алган эле, Бирок экөөнө азыркы абалды эскерткен казак:
— Жарманкеге барасыңарбы, жок элге барасыңарбы? — деп сураганда экөө тең
күңкүлдөп үндөбөй калып, эл кишилери кетип калган соң гана жарманкеге келген.
Жарманкенин Каркырага, Тамгалуу-Ташка караган жагы жоодон аман. Бул жагында
эртеден кечке бир дагы согуш болгон жок. Күндүз дүзалда нече ирет жарманкеден
чыгып, маңдайындагы элдин кой-жылкысын, уюн топтоп айдап келип жаткан аскерлер
да ушу жактан чыгып, ушу жак менен тегеренип кайтып келишкен. Тилмечтер да ошол
ыктан пайдаланып, ушу жактан келип, базарга кирген. Булар келгенден кийин да согуш
бир үзүлүп, бир башталып, анык аякталбай, созулуп жатты.
Тилмечтер колдорунда курал болбосо да, Аклжелке менен тергөөчүлөр турган
жерге келип, көздөрүнөн алыстабай улам көрүнүп турушкан. Башында буларды эске
алып, эсептеген улук болгон жок. Жалгыз гана кечке жакын Акжелке Осмонду байкап:
— Мен сени айылга качып кеткен экен десем, мында экенсиң го,— деди.
Осмон соңку күндөрдөгү улуктардын өзүнө караган түр-кейпинен сезгенинкиреп,
жетим козудай түрткүнчүктөп, жалтактап жүдөп жүргөн эле. Мынабу сөз биротоло
коркутту. Эми эмне болсо да улуктардын жанынан кыя баспай, бирге өлүүгө бел
байлаган, ошого эки тилмеч тең бекинген эле.
Түш оой бергенде жарманке башына тегеректеги жакын айылдардын беш жүздөй
коюн айдап чубуртуп төрт-беш солдат келген. Ошол койлорду жарманке башындагы
бардык жанга: «Керегинче союп жеп тамактангыла» — деген уруксат болгон эле. Анын
артынан базар башындагы соодагерлерден баштап бардык аскер болсун, жалпы
кызмат ээлери болсун, айтор, ким болсо ошо болсун, бардыгы тең баш-башына бирбирден ирик, кочкордон карматып алып, күнү бою кыргын салып чыкты. Көп кой жөн
гана мууздалганы болбосо, союлбай, союлган болсо бузулбай асылбай да ышпалдасы
чыгып кызыл ала бойдон деңкейип жатты.
Тилмечтердин боюндагы бардык казакчылык, «элчилдик» ошол абалды көргөндө
гана чыккан сыяктанган эле. «Мынабу малдын ыраспасы чыкты го» — деген болуп,
өзгөгө батпаса да, соодагерлерге бирдеме айтты эле, бирок эч кимиси алардын бул
сөздөрүн элеген жок. Ошону менен тынчтанып кала берген.
Алдыдагы абалынын эмне болорун билбей, улуктун кабагынан ичтей сезгенип,
шашкалактап калган Осмон өзүн улук ичинен эскерген эч ким болбогон соң, кечке
жакын бир татар соодагерди пааналады. Соодагер жарманке башынан улуктар кете
турган болсо, алар менен бирге Жаркентке кошо кетмекчи эле. Осмон муну менен
сүйлөшүп, убада кылышып анын арабасына түшүп кете турган болду. Ичтеги эсеби
улуктардын өздөрү ээрчитип албаса да, каарына калбайын, Жаркентке мен да бирге
барайын. Ошондон ары дагы да ишенимин алармын, түшүнүшөрмүн. Азыр казакка
жанашпай, мынабу сыяктуу татар, өзбектин жанында болсом, түбүндө ушулардын
күбөлүгү менен да өз башымды актоого болор. Эгер бул абалдын үстүндө бир казакка
жанашпасам, анда эч бир сөзүмө да ишенбес, казактын күбөлүгүн да далилге албас
деп ойлогон.
Ошентип тааныш соодагер менен сөз байлашып, анын арабасынын үстүндө жатып
калып бир мезгилде ойгонсо, таң агарып калган экен. Жарманке каңгырап ээн
калыптыр. Соодагер арабасын чегип, ашыгып камданып жаткан экен. Тегеректе
төрөдөн, аскер аттуудан бир да жан калбаган. Бирок жарманке башынан келген казак
да жок. Көчкөн элдин жутундай ээсиз калган жарманкени көрүшү менен Осмон да
соодагер менен бирге тез камданып, убада боюнча ошонун арабасына түшүп алып
Жаркентке карай жөнөй берди.
Кечээтен бери атайын четке чыгарып куугандай муну казак тобуна карай итерип,
кээде көрүп турса да элебей кетип, кээде унутуп кетип, кээде сөз менен кекетип, өз
ортосундагы арам шыйрактай санаса да ошол мүнөз-кыймылдын баарын жасаган
улуктардын артынан намыссыз, жигерсиз жалтаң көз тилмеч дагы да ээрчиди. Байы
таштап кеткен көңүлү бош, ачуусу жок катындай, ошол жазалаган, мазактаган эрине
күйүтүн артмакчы, жалынмакчы, багынмакчы болуп, бекинип алып беттеди.
Ошол бет менен кара жолго салып келе жатып, жарманкеден беш-алты
чакырымдай жерге чыкканда жол боюнан сулап жаткан көп кишинин өлүгүн көрдү. Ар
жерге чачылып, түркүн түрдө жыгылган. Кээ бирөөлөрүнүн аралары төрт-беш кадам.
Бир жерде экөө-үчөөдөн жатканы да бар. Он-он беш кадамдай жерде жаткандай да
көрүнөт. Кийимдери менен карайган такыр баштарына караганда, баары тең казакка
окшойт. Чынында эле тегиз казак экен. Ушулардын ичинде чалкасынан түшүп,
кыбыланы беттенип өлүп жаткан Серикбай көрүндү. Мунуң оозу бир аз кыйшайып
ачылып калган. Ок чекесине тийиптир. Узун болуп өскөн кайраттуу чачын оң жак
саамайынын тушуна жабыштырып үрпүйтүп, күйдүрүп кетиптир. Теңгедей жерде кара
күрөң кан уюп, тешилип турган октун орду эле. Ошол жаранын айланасындагы чачтары
тегиз тикирейип, жан жакка бытырай качкандай болуп чачылып, үрпүйүп турат.
Жүзүндө корккон, үрккөн белгиси жок. Эки кашынын арасында жогорудан төмөн
карай упузун болуп созулган ичке бырыш бар. Кабактары түйүлүңкү. Бүткүл бет
ажарында сууктук, бекигендик көрүнөт. Ошону менен бирге актыгына, жазыксыздыгына
ишенген сабырдуулук, кең ишеним, тазалык ажары бар. Бирөө үстүнө сүр чапанды
айкарасынан жаап кетиптир. Ыракымы түшүп, жаны ачыган колдун иштеген иши
сыяктуу.
Серикбайдан бир эки кадамдай жерде Турдукожо жаткан экен. Мүмкүн душмандары
«атып өлтүрдүк» деп кеткен соң, дагы бир аз кыйналып барып оонап түшкөн чыгар. Ал
эт-бетинен түшүп жатат.
Ушундай ар жерде жаткан өлүктүн бардыгы тең Осмондун тааный жүргөн
адамдарынын өлүгү болуп чыкты, Бардыгы тең Каракол абактысында өлгөн эл
башчыларындай, жарманке башындагы абактыга камалып отурган көрөсөндүү кишилер
экен. Мунун ичинде ошол жумуштан башка иш менен отурган бир да киши жок.
Бардыгы тең — улуу ниеттин, элдин ураанынын курманы. Өз көңүлдөрүндө «шейитпиз,
акпыз, эл тилегинин жолуна чалынган «эркек танабыз» деп өлгөн жандар. Жүрөктүү
баатырлары, тегиз намыс кулдары эле.
Ушулардын жанынан шыйпаңдап тамак аңдыган короочу иттей болуп, тилмеч өттү.
Өлгөндөрдүн арбагына акыркы жаза, акыркы мазак ушу тилмечтин өзү болуп көрүндү.
Татар соодагерлеринин арабасына түшүп, мына буларды кырып салган улуктун
артынан шимеңдеп кетип бара жаткан Албан баласы, илими бар, окуган казак. Бул
элин сатып, куу кулкундун айынан кетип бара жаткан кейпи менен бардык иштелген ири
иштерди булгагандай түр көрсөтөт. Ошол ниет жолунда өлгөн эр азаматтарынын
сөөгүн кордогондой түргө келген эле. Ичинде болумсуз болсо да, өмүрүндө бир ирет
болсо да, кенедей гана каршылык добушу ойгонуп, өзүн-өзү уялта тургай, сөгө турган
сынчыл добуш чыгышы керек эле. Азыр да анын белгиси көрүнгөн жок. Курулай бетин
сыйпап бата кылган болду да, ар кимисине эликтегендей карап өтө берди. Көөдөнүндө
ит өлгөндөй, сасып-быкшыган арам өзүмчүлдүк менен бирге, өзгөчө, жакшы орношкон
сезимсиздик, ырайымсыздык бар эле. Анын арсыз маңдайы көң теридей калың эле.
Элеңдебей, бөгөлбөй Жаркентке карай жөнөй берди.
Ошол күнү улуу шашке ченде Каркыра жарманкесинин ордунда алоологон кызыл от
менен аралаш капкара болуп булактаган, уюлгуган булуттай калың кара түтүн жатты.
Кечээги жарманкеге жыйылган журттун баары бирдей келбесе да жартысынан
ашыгы топ-тобу менен кайтадан ураан салып, дагы да Көкжотону бетке алып туштуштан агылган эле, бирок бүгүн көпчүлүк кечээгидей ачыкка чыгып согушмакчы эмес.
Такай камоодо сактап, ошону менен жарманкенин тыйтыгын курутуп алсыратмак.
Андан ары оңтою келсе түнүндө, же болбосо эртең, бүрсүгүнү болсо да айтор коркутуп
туруп, жарманкени талкандап, ичиндеги улук аталууну кармап алып кырмакчы эле. Эң
болбосо ушуларга кылгылыкты кылып, аз да болсо кегибизди алып кетебиз дешкен
эле. Ошону менен катар элдин баары тең төөсүн комдоп, үйлөрүн таңып, көчүүгө
киришкен эле. Жанагы ниет менен жарманкеге карай беттеген жигиттер, туш-тарапты
учулап келгендер ичинде эч бир жан калбай каңгырап турган ээн жайды көрүштү.
Андан кийин бардык эл көчө-көчөнү ээлеп алып, ичинде ары бери кесип басып
жүрүп туткунда отурган кишилердин дарегин издеген эле. Эч кимди, эч бир белгини
таба албады. Көчөлөрдө чачылып жаткан ар түркүн дүнүйө-мүлктөр бар эле. Ар жерде
мууздалуу бойдон союлбай калган кочкор, баглан козу, байлануу калган аттар,
короолордо калган топтошкон кой да бар экен. Тирүү малдарды бошотуп чыгарып
алып, ошондон калган дүнүйө-мүлктүн эч бирине карабастан жарманкеге туш-тушунан
өрт койгон.
Далайдан бери жаан көрбөй ысык күндө какшып/ куурап турган жыгач дүкөндөр,
тактай чатырлар куураган чөптөй болуп алоолоп жана баштады. Баягы замандан бери
Албан жайлоосун армансыз жайлап, таттысын-даамдуусун шимирип жутуп, жондонуп
турган жарманке бүгүн эң акыркы саатына, өлүм күнүнө жетти. Көп замандан бери чоң
айкөлдүк, кеңчилик менен чыдап келген эл эми булкунуп келип, катуу туйлады. Астынүстүнө көңтөрүп таштагандай, дүнүйөсүн ойрон кылгандай болуп туйлады.
Ошону менен өмүр бою душман ниети менен келген эски жармаңке чоң өрттүн
кучагына кирип, кара түтүндүн астында тумчугуп, быкшып, жоголуп бара жаткан чакта
калың Албандын эли да удургуп көчтү. Каз-катар болуп, кайткан каздай тизилип, үркүпкөчүп жөнөй берди.
Артында кара түтүн болуп жармаңке калды. Ээсиз болуп каңгырап Ала-Тоонун
жайлоосу калды. Аңгырап кыштоо, коңурсуп журт калды. Киндик кесип, кир жууган
момун наристе күнү калды. Албан Албан болгону кыштын жутун, жаздын илдетин
көрсөтпөстөн, жер киндиги ата конуш Мекени калды. Тоо-тоонун салаасында ээсиз
чуулдап, короо-короо кой калды. Тоо толгон аркар, бугу, элик, кара куйрук, тоо текедей
жапайы коңшулары да калды. Алдында белгисиздикке толгон тумандуу күндөрү
кучагын жайды. Артынан наалат айтып, алдына карай жол тартты.
Калың Албан тобунан адашкан каздай жалгыздап, куу талаанын кубарган байы
Дөөлөтбак калды. Бул Асы багытындагы согушта жөөлөп, каңгып калган Хлыновскийге
ошондо түнү менен коштолгон ат менен киши жиберип, баарын тең аман-эсен АлмаАтага жеткиздирип салып, теңир жалгасын деген батасын алып калган эле.
Дөөлөтбактан башка Текестин, Сырттын тоолорунун таш-ташына, ууру
коңулдарына тыгылып жүрмөк болуп, Түнкатар бай калды. Журтта калган көркоо иттей
болуп, .улуктардын кербенинин артынан ээрчий Осмон менен Жебирбаев тилмечтер
калды.



МАЗМУНУ
АУЭЗОВ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ
ДҮРБӨЛӨҢ ЗАМАН
I
II
III
IV
V
VII
VIII
IX
X
You have read 1 text from Kırgız literature.
  • Büleklär
  • Дүрбөлөң Заман - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3656
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2069
    26.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3848
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2079
    29.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3955
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2090
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3889
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2125
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3872
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2044
    29.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3860
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2050
    29.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3991
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2003
    32.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3835
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1985
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3904
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2041
    31.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3901
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2010
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3956
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2039
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3301
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1760
    32.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.