Latin

Мисмилдирик - 03

Süzlärneñ gomumi sanı 3754
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2272
25.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
37.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
44.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
табынгандай карашып, тамшанышса, журт ырымга кол тийгизип,
кармалап калат. Колоңдогон боз балдардын бирде-жарымы колго
алып, ойногонун көрүшсө “копол болуп кетти азыркынын балдары”
деп жактырбай, тетири басып кетишет карылар.
Мукай жаралуу келген барымтачынын берегиде керегеси
жалпайып, төбөсү шоңшойгон, тегерегин киши-кара үймөлөктөгөн
үйүн карап, ирегесинде найзанын жоктугун байкады. Эми билип
отурат, найзаны унутуп, найзасыз үй тиккен кудаяндардан экен.
Жаралуу жигиттин энеси “балабызга айса тийиптир” деп
армандаса, эркек туугандары “аркасынан жептир” деп, адегенде
аябай арданышкан. “Аркасынан жептир” деп туугандыктан кечмек
белеңер, аманын тилегиле!” дешти башка туугандары. Эмчидомчулар үйдү айланчыктап, кымгуут. Жумурткадай жумуру боз
үйдүн ичи гана көрүнбөйт, ичи гана угулбайт, калганынын баары
угулат, көрүнөт.
Жигиттин жолдо катар онтогонун эстеп, ага удаа өлүү келген
жигитти эстеп, айылды үстүнөн бир тиктеп, чаржайыт ой менен
алпурушуп отурган Мукай чоң энеси Карагыздын жаралуу жигит
жаткан үйгө өмгөктөп басып келгенин көрдү. Бүбү менен бакшыдан
ылаажы болгон жокпу, эмчи менен домчунун эби келбей жатабы, же
жөн эле “балабыз бачым cакайсын, дем салып бериңиз, апа”
дештиби, айтор, колтугунан сүйөп, ээрчитип келишти. Эшиктин
кашында сагалап тургандар Карагыз-апаны көргөндө, ийилип
учурашып, эшикти эңиле ачышып, ичкери киргизишти.
Мукай билгенден журт ичи Карагыз-апанын «алас» сөзүн бүбүбакшынын ойногонунан күчтүү деп санайт. Эл билгенден Умайэненин эми Карагыз апанын тилинде. Тинтүүр менен чукубайт, тынза
менен сыйпабайт, сөзү менен арбап, сөзү менен адамды тыңытып,
денесине кубат киргизет. Бирөө-жарым сыркоолоп, табы айныса деле
кичинесинен чоңуна чейин “Карагыз апага баралы, апабызга дем
салдыралы” демейлери ошондон. «Балага кирене кириптир,
баланчаны албарсты басыптыр, түкүнчө кырсыктап калыптыр»
дешип, Карагыз апанын алдына келишет, “апа, апаптап
коюңуз, жүрөгүнө суу толтуруңуз” деп турушат. «Жаш чагында ок
аттаган» деп айтышат, «жоодон ок жеген эринин жанын ок аттап
алып калган» деп айтышат.
Бүтүн журт “энебиздин колдоочусу бар, олуялыгы бар, көзү
ачык” деп билет, “энебиздин жөлөөчүсү - Умай-эненин өзү” деп
билет. Андыктан, “батакөй энебиздин батасын алып өнөлү” деп
турушат, “энебиздин сөзү курандын сөзүндөй” дешип, айтканына
сыйынып, эки кылышпайт. Эшен менен калпа курандын сөзүнө
ишенгенчелик ишенет.
«Кудаяндын балдары» дегенде жаналакетке түшүп калмайы бар
Карагыз апа да мындайда жанын садага чаап, уясын тегеренген
чабалакей сындуу чебелектеп жиберет. Непада, «Кудаяндан бирдежарым өттү, төрөттө чарчап калды, жаш өлдү» дегенди укса, анда
бүттү, «Кудаян баласы кемибесе!» деп тиленген байбиченин
кабыргасы кайышып, «алда катыгүн!» деп кейип, мөгдөп калат.
Айрыкча, эркек тукумдун өткөнүнө заманасы куурулуп кетет.
Жети мүчөл жашына топук кылып, «Бордунун ичи элге толгон
кезеңди көрдүм, кудайдын кулагы сүйүнсүн, келин болуп келгени,
Бошкойдун босогосун аттаганы, Кудаяндын тукуму көбөйүп,
жылгындуу өрөөнгө жылда конгон кудаяндын конушу жылданжылга узарып барганын көрдүм, арманым жок» дейт. Мурдагылар
«Бордунун ичи толгонун көрсөк!» деп армандашып, өксүп
жиберишчү экен. Болуш-ыстарчындардын «орус конгону жер
тарыды» деген наалышы менен Карагыз апанын иши жок, «элдин,
эркек балдардын көбөйгөнү эсеп» дейт. «Курбака баштанып,
мурдунун богу чууруп турса деле, эркек балага жалынып, бизди чана
бересиз» деп, кербезденген кыз-кыркын тамаша-чындан чычалап
калат. «Ай, кытай алгырлар! Бордунун ээси - эркек!» дейт Карагыз
апа. Анда эле кыз-келин шыңкылдап, жүдөмүш көрүнгөн боз
балдарга тийишип, «чалбарыңды сүйрөбөй, тартсаң боло,
бокмурун!» деп каткырып калышаар эле.
