Latin

Чиркейдин салмагы - 5

Total number of words is 4098
Total number of unique words is 1696
32.3 of words are in the 2000 most common words
43.9 of words are in the 5000 most common words
49.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
- Сиз менин кызыгуумду кандырып, көксөөмдү суутам дедиңиз. Бирок
азыркы сөздөрүңүз менин кызыгуумду ого бетер тутантып жиберди. Айтыңызчы,
жанагы табууга мүмкүн болбогон эң акыркы кошулманын маңызы кандай экен?
- Кошулманын маңызы, - деди Искендер хан, - Менин жасаган магиялык иш
аракетимдин эң акыркы жыйынтыгында, кандайдыр бир слесарь өзүнөн-өзү
курмандыкка чалынмак...
34. ЧИРКЕЙДИН САЛМАГЫ,..
Кайсы бир өлкөдө жашаган белгилүү бир Суфий, жергиликтүү
окумуштуулардын кыжырына ушунчалык тийгендиктен, алар аны элге жаман
көрсөтүш үчүн, бири-бирине атаандашып аракет кыла башташты.
Окумуштуулардын бири анын түпкү тегине, ата-жотосуна асыла баштаса,
экинчиси - жазуу иштеринин сапатына, үчүнчүсү - накыл кептеринин көп
кайталанмалуулугуна. төртүнчүсү- унчукпай жүрүшүнө, бешинчиси - анын
аялдарына жабышты. Сөздүн кыс- касын айтканда, алар Суфийге өздөрүнүн
чөйрөсүндө адатка айланган ыкма менен мамиле кыла башташты.
Мына ушул сыяктуу бузукулуктарга карабастан, окуучулары суфийди
баштагыдай эле сыйлап, анын айтканын эки кылган жок. Шакирттердин берген
суроолору окумуштууларды кайрадан ойлонууга аргасыз кылып, алар эми
бузукулуктун башкача жолуна
өтүштү. Тагыраак айтканда, өздөрүнүн өкүлүн падышага жөнөтүп, минтип
билдиришти:
- «Улуу Урматтуум, баланча деген суфий, сиздин Улуу Касиетиңизге баш
ийген адамдардын акыл-эсин бузуп жатат. Ошондук- тан сиздин беделиңизге
коркунуч туула электе, ага кандайдыр бир чара көрүүңүздү абдан өтүнөөр
элек.»
Падыша аябай таң калды. «Силер деген акылдуу элеңер го, - деди ал, - Анан
кантип бир суфийге каршы чыга албайсыңар? Ал эмес мына ушул сыяктуу
маселенин устаты экениңерди да көрүп жүрөм.»
- «Улуу Урматтуум, биз колубуздан келишинче аракет кылдык, - дешти алар,
- Бирок ал такыр эле баш тартып, өзүнүн бедели жөнүндө да ойлоп коеюн
дебейт. Натыйжада, элдердин баары кадыр-барктын чыныгы маанисине да
каршы чыга баштады.»
- «Анан силер, мен аны азапка салып өлтүртүшүмдү каалай- сыңарбы?»
- «Жок-жок, мындай ыкманы айла кеткенде гана жасаса болот.»
- Биздин өлкөдө падышалардын кеңешчиси окумуштуулар болуп
эсептелгендиктен, - деди падыша (өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн буга окшогон
беделдүү келесоолорду да колдон чыгарбаш керектигин ойлоп), - мага кеңеш
бергиле, анан мен кандай гана туура план болбосун, заматта ишке ашырам!»
- «Ап үчүн анын келесоо экендигин далилдеш керек, ошондо гана элдердин
ага кыжыры келе баштайт», - деди окумуштуулардын эң кыйыны.
- «Аны кантип жасаса болот?»
Баягы окумуштуу токтоосуз оюн айтты: - «Кандайдыр бир чечүүгө мүмкүн
болбогон тапшырманы аткар деп, суфийди бул жерге чакыруу керек. Ошондо
гана биз анын:«Суфийлер чектөөлөргө баш ийбей жашайт» деген пикирин
аныктайбыз.
Кудайдын буйругу менен, Суфий ордонун жанынан өтүп бара- тып, вазирдин
кыйкырыгын угуп калды:
- «Улуу Урматтуу падышабыздын жардыгын уккула: Эгер кайсы бир суфий,
окумуштуулардын күчү жетпей жаткан оор тапшырманы аткарып берсе, мен да
суфийлердин жолуна түшүүгө даярмын деп жатат.»
Муну угаары менен Суфий токтоосуз ордого кирип барды эле, падыша ага
мындай деди: - «Суфий, миң уккандан бир көргөн артык дейт. Бул мелдештин
салмагы чиркейдикиндей болгону менен, натыйжасы пилдин салмагынан да оор
болот. Эмесе, менин шартыма даярсыңбы?»
- Албетте, - деди суфий.
- «Азыр кычыраган кыштын ортосу. Тункүсун болсо чыдай алгыс суук. Мен
сизге мына бул сепилдин чатырына чыгып, түнү бою жылаңач отурууну
сунуштайм. Эгер эртең мененкиге чейин тоңбой, тирүү калсаңыз, мен сиздин,
окумуштууларда да жок керемет мүмкүнчүлүккө ээ экениңизди мойнума алам.»
Суфий ойлонуп да койбостон макул болду.
Эртеси эртең менен сепилдин түбүнө аябагандай көп эл чогулду. Алар
суфийдин сыноого чыдаганын же чыдабай калганын көрүүгө куштар эле.
Ошентип күн чыгаары менен, алар суфийди тирүү гана көрмөк тургай, анын
тердеп-бууланып жатканына да күбө болушту. Көрсө ал, сепилге орнотулган
түркүктүн бирин жулуп алып. аны сепилдин бир башынан экинчи башына
көтөрүп, машыгып жат- кан экен. Качан гана аны желдеттердин коштоосу менен
алып түшүшкөндө, элдердин кубанычтан чыккан кыйкырыгы бүткүл кала- аны
жаңырта баштады.
- «Мен өз колум менен баатыр жасап бердим, а силер - Улуу урматтуу
окумуштуулар, мени шылдыңга калтырдыңар! - деп кый- кырды падыша өзүнүн
кеңешчилерине. - Эгер мен ага тийбей тек койгонумда, жок дегенде ал мени
тактан кулатуу жөнүндө ойлонмок эмес. Эми мен атайын бир иш чара ойлоп
таап, элдин көзүнө акыл- дуу, же бир нерсеге татыктуу катары көрүнүшүм
керек.»
Ушинткен соң, падыша чогулган элдин кыйкырыгына кулагын төшөп, анан
аргасыз тырмагын тиштеп отуруп калды. Аңгыча Суфий кирип келди да,
күтүүсүз мындай деди: «Улуу Урматтуум, жүрүңүз, экөөбүз чогуу сепилдин
үстүнө чыгалы.»
Аргасы түгөнгөн падыша суфийди ээрчип жөнөдү. Чынында ал жерден элдин
баары буларды көрөрүн жана даана угаарын жакшы билчү.
- «Карапайым калкым, - деп кыйкырды Суфий, - Өзүңөрдүн сүйүктүү жана
акылман падышаңарга тигилгилечи. Ал, адатта окумуштуулар ар кандай айла
амал менен атак-даңкка жетишсе да, акыйкатта акыл-эстери чектелүү экендигин
бүткүл дүйнөгө далил- деш үчүн, мени оор сыноого салды. Бул сыноо мага
жасалгандай көрүнгөнү менен, чын-чынында окумуштууларга жасалды. Анан
калса, кычыраган сууктун түнүн сепилде тосуп бер деп суранып, менин чыныгы
суфий экенимди да аларга далилдеп берди. Окумуштуулар бир гана акыл
көнүгүүлөрү менен чектелгендигин, мен физикалык көнүгүүлөр аркылуу
аныктап, силердин суроолоруңарга да жооп бердим деп ойлойм.»
Качан гана алар экөө жалгыз калганда, падыша суфийге мындай деди:
- «Эмне үчүн сиз мени коргоп чыктыңыз, мен болсо сизди шылдыңдоого
аракет кылбадым беле?»
- «Анткени сиз, Улуу Урматтуум, - деди Суфий, - Мени шылдыңдоого
жасаган аракетиңизди кошпогондо, эч кандай жамандык кылган жоксуз. Болгону
сизди кеңешчилериңиз гана көкүттү. Эгер мен сизди элдин көзүнчө
шылдыңдасам, сиз мындан ары падыша болбой калмаксыз. Бирок, качандыр
бир падыша болгон дубанага караганда, турмуштан сабак алган падыша - он
эсе пайдалуу!»
- «Ошентсе да, сиз мени, окумуштуулардын чыныгы жүзүн көрсөтөйүн деген
- деп, калп айтып койбодуңузбу?» - деп сурады падыша.
- «Мен чындыкты эле айттым, болгону айтылаар убагынан бир аз алдыга
озуп кеттим. Бүгүндөн баштап сиз, коомубузду ошондой адамдардан тазалай
баштаарыңызга толук ишенем! Ал үчүн сиз колдоно турган, эң сонун
ыкмалардын бири төмөнкүдөй: - «Бул мелдештин салмагы чиркейдикиндей
болгону менен, натыйжасы пил- дин салмагынан да оор болот!»
35. АСМАН АЗЫГЫ
Качандыр бир мезгилде «Акыйкат» издөөгө баш отун байлаган киши жашайт.
Ал өз максатына жетем деп ушунчалык ишенгендиктен, бирде кудайдан
«Акыйкатка» жеткирүүнү сурап, бирде ал жөнүндө кандайдыр бир маалымат
кездешкен окууларды ээрчип, айтор убактысын түрдүүчө коротуп жашачу. Ал
эмес «Акый- кат» дегенде ак эткенден так этип жүрүп, өзүнүн ой жүгүртүү
жөндөмүн өнүктүрүүгө да аракет кылбады. Мындан сырткары бир дагы устаттын
колунда көпкө чыдап, бир нерсе үйрөнө алган жок. Себеби ага биринен - бири
кызык көрүнгөндүктөн, заматта башкага ооп кетчү.
Бир жолу ал Стамбулдун көчөлөрүндө эс алып жүрүп, кандай- дыр бир
жалтылдаган кийимчен кишинин мечитке кирип кеткенин көрүп калды. «Мындай
киши кызыр болушу мүмкүн, ошондуктан анын этегине тооп кылып, тилегениңди
сураш керек», - деген сөздү эстеди да, дароо артынан кирип, катарга тизилип
турган кызырды таап алды. Анан анын колунан кыса кармады да, мындай деди:
- «Оо, касиеттүү Кызыр ата, мени «Акыйкатка» жеткизүүңүздү суранам!»
Кызыр болсо ага акырын бурулуп: - «Уулум, сен азыр Акыйкатты табууга
даяр эмессиң! - деп жооп берди. Бирок тигил киши көшөрүп, айтканынан
кайтпагандыктан, Кызыр аргасыз мындай деп билдирди:
- «Сен менин колумду кое бербей жатканыңа байланыштуу, мен сага
«Акыйкатка» жетүүчү жолду көрсөтөм. Балким, качандыр бир сенин башыңан
өткөргөн окуялардан улам, адам уулу сабак алаар. Бирок сенин тагдырың
өзүңдүн гана колуңда болоорун унутпа!»
Анан Кызыр аны кандайдыр бир үйгө алып келди. Экөө бир бөлмөгө кирип,
бир нече убакыт сүкүт чалып отурушкан соң, бир кезде Кызыр аны ак калпак
кийген табышмактуу кишиге жолуктурду. Анан алар кандайдыр бир кереметтүү
кайыкка отурушту да, ой-кыялга келбеген чексиздикти көздөй сүзүп жөнөштү.
Айтор, эч кандай жазууда кездешпеген жерлерде болушту, адам уулу
кыялданып да жетпеген нерселерди көрүштү, кыскасы, кереметтин баары бул
жер- де чындык экен.
Бир күнү баягы киши Жетекчиге мындай деди:
- «Мен өзүмдүн тууган-уругумду көргүм келип жатат. Анан калса мен сапарга
чыккандан бери адамдардын жүрүм-туруму кандай өзгөрдү экен?»
- «Менин жердеги өкүлүм - Касиеттүү Кызыр, - деди Жетекчи, - Сен
«Акыйкатка жетүүгө даяр эмессиң деп, сага жакшы эле эскерткен! Мына азыр
сен ошондой абалда турасың. Тагыраак айт- канда, убактылуу нерсе менен
түбөлүктүү нерсенин айырмасына баары бир түшүнбөөрүңө, өзүңдүн да көзүң
жетти. Эгер сен кайра- дан жерге кайрылсаң, анда сен көргөндүн бири да жок
болгон. »
- «Эмне жөнүндө айтып жатасыз?» -деп сурады баягы киши, - Мен өз
жеримден келгениме болгону бир нече эле ай болбодубу? Анан кантип эле
кыска убакыттын ичинде баары өзгөрүп кетсин? Же чындап эле өз үй-бүлөмдү
кайрадан көрбөймүнбү?»
- «Ага өзүң күбө бол. Эскерте кетчү нерсе, мындан ары сен эч убакта бизге
кайрылып келе албайсың. Акыйкатты сен таап алдың, бирок анын да эми сага
кереги жок. Балким сенин бул ийгилигиңди угуп, кимдир бирөөлөр кайталаганга
аракет кылаар. Ошонун өзү качандыр бир сага пайда келтирет...»
Мына ушундай табышмактуу сөздөрдөн кийин, жанагы киши «Асман
Азыгын» берди да, минтип кошумчалады: - «Качан гана сенин эч кандай
мүмкүнчүлүгүң калбай калганда, ушуну же!» Анан ал жардамчыларына,
саякатчыны өз мекенине жеткиргиле деп буйруду.
Ошентип ал өз мекенине келсе, арадан бир нече кылым өткөн экен. Үйүнүн
дайын-оту жок, ал эмес жергиликтүү эл да анын сөзүнө такыр түшүнбөй
калыптыр. Көпчүлүктүн баары ага үймөлөктөп калды эле, тигил өзүнүн
тарых-таржымалын саймедиреп кирди. «Бул - касиеттүүмүн деген келесоо, же көктөн түшкөн келгин» - деп чечишти элдер. Өзү болсо, арадан миң жыл өтсө да
жапжаш экенине таң калды. Айтор, өзүнө-өзү ишенбей жатып, баягы «Асман
Азыгын» жеди эле, заматта карый баштады. Көп өтпөй карылыктан улам көз
жумуптур.
Учурда мына ушул окуяны унутпай эстеп жүргөн, саналуу эле адамдар
калды. Бирок алар да муну уламыш катары элестетишет...
36. ЛАТИФ ЖАНА САРАҢДЫН АЛТЫНЫ
Илгери-илгери жеткен сараң жашачу. Анын сараңдыгы ушунчалык чегинен
ашкандыктан, ал сапар тартаарда эч ким анын алтынын кайтарып берчү эмес.
Болгону бир эси жок аял, сараңдын көп төлөйм деген куру убадасына ишенип,
дайым алтынын коруп калчу.
Бул тууралуу Латиф ууру да угуп калды. Анан ал түз эле сараңдын үйүнө
келип, бир куржун алтынды көтөрүп жөнөдү. Муну көрө калган баягы аял,
кыйкырып жиберди:
- «Алтынды алгыдай сен кимсиң?»
- «Мен деген Латиф-уурумун, айтаар сөзүң болсо ачык айтып кал!»
- «Балким мен да келесоодурмун, бирок сен бул дүйнөдөгү эң жеткен
келесоо экенсиң! Сен чак түштө келип, каратып туруп алтынга кол салганың аз
келгенсип, өзүңдүн атыңды да айтып салба- дыңбы?»
Кантсе да Латиф баарын алдын ала ойлонуштуруп койгондук- тан, мындай
деди:
- «Сиз деген Латиф - ууруну болоор-болбос алтын алганы үчүн сатып
жибербейсиз да, туурабы?»
- «Сен мени минтип алдай албашыңды жакшы билесиң. Мен да өзүмдүн
милдетимди жакшы билем. Ошондуктан алтынды сени алды деп сотко
далилдеп бере алам» - деди аял.
- «Бийкеч, эгер ошондой кылсаңыз, - деди Латиф, - жакшылыгыма
жамандык кылган болосуз. Болбосо мен сизге сокур болуудан кутулуунун жолун
айтпай коем.»
- «Сокур болуу жөнүндө деп, эмне дегиң бар?» - аял чычалай түштү.
- «Эмне сиз терезенин сыртында «сокур жамгыр» жаап жатканын көргөн
жоксузбу? - деп сурады Латиф. - Эмесе мындай, эгер сиз колуңуз менен
көзүңүздү жаап, отузга чейин санабасаңыз, сокур болуп каласыз. Албетте, сиз
«сокур жамгыр» деген эмне экенин уккандырсыз. Мына бүгүн чыныгы сокур
жамгыр жаап жатат. Мен ушул багытта адис болгондугума байланыштуу, сизге
чындыкты айтып бердим. Бүгүнкүдөй «сокур жамгыр» дайыма эле жаай
бербейт. Себеби, мен аба-ырайына карабай уурлук кылгандыктан, баарын
билем.
- «Сага чоң ырахмат! Чынын айтсам абдан ыраазымын. Бирок милдет деген
- милдет. Эгер уурдап эле кетсең, качан, кантип, ким алганын айтууга туура
келет» - деди келесоо аял. Анан ал колу менен көзүн бекитип, отузга чейин
санай баштады. Бул учурдан пайдаланган Латиф, алтынды көтөрүп кетти.
Сараң бай үйүнө келген соң, алтындын жоголгонун угуп катуу кайгырды.
Өзгөчө аны Латифтин каратып туруп, чак түштө көтөрүп кеткени ардантты.
Болгон окуяны падышанын күзөтчүлөрүнө билдирди эле, алар Латиф ууруну
тезинен таап келишти. Бирок ал, буга чейин эле алтындарды табылгыс жайга
бекитип койгон болчу.
Ошентип Латифтин иши сотко ашты. Баягы алтынды кайтарган аял, ушул
алды деп күбөгө турду. Качан гана Латифтин кезеги кел- генде, ал сотко мындай
деп кайрылды:
- «Урматтуум, биринчиден, бул аял мени «үйгө түз кирип, өзүнүн атын айтып
анан алтынды алып кетти» деп жатат. Бирок өзүңүз деле ойлоп көрүңүзчү,
кайсыл келесоо ууру өзүнүн атын ачык айтып кетсин? Экинчиден, эгер уруксат
берсеңиз мен бул аялга суроо берип көрсөм дедим эле.»
- «Абдан жакшы, - деди сот, - сурай бериңиз.
Анан Латиф аялга кайрылды: - «Бийкеч, анан мен ал алтындарды кайсыл
күнү алдым эле?»
- «Эмне эсиңден чыгып калдыбы, ошол кечте «сокур жамгыр» жаап жатпады
беле?» -деди аял.
Латиф суроосун улантты: - «Сиз «сокур жамгыр» деген эмне экенин сотко
түшүндүрүп бере аласызбы? Балким бул жерде отургандар ал жөнүндө билбейт
чыгаар.»
- «Албетте, -деди аял, - Ал жамгырды бизде «сокур» деп кою- шат. Эгер ал
жаап жаткан учурда, көзүңдү колуң менен бекитип, отузга чейин санабасаң, ал
чындап эле адамдарды сокур кылып коюшу мүмкүн.»
Ошондо гана Латиф сотко кайрылды: - «Урматтуум, мына азыр эле өзүңүз
күбө болгондой, мунун көрсөтмөлөрүнө таянууга мүмкүн эмес. Бул аялдын
«сокур жамгырга» туш болгонуна ишенбеген сыяктуу эле, менин уурдап
жатканымды көргөнүнөн да шегим бар»
Жыйынтыгында ал, соттон утуп алды.
Эмне дейбиз, арабызда кээ бир адамдар бар. Алар кимдир бирөө бир жолу
ишеничтен чыкса эле, ага өмүр бою ишенүүгө болбойт деп чечишет.
Ишенесиздерби же жокпу өзүңүздөр билиңиздер бирок мындай сонун идея
жогорудагы окуядан улам негизделген Ошондуктан, адамзаттын өнүгүүсүнө зор
салым кошкон катары Латиф - ууру да тарыхтан өз ордун табат. Ал бизди мына
бул нерселерге үйрөттү: «Эгер адам чындыкка коошпогон кандайдыр бир
нерсени айтса эле, анда анын калган сөздөрү да сөзсүз чындыктан алыс деп
ойлошот.»
Турмушта ушундай экенин биз баарыбыз билебиз. Же жалганбы?
Албетте, бүгүнкү турмуштун жалпы деңгээлине көз жүгүртсөк анда окуяларга
түшүнүү маданиятыбыз бир кыйла өстү. Азыр эчким келесоолорго
жогорудагыдай кылып, милдеттүү иш жүктөбөйт. Эгер ал түшүнүүгө даяр эмес
болсо, аны окутуунун зарылдыгы жок экенин да жакшы билебиз. Мунун баары
биздин акыл-эсибиздин ийгилиги. А бирок АЛТЫН маселесине келгендечи?
Чынында, айрым бир пикир келишпеген жагдайларды көрүп дагы да болсо
адам уулуна чоң көйөгөй көрсөтөбү деп корком...
37. КАЛПТЫН ДА ЧЫНДЫГЫ БАР
Бир жолу Алим-эпчил Латиф ууру менен бирге сапарга аттанды. Алар өтө
ылдам жүрүп отурушуп, бир нече күндөн кийин кандайдыр бир кыштакка
келишти.
- Латиф-баба, сизди элдер чыдамсыздык менен күтүп жатышат, - дешти
жергиликтүү тургундар.
Ошентип Латифти аябагандай зор урмат менен тосуп алышып, экөөнү бир
үйгө жайгаштырышты. Латиф акең болсо, заматта өзүн күтүп жаткан адамдарды
кабыл алууга киришти. Аларды бир-бирден киргизген сайын, Алим да жөн
турбай Латифтин кандайча арыз-арман угаарына байкоо жүргүзүп турду.
Бирөөлөргө акча керекэкен, экинчисине-иш, үчүнчүлөрү артисттер имиш,
төртүнчүлөрү өздөрүнүн жаңы идеаларын ишке ашыра албай жатса,
бешинчиси- өзгөчө кыйын кырдаалда кереги тийе турган тажырыйбалуу врач
издеп жүрүптүр.
Латиф болсо алардын ар бирине кат жазып берип жатты. Каттардын дареги
да ар кандай адамдарга багышталган эле. Айталы: падышага, ханзаадага,
белгилүү бийге, тажырыйбалуу ишкерге, шаар башчысына, соодагерге, байга,
молдого жана башка ондогон-жүздөгөн адамдарга жөнөтүлдү. Кыскасы, кат
жолдонгондордун ичинде өзгөчө кызмат ээлеген атактуулардан баштап,
жөнөкөй кызматчыларга чейин бар эле. Ошентип, алардын баарын кабыл алып
бүткүчө арадан бир жума өттү. Анан жергиликтүү тургундар: «Улуу касиеттүү
Латиф-баба, тартуулар сизди күтүп жатат», - дешти да, экөөнү ар кандай буюм
сакталган кампага ээрчитип келди. Анын ичинде жибек менен атластар, кымбат
баалуу кийимдер, алтын ак- чалар, табылгыс кол өнөрчүлүктөр мындан
сырткары түрдүү тамак- -аш, таттуу шербеттер, жоо-жарактар, айтор, эмнени
элестетүүгө мүмкүн болсо ошонун баары бар экен.
Латиф кампанын ачылышын күтүп жаткан элдерди чакырды да, алардын
ал-акыбалын сурап, өздөрү каалаган буюмун тартуулап жатты. Бул көрүнүш бир
жумага созулуп, кампада эч нерсе калбай калгыча уланды. Качан гана ушул
иштер бүткөн соң:»Мына эми биз, өзүбүздүн баштагы жашообузга кайтабыз!»
деди Латиф Алимге. Анан экөө жолдо кайтып келатканда Алим суроо узатты:
«Досум Латиф, биз өткөн эки жумада жасаган иш аракетибиз- дин маңызы
эмнеде? Мен болсо канчалык аракет кылсам да түшүнө албай койдум. »
Латиф каткырып жиберди:-»Буга чейин эмне болгонун билбесең кантип
түшүнмөк элең. Демек аракет кылуунун да кажети жок. » Бирок Апим, эмне үчүн
жана кантип касиеттүү Баба болуп калганыңды айтып бер деп, катуу
сурангандыктан, Латиф төмөнкүлөрдү баяндады:
- «Мындан көптөгөн жылдар илгери мен бир улуу устаттын колунда окуп
жүрсөм ал мага бүткүл дүйнөнү кыдырып чык деп жолдомо берди. Саякат
учурунда мен ар бир өлкөнүн өзгөчөлүгү, белгилүү адамдары, көйгөйлөрү,
муктаждыктары жана адат-салттары менен таанышып чыгууга тийиш элем.
Бул иш аракет менин жети жылдык убактымды алды. Качан гана сапарым
бүткөн соң, мен ошондо чогулткан билимдерди пайдалана билүүгө устат
болдум.
Сөзүм куру болбосун үчүн мисалга бир кишини алалы. Ал бир буттуу
адамдар үчүн жаңы олтургуч ойлоп тааптыр. Анан мен сапар тартып жүрүп,
«бир буттуулардын» өлкөсүнө барып калдым. Чамасы, эч ким бул өлкө жөнүндө
уга элек болуш керек. Бирок, мына ошолор гана жанагындай отургучтарды
сатып алып, ойлоп таабуучуну бай жана бактылуу кыла алышмак. Мен болсо
жанагы кишиге бир буттуларга жетуучү жолду гана айтып бердим.
Кээ бир адамдар билим алууну, дагы бири ооруудан сакайуну, экинчиси
эшекке жетүүнү, үчүнчүсү- өзүнүн туура эмес жолго түшүп баратканын сезип,
оңолууну каалагандарын айтышты. А мен болсо, алардын баарына компас
сыяктуу жол гана көрсөтүп койдум.
- «А тигил кампадагы буюмдардын мааниси эмнеде?» - деп сурады Апим.
- «Баса, жанагы мен жол көрсөткөн адамдар өздөрүнүн каалаган
максаттарына жетип, иштери жүрүшө баштаган соң, мени дагы унутпай
колдорунан келген белек-бечкегин жөнөтүп жатышты. А мен алардын бирин да
коротпой, бей-бечараларга бекер таратып бергениме өзүң күбө болдуң.»
Апим аябай таң калды. Көрсө ал Латиф жөнүндө жакшы билем дегени
менен, чынында эч нерсе билбейт экен. Айтор, ага эми гана түшүнүп, мындай
деп сурады:
- «Эмне үчүн сен биротоло жанагы кыштакта эле ыйык Баба болуп кала
бербедиң? Ошенкен күндө ууру атыкпайт элең да, туурабы?»
- Сага дагы бир жолу эскертүүнүн кажети бар беле, билбейм, -деп сөзүн
улантты Латиф:
- Бул дүйнөдөгү жашаган адамдар өздөрүн чынчылбыз деп сезишкени үчүн
гана, мени ууру дешет. Бирок алардын баарын чынчыл, мени калпычы деген
туура эмес.
Элдерге кантип жардам бериш керек экендигин билип туруп, бирок аны
жасабай, өзүнө сый-урматты гана каалаган ыйык Бабага караганда, элден
уурдалганды алып, кайра аны өзүнүн чыныгы ээси- не кайтарып берген УУРУ-он
эсе артыгыраак.»
38. АЛИМ-ЭПЧИЛ
Бул башы Бадахшандан Сарандибага чейин, тигил жагы Маракештен
Занзибарага чейин, бедуиндер менен кошилердин арасында, пальма өскөн
талааларда жана өспөгөн чөлдөрдө, айтор баардык жерде Алим-эпчилдин
даңкы ооздон-оозго түшпөй келет.
Бул дүйнөдө Султандардын ордосу жоюлбай турган соң, Алим- -эпчилдин
жоруктары да укумдан-тукумга айтыла берээр. Анткени кимде-ким Алим
жөнүндө сөз кылса, аны Гамаюн аттуу ыйык куш
- «Эмне сиз терезенин сыртында «сокур жамгыр» жаап жатканын көргөн
жоксузбу? - деп сурады Латиф. - Эмесе мындай, эгер сиз колуңуз менен
көзүңүздү жаап, отузга чейин санабасаңыз, сокур болуп каласыз. Албетте, сиз
«сокур жамгыр» деген эмне экенин уккандырсыз. Мына бүгүн чыныгы сокур
жамгыр жаап жатат. Мен ушул багытта адис болгондугума байланыштуу, сизге
чындыкты айтып бердим. Бүгүнкүдөй «сокур жамгыр» дайыма эле жаай
бербейт. Себеби, мен аба-ырайына карабай уурлук кылгандыктан, баарын
билем.
- «Сага чоң ырахмат! Чынын айтсам абдан ыраазымын. Бирок милдет деген
- милдет. Эгер уурдап эле кетсең, качан, кантип, ким алганын айтууга туура
келет» - деди келесоо аял. Анан ал колу менен көзүн бекитип, отузга чейин
санай баштады. Бул учурдан пайдаланган Латиф, алтынды көтөрүп кетти.
Сараң бай үйүнө келген соң, алтындын жоголгонун угуп катуу кайгырды.
Өзгөчө аны Латифтин каратып туруп, чак түштө көтөрүп кеткени ардантты.
Болгон окуяны падышанын күзөтчүлөрүнө билдирди эле, алар Латиф ууруну
тезинен таап келишти. Бирок ал, буга чейин эле алтындарды табылгыс жайга
бекитип койгон болчу.
Ошентип Латифтин иши сотко ашты. Баягы алтынды кайтарган аял, ушул
алды деп күбөгө турду. Качан гана Латифтин кезеги кел- генде, ал сотко мындай
деп кайрылды:
-«Урматтуум, биринчиден, бул аял мени «үйгөтүз кирип, өзүнүн атын айтып
анан алтынды алып кетти» деп жатат. Бирок өзүңүз деле ойлоп көрүңүзчү,
кайсыл келесоо ууру өзүнүн атын ачык айтып кетсин? Экинчиден, эгер уруксат
берсеңиз мен бул аялга суроо берип көрсөм дедим эле.»
- «Абдан жакшы, - деди сот, - сурай бериңиз.
Анан Латиф аялга кайрылды: - «Бийкеч, анан мен ал алтындарды кайсыл
күнү алдым эле?»
- «Эмне эсиңден чыгып калдыбы, ошол кечте «сокур жамгыр» жаап жатпады
беле?» - деди аял.
Латиф суроосун улантты: - «Сиз «сокур жамгыр» деген эмне экенин сотко
түшүндүрүп бере аласызбы? Балким бул жерде отургандар ал жөнүндө билбейт
чыгаар.»
- «Албетте, -деди аял, - Ал жамгырды бизде «сокур» деп кою- шат. Эгер ал
жаап жаткан учурда, көзүңдү колуң менен бекитип, отузга чейин санабасаң, ал
чындап эле адамдарды сокур кылып коюшу мүмкүн.»
Ошондо гана Латиф сотко кайрылды: - «Урматтуум, мына азыр эле өзүңүз
күбө болгондой, мунун көрсөтмөлөрүнө таянууга мүмкүн эмес. Бул аялдын
«сокур жамгырга» туш болгонуна ишенбеген сыяктуу эле, менин уурдал
жатканымды көргөнүнөн да шегим бар.»
Жыйынтыгында ал, соттон утуп алды.
Эмне дейбиз, арабызда кээ бир адамдар бар. Алар кимдир бирөө бир жолу
ишеничтен чыкса эле, ага өмүр бою ишенүүгө болбойт деп чечишет.
Ишенесиздерби же жокпу өзүңүздөр билиңиздер. бирок мындай сонун идея
жогорудагы окуядан улам негизделген. Ошондуктан, адамзаттын өнүгүүсүнө зор
салым кошкон катары, Латиф - ууру да тарыхтан өз ордун табат. Ал бизди мына
бул нерселерге үйрөттү: «Эгер адам чындыкка коошпогон кандайдыр бир
нерсени айтса эле, анда анын калган сөздөрү да сөзсүз чындыктан алыс деп
ойлошот.»
Турмушта ушундай экенин биз баарыбыз билебиз. Же жалганбы?
Албетте, бүгүнкү турмуштун жалпы деңгээлине көз жүгүртсөк, анда
окуяларга түшүнүү маданиятыбыз бир кыйла өстү. Азыр эч ким келесоолорго
жогорудагыдай кылып, милдеттүү иш жүктөбөйт. Эгер ал түшүнүүгө даяр эмес
болсо, аны окутуунун зарылдыгы жок экенин да жакшы билебиз. Мунун баары
биздин акыл-эсибиздин ийгилиги. А бирок АЛТЫН маселесине келгендечи?
Чынында, айрым бир пикир келишпеген жагдайларды көрүп, дагы да болсо
адам уулуна чоң көйөгөй көрсөтөбү деп корком...
АЛИМ ЖЕМИШ БАКЧАНЫ КАНТИП САТЫП АЛДЫ
Ошентип, Алим Авганистандын бакыт менен кубанычка мол Пагман аттуу
шаарында төрөлгөн. Ал жердеги мөмө-жемиштер эң бир табылгыс
болгондуктан, саякатчыларга башка аймактан жебегиле деп кеңеш беришет.
Жеген эле күндө, айрылуу менен көңүл калуунун ачуу даамын сезип калышыңыз
мүмкүн.
Бир жолу Алим Пагманда жүрүп, кимдир-бирөө жемиш бакча- сын сатат экен
деп угуп калды. Бул тууралуу айтып келген адам, минтип кошумчалады:
- «Алим сени аябай эпчил, керек болсо шайтанды да алдайт деп уктум.
Анан калса, элдерге дайым жардам бересиң. Ошондук- тан, сен бакчанын
ээсине бал тилиңди салып, мага арзаныраак сатууга көндүрүп берсең жакшы
болот эле. »
Анан ал иш башы деп, Алимдин колуна азыраак акча карматты. Бул киши өтө
эле зыкым жана өзгөрүлмө болгондуктан, тигил бакчаны алууга татыксыз деп
чечти Алим. Өзү болсо бакчанын ээсине барды да, аны менен бир топко
сүйлөшүп кайты. Кийин ал баягы зыкымдын үйүнүн жанынан өтүп бара жатса,
тигил көрө коюп:-»кандай, биздин иш жүрүшө баштадыбы?»-деп сурады
- Иш бүттү, - деди Алим. Баягы кубанычына чыдабай ордунан секирип
жиберди эле Алим кайра сөзүн улантты:
- «Мен кечке соодалаша бердим, соодалаша бердим, соодалаша бердим...
Алгач ал аябай көп сурады, кийин аны кыйла арзандаттым. Анан
арзандаткандан, арзандатып отуруп, анын бакчасынын бир топ кемчилигин
таптым. Кийинки барганымда сенин бак- чаңды хан же саййид алышы мүмкүн
дедим эле, ал дагы арзандатты. Анан дагы бир күнү жемиш бакчалары үчүн
салыктын жаңы түрү чыгыптыр дедим...»
Мына ушул сыяктуу сөздөрдү токтотпой айта берди эле. жанагы зыкым
чыдабай кетип кыйкырып жиберди:
- «Ай байболгур, ошентип сен ага канча төлөдүң?»
- «Сен берген акчанын ондон бирин гана. Бирокал да бир аз кымбатыраак
болуп калды» - деди Алим.
- «Кымбаттуум, менин алтындай досум! Сени эми качандыр бир ыраазы
кыла алаар бекем? Жо-жок, сөзсүз ыраазы кылышым керек! Кел, сен өзүң
төлөгөн акчанын жарымын ал!?»
- «Сен мени кудайга шүгүр эле ыраазы кылдың!»
- «Кантип?»
- «Сенин ушундай камкордугуңдун жардамы менен ишти эң ийгиликтүү
бүтүрдүм. »
- «Албетте, өзүң каалабаган соң, мен сени сыйлайм деп зордобойм,» - деди
зыкым киши.
- «А чындыгында, - деп Апим сөзүн улантты, - Сага акчаны үнөмдөө абдан
зарыл экендигин түшүнүп, мен сенин бир тыйыныңды да короткон жокмун.
Балким, өз чечими жөнүндө дагы ойлоноор дедим.»
- «Сенин бир тыйыныңды да коротподум - деп, эмнени айтайын деп
жатасың?
- «Кыскасы мындай. Жанагы бакча өтө эле арзандап кеткен соң, мен минтип
ойлондум: «Менин досумдун иши ойдогудай болду. Ал баардык акчаларымды
үнөмдөсөм деп ойлогон. Бирок, бул жерде кичине төлөш керек болуп жатат.
Биротоло үнөмдөш үчүн аны деле төлөбөй эле коеюн.»
Анан бакчаны мен өзүмө сатып алдым. Акчаларыңды кайра ала бер!»
АЛИМ КАНТИП УУРУ БОЛУП КАЛДЫ
Алим саякаттап жүрүп Самаркандга келсе, ал жердеги акыбал өтө оор экен.
Башкача айтканда, баардык чынчыл адамдар түрмөдө отуруп, ал эми уурулар
болсо атак-даңктуу, кадыр-барктуу болуп кетишиптир. Бул көрүнүш хан менен
ордодочулардын паракордугу- нан улам башталып, окумуштуусу да ууру,
соодагери да ууру, аскери да ууру, бийликтегиси да ууру, айтор, ордо
уурулардын үлгүсүнө айланганына күбө болду. Бирок, алар өздөрүнүн
кылмыштарын жашырып, биз тандалгандарбыз дешет экен.
Алим өзүнө-өзү мындай деди:»Эгер чынчыл адамдардын баары түрмөдө
отурса, мен да ууру болоюн. Өзүнүн ууру экенин бил- ген ууру, өзүнүн уурулугун
билбегенден он эсе өйдө эмеспи. Анан калса, эл мындай деп айтылат: «Гүл
өскөн бакчада -гүл бол, чөптүн арасында - тикенек бол»
Уурулукту бир нерседен башташ керек. Эрк өзүмдө болгон соң, мен биринчи
кезекте Улуу даражалуу ханды тоноюн.»
Ошентип ал, түн жарымында шек алдырбай хан сарайга кирип барды да,
кандайдыр бир сандыкты таап алды. Тилекке каршы, сандык бош экен. Хан
өзүнүн кол алдындагылардын сырын жакшы билгендиктен, асыл буюмдарын
табылгыс жайга бекитиптир. Алим кан- чалык аракет кылып издесе да, эч
майнап чыккан жок. Анан ал аргасыз кербен-сарайга келип, имиштерге кулак
төшөгөнгө өттү.
Кербен сарайга тез-тез келип турчу соодагерлер, ошол күнү кудай жалгап
хандын жыйнаган казынасы жөнүндө сөз кылып жаты- шыптыр:
- «Казынанын кайда экенин эч ким билбейт, - дешти алар бирибирине, Бирок аны сөзсүз бир жерге катса керек. Чамаси, хан эч кимге ишенбегени үчүн,
алтындарын да өзүнүн жака-белине эле каткан го?»
- Эң туура, - деп күбүрөндү Алим. Өзүнүн тубаса эпчил экени- не карабай,
анын жашоодогу урааны да мындай болчу: «Эпчилдикти жөн гана пайдаланбай,
андан окуп да үйрөнүгө болот!»
Ошентип арадан бир нече күн өткөн соң, Алим кайрадан түн жамына хандын
ордосуна кирип барды. Бирок бул жолу ал хандын керебетинин алдына
жашынды. Анан бир окумда ал хандын баш жагына сойлоп чыкты да, акырын
черткилеп мындай деди:
- «Оо Улуу хан, сен мени угуп жатасыңбы?»
Ушинтип бир нече жолу кайталаган соң, хан ага жооп бере баштады:
- Эмне болду?
- «Сен өзүңдүн асыл буюмдарыңды кайда катасың?»
- «Эй тууган, - деди хан уйкусурап, - Сен эмне, мени жолдон жолуккан
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Чиркейдин салмагы - 6
  • Parts
  • Чиркейдин салмагы - 1
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 1946
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чиркейдин салмагы - 2
    Total number of words is 4112
    Total number of unique words is 1857
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    48.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чиркейдин салмагы - 3
    Total number of words is 4241
    Total number of unique words is 1858
    32.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чиркейдин салмагы - 4
    Total number of words is 4130
    Total number of unique words is 1946
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чиркейдин салмагы - 5
    Total number of words is 4098
    Total number of unique words is 1696
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    43.9 of words are in the 5000 most common words
    49.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чиркейдин салмагы - 6
    Total number of words is 2874
    Total number of unique words is 1368
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    46.9 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.