Latin

Манас - Жусуп Мамай - 34

Общее количество слов 4291
Общее количество уникальных слов составляет 2330
30.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
Учуп жатат быркырап.
Канжаны өтүп зардабы,
Жанында киши калбады,
Ысып кетип чекеси,
Качып жолго салганы,
Хан Коңурду жеди, деп,
Кандай болоор теңи деп,
Калгандары турганы.
Ачуу масы тарады,
Ачып көзүн карады,
Канчанын күлүн какканы,
Туйук кылып көчөнү,
Киши өткөрбөй басканы.
Оозунан чыккан түтүнү,
Орчун Бейжин калаага,
Оодарылбай уйуду,
Ошол күнү чандандар, Кары менен жаш балдар,
Үйүн таппай куруду.
Адырайып тургандар,
Ал Коңурбай чоң калча,
Батыш жакты көрсөтүп,
Колун шилтеп алганы,
Айбан мүнөз чоң доңуз,
Бастырып жолго салганы,
Коңурбай тирүү келгенде,
Чуркурашып көпчүлүк,
Кулак тунуп калганы.
Барар замат өлсүн, деп,
Бадырек кордук көрсүн, деп,
Белди Алмамбет сойсун, деп,
Кырк чоросу Манастын,
Боорун кактап койсун, деп,
Боорун кактап жебесе,
Ичин жарып өт алып,
Көзүн чукуп койсун, деп,
Тигилип тилек кылышып,
Тизмектелген доңуздан,
Бир миңдейин кырышты,
Өзүнчө “намаз” окунду,
Кеңдемеде буткана,
Жүз миң киши чокунду.
Барча тоодой Макил дөө,
Бейжинден чыгып жол алып,
Батыш жакты бет алып,
Белди көздөй оң тартып,
Келе жатат жол тартып,
Белде жаткан байагы,
Баатыр Алмаң караса,
Жылып жүргөн бир тоо бар,
Аны көрүп алыстан,
Муну алды ойуна ал:
“Үйүмдө турбай ойдолоп,
Өзөн жарып тоо бойлоп,
Ойноп жүргөн Бейжиндин,
Учуучу тоосу жок эле,
Жыргалын көргөн Бейжиндин,
Жылуучу тоосу жок эле”.Тообу десе дөбөдөй,
Алмамбет абдан байкаса,
Тоо да эмес, дөбө эмес,
Кытайдан чыккан төрөдөй.
Колуңдагы дүрбүнү,
Жана салып үңүлдү,
Маңдайынын бырышы,
Эл жайлоочу төр өңдүү,
Каш-кирпигин карасаң,
Карагайлуу жер өңдүү.
Маңдайында жалгыз көз,
Орто толгон көл өңдүү,
Каңылжаары каңшайып,
Касабалуу зоо өңдүү,
Оозун байкап караса,
Төбөсү түшкөн көр өңдүү,
Азууларын караса,
Алгыр жолборс, шер өңдүү.
Тулку бойуң мунардай,
Колу-буту чынардай,
Жаратканга муңайып,
Мунажат кылды Алмамбет,
Чыдап карап туралбай:
“Көк мелжиген зоо кылып,
Тоо жараттың кудурет,
Бир жагы оң, бир сол,
Кол жараттың кудурет,
Кай бир жанды келесоо,
Чоң жараттың кудурет,
Эрибеген муз кылып,
Тоң жараттың кудурет;
Өчөштүрүп бир бирин,
Жоо жараттың кудурет,
Буга окшогон соргучту,
Мен байкуштун тушунда,
Не жараттың кудурет?
Жолуна туруп нетейин,
Тирүүлүгүм канимет,
Мындан бачым кетейин.” Ойонубуз баатырдын,
Ойуна булар кеткени,
Сарала менен чуу койуп,
Залкар тоодой Чубакка,
Салган бойдон жеткени:
- Айланайын Чубакем,
Сом билектүү таш жүрөк,
Козголбостун бири элем,
Улук кытай журтумда,
Уруша келген эр болсо,
Куткарбастын бири элем.
Көрбөгөнмүн укканмын,
Сазаңшааны жердеген,
Мангүбаны элдеген,
Мангүбанын улугу Макил малун эрдеген,
Кабарын анын угалы,
Кооптонуп жүрчү элем.
Атасы кытай долусу,
Арзанга бүтпөйт жумушу,
Энеси жиндин жалабы,
Эңкейтип пенде алабы?
Аны менен беттешкен,
Адам тирүү калабы?
Мында туруп нетели,
Жүрү, Чубак, кетели.
Жоо бөрүсү Манаска,
Жообун айта жетели!
Макил, Манас жөөлөшсүн,
Макилдей дөө Манас да,
Манас да корксо Макилден,
Турбай кайта кетели,
Алыста калган Таласка! Хан Алмаң мындай дегенде,
Карманды Чубак өжөрү:
- Катыгүн, Алмам, не дейсиң?
Качуунун камын не жейсиң?
Ар качандан бир качан,
Өзүм эле эр дейсиң,
Бир сокурду көргөндө,
Эмне мынча тердейсиң?
Качырып киргин деп,
Сен кайраттуу сөзгө келбейсиң!
Амал кылып көрөлү,
Ажал жетсе өлөлү,
Алыбыз кетсе сойолу,
Жалгыз көзүн ойолу,
Болсо эле жан көөдөндө,
Болумсуз кепти койолу,
Качпай өлгөн эрден деп,
Жакшы атак саа болсун,
Жолдошу Чубак экен деп,
Сөз чекеси маа болсун, Чубактан угуп бу кепти,
Уйаттан Алмаң шылк этти,
Уйалган эмей неткени,
Кызарып бетин кан тепти.
Кайыл болуп Чубакка,
Карсылдап күлүп Алмамбет,
Айтты жана мындай кеп:
- Анык арстан экенсиң,
Айтканыңа жеткин, - деп,
Капкачанкы каарымды,
Эми сенден кечтим, - деп,
Мага бер азыр өнөгүң,
Белди көздөй жөнөгүң,
Мен белге чыгып жатайын,
Алма баш менен атайын,
Мылтык үнү чыкканда,
Чубаке, сен ок менен бирге жөнөгүн,Бура тартып Алмамбет,
Белестин берки бетине,
Сараланы каңтарып,
Кыл менен жышып мылтыкты,
Колодон сүмбө койгулап,
Көпсөрдүн оозун чойгулап,
Куржун башы дарыны,
Кур дедире куйду эле,
Коло, чойун аралаш,
Кунан уйдай коргошун,
Кулдуратып урду эле,
Сүр куйрук менен майлыкты,
Артынан тартып турду эле.
Аңгычакты караса,
Жерге кирген Макил дөө,
Мас болгон нардай зенгиреп,
Келе жатат түгөнгүр,
Жерди карай кенгиреп.
Макил келе жаткандын,
Өрдөшү жазы коо эле,
Оозунда тумшук тоо эле,
Отунчунун жолу эле,
Алты араба жанашып,
Өтө берчү жөн эле.
Эки мүрү капташып,
Өтпөй капыр турду эле.
Маңдайда көзү алайып.
Тиктеп калып далайып,
Он эки канат ордодой,
Уйутуп койгон чойун баш,
Опколжуп келип койгондо,
Омкорулду тоодой таш.
Казанбактай нечен таш,
Көккө учуп зыркырап,
Кара сеңир тумшук тоо,
Талкаланды быркырап,
Ушундай ачып өз жолун,
Макил жүрдү ыркырап.
Алмамбет карап токтоду,
Алмабаш мылтык октолуу,
Алмадай башын ашырып,
Тула бойун жашырып,
Милтеге кызыл чок койду.
Белдүү баатыр Алмамбет,
Алдыңкы ээрдин кашы деп,
Табарсыктын башы деп,
Өлөөр жери ушу деп,
Анда ойлонду Алмамабет:
“Алты кабат темир тон,
Экөөнү бузуп өтөр, - деп,
Төртөөнү кайдан бөсөр? - деп,
Өлбөй калса бу капыр,
Кызыл канын төгөр” - деп.
Андан өйдө көтөрүп,
Айбалкайдын башы деп,
Как жүрөктүн тушу деп,
Даарыса огум эгерде.
Өлөөр жери ушу деп,
Анда жана ойлонот:
“Сооту менен сөөгүнөн,
Аткан ок өтүп кетпес - деп,
Өткөнгө күчү жетпес” - деп,
Андан өйдө көтөрүп,
“Ооздон ары атсам - деп,
Мыкты болсо мылтыгым,
Бир тиши ыргып кетер, - деп,
Башын бузуп кетпес, - деп,
Бузууга күчү жетпес, - деп,
Каңылжаары каңшайган,
Андан ары атсам - деп,
Мыкты болсо аткан ок,
Төш жары жерге кирер-деп.
Өлбөй калса бу чочко,
Залалы мага тиер” - деп.
Андан да өйдө көтөрүп.
“Жалгыз эле көзү, - деп,
Жалгыз көздөн айрылса,
Өлбөсө да бу капыр,
Өлүмчө болор өзү – деп,
Чоңдугунан Макилдин,
Айыгып калган экенмин,
Акылымды алдырып,
Шашылып калган экенмин”.
Чечекейдин чети, деп,
Ак чел менен кара чел,
Аралашкан бети деп,
Чендеп туруп Алмамбет,
Машааны тартып жиберет.
Аңгычакты байагы,
Акбалтанын Чубагы,
Акырайып калыптыр,
Кайкыдан көзүн айрыбай,
Качан атат калмак, деп,
Чакырайып калыптыр.
Ак милтеден чок жетти,
Алмабаштан ок кетти,
Тоодой болгон Макилдин,
Кирпигинин үстүнөн,
Төш жары жери солк этти,
Челектей болгон коргошун,
Чечекейге кошулуп,
Кайра жерге жалт этти.
Алмаш огу кечпеди,
Башын тосуп кетпеди,
Бузууга алы жетпеди,
Карап турган Чубакка.
Мылтыктан түтүн бур этип,
Үнү чыкты күр этип,
Ок менен удаа эр Чубак,
Кайкыга чыкса тең жетип,
Ойрон болгон Макил дөө,
Ачылып оозу араандай,
Турган экен кеңкейип.
Акбалтанын Чубагы,
Тоо экен деп шашпады,
Кайра тартып качпады,
Араандай болуп ачылган,
Оозуна найза аштады.
Тепчий сайып найзасын,
Тегеретип өттү эле,
Термелбеди жеринен,
Эр Чубактын найзасы,
Үзүлдү орто жеринен.
Буга Чубак илээшип,
Жана кылды кыйланы,
Жанталашып бир кезде,
Чалкасынан кулады,
Жыгылып Макил сулады,
Эр Алмамбет кеп айтат:
- Эреним Чубак, деп айтат,
Кокустан тура калбасын,
Бир балааны салбасын,
Баса калгын! - деп айтат.
Акбалтанын Чубагы,
Алакөөдөн чунагы,
Атынан түшө чурады.
Чалкадан жаткан чоң дөөнүн,
Төшүнө чыга калганы,
Жан талашып бадырек,
Колун серпип алганы,
Чыпалак тийсе урунуп,
Чылбыр бойу алыска,
Чубак учуп барганы,
Өлдү Макил ушинтип,
Өзөктөн чыгып жан-маны.
- Балтаңды, Чубак, ал, - деди,
Башын кесе сал - деди,
Эшик эндүү ай балта,
Чубак колго алганы,
Айры шили, кара куш,
Керилип чаап калганы,
Керилип чапкан чоң балта,
Уңгусунан орноду,
Суурар айла болбоду,
Нары тартты сырактап,
Бери тартты тырактап,
Чыкпай балта койгону.
Балта чыкпай койгондо,
Чубактын айткан кеби бул:
- Айланайын Алаке,
Өлгөнү мунун канеке?
Айры шили мойну тек,
Балтамды бербей койду - деп.
Көөдөктүгүн билиптир,
Көзүнөн жашы чыккынча,
Көкжал Алма султаның,
Көп эле кыйла күлүптүр:
- Айланайын Чубаке,
Акыл ойлоп тапкын, - деп,
Этин шилий чапкын, - деп.
Этин шилип салышты,
Чынар кескен немедей,
Эки баатыр тең туруп,
Дембелешип балта уруп,
Башын кесип алышты,
Ошол кезде Алмамбет,
Дагы айтып калышы:
- Башын байлап алгын, - деп,
Дөбөдөгү төрөгө,
Көрсөтүп ала баргын - деп.
Эринден тешип эр Чубак,
Талпаңдай басып барыптыр,
Оң жагында канжыга,
Башты байлай салыптыр,
Чубак атын мингенде,
Былк эте албай Көктеке,
Багалчеги майышып,
Араң турат кайышып,
Чечекейи чекчейди,
Бут шилтебей тайышып.
- Айланайын Алаке,
Ант ургур башы кылды, - деп,
Атымдын бели сынды - деп,
Чубак минтип турду дейт.
Арыбын Алмаң ким билет,
Арсылдап күлүп жиберет:
- Калың ээрдин кескин, - деп,
Калың эле эрини,
Кесип ийдиң Чубаке,
Тешип койгон жерини Эр Алмамбет баатырың,
Кең Бейжинде жүргөндө,
Кээ-кээсинде сонундап,
Керкти кармап минчү экен,
Керктин тилин билчү экен.
Кармап келип керкини,
Аргамжы кылып чачыны,
Бир жагына таш теңдеп,
Артып алып башыны,
Тоодой керкти жетелеп,
Төрөсүн карай бастырды.
Баатыр Манас кеп айтат:
-Береним Сыргак - деп айтат,
Кантунга кеткен эки бек,
Келбеди кабар бизге тек,
Кеткени кыйла күн болду,
Ичим бышып дүм болду,
Тээ кыраңга барып көр,
Көрүнөбү карааны,
Дүрбүнүңдү салып көр,Кыраанга Сыргак барыптыр,
Ой жакка көзүн салыптыр,
Алмамбет, Чубак - ал экөө,
Айбандын чоңун жетелеп,
Чукул келип калыптыр.
“Соодагер талап алганбы,
Султандар жолго салганбы?
Суусап калды баатыр деп,
Дарбыз артып алганбы?”Ойлонуп Сыргак болгончо,
Алмамбет,Чубак барганы,
Көз байланып бүрүлдөп,
Таанылбай калган убагы,
Чуркап жетип эр Сыргак,
Алдынан тосо барганы,
Барган жерде токтоосуз,
Арткан жүгүн карады.
Керкке теңдеп артканы,
Дарбыз эмес баш экен,
Бир жагында таш экен,
Томолонтуп тепкилеп,
Сыргак алып барыптыр,
Айкөлгө кебин салыптыр:
- Алмамбет, Чубак алып келген,
Дарбыз эмес баш экен,
Аны чырмап таңганы,
Аргамжы эмес чач экен,
Башка теңдеп артканы,
Бир жагында таш экен, Көрүп Манас айкөл шер:
- Алмамбет, Чубак - кеменгер,
Айтыңарчы жашырбай,
Ойлогон ичте кебиңер,
Эмне үчүн бул башты,
Артынып мында келдиңер?
Кароолчусу бул болсо,
Канык баатыр ким болот?
Жолоочусу бул болсо,
Жоокери анын ким болот?
Калгандар көрсө бул башты,
Хандардын көөнү кыр болот,
Айдатып келген жети хан,
Бир түндө качып жоголот,
Жарылып эл бузулса,
Жанкап кимдер токтолот?
Толкуну күч эр Сыргак,
Түрү суук бул башты,
Топтой тээп тоголот,
Элиңен эч ким көрбөсүн,
Элөөсүз жерге бат жогот!
Ишенем экөөң коркпойсуң,
Жан алгыч тырмак салса да;
Залкар тоодой турасың,
Миң чокмор менен чапса да:
Ажырабайт муунуңар,
Ар тараптан тартса да;
Оморулуп кетпейсиң,
Очогор менен атса да;
Төрт тарабы келишкен,
Төрөлөрүм экөөңөр,
Баатырлык сыны башкада!
Адамдын баары окшобойт,
“Булут ала, жер чала”
Жалпыны жөнгө салуучу,
Силерде терең ой кана?Арстан эрден кеп угуп,
Айабаган жеме угуп,
Абыдан мактайт бизди деп,
Анталап келген бу экөө.
Эми калды деми сууп.
Макил дөөнүн чоң башын,
Жеркуйга тыгып эр Сыргак,
Үстүнө таштап топурак,
Агытып керкин бош таштап,
Жергелей тартып жөнөштү,
Кыраан Алмаң жол баштап.
Алмамбет кирип астыга,
Алптар келди бастыра,
Кырчундуунун Туйуктөр,
Туйуктөрдө жайылган,
Кайберендин кенин көр,
Кара калктан түп келбейт,
Жанга менчик ушул жер,
Ушул жерге келгенде,
Ойроң Алмаң мындай дээр:
-Эки жылда бир ирээт,
Келип кетет Эсенхан,
Кээде келсе чатына,
Кээде келет башына,
Уруксаат жок бул жерге,
Келишине башкага,
Арстан Чубак, айкөл шер,
Ушул жерде жаткыла,
Эриксең элик аткыла,
Күн болжолу он алты,
Ошол күн кабар тапкыла,
Ушуну айтып Алмамбет,
Карт күрөңдү жетелеп,
Сыргакты алып жөнөдү,
Ошол жерден бастыра.
Кобурашып бул экөө,
Келгенде жанкы көпүрө,
Сыргакка айтты Алмамбет:
- Сенин атың Телкызыл,
Башка чапса жалт этпес,
Кушкурук тартып шек бербес,
Өтө басмырт мал эле;
Менин атым Сарала,
Кошкурук тартып жалт этип,
Ойду-кайкы калк этип,
Үркүнчөөк жан эле.
Көпүрөдөн өткөнчө,
Наркы башка жеткенче,
Мен артыңа басайын,
Алдыма кирип баштагын,Кара калпак кыргагы,
Хан Жакыптын Сыргагы,
Кабылан Манас чыйрагы,
Алдында минген Телкызыл,
Жолго түшүп баштады.
Көпүрөгө барганда,
Укмуш болду айланаОчогор менен аткандай,
Оодарып зоону жаткандай,
Аккелте менен аткандай,
Аңтарып тоону жаткандай,
Ай менен күн согушуп.
Асманга отун чачкандай,
Атылып мылтык тарсылдап,
Доолбас үнү карсылдап,
Жолборс-шери ыркырап,
Кулак тунат чуркурап.
Болуп жаткан иштерди,
Бучкагына теңебей,
Кыймыл этпей, былк этпей,
Сыргак турат жайынча,
Ат үстүндө солк этпей.
Жолборс билек, таш жүрөк,
Баатырлыгы Сыргактын,
Манасыңан кем эмес,
Андан калган эрлердин ,
Эч кимиси тең эмес.
Сыйкырдын иши бары деп,
Сыргак басты кенебей,
Мелтиреген балакет,
Эч нерседен кам жебейт.