Кудаяндын бир баласы оор дегенде чоң энесинин чебелектей
басып, боз үйгө киргенин карап отуруп, Мукай жан айласын издеген
жаралуу жигиттин өз жанын Карагыз апанын колуна тапшырганын
билип турду. Жалооруй карап алганын элестетти. «Шексибейт
чыгар» деди оюнда. Анан Бордунун ичиндеги качанкы арчакарагайлар менен жашташтай болуп картайган, капкачандан кары
болуп жаралып, кары бойдон бир калыпта катып калгансыган чоң
энесинин сөзүнөн чыккан, шексиген киши көрө электигин ойлоп,
өзү бир ирет шексигенин эстеди. Орустун колунда окуп жүрчүдө чоң
энесинин сөзүнөн шексигени эсине түштү. Окууга түшкөнү атпай
журтка аңыз болгон окуя эле...
Мурдагы жылы Мукай башталгыч орус-тузем мектеби деп
аталган окуу жайына түшкөн. Кечээ эле көк жондо ойноп, башы
оогон жагына баса берген, басканы ээн, уктаганы ээн, эркиндигин
чектөө эмне экенин билбеген улан атасын ээрчий барып, алеки
заматта капаска түшкөн куш кейиптенип, катар-катар тизилген орус
үйлөрдүн арасында кала берген.
Катар-катар үй демекчи, кыргыз аны ар кандай айтат. Бири
«кыштак» дейт, бири «калаа» дейт. Иши кылса пристав токтогон
жер, базары бар, коңгуроолуу чиркөөсү бар, калактуу тегирмени бар.
Токмоктон жыйырма-жыйырма беш чакырым алыс. Орус менен
сарттын көргөн күнүн “учпас тоок, көчпөс там” деп жээриген
көчмөндүн осуятын канына сиңирген жаны туңгуч ирет жер үйгө
түнөгөнүн унутпайт. “Камоо турбайбы!” деп араң көнгөн.
Ай айлантпай, “Камбаруп Мукай, из кудаяновских киргиз!” деп
айтканга жарап, орустун турмушуна көзү ачыла баштады. Эң
кызыгы, калаада иш кылган кыргыздардын кыйлалыгы. Чалгы
шилеп, чөп чапканды, айры кармап, чөмөлө үйгөндү үйрөнгөн, балта
көтөрүп, дөңгөч жарган, челкейген челектерге канактан суу ташып,
зоот аттарды сугарган, кулактап суу жыгып, кулдай иштеген
кыргызды ушул жерден көрдү. Эл оозунда аларды “оту менен кирип,
күлү менен чыккандар” деп аташат. Сураштыра келсе, көп элден
бар. «Тынайдан болобуз, атакеден болобуз, сарыбагыштан болобуз,
солтодон келгенбиз» дешет. Кудаяндан келген алыс туугандары
жүрөт. Орусча
түшүнгөнү тыңыганда аңдаса, алар “талааны
таштаган, тууганын таштаган кыргыздар” (“киргизы, порвавшие со
степью”) деп атыгат экен.
Баамдаса, таамай айтылгандай. “Баланчанын ашына, түкүнчөнүн
тоюна барбай калдык” дегенди угуп, бир таңданса, “быйылкы
кымыздын даамын тата элекпиз” дешип, тамшангандан шилекейин
жутуп, улутунган кыргызды угуп, эки таңданды. “Жамандыкжакшылыкка катышпай, уруусунан, урук-тууганынан безгендери
эмне жакшылык?” деп жаш башы түшүнө бербейт.
Мукайдын дагы бир байкаганы, мужук арасында аялдарга
караганда эркектананын аздыгы. Чиркөөнүн чөбүн чаап, көрүнгөн
орустун эшигинде малай жүргөн кыргыз менен маектешип отуруп,
бир күнү ушуну сурады.
- Эркектер эмнеге аз?
- Эркектеринин көбү согушта. Орустар согушуп атканын
билбейсиңби? Герман менен согушуп атат.
- Ии..
- Согушканын кеңешпейт. Келгиндери көбөйдү, мага окшогон
малайлары көбөйдү. Атаң айткан жок беле, булардын согушканы
элге мүшкүл болду.
Мукай чоңдордун орус согушкандан бери эл азып кетти, алыксалыгы өтүп кетти деп урушкандарын эстеди. Уруулаштарынын
жылкы чапсак деп кеп кылышканы жокчулуктун айынан эмеспи?
- Ылайым германдан жеңилип калгай... - деди малай.
- Герман дейсиңби, орус кетсе герман кутултабы?
- Биринчи орус жоголсо, кийинкисин көрө жатаар элек.
- Эмне кылса орус жоголот экен?
- Билбейм, иши кылса мен оңбогон орус германдан жеңилип
калса деп бассам-турсам жаратканга жалынам.
- Дини кайсы экен германдын?
- Чокунган орус менен согушканына караганда мусулман
окшойт го.
“Өзү орустун
арасында жүрөт, кайра орусту каргайт” деп
Мукай таң. Экөө кобурашып отурган оокумда чиркөө кагылды. Ар
кайсы көчөдөн орустар агылып, чиркөөнү көздөй баратышат.
- Окуймун, орусча сүйлөймүн деп жүрүп чокунуп калба! - деди
малай кыргыз тамашалап.
Элинен бөлүнүп жүрөт дагы, акыл айтканын кантесиң!
Чиркөөгө бараткандарды карап, башын жаңсап койду. Экөө ээрчише
жакыныраак келип, чиркөөнү карап турушту. “Чокунат” дегенди
уккан Мукай чокунуп жаткандарды жакындан тигиле карайт.
Сыйынгандарды баштап, төр жагында турган сакалчан кишини “отец
Михаил” деп аташаарын, кыргыздар “узун чапан Мукайыл” деп
коюшаарын билчү, бирок тилин терең түшүнө албайт.
- Мааниси эмне? - деп малай кыргыздан сурады.
Үстүндө бүтүн кийими жок, адистиги жалчы болгону менен
орусчаны тың билген малай эле. “Сыйынганы киргендер Орусиянын
согуштан жеңип чыгышын сурашат, падышанын саламаттыгын
самашат” деп түшүндүрдү. Жабыла туруп, падышасынын
саламаттыгын тилеген салты Мукайга баарынан кызык сезилди.
Падышасы баарын көрүп тургансып, баарынын бейпилдиги
падышасынын колунда тургансып, өздөрү бул жерде, падышасы бир
жерде, бирок, орус орус болуп жаралганы жандары жалгашып
калгансып. “Чокундунун падышасы мужуктун тилегин берет тура,
жакшылар деп атыгып, болуш-ыстарчыны болуп жүргөн, болушыстарчыны бар биздин элдин тилегин ким берет?” деп таңданат.
Неси болсо да, аңыздагы Аз-Жаныбектен өткөн, жер бетиндеги эң
кудуреттүү, эң бай падыша белем!?
Малай узун чапан Мукайылды сөөмөйү менен көрсөтүп:
- Молдосу ушул! Кыргызга жаман санайт, - деп шыбырады.
Малайдын айткандарына кулагын төшөгөн Мукай “кимисинин
тилеги күчтүү, кудай кимисинин тилегин кабыл кылат, кимисин
угат?” деген ойдо калды. Көп чогулган орустун жабыла жалынганын
жалгыз жандырчудай, көктү тиктеп, Көкө Теңирге тайынган
малакайчан малайдын зарлагынын угабы же коңгуроонун
коштоосунда доошторун бийик салып ырдаган, чогуусу менен
чиркөөгө тыгылган чокундулардын тилегин угабы? “Ушул ой
мынабул малакайчан малайдын башына келди бекен?” дегиче,
анысы:
- Теңирим тепсесин силерди! - деп, карганып-шиленип басып
кетти.
“Теңир өңгөнү тепсесе да, падышаны кантип тепсейт болду
экен?” - деп Мукай калды.
Падышаны көргөндө, падыша эмей эмине, анын сүрөтүн
көрчүдө малайдын айтканы айласыз эске келчү болду. Окуусунда
падыша тууралуу барган сайын баса-баса айтылчу болуп, мугалим
кыргыз балдарга “жакшы окусаңар, окуу жагынан татар балдарга
теңелсеңер, сүрөтүн жакында көрсөтөм” деп кудуңдайт. Адегенде,
орустун падышасын жер бетиндеги эң кудуреттүү, мээрбандыгы
жанда жок, эң ырайымдуу өкүмдар деп түшүндүрдү. “Орус
империясынын жаграпиясы жана тарыхы тууралуу төтө түшүнүк”
дегендей сабак бар. Ошол сабактан угуп отурса, орус мамлекети эң
бир эбегейсиз, жердин бетин бербей, мухиттен мухитке чейин кургак
жерди ээлеп жаткан мамлекет экен. Санап отурса, кыргыз- казакты
кой, нечендеген тили буруу, өңү буруу калктар ийилиштүү имиш.
Татар баштап, сары ногой, кара ногой качан эле багыныптыр.
«Моюн суна электен кытай эле калганбы?» деп ойлош мүмкүн.
“Ушундай улуу мамлекеттин чамгарагын орустун падышалары
көтөргөн” деп мугалим кудайдын куттуу күнү кулакка куят. Пристав,
поп, болуш-ыстарчындар, мужуктар, көчмөндөр, тузем мектебинде
окугандар - баары падышанын букарасы деп айтылат.
Бир күнү сүрөттү алып келди. Бу орусуң эмне гана укмушту
алып келген жок кыргыз жерине, «кыртышты кере карыш тилген
«соко» дегени болот экен, кермедей тартылган зымынын бир
башынан койгуласа, экинчи башына кат болуп түшөт экен, аны «зым
карагай» дейт экен, анысы Пишпек, Токмок, Алматы сындуу чоң
калааларда болот экен, өзүбүз көрө элекпиз, жулкунуп жылган от
арабасы болот экен» дешип, орустун колунан эмне көрсө, оозунан
эмне укса баштагы кыргыздар баштары айланганча, эстери оогончо
бир таңданчу. Эми, «сүрөт ушундай болот» деп үч уктаса түшүнө
кирбептир Мукайдын. «Боёк» дейин десең боёк эмес, кара калемдин
көөсү аралашканбы десең ал эмес, калыңыраак келген кагазга
кишинин кичирейтилген көлөкөсүн түшүрүп туруп, салып
койгондой. Үнү гана жок, кыймылы гана жок, көзүн ирмебей көпкө
тиктейт. Анан да узуну бир кезчелик, туурасы жарым кезчелик
жыгач калыпка чактап, мыкка илгидей кылып койгонун кантесиң,
капырай. Анын таңыркап караганын байкаган мугалим “Государь!”
деди. Чиркөөдөгү окуядан кийин, «падыша» десе, кудайдын жер
бетиндеги пайгамбарындай ойдо калган Мукай жакын келип
кадалды.
- Бул падышабыз, баарыбыздын падышабыз. Николай Второй!
- деди мугалим кыргызча чала-моңол.
- Ниикелей?!
- Ооба, Николай Экинчи. Дүйнөдөгү эң күчтүү падыша!
Романов!
- Урумануб?! - дейт Мукай. Аты угумга ногой-татарча
келгенсийт.
- Ооба, Романовдор! А мынабу сүрөттө падыша бүтүн үйбүлөөсү менен. Мынабул турган - каныша, көздөрүн жоодуратып
турган мынабулар - кыздары, мобереки болсо - уулу! Болочоктогу
падыша!
Падыша деле кадимки көрүп жүргөн орустардай экен,
ошолордой эле сакал-муруттуу, үстүндөгү кийими Жети-Суулук
келгин орустардын аскер чалыш кийимине окшоп кетеби? “Хан” десе
таажы кийет, алтын-күмүш жалатылган жип менен саймаланган
чепкен жамынат, өкчөсүнө асыл таш чөгөрүлгөн өтүгү болот деген
жомокторду элестетип жүрүптүр. Өзгөчө чоң энеси Карагыздын
түгөнбөгөн жомок-уламыштары...
Чоң энеси айтчу уламыштарда кыргыз баласы качан болсо
калмак менен казактын башын кандап, жылкысын тартып алат, качан
болсо Кашгар менен Ташкендик кербенчини жорголото кууп жүрөт,
дилде толо куржунун кучактаган соодагери “коюң эле коюң!” деп,
селдесин чубалтып качып жүрөт. Чоң энеси айтып отурса, кудаянбы
же башкасыбы билинбейт, айтор, күлүктөн күлүк тандап минген,
мылтыктын мыктысын “аккелте” деп коёт, айдалыга ошол аккелте
мылтык асынган, найзанын эң бир ыктуусун колтукка толгоп
кыстарган намыстуу кыргыз баласы болгон дейт. Айтып отурса, ал
учурда кыздары да артыкча каада күтүп, үкүнүн түгүн чанган заман
болуп, туташ каркыра канат сайынчу имиш. Манастан бир канчалык
мурунбу же кийинби белгисиз, айтор, бири - бий, бири
- бай, түгөлү менен шай жашаган шаңдуу заман болгон дейт.
Айрымдар, мурун-кийини жок эле, так Манас-Семетейдин учуру деп
жоруйт.
Чоң энесинен уккан уламыштардын учугу орус айткан узун
тарыхтын кайсы жеринен жылт этип көрүнөт деп, “хан” тууралуу
укканы мугалим санаган замандын кайсы жеринен билинет деп
сүрүштүрүп, учугун таба албай тажап жүрчү эле, акыры, өзүнө өзү
ушул суроону берди: «хан» тууралуу, «кашка» тууралуу жомогуң
кайдан чыгат?
Мугалимдин айтуусунда кыргыз баласы кыйын падышанын
элине да «кыңк» этпей баш ийүүсү керек экен. Улугубу, төрөсүбү же
сакалчан мужугубу, иши кылса орус көрсө, көчмөндөр бөркүн чечип,
бөкчөйүп тура калуусу ошондон экен. Иши кылса, жөөлөгөнү түгүл,
төбө талаштыра уруп өткөн күнү да “кыңк” дебей калуу керек.
Мукай кыштактан андайды да көрдү. Үн катканды кой, тынч
өлүп бергенди көрдү. Үстү жүдөңкү, орто жаштан өтүп калган
жапалдаш кыргыз кыштакты аралап, көрүнгөндүн жумушун жасаар
эле. Өзү чалгы чапкан, отун жарган сыяктуу иш издеп тоодон түшөт,
анан да качан көрсөң асынган аспабы - кыл кыяк. Иш чыкса жасайт,
чыкпаса арык бойлой тигилген теректердин көлөкөсүнө көчүк басып,
кыягын тартып эрмектейт. Мукайдын купулуна айрыкча толгону “Үкү жүнү сарала” деген күүсү. Кыяктын таягын тартса, кылдарынан
“үкү жүнү сарала, үкү жүнү сарала” деген ыр жаңырган сыяктуу,
кыяктын боорунан саңоор жүнү сарала үкү баласы «бурак» этип, учуп
чыккан сыяктуу. Дегеле уккулуктуу!
Анан дастан-өлөң айтууга маш эле. “Семетейден” баштап,
аягын секетбайлар менен бүтүрcө, баш чайкап, тамшанбаган киши
жок. Ошончо көп жомоктун ичинен айрыкча “Кедейканды”
келиштирет. Төрт түлүк малы төр бербеген Азимкан аттуу хан менен
«бир күн болсо да бийлик билсем» деп дегдеген Кедейкан аттуу
бечара экөөнүн так талаш кумары айтылган окуя. Айтып
отурса, болуш-ыстарчындыкты талашкан, “баланчанын бартиясы,
түкүнчөнүн бартиясы” деп жаатташкан, оезнойго чейин
арызданышып, касташкан мобереки эле кыргыздар бир туруп эске
келет. «Эзелки окуя» дешет, эзелки эмей эле кыргызыңдын азыркы
турмушу өңдөнүп кетет. Дегени, өзүнүн жамактаганыбы же
бирөөдөн укканыбы, иши кылса ушул күндөргө келиштирип,
ылайыкташтырып месел айтат. Арасында мынабу саптарды айтат:
Бартия балаа болду башыбызга,
Ынтымакка эгер биз келе албасак,
Кызмат кыл бул жалганда миллетиңе,
Ачык жүздүү болосуң акыретте!
Эч тартип жок элибизде,
Бартиялык басып кетти,
Жылдан жылга ашып кетти...
Уккан кыргыздар таң. Мунусу эл оозундагы эч бир меселге
окшобойт. «Кадимки олуя Калыгулдуку» десең ал эмес, «Арстанбек
бейм» десең ага окшобойт, кыргызда жок сөздөр аралаш. «Бартия»
деген сөздү көп укчу болушкан, болуш-ыстарчын шайлаганда
«Шабдандын бартиясы», «Канааттын бартиясы», анан «Камбардын
бартиясы» деп жаатташып калышат эмеспи.
(Жазмышты карасаң, ушул күндөрдөн бар болгону беш-алты
жылчалык убакыт өтүп-өтпөй болуштуктун ордуна «партиялап»
жашаган күн башка түшөөрү, анан да жалаң «партиямын» деш аздык
кылып, «чыныгы партиячымын» деген ураан чыгаары, кийин өзү да
ошолордун катарында жүрөөрү ойго келбептир ошондо).
Түрдүүчө түкшүмүлдөп, “миллет” дегенди түк түшүнө алышпай
кыргыздардын башы маң. Өзү «татардан окуган жаңы молдолор
чыкты, ошолор китеп жазганды баштады» деп коёр эле,
«Абайылданын тукумунан чыккан Осмон молдонун жазганы, окуп
беришти» деп койор эле. “Акыр зама-ан, Абайылданын урпактары
молдо болуп кеттиби?” дегенди да уккан.
Молдолордун жазганын жатка айтканга адис Кара-дастанчынын
дагы бир сөзү бул:
Орусту тосуп Ташкенден,
Шейит кеттиң Алымкул!
Ордонун ээси өлдү деп,
Оруска чапты сүйүнчү,
Кыргыздын ханы өлдү деп,
Кытайга чапты сүйүнчү,
Алымкулу өттү деп,
Душманың сенин сүйүндү...
Уккандар кайсы окуянын баяны бул деп, ажырата алышпайт.
“Хан” дегенден Ормон менен Жантайды укканбыз, орус менен
урушкандан Тайлактын баласын укканбыз. Бул кайсы жомок?”
дешип таба алышпайт. «Анжияндык ырчыдан укканым» дейт өзү.
Калаанын орустары аны Кара-жомокчу деп коюшат, “баягы
Кара-жомокчу өзүнүн кара-кыргыз тилинде кайра жомок баштады“
(“сказитель Кара опять что-то рассказывает на своем каракиргизском языке”) деп коюшар эле. Кыргыздар тегеректеп
калышчу. Уккандын жарпын жазып, өзүнүн
да черин жазып
болгондо, чобур атын теминген тейде «эртеге чейин кайыр» деп,
жумуш чыкпаганына кайыл деп жолуна түшөөр эле.
Эмне жазыгы бар белгисиз же “ары жок кыргыз, оруска тил
тийгиздиң” дегениби, бир күнү ошол кыргызды колунун чоңдугунан
Чоңкол атыккан орус өлөөрчө таяктап, алыштын жээгине таштап
салды, кыл кыягын талкалап, атын жыгып алды. Арачалаган киши
жок, демейде ыр-күүсүн угуп, тегерегинде тапыраган кыргыздын
бири жок. Борбую ката элек Мукай кайдан даасын!? Ошондо арачыга
жарабай койгонуна арданды, бечара кыргыздарга кошулуп, орустун
короосуна корголоп, арачы түшүүгө даабай койгонуна арданды.
“Атаганат, абам Нарбото болгондо тим турат беле!” деп ызааланды.
Чоңколду герман менен урушта айнып келген деп айтышчу.
Эми германды урган ошол Чоңкол жомокчуну баш кылып,
жомоктогуларды кошуп ургансыды. “Кедейканды” айтчу эле,
кимисине колу тийди Чоңколдун, өз ара ыркка келе албаган ырысы
жоктордун кимисин урду? Кедейканды урдубу, Азимканды урдубу?
Чоңколдун семетейчи Караны урганы Семетейдин арбагына айбат
бергендей туюлду. Жалаң Карага ишенип, Семетей алдан тайып
бараткандай туюлду. Кайран гана Семетей!? Ага бир ызаланды.
Эч ким басып баралбай, өлүү-тирүүсү белгисиз Кара-дастанчы
далайга жаткан. Эртеси абалы оор, айылына алып кетишти деп уккан.
Жомокчунун ыры түгөнүп, өлөрчө таяк жегенин өз көзү менен
көргөндөн кийин Мукай бул калаадан түңүлдү. “Калаанын турмушу
курусун!” деди. Коргоол менен күн санап, ээн жүргөн күндөрдү
самады. Эсебинен жаңылып, канча жүргөнүн да унутту. Кунан чаап
ойногон кезегин, чоң энесин, өз энесин, алышып ойногон
туугандарын, жарышып ойногон курбуларын сагынган.
Калаадагы күндөрүн айтып отурса, айыл түрүлүп келип угат,
чоң жомокчунун сөзүн тыңшагансып угушат. Мукай тирүү
падышаны көргөнсүп, бир cыйра таңыркаган. “Кадимки эле орус
бекен?” - деп Нарбото сураган. “Тактысы менен таажысы кандай
экен?” - деп Калыбек карыя сураган. Падышаны көп сурашты. Бир
жакка басып баратса, чоңдор эринбей токтотуп алып сурашат.
Жөөсү жөө баратып сурайт, атчаны ат үстүнөн сурайт. Эч
тажашпайт. “Катыны кандай неме экен?” - деп сурашат. Канча жолу
падышаны сурашса, “катыны кандай экен?” деген суроону сөзсүз
бербей коюшпайт. “Каныша” деп да коюшпайт. Мукай сүрөттөгү
көргөнүн падышанын сарайына барып келгендей сүйлөйт. Каныша
экенин унутуп, уккан жеринен улайт. “Катыныбы? Чачы түйдөк,
кийгени узун этек көйнөк, ооздору оймоктой, көздөрү көпкөк” дейт.
Көзүнүн көгүн көргөндөй сүйлөйт. Башта таңазар албай жүрдү,
кийин байкап, түшүнө албай жүрдү. Жандырмагын көптө барып
билди. Чоңдор кымызга тоюп алып, бакылдаша кеп салып отурганда
угуп, билди.
Көрсө, Сагымбай деген көзү ачык манасчы бар экен.
Угушунда ушул эле тегеректен. Ошол киши бир курдай баш сөөлөт
түшүрүлгөн алтын сөлкөбайды көрүп, “бул падыша өлөт» деп айтып,
элди чоочутуптур. “Кантип билдиң?” десе, “муздоосунан түшүп
калыптыр, мууздалат экен. Улуктарга тезирээк айткыла!” дептир.
Болуш-ыстарчындар кайра үркүп, “кокуй, угуза көрбө, бөөдө
убалыбызга каласың!” деп жалбарышып, Сагынбайдын оозун араң
тыйышкан дейт. Ошондон кийин Сагынбайдын айтканы эл арасына
жайылып кетип, базарга барган эл бир шылтоо менен падышанын
башы түшүрүлгөн сөлкөбайды көрүүгө куштарланып, төлгө кылып
калышкан дейт. “Катыны кандай неме экен?” дешкени, “падыша өлсө
ордуна катыны отураар, кандай неме экен?” дешкени тура.
Жалгыз Карагыз апасы башкача жоруп, төлгө кылган.
“Падышанын сүрөтүн көргөнүң жакшы жөрөлгө” деп, небереси
сүрөт эмей эле, падыша сарайдан барып, падышаны көрүп келгендей
жоруган. “Кандын көзүн көргөн өлбөйт деген сөз бар, балам! Сен
падышаны көрдүң” деп ырымдаган Карагыз апасы Мукайдын
жоругун белги тутуп, небересинин төбөсүнөн улам-улам жыттаган.
...Көк жондо узунунан түшүп, Бордунун ичиндеги боз үйлөргө
көз чаптырган, көктөгү булуттардын көчкөнүн караган Мукай
калаадагы күндөрүн ушинтип эстеди. Чоң энесинин жомокуламышынан шек санаганын, бир ирет шек санаганы ушундайча
болгон.
V
Тоо этегинде созулуп жаткан эңкейишти текши ээлеген эгин
талаалары. Быйыл орустар аштыкты кыйла жерге айдашыптыр, эгин
талаасынын бир өңүрү кыргыздардын бейитине чейин жетиптир.
