Latin

Үчөөнүн Жүрөгү - 16

Total number of words is 4134
Total number of unique words is 1877
31.3 of words are in the 2000 most common words
44.9 of words are in the 5000 most common words
52.2 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
— Эми экинчи жаңылыштык болоор ээ? — деп ызалантты ал чөйчөктү бошоткондон
кийин.
— Жок, ханышам! — деп жооп берди Торрес. — Азыр эс-акылым ордунда, өзүмдү
токтотууга кудуретим бар. Тагдыр Френсис Морганды — сенин колуңду өпкөн жигитти
— тандады: ал сенин эриң болот.
— Бул айтканың туура,— деди кыз салтанаттуу. — Мен Аалам Күзгүсүнөн так
ошонун өңүн көргөнмүн, анын меники экенин да дароо сезгенмин.
Анын сөзүнөн демдене түшкөн Торрес кебин улады:
— Мен анын досумун, эң жакын досумун. Сен билбеген нерсе жок, колуктуга сеп
берерин да билсең керек. Ал мени, эң жакын досун, колуктусунун канча себи бардыгын
билип келгенге жиберди. Анын өз өлкөсүндө эң бай адамдан экендиги сага белгилүү
болсо керек.
— Бери кел,— деп буюрду ханыша.
Торрес босогодон аттап, бул бөлмө ханышанын жатчу бөлмөсү экенин туйду. Бирок
ханыша бат кыймылдап, калай менен капталган оор сандыктын капкагын ачып туруп
чакыргандыктан бөлмөнү карап чыгууга мүмкүнчүлүк болбой калды. Ооба, кыз
акыйкатты айткан эле! Сандыкта кымбат баа таштар, бриллиант, каухар, зымырат жана
сапфирлер жүгөрүнүн данындай үйүлүп жаткан.
— Колуңду сандыктын түбүнө чейин батыр,— деди ханыша, — булар жөнөкөй айнек
эместигине, кыял же түш эмес, арийне кымбат баалуу таштар экендигине ишен.
Ошентсең гана мага үйлөнө турган дөөлөттүү досуңа анык Жооп бере аласың.
Эски шараптын таасири менен Торрес анын айтканын кылды.
— Кантип эле ушул айнектер сага ажайып болуп көрүнсүн? — деп сурады ханыша
аны шылдыңдап күлүп. — Алдыңда айтып бүткүс укмуш тургандай тигилип калдың.
— Жарык дүйнөдө ушундай казына бардыгы түшүмө да кирген эмес эле,— деп
күбүрөдү ал, өзүн таптакыр жоготуп.
— Буларга баа жокпу?
— Ооба, буларга баа жок.
— Булар эрдик, махабат жана намыстан да кымбатпы?
— Булар баардык нерседен кымбат. Бул казына акылдан адаштырып жибериши
мүмкүн.
— Ушул байлыкка аялдардын, же эркектердин чыныгы махабатын сатып алууга
болобу?
— Бул байлыкка бүтүн дүйнөнү сатып алууга болот!
— Эмне деп жатасың? — деди ханыша. — Мына сен эркек кишисиң, аялдарды
кучагыңа алып көргөнсүң. Кантип эле ушул таштарга аялдарды сатып алууга мүмкүн
болсун?
— Дүнүйө жаралгандан бери аялдарды ушундай таштарга сатышкан жана сатып
алышкан. Мындай таштар үчүн аялдар да өздөрүн сатышат.
— Ушул таштар менен досуң Френсистин жүрөгүн сатып алышым мүмкүнбү?
Ошондо гана Торрес биринчи жолу анын жүзүнө карады да, баш ийкеп кобурады.
Шараптан улам жана ушунчалык көп кымбат баа таштарды көргөндүктөн анын көздөрү
алайып кеткен эле.
— Сенин оюңча, досуң Френсис да бул таштарды сендей кадырлайбы?
Торрес дагы унчукпай баш ийкеди.
Ханышанын күлкүсү үй ичин жаңыртып жиберди,. анын күлкүсүнөн жек көргөндүк
сезилди. Ал ийилип туруп, баалуу таштардан бир ууч колуна алды.
— Жүр,— деп буюрду ал. — Бул таштар мен үчүн канчалык кымбаттуу экенин
көрсөтөмүн.
Ханыша Торрести бөлмөнүн ичинен суунун үстүнө курулган балконго алып чыкты.
Бул балкон үйдүн үч жагына айландыра курулуп, төртүнчү жагы аскага барып такалчу.
Асканын таманындагы прим буркан-шаркан түшүп жатат. Торрес Моргандар күмөн
кылган көлдүн тешиги ушул жерде болсо керек деп ойлоду.
Ханыша болсо конгуроодой күлкүсү менен аны шылдыңдап, колун жайды да баалуу
таштарды айлампанын ортосуна ыргытты.
— Мен үчүн булардын кадыры мына ушундай,— деди ал.
Торрес таңданып калган эле, ал мындай ысырапкерчиликти көрүп дароо өзүнө
келди, ичкен шарабынын таасиринен кымындай да калган жок.
— Булар эч качан колума кайтып келбейт! — деп күлүп сөзүн улады ханыша. — Ал
жерден эч нерсе кайтып келбейт. Карап тур!
Ал сууга гүлдесте таштады, гүлдесте айлампа чуңкурунда чарк айланды да, жок
болду.
— Эгер ал жерден эч нерсе кайтып келбесе, анын баары кайда кетет,— деп
киркиреп сурады Торрес.
Бул жол менен көп адамдар кеткен,— деди ханыша ойлуу. — Алардын бири да
кайтып келген эмес. Менин апам да ушул жолдон кеткен — ал өлгөндөн кийин ушул
жерден таштап жиберишти. Мен ал кезде кичине болчумун. — Капысынан ал өзүнө
келип: —Эми туулга кийген адам, жөнө! Көргөнүңдү кожоюнуңа барып айт, мен досуңа
барып айт демекчи элем. Менин себимдин кандай экендигин ага жеткир. Эгер анын
ушул таштарга сеникинин жарымынчалык эле ыкыласы болсо, анын колдору белиме
чырмалат. Мен болсо ушул жерде калып, ал келгиче ой-кыялдын толкунунда болом.
Мен суунун агымын көпкө тамаша кылышым мүмкүн.
Торрес кетиш жөнүндө буйрук алгандан кийин, жатаканага өттү, анан ханышанын
эмне кылып жатканын көрүш үчүн ошол замат бутунун учу менен артына кайрылды.
Ханыша балкондо маңдайына колун жөлөп иримге карап турган. Аны көрүп, Торрес
шап сандыктын капкагын ачып, бир ууч ташты чөнтөгүнө салды. Бирок экинчи жолу
сандыкка колун салып жатканда, артынан ханышанын уулуу күлкүсү угулду.
Коркунуч менен каар аны ушунчалык курчап алгандыктан, ханышага карай
жүткүндү; ханыша балконду көздөй качты, Торрес артынан кууду, мына эми кармадым
дегенде, ханыша ага канжар кезеди.
— Ууру,— деди ханыша токтоо. Уяты жок ууру. Өрөөнүбүздөгү бардык уурулардын
тагдыры — өлүм. Азыр сакчыларымды чакырам да, сени иримге таштоону буюрамын.
Иштин күтүлбөгөн жерден тескери кетиши Торрести бүткүл айласын жумшоого
мажбурлады. Ал ханыша таштап жиберем деп коркуткан көбүктүү сууга карады да, ал
жерден коркунучтуу бир .нерсе көргөндөй кыйкырып жиберип, бир бутун бүгө тизелеп,
шадылуу колдору менен жасалма коркуудан бүрүшкөн кебетесин жашырды. Ханыша
башын буруп, Торрес караган жакка назарын бурду. Торреске ушул гана керек болчу.
Ал ханышага жолборстой атырылып, колдон кармады да, канжарын тартып алды.
Али өзүн колго ала албаган Торрес кыска-кыска дем алып, жүзүндөгү терин
аарчыды. Ханыша болсо ага кызыга кымындай да коркпой карап тура берди.
— Сен иблистин кызысың,— деди Торрес жек көрүү менен дагы эле өзүн колго ала
албай,— жин-шайтандардын тилин билген азезилдин өзүсүң! Бирок ургаачыдан
төрөлгөн аялсың, демек сени өлтүрүүгө болот. Сен баардык жаныбар аялдар сыяктуу
алсызсың, ошондуктан сага тандоо укугун беремин. Же сени иримге таштап өлтүрөмүн,
же болбосо...
— Же болбосо эмне? — деп сурады ханыша.
— Же... — ал тыным алып, кургап кеткен эриндерин жалады: — Жок! Кудай урсун!
Мен коркпойм! Же болбосо бүгүн эле мага тиесиң! Танда!
— Сен мага ашыктыктан үйлөнөсүңбү, же байлыгым үчүнбү?
Байлыгың үчүн,— деди бети чымырабай Торрес.
— Бирок Турмуш Китебинде Френсиске чыгарым жазылган да,— деп нааразылыгын
билдирди ал.
— Эмне болмок эле. Турмуш Китебинин ошол барагын кайрадан жазабыз.
— Мындай кылуу мүмкүндөн бетер айтасың! — деди ханыша шылдыңдай күлүп.
— Андай болсо мен сенин өлүшүң мүмкүндүгүн далилдеймин, иримге гүл
таштагандай, сени да таштап жиберем.
Азыр Торрес чынында да баатыр эле. Эски күчтүү шарап канын кызытып, анын
үстүнө ханышанын колунан канжарды тартып алып, күчү ашып-ташып тургандыктан
баатыр болуп кеткен эле. Ал чыныгы Латын Америкалык болгондуктан, өзүн көрсөтүү
жана сөзмөрлүгүнө эрк берүү мүмкүнчүлүгү болгон сахнадан ыракаттанбай кала албайт
болчу.
Ал капысынан чыккан ханышанын ышкырыгынан чочуп кетти — Латын
Америкалыктар адатта кызматчыларын ушинтип чакырышат. Торрес ханышага
шектенип карады, анан жатакананын эшигине, кайра ханышага карады.
Босогодо элес сыяктуу — Торрес көз кыры менен элес булас көрүп калды — чоң
боз ит пайда болду. Торрес иттен коркуп артына чегинди. Бирок бут коюучу орун таба
албай, иримге түшүп кетти. Ал жан далбастай кыйкырып, артынан ит да сууга секирип
түшкөнүн көрдү.
Торрес сууда сүзгөндү жакшы билгени менен иримде өзүн чөптөй сезди. Алиги
Кыялкеч балкон тосмосуна ийилип, сыйкырлагандай төмөндү карап, ирим оболу
Торрести анан итти кучагына тартып кеткенин көрдү.
ЖЫЙЫРМАНЧЫ ГЛАВА
Алиги Кыялкеч буркан-шаркан түшүп жаткан сууну дагы көпкө карап турду. Анан
улутунуп: «Байкуш итим!» — деп боюн түзөдү. Торрестин өлүмү аны кенедей да
кайгырткан жок. Ал кырылып бараткан жарым жапайы уруусунун өмүрү менен өлүмүнө
жашынан өкүм чыгарып үйрөнүп калган, адамзаттын өмүрү ага кандайдыр ыйык
нерсеге окшочу эмес. Адамдын турмушу жакшы, сулуу боло баштаса, ага өмүрүнүн
акырына чейин жашоо мүмкүнчүлүгүн бериш керек. Эгер ал жаман, адепсиз жолго
кирип, башкалар үчүн кооптуу болсо — андай адамга кайгырууга болбойт: өлө берсин,
андайларды 'өлтүрүп коюуга болот. Ханышанын адамдарга көз карашы мына ушундай
эле. Ошондуктан Торрестин өлүмү ал үчүн көңүлсүз бат өтүп кетчү окуя бойдон кала
берди. Ал итине гана боору ооруду.
Ханыша өз түнөгүнө кирип, катуу кол чаап кызматчысын чакырды. Кымбат баа таш
салынган сандыктын капкагы дале ачык турган. Кызматчыга буйрук берип ханыша
кайра айванга чыкты, себеби ал жерден бөлмөдө эмнелер болуп жатканын байкатпай
карап турууга ыңгайлуу эле.
Бир нече мүнөттөн кийин кызматчы бөлмөгө Френсисти ээрчитип кирди да, аны
жалгыз калтырып чыгып кетти. Жигит ойлуу болчу. Леонсиядан кечип кетүү канчалык.
асылдык болгону менен ага жеңил болгон жок. Адашкан Жандарга өкүмүн өткөргөн, көл
боюндагы ушул үйдө жашаган көркөм аял менен боло турган нике да аны кубанта
албады. Туура, аялды көргөндө Торрес сыяктуу коркуп калтаарыбайт, тескерисинче,
Френсистин ага боору ооруй1'. Оп гүлүнөн бир гүлү ачыла элек бул сулуу аялдын
аянычтуу абалы анын жүрөгүн ачыштырат. Байкуш аял бой көтөрүп баарын
башкарганына карабай, махабат, өмүр шеригин табууга бүт ынтаасын коюп
умтулганына кайдыгер тура албайсың.
Френсис кайсы жерде экендигин айланага бир жолу назар салып эле түшүндү да,
эрксизден: ханыша ашыкча кеп сөзсүз, менин ыраазылыгымсыз жана эч кандай
каадасыз эле мени өз эрим деп эсептеп койгон го деген ойго кетти. Ушул сыяктуу оор
ойлорго батып, сандык жакка көңүл да бурган жок. Жигиттин кыймылын байкап турган
ханыша анын бөлмөнүн ортосунда өзүн күтүп турганын көрдү; ал ушул калыпта бир аз
туруп сандыктын алдына келди, бир ууч кымбат баа ташты алып, анан ал таштарды
жөнөкөй айнектей салааларынын арасынан ордуна таштады: андан кийин бурулуп
ханышанын отургучунун жанына барды да, ал жердеги жайылып турган кабылан
терисин көздөн өткөрө баштады. Бир аздан кийин казынага да, кабылан терисине да
көңүл бурбай, олтургучка чөктү. Баарын байкап турган ханыша кубанып кеткендиктен
эми мында жашырыпып карап тура албады. Ал бөлмөгө кубанычтуу кирип:
— Эмне, сеньор Торрес калп сүйлөгөндү абдан сүйчү беле? — деди.
— Сүйчү беле? — Френсис бир нерсе деп жооп бериш керектигин ойлоп, анын
суроосун кайталап, ханышаны күтүп алуу үчүн ордунан турду.
— Ооба, эми ал эч нерсени сүйбөйт. Сөзүмө түшүнүп жатасыңбы? Ал эми жок,—
деп түшүндүрдү ал.— Эч жерде жок.
Бул кабарга Френсистин кызыгып калганын көрүп, кошуп койду:
— Ал кайып болду. Бул абдан жакшы, эми ал эч качан кайтып келбейт. Мен билгим
келет, бирок ал калп айтканды жакшы көрчү беле?
— — Ооба, сөзсүз жакшы көрчү. Ал жеткен калпычы болчу,— деп жооп берди
Френсис.
Френсис Торрестин калпычы экенин ырастаганда Ханышанын өңү өзгөрүп кеткенин
сезди.
— Ал сага эмне деди? — деп сурады Френсис.
— Мага үйлөнүү анын тагдырына түшкөнүн айтты.
— Калпычы,— деди Френсис тек гана.
— Анан ал тагдыр сага түшкөнүн айтты. Бул кеби да калп болчу деди ал маанайы
бошоп.
Френсис баш чайкады.
Ханыша кубанганынан кыйкырып жиберди. Аны көрүп Френсистин жүрөгүндө
мээрим менен аёо пайда болду, аны кучактап соороткусу келди. Ханыша анын
сүйлөшүн күттү.
— Сага үйлөнө турган адам менмин,— деди ал чечкиндүү.— Сен сулуу кызсың. Той
качан болот?
Ханышанын өңүнүн ушунчалык кубанычтуу жалжылдашын көрүп, Френсис эгер бул
өң өзүнө энчиленсе, эч качан ага кайгы кондурбоого ант берди.
Адашкан Жандардын өкүмдары, баасыз казынасы менен келечекти алдын ала
айтып бере турган укмуштуудай жөндөмү болгону менен Френсис үчүн ханышанын
жүрөгү махабатка толо эле, жигит үчүн, ал махабат жагдайында тажрыйбасыз, жалгыз,
жөнөкөй аял болчу.
— Ал Торрес деген дөбөт дагы эмне дегенин айтып беремин,— деп сөзүн
кубанычтуу улады ханиша,— Ал мага сенин абдан бай экениңди, мага үйлөнөрдөн
мурда менин себим канчалыгын билгиң келгендигин айтты. Сен аны менин себимди
кергөнү жиберген имишсиң. Бул сөздүн калп экенин билемин. Анткени сен менин
байлыгым үчүн үйлөнүп жатканың жок да! — деп ал кымбат баа таштарга толо
сандыкка жек көрүү менен карап койду.
Френсис ачуулу баш чайкады.
— Сага мына булар эмес, менин өзүм керек! — деди кыз салтанаттуу.
— Ооба, сенин өзүң керек,— деп Френсис сүйлөөгө аргасызданды.
Азыр болуп өткөн нерсе Френсисти таң калтырды. Өкүм чыгаруучулардын эң
зулуму, өз элинин тагдырына өкүм жүргүзүп келген, Торрестин тагдырын өлүм менен
бүтүм чыгарып бул жөнүндө кайдыгер гана айтып өтүштү ылайык көргөн, Френсистин
ыраазылыгын сурабай туруп эле, өзүнө күйөөлүккө тандап алган ханыша кызарып
кетти. Кыздарга тиешелүү уяңдык анын бетин кулактарына чейин кызартып жиберди.
Ханышанын ыңгайсыз абалы Френсиске да өттү. Ал эмне кылаарын билбей калды;
жүзүнө кан тээп, күнгө какталган терисин кызартып жиберди. Адамзат тарыхында эркек
менен аялдын ортосунда эч качан мындай байланыш болбогон болуш керек деп
ойлоду Френсис. Экөө тең ушунчалык кысынып-уялган абалга келгендиктен, Френсис
бул ыңгайсыз абалды жеңилдетип, кандайдыр бир нерсе ойлоп табууга жан-далбастап
аракеттенсе да эч нерсе таба албас эле. Сөздү биринчи болуп ханыша баштоого туура
келди.
— Эми мага болгон махабатыңды көрсөтүшүң керек,— деди ханыша андан бетер
эки бети кызарып.
Френсис сүйлөмөкчү болду эле, эриндери кургап кеткендиктен жаланып, түшүнүксүз
бир нерселерди шыбырап жөн болду.
— Мен эч качан эч кимди сүйгөн эмесмин,— деп толкунданып сөзүн улады
ханыша.— Менин элим сүйүшкөндү билбейт. Алар адам эмес, акыл жүгүртүп, ой
ойлоого кудуретсиз айбандар. Бирок сен экөөбүз чыныгы эркек жана аялбыз! Дүйнөдө
эркелөө, назиктик жаракөрлөнүү деген түшүнүк бар — буларды Аалам Күзгүсүнөн
көргөмүн. Бирок мен али тажрыйбасызмын. Анын кандай аткарылышын билбеймин.
Сен чоң дүйнөдөн келгенсиң, албетте, махабат эмнелигин билесиң. Мына мен күтүп
турамын. Мени сүй! — Ал орундукка чөгүп, жанына Френсисти өткөрдү да, өз сөзүнүн
натыйжасын күтө баштады. Кыздын айтканын аткарып сүйүшү керек болгон Френсистин
буту-колу катып калган эле: ал кыймылдоого күчү жок экенин сезди.
— Мен сулуу эмесминби? — деп сурады ханыша бир аз тынчтыктан соң.— Кантип
эле мен сенин кучагыңа кирүүнү кыял кылып жатканымдай, сенин да мени кучактагың
келбесин? Эркек кишинин эрини менин эриниме эч качан тийген эмес. Антип өбүү —
эрининен өбүү кандай болот? Эриндериң колума тийгенде ыракаттанганымды
байкагамын. Ошондо колумду гана эмес, жүрөгүмдү да өптүң. Анда менин жүрөгүм
сенин колуңда согуп турган эле. Муну сен сездиңби?
— Мына ушундай,— деди ханыша алар жарым сааттан кийин орундукта кол
кармашып олтурушканда. — Сага өзүм жөнүндө билгендеримди айтып бердим.
Өткөндөгүлөрүм жөнүндө башкалардан уккандарымды капа билемин. Азыркы
окуяларды Аалам Күзгүсүнөн көрүп турамын. Келечекти да көрүшүм мүмкүн, бирок элес
сыяктуу, көргөндөрүмдү баардык убакта эле түшүнө бербейм. Апам, чоң энем сыяктуу
эле мен да ушул жерде туулганмын. Ар бир ханышанын турмушунда эртеби-кечпи өз
сүйгөнү пайда болгон. Кээде алар сага окшоп башка жерден келишкен. Апам мага,
энеси сүйгөнүн издеп өрөөндөн чыгып, узак убакыт жоголуп кеткенин айткан болчу.
Менин апам да ошондой кылган. Мен жашыруун жолду билемин, бул жолдо алда качан
өлүп сөөгү сөпөт болгон конкистадорлор майялардын сырын сактап турушат, да Васко
да ошол жерде, Торрес деген дөбөт анын туулгасын уурдап, өзүнүкү кылып алган. Сен
өзүң келбегениңде, сени издеп барууга аргасыз болмокмун — себеби сен меникисиң,
тагдыр сени мага атаган.
Кызматчы аял, артынан сакчы кирди. Алар өзүнүн кызыктуу испан тилинде эмне
жөнүндө сүйлөшкөнүн Френсис араң түшүндү. Ханышанын бир ачуусу келип, ошол эле
мезгилде кайра кубанычка бөлөнүп, сүйлөшүүнүн мазмунун айтып берди.
— Биз азыр эле Чоң үйгө барышыбыз керек. Ал жерде той каадасы болот. Күн
жреци өжөрлөнүп жатат дейт, эмнеге экенин билбеймин, мүмкүн алтарда сиздердин
каныңыздарды төгүүгө жол бербегеним үчүндүр. Ал өтө канкор. Өзү Күн жреци болгону
менен анчалык акылдуу эмес. Күн жреци биздин нике кыйдырышыбызга каршы элди
көкүтүп жаткандыгын айтышты. Сасыган дөбөт! — деп ал муштумун түйдү, өңүндө
чечкиндүүлүк көрүнүп, көздөрү кыжырданууга толуп,— Мен аны биздин Чоң үйдүн
алдында, Күн кудайынын алтары алдында эски салтыбыз боюнча нике кыйдырууга
мажбурлаймын!
— Мени карачы, Френсис, али деле болсо өз оюңдан кайтууга убактың бар,—деди
Генри ага,— Чынында да бул адилетсиздик! Анткени кыска чөп мага тингең! Туурабы,
Леонсия?
Леонсия бир ооз да сүйлөй алган жок. Алтардын алдында турган, алардын артын
Адашкан Жандар каптап калган болчу. Ханыша менен Күн жреци. Чоң үйгө кирип
кеткен эле.
Бирок Генринин да ага үйлөнүшүн каалабайсыз, ушундай эмеспи, Леонсия? — деп
сурады Френсис.
— Сиздин да ага үйлөнүшүңүздү каалабаймын, — деп нааразылана сүйлөдү
Леонсия. — Ага күйөөлүккө Торрести эки колдоп тапшырган болор элем. Ал аял мага
жакпайт. Досторумдун бирөөнө да ага ыраа көрбөймүн.
— Сиз, менимче, кызганып жатасыз, — деди Генри, — А Френсис болсо өз
тагдырына анча деле капа эмес.
— Ханыша кайдагы бир желмогуз эмес да,— деди Френсис. — Өз тагдырыма
жазылганды эч капаланбай, татыктуу тосуп алмакчымын. Андан сырткары, Генри, кепти
өзүң баштап калганың үчүн айтып коюуну ылайык таптым, сен ага жолуккан күндө даал
сага тиймек эмес.
— Аны... ким билет...— деп баштады Генри.
— Андай болсо өзүнөн сурап көр. Тигине келатат. Көздөрү бузулуп калыптыр. Азыр
бир балакет башталат. Жрецтин да кабагы салыңкы. Мен бул жерде экенимде мага
турмушка чык деп айтып көрчү, ал сага кандай жооп берээр экен.
Генри да көгөрүп баш ийкеди.
— Макул... айтамын, аялдардын жүрөгүн кантип багындырарымды сага көрсөтүш
үчүн эмес, адилеттик болуш үчүн ушинтемин. Сенин сунушуңду кабыл алып туура
кылбадым, эми өзүмдү актоом керек.
Алар бир нерсе деп токтотуп калууга үлгүрө элегинде, Генри адамдардыи арасын
жарып өтүп, ханышанын алдына барды. Ал жрецти бир четке түртүп ийип, бир
нерселерди күйүп-бышып түшүндүрүүгө жан-алакеттенип жатты. Анын сөзүн угуп,
ханыша күлдү. Бирок бул күлкү Генрини шылдыңдоо эмес болчу; ал Леонсияга карата
салтанаттуу күлүп жаткан эле.
Генринин сунушун кабыл албаганын түшүндүрүү үчүн Ханыша көп убактысын
кетирген жок, ал Леонсия менен Френсистин жанына келди; анын артынан удаа жрец
менен Генри келди. Генри ханыша сунушун кабыл албаганына кубанычта экенин
жашыра албады.
— Өзүң ойлоп көрчү,— деди ханыша Леонсияга кайрылып.— Ак көңүл Генри өзүнө
турмушка чыгуумду сунуш кылды. Бүгүнкү күндүн эсебинде бул төртүнчү сунуш. Демек,
мени да сүйөт экен! Аял кишиге анын тою болор күнү төрт кишинин махабат
билдиргенин уккансыңбы?
— Кандайча төрт киши? — деп Френсис таң калды.
Ханыша ага мээримдүү карады.
— Сен өзүң, азыр эле мен ыраазылыгымды бербеген Генри. Сиздерден мурун
баякы уятсыз Торрес. Азыр болсо Чоң үйдө мына бул жрец.— Ханышанын көздөрүндө
каардуу учкундар чачырады, өңү кызарып кетти.— Өз антынан алда качан танган мына
ушул жрец, ушул жарым жан эркек мага эр болууну каалап калыптыр! Дөбөт! Макулук!
Мен ыраазы болбогонумдан кийин Френсиске да тийбейсиң деди. Жүргүлө! Мен азыр
анын адебин беремин.
Ал сакчыларына өзү менен туткундарды курчап алууну, ал эми эки сакчыга жрецтин
артына өтүүнү буюрду. Муну көргөн эл чуулдап жиберди.
— Башта, жрец! — деп кескин буюрду ханыша.— Болбосо менин адамдарым сени
өлтүрөт.
Жрец кыясы адамдарды жардамга чакырмакчы болду окшойт артына тез бурулду,
бирок көкүрөгүнө кадалган найзаны көрүп, тилин тиштеп баш ийүүгө аргасыз болду. Ал
Френсис менен ханышаны алтардын алдына ээрчитип келип, өзүнө каратып тургузду
да, ошол жердеги бийик орунга чыкты. Анан колукту менен күйөөгө жана ошол жерде
топтолуп турган элге кайрылып сүйлөй баштады:
— Мен Күн жрецимин. Менин сөзүм ыйык. Ант ичкен жрец катары бул аялды —
Алиги Кыялкечти мына бул келгинге, алтарда анын канын төгүүнүн ордуна нике
кыйышым керек. Менин антым ыйык. Мен аны буза албайм. Мен бул аялды бул эркекке
никелештен баш тартамын...
— Андай болсо азыр эле өлөсүң, жрец! — деп ханыша өзүнө жакын турган
сакчыларга башы менен ишара кылып, найзанын учун ага кадоону буюрду, дагы бир
топ сакчыларды нааразылык билдирип, баш ийбей коюуга даяр турган Адашкан
Жандарга каршы койду.
Арада оор тынчтык өкүм сүрдү. Бул бир минутага уланды. Эч ким ооз ачкан жок,
бирөө кыймылдаган да жок. Баары бир орунда катып, көкүрөгүнө найза кадалган
жрецтн карап калышкан эле. Жаны кыл үстүндө турган адам тынчтыкты биринчи болуп
бузду. Ал баш ийди. Найза кадап тургандарга камаарабай тескери карады да, тизе
бүгүп, эски испан тилинде Күн кудайына жүгүнүп, түшүмдүүлүк жөнүндөгү дубаны окуду.
Анан ханыша менен Френсиске бурулуп, аларды жүгүнүүгө, дээрлик тизе бүгүүгө
мажбур кылды. Абышканын колдору алардын чырмалышкан колдоруна тиери менен
өңү бузула түштү.
Жрецтин белгиси менен кыз-күйөө ордунан турду. Күн жреци жүгөрү нанын экиге
бөлүп, ар бирине жарымдан берди.
— Баш кошуу,— деп шыбырады Генри Леонсияга, Френсис менен ханыша өз
үлүшүнө түшкөн нандан тиштегенден кийин.
— Сыягы да Васко бул жерге алып келген Рим-католиктик ырым-жырымдар
акырындык менен той каадасына айланып кеткен,— деп шыбырады Леонсия ага жооп
иретинде. Френсистен түбөлүккө ажырап жатканын сезүү Леонсия Р . үчүн абдан оор
эле. Ал өзүн араң кармап турду: эриндери кеберсип, тырмактары эрксиз алаканына
батып баратты.
Алтардан алып чыккан кичинекей канжар менен кичинекей чөйчөктү жрец ханышага
узатты. Кыз өз кезегинде Френсиске бир нерсе деди. Жигит сол колунун жеңин түрүп
ага сунду. Ханыша анын колун тилип кан чыгарууга даярданып жатып, капысынан
ойлонуп токтоп калды. Анан жигиттин колун тилүүнүн ордуна канжарды тилин учу меш
ибн акырын жалап көрдү.
Анын ошол замат каары ашып-ташып канжарды ыргытып жиберди. Азыр ал жрецти
өлүмгө буюрууга даяр эле. Ханыша өзүн колго алууга аракеттенди, бирок өтөсүнөн
чыга албай бүткүл Денеси калчылдап баратты. Ал канжардын кай жерге барып
түшкөнүн жана анын эч кимге зыяны тийбегенин көргөндөн кийин, көкүрөгүнөн башка
кичинекей канжар алып чыкты. Бычакты оболу тили менен жалап көрдү, анан
Френсистин колун тилип кан чыгарды да, бир нече тамчы — алтын чөйчөккө тамызды.
Кезеги менен кыздын колун Френсис да ушинтти. Жрец ханышанын каардуу көз
карашына кабылгандан кийин аралаш кан куюлган чөйчөктү алды, алтарга төгүп,
курмандык өткөрүү ырымын жасады.
Бир азга тынчтык өкүм сүрдү. Ханыша ачуулуу жана кабагы салыңкы турду.
— Эгерде бүгүн кимдир бирөөнүн каны Күн кудайынын алтарына төгүлүшү керек
болсо...— деп сөзүн каардуу баштады ал.
Ушул мөөнөттө жрец өзүнүн көңүлсүз милдети эсине түшкөндөй элге кайрылып,
азырдан баштап Френсис менен ханыша эрди-катын экендигин салтанаттуу түрдө
жарыяла" ды. Ханыша бүт турпаты менен өзүн кучактоого үндөп, Френсиске кумардуу
карады. Френсис аны кучактап өптү. Муну көрүп турган Леонсия жыгылып кетпес үчүн
Генриге жөлөнүп, онтоп жиберди. Бирок бул көрүнүштү Френсис сезбей калган жок,
жана анын себебин да түшүндү. Ханыша бир минуттан кийин күлүп-жайнап
атаандашына карады эле, бул мезгилде Леонсия эч нерсе болбогондой, сыймык менен
турган эле.
ЖЫЙЫРМА БИРИНЧИ
ГЛАВА
Айлампа тартып баратканын сезген Торрестин көңүлүндө эки нерсе чагылгандын
тездигинде пайда болду. Биринчиси — артынан секирип сууга түшкөн чоң боз ит,
экинчиси, мени Аалам Күзгүсү алдады деген ой. Торрес өз өмүрүнүн акыркы
минуталарын жашап жатканына ишенди, бирок Аалам Күзгүсүнө көз кырын салып
көргөн нерселери суу ичинде өлүүгө такыр окшош эмес эле.
Ал мыкты сүзгүч, ошол себептүү ирим тартып баратканда, бар болгону башын
ташка, же үңкүрдүн шыбына уруп алуудан сактанды. Бирок тагдырды карачы, анын
башы бир жолу да ташка тийген жок. Ал кээде агым жогору түртүп баратканын сезет:
дубал же ташка жакын келип калса, акуланы көргөндө башын Калканына жашырып
алуучу деңиз таш бакасы сыяктуу жыйрылып төмөн көздөй сүзүп жөнөйт.
Бирок минута өткөндө — Торрес аны канча убак дем албаганына карап билип турду
— кайрадан агымдын тездигинин төмөндөгөнүн байкап жатты. Ал башын суудан
чыгарып, таза абадан кере-кере дем алды. Ал суу бетинде каалгып, сүзбөй, итке эмне
болду экен, жер астындагы дарыядан сүзүү дагы кандай кокустуктарды келтирер экен
деп ойлоду.
Бир аздан кийин Торрес алды жактан чыккан жарыкты көрдү, бул күңгүрттөнгөн
жарык сөзсүз күндүн жарыгы эле. Ал жарык акырындык менен чоңоё баштады. Торрес
артына карап, өзүн бар күчү менен сүзүүгө аргасыз кылган нерсени көрдү. Ал башын
бийик көтөрүп, курч тиштерин арсайтып сүзүп келаткан итти көргөн болчу. Жогору
жактан жарык түшкөн жерде аскага туташкан таш жолду көрүп, Торрес ага чыгып алды.
Эң оболу ханышадан уурдап алган каухарлар жоголбоду бекен деп колун чөнтөгүнө
салды. Бирок жер астында күн күркүрөгүдөй жаңырган иттин үнү Торреске анын курч
тиштерин эстетип, кымбат таштардын ордуна канжарын алып, шай турууга чакырды.
Торрести кайрадан күмөндүү олку-солкулук курчап алды. Бул айбаттуу итти суу
ичинде өлтүрсөмбү, же агым аны ары агызып кетишин күтүп жогоруга, жарык түшүп
жаткан жакка тырышсамбы? Ал өзүнө экинчи жолду ылайык көрүп, сороюп чыгып
турган таш асканын үстүнө шашылып чыга баштады. Бирок ит суудан чыгып, төрт
аяктуу айбандарга тиешелүү тездик менен ага чуркап тез эле жетип алды. Торрес буту
араң батчу тар аянттан туруп артына кайрылды да, канжарын шайлап соккуга
даярданды.
Бирок ит ага асылган жок. Ал оозун ачып чочоюп отурду да, так эле саламдашып
жаткандай, алдыңкы бутун ага узатты. Торрес иттин бутун кармап силкилдетти — ал
коркконунан эс-акылынан ажыроого араң калган эле. Андан туталанган каткырык
чыгып, иттин алдыңкы бутун силкилдете берди, ит болсо тилин салаңдатып, ага карап
үнсүз күлүп жаткансыды.
Итти артынан ээрчитип, жогору тырмышып чыгып бараткан Торрес дарыя үстүндөгү
жол бир аз жогору көтөрүлүп, анан кайра ылдый дарыяга түшөрүн байкады. Ушул
минутада Торрес эки ачылыш жасады: биринчиси аны калтыратып, токтоого аргасыз
кылса, экинчи көргөнү үмүттөндүрдү. Бул ачылыштын биринчиси жер астынан аккан
дарыя болчу. Дарыя аскага күч менен урунуп, суу көбүктөнүп, буркан-шаркан түшүп жер
астына кирип кетүүдө — суунун шарпылдап урунушу, толкундун бийик көтөрүлүшү
ыгымдын өтө тездигин көрсөтөт. Экинчи ачылыш, аскадагы тешик, андан жарык чыгып
турат. Диаметри он беш футтай келген бул тешикти акылга сыйбас коркунучтуу
жөргөмүш желеси каптап алган болчу. Анын айланасында чачылып жаткан сөөктөр
болсо андан да үрөй учуруп, коркунучка салат. Жөргөмүш желесинин жоондугу
карандаштай болуп, күмүш жип сыяктуу көрүнөт. Торрес колун буд жиптердин бирине
тийгизип алып, чочуп кетти. Жип желим сыяктуу анын манжаларына жабышып калды,
ал бар күчү менен жипти силкилдетип жатып колун араң бошотуп алды. Колуна
жабышып калган илээшме жипти кийими менен иттин жүнүнө аарчып тазалай баштады.
Жөргөмүштүн өтө жоон желесинин ылдыйкы капшытындагы эки жибинин ортосу бир
аз ачык болуп тургандыктан, алардын арасынан өтүп, жарыктыкка чыгуу мүмкүн эле:
бирок өтө сак жүргөн Торрес ал жакка оболу итти өткөрүүнү туура тапты. Боз ит
жөрмөлөп өттү да, ошо замат көздөн кайым болду. Торрес иттин артынан эми эле
бармакчы болуп камынды эле, бирок ит капысынан кайра көрүндү. Ал бир нерседен
аябай корккондуктан ушунчалык тездик менен келип өзүн токтото албай Торреске
урунуп экөө тең жыгылды. Тигил колдору менен урчук таштарга тырмышып араң калды,
анын төрт буттуу жолдошу болсо кулаган бойдон туура көбүрүп турган айлампага
түшүп кетти.
Аны куткаруу үчүн Торрес ойлонгуча суу итти асканын астына тартып кеткен болчу.
Торрес көпкө олку-солку болуп туруп алды. Ал үчүн кайра жер астындагы дарыяга
түшүүнү ойлоонун өзү коркунучтуу эле. Жогортодоп болсо жарык дүйнөгө жол
ачылгандай сезилди, гүл күнгө умтулгандай, Торрес да бүт жандили менен ушул
жарыктыкка умтулууга даяр турат. Бирок ит ал жерден эмнени көрдү экен, артына
качууга ага эмне себеп болду экен? Терең ойго чөмүлгөн Торрес колунун кандай
томолок нерсеге тийип турганын дароо сезе алган жок. Ал ошол нерсени колуна алып,
адамдын ырсайган баш сөөгү экенин көрдү. Өтө коркуп кеткен Торрес бутунун астында
адам сөөктөрү килем болуп төшөлүп жатканын көрдү. Кабырга менен омуртка сөөктөрү
кадимкидей даана көрүнүп турду. Бул көрүнүш сууга секирүүнү оюна салды. Бирок суу
буркан-шаркан түшүп, асканын астындагы тешикке кирип кетип жатканын көрүп, кайра
артка болду.
Ханышанын канжарын алып, Торрес өтө сактык менен жөргөмүш желесинин
арасынан карады да, ал ошол жерден ит көргөн нерсени көрдү. Торрес катуу коркуп
кеткендиктен артына бурулуп, өзүн түз эле сууга таштады. Ал суу бетинде жеңил дем
ала элегинде асканын астындагы айлампа соруп кетти.
Бул убакта ханышанын көл боюндагы үйүндө мындан да кызыктуу окуялар абдан
тез өөрчүп баратты. Меймандар менен кыз-күйөө Чоң үйдө өткөн ырым-жырымдан
кайтып келип, кооз жасалган дасторкондун айланасына олтурушкан эле, дубал
терезесинен учуп кирген бамбук дарагынан жасалган ок Френсис менен ханышанын
ортосунан зуулдап өттү да, каршыдагы дубалга сайылды, ал ушунчалык күч менен
сайылгандыктан анын канат жагы дагы эле кыймылдап турду. Генри менен Френсис
тар көпүрө жакка караган терезенин тушуна чуркап барып, коркунучтуу абал туулганын
көрүштү. Алардын көз алдында ханышанын көпүрөнү күзөтүп турган сакчысы үй жакка
карап качып келатып, көпүрөнүн ортосуна келгенде ок тийип сууга кулады. Анын
далысында да дубалга сайылгандай жебе турду. Адашкан Жандар' Өрөөнүнүн баардык
эркектери жрецтин башчылыгы алдында жээктеги көпүрөнүн башына топтолуп алып,
үйжакка канаттуу жебе жаадырып жатышты. Аялдар менен балдар алардын артында
ар кандай тапшырманы аткарууга даяр турушат.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Үчөөнүн Жүрөгү - 17
  • Parts
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2042
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 02
    Total number of words is 4019
    Total number of unique words is 1984
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 03
    Total number of words is 4063
    Total number of unique words is 1956
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 04
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1937
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 05
    Total number of words is 4013
    Total number of unique words is 1969
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 06
    Total number of words is 3942
    Total number of unique words is 1992
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 07
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 1953
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 08
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 1964
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.7 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 09
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 1928
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 10
    Total number of words is 4016
    Total number of unique words is 1931
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 11
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 1949
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.4 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 12
    Total number of words is 4083
    Total number of unique words is 1827
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 13
    Total number of words is 4027
    Total number of unique words is 1840
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 14
    Total number of words is 3982
    Total number of unique words is 1996
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    50.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 15
    Total number of words is 4044
    Total number of unique words is 1822
    32.2 of words are in the 2000 most common words
    44.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 16
    Total number of words is 4134
    Total number of unique words is 1877
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 17
    Total number of words is 4069
    Total number of unique words is 1870
    32.2 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 18
    Total number of words is 4033
    Total number of unique words is 1827
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 19
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 1999
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 20
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1985
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    52.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 21
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1991
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 22
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 1972
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 23
    Total number of words is 2004
    Total number of unique words is 1053
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.