Ал ач жолборстой эр Сыргак,
Алдында кетип баратат,
Көпүрөдөн өткөндө,
Бейжин эмес анча ыраак,
Эңиш тартып Алмамбет,
Сарала менен теңселет,
Сыргак барат жанаша,
Күрөң атты жетелеп,
Ат боройун сыдырып,
Адырмак тоону кыдырып,
Бейжиндин келди четине,
Жылдыз толгон мезгилде.
Бирге ойноп, бирге өскөн,
Өзү дунган элинен,
Кожаалы деген бар эле,
Бейжинде Алмаң турганда,
Чоң сырдашы ал эле,
Кырк жылда келем кайра, деп,
Көрүшөөрбүз анда деп,
Кеп айтышкан жан эле.
Аттуу туруп Алмамбет,
Кожаалынын эшигин,
Камчы менен какты эле,
Алмамбет келээр кези деп,
Чын болсо айткан сөзү деп,
Кожаалы ойлоп жатчу эле.
Айтылган мезгил бүттү деп,
Көрсөтпөй аны катам деп,
Ардык ала жатар деп,
Жер алдынан үй жасап,
Кире турган жол жасап,
Дарбазага жакындап,
Келе жатса Кожаалы,
Кагылды эшик такылдап.
Кандим экен Кожаалы,
Күү кетирип эшикти,
Какканынан тааныды,
Басар жолун айкындап,
Айтып берди баарыны:
-Түштүктөн аккан кара суу,
Бойу бүткүл камыштуу,
Чок камыштын түбүндө,
Кирүүчү жолуң мына ушу,
Калган жолдун баарысы,
Тикен менен тордолуу, Бура тартып Алмамбет,
Суунун келип бойуна,
Кожаалынын белгисин,
Куптап алып ойуна,
Найзасы менен чок камыш,
Аттуу туруп көтөрдү,
Аттуу киши баткандай,
Алды жактан жол көрдү,
Баштатан көрүп жүргөндөй,
Бастырып баатыр жөнөдү.
Ичи жарык жол салып,
Келет Сыргак таң калып,
Чыга калды капыстан,
Кожаалысы дактайып,
Сакал-мурут өсөңкү,
Кеткен экен саксайып.
Алмамбет менен Кожаалы,
Кол кармаша көрүшүп,
Колдун учун өбүшүп,
Бура тартып Кожаалы,
Буларды аттан түшүрүп,
(Бар керегин бүт кылып
Койгон экен күтүнүп.)
Алмамбет менен эр Сыргак,
Керилип уктап жай конуп,
Буркурап жыты аңкыган,
Ичкени кызыл чай болуп,
Ардыгы абдан чыккан соң,
Алмамбетке Кожаалы,
Айтты сөзү бул болуп:
- Сен кеткени Алмамбет,
Коңурбай менен Мурадил Эки чочко мар болуп,
Алганың Турна жүрчү эле,
Алмамбет, сага зар болуп.
Кыйаба деген бир жигит,
Эрешен тартып эр жетти,
Коңурбай менен Мурадил,
Теңдеше албай шай кетти.
Кырк жылы жүргөн катының,
Кыйабага бүгүн азгашты,
Кара мендер нак басты,
Ушул бүгүн тойу деп,
Толук уктум кабарды, Жаасы катуу Алмамбет,
Жайын угуп Турнанын,
Кызыл өңү кубарды:
- Көктокол берги, Кожаалы,
Көчөнү көздөй желейин,
Аллам ачса ак жолуң,
Кыйаба менен Турнанын,
Башын кесип келейин,Кожаалынын Көктокол,
Көрүүгө комсоо мал эле,
Анткени менен жаныбар,
Ашкере тулпар ал эле.
Көктокол минип Алмамбет:
-Көзүр Сыргак арстаным,
Кожаалынын үйүнөн,
Козголбостон жаткын – деп,
Жылдыз такта болгондо,
Кайта келем акыр-деп,
Жаны ачыган бир колдун,
Жолун, кудай, ачкын, - деп,
Жөнөп кетти Алмамбет,
Кош эмесе, бастым, - деп,
Калаага кирип аралап,
Кетип Алмаң баратат,
Эки жагын каранат,
Калаадагы калайык,
Куру баспай шалайып,
Тургун, тубар, далын бу,
Чыны-чайнек түрдүүдөн,
Көтөрүптүр жана алып.
Билмек болуп Алмамбет,
Бир кишиден сурады,
Сураган киши муну айтты,
Сурдантып Алмаң муңайтты:
- Канча жылдын алдында ,
Капкалуу Бейжин калаада,
Бир ханыбыз бар имиш,
Качып кеткен башкага,
Катыны калып Бейжинде,
Эрге тийбей келиптир,
Эрин күтүп эмгиче.
Жаңыдан чыкты бир улук.
Күлүк аттай суурулуп,
Ачуусу келип акырса,
Коңурбай менен Мурадил,
“Кош-коштоп” турат алдында,
Заманасы куурулуп,
Ошол качкын хандын катынын,
Алмак болду бул улук,
Тойго барып кайтууга,
Көпчүлүк барат чубуруп Анык кепти эми угуп,
Эр Алмамбет баатырың,
Бир саткычка бурулуп,
Эки кылдуу кежектен,
Сатып алды ал жерден,
Алакеңдин тили так,
Өзү мыкты ырчы экен.
Кежегин чертип күү кайрап,
Дуудуунун кызы Турнанын,
Карыганда кыз болуп,
Жаш Дуудуунун алганын,
Айтып барат Алмамбет,
Көчөдө ырдап үн салып.
Болгон ишти так кошуп,
Ырдап барат Алмамбет,
Тегерегин таң карап,
Теңдешүүчү барбы деп,
Сындап барат Алмамбет,
Үнү менен ырына,
Суктангандар токтобой,
Күйөө-кызга жеткирет,
Буйрук берди жаш кыйба,
Бачым алып келгин деп.
Жесекчиси нетиптир,
Ырчы болгон Алмаңды,
Жетелеп алып кетиптир,
Бир эшикке барганда,
Кагазды берип Алмаңа,
Кирген жок аа буйрук,
Жесекчи туруп калды анда.
Көз байлаган бүрүлдө,
Түнөргөн бактын ичине,
Чатырды тигип агынан,
Кыйба менен Турнанын,
Кызык үнү жаңырган.
Чатырдын барып жанына,
Өрттөй жанган Алмамбет,
Үзөнгүдөн бут тайып,
Эки буту тең түштү,
Кыйбага турган эркелеп,
Турна катын бүк түштү.
Шашып Кыйба жүгүрүп,
Башын жөлөп бүгүлүп,
Эмне болуп кеттиң? - деп,
Коркуп кетти үксүйүп,
Бетинен чыгып сары түк,
Турна калды түктөйүп.
Жүрөгү желдеп күйүгүп,
Муну айтты Турна “кыз”,
Кара жандан түңүлүп:
-Эшикке түштү бир адам,
Андан чыккан дабыштан,
Оодарыла жаздады,
Аңтарылып жер-асман,
Сошойа келген окшонот,
Каным катып тил кургап,
Үзүлгөнү баратам
Ачкан оозун жумганча,
Чыккан үнүн тыйганча,
Кирип келип Алмамбет,
Кыны кызыл, сабы алтын.
Жарашыктын баары алтын,
Жанындагы шамшарды,
Кармай калып сабынан,
Тартып алып кабынан,
Кыйба менен Турнаны,
Катарынан жайлады,
Кара жерди майлады,
Аны менен токтобой,
Башын кесип алганы.
Улук Кыйба дегендин,
Кийиминен үчтү алды;
Колундагы шакегин,
Аны кошуп жана алды.
Турнанын алды жоолугун,
Байкап абдан уккула,
Эми Алмамбеттин жоругун.
Туш-тушта жок көп тешик,
Тоскон жери беш эшик,
Билгизбей чыгып кетерге,
Белги берип бектерге,
Кемтиги жок иш жайлап,
Чыгып кетти Алмамбет,
Чатынан түйүп баш байлап,
Дарбазага барганда,
Баштарды асып таштады,
Бурулбай жетип Алмамбет,
Кожаалы менен Сыргакка,
Бар кылганын айтканы:
- Кожаалы досум, кайтып кет,
Бар кебимди калганга,
Жашырбастан айтып кет;
Тилимди алсаң, жан калба,
Мен болдум сага каргаша,
Кытайлар билип шек алса,
Сенин да көзүң жеткендир,
Каның жерге тамбаска, Кожаалы айтат: - Алам, - деп,
Катын-бала бүт дүйнө,
Калтырбай түгүл кетирип,
Кожокең жалгыз калган - деп,
Көргүчө аман болгула,
Бастырайын балам - деп,
Кол тартышып, кош дешип,
Жүрүп кетти Кожаалы,
Алмамбет минген Көктокол,
Минип кетти Кожаалы,
Кыйба менен Турнанын,
Өлгөндүгүн ашкере,
Билип кетти Кожаалы,
Төрө Алма кеп айтат:
- Жолборсум Сыргак деп айтат,
Мында туруп нетели,
Ат чалдырып жай табар,
Кеңири жерге жетели,Алмамбет менен эр Сыргак,
Аттанып жөнөп кетишти,
Сасык булак, чок камыш,
Булуңсазга жетишти.
Кангайлардын байагы,
Ыраңкүдүк молдосу,
Аза уул болгон жолдошу,
Мөңгүнүн суусун ашаган,
Антип-минтип бу капыр,
Үч жүз он беш жыл жашаган,
Туула элек кезде эле,
Манас туулат деп айткан,
Айтканынын баары чын,
Жалганы жок келаткан.
Билгич Ыраңкүдүктү,
Чакыртып Коңур түн ичи:
-Ойроң Күдүк кел - деди,
Китебин ачып көр - деди,
Жаш өрдөк келди биздерге,
Андан башка кабарчы,
Бирөө дагы келбеди,
Жакшы-жаман-билгениң,
Жашырбай айтып бер-деди,
“Ыстырлап” деген китептин,
Колуна алса Ыраңкүдүк,
Көрүндү ага айгине,
Күмөндүү болбой аң дүдүк,
Козголбос Какан журтуна,
Болуптур өтө чоң түйшүк,
Жабырады Коңурга,
Жаппай айтып ал шүмшүк:
-Куу өрдөк, кулжа, түлкүгө,
Өлүмдү кыргыз бериптир,
Балапан өрдөк бечара,
Байкатпай качып келиптир.
Белдүүдөн келип төрт баатыр,
Бери жактан чалгын чалыптыр,
Кечээки кеткен Макилди,
Белде Алмамбет алыптыр,
Башына теңдеп таш артып.
Манасына барыптыр,
Аз келгенсип анысы,
Кожаалынын үйүндө,
Эки күн бейкут жатыптыр,
Үстүбүздө бул түндө,
Кыйба менен Турнанын,
Башын кесип алыптыр,
Дарбазага асыптыр!
Кошулсаң Коңур акылга,
Бул сапар келген Чантууга,
Алтын берип, зар берип,
Айдатып арбын мал берип,
Кытайдан сулуу кыз берип,
Кылымдан ашкан уз берип,
Эл кырылтып кан кечпей,
Көр дүйнө үчүн жан кетпей,
Элчилешип кетиргин,
Кыйамын таап даа бир күн,
Кезегин кийин келтиргин,
Бул жолу кезек кыргызда,
Албай койбойт чынында,
Айап калып адамды,
Биз чыдайлы чыгымга.
Кетирели кыргызды,
Дарбазадан киргизбей,
Кыргыз менен чырлашып.
Амал кетип бир күнү,
Алтын такты мингизбей,
Атага наалат тийгизбей,
Алтымыш капка Каканды,
Кыргыз алды дегизип,
Эрегишип олтурбай,
Айланы, Коңур, табыңыз,
Абийирди эптеп жабыңыз, Айтып Күдүк токтолду,
Дуудундун бири Чабалай,
Атырылып октолду:
- Күдүк болбой өлүп кал,
Көр түбүнө кирип кал,
Кыргызга тартуу бергендей,
Бар бекен бизде бекер мал?!
Чаңдуубуз минген тулпарын,
Кармаганы көп болгон,
Кан ичүү менин кумарым.
Аттанып эртең барамын,
Чалгынга келген төртөөнү,
Байлап келе каламын!
Соорандыктын шум уулу,
Жалгыз көзгө аткандыр,
Жыгылып Макил жаткандыр,
Жан-жанынан балталап,
Жара бөлүп чапкандыр,
Ошентип эбин тапкандыр.
Корккондон жан калбаптыр,
Коңтөрө, Жолой, Нескара,
Мурадил, Уушаң силерде!
Манасын кыйын эр дейсиң,
Кара баштуу бендеден!
Кашкайа жалгыз мендейин,
Алмамбет, Манас баарысын,
Кармап алып келейин,
Жазасын колго берейин,
Коржоңдосо кол салып,
Талпагын ташка керейин.
Таң эртең жөнөйүн,
Берениң Манас тургуча,
Белге чыгып өнөйүн,
Безилдетип токмоктоп,
Берметин беттен төгөйүн,
Күн абдан чыкканда,
Артымдан аскер жибергин,
Кан майданда акеңдин,
Карап көрсүн өнөрүн! Чакчаңдаган Чабалай,
Калбасы анын бир далай,
Алачыктай Коңурга,
Айтуучу сөзүн айттырбай,
Төрт дуудуусун белендеп,
Чыгып кетти ордодон,
Күдүктү кошо жемелеп.
Ханы менен карадан,
Улуу-кичүү баарыдан,
Өмүрүндө Күдүктү,
Бирөө жалган дебеген,
Чабалайча бүгүнкү,
Түк укпаган жемеден.
Арданган Күдүк алайып,
Ачуусу келип карайып,
Энтиге түшүп дем алсаң,
Текечердей танайып,
Энтелей басып алыптыр,
Жоолугун алып колуна,
Терин аарчый салыптыр,
Таң кашкайган маалда,
Алмамбетке барыптыр,
Күдүктү көрүп Алакең,
Айран азыр калыптыр.
Эки көзүн Алмамбет,
Эки имерип тиктесе,
Арамдык жок Күдүктө,
Келгендей турат бир ишке.
Каадасынча манжунун,
Адатынча анжунун,
Кома деп барып Алмамбет,
Сагынышкан немедей,
Кол алыша кетти эле.
Ойунда Күдүк муну деп:
«Хан баласы Алмамбет,
Каадасын элдин билет, деп,
Акылы тунук, түбү улук,
Урматымды кылды»,- деп,
Алмамбетке суратпай,
Айтаар ойун белендеп,
Өчөшкөнү Чабалай,
Өкүрүгү бир далай,
Баштан айак бар кебин,
Күдүк айтып калтырбай,
Мында неге келгенин,
Жабырады мамындай:
- Эки түрдүү бар кебим,
Айтканы сага келгенмин.
Атка минди Чабалай,
Бейжиндеги бектерден,
Тең эмес ага эч кандай,
Эрегишсе кол салат,
Коңтөрөгө жазганбай,
Ажал жетип кан кызып,
Дердеңдеп калды жаталбай.
Алды тартма буткулда,
Үстү кара таз кумда,
Келе жаткан кезидир,
Орто жери Кыркууда,
Бириң ары өтүп кал,
Бириң алдын тосуп бар,
Менменсинген арамды,
Алактаган каранды,
Тегеректеп ортого ал.
Алды-артын тосо албай,
Куткарып ийсең алалбай.
Абалымды чамалар,
Чоң балаага калбаңар;
Кайратын хандын качырган,
Айбаты артык каапыр ал,
Ашырып айтты дебегин,
Кутулбайсың барыңар.
Эр Алмамбет баатырым,
Экинчи сага айтаарым:
Куу түлкүнү атканда,
Алгандырсың кеп тонун,
Үстүңө Алмам, кийе сал,
Чабалайдын артынан,
Аскери келет канча сан,
Кайтарып аны жолго сал,
Андан кийин чалгын чал,
Толуп жатат бул элде,
Түгөнбөгөн арбын мал,
Калтырбай сүрүп жылкы ал.
Ошондой иштер болгондо,
Калба арбып табылар,
Кангайга кетем түз мындан,
Бу Бейжинге мен турбай Айтып болуп Ыраңкүдүк,
Бура тартып жөнөдү
Бөжөң-бөжөң жүгүрүп,
Узаргандан узарды,
Тайгандай болуп түйүлүп.
Эр Алмамбет кеп айтат:
- Жолборсум Сыргак деп айтат,
Чок камыштын ичине,
Карткүрөңдү байлагын,
Бошотуп кетип калбасын.
Айтышынча Күдүктүн,
Өзү менен беш экен,
Кутурма тийген ит экен,
Сарала менен жөнөйүн,
Алладан тилеп көрөйүн,
Келгиче ал жетейин,
Кыркуудан өтүп кетейин.
Сен турбагын жабыгып,
Жолунан чыктың камынып,
Ар канча мыкты болсо да,
Кача көрбө кайрылып.
Мен аркадан качырам,
Тосоттоп чыккың сен дагы,
Алды жактан катыраң,
Эгерде мурда кабылсаң,
Аңтара сайып атынан,
Өнөрүңдү айаба,
Айланайын кабылан!
Чабалай дуудуу жыгылса,
Жанындагы төртөөнүн,
Амалы кетип ушунча.
Өзү түшүп өлбөйбү,
Карасуунун тушуна, Айтып болуп Алмамбет,
Сарала минип комдонуп,
Саргарып өңү томсоруп,
Карасуунун буткулга,
Бура тартып чуу койуп,
Ат айабай аргытып,
Артынан чаңын баргытып,
Чабалай жетип келгенче,
Өтө берди артылып,
Көрүнбөй Алмаң турду эми,
Көмүскөгө жашынып.
Көз жиберсе алыска,
Жебедей чыккан зыркырап,
Туйактан учкан барча таш,
Обоодо жүрөт быркырап,
Бешөө келет бириндеп,
Жаалысына чыдабай,
Жыгачтар кыйрап дирилдеп,
Алдындагы чаңдуубус,
Арандай оозун ачыптыр,
Арбыта жолду басыптыр,
Жолуң үйдөй ак көбүк,
Омуроого чачыптыр.
Бейжинден Алмаң кетерде,
Атагы жок жан эле,
Жетилген экен бул күндө,
Тике карабай эч пенде,
Канын ичип көнүптүр,
Кармашканы кез келсе.
Адам айткыс каары бар,
Ач жолборстой заары бар,
Ажыдаардай сүрү бар,
Анча-мынча кишини,
Ат-тону менен бүкүлүү,
Жутуучудай түрү бар.
Залкарлуу тоодой зал экен,
Кабагы жааган кар экен,
Кармашып калган пендеге,
Кайран дүйнө тар экен,
Кааарданып бул чочко,
Келе жаткан чагы экен.
Өтө берди үстүнөн,
Ээрчигени төрт дуду,
Кем эмес алар өзүнөн.
Коколой өзү жалгыз баш,
Соорандык уулу Алмамбет,
Сан баатыры көп эмес,
Салышка кирсе өк дебес,
Андан качып кутулбайт,
Жер бетинде кеп-кеңеш.
Амалы артык илегер,
Акылга жоомарт кеменгер,
Ал Алмамбет баатырды,
Ар кандай айтсаң эп келер.
Алмамбет эми акырып,
Көөмөйдөн чыкты качырып,
“Манастап” ураан чакырып;
Манастын атын укканда,
Чабалай калды шашылып,
Ал аңгыча болбоду,
Чыга калды эр Сыргак,
Турган жерден жашынып.
Чабалайдын ойу экен,
Ойлогону бул экен:
“Аркадан ураан чакырган,
Ал Алмамбет кул экен,
Укту эле көргөндөн,
Манастын аты куу деген,
Мингени темир Кызыл көк,
Манас өзү бу экен.
Бура тартып нетейин,
Буйдалбастан жетейин,
Бу бадырек бурутту,
Найзага илип кетейин;
Кайра тартып нетейин,
Качпай буга жетейин,
Калдаңдаган буруттун,
Канын ичип өтөйүн,
Андан кийин тетиги,
Алмамбет кулду сүйрөтүп,
Байлап алып кетейин,
Багыма башым жар болуп,
Мен буулугуп калган экенмин”.
Темири кулач көк найза,
Көмөкөйлүү бу найза,
Күүлөп капыр ыргады,
Чуулдаган үн чыгып,
Так сурнайча ырдады,
Үзөнгүгө жанашкан,
Башы үйдөй жыгачтан,
Канчалары кулады,
Дөө экен деп ушундан,
Ойун Сыргак турбады,
Калтырак кирип коркконсуп,
Атынын башын бурбады.
Сундуруп найза тартпаган,
Сумсайып жоодон качпаган,
Кызыгышкан казатта,
Кызыл кан суудай чайкаган,
Жалгыз башы ар качан,
Сан кишини жайкаган,
Өкүм-өткүр сөзү бар,
Өрттөй кызыл көзү бар,
Өлүмдөн коркпос өзү бар,
Кайраты толук кыраан эр,
Кандуу уруш майданда,
Ажал-өлүм кайда дээр,
Кабыландын Сыргагы,
Хан Жакыптын чырагы,
Сайышка чыгып жекме-жек,
Телкызыл менен чуу койду,
Чалкалаган дуудууну,
Найзасын кагып жиберип,
Аңтарылтып бир койду.
Мыктап найза муштады,
Жети кабат темир тон,
Дегеле тоскоол кылбады,
Далысынын айнектен,
Кере карыш жылтырап,
Бир жак учу чыкканы,
Сайганын жазбас кайран эр,
Найзасын канга чыктады.
Чалкалаган бадырек,
Чаңдуубоздон кулады,
Үстөмөндөп кучактап,
Кара жерге сулады,
Аны кудай урганы.
Кайра артына тарта албай,
Төрт дуудуу туруп топ болуп,
Келе жаткан Алмаңа,
Кайаша кебин айта албай,
Сыргактан коркуп жалтаарып,
Жүрөгү түшүп калтаарып,
Илгери кадам баса албай,
Намысы жок төрт дуду,
Же төшкө чыга кача албай,
Карасуунун буткулга,
Түшүп кетти уйалбай,
Экөө жүрүп бешти алган,
Ушундай экен шум жалган,
Кан кылбай туруп кийимин,
Чабалайдын чен тонун,
Сыйрып чечип дагы алган,
Ошондо айтат Алмамабет,
Тебетейин дөң кырдап:
- Айланайын эр Сыргак.
Айбатыңа ырахмат,
Карткүрөңдүн жанына,
Кайра тартып барып бак,
Адырда жердин түгүндөй,
Эми аскери келет миң сандап,
Карыш алга жылдырбай,
Кайтарайын ушул чак, Сыргакты салып жолуна,
Куу түлкүнүн кеп тонун, Коңурбайча чен тонун,
Алмамбет салды жонуна,
Бүчүлүгүн бүчүлөп,
Эки каптал-кабырга,
Үпчүлүгүн үпчүлөп,
Топчулугун топчулап,
Эп келтире койгону,
Нак Коңурбай болгону.
Кара жылкы карматкан,
Жал-куйругун тараткан,
Тышына кылдан жаптырган,
Ичине була тарттырган,
Алгарага окшотуп,
Саралага кеп кылган,
Сараланын жонуна,
Кеп тонун Алмаң кийгизип,
Кечилдин ханы келди, деп,
Көргөн элге билгизип,
Иле менен Алмамбет,
Пайдасын элге тийгизип,
Кыркуудан чыга калыптыр,
Кажы-кужу кыжылдап,
Кара курттай быжылдап,
Жердин бети чымырап,
Кумурскадай кыбырап,
Сандаган черүү аскерге,
Жер бети толуп алыптыр.
Көргөндө муну Алмамбет,
Калмакча сүйлөп калдырап,
Кытайча сүйлөп кыжырап,
Кайта кет деп аскерди,
Буйрук кылып жиберди,
Молдо торгой кептенип,
Аралаш айтып быжырап.
Кечилдин ханы келди деп,
Кеңчилик бизге берди деп,
Келген аскер дуу койду,
Кеңдемеге Солонду,
Келбеттүү Алмаң чуу койду,
Келип Сыргак жолгошту.
Муну мындай таштайлы,
Алмамбеттин Сыргакка ,
Ата журтун таанытып,
Айтканынан баштайлы.
Алмамбеттин Сыргакка жер таанытуусу
Эки баатыр көрүшүп,
Ичтеги ойун төгүшүп,
Сакалдары эпеңдеп,
Эрмек сөзгө күлүшүп,
Чаарасы көп Алмамбет,
Чабалайдын тыш тонун,
Эр Сыргакка кийгизип,
Эптүүлүгүн билгизип:
- Чалгынга чыгып көп көлдөн,
Элемандын Көкчөлдөн,
Мында келдик бөлүнүп,
Сакал-мурут саксайып,
Өсүп кетти төгүлүп, Сылап туруп сакалын,
Сыйпап туруп мурутун,
Буларды кыркып алалы,
Булардын болоор залалы, Ынандырып Алакең,
Түк калтырбай алганы,
Чабалайдын малакай,
Кийгизе башка салганы,
Шаарба деген күзгүнү,
Сыргакты көздөй кармады:
- Келиштиңби баатырым,
Бул күзгүнү карачы Күзгүнү карап эр Сыргак,
Жини келип эң чындап,
Башындагы малакай,
Жулуп алып ыргытты,
Алмамбетке алайып,
Ачуулу кебин жылжытты:
- Мен бузбайын көркүмдү,
Айланайын Алаке,
Кийбеймин мындай бөркүңдү!
Сакал-мурут канаке?
Мурутумда болчу эле,
Маа токтогон береке.
Сакалдын сайда саны жок,
Муруттун бир тал дайны жок,
Айланайын Алаке,
Жалындуу ичке салдың чок;
Колго барсак бул бойдон,
Өөдө-төмөн айтат ко,
Кыргызымдын оозу шок.
Күлдөптүр жолдо дебейби,
Көпкөндөр бокту жебейби?!
Сыргактын бу ишине,
Арбын күлүп Алмамбет,
Айтты ага мындай кеп:
- Эл үчүн эмгек кылууга,
Жетимиш эки өнөр аз,
Сакал алып сыйдалап,
Ат кубултуп жабуулап,
Биз болобуз таанылбас.
Мындан ары барганда,
Утур чыккан адамга,
Сөз сүйлөбөс дудук бол,
Кулагың укпас дүлөй бол,
Ушундай шумдук кылбасак.
Чалгынды кандай чалабыз?
Кабарды кандай алабыз?
Кабылан Манас баатырга,
Калп айтып кандай барабыз,
Сакал-мурут жетилер,
Жайын укса элибиз,
Жалпы эле муну кечирер, Алмамбет муну айтканда,
Түшүнүп сөзгө кайран эр,
Жүрүп кетти жолуна,
Жасанышкан эки шер.
Жүрү баатыр, жүрү, деп,
Жоболоң тартып жол-жолдо,
Жүрсөк болбойт эми деп,
Эки баатыр баратат,
Карткүрөңдү жетелеп.
Будурмак кара тоо менен,
Буруу-буруу жол менен,
Ойго түшсө түз менен,
Бортулдаган шор менен,
Булуттай күлүк ат менен,
Буйдалбай жүрүп оштонуп,
Салылуу шаар четинде,
Заңкайган капка бетинде,
Көз байлаган бүрүлдө,
Алмамбет түштү бир жерге,
Калың камыш түнөргөн,
Караңгы эмес күндүз да,
Аралап адам кирбеген,
Адамзат сырын билбеген,
Ал укмуштуу бул жердин,
Алакең сырын билчү экен.
Эр Сыргакты: - Түшкүн, - деп,
Мен да кошо түштүм - деп,
Мен келгенче жолборсум,
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Манас - Жусуп Мамай - 35
  • Части
  • Манас - Жусуп Мамай - 01
    Общее количество слов 3425
    Общее количество уникальных слов составляет 1557
    26.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    37.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 02
    Общее количество слов 3489
    Общее количество уникальных слов составляет 1583
    26.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    37.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 03
    Общее количество слов 3754
    Общее количество уникальных слов составляет 1821
    26.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    44.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 04
    Общее количество слов 4199
    Общее количество уникальных слов составляет 2100
    30.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 05
    Общее количество слов 4277
    Общее количество уникальных слов составляет 2101
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 06
    Общее количество слов 4236
    Общее количество уникальных слов составляет 2269
    30.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 07
    Общее количество слов 4251
    Общее количество уникальных слов составляет 2240
    30.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 08
    Общее количество слов 4215
    Общее количество уникальных слов составляет 2335
    28.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 09
    Общее количество слов 4227
    Общее количество уникальных слов составляет 2298
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 10
    Общее количество слов 4264
    Общее количество уникальных слов составляет 2168
    31.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    52.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 11
    Общее количество слов 4201
    Общее количество уникальных слов составляет 2307
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 12
    Общее количество слов 4180
    Общее количество уникальных слов составляет 2207
    26.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 13
    Общее количество слов 4203
    Общее количество уникальных слов составляет 2371
    29.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 14
    Общее количество слов 4276
    Общее количество уникальных слов составляет 2303
    30.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 15
    Общее количество слов 4280
    Общее количество уникальных слов составляет 2365
    28.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 16
    Общее количество слов 4329
    Общее количество уникальных слов составляет 2221
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 17
    Общее количество слов 4362
    Общее количество уникальных слов составляет 2319
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 18
    Общее количество слов 4234
    Общее количество уникальных слов составляет 2191
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 19
    Общее количество слов 4251
    Общее количество уникальных слов составляет 2199
    29.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 20
    Общее количество слов 4224
    Общее количество уникальных слов составляет 2351
    29.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 21
    Общее количество слов 4204
    Общее количество уникальных слов составляет 2413
    27.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 22
    Общее количество слов 4146
    Общее количество уникальных слов составляет 2586
    23.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    36.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 23
    Общее количество слов 4223
    Общее количество уникальных слов составляет 2507
    25.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    37.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 24
    Общее количество слов 4292
    Общее количество уникальных слов составляет 2321
    28.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 25
    Общее количество слов 4270
    Общее количество уникальных слов составляет 2418
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 26
    Общее количество слов 4240
    Общее количество уникальных слов составляет 2367
    28.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 27
    Общее количество слов 4301
    Общее количество уникальных слов составляет 2341
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 28
    Общее количество слов 4315
    Общее количество уникальных слов составляет 2154
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 29
    Общее количество слов 4272
    Общее количество уникальных слов составляет 2333
    28.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 30
    Общее количество слов 4347
    Общее количество уникальных слов составляет 2224
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 31
    Общее количество слов 4213
    Общее количество уникальных слов составляет 2243
    29.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 32
    Общее количество слов 4338
    Общее количество уникальных слов составляет 2304
    28.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 33
    Общее количество слов 4378
    Общее количество уникальных слов составляет 2293
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 34
    Общее количество слов 4291
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    30.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 35
    Общее количество слов 4310
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    29.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 36
    Общее количество слов 4237
    Общее количество уникальных слов составляет 2243
    28.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 37
    Общее количество слов 4227
    Общее количество уникальных слов составляет 2276
    28.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 38
    Общее количество слов 4165
    Общее количество уникальных слов составляет 2328
    27.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 39
    Общее количество слов 4235
    Общее количество уникальных слов составляет 2169
    29.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 40
    Общее количество слов 4331
    Общее количество уникальных слов составляет 2115
    32.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    46.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    52.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 41
    Общее количество слов 4270
    Общее количество уникальных слов составляет 2232
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 42
    Общее количество слов 4277
    Общее количество уникальных слов составляет 2205
    31.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    52.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 43
    Общее количество слов 4207
    Общее количество уникальных слов составляет 2318
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 44
    Общее количество слов 4259
    Общее количество уникальных слов составляет 2333
    27.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 45
    Общее количество слов 1587
    Общее количество уникальных слов составляет 1043
    37.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    48.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    54.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов