Latin

Бөртө Чоно - 13

Total number of words is 3783
Total number of unique words is 1950
30.3 of words are in the 2000 most common words
42.3 of words are in the 5000 most common words
48.2 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Хасар. — Ал эми, биздин аскерлерибиз тери соот киет. Ушул экөөнүн кайсынысы мыкты
экенине көз жетпейт. Бирок, жебебиз алардын соотунан өтпөстүгү, согуш биздин
ойлогонубуздан башкача амал менен алып барылышы да мүмкүн.
— Хорезим эли телегейи тегиз, көлөмдүү эл бекен деп ойлойм. Эмне үчүн десеңер,
Хорезимден келген соодагерлер ар уруу тилде сүйлөйт, үрп-адаттары да бир-бирине
окшобогонсуйт. Ислам дининин гана уюткусунда бекем жуурулган эл өңдөнөт. Хан аке,
мен сиздин Моңголдорду деңизге чөктүргүңүз келбей турганына ишенемин, — деген
сөздү Зелме айтты.
Чыңгызхан башка сардарлар менен да кеңешти. Алар Хорезим элинин теги-жайы
белгисиз, коркунучтуу диний эл деп эсептеп, аскер чыгарууну тап-такыр кубатташкан
жок.
Чыңгызхан баарынан кийин Жочини чакыртты. Жочи Чыңгызхандын алдына келери
менен:
— Хорезим элине аттануудан коркпойм, — деди.
Чыңгызхан ага Хорезим элине жортуул жасоо маселеси али чечилбегенин, жөн гана
кеңешке чакыртканын айтканда:
— Моңгол көк жалдары ашалбай турган аскар тоо, кечип өтө албаган дайра,
капчыгай болучу беле?! Кадырлуу хан ата, Жочини жана ал баштаган калың колду
жолтоосу күчтүү ошол майданга жибериңиз, — деди Жочи.
Чыңгызхан Жочинин көзүнө тикие узак карап: «Моңголдун көк жалы десе
дегичелик эле экенсиң!» деп ичинен ойлоп сүйүндү.
— Хорезим эли телегейи тегиз, бир тайпасы талкаланса, дагы бир тайпасы иреге
тартып чыгуучу эл дейт. Мен сенден жана сен баштаган колдон айрылып калар
бекемин деп коркуп жатканым жок. Бүткүл Моңголду ошол чалкыган деңизге чөгөрүп
алар бекемин деп убайымдап жатам, — деди Чыңгызхан.
— Моңгол аскерлеринин тагдыры андай болбойт, кадырлуу хан ата, сиз
кидандарды өзүңүзгө каратып алган соң башка жоонун болбостугун күсөдүңүз. Бирок,
биздин бүржүгүн уруубуз, ата-бабаларыбыз, өзүңүздүн жаныңыздай көргөн атаңыз —
ушулардын бардыгы өзүнүн кас жоосу менен өлгүчө кармашып өттү го. Бүржүгүн уруусу
ошол кас душманы менен алып барган кандуу чайкаштар натыйжасында гана сакталып
турат. Көк жалдар жоосуз болбойт, жоосу жок көк жал — көк жал деп эсептелбейт!
Кидан Йе Лү өңдөнгөн селсаяктардын сөзүнө ишенип, бизди кидандардын чаңында
каптырып жүрбөстүгүңүздү суранам. Андан көрө Йе Лү менен оолакташып, кас
жооңуздан сак болгонуңуз оң. Моңголдордун тиричилигин ата-бабаларыбыз өңдүү
салгылаш аркылуу гана коргошубуз керек.
Жочинин моңгол «көк жалдары» деген сөзүн ичинен кайталап, анын сөзүн унчукпай
отуруп уккан Чыңгызхан басыңкы үн менен сүйлөдү:
— Тегинде сен мени көк жал эмес деп ойлойсуң. Хорезим элине жасала турган
жортуулдун ардагер атагын сага берейин, негизги күч эсептелген жоокерлерим сенин
сөөгүңдү аттап алга чабуулдай турган болсун!
Жочи кеткен соң Чыңгызхан сергий түштү. Туңгуч уулу Жочинин айткандарын толук
кабыл албаса да, анын сөздөрү өчүп бара жаткан жигерин тутантып кеткен касиеттүү
нерседей билинди.
Чыңгызхан байбичеси Бөртөнүн үйүнө келип, анын да кеңешин укту. Чыңгызхандан
бир жаш улуу Бөртө байбиченин чачы агарып, толуп жаткан жылтыр-журтулга бөлөнүп
алганы менен кыймыл-аракети жылдан жылга кашаңдап, көзүнүн нуру кете баштаган
болучу.
Бөртө байбиче кийинки төрт-беш жылдан бери өзүнө тиешеси жок иштерге
аралашпай калган. Ал Чыңгызхандын Хорезим элин чабуу жөнүндөгү сөзүнө
ойлонткудай жооп бере алды:
— Падышам, аскер чыгарууну жөн көрсөңүз чыгара бериңиз, жөн көрбөсөңүз
чыгарбай эле коюңуз. Кийинки жылдарда мындай иштерди өз оюңуз боюнча гана бир
жагына каратып келбедиңиз беле.
— Моңгол жоокерлеринен чыгым болбойт деш кыйын, кандай эл болбосун
салгылашта курмандар болот.
— Напсиңиз неге мынча ачылып кеткен, падышам? Картайган менден башка да
байбичеңиз бар, э-э, деги...— деп каткыра күлдү Бөртө.
Бул сөздү укканда «э, бар» деди ичинен. Байбичеси Бөртөнүн эмин-эркин бай
турмушка да алымсынбай жатканын байкады.
Чыңгызхан мындай бир ишти түшүнө албады: ал бир элдин тизгинин кармап,
мансабы өскөн соң, байбичеси Бөртөнүн нааразылыгы токтоосуз жаап, калыңдай
берген карга окшоп, элге да билине баштаган. Чыңгызхан Бөртөнүн үйүнөн аябай
көңүлсүз кайтты.
Ал андан кийин Куландын үйүнө келди, акылын ошондо корутундуламак. Бул кезде
абыдан толукшуп, бетинен нур таамп турган Кулан сулуунун жалпы кебетесинен
бийлик ээсинин эрке кербездиги билинип турган эле.
— Падышам, үч миң аялга алымсынбай эми Хорезимдин кыздарын пилге мингизип
алып келмекчисиз го, — деп кыт-кыт күлдү Кулан.
Чыңгызхан Куланга учурашкан сайын аябай мээримге бөлөнүп, анын ыкыласы
жүрөгүн жылыткандай боло кетет. Бирок, анын мээримине чын ишене койчу да эмес.
Жанындай көргөн баласы Күлгүндү Сорхыншарыга тапшыргандан бери Чыңгызхан
экөө ал жөнүндө ооз ачышкан эмес. Бирок, Куландын жүрөгүн жарып чыккан баласын
унутушу мүмкүнбү?
Кулан Чыңгызхандын көп катын алганын ачык жектеп жүрсө да, өзүнүн аброюн
кетире турган кылыкка мүлдө жолободу. Ал моңгол бийлөөчүлөрүн өзүнөн башка эч
кимди аябайт, деп билет. Чыңгызхан Хорезим элине чабуул жасоо жөнүндө
акылдашканда, Кулан элден башкача ой айтып, аскер чыгарууну чын пейили менен
кубаттады.
— Падышам, Хорезим элине чабуул жасаңыз. Ал Моңгол элинен алда канча бай,
алда канча өнүккөн мамлекет. Бу сапаркы согуштун табылгалуу болору сөзсүз. Бирок,
бул согуш кызыл кыргындуу болот. Моңголдорду түгөл аттандырыңыз, өзүм да кан
майданда сиз менен бирге жүрөйүн, — деп бир аз басыла калды да сөзүн кайра улады,
— ушул үйдөкү керек-жарактын баарын, асыл мүлктөрү менен кымбат-баалуу кийимкечектерди, назик кооздуктарды түгөл алып кетүүңүздү өтүнөмүн. Мен кан майданда,
жебелер учуп турган жерде жүрүп, өзүңүзгө жардамчы, кеңешчи болоюн.
Кулан сөзүн улантып, дагы мына буларды айтты:
— Сиз көп катын алдыңыз, ошондо мен сизге бир нерсе дедимби? Сизден жер-суу,
дүнүйө-мүлк сурадымбы? Өзүм отурган үйдөкү дүнүйө-мүлктү эч качан да өзүмдүкү
деп ойлогон эмесмин. Ушул үйдүн босогосунан нары аттасам эле, ал дүнүйө-мүлк
меники болбой калат. Падышам, мени кан майданга ээрчитип барып, айталбай жүргөн
бир ооз сөзүмдү айтып калууга шарт түзүп берсеңиз экен...
— Сенин айталбай жүргөн бир ооз сөзүң эмне эле? — деп Чыңгызхан
жактырбагансый сурады.
— Аны убактысы келгенде айтаармын, эмне айтаарымды ошол кезде теңирим
эсиме салар.
Чыңгызхан байбичеси Бөртөнүн, көрөр көз аялы Куландын жана чоң уулу Жочинин
сөздөрүн угуп алган соң, Хорезим элине жортуулга аттануу чечимине келди.
Чыңгызхан бул чечимге келгени менен аны тез эле ишке ашыра албады. Анткени,
жортуул жасоого каршы чыккан Йе Лүнүн жана башка сардарлардын ою менен
эсептешпей, калың колду ири элге чабуул жасоого шайкештирбей болбоду.
Ал жортуулга аттанаарын эч кимге айтпады. Бардык зээнин Хорезим элинин алабалын билүүгө жумшады. Моңгол бөксөсүндөгү айыл-аймактарды аралап, анда турган
аскерлердин күчүн чамалады.
1218-жылдын соңунда Чыңгызхан өз уруусунун билерман бийлеринин жана карт
вазирлеринин башын кошуп, Хорезим элине чабуул жасоо маселеси жөнүндө туңгуч
ирет кеңеш өткөрдү. Мунусунун аты гана кеңеш болгону менен, иш жүзүндө өз оюн
макулдатып алуу эле. Кеңеш: Чыңгызхан жортуулда жүргөн кезде иниси Темүгөйдү эл
ичиндеги иштерди башкарууга бекитти. Чыңгызхандын өз уруусундагылар, билерман
бийлер, карт вазирлердин бардыгы согушка аттана турган, аялдардан жалгыз гана
Кулан ээрчип жүрө турган болду. Окумуштуу Йе Лү да согушка аттануу буйругун алды.
Чыңгызхан таңгыт элинен аскер чыгарып, согуш кезинде өзүнө жардамдашуусун
талап кылып, элчи жиберди. Бирок, таңгыт эли аскер чыгаруудан баш тартты.
Чыңгызхан таңгыттардын Хорезим элин Моңгол мамлекетинен күчтүү санап, ага каршы
аскер чыгаруудан коркуп, согуштан жаа бою качып жатканын түшүндү.
1219-жылы жаз кирери менен Чыңгызхан эки жүз миң аскерин алып, Бурхан Халдун
тоосунун боорундагы конушунан аттанды. Бу тиш-тырмагына чейин куралданып, кара
жерди солкулдаткан калың кол эле. Калың кол жадыраган жай айларынын орто
ченинде Алтай тоосунан ашып өтүп, Ертиш дарыясынын жээгине барып өрүү болду.
Хорезим элинин сыр-сыпатын канык билбеген Чыңгызхан жоо жерине жакындаган
сайын душмандын шартын билүүнү ойлонуштуруп, жайдан күзгө чейинки убакыт
ичинде жоокерлерди аңчылыкка салды. Чыңгызхан аңчылык аскерлерди чыйралтат,
ат-унаа жаратууга, азык-түлүк дайындоого пайдасы көп деп карады.
Бул мезгил ичинде Чыңгызхан Хорезим элинин ички жагдайын билүүгө айрыкча
көңүл бурду. Көп улуттан куралган Хорезим элинин бир уруудан болушу мүлдө мүмкүн
эместигин ал Ертиштин боюнда жатканда эле түшүнүп, жеткен. Хорезим моңголдорго
татуу үчүн төрт жүз миң аскер жыйнаган, бирок ушунча самсыган кошуунга кол
башчылык кылгыдай жеткилең сардары жок эле. Мухамет Шах ислам диндегилердин
тизгинин кармап турган менен, ал калың колго кол башчылык кыла ала турган киши
эмес эле. Төрт жүз миң аскер ушул элдин мелмилдеген чексиз өңүрүнүн жержерлериндеги ондогон шаарларына жайгаштырылыптыр. Алар шаарды коргоого
мыкты болгон менен моңголдун тандалган, найзакер, талаа согушуна такшалган
жоокерлери менен кармашууга дармансыз сыяктанды.
Коңур күздүн орто ченинде Чыңгызхан аңчылыкты токтотуп, Хорезим элинин
түштүк-чыгыш жагынан чабуул коюп кирүүнү капысынан жарыялады. Моңгол
жоокерлеринин жүрөр жолунда, Тианшан тоосунан башталып Арал деңизине куюлуучу
Сыр-Дарыя узун белбоодой созулуп жаткан эле, анын бойлоруна шаарлар салынган.
Чыңгызхан кошуунун төрткө бөлүп, чоң уулу Жочини Сыр Дарыясынын төмөнкү
агымына жиберди, ал биринчи бөлүк аскерге кол башчылык кылды. Экинчи уулу
Чагатай менен үчүнчү уулу Үгүтөй экинчи бөлүк аскерге баш болуп, Сыр-Дарыянын орто
агымындагы Отрар шаарын алууга аттанды. Алек, Сейктүй, Тахай сыяктуу жаш
сардарлар үчүнчү бөлүк аскерлерди башкарууга жооптуу болуп, Сырдарыянын жогорку
агымындагы өрөөндөрдү басып алуу буйругун алды. Төртүнчү бөлүк аскерди
Чыңгызхандын кенже уулу Толу башкарды. Ал Сыр-Дарыяны өтүп, Хорезим элинин
негизги күчү жайгашкан Букар шаарын алышы керек.
Чыңгызхан аскерлери менен сардарларына: «Бу сапаркы согуш Хорезим элинин
аскерлерин жоюп, бийлик башында отурган Мухамметтин көзүн тазалаганга чейин
улантыла берет. Багынгандарынын жанын койгула, каршылашкандарын мейли ал
аскер болсун же жай букара болсун баарын кырып таштагыла!»— деп буйрук берди. Ал
бул согушту моңгол улутунун тиричилиги менен тикелей катышы бар деп ойлоп,
бардык аскери күчүн толук аттандырды.
Алтан хандыгына чабуул жасар алдындагыдай Чыңгызхан бул жолу да өз
уруулаштарын, билерман бийлерин, вазирлерин чакырып, өлсөк арманыбыз жок,
дешип коштошуу расмиятын өткөрдү. Алтан хандыгына чабуул жасарда Чыңгызхан бу
расмиятты Бурхан Халдун тоосунун этегиндеги өзүнүн ордосунда өткөргөн болсо, ал
бүгүн аны Ертиш дарыясынан он күндүк алыстагы жат элдин чөлдүү талаасына тигилген
жолум үйүндө өткөрдү.
Чыңгызхан өзү каза болсо ордуна төрт уулунун кимисинин отурууга тийиштүү
экенин ушул маарекеде жарыялады. Муну аскерлеринин сардарлары жагынан алганда
өзгөчө мааниге ээ жумуш эле. Чыңгызхан кенже уулу Толуну өтө жакшы көрөрүн элдин
баары билет. Моңголдун салтында кенже баласы мураскер болот. Ошондуктан
Чыңгызхандын дүнүйө-мүлкүнө кенже уулу Толу ээ болууга тийиш. Бирок,
Чыңгызхандын Толуну жакшы көрүшү экөөнүн ортосундагы жеке ушул байланыштан
гана эмес эле.
Уулдун кенжеси болгон Толунун эр жүрөктүгү, согуштардагы эрекче таланты менен
эмгеги Чыңгызханга аябай жага турган. Ал согуш сайын атасы Чыңгызхандын жанында
жүрүүчү. Чыңгызхан да кичи уулун сүрөп турууну унутчу эмес. Баласынан кол башчылык
жана согуш жөндөмүн байкаганда ага аябай кубануучу. Жыйырма эки жашка чыгып,
толуп турган бу жаш сардардын тулкусунан кол башчыга ылайык туума жөндөмүн
билинип турушу бир жакшы көрүнүш эле.
Маарекеге келгендер: Чыңгызхан өз ордуна согуш сайын аттын кашкасындай
эрекче эмгек сиңирип келе жаткан чоң уулу Жочини көрсөтөр бекен же өзү жанындай
көргөн Толуну айтаар бекен. Кантсе да ушул экөөнүн бирин мураскер кылар деп
божомолдоп турганда Чыңгызхан ал экөөнү эмес Үгүтөйдү көрсөттү.
Чыңгызхандын, үчүнчү уулу Үгүтөйдүн аты угулганда, отурган эл өз кулактарына
ишенбей калышты. Бирок, жаңылыш укпагандыктарын тез эле билишти.
— Жочи, сен кандай дейсиң сүйлөчү? — деди Чыңгызхан.
Куба жүлүн Жочи:
— Үгүтөйдү өстүрүүңүзгө эч кандай башкача оюм жок. Мен Чагатай, Толу инилерим
менен башыбызды кошуп Үгүтөй менен жакшы өтөбүз. Үгүтөй сиздин мураскериңиз
боло алат, — деп кыска жооп берди.
— Чагатай сенин оюң кандай, айтчы?
— Жочи айткандай, сиздин көзүңүз тирүү турганда ага-ини баарыбыз өзүңүздү
колдойбуз. Андан кийин Үгүтөйгө жардамчы болобуз. Упасыздарын оңдурбайбыз,
качкандарды кармап келебиз. Үгүтөй кең пейил эмеспи, өскөнү жөн. Бүткүл моңголго
кол башчылык кыла ала тургандыгы үчүн, сиздин мураскериңиз болушу жолдуу иш, —
деди Чагатай.
Чагатайдын сөзү Жочинин сөзүнөн алда канча майда чыкты.
— Ээ, Толу, сенин кандай оюң бар айтчы? — Чыңгызхан Толуга бурулду.
— Мен өзүңүз бекиткен кишинин жанында болом. Унутуп калган иштерин эсине
салып, уктап калса ойготуп, ураан чакырып чепке аттанганда сүрөөнчү, күлүгүнө камчы
болуп, кошууну менен бирге жүрөм. Алыска аттансак артынан, жакында жүрсө
жанынан калбайм, — деди Толу.
Чыңгызхан ыраазылыгын билдире башын ийкеди да:
— Үгүтөй, айтаарың барбы, бар болсо айта бер, — деди эң акырында.
Үгүтөй койнуна батпай турган кубанычын билдирбей басыңкы үн менен:
— Менин айткандай сөзүм жок. Өзүңүздүн айтканыңыздан чыкпайм. Тек кана,
үрүм-бутактарым жетесиз төрөлүп, тартымдуу мураскер боло албай калар бекемин
деген гана убайым бар менде, — деди.
Маареке дасторконунда олтургандар Чыңгызхан менен анын төрт уулунун сөздөрүн
уккан соң, Чыңгызхандын көрсөткөн кишиси ылайыктуу, Чыңгызхандан кийин бүткүл
Моңголдун тизгинин кармоого Үгүтөйдөн ылайыктуу киши жок, деп санашты.
Үгүтөй калган үч ага-инисиндей жеңил эмес, өтө салмактуу, момун, кең пейил,
жумушка сарамжалдуу, ичине арамдык катпаган адал мүнөз, өзгөчө көзгө
чалдыкпаганы менен бет алган ишин орундабай тынбаган азамат эле. Деги хандын
мураскери болууга абыдан ылайыктуу болучу.
Дасторкондо отургандардын башка ою жок экенин байкаган Үгүтөй:
— Биздин ата конушубуз дарыя-өзөндөрү, көрктүү жайыттары мол чексиз
мейкиндик эмеспи. Жочи, Чагатай, Толу — үчөөнө бөлүп бергидей жер табылат, —
деди.
Жочинин куба жүлүн кебетеси көпкө чейин Чыңгызхандын көз алдынан кетпеди.
Жочи моңголдун айтылуу баатыры эле. Анын кайраттуулугуна, ажалдан тайманбаган
эрдигине Чыңгызхандын өзү да таң калычу. Мамлекеттин ири жумуштарын бир жакты
кылуу жагында андан өткөн мыкты киши жок эле. Чыңгызхан Жочи менен Үгүтөйдүн
кайсынысын өзүнө мураскер кылуу маселеси үстүндө көп ойлонду, акыры Үгүтөйдү
көрсөттү. Экөөнүн кимисин көрсөтүү маселесинде чиеленишкен татаал иштер да жок
эмес эле. Чыңгызхан Жочинин өңүнүн бузула түшөрүн билип турган.
Чыңгызхан болочоктогу кызыл кыргын алдында дасторкондо отургандар менен
шарап чөйчөгүн көтөрүштү. Бул башкалар үчүн мүлдө башкача мааниде болду.
Чыңгызхан Жочинин упаасыздык кылбастыгына ишенүү кыйын деп ойлогон. Бул өзү
чиеленишкен бир маселе. Эгер ошондой болгон күндө да, анын таң каларлык эч
нерсеси жок иш. Бирок, Чыңгызхан муну өтө маанилүү иштер катарына койгон жок. Ал
Жочиге тикие карап:
— Бүржүгүн Жочи, сенин көк жал экениңе али көз жеткен жок, мен да
ошондоймун. Экөөбүз тең талпына берели. Азап-тозоктуу, кыйын-кысталаң жолдорду
басып илгерилей бер, сансыз кызыл кыргын согуштарын сал, согуш сайын жеңишке
жет. Менин да ошондой кылбастыгым мүмкүн эмес. Сенин даңктуу моңголдун көк
жалы экениң ырас болсо, өзүңө керектүү жер-сууну өз күчүң менен тап, — деди. Андан
кийин алдына жакындап келген Жочи менен чөйчөк тийиштирип, Сыр-Дарыянын
төмөнкү агымында уулуу кескелдирик көп дейт, абайлаарсың, — деди.
Жочи атасынын бетине үңүлүп:
— Ата өзүңүзгө да сак болуңуз, — деди айтар сөзүн ачыкка чыгарып.
Моңголдун төрт бөлүк кошууну Сыр-Дарыянын жээгине жеткенде Жочинин
кошууну Жент шаарын көздөй багыт алды. Чагатай менен Үгүтөйдүн кошууну Отрар
шаарын курчады, Алек, Сейкетүй, Тахайлардын кошууну Бенакент шаарына тике
жөнөдү.
Чыңгызхан менен анын кенжетайы Толу баштаган негизги кошуун алды менен СырДарыянын жээгинде аялдап, алдыңкы чептерден кабар алган соң, дароо СырДарыядан өтүп, мурдакы план боюнча Хорезим элинин уюткусу эсептелген Букар
шаарын көздөй бет алды. Бул кошуун Букар шаарын көздөй илгерилегенде,
душмандын негизги кошууну менен Сыр-Дарыянын боюндагы шаарлардын
байланышы үзүлүп калды.
Чыңгызхан кумдуу талаалар менен кыркаларда бир айга жуук аялдап алган соң,
Сернок коргонуна жакындаганында коргонго элчи жиберди.
— Биз кудайдын баласыбыз, ислам динин урматтайбыз, колдоп кубаттайбыз. Ошон
үчүн, Моңгол ханынын амири боюнча силерди куткарганы келдик. Моңголдун калың
жоокерлери босогоңордо турат. Каршылык кылсаңар коргонуңардын күлү көккө
сапырылат, багынсаңар мал-жаныңар аман калат, — деди барган элчи.
Мындан кийин Чыңгызхан элди коргондон түгөл кууп чыгып, жаштарын аскерликке
алып, башкаларын үйлөрүнө кетирди. Коргонду үч күн тоноп, асыл дүйнө-мүлктөрүн
аскерлерине чогулттуруп алды. Моңгол аскерлери сепилдерин талкалаган соң, Нур
шаарына тике жөнөдү. Чыңгызхан бир айга жакын сапар тартып, Нур шаарына
жээктери менен эле шаар дарбазасын ачтырып, элин кууп чыгарып, бир канча күн-түн
тоноо алып барды.
Чыңгызхан шаар элин кырып-жоюуну тыйса да, дүйнө-мүлктөрүн тоноону тыйган
жок. Ал моңгол элинин турмуш-тиричилигин жакшыртуу, аскерлеринин азык-түлүгүн
камдоо үчүн жеңилгендердин мал-мүлкүн тоноп алуу максатка ылайык келет, деп
карады.
Моңгол атчандары 1220-жылдын көктөмүн өздөрү мээлеген Букар шаарына
баруучу жолдо өткөзүп, январь айынын орто ченинде Букарга жакындап, АмуДарыянын жээгине жайгашышты. Чыңгызхан суусу мол, чөбү чүйгүн кең талаага
туташкан ушул өрөөндө аскерлерин жакшылап тыныктырып алган соң гана шаарды
курчоого киришти. Бирок, шаарды коргогон жыйырма миң аскер багынып бербей,
салгылаш далай күнгө созулду. Бир күнү түн ичинде шаарды коргоп жаткан аскерлер
шаардын дарбазасын ачып, моңгол аскерлеринин чебин жара Аму-Дарыяны көздөй
качты. Чыңгызхан аларды Аму-Дарыянын жээгине чейин сая кууп, бирөөнү да тирүү
куткарбай түгөл кырып таштады. Аму өзөнүнүн сай-салааларында өлүктөр корум болду.
Дарыя суусу кан болуп акты. Чыңгызхан кошуундары бул тегеректе колдорун канга
жууп, мурункудан беш бетер эсирип кетишти.
Чыңгызхан эртеси шаарга кирди. Көчө-көчөлөрдө дүкөндөр менен мечиттер көп
экен. Шаар бай шаар кейиптенет. Көчөлөрдө ар кыл адамдар бытмырдай кайнайт.
Шаарда али багынбаган төрт жүз аскер калган эле. Чыңгызхан шаардан кайра чыгары
менен эле шаарга чабуул жасоого буйрук берди. Шаар ичиндеги камалдарда
куралданган жай букаралар да сансыз экен.
Моңгол жоокерлери төрт жүз аскерди жок кылуу үчүн он эки күн согушуп, оор
чыгымга учурады. Шаардан кууп чыгарылган тургундардын көбү кырылды. Акырында,
моңгол аскерлери шаарды очогор менен аткылап жатып араң алды.
Шаарды алган соң, Чыңгызхан шаар элинин кийим-кечегинен башка нерселеринин
бардыгын түгөл шыпырып алып болгон соң гана шаардан кууп чыгарды. Андан ары
моңгол аскерлери шаарды аралай кирип өз эркинче талоон жасай баштады. Жарлыкка
кайчылык кылып шаарда жашырынып жүргөндөрдүн да бири тирүү калган жок.
Чыңгызхан шаар сыртына жыйналган тургундардын арасындагы аялдардын баарысын
аскерлерине бөлүштүрүп берди эле, таламандын тал түшүндө зордуктоого кирип
кетишти. Эркектери катып жүргөн баалуу буюмдарын тапшырып беришип, аскери
иштерге чегилди.
Чыңгызхан шаардан аттанарында тирүү жан калбаган ушул шаардын күлүн көккө
сапырууну буйуруп, өзүнө каршылык кылган шаарлардын бардыгы тең ушул күндү көрө
турганын жарыялады.
Букар шаары ушундайча өрткө айланып жаткан учурда Чыңгызхан мындан чоң
Самаркан шаарын көздөй бет алды. Булар беш күн жол жүрдү. Ушул кезде моңгол
аскерлери колдорун кыпкызыл кан менен жууп, көзүнөн жалын аткан жырткыч айбанга
окшоп калышкан эле. Алардын катаал тартипке багынып, катар тизилип басканы гана
жырткычтардан айырмалап турду. Айлуу түндөрү жол жүргөндө калың колдун
көлөкөсү кумдуу талаада бадырая түшөт. Букар шаарынан аскерликке алынган көк көз
кишилер чөлдөгү жортуулга чыдай алышпай, баштары айланып, эси ооп жыгыла
беришти. Алардын башы ошол жыгылган жеринде кесилип жатты.
Чөлдүү ээн талааны, тоо-таштарды арттарына калтырып жортуулга чыккан аскерлер
ойдуңдун орто ченинде жаткан Самаркан шаарынын караанын бир нече күндөн кийин
араң көрүштү. Самаркан шаары арааны ачылган Моңгол аскерлерине дүйнөдө жок
шаардай туюлду. Шаар тегереги тукабадай кулпуруп, жапжашыл токой менен чүмкөлүп
турду. Шаарды айланып аккан Согды дарыясынын жээктерине мөмө-жемиш бактары
өскөн. Таш кирпичтен калың жана бийик салынган шаар сепили, көркөм талаанын
ортосуна жайгашкан ушул шаарды моңгол аскерлерине бербечүдөй көрүндү.
Чыңгызхан Самарканга багыт алганда Букар менен Самаркандын ортосундагы эки
шаарга эки бөлүк кошуун жөнөткөн болучу. Согды дарыясынын боюна келген негизги
кошуунга тиги эки шаардын алынгандыгы жөнүндө кабар келип жетти.
Самаркан шаарын кырк миң аскер коргоп турган, буларга Хорезимдик тандалган
сардарлар кол башчылык кылып жаткан эле. Чыңгызхан дароо чабуул жасабай, Согды
дарыясынын жээгинде аскерлерин машыктыра баштады. Ал Согды дарыясынын
жээгинде жаткан кезде, Сыр-Дарыянын боюндагы шаарларды багындырууга кеткен
үчүнчү кошуун өз милдеттерин орундап болуп, ушул негизги кошуунга келип
кошулушту. Жочинин кошууну баарыдан мурда жетти. Жочи согушка аттанган жарым
жыл ичинде Чыганак шаарын алып, анын тегерегиндеги уч шаарды ойрондоп, малмүлкүн тоногон. Жент шаарын багындырып, Сыр-Дарыянын төмөнкү агымындагы кең
өрөөндөрдү өзүнө багындырган болучу. Бу сапаркы согушта ал каршылык
кылгандардын канын суудай агызып, тукумун туздай курутту. Асыресе, Чыганак
шаарынын тургундарын чөп чапкандай жайкады.
Жочинин кошуундарынын келип кошулганына он күн толгон кезде Чыңгызхандын
элчилери өлтүрүлгөн, ушул согуштун чыгышына себепчи болгон Отрар шаарын басып
алууга кеткен Чагатай менен Үгүтөйдүн кошууну кайтып келишти, Моңгол аскерлери
бул шаарды беш ай салгылашып араң алды. Шаардын чордондуу көчөлөрүн айга
созулган кырылышуулардан кийин гана багындырып жатышты. Булар г аар элинин тең
жарымын кырып таштап, тең жарымын шаар башчысы Кайыркан Султанга кошуп
Самарканга жеткирди. Чыңгызхан Кайыркан Султан менен көрүшпөй эле, аны өлтүрүп
салууну буюрду. Колу-буту байлануу турган Кайыркан казанда балкып эрип жаткан
күмүштү көрүп, жанындагы аскерден:
— Муну эмне кыласыңар? — деп сураганда, ал аскер:
— Муну сенин оозу-мурдуңа, кулагыңа куябыз! — деп жооп берди. Кайыркан
Султан ошол айтылган чара менен өлтүрүлдү.
Дагы он күн өткөндөн кийин, үч жаш сардардын кол башчылыгындагы кошуундар
да келди. Булардын бардык аскерлери беш миңден ашпаса да, бир кылка эр жүрөк
баатырлардан эле. Алар бачым аракеттенип, алды менен Бенакент шаарын алып,
тургундарын шаардан кууп чыгып, аскерлерин тыптыйпыл жойду. Андан кийин СырДарыянын орто агымындагы коргону бекем Хожент шаарына жетип, шаардын коргоочу
сардары Темир Малик менен узак салгылашты. Аягында душмандын кайыктарына
түшүп алып, шаарды басып калды. Булардын толбой калган өксүгү Темир Маликти
кармай албай койгондугу болду.
Туш-тушка аттанган кошуун, туткундагандарын айдап, олжого алган мүлктөрүн
артынып-тартынып биротоло чогулушту. Согды дарыясынын боюна ар кыл улут
аскерлери топтолду. Бул дүйнөдө ушунча көп улут бар экенин моңгол жоокерлери
ошондо гана билди.
Үч бөлүк аскер түгөл чогулуп, баштарын кошкон соң, Чыңгызхан Самарканды коё
туруп, Аму-Дарыянын аркы жээгинде жашырынып жүргөн Хорезим падышасы Шах
Мухамметти согончоктой кубалоо үчүн эки бөлүк аскерди аттандырды. Анын бири
Жебеники, дагы бири Субатайдын жоокерлери эле.
Чыңгызхан эң ишенимдүү бул эки сардарына:
— Экөөңдүн кошуунуң кудум эле эки жакка атылган жебеге окшош илгерилегидей
болсун. Бирок, силердин максатыңар бир гана — Мухамметтин аскерлерин кууп сокку
уруп, аны тыптыйпыл кылуу! Зор кошуунга кезигип калсаңар ар кимиңер өз алдыңарча
согушпай кабарлашып иш кылгыла. Жоо чегинсе аларга тынч алгыдай орун калтырбай
соккула. Өздөрү багынган шаар тургундары менен аскерлерге тийишпей, каршылык
кылгандарын таптап өткүлө! — деп буйрук берди. Бул эки кошуун ошол эле күнү Согды
дарыясынын боюнан аттанып, Самаркандан бир чакырымдай алыстаган соң, эки жакка
катар атылган жебедей, бөлүнө жөнөштү.
Самаркан багытындагы чабуул март айынын аягында башталды. Чыңгызхан кийин
уюштурулган ар кыл улут аскерлерин чабуулдун алдыңкы сабына салып, моңгол жөө
аскерлерин алардын артынан койду. Хорезим кошууну шаардын бекем коргонуна
таянып, каршылык көрсөтүп кирди. Шаардагы аскерлердин көбү түрки тилде сүйлөгөн
каңлылар жана парстар болучу. Кыргындуу согуш жети күнгө уланып, Чыңгызхан ички
шаарды толугу менен басып алды. Багынган каңлыларды шаардын сыртына чогултуп,
ички шаардын төрт жагынан бирдей өрт коё берди. Каршылык көрсөткөн миңге жакын
парсы аскерлеринин баарынын башын алды.
Баш аламан кыргын согуш барышында Самаркан тургундарынын көбү ат туягына
тапталды, багынган отуз миң каңлы аскерлери менен эл да түгөл кырылды.
Самаркан шаарын өрттөө Чыңгызхандын өзүнө да дүлөй кишинин ишиндей
билинди. Алоолонгон өрт жалыны караңгы түндү жарык ааламга айлантып, булуңбурчтардан чыккан ызы-чуу анын мазесин ала берди. Таң супа салаар кезде шаар
четиндеги серечеге чыккан Чыңгызхан көр оозунан аман калгандар бир жерге чогулуп
жатканын байкады. Булар отуз миңдей өнөрпоз, иңдей туткун, азын-оолак аял жана
жыйырма чакты пил болучу.
Чыңгызхан Самарканды өрттөп жиберген соң, Самаркан менен Несип арынын
ортосундагы өңүргө конуш которуп, жайды ошол жерде өткөрдү. Бул жер аскерлерди
тыныктырууга да, ат-унааны семиртүүгө да өтө ыңгайлуу экен. Чыңгызхан күзүндө
баштала турган согушка ойдокудай даярданып алуу үчүн бул жерге көчүп келген
болучу.
Ушундайча, Аму-Дарыянын түндүк жагындагы жерлердин бардыгы Чыңгызхандын
карамагына өттү. Чыңгызхан согуштук саясаттарын белгилөөдөн тыш моңгол
аскерлеринин жай букараны азапка салбастыгы, мал-мүлкүн булап талабастыгы
жөнүндө да айрым саясат чыгарды. Ошентип, колун канга жууган, аялдардын
намысына тийген, талап-тоногон аскерлер зулумдугунан тыйылып, албарстыдан адамга
айланды. Күнү кечөө эле, адам канына боёлгон өңүрлөр кайра жанданып, ойроңдолгон
шаарлар аз болсо да кыймылга келип, ээн калган үйлөргө кишилер кирип, тиричилик
жүрө баштагансыды.
Чыңгызхан бул шаарларды башкарууга сардарларын белгилеп, алардын
карамагына мусулмандардан жардамчыларды дайындады. Башкаруу оңтойсуз болгон
жерлерге аскер тургузду. Калың колдун барыш келишине ыңгайлуу болсун үчүн чоңчоң шаарлар аралыгында жол салдырды. Сыр-Дарыя менен Аму-Дарыясынын
аралагындагы мейкин өрөөндөрдө, жайыттарда, чөлдөрдө моңгол аскерлери камчы
үйүргөн кымкуут эл эмгек кылып жатышты.
Ошол кезде Жебе менен Субатайдын кол башчылыгындагы эки бөлүктүн
кабарчылары биринин артынан бири келип жетти.
Бул эки бөлүк каршылык көрсөтпөгөн Балх шаарынын тургундарын аман калтырып,
каршылык кылган Жаба шаарынын тургундарын түгөл кырып таштаптыр. Хорезимдин
ички жагындагы Нишапур шаарына бара турган жолдогу шаарларды арты-артынан
багындырды. Каршылык кылбагандардын конушун соо калтырып,
каршылашкандардын конушун тарпка айлантты. Июнь айынын башында моңгол
жоокерлери Нишапурга согушсуз эле кирди. Бул эки бөлүк Мухаметти сая кууп
Нишапурдан Каспий деңизинин боюндагы шаарчаларга бет алган соң, Мухаммет кабар
очорсуз жоголду. Кантсе да, Мухамметтин аскерлерин табуу милдети ушул эки бөлүккө
жүктөлдү.
Ат — көлүктү ирдентээр жай айы өтүп, Мухамметтин уулу Жалалиддиндин Хорезим
борбору Үргөнч тегерегинде жүргөнүн уккан Чыңгызхан Жочи, Чагатай, Үгүтөйлөрдү
калың кол менен аттандырып, ошол шаарды алууга буюрду.
Үргөнч шаары Аму-Дарыянын Арал деңизине куяр жээгине жайгашкан чоң шаар
эле. Моңгол аскерлери дарыянын шаарга туташкан жеринен басып кирмек болуп
тырмышты. Бирок, үч миң аскеринен ажырап кайра чегинди. Шаар сепилинин
мыктылыгы, шаарды коргоочулардын баатырдык аракети себебинен, моңгол
аскерлери шаарды алты ай курчап жатып ала албады. Алмак түгүл курчоону кыскан
сайын аябай чыгымга учурап жатты.
Ошончолук көп аскер кырылганча кармашса да, согушта жеңишке жете
албаганынын себебин, чоң уулу Жочи менен экинчи уулу Чагатайдын бирдиги
жоктугунан болуп жатканын сезген Чыңгызхан кошуундун кол башчылык бийлигин
Үгүтөйгө берүүнү ылайык көрдү. Үгүтөй атасы Чыңгызхандын талабы боюнча эки агасын
жараштырып кеңешип иш алып барууну айтты да, Хорезимдин борборуна чабуулга
өттү. Шаардакылар күчтүү каршылык көрсөтүп, бирер чакан аянтты алуу үчүн да
аябагандай күч жумшап, өлүк тоо-тоо болуп үйүлдү. Акыры, моңгол аскерлери 1221жылдын апрель айында гана Үргөнч шаарын багындыра алды. Тургун эл менен
аскерлер арасындагы жүз миң кол өнөрчүлөрдү кошуунга кабылдап, башкаларынын
бардыгын таптакыр кырып таштады. Элүү миңдей моңгол аскерлеринин ар бири жат
элдин жыйырма төрт адамына каршы салгылашып, аябай каралжып, канга боёло
чыкты.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Бөртө Чоно - 14
  • Parts
  • Бөртө Чоно - 01
    Total number of words is 3860
    Total number of unique words is 2018
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 02
    Total number of words is 3937
    Total number of unique words is 1997
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    50.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 03
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 2088
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.5 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 04
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2000
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    42.6 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 05
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2007
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 06
    Total number of words is 3883
    Total number of unique words is 1892
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 07
    Total number of words is 3833
    Total number of unique words is 1931
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 08
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2078
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 09
    Total number of words is 3838
    Total number of unique words is 1976
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 10
    Total number of words is 3850
    Total number of unique words is 1980
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 11
    Total number of words is 3850
    Total number of unique words is 1898
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 12
    Total number of words is 3785
    Total number of unique words is 1940
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 13
    Total number of words is 3783
    Total number of unique words is 1950
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 14
    Total number of words is 3805
    Total number of unique words is 1985
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 15
    Total number of words is 3864
    Total number of unique words is 2011
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 16
    Total number of words is 2185
    Total number of unique words is 1296
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.