Latin

Дүрбөлөң Заман - 10

Süzlärneñ gomumi sanı 3901
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2010
29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
46.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Баятадан Баймагамбет, Жансейиттер менен Акжелкенин сүйлөшкөн сөздөрүн
жакшылап кулак салып тыңдабай бир жерден кыйкым таап урушууну күтүп турган эл,
мынабу сөздөн кийин бардык кыжаалат оту токтолуп басаңдап, акырында өчө баштады.
Бирөөдөн бирөөгө:
— Акжелке Алма-Атага телеграмма берелик. Жамакенин сөөгүн жогорку улуктан
сурайлык. Бербегени туура эмес деп жатат,— дешип Акжелкенин акыркы сөзү элдин
баарына күбүр-шыбыр, дабыр-дабыр эткен добуштар менен бирге онду солду аралап
тарап жатты. Ошонун тарашы менен бирге көпчүлүк азыркы сөзгө канааттанып, токсуна
калып, адеттеги момундугуна түшүүгө айланды. Мурунку жыйрылып турган ачуу
эпкининен кайтып, жоошуй баштады.
— Кантсин байкуш. Мунун колунан келери ошол чыгар.
— Туура айтат. Өз колунан келгенин аябайын десе, андан ары эмне кылмакпыз.
— Бир гана нерсе, ошол айтканын азыр бүтүрсүн.
— Азыр, азыр бүтүрсүн.
— Телеграммды азыр жазсын деп айткыла. Ой, тигил
жерде сүйлөшүп турган ким? Азыр бүтүрсүн ошол айтып турганын! — деп арттагы
көп добуш кайта-кайта өйдөлөп чыгып, ушу бир сөздү алда нече жерден сан кишинин
оозу менен айткызып, улуктарга жеткизип жатты.
— Азыр жазып, бүгүн эле жибермек болду,— деген кабар кайта чыкты.
Баймагамбет, Жансейит да алдыларында жоошуй түшүп, жорголоп турган улуктарды
көрүп, эми эмне кыларды билбей далдырап калышкан эле. Ошол кезде улуктар эптепсептеп суурулуп, кеңселерине карай козголо баштап, элге:
— Эми, эл-журт, тарагыла. Бул жерде баарың үймөлөктөгөн менен эмне чыгат?
Телеграммага кол коё турган кишиңер калса болду. Калганыңар айылыңарга кайта
бергиле. Эки-үч күнсүз кабар келбес. Эгер жакында кабар келип калса өзүбүз
билдиребиз,— деп баары кетип бара жатты.
Жансейит жанагы убадага адегенде көп менен бирге ыраазы болуп, токтолуп калса
да, улуктардын кысылыңкырап турган жайынан пайдалануу үчүн дагы бир нече талап
коюуну макул көрүп:
— Андан соң мынабу түрмөдө жаткан кишилерибизди да чыгар. Алар жазыктуу
эмес, эл жазыктуу. Күнөөлүү десең бардык эл күнөөлүү болуу керек. Жеке Серикбай,
жеке Узак эчтекени өз жанынан чыгарган жок. Эгер кишибизди берсең макулдашабыз.
Анда жакшы улук болосуң. Антпесең, биз сени күнөөлөөдөн бошотпойбуз. Акжелке,
кишибизди бер! — деп кыйкырды. Элдин баары ошол сөздү коштоп:
— Биздин кишилерибиз чыга турган убакыт болду.
— Саргайтып бүттүң, аларда жазык жок.
— Ушул турган баарыбыз тең жазыктуубуз, алар жазыктуу болсо, кылар болсоң,
баарыбызды кыл! — деп дагы да көп-көп добуштар, суурулуп кетип бара жаткан
улуктардын артынан чубатылып, созулуп угулуп жатты.
Бирок ушу сөздөр айтылса да, эл кетип бараткан улуктарды токтоткон жок.
Мурдагыдай ызгаары жок, кысып, каймыктырып да салалбай, бошоңкурап бара жатты.
Артындагы элдин көбү бет алды козголуп, жик-жиги менен тарай да баштаган эле.
Ошондуктан Акжелке кайта-кайта кыйкырып жооп сурап такымдап жан койбогон
Жансейиттен кутулмак болуп, артына карап туруп:
— Ал кишилерди каматкан жогорку жердин улугу. Жакында дагы башка жардыктары
келер деп күтүп турабыз. Көп узабас, бошотор деп да ойлойбуз. Алар тууралу чыдай
тургула, ашыкпагыла,— деди да, топтон суурулуп чыгып узай берди. Эл:
— Шаша турган убакыт келди.
— Качанкыга чейин саргайып жатышат?
— Чыгартып бер кишибизди... чыгарбасаң, эл жакшы бойдон турбайт, бузулушабыз.
— Элдин чыдамы кетти. Эми мындан аркыны көтөрөр жайыбыз жок.
— Баса, ошону айт... кишилерибиз чыкса чыкты, чыкпаса таарынба бизге... улук
болсоң, тынччылыкта улук чыгарсың. Элге тырмагың батып, момун журтту ызалап
иренжите берсең, көрүп аларбыз.
— Эми аз күн сынаарбыз, көрөбүз... ошондо айтканды кылбай турган болсоңор,
байкашабыз сени менен. Акжелкесиңби, көкжелкесиңби, кимиң болсоң, аның бол! —
деп калың жыйын кыйкырган добушу менен мурун эч убакытта айтпай турган
сөздөрүнүн баарын тең айтып жатты.
Бирок улуктар мунун баарын өз кулактары менен уккан жок. Жарым-жартылайын
укса да, байкабаган, укпаган киши болуп кете беришти. Элдин көпчүлүгүнө ушул
кыйкырыктар улуп-уңшуп турган калыбында дем чыгарып, бейкутчулук бергендей
болуп, мурунку жалынды басаңдата берди. Бүгүнкүгө арналган ачуу иш жүзүнө чыкпай,
көп дүргүүлөрдүн кыйкырыгы, ачуу кеги коркуткан сыяктуу айбаты менен чыгып бара
жаткандай болду.
Алардын таң эртеңки кебетесине караганда бүгүн бир соктугуш боло турган
сыяктанса да, жыйын эч бир өзгөчөлүк, тентектик кылбай, улуктун жылпылдаган жукпас
сөздөрүнө алданып, жоошуп, басаңдап, момун маанайда тарады.

X
Көпчүлүккө берген убада боюнча ошол күнү жармаңкенин улуктары Алма-Атага да,
Караколго да атаган кагаздарын жазып, телеграмын да берген эле. Эл кишилери көзмөкөз өз алдыларында жазылып, кабарчы, чабарман менен, шашылыш почта менен
жиберилген кагаздарды көрүп, убактысынча ыраазы болуп тарашты.
Жазылган кагаздын толук сөздөрүн эл кишилери өзү окуп, аныктап билишкен жок.
Эл арасында орусча кат билген казактан бир да киши жок болучу. Жазылган сөздөрдүн
маанисин көпчүлүккө Осмон айтып берди. Ага тапшырган, айт деген Акжелке болучу.
Осмон кыскача мазмуну ушу деп айтып берди.
Телеграммада — өлгөн кишинин сөөгүн берүүнү эл сурайт. Элдин мунусун
орундаткан дурус. Антпесе элдин нааразылыгы күчөйт көрүнөт. Бүгүн жармаңке
башына алда нече миңдей киши жыйналып келип, бизден ушуну түгөл сурады. Чоң
улуктун айткандарын эске алып, орундатуусун өтүнөт. Муну шарт кылып коёт. Антпесе,
өкмөткө нааразылык көрсөтүүдөн, ал түгүл андан да чоң иш жасоодон тайына турган
эмес. Абактыга алынган кишилерди да бошотууну сурайт. Ушул тууралу буйрук
камдоону, жол көрсөтүүнү сурайбыз. Телеграмманын толук сөздөрү ушул эле. Мунун
ичинен Осмон осолураак, оңтойсуз сөздөрдү чыгарып таштап, эл менен бирге
жармаңке башындагы өкмөт кызматкерлеринин да Жамакенин сөөгүн берүүнү сурайт
деп, кыскача кайрып гана которгон.
Арадан төрт күн өткөндө Караколго Алма-Атанын жооп буйругу келди. Каркырадан
жиберилген телеграмма менен бирге ошол күндөрдө Алма-Ата улуктарына, Каракол,
Каркыра жагынан алда нече кошумча кабарлар жетип жаткан.
Элдин баары бирдемени күтүп жүрдү. Белгилүү бир убакытта соктугууга камданып,
дайындалып жүргөн сыяктуу. Абактыдагы кишилерге гана жалтактап бөгөлгөндөй, эгер
алардын отуруусу созула берсе, же болбосо аларга берилди деген бир жазаны кулагы
чалса, жамы журт туташ эрөөлгө чыга турган сыяктуу. Азыркы казак элинин анык алжайы ушу деп, күн сайын ушуга окшогон кошумча кабарды Каркыра, Каракол экөө тең
туш-туштан жеткизип жаткан.
Уезддик шаардын улугуна ушундай маалыматтарды жеткизүү менен катар,
жергиликтүү кеңселер соңку убакыттагы өкмөт саясатынын анык бетин түшүнө албай,
албан түрдүү жардык күткөндөй болчу. Бир эсептен жаз ортосунан берки кепке
караганда кыргыз, казак сыяктуу мол жерге ээ болуп отурган жапайылар көтөрүлүш,
эрөөл жасаймын десе, жасап көрсүн. Азыраак ээликтирип алып, кинени өз мойнуна
арта турганда упай салып, өзүлөрү иштеген ишти өздөрүнө күнөө кылып, катуу кыргын
ачуу керек. Боздуруп-тоздуруп, тукумун курутуп жиберип, алар отурган асыл жердин
бардыгын казынага алуу, каалаган кишини абактыга отургузуу керек. Ошондуктан, бул
элдер көтөрүлүштү чыгарса чыгарсын. Бөлүнөт, жарылат, өкмөткө жоо болуп каршылык
ойлойт деп сезгенүү, коргонуу керек эмес. Кайта астыртан байкоо салып, ошондой
кыймылга өздөрүн айдап салуу керек. Көпчүлүккө билдирбей, сездирбей отуруп,
түртмөк салып, жарга түртүп ачындыруу керек да, ошондон кийин кыймылына карап
туруп кол салуу, талкан кылуу, орду-түбү менен жок кылуу керек дей турган. Жаз
ортосунан бери уезддеги улуктар менен алардын жер-жерге чыгара турган
приставдары да 25-июнь жардыгы менен катар уккан чоң шобурат ушул эле.
