Latin

Ырлар Жана Поэмалар - 04

Total number of words is 3615
Total number of unique words is 2279
25.5 of words are in the 2000 most common words
38.1 of words are in the 5000 most common words
45.2 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Тилегим: татынакай бөбөктөрүм
Лениндей өчпөс жарык өмүр көрсүн!
Достуктун, эрдиктин күнү астында
Тынымсыз өмүр гүлү өнсүн, өнсүн!

МУГАЛИМДИН СҮЙГӨН СӨЗҮ

Мугалим Сармат агай көптөн бери,
Төгүлөт күн нурундай анын мээри.
Балдарын эмгекчинин окутууга
Сарп болгон бүт эмгеги, маңдай тери.
Таанышпыз аны менен көптөн бери.
Дагы бир ал кишинин жакшы жери:
Балдарга Ленин жөнүн сүйлөгөндө
Жазылат кубангандан көңүл чери.
Ал айтат: «Ленин дагы бала болгон,
Мектепте окуганын бүткүл калаа
Сөз кылган жомоктотуп эчен түркүн,
Лениндей баарын бешке окугула.
«Беш» алган жат жазуудан, эне тилден,
Эсептен, физикадан, грекчеден.
Тарыхты ыр сыяктуу жатка билген,
Марксти ал үйрөнгөн окуп үйдөн.
Сүрөттү, музыканы, ырды сүйгөн,
Кийимди таза кийген, таза жүргөн.
Турмушту жакшы көргөн үйрөнүүнү
Жумушчу кишилердин үйлөрүнөн.
Көз салган жолдошуна бир окуган,
Ар дайым жардам берип сабагынан.
Ленинде көрүнбөгөн жалгыз нерсе:
Эч качан болгон эмес баасы «жаман».
Ушинтип айткан сайын Сармат агай,
Угабыз анын сөзүн түк жадабай. —
Тургансыйт жапжаш Ленин бет алдында,
Сезилет дептериңди карагандай!

АЯЛ ЖӨНҮНДӨ ЫР

Билсек да гүлдөй жайнашын,
Билбейбиз аял кайратын:
Бошонбойт кечке жумуштан,
Чарчабайт тике туруштан,
Ар иштин табат айласын.
Ойгонот ак таң өпкөндө,
Дем алат чырак өчкөндө.
Бир колу очок жанында,
Бир колу колхоз малында.
Уй көздөйт жамгыр төккөндө.
Кызылчаны өстүрөт,
Кампага буудай жеткирет,
Бир колу үйдө кир жубат,
Бир колу пахта сугарат,
Бекер өтпөйт беш мүнөт...
Сылык сөз сүйлөп сызылат,
Бир колу тамак бышырат.
Экинчи колу... кылба шек,
Айланып айды жүрсүн деп,
Спутник жасап учурат.
Бешенеден тер кетет.
Бир колу бешик терметет.
Экинчи колу иш кылат,
Эритип болот күч курап,
Бүт дүйнөнү термелтет!

ЖӨНӨКӨЙ КИШИ

Ак болоттон ширеткен
Ак үйүн көк тиреткен,
Ак туйгунду түнөткөн —
Жөнөкөй киши.
Казып канал чыгарган,
Көк калтырбай кубарган
Какшыган жерди сугарган —
Жөнөкөй киши.
Ак буудайды чайлаткан,
Адырдагы кайрактан
Аппак нанды чайнаткан —
Жөнөкөй киши.
Бакка мөмө байлаткан,
Бактын гүлүн жайнаткан,
Бак булбулун сайраткан —
Жөнөкөй киши.
Сырты сулуу кундуздан.
Ичи жарык жылдыздан
Жыргал үйүн тургузган —
Жөнөкөй киши.
Карачы кандай кылган иши!
Жөнөкөй киши.
Согушту тилебейт,
Канал кайра какшысын дебейт.
Ал каалабайт жыргал үйү кулашын,
Өрт чалып багы куурашын.
Жок, каалабайт! Өрткө бербейт.
Тынчтык туусун колунан
Түк түшүрбөйт.

САРЫ БАРПЫ

«Сары барпы» күү кандай
Ниязалы таңшыткан.
Муңун айтып тургандай,
Уккан жанды жашыткан...
Чертмек боорун каратып,
Батырат ойго ар башка.
Алсыратып баратып,
Чакырат кайра кармашка.
Бошогон жанды чыйралтат,
Нымшыган бойду сергитет.
Чаалыкканды эс алтат,
Талпынат көккө, эргитет.
Чокуп сал дейт көздөрүн
Тойбогон ач көз жыландын.
Энчиси эмес өзгөнүн
Булбул уя шыралжын!..
Учкун дейт эркин кыргыйдай,
Көтөрөт бийик асманга.
Өзгөчө узун шыргыйдай
Өмүр тилейт жаш жанга.
Ойлоймун: «Укса бул күүнү
Тирилер өлүп бараткан!»
Көрсөткөн экен үлгүнү
Ушул күүнү жараткан.
Уккан сайын эс алам,
Укмуш күү куштай сайраган,
Уккан сайын жашарам,
Он бешке келип кайрадан.
Бактылууга өткөн күү
Бактысы жок муңдуудан.
Жадасамда булбулдан,
Жадабайм муну угуудан.
«Сары барпы» күү кандай
Ныязалы таңшыткан.
Укмуш күү, чыгып тургандай
Өмүрдү сүйгөн ашыктан.

ИШЕНГИН

Атак-даңк өзү келбеген,
Акчага бирөө бербеген.
Токтогул ырчы айткандай
Эр жигит көркү эл менен.
Элге арна кайрат, күчүңдү.
Эл баалайт сенин ишиңди.
Эл эскерип кадырлайт
Артыңда калган изиңди.
Бек болсун десең үзөңгүң:
Ишенгин элге, ишенгин!

УККУМ КЕЛЕТ

Көргүм келбейт жаш сулуунун ыйлаганын,
Гүлдөй чагын кайгы тепсеп кыйнаганын.
Көз жумбасын сүйүп алган жан биргеси,
Күнү батып жашырбасын нур жамалын.
Кур дегенде күндө бир маал уккум келет
Куунап, жыргап өз таалайын ырдаганын.

БИЛГИҢ КЕЛСЕ

Уктап жатсаң көрбөйсүң таңдын атканын,
Ичип алсаң көрбөйсүң күндүн батканын.
Анда сенин өтөт бекер ай, жылың,
Кайда сенин өмүр даамын татканың?
Кандай сонун дасторконго караган
Иштеп кечке, чарчап келип ачкарын!
Бардыгын көр, чекенден тер агызган,
Билгиң келсе көргөн күнүн башканын.

КӨППҮ ДЕЙМИН

Далай жылдар өттү шордуу башымдан,
Азаптарды канча тарттым жашымдан.
Жылаңайлак чок баскан күн жан кыйнап,
Көппү деймин башымдагы чачымдан.
Таш талкалаар күчтөн тайып калганда,
Учуп, учуп чалгын канат талганда.
Отурмын көзү кызыл бүркүттөй,
Акыл айтып сөзүм уккан балдарга:
— Адал эмгек кетпес дөөлөт адамга,
Иш бүтүрбөй ай өтпөсүн арманда.
Эрдик көрсөт эл башына күн түшсө,
Мен сыяктуу бактылуу бол карганда!

ЫРААЗЫМЫН

Кыймылдарга алым барда,
Көкүрөгүмдө жаным барда.
Баштагыдан аз болсо да
Жүрөгүмдө жалын барда,
Кыйкыргым келет тоо жаңырта
— Ыраазымын баарыңарга.
Айланамда турушкан,
Өзүмө көңүл бурушкан.
Таңдан кечке жүрсө да
Бошобой колу жумуштан,
Ырларымды окушуп,
Обонумду угушкан,
Жамандыкты жек көрүшүп,
Жакшылыкка кол сунушкан
Адамдарга ыраазымын.
Алар кенчи кубанчымдын.

ДУШАНБА

Көчөлөрү жалтырайт,
Айнектүү үйлөр жаркырайт.
Жагымдуу жакшы күү чертип,
Жанында чоң суу шаркырайт.
Айланасы жемиш бак,
Алыптыр түркүн гүл курчап.
Чаалыккан киши кумардан
Чыга турган бир жыттап...
Күлүп турат бул кандай,
Күн сулуу көңүл бургандай.
Карап койгон кишинин
Моокуму кана тургандай.
Көркү башка, жайкалат,
Күүдөн боюң чайпалат.
Булбулдай ырчы куштардын
Мекениндей байкалат.
Жумушчу калктын конушу,
Тажиги менен орусу.
Бир туугандай болушу,
Таалайдын чалкып толушу.
Рубап, дутар күү курап,
Күү таңшып талы жыгылат.
Рудаки, Саади, Хафиздин
Ырлары шаңдуу угулат...
Ким алмашсын алтынга,
Калк жеткен кадыр-баркына.
Ысыктыгы болбосо,
Көчүрүп кетчү шаар тура.

КАРАСАМ

Карасам кыргыз жерин шашылбай жай,
Гүлгө бай, шиберге бай, сууларга бай.
Көлү көп, кар жамынган тоолору көп,
Кызыгып карайт көктөн күн менен ай.
Карасам кыргыз элин шашылбай жай:
Ойго бай тоонун таза абасындай.
Ырга бай айтып бүткүс Манасындай,
Таалайын сактайт көздүн карасындай.

ЖИЙДЕ БУРАК

Жийде бурак, жийде бурак!
Жазда келсем астыңа жыпар сурап,
Тармал бутак ийилип сулуу кыздай
Аябастан атырды чачып турат.
Жийде бурак, жийде бурак!
Жатканым жок түбүңө чөпкө сулап...
Сени тигип өстүргөн камбыл багбан
Сүйгөн элге сүйүүнүн жытын сунат...

КИЧИНЕКЕЙ САРЫ КЫЗ

Бармактай болгон сары кыз,
Баарыбызга дары кыз.
Таалайбекке көтөртпөй,
Талашабыз баарыбыз
Жүрөгүбүз, жаныбыз —
Жүрүп турган каныбыз,
Жайы-кышы, күнү-түнү
Жаркыраган таңыбыз,
Жанып турган шамыбыз —
Баары сенсиң, сары кыз,
Селдиретпей, чыйралткан
Сенсиң кубат алыбыз!
АРЫК КЫЗ

Кичинекей арык кыз
Бешенеси жарык кыз.
Уул болбой калды деп
Ушуну бекер чаныппыз...
Үйрөндү тилин кыргыздын,
Үнү бийик бул кыздын.
Таңшып турат булбулдай,
Атын билет жылдыздын.
Бармактай болгон жыргалым,
Билет орус ырларын.
Кубанамын көргөндө
Күкүкчө сайрап турганын.
Кошоматчы дебегин,
Кучактайт мойнун эненин.
Атакелеп чакырса
Эшиктен кайра келемин.
Дегенине көнөмүн,
Чекесинен өбөмүн.
Өпкөн сайын өмүрдүн
Өчпөс жазын көрөмүн.

АЛЛИТЕРАЦИЯ

Жашамак жок жай баракат жашыңдан,
Жаркыраган жай жарыгын жашырган.
Караңгылык каптап кирип келгенде:
Кайрат кылгам, каруулашкам, качыргам!
Касташкандын кабыргасын кыйраткам,
Таалайымды талашкамын тынбастан.
Жорток жылкы жоо жолуна жарайбы,
Күлүктөрдөй кыйын күндө кырды ашкам.
Чарчасам да, чаалыксам да чөкпөгөм!
Көңтөбөгө көмүлбөгөм, көктөгөм!
Кырсык кыйшык күчөткөндө кастыгын,
Өчөшкөндөй өөрчүгөмүн, өчпөгөм!

АПАМА

Апакебай, акың көп менде сенин.
Даңгыр жолго чыгардың... жетеледиң...
Картайсам да уулуңмун, келет менин
Жыттап сенин төшүңдү, эркелегим.
Унутпаймын өзүңдү, апакебай,
Унутсам да бардыгын көргөндөрдүн.
Дат баспаган оюмдун алтынындай
Эсебине кошпоймун өлгөндөрдүн.
Апакебай, тирүүсүң көңүлүмдө,
Жарык чачкан күндөйсүң тийип көктөн.
Мен энелүү баламын али күнгө,
Эске түшсө мээримиң мага төккөн.

АПЕНДИ

Апенди жолдо бараткан...
Алдынан чыгып үч атчан,
Арт жагын ойлоп турбастан,
«Атың ким?» деп сурашкан.
Апенди шашып бараткан
«Атым Кудай» деп айткан.
Алдынан тороп: «жүр!» деген,
Атчандын бири жаракчан.
Ак сарайга жеткирген:
— Алдаяр, ханым,—деп кирген,—
Ушундан уккан укмушту
Укпаган элем эч кимден...
Капырдын башын алайын,
Курмандыкка чалайын.
Кудайды шылдың кылды бул,
«Куп!» деңиз, канжар малайын.
Айтпаса шору курбайбы,
Ашыкса кудай урбайбы.
Баш кесмей бар болсо да,
Тил кесмей жок турбайбы.
Кол куушуруп Апенди,
Чөгөлөй түшүп, бүгүлдү:
— Унчукпай өлүп кетемби,
Угат ким менин үнүмдү!
— Айт сөзүңдү! — деди хан.
— Атың ким? — деп, бул адам
Астымдан тосуп сураган,
Аптыгып айттым мен араң...
«Кудай берген» өз атым,
«Кудай» деп жармын тез айттым.
«Бергенин» айта электе,
Бекемин көрдүм тузактын...
Айттырбай сөздүн акырын,
Айдап алды «баатырың».
Текшер, ханым, кимибиз
Бузуппуз актын чатырын?
Көңүл ачты күлүп хан,
Калыстык болсун улуктан.
Улугу калыс болбосо,
Урмат жок көзү жумуктан...

БАБЫРГА

(«БАБУРНАМЭНИ» ОКУП)
Бай болдуң, падыша болдуң, баатыр болдуң,
Терисин душмандардын тетир сойдуң.
Жыл өттү чөптөй куурап, гүлдөй солдуң,
Кара жер, караңгы көр жаткан ордуң.
Хан башың кул башындай чирип жерде,
Таажы, так, бак берген жок шордуу элге.
Дүң болгон баш кесүүдөн, кан кечүүдөн
Атак-даңк чаңдай ызгып учту желге.
Не таптың токтоо билбей жутунуудан,
Алкыңды агытуудан, учруудан?
Бир дагы ойлобопсуң жакшы иш жогун
Ач көздүк туткунунан кутулуудан...

АШЫКТАРДЫН МЕКЕНИ

Булбул таңшып, күкүк муңдуу күү чалган,
Бүркүт шаңшып, улар тоодон үн салган.
Менин жергем ашыктардын мекени,
Сүйүү ырын айперилер тыңшаган.
Кийик оту килем болуп төшөлөт,
Көрктүү жүгүн алп тоо өзү көтөрөт.
Жумшак жели жан сергиткен кең төрдө,
Гүл сулуусун тандап конот көпөлөк.
Гүл аралап эркин өскөн жалжалым,
Гүл турмушта жоктур сенин арманың!
Бардык кезде көтөрөсүң сен дагы
Бак-таалайдын Балкан тоодой салмагын.

САРЫ-ЧЕЛЕК ТҮНҮ

Суу шаркырап аскадан,
Үн чыккансыйт таштардан.
Чыбырчыктайт көл бети
Ай турат тиктеп асмандан.
Серүүн жумшак жел жортот,
Сезимдерди ойготот.
Атыр жыт аңкып гүлдөрдөн,
Ар нерсени ойлонтот.
Ар жактан, айыл четинен,
Бир уксаң чыкпас эсиңден,
Шаңк этет добуш жагымдуу...
Кыз-келиндер «эсирген».
Куш уйкуну чанышкан,
Селкинчек куруп алышкан.
Барбайбы жетип ал жерге
Кур эмес жигит намыстан.
Селкинчек тебет, жыргашат,
«Бекбекей» айтып ырдашат.
Кез болушуп короого,
Кыз, боз улан бир басат.
Байкаганга бул лаззат
Бирде жыргал, бирде азап.
Болгондой эстүү миң жашап,
Бирин-бири сынашат.
Ишенүүнү сурашат,
Мүрүлөрүн кынашат.
Жыгылбай басып гүлдөрдү,
Араң-араң чыдашат.
Суу шаркырап аскадан,
Үн чыккансыйт таштардан.
Чыбырчыктайт көл бети,
Ай турат тиктеп асмандан.

ЖАЗДА

Күздө чечкен жашыл тонун,
Жамынды кайра бак-дарак.
Карачы, дүйнө кандай сонун,
Жашынды гүлгө алма бак!
Өзгөчө бир той түшкөндөй,
Аарылар гүлгө конушту.
Канча көп шире сорушту
Ачыккандар тоюшту.
Уя салып канаттуулар
Жүрүшөт бактын башында.
Таш урба, Алмаз, качырба!
Бардыгы жакшы жазында!
Бардыгы бүрдөп гүл ачат,
Бутак мончок тагынат.
Көгөрөт баары, жаңырат,
Түркүн боёк тагынат.
Адам гана карыган
Жашарбайт жазда кайрадан,
Гүл дагы ачпайт жайнаган,
Бак болбойт мөмө байлаган.

ИШ ЖҮЗҮНДӨ

«Жакшы бол!»— деп миң айтасың балаңа,
Жадагандай кулак салбайт ал ага.
Бир да сөзүң дабаа болбойт жарага,
Айтканыңдын баары кетет талаага.
Айтпай эле, иш жүзүндө сен өзүң
Көрсөт ага жакшы сапат мөмөсүн!
Адамзаттын курт түшпөгөн көчөтү
Өз багыңда, өз колуңдан көгөрсүн!
Туура сүйлө, түк эч кимди алдаба!
Түз баспаган паракорду жандаба!
Колхоз коюн уурдап сойгон тууганды
Кармап бергин, бекитпегин далдага.
Таза болгун күн нуруна жуугандай,
Таза жүргүн жаман ишке булганбай!
Бүткүл элге жакшы жагың көрүнсүн,
Бийик болгон туу чокуда тургандай!
Балаң сага сыймыктанып карасын,
Жакшы жосун ээлесин бүт санаасын!
Жайкы күнгө теңештирсин өзүңдү
Жаркыраткан кырка тоолор арасын!
Иштейт бала көргөндөрүн күнүгө,
Иштегенди ата-энеси үйүндө.
Ала турган үлгү кайсы асманда?
Алма жатат өз шагынын түбүндө.
Колдон келет какыр жерди гүлдөтүү,
Бакты сактоо багбандардын милдети.
Уулун көрүп, атасы ким экенин
Билген дешет акылмандар илгерки.

СОНУН КЕЗ

Күндүн нуру төгүлгөн,
Күндөй сулуу көрүнгөн,
Күнгөй-тескей Ала-Тоо
Кетпөөчүдөй көңүлдөн!
Белине чейин таш баскан,
Байчечек жерден баш баккан,
Жымыңдап укмуш азгырат,
Жаш селкидей каш каккан.
Адыр-түз аппак, ап-аппак,
Жамынган ак гүл бардык бак.
Жаткандай боёп ааламды
Жаш жигиттей алдуу чак.
Бул сонун учур жаз болот,
Бозоргон ыраң аз болот.
Көңүл эргип, ой чалкып,
Көп эле киши мас болот.

СӨӨЛӨТҮМ СЕН

Калкагар тоо, күн нуруна чөмүлгөн!
Капталында калың өскөн көбүргөн.
Кылымдардан кылымдарга турасың
Күү чыгарып кетпей турган көңүлдөн.
Калкагар тоо, күн нуруна чөмүлгөн!
Коркпойсуң сен жок болууңдан, өлүмдөн.
Ким сага тең узак жашоо жагынан?
Кимдер сага сый беришкен өмүрдөн?
Калкагар тоо, күн нуруна чөмүлгөн!
Кыргыз айлы конуш ээлеп төрүңдөн,
Кыздар чардап, селкинчектер тебилген,
Канча сулуу тою түшпөй өбүлгөн.
Калкагар тоо, күн нуруна чөмүлгөн!
Келечекти көрөм сенин өңүңдөн.
Каухар түспөл көпөлөктү гүл өпкөн
Күн зер чачып карайт сүйүп көгүңдөн.
Калкагар тоо, күн нуруна чөмүлгөн!
Сөөлөтүм сен алда кайдан көрүнгөн.
Дөөлөтүм сен ашып-ташып төгүлгөн,
Мен жашаймын, дабаам сенин чөбүңдөн.

ДЕБЕГИН

Өз жериңди сүйбөсөң,
Өз элиңе күйбөсөң,
Бириңе-бириң карашып,
Бир кишидей жүрбөсөң,
Башканы да сүйбөйсүң,
Башкага да күйбөйсүң.
Жактабасаң элдердин
Жаратуучу эмгегин.
Колдобосоң бирдигин
Көп улуттуу жергенин,
Эркиндиктин желегин
Мен көтөрөм дебегин.

ОЙЛО ДАЙЫМ

Душманыңа эшик ачсаң
Ажырайсың үйүңдөн.
Туура жүрбөй, кыйшык бассаң
Айрыласың сүйүүңдөн.
Үйүң, сүйүүң
Жакын эгиз баладай,
Кара жаның карабай,
Төшүңдү тосуп окко,
Түшсөң да кызыл чокко,
Экөөнү бирдей сакта!
Ал экөө жокто
Зордукчунун кулусуң,
Жашаганың курусун.
Ойло дайым экөөнүн
Түптүү тоодой турушун!
Үйүң — мекен,
Сүйүүң бекем ал барда,
Жашын өтүп, карганда
Болбос үчүн арманда,
Күркүрөп тур жолборстой,
Душманына жалбарба!

АРКЫТЫМ

Атын ким койгон жаңылбай?
Эң кыйын жүрүү сагынбай.
Мен өзүм сүйгөн сулуунун
Бой жетип турган чагындай.
Башка жердин баарынан
Издесең кынайт табылбай:
Аркытым, менин Аркытым,
Бейиштин алма багындай!

КИМ ТҮТӨТ

Суранбаймын, э жалынбаймын эч кимге,
Бардык жумуш, бүт демилге эркимде.
Өзүм иштеп, талап кылам башкадан,
Карап турбай калың элдин четинде.
Күндөн күнгө мелдеш кызып, иш күчөп,
Мал семирет, эгин бышат, үй бүтөт.
Сен сүйгөн жер болгон соң эмгек майданы,
Шымаланып ишке кирбей ким түтөт?

БАЙЫРКЫ СӨЗ

Байлыкты табат эл иштеп,
Той болсо баары келишет.
Күлүккө байге беришет.
Күкүккө неге беришпейт?
Берилет сыйлык дулдулга,
Берилбейт неге булбулга!
Бурулса көңүл кургурга,
Болбойбу дастан миң жылга.

ЭҢ СОНУН

Уч асманга, учкун менин ойлорум!
Үстүнөн көр жер жүзүнүн тоолорун!
Баарын кара, текшер бардык сайларын,
Кыдыр бүткүл адам баскан жолдорун!
Менден артык бактылууну таппайсың,
Мен көргөндөн башка дүйнө ачпайсың.
Кайда барба советтерди мактайсың,
Мен көргөн күн, мен көргөн жер эң сонун!
ЖАЛГЫЗ-КЫР

Мен көргөнмүн гүл аңкыган бакты да,
Мен көргөнмүн булбул түнөк шакты да.
Кайсы жер бар Жалгыз-Кырга теңелээр,
Колумдагы наристемдей жакшына?
Жыргай турган, ырдай турган жак мына,
Жаралганбы мен өңдүүнүн бактына?
Жалгыз-Кырым көрүнүшү бир укмуш
Эркелеткен наристемдей жакшына!

БАШКАЛАРДА

Биз өргөндү башкалар да өрүшөт,
Биз көргөндү башкалар да көрүшөт.
Күн астында гүл ачылган өрөөндө
Биз өнгөндөй башкалар да өнүшөт.
Биз чечкенди башкалар да чечишет,
Биз кечкенди башкалар да кечишет.
Жоготушуп жек көрүүнү, кастыкты,
Биз жеткенге башкалар да жетишет.
Жоготуу бар адам ичи тардыгын,
Жоготуу бар эскиликтин калдыгын.
Социализм бардык элдин энчиси,
Тынчтык жеңет, достук жеңет бардыгын.

КҮЧӨБӨСҮН АРМАНЫҢ

Максим Горький! Ал айткан сөз эн туура,
Ал бир куту алтын, каухар толтура!
Күрөштөргө, же каршы тур, же жакта,
Орто жерде кол куушуруп отурба!
Өз башыңдан далай ишти өткөрдүң,
Жакшыны да, жаманды да көп көрдүң.
Бирин танда жүрөгүңө кеңешип,
Чындап сүйгүн, же болбосо, жек көргүн!
Катуу айттым, көңүлүңө албагын,
Максаты жок ара жолдо калбагын.
Өмүрүңдүн түк пайдасыз өткөнүн
Кийин ойлоп күчөйт сенин арманың.

БААРЫНАН ДА

Билинбестен айлар өтүп жатпайбы,
Байкабасак бакыт күнү батпайбы.
Бекер жүрүү ит адаты. Биз аны
Өлгөн иттей аңга сүйрөп таштайлы.
О, Зүкөштай! Тез кургаткын чачыңды,
Азырынча көп куюнба атырды.
Жумуш иштеп, атыр бүрккөн гүлзарга
Айланталы чөп чыкпаган такырды.
Бир кездерде колунда жок жакырды
Большевиктер бул жыргалга чакырды.
Баарынан да кызык окшойт келечек,
Ошон үчүн иштетели акылды.

АЙТА КӨРБӨ

Сенин атаң түк оозуна албаган
«Чарчадымды» айта көрбө, жан балам.
Жамгыр жаабай, болгон жылы суу таңсык
Жер көгөрбөйт тоо суусуна канбаган...
Ошон үчүн кечке чечпей белиңди,
Шымаланып, түрүп этек-жеңиңди.
Алыш байлап, арыгыңды тазалап,
Канмайынча сугар болгон эгинди!
Күн ысыгы кургатпасын үрөнүн,
Кансын сууга кант кызылчаң, жүгөрүң!
Кансын сууга эккен арпа, буудайың,
Сугар, сугар! Сынбайт андан күрөгүң.
Сугар, сугар! «Чарчадымды» айтпагын,
Баштаган иш бүтмөйүнчө жатпагын!
Далдасына кенебестик жайыңдын
Эрдигиңди, кайратыңды катпагын!
Сен коркпогун кырсыктардын биринен,
Кырсык корксун сенин шаңдуу сүрүңөн!
Өткүр өстүң дыйкан атаң жаныңды
Кичинекей арсек бала күнүңдөн.
Сен качпагын, качсын сенин күчүңдөн
Кургакчылык көп дүрбөлөң түшүргөн!

КҮҮ КЫЛЫП БЕРДИМ

Таякты таштап, колума
Алтын калам кармадым.
Өлкөнүн өсүү жолуна
Өмүрүмдү арнадым.
Жакшылыкты ырдадым,
Жамандыкты жактырбай,
Желпинип туунун турганын
Жан биргем элдин бактындай...
Айландырып дастанга,
Көкөлөттүм асманга.
Сөз калар дедим айтарга
Бактысы тоодой жаштарга.
Бул чоң күрөш жолунда,
Кээде ток, кээде ачкарын,
Кулатып тоонун таштарын,
Кай ашуудан ашпадым?
Тар жол, тайгак кечүүдөн
Түк тартынган жокмун мен.
Кан майданда от күйгөн,
Көп жериме ок тийген.
Ушунун баарын унутпай,
Добуш улап добушка
Калсын деп ата конушка,
Күү кылып бердим комузга.

БАЙЫРКЫНЫН ЖОМОГУ
Чоң жол узак созулган,
Жол четинде олтурган
Ак чач кемпир сөз айтат;
— Буларды алсын кол сунган!
Бир жагында алтын — зар,
Алмаз, каухар дагы бар,
Акак, бермет, дүйнө мүлк,
Каалаганың табылаар.
Экинчи жагын караган
Турганын көрөт кара нан.
Ким ачытып, ким жапкан?
Келтирип кайсы калаадан?
Айтууга бир сөз жарабай,
Апсайган чачы таралбай.
Ач адам нанды апчыды,
Алтын жакты карабай.
Баалуу экен баарынан
Бир сындырым кара нан.
Булгабайт нанды, тепсебейт
Башында акыл бар адам.

ЫРДАГЫЛА

Армандуунун чоорун тартып ыйлабадым,
Арыз айтып эч бир чоңду кыйнабадым.
Үнү менмин өз таалайын ырдагандын,
Кулу менмин эмгегимди сыйлагандын.
Көрбөсө да бул заманды энем, атам,
Кубанычтуу обон созуп келе жатам.
Жыргал күндү ырдагыла тоо жаңыртып!
Ушул менин баарыңарга берээр батам.

ИШТЕЙТ БЕЙМ

Ойлосом оюм чатышат,
Кимгедир ичим ачышат.
Кошомат кылган мага да
Кишилер чыгып жатышат.
Кыйшык дүйнө курусун,
Ким түшүнөт мунусун,
Кээ бирөө ойлоп кыйнабай,
Иштейт бейм билген жумушун?

ЫРДАЙЛЫ

Кереги жок атактын,
Кереги жок чатактын.
Отуруп, ойноп күлөлү
Жанында салкын башаттын!
Укпайлык үнүн кырсыктын,
Көтөрүп туусун тынчтыктын,
Көрүнөлүк дүйнөгө,
Кубанып бүт эл, ыр чыксын!
Ырдайлы достор, ырдайлы,
Бейпил түндө жыргайлы!

ТЕРЧИЛ ДЫЙКАН

Соодагерсиз өлбөгөн эч ким атчан,
Акынсыз да жол тапкан жоодон качкан.
Кылымдардын азаптуу барагына
Аз болбогон көп иштин жөнүн жазган.
Бирок, кокус болбосо терчил дыйкан,
Болмок эмес, түк эч ким сени баккан.
Атасы сен баарынын, дыйкан баба,
Он миң алкыш жүрөктөн айтам сага.

ДӨӨЛӨТ

Акылсызды семиртет,
Алаңдатат, элиртет.
Алга барчу жол турса,
Аңды көздөй теминтет.
Ажыратат жолдоштон,
Көтөртпөй жүгүн колдошкон.
Көктү тиктейт дөөлөт мас,
Баягыдай болбостон.
Көк тиктеген жаңылат,
Жаза басып жыгылат.
Кайра чыкпас чуңкурга
Көтөрүм тайдай тыгылат.
Байлык, мансап адамга
Жолдош болбойт түбөлүк.
Мүнкүрөтөт акча да
Мал жеген чөптөй түгөнүп.
ЧАТКАЛ БАЯНЫ

Ачылбаган алтындардын
Ай чырайлуу кени жаткан,
Сулуулардын өңүн тарткан
Ай-ааламды суктандырган сүрөт түспөл,
Асман менен төш тирешкен кенен Чаткал.
Тизе бүгүп таазим кылчу жерим өзүң.
Теңдеши жок сонун жайдай көрүнөсүң.
Кандай укмуш жарашыгың кыялымда
Күндүн алтын нуру болуп төгүлөсүң.
Кыраан Сыргак жоосун атка бөктөргөн жер,
Кызыл кыргын чабыштарды көп көргөн жер.
Башым ийип кулдук урам таштарыңа,
Кеңеш куруп Манас жыйын өткөргөн жер.
Көрктүү жактан өтө кызык дастандайсың,
Кыргыз эне чачыла-кешик чачкан жайсың.
Бактылууга багышталган дасторкондой
Кулач жайып чалкайып кен жаткан жайсың.
Кызыктар көп эңсеген жетпей турган,
Укмуштар көп көңүлдөн кетпей турган.
Ак мөңгүнүн үстүндө топоз жүрөт,
Бир көргөн жан ар күнү эстей турган.
Сулуулукка толтура үстү жердин,
Бардыгы бар сыяктуу биз сүйгөндүн...
Ана бээлер ээрчитишет кулундарын,
Ошолордой жарашыгы бүт дүйнөнүн)
Көк шибер көйкөл тектирлер уй оттогон,
Жылга-жыбыт атчан кыргыз мал жоктогон,
Жашыл беттер, капталдар кой жайылган
Ыйык жергем кут конуп, бак токтогон.
Өссө деймин бир да түбү жулунбастан.
Турса деймин кырсыктарга урунбастан:
Өйүз-бүйүз карагай, кайың-талдар
Канаттуулар ыр жаңыртып чурулдашкан.
Көңүл ачып сергибейби бир караган,
Суу бөксөрбөй сайлар менен жылгалардан,
Турган кезде түбөлүк жыгылбастан
Аблатундун аркасы ырга айланган.
Ай кучактап тургандай нурдуу Чаткал,
Ашыктардын оюндай сулуу Чаткал,
Адыр-түзүн береке түнөк кылган,
Атагындай Манастын улуу Чаткал!
Кыялымда чөбүңө оонап жатам,
Оонап жатып чөбүнө ойго батам:
Мен сүйгөндөй өзүңдү сүйүшкөндүр
Менден мурун көп адам, энем, атам?
Карап жатам кубанып өйүзүңдү,
Жылкы жаткан күтүрөп өрүшүңдү.
Бара жатат желээге чака кармап,
Бээ сааганы жаш селки келишимдүү.
Гүлүн окшош сулуулар жүрчү жерсиң,
Өткүр жигит жашап өмүр сүрчү жерсиң,
Көркүң жакшы, Чаткалым, нээтиң жакшы
Менде жүргөн кайгырбай, күлсүн дейсиң.
Жыйырма жашым бир жолу келсе кайра,
Жигит кезим гүл болуп өнсө кайра,
Жаркыраган баягы өмүр жазым,
Жүрөгүмө от шилеп көрсө кайра...
Кылчактабай, Чаткал, сага барат элем,
Кайра тартпай өзүңдө калат элем.
Баатыр чабан Ташбайдын жолун жолдоп,
Бир оторду багууга алат элем.
Чаткал, Чаткал! Чалкайып уюп жаткан
Алтын, күмүш, каухарды бизге каткан.
Касиеттүү жергесиң абал баштан,
Тулку бою нукура асыл таштан.
Чаткал, Чаткал! Ата журт кайгы качкан
Асман менен өбүшөт ар бир аскаң.
Сендей жайлуу жер кайда, сендей кенен
Бакты-таалай, сулуулук баары баткан!
Өмүрүмдө бир барып болдум ашык,
Күү жаратат жүрөгүм толкуп ташып.
Күндөн түшкөн жароокер жаш селкидей
Күлүңдөйсүң сүйүүңдүн отун чачып.
Унутпаймын сени эми түк эч качан,
Ыр сыяктуу сүйгөн жарга өзүм жазган,
Көңүлүмдө турасың атыр бүркүп,
Калкагар тоо, кең Чаткал, өлбөс дастан!

ДАҢАЗАЛА

Киши барат жамандыктан жакшылыкка,
Адашуудан, жаңылуудан чындыкка.
Төмөндүктөн улуулукка, асылдыкка,
Согуш ачат өңү суук кылмышка.
Киши барат караңгыдан жарыкка,
Согуш атын жолотпостон жайытка.
Достошууну жазат мактап тарыхка,
Өзүмчүлдү жыгат катуу айыпка.
Биргелешүү, жакындашуу жакшылык,
Ал укмуш ыр, алуу керек жат кылып.
Кол кармашып иштөө кандай сүйкүмдүү,
Ал жыргатат көңүлүңдү шат кылып.
О добушум, о жалындуу ыр сөзүм!
Даңазала чындык арыш керишин!
Даңазала өзүң сүйгөн эл ишин!
Даңазала достук, бирдик жеңишин!
***
Ойгонду бүгүн Африка,
Уктабайт эми кайрадан.
— Көргүн дейт менин күчүмдү:
Эскирген кишен үзүлдү,
Элдердин эркин байлаган.
Бак болом эми эң сонун,
Ачылып гүлү жайнаган,
Булбулу таңшып сайраган.
Менин бул укмуш көркүмдү
Таңыркап карайт айланам...

ЖАРАБАЙТ

Туулмак бар, кыйналмак бар, өлмөк бар,
Азап тартып, чокту басып көрмөк бар.
О, замандаш! Айтчы билсең башкасын,
Бул өмүрдө дагын кандай өрнөк бар?
Мал миңдеген бай болоюн дейсиң сен,
Эл бийлеген хан болоюн дейсиң сен.
Жайдын күнү дыйкан чапкан кырманда,
Саман болбой, дан болоюн дейсиң сен.
Бай болсоң да, хан болсоң да карыпсың,
Көп жашоого күч жетпеген арыксың.
Көзүң өтсө, сенин териң жарабайт,
Таманына койчу кийген чарыктын.

ОТУРАМ

Ак жондон соккон жел элем,
Ак-Сайдан жүргөн сел элем.
Душманыма ок элем,
Досторума бел элем.
Ала-Тоо менен тең элем,
Казса бүтпөс кен элем.
Күч-кубат кетип карыдым,
Көп минген аттай арыдым.
Өз балама кур десе
Жетпей турат жарыгым.
Тор жайып кармоо эми жок,
Соң-Көлдүн майлуу балыгын.
Кыбыраарга алым жок,
Баягы ысык жалын жок.
Жел дыр этсе, өпкөмдү
Чалабы деп жаным жок.
Отурам үйдөн чыкпастан,
Чакырган үндү укпастан.

АЛМА МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮ
Мен сурадым алмадан
— Кайсы жылы төрөлдүң?
Бардыгын билген өнөрдүн
Ким алпештеп көгөрдүң?

АДАМДЫН КЕМЧИЛИГИ

Өзүн-өзү аябаган куштанбыз,
Өзүбүзгө бир өзүбүз душманбыз.
Жүрөк байкуш кантээр экен дебестен,
Коньяктарды суу жуткандай жутабыз.
Касыбыздын ата журтун бузгандай
Ден соолукту аябайбыз, бузабыз.
Айбандан биз ашып түшкөн айбанбыз.
Кастык торун өзүбүзгө жайганбыз.
Жаман ишке баатыр жана балбанбыз
Ошондуктан адам атын алганбыз.

БЕРБЕС ЭЛЕМ

Ойлонбостон, кыйналбастан жүрбөймүн,
Кээде туруп өз оюмдан сүрдөймүн.
Кээде жайкы жадыраган гүлдөймүн.
Бирок кээде кыргый илген чилдеймин.
Саргайган күз мынча неге тез келет?
Өмүр чиркин мынча кымбат? Билбеймин...
Жашоо үчүн өзүн сүйгөн эл менен
Каалагандын бардыгы бар, жер кенен.
Кандай укмуш жигит чагы кишинин
Токубастан жайдак минген азоону!
Ала-Тоодой алтынга да бербес элем
Ай астында аш бышымга жашоону...

ЖЕРТӨЛӨМ

Жетимишти ашсам да,
Жолдун көбүн бассам да,
Канатын жулган бүркүттөй
Калсам да учпай асманга, —
Кызым келет: «Ата!» — деп.
Мунун неси ката кеп?
Көк ала болуп картайып,
Көкүрөктөн ал тайып,
Кемпиримдин кашында
Отурсам да жалпайып,—
Уулум келет: «Ата!»—деп.
Мунун неси ката кеп?
«...Министрге барып кел
Же телефон чалып бер!
Биз деле минип жүрөлү:
Бир «Жигули» алып бер!»
Ишенет күчү жетет деп,
Ишенет сөзү өтөт деп.
Ойлосом артат кубанчым,
Баарына жетсе кулачым,
Имере тартып ааламды,
Балдарга калчу мурасым:
«Мынакей ушул,— дейт элем,—
Бүт дүйнө менин жертөлөм!».

АЛЫПМЫН

Далайды баштан өткөргөн,
Кордукту да көп көргөн;
Кезеги келе калганда
Душманын атка бөктөргөн.
Кыргыздын уулу мен өзүм,
Мурас кылып, энчиме
Алыпмын, кыргыз мүнөзүн...

БИРДЕЙ БОЛ

Күн бүркөлдү. Тоо да кабак чытыды.
Өткөн күндүн жан чыдагыс ысыгы
Булуттарды алып келди көрүнөт?
Балким ушул бул дүйнөнүн кызыгы?
Бирде киргил, бирде тунук суулар да,
Бирде шаңдуу, бирде жапыз кырлар да.
Биз жашаган жерге жарык түшүрүп,
Ай менен күн кезектешип турганда:
Кыйын, оңой — бардыгына бирдей бол,
Бардыгына чыдап көнгөн пилдей бол!

БҮТ ЭСТЕ

Колуң бошпу? Көзүңдү сал китепке,
Кызыктардын кызыктары китепте.
Кыргыздарга Манас башчы бир кезде
Кылыч кармап Сыргак турган күзөттө.
Жарк дей түшөт Азиянын ортосу,
Кыргыз жүргөн Ойкүмөндүн чоң тоосу.
Урянхайдын шагылында жатпайбы
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ырлар Жана Поэмалар - 05
  • Parts
  • Ырлар Жана Поэмалар - 01
    Total number of words is 3662
    Total number of unique words is 2287
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    44.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 02
    Total number of words is 3647
    Total number of unique words is 2230
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 03
    Total number of words is 3719
    Total number of unique words is 2251
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    45.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 04
    Total number of words is 3615
    Total number of unique words is 2279
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    38.1 of words are in the 5000 most common words
    45.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 05
    Total number of words is 3733
    Total number of unique words is 2198
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 06
    Total number of words is 3602
    Total number of unique words is 2180
    23.1 of words are in the 2000 most common words
    35.3 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 07
    Total number of words is 3653
    Total number of unique words is 2245
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 08
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2268
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 09
    Total number of words is 3825
    Total number of unique words is 2292
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 10
    Total number of words is 3871
    Total number of unique words is 2229
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 11
    Total number of words is 3852
    Total number of unique words is 2162
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 12
    Total number of words is 3813
    Total number of unique words is 2203
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    45.9 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 13
    Total number of words is 711
    Total number of unique words is 563
    44.9 of words are in the 2000 most common words
    55.1 of words are in the 5000 most common words
    59.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.