Latin

Бөртө Чоно - 07

Total number of words is 3833
Total number of unique words is 1931
31.2 of words are in the 2000 most common words
43.5 of words are in the 5000 most common words
49.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Бул жолку согушта орошон күч чыгарып, жеңиштин негизин каалашкан ушул экөөнө
өзгөчө мактоо айтуу үчүн, Темүчин бул милдетти атайын аларга тапшырды. Экөө эс
алууну таштап, бир күн өрүү болду да, согушта өздөрү багындырган айылдарга эки миң
жоокер менен аттанып кетишти.
Жарым айдан кийин алар дайчыгуттардын бала-чакасы менен малдарын айдап
кайтып келишти. Темүчин дайчыгуттардын бала-чакасын өз тайпасынын адамдарына
кул-күң кылып, күлүктөрүн жоокерлерине бөлүп берип, малдарын ортодоку малга
кошту.
Жеңилген уруулардын аскерге жарактуу уландары келтирилип, айылдарында карыкартаң, бала-чака, мал-мүлкү гана калтырылды. Эки жаш сардардын бул акылына
Темүчин өтө ыраазы болду. Мурда Бурчу менен Зелме орундап келген милдетти эми
Субатай менен Мухулай орундачу болду.
Темүчин башка жаштарга да зарыл милдеттерди тапшырды. Мурдатан эле андай
милдеттерди аткара жүргөн Бурчу, Зелме, Хасар, Белгүдөйлөр андан да татаалыраак
кызматтарды өтөй баштады. Темүчин жана анын башка вазирлери эки жүз миң кишини
ойдогудай башкаруу үчүн дайыма карбалас жумуш үстүндө болушту.
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Эки жыл өткөндөн кийин, 1202-жылы, көктөм чыгамында Темүчин өзүнүн кырк бир
жашка толгондугун белгиледи. Чагаанды куттуктап жаткан сааттарда мурда
талкаланган татарлардын калдык күчтөрү Темүчинге караштуу бир урууга чабуул
жасаганы жөнүндө кабар жетти. Темүчин мааракени токтото туруп, татарлардын
чабуулун талкалоо үчүн кошуун аттандырууну чечти.
Татарлардын калдык күчтөрүнүн аракеттене баштагандыгы жөнүндөгү кабар
мындан эки жыл мурда эле имиш-имиш болуп угула жүргөн. Бирок, Темүчин Тоорул
хандан сактанып, аларга каршы аскер жиберген эмес. Моңгол бөксөсүндө согуш
жүргүзүүдө Темүчин менен Тоорул хан байланыш жасап, кеңешип турушчу. Бул
жөнүндө атайын токтом болбосо да, ушундай иштесе болчудай көмүскө токтом бар
өңдөнүп туруучу. Кимисине болбосун тиешеси жок татар тайпасы жөнүндө да ушундай
кылууга туура келер эле.
Бирок, Темүчин бул жолку татарларга жасалуучу чабуулду Тоорул хандан жашыруун
кармады. Ал, бир жагынан, Тоорул ханга кабар жеткиче убакыт өтүп кетер деп ойлосо,
дагы бир жагынан, Татарлардын адебин берүүгө дароо аскер жөнөтүп, Тоорул хан
жооп айткыча татарлардын эски конушун өзүнө каратып алууну ойлоду.
Чабуулга аттанаар алдында Темүчин: «Биринчиден, басып алган жерлерди талоонго
учуратууга болбойт. Экинчиден, жеңилип чегинген күндө да, чабуулга чыккан жерге
кайра келип, кайтарма сокку уруу керек. Уландуу чегине берүүгө уруксат жок» — деген
мазмундагы эки түрдүү буйругун жарыялады.
Он миң жоокер баштаган Темүчин кышкы моңгол бөксөсүн туурасынан кесип өттү.
Кылданган атчан жоокерлер катуу бороонго карабай шыдыр жүрдү, аттары да камчы
салдырбады. Салгылаш Улан Немүргү деген жер менен Үрөлүгүй дарыясынын
жээгинде үч күнгө созулду. Бу сапаркы согушта Жебе өзгөчө эмгек сиңирди. Тээ бир
кезде, Темүчиндин атынын мойнун мээлеп камгактай учуруп, өзүнүн мойнун жаралаган
бул жигит чакчыгайды көзгө аткан мерген, салгылашууга өтө чеберлерден болуп чыкты.
Ал эки бутун аттын капталына желимдеп алгансып, эки колу менен эки кылычты
ойнотуп, кээде жоон тулкусун аттын капталына алмак-салмак таштай чапканда
алдынан утуру келген кишиге ээ бербей, жоокерлерге жол ачып, мокобос курч
канжардай жиреп кетер эле.
Татарлар менен дайчыгуттарга эзелтен эле кас болуп келген Темүчин колго түшкөн
татар аскерлеринин эркек киндиктүүлөрүн бир жерге чогултуп кырып таштоону чечти.
Ушул сапар иниси Белгүдөй жаза тайып, татар аскерлеринин эркектеринин өлтүрүлө
тургандыгы жөнүндө кабарды бир татар аскерине айтып койбоспу. Мунун кесепетинен,
туткундалган татар аскерлери бүлүк чыгарып, куралданып алышып, бекиниш жасоого
киришти. Акыры салгылашууга айланып, Темүчиндин ондогон жоокери өлдү. Темүчин
өзүнүн иниси, нары көптөн берки кол канаты болгон Белгүдөйдү аябай тилдеп,
ошондон кийин аны кеп-кеңешке аралаштырбай таштады.
Ошол жолу дагы мындай окуя туулду: Темүчиндин жакын туугандарынан Алтын,
Хушар, Дарытай өңдүү сардарлар аскери тартипке кайчы иш жасап, олжого түшкөн
мал-мүлктү ээлеп алышыптыр. Темүчин муну билген соң Жебе менен Хубулайды
жиберип, үчөө ээлеп алган мал-мүлктү түгөл кайра алып келди.
Темүчин татар аймагынан олжого түшкөн, талап алынган дүйнө-мүлктүн бардыгын
жоокерлерге таратып берди. Аялдарын болсо, бир нече аскерге бирден берди. Өзү
татар тайпасынын башчысынын кыздары Йесүгүн менен Йесүйдү тандады. Ал атабабаларынан тартып кас душманы болуп келген татар аялдары менен аскерлерин
үйлөндүрүп, Моңголдор санын көбөйтүүнү, татар кыздарынын каны менен өз каны
кошулган бала көрүүнү ойлоду. Алачыкта жаткан эже-сиңдилүү эки кыздын жанына
бир түн түнөп да чыкты. Жеңилген жактын кызын алганы да ушу. Ал Бөртөнүн
уруусунан башка уруунун жоош кыздарын кек алуу үчүн эмес, өмүрүнүн ыракаты үчүн
алган болучу.
Көп өтпөй Темүчин артка кайтып аялдар тобу менен Мал үйүрлөрүнүн артынан
жүрүп отурду. Жоокерлери да согушка аттангандагыдай бороон учуруп, кыйкырыксүрөөн салбай жай келе жатышты. Калың кошуун артынан ээрчиген аялдардын ый
менен муң-зары үзүлбөдү. Алар өздөрүнүн мындай абалга түшүп калышын
жазмыштан, бактысыз тагдырларынан көрүп бара жатышты.
Өзү татарларды чабуулдап, багындырып алганы өңдүү эле, кайра баш көтөрүүгө
камынган меркиттердин калдыгын да Тоорул хан чабуул жасап багындырганы
жөнүндөгү кабарды Темүчин айлына келип көп өтпөй укту.
Булар бирин-бири алдап отурган жок. Жадырап жай келген кезде, моңгол бөксөсү
илгеркисиндей тынчый түштү. Бирок, Темүчин менен Тоорул хан бирин-бири жоё
турган учуру качандыр бир күн сөзсүз келе турганын сезишип, ар кимиси өз
жоокерлерин каршы жагынан ашыра машыктырууга карбалас киришти.
Темүчин тайпасындагы бүткүл элди түгөлүнөн машыктыра баштады. Моңгол
бөксөсүнүн тургундары кезектешип мал кайтаргандан башка күндөрдө жапырт аскери
машыгууга катышты. Көбүнчө чабендестик машыгын алып барышты. Хасар, Белгүдөй,
Бурчу, Зелме сыяктуу вазирлер да Хажун, Темүгөй, Субатай, Мухулай, Хубулай, Жебе
сыяктуу зарыл милдет аткарган баатырлар да, жадагалса Темүчиндин уулу,
моңголдордун коногу эсептелген муштумдай Жочи да кара терге түшүп, чаң-тозоңго
малынып, ой менен кырга чапкылады. Деги койчу, баары тең Тоорул хандан коргоно
алаар көк жалдарга айланды. Хасар бардык жоокерлердин кол башчысы катары сөз
сүйлөп:
— Бет алган жагыңардан кайтпай, майтарылгыс бекем чеп болгула, калган
жериңерден кан алгыла! — деп тарбия берди. Жоокерлер да ушул сөз боюнча машыгуу
алып барды.
Ошол жылы күзүндө Темүчинге күтүлбөгөн бир кабар угулду. Жамука Тоорул ханга
багыныптыр. Тоорул хан Жамуканы өлтүрбөй, өзүн жана аскерлерин толук кабыл алып,
күчүн көбөйтүптүр.
Жамука жөнүндөгү кабар угулган соң, Алтын менен Хушар тил бириктирип
өздөрүнө караштуу аскерлерин ээрчитип, моңгол тайпасынан бөлүнүп, Тоорул ханды
көздөй кетишти. Алтын менен Хушар өз кезинде аскер тартибин бузгандыгы үчүн
жазаланган болучу, булардын кеткен себеби да ушул. Бирок, Темүчин булардын
чыккынчылыгына таң калган жок. Анткени, алар мындай упасыздык кылбаган күндө да
Темүчин өз колу менен жоготор мерездерден эле.
Ушундай себептерден улам Темүчин өзү менен Тоорул хан ортосундагы
келишпестиктер акырындап жарыкка чыга баштаганын сезди.
Мындан эки жыл өткөн соң, 1203-жылы көктөмдө Тоорул хандан элчи келип,
хандын: «Досум, кадырлуу балам, Найман тайпасына аскер чыгаруу кези келди. Менин
аскерлерим Алтай тоолорунан ашып өтүү даярдыгын көрүп бүттү» — деген сөзүн
жиберди.
Темүчин жиберген элчи да Тоорул ханга: «Досум, аяш атам, моңгол аскерлери
найман тайпасына жортуулга дапдаяр турат. Мен досумдун, аяш атамдын амирин гана
күтүүдөмүн. Досум, Алтай тоосунан арыстандай айбат менен аша турган бололу» деген
жообун алып барды.
Найман тайпасына жасала турган жортуул аягында келип керейлер менен
моңголдордун моңгол бөксөсүнө үстөмдүк талашуу күрөшүнө айланаары, наймандар
талкалангандан кийин моңгол менен керейден турган эки тайпа ортосунда кагылышуу
туулбай койбостугу Темүчинге да, Тоорул ханга да түшүнүктүү болучу. Ошон үчүн
Тоорул хан менен Темүчиндин Наймандарга чабуул жасоо жөнүндөгү жарлыгы, түпкү
тегин сүрүштүргөндө, эртең эле эки жак ортосунда боло турган салгылаштын да
жарлыгы эле.
Бир ай өткөн соң, күч бириктирген эки жак моңгол бөксөсүнүн батышын мекендеген
түрк элдеринин жерине кадам коюшту. Темүчин тандалган отуз миң черүүсүн
жортуулга кошту.
Темүчин: калың кар каптаган Алтай тоосунан ашуу Тоорул ханга оңой түшө койбос,
деп ойлоду. Тоорул хан: Темүчиндин аскерлери Алтай тоосунан күч менен араң ашаар,
деп ойлоду. Акыры, эки жактын тең жер майыштырган калың колу Алтай тоосунан
ашып өтүп, найман тайпасынын тандалган аскерлери чогулган Күшүгүт уруусун тоо
көчкүдөй лап басып калды. Оюна келгендерин жасап, талап-булады, адамдарын аеосуз
кырды. Күшүгүт уруусу талкаланган соң, эки жактын кошууну тең бул жерге аялдабай
мерчемдүү убакыт ичинде тең чегинди. Бирине бири сыр билдирбемиш болгону
менен, наймандарга жасалган ушул жортуул болочокто өз ара жүргүзүлө турган
согушка даярдык иретиндеги амал эле.
Темүчин Күшүгүт уруусун талкалап кеткенден кийин, көп өтпөй эле, Найман
аскерлери Тугла дарыясынын Харышугуй деген жеринде Тоорул ханга кайтарма
чабуулга өтүп, аны катуу кысмакка алгандыгы жөнүндө кабар укту. Хасар ушул оңтойлуу
шартты колдон бербей, Тоорул ханга чабуул коюуну сунуш кылды. Зелме менен Бурчу
да бул сунушту куп көрдү. Бирок, Темүчин жактаган жок. Тоорул ханды жоготуунун
оңтойлуу кезеги ушул болуп турса да, мындай амал менен жеңишке жетүүнү абройатак деп эсептебеген Темүчин:
— Он жети жылдын алдындагы кысталаң күндөрдө, Бөртөнү меркиттерден куткаруу
үчүн жасаган аракетибизди Тоорул хан колдогон эле го. Ошонун камкордугу менен
бүгүнкү күнгө жетип отурабыз. Ушул жолу Тоорул ханга жардам берип, жакшылыгын
жакшылык менен кайтаралы, ошондо анын бизде карызы калбайт. Бул жолку чыгарган
кошууну анча күчтүү эмес өңдөнөт, — деди.
Бул Темүчиндин чын ою болучу. Тоорул хандын аскери моңголдордун аскеринен
начар болбогон күндө да, өтө күчтүү эмес эле. Согушка чебер колбашчылары аз чыгым
менен эле зор жеңишке жетип жүрсө да, жеке согушта чабалдыктары билине калып
турду. Ал эми, моңгол аскерлери болсо, жеке чайкашта болсун же чакан согуштарда
болсун оңой эле ары-бери каратып жеңип чыга келүүчү.
Темүчин колбашчыларын ынандырып, Тоорул ханга жардамга жиберүүчү кошуунун
Байдарик дарыясынын боюна тез жөнөттү. Алар кысталаңда калган Тоорул хандын
баласы Санкүнгө кол канат болуп, анын жоо олжолоп алган аялын тартып алып колуна
тапшырды. Темүчин аскерлерин чегиндирип жаткан кезде Тоорул хан бир нече
кишинин коштоосу менен анын жанына келди. Бул анын өзгөчө батылдык
жасаганынын белгиси эле. Ал Темүчиндин жардамына ыраазылык билдирүү менен
достук келишимин түзүү үчүн келген. Бул экөө тең өздөрүнчө «досум, аяш атам»,
«досум, балам» деп жалпаңдашканы менен достук шарты түзүлбөй келе жаткан.
Антташалы деген Тоорул хандын сөзү чын ниетинен чыкканын же бери жагындагы
эле кеп экенин Темүчин толук баамдай албады. Ошентсе да, анын сунушун кабыл алып,
үйүнүн алдындагы тектирчеге оюн-зоок даярдыгын жасатып, тайпасынын миңдеген
кишини чакыртып, Тоорул хан менен достошуу салтанатын өткөрдү.
Темүчин карт сардар менен алтын чөйчөктөн даам татышты. Жаш кездериндегидей
каардуу кебетесинен али да болсо дармансыздык, картайгандык байкалбаган аппак
чачы күмүштөй жалтыраган Тоорул хан:
— Менин кызым Савир бике турат, сенин уулуң Жочи турат, кудалашалы. Эки элдин
ортосундагы береке бирликти бекемдеп, арага ушак-айың таратып, иритки салган уу
жыландардын тилин кесели, — деди.
Темүчин буга да макул болду. Анын сөздөрүнө кошулгусу келбесе да сунган колун
эриксиз алып кысты.
Тоорул хан Харышугуйга кайтып келди да, Жочи менен Савир бикенин той камына
киришти. Темүчинди чакыртты. Буга карата Темүчин: «Тоорул хан келишпес жоо болсо
да, кең пейилдүү адам экен» деген ойго келди. Темүчинди өз айлына алдап алып келүү
үчүн Тоорул хан анын айлына атайын эле коргоочуларсыз барган эле. Ал мындай
куулук-шумдукка өтө дасыккан киши болучу.
Харышугуйга барууга Темүчиндин көөнү тартпады. Барса тирүү калбайт эле. Ал
Тоорул ханга кандай жооп берүү жөнүндө Хасар, Бурчулар менен акылдашып, барбас
үчүн шылтоо издештирди.
Булар ушул иш үстүндө кеңеш куруп жатканда, Тоорул хандын эки ат токуру
Харышугуйга куралданган аскерлердин толук чогулганы жөнүндө кабар жеткизди. Бул
кабарды уккан Темүчин иштин тегине дароо түшүндү, Тоорул хан менен эми алышууга
бекинип, элчисине тойго барарын айтты.
Тоорул хандын элчиси кетери менен эле Темүчин бардык жоокерлерине согушка
даярдануу жөнүндө буйрук түшүрүп, жоокерлерди тандалган, эң жакшы куралжарактар менен жабдыды. Он миңдеген аскерин той күнү үлгүрүп баргыдай кылып
экинчи түнү жөнөттү. Он чакты топко бөлүнгөн калың кол кең талаага конуштанган
айылдарды аралай өтүп, беш колдун салаасындай тарамдала илгерилеп бара жатты.
Той болор күнү таң атаарда Тоорул хан менен Темүчиндин он миңдеген калың колу
Харыхалжүн жайыгында караан көрсөтүшүп, эки жактын аскерлеринен тең жан
алгычтын түрү чыгып тургансыды.
Темүчин Бурчу, Зелме, Хасарлар менен кеңешип, моңголдор арасындагы ашкан эр
жүрөк атанган орогот уруусу менен маңгут уруусунун аскерлерин алдыга койду.
Анткени, Темүчин бул эки уруу аскерлеринин согуштагы эрдиктерин кичине чагынан
эле билүүчү жана угуп да жүргөн, ушул эки уруу Бөртө Чоно менен Гуамарылдын
заманынан бери эле бар экендигин эр жүрөк чечен Бүлтөчүй аксакалдын
уламыштарынан угуп, эсинде бекем сактаган болучу. «Хабшы баатырдын Торон деген
уулунун жети баласы бар экен. Анын Намулун деген аялы бар экен. Туң баласы Хачы
аттай күлүк экен. Экөөнөн Хату, Өбөкү деген эки бала туулуптур. Хачы күлүктүн Хашын,
Хачу, Хажула, Хашун, Харындап деген инилери бар экен. Эң кичүүсү Начын баатырдын
эки баласы болуп, ал экөө бакшылыкты жакшы билген балгер, анан Орогот уруусу
менен маңгут уруусунун колбашчылары экен» дечү эле Бүлтөчүй чечен.
Бакшылыкты өтө кастарлаган ошол балгердин каны бүгүнкү орогот, маңгут
урууларынын канына сиңген болучу. Чоң чабуулдарга ушул уруулардан өткөн мыктыны
табуу кыйын эле. Булар найзалашууга бармактайынан маш болушат. Четинен жүрөк
жутту баатырлар. Кошуунду көз ирмемде алмаштырууга, жоонун арка жонунан сокку
урууга туура келген учурда Ороготтордун кара асабасы менен маңгуттардын кызыл
асабасы чегинүү же чабуул белгисин таамай берип элди уютуп таштоочу.
Темүчин ороготтордун башкы сардары Зуруштаны алдына чакыртты. Кодоо бойлуу,
арыктыгына карабастан эки бетинен каны таамп турган карыя согуш буйругун
тапшырып алган соң бүтүгүй көзүнөн от чагыла түшүп, кардыккан үн менен:
— Буйругуңуз буйдалбай аткарылат. Керейлерди жалмап өтүүгө бүткүл уруум даяр,
— деди.
Темүчин андан кийин маңгуттун башчысы Хоюлдарды чакыртып жарылыгын
түшүрдү. Сөзгө мокок, тартынчаак Хоюлдар:
— Биз да ке...керейлерди Ороготторго бир бирден кармап алып, жу...жута беребиз!
— деди кекечтене сүйлөп.
Согуш башталган соң кызыл асаба менен кара асаба астындагы жоокерлер
душмандын туш-тушунан чабуулга өттү. Аттуу аскерлер менен жөө аскерлер тең каптап
кирди. Тоорул хан буларга Жырхын уруусунун тандалган аскерлерин каршы
аттандырды. Кара желек менен кызыл желек көтөргөндөр ат ойнотуп, душман чебин
жарып, Керей атчандарын туш-туштан курчап, заматта ойсуратып жиберди. Өз сөздөрү
менен айтканда бир бирден жутуп коюшту.
Жырхын уруусунун атчандарынын соңунан Тоорул хандын тиреги деп эсептелген
Түмүн Түбөнүн аскерлери майданга чыкты. Аларды курчап алуу үчүн кайра айланган
Ороготтор соккуга учурай бергенде маңгуттар капталынан чыгып, жоону курчап калды.
Бул жолку кандуу салгылашта маңгут жоокерлери Түмун Түбөнү да талкалап туусун
жыкты.
Ошол учурда тунхайт уруусунун желегин көтөргөн жоо аскерлери чабуулга өттү.
Маңгут аскерлеринин теңине жакыны чыгым болгондуктан, Орогот аскерлери жоонун
аңдос жагынан басып кирип, бир кыйла ойсуратып таштады. Тунхайт аскерлерине
медет берүү үчүн Тоорул хан өзгөчө кийинген миңдей аскерин майданга чыгарды эле,
Ороготтор аларды бир-бирден терип соолутту. Ушул салгылашта Хоюлдар кадала
кеткен жоо жебесинен жерге кулады.
Мындан кийин Тоорул хандын белен колу жер-көктү дүңгүрөтө чабуулга өттү.
Темүчиндин негизги колу да аттанды. Баш аламан боло кеткен бул салгылашууда
Орогот менен маңгут урууларынын кызыл жана кара асабалары көзгө чалдыкпай
калды.
Жазык талааны каптаган чаң-топурак ичинен адамдардын айкырыгы, бирин-бири
чакырган үндөр, аттардын кишенегени күн батканча тынымсыз угулуп турду. Баш
аламан зор салгылаш, кызыл булут кечки асмандын жарымын каптаганда гана араң
басылгансыды.
Темүчин тандалган миңдей жоокеринин коргоосунда чокуга көтөрүлдү. Кан
майданда эки жактан өлгөн аскерлер моюн алышып жаткансыйт. Дөбө-дөбөнүн
баштарынан тамтыгы чыккан аскер асабалары көрүнөт. Бурчунун, Зелменин асабалары
Темүчиндин көзүнө чалдыкты. Түндүк жакка көз жибергенде Хасар менен Белгүдөйдүн
асабалары тээ алыстан кылкылдайт. Дагы бир жерден Хажун, Темүгөй, Жочилердин
жана Жебенин асабалары көрүндү. Дөбө-дөбөнүн баштарына сайылган асабалардын
жанынан үркөрдөй гана аскерлер байкалат, теребел тунжуроодо.
Темүчин жоокерлерди бир жерге чогултуу жөнүндө жарлык түшүргөн соң,
акырындап тирүү калган аскерлер айткан жерге жыйнала баштады. Кээ бир аскер
бөлүктөрүнүн тең жарымы, кээ бирөөнүкү үчтөн бири жоголуптур. Орогот, маңгут
аскерлеринин бир да бирөө көрүнбөйт. Душман курчоосунда калып түгөл жоюлган
өңдөнөт.
Темүчин жоокерлерине ушул жерге түнөп калууну буюрду. Эртеси күн чыга бүткөн
бою жарадар болгон Бурчу жалгыз өзү жөө келди. Темүчин Бурчуну көргөндө көзүңуң
жашын кылгыртып:
— О, жараткан, моңголдун баатыры Бурчу аман кайтып келди! — деп көкүрөгүн
сылады.
Бурчу качкан жоону кууп бара жатканында аттан жыгылып эси ооп калыптыр. Эсин
жыйгандан кийин түн ката жүрүп отуруп келгени ушул экен.
Түшкө жакын Борохол деген жигит оор жарадар Үгүтөйдү өңөрүп келди. Борохол
Үгүтөйдү аттан түшүрүп жатып:
— Жоо мундурдан Улан Бурхутка ашып түшүптүр,— деди. Бул кабарды жүргүн
уруусунун баатырлары жеткизиптир.
Темүчин жоокерлеринин эсебин алды. Жарадарларды кошпогондо, азыр согушка
жарамдуу эки миң алты жүздөйү бар экен. Ал ушул жоокерлердин тең жарымын согуш
майданында калтырып, калган жарымын өзү баштап, качып кеткен Тоорул ханга
караштуу айылдырдын башын кошууга аттанды. Жол үстү Орогот менен Маңгуттун
салгылаштан аман калган сегиз жүз жоокерин да кошуп алды. Оор жарадар болгон
Хоюлдар Баатыр Темүчинди көргөн соң жарык дүйнө менен коштошту. Темүчин анын
сөөгүн Халкы дарыясынын жээгиндеги Орногу тоосунун чокусуна койдурду. Дайыма
шамал өксүбөгөн ушул чокуну Хоюлдардын мүрзөсү болууга ылайыктуу деп ойлоду.
Ушул тегеректе коңураттардын бир бөлүгү конуштанган деген кабарды уккан
Темүчин Чимбе менен Чолунду атказып, аларды өздөрүнө кошулууга үгүттөдү. Андан
ары илгерилеп, Түңгүлүк Хороху деген жердин чыгыш жагына барганда бир аз
аялдады. Бул жер Тоорул ханга караштуу Харышугуйга жарым күндүк аралык эле.
Темүчин ал жерден Тоорул ханга элчи жиберип: «Аяш ата, досум! Сиздин
камкордугуңузду эсимен чыгарбагандыгым үчүн уулуңуз Санкүн душман кысымында
калганда куткардым эле. Бирок, сиз мени алдап өлтүрмөкчү болдуңуз. Аяш ата, досум,
мен көп кечикпей Харышугуйду чабам! Эмки кан майдан ошол жер болсун!» деп салам
айттырды.
Бирок, Темүчин Харышугуйга жасалуучу чабуулду кечиктирген жок. Харышугуйду
чаап алуу жөнүндө ошол түнү эле бардык жоокерлерине жарлык түшүрдү. Моңгол
аскерлери жарадар болгондугуна карабастан, кайратынан тайбай, жоокердик кайратын
жогото элек болучу.
Чечүүчү салгылаш үч күнгө созулуп, сөөм жер, бир түп жыгач, бир боо чөп үчүн да
катуу салгылашышты. Кызыл асабачандар менен кара асабачандар Харышугуйда күнтүнү менен кан кечүүдө болду.
Үчүнчү күнү түн жарымында керейлердин күчтөрү түгөл жоюлуп, жүздөгөн айыл
моңгол жоокерлеринин карамагына өттү. Эркектердин башы кесилип, аялдар
тырыштыра байланды. Төртүнчү күнү дегенде Тоорул хандын өлүгү Харышугуйдун
түндүк жагынан табылды, кыязы, башка тайпанын кишилери уруп өлтүргөн болуу
керек. Андан кийин, анын уулу Санкүндүн да өлүгү алып келинди. Жамуканын гана
дареги билинбей жатты.
Темүчин чыгаан кол башчы Тоорул хандын сөөгүн керей аскерлеринин сөөгү менен
кошо көмүүнү буйруп, керей аскерлеринин бардыгынын башын алдырды.
Темүчин бир бөлүк жоокерлерин эркек киндиктүүдөн тап-такыр калбаган
Харышугуйга өргүттү. Өзү болсо, алардын бала-чакасын, мал-мүлкүн алып элине
кайтты. Эми моңгол бөксөсүндө көптөн бери өзүнө сес көрсөтүп келген керейлерди да
жер менен жексен кылды. Ошондо да ал: «Далайдан берки ички алалыкты гана
тыйдым. Акыркы жеңишке али жеткеним жок!» деген ойдо болду.
Темүчин согуш аяктагандан экинчи түнү жарадар жоокерлер жаткан ачык талааны
аралады. Үй бүткөндүн баары тынч, тырс эткен тыбыш жок. Кайсы гана үйдүн эшигинен
шыкаалабаңыз, чырт уйкуда жаткан сардарлар менен жоокерлер көрүнөт. Бурчу,
Зелме, Мухулайлар да катуу уйкуга кетиптир. Сардарлар менен аскерлердин кебетекешпири кайырчылардан айырмасы жок.
Темүчин үйгө киргенде иниси Хасар ойгонуп, төшөгүнө туруп отурду. Үстүндөгү
сооту аябай тозуптур. Темүчин:
— Быйыл жоокерлерди тыныктырып, келерки жылы Алтай тоосунан ашабыз, —
деди ага.
— Наймандарды чабабызбы?
— Ооба, наймандарга чабуул жасайбыз. Моңголдун жоо жүрөк баатырлары жакшы
кийим кийип, сарамжалдуу үйлөрдө отурууга, сырдалган идиш-аяк менен тамак ичип,
жумшак төшөктө жатууга акысы бар. Моңголдун каармандары тандалган курал-жарак
менен жабдылып, согуш арабаларынын сапаттууларына ээ болушу керек.
Темүчин Тоорул хан менен биригип, Алтай тоосунан ашып, наймандардын бир
уруусун гана чапканы менен жерин ээлеген эмес. Ошон үчүн, анысы жөн жай гана
жортуул катарында калган. Ал ушул жолку жортуулда кендири кесилип, жокчулуктун
азабын тарткан моңголдордон мүлдө башка өмүр сүрүп жаткан элдин бар экенин
билди. Сейрек кездеше турган музыка аспаптарын, таш ыргытаар укмуштуу
куралдарын, нары таза, нары иреттүү ашканаларын, болгон иштерди өз калыбында
жазып кое турган жазууларды, көп киши баткан кең бутканаларды, ошондой эле,
түбөлүк козголбостой кылып жерге курулган там үйлөрдү ошол элден көргөн.
— Көктөм чагааны өтөр менен Алтай тоосунан ары ашабыз. Найман тайпасын
жоюп, колундагы жаңы курал-жарактарын тартып алабыз, — деди ал.
Бир аздан кийин эле Темүчин: «Алтан хандыгы менен кармашмайынча, иш тындым
болбойт!» деген ойго кабыла кетти. Дайчыгуттарды жоюп, татарларды соолткон соң
ата-бабасынан берки кас душманы — Алтан хандыгы талкаланбаса болбой турган
өңдөнүп кетти ага. Темүчин бул тууралуу Хасарга айткан жок. Алтан хандыгына чабуул
жасоо өзүнүн ички гана сыры катары көрүнүп, моңгол аскерлеринин түшүнө да
кирбеген иш бойдон кала берди. Ошон үчүн ал:
— Алтай тоосунан ары ашмайынча болбойт, — деген сөздү үчүнчү жолу кайталады.
Темүчин ушундан аркы бир жыл бою моңгол бөксөсүндөгү өзүнө караштуу
тайпаларды тынч алдыруу, аларды оокаттандырып, турмуш-тиричилигин жакшыртуу
жумушуна киришти. Адамдарга жараат салуу, өлтүрүү өңдүү кылмыштарга өзгөчө тыюу
салып, адамдарга кастык кылгандарды өлүм жазасына буюрду. Каракчылыкка,
уурулукка катаал карап, мал уурдагандарды катуу жазалады. Дагы бир жагынан
айылдардагы эркек киндиктүүнүн баарын чогултуп, аскери машыгуу ишин улантты.
Аскери түзүмдү жолго коюп, миң аскерди бир бөлүп, ага миң башы дайындады.
Жүздүктөр, ондуктарга бөлүп алардын баарына командачы шайлады. Моңгол
бөксөсүнүн жер-жерлеринин бардыгына аскер тургузуп, бөксөнүн кайсыл жеринен
болбосун жоокер алып пайдалануу мүмкүндүгүнө ээ болду. Тайпаларга караштуу
айылдарды мал чарбасы менен жаңы конушка көчүрүү, алардын турмушунун
байышына шарт түзүү менен согушка ыңгайлуу жерлерди ичине бүгө жүрдү.
Темүчин Тоорул ханды жеңгенден кийинки үчүнчү жылы, 1204-жылдын жай айында
найман тайпасына чабуул жасоо үчүн туу көтөрүп, жортуулга аттанды. Ал мындан
мурда Тоорул хан менен биригип найман тайпасынын күшүгүт уруусун чапкан болсо, бу
сапар найман тайпасынын бүткүл бийлиги колунда турган Таян хан менен салгылашып,
бардык найман тайпасын өз бийлигине каратмак болду. Темүчиндин жоокерлери
Орхон дарыясын жээктей жогорулап, Алтай тоосунан ашып өтүп, найман тайпасына
уландуу чабуул жасады. Таян хан кайтарма сокку уруу үчүн, аскерлерин дарыянын
төмөнкү агымына чогултуп машыгуу алып барды. Бу сапаркы согуш мурдакы
согуштардан өзгөчө болору Темүчинге түшүнүктүү эле. Жоо аскерлери жүздөгөн согуш
арабалары менен чыгышты. Араба тизмегинин арасында соот кийип, найза кармап
жүргөн аскерлердин айбатынан ким эле болбосун чочулагычалык эле.
Согуш башталганга чейин моңгол сардарлары кандай согушарын билбеди. Найман
тайпасынын аскерлерине башка тайпалардын да аскерлери кошулган экен. Алар
Найман тайпасынын аскерлеринен да өзгөчө куралданыптыр.
Найман тайпасынын аскерлери турган жерден барабан, добулбас үндөрү угулуп
турду, бирок согуш баштала койбоду. Күн батып күүгүм кире жоо тарапта туш-туштан
жагылган оттор көрүнө баштады.
Эки жак тең бирин-бири аңдып эки күн жатышты. Үчүнчү күнү таң-заарда Темүчин
сардарларын чогултуп, түш боло чабуулга аттануу жөнүндө буйрук берди. Сардар
Хасар:
— Ошондо, кандай согушабыз? — деп сурады эле:
— О-алда, Хасар ай, өзүң: «Бет алган багытыңардан кайтпай, жемирилбес бекем чеп
куруп, кадалган жериңерден кан алгыла!» дечү эмес белең. Ошол боюнча болот да,
башка эмне болчу эле? — деп жооп берди Темүчин күлүмсүрөп.
Хасар ушул сөз боюнча аракеттенип, моңголдордун калың жоокерлери туш-туштан
ураан чакырып, ат тизгинин коё беришти, жемирилбес чеп куруп, кадалган жеринен
кан алгыдай каар көрсөтүштү. Чабуул менен чегинүү алмак-салмак оошуп турган
салгылашуу күн батканга чейин созулду.
— Моңголдун төрт көк жалы алиде топ алдында, — деди кан майданды тоо
башынан карап турган Темүчин. Согушка сакадай шай турган Жебе, Зелме, Хубулай,
Субатайлар Хасардын тапшырмасын алары менен эле калың жоокерлерин баштап кең
жайыктын туш-тушун көздөй ат оозун кое беришти. Алардын бул жоругу, чынжырдан
бошонгон көк жалдай, маңдай чекеси албарс, жүрөгү болоттон куюлуп, камчы ордуна
кылыч кармаган, суу ордуна кыроо, тамак ордуна шилекей жуткан, унаа ордуна шамал
минген жандардай көрүндү.
Ушул төртөө кан майданга ураан чакырып киргенде, ансыз да чегинүүгө шылтоо
табалбай турган жоо аскерлери топ-тобу менен кача жөнөдү.
— Үрөйүн учуруп алга умтулду. Чынжырдан бошонгон көк жалдай чимирилет ко,
чиркин! — деп Темүчин жаагын жанып, алкап кирди.
Качкан жоону сая кууп, капысынан ойсурата согуп көнгөн орогот менен
маңгуттардын жан кыяр жоокерлери жоо арабаларын туш-тушунан тосуп, атчандары
менен жөө аскерлерин курчай баштады. Орогот, маңгут жоокерлери мурдакы
салгылашта катуу чыгымга учураганы менен бул сапаркы салгылашта өзгөчө кайрат
көрсөттү.
Алар ураан чакырып алга умтулганда жоо кетенчиктей түштү.
— Ажыдаар алдыга жүткүндү, бет алган жагынан кайтаар эмес! — деп Темүчин дагы
сүрөөн сөзүн айтты.
Чабуулчу жоокерлердин кол башчысы Хасар карамагындагы бардык аскерлерин
ээрчитип, кең талаанын бир бурчунан көрүнө калды.
Жапалдаш бойлуу Хасар Темүчиндин көзүнө үч кулач ажыдаардай көрүндү. Бул
«ажыдаар» өгүздөй чоң денеси менен оозун араандай ачып, наймандын бардык
аскерин оп тартып, бир эле кулгуп койчудай кең талааны жалмап бара жаткансыйт.
Наймандардын биринчи, экинчи, үчүнчү чепти түзгөн аскерлери аргасыз артына
чегинди.
Темүчин өзү башкарган белен кошуунуна чабуулга өтүү жөнүндө буйрук берип, өзү
тоо башынан жай түшүп, аскерлердин алдына келди да, ээр үстүндө эңкейиңки тартып,
эки жагында бара жаткан аскерлер менен кошо алдыга чапты. Найман аскерлери
чегингенден чегинип Наху тоосуна кире качышты. Моңгол аскерлери болсо, тоо
этегинен өрдөй жөнөдү.
Темүчин ал күнү Наху тоосун курчай жатып, түн бою чабуулун токтоткон жок.
Жоокерлерин тоого арты-артынан аттандырды. Таң ата бергенде найман аскерлери
эрдик көрсөтүп, кайтарма чабуулга өттү. Бирок, акырында үчтөн бири гана тоодон
ашып чегинсе, үчтөн бири тоо-таштан кулап мерт болду, үчтөн бири болсо моңгол
аскерлерине багынып берди.
Наймандардан негизги күчүн Наху тоосунун башында жеңип чыккан Темүчиндин
жоокерлери найман ханы Таянды туткундап, Алтай тоосунун боорундагы найман
тайпасынын таандык бардык элдерди өзүнө багындырды.
Темүчин ушул сапаркы согушка Жамуканын да келгендигин туткундардан укту.
Жамуканын атын укканда, Темүчинди кандайдыр бир боор тартуу сезими чулгай түштү.
Бир кездерде, кумдуу чөлдүн түндүк жагында даңкы чыккан баатыр азамат ата
конушунан айрылган соң Тоорул ханга барып кошулган. Тоорул хан жеңилгенден кийин
найман тайпасына пааналаган болучу. Бу беш жыл Жамука үчүн өзгөчө оор жылдар
болду.
Качан болсо да жайдаңдап жүргөн Жамуканын элеси Темүчиндин көз алдына
тартыла кетти. «Өмүр бою мени менен сайышууга бел байлаган бу жигит дагы эле
тирүү экен, ээ!» деп ойлоду Темүчин. Жамукага ээрчип жүргөн жажырат, катаган,
салжут, дүрбөн, дайчыгут, коңурат тайпаларынын адамдары ошол күнү күн бата
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Бөртө Чоно - 08
  • Parts
  • Бөртө Чоно - 01
    Total number of words is 3860
    Total number of unique words is 2018
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 02
    Total number of words is 3937
    Total number of unique words is 1997
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    50.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 03
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 2088
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.5 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 04
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2000
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    42.6 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 05
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2007
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 06
    Total number of words is 3883
    Total number of unique words is 1892
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 07
    Total number of words is 3833
    Total number of unique words is 1931
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 08
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2078
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 09
    Total number of words is 3838
    Total number of unique words is 1976
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 10
    Total number of words is 3850
    Total number of unique words is 1980
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 11
    Total number of words is 3850
    Total number of unique words is 1898
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 12
    Total number of words is 3785
    Total number of unique words is 1940
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 13
    Total number of words is 3783
    Total number of unique words is 1950
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 14
    Total number of words is 3805
    Total number of unique words is 1985
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 15
    Total number of words is 3864
    Total number of unique words is 2011
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Бөртө Чоно - 16
    Total number of words is 2185
    Total number of unique words is 1296
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.