Latin

Мисмилдирик - 10

Süzlärneñ gomumi sanı 3776
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2179
26.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
37.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
44.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
десе, «казак эмдигиче Алматыны алдыбы-жокпу» деп, кабатырланып
турган экен.
Чапырашты, кызыл бөрк казагы «Алматынын айланасындагы
кыштактарды талап алдык» деп, төрт күн оболу сарыбагыш
кыргызына кабар салган эле.
- Ал ортодо, Узун-Агач менен Кашкелеңди алып, Алматыга ат
коюшмак. Алган чыгаар! - деди болуш кыргыз. «Төрт күн болсо,
казактар эмдигиче Алматыны албай эмне болушуптур» деп, береги
кыргыздардын деле көңүлдөрү ток.
«Токмоктун биристабы жете электе ушунча качты, жандыралы
Болубаум менен Куропаттын көзү алайган чыгаар» деген ой келбей
койгон жок.
- Ка-ап, жандыралы Болубаумду өз колубуз менен өлтүрсөк
эмине! Башын найзанын учуна сайып алып, журтка көргөзсөк эмине!
- деп тиленишти.
Отургандар жандыралы Куропат менен Болубаумду оозго алса,
Камбар болуштун оюна өткөндөгү түшү келди. Асманга учуп
чыкчудагы, асмандап жүрчүдөгү түшүн эстеди. Жаа керген
Толтойдун жанында тайганын чуратып, ай-жылдызды аралап
баратпады беле!? Ошол түшүн эстеп, жоруганы мына минтип тетири
чыкканына ичинен «тыз» этип, «тетири жоруп алыпмын» деди.
“Оезной менен биристабдарды жандадым, манаптар менен табакташ
жүрдүм, жанына бара электен жандыралы Куропат менен Болубаум
эле калды» деди эле, азыр минтип алардын өлүмүн тилегендердин
арасында отурат, жоо болуп отурат. Көрсө, «Жангороздогон»
ураанды уга келип, Арканын бар жакшылары менен чогуу бир
чамгарактын алдына жыйылмактын, Жангороздон калган болот
кестиктин мизин ушундайча тил тийгизбей жалаштын күнү туулган
турбайбы! Камбар болуш ушинтип, түшүн түздөп жоруду, манаптын
кылганын ушинтип чечмеледи.
Болот кестиктин мизин тил тийгизбей тиштеткен манаптын
кеменгерлигине таң берди. Мурдагы кыргыз антташыпшерттешкенде бычактын, кылычтын мизин тиштеп жиберчү экен,
ошону туурап, «билгени билсин, түшүнгөнү түшүнсүн» дегенин кара,
манаптын.
- Алматы казагына киши чаптыралы, мындагы жагдайды кошо
айттыралы, - деди болуш.
Болот кестигинин сөөктөн ашталган сабын салмактап кармап,
сырдуу тиктеп отурган манап:
- Жалаң Алматы эмес, таң атпай туш тарапка, АдигинеТагайдын балдарына кабар таратуу ылайык, - деди.
Анын сөзүн уккан баштыктар Алматы казагына, Кочкорго,
Эки-Нарын - Ат-Башыга дейре, Көл кылаасына, Таласка, КетменТөбө - Суусамырга, андан ары Анжыян кыргызына, анан Чүйдү
аралата жигит чаптырууну макул көрүшүп, түп атасы «хан»
аталгандардын канынан, хан Жантайдын балдарынан «хан»
көтөрүшкөнүн айтышып, кыштакты жылас кылчудагы, приставды
куучудагы бүгүнкү эрдикти өңкөй журтка угузууну оң табышты.
Сөздүн нугу Токмокту алуунун ыгына бурулду акырындап.
Манап акыл салды.
- Төрт жагынан курчап, ат коебуз. Кимдин эли кайсы жагынан
ат коерун кеңешели, - деди манап.
- Ичинде канча салдаты бардыгын билбейбиз. Алматыдан
алдырган салдаты да бар, - деди болуш.
«Салдат» десе Камбар болуштун оюна приставды ээрчиген он
чакты салдаттын айылына түнөп кеткени түштү. Баштыгы кыйкырса
найзалуу мылтыктарын далыга салып асынып, какайып тура калмай,
маңка каздай болуп катар басмай адаты бар уңкул мурун, сары
чийкил салдаттардын кебетелери келди көз алдына.
- Туш тарабынан ат койсок, жарактуу салдаты бириндеп калат.
Бириндетсек, алуу оңой, - деди Камбар болуш.
«Ошентсек, баштыгынан алыстап, катарлары бузулат» деген
ойдо айтты.
-Чын, - деди болуш. - Жалгыздап калган салдатты баса
жыгылбай, колунан мылтыгын жулуп албай жаныбыз жокпу!?
- Мергендерден тандап, колдун алдына койгула, - деди манап.
Токмокту курчап ат коймокту баары макул табышып, кимдин
эли кайсы жагынан кирээрин сүйлөштү. «Тынай болушунун колу түз
жагынан, атаке менен кудаян түш жагынан, байсейит, нурмамбет
элдери түн жагынан каптайбыз» деп макулдашты. Түн жагынан
каптагандарга шамшы менен бурана болушу болушса, абайылда
менен темир-болоттон келип, тээк болмогу бардыр деп, Кочкор
өрөөнүндө жаткан элден бери үмүт артышты.
- Ыктыяры болсо же ыгы келсе, туткун алгыла. Улуктарды
өлтүрбөй, тирүү кармагыла, - деди манап.
Отургандар «антүүнүн кажети канчалык?» дегендей карап
калышты эле, манап:
- Мейман туткун кылабыз. Оро-парасын келтирип, оруска
талап айтабыз, - деди.
«Оро-пара» дегени Алматыдагы жандыралы же Ташкендеги
жарым паша менен сүйлөшүп, шарт айтмакка огожо кылам дегени
окшойт» деп түкшүмүлдөштү жакшылар.
- Кош арасында бүгүнтөн калган туткун бар, - деди манап
Камбар болушка карап. -Эртеңде аларды журтка атказып жиберүү
керек.
- Жакшы болот, - деди Камбар болуш.
- Эң оболу желедей тартылып, Алматы, Караколго кеткен
зым карагайларды кулатуу керек! - деди манап.
Отургандардын жарымы жана бир таң калып, «жинибизди
чыгаргыдай ага эмне өчүбүз бар?» деп, манаптын оозун тиктешти.
Жакын билгендери «окуганы бар неме жөн айткан жок» деп, сөз
күтүштү.
Чүй боорунда «жылкы зоот» деген чыккан орус конгондон
бери, орустун ыгы менен агытып айгыр салганды, күлүк чыгарганды
айтышат, манап жаш чагында атасынын айтуусу менен Алматы,
Пишпекке кирип, ошол «жылкы зоотчулукту» окуганы жүргөнүндө
зым карагайдан кабар алганы бар эле, анын жөнүн кыраатын келтире
түшүндүрдү.
- Зым карагай жөн турбай калсын зоңкоюп. Ал кыбыр эткен
кыймылды карап турат, мындан туруп чоң-чоң калааларга кат-кабар
ташыйт, «дилгирем» дейт аны. Токмоктогу кишиси мындан туруп
койгулап-койгулап койсо, дилгиреми түз эле барып, түз эле зымдын
тигил башындагы жандыралынын же жарым пашанын алаканына
түшөт, - деди манап.
Жүрөктү опкоолжуткан жаңылык угушкансып кыргыздар:
- Төштүктүн төрт Маамыты мындай калсын! - деп таң
калышты.
Таң калгандан баштарын чайкап, көздөрүн ымдайт. Мындан
ыргыткан кабар чагылгандай «чарт» этип, жандыралдын колуна
түшөөрүнө ишенип-ишенгилери келбей, каттын кантип жүгүрөөрүн
акылга сыйдыра алышпайт. «Койгуланы» кандай болооруна
акылдары жете бербей, элестете алышпай айлалары кеткенде,
«аркандын учун булккансып зымды булкуп коёбу, «дилгиреми»
дегени чоктой уюп түшөбү, анын жандырмагы кандай болот?» деп
ойлошту.
- Зым карагайларды эртелей талкалоо керек! - деди манап.
Орустун арасында окуп келген манап айтып жаткан соң
баштыктар көнүштү.
Бет-бетинче урушпай, эки арага белги бермекти кеңешти.
«Жер чалып, орустун жүргөн жагын аңдымакка жигиттер
шайлансын, аңдоостон бастырып албайлы, Алматы менен Ташкен
жагын айрыкча жакшы карайлы, аскердин баскан багытын баамдап
туралы» деген чечим болду. «Кокустан кептелип калбайлы, тууңар
такай көтөрүлүп, туучуңар дайым башта болсун, бир–бирибизди
туудан тааныйлы, туу бетиндеги тамгадан тааныйлы» дегенди бекбек айтышты. «Күзгүнү күнгө шыкаалатып, жарк-журк эткизгенибиз,
«жан-жагыңарды каранып, казыр тургула, салдат чыкты» дегенибиз,
алыстан тууну беш ирет булгалаганыбыз – «жоону жок кылдык»
деген белгибиз, үч ирет булгалап, көрүнбөй калсак - чегинип,
оорукка оогонубуз, от жагып, кара түтүндү каптатып, көк түтүндү
буулатканыбыз - алдыга озгонубуз, кайкытып карчыга-шумкар
учурганыбыз - күч сураганыбыз» дешип, чабышка уста атабабалардын ыгына салмайды макул табышты. Айтып отурушса,
кытай менен манжу, шибээ менен солобо, калмак менен казак,
кокондук сарт, ага аралаш Беремил төрө менен согушчудагы атабабалардын өнөрүнө окшоштурушту. Билгендеринче окшоштурушту.
Качууга белги аташкан жок.
Түн оогондо барып, кошторуна тарады. Өзүнчө кош болуп
бөлүнгөн кудаян балдары аттарды тушап агытып, кургак жер таап,
ээрлерин жазданып, тердиктерин төшөнүп, бел чечпей келип,
үстүндөгү оор кийимдерин чечпей келип жатып калышкан эле.
Камбар болуш бактын ичин бербей, тегиз жердин бетин бербей,
жылдыз толгон асман алдында жайнап уктагандардын, ар кайсы
жерде очок тегеректеп, от ичкертип отурган кишилердин арасынан
өз кошун издеп, буйдалып турганда, уулунун «ата, мындабыз!» деген
үнүн таанып, таап келди. Жигиттер «чырм» этип алмакка бирбирине ыкташып, катар-катар тизилип жатышыптыр, сыдырата
карады. Көбү кечээ эле салдаттыкка алынчулардын тизмесинде
жүргөндөр, дагы бирерлери ошол тизмени болуштун колунан жулуп
ыргыткандар. «Илгери, жоокерчиликте кудаяндын балдары ушундай
эмес беле, найза кучактап, союл кучактап укташчу эмес беле» деген
ой келди Камбарга. Тууганчыл сезим ойгондубу, ураанчыл сезим
ойгондубу, айтор, «бир атанын балдары, кудаяндын балдары» деген
сезим көөнүн кытыгылады. Негедир Нарботону байкай албайт.
Четте кирпик какпай жаткан жигиттерди атын атап тургузду.
- Нарбото каякта? - деди.
- Бактын арасында, - дешти жигиттер.
- Таңда журтка аттанасыңар. Мукай чогуу барат. Туткундарды
ала кетесиңер, - деди Камбар болуш.
- Макул, - дешти жигиттер.
Кайра барып, ордуларына жатып калышты. Күмүш жалатылган
ээрди көтөрүнө келип, уулунун жанына тердигин төшөнгөн Камбар
болуш:
- Нарбото абаң кошко аралашып жатпайт бекен? - деп койду.
Үнү камкор угулду. Ортодогу кеги өчкөндөй, ортодо эчтеме
болбогондой үн, тууганынын камын жегендей үн. Мукай
Нарботонун «орустан токолдуу болдум» деп, бөлүнүп жатканын
эстеп:
- Бөлүнүп жатат го, - деди.
- Кайран гана Нарбото! - деди Камбар болуш башын ээрге
коюп жатып.
Мукай түшүнгөн жок. Демейде, «Нарбото» десе, жактырбай
тырчыйган, айрыкча калмакка барымтага баргандан кийин
кыйдыланып калган атасы анын эмнесине тамшанды? Октон
жалтанбай чапкан баатырдыгынабы же азыр элден бөлүнүп, орустун
кызы менен кызык түн өткөрүп жатканынабы?
Төөнүн жүнүнөн согулган чепкенин айкарасынан жамынган
Камбар болуш эбин бир келтирип, Нарботодон «Токмоктун кара
жолунан казыналык жылкыны чапканың ыраспы?» деп сурап коюну
ылайык көрдү. Жаман санабай эле сурагысы келди.
Жылдыздуу асманды карабай «чырм» этип алмакка чепкендин
бир өңүрүн башына чүмкөдү. Асманды караса эле тигинде
жылмыңдап жанган Үч аркар менен Толтойдун жылдызы көзгө
илинип, түшүнө кирчүдөн бетер, оор түш болуп кирчүдөн бетер,
айкарасынан жамынган тонунун өңүрүнө башын катат. «Чырм» эте
албай кыйналды. Бүгүнкү окуялардан эсин жыя албай жатты. Бир
күндүн ичинде ойго келбеген окуялар болгонуна таңданып, кечээ
эле пристав менен колтук алышкан жаны эми орус менен жоолашып,
Токмоктун түбүндө ээр жазданып жатканына таңданып, эсин эч
бир жыя албай, ою бир жерге токтобой, уйку-соонун ортосунда
ооналактап кыйналды. Уктагандай деле болгон жок.
Барымтага барчуда, атасын ээрчип аңчылыкка аттанчуда тоо
арасында калып, талаа-түздө далай уктаган Мукай болсо мынчалык
көп элдин «Жангороз!» деп кыйкыра келип, ачык асман алдында
такыр жер кучактап, бел чечпей жатышын биринчи көргөнүнө
таңданып, көзү илинбейт. Уйкусун атайы качыргансып, көзүн ачып,
жылдыздарды карайт. Уяң жылдыздардын азгырыгын туят. Жылдыз
толо ушул асмандын төбөсү, Саманчынын жолу созулган, Улуу
Жетиген, Кичи Жетиген, Алтын Казык, Үркөр, деги койчу,
«жымың» эткен жылдыз аттуунун баарын батырган асмандын
төбөсү дал ушул Жылгын-Башы - Токмоктун үстүнөн
көмкөрүлгөнсүп, Токмоктун үстүнөн салаңдагансып сезилет. Тосуп
турган тоосу жок, түзөң жерде чалкасынан түшүп жаткан кишиге
жылдыздар үйрүлүп, башкача балбылдайт. Куйруктуу жылдыз
куйругун жанып, бирде түн жакка, бирде күн жакка кулайт. Күн
жакка куласа мобереки эле Шамшы тоолорунун ар жагына «күлдүр»
этип түшүп кеткенсийт.
Аттардын тиштешип азынаганы, Чүйдүн суусу имерилип
аккан туштагы майда сазды чардаган кур бакалардын чарылдаганы,
ар кай жерде от ичкертип отурган кишилердин кобурашканы эле
болбосо, теребел тынчыды. Ушул жылдыздуу түндүн ыракатын киши
аттуудан жалгыз Нарбото көрүп жаткандай сезилди Мукайга.
«Нарбото жаңы алган токолун айнектей кылып карап отурбаса керек,
кайсы жерде жатты экен?» деди оюнда. Жакын жерде болсо,
жөрмөлөп жетип, шыкаалап көрмөк. «Элдин баары бел чечпей
жатканда, бел чечүү түгүл, аяктагы жаман чокойду тартууга шаасы
келбей жатканда, Нарбото менен токолу кантип бой кошту экен?»
деди да, капталына ооп, эки бүгүлдү. Колдорун аласына тыгып, көзүн
жумду.
Дал ошол маалда Нарбото олжо кызды дагы бир жолу оонатып
болуп, чалбарын оңдоно туруп келаткан. Кайсы бир
ирмемге өзүн орустун күйөө баласындай, маркум кеткен узун мурут
дүкөнчүнүн күйөө баласындай туюп турган. Бирок, орус кыз
солуктап ыйлайт, Нарбото «сооронбогондо кайда барасың» дейт. Кыз
«зордуктады» деп ойлогон, Нарбото «тобо, орустан да кыз көрдүм»
деп ойлогон...
XIII
Таң сүрүлүп келатты. Жымыңдаган жылдыздар бириндеп, түнү
бою ойду-тоону ныгыра басып турган караңгыны таң жарыгы сүрүп
келатты. Караңгылык кайдадыр качып, абага сиңгенсип суюлган
сайын, айлана улам ачылып, көзгө илинип келатты. Кылайган таңдын
үрүл-бүрүл келген жарыгы караңгыны сүрүп отуруп, сүйөө
болгонсуп, кошту ойготту. Кош кыймылга келди.
Бактын ичин бербей, бактын эки өңүрүндөгү аңызды бербей,
ар кайсы жерде томолонуп жаткан кишилер четинен баштарын
көтөрүп, камчылары менен, калпактары менен үстүндөгү
кийимдерин чапкылап, этектерин кагынып-силкинип, бою баштарын
оңдонуп-түзөнүп
жатты.
Төшөнгөн
тердиктерин,
көрпөчөкөлдөлөңдөрүн жерден силкип алып, чөп-чардан күбүп, жоокерчилик
заманда буйруксуз аткарылчу иш эмеспи дешкендей, улуу-кичүү
дебей, баары текши аттарын тушоодон чыгарып токунду.
Кош ушинтип, көзү ачыла электе орусту басып калчудан бетер,
жарактарын белендеп, таң кашкайганча жасанып алды. Кечээгиден
түрлөрү башка, кечээ кызыл тебетей атаке менен сарыбагыш
болушунун жигиттери жоого кызыл жоолук байланып чыгышты эле,
бүгүн өңчөй жаш жигиттер кызыл жоолук байланып, жоо беттеп
турушту. Кыпкызыл болуп толуп алышкан.
Ал арада, туш-тушка коюлган кайгуул кайтып, «калаанын
сыртында коончу сарттан бөлөк тирүү жан жок, Алматынын жолу
ачык» деп айта келди. Бирок, тушу кымгуут түшкөнү менен боз үй
жак кыймылдабай, баштыктар жактан буйрук болбой, кол
маалкатуудан камыккансыйт. Бир кур боз балдар гана аттарын өйдөылдый чапкылап, тим тура алышпайт.
Ошол маалда Шамшы кыргыздары, Бурана кыргыздары келип
кошулду. Тоодон аккан эки өзөндүн суусу келип кошулуп, андан
улуу дарыя жаралгансып, эл толуп, Жылгын-Башынын сары
талаасына батпай, ары-бери чайпалды. “Кечинде жаккан отуңар
Шамшынын бөксөсүнөн тим эле жер жайнап көрүндү, Көлдөн бугу
менен саяк келдиби деп ойлоп” дешти келип кошулгандар. “Токмок
өрттөндүбү” деп ойлогондору да болуптур.
Коштун ызы-чуусуна аралаш баштыктар да туруп, түндө
болжошкондой, алды менен атпай журтка кабар айтууга
камданышты. Алар текши чогулганча таң аппак атты. Кеңеш
кылышып, каттын сөзүн жаздырууну Шабдандын баласына
тапшырышты. Хан Мөкүш чокчо сакалын сылап, мурутун жанып,
саамга ойлонду. Катты кантип баштатышты ойлонду. Тар
баштыгынан кагазын, камыш калемин, сыясын сууруй келе, ирегенин
тушуна малдаш токунуп отура калган катчы кат жазууга камданды.
Котологон ушунча киши манаптын оозун кандай тиктесе, калемсап
кармалган колду ошондой тиктегенине, казак-кыргызга айтылчу
кабардын өз колунан тараганы атканына катчы бир эсе толкунданып,
бир эсе маашырланып, өзүн журттун өтө сыйлуу кишилеринен сезип
кетти. Алдына тактайча төшөп, оң тизесине
сүйөй кармаган кагаздын бетин оңураак көрмөккө оңтойлонуп, иреге
жакты тосуп тургандарды башын көтөрбөй туруп, көзүнүн үстү
менен карады:
- Босогону тоспой, кийин турсаңар! Жарыкты ачсаңар! - деди.
«Ала-Тоонун туш тарабына кат менен кабар барат, көңкү казаккыргызга айтылат» дегенди эшиткен көпчүлүк боз үйдү орой
жыйылып, кат жазмакка күбө өтүү андан кызык көрүнүп, билегин
түргөн айрымдар союлун көтөрүнө кирип, ирегенин тушуна тыгылып
калышкан эле. Эл «кийин бол, кийин бол» деп, бирин-бири
түртүшүп, бирин-бири тыйып, боз үйдүн эки капшытын ыктай
имерилип, босогонун тушун ачык калтырышты. Батпай калгандар
сыртка чыга турду.
- Молдокеге тынчтык бергиле, молдокени уккула, ызылдабай
тургула! - деген үндөр чыкты.
- Катты сарыбагыш, атаке, курманкожо-кулжыгач манаптары
деп жаз, - деди манап.
Катчы калеминин кыя кесилген учун сыя челекке аяр малып,
ичинен бир ирет «бисмилда» деп алып, оң тизесине үңкүйүп, тор
сайманын жибиндей чиймеленген араб тамгаларын кагаздын бетине
тизмеледи. Кат жазмактын татардын молдолору үйрөткөн ыгына
салып, «Сарыбагыш, атаке, курманкожо-кулжыгач манаптарынан
дубай салам!» деп, айтылганды кагазга түшүрдү.
- Биз ак падышага жоо болдук. Чогулуп келип, Жантайдын
туусунун түбүнө жыгылдык, - деди манап.
Катчынын калеми жорголойт. Жардагандар анын колундагы
калемдин жорголошун, жол-жол болуп түшкөн кара сыянын жолун
аңырая карашып, калем кармаган кишини биринчи көргөндөрү
«катты ушинтип чийет турбайбы» дешет.
- Шабдандын уулу Мөкүштү кан көтөрүп, ант ичтик. Аскерден
эле кырк миң чогулду. Токмоктун кыштактарын өрттөп, казыналык
аттарын жыгып алдык. Ушу кат колуңарга тийер менен, жапырт
бузук чыгарып, оруска каршы көтөрүлгүлө, кыштактарын өрттөгүлө,
- деди манап.
Катчы жазып бүттү дагы, кагазды маңдайына кармап, угуза
окуду.
«Сарыбагыш, атаке, курманкожо-кулжыгач манаптарынан
дубай салам! Биз ак падышага жав болдук. Жамье йурт чогулуп
келип, Жантайдын тувсунуң түбүне жыгылдук. Шабдан углу
Мөкүшни хан көтөрүб, ант ичтик. Кырк миң аскербиз. Токмок
кыштактарыны өрттөп, казыналык аттарыны жыгуб алдык. Ушбу
катни алур билан, жамье бузук чыккарыңдар, орусту уруп баштаңдар,
кыштакны өрттөп баштаңдар» деген куш тилиндей кат даяр
болуптур.
- Э-энеңди сенин, чийген катың бир туруп казакча, бир туруп
ногойчо чыкты! - деп жакын турган болуш тап берди. Тим койсо,
манаптын көзүнө карабай камчы менен төбө талаштыра тартканы
жүрөт.
- Каттын тилин чыгарыштын учуру эмес! - деп башка
болуштар тыйды.
- Угумга кыргызча келбей жатпайбы! - деп, тап берген болуш
ансайын кыжынат.
- Кыргызча эле уктук, сабыр кыл, - деп токтотушту
жанындагылар.
Катчы жаш жигит эле, башын салып, «ушинтип эле кат жазып
жүрчүбүз» деп кутулду. Мөөрлүүлөр мөөрлөрүн басышты. Мөөрү
жоктор адегенде сол колдору менен оң жеңинин учун коомай түрүп,
оң бармагынын башын сыя челекке мала келип, анан каттын этегине
жалпайта басышты. Алты сап жазылган алакандай катка бармагымды
басам дегендер көп экен, жалаң бармактын басылганы эле эки барак
кагаз болду.
Ушундай каттын алты даанасы жазылды. Манап чабармандыкка
алты жигит шайлап койгон экен. Алтоону Ала-Тоонун алты жагына
чаптырмай болушту. Бири Алматыны көздөй, бири Көл кыргыздарын
көздөй, бири Кочкор аралай Атбашыны көздөй, бири Суусамыр Кетмен-Төбөнү аралай Таласты көздөй, бири Тогуз- Тороону ашып,
Анжыян-Алай кыргыздарын көздөй чапмай болду. Чүйдүн ичин
араламакка өзүнчө киши дайындалды.
Ала-Тоонун ар жак - бер жагында «көчмөндүүбүз, Ак уул, Куу
уулдун тукумубуз» деген уруулар жашайт дешет, «кези келгенде
Коконду алышкан, кара шаар Кашгарды каратышкан» дешет.
Укумчудан угууда, четинен чаарала чепкен аралаштыра башташканы
эле болбосо, аларың деле калпак, тебетей кийишет имиш.
Ошолордон бери кабар айттыруунун жөрөлгөсү, ынтымак- ыркка
чакыруунун жөрөлгөсү ушундай болот экен.
Төбөсү шоңшойгон калпактарынын маңдайкы кайруусун көзгө
жапыра кийишкен, маңкайган кер мурут жигиттер, «Каркыбар!
Кабылан!» дегенчелик жигиттер аттарын жетелей алдыга келишти.
Кашка тиштерин жаркылдатып, күлүмсүрөй келишти. Манаптын
колунан матага оролуу каттан бирден алышып, колтугун туштап,
белдеринен курчалуу чепкендеринин койнуна салышты да, аттарына
миништи. Алакандарын жайып, «Кана эмесе, эл-журт?» деп бата
тилешти. Эл «Кыдыр жылоолоп, жолуңар ачылсын! Теңирим
жалгасын, ата-бабанын арбагы колдосун! Оомийин!» деп бата берди.
Көпчүлүктүн сүрүбү, жер чалып, азынаган аттардын, кагышкан
жарактардын үнүбү же батанын кудурети ушунчалыкпы, кечөөтөн
бери ата-бабаны оозанып, арбагын козгоп коюшту эле, же арбактын
касиети ушунчалыкпы, айтор, элдин «оомийин!» деген аба жарган
доошунан мемиреген теребел, жер-суу кошо ойгонуп, жан киргендей,
кошо жаңыргандай туюлат. Элдин текши чыккан доошунан атурсун
Шамшы тоолорунун башын чалган булуттар бузулуп, аркайган
чокуларга имерилип, уюлгуй түшкөнсүйт, сары талааны каптап өскөн
шыбактын башы кыймылдап, чөп жапырыла түшкөнсүйт...
Кудум кечөөгүдөй элес келет, кечөө «хан» көтөрчү учурдагыдай
сезим келет.
«Алтоо алыска чапмай болушту» деп, эл алардын алдындагы
аргымактарын кошо тиктейт. «Арыбайбы?» деп тиктейт. Суутуп гана
тим болбой, манап кыл куйруктардын жасалгасын да ойлоштурган
экен. Сүлкүлдөгөн күлүктөрдүн үстүнө үртүк
жабылган, көкүлдөрүнө көк жибек байланган негедир, учтары тегиз
кыркылган жалдары сыйда таралган, куйруктары түйүлүп, түпөк
шекилденет. «Мүлдө Ала-Тоонун адам баса албаган ашууларын ушул
күлүктөр ашат, күлдө журтту кыдырат, Ала-Тоонун ичи нече
күнчөлүк жол келет, ошол жолду ушул күлүктөр басат» дегенде
күлүктөрдүн сүйкүмү көзгө ысык сезилет огобетер.
Кошкурунган күлүктөр куйруктарын түрүп, бирде оң, бирде
сол соорусуна чапкылап, аяктары менен жер чапчып тыбырчылайт.
Алдыда канчалык жол турганын билгендей, адам аны аябай,
соорусун жара чабаарын билгендей, мына эми, куу жанды таштап,
төрт аякты
тынбай созуштун мезгили келгендей аяктары
тыбырчылайт. Карап турган кишиге көздөрү ботодой жоодурап,
сүйлөчүдөй көздөнөт. «Жанга арачы түшөөрүндө жакшы аттын
кишиче сүйлөп жибермейи бар» деп ишенген кыргыздын
айтуусунда жылкы баласы адегенде кулагын шамдай тикчийтип
алып, «Мен укканды уктуңбу? Мен туйганды туйдуңбу?» деп
баштайт имиш сөзүн. Азыр дагы какшагансыйт. «Менден башка
сенин кайсы жарагың бар, эй, киши! Кайсы элди, кайсы журтту
жылкы баласынчалык эш туттуң, эй киши? Жылкы баласы болбосо
кыргыз баласы кыймылдай алабы? Ордунан козголо алабы?
Чокоюңдун буугучуна чалынып, камчыңды көтөрө албай өчөйүп,
эбак сүйрөлүп, жүрбөй калмаксың!» деп, кудум Камбар-Ата болуп
какшагансыйт.
Ошол маалда Камбар-Атанын үнүн уккансып:
- Камбар-Ата жар болсун! - деп, бир кыргыз чал чарылдап коё
берди.
Эл анын чарылдаганын элес алган жок, таап кыйкырганына,
кызыган ушул ирмемди баамдап кыйкырганына кубанып:
- Камбар-Ата жар болсун! - деп кошо бата тиледи.
Кимдин кыйкырганына көнүл бурбай калышты. Көптүн
ичиндеги бирөө го деп ойлошту. Ушул кыйкырык, ушул ураан
кишинин көкүрөктөгү сезимин курчуткандай, көкүрөгүнө бүлө
салып бүлөгөндөй туюлуп, а бирок, кимдин айкырык салганын
аңдабай калышты.
Тек, тааныгандар гана “аа, жылкыны тезегинен таанып, күлүк
чыгаарын билген баягы Толтой саяпкер турбайбы!” дешти. “Жылкы
баласынын тилин сүйлөгөн Толтой абам кайда жүрсө КамбарАтанын баласындай болуп!” деди Нарбото.
Журт батасын алган жигиттер ат үстүндө келберсип, үзөңгү
кагыштыра чогуу бастыра жүрүшүп, бир аз узаган соң бөлүнүпбөлүнүп, чаап кетишти. Алардын сары талааны чаңдата
чаап
кетиши «даңкыбызды Ат-Башы, Алай укмай болду!» деген сүрөө
болду элге. Жөрөлгө мына ушундай болот экен. Аккалпак журт
аттуунун баары бир колго бириккенсийт, бир кол болуп
ширелгенсийт. Атүгүл жылкы баласы да кыргызга мүдөөлөш
болгонсуп, киши менен жылкы кошо тирелет. Мынабул тирелген
колду кол кылып, кылкылдатып турган жылкы эмеспи!
Ат үстүндө кылкылдаган эл удургуп, «эми!» деп күүлөндү.
Билектерин түрүнүп, «бастыр!» деген бакырыкты күтүштү. Карашса,
баштыктарды ээрчитип боз үйүнө кирип кетип, манап жак дале
маалкайт. Кечинде жайнатып от жагууга буйрук берген манап азыр
башка айланы ойлоп жатты. Аталары Ормон менен Жантай илгери
дал ушул жерлерде казактан келген жоону опуза менен алган экен.
Добулбасты кактырып, сурнайды кулак тундура тарттырганда,
казактын хан сөрөйү «мөөрөгөнү эмнеси?» деп сурап, «жаяны
келди» дегенди эшиткенде жанынан түңүлгөн экен, анын
сыңарындай, «кантип орусту коркутам?» деп ойлоду хан Мөкүш.
Орус сурнайдан коркпойт, бирок, ошол сыяктуу ыкма издеди манап.
Катчысын кайра отургузуп, дагы бир кат жаздырды. Бул сапар
Токмоктогу оруска деп жаздырды.
«Токмок биристабы, төрөлөр ва калаадагы сарттарниң
аксакалы! Кыргыз тукумудагы сарыбагыш, атаке, курманкожокулжыгач, темир-болот элдериниң кадырлув баштыктаринан буйрук.
Колуңардагы куралды таштап, туткунга түшүңдөр жаки Алматыга
чыккыб кетиңдер. Биз кырк миң аскербиз. Токмоктун багында
турабыз, жакында Чүйдүн сувсун бувуп салабыз, шахарни
каптатабыз. Кеминдеги кыштаклар бузулду. Келбесеңдер шаарды
бузабыз. Укбасаңдар өлүм табасыңдар. Омийин».
Чогулуп келип кайра мөөр басышты, мөөрү жоктор
бармактарын басышты, чийип тамга салышты. Калыбектин өлүмүнөн
кийин кооптонуп калышкан немелер «бул катты эми кимге
ташыттырат» деп турушса, манап жигиттерине:
- Токмоктун четинде коончу сарт бар беле? Бириңер кармап
келгиле! -деп буюрду.
Билегин түрүнүп, четте турган эңгезердей кайгуулчу
жигиттердин бири:
- Казыр! - деп бурулуп, үзөңгүнү теппей туруп, каргып атына
минди да, таң эртеңдей коончу сартты көргөн жагына чаап кетти.
Ал ортодо, «баштыктар оруска кат жазды, сыйың менен чыгып
кет же колго түшүп бер, Алматыга чыксаң Алматынын,
Ташкенге десең Ташкендин жолун ачып берели деген кат жазылды»
деген сөз тарады кош ичине. Кечээ Камбар болуштун эли болуп
чогуу кыштакты чапкан кыргыздар ат коюу алдындагы мужуктан
элчи келгендерге сүйлөшкөнүн эстешип, Токмоктун эле орусу сыйы
менен чыгып кетээрине ишене беришпейт. «Ак желек көтөрүнүп
алдыга келишкенсиди эле, падышанын букарасы болгонубузду
айтып, кайра башыбызды ооруткан, ок менен каршы алган, Токмок
башкача бекен» деп ызырынышат.
«Кыштак анча өрттөндү, Токмокту бир өрттөп алсак, кантип
өчөт, Чүйдүн суусун бура тартып, каптатып жиберсең да өчпөс» деп
бажаңдашат. «Андан ары дагы толо кыштак, ары жагы Пишпек
иш көп» деген ой келет.
Чайкайнам убакыт өттү. Кайгуулчудан дайын жок. «Жаман
сартты чай ууртап отурган жеринен бөктөрүнүп апкелчүдөн бетер
шап кеткени башкача эле» дешип, жигиттер сөгүндү. Улам
моюндарын созуп, жол карашат. Аңгычакты Шамшы бетиндеги
кыраңдан сүйүнчүлөп кыйкырган кыргыз чаап чыкты. Коончусу деле
көрүнбөйт, жалгыз эле чаап келатат атырылып. Жакшылап карашса,
кайгуулчу эмес, башка болуп чыкты. Жакшылап кулак салышса,
тамагы айрылганча кыйкырып, сүйүнчүлөп кыйкырат.
- Сүйүнчү! Эл-журт, сүйүнчү! - дейт.
«Сүйүнчүсү эмне?» дегенче болбой, калпагын булгалап
кыйкырат:
- Солтонун кыргыздары орусту чапты! Жамансарттын эли
орусту чапты!
Бир замандарда, эрдигинен энеден туума жылаңач этине
жалаңкат тери тонун жамынып, жыңайлак аягына жалаңкат чокой
салынып, жылаңбаш чуркап жоо тоскон, ошол эрдиги менен
Шаймерденден өткөрө шер аталган «Чаа» деген жылаңач баатыр
болгон, ошонун балдары да атасынан ашкан баатыр келип, колуна
жалаңкат балта - кара балта алып жаалуу жоого тике чуркачу дешет.
Жаалап жоого чуркаган, «Чаалап!» жоого чуркаган ошол балтачыл
баатырлардын артынан «Кара-Балта» деп акыр заманга аты калган
жер бар, ошол Кара-Балтанын тегерегинде кийин бир замандарда эл
катуу жүдөгөндөн, калмак менен сарт жүдөтүп-оонаткандан
«Жамансарт» атыгып калган эл жашайт.
Чабарман - жамансарт элинен кабар айткан жигит болуп
чыкты. Ак көбүк чачкан атынын оозун тарта албай баштыктардын
так маңдайына чейин чаап келип, сакалдуулар «кантет!?» дегенче
болбой, качан беш кадамчалык калганда ээрден секирип түшүп,
басып келди. Чабармандын сөзүн укмакка эл шыкалып келди. Бир
эсе толкунданып, бир эсе өрөпкүп алган чабарман сүйлөй албай
аптыгат. Ат үстүндө айкырып келаткан неме жерге түшкөндө кеби
оозунан кошо түшкөнсүп, эки сөзүнүн бири эле «Чапты! Чапты!»
деп, оңду кабар айталбай турду. Саамга демин жыйды да айта
баштады.
- Сүйүнчү! Бөлөкбайдын бөрүлөрү орусту чапты! Түлөберди,
Жамансарт болушунун эли бузук чыгарып, оруска чап салды. Кечээ
башталды, - деди чабарман жигит.
- Өрттөлгөн кыштагы канча? - деди манап.
- Четинен эле өрттөп, улуктарды, болуштарды баш кылып уруп
жатышат, - деди чабарман.
«Болуштарды баш кылып уруп жатышат» дегенге
ыңгайсыздана түшкөн болуштардын бири:
- Элди баштагандар ким? - деп сурады.
- Болуш-ыстарчындар эле, - деди чабарман.
- Кайсы болушту уруп? - деди болуш.
- Тизме жыйдырып, орустун сөзүн сүйлөгөн болуштарды, деди чабарман.
- Ак-Сууну алдыңарбы? - деди манап.
- Мени чаптыраарда, беттеп турушкан, - деди чабарман.
- Биздин элден чабарман кетти эле, кез келгениң болдубу? деди манап.
- Пишпектин жолунда бараткан жигиттерди көрдүм, - деди
чабарман.
Манаптын көз алдына ар кайсы элден кабар айтып чыккан ак
калпак жигиттердин ат куйругун түйүп, Сары-Өзөн Чүйдүн ичинде
кыйма-чийме катташып, чаң ызгыта чабагандап турганы тартылды.
Солтонун эли сарыбагышка кабарчы чаптырып, сарыбагыштын эли
солто, бугу, саяк, казакка айттырып, алар андан ары айттырып,
уруусу кыргыз аттуунун каршы-терши чабагандап турган чагы
тартылды. «Баята аттандырган жигитибиз жете электен мурун
көтөрүлүшкөн экен» деп ойлоду манап.
Улагалаш солтонун уруш салганын укканда калың журттун
жүрөгү көтөрүлүп, дагы бир жолу удургуп алды. «Кайгуулчудан
кабар жок, ат коёлу!» деп, атчандардын алды жулунду эле, «Ай!
Жигиттер кантесиңер! Аярлай тургула!» дегенден гана соктугуп,
туруп калышты. Баштыктар аларды араң тыйып турганда, анан барып
дамбалы далбактаган коончуну дегдеңдетип айдаган жигиттин
карааны көрүндү. Жандата чуркатып алган коончуну
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Мисмилдирик - 11
  • Büleklär
  • Мисмилдирик - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3741
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2297
    26.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3810
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2108
    28.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3754
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2272
    25.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3687
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2143
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3825
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2217
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3823
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2225
    26.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3847
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2152
    28.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3753
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2295
    26.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3723
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2253
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3776
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2179
    26.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3632
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2366
    23.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    33.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3718
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2244
    24.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    34.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3724
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2369
    25.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3764
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2244
    25.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 2450
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1530
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.