LatinHärber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Мисмилдирик - 13
Süzlärneñ gomumi sanı 3724
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2369
25.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
35.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
41.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
эмесмин” деп намыстана, канжар-бычактарын ала жулунган биринсерини куюндаган бойдон кетишти эле, карап турушса, мелжеп аткан
орустун огуна кабылып, таап барганы тапкан жеринде өлүк үстүнө
жалп кулап, карайлап таппаганы өлүктөрдү аралай чуркап жүрүп,
өлүп алышты. Бериде калгандар аны көрүп, сөөк артынан чуркоодон
биротоло түңүлүштү. Мылтык тууралуу кейиште Камбар болуштун
сөз кылганы болбосо, өзү да жалгыз неме эле, жалгыз-ак мергенди
издеп-жоктогон киши жок.
- Жазайыл дейсиңерби жанагыны!? Жазайылдууну алганда
мынчалык өлбөйт элек! Шоруң каткан мерген маалкатып, атпай
койбодубу! Каниги аткыч деп жүрсөм! Мылтыктан да кол жуудук! деди.
Үнү каргылданган кемпирдин колду узатчудагы алаканын
жайып “агаларыңа тапшырдым сени, каралдым, агаларыңды Кудайга
тапшырдым” дегенин эстеп, Камбарды билбейт, өзүн милдеткер,
күнөөкөр сезет Нарбото. Алыстагы атаке-тынай баштаган берки
уруулардын дале качпай, уруш салганын карашат. Уруш салды
дегени - өлөр-тирилерине кайыл, төгүлгөн октун алдына төшүн тосо
чуркашып, жакалашчудан бетер жакындаганга умтулганы, байкашса.
Орус жакын жолотпой калсын тигилерди.
«Найза менен жара саялы» деп жүгүрөт чоң жантайдын урпактары,
«бөрү тил менен бөлө саялы» деп жүгүрөт атаке-тынайдын балдары,
«тебелетип өтөлү» деп чабышат жарбаң менен чагалдак. Такыр
оңунан келбейт. Тегерете аң казып алып, аңдын ичине бөкчөйө
жатып алып, анда-санда башын кылтыйтып урушкан орусуң
найзанын учуна илинчүдөй эмес эзели...
Калмак-Дөбөнүн башындагы пулеметтуу оруска кудай берди.
Кыргыздар имере чаап ат коёт, пулемет ийрип туруп атат,
кыргыздар бура чаап ат коёт, пулемет бурулуп туруп атат. Бир
оокумда тынайлар кудаяндын балдары турчу берки бетке өтө келип,
айлана чаап ат койду эле, анда пулемет айландырып туруп атты.
Кудаяндан болбосо эле темирден бекен береги кыргыздардын
териси, өлчөөсүз кырылып алышып, пулемет менен беш атарды
алууга чамалары келбесине такыр көздөрү жеткенде, оболуда
«шашке туш болду!» деп шашышты эле, түш чамалаш чыга беришти
бет-бетинче сүрүлүп.
Токмокту түн жагынан каптагандардын алды болуп жулунуп
алып, «чоң чарык, жарбаң, чагалдак, арасында абыла, тынай баш
болуп качтык го, калааны алалбай калдык го» дешсе, шаарды
тегерете аттангандардын, тоо жагы менен кыбыла жагын
имерчүлөрдүн деле түк дайыны билинбейт. Же түндө келишкендеги
белгинин бири жок. Тууну беш ирет булгалаганды кой, үч ирет
булгалаганга алдары келбей калгандай, от жагып, кара түтүндү
каптатканды кой, кайкытып карчыга-шумкар учурганга шайлары
келбей калгандай. Бирде-жарымы бөлө жарып кирип барган болсо,
көк түтүн эмгиче уюлгумак Токмоктун төбөсүнөн, ызы-чуусу
жаңырмак, анда пристав минтип бир беткей согушпай калсын. Төлгө
кылган кишидей:
- Бүгүнкү уруштун жышаанасы жаман! - деди Камбар болуш.
Ындыны өчтү ар кимдин. Токмокту алуу үчүн дагы канча күн
туруу керек? Дагы канча кишинин башын жутканы калды бул уруш?
(Кийин Мукай Камбаров ушул окуяны мындайча келтирет:
Айтпасам арбак урбайбы,
Токмоктогу казатты,
Тогуз күн тарткан азапты.
Толкуп келген сан кыргыз,
Туш жагынан камалап,
Тогуз күнү урушту,
Тогуз түнү турушту.
...Акыр заман орусун,
«Доңуз коп!» деп урушту.)
“Ата-а, кысталак! Бул урушуң – казак менен чабыш эмес,
калмак менен чабыш эмес, бөжөңдөгөн сартты бөөдөй кууруш эмес
тура!” - деди Нарбото дагы ичинде. Оюнда мылтык турду.
Ханды унутту кудаян. Тиктегени – көнө жүргөн Камбар болуш
менен Нарбото. “Бир Токмокту алабыз деп бүкүл кудаянды
кыргынга кириптер кылабызбы? Токмок алынбайт бул түрү менен!”.
Ушул ой жүрөктөрүн өйүйт тигил экөөбүнүн тең. Көз болжолуна
салышса, туу түбүнө батпай тыгылган кудаян сээлдей түшүптүр
кадимкидей.
- Эми кирсек кара башыбызды жутуп алаарбыз! - деди Камбар
болуш.
Жалкыганы билинди. Ок алдына салып айдасаң да эми урушчу
түрү жоктой.
- Чын эле! -дешти тургандар.
Нарботонун кулагына Камбар болуштун айтканы кайра эле
улуктун кызматында жүргөн кишинин кебиндей угулду. Урушту
токтотолу дегениби мунусу?
- Чарабыз не? -деди.
- Жааган октун алдына жалаң төш чуркаш бөөдө кан төгүш
эмеспи! Минтсек, кудаяндын тукуму чыкпай калат! - деди Камбар
болуш.
Бир чара айтпастан, колду коркутуп, тескери үндөдү.
- Азыр качсак, наалаты сөз ээрчийт артыбыздан, - деди
Нарбото. -Шабдандын балдарына «саткын» атыгарбыз.
«Хан» көтөргөндөгү, өз-өзүнчө жайланып, ар уруу өзүн-өзү
билгендеги кыялдан үмүтүн үзө баштаган Камбар болушка
«Шабдандардын артынан жүрүп, ара жолдо кырылып калмак белек»
деген ой кетти. Эзели Нарботодон акыл сурап көрбөгөн болуш
айласы куругандан:
- Өзүңдүн кеңешиң? - деди.
- Опсуз урушпайлы. Орустукундай октуу мылтык керек! - деди
Нарбото.
- Ырасында! Сөздүн туурасы! - деп чурулдашты тургандар.
Түндөгү кеңеште «салдатты бириндетип баса калбай жаныбыз
жокпу» деп аткан Камбар болуш орустун колунан мылтыкты жулуп
алышка көзү жетпейт азыр.
- «Келе» десең, орус “ме” деп бере коёбу саган? Колунан
жулдура коебу? Кайдан табасың андай жаракты? -дейт.
- Ырас, кайдан таптык андай мылтыкты? - деп жаалашты
тургандар кайра.
Эмне билгени бар белгисиз, Нарбото моюн бербейт:
- Мылтыгын «ме» деп сунган орустун турганын айткан киши
жок мында! Ылаажысын таап!
- Кандай ылаажы? - деди болуш.
Айбалтасына таянган Нарбото ойлонуп калды. «Эр болсоң
салдаттын мылтыгын жулуп көр!» деди оюнда Камбар болуш.
Ошондогу элдин армандаганын айтпа, аттиң. «Атаңгөрүү!..
Урунганым уруму мылтык болсо эмине, «аталардын ак бараң» дешет,
ак бараңы калса эмине? Жок дегенде орустукундай бардаңкенин
бири болсо колумда, көргүлүктү көрсөтпөйт белем» деп өкүрдү
далайы. Кайра ылаажы сурап, Нарботону түйшөлтүп койгон болуш
оюнда аргасын таап, уруштан чыга бермектин амалы издейт. Бир
аргасы - өлгөндөрдү көмүүнү шылтоо кылмагы мүмкүн. Ок жетпес
алыстан аңдып
турган чакта, солдаттар менен мужуктардын
аткылаганы тыйылды. Пулеметту чаңдата сүйрөп, калаага ыкташты.
- Чарчашты! - дешти кыргызда. -Куугун салалы! Калаага
киргизбей баса калалы!
- Сабыр кылгыла жигиттер! Жоону каптап урушканыңар
жарабас! - дешти билермандар.
- Чаалыкканы аныкпы? Илгеркилер айтчу эле, жоо найзасына
кыңая таянса, анда чарчашканы анык деп. Көзүңөр курчуңар
карагылачы дурустап, же мылтыгына же айрысына таянып, өтүгүн
сүйрөй өчөйө басканы байкалабы каапырдын?
- Андайы көрүнбөйт! - дешти орустардын кеткен жолун тигиле
караган жигиттер.
Орус калаага киргенде, кыргыздар туш-туштан кайра жайылып
барышты өлүктөрүн алмакка. Кийин барып өлүп алгандар андан
кейитти. “Сабырдай турушканда эмне, орус кеткенде деле сөөккө
чуркашмак экен” дешет. Бир сыйрадан Калмак-Дөбөнү тегерете
бастырышып, каапырдын кабыры жаткан ушул дөбөнүн айынан
кырылып
алышкансып,
сөгүнүп-кагынышат.
Ызырынып,
намыстанып алган туучан бирөөсү дөбөнүн төбөсүнө атчан чыгып
барды бир маалда. Асабасынын кылда түбүнөн эки колдоп кармап,
кезеп-кезеп койду солдаттар кеткен жакка. Орустун көзүнө алда бир
немедей көрүнгүсү келди...
XVI
Жалаң кудаяндан эле отуздан ашуун жигит өлүптүр. Жалаң
отуздун ар жак - бер жагындагы өрт жигиттер өлүптүр. Сөөктөр
отуздай атка артылып, үстүнө карала шалча жабылган ат-көлүктү
отуздай жөө жигит чылбырдан тартып, жетелеп турду. Жанатадагы
черүү арасынын сээлдей түшкөнүн көрүш кеп эмес, жайнаган өлүктү
артынып алыш анык жүүндү бошоткон көрүнүш экен. Тээ Бордунун
ичинен бери “Кудаяндап!”, өңгөчтөрү үзүлчүдөй айкырып, үзөңгү
кагыштыра чабышкан жалындаган жигиттердин жансыз денелерин
мына минтип атка туурасынан артынып, салаңдаган колу-бутун
арчындап, аркан менен бекем таңынып, ара жолдон элге кайтыштан
артык азап болбосо керек.
Айылынын алыстыгына шылтоолоп, өзү кошо барыштын
жөнүн берки кыргыздардан өтүнүп алган Камбар болуш Нарботого
бурулуп:
- Жөнөйлү! – деди.
Жөө-жалаңы аралаш каралуу көчтү баштап чыга беришти
түнөрө. Өлгөн бирөөнүн карагерине ээлик кылган Нарбото баягы
мергендин сөөгү таңылып, шалча жабылган, шалчанын үстүнө
жамачылуу кементайы айкарасынан тартылган, канжыгасында
түтөтмөсүнүн алжайган шыйрагы, чок салынчу тулкусу жана да
жараңкалуу кундагы асылган
атты жетелей астыдагылардын
катарында бастырды. Орусту куумактын кызыгына батып, Токмокко
чейин жетип барышты эле, Бордудан алыс чабышты эле, быягы
Мужук сол түшүртүп, чөбүн жарым-жартылай
итапкан жол.
чаптырганга үлгүргөн, бириндеп чөмөлөсү үйүлгөн, чалгынын мизи
кырып өткөн үй ордундай жерлери калың оттун арасынан чарчычарчы тартып такырая көрүнгөн шалбаа, өтөктөр, атчандар менен
жөөчөндөр жайпай тебелегенден башы жапырылган эгин талаалары
жатат алдыда. Мунун баарын мужук таштай качкан кечээгиде.
Коруган мужук жок, корунбай келатышат. Кечээгиден чала күйүк
калгансып куторлордун түтүнү быкшыйт араакта, кеч көтөрүлгөн
кыргыздар өрттөлө элек конуштарга, бал челектерге жаңыдан от
койгонбу, коюу түтүн уюлгуйт тоо түптөгөн ыраакта.
Мужуктардын тилинде “Подгорный” аталган берегидеги
куторун жандай бастырышты. Төбөлөрү урап, эшик-терезелери
казанактын оозундай оңураят, демейде шейшеп каптатып
койгонсуган аппак дубалдары казандын түбүндөй карарат.
“Чалдыбар” дейт мындай жерди кыргыздар. Подгорныйдын
чалдыбарын жандап өтүштү. Орустун ойронун чыгаргансыган ушул
көрүнүш Талды-Булактын тоосун этектеген чыйырга жеткичекти
коштоп жүрүп отурат, бирок, негедир маанайды көтөрө бербейт. Туу
түбүнө тирелишип, тимеле шаңдуу аттанышты эле кечээтеде, азыр
чубалып, кабак-каштары кайгылуу барышат: “Кыштакты чапчудагы
бирин-экин өлүм - өлүш эмес, бир өлгөндө жыйырмасы, отузу бир
өлөт деген эмине!”.
Арасында кыжаалат ойго чөмүлөт Камбар болуш.
Каргашалуу болду мынабул камыш чатырлуу Токмок, четинен от
койсоң эле токтобой жалбырттап, жыгач-ташы чычалага айланып,
дубалдары кара түтүнгө ышталып, бат эле чалдыбары чыкчудай
көрүнгөнү менен оңой алынчу түрү жок. Күндө бир маал салдатка
бир тийип, күндө бештен-ондон чоктуу жазайылдын огуна учуп,
кудаян түгөнүп алаар сарыбагыштын көп баласына теңелебиз деп!
Ушундай оор санаа менен алпурушат. Же бир сапары арбысачы.
Жолду катар найза, союлдарын сундура кармаган, урунаарга тоо
таппай, Токмокко ашыккан топ-топ кыргыздар жолугат. Азалуусуна
карабай, көчтү токтотуп алып сурамжылашат.
- Кайсы элденсиңер?
- Кудаянбыз! Кудаян болушунанбыз!
- Кайсы туштан кайттыңар жаралуу?
- Токмоктун алдынан. Көп кишибиз өлүп, Токмокту ала албай
калдык.
- Арты кайырлуу болсун өлгөндөрдүн. Сабыр кылгыла!
Унчукпай туруп калышат.
- Салдаты арбын бекен алалбай калгыдай?
- Жалаң салдаты болсо моюн бербей калалы! Жакшы эле
барганбыз куушуруп, мурда көрбөппүз андайды, окту чачып аткан,
чайкап аткан он атар - жүз атар дээрлик мылтыгы бар экен. Оңдурган
жок ошонусу!
- Ошондон келгенди көрөлү!
Кезиккен кыргыздар ызырынып алышып, “чү” коюшат бет
алган багытына.
Кудаяндар жолун улайт. Бештен-ондон бөлүнүп, бөрүдөй
жортуп, кокту-колоттон бал челекчи, тегирменчи, чөпчү
мужуктарды издеген кыргыздар жолугат кайра эле. Кыр-кырдан
текирең-таскак сала чаап келишип, Токмокто эмне болгонун
сурашат адегенде. Бүгүнкү айкашты айта берип, кудаян сапарын
улайт. Кыргыз бешимди талаша тоо койнуна кирип кеткичекти
жолуккандарга Токмок согушун айтып жүрүп отурушту. Кейишти.
Өлгөндүн өзүнүн эле шору деген кеп бар. Андай эмес окшойт.
Кырчындай жигиттерден айрылуу оңой шор болбой калсын,
жумурай журтту азаптантып, демек, жумурай журттун шоруна
айланды. Күн санап, саргара жол карап саналуу отурган журт каралуу
көчтүн караанын алыстан, Бордунун оозундагы өр талаштан көрөр
замат таанып, жүрөгү бир жамандыкты туюп, катын-калач бетин
тытып, улуп-уңшуп, боорун баса өбөктөгөн эркектана утурлай
өкүрүк салаарын ойлошуп, ичтеринен түтөшөт. Кеч бешимде жетип
барышар, журт карааны көрүнөөр аралыктан өздөрү да “эс
кайрандап!” өкүрүп киришер...
“Шоруң каткырлар!”-деди Камбар болуш, шордуулардын
ураанчыл болуп кетишкенин эстеди. Өткөрө кудаянчыл,
сарыбагышчыл, ашкере кыргызчыл болуп кетишкенин кантесиң!?
Мына эми, тиленип жатышып, карганып жатышып, а дүйнөдөгү
Кудаянга кошулуп алыштыбы!? Камбар болушка ушундай туюлду
бир туруп. “Арбакты ашыкча козгогондонбу!? Абайлайынчы!” деп
корунду башын салып келатып. Кудаяндын арбагын антип
чакырышка даяр эмес экен байкаса. “Кудаян-ата! Арбагың тирүү
болсо урпактарыңды ушул кыйчалыштан куткар! Элиңе эсен жол
көрсөт!” деп жалынды эми. Урушка киргиси келбейт. Бирок,
урушпаган күнү не кылат? Камчысын мойнуна илип, оруска кайра
кирсеби? Кирем десе эле орус киргизе коёбу? Аттырып жиберээр!
Ким арачы түшөт? Приставдарга кат ташып жүрчү Калыбек жок
баягы, арага кимди салат? Мукайдыбы? Камбар болуш түңүлөт.
Журтту баштап качыштын кезеңи келгендей сезилет. “Жайсаң»
деп коюшчу илгеркилер кытайдын улугун, азыр «доотай» деп угат,
ошол доотайынын канатына коргологону оңбу? “Кайдасың Бедел,
кайдасың жайы-кышы борошо тынбай уруп, ызгаар удургуган
устарадай бел! Чыйырлап ашалы сенин ак кар, көк муз баскан
ашууңду, жол бер! Кайдасың кара-кытайдын уюгу, далай замандарда
касташа жүрдүк, сөөк өчтү жоо болдук, сени жоо десек,
сенден өткөн кас таптык, жан соога, кара-кытайым! Беделдин ары
бетинде илгери замандарда аталарыбыз көнгөн Көк-Ирим, КөкCерек, Ак-Чий, Кара-Чий деген кыштоо-жайлоолорубуз болчу экен,
кондура тур ошол жерлерге, кара-кытайым! Кайра келдик, батыра
тур, кара-кытай, калмагым!” деп, кыргыздын алды болуп безе
бергени оңбу? Антейин десе, журт түгөл ээрчийби? Ээрчиген күнү
да эртеңкинин эмне болоорун анык билбей кантип көчөт? Жолду
катар көп эл жатат темир-болот, эсенгул, бугу, саяк, тынымсейит
деген, жаман жорукту баштап, ошончо элди аралап кантип үркөт
жалгыз? Ал ортодо, жаза тайып Токмокту алып калышсачы
сарыбагыш-солтонун балдары? Кулжыгачы да жүргөнсүдү эле
илээшип, ошолордун баары укса, кудаяндын журтун таштай качканы
анык шермендечилик болбойбу! Күткөнү оңбу? Күтсө, өлгөндөрдүн
жетилигине жетээр бекен же кыркына чейин созулаар бекен күтүүсү?
Ушундай оор санаа менен алышып келатып, озуп кеткенин
туюп, “келатасыңарбы?” дегенчелик кылчая карайт көчкө.
Тирүүнүкү билинбейт, өлгөнүндө көрүп ал, кишинин сөөгү оор болот
деген чын белем, өрдөгөн сайын сөөк артылган аттардын белдери
бакандай ийилип, басыгы илкигенсийт. Антсе, туурасынан
артылган өлүктөр ого бетер суналып, таңуудан бошогон колубуттары жер чийчүдөй чайпалат. Аттарды жөө жетелеп, чокойго күнү
түшкөн жигиттер чоктуу жазайылды кеп кылып келатышат, кимдин
кантип өлгөнүн, кайсы жеринен ок жегенин кобурашат
кулак салса. Бир ок эмес, бир тийгенде он октун чачып ийгенсип
жаба тийгенин айтып келатышат.
Алчылантып Арчатору минчүдөгү шааниси качып, айбалтасын
асынган Нарбото барат карагерин чү-чүлөп. Ал деле өзүнчө
кабатырлуу. «Сени Нарботого тапшырдым, Нарботону кудайга
тапшырдым» деди эле мергендин энеси. Карыя оозуна сала
бергендей таап табыштаганданбы, табыштаган кудайы таап
колдогондонбу, иши кылса Нарбото тирүү барат, табыштаган
Нарботосу колдой албай калганданбы, өзүнүн мерген уулу минтип
өлүү барат. Нарботонун алпурушканы мына ушундай ой эле.
«Ушунча жигиттин өчүн албай кантип өлөм!» деди оюнда,
«Салдатынан онду ала жатпасам, акыретте кантип карайм
жигиттердин жүзүн! Жок эле дегенде мужуктан онду
жайрандабасам, кантип өлөм. Нарбото атым өчсүн анда!». Алына
чактаганбы, алын билип, алым онго жетет деп чактаганданбы,
эмнегедир, ашык-кеми жок онду өлтүрмөк келиптир оюна. «Он
салдат же он мужук... Салдатынан өлтүрсөм анда эрледим, чоктуу
жазайылчанды өлтүрсөм, эки дүйнө арманым болбос!».
- Өч албай кантип калабыз! Орустан онду өлтүрүп бербесем,
Нарбото атым өчсүн! - деп шардана каарданды.
Кантип өлтүрөөрүн деле билишпейт, жигиттер ооз учунан
колдогон болушат:
- Кан кууйлу! Өч алалы! Башыбызга бештен өлтүрөлү!
“Атаны, Нарботонун эл бузарлыгы, аййа! Журтту оруска
кайраган эл бузарлыгыңдан ушул кейипти кийбедикпи! Бу саам маа
десең жарынып өл! Урушчулар урушсун, орустукундай октуу
мылтык издегендер издеп уруша беришсин, бир шылтоону айтып
оолактап турганым оңдур” деген бүтүмгө токтолот Камбар болуш.
Убайымга терең чөмүлө, бир ойду чыгырыктай айлантат
мээсинде: “өлгөндөрдүн үчүлүк-жетилигине жетээр бекенбиз же
кыркына чейин бараар бекенбиз, өлгөндөрдүн жетилигине жетээрбиз,
а бирок кыркына чейин бараар бекенбиз, кыркына жетпей калып
жүрбөйлү...”
- Ушул туштан баштайлы, аба! - деген үндөн ойгонду.
Башын көтөрсө айылдын жакасына чээндеп калышкан.
Айткандарындай эле, кеч бешим болуптур.
- Йээ! - деди Камбар болуш жан-жагын каранып.
Атына керилип камчы салды да, өкүрүктү баштады:
- Эсил кайран! Эсил кайран кыраандар, эми кайдан табамын!
Артынан ылдамдай бастырган жигиттер үңкүйүп алышып,
ойду-тоону жаңырта чогуусу менен өңгүрөп коё беришти:
- Эсил кайран бир боорум! Эсил кайран тууганым!
Күкүктөп аккан Борду-суунун күрпүлдөгү гана угулган,
алакөлөкө баскан коңур салкындуу тоолордун койнундагы
бейпилдикти бузуп, жамандыктан кабар салган өкүрүк эр-азаматтар
кеткенден бери жетимсиреп, күндө Токмоктун жолун карап жашаган
айылдын жүрөгүн “болк” эткизди. Чоң-кичине чогуу элейип,
адегенде, өкүрүк угулган жакка кадалды көздөрү. Тик багып караса
эле көзү жамандыкты көрчүдөй сезилип, тик караарда ичтеринен
билген келмесин бир кайрып, жакаларын карманып, кыркалекей
келаткандардын катарына абай салышты кыдырата. Өлүк артылган
көлүгү көбүрөөктөй туюлуп, эстери эңгирейт. Көч башында өкүрүп
келаткан бир Камбар болуш даана көзгө урунуп, удаа келаткан
Нарбото чала-була урунуп,
башкасы илинбей, кимдин тирүү,
кимдин өлүү кайтканы билинбей, кудаяндын жарымы кырылып
калгандай
көрүндү,
катыгүндүкү!
“Кимисинен
айрылдык,
кимисиникинен айрылдык” дешип, сабырсыздана жабыла тиктешти,
жайыла тиктешти.
Ал аңгыча катын-калачтан эр жоктогон кимдир-бирөөсү сайсөөктү сыздата боздоп ийди. Элечекчен байбичелер “Кара көзүм
кашайды!” деп чыңырды ага удаа. Эстен тана жыгылды келиндер,
этекке жармашкан чийедей балдар чоңдордун ызы-чуусунан корко,
“баа!” деп бакырып ийишти. Келаткандардын арасынан кайсактай
издеп, издеген байын таба албай, бардашы түгөнгөн катындар
баштарынан жоолугу шыпырылганына кайыл, этек-жеңи далбактай
көчтү утурлай чамынышты. Кары-жашы дебей ыйлап, кайрат айткан
киши жок. Көчтү тосуп, жолоочулардын атын суулуктан алган киши
жок. Туурасынан артылган сөөктүн карала шалча жабуусун сыйрып
ийишип, өлүктү кучактай жыгылды. Аттын капталына сүйрөлүп,
бетин тытып ыйлашып, боздоп жатышты...
Айылдын ыйын орустар гана түшүнбөйт. Катыны деле
чыңырып ыйлап, эркеги деле калышпай өкүрүп, түркөй кыргыздын
бул эмине жоругу? Айылдын түп көтөрүлө улуганына эси чыкты боз
үйгө камалуу туткун орустардын. Туурдуктун күнгө сүзүлүп,
жукарган жерин сөөмөйлөрү менен тытмалай оюп жиберип,
жыртыгынан шыкаалашат. Керегени бойлой тегеренип, үйдүн
төрүнөн бир, эңирчегинен бир шыкаалашса, оголе көп өлүк артынып
келгендердин бирин-экини таанылат. Чиркөөнүн эшигин талкалап
кирип келген канкор кара-кыргыз жүрөт тигинде. Айбалтасы дале
асылуу далысында. Дүкөнчүнүн кызын билектен шап алып
олжологон, анысын малакайчан боз балдардын шынаарлаганынан
кызганып, тап берген кыргыз эмеспи ошол. Мурутчан чекир көз
кыргыз... Жек көрө тиктешет.
Кучагында болуп чыккан олжо кыз селт этет аны тааный сала.
Ушусунун аялы болуу керек, күнүлөштүк кылган долу келин күндө
келет жеп ийчүдөй, “жашатпаймын!” дегениби, жаңсап-жаңсап
албууттанат. Эки бетин чымчып алган адегенде, тим койсо чачтаганы
жүрөт. “Аласасы бардай асылганы эмнеси?” деп, айылдын атынан
жалгыз орусча чулдурамыш эткен жанагы Мукайдан суратса,
“үстүмө алган токолунун кебетеси ушул бекен үңүрөйтүп?” дейт
имиш. Эми өзү келген тура...
- Тот самый киргиз, убивший отца Михаила! - деп шыбырады
орус келин.
- Тссс!Тище! - деп тыйды орус катын.
“Кишилеринен ажырап, ызаага ачынган немелер эми өчүнө
бизди өлтүрөр” деген ой кетет бакисине. Бир-бирине ыкташып,
жарыкчылык менен кош айтышуунун мезгили жеткендей жабуусу
ачык түндүктөн күн батаардагы жарыкты тиктешет. Дүкөнчүнүн
кызы гана үмүтүн үзбөйт. “Энчилеп алган кыргыз кантип өлтүртө
койсун” деп оюнда, баш багаарын күтөт. Сырттагылар күчөнүп
ыйлагандан дагы бир шыкаалашса, боз үйлөрдүн тегереги опуртопур. Чапандарын белден бууган, текши малакайчан тестиер балдар
бирден ийри таяк таянып, боз үйлөрдүн капшытын жөөлөй өбөктөп,
тындырбай ыйлап турушат. Аял кишилеринин не ырдап атканы, не
ыйлап-сыктап атканы белгисиз, созуп уңулдашканы угулат ичкери
жактан. Алар өлгөндөрүн жоктоп, кошок кошуп жатышкан.
Туткун орустар жаткан боз үйдү айланчыктап кайтарган
Мукай жаңылбаса, Карагыз апасы минтип кошсо керек эле:
Алдейлеп баккан балдарым,
Алдыңарга мен кетпей,
Жетелеп баккан балдарым,
Жети мүчөл мен кетпей.
Борбуйлуу кайра болобу,
Бордунун ичи толобу?
Боо-чуулу өргө тигилип,
Боору толо конобу?
Ошондо жети күнү тыйылган эмес айылдын ыйы, өлгөндөрдүн
жетилигине жете тыйылган эмес. Өлгөндөрдүн кырк ашын өткөрүү
ойлорунда бар эле. Кийин Мукай баамдаса, ошондогу айылдын ыйы
ый эмес экен көрсө... Өлгөндү узатуунун жөрөлгөсү көп эмеспи,
тирүүсүндө көрбөгөн ызаатты адам баласы кээде көзү өткөндө
көрүшү мүмкүн. Анын сыңарындай, окко учкандардын соңку
ызаатына мүрзөлөрү кенен-чонон казылды. Ичине киши түшүп,
найзаны тегереткенде тийбегидей кенен казылды. Кудаяндын
бейитине чукул эгилген мужуктун эгинин тебелешип, чаңын сапыра
өчү бардай казгылашты аңызды.
Капылеттен качабыз деген ойдо жок, жетилигине даярданып
жатышкан. Ойго кулак түрүшөт, мергенден калган түтөтмөнүн
сыныгын аштатып, колуна карматып, Кемин ичи менен Чүй
боорунун кабарын билмекке Нарботону Камбар болуш ойго кайра
чаптырган. Нарботону күтүшөт.
- Эки жолу каптап биз мынча өлдүк, беш күн бою урушкан
бөлөк сарыбагыштан канча өлдү!?
- Эмдигиче Токмокту алып жүрүшпөсүн!
- Кайдагыны айтасың! Токмок өрттөнсө, буралган кара түтүнү
кырчаңдан көрүнмөк!
Сөздү бура сүйлөшөт:
- Өч куумакты айтты эле, кечиккенине караганда Нарбото он
орус издеп кетпесин?...
Андан ары Алматынын казагына кеткенсип кечиккен Нарбото
алтынчы күнү дегенде, эртеге жетилик дегенде келди. Кеткен жагы
Токмок эле болчу, Ала-Тоону тегерете кыдыргансып, Көл кылаасы,
Кочкор элинен бери кабарлуу. Өзү ошого аябай жан-дилин берип,
таасирленип алганбы, кепти хандардан баштап, көп сүйлөдү.
- Кан Мөкүштүн колу Токмок менен Самсунупканы ороп жатат
дагыле. Кара-Кочкордогу черикчинин балдары черүү курап,
Ыбыкенин Канаатты кан көтөргөн, эсенгул эли Түлкү баласы
Тезекбайды кан көтөргөн. Айтууда, аларың Устолбунду өрттөшкөн...
Угуп отурушса, уруусу сарыбагыштын баары эле өз ханын таап
жаткансыйт. Чабар аттандырышпады беле Жылгын-Башыда
топтолчуда, алты чабарман, ошолор жеткен жердин баарында эле эл
«хан» көтөрүп жаткансыйт. Демек, мокой турган түрү жок
башкалардын.
- “Кан” аттуунун баары эле Үчүке-Түлкүнүн балдары! - деди
билгени.
Нарбото эшиткенин айтты:
- Черикчилер Канаатты кандыкка шайлашканда, Ормондун
балдары Ормон тукумун ылайык тапкандан Тезекбайды ак кийизге
салышкан. Тезекбай аныгында Ормондун бир тууганы Түлкүнүн
баласы. Бапа, желдең, кыдыктын каны - саяк Баатыркан...
- Эмнебиз кем алардан!? Кудаяндын балдары Камбарды кан
көтөрүп албай жаныбыз жокпу!? - дешет кызуулана.
Бул сөз Камбарга ынады. “Кызыл тебетей кийинип, тигил кан
чыкмаларга теңелип калайын” деген деле жери жок, өзүнүн
беделине, ошолордун катарында айтылганына ыраазы.
- Элден мурда бузук салышкансыды эле, солтодон эмне кабар?
- Ошол жактын каны жок бейм, сыягы...
- “Бөрүбайлап” чабарманы катуу келди эле...
- Бишбекке жолой элек сыңары...
Камбар болуш саамга ойлонду. “Кеңештеги сөздөрү анык
окшойт, Токмок менен Бишбекти алат окшойт дагы бир аз турушса”.
- Көл жакасындагы жагдайын жакшылап айтчы?
- Ал жерде кыштак аттуу калган эмес, туташ талкаланган.
Мужук кырылып, катын-баласы олжого кеткен. Караколдун калаасы
гана азырынча аман. Сарыбагыштын Ыбырайым деген баласы
арабачан жарак тарткан топ салдатты Көтүмалдынын алкымынан
токтотуп, эки жүз мылтык колго түшүргөн. Мылтыктуу болгондор
кырктан-кырктан кол болуп, уруш салмакта!
Кан кызыткан сөз экен, “кырк чорону жолдоп, кыргызың
кыйын экен го!” деп турушса, Камбар болуш дагы сурады:
- Алматынын казагы?
- Ал жактын казагы бир көтөрүлүп басылган. Так ушул тапта
Мөкүштүн эки жүздөй мылтыкчан жигити Каштек, Жети-Жолдун
тоосунда бел-белди баса жатып, Кордой, Ыргайтынын жолуна дейре
элдин артын кайтармакта.
Камбар болуш кабагын чытыды. Көңүлү бузулду Алматы
кабарын укканда. “Ммм! Тынчыбайт окшойбуз оңой менен, тынчтык
бетин көрбөйт окшойбуз” деди. Нарбото сөзүн улады:
- Көпчүлүк оозундагы дагы бир сөз: кудаян кайра оруска
кирмекке дитин бургандан уруштан чыга берген имиш.
“Кошуласыңарбы?” дешти. Журт менен бир жооптошоюн дедим.
Эл Камбарды карайт:
- Аныгын болуш билээр...
Болуштун бир апта толгонткон дээриндегиси мындай экен:
- Оруска кирели деген киши жок. Кирем деген күнү да
киргизбес. Катылбагыла десем башында, тилимди албайсынар, эми
ук: кудаян качты деп айтышаар, журтту Бордунун төрүнө көчүрүү
керек. Андан ары ашып, Тоңго жете конгудай жолдо жатышсын.
Өзүм баштап жигиттер көч артында туралы, өлтүрчү орусуңар болсо,
элдин артында болуп өлтүрүп алаарсыңар...
- Анчалык ашыгып, корко турганчалык эмине? - деди Нарбото.
- Бел тоскон кеп эмес, эгер билсеңер. Алматы орустун колунда
турган чакта уруша албайбыз, аркабыз ачык, салдат чубап келе берет,
өткөндө көргөн мылтыгыңар - мылтык эмес, андайдын онужыйырмасы келет эмикиде...
Токмоктун салдаты менен бир уруштан чыккан немелерге
болуштун мынабул таап айткан акылы эп көрүндү. Улап айткан ушул
сөзүн Мөкүштүн оозунан укту эле, “Мөкүштүн өзү кантээр экен?”
дейт Камбар болуш.
Мүрзө башына барып, жетилик ырасми жасалаар замат, журт
котормой болушкан, кырк ашы бозгун-карыптын жолунда берилмек.
Кийин бири айтат, “ болуш оозуна сала бергендей билип айткан
экен” деп, бири айтат “атаңгөрү, ошол акылын эртерээк айтса
эмине!” деп. Ары жагын орус эле билбесе, анчалык мүшкүл
болоорун ким билиптир...
Эртеси таң эртелей маркумдарга багышталган мал союлуп,
эркектер кечеңдетпей бейит башына баратышкан билген куранын
түшүрмөккө. Жамандыктын мынчалык эрте башталаарынан
бейкапар, башкалардан озунуп көчүп чыгуунун камында
баратышкан. Бордуга кире бериштеги жайыктын бетин бербей, жөөжалаңдап үрккөн бир уруу элге кептелгенде, ооздорунан келмеси
түштү. Адегенде, “кимдер?” деп сураштырып, калдастап калышты.
Илгериде жөн эле “жантай”, жалпы эле “жантай” болуп жүрүшкөн,
орус келгенден кийин “биринчи жантай”, “экинчи жантай” атыгып,
катар сан менен чакырылган эл бар, тууган келет, качкан эл ошолор
болуп чыкты. Салт качкандары көбүрөөк, жүк артынганы кемирээк
шекилденет, айдаганы бирин-серин жандык, мал-келин таштай
качкан сыяктанат. Бала-бакыра чыркырап, катындары озондойт.
Бордунун кырка-кырка тоолору жанга арачыдан бетер, эптеп
Бордунун ичине кирип кетишсе, жандары калчудан бетер
жанталашып келатышкан экен...
Сая кууган жоонун жолун тоскон, көчтүн жонун кайтарган
мылтыктуу жигиттер улам кылчая ок чыгарган болот, бирде тигил
төшкө, бирде бул төшкө өтө чуркап, карагай-ташка жашырынып ок
чыгарат. Тоонун бетин тытып ийген пулемет, беш атардын огунан
жалтана чегинип, баса албай артта калган бечараларга аралаша
түшөт. Бечарадан озуп кете албай, кыйкырат:
- Чамдагыла! Чамдагыла!
Адашкансып жолдон чыккан кудаянды көрө сала эскертти:
- Кара-Кастектен аша келген беш жүз чамасында салдат куугун
түшүп, шашып калдык. Бөлүнүп-бөлүнүп, сарыбагышты чилдей
таратты. Айланайындар, жаныңардан үмүт этсеңер, төмөн түшө
көрбөгүлө!
“Беш жүз салдат дейби!”. Кудаяндар бейитти унутту. Бордуну
беттеген куугунчунун санын бышыкташ ойго келбептир. Жантай
качкындарынын жолунда болуштан сөз күтүп жаткан журтту
көчүрмөккө “чү” коюшту.
- Эл-журт жыйнал! Аяк-башыңды жый! Жоо басты! Кара
басты!
Мүрзөнүн башынан кайтчулардын өкүрүп түшүүсүн күтүп,
өздөрү кошок кошкону турган катындар кыйкырып тура калып,
айылдын чакчелекейи чыкты. Үй чечкенге үлгүрбөгөнү колго тийген
бирин-экин көр-жерин ат-көлүгүнө артынат. Кембагалдар идиш-аяк
салынган, жетиликке союлган малдын эти шыкалган куржунун,
даакысы чубалган жуурканын ала чуркайт. Кундуу оокатын таштоого
ыраа көрбөгөндөр кундуз жакалуу тон-чепкен, чарайналуу
ээр, үпчүндүү үртүгүн колтугуна кыса чуркайт…
- Аттарды тарткыла! - деп бакырат Камбар болуш.
Ата-жотодон калган, аягын орустун кызматында жүрүп жыйган
үй ичи толо үбүн дүйнөгө кароо жаны күн илгертен таңылчактап
таңдырган эле, жүктөтө салып качырды. Башаламанда ортодогу эски
боз үйдү, андагы камалуу туткундарды эстеген киши
болбой, бир аз оокатын жүктөткөн Нарбото олжо кызды гана сүйрөй
чыгып, элге кошту. Жыйылбай калган оокатты отко ташташып,
журтту качырып чыгарышып, баштыктар ээн калган айыл үстүнөн

You have read 1 text from Kırgız literature.
Çirattagı - Мисмилдирик - 14
- Büleklär
- Мисмилдирик - 01Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3741Unikal süzlärneñ gomumi sanı 229726.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.38.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.43.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Мисмилдирик - 02Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3810Unikal süzlärneñ gomumi sanı 210828.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.39.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.46.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Мисмилдирик - 03Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3754Unikal süzlärneñ gomumi sanı 227225.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.37.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Мисмилдирик - 04Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3687Unikal süzlärneñ gomumi sanı 214326.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.37.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Мисмилдирик - 05Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3825Unikal süzlärneñ gomumi sanı 221728.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.38.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.45.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Мисмилдирик - 06Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3823Unikal süzlärneñ gomumi sanı 222526.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.38.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.45.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Мисмилдирик - 07Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3847Unikal süzlärneñ gomumi sanı 215228.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.39.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Мисмилдирик - 08Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3753Unikal süzlärneñ gomumi sanı 229526.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.37.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Мисмилдирик - 09Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3723Unikal süzlärneñ gomumi sanı 225326.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.38.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Мисмилдирик - 10Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3776Unikal süzlärneñ gomumi sanı 217926.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.37.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Мисмилдирик - 11Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3632Unikal süzlärneñ gomumi sanı 236623.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.33.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.40.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Мисмилдирик - 12Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3718Unikal süzlärneñ gomumi sanı 224424.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.34.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.40.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Мисмилдирик - 13Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3724Unikal süzlärneñ gomumi sanı 236925.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.35.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.41.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Мисмилдирик - 14Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3764Unikal süzlärneñ gomumi sanı 224425.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.37.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.43.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Мисмилдирик - 15Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 2450Unikal süzlärneñ gomumi sanı 153029.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.