Latin

Чиркейдин салмагы - 6

Total number of words is 2874
Total number of unique words is 1368
35.4 of words are in the 2000 most common words
46.9 of words are in the 5000 most common words
51.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
жолоочулардын баарына эле сырын айта берет деп ойлойсуңбу? Же мага
учурашканыңды милдет кылып жатасыңбы?»
Алим үнүн заматта өзгөртө коюп кыйкырып жиберди:
- «Жогол, акмак. Сен эмне хан мага өзүнүн асыл буюмдары тууралуу
айтканы жатканын сезбей жатасыңбы
Тилекке каршы хандын уйкусу өтө эле катуу болгондуктан ал мындан башка
үн каткан жок. Алим өзүнүн аракетин кийинки түнү кайра улантты. Бул жолу ал
хандын жанына олтурду да: - «Сенин алтындарың уурдалды!» - деп кыйкырды.
- «Оозуңа келгенди оттобо, - деди хан Кантсе да Алим башка сөз катпай
тынч отуруп калгандыктан, жанагы ой уктап жаткан хандын мээсинде кайталана
баштады. Аңгыча ал сайгак тийгендей атып туруп, коңшу бөлмөдө жаткан
аялына кыйкырды:
- «Малика, асыл буюмдарыбыз аман-эсенби?»
- «Албетте ханым, алар күндөгүдөй эле менин керебетимдин алдында
турат. »
- «Обу жок келесоо десе!» - дел хан күбүрөнүп алган соң, кайрадан таттуу
уйкуга кирди.
Алим эпчил болсо ханышанын жөөлүгөнү токтоору менен көз ачып жумгуча
анын бөлмөсүнө жетти да, асыл буюмдардын баарын уурдап жөнөдү. Анан
аларды ошол эле түнү жаңы түрмөдөн чыккан бир чынчыл кишиге кармата
салды. Ап экөө кечээ кербен-сарайда таанышкан болчу. Хан эртеси асыл
буюмдарынын уурдалганын көрүп, ар бир үйдү тинттире баштагыча, баягы киши
шаардан чыгып кетүүгө үлгүрдү. Жарчылар болсо шаардын ар бир көчөсүндө
хандын жардыгын кыйкырып жатышты:
- «Уурулук өлүмдөн да уят! Кимде-ким асыл буюмдарды алса тезинен
кайтарып берсин!»
Алим бул жардыкты уккан сайын өзүнө-өзү минтип коет: - «Эгер уурулук бул
жерде мыйзамдуу көрүнүш болсо, анан кантип ал бааланбай койсун?»
Шаардыктардын баары хан жөнүндө кызуу ушак- ташып жаткандыктан, Алимдин
бул сөзүнө эч ким маани деле бер- ген жок. Ушул эле учурда хан өлкөдөгү
акылмандардын баарын чогултуп, алтындарын кайтара албаса да, ууруну
кармаганга кеңеш сурамак болду.
- «Биз аны таап, элдин көзүнчө жазалашыбыз керек! Болбосо акыры ал
чектен чыгып кетет, -деди хан, - Силер- биздин өлкөнүн ишенген
акылмандарысыңар! Ошондуктан кандайдыр бир тузак таап, аны сөзсүз колго
түшүрөөрүңөргө толук ишенем. Бирок антип-мин- тип силер ойлонгуча кеч болуп
кетиши мүмкүн. Ал эми ишти тезде- тиш үчүн, мен баарыңарды түрмөгө
камайм.»
АЛИМ ӨЗҮНҮН ВРАЧ ЭКЕНИН КАНТИП ДАЛИЛДЕДИ
Хан: «жергиликтүү эл аябай коркуп турат, болду-болбоду ууру чет өлкөлүк
болушу мүмкүн» деп ойлонгондуктан, желдеттери күн сайын шаардагы чоочун
кишилерди тинтий баштады. Анан алар кербен-сарайды карап жүрүшүп Алимге
туш болушту. Бирок Алим канчалык врачмын деп далилдесе да желдеттер
ишенбей ханга жетелеп келишти:
- «Сен врачсыңбы?» - деп сурады хан.
- Ооба врачмын, бирок тубаса табыптыгым да бар, - деди Алим.
- Анда тезинен бул жерде тургандардын бирөө-жарымын ай- ыктыр.
Болбосо, биз сени ууру деп табабыз!
- Баардык эле врачтар сыяктуу менин да өзүмө таандык дарылоо ыкмам
бар, - деп жооп берди Алим. Анткени, ага ушул учурда бир жаңы ой келген эле.
- Эмне дейбиз, эгер сен дарылоодон баш тартпасаң, анда өзүңдүн ыкмаңды
колдонсоң болот.
- Менин ыкмам мындай: мен оорулууну өзүм тандайм.
- Тандасаң танда, бирок сен тандаган киши чындап эле сыркоосу бар
болсун!
- Мындан оңой иш жок, - деди Алим, - Тээтигил сокурду көрдүңүзбү? Мен
ошону сакайтып берем.
- Албетте бул сенин чыныгы тубаса табып экениңди далилдейт, -деди
падыша, -Анткени ал менин күйөө балам. Эки көзүнөн ажыраганына мына
быйыл жыйырма жыл болду.
- Анда мен ишке кирише берейин, - деди да, ошол сокурду көздөй басты.
- Улуу Урматтум, - деп шыбырады башкы вазир хандын кулагына, Эсиңизден чыгарбасаңыз экен, сиздин кызыңыздын өңү серт болгондуктан, биз
атайын издеп жүрүп сокур күйөө тапканбыз. А эгер азыр анын көзүн сакайтып
кое турган болсо. . .
- Жетишет! - деп кыйкырды хан, - Алдагы Алим деген немени кууп чыккыла!
Мындан ары биз андан шектенбейбиз.
АЛИМДИН БИРИНЧИ ШАКИРТИ КАНТИП ПАЙДА БОЛДУ
Хан качандыр бир кайра эстээрин сезди да, убактылуу көздөн далдоо
болоюн деп, Алим өзүнүн туулган жерине келди.
Кабулда жүрүп өзүнүн акыркы азык-түлүгүн түгөткөн соң, анан акча табуу
жөнүндө ойлоно баштады. Бир күнү ал чайханада отуруп кандайдыр бир
бейтааныш адамга өзгөчө көңүлү түштү. Аздан соң ага мындай деп кайрылды:
- Досум, мага бир аз акча бере турчу?
- Менде акча жок, - деди тигил киши.
- Атың ким болот? - деп сурады Алим.
- Мени Чога-кодо деп коюшат, - деди баягы.
- Кел Чого-кодо, сен мага шакирт бол. Ага сенин бир тыйының да коробойт.
- А сен кандай ЖОЛ көрсөтөсүң?
- Болгону «эпчилдердин» жолун. Мени Алим-эпчил деп кою- шат, андан
башка эч ким эмесмин.
- Эмне десем, - деди Чога-кодо, - Чынында буга чейин сенин жол-жобоңду
уккан эмесмин. Балким, ал табышмактуу болуп жат- каны үчүн да, мени
кызыктырып жаткандыр. Ошондуктан, мен сага кошулам!
Ошентип, Чога-кодо Алим-эпчилдин артынан ээрчиди...
АЛИМ ЧОГАНЫ КАНТИП АҢГЕМЕ АЙТУУГА ҮЙРӨТТҮ
Чога тамак дегенде үзүлө түшкөн адаты бар болгондуктан, Алимге мындай
деди: - «Устат, эми мен сиздин шакиртиңизмин. Азыр тилекке каршы, чайга
төлөгөнгө да акчабыз жок. Шакирттер дайым өзүнүн устатын угат эмеспи,
андыктан кандай гана иш болсо жасап, акча табууга даярмын. Бирок, шакирти
өзү да ачка болсо, эмне кылуу керек?».
- «Бул биз үчүн көйгөй деле эмес , - деп жооп берди Алим. Эгер шакирти ачка
болсо, анда устаты анын курсагын тойгузууга милдеттүү. Ап өз алдынча бир
нерсе кыла албаган соң, эч убакта устатка акча табайын деп сунуштабаш керек.
Ушунун өзү сыйлабагандыкка жатат жана эки жүздүүлүктү билдириши мүмкүн.»
Анан Алим чайханада отургандарга кайрылды да, өзүнүн акылына биринчи
эле келген сөздү айтып таштады: - «Туугандар, мен чын дилимден тооктун
сорпосун ичип көрмөкмүн. Анткени, мен сорпону кандай жакшы көрсөм, мына
бул да ошондой эле жакшы көрөт, - деп Алим Чоганы көрсөттү, - Эгер мен
сиздерге кайсы бир акылман, түлкүнүн мүнөзүн кандайча өзгөрткөнү жөнүндө
айтып берсем, силер мен ичкен сорпо үчүн төлөйсүңөрбү?»
Отурган адамдардын бир тобу макулдугун бергенде гана, Алим сөзүн
баштады:
ТҮЛКҮ ЖАНА ЖӨЖӨЛӨР ЖӨНҮНДӨ ИКАЯ
Роба аттуу бир түлкү, ар түн сайын жакын жердеги тооккана- дан кабар алып
турчу. Ал ушунчалык куу жана сак болгондуктан, дыйкандар кандай айла кылса
да кармай алышчу эмес. Көп өтпөй ал ошол аймактагы баардык түлкүлөрдү
жөжөлөр менен камсыз
кыла баштады. Анткени, күндөн-күнгө анын арааны ачылып бараткан эле.
Акыры дыйкандар жергиликтүү акылмандан кеңеш сурап кайрылууга аргасыз
болушат. «Оо, акылманман, - дешти алар, - Роба аттуу түлкүнү кармап, биздин
жөжөлөрдү өлтүрүүгө тыюу салыңызчы?!»
Акылман макулдугун берди. Анан кандайдыр бир дубанын жардамы менен
түлкүнү өзүнө келтирүүгө аргасыз кылды. Дыйкандар болсо, акылмандын колуна
түшкөн түлкүнү көрөр замат, кыйкыра башташат:
- Өлтүр аны! Мындан ары түлкүлөр бизди жүдөтпөгүдөй болсун!
Антсе да акылман каршы чыкты.
- Мен силерге түлкүнү өлтүрөм деген эмесмин, болгону жөжөлөрдү
уурдаганын токтотом дегем.
Анан ал асыл таштан жасалган, өзүнүн дербиштерге таандык тумарын чечти
да, аны чынжырга бекитип туруп, түлкүнүн мойнуна байлап койду. Дыйкандар
кадимкидей нааразы болушту:
- Кантип эле ушул таш биздин жөжөлөрүбүздү уурдаба деп, түлкүнү
мажбурласын?
- Бир эле адамдар гана эмес, бардык тирүү жандыктар чын- дыктан
бекинүүгө жана качууга аракеттенишет, - деп жооп берди акылман. - Ушул
ташты көрөөрү менен адамдар сыяктуу эле жөжөлөр да бекинип калышат. Анан
аларды түлкү чукуса да издеп таппашына кепилдик берем.
Айткандай эле болду. Бир дагы жөжөнү кармай албай койгон түлкү, аргасы
түгөнүп акылмандын үйүнө жашаганы келди. Акылман болсо аны менен
тамагын тең бөлүшүп жеп, анан ага минтип кайрылчу экен:
- Роба, менин «дербиш» досум!
АЛИМ ЖУНУСТУ КАНТИП ЖОЛГО САЛДЫ
Мына ушул икаяны айтып бергени үчүн, элдер Алим менен Чогага бир топ
акча чогултушту. Анан алар Кабулда бир нече күн бою жалаң гана тооктун эти
басылган палоо жеп жашашты.
- Угуп турчу, - деп кайрылды Алим бир күнү Чогага. - Чамасы, кайрадан
сапарга чыга турган мезгил келип жетти окшойт. Антпесек Кабулда өтө эле ысык
болуп, чаң каптап баратат. Анан калса: «эпчил болуш үчүн дайыма кыймылда
бол, бир жерден жылбай туруп калган эпчил, сөзсүз жалганчы боло баштайт», деп бекер айтыл- баса керек.
Ошентип алар Жалалабадды көздөй жол тартышты. Кетип баратышып, бери
көздөй келаткан өтө эле табышмактуу адамга кезигишти.
- Кел муну токтотолу, - деди Алим, - Балким бул көрүмчүнү тамашага салып
көрөөрбүз.
Качан гана алар жакындап, бири-бирине бир нече кадам калганда Алим ага
мындай деп кайрылды:
-Тууган, ылайым эле чарчай көрбө, антсе да кайдан сапар тартып, кайда
баратасың? Билген жаңылыгың барбы?
Баягы киши оор үшкүрүнүп алды да, анан мукактана минтип жооп берди:
- Силерге да ак жол каалайм! Мен акылмандардын чөйрөсүнө аралашыш
үчүн, атайын батыштан келатам. Угушума караганда, перстер менен
авганецтердин өлкөсүнөн азыр да байыркы акылмандарды тапса болот экен.
- Сизден кайыр - садага сурайбыз. Ооба, чын эле бул жерде байыркы
акылмандуулук бар. Бирок тилекке каршы, аларды изде- гендердин көпчүлүгү
таң калыштуу нерселерге гана көңүл бурушат. Мен да сизге кандайдыр бир
керемет көрсөтөйүн, каалай- сызбы? - деди Алим.
- Кудай жалгасын, мен да канадайдыр бир керемет көрсөтө ала турган
устатты издеп жүрдүм эле.
- Акча жагынан да, башка жагынан да алып караганда, бул сиз үчүн
кымбатка түшүшү мүмкүн.
- Акча мен үчүн маселе эмес, - деди Жунус, - Чынын айтсам мен аябай бай
кишимин. Жолдо көрүнгөндүн көңүлүн бурбайын де- ген ой менен гана, мына
бул дербиштердин кийимин кийип алдым.
Жунус бир улуу акылман жөнүндө угуптур. Айтымына караган- да, аны
баардык жаныбарлар угуп, жаны жок нерселер да айтканын кылат экен.
- Буга окшогон кереметтер бизде аябай эле көп, бирок баары жашыруун, деди Алим, - Антсе да, сиз бизге жолукканыңыз үчүн бактылуумун десеңиз
болот. Анткени, биз сиз каалаган нерсени жасай алабыз.
Эртеси Алим Чоганы күн чыга электе ойготту да мындай деди:
- Жунус азырынча уктап жатат. Кечээ кечинде мен тээтигил кербен
сарайдан эки эчки сатып алдым. Менин шакиртим катары, сен менин баардык
айткандарыма баш ийүүгө тийишсиң. Андыктан, менин сөздөрүмдү кунт коюп ук!
Азыр эчкилердин бирин жетеле дагы, Жалалабатты көздөй жөнө. Түшкө чейин
жол жүрүп каерге жетсең, ошол жерде чай ичкенче бизди күтүп тур. Качан гана
экөөбүз жолуккан соң, мен сенден эмне деп гана сурабайын «ооба» дей бер.
Анан мен сенден минтип сурайм: «Сен булардын баарын кайдан билесиң?» Сен
болсо, «Мага мунун баарын эчки айтты» - деп жооп бер.
Чога чындап эле түшүнгөнүн далилдеш үчүн, айтылгандарды кайра - кайра
кайталады.
- Ме, могу таякты чөнтөгүңө сал, - деп кошумчалады Алим, - Качан гана мен
сенден таяк жөнүндө сураганымда, сен аны кайра мага бересиң.
Арадан бир нече убакыт өткөн соң Алим Жунусту ойготуп: «Биз эми жолго
аттанбасак болбойт, анткени Жалалабатта ишим бар», - деди. Анан Алим
мамыга байланып турган эчкини чечти да, кулагына бир нерселерди шыбырап
туруп, катуу чаап койду. Эчки болсо жолго түшүп аткан октой качып жөнөдү.
- Сиз эмне кылдыңыз? - деп сурады Жунус.
- Мен андан кабар жөнөттүм.
Бир аз жол жүрүшкөн соң Алим баягы Чогага бергенге окшош таякты алды
да, аны асманга ыргытып туруп, минтип кыйкырды: «Таягым, тезинен ишке кир'»
Ошентип жүрүп отуруп түш ооп калганда чай ичип олтурган Чогага
кезигишти. Анын жанында эчкиси да жан талашып чөп жеп жатыптыр. Алим
минтип сурады.
- Эчки сага атайын белгиленген жол менен зыярат кылсын деп кабар
айттыбы?
- Ооба.
- Кудум ушул убакытта чай ичиш керек экендигин кантип билдиң?
- Эчки айтып берди.
Баягы саякатчы Жунустун оозу чындап ачылды: - Мына сага керемет!
Кокусунан эле мен байыркы акылмандардын бирине жолугуп калдым десем, ким
ишенсин?!
Алим ага жылмая карады да суроо узатты:
- Сиз көргөн көзүңүзгө ыраазысызбы?
- Ой тооба, ыраазы болбогондочу. Эми мени шакирттикке кабыл алууңузду
аябай өтүнөм, мени да сөзсүз акылмандуулукка үйрөтүңүзчү?!
- Сиз мага бир суроо берсеңиз болот, анан ошол суроонун мазмунунан улам,
мен сиздин шакирттике жараарыңызды же жарабасыңызды айтам, - деди Алим
эпчил.
Билесизби, эми бир гана таяк жөнүндө суроо калды. Биз жолдо келатканда
аны асманга ыргыттыңыз да, кабар жөнөттүм дедиңиз. Ал эмне болгон кабар?
- Мен бизге тамак жасап тур деп Чогага кабар жөнөткөм.
- Бирок кантип?
- Кыймылсыз буюмдун жардамы менен Же акылмандар жаныбарлар менен
сүйлөшүп кыймылсыз нерселерди да баш ийдирээри жөнүндө эсиңизде жокпу?
Кана, Чога, бул кишиге кабарчы таякты көрсөтүп койчу
Чога болсо заматта өзүнүн белдемчисиндеги таякты сууруп чыкты. Мындай
кереметке Жунустун чындап мээси айланды: «Мени сөзсүз кабыл аласыз Мен
бул дүйнөдө бир гана сизге шакирит болууну каалайм» - деди ал.
-Тилекке каршы сиз сыноодон өтпөй калдыңыз, - деп жооп берди Алим. Бирок мен сизди шакирттикке кабыл алгандан да көп жакшылык кыла алам.
Алгач бир нерсени түшүндүрүп берейин: Эгер сиз көз боемочулукка көп
азгырылсаңыз, анда чыныгы акылмандарды эч убакта таба албайсыз. Кайсы
адамдардын иш-аракети сизди кызыктырса, алар сизге түшүнүксүз нерселерди
жасайт. Аны сиз керемет деп ойлойсуз. Бирок айрым бизге окшогондор, жөн эле
көз боемочу экенин унутпаңыз!
Мен бир жылдан ашык суфийлердин устатында окудум. Ап биринчи эле
мага, биз сизге эмнени үйрөтсөк, ошону үйрөттү. Маңызы мындай болчу:
«Көрүнгөн ой - пикирге жетеленбе жана дайыма салабаттуу бол! Силердин жеке
менменсинүүңөр, дайыма Устатты таптың деп мажбурлайт.»
Ошентип Апим көз боемочулуктун баардык жол-жобосун айтып берген соң,
Жунус кантип устат издөөнү үйрөндү. Анан ал берки экөөнө аябагандай көп
белек-бечкегин берип, ыраазычылыгын ай- тып андан ары сапарын улады.
АЛИМ КЕНЕДЕЙ МОРДУ КАНТИП ТОСУП АЛДЫ
Алим менен Чога Жалалабатка келишкен соң акыркы жаңылык- тарды угуш
үчүн кербен-сарайга жөнөштү. Ап жердеги соодагерлердин баары аябай дүрбөп
жатышыптыр. Көрсө, Кабулда уурулук өтө күчөп кеткендиктен, кап-кап
алтындарды ушул шаарда сактоо үчүн хан атайын жөнөтүптүр. Бул тууралуу
борбордон келген жашыруун тыңчы айтты дешти.
- Ха, - деди Алим, - уурулар алтындын артынан келишти деп ойлошуп, эми
бул жерде да баардык чет өлкөлүктөрдү текшере башташат.
Негизи, канчалаган жылдардан бери Жалалабатта уурулук кат- тала элек
эле. Анткени, бул жердин ханы ууруларга өтө катуу мамиле кылчу.
- Бул жерде кыбыраган майда-чүйдөгө да эч ким тие албайт экен, - деди
Чога, базардан элдин имиштерин угуп кайткан соң. - Себеби, бул жердин ханы
аябай каардуу дешет.
- Ал өзү кандай неме экен? -деп сурады Алим.
- Адатта бул жердин хандары ыйманга жакын келишет, бирок ошонусу өтө
коркунучтуу.
- Эң сонун. Биз ага сабак беребиз!
Ошол эле түнү Алим менен Чога алтындардын келишин күтүп, сепилдин
жанында жатышты. Көп өтпөй чындап эле өгүздөргө чегилген арабалар менен
таңгак-таңгак алтындар келди. Жалалабат өтө тынч шаар экенин
Кабулдукжоокерлерге далилдеш үчүн, аларды колуна союл кармаган бир эле
киши тосуп алды. Жүктөрдү тосуп алдык деген кепилдик алган соң, коштоп
келген жоокерлер кайра артына кайтышты. Алим менен Чога болсо жанагы
союлчан кишиге басып барышты.
- Ылайым өмүрүңдө чарчоо дегенди билбе, - деп салам берди Алим.
- Ылайым сенин да көлөкөң кичирейбесин, - алик алдык баягы.
- Сенин атың ким болот?
- Мени Кенедей Мор деп коюшат, - деди баягы киши. Чынында аябай узун
бойлуу, чымыр денелүү, мээсинде буткулу жок неме экен.
- Бирок мени кээде үч буткул деп да коюшат. Себеби, биздин тилде грек
жаңгагын төрт буткул деп атайт.
- А сен менин ким экенимди билесиңби? - деп сурады Алим.
-Жокакеси.
- Абдан жакшы. Сырды сактай билгендиги үчүн баарын сыйлаш керек!
- Эмне болгон сыр? - деп сурады Мор, түшүнө бербей желкесин кашып.
- Менин жогорку бийликтин өкүлү экендигимди.
- Сиз гвардиянын капитаны эмессизби?
- Гвардиянын капитанынан да барктуу адамдар бар, - деди Алим,
- а мен анын мыйзамдуу өкүлү болом. Мага салышытырып караганда сенин
капитаның - пилдин жанындагы чычкандай болуп калат.
Мор аябай таң калды. Гвардиянын капитаны жөнүндө ушинтип айткан соң
бул өтө таасирдүү неме болуш керек деп ойлоду ал.
- Абдан жакшы, «сөздү коюп алгач тамактан» дейт, - деп сөзүн улады Алим,
- Андыктан бар дагы арабага чегилген өгүз таап кел. Ээсине болсо айт, эгер ал
өгүзүн тезирээк берсе, мындан кийин ушундай жашыруун иштерге пайдаланып
турабыз.
-Хандын мал сарайына барайынбы? - деп сурады Мор.
- Жок, келесоо! Бул деген өтө сырдуу иш. Ал жакта балким уурулардын
өнөктөрү болуп калышы мүмкүн. Сен андан көрө буга чейин хандын кызматын
кылбаган кишинин өгүзүн тап!
Арадан көп убакыт өтпөй Мор эки өгүздү жетелеп келди. Апарды арабасы
менен бир кишиден сурап, акысына болсо Алим берген акчалардын баарын
карматыптыр. Акча аябай көп суммада болгондуктан баягы киши ылайым эле
өгүздөрүм келбей калса экен деп тилемек.
Ушул учурда хандын дагы бир желдети басып келди да, алтындарды эмнеге
өгүздөргө жүктөп жатышкандарын сурады.
- Союлуң менен жыга чаап сал, - деди Алим Морго.
- Эмнеге? - деп таң калды Мор. - Бул деген биздин киши да?
- Мына сага келесоо! Мен сага кандай буйрусам ошондой кыл! Калганын
кийин түшүндүрүп берем.
Анан Мор тигини союл менен чапты эле анысы тырп этпей жыгылды. Алим
аны таңып салгыча, берки экөө алтындарды жүктөп бүтүштү. Ошентип баары
даяр болгон соң, алар жолго чыгышты. Алим мындай деди:
- Мен сага жанагы желдетти эмне үчүн чабыш керектигин анан айтып берем
дегем. Эми айтып берейин. Анткени, мен өзүм да сөзгө турбагандарды жаман
көрөм.
Сен анын кандайдыр чалып сүйлөгөнүн байкадыңбы? Антип бир гана
Пагманда сүйлөшөт Биздин тоолуктар аябай бышык болгондуктан,
саламдашуунун да жаңы түрүн ойлоп чыгышкан. Бирок алар антип бири-бирине
гана кайрылышат. Анын мааниси мындай; баш- калар кучакташып көрүшкөн
сыяктуу эле биздикилер союл менен чабышат. Мен өзүмдүн колум бошобой жүк
жүктөп жаткандыктан, сени чаап кой деп сурандым. Саламдашуунун бул түрүн
биз, «Пагманча учурашуу» деп коебуз.
- Сиз чындап эле нагыз тоолук окшойсуз, - деди Мор, - Ошон үчүн силерде
мындай сөз бекер айтылбаса керек; «Дүйнөдөгү эң күчтүү адамды да тилде,
бирок Пагмандыктарга кутмандуу күнүңүз менен дегенден башка сөз айтпа!».
Ошентип жүрүп олтурушуп алар талаага келишти да, алтындарды ошол
жерге көмүштү. Ага жакын эле жерде Кошилердин бир уруусу жайгашыптыр.
Алар Алимди жоготуп жиберген өзүнүн бир тууганындай тосуп алышты.
- Досторум, бүгүн кечинде бир жыргайбыз' - деди Алим Анан ал жанагы
өгүздөрдү тартуу кылды эле, тигилер заматта союп, отко кактап бышыра
башташты Качан гана эт жеп олтуруш- канда Кошилер буларга ийгилик
каалады.
Сөздүн соңунда Алим эпчил тигилерге мындай деди: «Досторум, эгер
кимдир бирөөлөр өгүздөрдү издеп келсе, силер эч нерсе көрбөгөнүңөргө мен
толук ишенем!»
Идрис Шах - белгилүү жазуучу, окумуштуу жана суфийлердин соңку
устаттарынын бири
Ал 1924-жылы Индиянын Симле шаарында жашаган белгилүү
Хашимиттердин үй- бүлөсүндө төрөлгөн Аталган УРУУ түздөн-түз Мухаммед
пайгамбардын урпагы болуу менен, түпкү теги байыркы Сасаниддер
династиясына барып такалат.
Шах жазып калтырган эмгектердин тематикасы да ар тараптуу болуп, өзүнө
тарыхый, адабий, сатиралык, философиялык, библиографиялык жана саясат
наама сыяктуу
жана саясат наама сыяктуу жанрларды камтыйт. Бирок автор, өзүнүн суфий
ойчулдары жана окуулары багытындагы эмгектери менен өзгөчө таанымал.
Анткени, ал мына ошол «Улуу Окууну» бүгүнкү Чыгыш жана Батыштын жаңы
маданияты үчүн кабыл алууга ыңгайлуу кылып иштеп чыга алган.
Идрис Шах 1996-жылы Лондондо көз жумган.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
  • Parts
  • Чиркейдин салмагы - 1
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 1946
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чиркейдин салмагы - 2
    Total number of words is 4112
    Total number of unique words is 1857
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    48.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чиркейдин салмагы - 3
    Total number of words is 4241
    Total number of unique words is 1858
    32.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чиркейдин салмагы - 4
    Total number of words is 4130
    Total number of unique words is 1946
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чиркейдин салмагы - 5
    Total number of words is 4098
    Total number of unique words is 1696
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    43.9 of words are in the 5000 most common words
    49.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чиркейдин салмагы - 6
    Total number of words is 2874
    Total number of unique words is 1368
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    46.9 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.