Latin

Ырлар Жана Поэмалар - 06

Total number of words is 3602
Total number of unique words is 2180
23.1 of words are in the 2000 most common words
35.3 of words are in the 5000 most common words
42.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Түбөлүк күйгөн от кайда,
Тарайт бир күн мастыгың,
Өткөрбөстөн учуруң,
Өр карай арыш керип кал!
Өмүр гүлүн терип кал,
Бак болуп мөмө берип кал.
***
Ок аттым мен — түштү суунун өйүзүнө,
Таш ыргыттым — уйдун тийди мүйүзүнө.
Жоголду бүт кеткен өңдүү учуп желге,
Жарабастан кур дегенде бир ишиме.
Жалгыз гана толкуп жазган ырым калды,
Жүрөгүнөн окугандын орун алды.

БӨЛҮНБӨСҮН

Жароокер кыз жигитке гүл сунгандай,
Айткан менен сөз жетпес көркү кандай.
Жашайт бирге сулуулук, адептүүлүк
Ай менен күн табышып бир тургандай.
Сырты сулуу суктантпайт түк эч кимди,
Сүйбөйт эч ким сулуу деп адепсизди.
Адептүүлүк, сулуулук экөө бирге
Аркандабай туткунга алат бизди.
Адептүүлүк сулуудан бөлүнбөсүн,
Күндү булут жапкандай көрүнбөсүн.

ОЙЛОЧУ

Досуңду кайдан сүйөсүң,
Тууганга кайдан күйөсүң.
Жүрсөң элге кошулбай,
Өзүң менен бир өзүң?
Жек көрбөсөң душманды,
Элдердин ыркын бузганды,
Ачыбайт бооруң эч кимге,
Ойлочу артык иш барбы:
Достукту мактап жазгандан,
Бузукту башка чапкандан?

КОҢШУ КЕЛИНГЕ

О, Света, шашпагын!
Менин да бийик асманым.
Аман жүрсө керилген
Жигит болот Арсланым.
Көп кыздар жакшы көрүшөт,
Жеткени жыттап өбүшөт.
Жетпесе көз жаш төгүшөт.
Кээси чылап уу ичет,
Кээси муунуп өлүшөт.
Же каргашат, сөгүшөт.
Ыйлап, ыйлап акыры
Тагдырына көнүшөт.
Бучук депсиң уулумду...
Көбөйтпө менин ырымды,
Кой, Света, мунуңду!

ЫР ЧЫГАТ

Тоону карап ыр жазам...
Толкун шилеп чындасам,
Тоо жаңырткан добушу
Токтогул менен ырдашам.
Кылчак карап турбастан,
Кыялымда кырды ашам.
Жашыл төр жайлоо жергемде
Жеңижок менен бир басам.
Кыякты күүгө келтирем,
Комуз болуп чертилем.
Миң түркүн ыр жаралат
Менин күчтүү эркимен.
Калыктын ырын уккамын,
Коргоолду канча ээрчигем.
Күү чыгат тоодон мен ашкан,
Ыр чыгат жолдон мен баскан.

БООРКЕЧ ТАГДЫР

Көз алдымда кырк жыл мурун өткөн иш
Көз алдымда мен баскан жол, түшкөн из.
Күн от жагып, ок от желпип, кан кургатып,
Чыдай албай чыла суудан ичкенбиз.
Жүрөгү таш шум дүйнөнүн өкүмүн
Мүнөт сайын, секунд сайын күткөнбүз.
Бирок, мына, кырк жыл эмне? Эң жаман
Баш кесерлер кыргын тапты. Мен аман.
Бооркеч тагдыр аягандан кыргыздын
Ырчысына сунбаган го кылычын?

КӨРҮҮ ЖОК

Жаман үй турат кулабай,
Жакшы киши жок эчак
О, курдаштар, бу кандай?
Кылчайып артка карасак.
Жолдоштордун көбү жок,
Аларды эми көрүү жок.

КЕЧИККЕН ОЙЛОР

Түркүн куш уя салбаса,
Токойдун кимге кереги?
Көргөнү эч ким барбаса,
Көрксүз да тоонун тереги.
Пайдасыз төрдөн чөл артык,
Каз, өрдөк конгон көл артык.


Алганың тосуп турбаса,
Сулуулугуң не керек?
Балдарың урмат кылбаса,
Улуулугуң не керек?
Жан-жагыңа куш конбойт,
Жолуңан таалай туш болбойт.

АРМАНДУУ ЫРЛАР

Кагайыпсың терегим,
Эми жок сенин керегиң.
Мурункудай шаңданып,
Чыгарбайсың жер өңүн.
Кессекпи дейбиз отунга,
Ойлобой андан бөлөгүн.
Карыптырсың, Абыке,
Көрүндүң эле ар иште.
Калыпсың го жарабай,
Кыздарга салам беришке.
Желпилдебей, ойлоп бас,
Жетпейсиң эми жеңишке.

КОРКПОГУЛА

Эгер келсе колуңардан,
Алыс жүрүп момундардан,
«Ак жеринен согулгандан»,
Эски, жыртык тону бардан,
Сак болгула тымпыйгандан!
Коркпогула кыйкыргандан!

КУЧАКТАШПАЙТ

Жокту табат издеген.
Көптү табат тиштеген.
Алтын, алмаз, каухарды
Алыстан көрөт тиктеген.
Темтеңдеп аңга жыгылбайт
Түн катып арак ичпеген.
Акылынан адашып,
Кучакташпайт ит менен.

ЖҮРӨГҮҢ СЕЗЕТ

Жорткон түлкү көп билет,
Козголбой жаткан арстандан.
Көзүң менен көрбөсөң,
Колуң менен өрбөсөң,
Камчы да түшпөйт асмандан.
Аласың билим окусаң,
Каласың куру отурсаң.
Түк чарчабай жазгандан,
Жаратсаң жакшы ырларды,—
Жүрөгүң сезет жыргалды.

ООРУБА

Өкүм айтар бийлик жокпу колуңда?
Өз үйүңдөн алыс жерде ооруба.
Ар кимге бир жалдырайсың жетимдей,
Окшошосуң сен эч аргасыз шордууга.
Мүңкүрөйсүң эркин басып кеталбай,
Ажыдаар тосуп жаткан өңдүү жолуңда,
Оору сенин мүлжүп бүтөт алыңды,
Кордойт абдан жарым кылып жаныңды.

БОЛГОН КҮНҮ

Көрдү көзүм акмактардын неченин,
Катылгандын бердим мен да кезегин.
Болгон күнү жакшы киши жанымда
Өзүмдү да жакшы киши сеземин.
Жашаганча жамандардын тобунда,
Жан бакканча күн тийбеген коңулда.
Өлсөм деймин куйкаланып шыйрактай
Жакшы киши жаккан оттун чогунда...
Адам уулу адам окшош күн көрсүн,
Эшигине жыты жакшы гүл өнсүн!

КУУ ДҮЙНӨ

Жүрөгүңдү түтөткөн,
Арманыңды күчөткөн:
Жаз өтүп күздүн келиши.
Кечээги кыздар биз өпкөн
Кемшийген кемпир бул күндө
Ушундай экен куу дүйнө.

ЧЫНАР ООРУГАНДАГЫ ЫРЛАР

Чынартайым, айланайын көзүңдөн!
Доктор сенин таш таптык дейт өтүңдөн.
Мынча кыйнап өч алгыдай өзүңдөн,
Күнөөсүздүн күйгөн шамын өчүргөн,
Катаал белен аяганды билбеген?
Каргыш угуп көрдүң эле сен кимден?
Эч айырмаң жок эле го жарыгым,
Үлбүрөгөн жазгы назик гүлдөрдөн.
Үзгөн жоксуң бак алмасын бирөөнүн,
Бузган жоксуң эч бир куштун түнөгүн.
Бул сыркоодон калдыгы жок айыгып
Кубанта көр карыган ата жүрөгүн!
Ичкин ушул Москванын мүрөгүн,
Каалайм сага солубаган гүл өңүн!
Кайра барып көрүп жүрөр бекенсиң,
Карыбаган Ысык-Көлдүн чүрөгүн...


Качырдың, балам уйкумду,
Кетирдиң менин тынчымды.
Бооркеч тагдыр бар болсо,
Кыйбас сендей кырчынды.
Докторлорго жалынам,
Колдорунан кагылам,
Эритип ташты жок кылса,
Ошол кымбат баарынан.


Кубанычым, кубатым!
Атаңдын зарын угаарсың?
Карыган менин бактыма
Күн болуп тийип турарсың.
Кутулсаң ушул оорудан,
Куусаң кетпей тооруган.
Чатыраар элем үйүңдө,
Чай ичип сенин колуңдан.


Чарчабаган бир дагы
Чалдардын элем чыйрагы.
Чалдыбы көзү душмандын,
Чынартай ооруп кыйналды.
Жылдызым эмне болот деп,
Жүрөгүм сыздап ыйлады.
Сар-санаа күүсү турбайбы
Бул турмуштун бир жагы.
Ойлоймун өткөн жылдарды,
Ал жылдарга сын барбы?
Элестейт көзгө Чынардын,
Эркелеп минип турганы...
«Атакебай, чү!» — десе,
Арнадым канча ырларды.
Алтынга бергис экен да
Ал кездин ошол жыргалы!


Күн жаркырап тийип турат асмандан,
Тоо жаңырткан ыр угулат жаштардан.
Анан неге мен мынчалык самтырайм
Эски тондой кең төбөгө ташталган?
Чынартайым ойноп айыгып,
Чуркайт сергип тоо суусуна чайынып.
Жыттайт тандап Ала-Тоонун гүлдөрүн,
Эртең эле көрөм жыргап күлгөнүн.
Түн уйкумдан ойгондум,
Чынартай, сени ойлодум.
Болочок күндү сүрөттөп,
Ыр жазганды койгомун.
Ойлогонум бир өзүң,
Көз алдымда сүрөтүң.
«Бөйрөгүмдө таш бар» деп
Коркутуп мени күлөсүң.
Ошол таштан кутулуп,
Бак-таалайга жутунуп,
Ойноп жүрөр бекенсиң,
Бул кырсык сенден кутулуп?


Бул балакет ооруга
Кайдан жүрүп кабылдың?
Тыкан элең башынан,
Сергек элең жашыңан.
Кандайынча жаңылдың?
Ооруган сени көргөнү
Бул кандай менин келгеним?
Мен оруп, көрсөң сен келип,
Ыр жазбайт белем термелип,
Кагылайын эрмегим!


Айланайын үнүңдөн,
«Ата!» деген тилиңден!
Өзүңө, чолпон жылдызым,
Каалаганым дилимден:
Мындан ары ооруба!
Кут болсун китеп колуңа!
Кайда бассаң, бак-таалай
Карап турсун жолуңда!
Кулпунганы жарашкан,
Көргөндөр токтоп карашкан
Ала-Тоонун гүлү бол,
Адамдын баары талашкан!
Чынартайым, чырагым,
Мойнумдагы тумарым!
Карабасам күндө бир,
Түк таркабайт кумарым.
Чынартайым Чырагым.
Үн салган тоодон уларым!
Угуп жүрүп үнүңдү
Үйрөнүптүр кулагым.
Чынартайым, чырагым,
Таңшый турган убагың.
Таңшып сайрап отурсаң,
Түк жадабай угамын.
Чынартайым, чырагым,
Сен барсың жашап турамын.
Таштан ташка секирген
Менин тентек улагым!
Айыгып кет, ооруба!
Сен керексиң дооруңа.
Сүйүнүп кыргыз, күү чертсең,
Гүл карматсын колуңа!


Чынартайым, көлөкөм,
Кагылайын берекем!
Сен бар үчүн бул дүйнө
Жарык экен, кең экен!
Көп ооруп мени карытпа,
Кең дүйнөмдү тарытпа!
Барып турган бактылуу
Жашайт тура жарыкта.
Төшөктө жатсам мен ооруп,
Сен келип мага суу берсең,
«Атаке, жатпай, тур» — десең
Ооруган эмне билбесең, —
Жыргал даамын татмакмын,
Жыргап күлүп жатмакмын.
Сен жүргөн ата конушка
Он миң алкыш айтмакмын.
Бир ай болду, мен мына,
Жок туруп эч бир чатагым,
Москвада жатамын.
Жатпай кайда качамын.
Ооруганы баланын,
Азабы тура атанын.
Түпсүз сары-санаанын
Тереңине батамын.
Коркунучтун уу даамын
Бир күндө жүз миң татамын.
Ак үйдө жанган чырактай,
Айланам, сенден Чынартай!
Секирип ойноор бекенсиң
Жаңы отуккан улактай?

Каргыш тийген коркунуч
Кетпей мага бурулат.
Каарын чачып жулунат.
Найза болуп сунулат.
Калбыр кылып бооруңду
Кайнатам дейт шоруңду.
— Үзүлбөс укмуш дебегин
Мага жайган торуңду.
Далай торду тыткамын,
Далай ордон чыккамын.
Жети башым бар деген
Желмогузду жыккамын.
Коркутуудан коркпогом,
Кылмыштууну соттогом.
Мен турган жерде сендейлер
Жети атасын жоктогон.
Чынартайым айыгат,
Жүрөт менин жанымда
Үй жарык анын барында,
Ал тийген күн Нарынга!


Элде сөз бар айтылган:
«Ден соолук кымбат алтындан».
Менин бактым бар экен
Сен айыктың дартыңдан.
Чырагы жанып үйүмдүн,
Мен аябай сүйүндүм.
Эч качан эми батпастай
Тийип турган бүгүн күн.
Багбаны өмүр гүлүңдүн
Докторго, балам, жүгүнгүн!


Владислав Александрович Карецкийге
Алып мен ырчы калаамды,
Арнадым сага саламды.
Таш оорудан куткарып,
Сактап калдың баламды.
Таштадың сууруп тикенин
Жаш жүрөккө кадалган.
Жакшылык кылсаң адамга,
Жакшылык көр адамдан!
Кайнаткан жоксуң шорумду,
Ар кандай урмат орундуу.
Музейге коёр эл кийин
Ардактап алтын колуңду.
ЗҮКӨШКӨ

Ойго келбей үйгө кайтуу олжолуу,
Сай бойлодук, суу бойлодук көп жолу.
Кыйын тура жүрөгүңдү башкарса,
Кыл кыяктай күүгө келүү, толгонуу.
Сай бойлодук жыттап гүлүн жергенин,
Сездик жыргап тоо салкыны желгенин.
Суу бойлодук шаркыраган үн угуп,
Карап тойбой табигаттын бергенин.
Сенин колуң сылап чачын арчанын,
Менин көзүм көрбөй тоонун таштарын.
Кадалганын ак бетиңе өзүңдүн
Эсиңдеби байкап коюп шашканың?
Кең дүйнөгө көз чаптырып көп жүрдүк,
Капталдардан ышкын терип жеп жүрдүк.
Кеч киргиздик сулуулукка суктанып,
Турмушубуз бийик болсун деп жүрдүк.
Эми бизге болуу кыйын үй күчүк,
Көп карабай ичибизди күйгүзүп,
Дем алышта баралычы Кой-Ташка,
Жыттайлычы кийик оттон бирди үзүп.


Сен гүл элең мен жыттаган күнүгө,
Сен уз элең үн улаган үнүмө.
Жалжылдаган көздөрүңө сын кайда,
Жанып турган чырак элең үйүмдө.
Жарыгыңда дастан жаздым, ыр жаздым,
Айдыңыңда кыял менен бир бастым.
Жайкы күндөй кереметтүү күч элең
Жүрөгүнө от жандырган курдаштын.
Жакшынакай жарашыгы коруктун,
Кандайынча копол мага жолуктуң?
Түк аябай гүлдүн баркын билбестен,
Чөптөй көрүп тепсеп жүрүп солуттум...


Таза сүйүү жайкы күндүн нурундай,
Оттой жанса, жүрөк кантсин жылынбай.
Сенин сүйүүң, менин сүйүүм кошулуп
Ойдо турат ашыктардын ырындай.
Таза сүйүү жаш кезинде жолуккан
Карыганда да кетпейт көнгөн жоруктан.
Жалбарганда берген антың көп кымбат,
Бардык мүлктөн өмүр бою чогулткан.
Таза сүйүү окшош ысык жалынга,
Биз бактылуу ушул жалын барында.

Күн нурундай жаркыным,
Баасы кымбат алтыным!
Бардык жакшы жагынды
Баян кылар жарчымын.
Күн тийген жакка чакырган
Каныкейим акылман!
Барынан сулуу гүлүм сен
Багымда жайнап ачылган.


Бир сыяктуу бизди тапкан энебиз,
Канча жылдар бирге жашап келебиз.
Куда күттүк — уул үйлөнттүк, кыз бердик,
Биз аткарган иш өлчөмү ченегис.
Ойлоп көптү кубанабыз, күлөбүз,
Ойдогудай ынтымактуу бүлөбүз.
Ажырабай колдорубуз кармашкан,
Жыргал турмуш гүлзарында жүрөбүз.
Биз жүргөн бак энчи болсун балдарга!
Биз үй курдук. Күн батмай жок ал барда.


Өмүр шерик Зүкөшүм!
Ойлогонум бүт өзүң.
Азабы күчтүү мендейге
Бир гана сен түтөсүң.
Тил албай канча кыйнадым,
Канча жолу ыйладың.
Бир өсүп, бирге көктөдүк!
Болгон кезде бөксөлүк,
Мөгдөбөдүк, чөкпөдүк.
Көп жолу сүйөп өткөрүп
Тайгак жолдон, эңиштен, —
Сен болдуң менин периштем.
Көп күттүң мени периштем,
Үмүт үзбөй жеңиштен.
Мага деген ууну да
Тартынбай бөлүп тең ичкен,
Менин бактым, жыргалым,
Зүкөш — деп таңшыйт ырларым.


Өттү бир кез күчү мол,
Көп жол басып арыдык
Көп жашадык, карыдык,
Унутту бизди Купидон.
Кыздар бизди карашпайт
Бизге да ал иш жарашпайт.
Коркпо, Зүкөш, чалыңды
Сенден эч ким талашпайт.

БИЙЧИ КЫЗГА

Кулагың ың-жың болуп жатат бекен?
Талаштык... Бийчилерден ким сага тең?
Сөз кылып көпөлөктөй учканыңды,
Негедир кайра сени аяп кетем...
Жүрбөсүн бирөөлөрдүн сугу түшүп,
Сахнада калбас бекен колуң үшүп,
Турушуң үлбүрөгөн ак назик гүл,
Койбосун ач көз бирөө копол үзүп.
Мен эмне? Эмнелерди ойлоп жатам?
Сен аккуу сүзгөн көлгө мен да батам...
Мынчалык карайт белем ай жүзүңдү
Бийиңден укмуштарды жаратпасаң.
Бирде сен боз жоргодой чайпаласың,
Бирде сен закым болуп байкаласың.
Бир кезде жерге тийбей көктө калкып,
Көргөндүн жүрөгүнөн жай табасың.
Ийиктей чимирилип бир заматта
Күн болуп көрүнөсүң туш тарапка.
Атайдын комузга маш колундай сен
Буттарың көзгө илешпей ойноп жатса...
Зырп этпес, бир мөңкүбөс кандай жүрөк!
Сыйкырдуу канаты бар сен Айчүрөк,
Кыргыздын өзүң сүйгөн бий өнөрүн
Байгеден чыгара көр тынбай сүрөп!

КИРПИК КАКПАЙ

(КҮЙГӨН)
Көргөзбөй жүзүн Зыйнаттын
Тагдыр, сен мынча куураттың?
Карагат көзүн көп ойлоп
Кирпик какпай түн каттым.
Угалбай сөзүн Зыйнаттын
Убайым тартып түн каттым.
Жакын келсе, жеңине
Жабышуучу уйгакмын.
Жаш ыргайдай ийилген
Жакшынакай белинен
Ийе тартып алсам деп,
Ителги куштай элирем.
Жаңырган айдай жаркыган,
Жыпар жыттуу алкымдан
Кангычакты өпсөм деп,
Карчыга куштай талпынам.
Арзыттың мени Зыйнатым,
Ай менен күндөй кымбатым.
Кокуй күн, дартым ырбаттың,
Комуздун боорун тырматтың.
Көгүчкөндөй Зыйнатым,
Көөнүмдү сага уурдаттым.
Көптөн бери көралбай,
Күйүтү күчтүү күү кактым.
Тоту куштай Зыйнатым.
Тозоктуу мени ырдаттың.
Жалжылдап карап койсоңчу,
Жалының жанды жыргатсын!

БАЛЕРИНА

Шапар тепсең көпөлөктөй учасын
Калкып көктө канаттуудай сызасың.
Жеткирбестен кылтылдайсың жоргодой,
Келтирчүдөй кавалердин ызасын.
Кээде бийик секиресиң улактай,
Кээде күндөй жарк этесиң суратпай.
Бирде туруп мелтирейсиң суз тартып
Сыр табакка уютулган жуураттай.
Аңдып барган мергенчиге аттырбай
Ары карай көлдө сүзгөн ак куудай
Калкып кетип бара жатып, бир кезде
Көз алдымдан жылт коёсуң таптырбай.
Кол чапканда кайра чыксын жалжылдап,
Көзүң жанып электордой балбылдап.
Карап турган жаш жүрөктү эзилтип,
Күндөй бетиң кан тамгандай албырат.
Кулач уруп музыканын көлүндө,
Жүргөнсүйсүң кубат берип өмүргө.
Кетчүдөйсүн кытыгылап жүрөктү,
Жагымдуу бир так калтырып көңүлгө.
Чап дей түшсөң кавалердин мойнуна,
Кайра түшүп, колун алсаң колуңа,
Менин өзүм ал кавалер сыяктуу
Келип турат гүл төшөгүм жолуңа.
Тартып алып электордун тогундай,
Жандырасың таш көмүрдүн чогундай.
Бирок кетсең ошол бойдон кетесиң,
Беш атардын жеткирбеген огундай.
Мейлиң, теги жеткирбесең жеткирбе,
Бардык жүрөк бир өзүңдүн эркинде.
Замананын эркин кушу, уча бер,
Жыргал турмуш сүрөтү бар көркүңдө.
ЫСЫК-КӨЛДҮК БИР КЫЗГА
Көк ирим көлдүн кыласың,
Конуш кылып турасың.
Көл шылтоо, барган бозой көп,
Кимге көңүл бурасың?
Бардыгы көлгө чөмүлөт,
Барынан бал сөз төгүлөт.
Көбү шайыр, көбү ойчул,
Кимиси жакшы көрүнөт?
Күлбөсөң да ырсактап,
Карайсын турбай сыр сактап.
Кай жигиттин жүрөгүн
Калсам дейсиң кылтактап?..

БИР СЕЛКИГЕ

Сенсиң менин баа жетпеген күмүшүм,
Сенсиң күнүм жарык кылган жер жүзүн
Бүт дүйнөнүн жыргалына барабар
Кубандырып гүлзар бакта жүрүшүң.
Карап койсоң — ырлар жаза баштаймын,
Күлүп койсоң — эрип кете жаздаймын!

ЧОЛПОНУ КЫРГЫЗ КӨГҮНҮН

Урмат кылсаң өзүңдү,
Угуп тур жигит сөзүмдү:
Мойнуна шуру такпаган,
Бетине упа жаппаган.
Кызартып эндик сүртпөгөн,
Кылык-жорук күтпөгөн.
Ошого да карабай,
Көзгө сүйкүм баладай!
Шүүдүрүмгө киринген
Тоо гүлүндөй көрүнгөн
Чыга калып булуттан,
Көңүлүңдү жылыткан...
Жайкы күндөй күлгөнү,
Жарык кылган дүйнөнү.
Сулуу келин бар десең,
Кыргыздан чыккан ал десең,
Ишенбейт элем эч качан,
Жеңилбейт элем талашсаң...
Күчтүү жокко чындыктан
Алпты серпип ыргыткан.
Чындык экен көрдүм мен,
Айталбайм ачык, кимге тең?
Тең эмес ага Айчүрөк!
Туйгун куштай бир түлөк...
Кундуз чачы кулпунат,
Күлүп койсо күн чыгат
Тең эмес Бермет, билемин,
Карасам гүлдөй иреңин,
Дүпүлдөп согор жүрөгүм,
Көргөндөй сүйүү үрөөнүн.
Каныкей ага тең эмес,
Ал көөхар болсо, Жаныл жез
Теңдеши жок бир элес,
Нур чачса күн-түн кемибес.
Ашкере сулуу дейт экен,
Азгырып жанды жейт экен.
Гүлбурак сулуу дейт экен,
Күйгүзүп жанды жейт экен.
Сүйгөнү ким билбейсиң,
Сүйүүгө бүткөн гүл дейсиң.
Бирок күлбөйт ырсактап,
Карабайт сени кылчактап.
Тоо суусундай таптаза,
Айнектей тунук башкача.
Текшерет жыгач бүрлөрүн,
Тоо чөбүнүн түрлөрүн...
Илимге берип көңүлүн,
Элге арнаган өмүрүн.
Чолпону кыргыз көгүнүн!
Жигиттердин көбүнүн
Көздөрү түшөт жалжалга,—
Жүрүшөт жетпей арманда.

ЖАЛЖАЛ КӨЗ

(ВАЛЬС)
Карагат кара көзүң бар,
Алчадай сулуу өзүң бар.
Алдыңа барсам айтууга
Шекерден таттуу сөзүң бар.
Уктабай сени ойлодум,
Ойлосом ойго тойбодум.
Кур дегенде сый кылып,
Кубантып карап койбодуң.
Тосоюн деймин жолуңду,
Кармасам деймин колуңду.
Карабай кетип перизат,
Кайната көрбө шорумду.
Жүрөгүм менин бир гана,
Жүз жүрөк менде болсо да,
Эмгекти сүйгөн жалжал көз,
Берер да элем бүт сага.
Үн улап менин үнүмө,
Орток кыл өмүр гүлүңө.
Аймалап жыттап жүрөйүн
Ай сайын эмес, күнүгө.

ЖАЛЖАЛ КӨЗ БИР КЕЛИНГЕ
Кезиксең кашың кересиң
Көзүмдөн кетпейт элесиң.
Мен жигит кезде көрбөдүм,
Деги сен кандай немесиң?
Айтсаңчы мага чыныңды,
Айтсаңчы катпай сырыңды.
Сүйөсүңбү жалындап,
Угасыңбы ырымды?
Көзүңдөн секет кетейин!
Кел дечи, чуркап жетейин!

БОЛОР БЕЛЕМ

Коё бербей ууздай аппак колуңду,
Кармап турсам болор деймин орундуу.
Кара көзүм суранарым өзүңдөн:
Кагып-силкип катырбагын шорумду.
Болор белем боз баладай бактылуу
Тартып тузак жайсаң мага торуңду?

ТҮБӨЛҮК БОЛСО...

Сен жакшысың жалжалым,
Сен барда түгөл мал-жаным.
Сен карап турсаң жанында,
Оюну жакшы балдардын.
Сен турган жупун үй жакшы,
Сен токуган чий жакшы.
Теңтуштар курган үлпөттө
Сен аткарган бий жакшы.
Сен баскан жол эң жакшы,
Сен гүл эккен жер жакшы.
Сен экөөбүз бир барып
Карагат терген чер жакшы.
Сен ойноп чыккан кыр жакшы,
Арналган сага ыр жакшы.
Түбөлүк болсо канаке
Экөөбүзгө бул бакты!

ҮШҮТПӨСӨҢ

Кулпунасың жоогазындай жаздагы,
Балбылдайсың таңкы чолпон жылдыздай.
Жалжылдашың күндүн шоола чачканы,
Тамшантасың бейиштеги үр кыздай.
Оюм туткун, жаным туткун өзүңө,
Сенден оолак кеталбаймын эч кайда.
Алгын мени кошуп шаңдуу көчүңө
Сен жок болсоң үй жок мага эч жайда.
Бооруңа тарт, жылыт мени жалжалым,
Үшүтпөсөң кайдан болсун арманым.

ЖОМОК ӨҢДҮҮ

Таң атканча кирпик какпай сүйлөштүк,
Кээде жаным, шапар тептик, бийлештик.
Бирок сенин ак бетиңден өппөдүм,
Кечирип кой менден өтсө билбестик.
Укмуш элең, ачылган ак гүл элең,
Чаңкай түштө көз уялткан күн элең.
Сөз айталбай канча жигит сүрдөгөн,
Бактылуумун дебедиби бир көргөн.
Ал сонун кез учуп өттү зымырап,
Азыр айтсам жомок өңдүү угулат.

ОН МИҢ ЖОЛУ

Сайрагүл бирге мактанды:
— Жашымда сулуу болгомун,
Балтыркан эле колдорум.
Жолунан чыкпай мастыктын,
Аябастан жаштыктын
Ак кайрагын оргомун.
Күн элем көктөн көрүнгөн,
Нур элем жерге төгүлгөн.
Гүл элем жыргал багында
Көп гүлдөрдөн бөлүнгөн.
Аз болгондо ак бетим
Он миң жолу өбүлгөн!
Унчукпай куудул турабы,
Үркүнбай андан сурады:
— Жыргап барат жөн эле
Уккан жандын кулагы.
Болгон бекен эч жерде
Мактан сөздүн турагы?
Сүйкөнгөндөй байкалган,
Аркыттын кызыл алчасын
Ойрон бет кайдан чарчасын.
«Он миң жолу»... дедиңиз,
Өзүңүздүн эркиңиз
Өптү экен анын канчасын?
КАТ КҮТҮҮ

Сүйүү отун жандырган карегиңди
Он миң карат алмазга береминби.
Ушул күнгө унутпай келе жатам
«Сендей жигит кайда бар?» дегениңди.
Оролгонсуйт мойнума сеңсел чачың,
Ойдон кетпей кыйнады сенин атың.
Сагындырдың мынчалык өчүң бардай,
Таңда чыккан чолпондой перизатым.
Унутпасаң сөз берип антташканды,
Кур дегенде таштаба кат жазганды.

БЕШ МҮНӨТ

Өмүр өтөт учкан куштай зыпылдап,
Көргөн эмес чарчап баспай кышылдап.
Гүлдөп алгын, күлүп алгын, эр жигит,
Турган кезде сени көрүп кыз ырдап!
Өмүр чиркин кийим окшоп эскирет,
Өмүргө да иңир кирет, кеч кирет.
Ошон үчүн эстен чыкпай калат да
Селкиң менен бир отурган беш мүнөт.
Беш мүнөттөр бекер өтүп кетпесин,
Иш бүтүрбөй, карган учур жетпесин.

БИР СУЛУУГА

Чагылгандын отусуңбу, моймолум?
Мынча неге жүрөк менен ойнодуң?
Мынча неге жалыныңа кактадың?
Мынча неге жанымды тынч койбодуң?
Шылдың кылуу максатыңбы, моймолум?
Күйүп бүтүп, күл болбоюн, ойлогун:
Барабардай атом бомба түшкөнгө
Кокус сенин бир жалт карап койгонуң!
Көп кыйнабай, колуңду сун, алайын,
Күйүп өлсөм — кучагыңда калайын.

ОЙЛОСОМ МЕЙЛИ

Ачылган аппак гүл өзүң,
Ар дайым куунак жүрөсүң.
Ар дайым, мейли жалжалым,
Үйүңө таалай түнөсүн!
Эч кандай кайгы билбегин,
Кубануу болсун билгениң!
Көп ойлоп сени саргаюу
Шыбагам болсун бир менин.
Ойлосом мейли күнү-түн,
Үзүлбөйт сенден үмүтүм.
КАНАКЕЙ

Тоо кызы, Ата-Тоонун перизаты,
Артына таштап койгон өрүп чачты.
Жалт карап жалын шилеп көңүлүмө,
Сүйүүнүн тозогуна мени тартты.
Күйгүздү, куйкалады. Аябады.
Түгөнбөс азап болду караганы.
Канакей басып келип, дары берип,
Жоготсо жүрөктөгү жараларды...

ӨЧ АЛАМ

Карагаттай көзүңдү,
Кош алма бышкан төшүңдү,
Адамдын сугун түшүргөн
Ачылган гүлдөй өзүңдү
Караган сайын жашарам,
Караган сайын эс алам.
Күүлөрүн толгоп жаштыктын,
Карылык иттен өч алам.
Жашырынбай, ар күнү
Көрүнүп турчу Калбүбү.
Жайкы күндүн нурундай
Төгүлүп турчу Калбүбү.

КЭЭДЕ МЕН

Эсиңде чыгар жалжалым,
Атайы сага барганым?
Жытындай бышкан алманын
Жагымдуу сезип калганын
Мен неге сенден жашырам,
Ачылган гүлдөй татынам?
Жыттадым, канча сыладым
Жибектей жумшак чачыңдан
Кээде мен ойлоп ал кезди
Уктабай таңды атырам...

УБАГЫНДА

Кызыл гүл элең — солупсуң,
Кыз элең — жубан болупсуң.
Сыр бербей басып кетчү элең,
Солуган кезде жолуктуң.
Жалжылдабай жалдырап,
Жүрөгүмдү ооруттуң.
Убагында ар нерсе:
Убагында келбесе,
Тилегиңди эңсеген
Убагында бербесе —
Өтөт бары кайрылбай
Эскерүү калат кайгыдай.

БИЙГЕ ЧАКЫРУУ

Балбылдаган чырактай аруу кыздар,
Бийлеп көңүл ачууга барыңыздар!
Жакшы бийлеп, утсаңар мелдешкенди,
Жигит сунган гүлдөрдү алыңыздар!
Сулуу кыздар, суйкайган аруу кыздар,
Сыркоо болгон жүрөккө дары кыздар!
Өткөрбөстөн жаштыкты зер учурган
Сүйүү отун тартынбай жагыңыздар!
Аруу кыздар, күн түспөл сулуу кыздар,
Күн чыкканча бийлейли, туруңуздар!

АРМАНСЫҢ

Жибек кайда... Эски, жыртык чыттайсың.
Эми кайдан жигит мойнун жыттайсың?
Тиш шалдырап, тырыш басса бетиңди,
Амур сага эми кайдан кылчайсын.
Кушмун дебе, эчак учуп талгансың,
Гүлмүн дебе, эчак солуп калгансың.
Жаш чагыңдын көргөн үчүн үзүрүн,
Жалгыз мага арылбаган армансың.

ЭМИ КАЙДА

Сен баш көкүл кезиңде,
Салкын жел соккон кечинде,
Көк шибер көйкөл конушта
Айылдын чыгыш четинде,
Кучакташып отуруп
Айткан сөзүң эсимде:
— Жашынбастан чак түштө
Жолукту күткөн бак бизге.
Өзүңө берген антыма
Күбө болсун ак мисте —
Көкүрөктөн жан чыкпай
Көңүл калуу жок бизде.
Бузган тилге кирбеген,
Калп айтканды билбеген,
Чак-челекей турмуштун
Чатагын көзгө илбеген
Наристедей тап-таза
Перизат элең башкача!
Ал күндөр өттү закымдап,
Карылык жетти такымдап.
Ал турсун калды өмүрдүн
Батаар кези жакындап.
Эми кайдан биздерди
Кыз оюнга чакырмак.

ӨЗБЕК КЫЗЫНЫН ЫРЫ

Сен жүргөн көчөнүн чаңын
Шыпырсам деймин чачым менен,
Жуусам деймин мен аны
Көздөн аккан жашым менен.
О, боз жигит! Көк тиктеп өтпө!
Сен издеген чолпон жок көктө.
Ал мына, сенин жаныңда!
Мынчалык неге түртөсүң өрткө?
Кемсинтсең мени, кордосоң,
Керилсең, бооркеч болбосоң,
Көрбөсөң гүлүн көчөнүн,
Ыйлап жүрүп өтөмүн...

АНАРГА

Бийледик бирге кечеде...
Кандай сонун кез эле!
Кылчайбай кеткен жаштыктай
Ал учур өттү тез эле.
Көрүнгөнү төгүндөй,
Карааны калды көрүнбөй.
Кызыл нур өчүп, кубардык
Күнгөйдүн күзгү чөбүндөй.

ЭРКЕЛЕЧИ

Моймолжуган көзүңдөн айланайын,
Узун кара чачыңа байланайын.
Жабыркатса жалгыздык, келгин бери,
Жаман, суук көздөрдөн далдалайын.
Жаным бирге жаш селки Ала-Тоолук,
Эркелечи наристе бала болуп!
Бул дүйнөнүн кун жеткис жыргалындай
Жарык чачкан ак жүзүң айдай толук.
Эркелечи, чарчабай, эркелечи,
«Эс алчу кез биз үчүн эрте» — дечи!

ҮМҮТ ҮЗБӨЙМ

Көрсөңчү карап тарыхтан,
Кай жерде көңүл калышкан?
Кат жазсам жообун бербестен,
Кыйнадың мени, Алымкан.
Мен качан сени таарынткам?
Жок элең күтүп зарыккан.
Гүл сунсам албай томсоруп,
Күйгүздүң мени, Алымкан.
Гүлдөрдү карап аары учкан,
Издеймин сени алыстан,
Сен берүүчү жарыктан
Үзбөймүн үмүт, Алымкан.

АЙТСАҢЧЫ

Убада сөзүң бекемби?
Оюма салдың неченди.
Узун жомок дүйнөдөн
Убайым тартып өтөмбү?
Айыктырбай жараны,
Азаптын тагы калабы?
Жүгүргөн жетпей, тоо гүлүн
Буйруган бирөө алабы?
Азапка салбай жанымды,
Айтсаңчы бир сөз жагымдуу!

КЫЗ БАЛА

Таш эмессиң катып калган түбөлүк,
Муз эмессиң, жылуулугу түгөнүп,
Туткун болгон күн тийбеген тескейге
Жөнүң да жок карагыдай түнөрүп.
Жүзүмгө да чымчык конот бышканда,
Алкымыңды бир тосуп кой, кыз бала!
Сагынычым тарагыча жыттайын,
Жер үстүнүн жарашыгы биз гана.
Ойлоп сени болду жүрөк жыш жара,
Өзүң болдуң, аны тилген устара.
Муздай тоңбой, жарык чачсаң күн болуп,
Айыктырчу даба сенсиң, кыз бала.

ЖҮРӨЛҮ ЭСТЕП

Жалжылдап карап турасың...
Оюмду кайда бурасың?
Жайлоодо болгон бир күндү
Унутпай жүргөн чыгарсың?
Ошондо сезген жыргалды,
Ошондо созгон ырларды,
Булакты өзүң бет жууган
Унуткан жокмун мен дагы.
Тоону биз мурда чыкпаган,
Кырларды кийик уктаган,
Көк шибер көйкөл капталдан
Экөөбүз үзүп жыттаган:
Укмуштай сулуу гүлдөрдү
Унутпай эстеп жүрөлү.

САГЫНУУ

Унутпасаң азабын айрылуунун,
Таарынбагын, сен мага таарынбагын!
Айтуу кыйын сөз менен кургуруңдун,
Көрбөй көпкө өзүңдү сагынамын.
Сагынуудан азаптуу эч нерсе жок,
Күчтүү кайгы, ал өзү күчтүү кайгы.
Отко кактап жаныңды, чокко тосот
Табалбайсың эс алып турчу жайды.
Секунд сайын ойлоймун бир өзүңдү,
Желбир жибек, кыз эрке мүнөзүңдү.

ЖАЛТЫЛДАП КОЙ!

Көздөрүңөн, жан эркем, жалжылдаган,
Таңда чыккан чолпондой балбылдаган.
Азоо элем, канаттуу тулпар элем,
Оңой менен укурук салдырбаган.
Сени көрүп эсимден тана жаздым,
Бир ай ачка калгандай өңдөн аздым.
Курубайын ажалдан мурун өлүп,
Түшкү күндөй түз карап нуруң чачкын!
Экөөбүзгө түшкөндөй жаңыдан той,
Жел козгогон атластай жалтылдап кой!

ӨЗГӨРДҮҢ МЫНЧА

Жандырып көңүл чырагын,
Ойлойт ар ким ынагын.
Өзгөрдүң мынча, Гүлбара?
Айтар сөз таппай турамын.
Айтайын мындай чечимди,
Кадырлап назик сезимди.
Кайрадан мага бир көргөз
Кулпунган гүлдөй кезиңди!
Талгыча көзүм карайын,
Кангыча жыттап алайын!

НАЗДАН

Жигит көзү карабаса кашыңды,
Жигит колу сылабаса чачыңды,
Бүк түш анда, ыйла тынбай, жаш сулуу,
Сени чанып, күн булутка жашынды.
Өзүңө кас кырсыктардын бороону
Үйдөн айдап таалайыңды качырды.
Жигит ар күн жүз кайталап атыңды,
Жигит сенин күтсө жазган катыңды:
Бактылуунун бактылуусу менмин деп,
Бураң белим, наздан бузбай салтыңды.
Өмүр бою түк унутпай алкап жүр
Тагдырыңа ыр арнаган акынды.

ДА БИР ЖОЛУ

Токоюнда Аркыттын жүрдүк эле
Кубалашып, суу чачышып күлдүк эле.
Уктук эле куштардын сайрашканын,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ырлар Жана Поэмалар - 07
  • Parts
  • Ырлар Жана Поэмалар - 01
    Total number of words is 3662
    Total number of unique words is 2287
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    44.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 02
    Total number of words is 3647
    Total number of unique words is 2230
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 03
    Total number of words is 3719
    Total number of unique words is 2251
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    45.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 04
    Total number of words is 3615
    Total number of unique words is 2279
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    38.1 of words are in the 5000 most common words
    45.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 05
    Total number of words is 3733
    Total number of unique words is 2198
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 06
    Total number of words is 3602
    Total number of unique words is 2180
    23.1 of words are in the 2000 most common words
    35.3 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 07
    Total number of words is 3653
    Total number of unique words is 2245
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 08
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2268
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 09
    Total number of words is 3825
    Total number of unique words is 2292
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 10
    Total number of words is 3871
    Total number of unique words is 2229
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 11
    Total number of words is 3852
    Total number of unique words is 2162
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 12
    Total number of words is 3813
    Total number of unique words is 2203
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    45.9 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 13
    Total number of words is 711
    Total number of unique words is 563
    44.9 of words are in the 2000 most common words
    55.1 of words are in the 5000 most common words
    59.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.