Latin

Манас - Жусуп Мамай - 15

Общее количество слов 4280
Общее количество уникальных слов составляет 2365
28.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
40.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
47.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
Кыл мурутун имерип,
- Бала баатыр жолборсум,
Ачык жолуң шар болсун,
Барып кайта келдиңби?
Канжыгада алегим,
Кудалыктан келдиби?
Адам айтар эме эмес,
Өзү менде болсо да,
Пери ага тең эмес,
Батыраак айтчы баатырым,
Кандай болду кеп кеңеш?
Карахан кызы каапырды,
Бет маңдайдан көрдүңбү?
Тулку бойу турушу,
Бар жумушун билдиңби? Шашыла сүйлөп Абдылда,
Барганынан, келгенин,
Калтырбай айтты бар кебин:
- Барган жерден, падышам,
Куру кайта келбедим,
Куда болуп баш байлап,
Кулдук уруп сөз жайлап,
Кубаныч менен мен келдим,
Беш тогуз эле санаты,
Атакеме бергемин,
Куру кантип кетем деп,
Ала келген алегим.
Ал Карахан кызы Каныкей,
Алып келдим мынаке,
Сизге берген белегим,
Койун-калта жанчыкка,
Колун салды Абдылда,
Каныкей берген жоолукту,
Кармата берди колуна.
Бетин ачып карады,
Берен Манас таң калды.
Кеп кылган болуп кабылан,
Как жүрөккө басканы.
Калың малды калтырбай,
Баарын айтты Абдылда.
Жакып байдын сөздөрүн,
Жалгап айтты Абдылда.
Кармалуу жоолук колунда,
Кылчайып артын карады,
Турат жоолук боорунда,
Чубак көрсө сурайт деп,
Караган экен ойунда.
Жоолукту салып жанына,
Акылы токтоп жайына:
- Кана баатыр Абдылда,
Камыналы кечикпей,
Караханга барууга,
Карасур болгун Каныкей,
Каадасы менен алууга.
Мал айап андан болобу,
Айанган бенде оңобу?
Бай Жакыптын көп малын,
Упуратып койолу.
Элге кеңеш салалы,
Келер айда баралы,
Талапты берсе жасаган,
Каныкейди алалы,
Жубайым болсо Каныкей,
Кубанбасмын мен Манас,
Теңдешим болсо Каныкей,
Мени тербелтип бенде жеңе албас,
Буйрук берип чорого,
Эл чогулду ордого,
Жамгырчы, Балта – карылар,
Атасы Жакып байы бар,
Текечи, Шыгай дагы бар? Абаң Бакай, Эр ЧубакАлптарынын баары бар.
Кийигинде оп-окшош,
Кыргыл баштап кырк жолборс,
Баары келди чогулуп,
Олтурушат койулуп,
Тандап туудан сойдуруп,
Кымызга балдан коштуруп,
Дасторкондун үстүнө,
Ар түрдүүдөн толтуруп,
Куурдак менен май койуп,
Килтилдеген жал койуп,
Алтындан чакан чөйчөккө,
Каадасы менен чай куйуп.
Бата кылды калган эл,
Аш тамагын жеп болуп.
Көйкөлгөн түзгө чогулуп,
Үй мүйүз тартып олтурду.
Анда Манас кеп айтты,
Кеп айтканда деп айтты:
- Бай Жакып менин атамсың,
Жамгырчы, Шыгай, Текечи,
Атама тууган агамсың,
Ак балта жакын тагамсың,
Байжигит менен Кыпчакбай,
Катардагы байларсың,
Кулак салып тыңдаңар,
Ушул менин айтарым,
Тойдун камын кылсаңар,
Катын алмак Манасың.
Манас, Манас болгону,
Манас атка конгону,
Уулум катын алсын, деп,
Атам айтып койбоду.
Калчадан алдым Накылай,
Калмактан алдым Карабөрк,
Өзү алды деп ойлоду,
Атам эмес бу жүргөн,
Агаларым айтпадың,
Энем аман бар турат,
Же тайым Балта айтпадың,
Кең Букардан кыз көрүп,
Кенедей жерде кири жок,
Кетиксиз айдай ууз көрүп,
Алып берсин аны деп,
Абдылданы атайын,
Мен атама жибердим.
Абдылданы бай атам,
Кең Букарга жумшаптыр,
Абдылда айтып келгенде,
Калың малын арбын, деп,
Ары-бери толгонуп,
Асыл жанын кыйнаптыр.
Ушунуңар жакшы ишпи?
Уул үйлөбөй өтөбү,
Уулу үйдө бар киши?
Букардын ханы Карахан,
Ошонун кызы Каныкей,
Опсуз ишмер деп угам,
Эп келсе турган баарыңа,
Ушуну алсам деп турам Абдылда барып келгенин,
Элдин баары билиптир,
Өзү бир күн айтар, деп,
Унчукпастан жүрүптүр.
Такалган жерде кеп тапкан,
Талкаланган сыныкка,
Дары салып эп тапкан,
Турду Бакай ордунан,
Тунук сөз чыгып оозунан:
- Айтканың жөн, сөзүң ак,
Асыл Манас кулунум,
Оо, Жакып бай, кебин ук,
Белдүү Манас уулуңун.
Кыдыртып калмак кыйнады,
Кырааның атка мингени,
Кыргызды кайта жыйнады,
Жаш баладай кептенип,
Жаман ишти кылбады,
Акылдуулук белгиси,
Эмгичекти, Жакып бай,
Оозуңду карап турганы:
Аксакалдуу хандар, деп,
Агаларын сыйлады,
Ушуларын карасак,
Ойротто жок кабылан,
Ак көрпө жайыл турбайбы.
Ак көрпө жайыл кызыл меш,
Арзандык менен адамга,
Мындай адам болбойт кез,
Бүтүрөлү камын жеп,
Бул олтурган ишин тез.
Оо, Жакып бай карыйа,
Алты хан бүгүн элиң бар,
Эминеден кемиң бар?
Бүгүн кетсе бир түп мал,
Эртең кайра табылар,
Камыналы бачымдап,
Хандар, карап турбаңар.
Кабылан Манас тойлугу,
Дайардыкты кылыңар!
Баатыр Бакай күпүлдөп,
Макул болуп баарысы,
Алдырашып дүпүлдөп,
Жакып байдын үйүнө,
Келип-кетип кыргыздар,
Тынбай калды дүбүрөп.
Кабылан Манас баатырың,
Тойго кабар кылган жок,
Укмуштап угуп алгандар,
Малын айап турган жок.
Алты шаар Анжидан,
Айры сакал Сынчыбек,
Алтынын куйуп сомдотуп,
Атандарын комдотуп,
Ал жөнөттү колбутуп,
Керүүсүнө Белсаздын,
Келген малдар котолоп,
Жакып бай камын кылыптыр,
Чачылоого төө комдоп.
Алтымыш нарды комдотуп,
Ком жыгачы сары жез,
Жабууларын оңдотуп,
Ичине түрдүү шай салып,
Жагдандарын оронтуп,
Килемден жабуу жаптырып,
Алтымыш нарды жөнөттү,
Жибектен аркан тарттырып,
Сомдогон алтын жүктөгөн,
Төөнүн саны он эки,
Он алты төөдө ак күмүш,
Адам кылгыс бир жумуш,
Айдап малды жөнөттү;
Жасоолчулар чубуртуп,
Козгоол салды колбутуп,
Алтымыш миң киши айдап,
Алы келбей чуркурап,
Энесинен адашып,
Тай-кулундар чыркырап,
Бурулгуп чыкты обоого,
Учуп жаткан топурак.
Аңгычакты аттанды,
Айкөл Манас, Бакайы,
Аким Чубак, кырк арстан,
Кыргыл чалы баштаган
Төрт жүз сексен кошулат,
Бай Жакып минген Туучунак,
Байбиче минген Бозжорго,
Кош кулагын кайчылап.
Каркайган кары чалдары,
Калбай бары барганы,
Акбалта, Шыгай, Жамгырчы,
Текечи, Жакып, Байжигит,
Ажырашпай бир жүрөт,
Арстан Манас ал дагы,
Калган эл түгөл барышып,
Астыга малын салышып,
Айдаган малы алты сан,
Аңгилери алышып,
Тай-кунаны жарышып,
Кулундары короңдоп,
Куйругун сыртка салышып;
Букалар келет мөөрөшүп,
Бууралар келет жөөлөшүп,
Койлор келет маарашып,
Баспай жолдон жадашып.
Айдаган малдан чыга албай,
Аркар, кулжа кошулуп,
Кулжасы кочкор окшошуп,
Адырда ачык жер келсе,
Тура калып топтошуп,
Тоо текелер калжактап,
Так түйүлүп дардактап,
Жейрен келет сербеңдеп,
Кулжалары дердеңдеп;
Бугулар келет тарбаңдап,
Таноолору барбаңдап,
Алтымыш айры мүйүзү,
Ала бакан каркаңдап;
Эликтер келет молтоңдоп,
Төөкийик келет колтоңдоп,
Пилдер келет томпоңдоп,
Куйруктары чолтоңдоп;
Жолборс келет суналып,
Илбирс келет чубалып,
Шери келет чакчаңдап,
Айуулар келет саксаңдап,
Карышкыр келет култуңдап,
Түлкү келет кылтыңдап;
Сүлөөсүн келет сумсайып,
Суусар келет суйкайып,
Ачкүсөн, карсак аралаш,
Кете албай малдан аралап,
Жыландар кайыш ийленип,
Кирпи-чечен, ташбака,
Талкаланып түгөнүп,
Кескелдирик, батмачык,
Кирерге тешик табалбай,
Амалы кетип куруду,
Майда-барат айбандар,
Келе жаткан адамдар,
Көтөргөн күрзү балбандар,
Миңди бирге санаган,
Илеги жоон сардардар,
Калк башкарган кат бийлеп,
Таажы кийген хандар бар.
Белинде кемер алтындан,
Келишкен нечен улан бар,
Айдаган малдын ичинде,
Боз чаар туубас кулан бар.
Көптүгүнөн караандын,
Канаттуу учуп чыга албай,
Күн батканча зыпылдап,
Конолгого жете албай,
Калдайып бүркүт соолуптур,
Жорулар байкуш болуптур,
Тоту куш булбул дегендер,
Кой башына конуптур,
Калыңга айдап барган мал,
Кең Букарга толуптур,
Муну көргөн Букарга,
Чоң коркунуч болуптур,
Айдаган малды караса,
Айланага тамаша,
Айгырлары аркырап,
Бээ кишенет даркырап,
Энесинен адашып,
Кулундары чыркырап,
Жылкы келди түгөнгүс,
Санатын санап жан билгис,
Дүң-дүң басып томпоңдоп,
Пил келиптир Букарга,
Инек-өгүз аралаш,
Уй келиптир Букарга,
Ирик, кочкор, соолукту,
Кой келиптир Букарга,
Эркеч теке аралаш,
Эчки келди Букарга,
Алдыңкы ээрди шалпайган,
Азууулары аркайган,
Өркөчтөрү каркайган,
Капталдашып жөөлөшкөн,
Тизелерден тиштешкен,
Ингендери боздогон,
Тайлактарын жоктогон,
Атан буура аралаш,
Инген тайлак чамалаш,
Төөлөр келди Букарга,
Аркар, кулжа тебишип,
Эчки теке жарышып,
Адырды карай салышып,
Агынды бойлоп бугулар,
Маралы кошо мунун бар,
Элик менен куран бар,
Жейрен менен кунан бар,
Төөкуш менен бөкөн бар,
Кайып келди Букарга,
Жорулар келди далбаңдап,
Бүркүт келди калдаңдап,
Карчыга келди кыпылдап,
Кыргыйек келди зыпылдап,
Кара турна чуйкулдап,
Кошулуп кузгун куркулдап,
Аккуулар келди сабалап,
Койго конгон булбулдар,
Канаты талып кургулар,
Тотукуш, күкүк бу да бар,
Канатуу келди Букарга,
Карахан келип дал болуп,
Бетинин каны жоголуп,
“Төлгөдөй айтсам кебимди,
Толкундуу деңиз келгенби?
Качырып айтсам кебимди,
Каптаган селдей келгенби?
Эми кетти чамам–эп,
Эсебин кандай алам?-деп,
Жер чөбүнөн көп турат,
Өлтүрбөй кантип багам? - деп.
Тумандап ойу Карахан,
Турган кези кайгы жеп.
Баш билгилер чогулуп:
- Калың салдың Карахан,
Мал жеймин деп Манастан,
Букараңды тебелеп,
Кетет белең келген мал?
