Latin

Үчөөнүн Жүрөгү - 12

Общее количество слов 4083
Общее количество уникальных слов составляет 1827
33.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
45.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
53.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
өттү. Андан ары өйдөлөө бир топ жеңил болду. Бирок жыйырма беш фут бийиктиктен
жыгылып, ээн жерде колун, же бутун сындырып алуу жаман иш болор эле, ошондуктан
Генринин ичине кызганыч отун салып Леонсия:
— Кудай жалгагыр, Френсис этияттаңыз! — деп кыйкырды.
Френсис үч бурчтуктун чокусуна жетип токтоп, оболу бир көздү анан экинчи көздү
кылдат карап чыкты. Ошондон кийин аңчы бычагын алып, оң көздү чукуй баштады.
— Кары жентльмен болгондо, бул кордоону көрүп талмасы кармап калмак,— деди
Генри.
— Сен он цент уттуң! — деп кыйкырды Френсис, Генринин колуна чукуп алынган
көздүн бир бөлүгүн ыргытып жатып.
Ал мозаиканын бир бөлүгү — жалпак седеп эле.
— Шамал болбосо дарактын башы кыймылдабайт,— деди Генри. — Майялар бекер
жерден бул ээн жайды тандап, аскага Чианын көзүн салышкан эмес.
— Кары жентльменди ыйык түйүндөрү менен аякка бекер калтырыптырбыз,— деди
Френсис. — Түйүндөр мындан кийин эмне кылаарыбызды айтып бермек эле.
— Көз бар жерде мурун да болушу керек,— деп койду Леонсия.
— Мына ал! — деп кыйкырды Френсис. — Оо кудай, мен азыр ошол мурундун үстү
менен чыгып келдим го. Биз абдан жакын турабыз, ага узактан кароо керек. Жүз ярддай
узактан бул адамдын өтө зор бетине окшоп кетсе керек.
Леонсия асканын түбүнө барып, бул жерге тропик бороону учуруп келген жалбырак
менен ыпыр-сыпырларды буту менен түрттү.
— Андай болгон соң, оозу да оз ордунда — мурундун астында болушу керек,—
деди ал абдан олуттуу түрдө.
Генри менен Френсис бир заматта ыпыр-сыпырларды буттары менен тепкилеп
аскадан оюк табышты. Бирок оюк адам батпай тургандай кичине эле. Таш көчкөндө
тешиктин бир бөлүгү бүтөлүп калган болсо керек. Френсис бир нече ташты четке
кулатып, тешикке башын салды да, ширеңке күйгүзүп, ичин карады.
— Жыландан этият болуңуз,— эскертти Леонсия.
Френсис алкыш билдирип бир нерсе деген болду да, анан минтип жарыялады:
— Бул жасалма чуңкур. Асканы оюп жасаган, анын үстүнө, байкашымча, зор ынтаа
менен жасалган. Эх, шайтан алгыр! — Акыркы сөз, анын бармагын күйгүзгөн ширеңкеге
карата айтылган эле. — Бул жерге ширеңкенин кереги да жок! — деп таңдана
кыйкырды ал. — Үңкүргө табигый жарык түшүп турат экен... Жарык кандайдыр жогор
жактан келип жатат... Күндүн нуру. Байыркы майялар азамат экен. Лифт, ысык жана
муздак суу, буу жылыткычы жана швейцарды көрсөм да таңданбайт болчумун.
Ошентип, кошкула!
Френсис үңкүрдүн ичине кирип, көздөн кайым болду. Арадан бир аз өткөндөн кийин
үңкүр ичинен анын үнү угулду.
— Бери келгиле! Бул жер укумуш экен!
— А, сиздер мени бирге алып келүүнү каалаган эмес элеңер! — деди Леонсия
аларга жеңелүү, жер таманы тептегиз үңкүрдүн түбүнө түшүп жатып; үңкүргө түшкөн
күүгүм талаш сыяктуу сырдуу жарыкта баардык нерсе абдан даана көрүнүп турду. —
Мен сиздерге оболу көздү, анан оозун табууда жардамдаштым. Мүмкүн мен
болбогонумда азыр асканы айланып өтүп, көздөгөн жерден узап бараткан болор
элеңер.
— Анткени менен бул жерде эч нерсе жок, малак жалагандай экен! — деп кошуп
койду ал бир аздан кийин.
— Түшүнүктүү,— деди Генри. —Бул болгону вестибюль тура! Конкистадорлор издеп
жүргөн казынаны ушул жерге жашырып, эмне, майялар акмак дейсиңби? Мен
мелдешүүгө даярмын: Сан-Антониодо казынадан канча алыс болсок, азыр да
ошончолук алыспыз.
Ошол тапта алар кеңдиги он эки-он беш фут келе турган өткөөл жолду көрүп
калышты, анын бийиктигин аныктоо кыйын эле. Генринин болжолу боюнча үчөө кырк
кадамдай жүрүштү. Жол тез ичкерип кетти, алар чукул оңго бурулуп, анан солго
бурулушту да, башка кенен үңкүргө туш келишти.
Жогор жактан түшүп турган сырдуу жарык алардын жолун көргөзүп турду. Алдыда
бараткан Френсис күтүүсүз токтоп калды эле, Леонсия менен Генри аны сүзүп алышты.
Алар катар туруп калышты. Ортодо Леонсия, бет алдыда эчак өлгөн, бирок алиге чирий
элек кишилердин тизилген катарын көрүштү.
— Египеттиктерге окшоп, майя индейлери да бальзамдоо сырларын билген болуш
керек,— деди Генри, көмүлбөгөн өлүктөрдүн алдында шыбырап. Өлүктөр тирүү
кишилер сыяктуу катар тизилип, аларга карап турган.
Алардын бардыгы Европача кийинип, баарынын жүзүндө европалыктарда боло
турган бейкапардык көрүнүп турат. Үстүндө конкистадорлор менен англис
каракчыларынын кийими, бул кийимдер бүт бойдон чирип кеткен эле. Экөө жүзү ачык
темир калкан кийинген. Кээ бирөөнүн белинде кылыч, кээ бирлери кылычтарын катып
калган колунда кармап турат; баарынын белинде кадимки оттугу бар эски
тапанчалардын саптары сороёт.
— Карт маянын сөзү чын экен,— деп шыбырады Френсис. — Казына жашырылган
жерге кирмекчи болгондордун баардыгы өз сөөктөрү менен казынанын вестибюлун
кооздоп, бул жерге келгендерди эскертип турат. Карагылачы! Мына бул чыныгы испан
эмеспи! Ата-бабасына окшоп, бул да бир кезде гитара дыңгыраткандыр.
— Мобул болсо так эле девонширдиктин өзү,— деди Генри да шыбырап. — Тешик
он центикке мелдешишим мүмкүн: бул уулоого тыюу салынган токойдон кийин уулап
жүрүп королдун ачуусунан коркуп, туш келген эле кемеге олтуруп Испанияга качып өтүп
кутулган браконьер болгон.
— Бр-р-р-р!.. — Леонсия чочуп кетип Френсис менен Генриге калкаланды. — Бул
арбактардан өлүктүн жана дагы бир балаанын жыты келип жатат. Өч алуунун даанасы!
Казынаны уурдамакчы болгон адамдар эми түбөлүк сакчылыкта туруп, чирибес денеси
менен ушул казынаны кайтарууга өкүм кылынган.
Эч ким жолду андан ары улантууну каалаган жок. Өлүктөрдүн кадимки кийимдеги
кебетелери баардыгын сыйкырдап койгонсуду.
— Карагылачы, Америка басып алган жердин биринчи күнүнөн баштап байлык
артынан түшүү адамдарды канчалык жапайы, коркунучтуу жайга алып келген! — деди
Генри. — Алар казынаны алып кете албас болушса да, сезим аларды түптүз казынанын
вестибюлуна жетелеп келген. Каракчылар менен конкистадорлор, силердин алдыңарда
баш ием! Салам айтам, сиздерге, эр жүрөк селсаяк каракчылар! Сиздер абдан сезгич
болгонсуңар; алтын катылган жерди сезип, алтын үчүн согушууга жетишээрлик
кайратыңар бар эле.
— Ух! — деди Френсис, Генри менен Леонсияны кадимки укмуштуу казына
издөөчүлөрдүн арасынан алып өтүп баратып. — Карт сэр Генри да ушул жердеги
катардын башында болсо керек.
Алар отуз кадамдай басышты. Жол дагы бир жолу бурулду. Эки катар болуп
тизилип турган мумиялардын акырында Генри капысынан жолдошторун токтотуп,
өлүктөрдүн бирин көргөзүп, кыйкырды:
— Албетте сэр Генринин бар, же жок экенин билбейм, бирок Альварес Торрес
маңдайыңарда турат!
Чынында да жарымы чириген орто кылымдагы испан костюмун кийип, кургап калган
колуна чоң испан кылычын кармап, испанча туулганын астындагы кичинекей каралжын
жүздүү өлүк Альварес Торреске абдан окшоп кетет. Торрестин бети да ушундай кичине
жана кара болчу. Муну көргөн Леонсия чочуп кыйкырып жиберди да, чокуна баштады.
Френсис Леонсияны Генринин жанына калтырып, өзү өлүктүн жанына келди, анан
маңдайын, бетин жана эриндерин кармалап көрдү да, көңүлү тынчып күлдү:
— Атаганат, Альварес Торрес ушул рыцардын ордунда болуп калса. Билесиздерби,
бул адам, майялар казынасынын босогосунун ардактуу күзөтчүсү болуп жай алардан
мурда, Торрестин бабасы болгонуна кымындай да шегим жок.
Леонсиянын бүт денеси калчылдап, коркунучтуу мумиянын жанына өттү. Тар жол
такыр караңгы болуп калгандыктан, алдыда бараткан Генри улам-улам ширеңке чагып
турду.
— Ох-хо! — деп жиберди ал дагы эки жүз кадамдай басышкандан кийин. — Мына
бул ишке карагыла! Ташты абдан жонуп жылмалаган экен!
Бул жерге жогорудан күүгүм жарык түшүп, ширеңке чакпаса да бардык нерсени
көрүүгө мүмкүн эле. Саякатчылардын алдында тешик пайда болду. Анда өткөөлдүн
чоңдугуна ылайыктап кесилген таш капкактын жарымы чыгып турат. Сыягы аны
тешикти бекитиш үчүн алып келишкендей. Таш ынтаа менен жылмаланып, чеке
бурчтары дубалдагы тешикке дал келгендей “жасалган.
— Мелдешип коюшум мүмкүн, майя чалдын атасы так ушул жерде өлгөн! — деди
Френсис. Ал ташты айландыра турган механизмдин сырын билген, көрүп турасыздар,
таш өз ордунан жарымына чейин козголгон...
— Ох, жин тийгир десе!—деп тилденди Генри, анын сөзүн бөлө, адамдардын сөөгү
чачылып жаткан жерди көрсөтүп. — Мына, андан эмне калыптыр! Бул тиги
тургандардан бир топ кийин өлгөн — болбосо бул да мумияга айланып калган болор
эле. Болжолдоп айтканда, бизден мурда келгендердин эң акыркысы болсо керек.
— Кары жрец атасынын бул жерге өрөөндүктөрдү баштап келгенин айткан эле,—
деп эске алды Леонсия.
— Ошондой эле, алардын бири да кайтып келбегенин айткан,— деп кошуп койду
Френсис.
Генри баш сөөктү көрүп, аны колуна алды; күтүүсүздөн ал бир нерсе деп кыйкырып,
ширеңке тамызды, эми жолдоштору анын колундагы нерсени көрүштү. Баш сөөк кылыч,
же мачете менен экиге бөлүнүп гана калбай, арттан атып өлтүрүлгөн октун изи да бар
эле. Генри баш сөөктү силккенде, ичинен бир нерсе шылдырады; аны кайра дагы
силкти эле, ичинен жалпайып калган ок түштү. Френсис аны көңүл коюп карап чыкты.
— Тапанча менен аткан,— деп тыянак чыгарды ал. — Чамасы начар, же ным
тартып калса керек. Анткени жакындан аткан болсо да — бул жерде алыстан атып
болбойт — ок тешип кете албаптыр. А баш сөөк индейдики экени анык.
Дагы оңго бурулуп, алар кичинекей, бирок бир топ жарык үңкүргө өтүштү... Өтө
бийикте жайгашкан түндүктөн үңкүргө күүгүм жарык түшүп турат. Жерде адамдардын
чачылган сөөктөрү. Баш сөөктөрүнө караганда, булар европалыктар болчу. Мылтыктар,
тапанчалар, кээ бир жерлерде мачетелер чачылып жатат.
— Алар казынанын ирегесине келишиптир,— деди Френсис. — Ушул жерге
келгенде өлтүрө элек аюунун терисин талашышкан окшойт. Кары индейдин жаныбызда
болбогону өкүнүчтүү, антпегенде атасынын тагдыры эмне менен бүткөнүн өз көзү
менен көргөн болор эле.
— Бирөө-жарымы тирүү калып, казынаны алып кеткен болсочу? — деп болжоду
Генри, бирок кайгылуу айланадан — жерде жаткан сөөктөрдөн көзүн алып, үңкүрдү
айланта карап чыккандан кийин, өз суроосуна өзү жооп берди: — Андай болушу мүмкүн
эмес. Сиздер мына бул жасалма кудайдын көзүндөгү кымбат баа ташка караңыздар.
Эгерде менин да кээ бир нерселерге акылым жетсе, мобулар асыл таштын накта өзү
эмеспи.
Френсис менен Леонсия ал карап турган жакка бурулуп, оозу ачык аялдын чоң
ташка түшүрүлгөн статуясын көрүштү. Аял малдаш токунуп, кыпкызыл көздөрү менен
аларга карап турду. Анын оозу ушунчалык чоң болгондуктан, жүзү өтө серт көрүнөт.
Аялдын жанында андан да өңү серт жана жийиркеничтүү будда — эркек кишинин
статуясы. Ал баатырдык символдо жасалгаланган. Бирок аялдын оозу канчалык чоң
болсо, эркектин бир кулагы да так ошондой шалпаң кулак эле.
— Бул айым Чианын өзү болсо керек,— деп күлдү Генри. — Ал эми мына бул көк
көздүү шалпаң кулак эркек ким болду экен?
— Кудай акы, билбей турам! — деп Френсис каткырып күлдү. — Бирок бул шалпаң
кулак жентльмендин көзү мен өңүмдө же түшүмдө көргөн зымыраттардын эң чоңу
экендигин танбайм. Алардын ар бири ушунчалык чоң болгондуктан карат менен
өлчөөгө болбойт. Эгерде бул жөнөкөй эле айнек болуп чыкпаса, мындай таштарды
падышалардын таажысынан гана көрүүгө болот.
— Бирок канчалык чоң болгону менен эки зымырат менен эки жакут — майялардын
бүт байлыгы болбосо керек,— деди Генри. — Биз казынанын босогосуна келдик, аны
ачууга ачкычыбыз жок.
— Ырчы кумда калган майя ыйык түйүндөрүнө карап ачкычты тапмак,— деди
Леонсия. — Бул жерде ушул эки статуя менен сөөктөрдөн бөлөк эч нерсе жок.
Ушундай деп ал эркек кишинин статуясына жакындап келип, анын чоң кулагын
тамаша кыла баштады.
— Ачкыч кайда экенин биле албадым,— деди ал,— бирок кулпунун орду көрүнүп
турат... — деп Леонсия кулактагы тешикти көрсөттү.
Чынында да, адатта кулактын тешиги боло турган жай баштан аяк таштан куралып,
анда кулпунун тешигине окшош кичинекей тешик бар эле. Леонсия, Френсис жана
Генри дубал менен жерди түрсүлдөтүп жашыруун жол, же казынага бара турган
кандайдыр бир жашыруун тешик издеп, үңкүрдү натыйжасыз кезип чыгышты.
— Өрөөндөн келгендердин сөөгү, эки статуя, эки чоң зымырат жана эки так ушундай
жакут менен биз өзүбүз, бул жердеги болгон нерселердин баары мына ушул,— деп
жыйынтык чыгарды Френсис. — Эми бир гана жасай турган ишибиз төмөнкүчө:
биринчиден, артка кайтып, Рикардону качырлар менен бул жерге алып келүү жана
үңкүрдү талкалоо; экинчиден, кары жентльменди көтөрүп болсо да ыйык түйүндөрү
менен бирге бул жерге алып келүү.
— Сен Леонсия менен ушул жерде күтүп тур, мен тез эле аларды алып келемин,—
деп сунуш кылды Генри, алар узун жол менен өлүктөрдүн арасынан өтүп, акыркы
үңкүрдөн жарыкка чыкканда.
Бул мезгилде пеон менен анын атасы өздөрү сызган айлананын ичинде олтурушту.
Тропиктик жамгыр катуу нөшөрлөп жатты, пеон сууктан титиреп-калтырап, чал болсо
алсыз денеси мындай жамгыр менен шамалга чыдай алары жөнүндө такыр ойлобой, эч
нерсе болбогонсуп, дагы эле дуба окуп жатты. Пеон үшүп, тынчы кетип тургандыктан
атасы байкабаган нерсени көрдү. Оболу ал токой ичинен чыгып, кум аркылуу
жашырынып өтүп бараткан Альварес Торрес менен Хосе Манченону көрүп калды.
Андан кийин шумдуктуу кызыкты көрдү. Бул кызык мындай эле: Торрес менен Манчено
эч нерсе болбогондой кумдун үстүнөн өтүп баратты, кум болсо тыптынч. Алар көздөн
кайым болгондон кийин, пеон калчылдап бармагын кумга тийгизди, бирок эч кандай
коркунучтуу үн чыккан жок: жамгыр кумдун үнүн өчүргөн болчу.
Пеон атасын түртүп, дуба окуусун токтотту.
— Кум эми үн салбай калды,— деди ал. — Мүрзөдөй тилсиз болуп калды. Бай
грингонун душманы кумдан өтүп кеткенин өз көзүм менен көрдүм. Деги эле ал адам —
Альварес Торрес аябай күнөкөр адам, ошондой болсо да кум унчуккан жок. Эми кум
өлдү. Анын үнү өчтү. Күнөөлүүлөр өткөн жолдон, карыя, сиз менен мен да өтө алабыз.
Кары индей сөөмөйү менен айлананын ичине сыйкырдуу сызыктарды сызды — кум
эч кандай үн чыгарган жок. Чал айлананы сыртынан сызганда да кумдан үн чыкпады.
Анткени кум ным болуп калган эле. Ал күндүн нуруна кызыганда гана үн чыгара
баштачу. Чалдын манжалары ыйык түйүндөрдү санай баштады.
— Бул жазууда кум үн чыгаруудан калса, жол жүрүүнү улантууга мүмкүндүгү
айтылган,— деп маалымдады чал. — Азырга чейин кудайдын буйругуна баш ийип
келдим, мындан кийин да баш иебиз; тур, балам, кеттик.
Алар абдан тездешти, көп өтпөй кумдан өтүп, Торрес менен Манченого жетейин деп
калышты, бири-бирине окшошкон жуп болсо аларды көрүп калып, бадалдардын
арасына жашырынууга шашылышты Чал менен анын баласын алдыга өткөрүп
жиберип, белгилүү өлчөмдөгү аралыкта алардын артынан түшүштү. Кыскараак жолду
тандаган Генри болсо, алардын бирине да жолукпай, башка жолдон кайчы өтүп кетти
ОН БЕШИНЧИ
ГЛАВА
— Канткен менен Панамада калып бекер кылдым, бул менин кемчилигим жана
алсыздыгым болду,— деди Френсис Леонсияга. Алар үңкүрдүн оозунда Генринин
кайтып келишин күтүп, таштын үстүндө катар олтурушкан.
— Нью-Йорк биржасы сиз үчүн ушунчалык эле маанилүүбү? — Сурады Леонсия
назданып Бирок бул сөздөрдү ал өзүн мажбурлап айтты, эң негизгиси убакыттан утуш
керек эле. Ал өтө ысык сүйгөн кишиси менен жалгыз калуудан коркту.
Бирок Френсис күтүүнү каалаган жок.
— Мен туура сүйлөгөн кишимин, Леонсия. Дилимдеги сөз тилимде — туура, кыска
жана ачык.
— Сиз испандардан ушунуңуз менен айырмаланып турасыз,— деп анын сөзүн
бөлдү Леонсия. — Бизде жөнөкөй бир ойду да обу жок кооз сөздөр менен айтуу адат
болуп калган.
Френсис кыз анын сөзүн бөлбөгөндөй, кайра сөзүн улады:
— Мына, сиз, Леонсия, так ошол амалкөйлөргө таандыксыз. Мен эркектердин
адатынча туурасын жана ачыгын айтып жатам. Сиз болсо тордон качкан көпөлөктөй ар
кай жакка урунуп, амалданып жатасыз — бул адат баардык аялдарга тиешелүү, мен да
ушундай болушун күтүшүм керек эле. Кантсе да мага карата бул... адилеттик эместир.
Анткени мен жүрөгүмдү сизге ачып жатам, сиз баарын жакшы түшүнүп турасыз. А сиз
мага өзүңүздүн сезимиңизди айтпай жатасыз. Амалданып, сөздү чаргытып жатасыз.
Эмнеге мындай кылып жатканыңызды түшүнө албай койдум. Демек мени ыңгайсыз
абалга салып жатасыз. Сизди сүйөрүмдү билесиз. Аны ачык эле айтканмын. А сиз
болсо алиге чейин жооп бердиңизби?
Леонсия башын көтөрө албай кызарып, эмне жооп айтарын билбей отура берди.
— Мына азыр да,— деп тыным алды Френсис,— сиз мага жооп бербей жатасыз.
Мага өтө жылуу мамиледе болуп жатасыз, ошондуктан ар дайымкыдай сулуу жана
ажарлуусуз, ошого карабай, амалкөйлөнүп, өзүңүздүн туйгуларыңыз менен ниетиңиз
жөнүндө эч нерсе айтпайсыз. Эмне үчүн? Аял заты болгондуктанбы, же испан кызы
болгонуңуз үчүнбү?
Анын сөзү Леонсиянын дилин толкутту. Кыз өзүн араң кармап, бирок бейкапар, ага
токтоо карады да, ошол камырабагандык менен.
— Мен англичанка, американка, же башка бирөө болушум мүмкүн, бирок азыркы
учурда, бардык нерсеге түз карап, туура түшүнүп, туурасын сүйлөй аламын,— деди.
Анан эмне дээрин ойлоп оор басырыктуулук менен унчукпай калды, бир аздан кийин
ошол эле калыбында сөзүн улады: — Сиз мага өз махабатыңызды баяндаганыңызды,
мен болсо жооп бербегенимди айттыңыз. Азыр сизге баарын түшүндүрүп берем жана
ачыгын айтам. Мен сизди сүйөмүн...
Френсис кызга колун созду, бирок анын колу кайтарылды:
— Шашылбаңыз! — деди ал өкүм унчугуп. — Экөөбүздөн кимибиз өзүн аял заты...
же болбосо испан аялындай кармап жатат? Али мен сөзүмдү бүтө элекмин. Ооба, мен
сизди сүйөмүн. Сизди сүйгөнүм үчүн сыймыктанам. Сиз менден ой-туйгуларым жана
ниетимди сурадыңыз. Сүйүү жөнүндөгү сурооңузга жооп бердим. Ниетиме келгенде,
сизге айтар жообум ушул; мен Генриге турмушка чыкмакчымын.
Англосакстарга окшоп мындай ачык сүйлөө Френсисти шаштырып койгондуктан, ал
араң:
— Кудай акы, мындай ачыгыраак түшүндүрүңүзчү? — деди.
— Себеби мен Генрини сүйөмүн,— деди ал Френсистин көзүнө тик карап.
— Бирок сиз... сиз мени сүйөмүн дедиңиз го? — деди ал калтаарыган үн менен.
— Сизди да сүйөмүн. Мен экөөңүздү тең сүйөмүн. Бирок мен андай бузуку аял
эмесмин, анткени өзүмө ар дайым ушундай сезилчү. Акылым мага жакшы аял бир
убакыттын өзүндө эки эркекти сүйбөйт, деп жатса да, мен азырга чейин өзүмдү жакшы
аялмын деп эсептеймин. Болуптур. Демек мен жаманмын — ушундай төрөлгөн
экенмин, айла канча.
Ал унчукпай калды, эми Френсистин да сүйлөгөнгө алы жок эле.
— Экөөбүздүн кимибиз өзүбүздү англосакстардай кармап жатабыз? — деп жигиттин
ыңгайсыз абалына күлүп, анын жинине тиймекчи болуп, бир аз жылмайып сурады
Леонсия. — Мен сизге өзүмдүн ниетимди жана оюмду эч кандай амалданып, баш
тартпай айттым.
— Бул акылга сыйбаган иш! — деп кызуу нааразылык билдирди жигит. — Мени сүйө
туруп, Генриге турмушка чыга албайсыз.
— Сиз мени түшүнбөгөн көрүнөсүз,— деди Леонсия жемелүү. — Мен Генриге
турмушка чыкмакчымын. Сизди сүйөмүн. Бирок экөөңөргө тең бирдей турмушка чыга
албайм да! Буга закон да уруксат бербейт. Ошондуктан бириңерге чыгууга туура келет.
А мен Генрини тандадым.
— Андай болсо эмнеге... эмнеге мени жолдон калтырууга көндүрдүңүз? — деп
сурады Френсис.
— Анткени мен сизди сүйөмүн. Аны мен сизге айттым го!
— Эгер сиз ушул сөзүңүздү кайталай берсеңиз, мени жинди кылып жибересиз! —
деп кыйкырып жиберди Френсис.
— Мен өзүм да акылымдан азар абалда турам,— деди кыз. — Эгер мени
англосакстарга окшоштуруп жатсаңыз, жаңылышасыз. Бирок жүрөгүңдө кандайдыр бир
уятсыз сезим бар деп, мени бир да англосакс, ал гана эмес мен сүйгөн адам — сиз да
жаман көрө албайсыз. Менин оюмча, бул жөнүндө сизге ачыгын айтуу уят болбосо
керек. Эгер сиздин оюңузча бул белги англосакстардын сапаты болсо, мейли, ошондой
деп ойлой бериңиз. Мүмкүн бул испандарга тиешелүү сапат, же болбосо жеке мага —
Солано үй-бүлөсүнүн өкүлүнө тиешелүү сапаттыр — эмне деп ойлосоңуз ойлой
бериңиз, мага баары бир, себеби мен испан кызымын, аял кишимин... Сүйлөп
жатканымда колумду шилтесем да, баары бир испан үй-бүлөсү — Солано үй-бүлөсүнүн
өкүлүмүн,— деп бир аз тынчтыктан кийин Леонсия сөзүн тамаша менен бүтүрдү.
Френсис бир нерсе демекчи болуп даярданган эле, Леонсия аны «тыш» деп
токтотуп, анан экөө кулак түрүп калышты: бадалдардын арасынан шыбыш угулду —
кимдир бирөө аларга жакындап келаткан болчу.
— Кулак салыңыз! — деди кыз анын чыканагынан жалооруй кармап, тез шыбырап.
— Акыркы жолу англосакс болуп сизге баардыгын айтамын. Анан сиздин көз
жаздымыңызда калган испан кыздарына, ошондой эле мага да тиешелүү мүнөз менен
амалкөйлүк кыламын, сөз чаргытамын. Кулак салыңыз: мен Генрини сүйөмүн, бул
чындык, накта чындык. Бирок сизди терең, ага караганда күчтүү сүйөмүн. Мен Генриге
тиемин... Себеби, ант ичемин, аны сүйөмүн. Ошого карабай, сизди өтө кумарданып, ар
дайым сүйөмүн...
Френсис кандайдыр бир сөз менен каршылык билдирүүгө үлгүрө элегинде
бадалдардын арасынан кары жрец менен анын баласы чыгып келди. Алар Френсис
менен Леонсияны көргөн жок. Жрец тизе бүгө испан тилинде кыйкырды:
— Биринчи жолу менин көздөрүм Чианын көзүн көрүп турат!
Ал бармактары менен ыйык түйүндөрдү кармалап, майя тилинде дуба окуй
баштады. Эгер жанындагылар анын тилин түшүнгөндө, төмөндөгүлөрдү уккан болор
эле:
— Оо, өлбөс Чиа, жок нерседен бардык нерсени бар кылган кудай Хцатцлдын улуу
аялы! О Хцатцлдын өлбөс аялы! Бардык дан өсүмдүктөрдүн энеси, өнө турган уруктун
ыйык маңызы, жамгыр менен күн нурун жаратуучу кудай! Адамдын турмушу үчүн зарыл
болгон урук, тамыр жана мөмөлөрдү сактоочу сенсиң! Хцатцлдын кулагына буйрук
берүүчү, эй шаңдуу Чиа! Жрециң сага моюн сунуп, дуба кылып жатат! Менин көңүлүмдү
көтөрүп ырайым кыл. Оозуңдагы Хцатцлдын кулагын ача турган ачкычты бер! Сенин
чыныгы жрециңе Хцатцлдын казынасына кирүүгө уруксат эт... Эй кудай, өзүм үчүн эмес,
гринго өлүмдөн куткарып калган балам үчүн суранып жатам. Сенин балдарың — майя
уруусу жер жүзүнөн кырылып баратат. Аларга эми казынанын кереги жок. Мына мен
акыркы жрециңмин. Менин өлүмүм менен сен жана сенин атың, мен атын жер өөп
туруп, шыбырап айта турган күйөөң жөнүндө адамдардын билгендери да жок болот.
Менин зарымды ук, эй Чиа! Алдыңда мен үстөмөнүмдөн кулап, тизе бүгүп турам!
Кары жрец талма оорусу бардай беш минутадай калтырап, тырышып жатты.
Леонсия менен Френсис болсо дубага түшүнүшпөсө да анын салтанаттуу сыйынуусунун
таасирине берилип, жрецти унчукпай карап турушту.
Френсис Генринин кайтып келишин күтпөй эле, кайра үңкүргө кирди. Ал Леонсия
менен бирге кары жрецке жол көрсөтүп баратты. Чал түйүндөрдү кармалап, бир
нерселерди токтоосуз шыбырап, алардын артынан ээрчиди. Пеон болсо үңкүрдүн
оозунда сакчылык кылып калган болчу. Алар мумиялардын алдына келишкенде чал
өлүктөрдү көрүп эмес, түйүндөн улам ордунда тык токтоду.
— Бул жерде мындай деп айтылган,— деди ал олуттуу түрдө, түйүндөр толо
жиптердин бирин тандап: — «Булар жаман ниеттүү адамдар, каракчылар болчу.
Алардын энчисине — майя уруусунун казынасы жашырылган жайдын алдында түбөлүк
күтүү тийген».
Френсис чалды атасынын сөөктөрүнүн жанынан тез алып өттү; экинчи • үңкүргө
кирери менен кары майя эки статуянын алдына малдаш урунуп отуруп алды. Анан узак
жана берилгендик менен дуба окуду. Ал ыйык китебиндеги түйүндөрдү кунт коюп карап
чыгып, Френсис менен
Леонсияга окуганын майя тилинде айтып берди. Френсис өздөрүнүн эч нерсе
түшүнүшпөгөнүн билдирип, ийнин куушурду. Ошондон кийин чал испан тилин бузуп
сүйлөп, жогорудагы сөзүн кайталап берди.
— «Чианын оозунан Хцатдлдын кулагына» — түйүндө тунундай ден айтылган.
Френсис бул табышмактуу сөздү угуп статуянын үңүрөйгөн оозуна карап, анан
аңчылыкта пайдаланчу бычагынын учун кудайдын шалпаң кулагындагы тешикке салды,
бычактын сабы менен ташты ургулап көрдү да, анын ичи бош экенин айтты. Анан ал
Чиа статуясынын жанына келип, аны да бычактын сабы менен ургулап көрдү да, анын
ичи да бош экенин аныктады. Кары майя ушул убакта күбүрөп калды:
— «Чианын буттары боштуктун үстүндө турат».
Френсис буга кызыгып калды да, чалдын окугандарын кайталап коюусун суранды.
— Анын буттары чын эле абдан чоң,— деп Леонсия күлдү,— бирок таман алдында
боштук эмес катуу таш.
Френсис статуяны колу менен түрттү эле, жеңил гана ордунан жылды. Андан кийин
аны кучактап туруп, ордунан күч менен жылдыра баштады.
— «Ким күчтүү жана баатыр болсо, Чианын аягын ордунан жылдыра алат»,— деп
окуду жрец. — Бирок мындан кийинки үч түйүн: «Этият бол! Этият бол! Этият бол!» —
деп жатат.
— Эмнеси болсо да мына бул боштук мени чагып албас,— деди күлүп Френсис,
түртүп бир топ жылдырып койгон статуяны коё берип. — Ушинтип, байбиче, ушул
жерде бир аз тура тур, же дем алып отура тур. Сенин буттарың да талыгандыр: ушунча
кылым боштукту таканчыктап туруу жеңил дейсиңби!
Леонсиянын чочулаган үнү Френсисти азыр эле Чиа турган жерди кароого аргасыз
кылды. Ал артка бир кадам таштап, Чианын буттары басып турган чуңкурга түшүп кете
жаздады. Көрсө, аскадан диаметри бир ярд келе турган тегерек тешик оюлган экен.
Френсис оюктун тереңдигин аныктамакчы болуп кур бекер убараланды. Күйгүзүп ташталган ширеңке түбүнө жете электе эле өчүп калып жатты.
— Чын эле бул жер түпсүз терең белем,— деди Френсис төмөнгө таш ыргытып
көрүп.
Таштын бир нерсеге барып тийгени угулганга чейин бир нече секунда өтүп кетти.
— Таш түбүнө чейин жетпеген болушу да мүмкүн,— деди Леонсия. — Таш
чуңкурдагы бир урчукка тийип, балким ошол жерде калып калгандыр.
— Мына бул бизге так жооп берет,— деди Френсис, анан сөөктөрдүн арасында
жаткан эски мылтыкты алып, төмөн таштамакчы болду.
Бирок чал аны токтотуп калды.
— Ыйык түйүндөр: «Ким Чианын буту астындагы ыйык боштукка кол көтөрсө, дароо
кыйналып жатып өлөт», деп жатат.
— Мен ыйык боштукка кол көтөрөйүн деген ойдон алысмын,— деди Френсис
мылтыкты бир четке ыргытып.— А бирок эми эмне кылабыз, карыя? «Чианын оозунан
Хцатцлдын кулагына» деп айтуу жеңил, бирок муну кандай аткарыш керек? Ыйык
түйүндөрдү манжайарың менен кармап көрүп, эмне кылыш керектигин аныкта.
Жрецтин тизеси жаралуу уулу — пеондун өлүм сааттары жакындап калган эле. Ал
күндүн чыгышын акыркы жолу көрүп жатканын өзү да билген жок. Бул күнү кандай гана
окуя болбосун, өз Тагдырынан кутулуш үчүн эмне гана кылбасын, анын өмүрүнүн
акыркы күнү болчу. Эгер ал үңкүрдүн оозунда күзөттө калганда, алардын артынан
калбай ээрчип келе жаткан Торрес менен Манчено аны сөзсүз өлтүрмөк.
Бирок күзөткө турбай, коркок жана сак пеон тышка чыгып, жакын арада душман
көрүнбөйбү деп тыяк-быякты карамакчы болду. Ошентип ал күндүз ачык асмандын
алдында өз өлүмүн табуудан кутулуп калды. Канткен менен анын өмүр сааттары
Тагдыр белгилеп койгон чекке жакындай, келаткан.
Ал айлананы текшерип жүргөндө, Альварес Торрес менен Хосе Манчено үңкүрдүн
оозуна жетип келишти. Асканын бетиндеги седеп кадап жасалган Чианын чоң көзү
динге ишенчээк Манчено үчүн чоң сыноо болду.
— Сен тиги жакка бара бер,— деди ал Торреске. — Мен бул жерден эч кимди
киргизбей, сакчылык кылып турайын.
Тамырында өлүктөрдүн катарында жүздөгөн жылдар кыймылдабай турган
бабасынын каны агып жаткан Торрес майялардын үңкүрүнө бир кездеги бабасы
киргендей кайраттуу кирип кетти.
Ал көздөн кайым болору менен кимди болбосун чыккынчылык менен өлтүрүүдөн
тайбаган Хосе Манчено өзү түшүнбөгөн окуялардын пардасы артындагы көзгө
көрүнбөгөн дүйнөдөн коркуп, өзүнүн милдетин жана сакчылыгын унутуп, шашылган
бойдон бадалдардын арасына житип кетти. Пеон болсо айланада эч кандай кара
ниеттеги кишилер жоктугуна ишеним пайда кылгандан кийин, атасынан майялардын
сырын билип алууга ашыгып, мурдагы жайга кайра келди. Бул жерден да эч кимди
таппай, Торрестин артынан бара жатканын сезбестен, үңкүрдүн ичкерисине карай жол
тартты.
А Торрес өзү аңдып келе жаткан кишилер байкап калбас үчүн шыбыш чыгарбай,
акырын кадам таштап бара датты. Анан ал өлүктөрдүн катарына көзү түшүп, таңданып
токтоп калды. Тарыхка кадам койгон жана алар үчүн тарых ушул маялардын
казынасынын босогосунда токтоп калган кишилердин катарына кызыга карады.
Баарынан да эң акырында турган өлүк аны кызыктырып калды. Анын өзүнө окшоштугу
кадимкидей даана көрүнүп турат. Торрес өлүктүн өз тукуму экенин жазбай байкады.
Өлүккө карап турганда кадамдын табышын угуп калды да, кайда жашырынсам экен
деп айланага көз жүгүрттү. Ушул минутта башына кара ниет бир ой келди. Жансыз өз
уруусунун башындагы тулганы кийди, анан анын чирип калган плащына оронуп, узун
кылычты тагынып, кайырма кончтуу өтүктү кийди эле, өтүк айрылып кете жаздады.
Анан жылаңач өлүктү акырын башка өлүктөр турган караңгы жерге алып барып салды.
Бул иштерди аткарып болуп, катардын акырына — өз уругунун ордуна, колун кылыч
сабына коюп, ал кандай көрүнүштө турган болсо, ошол сыяктуу катып калды.
Анын көзү гана тирүү турду, ал өлүктөрдүн катар аралыгынан акырын жана коркуп
араң өтүп келе жаткан пеонду карап турду. Пеон Торрестин алдына келгенде
эмнегедир токтоп калды да, коркок көзүн алайтып, кайра кайра майялардын дубасын
окуй баштады. Торрес көзүн жумуп, эмнелер болуп жатканын божомолдоп билиштен
бөлөк чарасы калбады. Пеондун ары басып кеткенин баамдап, Торрес көз кыйыгы
менен ал жакка карады: пеон тар коридорго бурулуштан коркуп токтоп турган. Торрес
ушундай убакыттан пайдаланып, анын башын талкалап таштоо үчүн кылычын көтөрдү.
Бирок Тагдыр белгилеген саат жана күн келген болсо да, пеондун өмүрүнүн акыркы
минуталары түгөтө элек болчу. Анын маңдайына бул жерде, эки катар өлүктөрдүн
арасындагы Торрестин колунан өлүү жазылбаган эле. Анткени Торрес кылычын
акырын төмөн түшүрдү, пеон болсо алга карап басты, анан ал бурулуштан көздөн
кайым болду. Тез арада пеон атасына, Леонсия менен Френсиске жетип келди.
Френсис жрецке түйүндөргө дагы бир жолу кайрылып, Хцатцлдып кулагып эмне менен
ачышты сурап жаткан болчу.
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Үчөөнүн Жүрөгү - 13
  • Части
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 01
    Общее количество слов 3925
    Общее количество уникальных слов составляет 2042
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 02
    Общее количество слов 4019
    Общее количество уникальных слов составляет 1984
    31.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 03
    Общее количество слов 4063
    Общее количество уникальных слов составляет 1956
    32.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 04
    Общее количество слов 3967
    Общее количество уникальных слов составляет 1937
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 05
    Общее количество слов 4013
    Общее количество уникальных слов составляет 1969
    32.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 06
    Общее количество слов 3942
    Общее количество уникальных слов составляет 1992
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 07
    Общее количество слов 3916
    Общее количество уникальных слов составляет 1953
    31.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 08
    Общее количество слов 3995
    Общее количество уникальных слов составляет 1964
    34.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    46.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    52.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 09
    Общее количество слов 4031
    Общее количество уникальных слов составляет 1928
    32.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 10
    Общее количество слов 4016
    Общее количество уникальных слов составляет 1931
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 11
    Общее количество слов 4018
    Общее количество уникальных слов составляет 1949
    31.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 12
    Общее количество слов 4083
    Общее количество уникальных слов составляет 1827
    33.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    53.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 13
    Общее количество слов 4027
    Общее количество уникальных слов составляет 1840
    33.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    52.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 14
    Общее количество слов 3982
    Общее количество уникальных слов составляет 1996
    31.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 15
    Общее количество слов 4044
    Общее количество уникальных слов составляет 1822
    32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 16
    Общее количество слов 4134
    Общее количество уникальных слов составляет 1877
    31.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    52.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 17
    Общее количество слов 4069
    Общее количество уникальных слов составляет 1870
    32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 18
    Общее количество слов 4033
    Общее количество уникальных слов составляет 1827
    31.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 19
    Общее количество слов 3999
    Общее количество уникальных слов составляет 1999
    31.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 20
    Общее количество слов 4089
    Общее количество уникальных слов составляет 1985
    31.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    52.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 21
    Общее количество слов 4128
    Общее количество уникальных слов составляет 1991
    32.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 22
    Общее количество слов 4001
    Общее количество уникальных слов составляет 1972
    31.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Үчөөнүн Жүрөгү - 23
    Общее количество слов 2004
    Общее количество уникальных слов составляет 1053
    37.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    48.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    53.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов