Latin

Чиркейдин салмагы - 3

Total number of words is 4241
Total number of unique words is 1858
32.2 of words are in the 2000 most common words
43.0 of words are in the 5000 most common words
49.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
- «Бери кара, энекеси, кожоюнуң эмне дегенин уктуңбу? Бүгүндөн баштап
сенин эгең менмин. Ошондуктан, сен ага кандай баш ийсең, мага да ошондой
баш ийүүгө тийишсиң.
- «Бир караганда адилеттүү эле чечимдей көрүнөт, - деп мөөрөдү ал, Бирок бир шарт менен, ал үчүн сен мени жылуу жай жана тоют менен камсыз
кылышың керек. Ошондой эле өзүм каалаган учурда мени саап турууга да
милдеттүүсүң»
- «Анын баарын учуру келгенде көрөбүз, - деди Гуроу - Азырынча менин
артымдан ээрчий бер.»
Ошентип ал, уйдун мүйүзүнө байланган жиптин учунан тиштеди да, сарайдан
жетелеп жөнөдү. Көп өтпөй ал бир нерсени байкады, көрсө ал уйду жетелебей
эле, бир тоюттуу жерден экинчи жерге которулган сайын, уй аны сүйрөп
баратыптыр. Өзүнүн көзүнө өзү тузакка түшкөн чымчыктай көрүнүп кетти да,
кайра Гуроу мындай деп сооронду:
- «Мейли, азыр менин үйүм жок. Андыктан кайда барсам да мага баары бир.
Эң негизгиси, жылгандын иши - жылган. Бул уй мени сүйрөп баратат деп көңүл
буруунун деле азырынча кажети жок. А чынында жиптин учу кимде болсо, утуш
ошондо.»
Кыскасы, уй чычканды улам алыстаткандан алыстатып сүйрөй берди,
эчендеген талаалардан жана шалбаалардан өтүштү. Аларды көргөн кээ бир
адамдар мазактап күлүшсө, айрымдары таң калганын жашырбай жакаларын
карманышты. Акырындап өзүн акылдуудай көрсөтүш керек экендигин Гуроу да
түшүнө баштады. Ошон үчүн ал дайыма алдынан уй кайтарган адамдар кезигип
калса: - «Туура кыласың, эми кичине оңго бурул!», же «Ии жакшы, кудум мен
айткандай, бул жерден бир аз солго бурул!» -деген сыяктуу кыйкырып жатты
Бирок бул учурду ал аябай аңдып тураар эле да, көбүнчө уйдун тигиндей же
мындай кыймылына жараша башкарымыш болчу
Канткен менен уй ага аябай эле оор жүк болду. Биринчиден, уйду
кызыктырган жайыттан Гуроу өзүнө тамак таба алчу эмес. Экинчиден, уйду саай
турган убакыт да жакындап келаткандыктан, ага эмне деп жооп берерин билбей,
улам коркунуч күчөй баштады. Анан ал ушул сыяктуу көйгөйлөрдү ойлонуп,
улам- улам' - «Жакшы, ушул жерге токто!», «Эң сонун, ошол чөптү жеп түгөт!» деп кыйкырып келатып, бир топ жоокерлерди байкап калды. Алар көк чөптүн
үстүндө эс алып отурушуптур. Уй экөө аларга жакыныраак келди да, Гуроу
жоокерлерден бул жерде эмне кылып жүрүшкөнүн сурады.
- «Эгер чычкан да түшүнө алса, - деди алардын башчысы, - Биз Хандын
сакчыларынын өзгөчө тобубуз. Бирок бизге бир нече айдан бери акы
төлөбөгөндүктөн, көтөрүлүшкө чыгууга даярданып жатканбыз. Муну
ордодогулар байкап калышып, тээтигил замбилде отурган хандын кызын коштоп
жүрүүгө милдеттендирип коюшту. Азыр борбор калаада күн аябай ысык
болгондуктан, кызды шамалдатып жүрөбүз.»
- «Кереметтүү чычкан сиздердин кызматыңыздарда'» - деди Гуроу, аябай
сылык ийилип. - Мен - кереметтүү Гуроумун. А бал- ким силер менин башка
атак-даңкымды да уккан чыгаарсыңар. Ай- талы, «Мискейлүү чычкан», «Нан
берүүчү чычкан», «Чычкан от жагаар» жана башка, жана башка. . . »
- «А сен бизге эмне кылып бере аласың? - деди командир, - От өзүбүздө
бар, мискейиңе иче турган эч нерсе жок, ал эмес баарыбызга жетээрлик наның
деле жок болуш керек »
- «Менин жакшылык иштерим, - деди Гуроу, - Өз ара алмашууга негизделген
жана бул ыкма өтө эле пайдалуу болуп чыкты. Ап эмес мен, «Баары өз ара
алмашууга негизделет!» - деген мыйзамды иштеп чыктым десем да болот. »
- «Сага бергенге эч нерсебиз жок, - дешти жоокерлер, бир ооздон.
- «Жок силерде бар, - каршы чыкты Гуроу - Мага өзүңөргө ашыкча жүк
болуп жаткан хандын кызын бергиле Анан өзүңөрдүн курал-жарагыңарды сатып
жиберип, качып кетпей жаныңар жокпу Кыздын акысына болсо, мына бул уйду
алып союп жегиле же сатып алгыла. Айтор эң негизгиси жеке жашооңорду
өзгөрткүлө »
- «Качып кетүү, - бул биздин Улуу Урматтуу Ханыбызга каршы жасалган эң
оор кылмыш!» - деди биринчи жоокер.
- «Чычкан эч убакта уйдун ээси боло албайт» - таң калды экинчиси.
- «Эх, кайрадан эркиндикке жетишсек кандай сонун болоор эле. » - деп
жиберди үчүнчү жоокер.
- «Уйдун өзү буга эмне дээр экен? - суроо узатты төртүнчүсү.
- «Мен болсо, «Баары өз ара алмашууга негизделет» деген мыйзам жөнүндө
көбүрөөк билгим келет.» - деди бешинчи жоокер. Ай- тор баары өз пикирин
айтып келип, эң аягында командири мындай жыйынтык чыгарды:
- «Чынында булардын баары өтө эле таң калычтуу. Чамасы, кудай, биздин
жашообуздун келечеги жакшы болсун деп, кийлигишип жатат окшойт. Келгиле
андан көрө уйду алалы, болбосо мен мындан ары бул кыйынчылыкты
көтөрүүдөн баш тартам.»
Ошентип алар уйду алышты, сүтүн саап ичишти, кыскасы биз- дин
аңгемебизден жок болуп кетишти...
Хандын кызы акыры өзү пардасын ачмайынча, Гуроу да замбилдин жанында
үн чыгарбай олтура берди. Качан гана ал жоокерлердин кетип калганын көргөн
соң, ээн талаада жалгыз калдым деп ыйлай баштады.
- «Улуу Урматтуум, -деди Гуроу-Эми сиз менин колуктумсуз. Ал үчүн, өзүм
ачып жана өзүм ийгилик менен колдонуп жүргөн мыйзамга ыраазы болуңуз.
Мыйзам болсо, «Баары өз ара алмашууга негизделет!» - деп аталат.»
- «Бул эмне деген тантык! - деп кыйкырды хандын кызы. - Чычкандар
сүйлөбөйт. Эгер сүйлөгөн күндө да, мен жанагыга окшогон
мыйзам-пыйзамыңды билбейм. А кокус мыйзам болсо да, анда хандын кызын
алмаштыруу жөнүндө эч нерсе жазылган эмес. Анан калса, бул жашоо сен
айтканга караганда алда канча мыкты түзүлгөн!»
Бирок, акыры аягында Гуроу өтө чыдамдуулук көрсөттү да, сылык сөздөрдү
айтып жатып, эптеп хандын кызын көндүрдү. Ал баягы жоокерлер менен
сүйлөшүү учурунда, куурап калган дарактын түбүнөн ийин көрүп койгон эле.
Мына ошол жер жаш жубайлар үчүн коркунучсуз жана ыңгайлуу деп эсептеп
кызды ээрчитип жөнөдү. «Ак ниет Гуроунун үйүнө кириңиз», - деди ал, өзүнүн
колуктусуна.
- «Балким чындап эле акылдуудурсуң, - деди хандын кызы, - Бирок сен,
чычкандын ийинине адам батпай турганын унутуп калсаң керек.»
- «Анда сыртта кала бер, - Гуроу чындап туталана түштү. - Айлаң жок
тээтигил бутанын түбүнө уктайсың.»
- «Менин курсагым ачты!»
- «Курсагың ачса, алдагы айдоодон сабиз терип же!»
- «Мен деген хандын кызымын, сага окшоп чөп-чар жегидей чыч- кан
эмесмин. Мага эң баалуу тамактар, таттуу шербеттер керек!»
- «Баары өз ара алмашуунун негизинде иштейт, - деди Гуроу адатынча, Эгер сага андай эле таттуу тамактар керек болсо, алгач жапайы жемиштерди
чогулт, аны базарга алып барып сат, анан эмне кааласаң ошону сатып же.»
Эртеси хандын кызы күн чыга электе ойгонду да, жапайы жемиштерди
чогултууга киришти Анан ал өзүнүн жоолугунан түйүнчөк жасап, ага
жемиштерди салды да, Гуроу менен базарга жөнөдү. Базар жайгашкан бул
шаарды атасы башкарчу эле Экөө шаарга кирээри менен, хандын кызы кыйкыра
баштады:
- «Менден жапайы жемиштерди сатып алгыла! Себеби мага тат- туу жүзүм
керек Баары өз ара алмашууга негизделгендиктен, күйөөм мага эч нерсе
бербейт.»
Хан өзүнүн кызын үнүнөн таанып калды да, артынан кишилерин жөнөттү.
Гуроу болсо бекинип калды Качан гана кызды хандын кабыл алуу залына алып
келишкенде, ал ортого чуркап чыгып мындай деди:
- «Улуу Урматтуу Ханым, менин сүйүктүү Кайнатам, мен сизге таазим этем
жана өз колуктумду кайтарып берүүңүздү талап кылам!»
- «Кайсыл мыйзамдын чегинде ал сенин колуктуң болуп калды? - деп
сурады хан. Чынында, кызы ага өз башынан өткөр- гөндөрүн, эчак айтып берген
эле.
- «Баары өз ара алмашууга негизделет» деген бузулгус мыйзамдын
чегинде, - деди Гуроу. - Сиз өз өмүрүңүзгө алмашып, мына ушул шаарга ээ
болдуңуз. Анткени керек учурда сиз мында жашаган элдердин баарын
коргойсуз, алар анын ордуна акча беришет. Айтор ушинтип баарыңар өз ара
алмашып жашайсыңар. Анан эм- неге чычкан да алмашкысы келсе, баарыңар
шылдыңдап, мындай болууга мүмкүн эмес деп чыгасыңар. Мен силерди,
баарыңардын башыңарга сөзсүз келе турган мына ушул мыйзамды сактоого
чакырам. Эгер кудуретиңер жетсе, анда аны буза бергиле!»
Хан өзүнүн министрлерине кайрылды эле. алар мындай дешти"
- «Улуу Урматтуум, чынында биз, мындай мыйзам жөнүндө буга чейин
такыр уккан эмеспиз. Бирок, азыр терең ойлонуп көрүп, мындай кырдаалга туш
болбогон бир да учур, бир да адам жок экенине
көзүбүз жетти. Ошондуктан, бул - буга чейин белгиленбеген, ошен- тсе да
өзгөрүлбөй турган мыйзам деп жыйынтык чыгарабыз.»
- «Эмне, бул жерде ушул бети жок чычкандан мени бошотуп ала турган
бирөө жарым жокпу'» - деп кыйкырды ачууланган хан. Анын көзүнө, Гуроу
мыйзамчыларга жаңы эле бир мыйзамды үйрөтүп, анан каалаган учурда дагы
башкасын таап чыга тургандай көрүндү.
Ошондо гана, сарайда көп жылдан бери жүрүп, бирок дайыма табышмактуу
сүйлөгөн бир дервиш, хандын жанына акырын басып келди да, кулагына бир
нерселерди шыбырап кетти. Заматта хандын ууртунда жылмайуу пайда болду.
Анан ал чечкиндүү түрдө мындай деди:
- «Мыйзамчылар да туура дешти, ал эмес дервиш да колдоду!
19. ИЧКИ БАЙКООЧУ
Роба аттуу түлкү өзү менен аябай сыймыктанчу жана ал өзүнүн баардык
пикири - чындык экенине да ишенчү
- «Пикир - бул, акыры келип эле менден башка майда жандыктардын
ишенген байлыгы болуп кала берет» - дечү Роба. Бир жолу ал, мына ушул ойду
таразалап отурса, бир топ жөжөлөр жем чокуп жеп, жолдо баратышыптыр Алар
Робаны көрө калышты да, адаттарынча алды-артын карабай, какылыктап качып
жөнөштү.
Түлкү болсо алардын артынан түштү. Качан гана тигилер, кутулууга мүмкүн
эмес экенин сезип топтоло калышканда, алардан эмне болду деп сурады.
- «Биз сенден коркобуз, себеби сен бизди жеп коюшуң мүмкүн, ошондуктан
качып жөнөдүк» - дешти жөжөлөр.
- «Бул болгону силердин гана пикириңер, -деп жооп берди Роба. - А
чындыгында менде эч кандай деле каар жок. Ишенип койгула, мен силерди
жемек деле эмесмин. Бирок силерди буга ишендириш үчүн, алгач төмөнкү
тажрыйбаны жасоо зарыл. Кана эмесе, колуңардан келген мүмкүнчүлүгүңөрдү
пайдаланып, силер менин жиниме тийип көргүлө».
Жөжөлөрдүн ишенчээктиги заматта дүүлүктүрүп жиберди да, алар аны
чапкылай башташты, тумшуктары менен чокуп киришти, анан буттары менен
таш шилеп, тепкилешти. Айтор, Роба унчукпай туруп берген сайын тигилер күч
алгандан-күч ала берди. Каткырык- тары да бийиктегенден-бийиктеп баратты.
Аңгыча түлкү күтүүсүз ырылдап жиберди эле, жөжөлөрдүн баары
коркконунан кайра качып жөнөдү. А Роба болсо, аларга мындай деп кыйкырды:
- «Мына эми мен, эмне үчүн түлкүлөр жөжөлөргө аңчылык кылаарына
түшүндүм. Эгер алар аңчылык кылбай койсо, жөжөлөрдүн баары силерге окшоп
кутуруп кетип, түлкүлөрдүн жашоосу чыдай алгыс абалга жетмек экен. Сырттан
байкоочуларга болсо, түлкүлөр дайыма силерге биринчи кол салгандай
сезилет.»
20. УШУЛ ТУУРАБЫ?
Жакынкы күндөрү эле бир адам, өзүмдүн жашоомду текке коротуп жатам
деген чечимге келет. Үй күтүү, машина минүү, жумушка барып келүү ага
кадимки эле көнүмүш адаттай сезилет. Мына ошол себептүү ал, баарын таштап,
өзүнүн диний ишенимине көңүл бурууну максат кылат.
«Куш уйку салганга көндүмбү, дааратты туура алдымбы, баардык
келмелерди калтырбай айттымбы, кийген кийимим молдолордукуна окшошпу,
арам тамактарды жеп алган жокмунбу, намазым каза болгон жокпу» -деп, айтор
кыбыр эткендин баарына көңүл бура баштайт.
Ошентип арадан бир нече убакыт өткөн соң, ал чыныгы акылман суфийге
жолугуп калды да, мындай деп сурады:
- «Мен өзүмдүн күнүмдүк тиричилигимди таштап, динге моюн сунсам деле,
өмүрүм текке короп жатканын сезип турам. Азыр мен жөн гана намаз окуп,
башкалар деле кылчу көнүмүш нерселерди жасап жаткансыймын?..»
- «Сизге эмне кылуу керек экенин айтып бере алам, - деди акылман суфий. Эгер чыныгы «актыка» умтулсаңыз, ыр ырдоого таянганды токтотуңуз жана
кийим менен тамакка көңүл бурбаңыз. Ошондой эле, музыка, бий, төлгө, кудай
жөнүндөгү китептер, ар кайсы диндер, шарактаган достор жана ушул
сыяктуулар, мага жакшылык алып келет деп элестеткенден кутулуңуз.»
- «Укмуш экен, - деп оозун ачты, тигил киши таң калганын жашырбай. - Анан
ушундай кылсам эле чыныгы акылман боломбу?»
- «Жок, - деди суфий. - Бирок, сиз мурда туура деп жасап жүргөндөрүңүзгө
салыштырганда, бир аз жылыш болот...»
21. ХАНДЫН УУЛУ АРГЫМАК - ХАН
Илгери-илгери атактуу хан жашаган экен жана анын уч сулуу кызы болуптур.
Биринчисинин аты - Силькен, экинчиси - Перл, ал эми эң кенжесинин аты Зефира эле.
Бир жолу хан өзүнүн кыздарын чакырды да, мындай деди:
- «Кыздарым, мага кулаксалгыла. Силерди күйөөгө узата турган да мезгил
келип жетти. Эң улууң - ордо акынына турмушка чыгасың, ал ошондой эле
атактуу баатыр. Ортончуң - менин туу кайтаргычыма чыгасың, ал да кайра
тартпас эр жүрөк. Ап эми үчүнчүңөрдү болсо..., мейли бул жөнүндө маселеге
кийинчерээк кайрылабыз.
Ошентип, белгиленген убакыт да жетип, эки улуу кызын күйөөгө узатты.
Алардын тойу эки жолу тең кырк күн, кырк түнгө созулду. Тойдо баары болду;
дастаркон жайнаган тамактын түрлөрү, оюн- зоок, ыр-бий, белек-бечкек, айтор,
болуп көрбөгөндөй.
Той бүткөн соң хан өзүнүн жакын вазирине кайрылып, мындай деди:
- «Мен чынын айтсам куру бака-шакадан аябай чарчадым. Чамасы мага
аңчылыкка чыгып эс алуу зарыл деп ойлойм.»
Анан алар ошол эле күнү көптөгөн жан жөкөрлөрдүн коштоосунда аңчылыкка
жөнөштү да, кечке жуук бийик дөңдүн чокусунда жайгашкан, эски сепилге келип
жетишти.
- «Ушул жерге биз түнкү өргүү жасайбыз,» - деди хан. Анан ал жаңы эле эс
алмакчы болуп жатканда, кайдан-жайдан экени белги- сиз, чоңдугу мунара
сыяктуу дөө пайда болду.
- «Сага жакшылык каалайм!» - деп кобурады хан.
- «Бактың бар экен, эмнеге сен мага жакшылык кааладың? Болбосо мен
сени тирүүлөй жеп коймокмун!» - каарданды дөө. Хан суроо узатты:
- «Мен сен үчүн кандай жакшылык кыла алам?»
- «Жок, жок, азыр мага эчким, эч кандай жакшылык кыла албайт, - деди дөө,
- Себеби, мени кудум сен жаткан жердин түбүндөгү чоң кудукка дуба менен
байлап коюшкан. Ал жерден чыгууга болсо эл жаткандан кийин гана уруксат
берилген. Ошондуктан кол салып жейин десем эч кандай тирүү жандык табылчу
эмес. »
- «Мен буга абдан кубанычтамын, - деди хан. - Бирок, мына ушундай
керемет мүмкүнчүлүк менен, элдерди «жан алгычтан» сак- тап жүргөн кандай
адам болду экен? Мындай иш Дауттун уулу Сулайман пайгамбардын колунан
келчү эле. Антейин десең, анын да бул жарыкчылыкта жашабай калганына көп
заман болду. »
- «Сен улуу кыздарыңды күйөөгө узатып той кылып жатканда, сага салам
айтып кыйкырган кыска бойлуу дервиш эсиңдеби? - деп сурады дөө, - Мени
дубалап байлаган мына ошол болчу.»
«Баягы дервишпи?! - хан чочуганын жашырбай катуу кыйкырды. - Бирок, мен
анын көрсөтмөлөрүнүн бирин жасабасам да, мага эч зыян кылбады эле го?»
- «Сенде дагы бир мүмкүнчүлүк бар экен, - деди дөө, - Себеби, ал ар дайым
эки жолу кайрылат. Мага да өзүңдүн жаман адаттарыңдан баш тарт деп, эки
жолу буйрук берген. Бирок мен анын кандайдыр бир керемет күчкө ээ экенине
ишенген эмесмин.» Булардын баарын айтып бүткөн соң, дөө оор үшкүрүнүп
алды да: - Эми мен өзүмдүн кудугума кайра кетишим керек - деп, заматта
жердин алдына сиңип кетти.
Эртеси эртең менен хан, күн чыга электе ойгонуп, шашылыш ордосуна
кайтып келди. Ал жаңы эле кабыл алуучу залдагы такты- сына отуруп,
жыйындын башталышы жөнүндө жар чакыртып жат- канда, күтүүсүз бет
маңдайында баягы дервиш пайда болду.
- «Хан! - деди ал. - Мен сага белек алып келдим. Сен өзүңдүн улуу
кыздарыңды өтө эле шашылыш күйөөгө узаттың. Күйөөлөрү белгилүү адамдар
экенине макулмун дечи, бирок, баардык иш дервиштер менен кеңешилбей
жасалганын мойнуңа ал. »
- «Туура, - деди хан. - Ал үчүн мени кечирип коюшуңду суранам.»
- «Макул, сенде дагы бир мүмкүнчүлүк бар. Бирок, бул жолу шарт аябай эле
оор. Мына бул менин жетегимдеги аргымакты алгын да, ага өз кенже кызыңды
күйөөгө бер!»
Хан өзүнүн уккан кулагына ишене алган жок, ошентсе да буйрукту эки кылбай
аткарууну чечти. Көп өтпөй ал кенже кызын атканага жаша деп жөнөттү. Зефира
атканага кирээри менен, ал жер бүт шарты бар, жашоого ыңгайлуу сарайга
айланып калды. Көрсө, жанагы аргымак сыйкыр менен дубаланган өтө
сымбаттуу жаш жигит экен. Дубанын шарты боюнча, эгер анын жанында сулуу
кыз отурса гана, ал адамга айлана алмак.
- «Чындыгында мен -ханмын, хандын уулумун, - деп түшүндүрдү ат кызга. Мен бул жерде, ишеничти актоого татыктуу болууну - окуп, үйрөнүп жатам. Аны
мына ушундай гана ыкма менен окутса болот. Ошон үчүн эсиңден чыгарба; сени
эмне деп гана азгырышпасын, сен эч убакта, менин адам экенимди ачпоого
тийишсиң!»
Зефира ант берди. Элдин арасында «Зефираны атка күйөөгө бериптир», же
«кандайдыр бир кулга тийиптир» деген имиштер тараса да, ал сыр берген жок.
Ошентип, хан жыл сайын өткөрүүчү, күч сынашуу майрамы баш- тала турган
күн да келип жетти. Анда мен кыйынмын деген баатырлар өздөрүнүн жоокердик
өнөрлөрүн көрсөтүшө турган. Хандын улуу кыздары Перл менен Силькен,
күйөөлөрүнө аябай сыймыктануу менен карап жатышты. Күйөөлөр болсо,
өздөрүнүн «эң мыкты баатыр» деген наамдарын коргош үчүн, толук
жоо-жарагын байланып жекеге чыгышты.
- «Сиңдим, биз сенин күйөөң жөнүндө бир имиштерди уктук, - дешти алар
Зефирага, - Мейли, азыр мистикалык теманы сүйлөшө турган учур эмес, андан
көрө кармаштын эң мыкты деген чеберлерине суктанып, жигиттердин эрдигине
көңүл буралы. »
Кармаштан-кармаш, чабыштан-чабыш кызыган сайын, «ордо акыны» менен
«туу кайтаргыч» өздөрүнүн атаандаштарын артка калтырып баратышты.
Ураан менен сүрөөндөр болсо, бул башы Гераттан аягы Бадах- шанга чейин
угулуп турду. Жаалардын ышкырыгын, найзалардын түрсүлдөгүн, кылычтардын
шакылдагын - такалардын такылдагы менен үзөнгүлөрдүн шыңгыры коштоп,
калаа калабага түштү. Хандын күйөө балдары болсо, бүтүндөй улуу тоолуу
Азиядан келишкен нечендеген баатырларды улам жеңип алып жатышты.
Ошентип, бир кармаштан кийин экинчи кармаш уланган сыяктуу эле, бир
кыйкырыктан экинчиси күч алып, биринчи кол чабуудан экинчиси бийик- теп,
айтор жапырт бир дем менен толкунданган маанай күчөй берди. Зефира болсо
улам: «Менин күйөөм - хан, хандын уулу, эгер кааласа жекеге чыгып баардык
атаандаштарын жеңе алат» - деп, эжелерине мактангысы келет. Антейин десе,
күйөөсүнө ант берген.
Таймаш баш аягы үч күнгө созулмак эле. Экинчи күнү кечинде Аргымак хан
колуктусуна мындай деди:
- «Ханышам, эртең мен жекеге чыгам. Албетте, сен менин эрдигимди
көрүүнү аябай каалайсың, аны туюп турам. Буйурса, эрдигимди да эртең
көрөсүң. Бирок алдын-ала эскерте кетүүчү өтө зарыл нерсе бар, бул экөөбүз
үчүн тең эң бир оор сыноо болот. Эсиңде болсун, канчалык сени азгырышпасын,
мен сенин күйөөң экенимди эч кимге айтпа. Сактыка кордук жок дейт, мына бул
аргымактын үч тал кылын сага калтырам. Эгер мен аябай эле керек болсом,
алардын бирөөсүн күйгүзөсүң. Унутпа, болгону- үч эле тал кыл бар!»
Эртеси эртең менен жарчылар жар чакырып, мөөрөйгө жакын- дап калышкан
баатырлардын аттарын атай баштады. Аңгыча эл- дин ортосуна, темир тулга
кийип - жүзүн жапкан, минген атына кий- ген сооту жарашкан, табышмактуу бир
баатыр чыга келди. Зефира
аны көрүп эле, аргымактын элесинен улам күйөөсү экенин жазбай тааныды.
Ошентип, Аргымак хан бир эле учурда өзүнүн эки бажасы менен тең
кармашка түшүп, ээрге ыкчам отургандыктан найзасын да, кылычын да,
айбалтасын да ойнотуп жатты. Арадан бир нече убакыт өтпөй, эки бажасы тең
жеңилип, аттарынан кулады. Зефиранын эжелери болсо, жеңилүүнүн ызасынан
улам чыккан көз жаштарына карабастан, табышмактуу чабандестин ким экенин
билсек деп, ич- тери күйө баштады.
Аргымак хан кармашты токтотпой, улам мөөрөйгө чыккандарды кезеги менен
жеңип, ал эмес айрым учурда өзү жалгыз топту жара баштады. Буга кубанган
Зефиранын акыры аягында чыдамы түгөндү да, жанында отурган атасына
мындай деди:
- «Ата, бул деген - хан, хандын уулу, менин күйөөм болот. Мага ал жөн эле
атка кубулуп алып үйлөнгөн. Азырынча биздин эркибизди сынаш үчүн, аны
аттүрүнө айлантып, сыйкырлап койгон.»
Хан бул атты дервиш бергенин эстеди да, кейий баштады:
- «Кызым, бул аябай коркунучтуу иш. Сен сыноону көтөрө ал- бай сөзүңдөн
жаңылыштың. Мен сен үчүн да, үй бүлөбүз үчүн да аябай чочулап жатам.
Чынында биз сени начар тарбиялаган экен- биз. Анткени мына ушундай оор
сыноодо анын баары ачыка чыгып калды.»
Хан ушул сөздөрдү айтып бүткүчө болбой, Аргымак кармаш талаасынан
күтүүсүз чыгып кетти. Буга анчейин түшүнө бербеген Зефира, кечинде үйүнө
келсе, күйөөсүнөн болгону алакандай кат калган экен жана анда минтип
жазылыптыр:
- «Кармаш учурунда денем шалдырай баштаган соң, сен ким- дир бирөөгө
менин сырымды айтып бергениңе түшүндүм. Ошондук- тан да, тезирээк
кармашты токтотууга аргасыз болдум. Кечирип кой, чамасы биз эми эч качан
көрүшө албайбыз!»
Зефира бир нече саат ыйлап отурду да, күтүүсүздөн баягы Аргымак берген
үч тал кылды эстеди. Алардын бирин күйгүздү эле, көз ачып жумганча анын
алдында дөө пайда болду. Чынында бул дөөнү атасы аңчылыка барганда
жолуктурган эле.
- «Мен сени чакырган жокмун», - деди Зефира.
«Чамасы сен бул кылды күйгүзөөрдө, аябай эле жаман нерселерди ойлонсоң
керек, - деди дөө, - Анткени бул кылдар сенин ойуңа жараша гана иш алып
барат. »
- «Анда мен сенден кантип кутулсам болот?»
- «Бир гана баягы дервишти чакырып.»
Ошентип, Зефира дервишти чакырыш үчүн экинчи кылды күйгүздү. Көз
ирмемдин аралыгында дервиш пайда болуп, дөөнү өзү менен кошо жер алдына
алып кирип кетти. Анан Зефира өзүнүн бардык ой кыялын топтоп, күйөөм
кайрылып келсин деп кудайдан тилеп, чын ниети менен үчүнчү кылды күйгүздү
эле, заматта Аргымак хан пайда болуп, мындай деди:
- «Бүттү! Эми эч нерсе кылууга мүмкүн эмес. Мындан ары мен ат болбойм,
адам болом Болгондо да, хандын уулу - хан болом! Биз экөөбүз, эми өмүр
аягына чейин бактылуу жашайбыз. Бирок, эч убакта эсиңден чыгарба; Эгерде
сен үч тал кылды экөөбүздүн бактыбыз үчүн гана жумшабай, башка
кызыкчылыгың үчүн жумшаганыңда, анда анын пайдасын башкалар да
көрмөк!..»
22. ЖАШЖАНАКАРЫ
Он жылдын аралыгында өзүм күбө болгон эки кагылыштуу окуя, мага
төмөнкү нерсени түшүнүүгө жардам берди; Көрсө, биз адамдар кандайдыр бир
нерсеге, көбүнчө бир тараптуу гана баа берет экенбиз.
Мен кызмат мөөнөтүмдү өтөп жүрүп, шейх Кака Анвардын кабыл алуусуна
катышып калдым жана анын көрсөтмөлөрүн мүмкүнчүлүгүм жетишинче аткарып
жүрдүм.
Бир жолу кырк жаштардагы кишинин келээри жөнүндө айтышып, аны
шакирттике кабыл алуу керектигин абдан сунушташты. Ошентип биз күткөн
киши келип, кенен кесири бир эки саат аңгемелешти да, Кака Анвардын
жоопторуна канааттанбагандыктан, мындай деди.
- «Мен окульттук, мистикалык, рухий, диний жана башка ушул сыяктуу
маселелерге келгенде, өтө тажырыйбалуу адаммын. Ал эмес көптөгөн атактуу
акылмандардын кабыл алуусунда да болдум. Бирок, негедир азыр биз сиз
менен такыр эле эки башка тилде сүйлөштүк. «Ак ниеттүүлүк-чындыктын
канынан жаралган» деп коюшат эмеспи, ачыгын айтсам сиз мен үчүн азырынча
аябай эле жаш экенсиз. Ошондуктан сизден мага пайда жок. »
Муну айткан соң, ал өз жолуна түштү. Кака Анвар да бул көрүнүшкө эч
кандай түшүндүрмө берген жок. Арадан он жыл өткөн соң гана, баягы киши
кайрадан Кака Анвардын үйүнө кайрылып келди Бул мезгилдин ичинде, ал
өзүнүн туюмуна ишенип, дагы канчалаган китептерди окуптур, акылмандар
жөнүндө толтура имиштерди чогултуптур, ар түрдүү агымдарга катышыптыр,
айтор кылбаганы калбаптыр.
Жазмыштын буйругу менен, мен да ошол күнү устаттын үйүндө элем.
- «Сиз менден эмнени каалап жатасыз?» - деп сурады Кака Анвар.
Тигил киши мындай деди. - «Бул үчүн өмүрүмдүн он жылын сарптасам да,
мен эми түшүндүм. Көрсө мен издеген киши бир гана сиз экенсиз, жана мен
сиздин гана артыңыздан ээрчишим керек экен!»
- «Айткандарыңызга кошулам, - деди Кака Анвар. - Бирок тилекке каршы,
сиз үчүн азыр орун жок! Арадан он жыл өттү, мына ошол мезгилде менин сизге
пайдам тиймек. А сиз анда, мени аябай жаш экен деп ойлодуңуз. Азыр болсо
сиз мен үчүн аябай карып калганыңызды көрүп турам. Сиз менин артымдан
эрчишиңиз керек эле, азыр ээрчий албайсыз, же мен сиз үчүн пайдасызмын.
Себеби, сиз мындан он жыл мурун туура деп эсептегендер - мына бүгүн туура,
тескерисинче, сиз бүгүн туура экен деп эсептегениңиз - мындан он жыл мурун
туура болчу!?..»
23. МААРА
Бир киши ким деген гана устаттарга барбасын, баары аны шакирттикке
татыксызсың деп табышты. Анан ал бүтпөгөн узак жол басып, ашуусу бийик
тоону ашып, тартпаган азапты тартып, акыры аска боорундагы жалгыз үңкүргө
келди. Анда бир дервиш жашачу жана анын «өтө зор сыйкырдуу күчкө ээ»
экенин көп угаар эле.
Ошентип, ал эптеп дервишке жетти да, ага мындай деди:
- «Мен бар болгону сизге кызмат кылууну гана каалайм. Анан сиз жыргалын
көрүп жаткан «Эң Улуу Аң Сезимден», бир азыраак тапсам жетет эле. Бул
дүйнөнүн бардык момун адамдары менен, сиз да, ошол жыргалдан бөлүшүүнү
кааласаңыз керек деп, терең ишенем!»
- «Көзүмө көрүнбөй тезирээк жогол!» - деп кыйкырды дервиш, жооп
бергендин ордуна.
Жолоочу алгач түшүнбөй да калды. Анан айласы жок, тоодон түшкөн жалгыз
аяк жол менен, кыбырап артына кайтты Качан гана ал түзгө түшүп артына
бурулса, дервиш ага кол булгап чакырып жатыптыр.
- «Түшүнүктүү, - деди ал өзүнө өзү, - Бул деген, шакирттике талапкерлердин
эркин текшериш үчүн колдонулчу, эң белгилүү сыноолордон тура.»
Чынында анын дарманы таптакыр калган эмес эле. Ошентсе да үзүлбөгөн
үмүт менен, асканын чокусун көздөй кайра тырмалап жөнөдү. Акыры аягында
эптеп үңкүргө жетти да, бир дем алганга жарабай, дервиштин бутуна сулк
жыгылды.
- «Дагы бир нерсени унутупмун, - деди дервиш, - Жанагы өзүңдүн «сынап
жатса керек» деген кеңкелес ойлоруң менен, мындан кийин бул тарапка кадам
таштайм деп да кыялданба!»
24. БАСЫП ЖҮРГӨН КИТЕП
Улуу Акыйкатка жетүүнү каалаган адамдардын тобунда, бир киши Шейх
Моджудиге каршы сүйлөп жатты Арасынан бирөө ага кошулбай турганын
билдирди: - «Менин байкашымча, сиз Моджудини такыр көрө элексиз, же такыр
сүйлөшүп көрө элексиз.»
- «Мен ал жөнүндө сиз ойлогондон да көбүрөөк билем, - деди нааразы
болгон неме. - Ага жолукмак тургай сүйлөшүп да көргөм Ап эмес, мага ал өтө
эле үстүртөн жана чектелген көрсөтмөлөрдү берүүгө аракет кылган. Чынында
мен анын бир да көрсөтмөсүнө баш ийеин деген оюм жок Тескерисинче, мен
анын тайыз экендигин далилдегим келет.»
Бул көрүнүш, ошол жерде катышып отургандардын баарына өзгөчө таасир
берди жана алар бул кишиден окуп-үйрөнөлү деген чечимге келишти. Анан
калса, баягы кишинин шейх Моджуди жөнүндөгү пикири баарынын жалпы
пикирине айланып кетти.
Бир жолу, алардын адаттагыдай дагы бир жыйналышына, жер кезип жүргөн
белгисиз дервиш катышып калды. Анан ал шейх Моджуди жөнүндөгү
пикирлерди угуп отурду да, баягы кишиден мындай деп сурады
- «Сиз мынчалык нааразы болгудай, Шейх сизге эмнени жеткирем деп
аракет кылды экен?»
- «Ал мага, «эгер сен менин эки шартыма көнсөң, мен сени окут- канга
макулмун» деп айтты. Биринчи шарты боюнча, мен эч убакта нааразы экенимди
билдирбөөгө тийиш элем жана бул тапшырманы аткаруудан баш тартпашым
керек экен. Ап эми экинчи шартында, мен анын уруксатысыз окууну таштайм
деп аракет кылбашым керек. Ошону менен катар, өз алдымча «Улуу
Акыйкатты» издөөгө да, бөлөк адамдарды окутканга да укуксуз элем.»
- «Ошол үчүн эле сиз аны таштадыңызбы?»
- «Ооба, ошон үчүн мен аны таштагам.»
- «Кантип сиз түшүнгөн жоксуз? - деп сурады дервиш, - Көрсө, Шейх сизди
бир эле өркүндөп өсүүчү каражаттар менен гана кам- сыз кылбастан, ошондой
эле ал, сиздин эң негизги мүнөздөрүңүздү да сүрөттөп берген тура. Айталы, бир
нерсеге тез нааразы болгон - алсыздыгыңызды, арыз муңга жакындыгыңызды,
аракет кылып да көрбөстөн бир нерседен тез баш тартаарыңызды, анан башка
жол издей баштаарыңызды, айтор, эң негизгиси - баамыңыздын жок экенин
айтыптыр. »
- «Мына сага! - деп, башын мыкчыды баягы киши, - Эмне үчүн мен
түшүнбөдүм? Эмнеге мен калып калбадым?! Эгер, Шейх менин кандай адам
экенимди билип турса, анан эмне мени эптеп көндүрүп алып калган жок? Жок
дегенде сиз азыр чечмелеп жетчиргендей кылып, түшүндүрсө деле болмок да?»
- «Кептин баары мына ошондо, - деп сөзүн улады дервиш, - Себеби, ар бир
кишиде ар дайым мүмкүнчүлүк болот. Ал сизди кан- тип сүрөттөп берсе, дал
ошондой учурду сиз өз көзүңүз менен көрөсүз. Качан гана көрмөйүнчө, сиз анын
өзүңүзгө берген мүнөздөмөсүнө гана пайда келтиресиз. Тагыраак айтканда, ага
нааразы экениңизди билдиресиз, ага каршы пикир айтасыз, ал жөнүндө ар
кандай сөз таратасыз, көрүнгөн агымга чабылып-чарпыласыз жана мына ушул
сыяктуу жолдордон чыкпайсыз. Эгер кимде-ким байкай алса, сиз, анын чыныгы
Даанышмандыгынын - бирден бир далилисиз! Ал эми сиздин жолдошторуңузга
окшогон баамы жоктор үчүн, сиз - «басып жүргөн китепсиз». Ап китепти мага
окшогон айрым жолоочулар гана көрүп калып, бардык жолдошторуңузга окуп
бериши мүмкүн.»
25. ООЗ АЧПООНУН МӨӨРҮ
«Качан гана адам, билимдин «Улуу Акыйкаттыгына» жетишкен- де, анын
эриндерине ооз ачпоонун мөөрү коюлат», - деген сөз бар. Бирок өзү бул
жөнүндө да айтпайт. Болгону ал, азаптын жолу аркылуу өзү башынан өткөрүп
жетишкен ийгилигине, башкалар да кыйынчылык аркылуу жетүүсүн каалайт.
Мына ушул жол менен окуусун улантсын дейт да, анын негизги себептери
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Чиркейдин салмагы - 4
  • Parts
  • Чиркейдин салмагы - 1
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 1946
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чиркейдин салмагы - 2
    Total number of words is 4112
    Total number of unique words is 1857
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    48.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чиркейдин салмагы - 3
    Total number of words is 4241
    Total number of unique words is 1858
    32.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чиркейдин салмагы - 4
    Total number of words is 4130
    Total number of unique words is 1946
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чиркейдин салмагы - 5
    Total number of words is 4098
    Total number of unique words is 1696
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    43.9 of words are in the 5000 most common words
    49.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чиркейдин салмагы - 6
    Total number of words is 2874
    Total number of unique words is 1368
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    46.9 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.