Эки жүз нарда бар экен,
Кой чачылоо аркан зар,
Тепсенди болуп өлбөйлү,
Такыр ушул турган жан!Деп ошентип турганча,
Ачып көздү жумганча,
Туучунак минип алкылдап,
Ак сакалы жаркылдап,
Өңү кызыл үлпүлдөп,
Үнү бийик баркылдап,
Анын арты жагында,
Бозжорго менен чайпалып,
Ак байбиче чалкайып,
Ак элечек чаңкайып,
Он беш катын котчусу,
Келип калды такылдап,
Анын арка жагында,
Асаба колдо калкылдап,
Алтындуу саадак жаркылдап,
Найзанын учу кагышып,
Кетүүчүдөй салышып,
Боз кисе жанда салпылдап,
Кара курттай быжылдап,
Бай Жакыптын чакырган,
Эли келди кыжылдап,
Карахан баштап букарлык,
Тосуп турду кыңылдап.
Жер козголуп сүлкүлдөп,
Балбандар келди күркүрөп,
Акбалта менен Жамгырчы,
Кыргыл баштап кырк арстан,
Көргөндүн бойу дүркүрөп,
Сийдиги агып бүркүрөп,
Ордунан коркок кобо албай,
Бут шилтенбей бүжүрөп,
Ат дабырты андан көп,
Жер айрылып дүңкүлдөп.
Көк жал Манас баатыры,
Күйөөлүк жолун күтүп тур,
Көз көргүс жерге түшүптүр,
Көргөн жүрөк үшүптүр,
Бай Жакып жетип келгенде,
Карбаластап Карахан:
- Топурак учуп чаң басып,
Туманда калды биздин шаар,
Байлык менен мал айдап,
Кыз алганы келдиңби?
Кыйактуу найза көк желек,
Бизди алгалы келдиңби?
Жез оймоктун чыганы,
Узду алгалы келдиңби?
Баатырың көп барчаң көп,
Же башты алгалы келдиңби?
Кудалашып мал айдап,
Келгениңби Жакып бай?
Коркуп турат жүрөгүм,
Теги болбой көөнүм жайБастырган бойдон түз барып,
Колунан кармап бай Жакып,
Кадырлуу куда, сыйлуу сөөк,
Биз болобуз Карахан,
Кылыгың түздө, кыз үйдө,
Сен болосуң Карахан.
Асмандагы жылдызды,
Сууда жүргөн кундузду,
Башымдагы чачымды,
Оозундагы тишимди,
Сага арнадым Карахан,
Оңдосоң боло ишиңди,
Тескештирип түшүргүн,
Куда болгон кишиңди.
Уулум Манас са буйруса,
Каныкей кызым ма буйурса,
Оңсом берем орусту,
Олуттуу берем конушту.
Алайа тиктеп койгондун,
Тилегин шордой катырам,
Өлбөй аман мен турсам,
Кыйыктанып калабы,
Балаң Манас жумшасам?Деп Жакып бай айтканда,
Карахан көөнү тыныптыр,
Калдайып элди ээрчитип,
Коноктун камын кылыптыр.
Эки жүз кемпир кап сөгүп,
Бул эмине көп дешип,
Жамбаштыгы тогуз тай,
Жандаган катын такыр май,
Тел болуп башы айланды.
Жеңе болгон катындай,
Баатырыңдын жамбаштык,
Батырып жыйнап ала албай.
Апкааарып баатыр Манастан,
Жеңеси алып баса албай,
Каныкей үйдө олтурду,
Өзү келип кала албай,
Ээрчитип эки жеңесин,
Түнүдө барды баатырың,
Чырым уйку ала албай.
Чыдап тура албады,
Уктап жаткан Канышты,
Маңдайынан сылады.
Чочуп кетип Каныкей,
Койнундагы канжарды.
Сабынан кармай алыптыр,
Кармаган колго баатырды,
Билекке сайып алыптыр,
Таарынгансып Канышка,
Кылчайбай кетип калыптыр.
Уйкудан көзү ачылып,
Өзүнө-өзү ачынып,
Кийингиче шашынып,
Эшикке чыгып буластап,
Токтой тур деп чакырып,
Акырын сүйлөп кыңгырап,
Ак буладай зыңгырап,
Жагымдуу башка кеп келет:
- Айкөл Манас ойлоп көр,
Айымчыл келет биздин эл,
Каадалап келип той түшүп,
Катын алган сиз эмес,
Караңгыда жетелеп,
Ээрчитип алып кетүүчү,
Жесир катын биз эмес,
Эр атанган журт бийлейт,
Эл башкарган кишиге,
Ушунуң жакшы иш эмес,
Каадалап келип олтуруп,
Кайтып кетер сен эмес,
Кете берсин мейли деп.
Кала берчү мен эмес,
Караңгыда калдырап,
Жаш баладай алдырап,
Минтип жүрүш кайсы кеп?
Эртең эле апалап,
Жеңелер жолдон жетелеп,
Үстүңө араң киребиз,
Эт жүрөк коркуп энтелеп,
Эртең эле санаага,
Буйруса Аллам жетербиз,
Чоголдук кылып койупмун,
Көкжалым өзүң кечирсизКашкайа сүйлөп жылмайып,
Каада айтып турду эле,
Эрежеге жыгылып,
Эр Манас мойнун бурду эле,
Кабылан Манас баатырды
Каныкей сайды дегени,
Ушунчалык кеп эле.
Алты күнү ат чапты,
Эки күнү жамбы атты,
Эр сайышып күрөшүп,
Мөөрөйүнө жакын үрөшүп,
Эки күн өтүп кетиптир,
Кийик салыш, той тартыш,
Баш-айагы жоголуп,
Отуз күнгө жетиптир.
Жатарына бир үйдү,
Коногуна бир үйдү,
Ашканага бир үйдү,
Тааратына бир үйдү,
Жамдап берди беш үйдү.
Он эки нарга бир үй жык,
Бул түгөнгүс арбын мүлкү,
Бай Жакып чыкты Букардан.
Келинди алып көчүрүп.
Самаркан келип жатышты,
Жыргалдын даамын татышты,
Күлүп ойноп жаркылдап,
Көп кыргыз көөнүн ачышты.
Муну мындай таштайлы,
Көкөтөйгө Бокмурун,
Аш бергенден баштайлы.
Көкөтөйдүн ашы
Казак, кыргыз элинде,
Албандардын Көкөтөй,
Айылбашы ханы эле,
Уй түгүндөй малы эле,
Анткен менен Көкөтөй,
Калмактардан кар эле.
Ороз өлүп кеткенде,
Калган кыргыз элдерин,
Калмактар бөлгөн кездерде,
Алыстап турсам белем деп,
Ташкенге көчүп кетти эле.
Ташкенге көчүп баргалы,
Арбып малы төлдөдү,
Азайбады көбөйдү.
Ак жамбы таштай кулады,
Алтынын күпкө куйганы,
Малдан арбын өлүүнү,
Бай Көкөтөй жыйганы.
Дем албай басып беш жүз төө,
Шаар кыдырып чубады,
Өлүү-тирүү жик болду,
Бирок бала жок болду,
Өңүнүн жадап Көкөтөй,
Саргайган саман чөп болду,
Бир күнү үйдө жаталбай,
Же көр дүйнөнү ката албай,
Же көзү кыйып талаага,
Бекер таштап аталбай,
Адырлуу тоону басам деп,
Аң уулап көөнүн ачам деп.
Коросон оттук жагыптыр,
Котчудан отуз алыптыр,
Кара урчук деген адырга,
Калың топ Көкөң барыптыр.
Ыйлап жаткан бир бала,
Адырдан таап алыптыр,
Арка бети адырдын,.
Кайыпчы деген жер эле,
Кайыпчы мага берди деп,
Хан Көкөтөй алыптыр,
Алып барып багыптыр,
Малын чачып той берип,
Бокмурундун тойу деп,
Айтылып элге калыптыр.
Үч күндө бирден кийимин,
Кедейлерге бердирип,
Садага чаап күнүгө,
Бирден эчки мууздатып,
Кескилетип бирден уй,
Келгендерге талатып,
Катындан алты ылгатып,
Ар кайдан издеп таптырып,
Толук берип акысын,
Көтөртүп жүрүп бактырып,
Таманын жерге тийгизбей,
Эски кийим кийгизбей,
Эркелетип багыптыр,
Эр жеткизип алыптыр.
Тогузунда Бокмурун,
Мааникер минип ойнотуп,
Барбаган жерге барыптыр,
Жерди көрүп алыптыр,
Он экиге келгенде,
Алгыр бүркүт салыптыр,
Бокмурун антип жүргөндө,
Көкөтөй ооруп калыптыр.
Боз кыроолуу мезгилде,
Сонордун сонун кезинде,
Бүркүт салып Бокмурун,
Келбей калды кечинде,
Шайы кетип бошоду,
Ошол күнү бешимде,
Бокмурунду чакыр, дейт,
Келе түшүп эсине.
Чапкылап бирөө кетиптир,
Бокмурунга жетиптир,
Коркутту атаң дей албай:
- Кара атан, өлдү, бар деди,
- Сойулар өлсө -деп койуп,
Адырдан бери баспады.
Кайра келип барганда:
- Хан атаң өлдү!-деп барды.
Кара атан өлсө сойулар,
Хан атам өлсө койулар,
Кан сонор кайдан табылар!
- Деп ошентип Бокмурун,
Эмгиче макал кеп калды.
Жайма көкүл жаш Айдар,
Бирөөнүн жалгыз баласы,
Мааникер минип жол тартып.
Дайра кечип бел ашып,
“Бегимдин кебин алам-деп,
Бүт элге кабар салам”-деп,
Бастырып жөнөп кетерде.
Бокмурун айтты мындай кеп:
- Үрбү жакын агабыз,
Ага кабар салабыз,
Андан кийин калганга,
Анан кабар кылабыз-,
- Үрбү агасын чакыртып,
бар керегин жам кылып,
Белендеп турган Бокмурун,
Жайын жакшы каздырып,
Чарасын терең ойдуруп.
Топурагын тарттырып,
Кыштын күнү тонгон жер,
Үстүнө чатыр жаптырып,
Жай казганды кетирбей,
Ошол жерге жаткырып,
Казанагын ойдуруп,
Баш-айагын чойдуруп,
Жай казганы он киши,
Он асый байлап койдуруп;
Маргалаң, Кокон, Наменген,
Бадакшан, Балык, Букарга,
Кабар берип буларга,
Самарканга айттырбай,
Көкөтөйдү койуптур.
Доораны токсон толуптур,
Жуугандарга тогуздан,
Баарына окшош болуптур,
Ыскат атын токутуп,
Жаназасын окутуп,
Аруулап таза жуудуруп,
Ак кепинге салдырып,
Айак-башын буудуруп,
Жасатын жерге жашырып,
Бүгүн мында түнө деп,
Он кишини жаткырып,
Уктатып койуп Үрбүнү,
Кыркына эли күтүндү.
Кайрылышат туугандан,
Кадыры өткөн жатынан,
Белдүүсүнгөн, бийлеген,
Билимдүү мырза залынан,
Кыркына тегиз чакырды,
Ата конуш айлынан.
Сураштырса Манас жок,
Шүкүрлүү кеткен уу кылып,
Кабарчыда кайыр жок,
Барбай койду бурулуп.
Кыркын берип болгондо,
Бокмурунду бала Үрбү,
Көчүрүп алып кетиптир,
Кең Кеминге жетиптир.
Кыш өтүп жайга айланды,
Желеге кулун байланды,
Суйкал аттуу бир келин,
Бокмурун жаткан чатырга,
Түштө кирип барганы.
Тайрайып жаткан Бокмурун,
Сунган бутун тартпады,
Өз алдынча пейилсип,
Жумган көзүн ачпады,
Суйкалдын келип кыжыры,
Мына мындай айтканы:
-Эсирген байкуш эсиң жок,
Эчтеме менен ишиң жок,
Тышың тери, ишиң бок,
Бутун тартпай чойкойот!
Хан атаң өлсө келбепсиң,
Калкыңдан угуп жүрөмүн,
Күнүгө чаап садага,
Баккан экен сарбаптап,
Ашы–жытын бербейсиң!
Үрбү алат бир күнү,
Элиңе кошуп малыңды,
Асыранды билбейсиң,
Жок экенин арыңды,
Ээ болбойсуң мал-пулга,
Эми эбиң табылды!
Чыканактай эр Агыш,
Куда болду эжеңе,
Кеңеш кепке алдыбы?
Арак ичип шылкылдап,
Үйдөн чыкпай калдыңбы?
Көрбөй сени ал күнү,
Мен көзүмдү жуумп алдымбы?
Эки жыл өтпөй арада,
Кыр көрсөттүң сен мага,
Баккан акын жандырбай,
Атадан кеткир садага!
Кокондуктун элинен,
Бир жүн төш катын алыпсың,
Күндүз жатып уктайсың,
Күн жанынан чыкпайсың,
Түндө жатып уктайсың,
Түн жанынан чыкпайсың,
Сен жетипсиң катынга,
Какчаңдаган кара сур,
Ара күрмөй качыргаШылдың кылып абыдан,
Күлө сүйлөп шылкылдап,
Эликтеп бетин чымчылап,
Чыгып кетти эшикке,
Белдемчиси буластап.
Ардыккандан Бокмурун,
Ачык көргө кире албай,
Ажалдан мурда өлө албай,
Чок түшкөндөй ич күйүп,
Ок тийгендей бүк түшүп,
Эки күн жатты түнөрүп,
Өлүүчүдөй көгөрүп.
Үрбү бир күн үч келип,
Кара жанга күч келип,
Тайын сойуп атайлап,
Чакырганга болбоду,
Козголмок тургай ордунан,
Тике карап койбоду.
Жезбилек келип баланы,
Жетелеп барды колунан,
Кеткендей болду Үрбүнүн,
Эми иши оңунан.
Үрбү сурап калыптыр:
-Айланайын чунагым,
Эмне мындай аваңдын,
Коркутуп жанын чыгардың?
Күнөөлүк өтсө айтып кой,
Ачууңду сенин сурайын,Суйкалдан уккан кептерин,
Коройтуп айта албады,
Аштын кебин салганы:
-Абаке сени каралап,
Ташкенден келсем сабаалап,
Шылдыңдап жүрөт теңтуштар,
Кышында өлгөн атаңа,
Аш бере албай койдуң»- деп,
Мени кылып жаман ат.
Ташкенге көчүп кетейин,
Көнүк жерге жетейин,
Короолош элге кошулсам,
Аш бере алар бекемин?
Агам деп сизди каралап,
Мен бекер келген экенмин,
Толтурат деп көөнүмдү,
Көчө келген экенмин,
Толмок тургай көңүлүм,
Өчкөлү келген экенмин,
Баш көтөртпөй жаман ат,
Каран дүйнө жалгандан,
Кайгыда өтөт экенмин!
Бокмурундун кебин укканда,
Кумсара түшүп Үрбү да,
Капаланып кайгырып,
Жаны чыгып ушунда:
- Үч күндөн бери Бокмурун,
Койдуңбу коппой ушуга?
Кыйарлык кылсам мен сага,
Иним койгун тузуңа!
Келберсиген чунагым,
Кейишке мынча батпагын,
Келүүгө элге кат жазам,
Эптүү киши атказам.
Олуйа Кошой кыргызда,
Айылда Көкчө казакта,
Өзүбекте Сынчыбек;
Бадакшанда Малабек.
Букардагы Карахан,
Балыкта бар Алабек,
Дүйшөнбүдө Козубек,
Кебез тоодо Эр Төштүк,
Жети өгүздө Алп Агыш,
Бетбактыда Көкбөрү,
Айланасын карасак,
Дагы турат көптөрү.
Коросондо Мырзакмат,
Кыйбада турат Дабытай,
Жети сууда Багыш бар,
Кең Үргөнчтө Акун хан,
Бу да кыргыз уулунан.
Жеркен,Котен, Лопнурда,
Таабалды, Нура, Карача,
Бел болуучу ушулар,
Берели кабар буларга.
Ара жерде Кеңтокой,
Кетментөбө калаасы,
Мыкты чыгып келатат,
Кендирбайдын баласы.
Сөзү таттуу, нурдуу жүз,
Керкөкүлдү алалы,
Ошолордун баарысы,
Биз менен бирге санаасы,
Кара мүртөз кан ичме,
Жакып байдын Манасы,
Бүтүн элди башкаруу Колунан келсе чамасы,
Ал Манастын чунагым,
Олуйа көрсө урушуу,
Оңолбогон жумушу,
Очоктуу байдын баарына,
Одураңдап турушу,
Кожону көрсө урушу,
Коркоңдоп келип турушу,
Короолош байдын баарына,
Кордук экен жумушу.
Тууганды тууган билбесе,
Кишини көзгө илбесе,
Мунайым айткан кеби жок,
Такыр өкүм сүйлөсө,
Ашка бузук салбайбы,
Манас мында келгенде.
Кечээ Араникте урушта,
Агаң Үрбү, эр Көкчө,
Кызмат кылдык бөлөкчө.
Бүлдүргө олжо бербеди,
Бооруна басып бирөөгө.
Ошонун баарын чакырып,
Алып келсек кеңешке,
Кыйын түшөт биздерге,
Алар дагы кыйналат,
Кыйын жана келерге.
Азыркысын кеңешке,
Кошой менен алп Төштүк,
Музбурчак менен Керкөкүл,
Сен экөөбүз кошулуп,
Кеңеш кылсак эп келет,
Үй тикчү жер, келчү эл,
Ошолорду белгилеп, Хан Үрбү мындай айтканда:
- Айланайын абаке,
Акылдын кени береке,
Жеткирдиң эми тилекке,
Жатса уйку кангысыз,
Сүйүнүч кирди жүрөккө,
Көөрүктөн чыккан ширөөдөй,
Курч байладың билекке.
Чакырчу элдин билгисин,
Ал күнү мага бергиле,
Бокмурундун айтканын,
Хан Үрбү кабыл алыптыр,
Кеңешке келчү кишиге,
Он беш күндө келүүгө,
Үрбү кабар салыптыр.
Керкөкүл менен дөө Кошой,
Төштүк, Агыш - эки алп,
Катардагы Музбурчак,
Кабарды толук алыптыр,
Булар келип калыптыр.
Үрбү менен Бокмурун
Алдынан чыга жүгүрүп,
Үйгө баштап жүрүптүр,
Айабай жакшы күтүптүр.
Бир күн өрүүн алдырып,
Хандардын көөнүн жай кылып,
Көкөтөйдүн көрөр көз -
Гүлайымды алдырып,
Тегеректеп олтуруп,
Хан Үрбү кебин баштады:
- Атагы Алаш элинде,
Көкөтөй ага хан эле,
Катардагы жан эле.
Боз үй тигип көчкөндүн,
Бардыгынан бай эле.
Кышында өлдү жашырдык,
Ырымын журттан ашырдык,
Зыйнат кылып алынча,
Жердигине тапшырдык,
Ашын качан берсек деп,
Кеңешине чакырдык.
Каерге үйдү тигебиз,
Кимге кабар беребиз?
Абам Кошой баштаган,
Алты хан түгөл турабыз.
Атагы бир, айлы бар,
Аталаш журт тууганбыз,
Манаска кабар кылбадык,
Мунун да дайынын угарсыз.
Он биринде аттанды,
Көңтөйдү сайып олжо алды,
Ушу турган баарыңа,
Бириңе кабар кылбады;
Сараркада кооруктун,
Шаарын бузуп дагы алды,
Анда кабар кылбады;
Накылайды олжолоп,
Катын кылып жана алды.
Кулетен бай Агышка,
Кудалашып жүрчү эле,
Толук билбейт Агыш жаш,
Ал деле билбейт Манас жаш.
Калгандар айтпай койобу?
Кийинче жайын укса да,
Сен алуучу катынды,
Билбей алып койдум, деп,
Агышка айтып койбоду.
Араникты алганда,
Дөөкандын кызы Карабөрк,
Муну алды өбөктөп.
Менин турат эсимде,
Кендирбай тирүү кезинде,
Керкөкүл анда туула элек,
Насыйа уулга, нак кызга,
Калың берип жүрчү эле.
Эч болбосо кубантып,
Керкөкүлгө эмгиче,
Куру сөз айтып койдубу?
Билбесе Манас буларды,
Карылар билет баарысын,
Айтпай койду дейсиңби,
Уккан мунун дайынын.
Араникке тең бардык,
Кетеликтей эрди алдык,
Бүлдүргө олжо бербеди.
Алты шаар Анжийан,
Сарарка, Ташкен барарда.
Бириңди жүрү дебеди,
Баардыгын басты бооруна,
Тоотпогон бир кеби.
Таарынса кийин көрөрбүз,
Буга кабар бербейли,- Ырас айтат Үрбү,-деп,
Бир Кошойдон башкасы,
Баары кетти дүүлдөп,
Кошой калды ошондо,
Сакалын сылап күбүрөп.
Аркасынан Бокмурун,
Баш көтөрүп козголду,
Мактануунун төрүнө,
Уйалбастан бут койду:
- Атам өлдү көз жумду.
Ардактаган мен уулу,
Жер астында батпаган,
Чирип жаткан пулу бар,
Жер үстүндө жайнаган,
Сан-санаксыз малы бар,
Көчкөндө нарга жүктөгөн,
Жетимиш күптө зары бар,
Азабын тартам ар качан,
Миң нарга артса батпаган,
Албан-албан шайы бар,
Адам жүзүн көрө элек,
Андан башка дагы бар.
Атам тапкан көп дүйнө,
Мен өзүнө чачпасам,
Атамдын мээнбей арбагы
Тузаны кайдан мен табам?
Ашка келчү кишинин,
Маа бергиле бийлигин,
Таанытайын дүйнөгө,
Байлык менен эрдигим,Анда Кошой муну айтты:
- Үрбү менен Бокмурун,
Аш берген болот айыпкер,
Кылмыштуу болот күнөөкөр,
Биз ошонун бирибиз,
Алды менен табалы,
Аш берчү кайсы жерибиз.
Тоосу тулаң чөп болсун,
Өзөнү агын суу болсун,
Жээги токой жер болсун.
Аш берүүгө ылайык,
Алайдын жери кең эле,
Жырылган тулаң күр эле,
Суусу - булак, отун жок,
Ошол экөө кем эле.
Алайдан антип калганда,
Угуп жүргөн кабарда,
Үчкаркыра, Көкдөбө,
Жердегендин көөнү жай,
Жер боорунда жок дөбө,
Жайынан-кышы буралган,
Бүтүн баары чөп дөбө,
Өрүшү жайык кең экен,
Аркырап аккан дайра жок,
Өзөнү кара суу экен,
Өйүз-бүйүз ала жок,
Бүтүн токой жер экен.
Эп келсе ушул баарыңа,
Аш берүүчү жер экен.
Азыркысын алп Агыш,
Көкөтөйгө күйөө экен,
Жетөгүз менен Каркыра,
Орто жери бир кыраң,
Арка-бериш жер экен,
Алды жагы Алматы,
Музбурчак чукул дагы экен,
Үрбү менен Бокмурун,
Короолош конгон чагы экен,
Бузулбай үч хан сен көчүп,
Үй тиксеңер бап экен.
Андан башка үчөөбүз,
Элибиз менен өзүбүз,
Кам жегенче келербиз,
Орун барбы дебейбиз,
Ошентип ашты беребиз.
Андан калган кеп болсо,
Ошол күнү көрөрбүз,
Бар дүйнөнү айабай,
Мөөрөйүнө бөлөрбүз, Чакыруучу кишинин,
Бокмурун алып бийлигин,
Айтып калды бар кебин:
- Абам Кошой, калгандар,
Отурасың баарыңар,
Чакыруучу элди мен айтам,
Барың угуп калыңар.
Акылдашып олтуруп,
Аш берчү жерди таптыңар,
Жайма көкүл кайдасың?
Жакын келип катка сал.
Бетбактоо анын жери эле,
Жамбыл деген шаар эле,
Айкандын уулу Көкбөрү,
Ал да мыкты деди эле,
Букар менен Бадакшан,
Карахан менен Малабек,
Ал экөөнө кабар сал.
Балыкта бар Алабек,
Анжиданда Сынчыбек,
Ал хандарга бара кет,
Аш кабарын айта кет.
Кыйбанын чоңу Дабытай,
Короосунда Мырзакмат,
Бирине-бири кулакташ,
Дүйшөмбүдө Козубек,
Акун хан менен жакын дейт,
Укпай калса жакшы эмес,
Ошолорго бара кет,
Оогандан чыгып ойлосоң,
Кызыл сууну бойлосоң,
Келечи менен Нишапур,
Аттап өтпө ошондон.
Кешмирде кыргыз бар деген,
Тоосу түгөл кар деген,
Бара албасаң кайтып кел.
Жолуңда Хотен бу да бар,
Анын ханы Нура бар,
Бери жагында Жеркенде,
Таабалды деген ханы бар,
Лопнурдун бойун жердеген,
Карачасы дагы бар,
Кадимтен чыккан даңкы бар,
Мен айткан ушул баары хан,
Аларга кабар сала бар.
Карашаар, Камбыл,Турпанга,
Айтып өткүн бүт жанга,
Баркөл менен Бешбалык,
Баарына айткын эске алып.
Айткан элге бекем айт,
Менменсинген жекеге айт:
Бу ашыма келсин дейт,
Бул кызыкты көрсүн дейт,
Бу ашыма келбесе,
Бул кызыкты көрбөсө,
Ычкырга муунуп өлсүн дейт.
Кетенчиктеп калгандар,
Камын кыла жүрсүн дейт.
Көкөтөйдүн көк туусун,
Үй үстүнөн көрсүн! - дейт,
Бокмурун айтты дегин - дейт.
Аттын башын бурарсың,
Айал кылып турбассың,
Чыгыш тарап бет алсаң,
Түндүк жагын четке алсаң,
Кайнаган шибе, солон бар,
Кабар уксун ушулар.
Сан-санаксыз эли бар,
Бозкертик деген эри бар,
Кумсара деген бели бар,
Чоң Жолойдун жери бар,
Койбой чакыр баарысын,
Бүгүн менин эмнеден кемим бар?
Келбей койсо Жолойго,
Кийин кылар кебим бар!
Манжусу бар аралаш,
Канатташ баары чамалаш,
Манжуларды башкарып,
Нескара деген хан сурайт,
Анжусу бар чаадалаш,
Мурадил деген ханына айт,
Калмагы бар короолош,
Кара калмак деп койот,
Уушаңы бар коркоңдоп,
Сыйлап айтып жүрбөгүн,
Эсиң чыгып жорголоп;
Кабарчы менен элчиге,
Эч качан өлүм жок болот.
Кырымдан барып кошулган,
Кыз Сайкал бар деп угам,
Борончу бар эрлерден,
Жойгара бар мергенден,
Күн чыгыштын тарабы,
Бүткүл берип кол берген,
Эсенхан кытай жол берген,
Алоокенин чоң уулу,
Коңурбай деген бар экен,
Башына жыңзы тагынган,
Таажыга үкү сайынган,
Дайындуу элге таанымал,
Эсенхан деген ханынан,
Колуна алган каты бар,
Калча деген аты бар,
Канча түрлүү айтылар,
Ошого айтып кайта сал.
Алты хан эли бу жерде,
Угузуп койор элине,Обдулуп Кошой ошондо,
Олуттуу кепти салганы,
Оолуга кепти баштады:
- Эркиңе койсок ушинтип,
Сен Бокмурун баланы,
Башка жыйнайт окшойсуң,
Капкайдагы балааны,
Мойунга артат окшойсуң,
Жок жерден таап жалааны.
Тилимди алсаң, о, балам,
Кытай, манжу журтуна,
Шибээ, солон, анжуга,
Кабар кылба буларга,
Канатың кетер кайрылып,
Карап иш кыл алыңа.
Сасык Жолой дегенин,
Борончуга кошпогун,
Эртерээкте таап ал,
Адашпаган өз жолуң.
Чокчоңдогон эрлерин,
Жойгара деген мергенин,
Чогултуп ашка чакырсаң,
Көрөсүң кордук эмгегин!
Алтымыш уруу аралаш,
Малайы мурда бас алаш,
Катарга кошуп келатат,
Жакыптын уулу жаш Манас,
Калка болгон алашка,
Манасты бөлүп таштасак,
Тепсегендей кырманды,
Кетер бекен майдалап, Бокмурун балан дегенче,
Бир жообун ачык бергенче,
Агыш, Түштүк, Керкөкүл,
Кедеңдешип элире:
- Манас келсе бул ашка,
Биз келбейбиз деди эле.
Шылкыйып Кошой жөн болду,
«Акыры Манас билет»- деп,
Өз ойунда ойлоду.
Күмөн кылып хан Үрбү,
Бокмурун менен тилдешип,
Чогуу турган хандарды,
Бата кылып кой дешип,
Боздон бозду табышып,
Актан акты ылгашып,
Койдой башын кесишип,
Коондой кардын жарышып:
“Кыйа карап ким кетсе,
Бүгүн макул деп койуп,
Эртең ашка келбесе,
Как ушундай болсун” - деп,
Жеңдерин түрүп алышып,
Карыдан канга малышып,
Көк чырпыкты кийишип,
Кетпестикке жылышып,
Убадасын кылышып,
Сакалдарын жайкашып,
Үйдөн сыртка чыгышып,
Жай-жайына кетиптир.
Манаска кас кылгандар,
Талабына жетиптир,
Үрбү менен Бокмурун,
Каркыра көчүп кетиптир.
Жайма көкүл жаш Айдар,
Мааникер минип аттанып,
Күн-түн жок жол тартып,
Айткан кандын баарына,
Кабар салып кетиптир,
Калтырбастан териптир,
Каадалап кабар бериптир:
Айагында Каңгайга,
Айрыкчасы жанагы,
Алооке уулу калдайга,
Алпарып катты бериптир.
Алып катты колуна,
Алп Коңур окуп ошондо:
Атаңдын көрү алаш, - деп,
Алы келбес иш кылып,
Айттырганын карачы.
Анжу, манжу журтумду,
Калмак, кытай ушуну,
Калтырбай баштап барайын,
Атагы болгон бурутту,
Кыргыз деген журтту,
Түп көтөрө чабайын,
Кызыл уук кылайын!
Колкодон алып баатырын,
Эл чакырып ашына,
Кошулмак экен катарга,
Буруттун жинин кагайын! Деп Коңурбай дүпүлдөп,
Буулуккан калча күпүлдөп,
Каарын көрүп калчанын,
Калганы калды бүжүрөп.
Муну мындай таштайлы,
Көкөтөйдүн ашына,
Жер майышкан көп элдин,
Келгенинен баштайлы.
Аттанды каңгай бүт калбай,
Түп көтөрө дүрүлдөйт,
Саздан өрдөк учкандай.
Манжу, шибе, солон бар,
Кара кытай, калмак бар,
Башкарып жүргөн аларды,
Нескара, Жолой, Мурадил,
Борончу, Уушаң улуктар.
Ат көтөргүс алпы бар,
Айтып бүткүс салты бар,
Кара курттай быжылдап,
Жер сойулган калкы бар.
Кошой, Агыш, алп Төштүк,
Керкөкүл менен Музбурчак,
Эл келет бүгүн-эртең деп,
Чогулушкан ушул чак.
Хандарды мактап келгенде,
Ырчылар жүрөт жапылдап,
Эл башкарып хан Үрбү,
Сүйөлөп турат шакылдап,
Аркасынан көк жасоол,
Ээрчип турат такымдап.
Келип жатат туш-туштан,
Топурак учуп жер чаңдап,
Жел өпкөсү андан көп,
Желбегей чапан далбаңдап,
Эки буту салбаңдап.
Антип жүргөн андан көп,
Атагы алаш келгендер,
Атайын бата кылышып,
Мейманга табак сунушуп,
Хан Көкөтай ашы деп,
Карап туруу кайсы? деп,
Баласындай бир ата,
Бардыгы жүрөт жардамда.
Түндөсү жатып эл турса,
Асман ачык жер бүркөк,
Көк асманды көрсөтпөй,
Калыптыр туман боз чүмкөп,
Шамал чыгып ырылдап,
Сыдырым согуп зырылдап,
Болуптур өтө бир шумдук,
Абышка, кемпир, балдардын,
Маңкасы агып бырылдап.
Аңгычакты болбоду,
Сурнайдын үнү угулду,
Жер айрылып чурулдап.
Кудай бетин ары кыл,
Келе жаткан көпчүлүк,
Кара курттай быжылдап,
Сел аккандай жымылдап,
Жердин бетин жык жайпап,
Адам тилин түк билбейт,
Кара курттай кымылдап.
Керней тартып нечен сан,
Келген байрак, асаба,
Кызылы аз, көгү көп,
Жол-жол болгон алача,
Баш кишиси Нескара,
Жанында дөөлөр бир канча,
Сарала байрак желеги,
Анын арка жагынан,
Мурадил колу келди эми;
Түшүп орун алганча,
Ана-мына кылгыча,
Калмактардын Уушаңы,
Солондордун Бозкертик,
Жер жайнаган эл менен,
Келди булар бир жетип;
Көргөндүн бойу дүркүрөп,
Борончу келди күркүрөп;
Сел аккан суудай түрдөнүп,
Кедендин уулу чоң Жолой,
Бул дагы келди сүрдөнүп,
Заңдын элин бүт жыйнап,
Аркасынан дүрбөтүп,
Келгендерди көргөндө,
Калды баары жүдөшүп,
Аңгычакты күпүлдөп,
Нескара, Жолой сүйлөнүп,
Алдына келсе аймоочу,
Ажыдаардай сүрдөнүп:
- Жай жаткан элди дарбытып,
Аш берем деп чакырып,
Же тосуп алган жери жок,
Алдымдан киши чаптырып,
Же тартуу кылган иши жок,
Кызыл алтын чачтырып,
Жетелеп чыккан аты жок,
Же жолборстон үртүк чаптырып!
Каны барбай чойулуп,
Жатканын көргүн койулуп,
Ашына түшүп нетебиз,
Түшпөй аскер кайра тарт,
Талап алып кетебиз!
Чакырып койуп кызмат жок,
Бекер келген экенбиз!Нескара, Жолой, эки дөө,
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Манас - Жусуп Мамай - 16
  • Части
  • Манас - Жусуп Мамай - 01
    Общее количество слов 3425
    Общее количество уникальных слов составляет 1557
    26.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    37.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 02
    Общее количество слов 3489
    Общее количество уникальных слов составляет 1583
    26.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    37.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 03
    Общее количество слов 3754
    Общее количество уникальных слов составляет 1821
    26.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    44.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 04
    Общее количество слов 4199
    Общее количество уникальных слов составляет 2100
    30.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 05
    Общее количество слов 4277
    Общее количество уникальных слов составляет 2101
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 06
    Общее количество слов 4236
    Общее количество уникальных слов составляет 2269
    30.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 07
    Общее количество слов 4251
    Общее количество уникальных слов составляет 2240
    30.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 08
    Общее количество слов 4215
    Общее количество уникальных слов составляет 2335
    28.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 09
    Общее количество слов 4227
    Общее количество уникальных слов составляет 2298
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 10
    Общее количество слов 4264
    Общее количество уникальных слов составляет 2168
    31.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    52.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 11
    Общее количество слов 4201
    Общее количество уникальных слов составляет 2307
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 12
    Общее количество слов 4180
    Общее количество уникальных слов составляет 2207
    26.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 13
    Общее количество слов 4203
    Общее количество уникальных слов составляет 2371
    29.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 14
    Общее количество слов 4276
    Общее количество уникальных слов составляет 2303
    30.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 15
    Общее количество слов 4280
    Общее количество уникальных слов составляет 2365
    28.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 16
    Общее количество слов 4329
    Общее количество уникальных слов составляет 2221
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 17
    Общее количество слов 4362
    Общее количество уникальных слов составляет 2319
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 18
    Общее количество слов 4234
    Общее количество уникальных слов составляет 2191
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 19
    Общее количество слов 4251
    Общее количество уникальных слов составляет 2199
    29.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 20
    Общее количество слов 4224
    Общее количество уникальных слов составляет 2351
    29.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 21
    Общее количество слов 4204
    Общее количество уникальных слов составляет 2413
    27.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 22
    Общее количество слов 4146
    Общее количество уникальных слов составляет 2586
    23.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    36.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 23
    Общее количество слов 4223
    Общее количество уникальных слов составляет 2507
    25.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    37.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 24
    Общее количество слов 4292
    Общее количество уникальных слов составляет 2321
    28.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 25
    Общее количество слов 4270
    Общее количество уникальных слов составляет 2418
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 26
    Общее количество слов 4240
    Общее количество уникальных слов составляет 2367
    28.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 27
    Общее количество слов 4301
    Общее количество уникальных слов составляет 2341
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 28
    Общее количество слов 4315
    Общее количество уникальных слов составляет 2154
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 29
    Общее количество слов 4272
    Общее количество уникальных слов составляет 2333
    28.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 30
    Общее количество слов 4347
    Общее количество уникальных слов составляет 2224
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 31
    Общее количество слов 4213
    Общее количество уникальных слов составляет 2243
    29.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 32
    Общее количество слов 4338
    Общее количество уникальных слов составляет 2304
    28.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 33
    Общее количество слов 4378
    Общее количество уникальных слов составляет 2293
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 34
    Общее количество слов 4291
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    30.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 35
    Общее количество слов 4310
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    29.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 36
    Общее количество слов 4237
    Общее количество уникальных слов составляет 2243
    28.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 37
    Общее количество слов 4227
    Общее количество уникальных слов составляет 2276
    28.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 38
    Общее количество слов 4165
    Общее количество уникальных слов составляет 2328
    27.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 39
    Общее количество слов 4235
    Общее количество уникальных слов составляет 2169
    29.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 40
    Общее количество слов 4331
    Общее количество уникальных слов составляет 2115
    32.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    46.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    52.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 41
    Общее количество слов 4270
    Общее количество уникальных слов составляет 2232
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 42
    Общее количество слов 4277
    Общее количество уникальных слов составляет 2205
    31.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    52.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 43
    Общее количество слов 4207
    Общее количество уникальных слов составляет 2318
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 44
    Общее количество слов 4259
    Общее количество уникальных слов составляет 2333
    27.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Манас - Жусуп Мамай - 45
    Общее количество слов 1587
    Общее количество уникальных слов составляет 1043
    37.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    48.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    54.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов