Latin

Үчөөнүн Жүрөгү - 14

Общее количество слов 3982
Общее количество уникальных слов составляет 1996
31.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
50.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
ишиңизди! Ансыз деле кайгыбыз өзүбүзгө жетишет, эми ууланган сулуу менен убара
чегишибиз эле калса да.
— Бул мөмөлөр зыянсыз,— деди кыз жайбаракат оозуна салып. — Куштардын
чокулап жатканын өзүңүз көрүп турбайсызбы.
— Андай болсо кечирип коюңуз, эми мен да сизге шерик боломун,— деп каткырды
Френсис, оозун ширелүү мөмө менен толтуруп жатып. — Ушул мөмөлөрдү чокуп жаткан
куштарды кармап алсам, аларды да жеген болор элем.
Алар ачкалыктан бир аз кутулганча күн бир топ ооп калган болчу. Торрес
башындагы туулганы алды.
— Эми ушул жерде түнөөгө туура келет,.— деди ал. — Батинкемди өлүктөрдүн
үңкүрүндө калтырып, да Васконун өтүгүн сууда сүзүп жүргөнүмдө жоготтум. Минтип эми
буттарым жара болуп кетти, мында кургак чөптөр көп экен, алардан тез эле бут кийим
согуп алышым мүмкүндөй.
Торрес өзүнө бут кийим согууга олтурганда Френсис от жагып, чогу өчүп калбасын
үчүн бир топ отун камдап үлгүрө элегинде Леонсия бүрүшүп, башын тизесине жөлөгөн
бойдон уктап калды. Френсис кургак жалбырактар менен мохторду топтоп, Леонсиянын
оттун табы тийбей турган капталын ороп койду.
ОН ЖЕТИНЧИ ГЛАВА
Адашкан Жандар Өрөөнү. Таң. Адашкан Жандар айылынын так ортосунда чоң үй;
чынында да чоң үй: узундугу сексен фут, эни кырк, бийиктиги отуз фут келе турган,
Кортес, Эрнандо (1484—1547) — испаниялык конкистадор; Мексика, Гондурас жана Гватемаланы
басып алган.
топурактан согулган саман чатырчалуу үй. Ал үйдөн бутуна араң турган кары киши —
Күн жреци чыгып келди; үстүндө колдо токулган одуракай боз кендир матадан көйнөк,
бутунда сандал; бул индейдин бырыштуу кары жүзү байыркы конкистадорлордун
кебетесин эстетип турат. Башында жарым айлана кейиптенген алтын күнгө окшоп нур
тартып турган тажы кондурулган укмуштуу алтын калпак. Бул, сөзсүз, күндүн символу
болсо керек.
Карыя аянттан өтүп, эки столбанын учуна кайчылаштырып коюлган ичи бош,
жаныбарлардын сүтү менен ар түрдүү белгилер тартылган жоон жыгачка жакындады.
Ал таңкы нурдан шоолаланып келе жаткан чыгыш жакка карап, кечикпегенине
канагаттанып, жумшак шарик орнотулган таяк менен жыгачты ургулады. Карыянын
алсыздыгынан таяк акырын урулганы менен ичи бош жыгач узактан келген күндүн
күркүрөгүндөй үн чыгарды.
Жрец жыгачты ургулай берди. Чоң үйдүн айланасындагы алачыктардан Адашкан
Жандар анын алдына шашыла чогула баштады. Эркек, аял, кары-жаш дебей балдарын
жетелеп, аялдар колуна эмчектеги ымыркайларын көтөрүп — Күн жрецин курчап
алышты. Жыйырманчы кылымда мындан архаикалык көрүнүштү элестетүү кыйып.
Алар индейлер болсо да, көптөрүнүн жүзүнөн испан каны аралашкандыгы сезилип
турду. Кээ бирлери испандыктын накта өзү, кай бирлери — ушул эки улуттан жарык
дүйнөгө келген. Бирок алардын жүздөрүнөн да, кийимдери кызыктуураак — аялдардын
кийимдери жөн кокой, колдо тигилген узун боз көйнөктөр, эркектердики. болсо ушул эле
кездемеден тигилгени менен башкачараак, Колумбдун биринчи саякатындагы
испандардын кийимдерине окшоп тигилген. Туугандардын өз ара никелешүүсүнүн
натыйжасында урууда сыягы жаңы кан аралашпай, алар ойноп-күлүү жыргалынан
ажырап калгандай, ар дайым кабагы салык, көрксүз кишилер эле. Эки киши — көрксүз
келбеттердин арасынан кооз гүлдөй ажарлана бөлүнүп турган он жаштар чамасындагы
кыз менен, көрүнүшүнөн куу, арамза жана акылдуулугу байкалып турган кары Күн
жрецинен башка баары — жигит-кыз, балдар жана ымыркайларга чейин бешенеси суук
көрүнөт.
Жрец көңдөй жыгачты ургулап жатканда элдин баары чыгышка карап, уй мүйүз
тарта тизилишти. Горизонттон күң көрүнөөрү менен жрец бөтөнчөлөнгөн испан тилинде
куттуктап, үч жолу таазим кылды, аны туурап калгандар да кулдук урушту. Күн толук
чыгып калган кезде эл жрецтин белгиси менен ордунан туруп, кубанычтуу гимнди
ырдай баштады. Ырым-жырым бүтүп, эл тарамакчы болуп турганда жрец өрөөндүн
аркы жагында түтүн чыгып жатканын көрүп калды. Ал бир нече жигитке түтүндү
көрсөттү.
— Бул түтүн биздин уруунун эч биринин буту басышына уруксат берилбей, тыюу
салынган Коркунучтуу Жерден чыгып жатат. Эчен кылымдардан бери биз жашырылган
жерди таба албай издеп жүргөн душмандарыбыз жиберген бир азезил болсо керек.
Аны тирүү калтырууга болбойт, бизди сатып коёт. Душмандарыбыз болсо абдан күчтүү,
ошондуктан алар бизди жок кылып жибериши ыктымал. Бизди кийит өлтүрүп
жибербеши үчүн аларды азыр барып өлтүрүп келгиле!
Түнү менен жыгач отун жагылган от жанында биздин саякатчылар — Леонсия,
Френсис жана Торрес уктап жатат. Торрес чөптөн токулган жаңы кепичин, да Васконун
туулгасын шамалдап калбас үчүн башына кийип алган эле. Леонсия биринчи болуп
ойгонду; көз алдындагы көрүнүш ушунчалык таң калыштуу болгондуктан, ал элден
мурда кирпик арасынан жакшылап карап алууга аракеттенди. Адашкан Жандар
өрөөнүн уруусунан үч киши жаасын кере тартып, Леонсия менен жолдошторуна
жебесин кадоого даяр турушкан, бирок уктап жаткан Торрестин кейпи аларды өтө таң
калтыргандыктан жааларын чонгон калыпта катып калышты, алар бири-бирин карап,
жааны төмөн түшүрүштү да, аны өлтүрүүдөн айныгандай баштарын чайкашты. Анан
сойлоп Торреске жакыныраак келин, чочоюп олтурушту да, анын жүзүн, баарынан да
кандайдыр бир нерсеси менен аларды кызыктырган туулгасын таңдана карай
башташты.
Леонсия жаткан жеринен буту менен Френсисти далыга акырын түрттү. Ал ойгонуп,
жайбаракат ордунан туруп олтурду, бирок бул аракет бейтааныштардын көңүлүн бурду,
алар ниеттеринин актыгын далилдөө иретинде жаасын анын бут астына таштап,
куралдарыбызды таштадык дегендей колдорун көрсөтүштү.
— Кутмандуу таңыңыздар менен, куунак бейтааныштар! — деп кыйкырын алар
менен Френсис англис тилинде саламдашты, анын саламына алар баш чайкап тим
болушту.
Френсистин сөзүнөн Торрес ойгонуп кетти.
— Адашкан Жандар ушулар болсо керек,— деп шыбырады Леонсия Френсиске.
— Же жер участкаларды сатуу боюнча жергиликтүү агенттер, — деп Френсис күлүп,
шыбырап жооп берди. — Эмнеси болсо да өрөөндө адамдар жашайт экен. Торрес, бул
досторуңуз кандай адамдар? Сизге тизилишкенине караганда туугандарыңыз сыяктуу.
Адашкан Жандар арыраак барып бир нерселер жөнүндө акырын шыбырап сүйлөшө
баштады.
— Алардын тили испап тилине жакындай, бирок кандайдыр кызык,— деди Френсис.
— Бул орто кылымдагы испан тилинип өзү,— деп анын -сөзүн коштоду Леонсия.
— Конкистадорлор ушул тилде сүйлөшкөн, аны азыр эч ким билбейт,— деп
кошумчалады Торрес. — Көрдүңүзбү, менин айтканым туура экен. Адашкан Жандар
ошондон бери өрөөндөн сыртка чыккан эмес.
— Бирок бардык адамдарга окшоп үйлөнүшкөн, күйөөгө чыгышкан, болбосо мына
бул үч каракчы кайдан келер эле? — деп тамашалады Френсис.
Аңгыча үч каракчы бир бүтүмгө келди окшойт, жандоо менен бейтааныш
адамдарды артынан ээрчитип, өрөөн койнуна барууга үндөдү.
— Жүздөрү кайгылуу болсо да ак көңүл, айтор жакшы жигиттер экен, — деди
Френсис алардын артынан ээрчүүгө ниеттенип. — Эх, ушунчалык да кайгылуу адамдар
болорбу! Сыягы алар ай тутулган убакта төрөлгөн, же жоро-жолдошторунун бирөө да
калбай кырылып кеткен, же болбосо андан да кайгылуураак бир нерсе болгон.
— Менин оюмча, Адашкан Жандар так ушундай болушу керек эле,— деди Леонсия.
— Ооба, эгер бул жерден кутулуп чыгуу маңдайыбызга да жазылбаган болсо,
кебетебиз булардан да кайгылуураак болуп көрүнүп калаары бышык деди Френсис. —
Кантсе да алар бизди тамактанууга чакырып жатат го деп ойлоймун. Албетте, эч
мүмкүнчүлүк болбосо мөмө жемиши менен да тамактанса болот, бирок ал курсакты
тойгузбаганы өкүнүчтүү.
Алар жол баштоочуларды ээрчип, бир сааттан кийип бул уруунун айылындагы
алачыктар жана Чоң үй жайгашкан аянтка келишти.
— Булар да Васко экспедициясынын мүчөлөрүнүн караибдер менен аралашып
кеткен урпактары деди ишеничтүүлүк менен Торрес, топтолгондордун өзүнө көз
салып,— менин бул сөзүмө ишенүү үчүн буларга бир жолу кароонун өзү жетишет.
— Алар да Васконун христиан дининен кадимки бутпарастык ырым-жырымдарга
өтүшкөн,— деп кошуп койду Френсис. — Чиркөөнүн үстүн караңыз: ал таштан
жасалыптыр, бышырылган козунун этинин жыты келип жатса да, бул биз үчүн эмес,
кудай жолуна курмандык сыяктуу.
— Кудайга шүгүр, курмандыкка кой союшуптур! — деп Леонсия жеңил дем алды. —
Мурда Күнгө сыйынуучулар адамдарды курмандыкка чалышчу. Бул жерде жашагандар
да чыныгы Күнгө сыйынуучулар. Тээтиги узун көйнөк, Күн нуру түшүрүлгөн алтын
таажычан чалды караңыз. Ал Күн жреци. Альфаро байкем бул дин жөнүндө мага көп
айтып берген эле.
Чиркөөдөн бир аз арыраакта Күндүн металлдан жасалган чоң сүрөтү турат.
— Алтын, чыныгы алтын! — деп шыбырады Френсис. —
Эч кандай аралашмасы жок. Нурланганын караңыз: абдан чоң накта алтындан
жасалган. Ант беришим мүмкүн, аңы жаш бала да ийип бүктөй алат.
— Эй боорукер кудай! Тиги жакка бир караңыздарчы! — деп кыйкырып жиберди
Леонсия, алтардын бир аз төмөн жагындагы одоно таш статуяны көрсөтүп: —
Торрестин так эле өзү го! Майялардын үңкүрүндөгү биз көргөн мумиянын келбетинин
эле өзү.
— Жазуусу да бар... — деп Френсис окүгү үчүн жакыныраак бармакчы болду да,
бирок жрецтин өктөмдүү ишарасына баш ийип кайра артына чегинди. — «Да Васко»
деп жазылган. Көңүл буруп караңыздарчы, статуяда да Торрестин башындагыдай
туулга... Мына бул жрецке көңүл бургула! Ал Торреске бир тууган атасындай окшошуп
кетет. Мынчалык окшоштукту оюма да келтирчү эмесмин!
Жрецтин ачуусу келип, өзгөчө каардуу жаңсоо менен Френсистин сөзүн токтотту да,
бышып жаткан курмандыктын үстүнө эңкейди. Ошол убакта жогор жактан белги
берилгендей, шамал кой этинин астындагы жалынды өчүрдү.
— Күн кудайынын ачуусу келди,— жрец кабагын салды: анын бөтөнчөлөнгөн испан
тили байыркылыгына карабай, келгендерге түшүнүктүү болчу. — Арабызда бөлөкбөтөндөр пайда болду, алар алиге тирүү. Андыктан Күн кудайынын ачуусу келди.
Бейтааныштарды чиркөөгө ээрчитип келген жигиттер, жооп бергиле: аларды өлтүр деп
буюрбадым беле. Менин тилим менен ар дайым Күн кудайы өзү сүйлөйт.
Үч жигиттин бири калтырап алдыга чыкты да, титиреген колу менен оболу Торрести,
анан статуяны көрсөттү.
— Бизге анын өңү тааныш болгондугу үчүн өлтүрүүгө батына албадык,— деп
чочулана тартынып сүйлөдү ал. — Анткени, түпкү ата-бабабыздын кайтып келээри
жөнүндөгү уламыш эсибизде. Мүмкүн бул бейтааныш адам ошол болуп жүрбөсүн. Биз
билбейбиз, билүүгө да, ырастоого да батына албайбыз. Аны билүү жана ырастоо сенин
ишиң, оо жрец. Бул ошол биз күткөн адамбы?
Жрец Торреске ынтаа менен карап, бир нерселерди кобурады. Анан артына
бурулуп, алтарь аянтындагы идиште турган чок менен ыйык отту күйгүздү. Алоо бир
жалбырттады да, өчтү.
— Күн кудайы ачууланып жатат,— деп сөзүн кайталады жрец: муну уккан Адашкан
жандар чачтарын жулуп, чуу көтөрө ыйлай баштады. — Курмандыгыбызды кудай
жактырбай, ошол себептүү от күйбөй жатат. Эми ар кандай балакеттин болушун күтүүгө
болот. Бир гана мага белгилүү боло турган улуу сыр бар. Бейтааныш элден
келгендерди азыр курман кылбайбыз. Күн кудайынын эркин билүү үчүн мага убакыт
керек. — Ошентип ал жыйын бүтө электе жаңсоо менен элди таратып жиберип, үч
туткунду Чоң үйгө алып барууну буюрду.
— Ал эмне жөнүндө ойлоп жатканын такыр түшүнө албай койдум,— Френсис
Леонсиянын кулагына шыбырады. — Бирок ал жерден бизге тамак берсе керек деген
үмүттөмүн.
— Тигини карагыла, кандай татына! — деди Леонсия көз кылыгы менен сулуу
жүзүнөн акылдуулугу сезилип турган кызды көрсөтүп.
— Торрес аны көз алдына алып койду, — деп шыбырап жооп кайтарды Френсис. —
Анын кызга көз кысканын көрүп калдым. Жрецтин ниети кандай экендигин, шамал кай
жакка карап согорун ал да билбейт, бирок дос арттыруу үчүн мүмкүнчүлүктү колдон
чыгарбайт. Андан сак болуш керек: өз жанын сактап калыш үчүн бизди каалаган убакта
сатып жиберүүдөн тайбайт, ал ушундай куу, жаман адам.
Чоң үйдөгү чоп-чардан одуракай кылып согулган бойрого отурушаары менен
алардын алдына тамак келтирип коюшту — таң калаарлык чоподон жасалган кумура
идиште жашылча аралаш кайнап бышкан эт жана таза суу; алардын баары көп алып
келинди. Андан сырткары жүгөрү нан коюшту.
Алар тамактанып бүтүшкөндөн кийин, тамак алып келген аялдар чыгып кетишти,
туткундарды баштап келип, үй ичин башкарып турган кыз гана калды. Торрес кайра ага
көз кыса баштады, кыз андан сылыктык менен четтеп, бир гана Леонсияга, анын сулуу
ажарына дал болуп тигилип карап турду.
— Кыз ушул үйдүн кожоюну окшойт,— деп жоруду Френсис. — Байыркы Самоа
айылдарында да үрп-адаттар бар. Ушундай сулуу кыздар баардык саякатчыларды
күтүп алышып, аларды зериктирбес үчүн ар кандай нерселер мекен алаксытышат. Кай
бир официалдык жыйындарды жана каадаларды да кыздар башкарат. Сулуулугу,
ийгилиги жана акыл-эстүүлүгүнө карап, аларды уруу башчысы дайындайт. Бул кыз да
мага ошолорду эстетет, бирок кыз өтө жаш, али бала бойдон экен.
Кыз Леонсияга жакыныраак келди, ал бейтааныш аялдын көркүнө таң калса да,
анын кыймыл-аракетинде кошоматтануунун, же кысынып-кымтытуунун кымындай да
белгиси көрүнгөн жок.
— Айтчы,— деди ал жергиликтүү эски испан диалектисинде,— бул адамдын эле
Күндөгү үйүнөн бизге кайтып келген капитан да Васкобу?
Торрес текеберлүү жылмайды да, таазим кылып, көтөрүңкү жооп берди:
— Ооба, мен да Васконун тукумунанмын.
— Да Васко тукумунан эмес, өзүм да Васкомун деңиз! — деп Леонсия англис
тилинде ага сөз үйрөттү.
— Бул ишеничтүү оюн, ушул сөзүңүздөн кайтпаңыз,— Френсис да англис тилинде
ага акыл айтты. — Да Васко аркылуу бул жерден чыгып кете алабыз. Эмнегедир
жрецти көңүлүм сүйбөй турат, ал кыясы Адашкан жандардын кудайы да, падышасы да
окшойт.
— Ооба, мен Күндөн жерге кайтып келдим,— деди Торрес ийкемдүүлүк менен өз
ролун жакшы аткара, кызга карап.
Кыз ага бир топко тигилип карап калды: ал Торрестин жообун таразадан өткөрүп
жатканы сезилип турду. Кыз урматтаган кейипте ага көңүл кош таазим кылып,
Френсиске назарын салып өттү да, Леонсияга бурулуп жылмайды.
— Кудайдын сендей сулуу аялдарды жаратарын билген эмесмин,— деди кыз
коңгуроодой үнү менен эшик жакты карай басып баратып. Анан ал эшик алдына
баргандан кийип, кошумчалап койду: — Биздин Кыялкеч да сулуу, бирок ал сага
таптакыр окшобойт.
Кыз чыгып кетээри менен Күн жреци кирди, аны менен бир нече жигит кошо келди,
алар сыягы идиштерди жана калган тамактарды жыйнаштыруу үчүн келгенсип,
жигиттердин
эки-үчөө
ийилишти,
калгандары
жрецтин
жалдоосу
менен
бейтааныштарды зордоп колдорун артына байлашты да, бүт уруу чогулган Күн
кудайынын атарына алып кетишти. Туткундардын көзүнө алды менен эле очокко
асылган казап көрүндү. Казандын астында от күйүп жатты. Анын капшытында үч устун
жерге көмүлүп турат. Туткундарды ошол устундарга таңып байлашты, көпчүлүк
алардын таманы астына куураган отундарды үйүп ташташты.
— Өзүңүздү кармап, эч болбогондо чыныгы испан сыяктуу башыңызды ойдо
көтөрүңүз. — Френсис бир эле убакыттын өзүндө Торрести үйрөтүп жапа аны
шылдыңдап жатты. — Анткени, сиз да Васкосуз! Жүздөгөн жылдар мурун мына береки
адам кейпиндегилердин ата-бабалары менен бир жерде, ушул өрөөндө жашагансыз.
— Силер өлүшүңөр керек,— деди Күн жреци, Адашкан Жандардын баардыгы
макулдашып баш ийкешти. — Төрт жүз жылдан бери ушул өрөөндө жашайбыз, бизге
сырттан келип калгандарды ар дайым өлтүргөнбүз. Сиздерди өлтүрбөгөнүбүз үчүн,
байкадыңарбы, Күн кудайы кандай ачууланды: алтардагы от өчүп калды. — Сөз ушул
жерге келгенде кайра Адашкан Жандар чуу түшүп, онтоп, көкүрөктөрүн ургулай
башташты. — Күп кудайы бизге ыркым кылыш үчүн силер азыр өлүшүңөр керек.
— Абайлагыла! — деп кыйкырды Торрес, Френсис менен Леонсия ага эмне деп
айтаарым шыбырап турушту. — Мен да Васкомун. Силерге мен Күндөн келдим. —
Анын колу байлануу болгондуктан башы менен статуяга ишара кылды. — Тээтиги
турган да Васко мен боломун. Мындан төрт уз кыл мурда ата-бабаларыңарды бул
жерге мен ээрчитип келип, мен кайра кайтып келгенге чейин ушул жерде жашап
туруусун буюрганмын.
Кун жреци арсарлана түштү.
— Ии, жрец, сүйлөбөйсүңбү! Теңир да Ваского жооп бер! — деп ачуулуу кыйкырды
Френсис.
— Анын теңирлигин мен кайдан билемин? — деди абышка ага каршы. — Мен өзүм
да ага окшоймун, а мен — теңирминби? Мен да Васкомунбу? Мүмкүн да Васко азыр да
күндө жүргөндүр? Мени аял киши төрөгөнүн жакшы билемин, бул үч жолку жыйырма
анан дагы он сегиз жыл мурда болгон эле, демек, мен да Васко эмесмин.
— Улуу да Ваского ушундай да жооп береби? — деди Френсис аны опузалап, анан
кичипейилдүүлүк менен Торреске таазим кылды, өзү болсо тиганн кычыратып,
англисчелеп шыбырады; —көтөрүбүрөөк турсаңызчы, жин ургур! Бой которүбүрөөк!
Жрец бир азга созулган тычтыктан кийин Торреске карап сүйлөдү.
— Мен Күнгө аябай-берилген жрецмин. Өз диний ишенимимден жеңил-желпи кече
албаймын. Эгер сен чын эле теңир да Васко болсоң бир суроомо жооп бер.
Теңдеши жок текеберленген Торрес макулдугун билдирди.
— Сен алтынды жакшы көрөсүңбү?
— Алтынды дейсиңби? — деп Торрес күлдү. — Мен Күндүн улуу капитанымын, Күн
болсо алтын. Алтын мен үчүн бутумдун астындагы ылай, же айланабыздагы бийик
таштардай бир нерсе.
— Баракелде! — деп анын жообун макулдады Леонсия.
— Андай болсо, теңир да Васко,— деди жрец баш ийүүчүлүк менен, бирок үнүндөгү
шаңдуулукту жашыра албай,— сен биздин эзелки, байыртадан бери келаткан кадимки
сынообуздан өтүүгө тийишсиң. Алтындан даярдалган ичимдикти ичип, мурдагыдай
«мен да Васкомун» деп айтсаң биз баарыбыз алдыңа тизе бүгүп сага сыйынабыз.
Биздип өроопго жат жерликтер көп келишкен. Алардын алтынга чаңкап тургандыгын
билчүбүз. Андыктан биз анын чаңкоосун кандырчубуз, ошондон кийин гана алар
чаңкоодон таптакыр кутулушчу, анткени алар өлүп калышчу.
Анын сүйлөгөн сөзүн Адашкан Жандар көңүл коюп угуп турушту; жат жердиктер да
ага көңүл коё, бирок коопсунуп карап турушту. Жрец чоң булгаары мешокко кол салып,
уучтап таза алтындарды чыгарды да, очокко асылуу турган казанга таштады. Френсис,
Леонсия жана Торрес казанга өтө жакын тургандыктан, алтындын эрип суюктукка,
аныгыраагы жрец Торреске ичирмекчи болгон суюктукка айланып баратканын даана
көрүп турушту.
Уруудагы өзүнүн бийик даражасынан пайдаланган кыз чалдын алдына чечкиндүү
басып келди да, баарына угуза минтти:
— Бул адам да Васко турбайбы? Капитан да Васко, бир кезде ата-бабаларыбызды
ушул жерде алып келген теңир капитан да Васко! — деди.
Жрец үнүңдү бас дегендей ага ачуулу карады, бирок кыз бир таш статуяга, анан
Торреске анан кайра таш статуяга ишара кылын, өз сөзүп кайталады. Жрец жеңиши
колунан чыгып бара жатканын сезип, ушул кыздын энеси менен байланышкан жана аны
атага айландырган махабатына ичинен наалат айтты.
— Бас жаагыңды! — деп каардуу буюрду ал. — Сен али эч нерсени түшүнбөйсүң.
Эгер ал капитан да Васко болсо, алтын ичимдикти ичип деле аман калат.
Эл эриген алтынды чоподон жасалган кумарага куйду. Анын жаңсоосу менен бир
нече жигит найзаларын жерге коюп, Леонсиянын оозун ачып туруш үчүн ага карай
басышты.
— Токто, жрец! — деп кыйкырды Френсис. — Бул кыз да Васко сыяктуу теңир эмес!
Алтын ичимдигиңди оболу да Ваского берип сынап көр.
Бул сөздөрдү уккан Торрес Френсиске ашкере жек көрүү менен карады.
— Сиз эч нерсени сезбегенсип жана менменсинип тура бериңиз,— деп ага үйрөттү
Френсис. — Бирок ичүүдөн баш тартыңыз. Аларга туулгаңыздын ичиндеги жазууну
көрсөтүңүз.
— Мен ичпеймин! — деп кыйкырды Торрес.
Жрец ал жакка кайрылып:
— Жок, ичесиң! Аны менен чыныгы да Васко, күндөн кайтып келген теңир капитан
экендигиңди далилдейсиң. Мына ошондон кийин алдыңа тизе бүгүп сыйынабыз.
Торрес жалдырап Френсисти карады, жрецтин кууш көздөрү муну сезбей калган
жок.
— Ичиштен башка арга калган жок окшойт,— деди Френсис таш боордуулук менен.
— Эмне кылабыз! Аял үчүн чөмүчтөгүнү ичип, баатырларча өлүңүз.
Торрес капысынан кескин аракет кылып, колун бошотту да, башындагы туулгасын
алып, ичиндеги жазуусун көрсөтө жрецке сунду.
— Бул жерде эмне жазылганын окуп көр! — деп кыйкырды ал.
Жрец «да Васко» деген жазууну көрүп, таң калганынан колундагы идишин түшүрүп
жиберди. Эриген алтын жерге чачырап, айланада жаткан чырпыктарды күйгүздү,
сакчыдардын биринин бутуна бир нече тамчылары чачырап кеткендиктен ал .оорууга
чыдабай кыйкырып жиберди да, бир буттап секирген бойдон көздөн кайым болду.
Анткени менен Күн жреци тез эле өзүн колго алып, үч курмандын бутунун астындагы
чырпыктарды жандырмакчы болду. Бирок кыз анын ишине кайра кийлигишти:
— Күн кудайы улуу капитандын ичимдик ичишин каалабады,— деди ал. — Күн
кудайы колуңду калтыратып, ичимдикти төгүп таштады.
Адашкан Жандар тобунда кобур-собур башталды: бул жеңил-желпи иш эмес
экендигин баары түшүндү. Жрец өз оюнан кайтууга аргасыз болду. Анткени менен ал
келгиндерди өлтүрүүгө катуу чечим кылган болчу. Ошол себептүү бүткүл айла-амалын
ишке салып, дагы бир себеп чыгарып элге кайрылды:
— Жогор жактан буйрук болорун күтөбүз. Май алып келгиле. Күндүн өзү бизге белги
берсин. Шам алып келгиле.
Бир кесе майды отун жакшы күйсүн үчүн чырпык үстүнө куюп, ортосуна шамды
орнотту.
— Ушул шам күйүп бүткөнгө чейин жогорудан кандайдыр бир белги болорун
күтөбүз. Ушундай кылсак туура болобу, жарданган менин элим? — деди.
— Туура болот! — деген Адашкан Жандардын шыбыраган үндөрү угулду.
Торрес Френсиске жалдырай карады, бирок ал ага көңүл бурбастан:
— Кары шүмшүк шамды кыска кылып кесип койду,— деди. — Узак дегенде беш
минутадай күйөт, мүмкүн үч минутадан кийин өзүбүз да күйүп күл болуп кетербиз.
— Анда эмне кылабыз? — деп коркуудан өзүн жоготкон Торрес сурады. Леонсия
болсо эч нерседен коркпой, Френсистин көзүнө кусалуу, махабат толо жылмаюу менен
карады.
— Жамгыр тилеп кудайга жалыныңыз,— жооп берди Френсис. — Карасаңыз,
тилекке каршы асманда бир үзүм да булут жок. Демек, өлүмдүн убакты-сааты келиптир,
эми баатырларча туруп бериңиз. Катуу кыйкырбаңыз.
Анын көзү Леонсиянын көзү менен чагылышып, жүрөгүндө толкунданган чексиз
махабат сезимин тартуулады.
Алардын аралыгын өздөрү таңылган устун гана ажыратып турган болсо да, ортодо
бөтөнчө, мурда байкалбаган жакындык пайда болуп, көз караштары аларды
бириктирип, бири-бирине байлап турган жип болду.
Алар күткөн белгини биринчи болуп асманга караган кыз көрдү. Күйүп түгөнүп
бараткан шамдан көзүн албай турган Торрес кыздын үнүн угуп, жогору карады.
Асманда чоң чымып учуп бараткансыган үн укту. Бул үн башкалардын да кулагына
жетти.
— Аэроплан,— деп кобурады Френсис. — Торрес, сиз аларга мына ушуну кудайдын
белгиси деп айтыңыз.
Бирок муну кайталоонун кажети калган жок. Алардан жүз метрдей бийиктикте
аэроплан айланып, акырын ылдыйлай баштады. Бул Адашкан Жандар көргөн биринчи
аэроплан болчу. Аэропландан тааныш сөздөр кулакка жаңырды:
Экөөбүзгө эч ким түтпөйт,
Кайтарабыз миңдин мизин!
Аэроплан бир айланып, миң футтай тик көтөрүлдү да, андан жүз футча нерсе
ажырап чыгып, таштай түйүлүп жерге түшө баштады, жоон топ адамдардын төбөсүндө
чоң парашют ачылды. Анын астында кимдир бирөө торго асылып алган жөргөмүштөй
силкинди. Парашют жерге жакындаганда кайра баякы тааныш үн угулду:
Экөөбүзгө эч ким түтпөйт,
Кайтарабыз миңдин мизин!
Ушул учурдагы окуялар бири-бирине чагылган тездигинде аралашып кетти. Шам
күйүп бүттү, билиги астындагы майга кулады, май күйүп кетип, ага кошулуп май
чачылган чырпыктарга өрт жабышты. Бирок Адашкан Жандардын так ортосуна,
алардын жармынын үстүнө жууркан жапкандай парашют менен жаап түшкөн Генри эки
секирип, досторунун жанында пайда болду, күйүп бараткан чырпыктарды тепкилеп
өчүрүп жатты, бул ишке жолто болмокчу болгон Күн жрецин ал ээк талаштыра сокту
эле кудайдын кулу чалкасынан түштү, чал эсин жыйып ордунан турганча ал Леонсия,
Френсис жана Торрес таңылган жиптерди чечүүгө үлгүрдү. Ал Леонсияны кучактамакчы
болуп кучагын жайды эле, бирок кыз аны түртүп жиберди.
— Батыраак! Азыр түшүндүрүп олтурууга убакыт жок! Торрестин алдына тизе бүгүп,
өзүңүздү анын кулу кылып көрсөткүдөй болуңуз... англисчелеп сүйлөбөңүз,— деди кыз.
— Генри эч нерсеге түшүнө албады, бирок Леонсия көз карашы менен өз сөзүн
ырастаганын, анын үстүнө экөөнүн душманынын каршысында
Френсистин тизе
бүккөнүн көрдү.
— Мына эмесе! — деп кобурады ал да, Френсиске кошулуп тизе бүгүп жатып. —
Өтө кызык болду го. Бул мышык-чычкан оюнуна окшош иш.
Леонсия да тизе бүккөндөн кийин Адашкан Жандардын баардыгы капитан да
Васконун бутуна жыгылышты: анткени баарынын көз алдында асмандан кудайдын
элчиси учуп келбедиби? Жрецтен башка баардыгы жерде жатты: жрец болсо бул
окуяга аябай таңданып, жат жердик адамдын теңирдигине мен да ишенсем бекен деген
ойдо турду. Бирок ушул мөөнөттө Торрестин жүрөгүндөгү кара ниеттик баардык иштин
ойронун чыгарды.
Торрес Френсис үйрөткөн текеберденүү менен оң бутун көтөрүп Генринин ийнине
койду да, анын кулагын оорута басты.
Генри бир секирип алды.
— Минтүүгө кантип батындыңыз, Торрес! — деп өкүрүп ал бая эле жрецти кандай
кулаткан болсо, так эле ошондой кулата чапты.
— Мына эми бардык иш ойрондолду,— деп Френсис үмүтсүз үшкүрүндү. — Теңир
комедиябыз бүттү.
Чын эле жрец бул окуяны байкап калып, сакчыларын кол жаңсап алдына чакырды.
Бирок Генри автомат-тапанчасын кары жрецтин көкүрөгүнө такады, жрец капысынан
«порох» деп аталган сырдуу нерсе салынган өлүм келтирүүчү ок жөнүндөгү уламышты
эстеп, багынганын билдире жылмайып, сакчыларына артка чегинүүгө белги берди.
— Мындай окуяга баамым да, акыл-оюм да жетпейт,— деди ал өз уруусуна
кайрылып жатып Генринин колундагы пистолетке тез-тез назарын сала. — Мен эң
акыркы чараны колдонууга аргасызмын: Алиги Кыялкечти ойготуу үчүн чабарман
жиберебиз, барып ага асмандан, а мүмкүн күндөн түшкөн бейтааныштар өрөөнгө
келишкенин, анын акылдуу кыялы гана мен түшүнбөгөн нерсени бизге чечмелеп
беришке жөндөмдүү деп айтсын.
ОН СЕГИЗИНЧИ
ГЛАВА
Найзалуу сакчылар Леонсиянын Моргандарды жана Торрести курчап алышып,
дыңы алгач бузулуп, жакшы иштелгендиктен эгиндери көпкөк болуп өсүп турган
талаалар, шарылдаган агын суулар жана кичинекей токойчо, чөбү тизеге жетип турган
шибер аркылуу айдап кетишти. Чөбү жайкалган аянтта музоодон чоң эмес кичинекей
уйлар оттоп жүрөт.
— Булар сүт бере турган чыныгы саан уйлар,— деди Генри. — Сулуулугун
карагыла! Мындай кыдыгый уйларды буга чейин көргөн белеңер? Бир аз күчү бар адам
эң чоңун ,да далысына коюп көтөрүп кете тургандай.
— Менимче, сен жаңылып жатасың,— деп Френсис анын сөзүнө кошулган жок. —
Тетиги каралжын уйду көрдүңбү. Анын салмагы жок дегенде үч, жүз фунт келерине
мелдеше алам.
— Канча коёсуң? — деп сурады Генри.
— Өзүң айт.
— Жүз доллар. Эгер мен далыма коюп көтөрө алсам, жүз доллар төлөйсүң.
— Келе колуңду.
Бирок алардын кимисинин сөзү туура экендиги аныкталбай калды, себеби Генри
четке бир кадам шилтээри менен эле найзалуу сакчылар жаңсоо менен аны кайтарып,
эл катары жүрүүгө аргасыз кылды.
Карарган асканын астынан өтүп баратып бийиктен эчкилердин үйүрүн көрүштү...
— Үй эчкилери,— деди Френсис. — Көрүп жатасыздарбы, алдыда эчкилерди
кайтарган балдар жүрөт.
— Жанагы берген тамагын эчкинин этинен жасалган дегениңиз жалган эмес тура,—
деди Гепри. — Мен эчкини жакшы көрөмүн. Эгер, каап, аты ким эле. Алиги Кыялкеч
беле — жрецтин өкүмүн четке кагып, бизди түрүү калтырып, бирок өмүрүбүздүн
акырына чейин ушул жерде — Адашкан Жандардын арасында жашай турган болсок,
мени ушул королевствонун башкы эчки багуучулугуна дайындашын сураймын. Ошондо,
Леонсия, сизге татынакай чакан үй салып беремин, сиз королеванын сарайына быштак
жеткирип бергич болосуз.
Бирок Генри кыялдуу пландарын уланта албады, себеби, айтып болгус кооз көлгө
туш болушту, аны коргоп Френсис ышкырып, ал эми Леонсия кол чаап жиберди.
Торреске да көл жагып, бир нерсе деп кобурап койду. Көлдүн узундугу бир милдей, эни
жарым милче келип, эч бир кемчиликсиз узун сүйрү формада болчу. Анын айланасы
бамбук жана бадалдар менен курчалып, арийне асканын төмөн жагын да каптап калган.
Бул жерде бар болгону жалгыз үй жайгашып, ал жашыл кештеге кадалган седептей
көздүн жоосун алат. Көлдөн айланадагы тоолор даана чагылгандыктан, чыныгы тоо
кайсы жана анын чагылышынын кай жерден башталарын араң ажыратууга болот.
Леонсия көлдүн кооздугуна карап көпкө суктана албады: бир аздан кийин ал көл
суусу таза эместигин сезип, иренжий түштү.
— Аттигиниң-ай, суусунун кирдигин карасаң!
— Себеби өрөөндүн топурагы түшүмдүү,— деген түшүнүк берди кызга Генри. —
Кара топурактуу жердин кыртышынын калыңдыгы бир нече жүз фут болот.
Бул өрөөндү бир кезде бүтүндөй көл каптап жаткан сыяктуу,— деп алардын сөзүнө
аралашты Френсис. — Аскага назар салгылачы, суунун мурда кай жерге чейин
көтөрүлгөнүн андан билүүгө болот. Кызык, суу эмне үчүн мынча азайып кетти экен?
— Жер титирөөдөн болсо керек: көл түбүнөн суу жолу ачылып, көрүп
турганыбыздай, бөксөрүп кеткен, көл суусу азыр да төмөндөп баратат. Суунун
ылайланган түсү көлгө кир суу куюлуп жатканын билгизет, бирок тунууга үлгүрбөй
жатат. Чамасы бул көл чар тарабынан суу түшө турган өзүнчө чуңкур.
— Мына, акыры үйгө да келдик! — деди Леонсия арадан беш минутадай убакыт
өткөндөн кийин, оркоюп чыгып турган асканын бурулушунан өтүп, көл боюндагы аскага
жабыштыра салынган жапыс үйдүн алдына жетишкенде.
Жоон устундардан тектир жасалып, үстүнө үй курулган, дубалдары бамбуктан,
чатыры саман. Үй ушунчалык өзгөчө жайга тургузулган эле. Ага же кайык менен, же
жыйырма фут келген, эки киши араң сыйчу тар көпүрө аркылуу гана өтүүгө мүмкүн.
Көпүрөнүн эки капталында экиден жигит сакчылыкта турушат. Алар алдыда бара
жаткан Күн жрецинин жаңсоосу менен чегинишип, адамдарды өткөрүп жиберишти. Чоң
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Үчөөнүн Жүрөгү - 15
  • Части
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 01
    Общее количество слов 3925
    Общее количество уникальных слов составляет 2042
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 02
    Общее количество слов 4019
    Общее количество уникальных слов составляет 1984
    31.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 03
    Общее количество слов 4063
    Общее количество уникальных слов составляет 1956
    32.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 04
    Общее количество слов 3967
    Общее количество уникальных слов составляет 1937
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 05
    Общее количество слов 4013
    Общее количество уникальных слов составляет 1969
    32.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 06
    Общее количество слов 3942
    Общее количество уникальных слов составляет 1992
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 07
    Общее количество слов 3916
    Общее количество уникальных слов составляет 1953
    31.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 08
    Общее количество слов 3995
    Общее количество уникальных слов составляет 1964
    34.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    46.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    52.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 09
    Общее количество слов 4031
    Общее количество уникальных слов составляет 1928
    32.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 10
    Общее количество слов 4016
    Общее количество уникальных слов составляет 1931
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 11
    Общее количество слов 4018
    Общее количество уникальных слов составляет 1949
    31.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 12
    Общее количество слов 4083
    Общее количество уникальных слов составляет 1827
    33.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    53.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 13
    Общее количество слов 4027
    Общее количество уникальных слов составляет 1840
    33.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    52.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 14
    Общее количество слов 3982
    Общее количество уникальных слов составляет 1996
    31.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 15
    Общее количество слов 4044
    Общее количество уникальных слов составляет 1822
    32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 16
    Общее количество слов 4134
    Общее количество уникальных слов составляет 1877
    31.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    52.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 17
    Общее количество слов 4069
    Общее количество уникальных слов составляет 1870
    32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 18
    Общее количество слов 4033
    Общее количество уникальных слов составляет 1827
    31.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 19
    Общее количество слов 3999
    Общее количество уникальных слов составляет 1999
    31.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 20
    Общее количество слов 4089
    Общее количество уникальных слов составляет 1985
    31.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    52.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 21
    Общее количество слов 4128
    Общее количество уникальных слов составляет 1991
    32.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 22
    Общее количество слов 4001
    Общее количество уникальных слов составляет 1972
    31.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 23
    Общее количество слов 2004
    Общее количество уникальных слов составляет 1053
    37.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    48.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    53.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов