Latin

Үчөөнүн Жүрөгү - 11

Total number of words is 4018
Total number of unique words is 1949
31.6 of words are in the 2000 most common words
44.4 of words are in the 5000 most common words
51.7 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Индейдин сөзүн берилип угуп жаткан Генри эч нерсе сезген жок, ал сырдуу түйүндөн
көз айырбай карап турган болчу.
— Сен эмне дейсиң, Френсис? — деп шыбырап сурады ал. — Бул абдан чоң
байлык! Аябаган көп!
— Мени Нью-Йоркто күтүп жатышат,— деди Френсис арсар болуп,— бир эки адам,
же огон күлкү эмес, иш күтүп жатат,— деп ал шашыла кошуп койду, Леонсиянын
унчукпай капалуу карап турганын көрүп. — Менин «Тэмпико петролеум» жана башка
биржа базары менен байланышта экендигимди унутпагыла; аларга канча миллион
кошконумду ойлоонун өзү коркунучтуу.
— Мына ушундай ит бул! —— деп кыйкырды Генри. — Майя казынасы адамдардын
оозунда жүргөн ушактан он эсе кем болгондо да сен, мен жана Энрико — ар
бирибиздин үлүшүбүз сенин азыркы баардык байлыгыңдан көп болот.
Френсис дагы эле арсар болуп турган эле, Энрико майя казынасы чын эле бар деп
ишендире баштады. Леонсия ушул учурдан пайдаланып, Френсистин кулагына
шыбырады:
— Ырас эле казына издөө сизди ушунчалык тез жадатып жибердиби?..
Френсис кызга суроолуу тигилип, анан анын колундагы жигити берген белекке
карап, акырын жооп берди.
— Мен сизди сүйсөм, сиз болсо Генрини сүйсөңүз, анан бул жерде кандай калышым
керек?
Ал өз сүйүүсүн биринчи жолу ачык айтты. Леонсия болсо жүрөгүнө кубаныч толуп—
ташканын сезди, анан бир убакыттын өзүндө эки кишини сүйгөн кыз өзүн ар-намыстуу
эсептей алабы деп ойлоп жүрөгүндөгү баякы шаттыктан намыс жогору келип, кызарып
кетти. Кыз өз дилин сынамакчы болгондой, Генриге карады эле жүрөгү «ооба» деп
жооп берди. Ал Генрини да Френсисти сүйгөндөй чын махабат менен сүйчү, алардын
окшош жактары кызга бирдей жеагымдуу келип, окшошпогон жактары аны ар түрдүү
тынчсыз ойлорго салар эле.
— Мен Бокас -дель-Торого барып, «Анжеликага» түшүп жөнөп кетсемби дейм,—
деди Френсис кыздын жигитине. — Сиздер Энрико менен казынаны издегиле, тапсаңар
тең бөлүп аласыңар.
Пеон бул сөздү угуп, атасы менен өз тилинде тез- тез сүйлөштү да, анан Генриге
кайрылды.
— Уктуңбу, анын эмне дегенин, Френсис,— деди Генри ыйык чалбырга карап. —
Биз менен бирге барбасаң болбойт. Абышка уулун куткарып калганың үчүн сени
ыраазы кылмакчы болуп жатат. Казынаны ал бизге эмес, сага берип жатат. Эгер сен
барбасаң биз үчүн бир да түйүндү окубайт.
Баары бир Френсистин чечимин өзгөртүүгө Леонсия гана жарады, ал жигитке
унчукпай ойлуу тигилип, көз карашы менен: «Суранам, мен үчүн макул деңиз!» — деп
тургансыды.
ОН ҮЧҮНЧҮ ГЛАВА
Бир жума өткөндөн кийин күндөрдүн биринде Сан- Антониодон Кордильер тоосуна
үч экспедиция жол тартты. Биринчи экспедиция качырларга минген Генри, Френсис,
пеон, анын кары атасы жана Солано плантациясынан алынган бир нече пеондон
түзүлгөн эле. Пеондордун ар бири азык-түлүк жана жарак-жабдыктар артылган
качырларды жетелеп баратышты. Кары Энрико Солано жаш кезиңде кайсы бир
революцияларга катышканда жараланган жери ачылып, жолго чыгарда сапардан баш
тартууга аргасыз болду.
Бул топ Сан-Антонионун негизги көчөсү менен келе жатып, дубалын Френсис
жардырып туткундар жаңы дубал тургузуп жаткан түрмөнүн жанынан өттү. Экспедиция
көчөдө жайбаракат келе жаткан Торреске кездешти; ал азыр эле Ригандан дагы бир
телеграмма алган болчу. Бир топ адамды ээрчитип кетип бараткан эки Морганды
көрүп, аларга таң калып карады.
— Каякка кетип баратасыздар, сеньорлор? — деп кыйкырды ал.
Баардыгы сүйлөшүп алгандай Френсис асманды, Генри жерди, пеон оң жакты, анын
атасы сол жакты көрсөттү. Бул урматсыздык Торрестин кыжырын кайнатты. Ал жаман
сөздөр менен кыйкырып коё берди, бирок анын мунусу баарынын күлкүсүн келтирди, ал
тургай качырларды жетелеп келаткан пеондор да күлүштү.
Торрес дагы бир окуянын күбөсү болду. Бир топтон кийин, баары уйкуга кеткен
маалда ал качыр минип бараткан Леонсия менен анын иниси Рикардону көрүп калды.
Алар да жүк артынган бир качырды жетелеп алыптыр.
Үчүнчү
экспедиция
Торрестин
экспедициясы
эле.
Анда
Леонсиянын
экспедициясында канча адам болсо так ошончо: Торрес менен, бул жерлерде киши
өлтүргүч деп аталган Хосе Манчено деген кишиден түзүлгөн эле. Торрес аны
кандайдыр жол менен Сан-Хуанда коркунучтуу өлүмдөн куткарып калган болчу.
Бирок Торрестин бул экспедицияга чыгуудагы максаты кеңири болчу. Так
Кордильер тоосунун түбүндө Кару деген таң калаарлык уруу жашачу. Бул уруу
Африкадан качкан негр-кулдар менен Чиркейлер Жээгинен, качып келип, отурукташып
калган дээрлик кулдар болгондуктан, алар өрөөндөн кыздарды уурдап келип аларга
жана өздөрүнө окшогон качкын кул аялдарга үйлөнүшчү. Индейлер жашай турган
жогору Кордильер менен өрөөндөгү Панама өкмөтүнүн ортосундагы бул жападанжалгыз колония көз каранды эместигин дээрлик сактап калган эле. Кийинчерээк бул
колонияга качкын испан туткундары келип кошулуп, алардын өңү-түсү менен уруусу
бүтүндөй курама болуп кетти. Кару эли айлана-чөйрөгө ушунчалык жаман атты болуп
калды; ошол убактагы өкмөт түрдүү саясий иштер менен алек болбогондо, бул
кесептердин уясын талкалоого армия жибермек. Хосе Манчено так ушул кесептер
уясында киши өлтүрүүнү өзүнө кесип кылып алган испан ата менен кесиптеш метис
энеден төрөлгөн эле. А Альварес Торрес Томас Ригандын Уолл-Стриттеги
мекемесинен келген буйругун аткаруу үчүн Хосе Манчено аны так ушул жерге ээрчитип
келаткан.
— Булар менен жолугуп ишибиз оңунан чыктыбы дейм, я,— деди Френсис Генриге
алдыда бара жаткан майя уруусунун эң соңку жрецин көрсөтүп.
— Ооба, бирок ал абдан карын калыптыр,— деди Генри Кебетесин карачы!
Алдыда бараткан чал ыйык жиптерди теспе сыяктуу санап, токтоосуз шыбырап
баратты.
— Абышка аны үбөлөп жибербес бекен,— деди Генри тынчы кетип. — Жиптерди
кайра— кайра тыткылай бербей, көрсөтмөнү бир жолу окуп, эсинде сактап калса болор
эле.
Алар чөп-чар жана бадалдардын арасынан жайык жерге чыгышты, сыягы кимдир
бирөөлөр бул жердеги дарактарды кесип, токойду суюлтууга аракет кылса керек. Күн
нурунан айланасын көгүлтүр асман курчап турган тээ ыраактагы Бланко Ровало
тоосунун кооздугу көзгө урунат. Кары индей качырын токтотуп, манжалары менен ыйык
жиптерди сыйпалады да, тоону көрсөтүп, испан тилин бузуп сүйлөй баштады:
— Теспе жипте: «Кудайдын Таманынын изи түшкөн жерде Чиа көздөрү күйгөнгө
чейин күтүп тур»,— деп айтылган.
— Ал ушундай деп өзү окуган жиптеги түйүндөрдү көрсөттү.
— Абышка, ошол из кана? — деп сурады Генри көптөн бери бут тие элек чөптөргө
көз жүгүртүл
Абышка эч нерсе дебестен качырды жылаң аяк согончогу менен жорголоткон
бойдон капталга тепкилеп, ачык жерден кесип өттү да, аркы өйүздөгү калың токойго
кирип кетти.
— Так эле из тапкан тайгандай кетип баратканын,— деди Френсис ага карап. —
Ушул абалда алар дагы жарым чакырымдай жол басышты; токой бүтүп, атчандар
боорлорун калың чөп каптаган тоого жетип келишти. Абышка тереңдиги үч фут келе
турган, өтө чоң тамдын формасына укмуштай окшогон чуңкурга келгиче качырын
теминип, токтобой жорголотуп бара берди. Чуңкурга он эки киши кадимкидей батмак.
— Кудайдын Таманынын изи,— деп салтанаттуу жарыялады да, абышка качырынан
түшүп, жерге чөгөлөп алып дуба окуй баштады. «Кудайдын Таман изи түшкөн жерде
Чиа көздөрү күйгөнгө чейин күтүп тур» — ыйык түйүндөр ушундай деп жатат.
— Эртең мененки тамакты иче турган жай экен! — деди Генри. — Ар түрдүү кызык
окуялар башталар алдында тамактанып алсак дурус болор эле.
— Эгер Чиа каршы болбосо,— деп күлдү Френсис.
Чиа каршы болгон жок, кантсе да кексе жрец өзүнүн түйүндөрүнүн арасынан эч
кандай каршылык таба албады.
Алар токойдун четине качырларын тушап, жакып жерде агып жаткан суудан алып
келишти. Анан Тамандын изинин ортосуна от жагышты. Ал эми кексе майя эч нерсе
көрбөгөн жана укпагандай, өзүнүн түйүндөрүн кайра-кайра терип, токтоосуз дуба окуп
жатты.
— Бул акылынан адашып калбаса эле болгону,— деди Френсис.
— Чучитанда экенибизде эле мага анын көздөрү алда кандай көрүнгөн болчу,—
деди Генри. — Азыр деле өзүң карап көрчү, көздөрү кандай экенин.
Англисче эч нерсе түшүнбөсө да, азыркы кеп атасы жөнүндө болуп жатканын сезген
пеон сөзгө аралашты.
— Майялардын кадимки ыйык жайларына кирүү күнөө жана коркунучтуу. Бул өлүмгө
алпарчу жол. Муну эч ким билбесе да, атам жакшы билет. Ал жерде көп адамдар өлүп
кеткен. Баардыгы капысынан жана коркунучтуу өлүмгө кабылган. Алардын арасында
майя жрецтери да болгон. Атамдын өз атасы да ушундай кырсыктан өлгөн. Ал да
өрөөндө жашоочу аялды жакшы көрүп калган. Ага болгон махабаты үчүн майялардын
сырын алтынга саткан: казына кайсы жерде экенин ыйык түйүндөрдөн окуп билип
алгандан кийин, өрөөндөгү кишилерди ээрчитип барган. Ал өлдү, аны менен
баргандардын баардыгы өлүп калышты. Атам карып калды, эми ал өрөөндөгү
аялдарды сүйбөйт. Жаш кезинде аларды аябай сүйчү, ал гана эмес күнөө да жасаган.
Сиздерди казынага алпаруу кооптуу экенин ал жакшы билет. Майялар казынаны
жашырышкандан бери бир нече кылым өткөн. Ушул мезгилдин ичинде көп адамдар
аны табууга аракеттенип көрүштү. Казына катылган жерге жеткендердин бири да
кайтып келген жок. Уккан имишке караганда, конкистадорлор менен англичан
Моргандын каракчылары казынага жеткен, бирок сөөктөрү сөпөт болуп, ошол жерде
калган.
— Атаң өлгөндөн кийии сен да майялардын башкы жреци болосуңбу? — деп
сурады Френсис.
— Жок, сеньор,— деп пеон башын чайкады. — Мен таза кандуу майя эмесмин.
Түйүндөргө карап окууну да билбеймин. Чыныгы майя болбогонум үчүн атам мага
окууну үйрөткөн эмес.
— Эгер ал азыр өлүп калса майялар арасында түйүндөрдүн сырын чече алчу киши
табылабы?
— Жок, сеньор. Менин атам — бул кадимки Жазууну окуй алчулардын эң акыркысы.
Леонсия менен Рикардо аларга жете келгендиктен сөздөрү токтоп калды. Алар
качырларын тушап, оттоп жүргөн башка качырларга кошуп, өздөрү чуңкурга жакындап
төмөн жакка чочулай карашты. Леонсияны көрүп, кубанганынан Генри менен
Френсистин жүзү жадырай түштү. Бирок аны экөө тең жемелүү кабыл алып, катуу
кейишти: алар Леонсияны Рикардо менен үйгө кайра кетишин талап кылышты.
— Кантсе да, тамак бербей туруп кетирип жибербестирсиздер! — деди кыз, анан
жооп күтпөй эле аялдарга тиешелүү амалкөйлүк менен сүйлөшүүнү ыңгайлуураак
шартта чын жүрөктөн улантуу үчүн чуңкурга жылбышып түштү.
Алардын бакылдаган сөздөрү картаң жрецти дуба окуудан адаштырды. Ал
Леонсияны жактырбагандай карады да, андан да катуураак нааразылык менен, майя
тилине испанча сөздөрдү аралаштырып тилдеп кирди.
— Ал, аялдар — каргаша деп жатат,— деп жрец бир азга токтоору менен уулу анын
сөздөрүн которуп берди. — Ал дагы айтат, аялдар үчүн эркектер чыр чыгарып, бычак
көтөрүп бирин-бири өлтүрүшөт экен. Кайсы жерде аял болсо — каргаша менен кудайын
каары да ошол жерде болот экен. Алар кудай жолунан тайып, адамды балекетке
жолуктурат дейт. Аялдар, кудай менен эркектин байыртадан берки душманы, ал ар
дайым кудай менен эркектердин ортосун тосуп турат. Аялдар ар дайым кудайдын
буйругун төмөндөтүп, эркектердин кудайга жакындашуусуна тоскоолдук кылат. Ошол
себептүү бул аял да кетсин деп жатат.
Френсис ичинде эзиле күлсө да, бул ачуулуу акыл айтууга көнүп ышкырып белги
берди, Генри болсо Леонсияны кайра кетирүүгө аракеттенип көрдү.
— Акылыңызга келиңиз, Леонсия! Мына, сулуулар жөнүмдө индейлер эмне деп
жатканын уктуңуз. Демек сиз бул жерден кетишиңиз керек. Сиздин ордуңуз
Калифорнияда. Ал жерде аялдардын добуш берүүгө укугу бар.
— Балакеттин баардыгы абышканын жаш кезинде башына ушунча бактысыздык
салган аялды азырга чейин унута албаганында,— деди Френсис, анан пеон жакка
бурулуп кошуп койду: — Атаңдан сурачы: анда кудай таманынын изинде аялдар
отурушу мүмкүн эместиги жазылбаптырбы?
Картайып калган жрец канчалык аракеттенгени менен экспедицияда аял кишинин
катышуусуна каршылык билдирген эч нерсе таба албады.
— Мээси айнып калган,— деп жеңиштүү күлдү Френсис,— башынан өткөргөндөрүн
уламыштарга аралаштырып жиберип жатат. Менимче баары жайында. Леонсия, сиз
биз менен калып, бирге тамактансаңыз болот. Кофе да даяр. Андан кийин...
Бирок кийинчерээк боло турган нерсе азыр болду. Алар жерге олтуруп,
тамактанууга киришкенде, Леонсияга куймак узатуу үчүн Френсис бир аз ордунан
көтөрүлгөн эле, ошол учурда башындагы шляпасын ок учуруп кетти.
— Ох— хо! — деди ал бат ордуна олтуруп. — Мына муну сыйлык десе болот!
Карачы, Генри, мени атууга батынган ким экен.
Ушул минутада кары индейден башкасынын бардыгы аңгектин четине барып,
сыртын карады. Алар төрт тараптан укмуштай кийинген кишилер сойлоп келатканын
көрүштү; өңдөрү менен денесинин түсүнө караганда, алар белгилүү бир расага
тиешелүү болбой, баардык расалардын курамасы сыяктуу эле. Алардын кебетекешпиринин түзүлүшү менен денелеринин түсүн жасоодо бүткүл адамзаттын үй- бүлөсү
катышкан сыяктуу.
— Чыныгы макулуктардын өзү! Төрөлгөнүмдөн бери буларга окшогондорду көргөн
эмесмин! — деп кыйкырды Френсис.
— Булар карулар,— коркуп кеткендиктен титиреп чыккан пеондун үнү араң угулду.
— Алар кандай шайтандар... — деп Френсис, өзүн тезинен колго алуунун аракетин
кылып. — Кечиресиздер мени, кудай акы айтчы деги, кару деген кандай адамдар?
— Алар азезилдин балдары,— деп жооп берди пеон. — Испандардан каардуу,
майялардай коркунучтуураак. Аларда эркек аял албайт, кыз эрге 'тийбейт. Алардын
жреци да жок. Азезилдин өзү, шайтандын балдары, же андан да жаманыраагы.
Мына ушул жерге келгенде кары жрец ордунан туруп: «Мына башыбызга түшкөн
балекеттин себепчиси» дегендей айыпты Леонсияга коймокчу болуп, ага сөөмөйүн
кезеди. Ошол замат анын ийнине ок тийип, теңселе түштү.
— Аны төмөн тарт!—деп Генри Френсиске кыйкырды. — Түйүндөр тилин андан
бөлөк эч ким билбейт. Чианын көзү, же ал жакта эмне болсо да, али күйө элек.
Френсис анын сөзүнө баш ийип, абышканын бутунан кармап тартты эле, ал сөөк
толо мешоктой төмөн кулады.
Генри ийниндеги мылтыкты алып ата баштады, ага 5К00П иретинде, ок мөндүрдөй
жаады. Бир минуттан кийин Рикардо, Френсис менен пеон Генриге кошулуп ок атышты.
Чал болсо түйүндөрдү кармалап, аңгектен жогору карай, тоонун аскалуу боорун көз
ирмебей карап турду.
— Токтогула,— деп кыйкырды Френсис, бирок анын үнү атышуунун арасында
угулган жок.
Ал жолдошторунун атуусун токтотуш үчүн ар биринин алдына сойлоп барууга
аргасыз болду. Ал ок-дарылар качырларда экенин, ошондуктан мылтыктагы окторду
этияттап сарптоо керектигин ар бирине жеке-жеке түшүндүрүп чыкты.
— Сак болгула, ок тийбесин,—деп Генри бардыгын эскертти. — Алардыкы эски
мылтык, огу тийчү болсо аяктын оозундай тешик ачып коёт.
Френсистин автомат-тапанчасындагы бир нече окту эсептебегенде, бир саат
өткөндөн кийин, акыркы ок атылып бүттү, ошондон кийин алар карулар баш аламан ок
атып жаткан болсо да, атышууну токтотушту. Атышуу эмнеликтен токтогонун Хосе
Манчено биринчи болуп байкады. Ал өзүнүн болжолу туура, же туура эмес экендигин
байкаш үчүн чуңкурдун жээгине сойлоп келди да, кырчоодогулардын огу калбады, эми
аларды жеңил эле колго түшүрүү мүмкүн деп, шериктерине белги берди.
— Силерди мыкты гана колго түшүрдүк да, сеньорлор,— деди ал өздөрүн коргоп
жаткандарды табалап. Анын сөзүн аңгекти ороп алган карулдардын каткырыгы
коштоду.
Бирок ушундан кийин окуя театрларда көшөгө ачыларда боло тургандай капысынан
өзгөрдү. Эмнегедир карулар артына кайрылып, коркунучтуу кыйкырышып, бириндеп
качып жөнөштү. Алар чакчелекей, дүрбөлөңгө түшүп качкандыктан көпчүлүгү
мылтыктары менен мачетелерин таштап кетишти.
— Баары бир сени өлтүрөмүн, сеньор Кузгун,— деп кыйкырды Френсис, Манченого
тапанчасын сунуп.
Ал машааны басмакчы болуп, анан ойлоно калды:
— Болгону үч ок калды,—деп кечирим сурагандай Генриге карады. — Бул өлкөдө үч
ок качан көбүрөөк зарыл болушун алдын ала билип болбойт: «Мен муну бүгүн сездим,
дапдаана»,— деп ырдады ал.
— Карагыла! — деп кыйкырды пеон, атасына алыстагы тоону көрсөтүп. — Алардын
эмне үчүн качышканы белгилүү. Майялардын ыйык жайы өлүм менен коркутуп
жатканын алар түшүнүшүптүр.
Кары жрец оозунан көбүк чыгарып, ыйык түйүндөрдү кармалап, алыскы тоого
карады. Тоонун боорунда болсо катар эки жарык нур күйүп турду.
— Мындай көрүнүштү эки күзгүнүн жардамы менен эле ким болсо жасашы
мүмкүн,— деди Генри шылдыңдуу.
Бул Чианын көздөрү, Чианын көздөрү,— деп кайталады пеон. — Атамдын эмне
дегенин сиздер уктуңуздар эле го. Ал түйүндөрдөн: «Кудайдын Таманынын изи түшкөн
жерде Чиа көздөрү күйгүчө күтүп тур» деген сөздөрдү окуган эле.
Чал ордунан туруп, өзгөчө бир үн менен кыйкырды.
— «Казынаны табуу үчүн, көздөрдү табуу керек».
— Абдан жакшы, карыя,— деди Генри аны тынчтандырып, анан кичинекей чөнтөк
компасы менен эки нурдун турган ордун белгилеп алды.
— Кызык, абышканын башында компас бар окшойт,— деди бир саат өткөндөн кийин
Генри, алды жакта качыр минип бараткан жрецти көрсөтүп. — Анын жолун компаска
карап белгилеп баратам, кээ бир табыгый тосмого туш келип, жолун өзгөрткөнү менен,
кийин кайра магнит стрелкасындай, өз жолуна түшүп алат.
Саякатчылар кудайдын Таман изинен чыгары менен эле нур көздөн кайым болду.
Кыязы, жер өйдө-ылдый болгондуктан ошол жайдан гана көрүнөт белем. Бул жер
чынында да түз эмес, суусу кургап калган жылгалардан кийин аскалар, токойдон
өткөндөн кийин кум дөбөлөр менен вулкан күлүнүн калдыгы бар таштак жерлерге кез
келиши мүмкүн.
Алар ат менен жүрүүгө болбой турган жерге келишти; айдоочуларды качырлар
менен бирге Рикардонун кароосуна калтырып, ага ушул жерге лагерь жаюуну
буюрушту. Калгандары бадалдар жыш өскөн тоонун тике боорунан бирин-бири тартып,
жерден чыгып турган тамырларга тырмышып, жогорулай башташты. Кары индей дагы
эле алдыда баратты, ал Леонсиянын бирге баратканын унутуп калган сыяктуу.
Алар дагы бир чакырымдай жүрүшкөндөн кийин, чал канысынан тык токтоду да, так
эле жылан чагып алгандай кетенчиктей түштү. Окуя мындай болгон болчу: Френсис
каткырып жиберген, аны шылдыңдагандай аскалардан жаңырыктуу үн кайталанды.
Майя уруусунун акыркы жреци шашыла манжалары менен түйүндөрдү кармалады,
анан түйүндүн бир жибин тандап алып, анын түйүндөрүн эки жолу сыйпалап көрдү да:
— «Кудайлар күлгөндө этият бол!» Түйүндөр ушинтип жатат,— деп түшүнүк берди
ал.
Генри менен Френсис бул Жаңырык экенине кары Жрецти ишендириш үчүн жарым
сааттай каткырып күлүштү, ар түрдүү үнгө салып кыйкырышты.
Жарым сааттан кийип жолоочулар кум дөбөлөргө жетишти. Аны көргөн чал дагы
кетенчиктей түштү. Кумду баскан ар бир кадамдан түрдүү үн чыккансып жатты.
Адамдар кадамдарын токтотсо, үндөр да тынат. Кадам койсо эле, кум кайрадан ырдай
баштайт.
— «Кудайлар күлгөндө этият бол!» — деп эскертти чал.
Ал кумга бармагы менен айлана сызды, сызып жатканда кумдар улуп-уңшуп
ыйлады, тизе бүгүп отурду эле, кум кыйкырып, сурнай тартып жиберди. Атасын туурап
пеон да кобурап жаткан айлананын ичине кирди, чал сөөмөйү менен кандайдыр бир
фигураларды, белгилерди сызып жатты, кум болсо кыжылдап кирди.
Бул окуядан аябай эси чыккан Леонсия Генри менен Френсистин колтугуна ыктады.
Ал эмес Френсиске да айран-таң калды.
— Жаңырык албетте күңүрт болот,— деди ал. — Бирок бул Жаңырыкка окшобой
турат. Эч нерсеге түшүнө албай жатам. "Чынын айтсам, бул менин нервиме таасир эте
баштады.
— Болбогон эле бир нерсе — деп Генри нааразылык билдирди да, буту менен
кумду козгой баштады; күрүлдөгөн үн угулду. — Бур ырдоочу кум. Мындай кумду Гавай
аралдарынын бири — Кауаиден жолуктурган элем, ишенип коюңуздар, туристтер үчүн
ал ажайып жай. Бирок бул жердеги кум тазараак, үнү күчтүүрөөк экен. Окумуштуулар
бул кубулушту далилдөө үчүн ондогон акылман теорияларды ойлошкон. Мындай
кубулуштар жер шарынын башка жайларында да кездешерин укканмын. Мындай кезде
колго кампасты алып кумду кесип өтүш керек. Бул кум улуганы менен биздин
бактыбызды тоспойт.
Бирок жрецти өзү сызган айлапанын ичинен чыгууга көндүртө алышпады; бардык
аракеттеринин натыйжасы бул болду; ал дуба окуудан токтоп, майя тилинде түшүнүп
болбой турган сөздөрдү айтып ачыктан ачык токулдап, аларга ачуулу кыйкыра
баштады.
— Ал айтат,— деп пеон атасынын сөзүн которду,— биз күнөө иш жасаптырбыз,
ошондуктан кум да ачууланып жатат. Ал эми баспайт. Чианын коркунучтуу мекенине
баруудан коркуп жатат. Мен да барбайм — анткени чоң атам ошол жерде өлгөн, муну
майялардын баардыгы билишет.
Атам ал жерде өлүүнү каалабайм деп жатат. Ал: «Өлүм али мага эрте»,— дейт.
— Албетте, бар болгону сексенге кирсе! — деп каткырып күлгөн Френсис ошол
замат кум дөбөчөлөргө урунуп, таркалып кеткен жаңырыктын сыйкырдуу күркүрөшүнөн
коркуп, өзү селт эте түштү.
— Өлүш үчүн али абдан жаш имиш! Сиз эмне дейсиз, Леонсия! Сизге да
өлүмүңүздү тилешке эртелик кылса керек ой?
— Кана, мен үчүн жооп бер,— деп тамашалап кыз бутун кумга бир аз тийгизгенсиди,
андан күрсүнүп зекигендей үн чыкты. — Такыр тескерисинче, аскалардын күлкүсү
менен кум дөбөчөлөрдүн бизге үргөнү үчүн гана жүрөгү жарылып өлө турган даражада
жаш эмесмин. Андан көрө алга басалы. Бая көргөн отторго аябай жакып калдык. Чал
сызыктын ичинде биз кайтып келгиче күтүп олтура берсин.
Кыз алардын колун коё берип, жол баштады. Генри менен Френсис кыздын артынан
басышты. Алар кадам шилтери менен эле дөбөлөр өкүрүп, ыраак— жакындагы кумдар
төмөнгө куюлуп, үн сала каткырышты. Алардын бактысына Френсис ичке бышык жип
алып алган экен.
Үчөө кумдун арасынан өтүп, жаңырыгы баягыдан да күчтүүрөөк жерге келишти.
Алардын кыйкырыгы алты жети, ал турсун сегиз жолу кайталанып турду.
— Эх, жин тийгир! — деп кыйкырды Генри,— Жергиликтүү эл мындай жерден
корккону бекеринен эмес тура.
— Эсиңиздеби, Марк Твенде жаңырыкты коллекциялаган адам сүрөттөлгөн? — деп
сурады Френсис.
— Биринчи жолу угуп олтурушум. Бирок майялар бул жерде жакшы эле коллекция
жыйнаган болор эле. Казынаны кайсы жерге жашырууну ойлоп тапканын караңыз! Бул
жайлар байыркы замандардан бери, ал испандар келе электе эле, ыйык деп
эсептелген болушу керек. Кадимки жрецтер кубулуштун мындай сырын билишкен
болсо да, карапайым адамдарга улуу сыр, табигый эң кубаттуу кубулуш деп
түшүндүргөн.
Алар бир аз убакыттан кийин тегиз, ачык жерге келишти. Үстүдө жаракалуу аска
таштар асылып турат; алар андан ары ээрчишпестен, жанаша басышты. Айланадагы
жер ушунчалык катуу — нымсыз жана таштак болгондуктан бир жерлерде дарактар
өсүп, чөп-чарлар көпкөк болуп турганын көз алдыңа элестетүү кыйын эле.
Толкунданган жана куунак Леонсия эркектердин көңүлүн иренжитүүнү каалабай экөөнүн
тең колун кармап алган. Алар беш кадамдай баса электе жер жарылып, Френсис менен
Генри бипбирдей тизесине чейин кумга батып кетти. Алардан кийин Леонсия да
кумга батып калды.
— Эх, жин тийгир! — деп кобурады Генри. — Бул жер чынында да жин- шайтандын
мекени экен!
Шыбырап айтылган бул сөздөрдү айланада курчап турган аскалар илип алып
шыбырап, токтоосуз кайталай берди.
Леонсия менен жолдоштору акыбалдары кыйындап калганын адегенде
капарларына алган жок. Кумдан чыгууга аракеттенип, белине чейин батып кеткенден
кийин гана эркектер кандай тузакка илинишкенин түшүнүштү. Леонсия болсо кызык
окуяга жолуккандай тынымсыз күлүп жатты.
— Эшилме кум!—деп коркунуч менен шыбырады Френсис.
— Эшилме кум! — деп дөбөлөр кандайдыр шумдуктуу жаңылыкты маскаралап
маалымдагандай, акырын өчүп бараткан шыбыш менен жооп кайтарды.
— Бул жерде эшилме кум ширеп калган аң бар,— биле койду Генри.
— Чал ырдоочу кумда калып жакшы кылган экен,— деди Френсис.
Үрөй учуруучу шыбыроо, кайра башталып, алыс жакка созула бир топко үн салып
турду.
Эми алар көкүрөгүнө чейин кумга кирип, акырындык менен андан да чуңкурураак
батып баратышты.
— Бул тозоктон кимдир бирөө тирүү чыгышы керек го! — деп кыйкырды Генри.
Жигиттер акылдашып отурушпай Леонсияны жогору көтөрө башташты, бирок
кыздын салмагы менен өздөрү төмөнүрөөк чөгө баштады. Леонсия алардын далысына
чыгып алгандан кийин, Френсис айткан сөздөрдү жаңырык эрмек кылгандай кайталады:
— Эми, Леонсия, сизди бул жерден ыргытып жиберебиз. «Алга» дээрибиз менен
секириңиз да, каткалаң жердин үстүнө жетүүгө аракеттениңиз — бирок кумга күч менен
тийбеңиз — абайлаңыз. Сиз ошол замат жыла баштаңыз. Ошентсеңиз абдан жакшы
болот, бирок токтобоңуз. Алга сойлой бериңиз. Эмнеси болсо да катуу жерге чыгып
алгычакты ордуңуздан турбаңыз. Кана, Генри, даярсыңбы?
Алар кыймылдаган сайын кумга чөгүп бара жаткандыгына карабай, кызды ыргытуу
үчүн ары-бери күүлөп туруп, Френсис «Алга» деп кыйкырып кыздын катуу топуракка
барып түшүшүн болжолдоп туруп ыргытып жиберишти.
Леонсия алардын көрсөтмөсүн так аткарып, аскага чейин сойлоп барды.
— Эми арканды мага ыргыткыла! — деп кыйкырды кыз аларга.
Бирок Френсис кумга ушунчалык батып кеткендиктен, түрмөктөн асынып алган
арканды алып бере тургандай абалда эмес эле. Бул ишти Генри аткарды. Ал аркандын
бир учун шамдагайлык менен Леонсияга ыргытты, бирок өзү да Френсис сыяктуу кумга
батып кетти.
Леонсия арканды алып өзүнө тартып, бир учун чоңдугу автомашинадай келген
ташка ороп койду, анан Генриге арканга тартылып чыгыңыз ден кыйкырды. Анткен
менен мындан эч кандай натыйжа чыккан жок: Генри кумга андан беш бетер батып
кетти; Генрини алкымына чейин кум жуткан кезде, Леонсия айлананы жаңыртып
капысынан кыйкырып жиберди:
— Токтогула! Тартпай тургула! Мен бир нерсе ойлоп таптым! Арканды мага
таштагыла! Өзүңөргө колтуктан байлаганга жеткидей калса болду.
Ал ушинтип арканды сүйрөп асканын үстүнө жөрмөлөп чыга баштады. Кырк футтай
бийиктиктеги асканын жаракасында бутактуу жапалак дарак өсүп турган, ошол жерге
барганда Леонсия токтоду. Ал аркаңды дарактан өткөрүп, учун жарга асылып турган
чоң оор ташка байлады.
— Азамат кыз! Туурабы, Генри? — деп кыйкырды Френсис.
Кыз эмне кыларын экөө дароо түшүнүштү: эмки кептин баары жардын жакасында
турган чоң ташты ордунан жылдырып, ылдый кулатып жиберүүдө болчу. Леонсия
ташты жайынан жылдыруу үчүн калтек табууга эң кымбат беш минутасын кетирди. Ал
шашпай, бар күчүн жумшап, ташты түртө баштады, кыз сүйгөн эки жигит болсо андан
да тереңирээк кумга батып баратышты. Акыры кыз ташты ылдый кулатууга жетишти.
Таш ылдый кулап баратып, арканды күч менен чойгондуктан, Генри чыдай албай
онтоп жиберди. Ал айласыз бошотуп жаткан кумдан акырын чыга баштады, жер бетине
чыккандан кийин абага серпилип, эшилме кумдан аша катуу жерге, так эле дарактын
түбүнө келип түштү. Таш болсо кулап келип, анын жанына токтоду.
Аркандын учун Френсиске таштаганда кум аны мойнуна чейин жутуп алган эле.
Катуу жерде турган Леонсия менен Генринин алдына чыгып алгандан кийин, өзү араң
кутулган кумга муштумун түйүп маскаралай баштады. Генри менен Леонсия ага
кошулду. Буларга жооп иретинде сансыз арбактар аларды мазактап, аба коркунучтуу
күбүр шыбырларга толуп кетти.
ОН ТӨРТҮНЧҮ ГЛАВА
— Кудайдын Таманынын изи бул эки жарыктан Миллион миль узактыкта болбосо
керек,— деди Генри, үчөө салаңдап турган тик асканын астына эс алууга токтошкондо.
— Эгер жарык узакта болгондо биз көрмөк эмеспиз: мына бул чоң аска аны тосуп
калмак. Бирок бул асканын үстүнө чыгып болбойт, ал эми айланып өтүш үчүн көп
убакыт керек. Ошондуктан, келгиле, эң оболу бул жерди текшерип көрөлү. Менин
оюмча, жарык ушул жакын арадан күйгөндөй болгон.
— А балким кимдир бирөөлөр күзгүнүн жардамы менен бизге чагылдыргандыр? —
деп ой жоруду Леонсия.
— Жок, бул табийгаттын бир кубулушу болсо керек,— деп жооп берди Френсис. —
Тиги үн кубулткан кумдан кийин табийгаттын кереметтерине ишене турган болуп
калдым.
Леонсия кокустан жогор жактагы аскага карады да, эмнегедир кыймылсыз катып
калды.
— Тигини карагыла! — деп кыйкырды кыз.
Генри менен Френсис баштарын көтөрүштү. Алар көргөн нерсе жарыктын өчүшү
эмес, тескерисинче бир калыпта үлбүлдөгөн шоола, күн сыяктуу көздү уялткан жарык
экен. Эркектер ошол замат аска түбүнө карай жылышты. Чөп-чардын жыштыгынан бул
жерге көп жылдардан бери адам буту тийбегени билинип турат. Алар оор дем алып,
кийинки кездерде таштардын кулашынын натыйжасында өсүмдүктөр жанчылып
жоголгон такыр жерге чыгышты.
Леонсия кол чаап жиберди. Эми нур булак баарына даана көрүндү. Асканын отуз
футчалык бийигинде, ар бири эки саржан келе турган, кандайдыр жаркыраган зат
менен капталган эки жарык жанып турду.
— Чианын көзү! — деп кыйкырды Леонсия.
Генри бир нерсени эстөөгө тырышып башын кашылады.
— Чамамда, бул көздөр эмнеден жасалганын тапкансыдым,— деди ал. — Мен аны
эч качан көргөн эмесмин, бирок кары кишилердин айткандарын укканмын. Бул
индейлердин майя уруусунун эзелки ыкмасы Френсис, бул кандай зат экендигин айтып
бере албасам, казынаны бөлгөндө тийчү үлүшүмдү он центтик чака тыйынга алмашам.
— Шартыңды кабыл кылдым! — деп жооп берди Френсис. — Талаш көбөйтүү
таблицасы жөнүндө барганда да мындай шарт менен мелдешүүдөн баш тартуу —
акмактык болор. Мындан миллиондогон акчаны утууга болот, а менин мелдешим
болгону он цент гана! Мындай мелдешүү менен мен эки жерде эки беш болот деп
талашышым мүмкүн, анткени бир кереметин таап, эки жерде эки беш болорун
далилдеп беремин! Кана, айтчы, бул эмне? Мелдештик?
— Устрица,— деп күлдү Генри. — Устрицанын кабыгы. Мен седептей жалтырак
кабыктарды айтып жатам. Бул мозаика сыяктуу чеберчилик менен орнотулган седеп,
күн нурун толук чагылта алат. Эгер буга ишенбесең, өз көзүң менен көр.
Көзгө окшогон эки жарыктын ортосунун бир аз төмөнүрөөгүндө аябагандай чоң
мурунга окшош үч бурчтук сороюп көрүнүп турат. Ал асканын бетине өзүнчө бир
жарашык берип турду. Таш тегиз эмес эле, анын үстүнө Френсис мышык сыяктуу
шамдагайлык менен аска түбүнөн үч бурчтукка чейинки он фут аралыкты тез эле басып
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Үчөөнүн Жүрөгү - 12
  • Parts
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2042
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 02
    Total number of words is 4019
    Total number of unique words is 1984
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 03
    Total number of words is 4063
    Total number of unique words is 1956
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 04
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1937
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 05
    Total number of words is 4013
    Total number of unique words is 1969
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 06
    Total number of words is 3942
    Total number of unique words is 1992
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 07
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 1953
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 08
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 1964
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.7 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 09
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 1928
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 10
    Total number of words is 4016
    Total number of unique words is 1931
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 11
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 1949
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.4 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 12
    Total number of words is 4083
    Total number of unique words is 1827
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 13
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 1840
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 14
    Total number of words is 3982
    Total number of unique words is 1996
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    50.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 15
    Total number of words is 4044
    Total number of unique words is 1822
    32.2 of words are in the 2000 most common words
    44.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 16
    Total number of words is 4134
    Total number of unique words is 1877
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 17
    Total number of words is 4069
    Total number of unique words is 1870
    32.2 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 18
    Total number of words is 4033
    Total number of unique words is 1827
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 19
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 1999
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 20
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1985
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    52.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 21
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1991
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 22
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 1972
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 23
    Total number of words is 2004
    Total number of unique words is 1053
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.