Башы ошондой делинип башталган соң, мындагы улуктар ошол бет менен ээленип,
жаланып: «бөрк ал десе баш алып», алдаяр деп алып-учуп турган. Бирок булар казак,
кыргыз ичин ойрондоп бүлдүрүп, жиндей кубулган жаманчылыктарды иштеп турса да,
соңку убактарда алгачкы сүрдөөн менен нускаган жаңы, тың буйруктар болбоду.
Алгачкы сөз, оболку багыт барбы, жокпу — аны да аныктап билбейт. Аны айтышпай
турган сыяктуу болуп барат. Булар оболку белгиленген бута ушу деп бир жагынан
казак, кыргыздын калың элин албан түрдүү орунсуз буйрук, зордук менен жарга түртүп
ачындырып, кыңк эткен башчыларын көгөнгө тизип, чубуртуп абактыга салып жазалап
отуруп, ошону менен бирге маңдайдагы өзү менен кездешкен, алдыларына келген
казак-орус дыйканга жанагы өздөрү ойлогон ниетти угузуп ынандырып тура турган.
Ошол багытта баёо, аңкоо, момун эки элдин атайын ортолоруна от салып
араздаштырып, өчүктүрүп, бирине бирин жоо кылып көрсөтмөк болгон. Бул багыттагы
иштери да талаага кеткен жок. Эң алды менен казак-орустар бул амалга оңой келип,
баягыдан бери улуктун союлчусу болуп кококтоп калган адет менен казак элин
опузалап, үркүтө кыймыл кыла турган болду.
Булар казак, кыргызга, беттегени, тап бергени жаралуу аюудай кыжынып, тишин
кайрап дайын отурду. Бышып жеткен, дайындалган иштин бир тарабы ушул түрдө. Бул
саналгандардан башка бир түйүн дагы, бир жакшы чиеленишкен тузактай болуп элдин
башчылары түгөл колго түшүп олтурат. Арасынан Жамакеси өлүп, анын сөөгүн бербөө
керек деген акыл табылды. Өкмөткө берсе да, бербесе да баары бир болор. Бирок элге
баары бир эмес. Ага бербей койсо, чыны менен кектендирип өчүктүрөт, Баласымак
аңкоо эл ошого от түшкөндөй туйлап, дагы да күнөөгө, айыпка карай аяңдап,
мурункунун үстүнө дагы да белчесинен бата берди. Ошол элди коздура турган, кутурта
турган иш болууга жараган соң, Жамакенин сөөгүн берүү деген маселе жармаңке
башындагы Акжелкеден баштап, Караколдун улугуна да, андан ары Алма-Атадагы чоң
улуктарга да бир чоң, ири, негиздүү маселе сыяктуу көрүндү.
Аягында Алма-Ата улугу бул маселени чечти. Чечкенде бул күнгө чейин соңку
убакыттагы багыт, саясат тууралу толук кабар алалбай, алгачкы сокмок менен келе
жаткан жергиликтүү улуктарга жол көрсөтүп багыт бергендей кылып чечти.
Ал оболу Жамакенин сөөгү берилбесин деген. Экинчи, элдин бүлгүнчүлүгүнө
жетекчи болгон башчылар абактыдан бошотулбайт. Алар кепил эсебиндегилер. Эгер
эл ушул күндөргө чейин бузуктук, бүлгүнчүлүктөн тыйылбаса, абактыдагы кишилери
түгөлү менен чоң жазага тартылсын. Бирин калтырбай жоготуу керек. Казакка,
кыргызга, уйгурга да — бардыгына да иштээр иш ушу. Эгер андан ары эл көтөрүлүшү
боло турган болсо, аны да аябай, өз колдорундагы бардык күчтөрдү жумшап, эрксиз
багындырып басып алгыла. Эч кимди аёо болбосун. Кандай катуулуктан болсо да
жазганбоо керек.
Анын үстүнө казак, кыргыз казак-орус сыяктуу калаа, посёлкада тургандарга
залалын тийгизүү, малын алып, үйлөрүн өрттөп, кишилерин өлтүрүп жатканы бар деп
угулат. Эл-элди аралоого чыккан кызмат адамдарынын да өлгөндөрү бар. Керек десе,
почтага, аскердик кербенге да чабуул жасагандары бар дешет. Бул — калың элдин
ачык жоочулук жолуна чыкканы. Андайга аяныч, ыракым, кечирим деген нерсе болууга
мүмкүн эмес. Аянбай кырып отуруп тентекти жоошутуп, азоону көндүрүп, жөнгө салуу
керек. Бул күнгө чейин иштелген башсыздыктын кеги күчтүү болуу керек деп, барлык
улуктардын арасына катаал буйрук жайылтылды. Жер-жердин улуктарын биротоло
кайрап, эпкиндетип ишке кириштирүү үчүн Петербордон эл каршылыгы менен
алышууга келген карт жандаралдын ошол күндөрдө бардык улук арасына жайылган
белгилүү катаал сөздөрү тиркелген экен. Ушу төрөнүн өзү да ошол жандаралдын
атынан чыгыптыр. Мунун уезд акимдерине тапшырган буйругунан туулуптур. Төрөнүн
ар жеринде жандаралдын тапшырууларын, буйруктарын атап-атап келип эң аягында:
— «Падыша солдатынын каны тамган жерде эч бир бөтөн эл тиричилик этпесин» деген
каардуу сөзүн куран сөзүндөй тууга байланган ураандай кылып келтириптир.
Каракол улугу буйрукту алышы менен оёз прокурор баштаган аскердик кеңеш
жасап, ортосуна абакты улуктарын, куралдуу солдаттардын башчыларын алып отуруп
абактыдагылар тууралуу жашырын сөздөр сүйлөштү. Бүтүм кылып байлаган сөздөрүн
кечиктирбестен орундатмакчы болушту.
Бүгүн таң эртеңден бери казак камерасындагы туткундар ичтен да, сырттан да эч
бир кабар ала алган жок. Жалгыз гана апкелип берген тамакты гана алды. Эч
кайсынысын тышка чыгарган өз кишилер менен сүйлөштүргөн жок. Күн бою абактынын
айланасына казак, кыргыздан эч кимди жолотпой, зекип, коркутуп кууп жиберип турду.
Тегинде соңку убакыттарда калаага азып-тозуп келгендер көбөйгөндөн бери карай
казак, кыргыз адамы көчөдө ээн-эркин жүрө албай турган да болгон. Кыргыздын
жоочулугун көрүп, же өздөрү жаралуу болуп, же тууган-туушкандарынан айрылып
келгендер, көчөдө казактын, кыргыздын жүзүн көргөндө айкырып боктоп, жабылып
сабап, кээ бирөөлөрдү өз тобунун ортосуна алып келип кергилеп өлтүрүп да
тургандары болгон. Ошондуктан Узактарды күткөн жигиттер жандан кечип гана эмгек
кылып жүрүшкөн эле.
— Бүгүнкү абактынын кейпи күндөгүдөн да катайыңкырап, бузулуңкурап турган соң
Узак, Абакирлер абактынын өз ичинен бирдеме шыбыш укпас бекенбиз деп байкаган
эле. Ал талаптардан да эч нерсе чыкпады. Камераларынан чыгарбай, өзгө туткундар
менен аралаштырбады.
Бүгүн ушу абактынын суканы жаман. Бул кандай болоюн деп турат?! — деп көптүн
ичтей жүдөгөн күдүгүн Карбос карыя сыртка чыгарды. Алда неден таң эртеңден бери
мунуң тула-бою оорлоп, жер тартып тургандай. Ошону менен бирге көңүлүндөгү
далайкы салмагынан жеңилдеп сергигендей бир өзгөчө лепилдеген сергектик белгиси
да байкалган сыяктуу. Сырткы терисине ичинин кеңдиги сыйбагандай.
— Сурку бузулуп турат. Бирок эмне чара?! Эмне кылуу керек? — деп Нуке өзгө
жолдошторуна карады.
Журттун баарынын жүзүндө катуу күчөгөн коопкүдүк белгиси менен бирге: «эмне
болоор экенбиз, кандай күнгө учурайбыз, мунун арты кайда алпарып согот? —
дегендей табышмактуу суроолор билинип турду.
Тумчуктургандай белгисиздик Узактын чыдамын тоздургандай, муундургандай
таасир этти. Ошондуктан ал эшиктин тешигинен карап турган солдатка:
— Ээй, бүгүн бизди неге чыгарбай койдуң? Сырттан келчү кишибизге неге
жолуктурбайсың? — дегенде эки көзү кылыйып, кичирейиңкиреп турду да, эшиктин ар
жагынан:
— Саат алтыда манифест болот,— деп зыргып кете берди. Кылыйганы күлгөнүбү,
болбосо «ушунум чын» деп ымдаганыбы, отурган эл уга албай калды.
Бирок көздүн жөнү бир башка, баарынан да айтылган сөз ажалдын огундай дүрт
эттирип чочутту. Абакирдин денеси уюп, талыкшып кеткендей болду. Өңү да кубарып,
катуу сезгенип, үркүп кеткендин белгисин көрсөтүп турган эле.
— Мунун айтканы бир шумдук го. Эми «кош» дегенден башка эмне калды? Карыя,
ыйман айта бер! — деп Карбоско карап чалкайып барып керегеге сүйөнө кетти.
