Latin

Үчөөнүн Жүрөгү - 13

Общее количество слов 4027
Общее количество уникальных слов составляет 1840
33.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
45.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
52.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
— Колуңду Чианын оозуна салып, ачкычты ал,— деп буюрду чал коркок уулуна.
Пеон каалар-каалабас баш ийди.
— Коркпой эле кой, ал таштан жасалган, сени тиштеп албайт,— деди Френсис
күлүп, испан тилинде.
— Майя кудайлары эч качан таш болгон эмес,— деди чал жемелүү. — Алар ташка
окшош болсо да, ар дайым жандуу болгон, ал таштын астында өз бийлигин өткөрүп
келген.
Леонсия чочулап жрецтен четтеди да, Френсистин колун кармап, жардам күткөндөй
ага ыктады.
— Азыр бир балакет болорун сезип турамын,— деди кыз. — Тоо астында, өлүктөр
арасындагы бул жай мага жакпай турат. Мен көп-көк асман, нурлары менен
эркелетүүчү күн жана чексиз деңизди жакшы көрөм. Бул жерде башыбызга коркунучтуу
балакет түшүшү мүмкүн. Бир нерсе болорун сезип турам.
Френсис кызды тынчтандыра баштаган кезде, пеондун өмүр сааттары өзүнүн эң
акыркы минуталарын санап жаткан эле. Ал болгон кайратын жыйнап, статуянын оозуна
колун салганда өмүрүнүн акыркы минуталары түгөнүп, өлүм сааты келген болчу. Ал
коркунучтуу кыйкырып, колун тартып алды да, бир тамчы кан чыгып турган билегине
карады. Статуянын оозунан аны мазактагандай тилин чыгарган жыландын башы
көрүнүп, кайра жок болду.
— Уулуу жылан! — деп кыйкырды Леонсия жыланды таанып.
Кандай жылан чакканын жана өзүн өлүм күтүп турганын билген пеон өтө коркуп
кеткендиктен артына кетенчиктеп, канча кылымдардан -бери Чианын буту бекитип
турган чуңкурга жыгылып, төмөн учуп кетти.
Бир минутага чукул баардыгы тилсиз селейип туруп калышты, анан кары жрец:
— Мен Чианын ачуусуна тийдим, ал баламды өлтүрдү,— деп шыбырады.
— Сиз бул сөзгө ишенбеңиз,— деди Френсис Леонсияны тынчтандырып. — Ушунун
баары табигый нерсе жана озүнөн, өзү түшүнүктүү. Жылан таштын жараңкасын ийин
кылып алган экен, мунун эмнеси таң каларлык? Мындай көп эле болот. Жылан чагып
алгапдан кийин, өзү артка кетенчиктеди, мунун эмнесине таң калууга болот? Анан,
кетенчиктеп, артындагы чуңкурга түшүп кетсе, ушунун да таң кала турган жери бар
бекен?..
— Анда мына мунун да таңдана турган жайы жокпу?— деп кыйкырып жиберди
Леонсия, чуңкурдан чыгып, фонтан болуп атыла баштаган сууну көрсөтүп. — Чал
калетсиз айтат. Ал турсун таш да кудай жолунда курал болуп кызмат кылат. Жрец
бизди эскерткен эле. Ыйык түйүндөрдү окуп эскертпеди беле.
— Болбогон кеп! — деди Френсис. — Бул эч кандай кудайдын кудурети менен
болгон иш эмес, тескирсинче байыркы жрецтердин иши: кудайларды да, мына бул
нерселерди да ошолор ойлоп табышкан. Чуңкурда пеондун денеси рычакка урунуп,
таш дарбазаны ачып жиберген болуш керек. Ошентип жер астындагы булак ачылып
кетиши мүмкүн. Суу ошол жерден чыгып жатат. Оозу мындай укмуштуу аял кудайлар
болбойт, аны адамдар жасашкан. Чыныгы аял кудай сулуу болушу керек, анткени
сулуулук менен периштени бири-биринен ажыратууга болбойт. Ар кандай түрү суук
желмогуздарды адамдар гана ойлоп чыгарышат.
Чуңкурдан атылып чыккан суу ушунчалык көп болгондуктан, ал тез эле кызыл
ашыкка чыкты.
— Корко турган эч нерсе жок,— деди Френсис. — Жолдо келатып да, үңкүрдө да
жердин чыга беришти карай жантайма экенин сезгенмин. Байыркы индейлер жакшы
инженер болушкан, алар суунун агып чыгышын болжолдоп ушундай кылышкан. Суу
жолдон тышка чыга турган жакка карап шырылдап агып жатканын көрүп турасыздарбы?
Кана, карыя, түйүндөрүңдү окучу, казына кай жерде экен?
— Менин уулум кана? — деп сурады жрец суроого жооп бериш ордуна кайгыга
камыккан үн менен кобурап. — Жалгыз баламды Чиа өлтүрдү. Анын энеси деп мен
майя законун бузуп, таза майя жанына күнөстүү жерлик аялдын ыпылас канын
аралаштырганмын. Балалуу болуш үчүн ушундай күнөө ишке баргамын, ошондуктан ал
мага аябай кымбат эле. Эми казына менен эмне ишим бар? Эми менин уулум жок.
Майя кудайлары мага каарданышты.
Басымдын күчтүүлүгүнөн чулкулдап жаткан суу дагы эле фонтандай атылып чыкты.
Үңкүрдө суунун деңгээли көтөрүлүп баратканын биринчи болуп Леонсия байкады.
— Суу тиземе чейин көтөрүлдү,— деди ал Френсиске.
— Бул жерден чыгып кетүүнүн айласын табуу керек,— деди Френсис абалдын
кыйындашканын сезип. — Агымдын жолу жакшы эсептелип чыгылган болсо да, суунун
жолун көчкү тосуп калган көрүнөт. Төмөн кеткен жолдордо суу мындан да көбүрөөк.
Анткени менен бул жерде да суунун деңгээли төмөн эмес. Тышка чыга турган башка
жол жок. Кеттик!
Ал Леонсияны алдыга өткөрүп жиберип, кайгыга баткан жрецтин колунан жетеледи.
Жол чукул бурула турган жайда суу тизеге чыкты. Өлүктөрдүн үңкүрүндө болсо суу
алардын белине чейин чыккан эле.
Ушул мезгилде катуу коркконунан катып калган Леонсиянын каршысында суудан
туулгалуу баш менен кадимки плащка оролгон дене көтөрүлдү. Шарылдап агып жаткан
суу башка өлүктөрдү да жыгып таштаган болчу, ошол себептүү Леонсия буга
таңданбаса да болот эле. Бирок бул мумия оор дем алып, кыймылдап, жандуу көздөрү
менен Леонсияга карап турган болчу.
Жөнөкөй адам үчүн бул абдан кызык, табигый көрүнүш эле: Леонсиянын
каршысында мындан төрт жүз жыл мурда өлгөн аскер экинчи жолу чөгүп өлүп баратты!
Леонсия кыйкырып жиберди да, алдыга умтулуп, анан тез артына кайта жан алакетке
түшүп үңкүрдү карай чуркады. Так эле Леонсияга окшоп бул көрүнүшкө таң калган
Френсис артка чегинди, автомат-тапанчасын колуна алды. Ушул мөөнөттө өлүк катуу
жерди таканчыктап суудан чыкты да, үн салды.
— Атпаңыз! Бул мен, Торресмин! Мен азыр үңкүрдүн оозунда болдум. Ал жерде бир
нерсе болуптур, өтүүгө болбойт. Суу көмүп' кетет, ал эмес үңкүрдүн оозу да көрүнбөйт,
таштардын гана сууга кулап жатканы угулат.
— Бул жакка да өтө албайсың,— деди Френсис тапанчаны ага кезеп.
— Азыр чатакташа турган убакыт эмес,— деп жооп берди Торрес. — Эң оболу бул
жерден кутулуп чыгуу керек, эгер чатак керек болсо, кийин да убакыт табылат.
Френсис эки анжы болуп туруп калды.
— Леонсияга эмне болду? — деп сурады арамза Торрес. — Мен анын артка карай
качканын көрдүм. Ага эч нерсе болбоду бекен?
Френсис Торреске ырайым кылып, чалды сүйрөп кайра кудайлардын Үңкүрүпө
кайтты. Торрес алардын артынан ээрчиди. Леонсия аны көрүп дагы кыйкырып жиберди.
— Коркпоңуз, бул Торрес,— деп Френсис кызды тынчтандырды. — Аны көрүп менин
да жүрөгүм жарылып кете жаздады. Бирок ал баарыбызга окшогон эле тирүү адам. Ага
бычак урсаңыз кан чыгат. Кана, карыя! Биз бул жерде келемиштей чөгүп өлүүнү
каалабайбыз. Али майялардын бардык сырлары ачылган жок. Түйүндөрүңдү окуп,
бизди бул жерден алып чык.
— Жол тышка эмес, ичкериге алып барат,— деди калтыраган үнү менен жрец.
— Бизге баары бир, эптеп чыгып алсак болду. Бирок ичкериге кантип кирүүгө
болот?
— «Чианын оозунан Хцатцлдын кулагына»,— деп жооп берди абышка.
Ушул маалда капысынан Френсистин башына коркунучтуу бир кызык ой келди.
— Торрес,— деди ал,— мына бул таш лединин оозунда ачкычпы, же ушуга окшогон
бир нерсе бар. Сиз ага жакыныраак турасыз. Колуңузду салып, ошону алып чыгыңыз.
Френсистин кантип өч алмакчы болуп жатканын сезген Леонсия аз жерден
кыйкырып жибере жаздады. Бирок Торрес аны сезбей, кубанып, аткарууга умтулду:
— Сиздерге пайдам тийгенине өтө кубанычтамын.
Бирок ойлогон иштин акырына чыгышка Френсистин абийири жол бербеди.
— Токто! — деп буюрду ал, анан өзү кудайды көздөй умтулду.
Оболу ага таң калып карап турган Торрес, кандай балекеттен кутулуп калгандыгын
кийин түшүндү. Френсис тапанчадан статуянын таш оозуна бир нече ок атты, жрец
болсо: «Ыйык нерсени кордоо!»—деп онтоп жиберди. Анан Френсис колун костюму
менен ороп, статуянын оозуна салып, жараланган жыланды куйругунан кармап алып
чыкты. Аны таш статуянын капталына бир нече жолу ургулап башын талкалады.
Ал жерде дагы жылан болбосун деп, Френсис колун костюму менен ороп, экинчи
жолу эстеликтин оозуна салганда түзүлүшү жана чоңдугу жагынан Хцатцлдыга
кулагындагы тешикке туура келе турган, жакшы жылмаланган алтын ачкычты алып
чыкты. Чал кулакты көрсөттү. Френсис ачкычты тешикке салды.
— Так эле автоматтын өзү,— деди ал «ачкыч» тешиктен түшүп кеткенден кийин. —
Эми эмне болот? Сууну байкап тургула, тез азайса керек.
Бирок суу дагы эле фонтан болуп атылып турду. Капысынан Торрес кыйкырып
дубалды көрсөттү. Чоң таш дубалдан бөлүнүп акырын жогору көтөрүлүп бараткан эле.
— Мына чыгып кетчү жай! — деп кыйкырды Торрес.
Чал айткандай, кире турган жол,— деп анын сөзүн
түзөдү Френсис. — Эмнеси болсо да баса бергиле. — Алар дубалдан өтүп, тар
жолдон бир топко жүргөндөн кийин майя чал: «Балам!»—деп бакырып кайрылды да,
жан далбастап артка чуркады.
Дубалдын ачылган жери өз ордуна түшүп бараткан эле. Жрец кичинекей тешиктен
өтүп алды. Дагы бир аздан кийин таш өз ордун ээледи. Бул чоң таш ушунчалык эбине
келтирилип бекилгендиктен кудайлар турган үңкүрдөн агып өтүп жаткан суу дароо
токтоду.
Тышынан, таштардын арасынан сызылып чыгып жаткан сууну эсепке албаганда,
үңкүрдүн ичинде эмне болуп жатканын билип болбойт эле. Генри менен Рикардо
үңкүрдүн оозуна келип, ал жерден суу чыгып жатканын көрүштү.
— Мына мунусу жаңылык болду. Бул жерден чыгып кеткенимде али суу жок эле,—
деди Генри.
Бир минутадан кийин алар жогорудан таш кулап түшкөнүн көрдү.
— Бул жерде азыр эле үңкүрдүң оозу бар эле,— деди Генри. — Эми болсо жок.
Кызык, кайда жоголду экен?
Анын суроосуна жооп бергендей, үңкүрдөн адам денеси агып чыкты. Рикардо менен
Генри чуркап барып, денени суудан тартып алышты. Генри карт жрецти таанып, аны
көмкөрөсүнөн жаткырды да, өзү жанына чөгөлөй калып, ичин басып, суусун чыгара
баштады.
Чалдын жаны бар экени билингиче он минутадай убакыт өтүп кетти, дагы он
минутадан кийин көзүн ачып, айланага таң кала карады.
— Алар кайда? — деп сурады Генри.
Кары жрец майя тилинде бир нерселерди кобурады, чыдамы кеткен Генри аны
силкилдетип өзүнө келтирди.
— Жок, эч ким жок... — деп түшүндүрдү чал испан тилинде.
— Ким жок? — деп сурады Генри, аны өзүнө келтирүү үчүн дагы бир жолу
силкилдетип. — Ким жок?
— Менин уулум. Чиа аны өлтүрдү. Чиа уулумду өлтүрдү, алардын баардыгын
өлтүрдү.
— Кимдердин баарын?
Абышканы кайра жулкулдатып, суроону кайталатууга туура келди.
— Баламдын досу дөөлөттүү жаш грингону, дөөлөттүү грингонун Торрес деген
душманын, Солано үй-бүлөсүндөгү кызды — баардыгы ошол кыз себептүү болду. Мен
сиздерди эскерткен элем. Ал биз менен бирге келбеши керек болчу. Аялдар ар дайым
эркектерге кырсык алып келет. Алар кудайдын ачуусун келтирет, анткени Чиа да аял
киши. Чианын тили — уулуу жылан. Чиа өз тили менен баламды өлтүрдү. Баарын Чиа
өлтүрдү. Мен кудайлардын каарын келтирдим. Шордуумун. Майя кудайларынын ыйык
казынасын уурдамакчы болгондордун абалы ушундай болот.

ОН АЛТЫНЧЫ
ГЛАВА
Генри менен Рикардо аскадан шаркырап чыгып жаткан агым менен кулап түшкөн
таш үймөктөрүнүн ортосунда туруп алышып, эмне болгонун -аныктоого аракеттеништи.
Алардын жанында майялардын акыркы жреци жер кучактап, деми кысылып дуба окуп
жатты. Генри чалды бир аз акылына келтирүү үчүн аны түрткүлөп жана силкилдетип
көрдү. Бирок ал үңкүрдө болгон окуя жөнүндө баш-аламан шыбыроодон бөлөк эч нерсе
уга албады.
— Жылан анын баласын чагыптыр, ал чуңкурга өзү гана жыгылган,— деди Генри
кандайдыр үмүт менен.
— Абдан туура,— деп анын сөзүн ырастады Рикардо.— Калгандары бар болгону
суу болушкан. Анын сөзүнүн төркүнүнө караганда, анчалык коркунучтуу эч нерсе деле
болбогондой.
— Мүмкүн алар азыр суу жетпей турган бир жайда олтурушкандыр,— деп Генри өз
оюн улантты. — Кана эми үңкүрдүн оозун тазалап, суунун агып чыгып кетишине жол
ача алсак! Эгер алар тирүү болушса, дагы бир нече күн чыдан алышат, анткени адам
суусуздуктан тезирээк өлүшү мүмкүн, аларда болсо суу мол. Оокатсыз узак жашоого
болот. Бирок мени бир нерсе таң калтырып жатат. Ал жерге Торрес кантип барып
калды?
— Кызык, кару уруусу анын кесепетинен кол салбады бекен? — деди Рикардо.
Бирок бул сөзгө Генри анчалык маани берген жок.
— Мүмкүн, арийне азыр бул жөнүндө ойлоп отурууга убакыт жок. Эң оболу, эгер
алар тирүү болушса, куткаруу үчүн үңкүрдүн ичине кандай киришти ойлошубуз керек.
Ушунча ташты сен экөөбүз бир айда да алып таштай албайбыз. Эгер биз элүү киши
болгонубузда түн-кү7н дебей иштеп, эки күндө үңкүрдүн оозун ача алмакпыз. Демек,
мындай болгон соң, биз үчүн эң керектүүсү — азыр адам табуу. Эң оболу ушул ишке
көңүл бурушубуз керек. Мен азыр качырга минип ошол карулардын айылына жөнөймүн,
бизге жардам бериш үчүн бул жерге келишсе Френсистин чек дептериндеги долларга
убадалашамын. Эгерде мындан бир иш чыкпаса, Сан-Антониого барып, адам жыйнап
келемин. Ошентип, бул ишке мен киришем. Ага чейин сен чыйыр жолду тазалап,
бардык пеондорду жана башка шаймандар менен бирге бул жерге көчүрүп кел. Мага
кара, сен аскадан тыкылдаган үп келер бекен, кулак салып тур: алар тыкылдатып,
өздөрү жөнүндө кабар бериши мүмкүн.
Ошентип, Генри качырдын нааразылыгына карабай, кару айылына жол тартты.
Кару душмандарын, аныгыраагы жакында өздөрү өлтүрмөкчү болгон душмандарынын
бирин өз айылдарында көрүп, таңданып калышты. Алар үйлөрүнүн алдында күнгө
кактана магдырап олтурушкан. Ак денелүү кишинин тайманбастыгы бул жолу да
жапайы метистерди таңдантып, аларды кыймылдоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратып
койгон болчу. Алар акыл жүгүртүп көрүшүп, башкалардан бир карыш жогору турган,
баатыр жана алар түшүндө да көрбөгөн эр жүрөк адам гана чаалыккан жана асоо
качырда душмандары жашаган айылга кире алат деген жыйынтыкка келишти.
Карулар бузулган испан тилинде сүйлөшчү, ошол себептүү Генри алардын сөзүн
түшүндү, алар да Генринин испанча сөзүн түшүнүштү. Бирок ыйык тоодо болуп аткан
бактысыздык жөнүндөгү кабар аларга эч кандай таасирин тийгизбеди. Генринин
бактысыздыкка учурагандарга жардам көрсөтүү жөнүндөгү өтүнүчү жана жакшы акы
төлөш жөнүндөгү убадасын көңүл кош угуп турушту да, камаарабагандык менен
ийиндерин куушурушту.
— Гринголоруңузду тоо жутуп жиберген болсо, демек кудайдын буйругу ушундай
экен. Кудайдын эркине каршы чыккандай биз ким экенбиз? — деп жооп беришти алар.
— Биз кембагал адамдарбыз, бирок башка бирөө үчүн эмгектенүүнү, анын үстүнө
кудайдын буюрганына каршы барууга эч качан макул эмеспиз. Эмне болгон болсо
баарына грингонун өзү айыптуу. Бул жер алардын мекени эмес. Биздин тоолорду
аңтаргыдай эч нерсе жок. Эми минтип кудайдын каарына калган экен, колу менен
кылганды мойну менен тарта беришсин, биздин болсо аларсыз да ишибиз ашып-ташып
жатат — тилибизди алууну каалабаган аялдарыбыздын түйшүгү деле жетишет.
Генри эки качыр алмаштырып, үчүнчүсү — эң өжөрү менен жан көрүнбөгөн
кыймылсыз Сан-Антониого кирип келгенде түшкү дем алыш убактысы алда качан
бүткөн болчу. Борбордук көчөнүн жарымындагы сот имараты менен түрмөнүн
ортосунда полиция башчысы менен кодогой, семиз судьяны көрдү. Алардын артында
онго жакын сакчы жандармдар Сан тостогу плантациядан качкан эки байкуш пеонду
айдап келатышты. Генри качырын токтотуп, судья менен полиция башчысына жардам
сурап кайрылды. Ал сүйлөп жатканда полиция башчысы байкатпай судьяга — өз
судьясына, жан-дили менен кызмат кылуучу судьясына көз кысты.
— Ооба, албетте, жардам беребиз,— деди кериле эстеп полиция башчысы.
— Качан мага адам бере аласыз? — деп сабырсыздык менен сурады Генри.
— Адам беришке келгенде биз азыр таптакыр бош эмеспиз,— полиция башчысы
бетсиздик менен жооп берди. — Ушундай эмеспи, урматтуу судья?
— Ооба, биз таптакыр бош эмеспиз,— ырастады ал Генри карап эстеп.
— Дагы бир топко бош болбойбуз,— деп улады анын сөзүн полиция башчысы. —
Абдан өкүнүчтүү, бирок эртең да, кийинки күнү да сизге жардам берүү тууралуу
ойлошко убактыбыз жок. Бир аз кийинчерээк болсо...
— Айталы, рождество майрамында,— деди судья.
— Ооба, ооба, рождество майрамында,— деп анын сөзүн ырастады полиция
башчысы, ызат көрсөткөнсүп сылык жүгүнө. — Рождествого жакын бизге кириңиз,
мүмкүн ага чейин ишибиз басаңдап калса, экспедиция түзүү жөнүндө ойлонуп көрөрбүз.
Азырынча жакшы калыңыз, сеньор Морган.
— Тамашалап жатканыңыз жокпу? — деп сурады Генри ачуудан жүзү бырышып.
— Сеньор Альфаро Соланонун артынан келип ага бычак урганда да жүзүн ушундай
тырыштырган болсо керек,— деди жек көрүү менен полиция башчысы.
Генри бул акаратты кулагынын сыртынан кетирди: анткени ал башка нерсе жөнүндө
ойлонуп жаткан.
— Сиздердин кимдигиңиздерди бетиңиздерге айтамын,— деди ал кыжыры кайнап,
бул адилетсиздикке каарданып.
— Абайлаңыз! — деп эскертти судья.
— Түкүрдүм мен силерге! — деп Генринин жаалы келди. — Мени эч нерсе кыла
албайсыздар. Мени Панама президентинин өзү кечирген. Сиздер болсо аянычтуу
салпаяксыңар, адамдыгыңарды да, чочколугуңарды да билип болбойт!
— Суранам, сөзүңүздү уланта бериңиз, сеньор,— деди полиция башчысы
жаалданганын сылыктык менен жаап жашырып.
— Сиздерде испан, же карибдердин биринин да кайраты жок, тескерисинче, ошол
эки элдин тең милдеттери сиздерде толуп-ташып жатат. Сиздер адам эмес —
чочкосуздар, уктуңарбы?
— Сөзүңүздүн баарын айтып болдуңузбу, сеньор? Баарын акыр аягына чейин? —
деп полиция башчысы аяр сурады да, жандармдарга белги берди; алар Генринин арт
жагынан келип, аны куралсыздандырышты.
— Али кылмыш кыла элек кылмышкерди Панама президенти да кечире албайт.
Туура айтамбы, судья? — деп сурады полиция башчысы.
— Бул таптакыр жаңы кылмыш! — деп жооп берди полиция башчысынын белгисине
тез түшүнгөн судья. — Бул ит гринго законго акарат келтирди.
— Андай болсо биз аны соттойбуз, мына азыр, ордубуздан жылбай туруп сот
кылабыз. Сот залына барып кайрадан чогулуш чакырып олтурбайбыз, антип өзүбүздү
кыйнап эмне кереги бар. Аны ушул жердин өзүндө соттоп өкүм чыгарабыз да,
жолубузду улантабыз. Менин Үйүмдө бир бөтөлкө жакшы вино бар...
— Мен винону жактырбайм судья бул сунушту кабыл албоого ашыкты. — Мага
андан көрө мыскал болсо. Азырынча мен да күбө жана жабырлануучу болгонум үчүн,
колумдагы далилдерден башкасына зарылчылык болбогондуктан айыпталуучуну
күнөөлүү деп эсептеймин. Сеньор Мариано Верхара-и-Ихос, сиз кандай жазаны макул
көрөсүз?
— Бул кызуу кандуу грингону эсине келтирүү үчүн бир күн калыпка олтургузуу керек.
— Биз так ушундай өкүм чыгарабыз,— жарыялады судья. — Өкүм дароо күчүнө
кирсин. Жандармдар, камакдарды алып кеткиле, анын мойнуна калып салгыла.
Таң атканда Генри он эки саатты калыпта жатып өткөргөн эле. Ал чалкасынан
түшүп уктап жатты. Бирок түшүндө басыңкырап, тоо койнунда камалып калган досторун
көрдү, күйүт-тынчсыздануудан эзилди, анын денесин болсо сан-санаксыз чымындар
чагып жатты. Ушул азапта толгонуп, канаттуу душмандарды колу менен айдап, акыры
ойгонуп кетти. Ойгонор замат башына кандай балекет түшкөнүн эстеди да, өзүн оозго
алып болбос сөздөр менен тилдеп кирди. Миңдеген уулуу чымындардын чагышынан
каарданган Генри ушунчалык сөгүнгөндүктөн, аспаптар салынуу ящигин көтөрүп кетип
бара жаткан жолоочунун көңүлүн өзүнө тартты. Бул Кошмо Штаттардын аскер
формасын кийген зыңкыйган, кырдач мурун жаш жигит эле.
Ал Генри жаткан жерге жакын келип кулак салды жапа аны сонуркай карады.
— Достум,— деди ал, Генри дем алууга бир аз тыным алганда. — Өткөн түндө
палатканын кооз шаймандарынын жарымы жээкте, өзүм болсо бул жерде жатканымда,
мен да аябай сөгүнгөн элем, бирок менин сөгүнгүм сиздин алдыңызда эми тили чыккан
баланын былдыраганындай бир кеп экен. Мен сизге суктанып калдым, сэр. Сиз ар
кандай аскерди жолдо калтырып кетет экенсиз. Эгер каршы болбосоңуз, сөгүнүшүңүздү
башынан кайталай албайсызбы, мен да үйрөнүп алып, кези келип калганда
пайдаланып жүрөйүн.
— Өзүңүз ким болосуз, шайтан алгыр? — деп сурады Генри. — Эмнеге бул жерде
каңгып жүрөсүз?
— Сизден капа болууну өзүмө эп көрбөйм, сэр деди күлүп учкуч. — Жүзү минтип
шишип кеткен адамдын кополдук кылууга толук акысы бар. Ким сизди мынчалык атап
койду? Мен өзүм жөнүндө айтсам, алп жин-шайтандарга ишим түшкөн жок, бул жерде,
жер жүзүндө болсо Парсонс, лейтенант Парсонс наамы менен таанымалмын.
Азырынча тозокко да бир иш менен түшө элекмин. Панамага, бүгүн Атлантика
океанынан Тынч океанына учуп өтүш үшүн келгенмин. Жолго чыгаардан мурда сизге
менин жардамым зарыл эмеспи?
— Албетте зарыл! — кыйкырып ийди Генри. — Ящигиңизден аспабыңызды алып,
калыптын кулпусун талкалаңыз. Бул жерде дагы олтура турган болсом ревматизм
оорусуна чалдыгышым мүмкүн. Менин фамилиям Морган, мени эч ким сабаган да жок
— мунун баары чымындын кесепети.
Лейтенант Парсонс гайка бурай турган ачкычы менен бир нече жолу уруп, калыптын
эски кулпусун сындырды да, Генриге ордунан турууга жардамдашты. Генри ага
Леонсия менен Френсистин башына кандай балакет түшкөнүн жапа бул алар үчүн
канчалык трагедиялуу болушу мүмкүн экендиги жөнүндө кыскача баяндап берди.
Мен ошол Френсисти абдан жакшы көрөм,— деди сөзүнүн акырында-ал. — Ал мага
куюп койгондой окшош. Биз бири-бирибизге эгиз козудай окшошпуз — сыягы биз узак
тууган болсок керек. Сеньоританы болсо сүйүп гана калбай, ага үйлөнмөкчүмүн.
Ошентип бизге жардам берүүгө даярсызбы? Аэроплапыңыз кай жерде турат? Майя
тоолоруна жөө, же качырда баруу үчүн өтө ыраак, эгер сиз машинаңыз менен таштап
өтсөңүз, көп деле убакыт кетпейт. Жана мага жүзгө жакын динамит шашкасып таап
берсеңиз, тоо басып калган жайды жардырып, үңкүрдөгү сууну чыгарып жиберемин.
Лейтенант Парсонс арсарлана түштү.
— «Макул» деп коюңузчу, бай болгур! Айтыңызчы,— деп жалдырады Генри.
Эстеликтердин үңкүрүнүн оозун бекиткен таш өз жайын ээлери менен ыйык тоо
астында калган үч туткун көзгө сайса көрүнгүс караңгыда калышты.. Френсис менен
Леонсия сыйпалап бири-бирин таап алышып, кол кармашты. Дагы бир аздан кийин ал
кызды кучактады, бул кучактоонун ыракаты жүрөктөрдү курчап алган коркунучтан бир
азга алаксытты. Алар жанында Торрестин оор дем алып жатканын сезип турушту.
Акыры ал кобурады:
— Оо кудуреттүү кудай, мына муну өлүм менен бетме-бет келүү дейт. Араң
дегенде качып кутулдук. Эми бул жагы эмне болор экен?
— Эми ушул үңкүрдөн чыгып алганга чейин көп коркунучтарды башыбыздан
кечиребиз,— деди Френсис. — Бирок бул жерден чыгышыбыз керек, канчалык тез
болсо, ошончо жакшы.
Жүрүш тартиби тез эле белгиленди, Френсис сол колу менен дубалды сыйпалап
жол баштады: анын артынан Леонсия ээрчиди. Френсис кызды курткасынан бекем
кармап алуусун буюрду. Торрес болсо оң капталдагы дубалды сыйпалап, Френсиске
катар жүрүп баратты. Алар бири биринен артта калып, же озун кетпестик, эң негизгиси
— капталдан башталып кеткен жолдорго бурулуп кетпес үчүн тынбай сүйлөшүп
баратты. Алардын бактысына туннель (себеби ал чыныгы туннель болчу) тегиз
болгондуктан сыйпалап жүрүшсө да эч нерсеге мүдүрүлүп кетишкен жок. Френсис
аябай зарылчылык туулмайынча ширеңке чакпаска чечим кылуу менен бирге,
кандайдыр кудук, же чуңкурга түшүп кетпес үчүн оболу бир бутун акырын алдыга
таштап, катуу жерге бут койгонуна ишенгенден кийин, экинчи бутун көтөрөр эле. Ушул
абалда алар саатына бир чакырымдай жол басып, акырын баратышты.
Ошончо жолду басып, бир жолу гана туннель эки жакка ажырай турган жайга кез
келишти. Ушул жерге келгенде Френсис суу өткөрбөй турган кутудан баасы ашынып
турган ширеңкенин бир даанасын алып чыгып, эки жолдун бири-бирине коёндой
окшоштугун көрүштү. Алардын кайсынысын тандап, кайсынысы менен жүрүш керек?
— Мындай кылууга туура келет,— деди Френсис. — Мына бул жол менен барабыз.
Эгер бул жол ачыкка алып чыкпаса, артыбызга кайтып, башкасы менен жүрөбүз. Бир
нерсеге толук ишенүүгө болот: бул жолдор бир жайга алын барат, антпесе майялар
жол казып, өздөрүн кыйнабаган болор эле.
Он минутадан кийин Френсис күтүүсүздөн токтоду: анткени анын бут коймокчу
болгон жери боштук эле. Ал: «Токтогула!» — деп эскертти да, ширеңкенин экинчи
данын тутандырды. Көрсө алар табигый үңкүрдүн оозуна келип калышкан экен,
ширеңкенин жарыгында үңкүрдүң кабаты да, түндүгү да, жери да көрүнгөн жок. Ошого
карабай, төмөнгө карай алып түшүүчү тепкичке окшогон нерсени көрүштү. Бул тепкич
чынында да табигый болуп, адамзаттын колу бир аз жылмалап, чыныгы тепкичке
айландырылган болчу. Тепкич көзгө сайса көрүнгүс караңгы чуңкурга алып түштү.
Бир саат өткөндөн кийин кайраттуу саякатчылар тепкичтен төмөн түшүшүп,
үңкүрдүн ичинен бир топ жол басышканда, капысынан алды жактан жарыкты көрүп
калышты. Алар алгалаган сайын жарык да чоңоюп бара берди. Жарык түшүп турган
жер алар ойлогондон бир топ жакын эле, тез арада Френсис жапайы жүзүм менен
калың. бадалдардын чырпыктарын четке сүрүп, батышка оогон күн нуру өз жебесин
чачып турган ачыктыкка чыкты. Анын жанында Леонсия менен Торрес да пайда болду.
Төмөндө өрөөн созулуп жатат, ал бүт турпаты менен бийик чокудан көзгө даана
тартылат. Өрөөн дээрлик айланага окшош болуп, диаметри бир лигадай 1 келет —
өрөөндү бийик тоолор менен тик аскалар дубал сыяктуу курчап алган.
— Бул Адашкан Жандардын Өрөөнү деп шаңдуу үн менен баяндады Торрес. — Мен
бул жөнүндө көп укканмын, бирок ушундай өрөөндүн бардыгына эч ишенген эмес элем.
— Мен да уккам жана такыр ишенген эмесмин,— деп Леонсия.
— Андай болсо эмне экен? — деп сөзгө аралашты Френсис. — Биз адашкан
арбактар эмес, тирүү адамдарбыз. Анан эмнеден коркобуз?
— Билесизби, Френсис,— деди Леонсия,— жаш чагымда уккандарыма караганда,
бул өрөөнгө бир жолу түшүп калган адам эч качан чыгып кете албайт.
— Макул, ошондой эле деп ойлойлу,— деди Френсис жылмайып,— андай болсо
бул жөнүндө айткандар кантип чыгып кетти экен? Эгер эч ким чыгып кете албаган
болсо, бул жерди кайдан билишет?
— Билбейм,— моюнга алды Леонсия. — Мен тек укканымды гана айттым. Анын
үстүнө бул сөздөргө мен эч качан ишенген эмесмин. Бирок бул жай жомокто айтылып
жүргөн өрөөндүн сүрөттөлүшүнө абдан окшошун кетет экен.
— Бул жерден эч ким эч качан чыгып кете албаган өзүнүн сөзүн кайра. ырастады
Торрес.
— Андай болсо, бул жерге кимдир бирөө келгенин кайдан билесиз? — Өжөрлүк
менен сурады Френсис.
— Бул жерде Адашкан Жандар жашайт,— деп жооп берди Торрес. — Ошондуктан
аларды эч качан көргөн эмеспиз. Бул жерден эч ким чыгып кете албаган. Мистер
Френсис Морган, ушуну билип коюңуз, мен сиз ойлогондо!! акмак адам эмесмин. Мен
маалымат алганмын. Европада окуганмын. Сиздин Нью-Йоркуңузда иштегенмин. Мен
ар түрдүү илим менен философияны үйрөнгөнмүн. Ошого карабай, бул өрөөнгө түшүп
калган адам эч качан чыгын кете албастыгына ишенемин.
— Бирок биз али өрөөнгө түшкөнүбүз жок го,— деп Френсистин сабыры түгөнө
баштады. — Биздин өрөөнгө түшүшүбүз шарт эмес, туурабы? — Ал көңүлүн бургап бир
нерсени жакшыраак караш үчүн үйүм таштар менен кирпичтер турган аянттын четине
келди. — Мелдешишим мүмкүн, бул үстү саман менен жабылган үй.
Ошол мөөнөттө ал таянщи дөңсөө жылбышып, үчөө турган аянт ылдый көчтү.
Френсис, Торрес жана Леонсия шагыл таш топуракка аралашып, тик аскадан ылдый
кулап кетишти.
Эркектер өздөрүн токтотуп калган калың бадалдардын жанында биринчи болуп
ордунан турушту. Жигиттер Леонсияга жардамдашууга шашылышты эле, бирок кыз өзү
чакан ордунан туруп күлүп жиберди.
— Мына, көрдүңүзбү, дагы сиз өрөөнгө түшүшүбүз шарт эмес деп айтасыз! — деди
ал Френсиске каткырып карап. — Эми эмне дейсиз?
Бирок бул мезгилде Френсис башка нерселер менен убара эле. Ал колун созуп,
жанына кулап келген тааныш нерсени алды. Бул Торрес өлүктөр турган үңкүрдөн
уурдаган туулга болчу. Френсис аны Торреске узатты.
— Таштаңыз аны,— деди Леонсия.
— Бул мени күндөн калкалайт,— деп кыздын сөзүнө макул болгон жок Торрес. Ал
туулганы айландырып карап жатып, капысынан анын ичиндеги жазууга көзү түшүп
калды жолдошторуна көрсөтүп үн чыгара окуду: «Да Васко».
— Мен бул адам жөнүндө укканмын, — деди Леонсия.
— Туура, уккан болушуңуз мүмкүн,— деп коштоду Торс — Да Васко менин
Лига — аралык бирдиги; Великобритания менен АКШда 5 км-га барабар.
бабаларым болгон. Энемдин турмушка чыга электеги фамилиясы да Васко болчу, ал
испан колониясына Кортес 1 менен бирге келип калган.
— Бул жерге келип козголоң чыгарып, көтөрүлүш баштаган,— деп Торрестин
аңгемесин Леонсия улантты. — Эсимде жакшы сакталып калыптыр: бул жөнүндө мага
атам менен Альфаро байкем антын берген болчу. Ал он эки жолдошу менен майялар
казынасын издеп кетет. Алардын артына жээктеги караибдердин бүтүп бир уруусу —
жүзгө жакын эркектер менен аялдар жолго чыгышат. Кортес болсо Мендоса деген адам
баштаган отрядды алардын изинен жиберет; анын архивде сакталып турган
эскермесинин баяндамасында — Альфаро байкем так ушундай аңгемелеп берген
эле,— аларды Адашкан Жандар өрөөнүнө кууп киргизип, ит азабына салып өлүмгө
өкүм кылып таштап кеткен.
— Да Васко, сыягы, бул жерден биз келген жол аркылуу кутулмакчы болгон,— деп
аңгемени жыйынтыктады Торрес,— майялар болсо аны кармап алып, өлтүрүшкөн да,
мумиялап коюшкан.
— Ал байыркы туулганы маңдайына кондуруп алды да:
— Күн ооп калса да мээмди кайнатып жиберди,— деди.
— Менин болсо ачкалыктан ичегилерим үзүлгөнү турат,— деп мойнуна алды
Френсис. — Кантсе да бул өрөөндө кандайдыр бир уруу жашар?
— Чынын айтсам, билбейм, сеньор,— деп жооп берди Торрес. — Мендосанын
эскермесинен бир нерсе маалым: алар Васко менен анын отрядын ушул жерде өлүм
кучагына таштап кеткен, ошондон кийин аны да, жолдошторун да эч ким көргөн эмес.
Менин билгендерим ушул.
— Бул жерде тамактана турган нерсе табылчуга окшоп калды,— деди Френсис,
Леонсиянын бадалдардын арасынан кандайдыр мөмөлөрдү үзүп жатканын көрүп, анан
сөзүн башка жакка бурду:— Мага караңыз, Леонсия! Азыр эле токтотуңуз бул
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Үчөөнүн Жүрөгү - 14
  • Части
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 01
    Общее количество слов 3925
    Общее количество уникальных слов составляет 2042
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 02
    Общее количество слов 4019
    Общее количество уникальных слов составляет 1984
    31.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 03
    Общее количество слов 4063
    Общее количество уникальных слов составляет 1956
    32.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 04
    Общее количество слов 3967
    Общее количество уникальных слов составляет 1937
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 05
    Общее количество слов 4013
    Общее количество уникальных слов составляет 1969
    32.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 06
    Общее количество слов 3942
    Общее количество уникальных слов составляет 1992
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 07
    Общее количество слов 3916
    Общее количество уникальных слов составляет 1953
    31.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 08
    Общее количество слов 3995
    Общее количество уникальных слов составляет 1964
    34.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    46.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    52.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 09
    Общее количество слов 4031
    Общее количество уникальных слов составляет 1928
    32.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 10
    Общее количество слов 4016
    Общее количество уникальных слов составляет 1931
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 11
    Общее количество слов 4018
    Общее количество уникальных слов составляет 1949
    31.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 12
    Общее количество слов 4083
    Общее количество уникальных слов составляет 1827
    33.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    53.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 13
    Общее количество слов 4027
    Общее количество уникальных слов составляет 1840
    33.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    52.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 14
    Общее количество слов 3982
    Общее количество уникальных слов составляет 1996
    31.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 15
    Общее количество слов 4044
    Общее количество уникальных слов составляет 1822
    32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 16
    Общее количество слов 4134
    Общее количество уникальных слов составляет 1877
    31.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    52.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 17
    Общее количество слов 4069
    Общее количество уникальных слов составляет 1870
    32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 18
    Общее количество слов 4033
    Общее количество уникальных слов составляет 1827
    31.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 19
    Общее количество слов 3999
    Общее количество уникальных слов составляет 1999
    31.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 20
    Общее количество слов 4089
    Общее количество уникальных слов составляет 1985
    31.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    52.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 21
    Общее количество слов 4128
    Общее количество уникальных слов составляет 1991
    32.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 22
    Общее количество слов 4001
    Общее количество уникальных слов составляет 1972
    31.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 23
    Общее количество слов 2004
    Общее количество уникальных слов составляет 1053
    37.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    48.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    53.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов