Latin

Чиркейдин салмагы - 2

Total number of words is 4112
Total number of unique words is 1857
31.1 of words are in the 2000 most common words
42.9 of words are in the 5000 most common words
48.7 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
мага каршы чыгышы да мүмкүн. Ошондук- тан, баары бир эч кандай ийгиликке
жетише албайсың, андан көрө сиз менен өз сапарымды улаганым жакшы.
- Жакшы болот, эмесе мен аралышып көрөйүн, - деди да, Суфий тигил
адамдарды көздөй жөнөдү. Ап кандайдыр бир өзүнө гана белгилүү айла менен,
өз кызыкчылыгы үчүн тигилерди жерден баш тартууга көндүрдү. Ошентип
шакирти экөө ошол жерге жайгашып калышты. Арадан бир нече жылдар өткүчө
Суфий баягы дыйкандарды биргелешип иштөөгө үйрөттү да, жерди жана андан
жыйналган түшүмдү кайтарып берди. Өзү болсо шакиртин ээрчитип, токтогон
сапарын кайра улап жөнөдү.
Алар кайрадан артка жол жүрүшүп, баягы экинчи шакиртин калтырган жерге
келишти. Бирок тигил буларды тааныбады. Чакчайган күндүн астында бир нече
жыл жер иштеткендиктен, булардын сырткы көрүнүшү да өзгөрүп калган эле. Ал
эмес, көп мезгилдер бою дыйкандар менен гана сүйлөшүп жүрүшүп, бир кыйла
бөлөкчө
да сүйлөп калышкан. Ошондуктан экинчи шакиртине булар жөн эле жүргөн эки
дыйкандай көрүндү. Суфий ага барды дагы, өзүн бир нече жылдар мурун бул
жерге калтырып кеткен Суфийлердин устаты жөнүндө айтып берүүсүн өтүндү.
- Ал жөнүндө мага угузбаңызчы, - деп ачууланды мурдагы шакирти - Ал
мени өзүнүн беделин сакташ үчүн бул жерге калтырды да, кийин артыңдан
кайрылып келип улантып окутам деген бойдон дайынсыз жоголду. Мына,
арадан бир нече жыл өтсө да ал жөнүндө кабар жок.
Мына ушул сүйлөмдөрдү айтып бүткүчө болбой, кандайдыр бир себеп менен
алыскы ааламдардан пайда болгонсуп, ага кыштактын бир нече жашоочулары
келишти да, кармап кетишти. Жолоочулар алардын башчысынан эмне болгонун
сурашты.
- Бул киши, - деп баштады башчысы, - бизге келди дагы, кандайдыр бир
улуу касиеттүү адам бар экенин жана ал өзүнүн устаты экенин айтып, үгүттөй
баштады. Биз ага ишенип кабыл алдык жана ал биздин кыштактын эң бай, эң
кадырлуу адамы болуп калды. Бирок мындан беш мүнөт мурда биз бул жеткен
алдамчы, жүзү кара, ошондуктан муну өлтүрүү керек деген чечимге келдик.
Жолоочулар канчалык аракет кылып, арага түшпөсүн, эч арга болбоду.
Ошентип, дыйкандар Суфийдин мурунку шакиртин өлүм жазасына алып
кетишти.
- Көрдүңбү? - деди Суфий акырын баш чайкап. - Мен аны коргош үчүн
колдон келишинче аракет кылдым, бирок бул жерде, тилекке каршы, Тандоонун
ээси мен эмесмин.
Алар сапарын андан ары улап, баягы жолдун кесилишинде калган биринчи
шакиртине келишти. Бирок ал дагы буларды тааныбады. Суфий ага жакын
барды да:
- Кайсыл жерден суу ичсе болот? - деп сурады.
Шакирти ачууланып мындай деди:
- Силер, саякатчылар, менин баардык таттуу кыялдарымды тал- каладыңар.
Мен бул жерде бир нече жылдардан бери элдерге жардам берейин дейм, а
жыйынтыгында баары мени алдап кетишти. Боор оорусаң боорго тээп,
адамдарга жакшылык кылуу жарашпайт экен. Ал эмес, мени үч жыл мурун бул
жерге калтырган устатым да мага кызмат кылгысы келбейт. Болбосо эмне үчүн
ал мени окутууга кайрылып келбей жатат?. Же бардык адамдар билим алуу
укугуна ээ экенбиз жалганбы?
Мына ушул сүйлөмдөрдү айтып бүткүчө болбой, заматта бир нече солдаттар
пайда болду да, аны эрксиз эмгек өтөөгө айдап жөнөштү.
- Биз сени бир байкуш дубана деп ойлочу элек, - деди капитан. - Бирок сага
байкоо жүргүзүп көрүп, сени курчаган жагымсыз маанайдан жана олдоксон
кыймыл-аракетиңен улам, мамлекеттин кызыкчылыгына иштөө үчүн
жетишээрлик күчүң бар экенине көзүбүз жетти.
Суфий шакирти экөө канчалык тигилерди ынандырууга аракет кылганына
карабастан, алар биринчи шакиртти да өздөрү менен ала кетишти.
- Көрдүңбү, бул жерде да Тандоонун ээси мен эмесмин? - деди аргасы
түгөнгөн Суфий.
Ошентип, белгилүү устат Килиди «Жогорку Аңдоого» жетиш үчүн баардык
кыйынчылыктарга чыдаган жалгыз шакиртине төмөнкүлөрдү үйрөттү:
-Окуяларды аңдоо менен, окуянын кыймылынын ортосунда өтө тыгыз
байланыш бар. Ошондуктан, адамдардын аң-сезиминин өсүшүнө, алардын жеке
ички жана тышкы жүрүм-туруму кандай таасир этсе, өзүн курчаган адамдар да
ошондой эле таасирге ээ.
Ушуларды жыйынтыктап келип, Суфий шакиртине төмөндөгүдөй суроо
узатты:
- Эгерде сенден «Сен эмнени окуп үйрөндүң?» деп сурап калышса, эмне
деп жооп берер элең?
- Адамдар ар бир нерсени өз-өзүнчө бөлүп карашат, - деди жигит. Ошондуктан, алар өзүбүз каалаган нерсени жасасак, сөзсүз өзүбүз каалаган
максатка жетебиз деп ишенишет. Андан соң алардын жакшы иш-аракети да,
жаман кылыктары да өз жемишин бере баштайт. Жана мындай түшүмдүн
жыйналышына эч ким тоскоол кыла албай калат. Мен биздин өмүр жолубузда
адамдар да, окуялар да, кыймыл-аракеттер да, нерселер да бири-бири менен
тыгыз чырмалышкандыгын терең өздөштүрдүм. Эң аягында түшүнүп аңдаганым, адамдын айрым бир келесоодой ойлору жана иш-аракети, аны
алдыга өсүү мүмкүнчүлүгүнөн куру калтырса да, баары бир Улуу Теңирдин
мээрими бар экен. Болбосо өзүм деле Тандоонун ээси болуп туруп, далай ирет
ойлонбой баш тартпадымбы?. Көрсө, кудайым окуусун улантсын деп
мүмкүнчүлүк берген тура?!
Ушул учурда кандайдыр бир катуу үн жаңырды да, үчүнчү шакирт «Улуу
Аңдоо» сезимине жетишти. Ал аңгыча Суфийлердин Улуу устаты Килиди да
көздөн кайым болду жана ошол бойдон аны эч ким көргөн жок.
Ошентип шакирти өзүнүн окутуучусунун үйүнө келсе, Устатты жүздөгөн
дервиштер күтүп жатышыптыр. Жигит үйгө кирди да, устатынын жайнамазын
куржундан алып чыгып, орундугуна койду. Жанатан бери ага кез салып турган
дервиштер, ал кирээри менен ийиле салам берип, чурулдап жиберишти.
Алардын арасынан улуурагы келди да, мындай деп кайрылды:
- Устат, биз өзүбүздү сыйкырдуу дуба менен байлап коюп, үч жылдан бери
сизди жылбай күтүп олтурабыз Анткени Улуу касиеттүү Шейх Килиди сапарга
чыгаарда: «Кимде ким менин жайнамазым менен келсе, ошол менин
мураскерим болот А мен болсо чексиз Асманга кайра кетем, » - деп айткан эле.
Дервиштин жүзүн, селдесинин байламдары көрсөтпөй жаап тур- ду. Ал жаңы
устатка, же үчүнчү шакиртке бардык укугун, милдеттемелерин тапшырып,
өзүнүн сапарына жөнөп баратканда, анын селдесинин байламдары саамга
кыйшая түштү Ошол учурда ал бет маңдайында жылмайып бараткан, кадимки
устат Килидинин жүзүн көрүүгө үлгүрдү.
11. ТӨРТ ДОС
Байыркы убакта бир Суфий өзүнүн мектебин ачыш үчүн белгилүү бир
шаарга жайланышты. Ошол шаарда Суфийдин иш-аракетин эң жакшы билген
үч адам жашачу. Апар Суфийге: «Эгер туура көрсөң, кандай гана жардам керек
болсо биз дайым даярбыз» - деп кат жөнөтүштү.
Ошондуктан Суфий тигилерге кезеги менен бет маңдай жолугуп келүүнү
чечти.
Алардын биринчиси ошол чөлкөмдө эң бир таанымал
окумуштуу-филологдордон эле.
- Сиздин бул жерге келишиңиз абдан сонун болду, - деди ал Суфийге. - Аз
болсо да сизге жана сиздин ишиңизге керегим тийсе экен дейм. Анан албетте,
сиздин колуңуздан окусам деген да тилегим бар.
Суфий ага чын дилинен ыраазычылыгын билдирип, мындай деди:
- Мен сизди ак ниетим менен окуткум келип жатат деңизчи, бирок алгач
шашпастан, алдын ала даярдык иштерин көрүү зарыл. Курула элек үйдө
жашоого мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнөсүз да?!
- Айтыңызчы, эмне кылуу керек?- деди филолог
- Алгач бул шаарда мен жөнүндө ар кандай имиш, ушак сөздөр тараарын
алдын ала эске алып жана сиздин мүмкүнчүлүгүңүзгө ишенип, мага сынчы
болуп берүүңүздү каалайм. Албетте, сиз менин иш аракетиме каршы логикалуу
аргументтерди таап, акыл- эстүүлүктүн чегинде, бирдей жана туура иш алып
бараарыңызга да терең ишенем.
-Чындыгында, өтүнүчүңүз аябай таң калычтуу экен, - деди окумуштуу. Кадимки ойчулдарга белгилүү ыкмалардын арасында да буга окшош нерселер
кездешпейт. Бирок мен сизге кызмат кылам деп сөз берген соң, өтүнүчүңүздү да
аткарууга аракеттенемин.
Ошентип Суфий аны менен коштошуп, экинчи таанышын көздөй жөнөдү.
Анысы бул чөлкөмдөгү кадыр-барктуу, таасирдүү жана өтө билимдүү юрист
болчу. Юрист да колунан келген жардамын берүүгө даяр экенин айтып, өзү дагы
шакирт болгусу келгенин жашырган жок.
- Сиз мага шакирт болушуңузду абдан каалайм деңизчи, - деди Суфий
адатынча - Бирок мага алгач жардамыңыз керек. Мен сиз- ден төмөндөгүлөрдү
аткарып берүүңүздү суранам:
Эгерде сиз качандыр бир кезде мен жөнүндө түрдүү-түстүү имиштерди угуп
калсаңыз, өтө акыл эстүүлүк менен менин ишимди жана атымды коргоп
бересиз. Буга сиздин гана мүмкүнчүлүгүңүз жетет. Андыктан менин артымда
акыйкат колдоочу бар экенине ишенейин.
- Мына ушул маанайда иш алып барууга ыраазымын, - деди юрист - Бирок,
чынын айтсам, «Абийирдин адамдары» эсептелген суфийлер да, качандыр бир,
атайын уюшулган колдоого муктаж болот деп эч качан ойлобоптурмун.
Акыры аягында Суфий, башта шаар башчысы болуп иштеген, өзүнүн үчүнчү
таанышына келди. Шаар башчы Суфийди өтө урматтагандыктан, ага кандай
шарт керек болсо түзүп берээрин, өзү да андан билим алгысы келгенин айтты.
Суфий болсо ага ыраазычылыгын билдирип, төмөнкүлөрдү сунуштады:
- Албетте, мен сизди шакирт катары кабыл алганга өтө кубанычтуумун.
Бирок азырынча мага сиздин башка жардамыңыз керек. Тагыраак айтканда, сиз
белгилүү бир жол менен, окуянын жүрүшү жогорку потенциалдуу мүмкүнчүлүктү
ачып бере алгыдай иш жасаңыз. Биринчиден, сиз мени ардактуу кызматка
орноштурууңузду каалар элем. Ал кызматка менин жөндөмүм жете тургандай
болсун, ошондо гана мен мага жүктөлгөн милдеттемелерди толук аткара алам.
Бирок сиз мезгил-мезгили менен мени элдин көзүнчө урушуп да, коркутуп да
турууга тийишсиз. Анткени элдин көзүнчө мен жөн гана мансап күтүп жаткандай
болбоюн.
Шаар башчы макулдугун берди. Болгону ал элдин көзүнчө жеме уккусу
келген адамдын да бар экенине таң калды. Арадан жылдар
өтө берди, ал аралыкта Суфийдин көптөгөн шакирттери пайда болуп, өзүнө
жетишерлик киреше түшө турган иштерди жөнгө салып алды. Атагы болсо
күндөн-күнгө артып баратты. Окумуштуу-филолог досу анын окуусуна каршы
өтө аргументтештирилген сындарды айтып турса, ошол эле учурда юрист досу
да өз милдетин аткарып, аны коргоп жүрдү.
Акыры Суфий өз кызматын шаар башчысына өткөрүп берээр күн да келип
жетти. Ал үч досун тең даам сызууга үйүнө чакырып, эми аларды шакирттикке
алууга даяр экенин айтты.
- Чынында ар бир устат кайсыл «окуу методу» мыкты болсо, ошону тандай
алат деңизчи, - деп баштады окумуштуу. -Антсе да, эмне үчүн сиз бирибизди
сындап тур, экинчибизди коргоп тур, ал эми үчүнчүбүздү коркутуп тур деп
өтүнгөнүңүздүн себебин билги- биз келет?
Ошондо Суфий минтип жооп берген экен:
- Мына эми мен сиздердин түрдүү тапшырмаңыздардын себебин чечмелеп
берүүгө даярмын. Апгач эске тутуп коюңуздар, ички касиетти бекем сакташ
үчүн, биринчи кезекте сырткы касиетти бекемдөө зарыл. Сиздер мени биринчи
кабыл алып, ал эми өзүңөр менин окуума эң аягында калып отурасыңар. Анын
негизги эле себеби, сиздерди окутууга өтө эле аз убакыт жетет.
Урматтуу филолог досум, мен сизден мага каршы аргументтерди таап,
сындап туруңуз деп суранганымдын себеби мындай; Качан гана кандайдыр бир
саясатка каршы качып кутулгус оппозиция пайда болсо, адамдар ошол саясатка
каршы иш-аракет уюштуруунун ордуна, аны жанагы оппозиционерге жүктөй
салышат. Анткени, карама-каршы саясатты ошолор баштап чыкканын жакшы
билишет.
Бирок чынында, карама-каршы үгүттөөгө, же оппозицияга өзгөчө
таасирленген адамдар да табылбай койбойт. Мындай учурда негизги
позицияны колдой турган күч өзгөчө зарыл нерсе. Мына ошол кызматка мен
көз-карашы терең деп, улуу урматтуу юристти тандап алдым. Анткени элдер
окумуштуу-филологго кандай ишенишсе, мунун пикирине да ошондой эле
ишенишмек.
Ошентип сиздердин биргелешкен иш аракетиңиздер суунун шарын сиңирип
алган уюл сыяктуу адатта адамдардын көңүлүндө пайда болгон ашыкча
талаш-тартыштарды да соруп алып жатты. Жыйынтыктап айтканда, кайчы
пикирлерди өтө кылдаттык менен, коркунуч туудурбай турган алкакка салып, ал
эми өз алдынча тал- куу жүргүзүүнү каалагандарга да ылайыктуу жол таап
бердик. Сиз- дер эки карама-каршы пикирдин башында туруп, бирок жеңишке
жетем дел, өз кызыкчылыгыңыздарды ойлогон жоксуздар. Демек,
жыйынтыгында талкуунун баары тең өз жамынчысын тарта албаган жөнөкөй
адамдардын колунда кала берди.
Ал эми шаардык администрациядан кызмат сураганымдын жөнү мындай:
Биз өз өмүр Жолубуздун ар бир баскычынан киреше алып келүүгө
милдеттүүбүз. Эгерде эл менин кандайдыр бир кызматка ээ экенимди билишсе,
анда мен сөзсүз элдин кызыкчылыгы үчүн өз салымымды кошушум керек. Бул
нерсе алардын менталитети үчүн да өзгөчө зарыл. Баардык башкаруу
системаларында пара бергиси келген, же болбосо, бийликтин расмий
өкүлдөрүнө зыян кылгысы келген бузукулар табылат. Ошондуктан менин
дарегиме, иш аракетиме атайын бирөө көз салып, ал эмес элдин көзүнчө
коркутуп да туруусун кааладым.
Эгерде менин ээлеген кызматым олку-солкудай сезилсе, баары бир муну
иштен алат деп ойлошот да, жанагыдай ичи бузуктар мени тынч коюшат. Ал
эмес алардын бузуку иш аракети мага кызмат берген башкаруучуга чейин
жетиши мүмкүн. Мындай учурда алар ич ара уюшуп, башкаруучуну мага каршы
көкүтө баштайт. Бул көрүнүш кимге кандай чара көрүү керек экендигине өз
убагында шарт түзөт. Кошумчалай кетчү нерсе, бузукулар мени иштен алабыз
деп өздөрүнүн болгон энергиясын коротот да, натыйжада бийликке тийгизип
жаткан зыяндары өзүнөн-өзү ачыкка чыгып калат.
Биз, адамдар, бул дүйнөдө өзүбүздүн кылык-жоруктарыбыздын башаты
кайдан чыкандыгы жөнүндө эч кабарыбыз жок жашайбыз. Ошондуктан адамзат
коому ар дайым акыл-эске сыйбаган, зыяндуу нерселердин таасирине
азгырылат. Мындай учурда, айрым бир коргонуу жолдорунун схемасын иштеп
чыгуу «Актыкка умтулган адамдар» үчүн сөзсүз жардам берет, же эң эле жок дегенде, отоо чөп сыяктуу каптап бараткан «адашуучулардан» бир аз болсо да
арылтат.
Бирок биз мындай методду тандоо менен, эч убакта прогресске жетише
албайбыз. Улам «отоо чөптөрдү» отоп жана кийинки жылы да алардын
көбөйүшүн күтүп жүрүп, азыркы таз кейпибизден оңолуу мүмкүн эмес. Демек,
мына ушундай кырдаалда бүгүнкү адам- зат кантип, кандайдыр бир рухий
ийгиликке жетише алат? Кантип биз чыныгы адам деген атка татыктуу болууга
умтулабыз?!..
12. ЖАМАНДАН - ЖАКШЫЛЫК ЖЕ АЗИЛИ ЖӨНҮНДӨ УЛАМЫШ
Качандыр бир мезгилде Азили атту жөнөкөй кол өнөрчү жашаптыр. Анын
болгон дүйнөсүн, же жүз күмүш дилдесин бир алдамчы соодагерге берүүгө
көндүрүшөт. Тигил дилделерди өзүнүн соода ишине кошуп, эң жакшы пайда
таап бермек болот.
Көп өтпөй Азили соодагерге келди да, өзүнүн акчасы жөнүндө маалымат
сурады.
- Азили? - деди таң калган соодагер. - Ап жөнүндө өмүрү укпаптырмын. Акча
дейсиңби? Эч кандай акча берген эмессиң. Мен азыр полицияны чакыра электе,
тезинен көзүмө көрүнбөй жогол. Болбосо, менин акчамды коркутуп алганы
жатат деп арызданам.
Байкуш кол өнөрчү мындай ишти кантип жасоо керектигин кай- дан билсин?
Же тил кат жаздырып албаптыр, же бирөө жарымды күбө да кылган эмес экен.
Азили өзүнө эч кандай жардам бере ал- басын түшүндү да, жепирейген үйүнө
кайрылып келди.
Ушул түнү ал кудайга жалбарууну чечип, алачыгынын үстүнө чыкты да, эки
колун көктү карай созуп, мындай деди:
- Оо, жараткан, мен сенин адилеттүлүгүңө абдан муктажмын! Мейли, кандай
гана жол менен болсун акчамды кайрып бере көр. Мага азыр акча абдан керек.
Ишене көр, кудай. Болбосо, билбейм, кантип жашаарымды?..
Кудайдын амири менен, анын жалбаруусун кокусунан өтүп бараткан бир
дервиш угуп калды. Анын кийген кийимдери аябай эле ыраңы суук эле.
Ошентип Азили сыйынып бүтөөрү менен дервиш ага келди да:
- Кейибе, мен сага жардам берем. Ар бир эбепке себеп табылат. А балким,
кудай сенин өтүнүчүңдү мен аркылуу аткарып берэ- эр, - деди.
Алгач Азили Дервишти көрүп, кадимкидей көөнү айныды. А бал- ким, тигил
«жалгыз көздүн» кейпин кийип алгандыр. Ансыз да Азилинин көйгөйү көбөйүп,
ушул эле жетишпей турду эле.
- Албетте, сен буга ишенбээрсиң, ошентсе да балким, билип алгың келээр, деп сөзүн улады дервиш. - Чындыгында элдер мени жек көрүшөт, а мен жалаң
гана жакшы иштерди жасайм. Көпчүлүк пенделер жамандык жаратуучуларды
сүйүшөт. Мына көрөсүң, сенин көйгөйүңдү өзүм колго алам!.
Ушинтип айткан соң, Дервиш жөнөп кетти. Ошондон көп өтпөй, Азили баягы
соодагердин дүкөнүнө жакын барып, кантип акчамды
кайтарып алам деп ойлонуп отурган. Аңгыча, күтүүсүз баягы Дервиш пайда
болду да, кыйкырып кирди:
- Оо, Азили, менин жан кыйышпас досум! Бүгүн кечинде мен сени үйүмдөн
күтөм. Ишенесиңби, акыры сага өзүмдүн кереметтүү сырымды ачып берүүнү
чечтим. Мен билген баалуу сырлар сөзсүз сенин жашооңду өзгөртөөрүнө
ишенем!.
Чыныда Азили кереметтүү сырга мураскер катары тандалмак тургай,
Дервиштин үйү кайда жайгашканын да билчү эмес. Анан калса, дервиштин түрү
суук кейпи бир топ ыңгайсыз абалга калтырып, Азили эмне кылаарын билбей
турду.
Соодагер болсо жанатан берки ызы-чуунун жөнүн билмекке дүкөнүнөн чыкты
да, «жалгыз көз» дервиштин келгенин көрүп, катуу коркуп кетти. Анан калса,
Азили дервиштин шакирти экен деген сөз аны аябай тынчсыздандыра баштады.
Ошол эле күнү кечинде Азилинин үйүнө дервиш келип:
- Кана айтчы, соодагер канча акчаңды кайрып берди? - деп сурады.
- Ал мага мурда алганынан да беш эсе көп кайтарды, - деди Азили болуп
өткөн окуяга таң калганын жашырбай.
- Андай болсо, - сөзүн улады дервиш. - Ар дайым эсиңе тут! Турмушта
көптөгөн жагдайлар бар, адамдар кай бир нерселердин сырты жалтырак болсо
эле, андан сөзсүз жакшылык күтүшөт. А чын- чынында жалтырактардын ичи
калтырак болуп чыга келет. Тескерисинче, кээ бир түрү суук нерселерди
жамандыктын төлгөсү катары сезишет. Бирок, чыныгы турмушта андайлардан
жакшылык да күтүүгө болот.
Сенин соодагериңе окшогон жаман адамдар айрым бир маданияттуу
кишилердин сыпайы эскертүүсүң укмак да эмес. Мындай учурда, оюнга андан
да ырайы суук адамды аралаштырып, коркунуч туудуруу зарыл. Ошондо гана
мындайлар өздөрүнүн алсыз экенин сезишет. Акылмандар эң туура айткан:
«Жакшылык жамандык- тан келбейт. Бирок сен таразалап чечим кабыл
алаардан мурда, бул чындап эле жамандык деп ишенишиң керек. »
13. КЕРЕМЕТ УЧУРДУ БААЛАЙ БИЛ
Кээ бир адамдар бар, алар уулуу жыландарды жегенди, мык менен бычактын
үстүнө жатканды, көмүрдүн чогун жутканды өздөштүрүп, кесип кылып алышат
да, анан өздөрүн Дервишбиз деп аташат. Мындай өнөрлөргө көптөгөн
окумуштуулар кызыгып, ал эмес кино пленкаларга тартышкандыктан, алар
өздөрүн: «Биз башка дүйнөлөргө тез-тез саякат кылабыз, ошондуктан биздин
физикалык денебизге эч нерсе, эч кандай зыянын тийгизе албайт!» - деп
далилдешет.
Качандыр бир мындай окуя болгон экен. Эфир мейкиндигинде саякат
кылгысы келген бир адам өтө ырахаттануу менен күйүп жат- кан көмүрдү жутуп,
андан жалын жана түтүн чыгарып жаткан өнөрпоздордун тобуна келет. Жаңы
үйрөнчүк тигилердин кыймыл-аракетин өтө так жана кылдаттык менен
өздөштүрдү да, эч кандай кыйынчылыгы жок эле көмүрдүн чогун жутуп жиберди.
Ошентсе да ал эч кандай ырахатты сезген жок. Жанатан бери көз салып турган
дервиштердин бирөө анын колун силкип:
- Сен эмне үчүн минтип жатасың? - деп сурады.
- Көзгө көрүнгүс ааламдарга кириш үчүн...
- Ооба, баарын эле туура жасадың, бирок эмне үчүн сен түтүнүн оозуңдан
чыгарбай жатасың? Ал деген эң керемет учур да...
14. ЭМНЕНИ КЫЛБОО КЕРЕК
Суфийлердин окуу функциясы өзүнө кызыктыруу функциясы- нан, же
эмоцияларды калыбына келтирүү функциясынан өтө кескин айырмаланат.
Көпчүлүк сырттан байкоочулар буга өтө жакшы түшүнө беришпейт. Себеби
көпчүлүк адамдар акырындап өөрчүй турган иш-аракетти тажрыйбалоого
караганда, тез эле калыпка түшүүнү каалашат.
Эмесе, төмөндөгү окуя мына ушуга мисал.
Дервиш болууну өтө каалаган бир киши жолдун четинде турган бир аялды
байкап калды да, кызыгып, жанына барды. Аял абдан сонун жасалгаланган
эшектин жалын тарап жаткан эле.
- Эмне кылып жатасыз? - деп сурады аялдан.
- Эшегимди шаарга алып баратам, мен базарга барганда ал дайым
жанымда жүрөт.
- Ага минген ыңгайлуу да, ээ?
-Жок, андай дебеңиз, мен ага өмүрү минген эмесмин.
- Эгер минбесеңиз, жөө жетелеп жүргөндөн көрө мага сатаар- сыз? - деди
жолоочу.
Ошентип аял эшегин сатты да, тигиге жетелетип берди.
Арадан бир жума өткөн соң, баягы киши менен аял базардын бурчунан
жолугуп калышты.
- Айтыңызчы, эшегим кандай жүрөт? - суроо узатты аял.
- Эшегиңизби? Эшек болбой жерге кирсин. Аныңыз чычаңдап, тээп,
айкырып, жемден башканы жебей, айтор аябай эле жүдөттү. Билбейм, эми эмне
кылам?
- Ай, ай, ай, -деди аял башын чайкап. - Чамасы сиз ага минем деп аракет
кылгансыз го!?. .
15. ҮЧ ЖЫЛ ОКУГАН СОҢ
Борбордук Азиялык белгилүү бир Суфий өзүнө шакирт болгусу келген
талапкерлерден экзамен алып жатты.
- Кимде-ким, - деди ал. - Окууну эмес, көңүл ачууну кааласа, жаттагысы
келбей, талашкысы келсе, бергенге караганда алганды жакшы көрсө, же өтө эле
эрки бош болсо, азыр эле колун көтөрсүн.
Эч ким былк эткен жок.
- Абдан жакшы, - деди Суфий. - Эмесе жүргүлө, азыр силерге менин
колумда үч жылдан бери окуган айрым шакирттеримди көрсөтөйүн.
Ап жаңы талапкерлерди медитация өтүүчү залга ээрчитип келди. Ал жерде
бир нече адамдар отурушкан экен. Устат тигилерге кайрылды да:
- Кана эмесе, ким окугусу келбей, көңүл ачкысы келсе, кимдин чыдамы
жетпей, талашканды жакшы көрсө, ким алам, бирок бер- бейм десе, ордунан
турсун!
Баягы медитацияда отурган окуучулардын баары тең заматта ордуларынан
тура калышты.
Ошондо гана Суфий жаңы талапкерлерге кайрылып, мындай деди:
- Силер азыр көз алдыңарда өзүңөрдү мыкты элестетип жата- сыңар. Эгер
бул жерде калсаңар, үч жылдан кийин эмне болооруңарды айта албайм.
Анткени, силердин бүгүнкү атак-даңкка умтулган каалооңор гана өзүңөрдү
татыктуумун деп сезгенге жардам берип жатат. Андыктан өз үйүңөргө баргыла
да, качандыр бир бул жерге кайра кайрылып келүүдөн мурун, терең ойлонгула:
Азыркы турган турушуңардан да мыкты болууну каалайсыңарбы, же бул
дүйнө силерди элестеткенден да эң начар болууну калайсыңарбы?
16. АНЧАЛЫК КӨП ЭМЕС
Болжол менен алганда, бул дүйнө өздөрүн даанышманбыз деп эсептеген,
эссиз, эки жүздүүлөргө толтура.
Улуу Аң-сезимге умтулган бир эгоцентрист адам Суфийлер жайгашкан
борборго келди да, кароолчу менен сүйлөшүш үчүн дарбазанын алдына токтоп
калды.
- Мен минтип ойлойм, - деди ал. - Бул дүйнөдө чындап Акый- катты
издөөчүлөр канчоо экенин көбүбүз биле бербесек керек...
- Мен мына ушул дарбазаны кайтарып турганыма жарым кылымдан ашты.
Ошондуктан сизге гана, Акыйкат издөөчүлөр жөнүндө, анча-мынча айтып бере
алам» - деди кароолчу.
- «Чындап элеби? Айтыңызчы, алардын саны канча?»
- «Сиз ойлогондон, бир кишиге аз...»
17. ДИНИЙ ИШЕНИМ
Качандыр бир белгилүү Суфийге бир топ адамдар келишти. Алар анын
кабыл алуусунда болуш үчүн, аябагандай зор аралыкты басып өтүшкөн эле.
Суфийдин кереметтүүлүгүнө жана актыгына болгон ишеним аларга күч берип,
эчен кырлуу тоону ашууга, чөлдөрдөн кесип өтүүгө, океандарды сүзүүгө, айтор
пешенелерине жазылган бардык кыйынчылыктарды көтөрүүгө кайыл болушту.
Ошентип алар, кирээри менен Суфийдин бутуна жыгылышты да: - «Сага
өмүр бою кызмат кылууга уруксат бер,» - деп жалдырай башташты.
- Силер мага жана мен эмнени айтсам ошонун баарына ишене- сиңерби? деп сурады Суфий.
- Баарына кыңк этпей ишенебиз!» - дешти алар.
- Абдан жакшы, анда мен силердин ишенимиңердин тереңди- гин текшерип
көрөйүн. »
- О, устат, текшериңиз бизди! - деп үшкүрүнүштү аны сүйүүчүлөр. Кыскасы
шакирттике талапкерлер улам биринин арты- нан бири сыноого кирип жатышты.
Бирок алардын баары тең, Суфий бул жерде жок дегенге ишене албай
тургандыктарын аргасыз мойнуна алышып, ал эмес акыр аягында тажап да
кетишти.
Ошондо Суфий мындай деген экен: - «Силердин каныңарда ишеним
айланып, сезимиңерди да козгоп жатканына карабастан, чын-чынында силер сөздүн гана кулусуңар. Силердин сезимиңер эч убакта, силердин сөзүңөрдү
бышыктай албайт. Ал эми эмне болбосун баарына ишенебиз дегениңер жөн эле
бир сөз. Качан гана силерден жокко ишенгиле десем, силер ишене албадыңар.
Демек, мунун өзү силердин сезимиңердин тайыз экенин көрсөтөт.
Ал эмес силер, өзүңөрдүн айтканыңарга караганда да көп жаңылышасыңар.»
18. ГУРОУ - ЧЫЧКАНДАРДЫН ЭҢ КЕРЕМЕТТҮСҮ
Качандыр бир жолу, Гуроу аттуу чычкан, бир үйдүн жаны менен чуркап
баратып жаш баланын ыйлаганын угуп калды. Анын сергек- тиги жана
боорукердиги аргасыз токтотту. Көз алдында кайгылуу картина турган эле.
Башкача айтканда, ошол үй-бүлөнүн атасы от тутантууга аябай аракет кылып
жатыптыр, бирок отундар суу экен.
«Мен сизге каңдайдыр-бир жардам кылсам болобу? - деп сурады Гуроу.
Тигил адам колу бошобой жаткандыктан, сүйлөй турган чыч- канга
таңыркамак тургай, караганга да үлгүрбөй туруп, мындай деди: - «Эгер сенде
саман бар болсо, анда колуңан келет. Мен эртерээк балдарды
тамактандырышым керек эле, бирок от жагууга менде чакмак жок.»
Гуроу өзүнүн ийнине чуркап барды да, тигил кишиге саман алып келип
берди. Көп өтпөй от жалбырттап, балдардын курсагы тойду, айтор баары
бактылуу болушту. «Мен чыныгы жакшылык алып келүүчүмүн - деди
Гуроу-Андыктан өзүмдүн жакшылыгымдын акы- сына кандайдыр бир нерсе
алгым келет».
- «Сөзсүз, аласың» - деди киши. Ошондой эле ал, Гуроу - деген «улуу
жакшылык алып келүүчү» жөнүндө баянды, анын эң зарыл убакта көрсөткөн
жакшылыгын, өз балдарына айтып бер- мекке убада берди.
- «Даңк-албетте керек, бирок мен кандайдыр бир, көзгө көрүнө турган нерсе
алгым келет,»
Киши ага макул болду да, жаңы бышырылган нандан чоң сындырып берди.
Гуроу нанды ийнине сүйрөп жөнөдү. Адатта, мынча тамкты табыш үчүн,
аябагандай көп убакыты кетчү, азыр болсо аны заматта бир нече саманга
алмаштырды. Эң СОНУН!
Эми ал мындан кийин да, эгер өзүнө кандайдыр бир пайда түшсө, кыйналган
адамдарга жардам берүүнү чечти. Ал эмес өзүн- өзү өзгөчө миссия жүктөлгөн
ыйыктык катары сезип турду.
Эртеси эртең менен Гуроу кошула эле үйгө кирип, дагы балдардын
ыйлаганын угуп калды. Ал балдарга чуркап барып, - Эмне болду? - деп сурады.
«Биздин атабыз - темир уста», - деп баштады
балдардын бири - Ал акча таап, бизге тамак алып келүү үчүн, өзүнүн
устаканасына кеткен. Бирок биздин аябай курсагыбыз ачты. Ошондуктан ыйлап
жатабыз».
Гуроуго заматта идея келди. «Менде нан бар - деди ал - Аны силерге
берейин. А бирок, силер мага анын ордуна эмне бересиңер?»
Качан ал нанды балдарга сүйрөп келгенде, алар аябай кубанышты да,
мындай дешти:
- «Мына бул мискейди ала бер. Сенин бул жакшылыгың үчүн, биздин
атабыз деле сөзсүз бир нерсе бермек деп ишенебиз. »
Гуроу мискейди алды да, ийинине көздөй сүйрөп жөнөдү. Жолдо баратып ал
балдарга минтип кыйкырды:
- «Унутпагыла, Гуроу- чычкандардын эң кереметтүүсү! Ал бардыгын силер
үчүн гана жасайт!»
Канткен менен балдар деген балдар да. Алар курсагы тойгон соң, калай
мискейди сүйрөп бараткан чычканды көрүп, аябай каткырышты.
- «Көңүл бурбай эле коюш керек, - деди Гуроу өзүнө өзү, - Башкалар кандай
караса шошондой карасын. Эң башкысы, мен өзүм буга кандай карасам, ошол
эң туура. Мен, чындап эле жакшылык алып келүүчү экендигимди далилдедим.
Же балким, өзүмдүн бир нече күндүк азыгымды болоор-болбос темирге
алмаштырып салдымбы?..»
Ал мискейди үйдүн каалгасы аркылуу алып чыгууга аргасыз болду. Анткени
мискей анын ийини үчүн өтө эле чоңдук кылмак. Ошентип ал, астананын
алдындагы чоң тешик аркылуу, мискейди сүйрөп өтүүгө жандалбастап
жатканда, кандайдыр бир катуу үндөрдү укту. Үн жолдун аркы өйүзүндө
жайгашкан сүт фермадан чыгып жат- кан эле. Гуроу мискейди калтырды да,
дароо ал жакта эмне болуп жатканын билүүгө жөнөдү. Жакыныраак барган соң,
фермер уйду өзүнүн калпагына саап жатканын көрдү. Калпактагы сүттү
жанында турган чакага куярда аябай эле көп ысырап болуп жатыптыр.
- «Сен эмне кылып жатасың?» - деп кыйкырды Гуроу.
- «Уй сааган чакам тешилип калды, - деди фермер - А бул чака болсо, уйдун
алдына коюш үчүн аябай эле бийиктик кылып жатат. Ошон үчүн айла жок, эски
чаканын ордуна калпагымды колдонуп жатам.»
- «Бирок сен досум, минтип саайм деп өтө көп сүттү коромжу кылып
жатасың. Эгер мен сага аябагандай кооз, жаңы, жалтыраган мискей берсем
кубанаар белең?»
- Албетте, -деди фермер.
Анан ал ага мискейди алып келип берди эле, тигил кыйналбай эле саап бүттү
да, Гуроу жөнүндө да унутуп калып, уйканадан чыгып
жөнөдү. Буга таң калган Гуроу тигиге чуркап жетип: - Менин үлүшүмдү кандай
кыласың? - деп кыйкырды. Фермер каткырып жиберди:
- «Сен болгону бир чычкансың. Мен болсо уйду саап бүткөн соң, мискейди
сенин боюң жетпей турган бийик жерге коюп койдум. Андыктан сен эч нерсе ала
албайсың. Же колуңдан эмне келет? Башында экөөбүз келишим түзгөн жокпуз
да, туурабы?»
- «Бирок оозеки макулдашпадык беле? - каршы чыкты Гуроу.
- «Анда мени сотко жетелеп бар. - киши шылдыңдап күлдү, - Антсең да сага
ким ишенет?»
- «Ушул кылганың үчүн, - деп кыйкырды Гуроу, - Мен сенден үйүңдү гана
талап кылам. Андан кымындай да аз албайм!»
- «Ой-ой-оой, -фермер үнүнүн болушунча каткырып жиберди. - Эгерде уйду
алыш колуңан келсе, ала бер.»
Ушинткен соң, жанатан бери күлкүдөн улам жаак ылдый кую- луп жаткан
жашын аарчыды да, уйканадан чыгып кетти. Ал кетээри менен Гуроу уйга
мындай деди:
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Чиркейдин салмагы - 3
  • Parts
  • Чиркейдин салмагы - 1
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 1946
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чиркейдин салмагы - 2
    Total number of words is 4112
    Total number of unique words is 1857
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    48.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чиркейдин салмагы - 3
    Total number of words is 4241
    Total number of unique words is 1858
    32.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чиркейдин салмагы - 4
    Total number of words is 4130
    Total number of unique words is 1946
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чиркейдин салмагы - 5
    Total number of words is 4098
    Total number of unique words is 1696
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    43.9 of words are in the 5000 most common words
    49.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чиркейдин салмагы - 6
    Total number of words is 2874
    Total number of unique words is 1368
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    46.9 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.