Latin

Бөртө Чоно - 01

Total number of words is 3860
Total number of unique words is 2018
28.8 of words are in the 2000 most common words
41.1 of words are in the 5000 most common words
47.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
(Чыңгызхандын өмүрү жөнүндө тарыхый роман)
Которгон А. Саспаев
БАСМАГА ДАЯРДООЧУДАН
Жапон жазуучусу Ясашинин өз мекенинде он сегиз жолу жарык көргөн «Бөртө
Чоно» романы кыргыз окурмандарына мурдагы «салт» боюнча Европаны аралап эмес,
кадимки Улуу Жибек Жолу аркылуу, аныгыраак айтканда жапон тилинен кытайдагы
моңгол, казак, кыргыз тилдери аркылуу которулуп бизге жетти. Оюмда, бул роман
басып өткөн жолу боюнча, кыязы, бизде алгачкылардан.
«Чекеси албарс, жүрөгү болоттон куюлуп, камчы ордуна кылыч кармаган, суу
ордуна кыроо, тамак ордуна шилекей жуткан, унаа ордуна шамал минген»
Чыңгызхандын аскерлери өздөрү жоо деп билген коңшу уруу тайпалар — Меркит,
Коңурат, Татар, Найман, Керейлердин эркек киндиктүүлөрүн түгөл кырып, мал-мүлкү
менен аялдарын таламайга салат. Мындай апаат андан ары батышка багыт алганда,
гүлдөп турган Чыганак, Отрар, Букар, Самаркан, Үргөнч шаарларын талап-тоноп, жер
бети менен теңеп урандыга айлантып, тирүү жан калтырбай кырып, аялдарын тапаталтүштө көрүнгөн жерде кордогон бул аскерлер «колдорун кызыл кан менен жууп,
көздөрүнөн жалын аткан жырткыч айбанга окшоп калат».
Ясаши мына ушулардын бардыгын Чыңгызхандын өмүрүн үзөк кыла отуруп өзү
баяндаган, бирок тарыхый изи бар каармандардын психологиясын, философиясын
кызыктуу, нары элестүү сүрөттөгөн. Басмага даярдоо кезинде бул роман көз алдыман
жуурулушуп беш жолу өттү. Ошол беш жолкусунда тең романды жаңыдан окуп
жаткандагыдай сезимде болдум. Бул, албетте, автордун дараметинен болсо керек.
үйүнүн түндүгүнөн көрүнгөн суук жылдыздар дааналана түшөт. Бороон кайрадан
ышкыра соккондо жылдызы жыбыраган кара көшөгө асманды чүмкөп, алар
маржандай күбүлүп, же болбосо жер менен көк сапырылышып жаткандай каардуу
добуш угула калат. «Бороон улуп, көрдөй караңгы түн чүмкөп, эч нерсени көрсөтпөсө
да, кичинекей үйүмдүн капшытында кебелбей отурам го!» — деп ойлонду Улун.
Үй тамда жашап, эгин эгип көрбөгөн, тоо талааны кыдырып көчмөн турмуш
өткөргөн, долу табигатты каардуу деп өздөрүн алсыз сезген, ошондой эле бардыгы тең
кандайдыр бир күч аркылуу аткарылат, деген ишенимде болгон улуттун салтын ыйык
көргөн Улундун бүгүнкү түнү мынчалык тынчсыздануусунун дагы бир себеби бар. Ага
түндүктөн көрүнгөн асман мурдагыдан алда качан бийиктегендей, түндүгүн чарпый
урган алай-дүлөй бороон өзгөчө өөрчүп кеткендей сезилди.
Бала сүйүп, жаңы гана эне салабатынан баарман болгон Улунду, биринчиден, эт
жүрөгүн жарып чыккан наристеси жубайы Ясукейди кубанычка бөлөгүчөлүк алты саны
аманбы, деген ой, экинчиден, баласынын өң-чырайы жубайынын көөнүнө төп келип,
өзүнө окшодубу, деген өңдүү эки ой катуу толгонтуп турган эле.
Кантсе да, Улун көп өтпөй ушул эки түпөйүлдүн биринен көөнү тынды. Бала
энесинин алаканынан колун бошотуп, жумган муштумун жазды. Караса, баланын
колунда таштай каткан чыймыттай кан бар экен. Бала аны оюнчуктан бетер бекем
уучтап алыптыр.
Экинчиси, жаңы туулган наристенин кебете-кешпири жөнүндөгү санаа. Баладан
күйөөсү Ясукейдин накта өз баласы дегичелик эч кандай белги көрүнбөйт. Бир караса,
Ясукейге окшоп тургансыйт, бир караса окшобогонсуйт. Бала жөнүндөгү санаанын
түпкү себеби, наристени бөтөнчө бир жигитке окшойт деп айтууга Улундун көөнү
чаппайт. Чын чынына келгенде, бала алардын эч кимисине окшобой, Улундун нак
өзүнө гана окшоп турган болчу.
Ясукей уулдуу болгондугун уккандан кийин эмне ойлоп, эмне коёрун болжоо Улун
үчүн мүмкүн эмес эле. Өзгө уруунун баатырларынын салты боюнча, Ясукей да
колуктусунун кош бойлуу экенин эч кимге билдирбей, тымызын жүргөн, кубанганы же
кубанбаганы өзүнө гана маалым эле, өзгөлөргө болсо, бир табышмак. Кантсе да, уулдуу
болгонун кабарлоо аркылуу жубайынын көйгөйүн түшүнүү Улун үчүн парыз сезилди.
Жубайынын оозунан «Баланы өлтүр!» деген сөз чыккан күндө да, буга таң калууга
болбойт.
Ясукейге кабарлай кеткен аттокур абышка эртеси кечинде кайрылды, баласына
Темүчин деген ат коюшу жөнүндө Ясукейдин айтканын Улунга оозмо-ооз жеткизди.
Төрөгөндөн бери санаа деңизинде калкыган Улун бул сөздү укканда көңүлү жадырап,
сергий түштү. Анткени, Ясукейдин наристеге суук ырай билдирбей тургандыгын
түшүндү. Бирок, мунун себебинин түбүнө жете албады. Аттокур абышканын
айткандарын тегеретип ойлогонунда Темүчин деп ат коюунун маанисин ар кандай
түшүнсө боло берчүдөй сезилди. Аттокур абышка:
— Мен алдаяр таксыр Ясукейди издеп барсам, татар тайпасын ойсурата
жеңгендиктерин белгилеп, той өткөрүп жаткан экен. Алоолонгон оттун жанында
жоодон колго түшкөн эки кол башчы чытырата байлалуу туруптур. Той салтанаты
уланып чегине жетейин дегенде тиги эки кол башчынын бирин сүйрөп келишип, башын
кесип алышты. Алдаяр таксыр ушул жолку жеңишин эсте калтыруу үчүн уулуна ошол
башчынын атын коюуну тапшырды, — деди.
Баланын аты «жеңишти эсте калтыруу» деген сөз менен тутумдаш болсо, анын жөнү
бир башка. Бирок, башы кесилген жоо кол башчысынын атын наристеге коюу
журтчулукту ойлонтпой койбойт. Ясукей баланын туулганына ыраазыбы, ыраазы
эмеспи, бул Улунга дагы эле табышмак бойдон калды. Атасынын ким экендигин
жадагалса энесине да анык эмес бул ымыркай, акыры, моңгол уруу башчысынын
үйүндө Темүчин деген ат менен туңгуч уул катары бактылуу торолду, өсүп жетилди.
Улун төрөттөн кийин денеси ысып-күйүп, өлөсөлүү болуп бир нече күн жатты.
Этинин ысыганы басаңчалап, эсин жыйып, башын араң көтөргөн Улундун нурсуз
көздөрүнө эң мурда чалдыкканы Темүчинди көтөрүп турган Ясукей болду.
Улун он ай мурда эле Ясукейге тийген. Ал олхонот уруусунан эле. Аны меркит
уруусунун бир жигити олжого алыптыр. Меркит элине баруучу жолдо — Онон
дарыясынын боюнда Ясукей Улунду олжого түшүргөн. Улун меркит жигитинин он нече
жолку катышуусунан кийин гана Ясукейге тийди, баланы төрөдү. Ушул мүшкүл
себебинен ал баланын өз атасы деп эки жигиттин бирин даана айтып бере албайт.
Улун Темүчинди көтөрүп турган Ясукейге көзүнүн кыйыгы менен гана карады.
Ясукей башынан эле баатыр атанып, эл каратып, журт бийлеген эр жүрөк азаматтардан
болчу. Анын сумсайыңкы жүзүнөн мээрим билинбесе да, шадылуу манжаларына
Темүчинди кондуруп алып, бооруна басып турган көрүнүшү Улунда моокум
кандырарлык жылуу сезим козгоду. Жубайы Ясукейдин бетинен өөп коюуга даай
албады, бирок ага деген сүймөнчүлүгү ысык жашка айланып бетинен мончоктой
кулады.
Ал кезде, моңгол уруулары иреге жайып конуштанган Улуу Сепилдин түндүк жагы
— Ак-Камалдын түндүгүндөгү кең чөлкөмдү бир кыйла көчмөн улуттар мекендөөчү.
Алар байыр алган жердин чыгышы — Инген ашуусуна, батышы — Саян, Танну, Алтай,
Теңир-Тоого түштүк жагы — Улуу Сепил аркылуу Кытай менен, Гобий чөлү аркылуу
Батыш элдери менен, түндүк жагы — Байкал көлүнүн тегерегиндеги жерлер менен чек
аралашчу. Сибирдин учу-кыйырына көз жетпеген талаасындагы элдер менен
туташтырган ушул тоо-таш, дарыя-өзөндөр, чексиз кеткен ээн талаа-эрме чөлдөр
курчаган кең бөксөлөрдү алты дарыя туурасынан кесип өтөт. Онон, Йингун, Керүлен
дарыялары Амур дарыясына ал аркылуу Охот деңизине, Тугла, Орхон, Селенги
дарыялары Байкал. көлүнө куят. Ушул алты дарыя бөксө тоолордон башталып, жашыл
жайыт, түнт токойлорду пайда кылган. Бир канча уруу, тайпалар, көчмөн улуттар тээ
атам замандан тартып эле ушул өңүрдү пааналап, баштарына үй тигип, бооруна казан
асып, жыргап-куунаган же түндүгү түшүп, оту өчүп, тукуму туздай кууруган болучу.
Кундар менен жужаңдар, түрктөр менен уйгурлар да ушул чөлкөмдү мекендешип,
олжолуу эсептелген түштүктөгү жерлерге таасирлерин кеңейтмек болушкан. Ошон үчүн
да, Кытайдын ар кыл доорлордогу бийлөөчүлөрү Улуу Сепилди согуп, түндүктөгү
көчмөн уруулардын чабуулунан сактанып келишкен.
Моңголдордун бул чөлкөмгө кайсы доордо келип конуштанганы анык эмес, бирок
алар VIII кылымдын алды-артында башка тайпалар өңдүү эле түрктөрдүн, VIII
кылымдын орто ченинде түрктөрдү өзүнө багындырган уйгурлардын бийлигинде, ал
эми IX кылымдын соңунда уйгурлардын ордун баскан татарлардын бийлигинде
болгондугу анык. Бирок, моңголдор татарларды жеңген соң күч алып, тизгинге ээ
болду. Өз алдынча мыйзам-жарлык түздү. Кандаштык байланышы жок улуттар
өздөрүнчө жер ээлеп, бөксөлөрдөгү жайыттарга чачыраңкы конушуп, жылдар бою мал
үйүрлөрүн, аял заттарын, жайлоо-жайыттарын талашып өмүр сүрүшкөн.
Темүчин эресеге толгон XII кылымдын орто чендеринде да моңгол тайпаларынан
башка кыргыз, ойрот, меркит, татар, керей, найман жана оңгут (увак) өңдүү көптөгөн
тайпалар моңгол бөксөлөрүндө жашоочу. Моңгол тайпасы менен татар тайпасы ошол
өрөөндөрдөгү башка тайпаларга болгон бийликти колго түшүрүү максатында өз ара
салгылашып турушкан. Темүчин так ушул эки тайпанын өз ара кагылышуулары чиелене
түшкөн доордо торолуп, эр жетти.
Ар кыл тайпалар ортосундагы бак талаштык чайкаштардан сырткары ал
тайпалардын өз ичтериндеги мүдөө кагылыштары да басаңдабаган. Моңгол тайпасы өз
ичинен уруу-урууларга бөлүнүп, жеке-жеке жер ээлешип, кыйкым тапса эле салгылаша
кетишчү болгон. Ясукей бийлеген бүржүгүнүн уруусу эзелтен моңголдорду түптөп келе
жаткан уруу эле да, алардан бир жамаат моңгол тайпасынан тартып бүткүл моңгол
элин бийлеген далай-далай жетекчилер чыккан. Ясукейдин чоң атасы Хабул туңгуч ирет
хан болду, ал бүлүндү болгон моңгол айылдарын бириктирип, өзгө тайпалардын
чабуулунан сактанып, өз таламын коргоо жөнүндө мыйзам-эрежелерди киргизди.
Экинчи хан Дайчытут тайпасынан чыккан Амбагай болгон. Үчүнчү нөөмөттө гана
кайрадан Бүржүгүн уруусуна хандык чен тийип, Ясукейдин атасы Хотола хандык курду.
Ал эми Ясукейдин өзү төртүнчү хан болчу.
Темүчин Моңгол бөксөсүндө пайда болгон ушундай шартта туулуп, моңгол
тайпасын бийлөөчүнүн үйүндө эр жетти. Ал экиге чыкканда энеси Улун Хасарды, Хасар
экиге чыкканда Хажунду төрөдү. Бул үчөө тең эркек бала болчу. Темүчиндин Хасар,
Хажун деген эки инисинен башка, Ясукейдин дагы бир аялынан туулган, өзүнөн бир
жаш кичүү Бектер, эки жаш кичүү Белгүдөй деген эки иниси болду. Темүчин энелеш эки
иниси жана күнү катындан туулган эки иниси болуп бардыгы бир үйдө чоңойду. Ясукей
чүрпөлөрүнө чын дилинен кубанып, беш баласын бирдей көрдү, бир да бирин өзгөчө
эркелетпеди, ала көрбөдү. Ал эми, Улун да ушундай иштеди. Өзүнөн туулган балдар
менен күнүсүнөн туулган балдарды тең карап, бирин жакшы, бирин жаман дебеди.
Ясукей Темүчинди алалабаганындай эле, Улун да Ясукейдин башка аялынан төрөлгөн
балдарды ала көз менен караган жок. Бул жагынан Улун өтө эптүүлүгүн көрсөтө алды.
Темүчин жети жашка чыкканда, Улун Темүгейди төрөдү. Жети жашар Темүчин
курбалдаш балдарына караганда сөөктүү, алдуу-күчтүү болгону менен көп сүйлөбөгөн,
сүйлөп калса туш келди божурай бербеген, уруш-талашка жолобогон, кокусунан урушталашка кабылып калса, эч нерседен тайманбай чырдашкан жактын сөгүп жаткан
сөздөрүн сабырдуулук менен угуп, ал айтып болгон соң гана тиешелүү жообун берүүчү
балдардан болуп өстү. Ал эми, кордугу өтүп кеткендерди дароо кол салып сабоочу,
колуна урунган эле нерсе менен уруучу, башын балчыкка малып алып тепкилөөчү.
Темүчиндин ушундай каардуу аракеттерин көрүп арачалоого келген чоң балдар аны:
«Унчукпас, түнт, жакшылыкты билбей турган жан!» — деп санашчу. Ошол үчүн алар
аны эресеге жеткен киши катары ойлошуп, а дегенде эле чоң балдар менен
урушкандай уруша кетээр эле.
Демейде Темүчин көзгө чалдыкпаган, көп сүйлөбөгөн бала болду. Агалык сезим
менен кичинекей бөбөктөрүнө жол берип, энесине жармашып беймаза кылуучу эмес,
бирок анын да адаттагы балдар өңдүү эле эне мээримине бөлөнгүсү келе турган.
Темүчин жети жашынан тартып эле өз тайпасынан чыккан улуу муундар жөнүндөгү
санжыра-жомокторго кулак төшөдү. Темүчиндин Бүлтөчүй деген бир кыйыр тууганы
бар эле. Ал жаш кезинде жалаңдаган азаматтардын бири болгон. Эми бети-башын
коюу түк каптап чал болду. Ал балдарга мээримдүү, боорукер, сөзгө өтө чечен киши. Ал
Ясукейдин үйүнө анда-санда келген туугандарына ата-бабасынын уламыштарын айтып
берер эле. Ал айтканда да ата-бабаларынын сөздөрүн өз кулагы менен уккандай,
аракет кыймылдарын өз көзү менен көргөндөй машына келтире сүйлөп, угармандарды
тим эле көшүлтүп жиберүүчү. Кишилер чогула калса болду, оюунан токуп, жадында
жашырып келген кыйла-кыйла аңгемелерди нары жандуу, нары уккулуктуу таамай
айтуучу. Айрым адамдар анын аңгемелерин эстерине сактап калышса да, дал өзүндөй
айтып берүү кайдаа! Бул өңдүү түгөнбөс мол аңгеме-уламыштарды Бүлтөчүй
баатырчалык эстерине сактаарына да көздөрү жетчү эмес.
Бүлтөчүй баатыр жомогун баштаарда журт билген аңгемелерди ичинен айтып
алуучу.
Батуусаган, Батуусагандын баласы Тамача, Тамачанын баласы Хорычар мерген,
Хорычар мергендин баласы Ужум Буурул, Ужум Буурулдун баласы Салыхачуу,
Салыхачуунун баласы Икнүдүн, Икнүдүндүн баласы Шиңсүчи дечү ал ата-бабаларынын
эстүү-баштууларынын атын айтып, анан дагы улай түшчү:
— Шиңсүчинин баласы Харчу, Харчунун баласы Бурясигтей мерген, Буржигтейдин
Мангулжунгуа деген сулуу байбичеси болгон экен, андан Торгулжунбайын деген уулдуу
болуптур, Торголжунбайындын Бөрүкчүнгуа деген ай менен күндөй байбичеси,
Борулда Сүйөлбий деген жаш аттокуру жана Дайыр, Бор деген эки чыгаан күлүгү
болгон экен, — деп саймедиречү ал.
Чечендерибиз айткандай баяндай албаспыз, деп ийменгендер аңгемелерин чорт
токтотушчу. Ай менен күндөй байбичеси, эки чыгаан күлүгү, жаш аттокуру болгон
онунчу урпак Торгулжунбайындан кийин туулган балдардын саны көбөйүп
кеткендиктен, эсте сактоо жөндөмү укмуштуу Бүлтөчүй чечендей адамдарга гана
аңгеме айттыруудан башка арга жок эле. Журттун моюганын көргөн Бүлтөчүй ичинен
ыраазылыгын билдирип, бырыш баскан бетинен кубанычы жылтылдап, аңгемесин
уланта түшүүчү. Анын аңгемеси моңгол улутунун ар бир доордогу башчыларынын
аттарын тизип айтуу менен эле бүтчү эмес.
— Торголжунбайын менен анын байбичеси Бөрүкчүнгуа өтө ынаак өткөн эрдикатын болгон экен. Бирин бири өтө аягандыктанбы, айтор, бул экөө жалгыз көздүү
балалуу болот да, ага Дуба Сокур деп ат коюшат. Анын маңдайына бүткөн жалгыз көзү
үч күнчүлүк алыстагы нерселерди көрүүчү керемет көз экен. Алар Дуба Сокурдан кийин
Добу мерген деген бала сүйүшүптүр. Эки бала көп өтпөй эле өтө жигердүү жигиттерден
болуп жетилишиптир. Күндөрдүн биринде, ага-ини аң уулап чыгышыптыр. Дуба Сокур
мейкин талаага көз жиберип: «Тээтиги теребелде бойго жеткен кыз келатат. Анын
өтөөр жолу тиги. Эртең ошол жерге келгенде аны олжолоп сага алып берем» — дейт.
Добу мерген буга анча ишене бербейт. Бирок, эртеси ошол жерге барып турушса,
узатып бара жаткан кызды ортого алган бир топ киши жетип келишет. Дуба Сокур
дүрмөттүү жаасын, кылычын ала буларга тап берет.. Ошентип, узатылып бара жаткан
кыз Алвингуа Добу мергендин аялы болуп калган экен. Булар көп өтпөй балалуу
болушат. Чоң уулуна Белкүнөдөй, кичи уулуна Бөкүнөдөй деп ат коюлат да, Гуа Добу
Белкүнөдөй уруусу менен Бекүнөдөй уруусунун түпкү тегине айланат. Алвингуаны алган
Добу мерген эки уулу менен аялын артына таштап, жаштайында эле тиги дүйнөгө сапар
чегет. Алвингуа күйөөсү өлгөн соң да үч бала төрөгөн дешет. Бирок, каада сактап
күйөөгө тийбейт. Анда, кантип балалуу болду дейсиз го? Ар жолу боюна бала
бүтөөрдүн алдында көгүлтүр асмандан түшкөн бир шоола түндүктөн Алвингуанын
денесине тиет экен да, ал кош бойлуу болот экен. Ушундай кереметтен туулган
Бухухатки, Бөктөсалжи, Бодунсар Муңкугү сыяктуулар Хаткин уруусу, Салжухут уруусу
жана Бүржүгүн урууларынын ата-теги болуптур, — деп кызыктуу аңгемесин созо түшчү.
Бүлтөчүй чечен Бодунсардан кийинки чыккан ургаалдуу баатырлардын эрдиктерин
нары жандуу, нары таамай айтуучу. Бодунсардан Ясукейге чейин он ата өткөн экен.
Булар жөнүндөгү санжыра өтө узун болгондуктан, ар түндө анын баарын айтып түгөтө
алчу эмес.
Жети жашар Темүчинди Дуба Сокур жөнүндөгү уламыш кызыктырганы менен,
башка окуялары таасирсиз нары түшүнүксүз сезилди. Анын ордуна Бүлтөчүй чечен
бүткүл тайпа баш кошкон чогулушта жомокчу, санжырачы аксакалдардын бири катары
супада туруп, моңгол улутунун жаралуу тарыхын бешик ырынын обонуна салып айтып
берсе, мындай мазмуундагы санжыралар Темүчинди кызыктырып, кумарландыра
түшмөк.
— Кудайдын кудурети менен бактылуу туулган Бөртө Чоно өзүнүн кылымды баскан
сулуу келинчеги Гуамарыл менен бирге деңиз-океандардан өтүп, Онон дарыясынын
боюндагы ырыс-кешиктүү Бурхан Халдун тоосун мекендеп жүргөндө Батуу Саган деген
бала сүйүшүптүр, — дечү Бүлтөчүй чечен.
Бешик ыры обону менен башталуучу бул чакан жомок кыска мезгилди гана камтый
айтылуучу. Бирок, Бөртө Чоно менен Гуамарылдын уулу, элдин ата-бабасы Бату
Сагандын дүйнөгө келгени жөнүндөгү аңыз бүржүгүн уруусунун тушунда, асыресе,
дайчыгуттар тушунда айтылса да, моңгол коомчулугунун көңүл-сезимин өзгөчө
дүркүрөтөр эле.
Эл ушундай аңыздарга аябай ишенишкен.
— Деңиз-океандар дегендер жер түбүнүн батыш жагында болгон экен. Дүйнөдө
теңдеши жок Бөртө Чоно кудайдын кудурети менен ошол деңиз-океандарды кесип
өтүп келип, сулуу Марылга үйлөнүптүр. Бурхан Халдун ал кезде адам баласы барып
көрбөгөн аска-тоо экен. Моңгол тайпалары пайда болгон күндөн тартып эле ушул
тоодо тиричилик өткөрүшкөн, — деп айтылат ал аңызда.
Темүчин Бөртө Чоно жөнүндөгү аңызды укканда катуу таасирленип, өзүнүн Бөртө
Чоно менен Гуамарылдын урпагы болгонуна өзгөчө сыймыктанды. Ал эми, булардын
урпагы эместерди өзүндөй боло албаган, жазыксыз эл, деп санады. Кыскасы, Темүчин
өз денесинде Бөртө Чоно менен Гуамарылдын каны бар экендигин өзгөчө бир аброй
деп билди.
Бүлтөчүй сыяктуу улуу муундар айткан укмуштуу бешик ырлары кичинекей
Темүчинге айрыкча зор окуядай билинген. Улуу муундар айткан жомоктордун
мазмунун жети жашар Темүчин толук түшүнүп жете албаган жерлерин энеси Улун
түшүндүрүп берди. Темүчин улуу муундар айткан бешик ырынын ыргагынан дүйнөдө
теңдеши жок баатыр Бөртө Чоно 1 менен айдай аруу Гуамарылдын кандай өң-түстө
экенин ичинен элестете алуучу.
Бөртө Чоно менен Гуамарылдын каны эң түпкү ата-баба эсептелинген Батуусаганга
куюлган, андан кийин болсо, аралыктан алда канча ата өтүп барып ушул Темүчинге да
куюлган.
Темүчин жогорку жомокту уккандан кийин Бүлтөчүй чечен башка жомокторун
мээсине куюп жатса да, өзүнө тарта албады. Темүчин бүржүгүн уруусундагыларга
Бөртө Чоно — моңголчо: «Көк жал», «Көк бөрү».
ашкан сулуу Алвингуанын каны асман мейкиндигинен түшкөн шоола менен кошо
куюлгандыгы жөнүндөгү жомокту далай жолу майын чыгара айтканын Бүлтөчүйдөн өз
кулагы менен укту. Бирок, бул жомок Бөртө Чоно менен Гуамарыл жөнүндөгү жомокко
караганда анча деле кереметтүү сезилген жок. Темүчин өзүлөрүнүн — бүржүгүн
уруусундагылардын канына асман мейкиндигинен түшкөн шоола аралашканы
өзгөлөрдөн жогору турарыңа сыймыктанса да, Бөртө Чоно менен Гуамарылдын каны
бүткүл моңгол элинин денесине тегиз куюлса, андан да зор аброй болмок, деп
эсептеди. Ушул ишеним бүткүл моңгол улутунун урабас тиреги болмок.
Темүчин тогуз жашка чыккан жылдын көктөмүндө энеси Улун бир кыз төрөдү. Ага
Темүлүн деп ат коюшту. Темүчин Темүлүндүн канында Бөртө Чоно менен Гуамарылдын
каны барбы, жокпу деген маселе үстүндө аябай ойлонду. Акыры, Бөртө Чоно менен
Гуамарылдын каны бир энеден туулган Хасар, Хажун, Темүгей өңдүү ага-инилердин
каны тургай күнү катындан туулган Бектер, Белгүдөйлөрдүн да канына сиңгендигинен
күмөндөнбөгөн Темүчин, эми карындашы Темүлүндүн да канына сиңди деген ойго
келе алган жок.
Темүлүн туүлган кезде тогуз жашка кирген Темүчинде, мейли алар улуу болсун, же
кичүү болсун, аялдар жөнүндө мурункуга окшобогон башкача бир пикир пайда болгон
эле. Анын ою боюнча, аялдардын канына тек гана Гуамарылдын каны сиңүүгө тийиш,
Бөртө Чононун каны сиңүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Бир күнү ушул маселе жөнүндө
энеси Улундан такып сурап киргенде энеси:
— Эркектер менен аялдарда кандай айырма бар? Моңголдордун аял-эркектеринин
бардыгына тең ата-бабаларынын каны сиңген,— деп жооп берди.
Энесинин жообу Темүчинди алымсындырбады. Темүчин көп сүйлөөк аялдарды
жактырчу эмес, алардын жанына жологусу да келчү эмес. Аялдар менен бирге болууга
да каршы болучу. Ал согушка баралбаган чабал адамдарга деңиз-океандардан өтүп
келген Бөртө Чононун каны сиңген жок, деп кароочу.
Темүчин кыздар менен ойногонду башынан эле жактырчу эмес, бирге ойномок
турсун иши түшпөсө бир ооз сөз айтчу да эмес. Муну көп сүйлөөктөрдү жаман көрөт
дегенден көрө, андайларга моңгол каны сиңген дегенди намыс көрөөрү тогуз жашар
Темүчиндин сөөгүнө сиңген касиет деш ылайыктуу эле.
Ошол мезгилден тартып Темүчин тегерегиндеги иштерге үңүлө назар сала турган
болду. Бою да башка балдарга караганда тез өстү. Аз сөздүү, чатак кыялдуу бул
баланын акыл-эсинин жетилүүсү да башка балдардан баёо калган жок.
Темүчин албан түрдүү жагдайларды түшүнүүгө кызыкты, ошондой эле көп иштерди
туюп да жүрдү. Атасы Ясукей менен энеси Улундун көнүмүш маектеринде мурдакыдан
башкачараак өзгөрүүлөр жок болсо да, анын баары эми Темүчинге тереңирээк сезим
тартуулай баштады. Атасы менен энесинин бүржүгүн уруусундагылардын алжай
тарыхы, алардын моңголдор арасындагы таасири, арылап айтканда, моңголдордун
моңгол бөксөсүн мекендеген элдер арасындагы ролу жөнүндөгү маектерин Темүчин
эми толук түшүнүүчү болду. Ал булар гана эмес айыл-апа арасындагы иштер, аялэркектердин сөздөрү, чогулуштардагы талкуулар аркылуу да түркүн-түстүү окуяларды
өткүр мээсине куя берди, дене жана акыл-эс жагынан кемелдене, эр жете түштү.
Моңгол улуту ичиндеги бүжүргүн уруусуна караштуу өз атасы Ясукей менен
Дайчыгут уруусу ортосундагы аркы-берки жайсыздыктардын кесепетинен берекебирликтин кача баштаганын, түрдүү иштерде келишим болбой жүргөнүн, баарыдан
мурда Темүчин түшүндү. Дайчыгут уруусу мурдатан эле бүржүгүн уруусуна таандык
болуп келген. Тек экинчи урпак катары Амбагай хан болгондон кийин гана алар өз
тизгинин өз колуна алып, өзүн өзү бийлеп, дайчыгут уруусу атанган болучу. Жол-жосун
боюнча алганда, бул эки уруунун карым-катышы чоң агын менен кичине айрыктын
катышындай болууга тийиш эле. Бирок, Ясукей хан болгон соң, дайчыгут
уруусундагылар: «Биз Амбагай хандын үрүм-бутагыбыз!» деп дуулдашып, башка уруутайпаларды өз чөйрөлөрүнө топтоп, кылдан кыйкым таап, Ясукей хандын мыйзамжарлыктарына моюн сунушпады. Мунун өзү моңголдордун ички жагында чырчатактардын көбөйүшүнө себеп болду.
Моңгол тайпасына дайчыгут уруусунан башка дагы бир нече уруу карар эле. Алар
бүржүгүндөргө же дайчыгуттарга таандык болуп жүрдү. Моңгол тайпалары Ясукейди
хан көтөрүп бирликке келгенсигени менен, иш жүзүндө эки топко бөлүнгөн болучу.
Моңгол тайпасынын ички жагдайы ушундай болгонунан тышкары, өзгө уруутайпалар менен да кагыша кетип тургандыктан Ясукейдин шаштысы кете баштады.
Моңгол тайпасы эң чоң тайпалардын бири татар тайпасы менен башынан эле ыркы
келишкен эмес. Мына ушундайча Моңгол бөксөсүндөгү бардык тайпаларды
бириктирүү маселеси алдыңкы катардагы ишке айланды. Моңгол бөксөсүндөгү көчмөн
элдерди бириктирүү — ынтымактуу тынч жашоо үчүн да, ирегелеш отурган Алтан
Хандыгы 1 (Жин солаласы), Таңгыт хандыгы, Уйгур хандыгы сыяктуу бараандуу
хандыктар менен болгон мамилелерди чечүүдө да өзгөчө мааниге ээ жумуш эле.
Моңгол бөксөсүндөгү тайпалардын биригүүсүнө өзгөчө Улуу Сепилди Чеп кылып коңшу
отурган Алтан хандыгы каршылык билдирди. Анткени, Моңгол бөксөсүндө бири
биринен алыс конуштанган элдин биригип зор күчкө айланып, уюшуусу Алтан
хандыгына карата айтканда кубанаарлык окуя эмес эле. Ошон үчүн, ал бөксөдөгү
майда-барат уруулардын биригишинен шыбырт билинээр замат ар кыл аргаларды
колдонуп, алардын бирдигин бузуп, ынтымаксыздыгын күчөтүүгө умтулуп жатты.
Моңгол тайпаларынын туңгуч ханы Хабул, экинчи ханы Амбагай, үчүнчү ханы
Хотоло, ал эми азыркы Ясукейлер биримдикти ишке ашырууга бел байлап аракеттенген
болсо да, анын баары Алтан хандыгынын тукуруусу менен козголгон татар тайпасынын
тоскоолдугуна учурап келди. Хабул ханды Алтан хандыгынын элчиси уу берип өлтүрдү.
Амбагай ханды татарлар Алтан хандыгына кармап берип, ошолордун колунда өлдү.
Хотоло хандын өзү, агасы, иниси болуп алты киши татарлар согушунда курман болду.
Ачыгын айтканда, Темүчиндин чоң атасы менен анын ага-инилеринин көбү татарларга
каршы согушта каза табышты.
Ясукей Татар тайпасына ойсурата сокку урганы үчүн Темүчин эс тартып, эр жетип
алгыча жагдай бир чама тынчыган болучу. Бирок, Алтан хандыгы татарларды колдоп
турганда, монгол тайпасы менен анын ортосунда кагылышуу болбой коюшу, ал түгүл,
күндөрдүн биринде дүрт этип согуш жалыны тутанбай коюшу мүмкүн эмес эле.
Темүчин моңгол тайпасынын кас душманы татар тайпасы менен Алтан хандыгы
экендигин бармактайынан эле түшүндү. Татар тайпасы деген ат менен Улуу Сепилдин
ар жагындагы Алтан хандыгы деген ат кичинекей Темүчинге жин-шайтандын атындай
эле угулуучу.
Бир күнү Ясукей үйүндө арак ичип отуруп:
— Дайчыгуттарды тукум курут кылмайынча, татарлардын түбүнө жетмейинче бел
чечпейм! — деп калды.
Атасынын бул сөзүн угуп отурган Темүчин: «Дайчыгут менен татарларды жойгон соң
Алтан хандыгын жоём, деп неге айтпайт? Мунусу кандай?» — деп өзүнчө таң калды. Ал
ушул оюн атасына айтканда:
— Алтан хандыгын жоюу оңой-олтоң иш эмес. Моңгол бөксөсүндөгү тайпалардын
бардык аскерлерин жыйган күндө да анын саны 200 миңден ашпайт. Ал эми, Алтан
хандыгынын мындан он эсе көп аскери бар. Сен сыяктуу адамдар көрбөгөн, укпаган
«Уйгур тарыхын» жазган Кытай тарыхчысы Лю Зишао: «Биздин замандын 1115-жылы Ачуда Жиржин (Жиржит)
урууларын бириктирип Жин солаласын (Алтан Хандыгын) курду» деп жазат. Кытайча жин — алтын дегенди
билдирет. Кыязы, Жинжиттур алтынды — алтын десе керек.
сонун-сонун каруу-жарактар аларда көп, — деди Ясукей жылмайып. Анан ал, ата жоосу
жөнүндөгү сөзүн токтото коюп, Улуу Сепилдин аркы бетиндеги Алтан хандыгы менен
анын ар жагындагы Суң падышалыгы жөнүндө сүйлөдү: — Ал жерлердеги адамдар
дубалдар менен курчап, шаар-шаарчалар салышат. Кирпичтен, жыгачтан жасалган
тамдарда отуруп тиричилик кылышат. Өмүр бою бир жерде турушат. Ары-бери
көчүшпөйт. Алардын ар кимисинин өз алдынча жумуштары болот, соодагерлери дүкөн
ачып керек-жарактарын сатса, эгинчилери жер айдап, эгин эгет. Өкмөт кызматкерлери
мекемелерге барып кызмат иштесе, аскерлери колдоруна курал-жарак алып согуш
машыгууларын өткөрүшөт. Бутканалары, бийик-бийик тамдары болот.
Темүчин: Түшкө да кирбеген ушундай да сонун эл болоорбу? Ырас эле ушундай эл
болсо, алардан толук кабардар болгон жөн экен — деп ойлоду. Анан, атасына көп
суроолорду жаадыра баштады. Бирок, андай элдерге өзү барып көрбөгөн Ясукей
суроолорго кенен-кесири жооп бере алган жок.
Бүлтөчүй карыянын билбей турганы жок, ал көп таң калаарлык иштерди сүйлөп
бере алат, деп ойлогон Темүчин күндөрдүн биринде Суң падышалыгы менен Алтан
хандыгы жөнүндө андан сурады эле, Бүлтөчүй чечен буйдалбастан:
— Тиги Лу падышалыгы, — деп сөз баштады ал Темүчиндин билейин дегенин
айтпай, Лу падышалыгынын кандай курулгандыгын мисал келтире баяндап, Алтан
хандыгынын Амбагай ханды өлтүрүүдөгү себептерин айтып кирди. — Татарлар Амбагай
ханды кармап алган соң, байлап Алтан хандыгына алып барып берет. Алар анын
мойнуна моюнтурук салып, терисин тирүүлөй сыйрып, этин кескилеп өлтүрөт. Амбагай
хан жүрөк жуткан баатыр эле, өлөөрүндө аттокуру Балакишке: «Айылга тирүү баралсаң
беш манжаңардын көбөөсү сөгүлгөнчө, он манжаңардын эти шылынганча кайрат
кылып, менин өчүмдү алычу болгула!» — деп тапшырат. Балакиш элге качып келип, бул
сөздү жеткизди. Муну уккан журттун баары көздөрүнө жаш алып ыйлашты, мен да
ыйладым, атаң да ыйлады.
Тиги дүйнөгө кеткен жапалдаш бойлуу бул абышканы Темүчин бир нече жыл мурда
энесинин тизесине чыканактап отуруп көргөн болучу. Ошол үчүн бул киши жөнүндө
анын түшүнүгү бар эле. Амбагай хандын аянычтуу абалын эсине алганда, Темүчиндин
көкүрөгү ызалуу кекке толуп кетүүчү. Ал: «Алтан хандыгы атам айткандай оңой-олтоң
кол салууга болбой турган эл экен!» деп ойлоду. Алтан хандыгы бирде кишилердин
түшүнөн чыккыс кымкуут чоң эл өңдүү элестесе, бирде өздөрүнүн экинчи ханын
өлтүргөндүктөн, жарык дүйнөдө бирге жашоого арзыбай турган «Беш манжанын
көбөөсү сөгүлгөнчө, он манжанын эти шылынганча» тирешип, кек алынуучу эл катары
туюлду.
Темүчин тогуз жашка чыккан жылынын жай мезгилинде Ясукей Улундун тилеги
менен, анын өзүн ээрчитип, Улундун төркүнү — олохонот тайпасына аттанды.
Бул Темүчиндин туңгуч ирет сапарга аттануусу эле. Ал тогуз жылда көргөн
билгенинен таптакыр башкача сапар болду. Моңгол тайпалары жылдын төрт
мезгилинде тең жайыттарды кыдыра көчүп жүрсө да, Бурхан Халдун тоосу менен Онон,
Керүлен дарыяларынын бойлорунан алыстап кете албай турган, конуштары да азоо
табийгаттын кабагына жараша биринен бири өтө алыс болчу эмес. Темүчин өз элинин
тоо-таш, сай-салааларына канык болгону менен өзгө жердин жаратылыштык абалынан
кабарсыз болучу. Ал ушул жолку сапарында табийгаттын өзгөчө көрүнүштөрүн өз көзү
менен көрдү. Сапарга чыккан он чакты киши салт атчан эле да, азык-түлүк, керекжарактарын арткан он атан төөнү жетелеп алышкан. Алар Керүлен дарыясын жээктей
багыт алып, бирде дарыяны тепчип өтсө, бирде калың токойлорду аралап, кээде салаасалаа адырларды арытып, кээде кумдуу чөлдөргө кабылып дегендей, жолун уланта
беришти. Кээде көлдөр да кездеше калат. Күнүгө уланган сапар Темүчинге өтө кызык
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Бөртө Чоно - 02
  • Parts
  • Бөртө Чоно - 01
    Total number of words is 3860
    Total number of unique words is 2018
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 02
    Total number of words is 3937
    Total number of unique words is 1997
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    50.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 03
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 2088
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.5 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 04
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2000
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    42.6 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 05
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2007
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 06
    Total number of words is 3883
    Total number of unique words is 1892
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 07
    Total number of words is 3833
    Total number of unique words is 1931
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 08
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2078
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 09
    Total number of words is 3838
    Total number of unique words is 1976
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 10
    Total number of words is 3850
    Total number of unique words is 1980
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 11
    Total number of words is 3850
    Total number of unique words is 1898
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 12
    Total number of words is 3785
    Total number of unique words is 1940
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 13
    Total number of words is 3783
    Total number of unique words is 1950
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 14
    Total number of words is 3805
    Total number of unique words is 1985
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 15
    Total number of words is 3864
    Total number of unique words is 2011
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 16
    Total number of words is 2185
    Total number of unique words is 1296
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.