Latin

Бөртө Чоно - 08

Total number of words is 3841
Total number of unique words is 2078
29.7 of words are in the 2000 most common words
42.5 of words are in the 5000 most common words
48.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Темүчинге багынды. Бирок, эч кимиси да Жамуканын кайда экенин айтып бере албады.
Темүчин найман ханы Таяндын үлбүрөгөн жаш токолун туткундап, аялдыкка алды.
Согушта жеңилип өзүнө багынган тайпа башчыларынын аялдарын түгөл өзү ээлеп келе
жаткан эле. Мындан эки жыл мурда Татар тайпасынын калдыгын багындырганда татар
башчысынын кызы Йесүгүн менен Йесүйдү кошоктоп токолдукка алган. Андан кийин да
далай кызды өзү ээледи. Ошондон баштап, ал өз тайпасынын кыздарына көз кырын
салбай турган, багынган тайпа ургаачыларынан көңүлүнө жаккандарын катын кылып
ала бере турган болду.
Согуш аяктап, шурудай тизилген аялдарды алдына алып келгенде, энеси Улун
менен байбичеси Бөртөнүн да ушулардай запкы көргөнүн эсине түшүрүп, аябай
ыңгайсызданчу. Бирок, көңүлүнө жаккандарын үйүнө киргизип кетүүчү. Башына балээ
үйүүдөн корккон ургаачылар каршылык көрсөтпөй ыгына көнчү. Байкуштар кабагын
чытый да албагандыр...
Темүчин аял затын мүлдө түшүнө албай койду. Анын ою боюнча, эркектер башын
канжыгасына байланып жүрүп салгылашса, жеңилденгенден кийин аялдар
душманынын этегине жармаша кетип, каршылык көрсөтпөчүдөй сыяктанды. Ушул
себептүү Темүчин энеси Улунга да, байбичеси Бөртөгө да ишенич байлай албады. Анын
аялдар жөнүндөгү бармактайынан калыптанган көз карашы өзгөрбөгөн бойдон калды.
Бир күнү иниси Хасар:
Колго түшкөн аялдарды жоокерлерге бөлүп берсе тартип бузулат экен, —
дегенинде, Темүчин карсылдай күлдү:
— Согушта жеңип чыккан соң, жоо жактын аялдарын катар жаткызып алып төшөнчү
кылуу, бардыгын моңгол уландарынан кош бойлуу кылып, моңгол уул-кыздарын
туудуруу керек. Андай аялдардан пайдалануунун мындан башка ыкмасы жокко, —
деди.
Темүчиндин бул сөзү өзүнүн сапатына шай келбесе да, сүйлөп жаткандагы өңү
Хасарды чочуткудай бузула түшкөн эле. Өзүнүн канында моңгол канынын бар-жогун
биле албай жүргөнүнө жыйырма нече жыл өтсө да, бул табышмак азырка чейин
чечилбегенинин тышында, Жочинин канынын кандай экендигине көз жеткизе албай
жүрбөйбү. Жочи кээде өзүнө окшогондой көрүнсө, кээде окшобогонсуп калат. Ушул иш
эсине түшкөндө, муңайым, элпек мүнөздүү ургаачы бечаралардын эч кимисине да
ишенүүгө болбойт, деген тыянакка келет. Моңгол бөксөсүнүн бүткүл бийлигин жалгыз
өзү колуна алып отурганынан улам, боюндагы кандын моңголдун же меркиттин каны
экендиги эми Темүчин үчүн көп деле маңыздуу маселе болбой калган. Ошондо да,
моңголдордун көк жалы болсом, деген арман бармактайынан эле жүрөгүнүн
катмарында жатканы өзүнө гана белгилүү го.
Найман тайпасын жоюп, алыскы жортуулдан кайтып келген Темүчин, меркит
тайпасында мунт чыкканы жатат деген кабарды угуп, дароо аскер жөнөтмөк болду.
Мурдакы согушта меркиттердин эркек киндиктүүлөрүн түгөл кырып таштаган болсо да,
алардын калдыктары терең тамырлаган талаа чөбүндөй бат эле көбөйүп, кайрадан
тайпа болуп калыптанган болучу.
Темүчин мурда дайчыгуттар менен татарларга кандай тийген болсо, меркиттерге да
ошондой тийди. Башка урууларга кеңчилик кылган болсо да, каны өз канына окшоп
калуу мүмкүндүгү бар болгон меркиттерге кылчалык ырайым кылган жок.
Темүчин меркит тайпасынын башчысы Токтобек менен коңур күздүн баш ченинде
салгылашып, аны жеңип, жакын тегерегиндеги элдерди талап-булай баштады. Ошол
кезде, меркиттердин охуз уруусунун башчысы Йерусун деген киши:
— Менин жумурай журтка таанымал, ай менен күндөй сулуу кызым бар,
көңүлүңүзгө жакса кызымды берейин, — деди.
— Кызыңды алып келип көрсөт, — деди Темүчин. Мындан кабардар болгон кыз
атасына көрүнбөй жашырынып калды. Темүчин жоокерлерине кызды дароо таап
келүүгө буюрду.
Куугунчу аскерлер кызды он күндөн кийин араң таап кийим-кечеси, бети-башы,
колу-буту адам көргүс балчыкка малынган кызды Темүчин алдына келтиртти.
— Атың ким? — деп сурады Темүчин андан.
— Атым Кулан, — деп тарс этти жаш кыз.
— Он күндөн бери кайда жашырынып жүрдүң? — деп сурады. Кыз болсо, өзү
жашырынып жүргөн тайпалардын атын атады.
— Бир эле жерде жашырынып жатпаганың кандай?
— Барган жеримдеги жигиттердин бардыгы эле кыйшаңдай беришти. Эркектер
жапайы аң сыяктуу болот экен! — деди Кулан ачуулу кебете менен.
Темүчин бул айткандары чындыр, деп ойлоду. Кандуу кыргын эми эле аяктаган,
мыйзам-тартип али орнотулбаган мындай шартта паанасыз, коргоп алары жок кыздын
башына ар кандай иш түшөөрү айтпаса да түшүнүктүү.
Өзгө тайпанын зөөкүрлөрүнө кол жоолук боло жаздаган кыздын өзүнө ийилбей
турганын ойлогондо Темүчин ызадан жарылгыдай болду. Согушта жеңилип, күнкор
болгон тайпа кыздарынан ыгына көнбөгөн туңгуч кыз ушул. Темүчин, өзүн башка тайпа
зөөкүрлөрүнө теңеп маскаралаганын, кыздын өзүнө тымызын жасаган каршылыгы деп
билди.
— Сага тийишкендердин бардыгын өлүмгө буюрам, — деди Темүчин өкүм
жарыялангансып.
Бул сөздү уккан Кулан сумсая түшүп:
— Арыма так түшүргүдөй эч кандай иш кылганым жок. Мен өзүмдү коргогонду
биле турган жанмын. Ар-намысыма тийгидей иш болгон болсо, өзүмдү эбак өлтүргөн
болор элем, — деди.
— Эмне тантып жатасың, меркиттин жаман канчыгы! — деп бакырып жиберди
Темүчин. Бирок, Куландын сөздөрүнө ишенбей, кантип соо калтырсын, деп ойлосо да,
бойго жеткен кыздын алигиндей аман калуусунун кыйын экенин билип отургандай
сабырдуулукка көчтү.
Кулан баткак жүздөрүндөгү оттой жайнаган көздөрү менен Темүчинге карап туруп
күлүп жиберди. Темүчин болсо, мына бу Куландай күлгөн аялды мурда көргөн эмес
эле. Анын чырайында ишеним белгиси ойноп, көтөрүңкү добушунан аруулук касиети
таанылып турду.
— Мынабу кызды байлап таштагыла! — деди Темүчин жанындакыларга. Аркы
айылга алып кеткиле.
Эки күндөн кийин Темүчин кызды кармаган үйгө келди. Төшөктө отурган Кулан
эшик алдындагы Темүчинди таанып, төшөгүнөн туруп басууга ыңгайлана:
— Үйгө кирүүңүзгө болбойт. Мени көздөй бир кадам бассаңыз, өзүмдү өлтүрөм! —
деди ачуулуу үн менен.
— Кантип өлмөксүң?
— Тилимди кырча тиштеп экиге бөлүп жиберсем, өлөт деген ошол! — деди Кулан.
Бир нерсеге белин бекем бууган кишинин кайратың көрсөтүп тургансып, моңгол
бөксөсүн айбаты менен жазгандырган Темүчин, кайраты кетип тайсалдап, Куланга
жакындай албады.
Кулан Темүчинге алгач кезиккендегисинен мүлдө башкача көрүндү. Таза жуулган
бети меркиттердин көзгө басаар сулуу кыздарын элестетти. Ал накта сулуунун өзү эле.
Темүчин бул күнгө дейре мындан ашкан сулуу кызды көргөн эмес.
Темүчин өз кезинде аялы Бөртөнүн ай менен күндөй ажарына аябай суктанган эле.
Эми, мабу меркит кызы ошол Бөртөдөн алда канча сулуу, алда канча чечен көрүнүп
турду. Анын сүрөттөй болгон сулуу жүзүнөн Бөртөдө жок муң гана байкалат. Чачынын
жарымы алтындай саргара жалтылдайт, көзү көгүш кейиптенет.
Темүчин көп буйдалбай кайта чыкты. Бирок, эртеси — үчүнчү күнү Кулан камоолуу
жаткан айылга бир нече жолу барып, кыз сөзүндө бекем турганын билсе да, аны
көргөнүнө гана ыраазы болуп, кайта кетип жатты. Меркиттерди тынчытуу үчүн кеткен
эки айга жуук убакыт ичинде Кулан камоолуу айылга нечен жолу каттаган Темүчин,
өзүнөн жеңилген элдин кызына мынчалык кумар болгонуна таң калды. Куландан
башка бирөө болсо, баягында эле каалаганын кылмак, айтор, бул кызга колу барбады.
Жоокерлерин алып кетүүдөн бир күн мурда кечинде Темүчин Куландын жанына
келип:
— Мен сага ашык болуп калдым, — деди. Ал оозунан мындай сөз чыгаарын өзү да
күткөн эмес. Мунусунан чочуп кетти. Бирок, айтылган сөз аткан ок!
— Сени алып кетмекчимин, — деп сөзүн улады Темүчин.
Кулан муңдуу көзүн Темүчинге кадап:
— Чын айтасызбы? — деп сурады.
— Айтканым айткан, бул чын сөзүм.
— Мага көңүлүңүз түшпөсө эбак өлгөн болор элем, — деп Кулан мурдакыдан башка
түр көрсөтүп, басырыңкы үн менен сүйлөдү. — Ашыкмын дегениңиз — башка
аялдарыңыздын баарынан мени жакшы көргөнүңүзбү?
— Дал ошондой, азыр мага сенден жакшы көрүнгөн киши жок, — деди Темүчин.
Кулан:
— Аялыңыздан да жакшы көрөсүзбү? — деп сураганда, Темүчин апкаарый кетти.
Кулан аз тынымдан кийин сөзүн кайра улап, — аялыңыздан да жакшы көрсөңүз
жарыңыз болууга ыраазымын. Андай болбойт экен, кандай арга колдонгонуңуз менен
сизге таандык боло албаймын. Өлүмгө качан болсо да даярмын, — деди.
Темүчин анын бул сөзүнө эч нерсе айтпай, аракети менен жооп бергиси келгенсип,
илгери кадам койду эле, Кулан кетенчиктей түштү, бирок унчукпады. Темүчин шарт
кучактай алганда гана анын чын ниетинен берилгенин туйду.
Темүчин Куланды мынчалык тунук деп ойлогон эмес. Ал алгач алдына алып
келгенде, өзүнүн аруу экенин сыймыктана жарыялаганда да ишенген эмес.
Мына эми кыздын өзү айткандай аруу болуп чыкты, кыздын ак денесине, чымыр
мүчөсүнө эки эмчегинин тегерегине, кымча белине орой кол салуулардан түшкөн көк
алалар тамга болуп, аруулуктун өчпөс айгагы сыяктанды.
Темүчин Кулан жаткан үйдөн кетеринде «ушул кызды кимисинен болсо да артык
көрөрмүн, өмүр бою тутунаармын» деген ой менен аттанды.
Меркиттерди тынчытып кайра келе жаткан жолдо, Бурхан Халдун тоосунун
этегиндеги өз айлына күнчүлүк калганда конгон түнү, Темүчин үйүнө баруудан мурда
Бөртөгө киши жиберип, Кулан жөнүндө түшүндүрүүнү жөн көрдү. Ал Йесүгүн менен
Йесүйдү токолдукка алган күндөн тартып, мындай кыздардын ал-жайын Бөртөгө алдын
ала айтып отурчу эмес. Күндөрдүн биринде, Бөртө андан кабардар болуп, иш өз
жолунда кете берүүчү. Бөртө да, дайыма согуш камы менен алпурушуп жүргөн жаш
Темүчиндин аялсыз жүрүшүн каалаган эмес.
Темүчин Кулан аттуу кызды жубай кылып алганын Бөртөгө айтып, анын
ыраазылыгын алууну ойлоду. Дагы бир жагынан, Куланга башка аялдарынан өзгөчө
орун берүүнү, Куланды жоруктарга ээрчитип кеткенде, Бөртөнүн бөтөн ойдо болбостугу
үчүн ушундай кылууну жөн көрдү.
Темүчин Бөртөгө Мухулайды жиберди. Темүчиндин өзүнөн сегиз ай кичүү, ишке
жөндөмдүүлүгү менен атагы чыккан бул сардар эртеси эле кайра келип, Бөртөнүн
сөздөрүн Темүчинге жеткизди:
«Жан биргем жана моңгол бөксөсүндөгү боорукер таксыр ханым Темүчин, сиз
жеңиш туусун желбиретип келе жаткан чагыңызда, ордодо жап-жаңы үй жасалгалап,
аны өз үйүмдүн жанына тиктирдим. Ушул ордого түшө турган жаш Кулан менин кемкарчымды толуктап, сиздин күч-кубатыңыздын кайнар булагы болуусун тилейм» —
дептир Бөртө.
Бөртөнүн сөзү өзү самаган жерден чыккан соң, Темүчин ага аябай ыраазы болду. Ал
түгүл, мурда ыраазы болгудай мындай сөздөрдү эч качан укпагансып кетти. Бөртөнүн
байбичелик орду менен сапатына таасир жетпей турганын угуп, жубайынын кең
пейилдигине ылайык жооп кайтарган эле.
Темүчин меркиттердин калдык күчтөрүн жоюп, кайра келген соң көп өтпөй эле алар
Тайкал тоосунда бекиниш куруп, дагы мунт чыгарганы жатканын угуп дароо аскер
чыгарды. Бу сапаркы согуштун башкы кол башчылыгына Сорхыншарынын орто бойлуу,
чоң баш баласы Чимбе дайындалды. Кандай мүшкүл иште болбосун моюбаган,
кайраттуу жаш колбашчы эсептелген Чимбенин жоопкерчилиги, чоң орунга коюлушу
ушул эле. Өтө жаш болгондуктан, башкы колбашчы деген атак ага жарашпачудай
сыяктанды. Бирок, Чимбе бул салгылашууда милдетин ойдокудай орундап,
меркиттердин башчысы Токтобек менен анын баласы Худуну түштүккө кууп салды.
Темүчин быйыл да айлында узак турбай, найман тайпасына дагы бир жолу чабуул
жасоо үчүн Алтай тоосунан ашып өтүүгө бекинди. Бирок, кыш катуу, кар калың
болгондуктан, жоокерлерин Алтай тоосунун түндүк капталында кыштатты. Ал бу
сапаркы жорукта Куланды жанына ала жүрдү.
Кыш кетип, көктөм башталышы менен эле Темүчин Алтай тоосунан үчүнчү жолу
ашып, найман тайпасына каршы дагы бир чабуулун баштады. Меркиттер менен
наймандардын бириккен кошуунуна каршы согуш Бөктүрмө дарыясынын жээгинде
болду. Натыйжада, бул эки тайпанын башчылары туш-тушка житип жоголду.
Темүчин жоонун калдык күчтөрүн биротоло тыптыйпыл кылуу үчүн, Зелменин
тууганы менен найман тайпасына каршы алдынкы жылкы салгылашта орошон эмгек
сиңирген Субатайдын арабачан кошуунун жиберүүгө буйрук түшүрдү. Субатай жашы
отуздан жаңы эле ашкан сардар эле.
— Качкан жоо алты кабат асмандын катмарына көтөрүлсө да, шумкардай илип
мында алып кел, кырааным Субатай, жеңилген жоо жети кабат жердин түбүнө түшүп
кетсе да, майтарылбас сом болоттой мойноп кирип, сууруп чык, жеңишпозум Субатай.
Тебишкен жоо терең деңизге чумкуса да, бөрү тил кайырмак болуп илип чык, айкөлүм
Субатай. Кайтпас баатырым Субатай, сени мен тар жол тайгак кечүүгө жумшап жатам.
Жооң оңой-олтоң эмес. Узак, машакаттуу жол тартып жеткен жеринде ат-унааңды
асыра, азык-түлүгүңдү үнөмдө, бардык ишке сарамжалдуу бол! Жолуңан жорткон аң,
учар канат көп кезигет, аларга алагды болуп, ат-унааңды чаалыктырып алба. Кас
душманыңды уйпалоого аттан эми, жоонун жалгыз аскерин да тирүү коюуга болбойт.
Милдетиңди орундап, моңголдордун душманын талкалап чыгууңа кудай өзү жар
болсун! — деди Темүчин ал аттанаарда.
Ушундай жарлык менен аттанган Субатай Алтай тоосунун түштүк жагындагы
коргонуу чебин жасап кирип алган душманга кыргыйдай тийип, колго тирүү
түшкөндөрүнүн баарынын башын кести.
Субатай жоо калдыгын жоюп жүргөн ошол чактарда өзүнүн беш аскери тарабынан
чытырата байланган Жамука Темүчиндин алдына келтирилди.
Асман мейкини булут каптап, он сегиз миң аалам ойго батып тургансып,
тунжуроодо. Темүчин Жамука менен ордосунун эшиги алдында учурашты. Темүчин үч
миң аскерин ээрчитип Жамука менен салгылашып, жеңилүүнүн ачуу даамын таткандан
бери баканадай тогуз жыл өтө чыгыптыр. Тоорул хан менен биригип Жамуканы
жеңгенине да төрт жыл толоюн дептир. Демек, бул экөөнүн көрүшпөгөнүнө он эки жыл
болгон экен.
Темүчин Жамуканын бетине үңүлө карады эле, киши тааныгыс болуп өзгөрүп
кетиптир. Мурдакы тоголок жүзү субагай тартыптыр. Бирок, илгерки күлмүңдөп туруучу
адаты дагы эле бар өңдүү байкалат. Темүчин Жамукадан мурда аны байлап алып
келген беш аскерди тергей баштады. Жамука Субатайдан жеңилгенде ушул беш аскери
эле калган экен, ошолор байлап келиптир. Темүчин өз башчысына упасыздык
кылгандардын тирүү калышына болбой турганын айтып, алиги беш аскерди
Жамуканын көзүнчө өлтүрүп таштады. Темүчин жерде отурган Жамуканы орундукка
олтургузду:
— Э-э, досум Жамука, экөөбүз ынтымакташып дос бололу. Бир айылда туулуп өстүк
эле. Ошого карабастан экөөбүз эки жакка бет алып, далай жыл кармаштык. Мына бүгүн
дагы учурашып отурабыз. Хорхонөй Жобурдун калың токоюнда өзүң менен
достошконум эч качан эсимен чыкпайт. Ошол кездеки оюн-зооктун үнү кулагыман али
кетелек. Ошол түнкү алоолонгон оттун жалыны али да көзүмө элестейт. Ошол кезде
экөөбүз достошуп, ант суусун ичишпедик беле, — деди.
Темүчин Жамуканы өлтүргүсү келген жок. Мурдакы достугун эсине алып, туягы
турасына жеткен Жамуканы кечире турганын айтты. Бирок, муну Жамука кабыл
албады.
— Досум Темүчин, мен сени менен ынаак болуп достук орнотсок да, менин сага эч
кандай пайдам тийбейт. Мен эч качан сенден жеңилдим деп ойлобойм, а балким,
жеңилсем кудайдын амири чыгар. Мен сенин тукумуңдун туздай куурулушун күтүп
келе жаткан адаммын. Досум, кес башымды тезирээк! Достошкондогу салтанатты
ойлосоң. Кан чыгарбай өлтүрүп, сөөгүмдү бийик тоонун башына кой! — деди Жамука.
— Арга канча, — деди Темүчин, — жаныңды алып калайын десем да ынабадың.
Айтканыңдай болсун, — ал ушул сөздөрдү айтып жанындакыларга карады, — кан
чыгарбай өлтүрүп, сөөгүн алдыма алып келбей, ызаат-сый менен койгула, — деп
буйрук берди.
Темүчин ушуну айтып ордунан турду да, ошол күнү кечке үйүнөн чыкпады.
Субатай өзүнө жүктөлгөн милдетти жарым жыл ичинде орундап болгон соң,
Темүчин менен жолугушту. Өңү күнгө күйүп, карарып калыптыр. Ал душмандын
жетекчилеринин наристе балдарына чейин кырып таштаптыр. Анын найман
тайпасынан олжого түшүргөн буюмдары моңголдорго аябагандай таңсык көрүндү. Каш
таш, килем, кийим-кечек, курал-жарак сыяктуулар Темүчиндин ордосунун жанында
дөбө-дөбө болуп үйүлүп жатты.
Темүчин Куланга өзү жактырган буюмдардан алып бермекчи болгондо, ал
Темүчинди теше карап:
— Бул асыл буюмдарды Алтай тоосунун ар жагында калган Бөртөгө алпарып
тарткан жөн. Мен бир тал шуру, бир чарчы чүпүрөк албайм, бир гана тилегим, мындан
кийин кайда барып согушсаңыз да жаныңыздан чыгарбай ала жүрсөңүз болгону, —
деди.
Темүчин Куландын айтканын орундады. Олжого түшкөн кездеме, килем, каш таш,
үй эмеректери өңдүү дүнүйөлөрдү атка теңдетип, арноону аскерлерге кайтарып, Алтай
тоосунан Бурхан Халдун тоосунун этегине жөнөттү.
БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
Найман тайпасын багындырган Темүчин 1206-жылдын көктөмүндө элине кайтып
келди. Ал найман тайпасын багындырып, моңгол бөксөсүндөгү көчмөн тайпаларды
тынчыткан соң, моңгол бөксөсүн жападан жалгыз бийлөөчү ханына айланды.
Темүчин жеңишке жеткен соң, көп өтпөй эле Онон дарыясынын жогорку
агымындагы ордосунун тегерегине тогуз чачылуу ак асаба орнотту. Ошону менен бирге
өзүнүн хан болгондугун учу-кыйырсыз моңгол бөксөсүндөгү түрдүү элдерге жарыялоо
керек, деп билип, салтанаттуу маареке өткөрүүнү чечти.
Даярдык иштери маарекеден бир ай мурда башталып, ордо тегереги шаттыкка
бөлөндү. Уруу, тайпалардан маарекеге арнап союла турган малдарды күнүгө чубуртуп,
керектүү буюмдар ташылып жатты. Уруу, тайпалардан чогултулган кең талаага
томогодой аппак үйлөрдөн тигишти. Аялдар маареке күнү тартыла турган түрдүү даамтамактарды нечен күн мурда эле даярдап коюшкан. Туш-тушка кемегелер казылып,
казандар асылып, алардын жанына эт иле турган алабакандар орнотулду. Алып
келинген саба-саба кымыздын үстүнө алачыктар тигилди. Чымырап кайнаган сорпонун,
ачытылган кымыздын жыты той болордон нече күн мурда эле мурунду жара аңкый
баштады. Темүчинге арнап тигилген ордонун бийиктигинен, анын түндүгү
кипкичинекей болуп араң көрүнөт.
Мына, маареке да башталды. Маарекеге катышуу уруксаты боюнча уруу,
тайпалардан келген миңдеген адамдар, ордо алдындагы майданга чогулуп, көрөрмөн
катары жер-жерден келген он миңдеген адамдар серенин тегерегине толуп кетишти.
Темүчиндин ордосу алдындагы маареке сересине орнотулган тогуз чачылуу асаба
сыдырым желге боёо желбиреп турду.
Темүчин белгиленген убакта сереге көтөрүлдү. Анын оң жагынан энеси Улун,
байбичеси Бөртө, алардын жанынан Жочи, Чагатай, Үгүтөй, Толу — төрт баласы,
булардын бери жагынан калган аялдары орун алды. Кулан гана алды жагына
отургузулуп, Йесүгүн менен Йесүй арт жакка жайгашты. Улун бапестеп баккан жетим
балдар: Ичгихудик, Борохол, Күчүй, Көкүчүлөр жигит болуп калышкан. Алар да арт
жакка келип отурду.
Темүчиндин сол жагында Хасар, Белгүдөй, Хажун, Темүгөй, Темүлүн сыяктуу бир
туугандары отурду. Бурчу, Зелме өңдүү даңктуу вазирлер, Чимбе, Чолун, Жебе,
Мухулай, Субатай, Хубулай катарлуу сардарлар менен Меңгилик, Сорхыншары сыяктуу
аксакалдар алардын жанынан орун алды.
Уруу, тайпа башчыларынын ушул кезигишүүсү ургаалдуу береке-бирликти
элестетти. Алар Темүчиндин моңголдун ханы болушуна бир ооздон кошулду.
Майрамды башкаргандар:
— Чыңгызхан, Чыңгызхан, Чыңгызхан! — дешип, эл уга элек бир атты кайталап
кыйкыра беришти. Темүчинге коюлган бул ардактуу наам «Улуу ээбиз» деген маанини
билдирет экен. Ошондон баштап бүткүл моңгол бөксөсүндөкү айыл-аймактын бардыгы
моңгол деген атка кошулуп кетти.
Чыңгызхан ордунан турганда, сере тегерегиндеги кымкуут элдин салтанаттуу
үндөрү көктү жаңыртты. Жумурай журт:
— Чыңгызхан, Чыңгызхан! — деп ураан чакырышты.
Чыңгызхан салтанаттуу ураан чакырган калың элге колун жогору көтөрө урмат
билдирди. Ал быйыл кырк төрт жашка чыккан эле. Чачы саамайынан жогорулай агара
баштаганы менен сакал-муруту али да капкара. Тоодой келбети да жаш кезиндеги
ийкемдүүлүгүнөн калып бара жаткан сыяктанат.
Ошентсе да, бул учур Темүчиндин баралына келген кези эле. Моңголдор элдик
биримдикке жетип, ата душманы Алтан хандыгы менен белдешкидей күчүн
калыптандырып, ага чамасы келбес заманынан өтүп кеткен болучу.
Калың журттун салтанаттуу кыйкырыгы көктү жаңыртып турган ушул чакта Темүчин
өзүнө караштуу жерлердин кеңдиги жөнүндө ойго батты. Алтай тоосунун аркы бетинен
Инген тоосуна чейинки аралык аз жер эмес. Бул жердин түндүгү Байкал көлүнө чейин
созулат, түштүгү болсо кумдуу чөлдүн ар жагындагы Улуу Сепилге туташат. Мына ушул
учу-кыйыр билинбеген моңгол бөксөсүнө чачырай конуштанган эки миллион түтүнгө
жакын уруу, тайпалардын башчылары чогулуп, Темүчинди хан көтөрүп отурат.
Эркине койсо Чыңгызхан бардык көчмөн элди Улуу Сепилден ары өткөрүп кетээр
эле. «Бул ишти көп чойбой эле бүтүрөм, Бөртө Чононун тукуму экеним ырас болсо, бул
максатыма жетпей койбойм» деди ал ичинен.
Чайыттай ачык көгүш асмандан күлүңдөгөн күндүн нуру төгүлөт. Калың элдин
салтанаттуу ураанынан көңүлү эргиген Чыңгызхан ордунан турганда чымыркана,
кайраттана түшкөнсүдү. Ал хан болгондон кийинки туңгуч добушун угузмак болуп ураан
чакырып жаткан калың журтка кайрылды. Элдин салтанаттуу үнүн басаңдатуу үчүн
колун сермеди эле, элдин кыйкырыгы, ал колун сермеген сайын күчөй түштү.
— Кудайдын амири менен деңиздерден бери өтүп келген Бөртө Чоно Гуамарылдын
моңголдордун ата-бабасы Батуушадан туулган. Моңголдор ошол Бөртө Чононун
тукуму. Бүгүн ошол Бөртө Чонону уютку кылган моңголдордун жыйырма бир тайпасы
муштумдай бекем түйүлүп жатабыз. Мен хан болуп такка миндим. Менин каарман
жоокерлерим Инген ашуусунан, Алтай, Теңир-Тоо, жана Тилен тоолорунан ары ашат.
Моңгол бөксөсүнүн жайыттарын эң кооз, эң көркөм жерге айландыруу үчүн ушундай
кылбаса болбойт. Өңүбүз түгүл түшүбүзгө да кирбеген жыргал турмуш, көңүлдүү
кырдаал жаратуу үчүн эринбей эмгектенүүбүз керек. Бул максатка жетүү үчүн ары-бери
көчө бербей там үй салып отуруктуу болуубуз, мал-чарбаны тоо таштарга айдабай
туруктуу жайыттарга багуубуз керек. Ушуларды ишке ашыруу үчүн, жаңы ханыңар
силерге албан түрдүү жарлыгын жарыялоону ылайык көрдү. Мага чын ниетиңер менен
ишенгиле, жардыктарымды кыйшаюсуз аткаргыла, эр жүрөк баатырларым, моңгол көк
жалдары! — деп сөзүн бүтүргөндөн кийин Чыңгызхан элге тамак тартууну буюрду.
Середе отургандарга табак-табак эт тартылып, арак куюлду. Майданга
чогулгандарга да табак тартылып, арак сунулду. Маареке күндөн түнгө уланып бир нече
күнгө чоюлду. Күндүзү жыйырма бир тайпа менен майда уруулардын жоокерлери
маашыгуу жасап, өнөр көрсөтүштү. Ыр безеленип, бий бийленди. Түндөсү ордонун
алдындагы кең майданга алоолонгон оттор жагылып, айдын жарыгында да оюн-зоок
улантылды. Кай бирөөлөр мас болуп, кай бирөөлөр бийлеп, кай бирөөлөр ырдап
дегендей карысы да, ханы да кубаныч кучагында болду.
Маарекенин үчүнчү түнү Чыңгызхан жупуну кийинген кемпирлердин чарк уруп
бийлеп жүргөнүн байкап калды. Кой кайтарган жайыттарын ырга кошуп, кой кайыруу
кыймылдарын туурап бийге айлантып алган бул кемпирлер канча жолу бийлеп өттү.
Ушуну көргөндө Чыңгызхан: «Мобу кемпирлер Гуамарылга мүлдө окшобогон кедей
кемпирлер. Эми булар жакшы кийинип, ыр ырдап, бий бийлөөсү керек. Моңголдун
эркектери Бөртө Чонодой машыгуусу, аялдары Гуамарылча кийинүүсү керек экен» деп
ойлоду.
Бир канча күнгө созулган салтанаттын акыркы күнү, Чыңгызхан көптөн бери эмгек
сиңирип келе жаткандарга атак жана сыйлык берүүнү чечти, далай жылдардан бери
өзү менен катар туруп салгылашууларды алып барган токсон беш кишиге миң башы
мансабын берди. Бурчу, Меңгилик, Мухулай, Зелме, Сорхыншарылардын аттары да
ушулардын катарында аталды. Түмөн башылар ушул токсон беш кишинин ичинен
шайланмак болду.
Сыйлык берер алдында, Чыңгызхан кең аянттын ар жеринде жүргөн, эмгек
сиңирген кишилерди чакырып келүүгө жалчыларын жиберди. Эң алды менен Бурчуну,
Мухулайды чакыртты.
— Кадырман шеригим сен мен үчүн башыңды сайып, өзгөчө күч чыгарган эзелки
шеригим элең. Бирок, мен азыркыга чейин ыраазылыгымды айтып, карызымды төлөй
алган жокмун, — деп Бурчунун колун сыга кармаган Чыңгызхандын оюна ууру алып
кеткен сегиз кула атын издеп жүргөн жаш чагында Бурчунун берген жардамы эсине
кылт дей түштү.
— Кадырман шеригим, атаң Нахубай да туйгун киши эле. Ошол бай атаңдын ордуна
мураскер болбой мени ээрчип азаптуу жолдорду бастың, мына эми, Алтай тоосунун
тегерегиндеги миң түтүндү сен бийле, — деди Чыңгызхан. Бул ыйгарым Бурчуга чоң
сый эле. Ал сөзүн улады, — Мухулай, сен Инген тоосунун чөлкөмүндөгү он миң түтүндү
башкар.
Жаш сардар Чыңгызхандын өзгөчө көңүл бөлгөнүн туюнуп, оозуна сөз түшпөй туруп
калды. Чыңгызхан өзүнүн туугандары Сешебеки менен Дайшуга чабуул койгондо эки
жигит ээрчиткен Гунгува деген киши Темүчиндин колуна келип кошулган болучу. Ошол
эки жигиттин бири ушул Мухулай. Ал Найман тайпасына чабуул жасаган кезде чоң
эмгек сиңирип, ошондон кийин өзүнүн адалдыгы жана жөндөмдүүлүгү менен кол
астындагылардын урматына ээ болгон. Чыңгызхан аны ушул себептен жогорулатты.
Чыңгызхан Бурчуну мурдакы эмгегинен улам өстүрсө, Мухулайды болочок иштерди
көңүлгө бүгө өстүрдү. Ушу жаш сардарды Алтан хандыгына жасала турган аскери
жортуулдун башкы кол башчысы кылууну ичинен ыйгарып да койду.
— Көп узабай эле жүз миң көк жалды Улуу Сепилден баштап өткүдөй болосуң, —
деди Чыңгызхан ага. Мухулай баякы эле үнсүз калыбынан жазбады.
Чыңгызхан үчүнчү кылып Хорчу аксакалды чакыртты. Темүчинге келечекте
Моңголдун ханы болосуң деп кабар айткан ушул абышка согушка катышпай он жылдан
бери бекер жүргөн эле. Бул сапаркы маарекеде да төрдөн орун албай, оюн-зоокту
эшигинин алдындагы орундукта отуруп, эл катары гана көргөн. Кийинки кездери төкөр
болуп калган чал Чыңгызхандын алдына сылтый басып араң жетти.
— Жогору өт кадырлуу Хорчу, — деди Чыңгызхан ага сый көрсөтүп.
Жамука менен кырды-бычак болгон кысталаң кезде батаар күндүн кызгылт
шооласында бети албырган Хорчу абышканын алдына келгени Чыңгызхандын эсинен
чыкпаган болучу. Аксакалдын ошондо айткан сөзү мына эми чындыкка айланып отурат.
Ошол сөздүн өзүнө кандай таасир бергени да көңүлүнө жат.
— Сиз «бүткүл моңголдун ханы болгонунда отуз сулуу алып бер» дебедиңиз беле.
Эми ошол милдетимди орундатмакчымын. Сулуу аялдарга жаны кумар кадырлуу
олуям! Отуз сулуу аялды өзүңүз тандап алыңыз, — деди Чыңгызхан.
Бетиңдеги бырыштары мурдакыдан да тереңдеп, катарлана кеткен Хорчу аксакал:
— Карып калдым го. Бирок, отуз сулуу аялдын күтүмү аркасында кайра жашаруум
да мүмкүн, — деп күлүмсүрөдү.
— Отуз сулуу аял алгандын үстүнө адыркин, чинус, тулус, делеңгүн тайпаларын
бириктирип он миң адамды башкарасыз. Ертиш дарыясынын боюн мекендеген оор иш,
ордунан тургус кылып бирдеме басып калгансыган Хорчуну тебетейдей үйүнө эки киши
жөлөп араң жеткизди.
Хорчу аксакал кеткенден кийин Чыңгызхан анын милдетин бекемдей түшүп:
— Дарыя боюндагы эл Хорчунун бийлигисиз түндүктү көздөй көчүүнү, бардык ишти
Хорчу менен кеңешпей жасоого, анын жарлыгын бузууга болбойт, — деди.
Середе отургандар Темүчиндин сөзүн уккан сайын жээлигип, сыймыктана беришти.
Анын сөздөрү алгачында аз адамдарга жетип, бара-бара көпчүлүк элге угулуп,
аянттагылардын бардыгы кубанычка чөмүлө баштады.
Андан кийин Чыңгызхандын алдына от жүрөк сардар Хубулай келди. Зелме, Жебе,
Субатайлар өңдүү эле жеңишпоз жаш сардар Хубулай деги салгылашта жеңилип көргөн
эмес.
— Хубулай, сен аскери иштердин бардыгына жооптуу бол, — деди Темүчин.
Хубулай өзүнө тапшырылган милдетке ыраазы болбогон ырай билдирбеди.
Анткени, ал төмөнүрөөк мансапка коюлган күндө да, ал милдет салгылашка тикелей
катышы бар болуусун эңсеген. Хубулай жүз миң жоокерди жат элге арты-артынан
аттандыруу өңдүү өзгөчө оор милдеттин өзүнө тапшырылаарын ойлогон да эмес.
Жакшы отуздан жаңы эле ашкан моңгол көк жалы:
— Согушка, согушка аттанам да! — деп шыбыраган бою Темүчиндин жанынан ары
басты.
Андан кийин Зелме келди. Тээ бир кезде атасын ээрчип, көөрүгүн байланып, Бурхан
Халдун тоосуна келген бу жигит азыр элүүгө келип калган. Бурчудан калса, экинчи
орундагы сардар эле.
— Жаркыным, сенин сиңирген эмгегиң эсепсиз го. Мен туулганда жарыктык атаң
бешик тартуулаган экен. Эми ошол жакшылыгыңарды кайтаргым келди. Сен канча
чекилик өткөрсөң да, моңголдор баарын кечирет, — деди Чыңгызхан.
Чыңгызхан ушул бир ишенимдүү шеригине кандай милдет берүү жөнүндө акыркы
чечимге келелек болучу. Ага сансыз адамды же учу-кыйырсыз кең талааны менчиктеп
берсе да, канчалык оор милдет жүктөлсө да көптүк кылбачу сыягы бар.
— Зелме, сага бериле турган кызмат менен мансапты жүрө акылдашсак кантет? —
деди Чыңгызхан.
Зелме мансап менен анча эсептешип отурчу жандардан эмес эле. Шартына жараша
бир жаңсыл кылаарсыз десе да, андай абал толуп жатпайбы! Согуштарда өзгөчө эрдик
көрсөткөн ардактуу Зелме эл назар салбаган майда-чүйдө жумуштарды да майын
тамыза иштөөчү. Тайпалардан сурап алынган куралдарды өз боюнча ээлерине
кайтарып берүү жөнүндө эртеден бери ойлоно жүргөн, белек алып келген тайпаларга
ыракмат айтуу өңдүү иштер менен эч кимдин иши болбогонуна аябай жини келип
жүргөн Зелме, Чыңгызхан атын атап чакырганда:
— От, отту байка! — деп ашкананын отун өчүрө кетүүнү тапшырбаганы эсине түшүп,
аябай өкүнүп, катуу кыйкырып жиберди.
Зелме кеткен соң жетимиш жаштагы Сорхыншары келди. Темүчин дайчыгуттардын
башчысы Таргутайдын туткунунан качып чыкканда ушул аксакалдын камкордугуна ээ
болуп, үйүндө бир түнөгөн эле. Анда бул аксакал чечинип салып кымыз бышып жаткан
болучу. Ошол күнкү кымыздын жыты канча күнгө созулган мабу маарекеде куюлган
кымыздардын жытынан мүлдө башка сыяктанды. Чыңгызхан Сорхыншарынын ошол
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Бөртө Чоно - 09
  • Parts
  • Бөртө Чоно - 01
    Total number of words is 3860
    Total number of unique words is 2018
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 02
    Total number of words is 3937
    Total number of unique words is 1997
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    50.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 03
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 2088
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.5 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 04
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2000
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    42.6 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 05
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2007
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 06
    Total number of words is 3883
    Total number of unique words is 1892
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 07
    Total number of words is 3833
    Total number of unique words is 1931
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 08
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2078
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 09
    Total number of words is 3838
    Total number of unique words is 1976
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 10
    Total number of words is 3850
    Total number of unique words is 1980
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 11
    Total number of words is 3850
    Total number of unique words is 1898
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 12
    Total number of words is 3785
    Total number of unique words is 1940
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 13
    Total number of words is 3783
    Total number of unique words is 1950
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 14
    Total number of words is 3805
    Total number of unique words is 1985
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 15
    Total number of words is 3864
    Total number of unique words is 2011
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 16
    Total number of words is 2185
    Total number of unique words is 1296
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.