Ушунун артынан Карбос ар бир кооп үстүндө иштей турган адаты боюнча сүрө
«ясинди» окуй баштады. Добушу күбүр-күбүр этип, бир үзүлүп, бир угулат. Жыртылып
чыккандай тамагы кеберсиген сыяктуу. Эч кимден бир ооз сөз чыккан жок. Бардык адам
жым-жырт селейип каткандай. Дене тиричилигине айрылып, кур гана болумсуз сүлдөр
калгандай. Абакир алгачкы керегеге сүйөнүп калган калыбында али да таштай катып
калжыйып турду. Дене-бою өзүнүкү эмес, бөтөн бир буюм сыяктуу сезилип, өзү кайсы,
дүнүйө кайсы экенин айра албай, түгөл аралашып, улашып кеткендей, чаташкандык,
күңүрттүк байкалат.
Өзгөнүн баарынан мунун чочулоосу күчтүүрөөк, өзгөчө бөлөкчө сыяктуу. Калган эл
ошону байкагандай болуп Абакирдин алдын ала сунуш кылганын жаман ырым сыяктуу
көрүштү. Бул жай бирине бири сүйлөгөн сөз менен, тил менен билинген жок. Бир гана
карашкан көздөн, тынчсызданган кабактан угулгандай болгон эле. Азыркы чоң кооптуу
күтүү үстүндөгү жымжырттык бул адамдарды өзгөчө сезимдүү кылып, элбиретип
жеңилдентип тургандай. Дененин бир гана козголушу, беттин бир бырышынын
болумсуз гана кыймылы болсо ошого чейин отурган элдин баарына бирдей түптүгөл
таанылып, окулуп койгондой болот. Келечек белгисиздик саатты ысык кандуу дене
менен, бардык сезимди жүйрүк жан менен түгөл сунуш кыла кулап, зарыга
күткөндүктөн, мынабу жымжырттыктын ичинде бул адамдардын тилдери сүйлөшпөсө
да, бири менен биринин жаны жымдашып, белги беришип, алдын-ала билип турган
сыяктуу.
Ошондой айланадагы болуп жаткандарды кылт эттирбей баамдап турган
кыраакылык, өзгөчө сезимдүүлүк Абакирдин азыркы жайын буларга даана тааныткан.
Бирок азыркы саатта ага булар берер кайрат жок. Үйрөтөр акыл да жок.
Муну көп менен бирге сезип отурган Нуке Абакирди кандай да болсо, азыркы
алынан түртүп чыгарып жибермек болуп:
— Кайниме эркелейинчи,— деп келип, Абакирдин тизесине башын салып жантая
кетти.
Бул козголуш ойлогонундай таасир этти. Абакир коркунучтуу түш менен аралашкан
уйкудан ойгонгондой жымыйып эсин жыйды да, чыны менен эркелеткендей болуп
жездесинин бетин сыйпады. Бой жылынып жаңыдан кан жүгүргөндөй болду. Өзгөчө бир
сезимдүүлүк менен табышмактуу мээримге батуунун сааты буларды баладай агартып,
аңкоолондуруп турду. Баарына тең тазалык канатын бүтүргөндөй. Ошондуктан мына бу
экөөнүн жасаган балалык мүнөздөрү эч кимге жат да, өрөскөл да көрүнгөн жок. Дал
азыркы абалдарына ошол керек эле.
Ушуну менен эт бышымдай убакыт өткөндө эшиктин сыртында шарт-шурт добуштар
чыкты. Ашыгып, карп-курп кактыккан көп кишинин дабыр-дубур басыгы угулду.
Камеранын ичиндеги толгон адам түгөлү менен селт этип чочуп, эшикке жалт-жалт
карады. Аңгыча болбой, бардык абактын ичи тозоктун үнүндөй жат суук үн чыгарып, көп
мылтык добушу күрс-күрс, батыр-бутур угулуп калды. Камера ичи дары менен ажалдын
жытына толуп бара жатты. Коңшу камералардан өкүргөн, алдас урган, абактыны
башына көтөргөн нечен түркүн жалынычтуу да, кектүү да, дарттуу да, жаралуу да
кыйкырыктар, ызы-чуулар угулду.
Казак камерасында полдун үстүндө олтурган адамдар адегенде бирине бири
умтулуп, бир жерге үйүлүп, бирине бири сүрдүгүп жыгылып, аягында жан жакка тарай
баштаган эле. Алыстан жалынган, өкүргөн, сыйынгандардын добушу угулат. Ок тийген,
өлүмгө баш ийгендердин акыркы онтогону, каргышы угулат.
Ушул убакытка чейин казак камерасы аман эле. Бир мезгилде жанагы каалгадан
караган көз кайта айланып бир шыкаалап калды да, жанындагыларга айкырып буйрук
кылды. Ошону менен бирге каалганын тешигинен үч-төрт беш аттардын ажал жыттуу
моюндары камера ичине жылмаң-жылмаң этип кирип келди. Кире сала үзүлбөй
тапырлаган добуштары менен бирге жарк-журк эткен кызыл отторун чачып, бурк-бурк
түтүндөрүн чыгарып, оңду-солду кайчыланып үстөккө-босток ок жаадыра баштады.
— Алла, алла! Арбак, ээ, арбак!
— Кош, кош!..
— Айланайын, Райымбек ата... сактай көр, оо, кудай! — деген коркунучтуу,
жалынычтуу, чочунган кыйкырыктар казак камерасын да башына көтөрүп, мылтык тили
менен бирге алсыз үндөрүн үзбөй жатты. Алгачкы октор менен бирге учуп-учуп түшүп,
шылк эткен денелер да бар эле. Алардын баарынын тең үнү бир саамда өчкөндөй. Бир
гана, жалгыз бир гана добуш:
— Уу-х... уу-х жа...ны...м. Жа...ны...м... алла... алла! — деп үздүгүп гана угулду. Кээ
бир ок тийген денелер жаткан жеринде туйлап, бир кайкалап, бир жыйрылат. Оңдусолду оонап бүктөлүп чыйырчык атып жатканы да бар. Абактынын ичи шырылдап аккан
канга жуулуп кетти. Кээ бирөөнүн көөдөнүнөн, маңдайынан аккан ысык кан
айланасынын баарын боёп, жанчылып жыгылып жатты, мылтык үнү токтобой, ээ-жаа
бербей тарсылдап, тозоктун күнүн туудуруп турду. Бир заматта камеранын ичи
туташкан көк түтүн болуп кетти да, эми тар эшикке кадалып турган көздөр камера
ичиндеги адамдардын өлгөн менен тирүүсүн аныктап көрө албай турган, түгөлдөй
албай турган болду.
Бул убакытка чейин өлгөн кишилердин жер оонап жатып калганы жети-сегиз.
Калганы жаралуусу бар, аман-эсени бар дегендей алгачкы мылтыктын атылган добушу
менен бирге бет алды томолонуп жыгылып түшүп, андан подвалдын астына качып
кирип кеткен эле. Мындан калган үчөө-төртөө эшиктен мындайраак турган мештин
жанына келип жыгылган. Бул арада турган Субанкул, Абакир, Узак болучу. Абакир
менен Узактын тула-боюнан кан жайылып турат. Дене бойлору ып-ысык болуп, алда
кандай дүүлүгүү менен кыйнагандай. Мылтык бардык абактын ичинде али да үзүлбөй
тарсылдап турду. Тешиктеги көп темирлер бирине-бири соктугуп, тар тешикте кысылып
оңду-солду айкашат. Жогору да, төмөн да үңүлөт. Ар бир козголушу менен бирге кызыл
от жарк-журк этип, ажал отундай жаланып, муун-муун түтүн да бурк-бурк чыгат.
Ар бир жат дыбыш менен бирге, азырынча чымын жаны чыкпаган туткундардын
коркунучка толгон көөдөнүнөн:
— Ээ кудай, ээ, арбак!
— Аксарбашыл, аксарбашыл!
— Чыны менен бүткөнүбүзбү?
— Кырылганыбызбы?! Алла, алла! — деп жазганып, чочунуп туруп, үзүп-үзүп айткан
жалыныч өкүнүчтүү арман тили чыгат.
Чай кайнам убакыт өткөндө абактынын түпкүр жайындагы мылтык добуштары
чукулунан токтой калып, ошол жактан коридорго карай аңтарыла, чуулдап жүгүргөн
калың ызы-чуу угулду. Ал жакта көп кыргызды камаган чоң камера бар эле. Добуш
ошолордун жатагы жактан чыкты.
— Бошондук! бошондук! Кыр, жой!
— Жаздыгыңды ала жат!
— Атаң көрү!..
— Кет, көзүңдү жогот..,
— Кыр, жой! Ээ, арбак! Ээ бабам! —деген калың ызы-чуу угулду... Мылтыктар
токтоп басылып калды. Суук курал кур гана качкан колдо шатырлап, безип бара жаткан
сыяктанды. Бул кезге чейин казак камерасына кадалган үч мылтык али да ажал
белгисиндей болуп сугун кадоодон токтогон жок эле. Сырттагы добуш меш жанында
тургандарга алды менен угулуп, тезинен кайрат берип, акыркы дарманын каршылыкка
алышууга карай айдагандай болду.
— Өлсөк, каршылашып өлөлүк, аяна турган эмнебиз калды эми. Умтул! Карма тиги
мылтыкты,— деген Узак айкырыкты салып жиберип, эшикке карай тап берди.
Муну менен бирге Абакир, Субанкул да:
— Баса, эми эмне калды? Эй, арбак!.. Ээ, кудай! — деп келип, эшиктен шыкаалап
турган мылтыктарды кереге жактан жакалап келип төмөн карай жулкуп-жулкуп тартып
калды. Ошол арада коридорду бойлоп бет алды качкан көп солдаттар менен бирге бул
камеранын алдында тургандар да мылтыктарын таштап качып жөнөштү.
Ушу кезде подвал астында калган бирин-сериндер да сүйрөлүп чыгып
алдыңкыларга кошулуп калган эле. Солдаттан камера айланасы арылган сыяктуу
болду. Коридор бойлоп жүткүнүп чуулдап, тарс-турс жүгүрүп келаткан туткундар
болуучу.
Ушу жайды чала-була түшүнүү менен бирге камеранын ичинде кыбыроого чамасы
келген жандардын бардыгы тең эми эшикти бузуп, чымын жанын касаптар үйүнөн
сүйрөп чыгууга киришти.
— Буз эшикти!
— Кыйрат мына муну, сууруп сал тиги подвалдын тактайын! — деп бирөөгө бирөө
буйрук кылып, колуна түшкөн нерсе менен тактайлуу эшикти тарс-турс ура баштады.
Полдун чоң тактайын өзгөдөн мурун Абакир сууруп ала койду. Мунун азыр да
аркасы оттой жанып, ысып жүрсө да боюн жеңип кулатып бараткан оордук жок. Дарт
билинбейт сыяктуу. Ошондуктан бардык дарманы менен чоң тактайды кулачтап
көтөрүп апкеле жатып:
— Жетинин бири кыдыр дегениң кайда?! Он сегиз кишиден бирди чыгарбайсыңбы, а
кудай! — деп, али күнгө мисбакбай турган таштай суук кудайына чыны менен өрттөнүп
нааразылангандай болуп, айкырып келип: — Ээ, Райымбек ата! Ээ, арбак! — деп,
эшикти калың жалпак тактай менен түймөчтөп коюп-коюп жиберди.
Ары жаш, ары карылуу, зор денелүү Абакир өзүнө ок тийсе да кайратынан
айрылбагандай кажарлуу, өзүнө ишенимдүү сыяктуу эле. Баятан бери мунун боюн
уютуп, жеңип, басып турган коркунуч мына эми кайнаган ачуу менен ызанын астына
түшүп жоголуп кеткен сыяктуу. Соо денени тешип кирген ок, ошол дененин чыгарган
ысык каны менен бирге, эң алды менен мындагы адамдардын ичиндеги коркунуч менен
чочулоону да ала, чыккан сыяктуу.
Абакир менен бирге Субанкул, Узак да эшикти бир-бир тактай менен тарс-турс урду.
Каалга чыйкылдап, мыгынан чыгып, калдырап кетип баратты. Чакан калаанын
жөнсүзүрөөк болуп салынган абактысында ошончолук ишенимдүү мыктылык, чоң
бекемдик жок эле.
Айтор, өлө турган болгон соң каршылашып, алышып өлүү керек. Ошондо гана
шейит болосуң деп эртеден бери айтышып, нык ишенишкен көңүл менен камера
ичиндеги чамасы бардын бардыгы туткунчулук каалгасына бардык күчтөрүн салган эле.
Аягында Абакир беш-алты жолу коюп жиберип, эми дагы да алгачкыдай эпкин
менен күүлөнүп келип дагы бир-эки ирет үстү-үстүнө берип-берип калганда, кара каалга
чалкасынан кыйшайып барып кулап кетти. Денесин сүйрөөгө чамасы бардын бардыгы
да:
— Ээ, аксарбашыл, ээ, теңири, бере гөр! — деп, чуу-чуу этип алдыңкы бошоп
чыккандардын арты коридордон арылганча булар да кошулуп шатырап качып жөнөдү.
Бирок абактынын ичинде солдат болбосо да, тыштагы чоң коргондун ичинде
адеттеги күзөттө жүргөн кароолдор али да бар эле. Абактынын ичине кирип,
камераларды аткылаган солдаттар алгачкы кыргыз тобу эшикти бузуп чыгып, калың
селдей болуп өздөрүнө карай каптаганда эси чыгып качып жөнөгөн. Арасында куралжарагынан айрылып калганы да бар эле. Өздөрү кырып, кан жошо кылып өлтүрүп турса
да, ошол өлүмгө айдап турган топтор бети-башы кан болуп, ажал тамгасын басып
алган түстөрү менен өзүлөрүнө карай жүгүргөндө солдат аталуулар көр ичинен
опурулуп-коңторулуп келаткан кектүү, суук жүздүү, суз кайратты көргөндөй болуп,
каршы карап турууга чыдай албай качып жөнөгөн.
Алардын алды дүрүлдөп качкан туткундар менен бирге чыгып, эсин жыйып алып
кайтадан куралданып да калган эле. Ошондой-ошондойлордон куралган он чакты
мылтык абакты үйүнүн ар жагына карай чачырап чыгып, дубалдан секирип чыгамын
деп тымтыракай качып, карбаластап жаткан туткундардын бир далайын али да атып
жыйып, канга чөмүрүп жаткан. Казак камерасынан чыккан качкындар дал ошо кезде
келип илинди.
Бул убакта күн кечкирип, калаа ичине иңир караңгысы кирүүгө айланып калган эле.
Эгер азыркы тоскоолдон аман-эсен чыга тургандар болсо, бирдеме кылып качып
кетүүгө ошонун өзү бир сүйөнүч сыяктуу болуп көрүндү. Абакир өзү качуу менен бирге
Узакты да колунан кармап сүйрөп жүгүрүп келе жатты. Булар чыккан мезгилде дал
абактынын эшигинин алдында турган солдат жок экен. Сол жактагы дубалдын жакын
жеринен жаңы гана секирип кеткен бир уйгурду көздөрү чалып калды да, ошого карай
жүгүрүштү. Субанкул Абакир менен Узактын артында эле. Жүгүрүп дубалга жете бере
Узакты колтугунан, бутунан көтөрүп, дубалдан ашырып таштаган Абакир эми өзү
секирүүгө бет алганда, арт жагынан буларга карай кезелгендей болуп тап берген
мылтык үнүн укту. Ошол кезде жан учургандай болуп Абакир дубалдын үстүнө чыга
бере аржагына кулай томолонуп түштү. Дубалдан аша берген, артындагы Субанкулдун:
— А-х-х... калдым... мен... кош!.. — деген сөздөрүн гана угуп калды. Ага ок тийип
чалкасынан серең этип барып, аягында жыйрылып бүктөлүп жатып калды.
Дубалдан түшөрү менен Абакир Узакты кайта кармап көтөрүүгө аракеттенди эле,
анын козголорлук шайы болбой калган экен. Бутун шилтеп баса албады. Алдында тула
боюнан агып жүргөн кандын өзү да буга далдап, талуу жерди таап тийген октун
бардыгын билдирип турган эле. Бул убакытка чейин өзгөчө чыдамдуулук кылып
тиштенген тарамыш, кайрат менен гана зорго сүйрөтүлүп келген экен. Анын үстүнө
дубалдан кулап түшкөн убакытта картаң дене окус жыгылып мертинип, алсырап
калыптыр. Анын азыр өлүмгө бой бергениби, же жанчылып чаалыкканыбы, айтор, өңүтүсү көгөрүп, тирилик ажары кетип, бою суунуп бара жатты. Басууга биротоло жарабай
турган сыяктанды.
Ошол абалында Абакир аркасына салып, сүйрөп алып кетмекчи болду эле, өзүнүн
да алы кетип башы айланып, ичиндеги дарт теңселтип жыгып бара жатканын байкады.
Узак менен бирге сүлдөрү куруп, жыгылып кетти.
Башында калган акыркы сезим Узакка жолдошунун жайын уктургандай болду. Ал:
— Өх... бүткөнүм ушу го... бар эми... кош... Албан баласына тирүү калсаң салам
айт... арман жок... эл үчүн...— деди да көзүн жумуп кайта алсырап баратты. Ошол
убакытта тарсылдаган мылтык добушу жакын жерден дагы угула баштады. Эми көчөгө
чыгып аткылай баштаган экен. Бөгөлүп, аялдап турууга убакыт калбады.
— Кош! Кайран Узак... жамандыгым болсо, кечкин, жаркыным! — деди да, Узактын
бетине карап туруп жөнөй берди. Акыркы ирет Узактын кирпиги козголуп, ишарат кылып
ээк кагып, коштошкондой болду.
Абакир жакын жердеги дубалдан дубалга секирип отуруп, алдында өзүнөн мурун
качып чыккан эки уйгур, бир кыргызга кошулуп төртөө болуп, бир короодон бир короого
түшүп абактынын четинен узап кетип баратты.
Булар ошол түнү бир ээсиз үйдү таап, аз гана отуруп эстерин жыйып алып, эл
уйкуга кирген соң калаанын адамдарынан уурданып, жашырынып жүрүп отуруп, качып
кете берди.
Көчөдө келаткандарында үргөн ит эстерин чыгарып шаштырып жиберди. Бирок ит
добушуна чыккан куугунчулар болгон жок. Иттен кийинки бөгөт калаанын көчөкөчөсүндө чиркелиштире тартып таштаган нечен катар арабалар, калаа сыртында
ойку-кайкы кылып казган орлор болду.
Ушуга карап качкындар бүгүнкү окуянын ички жайын толук түшүндү. Бул калаа
маңдайдагы элдин чабуулун, жоочулугун күтөт. Ошондуктан мына ушундай баш коргой
турган кам көрүшүп, калаасын бууп-түйүп, тосмолоп дайындап отурат. Абактын
ичиндегилерге катуу жаза тарттырганы да ушундан.
— Аттиң, ошол күткөн жоо эмнеге келбеди? Эмнеге кекке кек, канга кан агызбады?
Не бир асыл, жаны жайсаң жакшылар көз жумду го. Мынабу улук, мынабу душмандын
шумдугунан. Аттиң! Аттиң! — деген арман.
Жоо колунан кутулуп талаага чыккан соң кыргыз, казак, уйгур дебей төрт качкын
талаада отуруп, бир тууган боорун жоктогон туушкандардай болуп, ушундай жалындуу
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Дүрбөлөң Заман - 11
  • Büleklär
  • Дүрбөлөң Заман - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3656
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2069
    26.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3848
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2079
    29.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3955
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2090
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3889
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2125
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3872
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2044
    29.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3860
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2050
    29.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3991
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2003
    32.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3835
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1985
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3904
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2041
    31.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3901
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2010
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3956
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2039
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3301
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1760
    32.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.