Latin

Үчөөнүн Жүрөгү - 09

Total number of words is 4031
Total number of unique words is 1928
32.0 of words are in the 2000 most common words
44.1 of words are in the 5000 most common words
51.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
— Атканды билесиңби? — деп сурады андан Френсис.
— Өзүмдү кулдукка сатканыма чейин Кордильер тоосунда аңчылык кылчумун,
сеньор.
Френсис анын колуна автомат-тапанча карматты да, качан гана ок жаңылыш
кетпесине ишенгенден кийин ат деди. Френсис өзүнчө: «Территаунда азыр гольф ойноп
жатышат. Миссис Беллингхем клубдун верандасында отуруп алып, уттуруп койгон
акчасын кантип төлөрүнө баш катырып, мага да бере көр деп, кудайга жалбарып
жаткан болсо керек. Мен болсо бул жердемин, эх кудай— ай, жолумду нефть тосуп
турат...» — деп ойлоду.
Анын кыялын полиция башчысы, Торрес менен жандармдардын капысынан пайда
болушу бузду. Френсис аларга ок атты, ошол замат алар жок болушту. Анын аткан огу
бирөөнө тийдиби, же куугунчулар бир аз чегиндиби — муну ажырата албады. Алар
түздөн-түз кол салууга батынышпады, ошондуктан дарактарга жашынып, абайлап
аракеттенмек болушту. Френсис менен пеон да аларга окшоп, бадалдардын
арасындагы асканын артына жашынып, орундарын бат- бат алмаштырып турушту.
Бир сааттан кийин Френсистин мылтыгында бир ок калды. Френсистин акылы менен
коркутууларынан кийин пеондун тапанчасында эки ок калган эле. Бирок Леонсия менен
анын жолдоштору бул мезгилдин ичинде бир сааттай илгерилеп кетишти, анын үстүнө
Френсис каалаган убакта нефть дарыясынан өтүп жашырынышка ишеничи зор эле. Иш
анчалык жаман эмес болчу жана арты ийгиликтүү бүтүшү мүмкүн эле, бирок жогор
жактан дагы бир топ атчандар пайда болушту, алар да дарактарга жашынышып, ок ата
ылдый түшө баштады. Булар качкын пеонду издеп жүргөн плантатор менен анын
достору эле. Френсис болсо дагы бир полиция отряды изибизге түшкөн окшойт деп
ойлоду; анын үстүнө атчандардын ок атуусу Френсистин болжолун ырастап турду.
Пеон Френсистин жанына жылып келип, тапанчанын ичинде эки ок калганын айтып,
кайтарып берди да, анын ордуна ширеңке сурады. Андан кийин өзү капчыгайдан өтүп,
сиз да өтүңүз деп Френсиске белги берди. Френсис пеондун нээтин түшүнүп, анын
сөзүнө кирди, ыңгайлуу жаңы жайды ээлеп, жакындап келе жаткан отрядка карата
мылтыктагы акыркы окту атып, аларды капчыгайга карап чегинүүгө аргасыз кылды.
Акыркы минутада пеон ширеңке чагып таштаган нефть дарыясы жалынга айланды.
Дагы бир минутадан кийин тоо үстүндөгү нефть кудугунан атылып чыгып жаткан газ
күйүп асманга көтөрүлдү. Бир аздан кийин жалындын агымы дарыя бойлоп төмөнгө,
туура Торрес менен жандармдарды көздөй агып кетти.
Нефтинин жалындап күйгөн табынан алсырап суй жыгылчудай болгон Френсис
менен пеон тоонун боору менен жогору чыгып, кайрылып артына карашты, алар
нефтинин күйүп жатканын дагы бир жолу көрдү да, кайра чыйыр жол менен алга карай
чуркап жөнөштү.
ОНУНЧУ
ГЛАВА
Френсис менен пеон аман-эсен арылап качып кетишкенде, түбүндө нефть агып
жаткан капчыгай жалындуу дарыяга айланып кеткен болчу. Торрес менен жандармдар
үчүн тик кыядан жогору карай тырмышып чыгуудан бөлөк айла калбады. Плантатор
кенен анын жолдоштору да капчыгай ичинде жалындап күйүп жаткан өрттөн качып,
артка чегинүүгө аргасыз болушту.
Бат-бат артын карап бараткан пеон акырында куунактык менен биринчи кудук күйүп
жаткан жерден бир аз арыраакта пайда болгон экинчи жалынды көрсөттү.
— Дагы бири! — деп кубанды ал. — Кудук тиги жерде да бар болчу! Бүт баары
күйүп кетет. Аймакка бул дагы аздык кылат! Жеген келтектерим үчүн жазасын
тартышсын. Билесизби, төмөнүрөөктө бүтүн бир нефть көлү, ал эмес чоңдугу
Хучитандай келген нефть деңизи бар.
— Френсис плантатордун аз дегенде беш миллион баррель кара алтын сакталып
турган нефть көлү тууралуу сүйлөгөн сөзүн эстеди. Бул нефтини кемелерге жүктөө үчүн
деңиз жакка агызуу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, топурак менен тосулган жасалма
көлчүктөрдө ачык сакталчу.
— Сен канча турасың!— деп Френсис пеонго ишке тиешеси жок суроо берди.
— Пеон анын суроосун түшүнгөн жок. .
— Кийимдериң, үстүңдөгү нерселердин наркы канча турат?
— Жарым песо... жок, жарым песонун жарымы,— деп пеон уйпаланган кийимдерине
карап, муңайыңкы мойнуна алды.
— Дагы эмнең бар?
Байкуш пеон таптакыр кедей экендигин билдирип колун жазды да, кайгылуу жооп
берди:
— Карызымдан бөлөк эч нерсем жок. Карызым эки жүз дагы элүү песо. Бул
карыздан өлөр— өлгүчө кутула албайм: адам рак оорусунан кутула албагандай, мен да
карызымдан кутула албаймын. Ошондуктан плантатордун кулумун да.
— Хм! — деди Френсис, күлкүсүн тыя албай.— Демек сен эки жүз элүү песо
турасыңбы, баары бир арзыбаган акча, ал турсун сан да эмес, математиктин
түшүнүгүндөгү гана абстракттуу терс бирдик. Мына ушул ноль азыр миллион песо
турган нефтиге өрт койду. Эгер бул жерде топурак борпоң болуп, тез жуулуп кете
турган болсо, анда бүткүл нефти аянтын өрт каптайт — бул демек миллиард доллар
деген сөз. Билесиңби, сен эки жүз элүү доллар турган абстракттуу бирдик эмессиң, сен
чыныгы hombzeсиң!
Бул айтылган сөздөн пеон “hombze” дегенден бөлөгүн түшүнө алган жок.
— Мен адаммын,— деди ал сыймыктана көкүрөгүн кере канга боёлгон башын бийик
көтөрүп —Ооба, мен hombze, мен майямын.
— Сен майя уруусунансыңбы? — деди Френсис шектүү,
— Жарым— жартылай,— деп пеон анча каалабай мойнуна алды. — Атам чыныгы
майя. Ал Кордильерде жашачу, бирок майялык аялдар ага жакчу эмес. Ошол себептүү
ал жылуу жактардагы метис кызды жакшы көрүп калыптыр. Андан мен төрөлүпмүн;
бирок ал кийин Барбадостук негр менен качып кетет, атам болсо Кордильерге кайтып
келген. Атама окшоп менин маңдайыма да метис кызга ашык болуу жазылган экен. Ал
менден акча талап кылды, мен аны ушунчалык сүйчүмүн, акылымды жоготуп, өзүмдү
эки жүз песого сатып жибердим. Ошондон бери, же аны, же акчаны көрбөдүм. Беш
жылдан бери пеонмун. Беш жыл кул болуп, таяк жедим. Эмичи? Эми эки жүз гана эмес,
эки жүз элүү песо карыздармын.
Френсис Морган менен майя уруусунун жапакеч тукуму жолдошторуна жетүү үчүн
Кордильер тоосунун ичкерисине кирип бараткан кезде, Хучитандын нефтилүү
талаалары буркурап жанып жаткан убакта алды жакта, бир топ узак Кордильер
тоосунун дал борборунда шумдуктуудай окуялар күтүп жаткан болчу, бул окуялар
качкындар менен куугунтуктоочуларды: бир жагында — Френсис, Генри, Леонсия, анын
туугандары жана пеон, экинчи жагында — плантаторлор, полиция башчысы жетектеген
жандармдардын отряды, Риган убада берген акчаны гана алыш үчүн эмес, Леонсия
Соланону да өзүнүкү кылууга ашыгып жаткан Альварес Торрестерди тагдырдын бир
жиби бириктирмек эле.
Үңкүрдүн ичинде бир аял менен бир эркек отурушту. Метис аял жаш жана сулуу
эле. Ал арзан баалуу керосин менен күйүүчү чырактын жанында окуп жатты, анын
колундагы музоонун териси менен тышталган китеп Блэкстондун 1 испанча жазылган
китеби болчу. Эркек да, аял да жылаң аяк, чүмкөмөлүү узун, жеңсиз көйнөкчөн. Жаш
аялдын көйнөгүнүн чүмкөмөсү артка ташталып, калың кара чачтары далысына
жайылып турат. Чалдын чүмкөмөсү болсо так эле монархтардыкындай маңдайына
чейин түшүрүлгөн. Анын такыба, ойлуу жана кайраттуу кексе жүзүнөн темирдей
эрктүүлүктүн белгиси көрүнүп турду. Мындай жүз бир гана испандыктарда болот.
Мүмкүн, Дон Кихоттун жүзү да так ушундай болгондур. Абышканын көздөрү жумулган,
аны сокур караңгылык түбөлүк курчап алган эле. Ал жел тегирменди эч качан көрө
албайт жана аны менен согушууга чыга албайт болчу.
Абышка Родендин «Ойчулу» сыяктуу отуруп алып, сулуу метис кыздын окуганына
элейип кулак салууда, бирок чал кыялкеч эмес, Дон Кихот сыяктуу жел тегирмен менен
согушуу анын табиятына жат болчу. Дүйнөнү көрбөй калган сокурлугуна карабай, ал
кайраттуу эле.
Анын жан-дүйнөсү сокур эмес болчу, нерселерди жана окуяларды катасыз терең
түшүнүп, адамдардын жүрөгүн, жашыруун бузукулугун жана таза асыл ниеттерин көрө
алчу.
Ал колун жаңсап кызды токтотуп, окулгандар жөнүндө үн чыгарып ой жүгүртө
баштады.
— Адамдар жараткан закон,—деди акырын жана ишеничтүү,— азыркы кезде акыл
мелдешине окшойт. Алар акыйкатка эмес, софистикага негизденишет. Закондор
адамдардын жыргалчылыгы үчүн түзүлгөн, бирок аларды түшүндүрүүдө жана
колдонууда адамдар жасалма жолдор аркылуу барышат. Алар максатка жетчү жолду
максаттын өзү, аракеттин ыгын болсо анын бүткөн натыйжасы деп ойлошот. Ошого
карабай, закон — закон боюнча калат. Алар зарыл жана пайдалуу. А биздин
заманыбызда аларды туш келди колдоно беришет. Судьялар менин адвокаттар бирибири менен акыл ийкемин салыштырып мелдешишип, өздөрүнүн окумуштуу экенине
мактанышат, бирок өздөрүнчө акча төлөгөн жана алардан амалкөйлүк менен
акылмандуулукту эмес, акыйкат кылууну, чындыкты күтүп жаткан жабырлануучу жана
жооп берүүчүнү унутуп коюшат.
Ошого карабай карыя Блэкстондуку туура. Калыстык кан тамырында болгон
сыяктуу, закондордун негизинде ал асыл кишилердин чындык жана акыйкатка кызуу
умтулуулары жатат. Устат бул жөнүндө эмне дейт? «Судья менен адвокаттар абдан
эптүү чыгып калышты». Адамдардын жыргалчылыгы үчүн түзүлгөн закондор да
ушунчалык чеберчилик менен бузулду дейсиң, эми жазыксызды да, күнөөкөрдү да
коргоого жарабай калды. Бир гана семирип кеткен судьяларга жана өз душмандарынан,
ал эмес өкүм чыгаруучу судьялардан акылдуураак экендигин далилдей алышса, атакдаңк кубалап, курсак байлаган семиз ач көз адвокаттарга кызмат кылып жатат.
Абышка унчукпай калды да, дагы эле Родендин «Ойчулу» сыяктуу отурган абалда
ойго батты, анын бул көрүнүшү дүйнөнүн тагдырын таразага салып жаткандай эле;
метис кыз болсо окууну улантуу үчүн анын адаттагы белгисин күттү. Акыры чал терең
ойдон кутулуп, кайра сүйлөй баштады.
— Бирок бизде, Кордильер тоосунун Панама жагында, закон бардык күчү менен —
Блэкстон, Уилъям (1723—1780) — англиялык профессор-юрист, эл аралык чоң авторитетке ээ
болгон.
адилеттүү жана баары үчүн тең боюнча сакталып калды. Ал кээ бир кишинин пайдасы
үчүн, же байлардын жыргалы үчүн кызмат кылбайт. Адилеттүү жана калыс судьяга жука
кездемеден эмес, боз кендирден тигилген кийим жарашат. Оку, Мерседес. Эгер туура
окуса Блэкстондуку дайыма туура. Улантып оку! Блэкстон — бул инсан
адилетчилигинин негизи, бирок, оо кудай,—Блэкстондун ысмына жамынышып, акылдуу
адамдар кандай гана жамандыктарды жасашпайт.
Сокур философ он минутадай убакыттан кийин башын көтөрүп, абаны жыттап көрдү
да, кол жаңсап кызды токтотту. Кыз да аны туурап абаны жыттап көрдү.
— Оо Адилеттүү, мүмкүн бул чырак жытыдыр! — деп жоромолдоду кыз.
— Жок, нефть күйүп жатат,— деп сокур каршы болду. — Чырактын буга эч кандай
тиешеси жок. Анын үстүнө алыс жерде күйүп жатат. Капчыгай жактан атышуу да
уккансыдым.
— Мен эч нерсе укканым жок...—деп кыз сөз баштады эле, абышка анын сөзүн
бөлдү.
— Кызым, сен жарык дүйнөнү көрөсүң, ошондуктан сага меникиндей сезгич
кулактын кереги жок. Капчыгайда мылтык атылды. Балдарыма айт, эмне болуп
жатканын билип, мага кабарлашсын.
Жаш аял чалга урмат менен таазим кылып, эшикке илинген одеялды көтөрүп
сыртка чыкты. Чал сокур болсо да, аялдын ар бир аракетин угуп, сезип алууга көнүп
калгандыктан анын таазим кылганын билди. Үңкүрдүн оозунда эки пеон олтурган,
экөөнүн тең мылтык жана мачетеси бар, куруна бычак кыстарылган. Кыз аларга
буйрукту айтты: экөө тең ордунан туруп таазим кылышты, бирок кызга эмес, буйрук
берген киши отурган жакка карап таазим кылышты. Анан алардын бири азыр эле өзү
отурган ташты мачете менен уруп такылдатты да, кулагын төшөп тыңшап калды. Таш,
бүткүл тоо бойлоп өткөн жана ушул жерден жердин үстүнө чыккан кендүү жайды
бекитип турар эле. Ал эми тоонун аркы карама-каршы бетинде, Кордильер тоосунун
кооз жаратылышы көзгө урунган бүркүт уяда башка бир пеон отурган. Ал да кварц
ташына кулак төшөп, анан мачете менен ташты ургулап жооп берди. Андан кийин
жарымы куурап калган бийик дарактын жанына келди Дарак пеон олтурган жайдан
алты кадамдай ары жакта болчу. Ал көңдөйгө колун салып, ичинде асылып турган
арканды коңгуроо чалгандай тартты.
Бирок эч кандай үн угулган жок. Үндүн ордуна дарактын өзүнчө соройгон чоң бутагы
семафор сыяктуу өйдө-төмөн кыймылдады. Андан эки милче ары жактагы аскалуу
тоонун чокусунан так ушундай эле семафор— дарактын жардамы менен жооп болду.
Андан да ары жакка күзгү менен нурун чагылдырып, үңкүрдөгү сокурдун буйругун
билдиришти. Тез арада Кордильер тоосунун бул бөлүгү шыңгыраган кен катмары,
күндүн нуру менен шактардын кыймылдашы сыяктуу шарттуу тилде жанданып кетти.
Энрико Солано индей жигиттериндей болуп боюн тыкан кармап, атын таскактатып
бара жатты. Ал Френсистин куугунчуларды алаксыткандыгынан колдон келишинче
пайдаланууга аракеттенди. Алесандро менен Рикардо анын үзөңгүсүнөн кармап, эки
жагында чуркап баратты, Леонсия менен Генри болсо анчалык шашылышкан жок.
Френсис келе жатты бекен деп улам бир Леонсия бир Генри артына карап коюшат.
Генри бир шылтоо таап артына кайрылды. Беш минутадай убакыттан кийин Генри
сыяктуу Френсистен тынчсызданып жаткан Леонсия да атынын башын артка бурмакчы
болду. Бирок ат Соланонун атынан артта калууну каалабай тик турду да, анан жер
тепкилеп баспай койду. Леонсия ыргып түшүп, тизгинди жерге таштап, артын көздөй
жөнөдү. Панамалыктар атты тушап, же байлап отурушпайт. Генри Френсис менен
пеонду учуратканда кыз да тез чуркагандыктан аларга жетейин деп калган эле. Бир
минутадан кийин экөө тең — Генри менен Френсис — кыздын ойлонбой иш кылганына
кейишти, бирок ар биринин үнүндө махабат менен мээрим байкалып, бул болсо
атаандаштардын жүрөгүндө кызганыч ойготту.
Махабат аларды абдан бийлеп алгандыктан, башка эч нерсе тууралуу ойлошкон
жок. Ошол себептүү токойдон капысынан плантаторлордун отряды чыгып келгенде,
алар селейип катып калышты. Бат эле башына таяк тие баштаган качкын пеон алардын
арасынан табылганына карабай, пеондун кожоюну, Соланолор үй-бүлөсүнүн ишеничтүү
досу бул жерде болгондо Леонсия менен эки Морганга эч ким тийишпеген болор эле.
Бирок эки күндө бир кайталанып туруучу безгек плантатордун аргасын кетирген,
ошондуктан азыр күйүп жаткан нефть талаасына жакын жерде титиреп-калтырап
жаткан болчу.
Ошого карабай, пеонду сабап, аны тизе бүгүп ыраным суроого мажбур кылган
плантаторлор Леонсияга рыцарларча сылыктык менен мамиле кылышты. Аттарын
калтырып келген тоонун бооруна чыгуу мезгилинде Генри менен Френсистин колун
байлап коюшса да, аларга анча оройлук кылышкан жок. Тескерисинче, Латын
Америкалыктарга тиешелүү ырайымсыздык менен баардык каарын пеондон
чыгарышты.
Бирок туткундарды алып, көздөгөн жерге жетип баруу аларга буюрган эмес экен.
Капысынан тоонун боорунан кубанычтуу кыйкырып, өз башчылары менен Альварес
Торрес жетекчилигиндеги жандармдар пайда болушту. Тез эле баардыгынын тили
чыгып калды: түшүнүк берүүнү талап кылгандардын суроолору да, эмнегедир
түшүндүрүүгө аракеттенгендердин жооптору да бул ызы-чууда угулбайт. Баары бирибирине кулак салбай кыйкырып- өкүрүп, уу-дуу ашкан убакта Торс Френсиске баш
ийкеп, Генриге жеңиштүү, мазактаган түрдө карап койду да, Леонсиянын алдына келип,
чыныгы жигиттердей урмат менен баш ийди.
— Кулак салыңыз,— деп акырын сүйлөдү ал, кыздын жек көрүп турганын байкап. —
Менин нээтим тууралуу жаңылышпаңыз. Мени туура түшүнүңүз. Сизди куткаруу жана
ар кандай балакеттерден коргоп калуу үчүн бул жерде турам. Сиз кыялымдын
ханшасысыз. Мен сиз үчүн өлүмгө даярмын, бирок сиз үчүн жашоого дайым даяр
болсом да, кубаныч менен жанымды тартуу кыламын.
— Сөзүңүздү түшүнбөдүм,— деп кескин жооп берди кыз. — Азыр сөз биздин
жашообуз, же өлүмүбүз туурасындабы? Биз эч кимге жамандык кылганыбыз жок. Же
мен, же атам, же Френсис Морган, же Генри Морган. Ошондуктан, сеньор, биздин
жашообузга эч нерсе коркунуч салып жаткан жок.
Кыйкырык— өкүрүккө карабай, Генри менен Френсис, Леонсия менен Торрестин
сөзүн укпай калбас үчүн кызга жакыныраак келип турушту.
— Генри Морганды, албетте, асып өлтүрүшөт,— деп сөзүн бекемдеди Торрес. —
Атаңыздын бир тууган иниси, сиздин агаңыз Альфаро Соланону Генри өлтүргөнү
далилденген. Аны куткаруунун мүмкүнчүлүгү жок. Бирок Френсис Морганды куткарып
калышым мүмкүн, эгер...
— Эмне эгер? — деп сурады Леонсия, олжосун колуна түшүргөн жолборс сыяктуу
тиштерин кычыратып.
— Эгер мага ыйбаа карап, турмушка чыксаңыз,— деп Торрес сөзүн кебелбестик
менен бүтүрдү. Колдору байлануу, начар абалда турушкан эки грингонун көзүндө
Торрести турган жеринде өлтүрүп жибергилери келгени көрүнүп турду.
Торрестин чын жүрөктөн ышкысы ташкындап, Леонсиянын колдорун кармады,
бирок андан мурда Моргандар жакка аяр көз таштап, алар өзүнө эч кандай зыян
келтире албастыгына дагы бир жолу ишенди.
— Леонсия,— деди ал жалынычтуу,—эгер сизге эр болсом, Генриге да кандайдыр
пайдам тийиши мүмкүн. Эгер ал Панамадан тез чыгып кетүүгө ыраазы болсо, балким
анын өмүрүн сактап калармын.
— Испандын гана ити! — деп кыжырданды Генри, артына кайыра байлаган
колдорун бошотууга пайдасыз аракет жасап.
— Сен өзүң Американын итисиң! — деп кыйкырды Торрес, анан кулачын керип,
Генрини тишке уруп жиберди.
Ошол замат Генри Торрести бөйрөккө тепкендиктен, ал өзүн кармай албай Френсис
жакка темтеңдеп кетти: Френсис да токтоп турбай аны экинчи бөйрөккө тепти. Алар
Торрести бири- бирине топтой тоголотуп жатышты, жандармдар акыры аларды кармап,
колдорунун байлануусунан пайдаланып, ура баштады. Торрес жандармдарды көкүтүп
гана тим болбостон, өзү да бычагын сууруп чыкты: латын америкалыктын каны
кызыганда кан төгүлбөй калбагандай, бул жолу да иш кандуу кырсык менен бүтөрү
анык эле, бирок ушул маалда жыйырмага жакын куралдуу атчан кишилер ың-жыңсыз
калың токойдон чыгып, акырындык менен өкүмдү оз колдоруна алышты. Бул сырдуу
бейтааныш кишилердин кээ бирөөлөрү матадан кийим кийип, кээ бирлери узун
көйнөкчөн эле.
Жандармдар менен плантаторлор чокунуп, дуба окушуп, коркунуч менен артка
чегиништи.
— Сокур каракчы! Каардуу судья! Булар ошонун адамдары. Өлдүк! — деген үндөр
чыгып жатты "ар тараптан.
Бир гана киши — жабырланган пеон гана алга умтулду, сокур каракчынын
адамдарына башчылык кылып жаткан олуттуу кишинин астына канга бөлөнгөн тизесин
бүгүп чөгөлөдү, пеон арызданып, адилеттик тууралуу суранды.
— Кандай адилеттикти сурап жатканыңды билесиңби өзүң? — Деп отряд башчысы
коңур үн менен сурады.
— Ооба, Каардуу Адилеттик жөнүндө,— деп жооп берди пеон. — Каардуу
Адилетикке кайрылуу эмнелигин билемин, ошондой болсо да кайрыламын, себеби
адилеттикке чаңкап турам, ишим болсо ак.
— Мен да Каардуу Адилеттикти талап кыламын,— деп кыйкырды Леонсия көздөрү
жанып. Анан Френсис менен Генриге акырын сөз катты: — Бул Каардуу Адилеттик
кандай болушуна карабай.
— Торрес менен полиция башчысынан күтө турган адилеттиктен жаман болбосо
керек,— деп шыбырады Генри кызга, анан алдыга чечкиндүү кадам коюп, отряд
башчысына үн катты: — Мен да Каардуу Адилеттикти талап кыламын.
Башчы башын ийкеди.
— Мен да,— оболу шыбырап, анан катуу айтты Френсис.
Сыягы жандармдарга баары бир эле, плантаторлор болсо, Сокур каракчы кандай
өкүм чыгарса, ошого баш ийишерин билдиришти. Бир гана полиция башчысы
нараазылык билдирди.
— Мүмкүн менин кимдигимди билбестирсиз? — деп сурады ал керкейип. — Мен
Мариано Верхара- и- Ихосмун, кадимки беделдүү байлардын урпагынанмын, түпкү атабабаларым дайыма чоң иштерде турушкан. Мен Сан-Антонио полициясынын башчысы,
губернатордун жакын досу, Панама республикасынын өкмөтүнө ишеничтүү адаммын.
Мен өзүм законмун. Жалпы мамлекетибизде бүткүл Панама үчүн, Кордильер үчүн да
бир гана закон бар. Бул тоого өзүңөр орноткон жана силер Каардуу Адилеттик деп атап
жаткан законго каршылык билдиремин. Сокур каракчыңызды камакка алуу үчүн аскер
жиберемин; аны СанХуан түрмөсүнө салып, этин куштарга жем кыламын.
— Сиз азыр Сан-Антониодо эмес, Хучитан токоюнда экендигиңизди
унутпастыгыңызга кеңеш берем,— деп Торрес жинденип жаткан полиция башчысына
шылдыңдуу эскертти. — Анын үстүнө бул жерде эч кандай армияңыз да жок.
— Мына бул экөө Каардуу Адилеттикти талап кылып жаткан адамдардын бирөө—
жарымын капа кылганбы? — деп кескин сурады башчы.
— Ооба,— деди пеон. — Алар мени сабашты. Баары мени сабашты. Эч кандай
себепсиз мына булар да мени урушту, колдорумдун жоору чыгып, бүткүл денем
канталап көгөрүп кеткен. Мен дагы ырайым кылууңуздарды жана мына бул экөөнү
айыптаймын.
Башчы баш ийкеп, ишара менен өзүнүн адамдарына туткунга түшкөндөрдү
куралсыздандырып, жолго түшүүнү буюрду.
— Адилеттикти!.. Мен да баары үчүн бирдей адилеттикти талап кыламын! — деп
кыйкырды Генри. — Менин колум артыма кайрылып таңылып коюлган. Же баарынын
колу байлансын, же биздин да колубузду чечишсин. Байланган боюнча кишинин жол
жүрүшү кыйын.
Башчынын жүзүндө күлкүнүн белгилери пайда болду жана ал өзүнүн адамдарына
жипти кесүүнү буюрду. Бул Генринин датынын адилеттүүлүгүнүн далили эле.
— Өх! — деп Френсис Леонсия менен Генриге амалкөйлүк менен карап койду. —
Эгер эсимден чыкпаган болсо, мындан бир миллион жыл мурда Нью-Йорк деп аталган
бир тынч элет шаарда жашачумун, өзүбүздү баёлук менен жан кечти баш кесер катары
самачубуз, анткени гольф ойночубуз, Таммаий-Холл 1 менен согушчубуз, бир күнү
полиция инспекторун электр стулуна жөнөтүүгө жардамдашканбыз жана көзүнө
карабай болушунча пара алчубуз.
— Эх! — деп кыйкырды Генри арадан жарым саат өткөндөн кийин, алар тоо
чокулары даана көрүнө турган жерге чыгышканда. — Ой, шайтандар ой! Бул узун
көйнөк кийген куралдуу жигиттер анчалык жапайы эмес экен го. Карачы, Френсис!
Бүтүндөй бир сигнал берчү система! Тетиги даракты көрүп турасыңбы, андан ары
жагындагы чоң дарактын бутактарынын силкинип жатканын кара.
Акыры бир нече миль жолду туткундардын көздөрүн таңып алып барышты, анан
алардын көздөрүн чечишпей, Каардуу Акыйкат бийлик кылган үңкүргө алып киришти.
Көздөрүн чечишкенден кийин, туткундар кенен жана бийик үңкүргө кирип
калышкандарын байкашты. Үңкүрдү абдан көп шамдар жарык кылып турат, бет
алдыларында таштан оюп жасалган такты үстүндө сокур абышка: бут алдында анын
тизесине далысын жөлөп сулуу метис кыз отурат.
Сокур чал сүйлөй баштады; анын үнү күмүш коңгуроонун үнүндөй таза жана бийик,
сөзү — көп жашаган жана оор турмуштун тажрыйбасын арыткан даанышман
кишилердикиндей олуттуу эле.
— Силер Каардуу Адилеттикти талап кылыпсыздар. Кулак силерде. Калыс жана
адилеттүү законду ким талап кылып жатат?
Баардыгы эрксизден артка чегиништи, ал эмес полиция башчысы да Кордильер
закондоруна каршы турууга батына албады.
— Араңарда аял киши бар экен,— деп сөзүн улады Сокур каракчы. — Биринчи
болуп ошол сүйлөсүн. Баардык пенденин — эркектердин да, аялдардын да — күнөөсү
болот, же жок дегенде айлана-тегерегиндегилер күнөөлүү деп ойлошот.
Генри менен Френсис Леонсияны токтотмокчу болушту, бирок ал экөөнө тең
жылмаюу тартуулап. Адилет калыска коңгуроодой үнү менен даана— даана сүйлөдү:
— Мен жигитимди адам өлтүрдүң деп негизсиз күнөөлөп асмакчы болушканда,
кутулуп кетүүсүнө жардам берген элем, болгон күнөөм ушул.
— Сөзүңдү уктум,— деди сокур каракчы.— Эми мага жакыныраак кел.
Узун көйнөк кийген кишилер Леонсияны сокурдун алдына алып келип, тизе бүгүүгө
мажбур кылды; ага ашык болгон эки Морган тең кыздын ар бир аракетин тынчсыздануу
менен карап турушту. Метис кыз чалдын колун Леонсиянын башына койду. Бир минут
үңкүрдө салтанаттуу тынчтык өкүм сүрдү. Чал колун кыздын маңдайына коюп,
тамырынын согушун кармалап, Леонсиянын маңдайында турду. Анан ал колун кармап,
боюн артка таштады да, ойлоно баштады.
— Тур, сеньорита,— деди ал. — Сенин жүрөгүңдө жамандык жок. Сен эркинсиң...
Дагы ким Каардуу Адилеттикти талап кылат?
Френсис ошол замат алдыга кадам койду:
— Мен да адилетсиздик менен өлүмгө өкүм кылынган ошол адамдын кутулушуна
жардамдашкам. Биз алыс тууганбыз, фамилиябыз да бир.
Таммани-холл — Нью-Йорктогу алдынкы көз караштагы партиялык уюм.
Френсис да тизе бүктү жана чалдын жумшак манжалары анын каштары менен
чыкыйын сыйпагылап, анан билегинен кармап, тамыр согушун байкаганын сезип турду.
— Мага баары түшүнүктүү эмес,— деди сокур. — Жүрөгүңдө тынчтык, токтоолук
жок. Сени бир нерсе кыйнап жатат.
Ушул мөөнөттө пеон капысынан алдыга чыгып, уруксатсыз эле сүйлөй баштады.
Анын үнүн угуп, айланада турган кишилер, ал бир кудайга тил тийгизген немеден бетер
селт этип кетишти.
— Оо, Адилеттүү, бул адамды коё бер,— деп жалбарды пеон. — Бүгүн мен
алсыздык кылып, аны эки жолу душмандарына саттым, ал болсо бир күндө эки жолу
мени коргоп, душмандарымдан куткарып калды.
Ушундай деди да, пеон бүгүн көп чөгөлөгөнү менен, адилеттүү закон жүргүзүүчүнүн
алдында биринчи жолу тизе бүктү. Ар кандай ырым-жырымга ишенген неме,
коркконунан калтырап жана алсырап, алдында качандыр бир кезде адам баласы тизе
бүккөн бөтөнчө судьянын манжалары маңдайын жеңил жана тез сыйпалап жатканын
сезип турду. Бул бармактар пеондун денесиндеги, ал гана эмес далысы менен
артындагы баардык тырыктарын жана тактарын текшерип чыкты.
— Тиги адам да эркин болушу мүмкүн! — деп жарыялады Адилеттүү калыс. —
Ошондой болсо да аны бир нерсе кыйнап жатат. Кеп эмнеде экендигин биле турган,
бизге айтып бере турган адам жокпу бул жерде?
Сокур анын жүрөгүндөгүлөрдү сезгендигин Френсис дароо түшүндү: аны Леонсияга
болгон махабаты кыйнап жатты жана анын Генриге берилгендигине салакасы тийбесе
экен деп коркчу. Муну Леонсия да абдан тез түшүндү, жаштар бири-бири менен
түшүндүм дегендей маанилүү карап алышканын, анан экөөнүн уялышып көздөрүн ала
качкандыгын сокур чал байкаганда, Френсистин толкундангандыгынын себебин катасыз
билип алган болор эле. Метис кыз болсо муну байкады жана бул махабаттын итпи
экенин түшүндү. Бул Генринин да көз жаздымында калган жок, анан ал эрксизден
кабагын бүркөдү.
Адилеттүү абышка кайрадан тилге кирди.
— Бул махабат менен байланыштуу болсо керек,— деди ал. — Аял заты дайыма
эркектердин жүрөгүнө салып келаткан азап. Ошондой болсо да бул адамга эркиндик
беремин. Ал бир күндө өзүн эки жолу саткан адамга эки жолу жардамга колун созгон.
Аны кусалык эзип жатат — ошого карабай ал өлүмгө себепсиз өкүм кылынган кишиге
жардам берген. Ал адамды да сынап көрүш керек. Мындан сырткары алдыма тизе
бүгүп турган, өзүн куткарып калыш үчүн бүгүн эки жолу эрксиздик кылган, азыр болсо
өзү жөнүндө унутуп салып, азаматтык жана эрдик көрсөткөн, ырайымсыз токмоктолгон
пеонду эмне кылууну да чечүү керек.
Ал ийилип пеондун өңү — башын сыйпалап көрө баштады.
— Сен өлүмдөн коркосуңбу? — деп капысынан сурады ал.
— Оо Улуу жана ыйык адам, абдан коркомун! — деп жооп берди пеон.
— Андай болсо бул адам жөнүндө калп айттым деп айт. Анын эки жолу жардамга
колун созгону калп деп айтсаң, аман каласың.
Пеон бүрүшүп, сокурдун манжалары астында унчукпай туруп калды.
— Жакшылап ойлонуп көр,— деп абышка ага катуу эскертти. — Өлүм —
коркунучтуу. Түбөлүк жансыздыкка айлануу, топурак менен ташка окшоп катып калуу —
коркунучтуу эмей эмне! Калп сүйлөдүм десең, өз өмүрүңдү сактап каласың. Кана,
сүйлө!
Пеондун үнүндө коркуу сезилип турса да, өзүн айкөл жана баатыр кишилердей
кармоого күч тапты.
— Оо ыйык адам, мен бул адамды эки жолу саттым. Мен Петр эмесмин да,
ошондуктан ага үчүнчү жолу чыккынчылык кылбайм. Мен өлүмдөн абдан корком,
ошондой болсо да үчүнчү жолу чыккынчылык кыла албаймын.
Сокур калыс денесин артка таштады, жүзү ички бир нур менен жарык болгондой,
өзгөрүп кетти.
— Жакшы айттың! — деди ал. — Жүрөгүң — чыныгы адамдын жүрөгү. Эми менин
өкүмүмдү ук: ушул мөөнөттөн баштап өмүрүңдүн акырына чейин адамдарча ойлойсуң
жана адамдарча иштейсиң. Мал сыяктуу түбөлүк жашагандан көрө, адам сыяктуу өлгөн
жакшыраак. Экклезиастыкы туура эмес. Өлгөн арстан тирүү чычкандан өйдө! Бар эми,
кайрадан төрөлгөн уулум, сен эркинсиң!
Метис кыздын белгиси менен пеон ордунан туруп жатканда сокур калыс аны
капысынан токтотуп калды.
— Бүгүн гана адамга айланган киши, мага айтчы, баардык кайгы- муңуңдун башкы
себеби эмнеде?
— О Адилеттүүм, менин байкуш жүрөгүм жылуу жердик каны аралаш аял
махабатына зар эле. Ошо деп плантаторго эки жүз песо карыз болдум. Ал болсо
акчаны алып башка бирөө менен качып кетти. Мен плантаторго кул болуп калдым. Ал
жаман адам эмес, бирок плантатор да. Мен эмгек кылдым, келтектерге чыдадым, беш
жыл азап чектим, а карызмын азыр эки жүз элүү песого жетти; менин сөөгүм менен
теримден башка эч нерсем калган жок, кийимдерим да минтип самтырап кеткен.
— Ошол аял абдан жакшы беле? — деп сокур калыс мээримдүү сурады
— О ыйык адам, ал үчүн акылымдан адаштым. Азыр ойлосом, жакшы деле аял
эмес экен. Бирок ошол убакта мага андан сонун аял жок эле. Ага болгон махабатым
жүрөгүм менен акылымды алып, өзүмдү кулга айландырды. Ал болсо биринчи түнү эле
качып кетти. Андан бери аны көрө элекмин.
Пеон тизе бүккөн калыбында башын ийип күтүп турду. Сокур каракчы болсо,
баардыгын таң калтыра, терең күрсүнүп, баардык нерсени унуткан сыяктуу болду. Анан
колун эрксизден метис кыздын башына коюп, жалтыраган капкара чачтарын сылады.
— Аял... —деп ушунчалык акырын сүйлөдү, анын таптаза коңгуроо сыяктуу
сыйкырдуу үнү азыр шыбырагандай угулду.— Түбөлүк аял, сулуу аял! Баардык
аялдар... эркектер үчүн сулуу Алар аталарыбызды сүйүшкөн; алар бизге өмүр
тартуулаган; биз аларды сүйөбүз; кыздарын сүйүп жана аларды сулуум деп атасын
үчүн бизге уул төрөп беришет — дайыма ушундай болгон, жер жүзүндө адам жана
адамдык махабат бар жана ар дайым ушундай болот.
Үңкүрдө тынчтык өкүм сүрдү, Каардуу калыс болсо өз ою менен алек болду. Акыры
сулуу метис кыз жароокерлик менен аны түрттү да, дагы эле алдыда тизелеп отурган
пеонду эстөөгө мажбур кылды.
— Өкүмүм мындай,— деди сокур,— сен көп токмок жеген экенсиң. Денеңе тийген ар
бир токмок плантаторго кайтарылган карызың болгон. Сен эркинсиң Бара бер. Бирок
тоодо кал. Аялдарды сүйгүң келсе, деги эле аялдарсыз эркектердин турмушу турмуш
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Үчөөнүн Жүрөгү - 10
  • Parts
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2042
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 02
    Total number of words is 4019
    Total number of unique words is 1984
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 03
    Total number of words is 4063
    Total number of unique words is 1956
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 04
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1937
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 05
    Total number of words is 4013
    Total number of unique words is 1969
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 06
    Total number of words is 3942
    Total number of unique words is 1992
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 07
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 1953
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 08
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 1964
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.7 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 09
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 1928
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 10
    Total number of words is 4016
    Total number of unique words is 1931
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 11
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 1949
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.4 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 12
    Total number of words is 4083
    Total number of unique words is 1827
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 13
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 1840
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 14
    Total number of words is 3982
    Total number of unique words is 1996
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    50.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 15
    Total number of words is 4044
    Total number of unique words is 1822
    32.2 of words are in the 2000 most common words
    44.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 16
    Total number of words is 4134
    Total number of unique words is 1877
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 17
    Total number of words is 4069
    Total number of unique words is 1870
    32.2 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 18
    Total number of words is 4033
    Total number of unique words is 1827
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 19
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 1999
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 20
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1985
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    52.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 21
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1991
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 22
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 1972
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 23
    Total number of words is 2004
    Total number of unique words is 1053
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.