Latin

Манас - Жусуп Мамай - 20

Общее количество слов 4224
Общее количество уникальных слов составляет 2351
29.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
Дүңгүрөтүп шаарды,
Доолбасты каккыла.
Жабыла минип калбастан,
Аттанып барың чыккыла,
Алактаган буруттун,
Аскерин курчап жаткыла,
Кутуруптур бул бурут,
Бар шайтанын каккыла!
Шайтаны бойдон күбүлсүн,
Акимсинген бул бурут,
Аманат жандан түңүлсүн!
Көрдүңөрбү бурутту,
Дөөкан, Банус хандардай,
Сотой, Соксо калдайдай,
Мени ошондой көрүшүн,
Ойлобой келген бул бурут,
Айжаңжүндөн өлүшүн! Деп күүлөнүп күжүлдөп,
Көк камандай күркүрөп,
Айжаңжүндөн кайраты,
Артылып ачуу айбаты,
Алтымыш миң аскерин,
Дүркүрөтүп айдадаы:
Барабан уруп, баң тартып,
Көчөнүн ичин чаң басып,
Олчойуп жөнөп калган кез,
Айжаңжүн кошо аттанып.
Шаарынан чыкты шартылдап,
Жөө тумандай самсаалап,
Ак асаба, көк желек,
Асманда барат калкылдап,
Кийгени соот күрөөкө,
Күн чагылып жалтылдап,
Токтоно албай кара жер,
Каарданып сурданып,
Карагай найза колго алып:
- Адамсынган бурутту,
Астын-үстүн салайын,
Амалын такыр түгөтүп,
Айдап келе калайын.
Мен Малуна болгону,
Мындай жумуш болбоду,
Менден коркуп бул жерге,
Душман келбей койгону.
Кечээ Көкөтөйдүн ашында,
Берет элем жазасын,
Барайын десем Айжаңжүн,
Шаарды багып тургун деп,
Баргызбай мени койгону.
Ошол күнү мен барсам,
Кызыталак бул бурут,
Кылымдан кайым болмокчу,
Кылымдан кайым болбосо,
Кылчайгыс карып болмокчу! Деп сүйлөнүп Жаңжуңга,
Көтөрүлүп өзүнчө,
Куу чаптар менен жөнөдү,
Карааны тоодой көрүндү.
Айкөл Манас тобунан,
Каардын бири Кутунай,
Жаалы чыгып туралбай.
Абаң Бакай карынын,
Алдына барып суранып,
Аттанып кутуң жөнөдү,
Бөрү тилме, өткүр курч,
Көк найзасын өңөрдү.
Кутунайдын Камбылкер,
Аталуу күлүк мал эле,
Кыргыздар атты чапканда,
Бештен төмөн түшпөгөн,
Ортосунда бар эле.
Ошону минген Кутукең,
Бир балбанча зал эле.
Кутунай кирип барганда,
Малуна кеби бул эле:
Козголчудай калтылдап,
Алтындуу саадак жаркылдап,
Ат куйругу балкылдап,
Көрүнүшү айбаттуу,
Найзанын учу жылтылдап.
Аркасында чачтары,
Аргамжыдай чубалат,
Бол жүргүнүң, болгун, деп
Лойалары кубалап,
Арка-алды көрүнбөйт,
Алай-дүлөй жер чаңдап,
Алакандай аз кыргыз,
Келаткан элди көргөндө,
Көптүгүнө таң калат,
Таанылар элге кезегим,
Келген экен эми, деп,
Кыран Чубак шаңданат.
Калкылдаган калың кол,
Маңдайлаша барышты,
Байрактарын сайышты.
Айжаңжүндүн баатыры,
Өзү манжу уругу,
Жоо сагынып буулугуу,
Малуна деген бар экен,
Өз алдынча зал экен,
Бет алган жакка чаң салган,
Белдүүнүн бири ал экен.
Кара кытай элинен,
Тандамалуу эринен,
Калдайып тоодой көрүнөт,
Топтон чыкты бөлүнүп.
Минген аты Куучаптар,
Малунада каруу бар,
Жылан менен чайандай,
Адамга салар заары бар.
Адамзат кылчу өнөрдүн,
Ал чочкодо баары бар!
Үйдөй болуп калкайган,
Далысында калканы,
Кабылган киши каапырга,
Чыгып кетер талканы.
- Бүгүн мага ким келсе,
Баш байланып жүрбөймүн,
Учуна найза илемин,
Кайерден келсе ордуна,
Ыргытып аны ийемин!
Белдүүсү бар кыргызда,
Чунак Сыргак угушта,
Кайраттуусу Манас дейт,
Карсылдашкан урушта,
Үчөө менен урушам,
Өлүшпөй кантип турушам?
Башымды тартар жерим жок,
Ал өңдүү болгон жумуштан!Угуп туруп Кутунай,
Кужуру кыйын кармады:
- Коржоңдогон ит Малун,
Кулакка кебиң жагабы?
Чубак, Сыргак арстандар,
Теңсинип сага чыгабы?
Айткан кеби бул болуп,
Көк найзаны ыргады.
Кутунайдын Камбылкер,
Ооздук кагып нидерип,
Качырып кирди Кутунай,
Малунага имерип.
Кыймыл этпей, былк этпей,
Мелтиреп турат Малуна,
Каары менен Кутунай,
Капталдан ары бир койду.
Чымын чаккан эмедей,
Селт этип чочко койбоду,
Кутунайдын найзасы,
Талкаланып жоголду!
Балтасын кармап бекемдеп,
Баатыр тууган Кутунай,
Каруусуна күч жыйнап,
Чокудан ары бир койду,
Чапканына чыдабай,
Балтасынын мойнунан,
Үзүлүп сабы кетиптир,
Маалына эми жетиптир?
Найзасын кармап имерип,
Кутунайды Малуна,
Илип алып найзага,
Бир айлантып делдейтип,
Атына кайра мингизип:
- Кайраттуу эрди бил, деди,
Өз элиңе кир, – деди.
“Тирүүлүгүм өзүмө,
Каниет” - деп Кутунай,
Сабына кайра жетиптир,
Кыпчакбайдын Абдылда,
Ачууланып кетиптир.
Карткүрөң менен чаңдатып,
Караган элди таңдантып,
Кары кармап калыптыр,
Ажыкең жөнөп алыптыр.
Байкап көрсө Малуна,
Кайраты бар киши экен,
Капташканын кээ-кээде,
Сайып алчу эр экен.
“Атайын келип арманда,
Сайалбай кайта кетпесин”Деп Малуна ойлонуп,
Бекитип кармап калканын,
Калдайып карап туруптур.
Кадырлуу баатыр Ажыкең,
Этектен өйдө көтөрүп,
Бөйрөккө найза муштады!
Күрөөкөнүн этегин,
Түрө тийген куу найза,
Жамбаштын калак башынан,
Жандай учу жетиптир,
Найзанын учу кылт этип,
Аралап бөйрөк кетиптир.
Бөйрөккө найза мылк этип,
Мен-менсиген Малуна,
Томолонду шылк этип,
Кайраты бар, акыл бар,
Кайран батыр Ажыбай,
Калдайып жерге жыгылган,
Капырдын башын кесиптир,
Сүйрөтүп алып кетиптир.
Алып барып Ажыкең,
Туу түбүнө таштады.
Малуна өлүп кеткенге,
Өтө эле жаман ачынып
Дордоно деген бир калмак,
Чыгып калды акырып,
Дүркүрөгөн куу менен,
Дөңмаңдай деген ит менен,
Дүбүртү жерди солкутуп,
Катуу тийди Ажыңа,
Кара тил найза койкойтуп.
Байкаса Ажың найзаны,
Айбалкайга чендептир,
Как өпкөгө сайсам деп,
Ирмебей көзүн мелжептир,
Андайда көргөн чанданын,
Апкаарып Ажым кетпептир,
Найзанын учу тийерде,
Кандим болгон Ажыкең
Оодарыла берди эле,
Ат капталга шалк эле,
Каңгытып найза сайалбай,
Дордоно өтө берди эле,
Ажыкеңдин дүмөгүн,
Айтпай турган кеп беле
Айбандан күлүк Карткүрөң,
Буулугуп калган Дөңмаңдай,
Ооздугун тарттырбай,
Алоолонуп алыптыр,
Ала качып калыптыр.
Ажыкеңдин Карткүрөң,
Ар жоругу бар Күрөң,
Карматып тизгин тарттырбай,
Жагалмайдай бурулуп,
Жебедей учуп зыркырап,
Каш какканча жетти эле,
Калдаңдаган калмакты,
Кайран баатыр Ажыкең,
Этектен кармап кетти эле.
Тескери колдон бек кармап,
Үзөңгү боого салыптыр,
Тоңкойто тартып атынан
Сүйрөтүп жөнөп алыптыр,
Токумдай нечен териси,
Сүйрөткөн жерде калыптыр
Бөйрөгүнөн жарылып,
Ичегиси чыкканда,
Бок чачылар убакта,
Таштап жолго салыптыр.
Элебей кыргыз калыптыр,
Дордононун иниси,
Отуке жете барыптыр
Очойгон чочко олоңдоп,
Ажыкеңди этектеп,
Сүйрөтүп жөнөп калыптыр!
Ажыкең аттан айрылбай,
Карткүрөң турат майышып
Ажыкең атка тырмышып,
Отуке тартып кайышып,
Алар антип жатканда,
Күлдүрдүн уулу Алыбай,
Көрүп туруп ала албай,
Чымындай жанын айабай,
Кыйкырыгы баш жарып,
Кызыл түпөк найза алып,
Айбалтасын байланып,
Алыбай жетти айга айлап.
Найзаны таштап Алыбай,
Балтасын колго бек кармап,
От жанып көздөн чакчаңдап,
Ажыкеңди этектеп,
Тартып жаткан Отуке,
Кайран баатыр Алыбай,
Койуп өттү шилиге,
Балтанын мизи орноду,
Каракуштун ичине.
Мээси жерге чачырап,
Оодарылды Отуке,
Этек-жеңи жайылып,
Өлүп кетти далыйып,
Баатырсынып Алыбай,
Тура калды чамынып.
Кара кытай уурудан,
Кабары көпкө угулган,
Кылычтан канын чубурткан,
Кармашкан элге чуу кылган,
Өч алам деп буруттан,
Кежи деген жөнөдү,
Келе жаткан Кежини,
Алыбай баатыр көргөнү,
Чыйраксынып бакырды,
Аколтой болуп калды, деп.
Балтасын алып качырды.
Чаптырбай Кежи булт берип,
Найзанын учун имерди,
Алыбайды оп-оңой,
Аңтара сайып жиберди.
Кашында турган Ажыбай,
Алыбайдын миңгенин,
Жетелеп келип бергени,
Ат берип кайра тартканча,
Ажыбайды ал Кежи,
Аңтара сайып кеткени.
Ал Кежинин мингени,
Ала качкан мал экен,
Азыраак айбы ал экен,
Бура тартып болгунча,
Бурулуп кайта барганча,
Кандим Шууту жетиптир,
Ажыбай менен Алыбай,
Кутулуп экөө кетиптир.
Мындай эчен эр Шууту,
Арбын көргөн сайышты,
Өткөрүп келген башынан,
Албан-дубан салышты,
Камындырбай Шуутуну,
Кара кытай Кежиси,
Каңтара койуп өттү эми,
Кайран Шууту калдайып,
Кара жерге түштү эми.
Аксакал Кыргыл акырып?
Манастап ураан чакырып,
Кежиге Кыргыл жетиптир,
Жеткен жерде Кыргылды,
Кагып ийип найзасын,
Капталдан ары бир сайды,
Бир сайууга жарабай,
Жер кучактап жыгылды.
Ырамандын Ырчы уулу,
Чыйрактын бири болучу,
Уруксат алып Бакайдан,
Удаа кирди мына бу.
Оңдонуп турган Кежиге,
Капталга найза домдоду,
Чыйрак сынган ырчынын,
Мунун да иши болбоду,
Баргандын баарын кулатып,
Баардыгын аттап сулатып,
Бирин-бири кырк баатыр,
Алып жатат куткарып,
Мен дагы чоро бири, деп,
Атасынын көрү, деп,
Баатыр Сыргак чуратты,
Беттешкен пенде оңобу?
Мынчалык келген эренин,
Ал Кежини койобу?
Сыргактан найза жеткенде,
Менменсинген ал Кежи,
Топо тиштеп торойду.
Кечкирип калды аңгыча,
Айжаңжүндүн элинен,
Кернейдин үнү угулду,
Аскерлери айдаган,
Койдой болуп чубурду.
Көк жал Манас кошуну,
Жайыкка түшүп олуттуу,
Кайгылуу чууну чыгарып,
Каратып койду туш-тушту.
Атканын жазбас мерген бар,
Ылаачындай терген бар,
Ай караңгы түндөрдө ,
Из кубалап билген бар.
Селдей душман каптаса,
Селт этпей жалгыз кирген бар,
Сыныгын сыртка чыгарбас,
Сыр алдырбас кылдат бар,
Уйкудан кечип эл сактап,
Кызмат кылат мындайлар.
Чатыр сактап турган бар,
Чактамай кызмат кылган бар.
Үч которуп сакчыны,
Агарып сүрүп таң чыкты,
Айбаттанып Айжаңжүн,
Тоодой караан кан чыкты,
Арт жагынан бороондой,
Уйулкуган чаң чыкты,
Атагы алаш жагынан,
Сыргак деген тың чыкты,
Ылайык келсе барсам деп,
Ынтылып турат көп мыкты.
Кытайдын эмки баатырын,
Жашаган жерин сурасаң,
Сазаң деген жер экен,
Кыл баатыры кытайдын,
Ошондон келген эр экен,
Өкүмү артык болбосо,
Өңкөй баатыр чогулса,
Жалгыз менмин дейт бекен?
Күч сынашкан кездерде,
Кара кытай, манжудан,
Калмак менен анжудан,
Шибе, солон - баарынан,
Бир кишиден жеңилбей,
Мөөрөй алган эме кен,
Бир бармагы ийри үчүн,
Атын Майтык дээр экен.
Миңгени анын пил экен,
Ат көтөрбөй пил жокто,
Жөө балбан Майтык дечү экен,
Жөө жүрбөй минип жүргүн, деп,
Эсенхан берген пил экен,
Баатырдын баары чогулуп,
Барып калса ордого,
“Баарыңдан Майтык мыкты” - деп,
Эсен хан айтып жүрчүү экен.
Пилин минип томтойтуп,
Темирден найза кокойтуп,
Көргөндө жүрөк солк этет,
Чоңдугу тоодой зоңкойуп,
Кабаттап калган тартынып,
Соң темирин артынып,
Чарайнасы чатырап,
Чойун чокмор колтуктап,
Пил минип келди бадырек:
- Бириң эмес, баарың кел,
Мен Майтыкмын билгиң! - деп,
Баары барбай Майтыкка,
Жалгыз Сыргак барганы,
Телкызыл минип камданып,
Адамдан башка шаңданып,
Карап туруп калганы.
Баатыр Сыргак качырды,
Тоо экен деп кызганбай,
Минген пили карпаңдап,
Колу буту тарбаңдап,
Кошундун туруп ичинде,
Коркоктун көбү калдаңдап,
Күүлөдү майтык найзасын,
Күүсүн мунун байкагын Күркүрөгөн куусу бар,
Учунда жалын оту бар,
Узундугу найзанын,
Бир жүз элүү кулач бар,
Найзасын сунуп бакырды,
Топурак учуп, боз түшүп,
Туман басты какырды!
Найзасын чендеп эр Сыргак,
Кылычын сууруп кынынан,
Сайгалы сунган найзаны,
Кыйа чаап таштады,
Имере кармап кылычты,
Майтыктын минген көк пилин,
Так мойунга чапканы.
Сыргак чапкан оңобу,
Денеден башты бөлүндү,
Көк пили көрдү өлүмдү.
Пил бутун баса жыгылып,
Оңолуп Майтык тургунча,
Кармап Сыргак колуна,
Как ыргай саптуу айбалта,
«Манастап» катуу айгайлап,
Майтык карай ыңгайлап,
Үзөнгүгө эр Сыргак,
Кобо калып тамандап,
Алдынкы ээрдин бек тиштеп,
Бере көргүн, деп тиштеп,
Туулгасы жок башында,
Кара кушу, деп тиштеп,
Болжолун алып бек тиктеп,
Колтугун Сыргак чойуптур,
Чокулата койуптур,
Күчтүү тийген балтадан,
Жолум үйдөй чоң башы,
Төрт талаа болуп жарылды,
Балтага мээси жабылды.
Ошол күндүн ичинде,
Эрегишип келгенден,
Неченге өлүм табылды,
Күн бешимге барганда,
Жүз элүү кытай тор алып,
Бир Сыргакка жабылды!
Ошондо Сыргак баатырың,
Ак жолборстой кылт этип,
Алдында минген Телкызыл,
Койондон бетер булт этип,
Төгүлгөн жерге сымаптай,
Көрүнүп көзгө жыл этип,
Тор көтөргөн жүз балбан,
Бирине-бирин жеткирбей,
Чай кайнамда бүт алган,
Элүү торчо калганда,
Дагы барды жүз балбан,
Айкайлашып чуулдап,
Тегеректеп кетиптир,
Бир Сыргактын бойуна,
Он алты тор түшүптүр.
Дүрдүгүп тартты калмактар,
Тарткан менен Сыргакты,
Телкызыл менен Эренди,
Сүйрөтүп кете албады.
«Таа-талашып» жатканда,
Акбалтанын Чубагы,
Арыстанын карап турбады.
Камчы менен бир салып,
Алда минген бууданды,
Кыйкырып Чубак качырды,
Жалаң кылыч колго алып,
Сүйрөтүп жаткан Сыргакты,
Канча кабат тор салган,
Каңкайтып ээрин жуушатып,
Элүүнүн башын бир кесип,
Узунунан сулатып,
Өрдөк кууган шумкардай,
Чубак жүрөт чуратып.
Имерип кайра тийгенде,
Укмуштуу каңкай баштады,
Айжаңжүндүн элинен,
Алты жүз торчу каптады,
Камындырбай Чубакка,
Алтымыш торду таштады!
Байланды Чубак, Сыргагы,
Кыргыл баштап кырк арстан,
Эми карап турбады.
Аралап кирген душманга,
«Манастап» ураан үн салды.
Айкөл Манас ээлебей,
Эчтемкеден кенебей,
Бөкөлөрдү көргөнсүп,
Карап турат кебелбей,
Кудай артык жараткан,
Сүйгөн шерин ченебей!
Ошентип турган кезекте,
Айжаңжүн кирди бакырып,
Кырк баатырды тебелей.
Кара кытай, калмактар,
Жалпысы торго чабандес,
Тор салууда буларга,
Эч кандай элдер тең эмес.
Кырааның Манас байкаса,
Кырк чоронун кыйласы,
Торго түшүп калыптыр,
Көрүп көкжал жаңжуңду,
Кудай берген байагы,
Кырк бир шерлик ачуу үндүү,
Арыстан Манас салыптыр,
Баатырдын үнү чыкканда,
Жаңырык тарап асманга,
Суулар толкуп чайкалып,
Тоо токтобой чайпалып,
Кара жерлер танабы,
Үзүлчүдөй баштанып,
Турган булут карарып,
Ар кайда кетип таралып,
Жер айрылып суу чыгып,
Топурак учуп боз түшүп ,
Сыргак, Чубак кутулду,
Кайраттанып тор үзүп.
Айжаңжүндүн шаарында,
Карысы-жашы, коркогу,
Канчасын басып калыптыр,
Кулап кетип коргону,
Бооз катын калбастан,
Бала салып баарысы,
Кызыл чие кан болуп,
Абышка-кемпир, жаш балдар,
Жанчылып калды нан болуп.
Эстен танып Айжаңжүн,
Кой эти бышым сандалып,
Көзүн ачып караса,
Топурак басып, тунарып,
Тийген күн жок кылайып,
“Бурут жаман шум экен,
Кыйкырыгы бул экен,
Алооке калдай, Дөөкандар,
Коркору мындан чын экен,
Коркору мындан чын экен.
Койгулашып коржоңдоп,
Кокус өлүп жүрбөйүн,
Амал кылып урушуп,
Кечкече байкап көрөйүн.
Күн баткан күүгүм бүрүлдө,
Кара кытай, калмакка,
Калка болом дечүү эле,
Алтымыш капка Каканга,
Арка болом дечүү эле,
Алоокенин чоң Коңур,
Нескара, Жолой оңбогур,
Мурадил, Уушаң бар эле,
Чындаша келген кездерде,
Бороончу мыкты эр эле,
Каткалаңдын Сайкалы,
Бизге жакын эме эле,
Уругум кытай ичинде,
Мындай мыкты көп эле.
Ошолорго барайын,
Өчүгүшөм деп жүрүп,
Мурун өлүп калбайын…”
Акыл ойлоп калыптыр,
Көзкамандын Көкчөкөз,
Жанына чукул алыптыр:
- Көкчөкөз, мыкты эр,-деди,
Жанымда дайым тур,-деди,
Жакындап тургун айрылбай,
Көп акыл бар, бил,-деди.
Айжаңжүн мындай дегенде,
Санаага батып бир нече,
Көкчөкөздүн ойуна,
Мындайча кыйал келгени:
“Как жанына күч келсе”
Кармап мени берер,-деп,
Кармап берип ал экөө,
Достошо кетер бекен?-деп,
Мына барам» дебеди
Азыктырып жаңжүңдү,
Качырып жолго кирди эми.
“Мында туруп нетейин,
Чынын айтып бар ишти.
Алп Коңурга жетейин.
Байкабай жүргөн экенмин,
Кара кытай жаңжуңду,
Атасы башка экенин?Буруу жолго салыптыр.
Бөлүнүп кетип калыптыр.
Ачууга бойун алдырып,
Манас туруп талыгып,
Ачып көзүн караса.
Аламан уруш дагы да,
Кыраан Чубак, эр Сыргак,
Көрүнбөйт көзгө ушул чак,
Аккула менен аргытып.
Топко кирди жарылтып,
Кишинин баары элейген,
Тирүү туруп элейген,
Тил күрмөгөн киши жок,
Кими менен иши жок,
Кырк баатыр жүрөт бакырып,
«Манастап» ураан чакырып,
Кара кытай, калмакты,
Айдап жүрөт жакырып,
Эрен Чубак, Сыргактын,
Эсендигин көргөндө,
Айкөл Манас баатырдын,
Көөнү кетти ачылып.
Торго түшүп кутулуп,
Чубак, Сыргак калыптыр,
Ого бетер ачынып.
Кылычын сууруп алышып,
Кыр баатыр бирдей жарышып,
Кырка турган жоо колун,
Кырын бузбай чабышып,
Каарына келишип,
Калган экен айыгып.
Анда Манас турбады,
Чүмкөлө түштү кабагы,
Төкөр уста жасаган,
Ак албарс кылыч колго алды.
Кынабынан тартканда,
Кырк арышынча узарып,
Учу өрттөй кызарып,
Бирден шилтеп өткөндө,
Эки жүздөн башты алып,
Кетип барат черүүнү,
Чапкан чөптөй жуушатып,
Чактабай уруш салыптыр,
Кан жошулуп агыптыр,
Эрегишип элебей,
Жылдыз чыгып калыптыр,
Айжаңжүн берип буйругун,
Керней менен сурнайдын,
Үнү чыгып калыптыр,
Ажалдан калган тирүүсү,
Ажырап аскер бөлүндү,
Кайдасың Каңгай эми деп,
Качып Жаңжүн жөнөдү…..
Каадасындай жатышты,
Жарык таңды аткызды.
Атайы киши жиберип,
Алардан кабар алгызды,
Чыкпады Жаңжүн аскери,
Күн бешимге барганда,
Эки киши келгени,
Элге кабар бергени...
- Эрен Манас, бил,-деди,
Ээсиз калдык биз,-деди,
Кечээ бар Жаңжүн күндө жок.
Кечке чейин келбеди.
Кармап баатыр алдыңбы?
Кандеке түртүп салдыңбы,
Кайгыга салбай калыкты,
Тапшырып алсаң болбойбу,
Талаада калган шаарыңды,Келген элден кеп угуп,
Кетти Жаңжүн деп угуп:
-Улук болбой катып кал!
Балчыктарга жатып кал!
Азыраак болсо оор жумуш,
Качып кетет экен,-деп,
Элин таштап талаага,
Шашып кетет экен деп,
Айжаңжүңдүн ордого,
Кутулайын, баргын,-деп,
Улук болуп, журт сурап,
Бийлик наамын алгың, - деп,
Акыр заман элине,
Куту бийдин шаары деп,
Айтылып калсын атың,-деп,
Кечээ урушка келе жатканда,
Элсиз эрме талаада,
Агып жаткан суусу бар,
Учураттым бир жерди,
Айжаңжүн шаарын алганым,
Жалганы жок чын болсо,
Шаар салам мен болсо,
Манастын салган шаары деп,
Кыргыз, казак эл консо,Деп айкөлүң айтты эле.
Манастын сөзүн болбойт, деп,
Жыра турган ким экен?
Айжаңжүндүн аскери,
Алтымыш миңче киши экен.
Айдап барып түшүрдү,
Аз күндө шаарын бүтүрдү.
Баркөл, Алтай Арадан,
Быйагы Текес айлынан,
Ылгап туруп алпарды!
Ошол чактан ушул чак,
Манас деген ат калды.
Туз Көлдүн үстү Каратоо,
Ат бакты Бөкө ошого,
Бөкөнүн тоосу ат калды,
Ушул күнү бар ошо
Агып жаткан Карасуу,
Баары майдан болуучу,
Бүткөнчө шаар ал жерде,
Байматтын болгон конушу,
Май булактуу Баймат деп,
Майбулак атын койушту.
Турпан жаккы чоң кырда,
Асманкөл деген бар эле,
Төрт тарабы такыр тоо,
Асманга бүткөн көлү деп,
Асманкөл аны деди эле.
“Турпан, Пчан шаарыңдын
Суулары анын саркынды”
Бул Бакай айткан кеп эле,
Ал Жаңжүн турган, калайык,
Орто Бейжин шаар алдым.
Жаныма Манас шаар салдым.
Өлбөй тирүү болгондо,
Кайда болсо Коңурбай,
Как үстүнө барамын.
Көкчөкөздүн жеткенин,
Абдан уктум кабарын,Муну Манас айтыптыр,
Элин көздөй кайтыптыр,
Жарасы бүтүп айыгып.
Айжаңжүндү кошо алып,
Аты Манас шаар салып,
Айжаңжүндүн бир шаары,
“Кутубий” деп аталып,
Үстүндөгү чоң тоого.
Чоронун аты койулуп,
Булагын Баймат ээлеген,
Тазбайматтын Майбулак,
Айтылып калган кеп экен.
Муну мындай таштайлы,
Батышпаган хандардын,
Жоругунан баштайын.
Үрбү баштаган алты хандын Манаска кат жибериши,
Манастын Калдайдын шорун катырышы
Кең Тойундун башында,
Жайдын толгон айында,
Төрө Төштүк той берип,
Кыргызга кабар салыптыр,
Карыйа Кошой баштаган,
Калбай баары барыптыр,
«Самаркандан тойунга,
Барамынбы тойго», деп,
Барбай Манас калыптыр.
Эл чогулган той болуп,
Той ээси Төштүк зор болуп,
Тойундун ичи тар экен,
Таман койор жери жок,
Тойго келген эл толуп.
Той тараган күндөрдө.
Хандар кетпей калыптыр,
Карындарын бөксөртүп.
Калтырбай кебин салыптыр.
Ошол кезде хан Үрбү,
Кебин баштап алыптыр:
- Ичимде кебим бар турат,
Карыдан Кошой хан турат,
Калк бийлеген чоңдордун,
Калбай баары олтурат.
Жакыптын уулу жаш Манас,
Бүгүн отузга жашы толо элек,
Тентип кеткен кыргызды,
Чогултуп келди бир-бирдеп.
Мурда Кошой баш экен,
Калгандын бары жаш экен.
Жакыптын уулу түгөңгүр,
Кара мүртөз жан экен,
Кара мүртөз жери буТууганды тууган дедиби?
Агыш менен Керкөкүл,
Кудалап жүргөн катынын,
Калча менен калмактан,
Олжолодум дегенсип,
Көрүп турдук алганын,
Ал буларды тоготуп,
Жакшы кепке келдиби?
Сексенден жашың ашканда,
Чечинтип салып балбанча,
Тартаңдатып көп элде,
Жазаңды колго бердиби?
Чакырбай ашты берем деп,
Кытай, калмак эт талап,
Мааникер сурап турганда.
Ушул турган баарың бар,
Келе албады алыңар,
Башкарды ашты аныңар,
Көз жумсак сокур болобуз,
Көп кылган иши дагы бар.
Күн чыгыш менен күн батыш,
Арасында кыдырып,
Азапка калдым баарынан.
Чогултуп келип эл болдук,
Орто Азийа жерине,
Ойрон кыргыз ээ болдук.
Чын теңдике келгенде,
Катарда жок кем болдук,
Бермектим түгөп бетимден!
Унуткусуз так салды,
Өлсөм да кеткис нээтимден!
Кантесиң, Манас, дегенде,
Келбедиң го бириң сен.
Мынабу Төштүк төрөбүз,
Караанын тоодой көрөбүз,
Жер алдында жети жыл,
Күн көрбөй жүрүп күдүңдө,
Өмүрүндө бир ирет,
Той бериптир бу күндө,
Жакшылык ишке чакырса,
Теңселип мындай келбеди,
Келмек түрүп жай айтып,
Эки эли кагаз бербеди,
Муну эмнеге жөлөйбүз,
Карыйабыз Музбурчак,
Сакалы аппак бир кучак,
Кийген тонун суратып,
Өлөрүндө сыздатып,
Атадан мурас калганды,
Ак олпок тонун бир алды,
Ал Жакыптын Манасы,
Кимге кылбайт залалды?Баштан айак бузук сөз,
Казак Үрбү салганы,
Тойго келген хандарды,
Баарысына айтканы.
Олуйа Кошой ойлонду:
“Олутсуз сөз, - деп, толгонду,
Ким өксүтөт капырай,
Кудай жөөлөп койгонду?
Ойуна койсо акмактар,
Айбан болгон окшонду,
Эмне десем макулдап,
Ойунча болуп турайын,
Жамандыкка баралбайт.
Анткени менен буларың,
Өчөшүп Манас тийишсе,
Шамалдагы үчөөнү,
Ошондо сурап алайын,
Аркасы менен Манастын,
Карганда кабар табайын”Кайран абаң ойлонду,
Келер иштин арт жагын,
Келиштирип болжоду.
Үрбүнүн айткан кебине,
Бүт алты хан тордолду,
Жылбай туруп ал жерден,
Манаска элчи жибермек,
Көп-кеңеши бул болду.
Биригип алтоо кат жазды,
Алты элчини камдашты,
Жөнөтүүнүн алдында,
Акбоз бээ сойуп антташты.
Ай тамактан чалышты,
Канын койуп алышты,
«Кайра качкан ким болсо,
Как ушундай болсун»- деп,
Карыдан колун малышты,
Элчилерин узатып,
Эми туруп калышты.
Элчилери аттанып,
Тойундун суусун жакалап,
Кашкарга келип жатышып,
Жаңыртып атын такалап,
Эркечтам бойлоп жөнөдү,
Самарканды бакалап.
Сурамжылап жүрүшүп,
Самаркан барды самсаалап,
Он эки жигит жанында,
Казактардын Бороончу,
Ордонун оозун сактамак,
Келип калды бир топ жан,
Байкап көрсө кир кабак.
Түрүн көрүп түшүрбөй,
Эл чогулуп ордого,
Кирип кеткен эртерээк,
Казактардын Бороончу,
Эшиктен кирип энтелеп:
- Кабылан Манас, Төрөбүз,
Кабагыңды бүркөсөң,
Кар жаагандай көрөбүз,
Ачууң келип сүйлөсөң,
Жаныбыз чыгып өлөбүз,
Күлүп койсоң жарк этип,
Күн тийгендей көрөбүз;
Баргың десе өлүмгө,
Кылчайбастан жөнөйбүз.
Эшикке келди бир топ жан,
Тааный албай болдум таң,
Аттарына карасам,
Аркар шыйрак, нар туйак,
Азаматын карасам,
Жалайак ооз, кир кабак.
Оңой олтоң эме эмес,
Оңойлук эмес адамга,
Омурулар тоо эмес,
Айтор, арзан жоо эмес.
Ар тарабын байкасам,
Көрүп жүргөн эл эмес,Окусунан адамга
Оморулар бел эмес,
Бороончудан укканда,
Арыстан Манас билди эле,
Кыл муруту былк этип,
Мыйыгында күлдү эле:
- Андай болсо, Бороончу,
Улуктугуң билгизгин.
Урбай-сокпой киргизгин.
Көрбөгөнү көр болсун,
Көңүлү даттан кир болсун,
Барча дөөлөр басташып,
Баскалы жүрөт деп уктум,
Кесек бөөлөр башымды,
Кескени жүрөт деп уктум,
Хандардан келген элчидир,
Кайгуулга келген ченчидир,Эр Бороончу нетти эле,
Кетенчиктеп кетти эле,
Эшигине жетти эле,
Эшигинин алдында,
Жаткан уйдай көк доол,
Карс дедире урду эле,
Доолдун үнү жаңырды,
Аскерлер чыгып жабылды,
Бир миң колу кызарды,
Билсең жумуш узарды!
Бир миң колу көгөрдү,
Билсең аскер көбөйдү!
Бир миң колу агарды,
Ай-алаамды кол алды!
Бир миң колу саргарды,
Самаркандын талаада,
Аскер сыйбай калганы!
Бир миң колу карарды,
Баш-айагы моминтип,
Он эки түмөн тайады!
Кай бирөөнү карасаң,
Кездемдерин чубалтып,
Кезкерип найза чунайтып,
Башында чачы саксайып,
Балтасын салып ийинге,
Баарысы турган чакчайып,
Кай бирөөнү карасаң,
Кылычы жалаң колунда,
Кырылышып кетчүдөй,
Кызыгып турат ойунда.
Кай бирөөнү карасаң,
Мылтыгын окчо кармаган,
Милтенин учу кызыл чок,
Кылымда мындай болгон жок!
Кай бирөөнү карасаң,
Адамдын кулак мурдунан,
Тумар кылып тагынган,
Баш алгын десе жабылган!
Коркунучтуу келбети,
Билинип турат желдети.
Бир убакытта карасаң,
Кол добулбас зыңк этти,
Асманды карай ок кетти.
Ат үстүндө элчилер,
Чочугандан солк этти.
Он эки желдет жабылды,
Атынан сүйрөп алышты,
Алып барып бир үйгө,
Киргизип муну салышты,
Кыраан баатыр Манасың,
Кылымдан ашкан кези экен,
Атагы кыргыз болгондун,
Жыйыны болгон кези экен.
Көкжал баатыр Манаста,
Эки канат ажыдаар,
Сураккана үйү бар.
Ал үйүнө сойулган,
Токсон тогуз бийи бар,
Дердеңдебей кыргыздар,
Теги жайың билип ал.
Сурагы султан Манастын,
Кыйын болгон кези экен,
Кыжылдап кыргыз ошондо,
Кылымга толгон кези экен,
Бээ семизин жыгышып,
Келген элди жыйынга,
Беш маал мейман кылышып,
Чеч төбөдөй эт кылып,
Лоп көлүндөй чык кылып,
Аптасында эл тарап,
Алиги келген алтоону,
Эр Бороончу алып барат,
Сүйлөп турган ажыдаар,
Сонун иши дагы бар,
Эл чыгуучу эшик бар,
Кыйнаганда киргизчүү,
Кыйаматтай тешик бар.
Учун өйдө каратып,
Алдына найза жаткырган,
Мизин ылдый каратып,
Үстүнө кылыч астырган,
Эки жаккы жанына,
Бөрү тилме чыгарган,
Учун ууга сугарган,
Кыргыздын кызыл курчунан,
Кырка мыкты кактырган,
Алып келип элчини,
Ал тешиктен киргизди,
Буйрук берди Борончу,
Төрт тараптан турганга,
Күн тийбеске киргизди,
Хан жардыгын билгизди,
Араңдан зорго калып,
Так кыйамат болгондой,
Аманат жаны кыйналып,
Араң кирип элчилер,
Ачып көзүн карабай,
Караганга жарабай,
Калтырашып калышты,
Жалдырашып калышты,
Кой оозунан чөп албас,
Коңур чечен Ажыбай:
- Жерден чыга калгандай,
Ороодон ачып алгандай,
Алаңдаган жыластар,
Башын салып шылкыйып,
Салаңдаган жыластар,
Ачпайсыңбы көзүңдү,
Айтпайсыңбы сөзүңдү!
Ажыкең сөзүн укканда,
Алдырашып калышты,
Кайдан кылсын намысты,
Капчыкка колун салышты,
Хандардын берген каттарын,
Калдайтып сууруп алышты,
Ашкайнам алган киши жок,
Кармап туруп калышты,
Бир убакта карасаң,
Зээрлүү таажы башында,
Сексен нөөкүр кашында,
Хан Жакыптын, Сыргагы,
Колуна катты алышы,
Алып барып күт деди,
Эртең менен келтиргин,
Көп кечикпей кетиргин,
Ээрчитип алып Борончу,
Алып чыкты эшикке,
Кырчын талдай үчтөн жаш,
Кызматкер берди бирине,
Бирден келин суй салып,
Тал чыбыктай буралып,
Каркыттаган алача,
Каз мойундуу аптаба,
Колдоруна суу алып,
Олтурса орун салышып,
Кирген менен чыкканда,
Жүгүрүп эшик ачышып,
Кирин жууп тарашып,
Күнгө жайып кургатып,
Жыпардын жыты буркурап,
Жылман сууга чылашып,
Алты күн өрүүн алдырды,
Айабай сыйга кандырды.
“Азабынан асылы,
Артык экен Манас” - деп,
Күн алтыга жеткенде,
Элчилер кайта кетерде,
Алты бедөө ат берди,
Алтымыш торко тон берди,
Айактай мөөр басылган,
Колдоруна кат берди,
Элчилер эми кайт деди,
Баары көрө билгенин,
Айтуучу ушул кат деди,
Камгасын кайра бөктөшүп,
Качырга кошун жүктөшүп,
“Кабылан Манас баатырдан,
Кутулдубу шүк”- дешип,
Анталашып аттанып,
Күн түнү жок жол тартып,
Хандарга жете келишти,
Салам айта киришти,
Барып келдик биз деди,
Манасыңар курусун,
Ким билет анын жумушун,
Кырк чоро деген арстаны,
Барган күндөн камады,
Ажал келип тумшукка,
Чыкпаган сүлдөр жан калды,
Ал жерде жыйын бар экен,
Чоң дөбөдөй эт кылды,
Лоп көлүндөй чык кылды,
Алты күндө тарады,
Анан бизди алпарды,
Тар тешиктен киргизди,
Маңдайды жерге тийгизди,
Сарала кылып ыштанга,
Сүрү менен сийгизди.
Сурагы султан Манастын,
Кыйын болгон кези экен.
Кыргыздан кыйла жыйылып,
Жыйын болгон кези экен,
Эки канат ажыдаар,
Сураккана үйү бар,
Ал үйүнүн ичинде,
Токсон тогуз бийи бар,
Дердеңдебей баарыңар,
Теги жайын билип ал.
Аш кайнамда катты алды,
Бизди башка алпарды,
Бирден келин, үчтөн эр,
Жумушкерди жумшатты,
Бирден бедөө ат берди,
Тогуздан торко тон берди,
Баары көргөн билгенин,
Айтуучу ушул кат деди,
Көп кечикпей кайт, деди.
Эшикте бедөө атыбыз,
Мынакей биздин катыбыз,
Камка-торко, түрдүү тон.
Кошо турат аныбыз.
Самаркан барып биз келдик,
Ошол биздин жайыбыз,Хандар катты алышты,
Бечетин жырта салышты,
Чокмороктоп ашыгып,
Катты окуп калышты.
Жазган катын караса,
Жараткандын аты бар.
Андан кийин караса,
Жараткандын аты бар,
Андан кийин караса,
Мурдагы өткөн баары бар.
Байыркылар өткөн соң,
Баштагылар кеткен соң,
Айкөл Манас аты бар,
Бир сөзүн байкасаң,
Миң тылаалык баркы бар,
“…Үйөр аккан сел келгин,
Үй токтоткус жел келгин,
Үстүн астын көп келгин,
Ача бакан тиребей,
Аныңа амал кыламын,
Үйөр аккан сел келсең,
Ийри кетмен колго алып,
Алым келсе бузамын.
Үстүн астын көп келсең,
Майышпастан турамын.
Атаңдын көрү алты хан,
Айтаарын билбей тантыган,
Жээниң менен тайыңды,
Жеп жутамын баарыңды,
Жок экенин билбейсиң,
Өз башыңда арыңды.
Баш кыламын шаарыңды,
Түгөтөмүн баарыңды,
Чамалап чактап бийлеймин,
Чогулуп келсең алыңды!
Уугуңду илме кыламын,
Унутулгус иш кылам!
Калдай капыр угушта,
Чоң опондо кыргызга,
Азапты кыйла салыптыр,
Быйыл талап алыптыр,
Какандын короо шаары эле,
Катышпады жөн койуп,
Карап жүрдүм аны эле,
Кыргызга быйыл кол салды,
Мен барам ага эле,
Кыргызга жерди ээ кылбай,
Төлдөтүп салып топозун,
Сарыколду Коңурбай,
Ээлептир аны жана эле.
Так кырк күндө келгиниң,
Так кырк күндө келбесең,
Талкаландың билгиниң!”
Деп жазыптыр кабылан,
Карап туруп алты хан,
Унчугушпай шүк болду,
Катасын таппай катынан.
Төрдө олтурган хандарга,
Толкуну көлдөй залдарга,
Төрө Төштүк күүлөндү,
Түркүн бузуп сүйлөндү:
- Капилет басып катыштык,
Кат жазып бекер айтыштык,
Жолборско бекер асылып,
Катынды жесир кылдык, ээ,
Карып жанды кыйдык, ээ,
Баланы жетим кылдык, ээ,
Арылгыс башка муң салып,
Өзүбүз карап турдук, ээ!Төрө Төштүк токтолду,
Дымбыр-дыш, доош жок болду,
Оозун ачып ошондо,
Олуйа Кошой оштонду:
- Күн чыгышта бириң бар,
Күн батышта бириң бар,
Күлдү хандар чогулуп,
Күбүлө турган жиниң бар.
Сүйлөп жаткан ажыдаар,
Сонун иши дагы бар,
Куйругун басып алдыңар,
Баш көтөрүп оп тартса,
Алкымына бардыңар,
Барбай кантип калдыңар,
Кошойду айтаар абам, деп,
Үрбүнү айтаар чабал, деп,
Көкүлдү айтаар иним деп,
Агышты айтаар жаман деп,
Музбурчакты ага, деп,
Төштүктү айтаар алпым, деп,
Коконду колдойт сартым, деп,
Бириңди бирге салуучу,
Билиндирбей алуучу,
Билбей баарың жүрөсүң,
Манастын шайы мына шу.
Болжогон күнү мен барам,
Барсыңбы башка баруучу?Кошой айтып токтолду,
Бармак болду кырк күндө,
Барбас киши жок болду,
Айдап бармак болушту,
Алдына салып көп колду.
Жай жайына барышты,
Камын кыла калышты,
Ачуусуна турбастан,
Намысты таштап салышты,
Ай аркандап күн санап,
Арыстан Манас жүрүптүр,
Санаасы кыркка толуптур,
Жол жүрөөр чагы болуптур.
Таң агарган мезгилде,
Таанылгыс адам бүрүлдө:
- Доолду ургун!-деди эле,
Жаткан уйдай көк доол,
Дүңгүрөтө урдурду,
Доолдун үнү дүңкүлдөп,
Титиреп кетти кара жер,
Токтоно албай сүлкүлдөп.
“Алда эмне болду?”-деп,
Кандайча доол урду деп,
Уларбоз менен зор Бакай,
Көктеке минип эр Чубак,
Телкызыл менен шер Сыргак,
Жетише келди алдырап.
Боз дөбөнүн бетинде,
Салкын зыркыраар мезгилде,
Чоңкуланы жетелеп,
Турган экен көкжалың,
Көргүн мунун айбатын:
Карагандан жан чыгып,
Камагандан кан чыгып,
Аркасынан арыстандын,
Айдай кара жол чыгып,
Зыркыраар болуп ызгаары,
Жаалысы келип көз жайнап,
Ак мейкин зоодой турганы.
Анда Бакай муну айтат:
- Айбаты бийик, арстаным.
Атагы журту басканым,
Акыр заман журтуна,
Айтылып калчу дастаным,
Доолдун үнүн укканда,
Уктай албай жаткамын,
Не калба болуп кетти деп,
Акылымдан азганым,
Эчтеке менен кериң жок,
Кеңешип койгон кебиң жок,
Дайарлап койгон жайың жок,
Жүрүшүң кандай дайның жок,
Арам кесек алты хан,
Так кырк күндү болжодуң,
Эртең келээр күнү экен,
Аны качан ойлодуң?
Эсиңе албай кары жаш,
Неге мындай болгонуң?Анда Манас деп айтат,
Айдан ачык кеп айтат,
-Жок жерден күнөө табышкан,
Өзү келип катышкан,
Алты ханды келет, деп,
Ким камынат алдынан?
Эртең эрте басалы,
Калганга түгөл айталы,
Ырчы уул, Бозуул - экөөнү,
Алты чоро таштайлы.
Келип түшкөн хан болсо,
Кастарлап атын албасын,
Бир чөөгүн жылуу чай бербей,
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Манас - Жусуп Мамай - 21
  • Части
  • Манас - Жусуп Мамай - 01
    Общее количество слов 3425
    Общее количество уникальных слов составляет 1557
    26.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    37.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 02
    Общее количество слов 3489
    Общее количество уникальных слов составляет 1583
    26.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    37.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 03
    Общее количество слов 3754
    Общее количество уникальных слов составляет 1821
    26.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    44.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 04
    Общее количество слов 4199
    Общее количество уникальных слов составляет 2100
    30.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 05
    Общее количество слов 4277
    Общее количество уникальных слов составляет 2101
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 06
    Общее количество слов 4236
    Общее количество уникальных слов составляет 2269
    30.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 07
    Общее количество слов 4251
    Общее количество уникальных слов составляет 2240
    30.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 08
    Общее количество слов 4215
    Общее количество уникальных слов составляет 2335
    28.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 09
    Общее количество слов 4227
    Общее количество уникальных слов составляет 2298
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 10
    Общее количество слов 4264
    Общее количество уникальных слов составляет 2168
    31.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    52.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 11
    Общее количество слов 4201
    Общее количество уникальных слов составляет 2307
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 12
    Общее количество слов 4180
    Общее количество уникальных слов составляет 2207
    26.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 13
    Общее количество слов 4203
    Общее количество уникальных слов составляет 2371
    29.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 14
    Общее количество слов 4276
    Общее количество уникальных слов составляет 2303
    30.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 15
    Общее количество слов 4280
    Общее количество уникальных слов составляет 2365
    28.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 16
    Общее количество слов 4329
    Общее количество уникальных слов составляет 2221
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 17
    Общее количество слов 4362
    Общее количество уникальных слов составляет 2319
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 18
    Общее количество слов 4234
    Общее количество уникальных слов составляет 2191
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 19
    Общее количество слов 4251
    Общее количество уникальных слов составляет 2199
    29.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 20
    Общее количество слов 4224
    Общее количество уникальных слов составляет 2351
    29.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 21
    Общее количество слов 4204
    Общее количество уникальных слов составляет 2413
    27.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 22
    Общее количество слов 4146
    Общее количество уникальных слов составляет 2586
    23.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    36.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 23
    Общее количество слов 4223
    Общее количество уникальных слов составляет 2507
    25.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    37.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 24
    Общее количество слов 4292
    Общее количество уникальных слов составляет 2321
    28.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 25
    Общее количество слов 4270
    Общее количество уникальных слов составляет 2418
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 26
    Общее количество слов 4240
    Общее количество уникальных слов составляет 2367
    28.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 27
    Общее количество слов 4301
    Общее количество уникальных слов составляет 2341
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 28
    Общее количество слов 4315
    Общее количество уникальных слов составляет 2154
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 29
    Общее количество слов 4272
    Общее количество уникальных слов составляет 2333
    28.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 30
    Общее количество слов 4347
    Общее количество уникальных слов составляет 2224
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 31
    Общее количество слов 4213
    Общее количество уникальных слов составляет 2243
    29.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 32
    Общее количество слов 4338
    Общее количество уникальных слов составляет 2304
    28.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 33
    Общее количество слов 4378
    Общее количество уникальных слов составляет 2293
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 34
    Общее количество слов 4291
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    30.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 35
    Общее количество слов 4310
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    29.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 36
    Общее количество слов 4237
    Общее количество уникальных слов составляет 2243
    28.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 37
    Общее количество слов 4227
    Общее количество уникальных слов составляет 2276
    28.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 38
    Общее количество слов 4165
    Общее количество уникальных слов составляет 2328
    27.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 39
    Общее количество слов 4235
    Общее количество уникальных слов составляет 2169
    29.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 40
    Общее количество слов 4331
    Общее количество уникальных слов составляет 2115
    32.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    46.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    52.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 41
    Общее количество слов 4270
    Общее количество уникальных слов составляет 2232
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 42
    Общее количество слов 4277
    Общее количество уникальных слов составляет 2205
    31.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    52.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 43
    Общее количество слов 4207
    Общее количество уникальных слов составляет 2318
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 44
    Общее количество слов 4259
    Общее количество уникальных слов составляет 2333
    27.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 45
    Общее количество слов 1587
    Общее количество уникальных слов составляет 1043
    37.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    48.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    54.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов