Latin

Үчөөнүн Жүрөгү - 18

Total number of words is 4033
Total number of unique words is 1827
31.9 of words are in the 2000 most common words
45.0 of words are in the 5000 most common words
51.7 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Бул мезгилде Леонсия, ханыша жана эки Морган Гуалака дарыясында кайык менен
сүзүп баратышты. Алар жээкке Торреске караганда тез жетишти. Бардыгы Солано
асьендасына жете берерде бир окуя болду. Ошол убакта бул окуяга эч ким маани
берген жок. Асьендага алып баруучу жалгыз аяк жол менен буга чейин бул жерде эч
качан болбогон кандайдыр бир кызык адам жогору чыгып баратты; анын жанында
карыган кемпир бар эле. Кемпирдин кара жоолугунун астында бырыш баскан, азгын
жүзү көрүнүп турат, сыягы ал жаш кезинде сулуу 'болсо керек.
; Семиз, тегерек кызыл жүзүнөн жайдарылыгы байкалып турган орто жашар бул
адам кытайлык киши эле. Анын аты И Кын, кыймыл-аракети да анын аты сыяктуу
жумшак жана жеңил болчу. Ал колуна таянып жанында келаткан кемпирге өзгөчө
мээрман мамиле кылып баратты. Карылык менен алсыздыктан кемпир мүдүрүлүп
кетсе, кытай токтон анын эс алып, күч жыйнашын шашылбай күтүп турат. Жогорулап
баратканда чөнтөгүнө салып алган идишиндеги француз шарабынан үч жолу кашыкка
куюп кемпирге берди.
И Пын кемпирди короонун салкын бир бурчуна олтургузуп коюп, чоң эшикти
чечкиндүү какты. Кандайдыр бир жерге иш менен барса, ал адатта арткы эшиктен
кирчү эле. Бирок чоң эшикти кайсы мезгилде пайдаланууну ал өз тажрыйбасынан улам
билчү.
Анын такылдатканын уккан кызматчы нндей кыз Энрнко Солано балдары менен
кайгыга батып олтурган мейманканага кирип, аларга киши келгенин маалымдады.
Рикардо Леонсиянын майя үңкүрүндө өлгөндүгү жөнүндө кабарды алып келгенден
кийин, Солано оор кайгыга баткан эле. Кызматчы кыз тышка чыгып, сеньор Соланонун
өзүн жаман сезип жатканын жана эч кимди кабыл кыла албастыгын айтты. Келген адам
жөнөкөй бир кытай болсо да, кызматчы кыз бул сөздөрдү кичи пейилдҮүлүк менен
маалымдады.
— Хм,— деди И Пын кызматчы кыздын каршысында салтанаттуу көрүнүүгө
тырышып жана аны кожоюнунун бөлмөсүнө экинчи жолу андан кат алып барып берүүгө
көндүрүү үчүн мактаныч аракетине өттү: — Мен дейдиленип жүргөн кандайдыр кул
эмесмин. Мен адептүү кытаймыЛ Мектепте көп окуганмын. Испанча сүйлөй алам.
Англисче да сүйлөй аламын. Мен испанча жаза алам. Мен англисче жаза алам.
Көрдүңбү: азыр сеньор Соланого испанча кат жазамын. Сен жазганды билбейсиң,
ошондуктан менин жазганымды окуй да албайсьщ. Мен бул жерге: — мен — И
Пынмын, Колондо жашаймын. Бул жерге сеньор Соланону көргөнү келдим. Анда зарыл
ишим бар. Абдан зарыл, жана өтө жашыруун иш.— Ушулардын баарын мына ушул
кагазга жйзып койдум, бирок сен окуй албайсың.
Чынында ал катка: «Сеньорита Солано, мен коп сырды билемин»,— деген сөздөр
менен бүтүргөнүн кызматчыга айткан жок.
Сыягы бул катты Соланонун тунгуч уулу Алесандро алды окшойт, себеби ал
кызматчы кызды артта калтырып, эшиктин алдына биринчи болуп жетип келди.
— Сүйдө, эмне болуп кетти! — деп семиз кытайга жулуна кыйкырды.— Ал эмне
экен? Сүйлө! Тезирээк!
— Абдан сонун кеп,— И Пын Алесандронун тынчсызданып жатканын көрүп,
канааттангандай болду.— Мен көп акча табамын... Мен... сатып алам. Жанагы эмне
эле? — жашырын сырды. Мен жашырын сыр сатам. Абдан сонун иш.
— Сеньорита Солано жөнүндө эмне билесиң? — деп кыйкырды ал кытайдын
далысынан апчып.
Көп нерсени. Абдан зарыл кабар...
Бирок Алесандро андан ашык чыдай алган жок. Ал кытайды үйүнө, Энрико отурган
үйгө сүйрөн кирди.
— Бул Леонсия жөнүндө кабар алып келиптир,— деп кыйкырды Алесандро.
Каерде ал? — Энрико менен балдары бирдей суроо берди.
«Эх-хе!»—деп ойлоду И Пын ичинде. Минтип баарынын тынчсызданышы анын
көңүлүндөгүнү тапты, бирок өзү да толкунданып кетти.
Кытайдын ойлонуп калганын байкап, коркуп жатат деп ойлогон Энрико, балдарына
тынчтангыла дегендей колун көтөрдү да, токтоолук менен мейманга суроо берди.
— Каерде ал?
И Пын кайра: «Эх-хе!»— деп койду ичинде. Демек сеньорита жоголуп кеткен тура.
Бул жаңы сыр. Бул сырдын азыр болбосо кийинчерээк И Пынге пайдасы тийип калар.
Ушундай көрүнүктүү жана бай үй-бүлөнүн чырайлуу кызы Латын Америкасындагы
мамлекеттердин биринде дайынсыз жоголгондугу менен кабардар болуш чекене иш
эмес. Күндөрдүн биринде ал турмушка чыгат — Колондо ушундай сөз жүрүп жатат го!
Кийинчерээк ал күйөөсү менен, же болбосо күйөөсү аны менен чырдашып калышы
мүмкүн, мына ошондо алардын кимдир бирөөсү, мага баары бир, бул сырды билиш
үчүн чекене акча төлөшпөйт.
— Бул сеньорита Леонсия,— деди ал кууланган кошоматтануу менен,— сиздин
кызыңыз эмес. Анын ата-энеси башка.
Леонсияга аза күтүп жаткан Энриконун кайгысы ушунчалык күчтүү болгондуктан,
кытайдын өз үй-бүлөсүнө бул сырды айтканынан чочулап да койгон жок.
— Туура,— деп ырастады Энрико.— Мен аны кичинекей кезинде багып алганмын.
Бул сырды өзүбүздөн бөлөк сырттан эч ким билбейт. Муну сиздин билип алышыңыз
кызык.
Бирок муну сизсиз деле билемин, мага анын кызыгы жок. Азыр мени башка нерсе
кызыктырат: ал кай жерде?
И Пын олуттуу жана аны түшүнгөндөй баш чайкады.
— Бул таптакыр башка сыр,— деди ал.— Мүмкүн ал сырды да билип алармын.
Мына ошондо сырды сизге сатамын. Азырынча менде эски сыр бар. Сеньорита
Леонсиянын ата-энеси ким экенин сиз билбейсиз. Мен болсо билемин.
Бул көңүл бурууга арзырлык кабарга Энрико кызыгып калганын жашырган жок.
— Сүйлө,— деп буюрду ал.— Аттарын айт, чынында ошондой экенин далилдеп бер,
ошондо гана менден белек аласың.
— Жок,— деп И Пын баш чайкады.— Мындайча иш жасоого болбойт. Мен өз
милдетимди башкача аткарам. Оболу мага акча төлөңүз — анан айтамын. Менин
сырларым — жакшы сырлар. Мен өз сырымды ар дайым далилдеп беремин. Сиз мага
беш жүз песо бересиз, Колондон Сан-Антониого, бул жерден Колонго чейинки жол
каражаттарын төлөйсүз, мына ошондон кийин ата-энесинин кимдигин айтамын.
Энрико Солано макул болуп, баш ийкеди. Ал эми эле Алесандрого акча алып
келүүнү буюрмакчы болуп турганда, капысынан кызматчы кыз бөлмөгө бороондой
атырылып кирди. Ал Энрико Соланонун маңдайына тез жүгүрүп келип, көздөрүнөн жаш
агызып, колдорун кысып бирдеме деп жатты, бирок ал кайгыдан эмес, кубанычтан улам
көз жашын төгүп жатканы анык эле.
Сеньорита!.. — деди ал акырын шыбырап, башын кыймылдатты да, колу менен
короону көрсөттү.— Сеньорита!
Ошондон кийин баары И Пынды жана анын сырын унутуп коюшту. Энрико уулдары
менен короого чыгып, бардык жагы чаңга бөлөнүп ушул минутада качырдан түшүп
жаткан Леонсия, ханыша жана эки Морганды көрүштү. Алар качырларды Гуалака
дарыясынын баш жагынан жалдаган болсо керек. Ушул учурда кызматчы кыз жардамга
чакырган эки индей семиз кытай менен анын карт жолдошун үйдөп чыгарып
жиберишти.
— Башка убакта келгиле,— дешти алар Азыр сеньор Солано зарыл иш менен алек.
— Албетте, башка убакта келемин.— И Пын акча колуна тиер кезинде соода
бузулганыпа капаланганын' билдирбөөгө аракеттенип, кичипейилдүүлүк менен ишеним
билдирди.
Бирок ал айласыздан кетүүгө аргасыз болду. Бул жерде анын пайдасы үчүн
керектүү мүмкүнчүлүктөр көп эле. Ал эмес ага абада да сыр толуп жаткандай туюлду.
Ал дарыя жээгине барып, суу иче албаган кишидей сезди өзүн. Эгер кызматчылар
мынчалык жан күйдүрүп айдап чыгышпаган да, И Пын кайсы бир бурчка жашырынып
алып, келген кишилерге жок дегенде бир сыйра көз кырын салган болор эле. Бирок ал
аргасыз баш ийип, кетүүгө мажбур болду; жарым жолго барганда кемпир ага дээрлик
асылып алганын сезип токтоду да, жолдошун кубаттандырыш үчүн оозуна шарап куйду.
Леонсия качырдан секирип түшүүгө үлгүрө элегинде, Энрико аны көтөрүп ала койду
— ал кызын бооруна басууга ушунчалык ашыгып жаткан эле. Бир нече минутага дейре
чуулдап саламдашкан үндөр угулуп турду: агалары Леонсияны тегеректеп алып,
кубаныч менен мээримдерин билдирип жатышты. Бир аз көңүлдөрү жайланышкандан
кийин, Френсистин башка аялды качырдан түшүшүнө жардамдашып, анын колунан
кармап, өздөрүнө кезек келшин күтүп турганын көрүштү.
— Бул менин аялым,— деп аларга бейтааныш аялды тааныштырды. — Мен
Кордильерге казына издеп барып, мына ушуну таап келдим. Менчелик жолу болгон
кишини көргөнсүздөрбү?
— Бирок бул да чоң казынасын курман кылды,— деп Леонсия чечкиндүү сөзгө
аралашты.
— Ал кичинекей королдукта королева эле,— деп Түшүндүрдү Френсис, Леонсияга
ыраазы болуу менен кубанычтуу көз таштап.
Кыз да түшүндүрүүгө шашылды:
— Бул баарыбыздын өмүрүбүздү сактап калды жапа кичинекей королевалыгын
курман кылды.
Леонсияны айкөлдүк сезим бийлеп, ханышанын белинен кучактап, аны Френсистен
ажыратып алып, асьендага баштап кетти.
ЖЫЙЫРМА ҮЧҮНЧҮ ГЛАВА
Жаңы Дүйнөнүн табитин эске алып, орто кылымдагы испандыктардын модасы
боюнча тигилген костюм — мындай костюмду Панаманын дөөлөттүү плантаторлору
азыр да кийип жүрүшөт кийип алган Торрес жээк бойлоп Соланонун үйүн көздөй
келатты, Анын жанында жер астындагы дарыядан бирге сүзүп чыккан чоң ак ит жортуп
баратты.
Керек болсо ит Торрестин эң күлүк атынан да озуп кетери бышык эле. Торрес
Соланолордун үйүнө баруучу жолго бурулары менен И Пынга кезигип калды. Кытайлык
кары жолдошуна бир аз дем берүү үчүн эки жолдун кесилген жерине токтогон болчу.
Бирок Торрес бул кызыктай жолоочуларга эч кандай көңүл бурган жок. Үстүндөгү өтө
келишимдүү костюму менен жүзүндөгү бой көтөрүп керкейүү аларга көңүл бурууга жол
берген жок, ошондуктан көңүл кош гана көз салып өттү.
Тескерисинче, И Пын кылыйган көздөрү менен ага абдан тигилип, кичинекей
нерсени да көз жаздымдан четте калтырган жок: «Бул өтө бай болсо керек. Ал
Соланолордун досу. Азыр алардын үйүнө кетип баратат. Мүмкүн ал сеньорита
Леонсиянын сүйгөн жигити, же ал чанып койгон ашык жигиттердин бири. Эмнеси болсо
да сеньоританын төрөлүү сырын сатып алуудан баш тартпайт. Ооба, ал көрүнүшүнөн
өтө бай, абдан дөөлөттүү»,— деп ойлоп койду.
Бул мезгилде үйдүн мейманканасында казына издөөгө катышкандардын бардыгы
жана Соланонун үй-бүлөсүнүн бардык өкүлдөрү чогулушкан эле. Ханыша алардын
башынан өткөргөндөрү жөнүндөгү аңгемеге өз үлүшүн кошкондугу үчүн көздөрү жанып,
Торрес анын кымбат баалуу таштарын кантип уурдаганын, иттен коркконунан
айлампага түшүп кеткенин сүрөттөп жаткан болчу. Генри менен терезе алдында турган
Леонсия капысынан кыйкырып жиберди.
— Шайтандын оз, качан жоктогон мезгилде даяр болот,—деди Генри.— Тигини
карагыла, сеньор Торрес өзү келе жатат.
— Оболу мен!— деп муштумун түйүп кыйкырды Френсис.
— Жок,— деди Леонсия.— Ал ашкере калпычы. Анын уялбай туруп калп сүйлөрүн
билебиз. Келгиле, бир аз шакаба -чегели. Мына, ал аттан түшүп жатат. Төртөөбүз
жашынып калалы. Сиздер болсо,— ал атасы менен агаларына карады,— мага аза
күтүп жаткандай кыязда болуп олтургула. Ал митаам азыр бул жерге кирет. Бизге эмне
болгонун андан билмекчи болосуз. Ал калпты үйүп таштайт. Биз болсо тетиги
көшөгөнүн артына жашынабыз... Кана, жүргүлө!
Ал ханышанын колунан кармап көшөгөнүн артына жетеледи, Френсис менен
Генриге артыбыздан жүргүлө деп белги берди.
Торрес бөлмөгө кирип, кайгылуу көрүнүшкө туш келди. Энрико менен анын балдары
азыр эле кайгыга батып олтурушкандыктан, өздөрүн капалуу көрсөтүү кыйын эмес болчу. Энрико мейманды көрүп, аны. менен саламдашуу үчүн ордунан турмакчы болду
да, ошол замат кайра алсызданып кулап түштү. Торрес эки колдоп анын колунан
кармап, жүзүндө анын кайгысына шериктештигин билгизип, кыйналуудан өзүн сүйлөөгө
алсыз кылып көрсөттү.
— Аттигин ай! — деди ал абдан капалуу үн менен. — Алар өлүштү. Сулуу кызыңыз
Леонсия да өлдү. Эки Морган. да. Алар майя тоосунун ичинде өлгөндүгүн сизге
Рикардо айтып бергендир. Ал жер кандайдыр сыйкырдуу жай,— деп сөзүн улады ал,
Энриконун бир аз эс алышын күтүп тургандан кийин.— Алар менен мен өлүм алдында
бирге болдум. Менин сөзүмдү угушканда, алар тирүү калышмак. Бирок Леонсия да эски
таанышынын кебине кирген жок! Ал мага караганда, эки Морганга кулак салууну
ылайык көрдү. Мен эчен коркунучтардан өтүп, үңкүрдөн чыктым. Төмөндөгү Адашкан
Жандардын Өрөөнүн көрдүм, кайтып келсем алар жандары менен алпурушуп жаткан
экен.
Ушул мөөнөттө бөлмөгө ак бөрүбасар кирип келди, анын артынан индей кызматчы
жүгүрүп келатты. Ит бир нерсени сезгендей кыңшылап, титиреп, өз ээсинин жытын
искеп, бөлмөнү кезе баштады. Бирок ит ханыша жашырынган көшөгөнүн жанына
барууга үлгүрө элегинде Торрес иттин жибинен кармап, кармай тургула ден эки индей
кызматчыга берди.
— Ит азырынча тура турсун,— деди Торрее.— Бул жөнүндө кийин айтып беремин.
Оболу мына буга карагыла.— Ал чөнтөгүнөн бир ууч кымбат баа таштарды алып
чыкты.— Мен өлүктөр жайына барып келдим, көргүлө: майя казынасы меники болду.
Эми мен Панамага гана эмес, эки Америкадагы эң бай адаммын. Мен күчтүү боломун.
— Кызым өлүм алдында жатканда сиз аны менен бирге болдуңуз го.— Энрико
ыйлап анын сөзүн бөлдү,— Кантип эле ал мага саз аркылуу эч нерсе айттырган жок?
— Ооба,— деп ыйлан жооп берди Торрес, өзү ойлоп чыккан Леонсиянын өлүмүн
сүрөттөөдөн толкунданып, сиздин атыңызды оозунан түшүрбөй көз жумду. Анын
акыркы сөздөрү...
Ушул жерге келгенде анын көздөрү алайып, сөзүн бүтүрбөй токтоп калды: анткени
Генри менен Леонсия эч нерсе болбогондой, жайбаракат сүйлөшүп бөлмөдөн өтүштү.
Алар Торрести көрбөгөндөй терезенин жанына келип токтошту.
— Сиз мага Леонсия өлөр алдында айткан...— деп эстетти Энрико.
— Мен... мен алдадым,— деди мукактанып Торрес, бул ыңгайсыз абалдан кантип
кутулуунун амалын ойлоп, убактты өткөрүү үчүн.— Алар баары бир өлүшөт, үңкүрдөн
эч качан чыга албайт деп ишенген элем, кызыңыз чын эле өлгөндө ал айткан сөздөрүн
айтып, сизди жооткотмокчу элем. Дагы, сизге жакшы көрүнүп калган Френсис... Ошол
грингонун кандай коркок адам экендигин билүүдөн көрө, аны өлгөн деп эсептегениңиз
оң болот го деп ойлогом.
Ит кубанычтуу үрүп көшөгө жакка умтулду, кызматчылар болсо итти араң кармап
турушту. А Торрес акыйкаттан кабарсыз сөзүн уланта берди:
— Адашкан Жандар Өроөнүндө сыягы ар түрдүү нерселердин жардамы менен
келечекти билебиз деген акылы жок, акмактар бар. Ал коркунучтуу канкор аял.
Жашырбайм, өзү абдан татына, чырайлуу. Бирок бул миң аяктын сулуулугу, миң аякты
жактырчулар гана аны жактырышы мүмкүн. Кандай окуялар болгонун мен эми
түшүндүм. Ал Генри менен Леонсияга өрөөндөн чыкчы жашыруун жолду көрсөткөн,
алар ошол жол аркылуу өрөөндөн чыгып келишкен, Френсис болсо аны менен калып,
күнөөгө батып жашоону өзүнө эп көргөн — өрөөндө нике кыя турган католик поп
болбогондон кийин алардын байланышы күнөөдөн башка эмне болмокчу. Жок, Френсис
ошол коркунучтуу аялды жакшы көрүп калган деп ойлобоңуз, эч качан андай эмес. Ал
аялдын байлыктарын жакшы көрүп калган. Көрдүңүзбү, гринго Френсис кандай адам
экен! Өз бооруңузга жыланды жылыткан экенсиз! Ал махабаттуу көз карашы менен
сулуу Леонсияга да акарат келтирди. Мен эмне айтып жатканымды жакшы билемин.
Мен өз көзүм менен көрдүм...
Иттин кубанычтуу үрүшү анын сөзүн уктурбай койду. Ошол замат Торрес ханыша
менен Френсисти көрдү: мурдагы жуп сыяктуу алар да көшөгөнүн артынан чыгып, бир
нерселер жөнүндө өз ара маектешип бөлмөдөн өтүштү. Ханыша токтоп итти эркелетти;
ит өтө чоң болгондуктан, ал алдыңкы буттарын ханышанын далысына койгондо, башы
ээсинин башынан жогору боло түштү. Торрес кургап калган эриндерин жалап, бул
аянычтуу абалдан кандай кутулууну ойлоп жатты.
Энрико Солано биринчи болуп күлүп жиберди, балдары ага кошулду; алар
ушунчалык катуу каткырышкандыктан, көздөрүнөн жаш чыгып кетти.
— Ага мен өзүм деле үйлөнсөм болот болду,— деди Торрес заардуу күлүмсүрөп,—
бул аял менин алдыма тизе бүгүп жалынган.
— Болду, жетишет,— деди Френсис.— Мен -баардыгыңыздарды жийиркеничтүү
иштеп куткарып, бул каргыш тийгирди эшиктен ары өзүм ыргытып жиберем.
Бирок Генри анын алдына тура калды.
— Мен да кээде жийиркеничтүү иштерди тез көздөп далдалоону жакшы көрөмүн,
бул ишти болсо жан-дилим менен аткарамын.
Эки Морган. Торрести ыргытып жибериш үчүн аракеттене баштаганда, Ханыша
аларды токтотуп калды.
— Оболу деди ал,— кемеринен чыгып турган канжарды мага берсин. Аны менден
уурдап алган.
— Айткандай,— деди Энрико, канжарды тартын алышкандан кийин,— сеньорита
ханыша, сизден уурдап алган кымбаттуу таштарды кайтарып бериши керек эмеспи?
Торрес күттүрүп олтурбай, бир ууч ташты чөнтөгүнөн чыгарып, стол үстүнө
таштады. Энрико ханышага карады, бирок ал эч нерсе дебестен катып тура берди —
ал дагы күтүп турган эле.
— Дагы! — деди Энрико.
Торрес стол үстүнө дагы үч иштетилбеген кооз ташты койду.
— Эмне, мени кадимки ууруну тинткендей типтип карайсыңарбы? — Шымынын
чөнтөктөрүн оодарып көрсөтүп жатым айтты Торрес, каар жана коркуу менен.
— Болуптур, эми мен ишке киришем,— деди Френсис.
— Шок, мен,—деди Генри.
— Мейли, кел, андан көрө экөөбүз тең,— деп Френсис макул болду.— Ушундай
кылсак узагыраак барып түшөт.
Алар экөөлөп Торрести жакасы менен бутунан кармап сыртка сүйрөп жөнөштү.
Торрестин кандай алыс ыргып барып түшөрүн көрүү үчүн баары терезени карай
жүгүрүштү; Энрико баарынан шамдагайлык кылды — ал терезенин тушуна бирикчи
болуп жетип келди. Кызыктуу тамашага канааттанып, бөлмөнүн ортосуна келишкенде
ханыша стол үстүндө чачылып жаткан кымбат таштарды кочушуна толтуруп Леонсияга
узатты.
— Френсис экөөбүздүн сиз менен Генринин нике тоюңарга кошкон кошумчабыз
деди.
И Пын кемпирди жээкте калтырып, жашыруун үйдүн алдына кайтып келди да,
бадалдардын арасына жашырынып, үй ичимде эмне болуп жатканын күзөтө баштады.
Бай кабальерону тепкичтен күч менен төмөнгө ыргытып жиберишкенин, ал кумга түшүп
сулап калганын көрүп, И Пын канааттанып кыткылыктап күлдү. Бирок ал өзү жашырын-
гав жерден чыгып, баардыгын көргөнүң сездирип коюш акмактык экенин жакшы
түшүнчү. Ошондуктан жогортодон төмөнгө чуркап, атчан Торрес ага жакындаганда
жээкке жетип калган эле.
Кытай сылыктык менен ага кайрылды, бирок ачуусу келген Торрес аны бетке камчы
менен урмакчы болуп кол көтөрдү. Анткени менен ИИ Пын өзүн жоготкон жок. "
— Сеньорита Леонсия... — деди ал тезинен, Торрестин колундагы камчы
көтөрүлгөн бойдон калды.— Мен чоң бир сырды билемин.— Торрес камчысын
түшүрбөй күтүп калды.— Сулуу сеньорита Леонсияга бөлөк бирөөнүн үйлөнүшүн
каалабасаңыз керек ээ?
Торрес колуп түшүрдү.
— Кана эмесе, сүйлө,— деп катуу буюрду ал,— Кандай сырды билесиң?
— Сеньорита Леонсияга башка кишинин үйлонүшүп каалабайсызбы?
— Ошондой деле болсун дейли. Эмне экен?
— Ойлоп көрүңүз, бир сыр бар, бул сыр белгилүү болсо, сеньорита Леонсияга бөлөк
киши үйлөнө албайт.
— Ал кандай сыр? Тезирээк сүйлө!
— Оболу мага алтын эсебинде алты жүз доллар төлөйсүз,— деди И Пын башын
чайкап,— анан сырды айтамын.
— Жарайт, төлеймүн,— деп бат эле макул болду Торрес, бирок өз сөзүн аткаруу
анын оюнда да жок эле... — Оболу эмне кептигин айт, эгер калп сүйлөбөсөң, буга чын
эле шпенсең акчаны төлөймүн. Мына, көрүп ал!
Ал ички чөнтөгүнөн акча толо намыянын чыгарып көрсөттү. И Пын кааларкааламаксан болуп, аны жээкте күтүп турган кемпирди көздөй ээрчитип жөнөдү.
— Бул кемпир эч качан калп сүйлөбөйт,— деди ал.— Ал ооруулу. Жакында көз
жумат. Ал коркуп жатат. Анткени Колондогу поп менен сүйлөшсө, ал сырды ачышың
керек, болбосо өлгөнүңдөн кийин түз эле тозокко түшөсүң деди. Кемпир жалган
сүйлөбөйт.
— Ал калп сүйлөбөйт деп коёлу. Ошондо мага эмнени айтышы мүмкүн?
Акысын төлөйсүзбү?
— Албетте. Алтын эсебинде алты жүз доллар.
— Анда эмесе кеп мындай. Ал Испанияда, Кадиксде төрөлгөн. Кемпир мыкты
кызматчы жана мыкты эмчек эне 1 эле. Акыры ал анын өлкөсүн кыдырып саякаттап
жүргөн англистин үй-бүлөсүнө жалданып ишке кирди. Ушул үй-бүлөдө узак жыл
жашады. Ал гана эмес алар менен Англияга да бирге кетти. Кийин — билесиз го:
испандар өтө кызуу кап болушат аларга мунун ачуусу келет. Ошол үй-бүлөдө бир
кичинекей кыз болгон. Ал кызды уурдап качат да, Панамага алып келет. Кул кичинекей
кызды сеньор Солано асырап алган. Себеби Соланонун уулдарынан бөлөк кызы болгон
эмес. Кемпир ага кыздын ата-тегин айтпайт. Кыз өтө атактуу, бай үй-бүлөдөн эле.
Аларды бүткүл Англия билишет. Алардын фамилиясы — Морган. Сиз бул фамилияны
уккансызбы? Колонго Сан-Антониодон адамдар барышкан эле, алар сеньор Соланонун
кызы Морган деген англичанга турмушка чыгып жатат дешти. Ошол гринго Морган
сеньорита Леонсиянын агасы.
— Эх-хе! — деп кыйкырды Торрес, өтө кубанычтуу табалап.— Эми мага алтын
эсебинде алты жүз доллар төлөңүз,— деди И Пын.
— Ушунчалык акмактыгың үчүн сага өтө ыраазымын,— деди Торрес аны
шылдыңдап.— Убакыт келгенде өз сырларыңды акылдуулук менен сатууну үйрөнүп
аласың. Сыр — бул туфли, же саат эмес. Айттыңбы — бүттү, желдин өзү. Көрдүңбү жел
жүрүп турат, бирок ал көрүнбөйт. Аны ким көргөн? Туфли, же саатты кайтарып бер деп
талап кылышың мүмкүн. Бирок сырды айтканыңдан кийин аны кайтарып бер деп талап
кыла албайсың.
Европада, Америкада ак сөөк аялдар балдарын төрөгөндөн кийин башка аялдарга (эмчек энеге)
эмиздирип бактырат.
— Биз элес жөнүндө сүйлөшүп жатабыз,— деди И Пын токтоолук менен,—
Чынында да элес жок болот. Мен сизге эч кандай сыр айтканым жок. Муну сиз
түшүңүздө көрдүңүз. Сиз бул жөнүндө сүйлөсөңүз, сизден ким айтты деп сурашат. Сиз
«И Пын» дейсиз. И Пын болсо өз кезегинде «жок» дейт. Мына ошондо баары сизди
«түшүңүздө көргөнсүз» дешет, сизди мазактап күлүшөт.
Бул логикалык ой жоруудан сүйлөшүп жаткан кишиси багынып баратканын сезип, И
Пын сырлуу унчукпай калды.
— Биз өз ара сүйлөштүк, бирок сөздөрүбүз шамал менен кошо учуп кетти,— деп
сөзүн улады ал, бир аздан кийин.— Сиз сөз элестин өзү деп абдан туура айттыңыз.
Мен болсо сыр сатып жатканда элес сатпаймын. Мен туфли сатамын, саат сатамын.
Ишеничтүү далилдер. Булардын салмагы оор. Эгер закондуу кылып кагазга жазса —
кагазды айрып жоготсо болот. Бирок фактылар кагаз эмес, аларды тиштеп тишиңизди
сындырып алышыңыз мүмкүн. Сөздөр таңкы тумандай тарап кетти. Менин колумда
болсо далилдер-фактылар калды. Ушул далил-фактылар үчүн мага алты жүз доллар
төлөйсүз, болбосо элестерге кулак салып үргөпүңүздү элдин баары шылдың кылып
күлүшөт.
И Пындыи далилдерине баш ийген Торрес.
— Болуптур,— деди.— далилдериңди көрсөт; бирөөнү кагаз сыяктуу жыртып,
башкаларын чайпап көрөйүнчү.
— Оболу алтын эсебинде алты жүз төлөңүз.
— Сен өз далилдериңди көрсөткөндөн кийин.
— Оболу алты жүз доллар төлөңүз, анан далил-фактылар сиздики болот;
кааласаңыз кагаздай жыртасыз, кааласаңыз тиштеп көрөсүз. Сиз төлөймүн деп убада
бергенсиз. Бирок убада — элес, шамал, мага болсо элес эмес, чыныгы акча керек.
Жыртып таштаса, же тиштеп көрсө боло турган чыныгы акча төлөңүз.
Акыры Торрес баш ийип, документтерге, эски каттар, балдар медальону жана бир
нече балдардын буюму үчүн алдын ала акча төлөшкө мажбур болду... Далилфактыларды көргөндөн кийин аларга көңүлү толду. Ошентип Торрес соодалашууга
ыраазы экендигине И Пынды ишендирди, ал эмес И Пынга дагы бир тапшырманы
аткаруу үчүн жүз доллар акча кошуп берди.
Бул мезгилде Генри менен Френсис өз бөлмөлөрүнө учкай салынган жуунуучу
жайда жаңы кийимдерин кийип устара менен сакал алышып ырдап жатышты:
Экөөбүзгө эч ким түтпөйт,
Кайтарабыз миңдин мизин!
Леонсия өзүнүн кооз жасалгаланган бөлмөсүндө эки чебер индей кыздын жардамы
менен ханышага жогорку маданияттуу аялдардын кийинип-жасануу сырларын үйрөтүп
жатты, бул болсо кайгылуу да, күлкүлүү да эле. Ханыша аял болгондуктан Леонсиянын
шкафындагы кооз кийимдер, ич кийим жана ар түрдүү аялдарга керектелүүчүлөрдү
көрүп, кубанычын жашыра албады. Экөө чүпүрөк менен алпурушкандарына өтө ыраазы
' эле, ал эми уз бычмачылар' болсо бир жерин сөгүп, бир жерин бүгүп, Леонсиянын бир
нече көйнөгүн ханышанын кыпча белине ылайыктап тигишти.
— Сизге корсеттин кажети жок,— деди Леонсия, ханышанын келишимдүү боюна көз
салып.— Сиздин келбетиңиз, ар бир жүз аялдын биринде гана болушу мүмкүн.
Ушунчалык ичке, бирок келишкен аялды биринчи жолу көрүшүм. Сиз... — Леонсия
унчукпай калды да, жасана турган стол үстүндөгү төөнөгүчтү алмак болуп артына
кайрылды, чындыгында ал толкунданганын басуу үчүн бурулган эле; өзүн.
токтотуп алгандан кийин гана сөзүн улады.— Сиз сулуу колуктусуз, Френсис сиз
менен сыймыктанышы керек.
Френсис жуунчу жайда ырын улантып, эми эле сакалын алып бүткөндө, эшик
чертилип, ырын токтотууга аргасыз болду; ал барып эшикти ачты да, Соланонун кичүү
балдарынын бири Ферпандону көрдү. Ал колунда телеграмма карман турган болчу.
Френсис телеграмманы алып окуду:
«Тез кайтыңыз. Кененирээк полномочие зарыл. Биржада баалар өзгөрүп жатат —
азыр да жогору даражада турган «Тэмпико петролеумдан» башка акцияларыбызга
катуу чабуул коюп жатышат. Качан келишиңизди телеграф аркылуу кабар кылыңыз.
Абал олуттуу. Сиз тезирээк келсеңиз, чыдап тура аламын деген үмүттөмүн. Тез жооп
беришиңизди күтөмүн.
Бэском».
Эки Морган мейманканага чыгып, Энрико менен анын балдары шараптын
бөтөлкөсүн ачып жатканын көрүштү.
— Кызымды кайтарып алууга үлгүрө элегимде,— деди Энрико,— аны кайра колдон
чыгарып жатамын. Бирок бул жолу, Генри, аны жоготконума анчалык капаланбайм. Той
эртеңкиге белгиленди. Канча тез болсо ошончо жакшы. Анткени жанагы каргыш тийген
Торрес Леонсиянын силер менен бирге тоого баргандыгын сыягы, бүт Сан-Антониого
жайгандыр.
Бирок Генри өз ыраазычылыгын билдирүүгө үлгүрө элегинде бөлмөгө Леонсия
менен ханыша кирип келишти. Энрико бокалын көтөрүп:
— Колуктунун ден соолугу үчүн...
Леонсия түшүнбөй, стол үстүнөн бокалды колуна алып, ханышага карады.
— Жок, жок,— деди Генри анын колунан бокалды алып, ханышага узатып жатып.
— Кеп мындай,— деди Энрико,— тост сөзү толук айтылбай туруп белгисиз каалоо
үчүн ичүүгө болбойт. Мен акырына чейин сүйлөйүн. Ошентип, колуктулардын ден
соолугу үчүн!
— Генри экөөңөр эртең никелешесиңер,—деп түшүндүрдү Алесандро Леонсияга.
Бул Леонсия үчүн капысынан күтүлбөгөн кабар болгонуна карабай, ал өзүн кармап,
жасалма куунактык менен Френсистин көзүнө карады.
— Дагы бир тост! — деди ал.— Күйөөлөрдүн саламаттыгы үчүн!
Френсиске ханыша менен никелешүүгө макул болуу жана сабыр тутуу оңой болгон
жок, ал эми Леонсиянын никелешерип угуп, беймарал тура албады. Өзүн кармап туруу
ага канчалык кыйын болуп жатканын Леонсия да сезди. Анын кыйналышы Леонсияга
тымызын кубаныч тартуулады. Френсистин бир нерсени шылтоолоп бөлмөдөн чыгып
кеткенин ал кубанычтуу сезим менен байкап турду.
Ага чейин Фрепсис телеграмманы баарына көрсөткөн эле. Тезинен жооп беришим
керек, бүткүл байлыгым тобокелде деген эле ал. Анан Фернандодон Сан-Антониодогу
өкүт радиостанциясына телеграмма алып барыш үчүн чабарман даярдоону сураган
болчу.
Леонсия узак күтүп олтурбай, Френсистин. артынан чыкты. Аны китепканадан тапты;
ал стол жанында алдына ак кагаз коюп, жапыз китеп текчесинде турган Леонсиянын
чоң сүрөтүн алып, ага кусалуу тигилип отурган. Бул көрүнүштүн үстүнөн чыккан
Леонсия өзүн кармап тура албай, көздөрүнөн эрксизден жаш чубуруп, жыгылчудай
теңселип кетти. Френсис ыкчам ордунан туруп, кыз жыгылып кетпес үчүн белинен
кучактап калды. Эмне болуп жатканына баамы жетпей турун, эриндери кыздын
кумарлуу эриндерине жабышып калды.
Леонсия капысынан Френсистин кучагынан бошонуп, ага таң калыштуу карады.
— Жетишет, Френсис, буга чек коюш керек! — деп кыйкырды ал.— Анын үстүнө сиз
менин тоюмда болбошуңуз керек. Эгер сиз калчу болсоңуз мен өзүм үчүн жооп бере
албайм. Бүгүн Сан-Антониодон Колонго кеме жөнөйт. Аялыңыз экөөңөр ушул кеме
менен жөнөп кетишиңер керек. Ал жерден кандайдыр мөмө компаниясынын кемеси
аркылуу Жаңы Орлеанга жетип аласыз, анан поездге олтуруп Нью-Йоркко жөнөйсүз.
Мен сизди сүйөмүн, муну билесиз.
— Бирок али биз ханыша экөөбүз никелеше элекпиз да! — деп күйүп-жанды
Френсис өзүн кармай албай.— Күн кудайынын алтарындагы ошол ырым-жырымды
никелешүү деп эсептөөгө болбойт да. Биз эрди-катын боло элекпиз — ырым-жырым
боюнча да, иш жүзүндө да. Ишенсеңиз, Леонсия. Дале болсо кеч эмес...
— Анткени менен Күн кудайынын алтары алдындагы ошол ырым-жырым азырга
чейин сиздерди кошуп турат,— кыз анын сөзүн токтоолук менен бөлдү.— Ныо-Йоркко,
эч болбосо... Колонго жеткиче ушул ырым-жырым * сиздерди бириктирип турсун.
— Ханыша биздин салт боюнча никелешүүнү каалабайт,— деди Френсис,— Анын
өз уругундагы баардык аялдар так ушундай никеден өтүшкөн экен, Күн кудайынын
алтары алдындагы ырым-жырым ыйык жана бекем деп эсептешет.
Леонсия далысын арсар куушурду, бирок анын өңүнөн туруктуу чечимге келгени
билинип турду.
— Сиз үйлөнгөнсүзбү же жокпу,— деди ал,— кандай болбосун, экөөңөр бүгүндөн
калбай кетишиңер керек. Андай болбосо мен жинди болуп кетишим мүмкүн. Сизге
эскертип коёюн: сиз ушул жерде болсоңуз мен өзүмдү кармай албайм. Сиздин көз
алдыңызда Генри менен никелеше албасымды, никеден кийин сизди кайра көрүүгө
кудретим жетпестигин сезип турамын. Сизден суранамын, өтүнөмүн, мени туура
түшүнүңүз! Мен чынында да Генрини сүйөмүн, бирок... бирок, сизди сүйгөндөй эмес.
Мен... бул жөнүндө сизге ачык айтуудан уялбайм — мен Генрини мисалы сиз
ханышаны сүйгөнүңүздөй жакшы көрөмүн, сизди болсо Генрини канчалык сүйүшүм
керек болгонундай, сиз ханышаны сүйүшүңүз керек экениндей жапа сиз мени
сүйгөнүңүздөй сүйөмүн.
Кыз анын колун кармап, көкүрөгүнө басты.
— Мына, акыркы жолу! Эми кетиңиз!
Бирок жигиттин колдору кызды кучактады, Леонсия анын өпкөнүнө жооп берди.
Бирок кыз ошол замат анын кучагынан бошонуп, эшикти карай атылды. Френсис анын
чечимине баш ийип, кыздын сүрөтүн алды.
— Эстелик үчүн ушул сүрөтүңүздү аламын,— деди жигит.
— Мындай кылбашыңыз керек,— деди Леонсия, анан коштошоордогу жарокер
жылмаюусу анын жүзүн албыртып жиберди.— Мейли, алсаңыз ала бериңизчи! — деп
кошумчалады да, артына кайрылып, көздөн кайым болду.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Үчөөнүн Жүрөгү - 19
  • Parts
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2042
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 02
    Total number of words is 4019
    Total number of unique words is 1984
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 03
    Total number of words is 4063
    Total number of unique words is 1956
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 04
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1937
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 05
    Total number of words is 4013
    Total number of unique words is 1969
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 06
    Total number of words is 3942
    Total number of unique words is 1992
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 07
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 1953
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 08
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 1964
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.7 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 09
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 1928
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 10
    Total number of words is 4016
    Total number of unique words is 1931
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 11
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 1949
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.4 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 12
    Total number of words is 4083
    Total number of unique words is 1827
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 13
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 1840
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 14
    Total number of words is 3982
    Total number of unique words is 1996
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    50.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 15
    Total number of words is 4044
    Total number of unique words is 1822
    32.2 of words are in the 2000 most common words
    44.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 16
    Total number of words is 4134
    Total number of unique words is 1877
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 17
    Total number of words is 4069
    Total number of unique words is 1870
    32.2 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 18
    Total number of words is 4033
    Total number of unique words is 1827
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 19
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 1999
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 20
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1985
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    52.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 21
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1991
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 22
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 1972
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 23
    Total number of words is 2004
    Total number of unique words is 1053
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.