Жигиттерин ээрчиткен Камбар болуш эгин талаасынын чети менен
бастырып келет. Болуш жигиттери менен уулун алып, ойго түшөрүн
уккан уруулаштары «бириндеп барсак жөнүбүздү таппай жүдөп
калабыз, көчөсүнөн жүрө албай адашып,
базарын таппай
кыйналабыз, а көрөкчө болуштун караанына жамынып калааны көрө
келели, базарына түшөлү» деп ээрчип алышкан. Дегдеп «Сөлкөбай
көрөбүз!» дегендери да бар.
Эгин бойлой келатышып «ушунун баары бир кезде биздин
жерлер болучу» деп карап коюшат, оторчу жүрөгүнүн үшүн алган
белем, эгинди тебелетип албайлы деп элеңдеп коюшат. Бейиттин
тушунан токтоп бата кылышты.
- Жетинчи атабыз Кудаяндын жасатынан бери аталарыбыздын
сөөгү ушул жерде жатат, - деди Камбар болуш.
Андан мурдагылары деле көмүлсө керек ушул тегерекке, бирок
даана билгендери Кудаяндан башталат. Ким гана жок бул жерде,
Маматкул менен Тынайдын, Кошой менен Талкандын заманында
калмак менен кармашта өлгөнү жатат, жер талашып, кун доолашып
казак менен эрегиште өлгөн эрлери жатат. Сөөгү сөөк бойдон
коюлганы болуптур, жоо чалышта сөөгү этинен ажырап келгени
болуптур, жаш өлгөнү болуптур, карып өлгөнү болуптур!
Биринин бейити томуктай жерде томпоет, бириники - моло таш
менен күмбөз! Баатыр атыгып өткөнү бар, байкуш атыгып өлгөнү
бар! Кайран ата-бабалар! Айрымдарынын өлгөндөгү кошогу
эмдигиче ооздон түшпөй айтылып жүрбөйбү:
«Атакемдин,
Кыргыйдай экен кыялы,
Кыраандан экен туягы!» - делип.
Бири айтат, Нарботонун аталары өлгөндөгү кошок деп, бири
айтат башкасы деп. Кимиси болгон күнү да тигинде жатат топурагы
томпоюп. Мына ушунун баарын бир сыйра ойлорунан сыдырып,
өлгөндөрдү эскерген кыргыздар Камбар болуш баш болуп баштарын
жерге салган тейде саамга тунжурап турушту.
- Быйыл мынчалык келишиптир, келеси жылы бейиттерди
таппай калабыз го!? - деди жигити.
Кимдир бирөөсүнүн көзүнө кээ бир күмбөздөр урай
баштагандай көрүндү. “Баланчанын бейити басылып калыптыр,
түкүнчөнүн бейитинин изи жок, калың бейит жер менен жексен
болуп кетпес бекен” деп жанындагылар жаалашып, бир сыйра орусту
сөгүп алышты. “Тилегиң соолгур, ата-бабабыздын арбагы ургур!”
деп, ээрчип келаткандар жерге түкүрүндү. Камбар тыйган жок. Канча
жылдан бери журт буйласы атыгып, орустун кызматында жүрөт,
болуш болду, ыстарчын жүрдү, орусту жек көрүү мынчалык
ырбаганын элес албаптыр. Болушу унчукпагандан кийин жигиттер
да тим койду. Коңшулардын жериндеги кыштактардын мүрзөлөрдү
тебелете отурмагы кудаян элине да акыры келээри элестелди
окшойт.
“Эл орусту жининдей көрүп, колунан келсе жеп ийчүдөн бетер
сөгүп жатышса, окумакка орустун колуна кайра неге барам” деп
Мукай аң-таң. Атасы “Нарбото агаңды ээрчисең, жылкы чапкандан,
көкбөрү тарткандан башканы үйрөнбөйсүң, андан көрө орусча үйрөн
деген, орустун окуусу күчтүү” деген.
Ал ортодо Камбар болуш атынан түшүп, шыбакты аралай атасы
Бошкойдун коргонуна басып келди.
- Куран түшүрчү, - деп кайрылды жандаган жигитине.
Болуштун атасына куран окутканы камданганын көрүп, кыргыздар
тегиз аттарынан түшүп, чөгөлөй отурушту. Жигити “бысмылда
ыракман ырайым, кулкулдабат” деп баштады. Илгери селдечен
соодагер менен соодалашып жатып, акысына «козу берейин» десе
болбой, «бир кыраатын ашыкча үйрөттүм» деп, куйруктуу кунан кой
өндүргөн соодагерден үйрөнгөн куранын окуп жатканда, болуш
көзүнүн кыры менен коргондун түбүн тиктеп, телмирип отурду.
Карылыгы жеткен энесин ойлоду. “Жети мүчөлмүн” деп какшанчу
болду быйыл энеси. Анысы - «өлөм» дегени. “Өлөр күнүм
жакындады. Өлсөм ызааты менен узатып койгула” дегени. “Мал
семирген маалда өлсөм, келгендердин оозу майланып кетсе” деп
тиленгени. Коргондун түбүн тиктеген Камбар болуш энесинин көзү
өтсө, атасынын мүрзөсүнө жанаша койгонго жер ылайыктады оюнда.
Маңдайына келген кыз-кыркынды чын-жалгандан такмазалап,
«мен өлгөндө кантип кошосуңар? Антип кошсоңор, «баланчанын
кыз-келини жаман кошту» деп элге кеп болосуңар, анда эмесе
минтип кошкула!» демейи бар апасынын жамагы кылт эске түшөт.
Чайыттаган асманды,
Чай кайнамда бүркөлткөн,
Жайчыдан экен энебиз, аа!
Түкүргөнү эм болгон,
Булоогону дем болгон,
Бүбүдөн экен энебиз, аа!
Бүдөмүктү ак көргөн,
Бүгүнтөн тиктеп эртеңди,
Болоор ишти так көргөн,
Аяндан экен энебиз, аа!
Баяндан экен энебиз...
Жигит “кулкулдабат, кулкулдабат” деп үч кайталап болгондо,
баары “оомийин” деп ордуларынан турушту.
Түш кыйшайган ченде бастырып кыштакка киришти.
Кыргыздардын сапары чиркөөдөгү коңгуроо кагылчу маалга туш
келген экен, чиркөөнүн жыгач мунарасынан коңгуроо жаңырды.
Мындайга көнбөгөн аттары үркө жаздап, «орустун көзүнчө ат үрксө,
чекилик болбойбу» деп үрпөйгөн кыргыздар тизгиндерин бек тарта,
«та-ак!» деп кыйкырып, аттарын койгулакка алды.
Кыштакка биринчи кирген жапаныраактары жан-жагына
элеңдеп, чиркөөнү карап аңырайышат, коңгуроонун кагылганын
угуп таңыркашат. Жакыныраак турсаң коңгуроонун доошу
тарсылдакты жарчудай, “аны ким, кантип кагып жатты экен?”
дегендей таң калууда. Камбар приставдын кеңсесине келип, аттан
түштү. Калган кыргыздар да түшүп, бир колдору менен аттарынын
чылбырын тартып, экинчи колдору менен малакай-тебетейлерин
алып, приставдын көлөкөсү көрүнсө, баштарын жерге салып
калмакка камданышты.
Приставдын пайдубалы бийик үйүнүн бастырмасын сагалап
көп эл чогулуптур. Жалаң болуш, ыстарчындар, айыл башылар.
Арасында кызматы жок болсо да илгерки каадасынан жазбай,
камчысынын өрүүсүн бүгө кармап, белиндеги курун бөйрөк туштан
ныгыра мыкчыган, бүкпөгөнү камчыларынын узун ташталган
өрүүсү менен анда-санда өтүктөрүн чабынып, “чыйт” түкүрүнүп
чиренген манаптар бар. “Бүгүн эмне жардык угабыз” деп күтүнүп
алышкан.
“Амандаш балам! Түкүнчө болуш менен саламдаштыңбы,
баланча ыстарчын менен учураштыңбы?” деп Камбар болуш утур
бирөөнү баласына көрсөтүп жатты. “Окууга түшкөн уулуң ушулбу?
Баатыр турбайбы! Жуучуга чаптырар чагы турбайбы?” дешип
кыргыздар ыйыгынан тапташат.
Аттарын жигиттерине карматып, камчыларын сүйрөгөн болушыстарчындар приставды күтүп, кожурашып турушту. Бирине
эже болуп кетет, бирине таеже болуп кетет дегендей, бир сыйра
Карагыз апаны сурашты, «күүлү жүрөбү?» деп ал-жайын билишти.
Герман менен орустун согушканын козгогон болушат, катсабаттары жок, элүү жыл толду оруска караганыбызга дешет же
орустун ички турмушунан оңдуу кабарлары жок, ар ким уккан
ушагын айткан болот. Бири согушка деп канчалаган баш жылкы
тапшырганын, бири кийиз-шырдак, жип-шуудан өйдө топтоп,
приставка өткөргөнүн кеп салды. “Ала кийизден бери берчү болдук,
кыргыздын кийизи согуштун кайсы жерине кенемте?” деп бирерлери
таңданат. “Орус аны төшөнүп жатабы же жамынып жатабы?” деп
биле алышпайт. Айланып келип сөздөрү жердин тарыганына
бурулат. Чүй боорунда бош жер калбаганын, Кара- Балтадан тарта
текши хутор түшүп, калганын бал челекчи орустар
басып кеткенин айтышты. “Азыр эмнеге чакырганын билген
барбы?” деп бир биринен сурашты.
Камбар болуш бастырманын жыгач устундарына көз чаптырат.
Көз чаптырып, узатасынан жаткырылган устундардын түркүк болуп
түшкөн устундарга ашталып-кошулган жерине көзү жете бербей,
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Мисмилдирик - 04
  • Büleklär
  • Мисмилдирик - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3741
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2297
    26.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3810
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2108
    28.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3754
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2272
    25.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3687
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2143
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3825
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2217
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3823
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2225
    26.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3847
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2152
    28.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3753
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2295
    26.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3723
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2253
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3776
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2179
    26.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3632
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2366
    23.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    33.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3718
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2244
    24.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    34.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3724
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2369
    25.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3764
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2244
    25.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 2450
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1530
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.