Latin

Үчөөнүн Жүрөгү - 10

Total number of words is 4016
Total number of unique words is 1931
31.0 of words are in the 2000 most common words
43.2 of words are in the 5000 most common words
50.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
эмес, бул жолу тоолук аялды сүй. Бар, сен эркинсиң. Сен жарым майясың, ошондойбу?
— Ооба, жарым майямын,— деди пеон. — Атам — майя.
— Ордуңан тур да, кете бер. Майя атаң менен тоодо кал, жылуу жерлер —
Кордильерде туулган кишинин жайы эмес. Сенин плантаторуң бул жерде жок,
ошондуктан, аны соттой албайбыз. Плантатор плантатор бойдон калат. Анын достору
өздөрүн эркинмин деп эсептешсин.
Каардуу калыс бир нерсени күткөн сыяктуу олтурду, Генри да күттү, анан өзүн
чакыра электе ордунан туруп, алдыга кадам таштады.
— Киши өлтүрүүдө айыпталып, өлүмгө өкүм кылынган адам менмин,— деди ал
чечкиндүү,— бирок мен адам өлтүргөн эмесмин. Өлгөн адам мен сүйгөн кыздын агасы
эле, эгер Кордильерде, ушул үңкүрдө чын эле адилеттик болсо, мен ушул кызга
үйлөнөм.
Ал сүйлөп бүтө элегинде полиция башчысы анын сөзүн бөлүп жиберди:
— Бул сеньоританын агасын өлтүрөмүн деп коркутканын жыйырмадай киши уккан.
Бир сааттан кийин бул грингону али сууй элек өлүктүн үстүнөн көрдүк.
— Ал туура сүйлөп жатат,— деп ырастады Генри. — Мен чын эле ал кишини
коркутмакчы болгон элем. Экөөбүз тең кызуу кандуубуз, анын үстүнө шарап ичип алган
элек. Сууй элек өлүктүн үстүндө турганымда жандармдар жетип келишти. Бирок мен
аны өлтүргөн эмесмин. Караңгыда кандай суу жүрөк аркасынан келип бычак сайганын
билбейм, элестете да албаймын.
— Сурак кылуум үчүн экөөңөр тең тизелеп олтургула,— деп буюрду сокур каракчы.
Ал сезгич жана акылдуу манжалары менен узак сурак кылды. Бул манжалар эки
эркектин жүздөрүн узак сыйпалады: сокур каракчы тамырларынын согушун да байкап
көрдү — ошого карабай бир чечимге келе албады.
— Бул иште аял киши аралашканбы? — деп чындыкты сурады Генри Моргандан.
— Ооба, бир сулуу аял. Мен аны сүйөмүн.
— Жүрөгүңдөн махабаттын орун алганы жакшы, себеби аялга ашык болбогон эркек
чыныгы эркек эмес,— деди судья. Анан полиция башчысына карап, кошумчалады: —
Мына сенин жүрөгүңдү аял киши жаралаган эмес, ошого карабай, сени да эмнедир эзип
жатат. Бул адам жөнүндө,—деп Генрини көрсөттү,— анын жүрөгүн бир гана аял кишиге
болгон сезим жаралабаган болсо керек. Мүмкүн буга жалгыз өзүң айыптуудурсуң,
мүмкүн жалгыз анын сага каршы кара ниеттен ачууланып жатканы себепчидир.
Экөөңөр тең ордуңардан тургула. Мен силерге калыстык кыла албаймын. Бирок
катасыз жооп бере турган бир сыноо бар: бул куш менен жылан сыноосу. Кудай
канчалык күнөөдөн алыс болсо, бул сыноо да ошондой, анткени ал адилеттик орнотот.
Блэкстондун да кудай соту менен сыноо акыйкатты аныктоодо жардам берет деп
айтканы бар.
ОН БИРИНЧИ
ГЛАВА
Сокур каракчынын ээлеген аймагынын так ортосунда тереңдиги он фут, диаметри
отуз фут келе турган чуңкур бар эле, ал бука сүзүштүрүүчү чакан майданга кадимкидей
жарамак. Бул түбү тегиз, дубалдары тик чуңкур, табыйгый жол менен пайда болгон
жана табийгаттын ажайып бир жайы болгондуктан, аны жасап— түзөө үчүн адамзаттын
колу да тийген эмес. Узун мата көйнөкчөн каракчылар, плантаторлор жана жандармдар
— Каардуу калыс менен метис кыздан бөлөгү бүт ушул жерге чогулган эле; бардыгы,
бука сүзүштүрүүгө, же гладиаторлордун кармашына чогулган көрүүчүлөр сыңары
чуңкур четинде жарданып турушту.
Аларды туткунга алган отряддын ачуулуу башчысынын ишарасы менен Генри жана
полиция башчысы шаты менен чуңкурга түшүштү. Алардын артынан отряд башчысы
менен бир нече каракчы түштү.
— Азыр эмне болорун кудайдан башка эч ким билбейт,— деди Генри англис
тилинде', жогору жакта калган Леонсия менен Френсиске карап. — Бирок бул өмүр, же
өлүм үчүн күрөшүү болсо, чалуу, тиштөө жана Маркиз Куинсбери, же Лондондогу
сыйлык үчүн күрөш закону боюнча боксташууга уруксат берсе чедирейген шеф менин
олжом болот. Анткени менен, абышка акылдуу, бул кармашууга мүмкүнчүлүктөрүбүз
тең болушунун чарасын көрөр, албетте. Мындай кылабыз: эгер шеф мени
үстөмөндөтсө, силер мен тараптуу болгонуңар үчүн бармагыңарды көтөрүп, үнүңөрдүн
болушунча кыйкыргыла. Шектенбесеңер да болот: эгер мен аны жеңсем, анын
кишилери бармактарын өйдө көтөрөт.
Чуңкур жаман таасир көрсөткөн полиция башчысы отряд башчысына испан тилинде
кайрылды.
— Мен бул адам менен кармашпайм,— деди Мариано Верхара-и-Ихос. — Ал
менден жаш, деми жакшы. Мындан сырткары, бул адилеттик эмес. Панама
республикасынын законуна ылайык мындай өкүм жок. Мен болсо Кордильердин
Панамага баш ийбестигин жана законго туура эмес иштерди кабыл кыла албаймын.
— Бул Жылан менен Куш сыноосу,— деп анын сөзүн бөлдү башчы. — Сен Жылан
болосуң. Колуңа мына бул мылтыкты карматат. Тиги киши Куш болот. Ага коңгуроо
карматып коёбуз. Карап тур! Сыноо кандай болорун азыр түшүнүп аласың.
Анын буйругу менен каракчылардын бирине мылтык берип көзүн байлап койду.
Көзү таңылган экинчи каракчыга коңгуроо карматышты.
— Мылтыктуу киши — Жылан,— деди башчы. — Ал Кушту — коңгуроону кармаган
кишини карай бир жолу ок атууга укуктуу.
Анын ишарасы менен экинчи каракчы коңгуроо кармаган колун созуп шыңгыратты
да, шарт четке боло берди. Биринчи каракчы коңгуроо үнүнө кулак салып туруп,
болжолдоп кароолго алды да, атып жаткандай аракет жасады.
— Түшүнүктүүбү? — деп сурады отряд башчысы Генри менен анын душманынан.
Генри жооп кылып баш ийкеп, полиция башчысы болсо кубанганынан шилекейине
чакап, кыйкырып жиберди:
— Мен жылан боломунбу?
— Ооба,—деп баш ийкеди башчы.
Полиция башчысы эми Кордильердин эркиндиги жана мындай соттун
законсуздугуна каршы нааразылык билдирип отурбай, шашылып мылтыкты алды.
— Ого, мени өлтүрүүгө аракеттенет экенсиз да? — деди Генри аны опузалап.
— Жок, сеньор Морган. Аракет кылбайм, түз эле жер кучактатып коё салам.
Панамада эки жакшы мерген бар болсо, анын бири менмин. Мергенчилигим үчүн
кырктан ашык медаль алганмын. Мен көзүмдү жумуп да атышым мүмкүн. Мен
караңгыда да көп атчумун, ошондо бир да аткан огум жаза кетчү эмес. Кыскасы
өзүңүздү тиги дүйнөдөмүн деп эсептей берсеңиз болот.
Мылтыкка бир ок салышты, анан полиция башчысынын көзүн таңышып, колуна
мылтыкты карматты да, дубал жакты каратып коюшту. Генриге анын жайын
чыккынчылык менен билдирип туруучу коңгуроону карматып, дубалдын карама-каршы
жагына коюшту. Анан каракчылар чуңкурдан чыгышып, шатыны тартып алышты,
алардын башчысы жогору чыгып алгандан кийин мындай деди:
— Көңүл коюп кулак салыңыз, сеньор Жылан, сөзүмдү угуп боло элегиңизде
ордуңуздан жылбаңыз. Жыландын бир огу бар. Анын көзү байланган чүпүрөктү
жылдырууга акысы жок. Эгер жылдыра турган болсо, аны дароо өлтүрүүгө аргасыз
болобуз. Бирок жыландын карамагында убакыт көп. Ал бир огун аткыча бүгүн кечке
чейин, түнү менен кыскасы каалашынча аңдышы мүмкүн. Кушка келгенде болсо —
коңгуроонун шыңгырашын токтотуу үчүн анын тилине тийбеши керек. Эгер Куш ушул
законду аткарбай турган болсо, ошол замат өлтүрүлөт. Биз жогоруда, үстүңөрдө карап
турабыз, сеньорлор, колубузда мылтык, ким законду бузса, ошол замат өлтүрүлөт.
Мына эми баштагыла, кудай иши актын тарабында болот!
Полиция башчысы акырын бурулуп, кулак салды: Генри коомайлана четке бир
кадам жасады, коңгуроо шыңгырап кетти. Мылтыктын оозу тез көтөрүлүп, аны кароолго
ала баштады. Генри чуңкурда тыяк-быякка чуркады, мылтыктын оозу сая түшүп
көзөмөлдөп жүрдү. Генри коңгуроону түз сунулган бир колунан экинчи колуна
алмаштырды да, өзү четке чыга берди — мылтыктын оозу да түз бурулуп, кайра ага
туураланды. Бирок полиция башчысы бир окту байкоосуздан атып коё турган кадыресе
жөнөкөй неме эмес эле, ал акырын жана этияттык менен чуңкурду кесип өтө баштады.
Генри бир орунда кыймылдабай туруп калды, коңгуроонун үнү да басылды.
Полиция башчысынын сак кулагы коңгуроонун күмүштөй шыңгыраган үнү акыркы
жолу угулган жайды ушунчалык анык белгилеп алган эле, көзү байлануу болгонуна
карабай, түз эле Генрини көздөй жүрүп анын жанына, так эле коңгуроо кармап турган
колунун астына келип калды. Генри аябагандай этияттык менен үн чыгарбоого
аракеттенип, колун бир аз жогорураак көтөрдү эле, душманы анын кол астынан
коңгуроого тиер-тийбес болуп өтүп кетти.
Полиция башчысы мылтыкты кезеген калыпта дубалдан жарым фут бери ыргылжың
болуп токтоп калды, бир аз кулак салып, анан бир кадам койгон эле, мылтыктын учу
дубалга такалды. Ал тез артына кайрылып, сокурлардай душманын издеп мылтык
менен абаны өйдө-төмөн кескилеп аңтара баштады. Генри шашылып четке секирди,
коңгуроону токтоосуз шыңгыратты, өзү ары-бери секирип турбаганда мылтыктын оозу
Генриге албетте кадалган болор эле.
Генри чуңкурдун ортосуна токтоп, кыймылдабай турду. Анын душманы бир метрдей
жанынан өтүп, бет маңдайындагы дубалга барып такалды. Ошондон кийин ал мышык
сыяктуу акырын кадамдап, мылтык менен эки жанын тынымсыз тинтип, дубалды
жээктеп жүрө баштады. Анан чуңкурдун тиги бетинен бул бетине бир нече жолу кесип
өтүп, Генрини таба албады. Коңгуроо үнсүз турган эле. Ошондон кийин полиция
башчысы амалдуу ыкманы колдонду. Кыдырууну кай жерден баштаганын белгилеап
алыш үчүн шляпасын жерге таштады да, эң жакын аралыктан чуңкурду кесип өттү,
аанан дубал жээктеп үч кадам таштап, чуңкурдун кененирээк жеринен кесип өтө
баштады. Дубал жээктеп дагы үч кадам таштады да, мурдагы өтакөн эки сызыгы бирибирине жарыш экендигин шляпасынын жаткан жерине салыштырып текшерип, анан
шляпадан дубал жээктеп, дагы үч кадам өлчөдү да, чуңкурдун үчүнчү жеринен кесип
өтө баштады. „
Генри согуш талаасын анын кандай текшерип жатканын көрүп, иш начар, душман
менен жолугушуудан кутулуп болбойт, деп ойлоду. 0шентип ал душман таап алгыча
күтүп отурбады. Коңгуроону шыңгыратып, аны бир колунан экинчисине алып, чуңкур
ичинде ары-бери чуркап өттү, анан бир жерде кыймылдабай катып калды.
Полиция башчысы душманын табуу үчүн машакаттуу кыдыруусун кайра баштады,
бирок Генри нерв тамырларын азапка салуучу бул оюнду создуктуруу ниетинде эмес
болчу. Ал полиция башчысын эң акыркы сызыктан өтүп, өзүнө бетме-бет келгиче күтүп
турду. Мылтыктын оозу так жүрөгүнүн тушунан бир нече карыш ары көкүрөгүнө
барабар көтөрүлүшүн күтүп турду да, мылтыктын оозу жогоруда калыш үчүн тез отура
калып, үнүнүн бардыгынча кыйкырды:
—Ат!
Бул ушунчалык капысынан болгондуктан полиция башчысы машааны басып
жиберди. Ок Генринин башынан ары чуулдап өтүп кетти. Жогорудан кол чабуулар
угулду. Генрини узун таар көйнөкчөн каракчылар куттуктап жаткан эле. Полиция
башчысы көзүндөгү жоолугун алып, маңдайында күлүп-жайнап турган душманды көрдү.
— Абдан жакшы, кудай өз ыраачылыгын билдирди,- деп жарыялады
каракчылардын башчысы, чуңкурга түшүп келатып.
— Ок тийбеген адам күнөөсүз. Эми башкасын сыноо калды.
— Мениби?- деп чыңырып жиберди коркконунан жана мындай болорун
күтпөгөндүктөн шашып калган полиция башчысы.
— Куттуктайм шеф, - деди Генди шылдыңдуу. — Сиз чындап эле мени өлтүрүүгө
аракеттендиңиз. Эми менин кезегим. Мылтыкты мага бериңиз.
Иши оңунан келбегенине жана ачуудан көзүнө кан толгон полиция башчысы
жалгыз ок салынганын унутуп коюп, мылтыкты Генринин жүрөгүнө такап, машааны
басты. Мылтыктын тарс этип чыккан үнү угулду.
— Абдан жакшы,деди башчы анын колунан мылтыкты алып октоп жатып. — сенин
бул кылыгың тууралуу кабар кылабыз. Сыноо улантылат: бирок кудай сүйгөн киши сен
эместигиң көрүнүп турат.
Полиция башчысы майдандын кайсы жерине жашынаарын билбей, амфитеатрдагы
адилетсиз адамдарга көзүн алайткан айласыз жарадар бука сыяктуу жогору карады да,
каракчылардын мылтыктарын, Леонсия менен Френсистин салтанаттуу жүзүн,
жандармдардын кызыгуу менен карап турган өңдөрүн жана букалар сүзүшүн тамаша
кылып жаткан күйөрмандар сыяктуу көздөрүнө кан толгон плантаторлорду көрдү.
Башчы Генриге мылтыкты берип, көзүн таңып жатканда, анын олуттуу жумулган
эриндеринде бир аз жылмаюу пайда болду.
— Мен даярданып болгуча эмнеге аны дубалга каратып койбойсуз? — ден сурады
полиция башчысы ачуулангандыктан колундагы калтыраган күмүш коңгуроо шыңгырап.
— Себеби ал кудайга жаккан адам, — деген жооп угулду. — Ал сыноодон өттү.
Демек, ал кыянат иш жасабайт. Кудай сыноосунун сотунан өтүш кезеги эми сага келди.
Эгер сен чыныгы асыл адам болсоң, Жылан сага эч кандай зыян келтире албайт.
Кудайдын буйругу ушундай.
Полиция башчысы олжо ролунда ойногонго караганда, уучу ролунда тыңыраак эле.
Ал Генринин бет маңдайында кыймылдабоого аракеттенип көрдү, бирок мылтыктын
оозу гана жакындай баштаары менен мээсинин чыдамы жетпей колу калтырап,
коңгуроо шыңгырап кетти. Мылтык дээрлик кыймылдабай калды — мылтыктын оозу
гана коңгуроонун үнүн ээрчип, коркунучтуу кыймылдап турду. Полиция башчысы
коңгуроону шыңгыратпас үчүн калтырагын басууга жөнү жок аракеттенип жатты.
Ошондон кийин шеф коңгуроону бир четке ыргытып жиберип, бетин басып жерге жатып
калды. Генри анын денеси күп этип жерге түшкөнүн угуп, мылтыктын оозун төмөндөттү
да, кашааны басты. Полиция башчысы этинин ооруганынан бакырып жиберди — ок
анын ийнин тешип өткөн эле; ал ордунан турмакчы болду, анан сөгүнгөн бойдон кайра
күп этип кулады да, карганып- шиленип кала берди.
Баардыгы кайра бут алдында метис кыз олтурган Сокур каракчы өкүм чыгарган
үңкүргө киришти.
— Жараланган жана жылуу жактын закону жөнүндө көп сүйлөгөн бул адам
Кордильер закону кандай экенин эми билет. Жылан менен Куш сыноосу
далилдегендей, ал күнөөлүү. Анын өмүрү алтын эсебинде он миң долларга бааланат;
эгер бул акча берилбесе, ал кудай берген өмүрүнүн калганын акырына чейин ушул
жерде дарак кесип, суу ташуу менен өткөрөт. Менин сөзүм бүттү. Эгер акча төлөнбөсө,
кудай анын өмүрүн кыркышы ачык сөз.
Арада узакка созулган тынчтык өкүм сүрдү, бул убакта ачууга алдырып, душманын
өлтүрүүдөн кайтпай турган Генри да адамды жок кылуунун мындай жагымсыз
законунан жийиркенгенин жашыра алган жок.
— Закон ырайымсыз, — деди Каардуу калыс, арада кайра тынчтык өкүм сүрдү.
— Акча төлөнбөйт, өлө берсин,— деди плантаторлордун бири. — Ал ит, чыккынчы
экендигин көрсөттү. Итке — ит өлүмү.
— Сен эмне дейсиң? — деп сурады Сокур каракчы пеондон. — Ушунча көп токмок
жеп, бүгүн кайра төрөлгөн адам, аргын, сулуу аялдарды жактыруучу пеон, сеп эмне
дейсиң? Ага акы төлөөнү каалабагандыктары үчүн ит азабында өлүп кетиши керекпи?
— Ал ырайымсыз адам,— деди пеон. — Бирок мен бүгүн эмнегедир көңүлчөөк
болуп калгансыйм. Эгер он миң доллар акчам болгондо, ал үчүн акча төлөгөн болор
элем. Оо, улуу зат, адилеттүүм, эгер эки жүз элүү песо акчам болуп, азыр мени
плантатордон эркин кылганда да, ага карызымды төлөгөн болор элем.
Сокурдун жүзүн нур чайып, балкып кеткендей болду.
— Бүгүн сен сүйлөп жаткан сөздөрдү кудайдын өзү айтып жатат, эй дүйнөгө кайра
жаралган адам,— деп ырастады ал.
Бирок ушул минутада Френсис чек дептерине бир нерселерди жазып, али сыясы
кургай элек чекти метис кызга узатты.
— Мага да сүйлөгөнгө уруксат кылыңыз,— деди ал. — Бул адам арамза, ит азабын
тартып өлүүгө ылайыктуу болсо да — мейли, ал өлбөй күнүн көрсүн.
Метис кыз чекке эмнелер жазылганын үн чыгарып окуду.
— Түшүнүк бербей эле кой,—деп Сокур каракчы Френсис бир нерсе демекчи
болгонун сезип, аны токтотту. — Мен анчалык келесоо эмесмин, Кордильерден башка
жерлерди да көргөнмүн. Мен Барселон шаарында соода билимин алганмын. НьюЙорктогу «Кемикл нейшнл» башкасын билемин, бир кезде өз өкүлдөрүм аркылуу ушул
банк менен байланыш түзгөмүн. Бул он миң долларга жазылган чек. Муну жазган адам
бүгүн чын сүйлөдү. Чектин катасы жок. Анын үстүнө ал банкка мына ушул чекке акча
берилбесин деп кабар жеткирбесине ишенемин. Өз душманы үчүн кун төлөй турган
киши, же абдан боорукер, же аша кеткен акмак, же болбосо абдан бай болушу керек —
ушул үчөөнүн бири. Эй адам: мага айтчы, буга сулуу аял себепчи эмеспи?
Френсис оңго да, солго да, же Леонсияга, же Генриге кароого батына албай, түптүз
Сокур каракчынын жүзүнө карап жооп берди, анткени башкача жооп бере албайт болчу:
— Ооба, Каардуу калыс, буга сулуу аял себепчи.
ОН ЭКИНЧИ ГЛАВА
Туткундардын көздөрү тоого баратканда таңылган жерге баары токтошту. Алар
качырга минип көзү байланган Леонсия, Генри жана Френсис, көзү таңылган, бирок жөө
пеонду кайтарып бараткан бир нече каракчылар эле. Алардан жарым саат мурда бул
жерден ушундай сакчылар менен плантаторлор, Торрес, полиция башчысы жана анын
жандармдарынан турган топ өтүп кетти.
Каракчылар башчынын уруксаты менен азыр эркин болушу керек болгон
туткундардын колдорун чечишти.
— Мен бул жерде мурда да болгон сыяктуумун,— деп мурда көргөн жерлерин
таанып, Генри күлүп койду.
— Нефть дагы эле күйүп жаткансыйт,— деди Френсис жарымы кара түтүнгө
капталган горизонтту көрсөтүп. — Пеон, кылган ишиңе бир карачы! Чөнтөгүндө бир
чакасы жок кедейлердин ичинде сен мен көргөн эң чоң ысырапчысың. Нефть
королдору мас болуп калганда миң доллардык акчага тамеки ороп чегишет экен деп
айтышчу. Сен болсоң ар минутада бир миллион долларды күйгүзүп жатасың.
— Мен кедей эмесмин,— деди пеон сырдуу керкейип.
— Самтырак кийимчен миллионер! — деп тамашалады Генри.
— Акчаңды кайда сактайсың? — деп кепке аралашты Леонсия. — «Кемикл нейшнл»
банкында эмеспи?
Пеон тамашаларга түшүнгөн жок, бирок өзү жөнүндө күлүп жатышканын байкады
да, капа болгондой денесин түзөп, унчукпай калды.
Каракчылардын каардуу башчысы сөз баштады.
— Бул жерден ар ким каалаган жагына кетиши мүмкүн. Адилеттүү ушундай деди,
сеньорлор, сиздерден ээрден түшүп, качырларды кайтарып берүүңөрдү сурайм.
Сеньорита болсо качырдан түшпөсүн, бул Адилеттүүнүн сеньоритага белеги. Ал киши
сулуу аялдын жөө кетишине жол бербейт. Сиз экөөңүздөргө болсо, сеньорлор, жөө
басуу пайдалуу. Адилеттүү баарынан да бай сеньорго көбүрөөк жөө басууну кеңеш
берди. Байлык ушуга алып келет, деди ал, адам жөө баскысы келбей калат. Аз баскан
адам семирип кетиши мүмкүн, аялдар болсо семирип кеткендерди анчалык жактыра
бербейт. Адилеттүүнүн акылман сөзү ушул.
Ал пеондун ушул тоодо калуусуна чын дилинен кеңеш берди. Бул жерден ал сулуу
аял табат, эгер ал аял кишиге мээрим коё турган болсо, өз уруусундагы аялдардын
бирин сүйгөнү оң. Өрөөндөгү аялдар өрөөндөгү эркектерге, Кордильер аялдары
Кордильер эркектерине арналган. Кудай кан аралашканды жактырбайт. Качыр
дүйнөдөгү эң көрксүз айбан экендиги бекеринен эмес. Жарык дүйнө уруулардын
аралашып кетүүсүнө жаралган эмес — булардын баардыгы адамдардын ойлоп
тапканы Өңү канчалык таза болбосун алар аралашкандан кийин тазалыктан эч нерсе
калбайт. Суу менен нефть аралашпайт. Табыйгаттын да өз алдынча закондору бар.
Адилеттүү так ушинтип айтты, мен бар болгону анын сөзүн кайталадым. Мага дагы
мына муну айтып коюуну буюрду. Ал эмне айтканын жакшы билет, анткени өзү да бир
кезде күнөө жасаган экен.
Бул сөздөрдөн англо-сакстар — Генри менен Френсис катуу толкунданып,
дүрбөлөңгө түшүп калды, Латын Америкалык Леонсия да оңой толкунданган жок.
Албетте, Леонсия өзү сүйгөн жигиттердин кимисине болсо да, эгер алар катар
турушпаганда, көз кароосу менен Адилеттүүнүн бул сөзүнө кошулбаганын айтмак эле;
жигиттер да өз алдынча кыз менен жалгыз болгондо, экөө тең бул ойго кошулбастыгын
айткан болор эле. Ошого карабай экөө тең көңүлүндө Сокур каракчыныкы чын
экендигин аргасыз моюнга алышты. Мындан алардын жүрөгү да кирдегенсип калды.
Күтүүсүз чыккан дүбүрт менен шытыроо алардын оюн бөлүп кетти. Оорудан турган
плантатор бир нече атчандардын коштоосунда жантайма кууш өрөөн менен тайгалана
жана сүрүлгөн аттары менен түз эле аларды көздөй түшүп келе жатышты. Плантатор
чыныгы идальголордой 1 Соланонун кызына ийилип таазим кылды. Анан Генри менен
Френсистин Энрико Соланонун меймандары экендиги эсине түшүп, алар менен да кол
учунан көрүшүп, урматтаган кейипте акыбал сурашты.
— Сиздин асылзат атаңыз кайда? — деп сурады ал Леонсиядан. — Мен ага
кушкабар алып келдим... Сиз менен акыркы жолу жолугушканыбыздан бери бир жума
өттү, безгек оорум кармап, бир нече күн кыймылдабай жатып калдым. Бирок Бокас—
дель— Торого чабарман жибердим: шамал ыңгайлуу жактан келип тургандыктан,
чабарман Чирикви булуңунан тез өтүп, белгиленген жерге жетти, Бокас- дель-Торо
полициясынын башчысы менин жакып досум. Ошол себептүү мамлекет радиосу
аркылуу Панама президенти менен алака байлады. Президент да менин эски досум,
Колондогу мектепте бирге окуганбыз, бир комнатада чогуу жашаганбыз, ошондо бирибирибизди мурдубуз менен нечен жолу ылайга чөмүлткөнбүз. Президенттен жооп
келди; бардык иш ойдогудай: адилет сот Сан- Антонионун полиция башчысынын
чектен тышкары, ошону менен бирге мактоого ылайык кайраты себептүү
чаташтырылган; эми баары унутулду жана кечирилди, асылзат Соланонун үй-бүлөсү
америкалык асылзат достору менен бирге закондун негизинде саясий куугунтуктоодон
коркпой үйүнө кайта берсе болот...
Плантатор өз сөзүн бекемдөө үчүн Генри менен Френсиске таазим кылды. Бирок
ушул убакытта капысынан Леонсиянын артына жашырынып отурган пеонду көрүп
калып, көздөрүндө жайнаган учкун чачырады.
— Эй кудай, сага миң мертебе шүгүрчүлүк, мени унутпаптырсың! — деп кыйкырды
плантатор, анан коштоп жүргөн жолдоруна карап мындай деди: — Карызын төлөбөй,
качып кеткен уяты жок мээсиз айбан мына. Кармагыла аны! Аны эми ушунчалык
токмоктотоюн, бир ай ордунан тура албай жаткыдай болсун.
Плантатор ат тизгинин буруп, Леонсиянын качырынын артына өттү, бирок пеон
эпчилдик менен аттын тумшугунан чуркап өтүп, эгер экинчи платтатор ат ойнотуп анын
жолун тороп омуроолотпогондо сөзсүз токойго качып кетмек. Мындай иштерге көзү
канып калган плантаторлор дароо эле байкушту бир шилтеп тургузушту да, колун
артына кайрып таңып, аркандын бир учу менен мойнунан байлады.
Френсис менен Генри муну көрүп, бирдей каршылык көрсөтүштү.
— Сеньорлор,— деп жооп берди плантатор,— менин Соланолордун асылзат үйбүлөсүнө урматым өтө жогору,. бул үй- бүлөнүн карамагында болгон сиздерге да ар
кандай кызмат кылууга даярмын. Сиздердин сак- саламаттыгыңыздар жана
тынчтыгыңыздар мен үчүн ыйык. Сиздерди ар кандай кырсыктан тосуу үчүн
көкүрөгүмдү калкан кылууга даярмын. Менин үйүм, мал-мүлкүм да керек болсо
сиздердин кармаагыңыздарда Бирок пеонго келсек — бул башка маселе. Ал
сиздердики эмес. Ал менин пеонум, бул плантациядан качып кеткен карыздар пеон.
Сиздер мени түшүнүп, кечиресиздер деп үмүттөнөм. Бул жеке менчик маселеси. Пеон
болсо менин өз мүлкүм.
Генри менен Френсис дабдырай жана таңыркап бири бирине карады. Мамлекеттин
закону ушундай экендигин алар жакшы билишчү.
Идалъго — дворян.
— Адилеттүү калыс менин карызымды кечти — ушул жердегилердин баардыгы
буга күбө болушту,— деди пеон угулар угулбас.
— Ал чын айтып жатат. Адилеттүү калыс анын карызын кечти,— деп ырастады
Леонсия.
Плантатор күлүмсүрөп таазим кылды.
— Бирок пеон мени менен келишим түзгөн,— деди ошол күлүмсүрөгөн калыпта. —
Ал Сокур каракчы ким экен менин плантациямда акмактарча закон орнотуп, менин
өзүмө тиешелүү эки жүз элүү песодон ажыратуучу?
— Мунун сөзү туура, Леонсия,— деп коштоду Генри.
— Андай болсо мен Кордильерге кайтып кетемин,— деди пеон. — Эй Адилеттүү
калыстын жоокерлери,. мени Кордильерге бирге алып кеткиле!
Бирок алардын башчысы баш чайкады.
— Биз ушул жерден сени бошотуп жибердик. Ошону менен биздин бийлигибиз
бүттү. Эми бизде эч кандай укук жок. Бардыгы менен коштошуп, кайра артыбызга
кайтып кетишибиз гана калды.
— Токтой тургула! — деп кыйкырды Френсис, чек дептерине бир нерселерди жазып
жатып. — Бир минут күтө туруңуздар. Азыр мен пеондун карызын төлөймүн. Бирок
кетүүдөн мурда сиздерден бир нерсени сурамакчымын. — Ал плантаторго чекти узатып
жатып, минтип кошумчалады. — Валюта алмаштырууга он песо кошуп койдум.
Плантатор чекке карады, анан аны чөнтөгүнө салып жатып, байкуш пеондун
мойнуна байланган аркандын учун Френсиске карматты.
— Эми пеон сиздики болду,— деди ал.
Френсис арканды карап, каткырып күлүп жиберди.
— Муну карагыла! Мен кулдуу болуп калдым. Эй кул, сеп меникисиң, менин
менчигимсиң, түшүнүктүүбү?
— Ооба, сеньор,— деди урмат менен пеон.— Ошол аялга болгон махабатым үчүн
акылымды жоготуп, ал үчүн эркиндигимден ажыраганымдан баштап, маңдайыма
кимдир бирөөнүн өздүк мүлкү болушумду жазып койгон экен. Башка улуттан болгон
аялды сүйүп калганым үчүн кудай мени жазалады.
— Сен дүйнөдө ар дайым сулуу делип эсептелген аялдар себептүү кулга
айлангансың,— деди Френсис пеондун колу таңылган арканды кесип жатып. — Эми
өзүңдү өзүңө белек кылдым,— деп мойнуна чырмалган аркандын учун пеондун колуна
карматты. — Эми өзүңө өзүң кожоюнсуң. Эсиңде болсун: бул арканды эч качан эч кимге
карматпа.
Бул окуялар болуп жатканда капысынан узун бойлуу арык абышка кайдайдыр пайда
болуп калды. Анын катып бүткөн терисинин астындагы кабыргалары саналып турат. Ал
чыныгы майя уруусунун индейи эле. Эгер белиндеги белбоосун эсепке албаганда, ал
дырдай жылаңач болчу. Анын таралбаган чачтары мумия сыяктуу кургап, сөөктүү
бетине тарам-тарам болуп түшүп турат. Буту менен колундагы булчуң эттери
шалбырап калган. Кыйшык оозунда бир нече сынган тиши көрүнөт, маңдайы бырышып,
көздөрү болсо ичине тартылган, бирок эки кара мончоктой кареги безгек болгон
кишинин көздөрүндөй от болуп жанып турат.
Ал жыйылып турган адамдардын арасынан жыландай сойлоп өттү да, как сөөк
колдору менен пеонду кучактады.
— Бул менин атам,— деди пеон толкунданып. — Карагылачы муну. Бул чыныгы
майя, өз уруусунун баардык сырларын билет.
Эми эле бирин-бири тапкан ата- бала жаңылыктарды айтышканча Френсис
каракчылардын башчысынан тоо арасында адашып жүргөн Энрико Солано менен
балдарын таап, аларга эми закон куугунтуктабасын жана аларды үйлөрүнө эркин
кайтуу мүмкүндүгүн айтып коюусун өтүндү.
— Алар эч кандай жамандык кылган эмеспи? — деп сурады багачы.
— Жок, эч кандай,— ишендирди Френсис.
— Макул. Аларды тез табууга убада берем, анткени алардын кай жакты карап
баратканы бизге белгилүү. Аларды артыңыздан жээкке жиберебиз.
— Азырынча менин үйүмө жүрүңүздөр,— деп плантатор кубанычтуулук менен
сунуш кылды. — Плантацияма жакын Хучитан булуңунда жүк кемеси якорь таштап
турат, ал жакын арада Сан- Антониого жөнөшү керек. Асылзат Энрико менен балдары
Кордильерден кайтып келгиче кемени токтотуп турушум мүмкүн.
— Френсис болсо кеменин бекер турганы үчүн акы төлөйт,— деп шылдыңдады
Генри, муну Леонсия сезди, бирок Френсис байкаган жок.
— Албетте төлөймүн,— деди ал көңүлдүү,— бул чек дептеринин ар кандай жерде
пайдасы тиеринин далили!
Баары каракчылар менен коштошкондон кийин, пеон менен анын атасы
айланадагыларды таң калтырып, Моргандардын артынан ээрчиди, алар менен күйүп
жаткан нефть аянттары аркылуу ылдый түшүп, плантацияга — пеон нечен жыл кулдук
азабын тарткан жерге келишти. Ата менен бала ар бир кадам сайын Френсис, Леонсия
жана Генриге ыраазылыгын билдирип жатышты. Бул убакыттын ичинде алар өз ара
көпкө сүйлөшүштү. Энрико менен анын балдары плантацияга жетип келишип,
баардыгы жээкте күтүп турган кемеге карай жөнөгөндө, пеон менен анын атасы да
аларды ээрчиди. Френсис индейлер менен коштошмокчу болду эле, пеон алар да кошо
кетерин айтты.
— Мен кембагал эместигимди айткан болчумун,— деди пеон матростор угуп
калбасын деп Моргандар менен Соланолорду бир четке чыгарып. —. Чын айтам.
Конкистадорлор да, инквизициянын монахтары да таба албаган майя уруусунун
байлыгы кайда экенин билемин. Мен анын сактоочусумун. Тагыраак айтканда, менин
атам. Ал майя уруусунун байыркы эң жогорку жрецинин 1 түздөн-түз тукуму. Ал бул
уруунун акыркы жреци. Атам экөөбүз көпкө сүйлөшүп, байлык жашоодогу эң негизги
нерсе эмес деген чечимге келдик. Сиз мени эки жүз элүү песого сатып алып эркиндикке
чыгардыңыз, ал гана эмес өзүмдү-өзүмө белек кылдыңыз. Сиз бир адамга жашоо
тартууладыңыз, ошентип эми мен өзүмө-өзүм кожоюнмун. Мен ушундай пикирдемин,
атам да ушинтип ойлойт. Гринго менен испандар үчүн эң негизги нерсе байлык экен,
атам экөөбүз сиздерди майя уруусунун казынасына алып барабыз: атам жолду жакшы
билет. Тоого Хучитандан эмес, Сан-Антониодон жөнөш керек.
— Атаң чын эле казынанын кайда экенин билеби? Анык билеби? — деп сурады
Генри, анан Френсиске ушул казына үчүн кары Моргандын Музоо аралындагы
казынасын издөөнү таштап, материкке өткөндүгүн шыбырады.
Пеон башын чайкады.
— Атам эч качан ал жерде болгон эмес, анын эмне кереги бар — ага байлык зарыл
эмес. Атаке, өзүбүздүн байыркы тилибизде эмне жазылганын бир көрсөтчү, аны тирүү
майялардын ичинде бир сен окуй алат эмессиңби.
Чал белиндеги белбоосунун арасынан булганыч боз мешокту алды. Андан
түйдөктөлгөн, баардык жагы түйүлгөн ичке чылбырга окшош нерсени сууруп чыкты.
Бирок бул чыныгы чылбыр эмес, жыгачтын кабыгынан жасалган жип болгондуктан, кол
тийсе эле тытылып кетчүдөй көрүндү. Чынында да абышканын колу. тиери менен
чиринди төгүлө баштады. Индей кадимки майя тилинде дуба окуп, түйүндөрдү ачуудан
мурда аны бийик көтөрүп кастарлоо менен таазим кылды.
— Түйүн кат — байыркы замандагы майялар жазуусу, бирок азыр алардын тилин эч
ким билбейт,— деди Генри акырын,— эгер абышка окууну унутпаган болсо, буга
ишенүүгө болот.
Түйүн Френсистин колуна өттү, аны баардыгы кызыгып карай баштады. Бул чоң
жана кичинекей түйүндөр менен капталган жиптер тажрыйбасыз адам жасаган кистиге
окшош эле. Жиптер да бир кырка эмес, бири ичке, бири жоон, дагы бири узун, бири
кыска болчу. Чал түшүнүп болбой турган сөздөрдү угулар-угулмаксан айтып,
Жрец — кечил; бутпарас дининдеги курман чалуучу киши.
түйүндөргө колуп тийгизип чыкты.
— Ал окуп жатат!—деп салтанаттуу кыйкырды пеон.— Түйүндөр биздин кадимки
жазуубуз, аны атам китеп окугандай окуп жатат.
Леонсия менен Френсис жакшыраак көрүш үчүн ийилип карашып, кокусунан
баштары бир бирине тийип кетти — андан экөө тең чочуп, артка боло беришти, бирок
көздөр бири- бирине кадалып, алардын арасынан чагылган жаркылдагандай болду.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Үчөөнүн Жүрөгү - 11
  • Parts
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2042
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 02
    Total number of words is 4019
    Total number of unique words is 1984
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 03
    Total number of words is 4063
    Total number of unique words is 1956
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 04
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1937
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 05
    Total number of words is 4013
    Total number of unique words is 1969
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 06
    Total number of words is 3942
    Total number of unique words is 1992
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 07
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 1953
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 08
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 1964
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.7 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 09
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 1928
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 10
    Total number of words is 4016
    Total number of unique words is 1931
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 11
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 1949
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.4 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 12
    Total number of words is 4083
    Total number of unique words is 1827
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 13
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 1840
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 14
    Total number of words is 3982
    Total number of unique words is 1996
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    50.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 15
    Total number of words is 4044
    Total number of unique words is 1822
    32.2 of words are in the 2000 most common words
    44.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 16
    Total number of words is 4134
    Total number of unique words is 1877
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 17
    Total number of words is 4069
    Total number of unique words is 1870
    32.2 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 18
    Total number of words is 4033
    Total number of unique words is 1827
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 19
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 1999
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 20
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1985
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    52.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 21
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1991
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 22
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 1972
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 23
    Total number of words is 2004
    Total number of unique words is 1053
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.