Latin

Үчөөнүн Жүрөгү - 04

Total number of words is 3967
Total number of unique words is 1937
30.8 of words are in the 2000 most common words
43.8 of words are in the 5000 most common words
50.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
— Мага өзүңүз уулуу жылан дебедиңизби?— Нараазылана сүйлөдү Френсис.
Кыз эки жолу менен бетин басты, ал уялып кеткенин жашыра албай калды: кыз
кулактарына чейин кызарып кетти. Эгер бул катуу уулуу болбогондо, Френсис кыздын
күлүп жатканынан шектенмек эмес. Ошондон кийин гана өзү алган милдет— :
Леонсиянын колуна бөлөк эркектин шакегин салуу канчалык кыйын экенин түшүндү.
Бирок ал кыздын сулуулугуна азгырылбоону чечти.
Эми лабаррини уулуу жыландан айырмалай албаганым үчүн туугандарыңыз мени
калбыр кылып таштаса керек — деди ал капалуу. — Бул милдетти аткаруу үчүн эгин
талаасындагы жумушчулардын бирөө-жарымын чакырып жүрбөңүз. Балким мени өз
колуңуз менен атып таштоону кааларсыз?
Кыз анын сөзүн уккан жок көрүнөт: ал ордунан жеңил гана чапчаң туруп, бар күчү
менен кумдуу жерди тепкилей баштады.
— Бутум уюп калды,— деди ал күлүп, эми жигиттен көзүн ала качпай.
— Сиз өтө адепсиз иш кылып жатасыз,— деди Френсис кыздын ачуусун келтириш
үчүн. — Сиз сөзсүз мени агаңызды өлтүргөн адам деп ойлойсуз.
Леонсиянын жүзүнөн күлкү качып, кумсара түштү. Кыз жооп берген жок, эңкейин,
ачуусунан титиреп турган колдору менен бутун күйгүзүп бараткан немеден бетер
жоолукту чечүүгө умтулду.
— Келиңиз, мен жардамдашып коёюн,— деп кичи пейилдик менен сунуш кылды
Френсис.
— Сиз жырткычсыз!— деп кыйкырды кыз ачуулу. — Ары туруңуз. Мага көлөкөңүз
тийип жатат.
Эми абдан сулуу, татынакай болуп калдыңыз,— деп Френсис мыскылын уланта
берди, ошону менен бирге кызды аз жерден бооруна кысып жибербей, өзүн араң
кармап турду. — Жээкте биринчи жолу көргөндө кандай болсоңуз, азыр да так
ошондойсуз: ошондо бирде мени эмнеге өппөйсүң деп зекисеңиз, анан кайра өзүңүз
мени өпкүлөй баштагансыз — ооба, ооба, өпкөнсүз. Ошол эле мөөнөттө күмүш
оюнчугуңузду кезеп, мени тиги дүйнөгө жөнөтмөкчү болгонсуз. Жок, сиз ошондон бери
кылдап да өзгөрбөпсүз. Сиз дагы эле Леонсия деп аталган вулкандын өзүсүз. Келиңиз,
андан көрө жоолукту мен чечип коёюн. Бекем байланганын көрбөй турасызбы?
Жоолукту бул татынакай колдоруңуз менен эч качан чече албайсыз.
Леонсия унчукпай жер тепкиледи.
— Менин жолум болгон экен: киринүүгө барганда тапанчаңызды алып жүрбөйт
экенсиз,— деп Френсис анын жинине тийүүнү уланта берди,— болбосо сизге карата
жакшылыктан башка мамилени билбеген жигиттин сөөгүн ушул жерге көмүүгө туура
келет эле.
Ар жактан индей бала Леонсиянын халатын алып келди, кыз шашылып халатын
кийди, анан баланын жардамы менен кайрадан жоолукту чечүүгө умтулду. Акыры
жоолук чечилди, кыз аны уулуу жыландан бетер алыс ыргытып жиберди:
— фу, кандай жийиркеничтүү нерсе!—деп кыйкырды ал, Френсисти ызалоо үчүн.
Френсис дагы эле анын сулуулугуна азгырылып кетпес үчүн өзү менен өзү алышып,
акырын башын чайкады.
Бул сөздөрүңүз сизге эч кандай жардам бере албайт Леонсия,— деди ал. — Сизге
тамга басып койдум, ал эч качан кетпейт,— деп Френсис кыздын тизесинин үстүндөгү
бычак менен тилинген жерди көрсөтүп, күлүп жиберди.
Жырткычтын тамгасы,— деди кыз тескери карап кетмекчи болуп, анан жигитке
бурулду. — Мистер Генри Морган, сизди эскертип коёюн, экинчи жолу мага жолугуучу
болбоңуз.
Френсис бир кадам алга басып, анын жолун тороду.
— Мисс Солано, эми иш жөнүндө сүйлөшүп алалы,— деди ал олуттуу үн менен. —
Сиз да мени угуп туруңуз. Көзүңүздү каалашыңызча акыраңдата бериңиз, бирок
өтүнөмүн, сөзүмдү бөлбөңүз. — Ал эңкейип жерден өзү жазып бүтө элек катты алды. —
Сиз кыйкырып жибергениңизде ушул катты баладан берип жибермекчи болуп турган
элем. Алып, окуп көрүңүз. Сизди чагып албайт. Ал уулуу жылан эмес.
Леонсия катты колуна алуудан катуу баш тартса да, көзү ыктыярсыз биринчи
саптарга түштү.
«Мен ошол сиз Генри Морган деп ойлогон кишимин...»
Кыз аңгемелешип жаткан кишиге карады. Анын коркунуч бийлеп алган көздөрүндө
көп нерселерге түшүнбөй жатканы сезилип турса да, андан да көп нерселерге акылы
жеткени билинип турду.
— Чын сөзүм,— деп олуттуу сүйлөдү Френсис.
— Сиз... сиз... Генри эмессизби?— Буйдалып сурады кыз.
— Жок, мен Генри эмесмин. Мүмкүн катты алып окуп чыгарсыз.
Кыз баш ийип, катты окуй баштады, Френсис болсо кыздын тропиканын күнү
тотуктурган жүзүнө тигилди. Тропиканын ысыгы адамдын денесин гана ысытпастан,
канын да ысытып жиберет, а мүмкүн Леонсиянын жүзүнө алтын сымак түс берген да
ошол кандын ысыгыдыр.
Френсис уйкудан жаңы ойгонгон кишиден бетер, окусунан кыздын элеңдеген,
өтүнүчтүү жалжылдай караган кой көздөрү менен өзүнө тигилип турганын байкай койду.
— Бул каттын астында кимдин колу болушу керек эле?— деп Леонсия андан экинчи
ирет сурады.
Жигит өзүнө келип, баш ийип жүгүндү.
—Ысмыңызчы? Сиздин ысмыңыз ким?
— Морган, Френсис Морган. Катта жазганымдай, биз Генри менен алыс тууган же
үч- төрт ата өтүшкөн тууган болушубуз керек.
Френсисти таң калтырып, кыздын көзүндө ишенбегендик пайда болду жана
кайрадан ачуусу келгени байкалды.
— Генри,— деди кыз жемелүү,— бул алдамчылык, митайымчылык! Сиз мени келеке
кылып жатасыз. Албетте сиз Генрисиз.
— Френсис мурутун көрсөттү.
— Сиз ошондон кийин мурут койгонго үлгүргөнсүз,деп бош келген жок кыз.
Ошондон кийин Френсис жеңин түрүп, билегин көргөздү. Бирок муну менен эмнени
далилдемекчи болуп жатканын түшүнбөгөн кыз, Френсисти таңданып карап тура берди.
— Колдогу такты эстей аласызбы?— деп жигит кыздан сурады.
Кыз ооба дегендей башын ийкеди.
— Андай болсо таап көрүңүзчү.
Кыз башын ийип жигиттин билегине көз салды да, акырын баш чайкады.
— Мен...— деди ал мукактанып,— мени кечиришиңизди суранам. Бул кечирилгис
ката. Сизге мен өтө жаман мамиле жасадым...
— Сиз мени эң сонун өптүңүз,— деди жигит жаш балдардай шоктугу кармап.
Бирок кыз бир аз мурда эмнелер болгону оюна түшүп, тизесин карады да, жигитке
ал жакшынакай күлкүсүн араң жашыргандай сыяктанды.
— Генринин алдынан тапшырма менен келдим дедиңизби?— деп сурады кыз,
капысынан сөздүн мазмунун башка жакка буруп. — Кандай дедиңиз? Ал күнөөлү
эмеспи?.. Ушул чынбы? Ох, мен сиздин ушул сөздөрүңүздүн чың болушуп каалар элем!
— Агаңызды өлтүрүүдө мен канчалык күнөөлүү болсом, Генринин да ошончолук
күнөөлүү экенине толук ишенем.
— Андай болсо башка эч нерсе сүйлөбөй туруңуз, жок дегенде азырынча сүйлөбөй
туруңуз,— деди кыз кубанычтуу анын сөзүн бөлүп. — Кээ бир сөздөрүңүз менен
кылыктарыңызды өзүңүз деле тана албастырсыз, эң оболу сизден кечирим сурап
коёюн, ошентсе да сиздин мени өбүүгө акыңыз жок эле.
— Эгерде эсиңизден чыгып калбаган болсо,— деп каршы сүйлөдү Френсис,— сиз
мага тапанча октоп өбүүгө аргасыз кылгансыз. Балким ошондо сизди өппөй койсом,
мени атып ташташыңыз мүмкүн эле.
— Ох, токтотуңуз, суранам, токтотуңуз!—деп безеленип жиберди кыз. — Эми мени
менен үйгө жүрүңүз, жолдо мага Генри жөнүндө сүйлөп бересиз.
Кыздын көз кыры капысынан баякы өзү жек көрүп ыргытып жиберген кол жоолукка
түштү. Чуркап барып аны жерден алды.
— Байкуш жоолук, сени капалантып коюшту ээ,— деди ал үйрүлө.—Сенден да
кечирим сурайм. Сени өзүм жууп...— ал Френсисти карады,— сэр, сизге таптаза кылып,
жүрөгүмдөн чыккан алкышка чайкап кайырып берем...
— Жырткычкабы?— деп сурады Френсис.
— Мени кечириңиз, өтүнөм,— деди кыз ыңгайсызданып.
— Эми сизге көлөкөм түшүп турушуна уруксат бересизби?
— Ооба, албетте?—деди кыз кубанычтуу. —Мына көрдүңүзбү: мен сиздин
көлөкөңүзгө өттүм. Жүрүңүз эми.
Аларды көрүп кубанып кеткен индей балага Френсис бир песо берип, Леонсиянын
артынан көңүлү көтөрүңкү басып кетти. Канжыга жол калың тропикалык чөп—
чарларды аралап өтүп, аппак асьендага алып барат экен.
Альварес Торрес Солано асьендасынын кенен терассасында олтурган. Ал коюу
бадалдардын арасындагы ийри— буйру аллеядан үйгө жакындап келаткан жаштарды
көрдү. Анын көргөндөрү тишин кычыратууга жана жаңылыш жыйынтык чыгарууга
мажбур кылды. Ал өзүнчө тилденип, жини келгендиктен колундагы сигаретасынын өчүп
калганын да туйган жок.
Торрес айланасындагы болуп жаткан кыймылды унутуп коюп, ынтымактуу маек
куруп келаткан эки жашты көрдү. Френсистин бир нерсени далилдемекчи болуп колун
жаңсап сүйлөп келатканын, жанындагысынын суранычынан жибип кеткен Леонсиянын
токтоп калганын да көрдү. Френсис чөнтөгүнөн шакек чыгарганын, Леонсия болсо
тескери карап туруп сол колун узатканын жана манжасына, так эле нике шакеги тагыла
турган манжасына, шакек тагууга уруксат бергенин көрүп туруп, Торрес өз көзүнө өзү
ишене албады.
Чындыгында — Френсис Генринин белегин Леонсиянын манжасына тагып койду.
Леонсия эмнелигин өзү да түшүнбөй, бул белекти анча каалабай алды.
Торрес өчүп калган сигаретасын, ушинтсе эле кандайдыр жеңилдене түшчүдөй,
ачуулуу ыргытып жиберди. Анан мурутун чыйратып, террассага чыгып келаткан
жаштарды утурлай басты. Ачуусунан жүзү кызарып, кыздын айткан саламына да алик
албай, Френсиско асыла кетти.
— Киши өлтүргүчтөн, албетте, өз кылмышынан уялышын күтүү кыйын, бирок ал
жок дегенде адептүүлүктү сактаса түзүк болор эле!
Френсис мыскылдуу күлдү.
— Мына, дагы башталды,— деди. — Бул шайтандар өлкөсүнүн дагы бир акмагы.
Леонсия акыркы жолу мен бул жентльменди Нью-Йоркто көргөн элем. Анда мени менен
бир ишке катышууга даярдыгын билдирген болчу. Эми аны бул жерде жолуктуруп
олтурам жана мага биринчи жолу айткан сөзү — мен эң пас, жаман, уятсыз, киши
өлтүргүч имишмин.
Сеньор Торрес, сиз кечирим сурашыңыз керек,— деп сөзгө аралашты ачуусу келген
кыз. — Соланолордун үйүндө конокко тил тийгизүү адат боло элек.
— Андай болсо, Соланолордукуна келген авантюристтер, алардын үй-бүлөсүндөгү
кишилерди өлтүрө берсе болот экен да,— деди ал кыздын сөзүнө жооп иретинде. —
Албетте, меймандостук үчүн чалууга болбой турган курмандык жок дечи.
— Өзүңүздү колго алыңыз, сеньор Торрес,— деп кичи пейилдик менен кеңеш берди
Френсис. — Сиз аша чаап баратасыз. Кемчилигиңиз эмнеде болуп жатканын далилдеп
беремин. Сиз мени Генри Морган деп ойлоп жатасыз. Мен болсо Френсис Морганмын,
сиз менен жакында эле Нью-Йорктогу Ригандын кабинетинде жолугушканбыз. Мына
сизге менин колум, келиңиз көрүшөлү. Азыр болгон ыңгайсыз шартка сизден башкача
кечирим суроону талап кылбайм.
Жаңылыштык кетиргенинен эң оболу өзүн жоготуп койгон Торрес Френсистин колун
кысып, аны менен Леонсиядан эбилип— жабылып кечирим сурады.
— Эми,— деди кыз жадырай күлүп, кызматчы аялды чакыруу үчүн алаканын чапты.
— Мистер Морганга жай көрсөтүп, өзүм кийимимди алмаштырып алышым керек.
Ошондон кийин, сеньор Торрес, эгер ырайым этсеңиз, сизге Генри тууралуу сүйлөп
беребиз.
Леонсия өзүнүн бөлмөсүнө кирип кетти. Френсис татынакай жаш метис кызматчы
кыздын артынан өзү үчүн арналган бөлмөгө жөнөдү. Торрес болсо бул убакыттын
ичинде бир аз өзүнө келди, бирок ага карабай анын таңдануусу менен ачуусуна чек жок
эле. Ошентип, Леонсия бул келгинди, таптакыр бейтааныш кишини күйөөсү сыяктуу
колуна шакек салдырып коюшуна уруксат бериптир да. Торрестин мээси тез жана катуу
иштей баштады. Ал кыялында жүрөгүнүн жалгыз ээси деп жүргөн Леонсия, бир
заматтын ичинде минтип кайдагы бир бөлөк жерден келген неме менен, Нью-Йорктук
гринго менен шакек салышып олтурса! Ишенбейт! Мүмкүн эмес!
Ал алаканын чаап, Сан-Антониодон жалдаган экипажды келтирүүнү буюрду!
Френсис Морган чалдын казынасы кайсы жерде экенин тактап сүйлөшүү үчүн Торрес
турган жерге бет алганда, анын экипажы дарбазадан чыгып бараткан эле.
Эртең мененки тамактан кийин Френсис шамалдын жүрүшү өзгөрүп, жел жээктен
деңизге карап сого баштаганын туйду. Демек Чирикви көлүн кесип өтүп, жээк бойлоп
Бука жана Музоо аралдарына тез жетип алууга болот. Генри берген шакек Леонсиянын
колун кайрадан кооздоп тургандыгы жөнүндөгү кабарды ага тезирээк жеткирүү
максатында, кыздын бүгүн жатып калып, Энрико Солано жана анын балдары менен
таанышуу жөнүндөгү сунушун кабыл кыла албады. Френсистин тез жөнөп калышына
дагы бир себеп бар эле: ал Леонсия менен көпкө чейин бирге тура албайт болчу. Кыз
менен бирге туруу ал үчүн көңүлсүз болгондуктан эмес, тескерисинче: кыз аны өзүнө
тартып, эркин ушунчалык бийлеп алган эле; азыр Бука аралында казына издеп жүргөн
таар шымчан адамга берген сөзүнүн өтөсүнө чыгыш үчүн кыздын өзүнө тарткан
сулуулугунун алдында өзүн кыйнап көп турбай тезирээк жөнөшү керек.
Ошентип Френсис Леонсиянын Генриге жазган катын чөнтөгүнө салып, жолго түштү.
Коштошуу узакка созулган жок. Леонсия кантип оор үшкүрүп жибергенин да сезбей
калды, жигит аны калтырып, аллея менен жөнөп кетти. Кыз анын карааны көрүнбөй
калгыча артынан карап турду. Анан манжасында жаркырап турган шакекти белгисиз
бир чочулоо менен карады.
Френсис жээкке жетип, якорь таштап турган «Апжеликага» кайык жиберүү жөнүндө
белги берди. Бирок матростор кайыкты сууга түшүрүүгө үлгүрө элегинде токойдон
тапанча тагынган, мылтыктарын туура өңөрүп алып, Френсисти көздөя чаап келаткан
алты атчан көрүндү. Экөө алдыда келе жатты. Алардын бири Торрес экенин Френсис
жазбай тааныды. Калган төртөөнүн кебетесинен каракчылыктын белгиси даана
байкалып турду. Баары мылтыктарын алып Френсисти мээлеп калышты. Эми
Френсистин колуңду көтөр деп кыйкырган бейтааныш башчыга баш ийүүдөн бөлөк
аргасы калбады.
— Капырай,— деди Френсис,— жакында эле, же бул мындан миллион жыл
мурдабы?— бир доллардан коюп бирдж ойногонду эң жакшы көңүл ачуу деп
эсептечүмүн. Азыр болсо капысынан, мырзалар, сиздер келип мылтык кезеп
турасыздар. Балким эмне экенин мага да түшүндүрөсүздөр? Бул жээктен дайым эле
мылтык үндөрүнүн астында жөнөймүнбү? Сиздерге эмне керек: менин кулагымбы, же
мурутумдун өзү эле жетеби?
— Бизге сен өзүң керексиң,— деп жооп берди бейтааныш башчы, анын муруту
типтик болуп, ойноктогон капкара көздөрү каардуу жалтырады.
— Адам Ата, Умай Эне жана бардык татынакай макулуктардын урматы үчүн
айтыңыздарчы, сиздер кимсиздер өзү?
— Бул урматтуу сеньор Мариано Верхара-и-Ихос, Сан-Антонио полициянын
башчысы, кыскасы — шеф,— деп жооп берди. Торрес.
— Ишим бүткөн экен!— Френсис бул кишини Генри кандай сүрөттөп бергендигин
эстеп күлүп койду. — Сыягы Мени бул жерге якорь таштап, кемелер токтошу жөнүндөгү
кандайдыр бир эрежени, же санитория комиссиясынын чечимин бузду деп ойлоп
жатсаңар керек. Бирок бул жөнүндө менин капитаным — урматтуу жентльмен, капитан
Трефэзен менен сүйлөшүңүз. Мен болсо бар болгону кемени жалдаган киши, жөнөкөй
жүргүнчүмүн. Капитан Трефэзендин деңизде сүзүшү жана кемелердин порттордо
токтошу жөнүндөгү закондорду эң мыкты билерине сөзсүз ишенесиздер.
— Сиз Альфаро Соланону өлтүргөндүгүңүз үчүн жооп бересиз,—деди Торрес. —
Генри Морган, сиз асьендада мен башка адаммын деген сөздөрүңүз менен мени алдай
албадыңыз. Мен ошол сиз айткан башка адамды тааныймын. Анын аты Френсис
Морган, ушуну сизге батынып айтышым мүмкүн, ал киши адам өлтүргүч эмес,
жентльмен адам.
— Оо түбү терең деңиз кудайлары, анын балык жана чабактары!— деп кыйкырды
Френсис. —Сеньор Торрес, жакында эле колумду кысып, кечирим сурабадыңыз беле.
— Мен алданып калган эменмин,— деди Торрес жүзүнө кайгылуу түс берип,—
бирок бар болгону бир нече минутага. Кана, жакшылыкча баш ийесизби?
— Мен ушуну анык...— Френсис өзүнө сунулган алты мылтыкка карады да, далысын
куушуруп койду. —Менин оюмча, сиз мени pronto менен соттоп таң атканда дарга
асарсыз?
Панамада адилет сотту күтүп отурушпайт,— деп жооп берди полиция башчысы
англисче; ал англис тилин бир топ түшүнүктүү, бирок акцент менен сүйлөдү. — Арийне,
анчалык тез аспайбыз, эң жакшысы эртелеп саат ондо — ушинтсек баарына ылайыктуу
болор. Сиз кандай дейсиз?
— Билгениңизди кылыңыз,— деп жооп берди Френсис. — Он бирде асасызбы, он
экиде асасызбы — мага баары бир.
— Артыбыздан жүрүңүз, сеньор,—деди Мариано Верхара-и-Ихос жумшак үн менен,
бирок анын үнү кара ниеттигин жашыра албады. —Хуан! Игнасио! Аттан түшкүлө!— деп
буюрду ал испанчалап. — Анын куралын алгыла! Жок, колун байлабагыла. Грегорионун
артына учкаштырып койгула.
Френсисти бышпаган кирпичтен тургузулган, дубалынын калыңдыгы бир жарым
метр келген, жакшылап акиленген камерага түртүп кийирди; алты пеон 1— арестант
жерде жатышат. Френсис кандайдыр балтанын күңүрт үнүн угуп, азыр эле бүткөн сотту
эстеди да, акырын ышкырып койду. Бул мезгил кечки саат сегиз жарым болчу. А сот
болсо саат сегизде башталган. Эми минтип жарым саат өтпөй, балталар тарсылдап
жатат — демек дар тургузулууда, эртең саат ондо мойнуна сыйыртмак салып аны дарга
асышат. Сот бар болгону отуз минутага созулду Френсистин эсебинде. Залга Леонсия
жулунуп кирид келип, судьялардын көңүлүн өзүнө бурбаганда, иш жыйырма минутада
эле бүтмөк. Леонсия кадырлуу Соланолордун үй-бүлөсүнөн болгондуктан судьялар ага
урмат көрсөтүшүп он минут убактыларын кетиришти.
«Шеф туура айтыптыр,— деген жыйынтыкка келди Френсис өз оюнда. — Чын эле
Панамада сот тез болот экен».
Френсистин чөнтөгүнөн Леонсиянын Генри Моргандын наамына жазган катынын
табылышы аны өлүм жазасына алып келип койгон эле. Калган иштер тез эле чечилди.
Беш-алты күбө, анын адам өлтүргөндүгүн касам ичип далилдешти. Полиция башчысы
да алардын сөзүн кубатташты. Карылыгына байланыштуу калчылдап калган Солано
тай эже менен Леонсия капысынан пайда болгондо, Френсистин көнүлү көтөрүлө түштү.
Кызды көрүп, ар кандай аракеттин пайдасыздыгына карабай, анын өмүрү үчүн жан
күйдүрүп күрөшкө чыкканын ойлогондо, Френсистин жүрөгү кубанычтан сокпой
калгансыды.
Леонсия алгач Френсиске жеңин түрүп, сол билегин көрсөтүүнү сурады. Дал ошол
мөөнөттө Френсис полиция башчысынын жек көрүү менен далысын куушурганын көрдү.
Андан кийин Леонсия Торрес турган жакка кайрылып, бир нерсени далилдемекчи
болуп, испан тилинде толкунданып суйлөй баштады. Ал абдан тез сүйлөп
жаткандыктан эмне дегенин Френсис түшүнгөн жок. Торрес сөз алганда, зал толтура эл
колдорун жаңсагылашып, ызы-чуу түшүп жаткакын көрүп, угуп турду.
Бирок Торрес, күбөлөр учүн ажыратылган орунга элди аралап өтөрдөн мурда,
полиция башчысы менен бир нерсе жөнүндө шыбырашып алганын ал көрбөй калды.
Торрес Ригандан акы алып турарын, Френсисти Нью-Йорктон узакта мүмкүн болушунча
көбүрөөк кармап туруш үчүн, эгер мүмкүнчүлүк болсо түбөлүк алып калуу үчүн Риган
акча төлөп жаткандыгын билбегендей эле, бул көз боёмочулукту да көрбөй калды.
Торрестин Леонсияны жакшы көрөрүн жана ар кандай жүзү каралыктарга түртүүчү көрө
албастык отуна куурулуп жүргөнүн да Френсис билбейт болчу.
Ушул себептүү Торрес Леонсиянын суроолоруна жооп бергенде кандай максатты
көздөгөндүгүн Френсис түшүнгөн жок. Леонсия болсо Торрести Френсис Моргандын сол
колунда тырык бар экендигин эч качан көрбөгөндүгүн моюнга алууга аргасыз кылды.
Леонсия судья чалга жеңиштүү карады, бирок полиция башчысы алдыга чыгып,
Торреске жакын келди да, күркүрөгөн жоон үн менен:
— Генри Моргандын колунда тырыгы бар экендигин кергөнмүн деп, касам иче
аласызбы?— деп сурады.
Уялгандан өзүн жоготуп койгон Торрес судьяга, анан Леонсияга элейе карады да,
бул жөнүндө касам иче албастыгын билдирип, баш чайкады.
Зал толгон самтыраган кийимчен адамдар шаңдуу кыйкырышты. Судья өкүмдү
угузду. Ызы-чуу күчөдү жана комиссар бир нече жандарм менен бирге каршылыксыз
баспаган Френсисти залдан шашылыш алып барып, камерага камады, алар
көрүнүшүнөн киши өлтүргүчтүн жазасын бериш үчүн эртеңки саат онго чейин күтүүнү
каалабаган элден Френсисти куткарып калууга аракет кылышкан сыяктуу.
«Генринип колундагы тырык жөнүндө сураганда, байкуш Торрес өзүн жоготуп койду
го» деп боору ачып ойлоду Френсис; аңгыча болбой кулпу шарактап, камеранын эшиги
ачылды да, босогодон Леонсия көрүндү.
Френсис аны утурлап тосуп чыкты. Бирок кыз анын саламына жооп бербей, артына
карап, өзү менен келген комиссарга кол силкип катуу-катуу сүйлөй баштады. Комиссар
Пеон — жалданма кул.
анын сөзүнө сыягы көндү окшойт, сакчыга кайрылын пеондорду башка камерага алып
барууну буюруп, өзү Леонсиядан кечирим сурагандан, эмнегедир туталана таазим
кылды да, тышка чыгып, эшикти жапты.
Өзүн араң кармап турган Леонсия ошондон кийип гана сезимине эрк берди: ал
Френсистин кучагына жыгылды, жигиттин көкүрөгүнө башын жөлөп, ыйлап жиберди.
— Каргыш тийген өлкө! Каргыш тийген өлкө! Мында адилеттүүлүк деген жок!
Френсис өзүнүн тынчын алган кыздын ичке белинен кучактап туруп, жылаң аяк, таар
шымчан жана кыры бүктөлгөн сомбреро кийип, кумду көктүк менен казып жаткан
Генрини эстеди.
Леонсияны жүрөгү менен каалап турса да, анын кучагынан чыгып кетүүгө
аракеттенин, бирок чыга албады. Френсис өзүн токтотуп, албуут сезимге жеңдирбей,
акыл жүгүртүп сүйлөй баштады.
— Эми мен кур дегенде, алдын ала келишип алуу эмне экенин билип калдым,—
деди ал, жүрөгү кызга таптакыр бөлөк сөздөрдү айт деп жатса да. — Мекендештериңиз
кызуу кандуулуксуз жайбаракат ойлонуп иш кылышканды билишкенде, алар эчак эле
темир жолдорду куруп, өз мекенин өнүктүргөн болор эле. Мобул болуп өткөн сотту
караңызчы, бүтүндөй кызуу кандуулук жана сүйлөшүп алышкандык менен өттү. Соттоп
жаткан адамдар мени мурдатан айыптуу деп билчү, алар мени аябай жазалагылары
келип жүргөн, ошондуктан менин күнөөлүү экендигимди билгизчү далилдерди, же
айыпталуучунун кимдигин аныктоону да каалаган жок. Сотту создуктуруудан эмне
пайда? Генри Морган Альфарону бычак менен сайганын алар билишчү. Менин Генри
Морган экенимди да билишчү. Ал эми бардыгын билген соң текшерип убара болуунун
кереги эмне?
Леонсия бул сөздөргө кулак салбай, дагы эле ыйлап аны кучактоого аракеттенип
жатты. Френсис сөзүн аяктар менен, кыз анын боруна ыктап, башын анын көкүрөгүнө
койду, эринин тигинин эринине чаптады, Френсис бир маалда кызды кучактап өбө
баштаганын өзү да сезбей калды.
— Сүйөм сени, сүйөмүн!— деп ый аралаш шыбырап жатты кыз.
— Жок, жок!— деди жигит өзү үчүн эң асыл кызды ары түртүп. — Мен Генриге
абдан окшошмун. Анткени, сиз Генрини сүйөсүз, а мен Генри эмесмин
Кыз Френсистен бошонуп, манжасынан Генринин шакегин чыгарды да, жерге
ыргытты. Муну көрүп Френсис өзүн жоготуп койду: эгер ушул минутада колуна саатын
кармап комиссар кирип келбегенде, эмне болуп кетерин Френсис билбейт эле.
Комиссар башын көтөрбөй, ал үчүн ошол саатынан бөлөк ааламда эч нерсе жоктон
бетер анын жебесин карай берди.
Леонсия боюн сыймыктуу түзөдү, бирок Френсис Генринин шакегин кайрадан анын
манжасына тагып, коштошуп жатып колун өпкөндө, кыз ыйлап жибере жаздады. Ал
босогого жеткенде артына кайрылып: «Сени сүйөмүн!» деп күбүрөдү.
***
Саат онго акыркы коңгуроосун какканда Френсисти дар орнотулган түрмөнүн
короосуна алып чыгышты. Бул жерге Сан-Антонио жана анын айласындагы
айылдардан адамдар чогулган эле; эл толкунданып көңүлдөрү көтөрүңкү. Леонсия,
Энрико Солано жана анын эңгезердей беш баласы да ушул жерде. Анын атасы менен
агаларынын кыжыры кайнап, бир жерде токтоно албай жүрүшөт, бирок комиссардын
жетекчилигиндеги жандармдардын ортосунда турган полиция башчысы камырабайт.
Френсисти дар түбүнө алып келишкенде, Леонсия анын жанына баруу үчүн тыгыз
турган адамдарды аралап өтүүгө кылган далалаты текке кетти. Бир туугандарынын аны
короодон чыгарып жиберүүгө жасаган аракети да пайда бербеди. Атасы менен
агаларынын адилет сот издеп жүргөн киши Френсис эместигин билдирген
нааразылыктарынан эч пайда чыккан жок. Полиция башчысы Мазактагандай ырсайды
да, ишти баштоону буюрду.
Френсис секичеге көтөрүлүп, дарга чыгыш үчүн коюлган тепкичке кадам койгондо,
анын жанына поп келди; бирок Френсис чокунуудан баш тартты; ал испан тилинде;
күнөөсүз адамдар асылса ал башка бирөөнүн сыйынуусуз эле бейишке барат, андан
көрө мени дарга асып жаткандар чокунушсун, деп жооп берди.
Френсистин буту-колуп байлап, башына чүмкөмө киргизип, мойнуна сыйртмакты
эми эле салаарда, капысынан түрмө дубалынын артынан жакындап келе жаткан
ырчынын үнү угулду:
Экөөбүзгө эч ким түтпөйт,
Кайтарабыз миңдин мизин!
Алдастаган Леонсия бул үндү угаары менен өзүнө келип, жолун тосуп турган
сакчыларды түртүп-түртүп жиберди да Генри Морганды көрүп, кубанганынан кыйкырып
жиберди.
Генринин келгенин бир гана Торрес жактырган жок, .бирок толкунданган көпчүлүк
муну байкабады. Полиция башчысы ийнин куушуруп, бул эки кишинин кимиси болсо да
мейли, иши кылып дарга ассам болду, деп жарыялаганда, карап турган адамдар
каршылык кылышкан жок. Анын ордуна Солано үй-бүлөсүнүн бардык эркектери
Альфаронун өлүмүндө Генри Моргандын да күнөөсү жок деген нааразылык билдирүүгө
кулак салар киши болбоду. Бирок иштин түйүнүн Френсис чечти: ал колу-буту
байланган тейден дар түбүндө туруп, элдин чуулдагын басып кыйкырды:
— Сиздер мени соттодуңуздар! Аны соттогон жоксуздар! Адамды соттобой туруп
аса албайсыздар! Оболу сот болушу керек!
Френсис дардын секичесинен туруп, эки колдоп Генринин колунан кармады, бирок
анын колун кысууга үлгүрө элегинде комиссар менен полиция башчысы келип, бардык
закондорго баш ийгенсиген көрүнүштө, Альфаро Соланону өлтүргөн деген күнөө менен,
Генри Морганды камакка алды.
ТӨРТҮНЧҮ ГЛАВА
— Тезирээк аракеттенүү керек — эң негизгиси ушул,— деди Френсис Солано
асьендасынын верандасына жыйылган чакан үй-бүлөнүн кеңешине кайрылып.
— Негизгиси! — деди Леонсия үнүн катуу чыгарып жана верандада тынымсыз
басышын токтотуп: — Негизгиси — аны куткаруу керек!
Ал өз сөзүнүн маанисин баса белгилегиси келгендей, сөөмөйүн Френсистин
тумшугу алдына кезеди. Муну менен чектелип калбай, ал бардык туугандары — атасы
менен агаларынын ар биринин тумшугунун алдына сөөмөйүн силкилдетип чыкты.
— Өтө тезинен! — Ал сөзүн кызуулана улады. — Биз тез аракеттенишибиз керек,
болбосо... — Эгер алар тез кыймылдабаса Генри эмне болорун көз алдына келтирип,
денеси калчылдап, үнү буулду.
— Шеф үчүн гринголордун бардыгы бирдей,— деди Френсис, өзү болсо ичинде
«бул кыз кандай сулуу жана кереметтүү» деп ойлоду. — Шеф, албетте, Сан-Антониодо
хан жана кудай,— сөзүн улады ал,— ал ойлонбостон туруп иш жасоого үйрөнүп калган.
Генриге мага бөлгөн убакыттан көп убакыт бербеши айкын. Биз аны бүгүн эле сөзсүз
түрмөдөн куткарышыбыз керек.
— Уккулачы! — Леонсия кайра сөз баштады. — Биз, Соланолор, бул.. бул өлүмгө
жол бере албайбыз. Биздин сыймыгыбыз... биздин ар-намысыбыз... Биз буга жол коё
албайбыз. Сүйлөбөйсүңөрбү! Деги бирөөңөр сүйлөгүлөчү! Жок дегенде, сен, атаке, бир
нерсе дечи...
Талкуу жүрүп жатканда, алардын сөзүн унчукпай угуп олтурган Френсис кайгыга
батты. Леонсия жалындап толуп-ташып сүйлөп жатты, бирок бул жалындоо башка
кишиге арналгандыктан Френсисти кубанта алган жок. Аны бошотуп, Генрини камакка
алышкандан кийинки түрмөнүн короосундагы окуя алиге чейин анын көз алдынан кете
элек. Леонсия Генринин кучагына жыгылганын, ал болсо шакек ордунда бекен деп
кыздын колун кармалап көргөнүн, ордунда экенине көзү жеткен соң, кызды бекем
кучактап, узакка өөп турганын көз алдына келтирди. Бул эскерүүлөр анын жүрөгүн эзип
жиберди.
«Болуптур, жетишет»,— деп ойлоду оор күрсүнүп Френсис. Эмнеси болсо да ал
колунан келгенин бүт жасады. Генрини алып кетишкенден кийин Френсис Леонсияга —
токтоо, ал тургай көңүл коштук менен — Генри сиздин жигитиңиз жана сүйгөнүңүз,
Соланонун кызы андан артык күйөө таба албайт, деп айтпай койду беле?
Ал туура иш кылдым деген сезиминен бактылуу боло албагандай эле, бул
эскерүүлөрүнөн да бактылуу боло албады. Ооба, туура болду. Френсис туура иш
жасаганына кыпындай да шектенген жок жана бул Леонсияга карата жүрөгүндө кайнап
жаткан сезимине эрк бербеди. Бирок тилекке каршы, өзүнүн актыгына ишенүү менен
өзүн бактылуу сезишке болбойт эмеспи.
Андан бөлөк эмне кылышы керек болчу? Тек гана анын иши оңунан чыкпай калды:
ал Борбордук Америкага аябай кечигип келди — бар болгону ушул; бул келгенде тиги
сулуу аял андан мурда келген, Френсистен кем калышпаган, адилеттик сезими айтып
тургандай, андан да жагымдуураак кишиге жүрөгүн тартуулап койгон болчу. Ошол эле
адилеттик сезими андан Генриге — өзүнүн кандаш тууганы Генри Морганга колдон
суурулган ата-бабаларынын суурулган урпагына таар шым жана кыры кыйшайган
сомбреро кийген, бейтааныш жигиттердин кулагына өч, каткан нан жана таш баканын
жумурткасы менен тиричилик өткөрүп, карт каракчынын казынасын издеп, эки аралды
— Бука жана Музоо аралдарын — казып таштоого даяр турган кишиге — чын жүрөгү
менен мамиле этүүнү талап кылып турду.
Энрико Солано менен анын балдары узун верандада отуруп, Генрини куткаруунун
жолун түзүп жатты, Френсис болсо алардын сөздөрүн кунт койбой угуп отурду; мына
ушул убакта, бөлмөдөн кызматкер кыз чыгып, Леонсияпын кулагына бир нерсе
шыбырады да, аны үйдүн бурч жагына, веранданын аркы четине ээрчитти. Аяктагы
окуяны көргөндө Френсистин күлкүсү да, ачуусу да аябай келмек.
Үйдүн аркы бурчуна барган Леонсия бай плантаторлор кийчү кооз, орто кылымдагы
костюм кийген, Альварос Торрести көрдү. Латын Америкасында мындай кийимдерди
азыр да кийишет; Торрес башындагы сомбреросун колуна алып, башын жерге тийгенче
ийип, кыздын алдында таазим кылды, анан кызды индия камышынан жасалган диванга
алып барып отургузду. Леонсия анын саламына көңүл кош жооп берди, бирок үнүндө
андан бир жакшы кабарды угамбы дегедей кызыгуу бар эле.
— Сот бүттү, Леонсия,— деди Торрес тим эле өлгөн киши жөнүндө сүйлөп
жаткандай, акырын жана кайгылуу. — Өкүм чыкты. Эртең саат ондо дарга асылат. Бул
абдан кайгылуу, өтө кайгылуу, бирок... — Ал далысын күйшөдү. — Жок, мен ал жөнүндө
эч кандай жаман сөз айта албайм Ал татыктуу адам болчу. Анын бирден-бир кемчилиги
— кырс мүнөзү. Ал өтө эле кызуу кандуу, ачуусу абдан чукул эле. Мына ушунусу
абийирине каршы күнөө жасап, оз башын жеди. Ал ошол кезде өзүн оор, токтоо
кармаганда, эч качан Альфарого бычак сайбаган болор эле...
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Үчөөнүн Жүрөгү - 05
  • Parts
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2042
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 02
    Total number of words is 4019
    Total number of unique words is 1984
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 03
    Total number of words is 4063
    Total number of unique words is 1956
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 04
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1937
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 05
    Total number of words is 4013
    Total number of unique words is 1969
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 06
    Total number of words is 3942
    Total number of unique words is 1992
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 07
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 1953
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 08
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 1964
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.7 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 09
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 1928
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 10
    Total number of words is 4016
    Total number of unique words is 1931
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 11
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 1949
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.4 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 12
    Total number of words is 4083
    Total number of unique words is 1827
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 13
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 1840
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 14
    Total number of words is 3982
    Total number of unique words is 1996
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    50.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 15
    Total number of words is 4044
    Total number of unique words is 1822
    32.2 of words are in the 2000 most common words
    44.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 16
    Total number of words is 4134
    Total number of unique words is 1877
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 17
    Total number of words is 4069
    Total number of unique words is 1870
    32.2 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 18
    Total number of words is 4033
    Total number of unique words is 1827
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 19
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 1999
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 20
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1985
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    52.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 21
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1991
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 22
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 1972
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 23
    Total number of words is 2004
    Total number of unique words is 1053
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.